Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Которгон Айдарбек Сарманбетов, 2016. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2016-жылдын 12-декабры
Капкан
Казак талаасын мекендеген карыянын турмушу, экологияга тийгизген терс таасири, адам өмүрүнүн маңызы көркөм чечмеленет. Которгон Айдарбек Сарманбетов.
“Биздинби же сиздин бакытпы?”
Рюнеске Акутагава
Абышка таң эртеде эле туруп алган.
Атын арабага кошкусу келбей турду. Күн көтөрүлгөн менен таңкы шүүдүрүмдөн улам салкын. Чыйрыгып чыкты. “Суурлар өткөн жылдагыдай чээнге эрте кирип кетпес бекен” деп камтама болуп койду. Бул ой абышканы дайыма кыйнап келет. Кыйнамак турсун карытып да бүттү. Соңку эки жылда чачтары да катуу агарып кетти. Өзү да кудум териси түлөгөн суурга окшоп калды. Каштары суюлуп, чачтары түшүп, кабагы катты. Сүйлөгөндө шилекейи чачырап, үстүңкү тиштеринен бир-экөө эле калган.
Абышка жай басып баратты. Дөбөчөдөгү төмпөйгөн мүрзөлөрдү карай. Ал жакта жалгыз уулу менен келини жатат. Эки жыл мурда алар шаардан келатып, жолдон кырсыкташкан. Эми абышка он жашар небереси экөө эле...
Анын кесиби – капканчы. Кийинки он-он беш жылдан бери абышканын аты айланада уламышка айланып кеткен. Аны капкан салуунун токсон тогуз ыкмасын билет дешет. Суур ийинден баш бакты дегичекти, абышканын капканына түштү дей бер. Жардамчысы – дудук-дүлөй Иван. Ал ичкич болгону менен тилалчаак. Куулугу жок.
Аңчылык жылына эки ирет жанданат. Кийинчерээк айылда Ла-Тунь аттуу кытай пайда болду. Шаушектен (орустарча Чугучак, кытайлар такыр эле өзгөртүп Тачэн деп алышкан). Ал суурдун терисин да, этин да сатып алат. Атүгүл жол жээгине ашкана да ачып алды. Нары-бери каттаган жолоочулар мурчу ачуу, пиязы мол суурдун этинен тоё жеп кетишет. Айылдыктар алгач жийиркенип, кийин: “Ой, бул суур дегениң жалаң аштык жеп, эти таза болот турбайбы” дешчү болду. Кытайдын соодасы күчөдү. Андан абышка менен дудук жардамчысы да марый башташты.
Бир ирет абышка кытайдын ашканасына баш багып калды. Сүйүнгөнүнөн Ла-Тунь аны төгүлүп-чачылып ой-да коноктоп кирди. Абышка тоюнуп, көңүлү кушубак тартып калган кезде кайдан-жайдандыр ал сойлоп кирди. Семиз, чаар жылан. Ийрелеңдеп кирип келди да, оролуп, бөлмөнүн бурчуна корголоду. Абышка чочуп кетти. Кытай болсо сүйүнүп:
— Гыга,— деди, өз агасына кайрылып жаткансып урматтоо менен,— эгерде талаадан ушундай жылан көрүп калсаң түз эле мага алып келгин, бул – накта юань, көп юандар болот.— анын көздөрү жалжылдап турду.
Абышканын колу-буттары муздай түштү.
Кытай болсо жобурай берди:
— Аксакал, дагы беш жүз суур кармасаң кышында кыйналбайсың, сага моторлуу лыжа сатып беремин. Ок-дарыларың да жетиштүү болот, кар үстүндөгү аңдын баарын атасың.
Абышка кытайдын ашканасынан кеткенче шашты. Беш жүз суур дегениң ага эмне – бир айдан саал ашык иш... Тек, бул, акмолонун талаасынан суурлар ооп кетишпесе болгону.
Абышка көпкө сыйынды. Ак баскан кирпиктеринде тунук жаш мөлтүлдөп, титиреп турду. “О, Аллах, суурларды кырып оокат кылганымды кечире көр. Балким, баары ушул күнөөсүз макулуктардын айынандыр... Мени күнөөлөбө, напсимди тыя албай калбадымбы. Ачкөздүк. Пайда”. Жок... Жок...
Абышка үшкүрүндү. өзүнчө күбүрөнүп, бетин сылай бата кылды да дөбөдөн түшө баштады. Маркум кемпири да: “Абышкам, жарык дүйнөгө неберең келди. Акмолонун суурларын кырганың үчүн эч ким сага ырахмат айтпайт, үйдө эле олтуруп, жалгыз балаң үчүн Кудайдан тилесеңчи? Ташта капканыңды, эл сенсиз эле суур тумактарды башына кийип, иттер этин таап алышат”.
Абышка болсо көнбөдү. Кулак какпай койду. Эми өкүнүп жатпайбы. Аябай өкүнөт. Жалгыз уулунан ажырап калды. Анын кайгысынан абышканын жүрөгү биротоло тоңду. Капкандарын жонуна артты да, тоо кезип кете берди. Өтө өкүнөт. Кемпиринин мүрзөсүнө баргандан коркот. Эми өкүнөнөсүңбү, өкүнбөйсүңбү андан эмне пайда?
“Чоң ата, чоң ата” деп, өз атасындай кам көрүп, кир-когуна чейин жууган келини, жалгыз баласы эми жок, түбөлүк жок.
Өлгөндөр бактылуу, биз... биз... күнөөкөрбүз.
Абышка чалынып кетти. Үшкүрүндү. Күн көтөрүлө баштады. Шүүдүрүм кургады. Чаң жок. Абышка үйүн көздөй келатты. Дудук атты арабага кошуп жатты. Жанында аны небереси жактырбай тиктеп турду. Ал чоң атасын көрө сала утурлай басты. “Кийинки кездери Иван небересине неге жакпай калды?”
— Чоң ата, бүгүн мектепке барбай эле коёюнчу, суур кармаганга баргым келип жатат.
Үндөбөдү. Макул. Абышканын колу-буттары кайрадан муздай баштады. Бир жума илгери капканга суурдун чөндөлөйү түшүп калган экен, анын эки колу менен башын катып, боздоп ыйлаганына карабай небереси темир союл менен башка чапкылап жиберди. Көзү чанагынан чыгып, оозунан кан-шилекейи сүт аралаш чыккан анын өлүгүн ыргытып жибергенде ат коркконунан тимеле арабанын догоосун сындырып коё жаздаган болчу. Ошондо мактоону күтүп мадыраңдаган небересине не дээрин билбей тили буулуп, сөзү чыкпай калган.
...Алар узак жүрүштү. Чак түш болду. Капканга түшкөн суурлар жок.
“Эмне, талаадан биротоло ооп келишкенби, алар?— деп ойлоду дудук.
Абышканын небереси арабадан буттарын салаңдатып, эки жактан ийин издеп ашыга элеңдейт. Карыган ат арабаны кылдырата тартып барат. Сулу менен арпага семирип алган ал суурлардын ийиндеринен корко жалтактай ойдолойт. Бир маалда ат жайлап, дөңгөлөктөр да кылдырабай калды. Ивандын арабадан кандай секирип түшкөнүн байкабай калышты. Мына, ал чайылдаган суурдун тумшугуна бир чапты.
— Чоң ата, сен эмнеге бул дүлөйдү ээрчитип аласың, пайдаңдын жарымы башка бирөөгө кетип жатпайбы,— деди небереси.
— Э, чүрпөм,— абышка жашылданган көздөрүн аарчыды,— Ал, бактылуу киши, капканга түшкөн суурдун адамдай болуп ыйлаганын укпайт да...
...Түн ортосу. Абышка кыйналып жатты. Небереси бейкапар бышылдап уктап жатат. Абышканын жүрөгү араң согот. Таңдын атышын көрбөй каларын сезип жатты. Туруп, уулу менен келини жаткан дөбөчөгө баргысы келди. Денеси былк этпеди. Ойлонду. Ойлор. Дагы ойлор...
Жүрөгүнүн кагышын даана укту. Дүк, дүк, дүк... Кагуусун токтотоюн деген жүрөгү кемпиринин даана үнүнө алмашты: “Абышка, уламышта суурлар кайсыл бир падышанын кызы дешет. Суур да кимдир бирөөнүн баласы, баласы...”.
Аңгыча, миңдеген суурлардын баштарын кучактап алып уулу менен келининин мүрзөсүн тегеректеп алып ыйлап жатканын эшиткенсиди. Ал, азаптуу тирукмушту көргүсү келбей көздөрүн жумду. Капкараңгы, эч нерсе угулбайт.
Абышка бактылуу. Эми ал суурлардын кишилердей ыйлаганын эч качан укпайт. Укпайт. Укпайт. Укпайт.
“Абышка эми бактылуу...”
Казакчадан которгон Айдарбек Сарманбетов
© Талгат Кеңесбаев
Талгат КЕҢЕСБАЕВ – 1961-жылы Чыгыш-Казахстан облусунун Семей районундагы Саржал айылында туулган. Жазуучу. Семей педагогикалык институтун бүтүргөн. Чыгармалары 1980-жылдан тартып ММКларда жарыяланып келет, 1988-жылы Казахстандагы “Жигер” республикалык фестивалынын лауреаты. 1990-жылы “Француз атырынын жыты” алгачкы китеби жарык көргөн. Бир нече китептердин автору. Чыгармалары бир катар чет тилдерге которулган. Түркиядагы Евразия жазуучулар бирлигинин мүчөсү.
Количество просмотров: 1136 |