Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Талгат Кеңесбаев. Бардык укуктар корголгон
© Которгон Марат Качкымбаев, 2016. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2016-жылдын 26-декабры

Талгат КЕҢЕСБАЕВ

Каухар

(повесть)

Казак тилинен которгон Марат Качкымбаев.

Чыгармада бактысыз махабат, мерес адамдар, тагдырдын тайкылыгы көркөм жана чебер баяндалат. Которгон Марат Качкымбаев.

 

Толгон айды төңкөрүп таштап, Иртыштын таң заардагы бетине кып-кызыл кына сүртүп, күнү-түнү шаардын кара түтүнүн ың-жыңсыз жутуп жаткан момун карагайлардын башына чапчаң жөрмөлөп чыккан күндүн нуру заңгыраган үйдүн чоң-чоң терезелерине кирпиктерин жебедей кадап, мамыктай үлпүлдөгөн ак жибек парданын кичинекей көзөнөкчөлөрүнөн төгүлө нур сымаптай жайыла берип төшөктө уктап жаткан сулуу келиндин жамынчысын жайкай, айланып көтөрүлө берди...

Бөлмө ичи акырындап агарып бара жатты. Уйкудан көзүн ача албаган келин керилди да, колун созо узун манжалары менен маңдайын сыйпалай баштады. Эшикти аяр ачып, бутунун учу менен басып келе жаткан күйөөсү тизеси менен орундукка урунуп алды.

Каухар көзүн ачты:

– Эмне болду?

– Укта. Уктай гой, – жанына жете келген күйөөсү аны кучактай калып, аппак алкымынан өөп, капкара чачын тарамдап койду. – Укта жаным...

– ?

– Азыр мен жуунуп алайын, кофе ичесиңби, же чайбы?

– А эмне ичсем экен, – деди Каухар эркелей.

– Тура тур, мен азыр.

– Музыканы койчу.

Күйөөсү бөлмөдөн чыгып бара жатып музыканы коюп кетти. Сакен Турусбековдун “Көңүл толкунунда”:

Миң, миллион кыпкызыл гүлдөр, гүлдөрдөн да көп аппак көпөлөктөр.

Акырын жай соккон желге термелгенде,

Гүлдөрдү улай көпөлөктөр да кайып болуп кетти. Гүлдөрдүн баштары үзүлчүдөй калт-калт этип, талаа мына азыр эле өрттөнүп кетчүдөй, тиричилик токтоп калчудай, жок-жок такыр андай эмес, айдарым жел токтой калса, кайдандыр көпөлөктөр кайрадан гүл үстүндө куушуп, кең ааламдагы тирүүлүктүн, жашоонун шаңдуу бийин бийлеп бара жатышкандай...

– Компотту жылытып апкелдим, – деп жарым сааттан кийин күйөөсү баш бакты.

– Эмнеге, муздак эле апкелсең болмок – деп Каухар күйөөсүнө мээримдүү жылмая карады.

– Ие, сага муздак апкелемин. Эсиңдеби, тээ Делиге барганда муздак суу иче коём деп кандай ооруганыңды.

– ?

– Мен эми жумушка бара берейин, чет элдиктер менен келишим түзүүм керек. Азыр Меруерт келет. Эртең мененки тамагыңды ичкенден кийин эсеп-кысабыңды тактап аларсың.

Каухар жылмайды. – Терезени аччы.

Күйөөсү уктоочу бөлмөдөн чыгып бара жатып, чоң терезелердин пардаларын сыдырып ачты. Жапжарык...

Каухар төшөгүнөн сергек турду да, жуунуп эшикке чыкты. Бак ичиндеги гүлдөр менен кайың, арчаларды дал бүгүн алгачкы жолу көрүп жаткандай карап туруп калды. Буркан-шаркан түшүп фонтан атылып жатты. “Вася агай молодец, кантсе да менин көңүлүмдөгүнү табат го” деп ичинен багбан чалга ыраазы болду.

– Кутмандуу таң, – деди, кызматчы аял олбурлуу денеси менен бурулуп.

– Эртең мененки тамакты кайсы жерге алып барайын?

– Ушул жерге, бакчадагы бълдърк=ндън жанына алып барыңызчы.

– Кудай-ай!.. – деди кызматчы аял ачууланган болуп, – азыр көрөсүң сенин мазаңды алат го тиги какбаш чал, чайды да жөн ичирбей...

– Меруерт келмек эле, күзөтчүлөргө айтсаңыз, эшиктин алдында туруп калбасын.

Кызматчы аял майпаңдай басып үйгө бет алды.

– Кызым, жакшы уктадыңбы? – деп, кадимкисиндей бакылдаган багбан чал ал-жай сурады.

Каухар ага колун булгалап, алты канат боз үйдүн ордун алгыдай аянтка айландыра отургузулган бълдърк=ндън ортосундагы тегерек секиге отура кеткенде, жанына тиштерин тырсылдатып тыйын чычкан келе калды.

“Кап, конфеттин жоктугун карачы, Туна апай!” – деп катуу үн чыгара бергенде, куйругун булактаткан кичинекей тыйын чычкан бактын башына чыга качты.

Тыйын чычканга карап отуруп, Хайнань аралындагы пальма жыгачынын башына тырмыша жөрмөлөп чыккан арык кытайдын кокосту кантип үзүп алып келип бергендиги эсине түштү. Кызыгы, анын колуна дагы жыйырма доллар кармата койду эле кайрадан тиги пальманын башына жөрмөлөй чыгып, экинчи кокосту үзүп келди да, аны бербей буйтай качты. Эч нерсени түшүнбөй калган Каухарга Алан күлүмсүрөп: “Ал дагы жыйырма доллар бербейт” дегени го.

– Анан эмне, акчадан качып кеттиби?

– Ие ханум, акчадан качпай турган, элдин баары сенин күйөөңдөй дейсиңби? – деген Аландын кош көңүл салкын үнүн эшитпеди беле.

– Эже, кутман таңың менен! – деп үстүнө көркөмү ашкан көгүш көйнөк кийип Меруерт келди. Көңүлдүү. Көздөрү жөн эле күлмүңдөйт.

– Эже кандайсыз?

– Ой Мика, сен кандай гана сулуусуң.

– Сизге окшошкубуз келип, эже... Айнур менден да сулуу.

– Сөз жок, сөз жок, прекрасно! – деди Каухар алаканын чапкылап.

– Экөөң тең принцессасыңар...

– Рахмат! – деди сулуу кыз жылмайып.

– Келгениң жакшы болбодубу, азыр эртең мененки тамакты бирге ичебиз. Билсең, мен көптөн бери ойлоп жүрөм, ушу Айнур экөөңдү Стамбулдагы досторубузга айтып, жумушка орноштурсам дейм.

– Ой-ой, эже, – деди Меруерт көздөрүн бакырайтып.

– Биз ал жакта эмне иш кылабыз? Же бизден сиздин көңүлүңүз калдыбы?

– Жо-жок, ал эмне дегениң, силерден айланып кетейин. Дегеним, соода маданиятын түрктөрдөн үйрөнүш керек. Европанын кайсы шаарына барбагын, башкалар биздин түрк туугандарыбыздай жогорку деңгээлдеги тейлөө кызматын көрсөтө алышпайт.

– Эже, мен шашылыш кетип калсам, сиз документтерди карай берсеңиз...

Меруерт сумкасынан чакан ноутбук алып чыкты.

– Мынакей, электрондук нускалары. Ошол маалда күмүш батүнүсүн толтуруп кызматчы аял да келип калды.

– Тамагыңар таттуу болсун!

– Рахмат сизге, чайды өзүм эле куямын.

Башын ийкеп кызматчы аял тез эле басып кетип калды.

– Бир аз байырлай отурсаңчы?

– Рахмат эже, эсеп-кысапты да карап коёт чыгарсыз?

– Анын эмне кереги бар, сага ишенебиз да...

Багбан чал чөп чапкан агрегатты ары-бери дырылдата жүргүзүп, токтосочу. Ал кызматчы аялды чакырды.

– Кулагым сизде? – деди ал энтиге басып келип.

– Тиги аксакалга айтчы, биз чай ичип алганча коё турсун.

– Мени укпайт, ал кежир чал. Бүгүн небересинин туулган күнү экен, эртерээк кетсемби, – дейт. Жана бир тыйын чычканды небереме деп кармап алган экен, мен бошотуп жибердим. Багбан чалдын күндө таң эрте келип, ар бир гүлдүн өзгөчөлүүлүгүн мүнөздөп, айта бере тургандыгы Каухардын эсине түшүп, “Ээ, атабыз таң атпай сеп этип алган экен го”...

– Мага үч жүз долларды конвертке салып алып келип бериңизчи? – деп кызматчы аялга күлүмсүрөй карады.

– Эмне базарга барасызбы?

Алан Рахметович билсе, мени өлтүрөт... – деди кызматчы аял, көздөрү чанагынан чыкчудай алая.

– Өтүнөмүн эже, мен жогору чыгып сейфти ачпай эле коёюн, – деди Каухар эркелеп...

Багбан чал резинка өтүгү менен жер тепкилеп, агрегатты какалтып-чакалтып ары-бери түртмөктөп жүрөт.

Каухардын эсине зыярат башынан кайтып келгенден кийин эшиктин алдында жаткан апасынын өтүгүн бооруна кыса кучактап боздоп ыйлаганы түштү. “Апакем ай, апакем ай, келерки жылы мектепке алпарамын, ушундай жакшы өтүктү мага алып беремин дебедиң беле? Мени кайда таштадың, мама-ау, мама-ау...”

– Эже, – деди Меруерт анын оюн бөлүп, – чайыңызга рахмат, мен эми жумушка барайын.

– А, ие, айтмакчы, мен да сени менен бирге барайын. Дагы кандай иш бар?

– Келерки айда бир тууганым үйлөнмөк, кредитке костюм-шым, анан да үйлөнүү-үлпөт көйнөгүн алсамбы дедим эле.

– Өз дүкөнүңөн өзүң кредит аласыңбы?

– Эже, эми...

– Дима, машинаны дайында, – деди.

– Кайсынысын?

– Джипти.

Узун бойлуу жан сакчы жигит гаражды карай жөнөдү.

Меруерт секиде отурду. Кызматчы аял менен багбан чал күңк-маңк урушуп да алышты. Чал дарбазадан чыгып баратып кызматчы аялды окшото шыбатып алды:

– Карт карга...

Ошол кезде үйдөн бутуна ак кроссовка, бозомук джинсы кийген Каухар чыкты. Капкара көз айнегин бир алып, бир кийди.

– Дима дайынсыңбы?

“Lexus”тун жанында отурган Дима башын ийкеди.

– Каухар Өмүрзаковна, тиги как башка жүз долларын бербей алып калдым. Андайларга эки жүз доллар көптүк кылат, оңбогон алкаш, көрөсүз, эртең арак ичип жумушка чыкпайт...

– Небересине белек катары бербедим беле.

– Ал как баш....

– Эми мындан кийин муну кайталабаңыз, ошол акчаны өзүңүз алыңыз...

– Ал эмне дегениңиз, андай болбойт, сиздин эсебиңизге жазылган да, мына кайтарамын, – деп, көк кагазды Каухарга берди.

Кызматчы аялга Дима кабагын сала караганда, ал майпаңдаган бойдон үйдү карай жөнөй берди.

– Дима, алдагы рацияңды мен кармай турайын, жанагы чай ичкен жеримде чөнтөк телефонум калып калыптыр, тез алып келе гой.

– Азыр.

– Тез, машинага отур, – деди Меруертке.

– ?..

Өзү арбаңдап кетип бара жаткан жан сакчыга карап койду. Дима үстөлдүн жанына келип, тегерегинен чөнтөк телефонду издеп жатканда “джип” дарбазадан узап чыга берди.

– Ушул үйдөн чыксам эле, өзүмдү жакшы сезем. Агаларың да тиги жан сакчыны мага байлап койду. Өх, араң дегенде кутулдук окшойт...

Аппак джип асма көпүрөнүн үстү менен зымырап, трамвайдын жолун кесип өттү.

– Апа, акырын айдаңызчы, – деди Меруерт көзүн бакырайтып, – эмне мынча катуу айдайсыз?

– Алигиден качканым го, – айнекти ачты да, рацияны асфальтка ыргытып жиберди, – мунусу да бир балээ болду го...

Алар үч кабаттуу соода үйүнүн алдына келип токтоду.

– Ал, Мика, эми үчүнчү кабатка эч кимдин көзүнө түшпөй көтөрүлүп кетели.

– Анда кызматтык лифт менен көтөрүлөлү, менде карточка бар эмеспи, – деди Меруерт күлүп.

– Айланайын! (Каухар маржандай тиштерин көрсөтө күлдү) Мага бир эс алууну тартууладың... Бир тууганың менен болочок келиниңди чакырсаңчы, өздөрү тандап алышсын.

– Апа, мен кредитке гана аламын.

– Мени капа кылбачы, айланайын. Айтмакчы, алиги Дима бизди бүткүл шаар боюнча издеп, чуулдатып жаткан чыгар, – деди лифтке кирип жатып.

– Агам капа болбосо эле болду... – деди Меруерт.

– Капа болбойт, агаларың күлүп эле тим болушат.

Алар үчүнчү кабаттагы жаш жубайларга арналган салонго кирди. Кардарлар деле анчалык көп эмес экен. Сатуучу кыздар менен Каухар жылуу амандашты.

– Жагдай кандай, кыздар?

– Жакшы, эжей, – деди баары тегиз, – өзүңүз күүлүсүзбү?

– Рахмат, рахмат.

– Кана Мика, бир тууганыңа телефон чал, тезирээк келсин.

Меруерт чөнтөк телефонун алып, бир тууганы менен сүйлөшө баштады.

– Эже, өткөн ай кирешелүү болду, – деди, администратор кыз Айнур.

– Ушул тапта эле элүү жуп той кийимдерин саттык. Тек, тигүү цехине бир-эки машина албасак болчудай эмес, кардарларыбыздын шымдарынын багалектерин, көйнөк жеңдерин кыскартууга жетишпей жатабыз. Алан Рахметовичке жаз башында айтканмын.

– Агаларыңдын колу тийбейт, мага айтканың жакшы болду. Кана, Италиядан алып келген костюмдарыңды көрсөтчү. Эл алып жатабы?

– Албетте, түрктөрдүкүнө караганда, баасынын кымбаттыгынан өтүмдүүлүгү азыраак.

– Айнур, ушу сен кимге окшошсуң десем, ырчы Макпал Жунусовадан деги айырмаң жок го, – деп тамашага чалды.

– Мага баары ошентип айтышат, – деп Айнур күлдү.

– Сен өзүң кайсы жерден элең?

– Үржардан.

– Ушу сиңдим эмнеге эле мындай сулуу десем, бал менен алма жеп өскөн турбайбы, – деп күлдү Каухар.

– Рахмат Каухар Өмүрзаковна, сиз да абдан керемет сулуусуз.

“Сатуучу бул жакка келиңизчи” деген аялдын үнү шаңк этти. Айнурдун топ-моделдердей жүрүм-турумун карап туруп: “Накта сулуулуктун – сулуусу деп ушуну айт, биздин казактын кыздарынын жүрүм-туруму, мүнөздөрү дал ушундай болсо атаганат” деп ой чүргөдү Каухар.

– Сиздерде өтө кымбат экен.

– Бизде эксклюзивдүү товарлар.

– Уулубуз үйлөнмөк. Катарынан калбасын деп жатабыз, бир аз болсо да арзандатпайсыздарбы?

– Мен беш пайызга гана арзандата аламын. Калган сөздү биздин кожейкебиз менен сүйлөшүңүз, ал керемет адам.

Каухар алардын сүйлөшкөндөрүн угуп турганы менен эки көзү орто бойлуу, чачы тармал жаш жигитте болду.

“Кайдан көрдүм эле бул баланы? Кимдир бирөөгө окшоштуруп жатамбы? Кимге... кимге?..”

– Өзүңүз сүйлөшүп көрүңүз, – Айнурдун сөзү так даана угулду.

– Саламатсыздарбы? – деп аял жанына келди.

– Саламатчылык, – деген Каухардын денеси дүр этип, ток жүрүп өткөндөй болду. Кулагы дыңылдап ал кездегиден ныпым эсте калбагандай...

– Угуп жатам, – деди жылмайган болуп.

– Уулубуз үйлөнүп жатты эле, – деп, болук келин жаркылдай күлүп, – Сиздерде атайын жеңилдиктер каралбайбы – маселен жыйырма пайыз дегендей...

“Кимге окшойт бул бала, кимге?”

– Каухар, бу сенби? – деген эркектин үнүн угуп селт этти.

– Ие, тааныган жокмун.

– Өмүрзаковна, мени тааныган жоксуңбу?

Каухар чачы агарып, көзүнүн астын бырыш баскан орто бойлуу салабаттуу кишиге таңыркай карады.

– Кайратмын го...

– Эмне, эмне, ой, Кайрат бул сенби? Канча жыл болду. Мектепти бүтүргөндөн бери көргөнүм ушул, мени кечирип кой.

– Мынакей, бул уулум, жубайым Алтын. Тунубуз эмеспи, дос бар, душман бар дегендей... Асылбегимдин тоюна даярданып жаткан чагыбыз го.

Болук келиндин олбурлуу денеси болк-болк этип, моюн тамыры көгөрүп, энтиккенинен сүйлөй албай, көздөрү акшыңдап, бир заматта ызага буулугуп, өзгөрүп чыга келди.

– О, сенин уулуң болсо, керек дегендериңдин баарын, жөн гана сый-белекке тартуулаймын. Бала кезден бирге өскөн курбум эмессиңби, – деди Каухар Кайратка күлүмсүрөй карап.

– Биз кайырчы эмеспиз, бизди ким деп ойлоп жатасыңар. Менин бар болгону скидка сураганым болбосо, – деп күйөөсүнүн колунан тарткылай кармады.

– Кечирип коюңуз, эже сиз өзүңүз ким менен сүйлөшүп турганыңызды билесизби? – деди администратор Айнур үнүн катуураак чыгарып. – Акырын сүйлөңүз.

– Билем, билем. А силер кимдин ким экенин билбейсиңер. Жүрү кеттик, – деп долуланган аял күйөөсү менен уулун жулкуй тартты.

– Кечирип кой, – деди Кайрат кулагына чейин кызарып.

– Кароолду чакырайын, – деп Айнур колун созо бергенде, Каухар анын билегинен кармап калды.

– Кой, жөн кой.

– Эмне деген адеби жок аял!

– ?..

Каухардын көмөкөйүндө бери чыга албаган өксүк турду. Булардын жанына кайра келген Меруерт бул көрүнүшкө аң-таң болуп ордунда катты да калды.

– Айнур, эмне болду?

– Эй бир жинди катын...

– Бир тууганың келеби? – деди Каухар тез эле ой токтотуп, – Айнур менин наамыма 3000 долларлык товарга чек жаздырып кой, агаң экөөбүздүн жаш жубайларга белегибиз болсун.

– Мейли, эже! – деп Меруерт астейдил сыпаа күтүп.

– Эже, – деди Каухардын жанына басып келген Асылбек, артына кылчая карап, – Мамама капа болбоңуз, сиздерге оорчулук келбесин дегени го.

– Ал эмне дегениң, айланайын. Папаңдын ден соолугу кандай? – деп сурап жибергенин өзү да сезбей калды.

– Өткөн жылы бир инфаркттан калды, айтор...

– ?..

– Сиз кандай гана керемет жансыз, бизге капа болбоңузчу, – деп Асылбек коштошуп чыгып кетти.

– Мындай адептүү жигиттин энеси ушул ажаан аял экендигине такыр ишене албай жатамын, – деди Айнур анын артынан карап туруп.

– Эже, деген менен кредитке алсам жакшы болот эле...

– Мика! – Каухардын үнү катуу чыкканы ошончолук, эки кыз турган орундарында селт этишти. Айнурдун көзү бакырайып кеткен.

– Эжей, – деди экөө жарыша.

– Мени лифт менен төмөн түшүрүп жибергилечи, кафеде отурайын, бир аздан кийин келесиңер...

Меруерттин колдору титиреп, карточканы курбусуна араң берди.

Ал кафеге кызмат бөлмөсү тарабынан кирип барганда кыздардын бардыгы жапырт амандашып калышты. Каухар тамактардын менюсун сурады да, четки орундукка барып отурду.

– Эмне каалайсыз?

– Кызыл шарап, таттуурагынан. Жо-жок, коё тур, жүзүмдүкүнөн болсо.

Официант кыз анын шарап сураганына таң калганын билдирбей барга жөнөдү. Каухар бир бөтөлкө француз шарабын алеки саатта ортолоп койду. “Кайрат, сени менен ушундай жагдайда жолугушам деп эч качан ойлобоптурмун...”

– Сиздин бул кылганыңыз эмне, шефке айтамын, – деди Дима аны көзүнүн төбөсү менен тиктеп.

– Айтсаң айта бер, сенин колуңдан андан башка эмне келмек эле? Бар айт, ошондон бирдеме чыкса. А мен, сенин эки жылдан бери беш миң долларды кайрып бербей жүргөнүңдү айтамын.

– Кеч-и-ри-ңиз, – деди, Дима туттугуп, – менин аялым оору эмеспи...

– Мен да оорумун, – деди, Каухар ызалана күлүп.

– Сизби? – деди Дима таңыркап, – мындай сөз менен ойноого болбойт.

– Бар, Меруертти чакырып кел!

Телефон шыңгырады.

– Алло.

– Жаным, – деди күйөөсү, – бүгүнкү күндү эркелик менен баштаганыңа ыраазымын. Кечки банкетке кечикпесең болгону, сени сүйөмүн...

– ?..

Каухар үндөгөн жок. Күйөөсү дагы бир катар жылуу жагымдуу сөздөрүн айтып жатты. Аны уккусу да, эстегиси да келген жок. Ал Кайратты ойлоп жатты... “Кайрат, канча жыл өткөндөн кийин экөөбүз ушинтип жолугушмак белек?” Бардагы кыз музыка коюп кирди. Күйөөсү дале жылуу сөздөрүн арнап жатты. Ал тыңшап жаткан менен эч нерсени уккан жок. Тек гана Кайратты ойлоп отурду. “Кайрат, канча жылдар өтүп, кездешкенибизде да сүйлөшө албадык го...”

– Мугалим, мугалим, – деди Каухар, – уктап калдыңызбы? Эшикти бирөө кагып жатат.

– Эмне? – Алан ордунан араң турду. – Коркпо, азыр.

Кийинип сыртка чыгып кетти. Ошол маалда Каухар ордунан кандай туруп кеткенин билбейт. Боюндагы коркуу сезими такыр жоголду. Муздак (эденди) коридордо жылаңайлак басып эшикке жакындады.

– Сен кимсиң, эмнеге келдиң? – деди Алан.

– Мугалим мени угуңузчу, мен Каухар менен сүйлөшкөнү келдим.

– Кет, оңбогур! Еще ичип алганын, сени соттотпогонума айтар ыраазычылыгың ушулбу?!

– Мугалим, мен эмесмин. Кудай үчүн Каухар менен сүйлөшөйүнчү.

– Ал үйдө жок.

– Анын үйдө экенин жүрөгүм менен сезип турам. Мен аны сүйөмүн...

– Ме, сага иттин баласы!

– Уруңуз, уруңуз, мугалим, мени өлтүрүп таштаңызчы! Мен Каухарды сүйөмүн.

– Ме сага, иттин баласы!

Каухар төшөгүнө барып жатканын өзү да сезбей калды. Ыйлаган жок. Ошол түнү Каухардын көзүнөн жаш чыкпады. Жүрөгү ыйлады.

Меруерт келди. Эки көзү кыпкызыл. Ыйлаганы көрүнүп турат.

– Айнур жумуштан чыга алган жок.

– Отура гой, айланайын, сен мага капа болуп калдыңбы?

– Жок ай, – деди Меруерт эрээркей, – сизге капа болбоймун. Келбей жатып эмитен ушундай, бизге кандай келин болот? Ата-энесине да кийим-кечек алам дегени аз келгенсип, “Бир бөлмөлүү батириңизди бизге белекке берер чыгарсыз” – дейт. Ал айтпаса да, иниме өзүм эле берейин дегем, эми бербей турган болдум.

– Ие, азыркы жаштар...

– Бир тууганым менен бүгүн жакшылап сүйлөшпөсөм болбойт. Эмитен мындай болсо, бара-бара кандай болот?

– Эмне кыласың, жаштардын ишине аралашып, убакыт деген баарын өз ордуна коёт.

– Сиз ошондой ойлойсузбу? Алан Рахметович экөөңүздөр баш кошкон кезде, ушул дүйнө-мүлкүңүздөрдүн баары бар беле?

– Биз үйлөнгөндө эмне? – Каухар терезеге карап кетти. – Эсине... эсине... түшүп:

...Кубанычы койнуна батпай сыртка чыкса, мугалими күтүп туруптур. Колунда эки чоң чемодан. Өзү абдан көңүлдүү.

– Каухаржан, дипломуң куттуу болсун! – деп жүзүнөн сүйдү. Бүткүл боюнан ток жүрүп өткөндөй болду. Төрт жыл бир үйдө, бир бөлмөдө турса да колунан бир да жолу кармап көрбөгөн эркектин күтүлбөгөн жерден бетинен сүйгөнүн эмнеге жоорурун билбей абдаарып, эки бети кыпкызыл болуп кетти.

– Агай...

– Айланайын, эми биз төлөмөр батирге барбайбыз.

– Анан кайда барабыз?

– Биздин, то есть сенин өз үйүң болот.

– Кандай, кандай?

– Жүргүн, жүрө гой – деди мугалим күлүп. – Бирөөлөр айткандай: “Үңкүр да болсо өз үйүм”. Кеттик. Алар жолдогу дүкөндөн бир шампан, аны-муну алып, трамвайга отуруп шаардын четиндеги Затон айылына келди...

– Эже, эже, – деп Меруерт манжаларын жазып, анын көз алдынан каалгыта ойнотуп өттү.

– Мени ойлоп жатасызбы?

– А, – деп Каухар күлдү. – Ие, ие, эмнени сүйлөшүп жаттык эле.

– Сиздер үйлөнгөндө...

– Э куу кыз, баарын билип алгың бар ээ. Андан мурда өзүңдү айтчы, качан турмуш курасың?

– О эже! – Меруерт аппак тиштерин көрсөтө күлдү. Сүрөтчү жигитибиз али өзүнүн улуу туундусун тартып бүтө элек.

– Ие, – деди Каухар күлүп, – Акберен досуң менин портретимди тартып, келбетимдин жарымын капкара кылып койбоду беле?.. Ой, ошондо акчасын төлөөрүн төлөп алып, агаңдын ошол күнү эле отко жагып жибергеничи...

Меруерт кызарып төмөн карады.

– Шарап ичесиңби? – деди Каухар анын ыңгайсызданып отурганын байкап.

– Жок, эже, жумуш көп. Сиз деле ичпей эле коюңуз, башчы билсе, урушат. Ал кишинин ичкенин көрбөптүрбүз...

– Микажан-ай, агаларың алтын адам го. Мени эч качан урушкан эмес, бирок мен сага бир кызыкты айтайынбы? – деп Каухар жан-жагына карап алды.

– Айтыңыз, – деди Меруерт.

– Ушул соода үйү ачылган жылы эле, Мрамор деңизинде эс алдык. Кечкисин ресторанда вискиден бирин-эки ууртап алып, “Гүзал, Гүзал” деп түрктүн бир бийчи кызынын артынан калбай агаңдын ээрчип алганы бар!

– Коюңузчу эже, биздин башчыбызды, шылдың кылбаңыз. Я вам не верю.

– Ырас айтам, – деп күлдү Каухар. – Эртесинде агаң менден уялып, өзүн кайда коёрун билбей жипкиргенин көрсөңөр, аяйсың. Ошол күндөн баштап артист болуп “жаным”, “күнүм” деп сүйлөй баштадым. Эмнеге экенин билбеймин, адат болуп кетти. Жаным, күнүм дебесем, агаң менен аңгемем жарашпай кала тургансып, – деп күлгөн болду.

Меруерттин эсине үнүн бийик көтөрүп сүйлөгөн аял түштү.

– Баягы кардарларды түшүнбөй калдым го...

Жаңы эле күлүмсүрөп отурган Каухардын өңү бозоруп кетти. Үн-сөзсүз отурду да:

– Диманы чакыр, үйгө кайтамын. Меруерт анын түрүн көрүп чоочуп кетти.

– Азыр, эже, – деп ордунан тез тура жөнөдү. “Ошол түн болбогондо го...” Каухардын тынчы кетип, оор үшкүрдү.

Энтигип жансакчы келди. Меруерттин көзү бакырайып, эмне болуп кеткенин түшүнбөй турду.

– Эже, мен ашыкча сөз сүйлөп койдумбу?

– Жок, – деди тынчы кетип Каухар. – Ошол түн болбогондо го...

– Эмне дейсиз, ошол түн? Түшүнбөдүм.

Каухар ага жооп берген жок.

– Мени үйгө тез жеткиргин, – деп жансакчыга буйра сүйлөдү.

...Төшөгүнө барып сулады. Өксүп-өксүп ыйлады. Солуктап жатып уктап кетиптир. Ойгоно албай кыйналды. Кыйналды.

– Жаным, өйдө болчу, сага эмне болду? – деди күйөөсү.

“Ошол түн болбогондо го...”

Дарыгер көп күттүргөн жок. Алкагы калың тердеп кеткен көз айнегин алып сүрттү.

– Жигитим, коркунучтуу эч нерсе жок. Жубайыңыздын нерви жукарган, – деди.

– Эмне дейсиз?

– Нерви жукарган. Жакшылап эс алсын, бассейнге барсын, таза абага чыксын, мончого түшкөндө кайыңдын шыпыргысын пайдаланганы жакшы.

– Сиз эмне деп жатасыз? – деди Алан өңү бузулуп. – Нерви жукарган дегени эмнеси? Сиз... сиз кимдин үйүндө экениңизди билесизби? Бул аялдын нервин жукарткан эмне маселе бар?..

– Тууганым, – деди, четке чыгып сүйлөшөлү дегендей колтугунан сүйөй баскан дарыгер түк баскан кабагын чытып. – Сиз билесизби?..

– Ие?

– Өмүрдө, – деди шыбырап, – адам баласына дарыдан да өтөөр бир ооз жылуу сөз керек болгон учурлар болот. Ошондуктан, жубайыңызга анда-санда көңүл буруп жүрүңүз.

– Авраам Исаевич, түшүнсөм түк оңбоюн.

– Анда мен сизди түшүндүм, – деди жашы катамалдап калган дарыгер күлүмсүрөй карап. – Мен сизди түшүндүм, каршы болбосоңуз узатып коёсузбу?

Алан дарбазадан дарыгерди чыгарып салып, ойлонуп туруп калды. Оюна түшкөн суроого жооп издегендей заңгыраган үч кабаттуу үйүнө карады. Терезелери жаркырап турат. Секиге барып үнсүз отурду. Ойлонду. “Эмне жетпейт, нерви жукарганы эмнеси? Же бир жери ооруйбу? Анда, менден эмнеге жашырып жүрөт?..”

Бирөө басып келаткандай, тыкылдаган дабышка карай жалт караса Дима келе жатыптыр.

– Алан Рахметович, багбан чал келди, ичке киргизейинби?

– Эмне болуп кетти, эки күндүн ичинде, буларда тартип деген барбы өзү?..

– Киргиз.

Дима пультту басты. Эшик ачылды. Бир себет мала кызыл гүлдөрдү көтөрүп багбан чал келди.

– Бул эмненин урматына?

– Каухар Өмүрзаковна ооруп калды деп уктум. Эм жүрсүн дегеним го...

Алан бырс эте күлдү. “Бар өзүң тапшыр” дегендей ишара кылды. Чал жогору көтөрүлө баштады. Колунда бир себет гүл эмес, кудум толук айды кучактай мыкчыңдап көтөрүп бараткандай көрүндү. Бүкүрөйгөн багбан чалдын артынан карап туруп Аландын көз алдына кудум ашкабактын чоң данегин көтөрүп бара жаткан кумурсканын элеси келди. “Бечара” деп үн чыгара айтып жибергенин өзү да байкабай калды.

– Эмне, эмне дейсиз? – деди Дима. Алан унчуккан жок. Ушул учурда катуу соккон шамал, жалбырактарды сапыра учуруп, алардын жүздөрүн жаап өттү. Жерде жалбырактар сапырылып жатса, асмандагы айдын бетине тилке-тилке көлөкөлөрүн салып, кыйкуулаган каркыралар тизилип түнкү теребелде учуп баратты. Дима жогору карап туруп:

– Уже улетают журавли. Мен болсо элүүгө чыктым. Чиркин, аялым сакайып кетсе, к чертовой матери, Калининград кайдасың деп кезип кетээр элем. Эх, Балтик көркөмү, сагындым го мен сени, – деди.

Алан аны укмаксан болуп, үйгө кирип кетти.

– Ой кандай гана сонун гүлдөр, – деди Каухар.

– Кызым, өзүңө атайын апкелдим, эртеңкиге чейин чыдаган жокмун, – деди багбан чал.

Алардын сөзүн Алан тепкич менен чыгып келе жатып укту. Алдынан табагын көтөрүп кызматчы аял чыга келди.

– Апай, байкаңыз, Вася досуңуз бар.

– Эмне дейт, кудайым ай, дайыны жок учурда, ал какбашка бул үйдө эмне бар?

Кызматчы аялдын таң калган кешпирин көрүп Аландын күлкүсү келди. “Ушул эки карыяга эмне жетпейт деги?”

– Сизди чакырды дейт, – деп күлкүсүн араң тыйып.

– Ал какбаштыбы, баягы бир чөйчөктөн даам сызып жүргөн чыгар.

– Жок, жылуу жайдан келе жатыптыр.

Кызматчы аял эшикти какпастан эле үйгө кирди.

– Каухаржан...

Бир себет гүлдү көрүп таңыркай түшүп, тез эле эсин жыйды.

– Сен бар, чыга тур, Каухаржанга ысык шорпо апкелдим. Бөгөт болбо...

– Апай көрдүңүзбү, Вася агай мага гүл апкелди, – деди Каухар.

– Буга андай акыл кайдан келсин, Дима айткан чыгаар...

Багбан чал мыйыгынан күлүп алды да:

– Каухаржан, бул апаңа өмүрү бирөө да гүл белекке бербесе керек, сый-сыпаттын эмне экенин кайдан билсин, – деди.

– Магабы, мага гүл бермек тургай, ар бир кечте мен үчүн жигиттер мушташып кетчү. Фокстрот, твист деген бийлер бизден калган, – деп этең-жеңин желпий, бий жүрүш кылды. Каухар күлүп жиберди.

– Кана, кана, дагы бийлечи, – деди багбан чал. Ушул маалда бөлмөгө Алан кирди.

– Башчы аке, мынабу кемпирдин бийин көрүңүзчү, – деди багбан чал ырсалаңдап.

– Эмнеси бар экен, эң жакшы. Апай, уланта бериңиз, – деди Алан күлүмсүрөп.

Кызматчы аял бетин бир чымчып алды да, бөлмөдөн чыгып кетти.

– Сизге рахмат, Вася агай, гүлдөрүңүз кооз экен. Муну ушул үйдүн айланасына неге өстүрбөй жүрөсүз?

– Бул Алжир гүлдөрү, беш жыл болду, араң эми жер алып келе жатат. Кудай буйруса он чакты көчөттү ушул жерге апкелемин.

– Вася агай, – деди Каухар, – ошондо кандай, биздин аянтка толтура өстүрсө болбойбу?

– Кызым, ал пияз эмес да, бул гүлдүн өзгөчөлүгү – адам боюндагы кеселди өзүнө сиңирип алат. Өтө назик гүл, булардын сезимтал жүрөгү бар...

Багбан чалдын бир сүйлөсө токтобой турганын билген Алан аны далысынан таптап:

– Вася агай, дүйнөдө сиздей багбан адам жок чыгар. А, азыр Каухар Өмүрзаковна эс алсын, – деди.

– Ие, ие, жакшы, эс алыңыз, тез сакайыңыз, – деп багбан чал бөлмөдөн чыгып кетти.

– Ух! – деди Алан. – Ушу сенин кемпир-чалыңан абдан тажадым. Сөздөрү көбөйүп кетти, балким, булардын ордуна башка бирөөлөрдү аларсың...

– Жо-жок, андай дебечи, ансыз да бүгүн өлүп калгым келди... – деп алаканы менен оозун жаба койду.

– Эмне?

– ?..

Алан келинчегинин жанына келип отурду. Маңдайынан сылады. Жүзүнөн сүйдү.

– Жаным, өлүп калганы эмнеси!..

– Жөн эле айта койдум, ушу кары кишилерге боор тартып калдым...

– Ал сөздү эми козгобойлучу, – деп Алан күлдү да, жамынчысынан чыгып калган келинчегинин бут жагына жантая кетти эле Каухар бутун тартып ала койду. Ал күйөөсүнө эркелей карады... Ошол учурда телефон шыңгырады.

– Алло! – деди Алан. – Угуп жатамын... Ие, ие, эмне дейсиң, Финпол? Эмнеге, эмнеге? Бирдемкесин берген жоксуңарбы? Албайт? Анда өзүм барамын.

Каухардын көзү бакырая түштү.

– Камтама болбо, – деди күйөөсү. – Мен Курчатов шаарына барып келейин. Биздин вагондорду финполдун жигиттери коё бербей жатыптыр...

– Чарчадың го, эртең эле барсаңчы?

– Эртеңкиге калтырууга болбойт го.

– Мен анда кийимдериңди даярдайын.

– Жо-жок, убара болбо, жаным. Курткамды алсам болду. Кудай буйруса тез эле келемин.

– Түшүнчү, сен үйдөн кетсең эле тынчым кете берет...

– ?..

Алан келинчегинин маңдайынан сылап, эрининен сүйдү.

– Чачың агарып баратат го, жаным, – деди Каухар анын чачын манжалары менен салаалап.

– Мен кетейин, сен камтама болбой укта. Каухар күйөөсүнүн ийининен чыгып турган былкылдаган булчук-булчук эттерин аяр сылап койду.

– Байкап жүрчү...

– Камтама болбо, – күйөөсү бөлмөдөн шашыла чыгып кетти.

Каухар телефонунун түйүнүн басты.

– Туна апай, башчыбыз жолго чыгып жатат. Эки термос чай, дагы аны-муну салыңызчы, – деп трубканы койду да ордунан турду.

Эшик төрдөй сүлүк кара “Toyota-40” зыпылдай келип, эшик алдына токтоду. Димага күйөөсү бир нерселерди айтып жатат. Каухар экинчи кабаттан мунун баарын көрүп турду.

– Шеф, кожейке терезеден...

Алан артына бурулган жок, Димага акырын шыбырап сүйлөп жатты.

– Сен мага кожейкенин бүгүн кайда барганын, ким менен сүйлөшкөнүн билип бергин.

Дима башын ийкеди.

“Жаздык берүү керек эле, жолду катар уктап барбайт беле...” Каухар терезени ачканча, “Toyota” лып эте дарбазадан чыгып кетти. “Эми эмне кылдым? “Hummer”ге эмнеге отурбады экен?.” Күйөөсүнө телефон чалды. Бир нече жолу. Жооп жок. Кайра чалды.

– Эмне болду?

– Жаным...

– Биз шаардан чыгып кеттик. Укта! – күйөөсүнүн үнү чарчаңкы чыкты, – Чарчадым. Каухардын бүткөн бою муздап чыкты. “Иренжитип алдымбы, эй...” Жарыкты өчүрүп, төшөгүнө жатты. Кирпиги катты. Ой, ой, ой... Көз алдына не бир элестер тартылды.

“Ошол бир түн болбогондо...” Миң-миң мертебе кайталады. Ойлонду. Үн чыгарбай эки ийини солкулдап ыйлады. Солуктап жатып уктап кетти.

– Кызым тура гой, түш болуп калды, – деп кызматчы аял экинчи жолу кайталаганда көзүн ачты. – Түш болду, кызым сени ойгондубу? – деп Аланжан үч жолу телефон чалды.

Башы эңги-деңги. Ордунан туруп, жуунуучу бөлмөгө карай бет алганда...

– Кызым, мынабуну кара, – деди кызматчы аял. – Гүл эмес эле шыпыргы го мунусу. Какбаш чал ай, Алжирдин гүлү деп коёт, жол четинен жулуп алган чыгар...

Каухар таң калды. Аппак гүл куурап, карайып кеткен. Солуган.

– Капыр-ай, э! Вася агай кече кечинде эле алып келди эле го...

– Ушул гүл соолугуча, Вася агайыңдын эки буту асмандап калса кана,– деди кызматчы аял табалап. Каухар башын чайкай күлдү да, жуунуучу бөлмөгө кирип кетти.

Каухар көбүк чачкан жакузинин жанына барып отурду. Көпкө ойлонду. “Кайрат, сени унутуп калдым эле го... Жо-жок, унуткан деген эмнеси, ырас сени унутсам деп канча аракет кылдым. Унуталбадым... Ичимден түтөп, канча күн-түндөрдү кечирип азап чеккенимди көрсөң го...”

– Кызым, – деген кызматчы аялдын үнү чыгып, эшик какты, – өзүң жакшы көргөн сүлгүңдү алып келдим.

– Кийим илгичке илип коюңуз.

Эшик ачылып, жабылды. Бүлк-бүлк эткен кенен жакузиге бир чөмүлүп алды. Жүзүн сүртүп жатып, жылаңач ийинине төгүлгөн кара чачы менен өз бейнесин көрдү. Мөп-мөлтүр тамчылар, кирпиктерин ийип түшкөн мөп-мөлтүр тамчылар...

Каухардын эсине Затондогу эң алгачкы жыгач үйлөр түштү.

– Кире бериштеги тепкичтен аттаар замат жагымсыз жыт каңшаарды аралап, абдаарый туруп калган.

– Каухаржан бул үй сенин дипломуңдун көрүндүгү болсун... Жери да бар төрт сотых. Бирге бак-шак өстүрүп, бакча эгээрбиз.

– Агай, бул эмнеңиз?..

– Айланайын, сен эми бүгүндөн тартып мени агай деп айтканыңды коёрсуң.

Каухардын мууну, денеси дирилдеп, үндөбөй калган...

Душ көбүрүп чыкты. Акырын басып бара жаткан Каухарды кызматчы аял көрө коюп, жанына жетип келди.

– Кана, кана, дасторконго жүргүн, тооктун этин асып кесме жасап койдум.

– Кийинип алайын.

– Халатчан экенсиң, эч нерсе болбос, экөөбүз элебиз го...

Каминдин жанындагы креслодо отуруп бүткөн бою жылып чыкты.

Бир кесе кесме көжөнүн жыты бур этип, табитин ачты.

– Апай рахмат.

– Кызым-ай, ден соолугуңду карасаңчы, – деп, сөзүн баштап келе жатып, алда бирдеме эсине түштүбү, төмөнкү кабатка жөнөдү. Чытырап күйгөн жыгачтын жылуулугу менен ысык тамак анын жанын рахатка бөлөдү. Алеки саатта маңдайын тер басып, дене бою жибиди. Кызматчы аял бир саамдан соң чай менен таттууларын алып келди.

– Кандайсың кызым?

– Абдан даамдуу болуптур, апай, рахмат сизге...

– Кел, кана чай ичели, атайын демдедим. Жети түрдүү чайдан жети кашык менен, ошончо кашык чөп бар.

Кооз идиштеги чайдан бир уурттаган Каухар күлүп жиберди.

– Чайларды Индиядан, чөптөрдү Вася агайдан алган чыгарсыз?..

– Ой, жинди кыз, таң атпай сен үчүн убара болуп жүрсөм, Вася как башты айтат да, – деп таарына мулуң этип.

– Кайдан билейин, багбан чал оозуңуздан түшпөйт го...

– Койчу ошол как башты!

Чайды кызматчы аял экөө азилдеше отуруп ичишти. Идиш-аякты жыйноого шашылбай, кызматчы аял андан ары сөзүн улады.

– Кызым, – деди оор күрсүнө, – өзүңдү ойлосоң боло, сен аялсың, мына эми отуздан аштың. Бала төрөшүң керек, кудайга шүгүр, баары жетиштүү эмеспи...

– Ие, апай, баары бар...

– Өзгөрүп баратасың... Ичиңде эмне сыр бар кызым?.. Ачылып, төгүлсөңчү. Керек болсо ыйлап да алгын. Бирок, ичтен тына көрбө. Эркекке айта турган да, айтпай турган да чындык бар. Байкашымча, күйөөңө айта албай жүргөн бир сөзүң бар шекилдүү...

– Сиз аны кайдан билесиз?

– Мен да аялмын да, кызым эмнеге билбейин. Өзүңдү өзүң кыйнай бербей, сырыңды айт, Аланжан түшүнүктүү адам эмеспи.

– Күйөөм керемет адам, аны өзүңүз билесиз.

– Анда, кызым, сен башыңдагы бактыны баалай бил, эркек үчүн аялдын адалдыгы аздык кылат.

– Ой, Туна апай, сиз... үндөбөй калды да, Лондондо өзүнө ырымдап алган бойтумарды француз аялына белек кылып жибергени эсине түштү.

– Ие, ие, Туна апайың осол жөн эле бирөө дейсиңби, – деп анын оюн бөлгөн кызматчы аял, күрсүнүп алып сөзүн улады. Солдаттан генерал жасаган катын көп чыгар, а мен прапорщиктен полковник жасадым он жылдын ичинде, аттиң өмүрү кыска болду. Антпегенде, тиги дүйнөгө генералдын кийимин кийип кетмек эле.

– Ну, апайка, даёте, – деп күлдү Каухар.

– Азыр эми, бир аз эс ал да, төмөн түш, күйөөңө өз колуң менен тамак жаса, түбүн күйгүзүп жиберсең да чын ниетиңден жасасаң эркектин жүрөгүн жибитесиң.

– Иэ, иэ.

Каминге жыгачты көп салып жибергенин өзү да байкабай калды. От жалбырттап жатыптыр. Ойлонду. “Ошол түн болбогондо го, ошол түн болбогондо эмне... Ошондогу түн, каргыш тийгир ошол окуя”. Көзүнөн мөлт-мөлт тамган кош тамчыны оттун табы кургатып жиберди. Каухар ордунан турду.

Тепкич менен түшүп келе жаткан Каухарды көрүп кызматчы аял күлүп жиберди.

– Кызым-ай, алдагы кийимиң менен үй жыйнаган кишиге окшоп кетет экенсиң, – деди тамаша чын кылып.

– Ушу сизге Вася агай экөөбүз деги жакпай койдук го, ыя? Туна апай...

– Сенин бир тал чачыңдан садага кетсин ал какбаш, эми эмне кылайын, айта гой эмне керек?..

– Мага бир тоок, үч-төрт алма, эки помидор, даам кошчулардан: сарымсак, төрт картошка, майонез бериңиз.

Кызматчы аял сураганынын баарын берди да, Каухардын эмне кылып жатканын карап турду. Бройлерди мүчөлөп бузуп, бардыгын жакшылап аралаштырды. Майонезди көп кошту. Туз-бурушту да аябады. Фольганы кырк кабаттап ороду.

– Кызым-ай, мына мунуң ботко болду го, эми эмне кылмакчысың?

– Эшикке чыгып от жагамын да, чокко ороп таштаймын.

– Жо-жок, анте көрбө, эшикте суук, ооруп каласың...

– Анда мен, – деди Каухар күлүп, – каминге бышырамын.

– О тобо, тээ заманда да, бул заманда да каминге тамак бышырганды ким көрүптүр?

– Мен жасаймын.

Каухар жогору жакка кырк кабат оролгон фольганы көтөрүп кетти.

– Кой кары кемпир жаштар менен жаш болбой, андан көрө тамак даярдоого киришейин, – деп өзү менен өзү күбүрөй сүйлөнүп жатканда, телефон чырылдады.

– Алло, Туна апай, бул үйдө мени ойлой турган киши барбы деги?!

– Ал эмне дегениң, Аланжан, сага карап отурабыз... Иэ, түштө турду. Уйкусу канбаганбы, улам оозун ача эстеп коюп, өзүңө арнап каминге тамак бышырып жатат... Иэ, иэ, ошону айтам да, көрөбүз эмне болор экен. Жо, ал эмне дегениң, мен эмес, өзүң го эркелетип жиберген.

Каухар фольгага оролгон “боткону” чокко көмүп таштады. Кыпкызыл чоктор. Затондогу үйдүн көрүнүшү эсине түштү. От жагып, экөө узакка чейин сүйлөшүшчү.

– Секетим, өзүң көрөрсүң, өзүбүздүн керемет үйүбүз, кесибибиз болот.

– Ишенбеймин, эски үйдүн ордуна бул үйдү араң салдык.

– Жаным, мага ишенбеген адамды жек көрөмүн, эсиңде болсун...

Кып-кызыл чоктор.

Көзү талып отуруп, үргүлөй түшүптүр. Эшик кагылды. Караса, ырсайып Дима турат. Кызматчы аял аны ичке киргизди.

– Туна апай, то есть, мамаша золотая.

– Кардым ачты дечи.

– Иэ.

– Ай, оңбогур-ай, колуңду жуугун да отур, башчы келе жатат.

– Билемин.

– Сенин билбегениң жок, – деп кызматчы аял ага чоң кесеге ысык кесме куюп берди.

– Туна апай, биздин шахиня, то есть хозяйка тамак ичтиби?

– Эмне болуптур, аны эмне кыласың? Жап-жаш болуп, ушу сенин шимшилегениң өтүп кетти...

– Жүз грамм ичтиби дегеним го, – деп кекиртегин колу менен чертип койду.

– Эмне, эмне? – кызматчы аялдын өңү сурданып чыкты.

– Дары, сироп ичтиби? – деп жатамын, – деди куулана күлүп, жансакчы жигит. – Айтор Вася агай экөөңө жакпай койдум го, – деп актана кытмыр сүйлөдү.

– Болду, болду, ал какбашты оозуңарга албасаңар болбойбу? Мен жогору чыгайын. Биздин шум кызыбыз эмне кылып жатты экен...

Кызматчы аял энтигип жогору көтөрүлүп бара жатканда, Дима уюлдук телефонун колго алды да “001-шеф” деген номурун терди... Жооп жок. Анын чекир көздөрү асмандагы айга түштү. “Биздин шефке деги эмне болгон?”

Таш жолго боору тиер-тиймексен зуулдап келе жаткан кара көлүктүн арткы орунунда бара жаткан Аландын көзү илине түшкөндө, телефону безилдей бербеспи. Такыр тынчыр эмес. Уйкусу ачылды. Белгисиз номур. Дене боюн эрксизден дирилдек басты.

– Алло.

– Кандайсың боорум?

– А-а, – деди үнүн дароо таанып. – Шеф, өзүңүздүн аркаңыз менен жүрөбүз го, тынччылыкпы?

– Курчатовдон келе жатасызбы? – деди кардыккан үнү менен.

– Ие, ие, биз жолдобуз, сиз кайдан билдиңиз? – деди таңыркаган Алан.

– Бардыгын билебиз. Эч нерсеге караба, сенин бир ай убакытың бар, кетпейсиңби ал жерден? Лондондо кичине болсо да баш паанаң бар... Аны-муну кагаздарыңды жөндөтүп койгонго мыкты нотариус менен юрист жиберемин...

Аландын жүрөгү токтоп кала жаздады. Колун сермеп айдоочуга токто деген белги берүүгө үлгүрдү.

– Эй, ты где?

– Мен, мен... – деди үнү дирилдеп, – угуп жатамын.

– Удались от чужих глаз!

Ал машине ичинен сүйрөлүп чыкты. Эшикти ачып турган жан сакчысын ишараат кыла сак бол дегендей болду. Он кадамдай артка басты.

– Эмне болду? – деп сурады рулда отурганы.

– Билбеймин. Кантсе да сак бололучу. Что-то случилось?.. – жан сакчы “УЗИ” автоматын оң жагына карай ыңгайлата кармады.

Жарым саат көлүк ичинде отурган экөө башчысын сырттан акмалады. Ары-бери өткөн бир да көлүктүн дабышы угулбады. Ай жарык. Жап-жарык.

Алан илкий басып көлүгүнө келе жатат. Экөө сыртка атып-атып чыгышты. Көлүктүн жанына келген киши даарат ушатты.

– Суу бер, – деди жансакчы айдоочуга шыбырап, – колун чайкасын.

Алан колун жууду да, сүлгүнү алып бир саамга ойлоно туруп калды.

– Эй, тууган, – деп айдоочуга карап, – иче турган бирдеме барбы? Шампан дегендей...

Экөө ай жарыгында бири-бирине таңыркай тиктешти. Шопур лып эте, арт жакты карап аңтарып жүрүп, бөөндөй болгон бир вискини таап чыкты.

– Ага, виски бар экен, – деди үнүндөгү таңыркоону жашыра албай.

– Алып кел.

Турган жерден кылкылдатты. Каны катып калгандай жутту.

– Шеф, ооруп каласыз, – деди жансакчы жигит үнүн гүр эттирип.

– Ие, ие, – деп Алан бөтөлкөнү асфальтка ыргытты.

Шотланддык вискинин жыты бур этти. Быт-чыт. Жарык ай...

Ак шоолалуу ай астында жеңил жүрүш алган “Toyota” сызып жөнөдү. Кош жаздыкты ары-бери капшыра баса жайгашып отурган Аландын чекесинен ысык тер чыкты.

– Музыка койчу, – деди айдоочуга.

Ричард Клайдерман “Айлуу түн сонатасы”. Ой тереңи, ой, ой... Терең ойго чөмүлдү.

Тумандуу түн болчу. Лондон. Түн жарым. Экөө бизнес борборлугунун “Лимузинине” отурбай койгон. Котормочу “Сиздер деги кандай адамсыздар, түшүнбөйм. Пост-советтик менталитетиңерден кутулбайсыңарбы... Дүйнө өзгөрдү, ал эми сиздер өзгөрбөйсүздөр. Баягыда сиздерге батир алыңыздар деген сунушка унчукпай койгонуңуздарда уятыман жерге кирип кете жаздадым”.

Экөө кол кармаша тумандуу көчөдө жүрүшүп, чакан ресторанга киришти. Адамдар аз экен. Баары сыпайы баш ийкешип амандашты. Четки үстөлгө келип отурушту. Официанттын бир жакшы жери – негр кызы ак тиштерин көрсөтө орусча амандашты. Ага аң-таң болгон. “Москвада окуганмын”, – деп тез-тез айткандарын жазып алып, кетип калды.

– Ушу күнгө да жеттик го, – деди Каухар көзүн алайтып.

Алан күлгөн болду. Каухар манжаларын созо жиберип, күйөөсүнүн колунан кармады. Муп-муздак.

– Тоңуп калыпсың го...

– Жок, аны кайдан чыгара койдуң, жаным? Бүгүнкү жолугушууда ушундай кыйналдым, элге аман-эсен жеткенден кийин англис тилин үйрөнөлү.

– Болуптур, агай.

Экөө тең күлүп жиберишти. Залда отургандар баштарын буруша жылуу карашып, өздөрүнчө жылмайышты. Ысык кофеге ооздору жаңы гана тийгенде чакан патүнүсүн көтөрүп негр кыз келди.

– Сиздерге, жубайларга француздардан сый-белек, – деп ширеңкенин кутучасындай бир нерсени алдыларына койду. Алар аң-таң болушуп, официантканы карады.

– Сиздерге урматтууларым, жылмайып баш ийкеңиздер. Бул алардын улуттук бренддеринин бири...

– Биз алардын дасторконун көтөрөлүк.

– Кудай үчүн анте көрбөңүздөр, – деди официант шыбырап. – Бул Москва эмес, сиздер Лондондо жүрөсүздөр.

– Азыр мен көрөйүн, – деп Каухар кол сумкасынан баланын алаканындай болгон кичинекей тумар алып чыкты. Казактын оюму менен саймаланган, жөн эле көздүн жоосун алат. Официант “голливуддук” күлкүсүнө салып, француздарды көздөй кетти.

– Абдан жакшы иш кылдың, – деди Алан.

– Алматыдагы аэропорттон алган элем...

– Мерси, – чет аял ыраазылык билдирди.

Каухар жылмайды. Алан башын ийкеди.

– Эртең үй сатып алабыз, – деди күйөөсү.

– Аны сенин атыңа жаздырабыз.

– Анын кереги эмне? Өзүңдүн атыңа эле жаздыр, мага үч кабат үйдү жаздырдың го.

– Эми ушуну соодалашып отуралыбы, – деди Алан ачууланган болуп.

– Капа болбочу эми, мен сага Лондондон үй алып бер дедим беле? Андан көрө эрди-зайып болуп эмне үчүн никеге турбайбыз?

Аландын өңү бозоро түшүп, көзү тостоё жарк этти.

– Каухаржан, жаңы эле негр кызы айтпадыбы “Сиздер Москвада эмес, Лондондо жүрөсүздөр” деп. Көрдүңбү, жашоо кандай өзгөргөнүн. Москвадан башка – ааламда кандай гана керемет жерлер бар экенин... Ошол Совет өкмөтүнүн мыйзамдарын кантебиз?.. Ана, тиги карып бараткан эрди-зайып француздар сыяктуу бирге картайбайбызбы?! – деп артына бурула карай бергенде, эрди-зайып француздар көрүнбөдү...

– Ух, Алла-ай! – деп экинчи кабатка көтөрүлгөн кызматчы аял демин ичине алып. – Кызым кайдасың? – деп үн салды.

Тымтырс. Креслодо Каухар бүрүшүп уктап жатыптыр. Кызматчы аял ордунан жылбай туруп калды.

– Уктап жатасыңбы, каралдым?..

– ?

– Ай, кызым-ай, – деп үстүн кымтылап койду. Көзү чоктогу фольгага түштү. Жыт. “Күйүп кетпесе мунусу, жакшы го...”

Коюу кара чачтары төгүлүп түшкөн, узун кирпиктери жумулган Каухар бейкапар уйкуга кеткен. Кызматчы аял ага карап турду да: “Чиркин ай, бир чүрпө көтөрсөң го, убайым-кайгыңды унутаар элең” деди ичинен ойлоп. Жарыкты өчүрүп, төмөн түшүп келе жатканда эшиктин коңгуроосу кагылды. “Азыр, азыр” дегенче Дима жүгүрүп барып эшикти ачты. Кожоюн келиптир.

– Жаным! – көзүн ачкан Каухар күйөөсүнүн мойнуна асылды.

– Аман-эсен келдиңби? Тынчым кетти го...

– Чарчадым, жуунуп алайын, – деди күйөөсү.

– Мен, мен...

– Аланжан, Каухар Өмүрзаковна өзүңө арнап күнү бою тамак даярдады, – деди кызматчы аял анын чарчаган кебетесине күдүктөнө карап.

– Көрүнүп турат, күнү бою тамак даярдап чарчаганы, – деп кыска жооп кылды.

Кызматчы аял анын үнүндөгү өзгөчө бир салкындыкты сезип, эмне дээрин билбей бир ордунда селейип туруп калды. “Ой-ой, мунун мындай мүнөзү жок эле го”.

– Туна апай, эмне кылабыз? – деп жанына Каухар келди. – Ушул каминдин жанында отуруп тамак ичсек...

– Өзүң бил каралдым, мен чүчвара даярдап койгонмун. Жүр, боорсокту тезирээк бышырып жиберели.

Ал жуунуучу бөлмөдөн чыкканча, журнал үстөлүнүн үстүн эки аял жайнатып жиберди.

– О, даамдуу тамактын жыты мурунду жарат го... Кана, көрөлүчү.

Аялдар бири-бирине карап күлүп койду.

– Та-ак көрөлү. Ысык боорсок, таш кордо жасагансыңарбы?

– Мен чүчвара жасадым, мынабу фольгадагы тамакты Каухаржан жасады.

– О, укмуш! – Алан эки алаканын шак эткизе чапты. – Кана, тамак ээси менен даамдуу деген, келиңиздер.

– Кандай экен? – деди кызматчы аял анын тамакты рахаттана жеп отурганына карап.

– Укмуш. Сиз эмнеге тамактан ооз тийбейсиз?

– Мен бүгүн уруксат болсо, үйгө барсамбы дегем.

– Албетте, албетте, – деди Алан бармактарын жалап жатып. – Дима азыр сизди жеткирет.

– Өзүм эле кете берем го. Кезметчи машина бар эмеспи...

– Димо-оо, кайдасың?

Лөкүлдөй жүгүрүп жансакчы жигит келди.

– Слушаю вас, шеф.

– Димон, Туна апайды үйүнө алпарасың, өзүң да бүгүн дем ал. Ты заслужил сегодня отдых.

Кызматчы аял рахмат айтып кетип бара жатып өзүнчө күбүрөндү: “Кудайым, өзүң сактай көр”.

– Туна апай, – деди төмөн түшкөн жансакчы жигит, – сиздин даамдуу чүчвараңыздан келинчегиме ала барсамбы дедим эле, же аны Вася агайга калтырдыңызбы?

– Эй оңбогур, адал аш менен кошо анын атын угузбагын мага.

– Койдум, койдум, – деп ырсалаңдады жансакчы.

Кызматчы аял күңкүлдөп жатып банкага чүчвара куйду да, Димага берди.

– Үйгө барган соң, бир аз жылытып берерсиң. Келинчегиң кандай?

– Эптеп баса баштады, бирок али кайда.., – деди жансакчы күрсүнүп...

Тарс-турс эшик жабылды.

– Туна апай үйүнө барбаганына бир жума болду эле, кубанып кетти го, – деп күлдү Каухар.

– Тамагың даамдуу болуптур. Азыр колумду жууп келейин, – деп ордунан тура бергенде...

– Отурчу, жаным. Азыр, азыр, – деп Каухар сүлгүнү ысык сууга нымдап алып келди да, күйөөсүнүн манжаларын бир-бирден сүртө баштады.

– Иче турган бирдеме барбы? Чарчадым.

– Эмне? – Каухар күйөөсүнө таңыркай карады. Анткени, күйөөсү мурда бир да жолу ичимдик сураган эмес.

– Жок кызык, эмне сен ичсең эле болобу?.. Бардан бир бөтөлкө виски алып берип, саал кызытып койду. “Ах, Дима, сениби шашпа!”

– Өзүңө эмне үчүн куйбайсың? – деди күйөөсү.

– Ичпеймин. Мен төмөн жактан муз алып келейин.

– Кереги жок, – Алан хрусталь бокалдын түбүнөн бир тамчы да калтырбай шыпкап ичти. Каухардын көзү бакырая түштү. – Чарчадым, жаным, бир-эки аптага Дубайга барып келеличи, же Катонкарагай жакка барабызбы? Суук түшүп келе жатат, Дубай түзүк чыгар.

– Өзүң бил... – деди Каухар.

Алан калган вискини куйду да, кылкылдата жута баштады. Каухар анын билегинен сылады.

– Жаным ооруп каласың, ичпей эле койчу?

– Жакшы, токтоттум, башым зыңылдап кетти... Келчи жаныма, бир-де-ме айтчы мага, – деген кезде Каухардын тамагына өксүк тыгылды. Көзүнө жаш келди. Күйөөсүн кучактап үн чыгарбай ыйлады.

“Ошол бир каргыш тийгир түн...” Күйөөсү жөтөлдү.

– Жаным, эсимен чыкпайт, унута алар эмесмин. Мен... мен өзүң болбосоң, алда качан эле өлүп калмакмын... Каргыш тийсин ошол адамга, кара жер кантип көтөрдү андай жырткычты... Күйөөсүнүн ээги бүлк-бүлк этти. Каухар башын тартып алды.

– Эмне болду, жаным?

– Эч нерсе эмес, – деген күйөөсү колун созуп өзүнө виски куйду да тартып жиберди.

– Жаным-оо, ичпечи. Мындай адатың жок эле го. Ошол Курчатовго бекер бардың.

– Алар, – деди Алан тишин кычыратып. – Түккө арзыбаган он миң доллар үчүн мени түрмөдө чиритмекчи. Шеф мага баарын өзүм “уладить” этемин деди. Ал да мага ишенбейт. Мага ишенбеген адамды жек көрөм. Өлтүрүп салгым келди.

– Андай сөздү сүйлөбөчү, жаным, – деди Каухар ыйламсырап.

– Айтчы, сага эмне жетпейт? – деди Алан тикирейе.

– Далай жылдан бери ошол окуяны унута албадым. Мени шаарга алып кетпегенде, милицияга барганымда, мүмкүн табылар беле...

– Ха, ха, ха!..

Күйөөсү каткырып күлдү. Каухар аң-таң.

– Ай, акмак-ай, ал мен го.

– Эмне, андай тамашаңды койчу. Ал эмне дегениң, ал каракчы...

– Ха, ха, ха!.. Сен сулуу элең, ал аз келгенсип, тиги шүмшүк сенин артыңдан калбайт, айла жок ошондой кылдым.

– Эмне, эмне? – Каухар ордунан атып турду. Калч-калч этип, бото көздөрүнөн жаш мөлт-мөлт акты. – Мүмкүн эмес, мен ишенбеймин...

– Мага ишенбейсиңби?

– Ишенбеймин, мүмкүн эмес...

– Кечээ алгачкы махабатың, шүмшүгүң сени соода үйүнө издеп келди го... Ага ишенесиң, али аны унута албай жүрөсүң...

– Сен белең мени зордуктаган? Ишенбеймин. Кандай, кандайча, мүмкүн эмес...

– Мына мындай, – күйөөсү чоң муштумун шилтеп жибергенде, Каухардын көзүнөн от чагылып, жерге кулап түштү. – Мына мындай, мындай, – күйөөсү анын кийимдерин жулмалап, зордуктоого өттү.

– ...Агай, – деди Каухардын үнү араң чыгып, – сиз... сиз...

Күйөөсү алкынып алган.

Каухардын айланасы караргандан карарып, өзү туңгуюкка төнүп баратты... Канча убакыт өткөнүн билбейт. Ал бир мезгилде көзүн ачса, үстүндөгү кийими үзүк-үзүк болуп жыртылбаган жери калбаптыр. Күйөөсү кор-кор этип уктап жатыптыр. Тек терезеден түшкөн агыш жарыктан бет маңдайын абай салып карады. Эшик ачык. Ордунан сүйрөлүп араң турду. Бүткөн бою дирилдеди. Ажатканага барып кусуп-кусуп жиберди, муздак суу менен бетин жууду. Күзгүдөн өзүнүн кебетесин көрүп коркуп кетти... акырын-абай басып кичи бөлмөгө келди. Кечээги өзү кийген бозомтук джинсиси менен анча-мынча кийимдерин көрдү. Бутуна кроссовкасын тез-тез кийди. Анан абай тыңшады. Бутунун учу менен акырындап биринчи кабатка түштү. Дир-дир эткен манжаларынын учу менен парданы сыдырып, сыртка карады. Күзөтчүлөр көрүнбөйт. Сөөмөйү менен сырткы эшиктин пультун басты да, эшикке карай чуркады дейсиң... Шарт этип ачылып, шарт этип жабылган эшиктен чыгып Каухар бет алдын карай чуркап баратты. Чуркай берди. Сүрүлүп жыгылды. Башын көтөрбөй, жан-жагына алактай карады. Эч ким көрүнбөдү. Ордунан туруп илкий басып кете берди... Көпкө басты. Күн көтөрүлө Иртышты жайкап, нуру шаарга жайыла берди. Башына бир да ой келбей, бүткөн бойдогу баягы коркунучу жоголгондой болду. “Эми мага баары бир!”

Иртыштын жээгинде сейилдеп жүргөн адамдар, табият өзгөчө сулуу кылып жараткан муңдуу келинчектин жанынан ары-бери өткөндөр да негедир ага назар салышпады. Каухар бул жалган дүйнөдө адам баласы менен эмес, тыптынч мелмилдеп агып жаткан улуу Иртыш менен сүйлөшүп, ичинен сырдашкысы келди.

“Кайран Иртыш дарыям, сенин канча жыл, канча кылымдар бою агып жатканыңды билбеймин. Билгеним, менин көз жашыма күбөсүң, сен менин курбумсуң. Андай дегеним, студент кезимде лекциядан кетип калып, өзүңө гана бар сырымды айтуучу элем го, көз жашымды төкчү элем го...”

Иртыштын келбээрсиген туруму козголуп, бети көгүш тартып, эч жооп айтпай жай гана мелмилдеп агып жатты. Жооп жок.

Каухар ичинен: “Иртыш, сен айтчы, алгачкы махабатым Кайратымды чын сүйөмүн. Жүрөгүм алсырап, муңумду далай ирет өзүңө айттым го. Сен күбөсүң, муңума да, сырыма да. Ошол каргыш тийгир түндөгү толукшуган ай да күбө”. Ошол кезде Иртыштын бети чыбырчыктап, бактын жалбырактары шытыр-шытыр этип, кандайдыр бир чуулуу нерсе өзүнө жакындап келе жаткандай болду. Үн угулду. Акботонун озондогон ичке ажайып үнү угулду.

Ай болуп издеп күндү,

Таң болуп издеп түндү.

Сагынамын анда кимди,

Кыялданам эңсеп...

Жаандан качкан түгөйлүү эки ашык Каухардын жанынан жүгүрүп өтүштү. Кыз кыткылыктай күлдү да:

– Эжей, жамгыр астында калбаңыз! Биз менен жүрүңүз, – деди.

Каухар көңүлкош отура берди.

Акботонун боздогон үнү үзүл-кесил жетип турду.

Келем дечи, күнүм,

Келем дечи бүгүн...

Жамгырдын дыбыры. Муп-муздак тамчылар. Каухар ордунан турду. Мына дене боюна бытырадай тийген күмүш тамчылардын арасынан ушу бир мукам ырды Кайратына арнагандай, аны өзү гана аткарчудай издеп баратты. Издеп баратты. Жамгыр дыбыры. Мукам ыр үзүлүп... Мукам ыр үзүл-кесил угулуп... Жакындай берди. Жакындай берди. Алма-чөлмө суу болуп, күңгүрттөнгөн кафенин ичине кирип барды да туруп калды. Жамгыр дыбыры жок. Акботонун ыры.

Жан сырымды айтсам,

Тек жылдыздар билсин.

Айтчы жаным, кайда жүрсүң?

Таттуу муңга батып,

Сени күтүү бакыт.

Өтсүн мейли, канча убакыт...

Күңгүрт кафенин ичине көзү үйрөнө баштады. Жан-жагына караса, эки-үч эркек сыра ичип жаткан экен. Кош алаканы менен көкүрөгүн жаба койду.

– Кош келиңиз! – деди официант жигит жылмайып, – жаандын астында калдыңызбы?

– ?

Келем дечи күнүм,

Келем дечи бүгүн...

– Сен билесиңби? Бул ырдын сөзүн ким жазганын?

– Жок, – деди, экинчиси ийинин күүшөп.

– Өзүбүздүн Орозгали аганын иниси Ринат.

– Кой, эй. Айылдагы табышмак-жамак айтыштын чебери Орекенин бир тууганыбы? Ой, Алла-ай канына тартат деген ушул эмеспи.

– Кел, алып коёлу.

– Жеңебиз ушу сизди, ырчы Акботадан абдан кызганат го.

– Ой, сенин жеңең бар болсун. Телевизордогу ырчы кыздан кызганганы эмнеси. Аны мен көзмө-көз көргөн да эмесмин. Үнү мага жагат...

Каухар алардан алыстап терезенин алдында бош турган орунга барып отурду. Официант жигит ыкчам кыймылдап, меню китепчесин алдына алып келип койду. Каухар шашкалактап, джинсынын чөнтөгүнө колун салып, жадеп бырышкан жүз долларды алып чыкты. Бул акча кечээги Васяга бермекчи болгон үч жүз доллардан калганы эле. Официант жигит бырышкан кагазды ары-бери карап туруп “азыр курс 120 теңгеден, мен жүз ондон алайын” деди.

– Баарын ала бериңиз, – деди Каухар. Дасторкон үстүнө аны-мунуларды коюп жаткан жаш жигит бир ууч майда теңгелерди алдына коё салды. Лимон салынган кара чайдан удаасы менен ууртап, жылый түштү. Терезеден сыртка көз жиберди. Жамгыр көнөктөп куюп жатат. Байкуш торгой башын катып, ылымтаны панаалап, кичинекей тумшугу менен жардам сурагандай суу жууп жаткан терезени тык-тык чокулады. Өтө суу болуп калган чачын манжалары менен тарамдап отурган узун бойлуу жигит жанындагы сулуу кызга жылмайып бир карады да: “торгойдун көргөн күнүн карачы” деп ээк кага сүйлөдү.

– Быякка, быякка алып келеличи, – деди сулуу кыз чый-пыйы чыга тынчы кетип.

Чачын бир силкип алган жигит акырын жылмайды да, кафеден чыгып, бечара торгойду алып келди.

– Ботокөз, бул торгойду бир нерсеге оройлучу.

Экөө дасторкондун чекесине торгойду ороп койду.

Каухар жамгыр башталган кезде жүгүрүп бара жатышкан эки ашык түгөйлөрдү эми гана тааныды. “Кайрат экөөбүз да ушундай болчубуз. Кудайым-ай, Кудайым! Кайратым кайда болду экен?”

– Дагы эмне каалайсыз? – деди официант жигит.

– Жада калса, чайды да ичпептирсиз го, ысык чай алып келейинби?

– ?

Каухар терең ойго чөмүлдү. Каргыш тийгир ошол бир түндү ойлоду. Акыркы коңгуроо кагылган күн эмес беле. Май айынын акыркы күндөрү, асманда толукшуган толгон ай. Жуп-жуп болушуп, тарашкан жаштар. Түн ортосунан ооп калган.

– Каухар, бетиңден бир өбөйүнчү, – деди Кайрат.

– Уят болот.

– Кимден жаным?

– Көрдүңбү? – деди Каухар асмандагы айды көрсөтүп. Кайрат артына жалт бурулганда, бийкеч тура качып, арыктан секирип өтүп жатканда, аны боз улан кууп жетти.

– Кана, кана айтчы? Айдан уялып жатасыңбы? Айда көз же, тил да жок. Бир гана менин жүрөгүм сүйлөп жатат Каухар.

– Чын элеби? – деди сурмалуу көзүн сүзүлтүп.

– Чын, жаным, чын. Чын эле сени гана сүйөмүн. Өмүр бою сени алаканыма салып, сыйлап жүрүп өтөмүн. Он балабыз... Он беш... Жо-жок... Жыйырма балабыз болот. Он уулубуз мени тартат. Он кызыбыз сени тартат.

Бийкеч колу менен бетин басып:

– Сен уялбайсыңбы, ушундай сөздү сүйлөгөндөн? Экөөбүз окушубуз керек. А сенин оюң болсо... – деп таарына сүйлөдү.

– Капа болбочу, Каухар, капаланбачы. Экөөбүз тең иштейбиз, үйүбүз да болот. Тек мага ишенчи. Мен сени эч качан капа кылбаймын. Бир гана мага ишенсең болду. Ишенесиң да, ие? – деп жалооруй караган Кайрат.

Айдын жарыгы төгүлүп турган ажайып түн болчу. Ошол түнү Каухар аябай уялып жатып, жигитке кучактатып, балдай эрининен алгачкы жолу өптүргөн эле. Башы айланып кеткен. К=пк= айланган. Тимеле айланк=ч=к аткан.

К=пк= чейин бири-бирин кыялбай коштошушкан. Экөөнүн ортосун арык гана бөлүп турган. Таптакыр капарсыз болушчу. Ошол күнү бул өмүр дайрасынын эки жагына бөлүнүп кеткендерин билишпеген, алтургай ойлоп да коюшпаган...

...Күн да көтөрүлүп, бүткүл айыл дърб=п, жайытка малдарын айдап жаткан кез эле. Арыктын боюнда кийими тытылган, эсин жоготуп жаткан сулуу кызды оболу айылдын оюнкарак балдары байкап калган. “Апа, апа, тиги жерде бирөө өлгөнү жатат”. “Жо-жок, өлүп калыптыр” – деди экинчиси. Казан-очоктун камында жүргөн бир-эки аял: “О кудай, бул алиги жетим кыз го” деп, беттерин чымчышып, экөө эки жакка чуркап кетишкен. Бир шумдук иш болгонун байкап калган жигиттер бийкечтин аппак денесин көрүшкөндөн кийин терс бурулуп кетишкен. “Бул шумдуктуу ишти ким кылды? Ким кылса да, Кудай урсун”. Кемшең-кемшең этип ыйлагандары да болду. Каухар эстен танган эле. Айылда кайдан эле милиция боло калсын. Сельсовет да жок экен. Айыл адамдары аргасыздыктан эмне кылышаарын билбей турушкан. Ошол учурда мектепте физкультурадан сабак берген Алан деген жигит жетип келип: “Силерге бул эмне? Циркпи? Тарагыла! Барын өзүм жайгарамын. Бул менин педагогдук милдетим. Кана тарагыла!” – деп үстүндөгү көйнөгүн чечти да, чала жан кызды ороп, үйүнө алып кетти. Муну жыйналган журт карап турду.

Бийкечтин аппак, балкылдаган балтыры кыпкызыл кан эле...

– Ой-ой, муну кара, – деген үндөн ою бөлүнүп кетти. Жан-жагына караса, баягы торгой пырпырап кафенин ичинде учуп жүрөт.

– Балакетин көр, жылуу жерден оңолуп алгандан кийин уча баштады, э, – деди жигит.

– Учкун. Торгой (экеш) торгой болуп учуш үчүн жаратылган да, – деди сулуу кыз.

Каухар шашпай жан-жагына көз салды. Көзү кафенин каптал дубалында илинип турган, чачын жайып жиберген сулуу кыздын бейнеси тартылган картинага түштү. Так маңдайынан бөлүнгөн бетинин бир жагы ак, бир жагы капкара...

“Менин чексиз ойлорумдун ичинде,

Ыйлап жатат жараланган периште”.

Акберен, – деген жазууну даана окуган Каухардын жүрөгү дүк-дүк согуп өттү. Терезеден караса, жамгыр басаңдай түшүптүр. Ордунан турду. Эч бир сөз айтпастан кыз менен жигиттин жанына келди. Качандыр бир жылдары күйөөсү белек кылган шакекти манжасынан чечти да, эки жаштын ортосуна койду.

– Бул эмне, эжей? – деди Ботокөз.

– Силерге белегим болсун...

– Жо-жок, эжей, – деди Бауыржан. – Бизге эч кандай белектин кереги жок.

Ошол учурда алардын жанына келген официант жигит Каухарга калтырып кеткен акчасын болбой жатып алдырды.

– Эжей, – деди Ботокөз күлүмсүрөп, – белегиңизди кабыл албайбыз биз, капа болбоңуз.

– Ырас айтасың, сиңдим, – деди күрсүнүп.

– Бул шакек мага да бакыт апкелбеген, силерге өз шакектериңер бакыт апкелсин.

– Рахмат эжей.

– Мүмкүн, биз менен отуруп чай ичерсиз, – деди Бауыржан.

– ?

Каухар көздөрү мөлтүрөп, эки жашка карады да үн-сөзсүз кафеден чыгып кетти. Торгой үн салды.

Ал эшикке чыгып терең дем алып тыныга баштаганда, асман ала такыяланып, көк көйнөгүнүн этеги көрүнүп калыптыр. Желкеден жел согот. “Ух” Каухар (тобыгымен) суу кечип келе жатып, колундагы шакекти ыргытып жиберди. Канча убакыт басканы белгисиз. Автобустардын аялдамасына келди. Аялдаманы пааналаган адамдар абдан көп экен.

“Новостройка – Аэропорт!”

“Базар – Облбольница!”

“Барахолка – Саякат!”

“Стеклянка – Восточный!” – деп, кыйкырышкан үндөргө жалт караса, беш-алты микроавтобустар турган экен. Эч аңдоосуз эле бирөөсүнүн ичине кирип отурду. Топурашып адамдар түшүп жатышты. Көп өтпөй автобус да ордунан козголду.

Кажы-кужу. Бир оокумда алар шаар сыртына чыга келди. Автобуска адамдар шыкала түштү. Анын жанына он төрт-он беш жаштагы татынакай бала келип отурду.

– Эй, – деди беш-алты фляганын ортосунда отурган аял. – Сен кымыз апарып жүргөн Туна апайдын кожейкеси эмессиңби? Ичип алганбы, эмне?

– Акылың ордундабы, сенин! Ал чириген байдын катыны эмеспи? Алар автобуска түшпөйт. Кана, кайсынысы дейсиң деги өзү? – деп мойнун созо карады.

– Ана, он биринчи маршруткага түштү.

– Какалып-чакалып, кайыктай чайкалган ак “газель” ордунан козголду.

– Эжей, сиз жетинчи дачага бара жатасызбы? – деди жанына отурган бала.

Каухар унчуккан жок.

– Аа-ие, – деди бала. – Сиз Старая Крепостко бара жатасызбы? Ал жакта бүлдүркөн көп өсөт, ие, апай! Бизден ары карай жети аялдама жер го.

– Иэ, – деди баланын көңүлүн кыйбай Каухар.

– Өзүң кайда барасың?

– Атам, апам үчөөбүз жетинчи дачага барабыз. Менин көгүчкөндөрүм бар. Кааласаңыз сиздин небереңизге да берейин.

– Менин ысмым Магжан, – Каухардын башы зыңылдап, жүрөгү болк-болк этти. “Каралдым-ай, кайдагы небере? Менде бала да жок, небере да жок. Менде азыр эч нерсе жок, Кайратым да жок. Мен баарын жоготком. Мен эми тирүү өлүкмүн. Асман да, жер да меники эмес. Мен шордуу бир аялмын. Он эки гүлүмдүн бир гүлү ачыла элек жан элем. Эми мына... ичинен тът=п терезеге бурулуп кетти. Күн Иртышка карай аянбай нурун чачып келе жаткан экен.

– Эжей, эжей, – деди, Магжан анын билегинен тартып. – Сиз билесизби? Менин атам учурунда жазуучу болгон. Бирок, мен анын китептерин окуган жокмун. Балким, сиз окуган чыгарсыз. Апам баарын өрттөп жибериптир. Мүмкүн, сиз анын “Париждин керемет атыры” деген алгачкы китебин окуган чыгарсыз. Аны кайдан табууга болот, а? Эгер таап алсаңыз, биз жетинчи дачада турабыз. Көгүчкөн баккан Магжан десеңиз, элдин баары билет. Сиздин небереңизге эң жакшы тандалган көгүчкөндөрүмдү беремин. Тек атамдын ошол китебин таап бериңизчи. Атам ошого ачууланып кечке чейин арак ичет. Ошондон мен уялам. “Койсоңчу, ата” десем, “китебимди таап берчи” деп ыйлайт.

Каухар баланын маңдайынан мээримдүү жыттады.

“Аман жүр, балакай”.

– Аа, эжей, – деди Магжан күлүмсүрөп. – Небереңиз алыста го, сиз сагындыңызбы?

– Иэ, каралдым, мен аны ушу мезгилге чейин көпкө күттүм, эми түбөлүккө сагына турган болом.

– Эмнеге? – деп Магжан чоочуп кетти. Алда бир нерсеге ыңгайсыздангандай эки бети дуулдап кызарып чыкты. Башын кашый кетти. Ошол учурда кийген трикосунун тизеси торсоюп чыккан, жеңи чолок көйнөгү абдан сүзүлгөн, көзүнүн асты көлкүлдөгөн, башында чий калпагы бар Магжандын атасы жанына келди.

– Макс, баягы апаңдан жашырган четушка кайда? Апкелчи, бир жутуп алайын.

Бала уялганынан бетин баса койду.

– Ата, ата, уйди пожалуйста.

– Макс, Макс, кулунум берчи бир жолу жутайын. Бала атасынын кетпей турганын көрдү да, колундагы пакетинен акырын кутуну чыгарды. Чал тизелеп отура калды да, кулк-кулк жутту. Колдору дирилдеп, кутунун оозун жапты да: – Кечириңиз, карындаш, – деди.

Каухар үндөгөн жок. Терезеден Иртыш жакка карады. Сейрек карагайлардын арасынан жалт-жулт этип нур көрүнө калат. Автобус токтоду.

– Жетинчи дача, – деп өңгөчүн созуп койду толукча келген кондуктор аял. Жүргүнчүлөр түшүп жатышты.

– Аман болуңуз, эжей, – деди Магжан башын кашып. – Бизге мейманга келиңиз. Көгүчкөн баккан Магжан десеңиз, баары тааныйт. Атамдын китебин караштыра жүрүңүзчү, иэ, эжей.

Каухар колун созуп, баланы өзүнө тартты да, маңдайынан мээримин төгө жыттап, жыттап алды. Бирок, бир ооз сөз айтпады. Айта да алмак эмес. “Сөз-көздөн аман жүр, балапаным”.

– Мен сиз тууралуу керемет повесть жазамын, карындаш. Эсиңизде болсун. Ошондо бирге отуруп виски ичебиз.

– Жолдо калгыр, какбаш, сага кайдагы повесть жазган. Алды менен башыңды жазып алсаңчы. Таң эртең картошка казсаң, жүз граммыңды берем.

– Чын эле жүз грамм бересиңби?

– Түш дейм, бол чык, чык! – деди байбичеси.

Чал жерге түштү.

– Карындаш, мени унутпай жүрүңүз. Мен сиз тууралуу повесть жазам.

– Эжей, аман болуңуз, – деп колун булгады Магжан.

– Сиз түшпөйсүзбү? – деди этек-жеңдүү кондуктор аял.

– Мен Старая Крепостка барам, – деди чымыркана жооп узатып Каухар.

Кондуктор аял аны теше тиктеп:

– Сизди мурда мындан көрбөптүрмүн. Туугандарыңызга бара жатасызбы?

Каухар үнсүз башын ийкеди. Жүрөгү жанчылып: “Кайдагы туушкан менде, Кудай-ай?! Кайдагы тууган? Жер үстүндө жалгыз калдым го. Жалгызмын. Жалгызмын. Жалгызмын”.

Автобус таш жолдо баратты. Каухардын көзү кыпкызыл болуп, Иртышка батып бара жаткан күн түстүү эле.

Шопур жигит магнитофонду койду. Андан үндүн бийик чыкканы ошончолук, салондун ичи жаңырып чыкты.

Күнөөлөбө, күнөөлөбө мени,

Муңая да, кубана да билем.

Тамчы болуп, жесир каткан гүлдөгү,

Үмүт менен кулап түшүп келем...

“Күнөөлөй албаймын жаным сени, Кайрат! Сен мени издеп келбедиң беле. Ошол күнү терезеден секирип түшсөм, түбөлүк сени менен бирге болот элем го. Күнөөлөй албаймын сени, Кайратым-ай, күнөөлөй албаймын!!! Күнөөлөй албаймын...” деп кыйкырып жибергенин өзү да байкабай калды.

– Жайлатчы, жайлатчы, – деди кондуктор аял күйөөсүнө.

Музыка басаңдады.

– Мен сизге сдачаңызды кайрып бергенмин, – деди.

Каухар күрөң түспөл Иртышты тиктеп отура берди. Кондуктор аял сөөмөйүн чекесине алып барып айландырып койду. “Акылы ордунда эмес го дейм”.

Өмүрүм менин сурактардан куралган,

Көңүлүмдө муң, муңсуз өмүр сүрө албайм.

Ишенимим жагат чырак алдымдан,

Ушуну менен дагы бир арман.

– Чиркин-ай, – деди шопур жигит. – Майкл Джексон, Майкл Джексон дешет баары. Ыр ырдаса, ушул биздин Майрамбектей эле келиштире ырдабайбы?

– Иэ, – деди кондуктор аял. – Баягыда студент кезибизде ушул Майрамбек курагындай бала “Боз торгой” деп ырдаганда ыйлачу элек го.

– Эсимде бар, – деди шопур жигит. – Студент кезимде сени тиги Каменькадан Ленин сарайында болгон “Тамашага” алпарчу элем го? Атаңдын оозун урайын, жөн эле Нархоздо окудум. Сен да беш жыл Женпедде бекер эле окуптурсуң.

– Шүгүр де, чал ай, шүгүр де! Балдар жетилсин, ошондо колубуз бошойт.

– Кайдагы бошогон? Сен катын кайдагы нерсени айтасың?

Ошол кезде автобустун алдына бир “джип” менен “мерседес” келип тык токтоп калышты. Өңчөй кара костюм кийген, эңгезердей беш-алты жигит чыга келди.

– Ой-ой, катын, рэкет келди!

– Акчаны кат, акчаны кат. Кудай-ай, рэкет деген жоголуп кетти эле го. Булар кайдан чыга калышты...

– Милицияга звонда, милицияга!

Эңгезердей Дима эшиктин жапма оозун эки жакка айра ачып жиберди да, ичине  кирди.

Каухар кыйкырып жиберди:

– Жок! Жок! – колу менен орундуктун темирин бекем кармап алган. – Жок! Жок! Барбаймын!

Алан дагы эки жансакчысы менен автобустун ичине кирди. Киришти да, Каухарды отурган орундугу менен кошо копшоп жулуп алды. Каухар анын бетин кан жошолотуп тырмап жатат. Ага да караган жок. Кондуктор аял кыйкырып сүйлөп жатты эле, бир жансакчы пистолетин чыгарып, унчукпа дегендей белги берди.

– Эй, эй, – шопур жигит. – Биз бул автобусту арендага алганбыз. Кожоюнга кантип төлөйбүз муну?!

– Убери, – деди пистолет алып жүргөн жигитке Алан.

– А сиз, братан, бизди көргөн жоксуз. Акча керекпи сизге? – деп ар чөнтөгүнөн бир-бир пачкадан көк доллардан кармата салды. – Бул менин сиздерден кечирим сураганым. Ийгилигиңизге жумшаңыз. Мунун эч сурагы жок.

Алар Каухардын кыйкырып-ыйлаганына карабастан, аны алып түшүп кетишти.

Шопур менен кондуктор аял бир топко чейин унчугушпай орундарында катты да калды. Алигилердин унааларынын дабышы аздап угулуп-угулбай барып жоголду.

– Тигилер кеттиби? – деди күйөөсү шыбырап.

– Эмне? Коркуп атасыңбы? – деп аялы бырс эте күлдү.

– Жок эй, жок, бул акчаны эмне кылабыз дегеним го?

– Ал акча эми сеники.

– Кайтып келип акең проценти менен кайтар дебейби?

– Сен дагы кайдагыны айтасың эй. Аларга акчанын кереги жок. Сени да, мени да, эч кимди издебейт. Алардын жогу башкада.

– Эй жөнү жок жомогуңду урдурбачы. Ичим түтпөй жатса анан кантем. Сен аны кайдан билесиң? Бул постановка эмеспи. Эмне деген байлык чачылып жаткан? Андай болсо тиги эриккен катын биздин автобуста эмне кылып жүрөт?

– Ал эриккен аял эмес. Ал эң эле бактысыз аялбы деймин.

– Эй, ушундай акча менен адам бактысыз болот бекен? – деди күйөөсү уучундагы акчаны силкий берип.

Айтарын айтып бүтсө да, бүткөн боюндагы коркунучтан кутулган жок. Бир ордунда алиге чейин селейген бойдон тура бериптир.

– Сен да сүйлөйсүң да. Аялдын жан дүйнөсүн түшүнө турган сенсиңби? Мен сени билем го. Өмүр бою бирге жашап келе жатабыз го, – деп терең күрсүндү да, көзүнө жаш алды кондуктор аял.

Караңгы түшүп келе жатты. Караңгы. Караңгы...

Ошол караңгы түндүн кучагында Каухар да бар эле. Кең салынган төшөккө алып келип жаткырып, билегине, ар кайсы жерине укол сайган. Сүйлөй да албай, туттугуп ыйлай да албай, сулк түшүп жата берди. Колу-буту уюп баштады. Айдын нуру төгүлүп турат. Бирок, Каухардын бет алды ошондогу каргыш тийген бир түндөгүдөй капкара боло түштү. Кулагына үзүлүп-кесилип ыр угулду:

Келем дечи, күнүм,

Келем дечи, бүгүн...

Күн көзүн ачып, көтөрүлүп калган. Айлана ак нурданып, ичинде ар жерден чыйырчыктар сайрай баштаган.

– Доктур, доктур, ойгонду, ойгонду, – деди кызматчы аял.

Каухар көзүн акырын ачып:

– Мен кайдамын, Туна апай? – деди.

– Кудайга шүгүр, үйдөсүң, өз үйүңдөсүң. Акылың бар го сенин, айланайын.

– Бекер болду, апай, бекер го. Бекер! – ачуусуна уугуп, кыйкырууга дарманы келбей, кайра дымый түштү. Ошол жаткан боюнча Каухар эртеси түштө барып көзүн ачты. Бул жолу сергек, такыр эч нерсе болбогондой, кайраттанып өз буту менен турду. Боюна бир күч киргендей. Эшик акырын ачылды. Бир себет гүл көрүндү. Вася агай экен.

– Айланайын кызым, сени ойготуп алдымбы? – деди өзүнчө сыпайылык кылып.

Каухар жооп бербей терезе жакка башын бурду. Эки дарыгер айым уктап жатыптыр. Үстүлөрүндөгү ак халаттарын да чечишпептир.

– Кызым, – деди Вася үнүн дирилдетип, – мына бу өзүңө алып келген гүлүм. Төрт жыл бапестеп өстүргөн элем. Сен бул үйдөн кетсең, мен да кетемин. Бир да күн турбаймын, – кемшеңдеп ыйлап жиберди. – Айланайын кызым, ушул үйдө мага жакшы караган сен ганасың. Сен кетсең мен жетим чал болуп калам го?

Каухар унчукпастан барып аны кучактады. Чалдын солкулдаган эки ийининен сылады. Ыйлагысы келди. Көзүн жаш чалган.

– Сиз чыгыңыз! Чыгыңыз! – деди ойгонуп кеткен дарыгер, чалдын жеңинен тарткылап.

– Жок! Жок! – деди Каухар тиштенип. – Силер, өзүңөр чыгып кеткиле!

– Каухар Өмүрзаковна, – деди эткээл келген бирөөсү. – Сиздин кан басымыңызды өлчөшүбүз керек.

– Мен чыгайын кызым. Булар дарыгерлер да. Жакшы текшерилип алчы, балапаным, – деп чал чыгып кетти.

Эки дарыгер эки жактан кан басымын өлчөп жатышат.

– Сиздер мага убараланбаңыздарчы. Жатып эс алайын, – деди Каухар.

Эки дарыгер бир азга туруп калышты. Каухар үстүндөгүсүн кымтыланып ордуна барып жатты. Жымжырт. Эшик шарт этип жабылды. Канчага дейре жатканы белгисиз. Диманын жөтөлгөнү угулду. Жамынчысын түртө караса, эңгезердей жансакчы терезенин алдында турган экен.

– Эй, скотина! – деди Каухар ызаланып. – Ко мне!

Дима эки-үч аттап жанына келди. Бети, оозу жошо-жошо болуп тырмалган.

– Сен менден эки жыл мурда беш миң доллар акча алдың беле?

– Так ошондой.

– Ошол акча өзүңдө калсын. Бирок, бир условиям – эч кимге билдирбей мага уу алып келип бересиң. Эгерде апкелбесең, бакчанын ичине башыңа чейин көмүп, Вася агай оозуңа үч маал суу тамызып тургандай кыламын. Если с головы Кайрата упадет хоть волосок, я тебя уничтожу! Мунун барын жасаган сенсиң! За все теперь будешь отвечать!

– Да вы что?! – деп Диманын көзү чакырая түштү.

– Бар, мага уу таап кел!

Биринчи кабатта Алан он чакты нотариус менен юристтерди жыйнап таң эртеден бери отурушат. Ою туман.

Диманын башы көрүндү. Аландын бүткөн бою муздап чыкты. “Тынччылыкпы?” дегендей жансакчыга суроолуу көзү менен карады. Эңгезердей Дима башын ийкеди.

– Ал, мырзалар, – деди Алан маңдайындагыларды чолуй тиктеп, – бардыгы иреттелдиби?

– “Глобус” жайын сиздин жубайыңыздын ысымына жазуу үчүн директорлор кеңешинин жыйыны милдеттүү түрдө керек. Бул маселени эртең же бүрсүгүнкүгө калтыралы, – деди башкы юрист.

– Ит жесин ошол “Глобусту”! Аларга да, ит куштарга да бирдеме калтыруубуз керек го?

– Алан Рахметович, кечириңиз, мен үйгө барбасам болбойт. Аялымдын дары-дармеги түгөнүп калыптыр.

– А сага акча керекпи? – деп чөнтөгүнөн бир ууч көк кагазды карматты.

– Ал, ал, тартынба. Бүгүн үйүңдө бол. Бүрсүгүнү Каухардын туулган күнү. Күзөттү байкаштыргын. Баргын, ишенгеним сенсиң, Дима.

Жансакчы уучундагы акчаны катуу кысты да, мыйыгынан күлө үйдөн чыгып, күндүн нуруна карай албай, көзүн жумуп туруп калды. “Надоели, вы богатые!”

Күндүн жылуу нуру керебетте жаткан Каухарга да тийди. Анын кирпиктери дирилдеп күнгө тике карай албады. Ойго батты. Чексиз. Кезип учкан оюна автобустагы көргөн жазуучусу келди. Адабий кече эле. Орто бойлуу, сулууча келген, көздөрү тегерек, чачы тыкан алынган, “Париждин керемет атыры” китебинин автору студенттер менен жолугушууга келген. Катар-катар орундуктарда отурушкан студенттер орундарынан туруп кол чабышкан. Каухар козголгон жок. Жазуучу да, окурмандар да сүйлөп жатышты. Каухарга баары бир. “Адам тагдыры, адам тагдыры деп коёт мынабу жазуучу. Адам тагдырын ал кайдан билсин?” Бир кезде... Каухардын үнү катуу чыгып кетти.

– Адам тагдырын кайдан билесиң?!

– Эмне? – деди жазуучу күлүмсүрөй карап. – Мага бирдеме айттыңызбы?

Каухардын эки бети кыпкызыл болуп дуулдап чыккан эле...

Эшик тыкылдады да, жаш жубайларга окшоп Туна менен Вася агай кирип келди. Колдорунда чакан табагы бар.

– Каухаржан, – деп күлүмсүрөй сүйлөдү, – мынабу Вася агайың акылдуу жигит экен. Кечээ эртең менен колумду сурап келиптир. Каухаржанга Сарыжалдын бир жакшы кымызын алып келип бер, кызым анын эки-үч кесесин ичсе, сенден башка эч кимди любить этмеймин дейт. Ошондой эмеспи, Василий Иванович? – деп кыткылыктап күлдү.

– Так точно, мадам Вуаль-ля!

Каухар күлгөн болду.

– Кана, кана, кызым, – деп Туна чоң кеседеги кымызды өз колу менен Каухардын эринине такады.

Бети көбүрүп, тунган балдай жыттуу кымызды дем албай шимирип жибергенин өзү да байкабай калды. Буулугуп, ары кысылып турган көөдөнү кеңейе түштү. Маңдайынан мончок-мончок тер кетти.

– ЗАГСка кеттикпи? – деп багбан чал кызматчы аялга куулана карап койду.

– Кет ары, какбаш.

– Эмне дейсиз, апай? – деди Каухар.

– Ой-ой, келчи Василий Иванович, жанагы муздак казыбыз кайда? Каухаржан даамын көрсүн. Мынакей ысык боорсок. ЗАГС да, мына бул какбаш чал да кайда качаар дейсиң? Сен тамактанып алчы.

Каухар дагы бир кесе кымыз ичип, боорсок менен казыдан бир аз жеди.

– Ой, апай, чарчадым. Уйкум келип жатат, – деп эстеп алды.

– Укта, укта, кулунум. Кана жамынчыңды жаап коёюн.

Дароо түшүнүштү. Эртели-кеч күнүнө кырк жолу кыркылышып жүрүшкөн багбан чал менен кызматчы аял идиштерин көтөрүп чыгып кетишти. Алардын артист болуп ойноп жүрүшкөнүн Каухар билген жок. Каухар жалгыз. Оозун ачып эстеп алды. Кирпиктери жумулуп баратты. Терезенин сыртында “гүр-гүр” этип, канаттарын шатырата каккан эки ак көгүчкөн “бөлмөңө киргизчи” дегендей көрүндү. Каухардын карагаттай кара көздөрүнө бир саамга кубаныч уялагандай болду. “Мынабу кечээ автобустун ичинде жолуккан сүйкүмдүү баланын көгүчкөндөрү го? Аты ким эле? Маг... Иэ, иэ, Магжан. Мен азыр ордумдан турамын да, ушул каргыш тийгир үйдөн эч нерсе албастан, жетинчи дачадан сени таап аламын, балакай. Апаң менен атаңа айт, сенин жазуучу атаңды билемин. Студент кезимде көргөнмүн. Тагдыр деген ушундай экен го?”

Эшик ачылып, көңүлү чөгүңкү, сакал-муруту өскөн Алан кирди. Жанында эки нотариусу бар.

– Каухаржан, – деди бүжүрөп. – Бардык мүлктү сенин наамыңа жаздырдым. Мынакей кагаздары, – деп жанына алып келип койду.

Келинчеги ордунан атып турду. Калч-калч этет:

– Жогол айбан!

Кагаздарды бетине чачып жиберди. Нотариустар жердеги барактарды жыйнап киришти.

– Чык иттин баласы! Чык! Жолумду тоспо, кетем мен бул үйдөн!

Төшөгүнө эт-бетинен түшүп, көпкө ыйлады, буулугуп токтоно албай ыйлады. Бет алды карарып баратты. Караңгы. Караңгы.

Өңдөн азып, сүлдөрү чыккан Аландын башы айланып, тепкичке отура кетти. Чыңалып чекеси солк-солк этет. Көздөрү канталаган. Төрдөгү жабылбаган терезеден толгон ай батып бара жатты. “Ошол бир түн” деп ойлоду. “Ошол бир түн...”

Түн жарымында эшик кагылган...

– Аланжан, мен го, – деп ары жактагы үн шыбырап сүйлөдү. – Сыртка чыкчы.

Алан Кайраттын атасынын үнүн даана тааныды. Дароо акыл токтотту.

– Эмне керек сизге?

– Акырын, акырын, Аланжан жай сүйлөшөлүчү, эр азамат эмессиңби?..

– Иэ, эр азаматмын. Мен эртең районго, милицияга барамын, тек Каухар эсин жыйып, сүйлөөгө алы келсин, – деп күтүп отурамын.

– Сен боорум, чуулдатайын деп турат окшойсуң, – деди Кайраттын атасы тиштенип. – Андан эмне чыгат, мен уулумду соттотпоймун. “Заготконтордун” башчысы экөөбүз баарын чечип койгонбуз. Биздин айтканыбыз болот. Такыр эле болбосо, өз мойнуна ала турган адамыбызды да даярдап койдук. Өзүң үргөн иттей талаада каласың, андан көрө келишелик...

Алан анын сөзүн шашпай укту.

– Мен сизди сыйлаймын, – деди Алан.

– Э, мунуң жөндүү боорум, – деп кайрадан ал аяр сүйлөй баштады. Эртең ал кызды алгын да, шаарга кет. Иш ордуңду, жашай турган жериңе жетерлик акчаңды беребиз. Биздин заготконтордун жигиттери баарын өздөрү жайгарат. Ошондон ары биз сени, сен бизди билбейсиң... Кызды окууга киргизесиңби, өзүң бил, бир гана менин уулуман алыс алып кетсең болду, бир айдан кийин аны үйлөндүрөмүн.

Ай да дал ушундай топ-толук, жапжарык эле...

Дима тепкич менен төмөн түшүп бара жатты. Артына кайрылып караган да жок. “Ай, Дима-ай, сенин мага ич күптүүң бар го, билемин, башкаларга бирден машина бергенде, мага андай кайда деген чыгаарсың... Сенин аялыңды чет элге дарыланууга алпарабыз деп, мынабу элден чыгып калбайбызбы...”

Терезеден айдын нуру төгүлүп турду. Жансакчы артына кайрылып карабады. Каухар көзүн ачты. Ак шоола төгүлүп турат. Чоң терезеге карады. “Бул каргыш тийгир үйбү? Мен кайта келгенминби?” деп бүткөн боюн коркунуч басты. Көзүн жумду. Эшик кагылып:

– Кызым, кандайсың, айланайын? – деген кызматчы аялдын үнү чыкты.

Бардыгы башка, таң калды. Көзү чарасынан чыга алайып, башын көтөрдү. Жарашыктуу кийинген Вася менен Туна турат. Өзгөчө бир салтанатка барышчудай болуп кийинип алышыптыр. Үңүлө карады. “Сиздерби?” – үнү басыңкы чыкты.

– Биз, биз балам, – деди Вася. – Happy birthday.

– Аның эмне деген сөз, эй, какбаш... То есть Василий Иванович.

– Мадам Вуаль-ля, бүгүн Каухаржандын туулган күнү эмеспи?

– Иэ, иэ, ошол үчүн келип турбайбызбы. Айтсаңчы кызыма. Түнү менен жылуу жайда уктабай экөөбүз гүл тербедикпи?

– Мына чет элдиктердин салты боюнча сага беш сантиметр болуп бүрүн ачкан гүлдү алып келдик. Биздин болочоктогу үй-бүлөбүздүн атынан кабыл алыңыз. Ушундай эмеспи Туна?

– Кому Туна, кому Толеугайша Газизовна. Вдова полковника.

Жашы өтүп калган эки адамдын дасыккан актёрлордой ойноп жатканын оюна албаган Каухар күлүп жиберди.

– Менин жан дүйнөмдү түшүнө турган сиздерден айланам. Ордунан лып туруп эки карыяны кучактады. Өңгүрөп ыйлап жибере жаздап, кыйнала түштү.

– Кой, кой, – деди кызматчы аял далысынан таптап. – Вася агаң мына, бир себет тамак апкелди. Ушул жерде отуруп үчөөбүз тамактанабыз. Кечинде коноктор келишет. Бирок, биз сени менен болобуз, сен кетсең, биз да кетебиз бул үйдөн, – деп көз жашын бир төгүп алды.

Багбан чал тез эле чакан үстөлдүн үстүн жайнатып жиберди. Ортого француз шарабын койду. Салфетка менен оролгон кооз үч фужерди да коё салды.

– Ал эми, кыздар, – деди алакандарын шарт эткизип. – Тойду баштайлы.

– Куйсаңчы эй, какбаш. Ой, ой, ой, Василий Иванович...

– Жарайт, какбаш болоюн, багбан болоюн. Мен Каухаржандын атасымын. Иэ, кызым?

– Иэ, иэ, Вася агай, – деп Каухар бир аз жылмайган болду. Багбан чалга чынында эле ыраазы болуп калган эле.

– Василий Иванович, а ну-ка налей, джентльмен мой.

Багбан чал фужерлерге жытын буркуратып француздардын кызыл шарабын куйду. Үчөө бири-бирине карап күлүмсүрөп, үн катышпай колдорундагыны иче баштады. Каухар ооз тийгизе ууртап койду. Бүткөн бою жылый түштү. Бирде багбан чалдын ийинине, бирде кызматчы аялдын көкүрөгүнө башын коюп эркелеп жатты. Туна эчкирип ыйлап жиберди.

– Кой апай, ыйлабаңыз, – деп жибергенин өзү да байкабай калды.

– Ыйлабаймын кызым, ыйлабаймын. Сенин туулган күнүңө кубанып жатпаймынбы. Ошентип, Кудай колдоп кырк жашка да толдуңбу?

– Иэ, Кайрат экөөбүз бир күнү толдук го. Ал кайда экен азыр? Кайда экен? – Бото көздөрүнө мөлтүлдөп жаш келди.

– Та-ак, кыздар, – деди багбан чал алардын көңүлүн улап. – Менин ден соолугум үчүн, менин гүлдөрүм үчүн алып коёлук.

– Талаада калгыр, сенин шыпыргыларың кимге керек? Эртең эле куурап калат.

– Ну мадам Вуаль-ля...

– Апай, апай, – деди Каухар анын билегинен кармай калып, – Вася агайды капа кылбайлычы. Анын кооз гүлдөрү үчүн. Фужерлер кагыштырыла коңгуроодой шыңгыр-шыңгыр этти.

Каухар бул жолу тамшанып ичти.

– Кечке коноктор келсе, сиздер эмне иш кыласыздар?

– Эмне кылышса ошо кылышсын. Биз сиздин жаныңызда болобуз.

– Тек, мадам Вуаль-ля сага бир дарыгерди чакырды эле. Бир аз карап көрсүнчү, кызым.

– Мен ооруган жокмун го? Сиздер эмнеге түшүнбөйсүздөр?

– Оорубаганыңды билебиз, чарчадың го, айланайын, – деди кызматчы аял. – Дарыгер болгондо да, ал экстрасенс. Өзүңдөн алыс туруп, беш-он мүнөт гана колдорун жайып ишин кылат. Башка эч нерсе кылбайт. Көзүңдү жумуп турсаң болду. Каухар унчукпай макул болду. Эшик ачылып, ала чапан кийген, узун бойлуу эркек кирди. Жылмайып амандашты. Каухарга жугумдуу адам сезилди. Иши жылды. Колдорун алдыга созуп, айткандарынын баарын аткарды. Каухарды үч ирет кулаткан учурда кызматчы аял менен багбан чал башын жерге тийгизбей кармап калып жатты. Бир аздан кийин экстрасенс алакандары менен аны эки ийининен каккан кезде дароо эсине келе түштү. “Сүф, сүф” колдорун абада сермеди да, “мынабу сага жаны ачыган эки адамыңа ишенесиңби?” деди. Каухар “иэ” дегендей башын ийкеди. Каухар багбан чал, кызматчы аял менен көпкө чейин отурду. Башына эч кандай акыл кирбеди. Ал тургай өткөн өмүрүн да элестете албай, эсине эч нерсе түшпөдү.

– Жүр, кызым, конокторго баралы. Кеч болуп калыптыр.

– Апай, мен кандай көйнөк киемин? – кандайча сураганын өзү да билбей калды.

– Баары даяр го, даяр. Эй, какбаш, сен чыга тур. Кызым кийинсин.

– Эмне дейсиз? Какбаш дейсизби? – деп кыткылыктап күлүп жатып кийинди. Экөөнү ээрчип астына түштү. Эч кимге к=ңъл бурган жок. Өзүнчө эле кыткылыктап күлүп коёт. Узун үстөл башында шаардын мен деген бардык төбөлдөрү олтурушуптур. Аларга такыр амандашпады. Эшик ачылып, гитара менен скрипкаларын ойнотуп бир табор цыгандар кирди.

– Ай, ай, ай. Аялдар этектерин желбиретип.

– Цоп, цоп, – деп эркектер алакандарын чаап.

Скрипканын үзүл-кесил үнү угулду кулагына. Бай дасторкондон чыныдагы куюлган кымызга көзү түштү. Аркасында турган тейлөөчү кыз анысын байкай коюп, алдындагы идишке толтуруп кымыз куюп берди. Каухар шыпкап ичти. Дагы ичти. Дагы ичти... Айланасына көз жүгүрттү. Үрүл-бүрүл. Көз алдына бирөөсү да ачык-даана көрүнбөдү. “Булар кимдер?” деп ичинен ойлонуп туруп калды. Анан дасторкондун башында туруп кусуп кирди. Аркасынан кучактаган темирдей колдор өзүн так көтөрүп, бакчанын ортосуна алып барды. Каухар кайрадан окшуп жатты. Муздай сууну эки алаканына толтуруп бетин жууду. Кайта-кайта жууду.

– Ах ты, скотина! – деди Каухар тиштенип Димага.

Жансакчы селт эте түштү. Колдору дир-дир этти.

– Ах ты...

– Щас, щас, – деп, жансакчы чөнтөгүнөн чиедей кызыл кутуну алып карматты.

– Пошел вон! – деди Каухар.

Жансакчы шашкалактап жан-жагына карай берди. Күйөөсү да, эч ким көрүнбөдү. Цыгандар дуулдашып жатышат.

Тепкич менен жеңил көтөрүлдү. Кымыз тунмасына келди да, айдын жарыгын жаап турган парданы сыдырып-сыдырып ачып жиберди. Толук толгон ай. Чоң терезеге бетин жайып келе жатат. Келе жатат...

“Биз дагы көрүштүкпү, жаркын ай? Ошол бир каргыш тийгир түндө Кайрат алгачкы жолу эринимден өөп, түбөлүккө ажырашып кеткенибизге сен гана күбө болдуң. Менин да, Кайраттын да эч күнөөсү жогуна сен гана күбөсүң, жаркын ай”. Каухар жан-жагына карады. Көзү шараптын узун мойнуна түштү. Фужердин түбүндөгүнү көмкөрүп төгүп салды. Эч буйдалбастан кутунун оозун ачып, он чакты тамчыны тамыза-тамыза куйду. Эки жагына көз жүгүрттү. Үстүндөгү көйнөгүн чечип энеден туума жылаңачтанды. Таманы муздак жерге тийип-тийбей терезеге жакын барды. Толуп турган айды тиктеп туруп калды. Ой терметти. “Кайрат, Кайрат жаным, тунгуч махабатым! Мен азыр айдын бетиндеги энеме аттанамын. Жаман көрбө. Жарык дүйнөгө дал ушундай келбедим беле. Сага бекем элем го, Кайратжан-ай... Бул өмүрдө сени гана сүйөмүн, сүйүп өтөмүн. Менин эч күнөөм жок эле, Кайратжан-ай...”

Жаркын ай кол созсо жете тургандай көрүндү. Фужер кармаган колунан бирөө шап кармады.

– Ичпе, ичпе, ден соолугуңду бузасың. Мени кечирчи, кааласаң бул шаардан кетели. Мына бул дүнүйөнүн баары сеники, – деди Алан.

– Кереги жок сенин дүнүйөңдүн, апкел ичем...

Күйөөсү кош колдоп кармап, фужерди сындырчудай өзүнө Каухардан тартып алып, кылк-кылк эткизе жутуп жиберди. Анан колундагы фужерди быркырата кармады. Аздан соң эле ал алдыга бир-эки кадам шилтеп барып, парданы улкуп-жулкуп жылаңач турган Каухарды орогон болду. Оозунан шүүшүндөп кан кетти. Анан теңселе берип жерге “күп” этип кулады. Каухар о дүйнөгө аттанган күйөөсүнүн башын жөлөп, айды тиктеп ыйлай баштады. Ары жакта цыгандар ырдап жатышат.

Каухар эчкирип ыйлады,

Ыйла, ыйла, ыйла.

Бетинде тагы бар ай дале терезеден кетпей турат.

Ыйла, Каухар. Ыйла...

Сенин көз жашың, жүрөгүңдөгү далай жылдан бери катылып жүргөн кайгы-муңуңду, уйкусуз өткөн түндөрдөгү жаныңды азапка салган санааңдын музун жибитээр.

Каухарым менин, ыйла...

Ыйла...

 

10.08.2011-15.08.2011-жж.

Үлы-Семен

 

Которгон Марат Качкымбаев

 

© Талгат Кеңесбаев

 


Количество просмотров: 1768