Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Раимбек Абдиев, 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2016-жылдын 26-декабры

Раимбек АБДИЕВ

Алай закымдары

(тарыхый роман)

Тарыхый романда XIX кылымдын экинчи жарымында түштүк кыргыздарынын Кокон хандарынын эзүүлөрүнө жана орус баскынчыларына каршы күрөштөрү, калк башына түшкөн катаал мезгил чагылдырылган. Эзилген, тебеленген элдерди баш коштуруп, аларды жетектеп чыгышкан Абдылдабек бек менен Болот хандын соңку күндөрү чыгармада көркөм баяндалат.

Абдиев Р. Алай закымдары: Тарыхый роман. – Б.: 2005. – 392 б. Китебинен алынды

УДК 82/821
    ББК 84 Ки 7-4 А13
    А13
    ISBN 967-23-153-Х
    А4702300100-05

 

Академик Абдыганы Эркебаевге, Абдылдабек бектин чөбөрөсү, ардактүу ардагер Чыныбек Абдыкапаровго, белгилүү коомдук ишмер Бегиш Ааматовго, тарых илимдеринин кандидаты Бектемир Жумабаевге “Алай закымдары” тарыхый романымдын кол жазма кезинде окушуп баалуу пикирлерин айтышкандыктарына чын ыкласымдан ыраазымын.

А.Раимбек

 

 

РУХУБУЗ ТАЗА, ДИЛИБИЗ ТАЗА БОЛСО...

Кыргыз эли миңдеген жылдарды карыткан тарыхый улуу жолунда нечен кыйын кырдаалдарды, катаал мезгилдерди башынан өткөзүп өзүн сактап келди. Мына ушул улуу жүрүштө эл тагдыры нечен жолу кылдын учунда кылтылдап үзүлүп түшчүдөй эртең эмне болоорун билбей карайлап калганда Бакай сындуу акылман карыларыбыз, Манас сыяктуу кара башын калкы үчүн канжыгага байлашкан баатырларыбыз не бир туюктан жол табышып, не бир тар жол, тайгак кечүүдөн калкын алып чыгышты.

Ошентип эл тагдырын өз тагдырынан жогору коюшуп журт башын бириктирип, анын эртеңкиси үчүн кам көргөн көсөмдөрдүн, көйкашка баатырлардын аттары укумдан тукумга калып, ооздон оозго көчүп унутулбай айтылып келет. Алардын бири XIX кылымдын ортосунда жашап өткөн Абдылдабек бек. Анын инсандык тагдыры жана мамлекеттик ишмердүүлүгү Кокон хандыгынын акыркы мезгилине туш келди. Ушул жерде “Алай закымдарынын" урматтуу окурмандарына Абдылдабек бек менин чоң чоң атам экендигин өзгөчө сыймыктануу менен айта кетүүнү туура көрдүм. Анткени эл үчүн эмгек сиңирген ата-энеси үчүн алардын укум-тукумдары, калк кадырын туу тутуп, анын келечеги үчүн баштарын сайып койгон уул-кыздары, урпактары эл-журту менен бирге сыймыктанууга акылуу деп ойлойм,

Соңку кылымдардагы оторчулук-шовинисттик саясат, андан кем калышпаган караөзгөйлүк-коммунисттик саясат, алардын ашкере өзүмчүл кыйын-кыстоолору Абдылдабек бек сыяктуу не бир улуу инсандарыбыздын ысымдарын акыл-эсибизден ажыратып унуттурууга болуп көрбөгөндөй басым жасалганы азыр баарыбызга белгилүү. Элге эмгектери синген ата-энелерибизди ардактуу инсандар катарында кылмышыбыз жок болсо да кылчактабай, жазыгыбыз жок болсо да жазгактабай баштарыбызды бийик көтөрүп кеңири айтууга, жазууга мүмкүнчүлүк болду.

Жазуучу Раимбек Абдиев ушул мүмкүнчүлүктөн улам элибиздин өткөндөгү тагдырына арналган чыгармаларды жазып, алардын айрымдарын колунан келишинче жарыкка чыгарып окурмандарга тартуулап келе жатат. Алардын бири колуңуздардагы “Алай закымдары” тарыхый романы. Автор бул жаатында бир нече жылдар бою жасаган эмгегин иш жүзүнө ийгиликтүү ашырды десем аша чапкандык болбос, чыгарма окуган адамды кайдигер калтырбайт. Ушундан улам мен төмөнкү урунттуу жагдайга токтолгум келет.

Жогоруда белгиленгендей канчалык катал заман болсо да элибиз Абдылдабек бек сыяктуу чыгаан кулундарын кылымдан кылымга жүрөктөрүнүн тереңинде, жан дилинде, ооздон оозго өткөзүп тилинде сактады. Ошол кыйын учурларда жазуубуз болсо да сабатсыздай мүңкүрөп алардын айткандарын, жасаган иштерин, эли үчүн көрсөткөн эрдиктерин кагаз бетине түшүрүп, калкыбызга жарыя жасай албадык. Өксүктөр азыр толо баштады, тарыхчыларыбыз өткөндөрүбүздү сергектик менен таразалап, жазуучуларыбыз бул темага чыгармачылык менен чымырканып кайрылышып аңгемелер, повесттер, романдар жазылып маданий кенчибизге айланууда. Урматтуу окурман, колуңуздагы китеп ушундай чыгармалардын бири.

Роман бек жөнүндөгү элдик дастандан алынган эпиграф менен башталып, ошону менен соңуна чыгат. Анткени эл өзүнүн сүйгөн баатырын өлтүргүсү келген эмес, анын жалындуу элесин пир тутушуп, ошого үмүт байлап, ошондон каниет алып, жигер байлап күнкорсуздукка кол сермешкен. Биздин элдин миңдеген жылдар бою нечен кыйынчылыктарды жеңишип тарыхтын урандысында калбай жашап келатышы ушул улуу рухун жоготпогонунда, келечегине тике карагандыгында.

Чыгармада Кокон хандыгынын акыркы күндөрү ыраатуу баяндалып, окурмандын көз алдына Болот хан, Абдыракман афтобачы, Шабдан баатыр, генерал Скоблев сыяктуу тарыхта ысымдары калган инсандардын жасаган иштери кызыктуу берилген.

Албетте, замандаштарыбызга, кийинки урпактарыбызга ушул бийик жана түбөлүктүү рухубузду канчалык таза жана ырааттуу тартуулай турган болсок элибиздин өмүрү ошончолук узун, өзү ошончолук улуу болоору шексиз.

Ылайым эле ошондой болсун!

Чыныбек Абдыкапаров

 

...Анжияндын бетиден,

Абдылдабек козголуп,

Ак олпокко бөлөнүп,

Ак желекке жөлөнүп.

Абдылдабек дегеним,

Алымбектин баласы,

Ак жолборстой шер байлап,

Алтын айчыктуу туу кармап,

Бедөө* минип жоо жандап,

Үртүк салып боз атка,

Таярлык кылды казатка.

Тилла калкан кийинип,

Жоо дегенде сүйүнүп,

Эңкейиште эр сайып,

Экөөдү катар тең сайып...

(Мургабдык Мамытов Мыйманбайдын айтуусунан)

 

*Бедөө – араб жана карабайыр тукумундагы жылкыларды аргындаштуруудан алынган ат.

 

 

БИРИНЧИ БӨЛҮК

 

1.

Бедөөнүн төрт туягы жерге тийип-тийбей учуп барат... Алдыда асман тиреген ала чокулуу тоолор. Алардын көрүнүшү өзгөчө көркөм, купуя сырдуу. Ошол ажайып дүйнө шамал менен жарышып келаткан атчан Абдылдабек бекти кучагын жайып утурлап бирде көрүнүп, бирде көздөн тайгылат.

– О-о, бул киндик каным тамган Алайымдын закымы го! – дейт ал көөдөнүн толтура кере-кере дем алып, кол жеткис асман менен кучакташкан аска-зоолорго теңеле чалкып.

Бул миң кубулган аземдүүлүктү, андан алчу ыракатты сөз менен айтып берүү мүмкүн эмес. Балды татып баалагандай, ошол дүйнөдө жашап кумар отун жандырып, моокумуңду кандырып дооран сүрүп көрүүгө не жетсин! Көпчүлүк пенделерге азыр бар да анан жок закым кубулткан ажайып бул дүйнөнүн сыр түйүнү бир чети белгисиз, бир чети асмандагы кол жеткис жылдыздай. Бек бала кезинен анын табышмактуулугун да, сыйкырдуулугун да жакшы билет. Чиркин, ал дүйнө кимди чакырбаган, кимди азгырбаган, ага умтулган не бир акылмандардын мээси чагылып, не бир баатырлардын сөөктөрү сөпөт болду го! Мүмкүн ал ошонусу менен кызыктүудур, ошонусу менен жандан таттуудур. Абдылдабек ажайып дүйнөгө жакындап, анын аземдүү эшигин ачууга кол сермеди. Ушул учурда ойго келбеген, акыл жетпеген жорук болду. Ат аягынан жер көчүп, жүрөк үшүн алган ач кыйкырык чыкты.

– А-а... ах-ах-ах!..

Бек чочуп ойгонду, ал эми эле көргөн түшүнүн туткунунан бошоно албай, эки колун жуурканынын жакасынан чыгарып терең дем алды. Тогуздун айы жаңырып аптаптын мизи кайтып калган менен бөлмөнүн ичи үп тартып турган. Абдылдабек думуктурган караңгылыкты теше тиктеди, кандайдыр добуш угулабы деп кулак түрдү. Жым-жырттык. Тек гана капталдагы терезеден байкалган шүүшүн мунарыкка караганда таңдын атышына кыйла бар. Абдылдабек оң жамбашына оодарылып уктоого аракеттенди, бирок уйкусу умачтай ачылып, эми эле көргөн түшү кайра көз алдынан өттү. Ар кандай ырым-жырымдарга, түштөргө ишене бербеген адам болсо да анын башына түркүн ой жоруулар келип жатты...

Эрин кудайындай көрүп, жан-дүйнөсүн ага арнаган сезимтал Тумар бегайым жубайы менен кошо ойгонгон. Күйөөсү туруп отурганда аял андан негедир тынчсыздануунун эпкинин сезди. Ал аста түйшөлдү. Бири-бирин кирпик ирмемден, кыймыл-аракеттеринен түшүнүшкөн жубайлардын арасын көнүмүш болуп калган жылуулук жана асылзаттык эмес, азыр аларды кандайдыр санаркоолордун салкын илеби бириктирип турду.

– Беймарал жата бериң, – Абдылдабектин көшүүн коңур үнү кандай чыкса, ал ордунан ошондой козголуп, тапчандын түбүнө жаткан кепичин бутуна илип, кызгылт кымкап чепкенин жамынып сыртка бет алды.

Бек чыгып келатып каалганы ачканда оозгу бөлмөдөгү шамчырак үлбүрөй түштү. Бөлмө ээн эле. Бужерге малайлар түн бою кез-кез гана бектин тынчын албаш үчүн шырп алдырбай кирип-чыгып турушат. Бул кадыресе көрүнүш. Абдылдабектин көзү маңдайкы бөлмөнүн эшигине урунду, анда үкөсү Баатырбек зайыбы менен.

Абдылдабек бул үйдү кечээ Оштун акими болуп турганда курдурган. Ал кенен салынган айбанчасынан башка беш бөлмөдөн турат, үстү көгүш темир такта менен жабылган, эшик-терезелеринин кашектери ачык көк сыр менен сыр– далган шаардагы келишкен үйлөрдүн бири. Айбанчадан босогону аттап эшикке чыгаарың менен сол жагынан Сулайман тоосу көрүнсө, оң тарабынан Акбуура дарыясынын шар аккан суусунунун күүсү угулуп, салкын илеби бетти аймалайт. Төмөндө калдайган шаар оор уйкуда, ар кайсы жерден гана өлүп кайра жан кирип жаткансып жылт-жулт эткен бирин-серин оттун жарыгы көзгө түшөт.

Беги эшикке чыкканда күзөттөгүлөр не жасашаарын билишпей кайпалакташып нары-бери басышып, өзүлөрүнүн сагызгандан сак экендиктерин көрсөтүшүп жатышты. Абдылдабек алардын бүлүккө түшүп калышканын адегенде демейдегидей кабыл алса да өзүн көрөөр менен чимирик болгон адамдардын жаналакетине курсант, ие, алдыда алыша турган жоо барда сарбаздардын сак жана дыкан, ажалга тике карашып эр жүрөк болушу жакшы. Ал ата-бабаларынын арбактарын эсине түшүрүп Сулайман тоосуна жүзүн бурду, айсыз караңгыда анын карааны бүдөмүк, ошентсе да андан кандайдыр жигердүүлүктүн илеби келип тургансыйт. Эми бек төмөндө күркүрөп агып аткан Акбуура дарыясы тарапка бурулду. Жүрөктөй тоо чокуларынын жүлүнүн эритип көөдөнүн жарып чыккан суу добушу күңгүрөнүп бул жарык дүйнөдө жашоонун сырын туңгуюк айтып, аны салкын илеби менен кан-жаныңа, акыл-сезимиңе шыбырагансыйт... Бектин көңүлүн артынан чыккан салбырыңкы үн бузду:

– Бегим...

Бул күзөттө турган сакчылардын жаңы он башчысы Иманкулдун добушу эле. Абдылдабек унчуккан жок, негедир ага аркасынан шырп алдырбай келип капысынан өзүн чакырганы кыжаалат кылды. Он башы да муну сезип оңтойсузданды.

Иманкул бир жылдан бери Алымбек датканын бектеринин оту менен кирип, күлү менен чыгып, колунан келишинче бүткүл өнөрүн, жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп жүрүп жакында эле он башылыкка жеткен. Бул оозунда эки сөздүн башын оңтойлуу жерде курай коюп сүйлөгөн элпек да, эптүү да, жашы отуздагы, турмуштун ой-чуңкурун көргөн токтолуп калган жигит, Асыресе, жайчылык заман болсо улукка минтип жанталашып жараматтанбайт эле. Бек өзүн жактырбай калса да мынча сөз баштап калган соң анын аягы– на чыгарбай кайра тартыш болбос:

– Бегим, – деди эми Иманкул калтаарып каргылдана, – хандан киши келди.

Бек кабарды укканда мыйыгынан мыскылдуу жылмайды. Он башы Абдылдабектин турпатында кандайдыр өзгөрүү болгонун туйду, ал мунун улугунун жүзүнөн көрмөкчү болуп кол куушуруп өмөчөктөй калды да арык мойнун кержейте башын көтөрүп бектин бетине үңүлдү. Баардык аракети сая кетип караңгы болгондуктан Иманкул эч нерсе байкай албады. Букараларын таазим кылганына көнүп бүтсө да он башынын жанталаша жабыша калып жатышы Абдылдабекке жакпады, орой күңк этти:

– Бара бер!

Айтылуу улугунун дидаарын тике бет маңдайынан көрүп, сөзүн өз оозунан угууга дилгир болуп жүргөн бечара башка чапкандай артына кетенчиктеди. Сырын билген жакын адамдары айтып жүргөндөй бек чын эле сак да, катаал да киши экенин ал дагы бир жолу каны ичине тарта сезди.

Уйгактай жабышкан он башчысынын узап бараткан караанын карап Абдылдабек «ханга тунган экенбиз» деди мыйыгынан дагы кекэзрдүү жылмайып. Ал төмөндө дарыянын күүсүнө кулак төшөп, тоо суусундай көөдөнүн тээп келаткан ачуусун басып, оторчулардын колдоосу менен күлү көккө сапырылып жаткан козголоңчулардын жан кейиткен абалын эстеп мындан ары эмне болоорун таразалап көрүүгө аракеттенди.

Соңку үч жылдан берки элдик көтөрүлүштүн толкуну, орус оторчуларынын мамлекеттин босогосун аттап кириши Кокон хандыгынын пайдубалына оңдолгус жик кетирип, анын тагдыры устаранын мизинде. Муну нары куу, нары митаам, Кудаяр хандын дасыккан колбашчыларынын бири болуп келген Абдыракман афтобачынын алтымыш миң аскери менен полковник Скоблевдин үч миңге жетпеген солдаттарынан жеңилип Махрам чебин таштап кетиши дагы бир жолу далилдеди. Мындан ары эмне кылуу керек? Бул суроо Болот хандын да башын оорутуп жаткан шекилдүү. Ошондуктан ал көтөрүлгөн элдин башын бириктирүүгө шаасы жетпей өзгөчө бир айдан бери Абдылдабекке ат тезегин кургатпай чабармандарын чаптырууда. Экинчи жа– гынан бек күткөн чечүүчү мезгил жакындады, эми чечкиндүү кадам жасоо учуру келди...

Нары жактан бирөөлөрдүн кобуру угулду бекке. Аны чыдамсыздык менен күтүп жаткан киши бар эле. Кобур басылып, аздан соң өзүн карай келаткан караанды байкады бек, ал үкөсү Баатырбек болчу.

– А-а, эмне болду? Таң жаңы кыярды го? – Абдылдабектин үнү жайдары чыкты.

– Өзүңүз да уктабапсыз го? – деди Баатырбек акесинин суроосуна тамашага шоото кайра суроо узатып. Анын үнүнөн бир туугандардын ортосунда арамдыгы жок жылуу баарлашуунун илеби сезилип турду. Абдылдабектин санаасы бир ыктай болгонсуп, үкөсүнө түшүнөн чочуп ойгонгонун айткысы келип баратып сөзүн башка жактан баштады:

– Соодагерлерден да кабар жок. Абдыракман Махрамда маскара болгонуна бир айга чамалап калса да шоораты билинбейт, хан болумушубуздун чабармандарынан деле санаа тынчыткан кеп угулбайт.

– Баары эле хан болгулары келишет.

– Кеп түйүнү ошондо...

Өзүлөрүн карай келаткан караанды көрүп Абдылдабек сөзүн токтотту. Тиги караан тамагын кырып, үн чыгаргандан да, жакындоодон да айбыгып жатканын билдирди. Баатырбек караандын жанына басып барып күбүрөшө түштү да акесинин жанына кайтып:

– Соодагерлер сизди күтүп турушат – деди кандайдыр жаңылык угууга өзү да шашып турганын жашыра албай.

– Кайжерлерден келишиптир?.. – Бек жооп күтпөй жакын арадагы жалпак үйгө бет алды.

– Анжияндан, Маргалаңдан...

– Алгач маргалаңдык менен сүйлөшөлү.

Улагага аке-үкө жетишкенде Баатырбек артта калды. Абдылдабек чоң үйгө кирүчү короонун оозундагы ашпозчулар тамак даярдоочу үч бөлмөдөн турган бүтүк терезелүү тамга бурулду. Бектин мурдуна кечээ жасалган тамак-аштын кермек жыты келди, анын көзүнө күйүп турган шам, жапыз тактада тууралып коюлган жашылчалар урунду. Ашпозчулар эртең мененки ичилчү тамакка даярдык көрө баштаган экен, алардын бири тура чуркап капыстан келе калган улугун жандай жүгүрүп төркү бөлмөгө кирчү эшикти, дагы бири андан аркы бөлмөнүн каалгасын ача салды. Биринен бирине өткөзүп салынган бул үй дал ушундай максатка колдонууга арналган.

Эң ичкерки бөлмөнүн терезесинде үлбүлдөп шам күйүп турат. Эшик ачып бүлүнүп жүрүшкөн малайлардын бири кара мурут жигит өзүнүн эпсиз узун боюн жашыргансып өбөктөй түшүп текчедеги куш жаздыктардан экөөнү арбайган арык колдору менен кабыштыра кармап, кат-кат салынган төркөрпөгө көчүк басып жаткан бектин артына кое салды.

– Шамыңар бирөө элеби? – деди бек жай алган соң күңгүрөнө.

Экинчи шам босогого коюлаар менен Баатырбек башында чалмасы бар, көөнөрүп калган агала гүл түшүрүлгөн каралжын чепкенин сүйрөй баскан жапалдаш бойлуу адамды ээрчите кирди. Бейтааныш босогодон төрдү карай дагы бир кадам жылып тизелеп отура калып, эки колун бооруна алып:

– Ассаломуалейкум, азиз бегимдеди. Сыртынан түрү жүдөңкү, кыймыл-аракети өлүмтүк көрүнгөн менен анын үнү чыйрак жана ачык чыкты.

Шамдын үлбүрөгөн жарыгынан соодагердин керсары арык жүзүнө, сербейген мурутунан чыгып турган коңкогой кочкор тумшугуна суроолуу карап бек саламды алик алды:

– Алейкумасалам, арбаң соодагерим?

Соодагер сөз баштаардан мурда тамагын кырып, оңдонуп отуруп, бектин жүзүнө токтоо карады. Абдылдабектин серптирген коюу сакал-муруту, кызылдуу толук жүзү, бакырайган оттуу кара көздөрү соодагерди суроолуу тиктеп турган. Ак матадан оролгон чалмалуу башын эми ал акесине куюп койгондой окшош, бирок андан бир аз олбурлуу жана толугураак Баатырбекке бурду. Ушунун баары кирпик ирмемде болду. Абдылдабекке соодагердин тартынбай тике караганы, ошол эле учурда сактанып жатканы жакты. Бейтааныш да кашындагы экөөнүн ортосунда жашыруун сыр жок экендигин, алар өзү айтчу кабарды чыдамсыздык менен күтүп жатканын туйду.

– Азиз бегим, – деди соодагер ачык үн менен басмырт, – сизге урматтуу төрөмдөн дубайсалам...

– Төрөм да өзү сак-саламат жүрөбү? – деди Абдылдабек ордунан обдула.

– Кудаага шүгүр, төрөм салам дуба менен кошо жүрүшкө таяр экенин айтты жана сиздин жообуңузду күтөт, бегим?

Чакаи бөлмөнүн ичи тым-тырс. Абдылдабек талаа-түздө жүрүп соодагердин шамал менен күнгө тотуккан арыкчырай сейрек сакал баскан жүзүнө үңүлө карады. Анын канча жашта экенин болжолдоп айтуу кыйын эле, отуздадыр, же кырктын кырынан небак ашып кеткендир, неси болсо да жедеп алчы-таасын жеп, чыкпаган тоосу, баспаган чөлү калбаган дасыккан неме шекилдүү.

– Атың ким? – деди бек тигинин маанилүү кабар айтканын унутуп калгансып беймарал.

– Калдар.

– Калдарым, кайра жолго чыкканыңча эс ала бериң. – Абдылдабек ордунан жеңил туруп сыртка бет алды.

Абдылдабек Калдардын атын угуп жүргөн, айткандарга караганда чыйрак жана ишенимдүү тыңчылардан, аны биринчи жолу көзмө көз кабыл алды. Ал Кашгар менен Бухардын аралыгына байма-бай каттаган кербендердин биринин башчысы, алымдуу соодагерлерден. Тогуз жолдун тоому – Алай аркылуу өткөн кербендердин ар биринде Абдылдабектин эки үчтөн ишенимдүү кишилери бар, бирок алар бири-бирин бектердин тыңчылары катары билишчү эмес. Узун кулактар өтө маанилүү кабар болбосо, же бек тапшырма берүү үчүн издетип калбаса булар шамшаркыт жолуга беришчү эмес.

Сыртка чыкканда чыгыштан агарып, жерге жарык чачып келаткан таң супасына карады бек. Ал чоң үйдүн кежигесиндеги эки бөлмөлүү үжүрөгө бурулду. Учурдагы жагдай болуп көрбөгөндөй татаал болчу. Бул айланасына бак-дарак толгон, сыртынан караганда мында ушундай тыпырайган үй бар экени да анча билине бербейт. Зарыл кезде ар кандай жумуштар менен бек ишенимдүү кишилерин ар кайсы үйдө кабыл ала турган. Буга аны замандын катаалдыгы, атасы Алымбек датканын чыккынчылык менен өлтүрүлүшү үйрөттү. Дегеле Абдылдабек жер кезип жүрүшкөн, түркүн түстөгү, кыял жоруктары, ой-пикирлери аркыл адамдарга ишене берчү эмес. «Малды көрүп пайгамбар жолдон чыгыптыр« дегендей же байлыкка алданып, же жан айласынан канчалык ишенимдүү тыңчың болсо да сатып кетиши ыктымал деп ойлочу ал.

Тикеден-тике бек менен жүздешүп жүргөн тыңчылар да улугунун катаалдыгын, ошону менен бирге баамчыл жана сезгич киши экенин жакшы билишчү. Ошондуктан бек менен жолугушаарда бөктөрүнчөктөгү куржунунан баштап, курундагы кынга салынган бычактарына чейин сыртка таштап келишчү. Анжияндык тыңчысынан да бек санаа тын– дырарлык кабар укпады. Агасынын ойго чөмүлө тунжурап отурушунан анын өтө кабатыр болуп кабыргасы кайышып жатканын байкады Баатырбек. Тыңчынын аты Жакып. Ал жашы алтымыштан өтүп калган, тээ бала кезинен бектердин үй-бүлөсүнө ак кызматын өтөп келаткан ишенимдүү адамдардын бири. Сакал-мурутун ак чалып калган, бүркүт кабак, толук жана олбурлуу карыянын айткандарынын ичинен Болот хандан ишенимдүү адамдарын бири Абдыракман афтобачы менен алдыртан байланыш түзүп жатышы бектин көңүлүн бурбай койгон жок. Андай чыккынчылар менин кошуунумда да жүргөндүр, мал аласы сыртында, киши аласы ичиндего деп ойлоду ал, бирок бул пикирин ачыкка чыгарбады.

– Жакып ака, түнү менен жол жүрүп чарчадың, эс алың, – деди Абдылдабек басмырт, өзүнөн кыйла улуу адамга урматтоосун билдире.

Жакып кезинде Алымбек датканын улагасында жүрүп жетилген көп жетимдердин бири эле, тубү алайлык. Нары акылы, нары каруу-күчү бар жигитти жыйырмага чыга элегинде датка Коконго ээрчите кетип, кийин Анжиянда аким болуп турганда дүкөндөрүнүн бирине коюп, ошерден өзбек соодагерлердин биринин кызына үйлөндүрүп, жүрө-жүрө ажердеги ишенимдүү кишиси болуп калган. Азыр Жакып чоң соода– герлердин бири, жети уул, төрт кыздын атасы. Балдары эрезеге жетип калганда ал даткага атайын жолугуп:

– Балдарым урук-туугандарыбыз менен катышпай сарт болуп кетишет окшойт, Алайыма кетейин датка ака? – деп өтүнгөн.

Алымбек датка карс-карс күлүп ачык жооп айткан:

– Э-э, сагырым, Алайдагылар жыргап атыптырбы? Сенин ордуң ошоякта, ажерде уксак кулагыбыз, көрсөк көзүбүз болуп калдың, балдарыңды туугандарыңа жакындаткың келсе кыргыздардан куда-сөөк күт.

Жылдар өтүп жатты. Жакып кыздарына күйөөлөрдү, уулдарына колуктуларды Алайдан тапты. Гүлшага, Кызылкоргонго, Сопукоргонго, Дарооткоргонго дүкөндөрун ачып, балдарын ошерлерге иштетип койду, өзү кенжеси Сабай менен, көкүрөк күчүгүнөн улуусу Жусуп Абдылдабектин жанжигттеринин бири, негедир эмдигиче үйлөнбөй жүрөт, ошентсе да карт соодагер бектин көчөсүнөн ага короожай сатып берген, азыр ал ошоякка бет алды.

Баатырбек Жакыпты узатып чыкканда асман бетине күн шооласы чачырап калган. Ал дарбазанын түбүндө кылычынын туткасын кармалап турган Иманкулга:

– Хандан келген кишини чакырың, – деп буюрду.

Көп убакыт өтпөй Баатырбектин кашында малакайын көзүнө түшүрө кийген, төшү жагжайып ачылган, чала курчалган курунун бир учу чепкенин этеги менен тең салбыраган жотолуу жигит турду. Кыязы ал кызуу уктап жатса керек маңдайындагы сөөлөттүү кишиге булдурап салам айтты. Баатырбек саламды ооз учунан алик алып, чабарманды ишаарат кылып жалбырактары саргайып түшө баштаган анар багын карай ээрчитти да жакын арада сүйлөшүлүп жаткан сөздөр эч кимге угулбай турган чекке жеткенде:

– Хандан кандай кабар апкелдиң? – деди.

– Ханым үйлөнгөнү жатат, бекти тойго чакырып келдим, – ал оңтойсуздана түшүп сөзүн улады, – ханым бектин өзүнө айт деди эле.

– Камтама болбоң, – Баатырбек бырс күлүп жибере жаздап токтоду. Эл карайлап түрганда хандын катын алгысы келип калганын какшыктап айтканы баратып бейтааныш жигитке сыр алдырбай салттуу суроо берди:

– Колукту кайдан экен?

– Каратегиндик Раимшаанын кызы.

– Болсун-болсун! Качан, кайсы күнгө?

– Келаткан пайшамбыда...

– Жуда-а жакшы, – деди Баатырбек чабарманды андан ары сүйлөтпөй, эми мыскылдуу күлкүсүн да жашыра албай, – хандын чакыртканына ыракмат, – анан ал он башыга табыштады, – чабарманга чай бердирип коюң.

Абдылдабек Болот хандын үйлөнгөнү жатканын укканда карсылдап күлүп жиберди:

– ...Ха-ха-ха... наспайчынын эми катын алгысы келип калган экен,.... ха-ха-ха... бороонду күнү пок кычайт, кокондуктар тагында отурганда, оторчулар астанабызды ат– тап кирип келгенде күчөгөн экен, кызыталак! – бек сөзүн сустая улады, – Ташкенде наспайын сатып, же молдочулугун кылып жүрө бербей, акыры эр киши өңдөнүп иш баш– таган соң аягына чыгарбайбы!

– Кандай болгон күндө да ак тилегине чакырып жаткан соң...

– Ак тилегине биз каршы болмок белек, андай пикир оюбузга кетсе жараткан алла бизди жакшы көрөбү, – деди Абдылдабек үкөсүнүн сөзүн бөлө кызууланып, – үйлөнсүн, укум-тукуму өссүн, бечара наспайчы бир катын алып жатса анын эмнесин көрө албайт экенбиз! Тиги отуз алты аял алган Кудаяр ханды катын алганыңды токтот деп качан айттык эле? – аке-үкө каткырып күлүштү, – чакырган жерден калбаң, өзүң басып барбаң, канча кылган менен Искак аты өчүп Болот хан аталып оозго алынып калгандан кийин жооп айтабыз да, бир пакыр деле тоюна чакырса унчукпай калабызбы? Маселе кандай барышта.

Баатырбек акесинин бул сөзүнөн анын тойго барбай турганын түшүндү ошондуктан ток этээр суроо берди:

– Кимдерди жиберсек дейсиз?

– Бизден киши барбайт, – деди бек ойлуу, – жалпы адигенелердин атынан кимди жиберебиз датка эне менен кеңешели, келаткан пайшамбага чейин дагы беш күн бар экен, жетишебиз, чайдан кийин Гүлшага аттаналы. Датка энебиздин маңдайында ийри отуруп түз кеңеше турган иштер болуп калды, эки иштен бир иш, ошоякта жортуулга таярлык көрүп жатышкан жигиттерибиздин да ал-ахыбалдарын көрөлү, – ал сөзүн мыскылдуу жылмая бүтүрдү, – өзүнөн кабар келгенче Искактын качан катын алаарын да билбей калдык.

Хандыктын эң жогорку тепкичине кол сермеген бектер үчүн бул чоң сокку болчу, анткени алар мамлекеттин аймагы гана эмес анын танапташ жаткан чөлкөмдөрүндө, өлкөлөрдө эмне болуп жатканынан кабардар болуп туруулары күн тартибиндеги биринчи маселелерден эле. Баатырбек да ээрдин кесе тиштеп отурду. Не дейсиң, болоору болду. Болот хандын кошуундарындагы тыңчылар эшек такалап жүрүшөбү? Кыбыр эткен жаңылыктардын бирин калтырбай жеткирип туруу алардын милдети эмеспи! Эртең мененки чайда аке-үкө мына ушулар жөнүндө кеп салышты.

Бек эшикке чыкканда күн чыгып, коңур күздүн салкын абасы көңүл сергитип, сыдырым жел бактын саргайып калган жалбырактарын билинээр-билинбес дирилдетип турган. Шыңгыттай узун бойлуу Жусуп ооздугун кемирип ойкуштаган кара кашка тулпарды суулугунан кармап каадасынча жерди ое басып келаткан Абдылдабектин астына туура тартты. Андан удаа түндө ашкананын ички үйүндө улугун урматтап үч бүктөлүп тосуп алган тартайган кара мурут жигит дагы бир кара кашка тулпарды Баатырбектин алдына ыргыштатып жетелеп келди. Бул жигиттин аты Алайчы эле. Анын бою Жусуптукунан кырдуураак болгону менен тулкусу шоонадай ичке, кырдач мурду, беттеринин чүкөлөрү көрүнгөн саргыч ирең, жымырылган жука эриндери кесип алса сөз чыкпачудай,

Тизгинин алып, каракашканын жалын кармап жатып Абдылдабек түк сакал-муруту өсө баштаган Жусуптун кызылдуу жүзүнө жылмайып карап койду. Бектин буту үзөңгүгө илингенде карылуу жигит аны сол колтугунан оң колу менен сөөп аткарып, ыргыштаган тулпардын суулугун кое берип чылбырын ээсине сунду. Коендой окшош эки кара кашка тулпар ээлеринин ички туюмдарын сезе алчактай басып дарбазадан чыгып баратышты. Жусуп менен Алайчы баш болгон ончакты жигит аттарына шапа-шуп мини– шип узап баратышкан улуктарынын артынан дыр беришти. Жанатан бектин жанына даап жакындай албай кыйпычыктаган он башы Иманкул жок дегенде шамал менен жа– рышып баратышкан жанжигиттердин бири болуп калбаганына камыгып, алар көздөн далда болгондо тиштерин кычыратып артына терс бурулду.

 

2.

1875-доңуз жылы Кокон хандыгынын башына каран түн түшкөн учур болду. Кудаяр хандын ашынган ач көздүгүнөн калктан зекет алуу үч эсеге көбөйдү, жада калса базарга бир таңгак отун алып келип саткан байкуштардан да салык жыйналып жатты, Аеосуз эзүүдөн мүңкүрөгөн элдин козголоңу ушинтип үч жылга аяк басты, жай чилдесиндеги аптапта ар кайсы жерден дүрт этип өрт тутангандай жаны карарган карапайым калк «жатып өлгөнчө, атып өл» деген маанайга өтүшгү, ал барган сайын күчөп отурду, калк камы үчүн жаны ооруган Мамыр Мерген уулу, Момун Шамырзак уулу сыяктуу баатырлар элди жетектеп чыгышты. Кудаяр хан көтөрүлгөн калктын канын суудай агызып бир жердегисин басса, дагы бир жерден дүрт деп козголоңчулардын оту алоолонуп жатты. Ушул караөзгөй бийлик менен карапайым калктын айгышкан тирешүүсүндө хандыктын сересине Болот хан чыкты. Акыры бул эл менен кармашуунун аягы жакшылык менен аяктабасын түшүнүп Кудаяр хандын ишенген кол башчысы, далай көтөрүлүштү канды суудай агызып өрт өчүргөндөй басып келген Абдыракман афтобачы теке айынын он сегизинде козголоңчулар тарапка өттү. Бул кабар Кудаяр ханга жеткенде гана ал тактан бутү тайганын эси эңгирей кабыл алды, бир тууган иниси, Маргалаңдын беги Муратбек да афтобачыга кошулуп кетти. Натыйжада Ош, Наманган, Анжиян, Асаке сыяктуу шаарлар менен ондогон кыштактар көтөрүлүшчүлөрдүн колунда калды. Мындан үч күн өтпөй козголоңчулар Кокондун босогосундагы Алтыарыкты ээлешти. Жаны көзүнө көрүнгөн Кудаяр хан ордосундагы генерал-губернатордун өкүлү Вайнбергди шашылыш чакыртты,

Өкүл тез эле келди, бирок ошого чейин тактан буту тайып бараткан ханга бир мүнөт бир жылга созулгандай, козголоңчулар ордонун капкасын аңтара ачып кирип келип өзүн улак тартып кетишчүдөй айласын таппай турду. Шыңга бойлуу, аскер кийимчен, жашы отузга чыга элек Вайнбергдин көзүнө кырк алты жаштагы Кудаяр хан алтымышка чыгып калган карттай көрүндү, анын кулагынан бери сакал баскан кызылдуу жүзү түктөйүп, көздөрү киртийип, серптирбей калган муруту салбырап, кырдач мурду узара түшкөнсүп салаңдап, башындагы адими ак жибек чалмасы гана анын хан экенин далилдеп тургансыйт:

– Досум Кауфмандын жардамы өтө зарыл керек болуп калды, – деди хан Вайнбергге тике карап, тагынан түшүп тигини утурлай басып. Анын оттуу кара көздөрү канталап турганын Вайнберг эми байкады. Хандын бийлиги гана эмес жаны кылдын учунда турганын сезген өкүл:

– Куп болот таксыр, генерал-губернаторго азыр эле телеграмма жөнөтөм, – шпорун шыңгырата өтүгунүн такасын килем төшөлгөн полго дүп эттире бир коюп шыпылдап чыгып кетти.

Бир буту көргө салаңдап калган ханга орустардын «жардамы» тез эле жетти. Алар окуянын өнүгүп баратышына аста талдоо жүргүзүп Кудаяр хандын абалы ушундай болоорун билишкен, жагдайга кулак төшөп даяр турушкан, ошондуктан эртеси кечке маал полковник Скоблев солдаттары менен Коконго келди. Ал буйдалып турбастан Кудаяр ханга генерал-губернатордон ысык салам айтып ордого кирип барды. Бул бапыйган сакалын серптирип, дал ээгинин чуңкурунан эки ача кылып бөлүп тараган, балканактай муруттары эки жаагына жеткен, бадырайган көгүш көздөрү бирде күлмүңдөп, бирде сурдана түшкөн, бакжайган саргыч иреңине кырдач мурду куп келишкен, сөөмөйдөй саргыч каштары түксүйгөн, аскер кийими олбурлуу толук мүчөсүнө жарашкан орустун эр жүрөк азаматтарынан эле. Ал буга чейин Хива жортуулуна катышып көрсөткөн каармандыгы үчүн крест менен сыйланган, ак падышанын оторчулук саясатын иш жүзүнө дыкат аткаруу менен көзгө көрүнгөн таланттуу аскер адамы.

Гимнастеркасынын жакасынын сол тарабынын астында крести жаркылдаган эр мүчөлүү, көгүш көздөрү адамды караганда канжардай сайып өткөн адам маңдайында турганда Кудаяр хан эми өзүн коопсуз сезди. Ал айтаарга сөз габа албай азга буйдала түштү да, анан өзүн-өзү кармап:

– Өзүмдү жана Кокон хандыгын улуу урматтуу императордун карамагына берем... – деди да, көмөкөйүнө бирдеңке тура калгансып андан ары сөзүн улай албай бадырайган кара көздөрү жашылдана түштү.

Оторчуларга хандын ушул гана сөзү керек болчу. Демек, бул жерди улуу империянын бир чөлкөмү кылыш үчүн саясий жол ачылды, начар куралданган, бир жетекчинин кол алдына бириге албаган козголоңчуларды тыйпыл кылуу жакынкы күндөрдүн иши. Скоблев дароо ишке өттү, хандын өзүнө ишенимдүү жана дасыккан аскерлерин кароодон өткөздү. Жайдын аптабында баштарына чаар топу же ак калпак кийишип, ак көйнөктөрүнүн сыртынан курчанган курларында кылычтары салпылдаган, мылтыктарын ар кимиси өз билгендериндей көтөрүшкөн тандалма сарбаздар полковникке жакпады. Муну хан Скоблевдин саргыч муруттарынын астындагы оң жак ээрди бир аз кыйшайып мыскылдуу жылмаюусунан байкады, баарын түшүнсө да «менин эр жүрөк сарбаздарым кандай экен» деген кейипте полковникке суроолуу карады.

– Таксыр, бул сарбаздарыңыз сиздин хандыгыңыз эмес кара башыңызга калканыч боло албайт, – деп Скоблев шарт айтты.

Мындай ачык жана кескин жоопту укканда Кудаяр хандын шаабайы сууп, эмне кылаар айласын таппай дабдаарый түштү. Эгер козголоңчулар бардык коргонуулардын күлүн көккө сапырып кирип келишсе энеси Жаркын айымдын, үй-бүлөөсүнүн тагдыры эмне болот?

– Өкүл мырза, – деди эми Кудаяр хан бирөө муунтуп жаткансып кышылдай, астына алып турган колдору калтырап, – менин үй-бүлөмдүн тагдыры сиздин колуңузда. Кыпчактар менин башымды алганы келатышат. Чыккынчы Абдыракман атасы Мусулманкулдун өчүн алыш үчүн эзели жакшы сөзгө көнбөйт, – ал акыры хандык салаватын таптакыр жоготуп Скоблевдин алдында мөгдөп турду, – жалынып-жалбарып суранам, мени таштап кете көрбөңүз.

– Сизди коргоо менин милдетим, таксыр, – деди какая калып полковник.

Эгер козголоңчулар топон суудай ээ-жаа бербей Коконго туш-тушунан агылып каптап кирсе хандын сарбаздары гана эмес мыкты куралданган жана аскер өнөрүн жеткире өздөштүргөн солдаттары да туруштук бере албасын алдын ала сары эсепке салып көрүп Скоблев генерал-губернатордон кошумча күч сурады. Ошол эле учурда келе турган жардамды күтпөстөн Кудаяр хандын энеси Жаркын айым баш болгон ордодогу беш жүз кишисин жана да анын отуз алты катынын чүмбөттөлгөн арабаларга салып эртеси Хожентти карай жолго чыкты. Анткени ал тараптагы жолдо козголоңчулардын танабы бош эле. Ошого карабастан баш аягы бир нече чакырымга созулган кирени ээрчий, кээ бир буйткалуу жерде кол салчудай болушуп жулунган атчандар атырылып чыга калып жатышты. Бирок алар качып бараткандарга кол салбай кайра кайтышып, кайра көрүнүшүп Хожентке чейин жүрөк үшүн алып жүрүп отурушту. Көрсө алар Абдыракман афтобачынын сарбаздары экенин, орус кошуунуна кол салбоо жөнүндө колбашчыдан атайын катуу буйрук алышканын Скоблев кийин укту.

Амалкөй афтобачы Кудаяр хан орустардын калкалоосу менен Хожентке жетээр менен кыргыз-кыпчактардан турган беш миң сарбазын ээрчитип Анжияндын беги, качкан өкүмдардын тун уулу Насреддиндин сарайына кирип барды. Атасына түспөлдөш карасурунан келген толмоч, түйрүк кызгылт эриндеринен али эне сүтү кете электиги көрүнүп турган бекке, жашы элүүгө таяп калганына карабастан жаш жигиттердей күмүш саптуу кылычын кыңгыратып Абдыракман бетме-бет келди. Бир чети мамлекеттин аймагындагы маанилүү дубандын беги, бир чети хандын биринчи мураскоруна афтобачынын бул жүрүшү жакпай ал суз кабыл алды. Бир жолку жолугушууда Болот хандын «каргадан карга туулат» деп айтканын эстеди Абдыракман байлык менен мансабына семирген ханзаадага карап.

Серптирген кара мурутчан, нооча бойлуу, кең таноолору барбайган, азыраак чалкалата кийген ак калпагынын алдында өскүлөң кара каштары, баарыдан да коюу кирпиктеринин нары жагындагы устаранын мизиндей жылтылдаган бадырайган каректери Абдыракмандын кандан-бектен кайтпай турган чечкиндүү кебетеси Насреддинди эсине келтирди. Ордунан ыкшоо туруп, уйкусу эми ачылып келаткансыган бекке афтобачы сөздү ток этээр жеринен баштады:

– Атандын ордуна сени хан көтөрлү деп келдим.

Бул сөздү укканда Насреддин селт этип, негедир аны дагы кимдир бирөөлөр аңдып тургансып жан жактарын карап алды. Ал азыр мындай сунушту күткөн эмес эле. Бектин эки бети түлтуюп кызарып чыкты да калың кара каштары жыйрылып кабагы түйүлө бирөө муунтуп жаткансып ыгырыла сүйлөдү:

– Жок. Болбойм. – Ал афтобачыдан окчундап басканда ийниндеги көк жибек чапаны шуудурап толук ийнинен шыпырылып түштү, тээ босогодо турган малай бүжүңдөп чуркап келип аны кайра жаба салды. Ачуусу кайнаган Абдыракман малайды эми көргөнсүп алая карады. Муну байкаган бек малайды кете бер дегендей колун жаңсады, ал көздөн бат эле далда болду.

– Эмне үчүн болбойт, ханзадам? – деди үнүн көтөрө Абдыракман, – хан атаңдын каапырларды калканыч кылып, алардын арам таманын жалап качып кеткенин уга элек– сиңби? – афтобачынын бул сөзүн укканда бек дагы селт этип өңү бозорду. Абдыракман баштаган сөзүн жакында токтотоор түрү байкалбайт, – азыр хандыктын башын ким кармайт, калктын камын ким көрөт деген маселе турат же атын саткан Болот ханга баарыбыз кол куушуруп багынып берелиби? – О-о, аллах, мени Кудаяр хан атасы Мусулманкулдун өчүн алганы жатат деп орустарга ыйлаган имиш (бул сөздү ошол эле күнү түнү менен тыңчылары афтобачыга жеткирген), эгер ошондой арам оюм болсо Хожентке чейин аны кол тийгизбей узатат белем? Эгер ошондой митаамдык кылсам мен сени ханыбыз бол деп маңдайың– да турат белем? – Абдыракман күмүш саптуу кылычына шадылуу колдору арбайып баратты, – калкыбызды баскын-чылардан, хандыгыбызды ички душмандардан сактап калалы деген ак тилектен башка ой болсо жараткан аллам езү күбөдүр!

Насреддин бек кылычынын туткасын мыкчый кармаган афтобачынын карылуу колунан көзүн албай:

– Макулмун, макулмун тага, – деп толук бети болкулдап ыйлап жиберди.

– Ырас, – деди Абдыракман али да кылычынын туткасын мыкчый кармаган боюнча сөзүн улап, азыр эле айткан сөзүн кайра кайталап саал демиге, – ырас, хан атанын колтугунда жүрүп бектик кылуу оңой, ханзаадалык дооран сүрүү жыргал, а эл башкаруу, мамлекетти жетектөө ооздон чыккан жел сөз эмес, жээним!

– Мен шону айтайын дедим эде...

– Камтама болбоң ханым, – деди эми Абдыракман кылычынын туткасынан колун алып, калкак кара мурутун жылмаюу аралап, – биз барбыз, эл бар, журт бар!

Ушинтип текенин жыйырма төртүндө Абдыракман афтобачи Насреддинди хан көтөрүп, чыныгы бийлик тизгинин колуна алды. Ошондой кыраакы жана чечкиндүү адамдын андан кийин бир айга жетип-жетпей Махрамда жеңилишине Курманжан датка шектүү карады. Абдылдабек баш болгон уулдары менен өлкөдө болуп жаткан абалды кеп салып отурушуп балдарынын астына эне мындай суроо койду:

– Кудаяр ханды калкалап бараткан орустарга кол салбоо туурасында сарбаздарына буйрук берген афтобачы Махрамда атайын жеңилип берген жокбу?

– Андай болсо ал Кудаяр хандын жолун жолдоп оторчулардын жардамы аркылуу козголоңду кандуу булоонго түшүрүп басыш үчүн баскынчылар менен мамиле түзүүнүн жолун издеп жаткандыр? – деди Абдылдабек ичинен энесинин акылына ыраазы боло, бул пикир өзүнүн башына эмдигиче келбегенине кабыргасы кайыша.

– Насреддинди хан көтөрүү менен Абдыракман өзү бий, өзү хан болду, деди датка эне. Жашы алтымыштын ортосуна келип калса да али бырыш баса элек чырымталдуу жүзүнөн, сурмалуу кара көздөрүнөн мээрмандык сезилип, ар бир сөзүнө маани берип кебин улады, – о, илгери Шераалыны Нүзүп, Шаа Муратты атаңар Алымбек датка, он эки жаштагы Султан Сейитти Алымкул аталык хан көтөрүшүп, баштарына таажы кийгизишип, аларды такка отургузуп коюшуп бүткүл мамлекетти өздөрү башкарып келишпеди беле. Алар өткөн бир мезгил, азыр башка, окездерде хандардын тагдырлары чечилсе, азыр эл тагдыры, жер тагдыры кылдын учунда го. – Датка калган сөз силерде дегендей башын саал жогору көтөрүп, ак элечегинин желбирөөчүн делбиретип балдарын карады.

Абдылдабек Болот хандын болчу үйлөнүү тоюнан баштап, кийинчерээк Коконго бет алаарына чейинки пикирин айтып отурду.

– Мүмкүн орустар Насреддин менен да макулдашып козголгон элди кынына киргизип кетээр?

– Кудаяр хан да ошентип, акыры алардан башпаанек сурадыго?

– Афтобачы бир жагынан козголоңчуларга кошулган, Кудаярга каршы болумуш болуп не муратка жетмекчи?

Үкөлөрү бир сыйра өз пикирлерин айтып бүткөнчө Абдылдабек баарын жылмайып карап, баарыңардыкы тең туура дегендей маанайда. Акыры ал сөзгө аралашып:

– Бөтөн жерге сугун артып, өзүлөрүнөн башка элди тукум курут кылыш үчүн келген баскынчылар кубалап чык– майынча өзүлөрү кете коебу? – деди.

– Аркалык туугандарыбыз Тагай бийдин балдары орустардан калканыч издейбиз дешил ары жагы ак падышага, бер жагы Омбуга чейин чапкылап жүрүшүп акыры кол куу– шуруп отуруп беришти го, – жыйырмага чыгып калган, акелеринин эң соңунда отурган түк мурут арыкчырай ак жүздүү Камчыбек туталана сүйлөдү.

– Өзүнүн эле туугандары Балбай баатырды оторчуларга кармап беришип, орустар аны түрмөдө уулап өлтүршпөдүбү, – Асанбек үкөсүнүн сөзүн колдоду.

– Ошонун баары сабак – датка кеп баштаганда кызып бараткан уу-дуу тып басылды, – тойго адигиненин бир чети аксакалы, бир чети оң-солго илгертен таанымал Омарбек датка барсын, калган сөздөрдү да учурунда кептешип-кеңеше жатаарсыңар.

 

3.

Гүлшадан Абдылдабек соорусуна суу куйса төгүлгүс кызыл жорго минип чыкты. Чыйырчык ашуусунун туу кырына жете берерде бек артын кылчайып карады, өзүнөн удаа үкөсү Асанбек, ага куйрук улаш жигиттери. Аттар ооздуктарын карсылдата, төрт аяктарын тапырата эттери кызып калган, Кызуу кандуу жигиттер ат үстүндө ээлигише астыларынан кандай жоо чыкса да кирпик ирмешпей атырылып кирчүдөй. Киндик кандары тамган Алайдын абасы, ата конуштун жыты баардыгына дем берип, канат байлап табына жеткире таптап, тээтиги аскасы асман тиреген улуу тоолордон көсөм мүнүшкөр томогосун эми алган шумкарлардай жигиттер шамал менен жарышышып ашуунун туу кырынан төмөн келберсип жаткан кең өрөөндү карай шуулдап жөнөштү, аттар да табында бейм куйрук жалдары канаттай жайылып биринен бири өтөт, бир гана бекке такымдап калышканда күлүктөрүнүн тизгиндерин тартышып аялдашат, тоо башынан көтөрүлүп калган күн буларды кубалап жетпей калганына уяла күлмүңдөгөнсүйт...

Тээ бир оокумда, түзөңгө түшө берерде бек жоргосунун тизгинин тартты. Асанбек кулакашкасы менен акесине жете келип, бирок андан ашып кетпей камчы саптай кийинирээк болуп, сөз айтабы дегендей кулак тосту. Абдылдабек үн катпады. Ал күркүрөгөн күздө учу-кыйырына көз жетпей созулуп жаткан кең өрөөндү тиктеп, жоргосунун жүрүшүн жайлатып баратты. Мына, жашы кыркка чукулдап, кыялкеч балалык кези менен күлгүндөй жаш курагы ушул жерлерде, тээтиги сөөлөттү тоолор менен мобул чалкайган берекелүү өрөөндө калды, нелер гана болбоду, тагдыр дагы эмнелерди тартуулайт?.. Бек кылчайып үкөсүн карап коюп «анда эмесе кеттик» дегендей жол жоргосу менен бараткан кызылынын оозун кое берди. Эми анын ою Гүлшада даярдык көрүп жаткан жигиттерине бурулду.

Алайда эки миңге жакын сарбазды Баатырбек, Мамытбек, Камчыбек баш болгон бектин үкөлөрү дагы бир жолу кароодон өткөрүшүп, кем-карчтарын толукташып, шыбыш болоор менен Ошко түшүп келишмекчи. Жоокерлер жөнүндө сөз болгондо:

– Сандан сапаты, – деген бек үкөлөрүнө, – он миңдеген колду ээрчитип Момун менен Мамыр не муратка жетти? Бечаралардын куралдары союл менен керки, кетмен, балта, көбү жөө, атчандарынын да мингендери чобур. Биздин жигиттерибиздин ар биринде кылыч менен мылтыктары бар, алар кирпик ирмебей кыя чапканды, жазбай атканды билишсин. Ат жаман болсо өмүрүңдү кесет, жакшы болсо өлүмдөн куткарат, – ал ушул сөзгө келгенде баякы түшү дагы оюна кылт этип токтой калып сөзүн шайдоот бүтүргөн, – орустарды карагылачы, алар жер жайнаган кол менен жүрүшкөн жок, урушка киргенде өзүлөрүнөн кеминде он эсе көп душмандарын жеңилүүгө аргасыз кылышууда. Валихан төрө азыр бизди гана күтүп турат!

Ырас, жигиттер негизинен чабуулга даяр болгону менен аны кайсы убакта, кайсы жерден баштоо керектиги али бүдөмүк. Орустардын улам ыкыс берип басып келатышы, Скоблевдин Ошко кирип келип кетиши, Абдыракман афтобачынын ойт бермеси, Болот хандын козголоңчуларынын баш аягы жыйылбай чар жайыттыгы кутпөгөн жагдайларды пайда кылып жатты. Мындай абалда жигиттерди тобокелчиликке салып кызыл кыргынга айдап кирбей, душманга мерчемдүү жерден өлтүрө сокку уруу жеңишке, максатка жетүүгө алып келээрин ичинен жети өлчөп бир кесип келатты ал. Оюна ой кошуп акылдашууга келгенде үкөсү Асанбек өзүнө кандай көмөктөшө алаар экен?

«Асыл таштан, акыл жаштан» эмеспи, анын үстүнө акеси менен жүрүп такшалсын, дасыксын, эртеңки ишти улап кетчү ушулар эмеспи! Асанбек жыйырманын ортосуна ке– лип калган, сырткы кебетеси акелерине түспөлдөш нооча, кызыл жүздүү, кара каш, көздөрү датка энесиндей кара, кер мурут жигит. Анын баскан-турганы шайдоот, ар кандай нерсеге дайыма даяр тургансыйт. Азыр да ал ат үстүндө чепкенин бөктөрүп, күмүш чегерилген кемер куру менен белин кынай курчанып ээринде кыргыйдай, астынан туура жолукканын илип кетчүдөй эки далысын эңиш– тетип отурат.

Бек жигиттери менен Ошко кире бергенде аттарынын бучкактарына чейин тер агып, кыйла жол басып келатышкандары көрүнүп турса да чарчагандыктары билинбейт. Бирде бөрү желишке, бирде жол жоргонун жүрүшүнө салышып, бирде чу коюшуп ызгыган жел менен жарышып сексен чакырымдан ашык жерди үч саатка жетпеген убакта басып өтүшсө да жигиттеринин ээрге кадап койгондой отурушу Абдылдабекти ыраазы кылды. Калган сарбаздары да ушулардай болсо арманда калтырбасын болжолдойт ал.

Шаардын чаң буртулдаган көчөсүнө түшкөндө бек жоргосунун тизгинин тартып, кош колдорун боорлоруна ала коюшуп баш ийишип салам берип жаткан адамдарга жооп кылып келишимдүү суусар тебетейчен башын салабаттуу, сөөлөттүү ийкейт. Эти аябай кызып калган аттар да эл аралап келишкенде элире алчактай басышып, көкүлдөрүн көккө жая ыргышташат, алардын аяктарынан боз топурактын чаңы бургуп арт жактары тумандай түшүп жатса да ойноп жүргөн балдар аларды ээрчий чуркашып маашырланышууда... алар да ушулардай тулпарларын туйлатышып бастыргылары, ат жалында ойногулары келишет...

Дарбазага бек аркан бою жакындай бергенде анын чоң эшиктери ачылып Жусуп менен Алайчы ээрлеринен учуп түшүшүп бектеринин аттарын алышты. Бужерде турушкан күзөтчүлөрдөн баштап малайларга чейин аркимиси өз иштери менен алек болуп жатышкансып чарк айланып калышты. Ошолордун арасынан ак селдесин казандай кылып бир гана адам козголбой бектин аттан түшүп үйгө кадам ташташын күттү. Бул Жакып карыя эле.

– А, туруп калыпсыз, үйгө кириң, – деди бек картты өзүнөн алдыга өткөзүп, бул киши маанилүү кабар менен келгенин туюп.

Эки-үч күндөн бери ат үстүнөн түшпөй жүргөнүнө карабастан бектин баскан-турганы шайдоот жана көңүлү көтөрүңкү эле. Айбанчага кире берер менен чап жаак, узун мурду салаңдаган, суйдаң сакалы сербейген, жээрде чалыш муруту тикчийген малай бектин тебетейи менен чепкенин апкирип кетти, дагы бир шыпылдаган тестиер бала сары жез кумгандан бектин колуна суу куйду. Абдылдабек жүзүн чайып, жазы маңдайына жарашкан ак топулуу башын көтөргөндө бажырайып сүлгү кармап:

– Арбаң, бегим, – деп Тумар бегайым жарк этти, анан ал жанагы чап жаак кодоо малай апкеле койгон көк чапанды эринин үстүнө өзү жаап, назданып турду. Бул жашы отүздардагы, баралына келип, кара каштарына оспо коюлган, ай чырайлуу, ак жибек жоолугу жүзүнө, кош этектүү ак көйнөгү шыңга боюна жарашкан келишкен сулуу аял эле. Бек жубайынын жүзүнө бир карап алып, босогодо өзүн күтүп түрган карыяны ээрчитип конокканага кирип кетти.

Конокканада дүйүм тамак-аш, жер жемиштер коюлган жайыл дасторкон буларды күтүп турган. Ардактуу адамдар орун алышаар менен жанагы чап жаак малай сырты күмүштүн буусу менен оймо-чийме түшүрүлүп кооздолгон кумарадан шербет куюп сунду. Жакып карыя үйүлгөн нандын бирөөнү алып бата кылып, анын четинен кетип оозтийип, чыныдагы шербетти тартып жиберип, ак аралап калган калкагай мурутун жанып:

– Жуда-а, ыраса экен, – деди экинчи кесени алып астына коюп.

– Мезгил кеч күзгө тартканына карабастан күн ысып кетти го, – деди бек четтерине сайма түшүрүлгөн аппак чоң жүзаарчысы менен чекесинен мончоктоп чыккан терин сүртүп, муздак шербеттен кылкылдата жутуп, – Жусуп ака, суусундуктан дагы ичиң.

– Шербет табында тура, – деди карт соодагер малайга көз кыйыгын таштап коюп чыныны оозуна жакындата.

Абдылдабек малайды «бошсуң» дегендей ишаарат кылды. Карыя колундагы кесесин дасторкондун четине коюп дароо сөзун баштады:

– Кечинде Анжияндан киши келди. Анын айткандарына караганда Арзыкул паңсат Намангандан аттанып чыгыш– кан орустун эки төрөсүн жети-сегиз адамы менен афтобачынын сарбаздарынын колунан куткарып кетишиптир.

– А-а, ошондой дең, – Абдылдабек колундагы чынысын жерге коюп, сакал-муруту суюла, кабагы түйүлө калганын карт соодагер байкады. Бек сөзүн токтоо улады, – орустар оңой жоо эмес, алар биздин беш жүз башчыбызды колуна алышкан экен. – Ал азга ойлоно калгансып тунжурай кебин суроо менен аяктады, – эмки кезек кимде?

Абдылдабектин кара көздөрү оттой жанып турду. Жакып карыя мурдагы күнү бектер Алайга аттанышканда эле жолго кайра чыкканы жатканда ишенимдүү жардамчыларынын бири келе турганын угуп токтоп калган. Албетте Арзыкулдун орустарды куткарып калганы элдин баарына тез эле белгилүү болуп калса да, ага карата Абдылдабектин пикирин угуу, ошого жараша тапшырма болоорун ал күткөн.

– Душманга жардамдашкан адам душмандан да жаман, – деди Абдылдабек каары бетине чыга, – эгер беш жүз башчыларыбыз адеп орустарды колдоого өтсөк, анда жөн эле багынып беришибиз керек, Бул биз үчүн жакшы кабар эмес, сабак берчү кабар. Жакып ака, хандыктын мерчемдүү жерлерин, ажерлердеги адамдарды жакшы билесиз, мурдагыдай эле кылт эткендердин баарысын жеткирип туруң.

Карыя сөз бүттү го деген ойдо ордунан козголуп кетүүгө камынды. Бек ага отура бер дегендей ишаарат кылды. Карт соодагер мурдагы калыбында оор басырыктуу кебетесин жазбай отурду, анын сөөк-саактуу түлку, карала адими шайыдан ичине пахта жалатылып тигилген чепкенинен карылуу эки ийнине эки киши отурчудай алп мүчөсүнө жарашкан ак селдечен башы заңкайып аны ого бетер сүрдүү көрсөтүүдө. Абдылдабек эмки сөздү унутуп койгонсуп:

– Болот хан үйлөнүп жатыптыр, – деди басмырт карт жүзүнө үңүлө, соодагер андан кабардар экенин билгизип башын ийип койду. – Тоюна чакырык келди, кечинде датка энебиз менен маслатташып адигинелердин атынан Омарбек датка баш болгон жоонтоп киши бара турган бо– лушту, сиз да биздин кадырлуу аксакалдарыбыздын бирисиз, Искак наспайчы хан аталып калган соң барбай коюшубуз болбос, – бек сөзүн адатынча мыйыгынан жылмайып аяктады, – азыр абалыбыз устаранын мизинде турганда сунулган колдорду кайтарбай, ийилген баштарды кеспей турганыбыз оң.

«Мунун ыргыткан ташы ата-энесиникинен ашпаса кем түшпөс» – деп ойлоду карт соодагер бектин сөзүн угуп отуруп, – акыл-күчү жетилип болуп-толуп турган учуру, кудайым ак жолун ачса...» карыянын ойго бата түшкөнүн байкаган бек бажырая:

– Ие, Жакып ака, эмне болду, наспайчынын тоюна баргыңыз келбей турабы? – деди.

– Жогуң, санаага ар нерсе түшүп кетти, – деди карыя шаша, – а барса барып, хандын өзү менен дидарлашып, ал-абалдарын байкап келели.

Абдылдабек сыр билги адамынын жообуна ыраазы болду.

Омарбек датканын жөнү башка. Ырас, ал Алымбек Кокон хандыгында баш вазир болуп турганда датка наамын алган адигиненин кадырлуу аксакалдарынын бири, күч кайсы тарапта болсо ошол жакка ооп турушу менен да белгилүү, бийликтин көп аки-чүкүсү менен иши жок, соодасатыкка жакын, аны менен катар төрт түлүгүнүн камын көргөн сарамжалдуу адам, жыйган байлыгы менен жогорку чөйрөдөгүлөрдүн жаман-жакшысынан калбай катышат. Жакыптын Тойчубек аттуу улуу эркеги ушул Омарбектин ортончу кызына үйлөнгөн. Козголоңчулардын уюткусунда болуп жаткан окуяны, анын дымагын Омарбек санжыргалдуу салтанаттан көрсө, Жакып анын түпкүрүндө жаткан нерселерди байкай, акыл таразасынан өткөзүп түшүнө турган адам. Бек да карыянын ушул жөндөмдүүлүгүнө баа берип, аны соодагер өзү да түшүнүп отурду.

Жакып карыя кеткенден кийин Абдылдабек чыканагына куш жаздыктарды катар-катар койдуруп кыйшайды эле жети жашка келип калган мотурайган бала томолоно чуркап кирди, ал бирдеңке таап алгандай кудуңдап бекти кучактай баса жыгылды, анын артынан шаша басканда ак жибек жоолугу оң жаагына ооп бараткан бегайым:

– Атаң чарчап келди эс алсын, – деп наздана сүйлөп келатат, – кой десем болбоду, атамды сагындым дейт, атама барам дейт...

Абдылдабек аялынын сөзүн такыр укпаган кишидей, өзү да иш менен жүрүп баласын сагынып калган бейм:

– Мырзапаязым, Мырзатайым... – деп уулунун чекесинен өөп, мойнунан жыттагылайт, атасынын сакал-мурутунан кытыгысы келген бала кыткылыктап чери жазыла күлүп жатат. Булардын жыргап атышканына курсант болгон бегайым күйөөсүнө жанаша отуруп, анын карылуу колдорун кармалап, ак билегин мойнуна арта салгысы келет. Үйбүлөөдө жубайлардын балдары менен жакшы маанайда жаркырап отуруштан артык бакыт жок экенин эрди-катын сезише, ортодогу баласын эркелетише бири-бирине ысык сезим төккөн көздөрүн жиберишет.

Абдылдабек туруп отуруп, алдындагы уулунун коңур чачтарын маңдайынан ылдый сылап жубайына:

– Асанбекти чакыртың, – деди.

– Акемди мен чакырам, акемди мен чакырам... – деп атасынын тизесинде отурган Мырзапаяз чимирилип жөнөдү. Тумар бегайым эл айткандай он эки кар баскан калтардай жылма туруп, суйсала уулунун артынан эт жүрөгү элжиреп баратты.

Асанбек акесинин жанына келип отурар менен чап жаак кодоо малай шыпылдап күмүш жалпак табакка салынган эки чыны менен күмүш чайнекти бектердин астына коюп, дагы бирдеңке керекпи дегендей эки колун бооруна алып турду, Бек ойго баткан кейипте бүлк этти:

– Жоро, бара бериң.

Жоро артына кетенчиктеп, босогодон өтөөр менен эшикти шырп алдырбай аста жаап көздөн далдаа болду.

– Иманкул он башынын кайдан келип бизге кошулганын, түпкү тек жайы ким экенин билдиңби? – деди Абдылдабек үкөсү сунган чайды алып жатып, ончакты жыл илгери атасы Алымбек датка өлтүрүлгөндөн кийин ал короосунда гана эмес айылында жүргөн адамдарга шектүү карап калган эле. Кечээ датка энесинин кашында чогулушуп маслеттешип жатканда да ошол кайгылуу окуя жөнүндө сөз козголгон.

– Теги алайлык имиш, – деди Асанбек ар бир сөзүнө маани бере так айтууга аракеттенип, – тапшырылган ишке дыкан, чабыша кетсе эки-үч адамга алдынбай турган эрмүнөзү бар, он башыга ылайык.

– «Адам аласы ичинде, мал аласы сыртында», сак жана кыраакы болуунун зыяны жок, эрмүнөзү, элпектиги, тилинен бал тамган жүйрүктүгү менен эле баалоого болбойт, баары дилинин актыгында, – бек оор улутүнуп алды, – кеп тек жайында да эместир, «жакшыны жатым, жаманды өзүм дебе бизге дили ак болбосо пулга сатылаар андайлар, ичинде эзелтеден калган кыңыр кеги болсо оңтойлуу учурду күтөөр андайлар...

Асанбектин көз алдына акеси сүйлөп жатканда Иманкулдун шоонадай карасур сөлөкөтү келди, бул шайдоот жигиттин ага бир нерсеси жакпай турду. Ал эмне? Аны акеси да жакшы билбеген үчүн «сактыкта кордук жок» экенин айтып жатат.

– Кишинин ичине кирип чыгыш кыйынго, аке, – деди Асанбек бир чети акесине эреркей күлүп.

– Киргизе коебу? – бек үкөсүнө суроолуу карады. Анын бул көз карашында «жашсың, он түлөгүңдөн бир түлөгүң түлөй элек» деген түшүнүк бар эле, ал сөзүн насаат менен аяктады, – ичине акыл менен кирүү керек, ошол жеткен митаам жана куу болсо ошояктан да акылыңды адаштырат, андайларды айлакердик жана кыраакылык жеңээр.

Бир чыны чай ичилген соң аке-үкөнүн ортосунда сөз Арзыкул паңсат жөнүндө болду. Кезинде Алымбек датка Анжияндын акими кезинде Арызкул тыңчы болуп жүрүп беш жүз башчылыкка жеткенин, ал азыр жашы төш таяп калганда ар кандай иштен качыңкырап, Кудаяр хан орустардан жардам алгандан тартып, ошоякка ыктап жанына жылуу жай издей баштагандыр. Демек беш жүз башы эми бычакка сап болбой калганын айтып отурду бек. Ушундан улам өзүлөрүнүн карамагындагы он, жүз, миң башчылар жөнүндө да кеп салышты. Сөз удулу келгенде:

– Иманкулду беш жүз башчылардын бирөөнүн карамагына жибер, эрдигин ошояктан деле көрсөтсө болот, – деди Абдылдабек.

Асанбек акесинин ар бир айткан сөзүн кунт коюп угуп, анын акылкөй экендигине тан берип отурду. Ал өзү да ошондой болгусу келип жигерденди. Жакыптын балдары жөнүндө да кыска бирок нуска сөздөр айтылды.

– Жакып бизге ак дили менен берилген киши, – деди Абдылдабек оор басырык калыбында, – балдары да өзүндөй, алардан арам саноого болбойт. Жусуптун болуп-толуп түрган учуру, «тишиң барда таш чайна, тиштен кийин аш кайда?» – бек Асанбекке карады. Мындан «керегем сага айтам келиним сен ук, уугум сага айтам уулум сен ук» деген акыл сөздүн өзүнө да тиешеси бар экенин түшүнгөнүн билдире Асанбек башын ийди. Абдылдабек сөзүнүн соңуна чыкты, – кудайды көзүң менен көрбөсөң да акылың менен тааныгандай, болуп жаткан нерселерди көрө билип, тишиңди тишиң түшө электе, күчүңдү билегиңде кубатың барда, акылыңды акылың бөксөрө электе пайдаланып калсаң көсөмдүгүң...

 

4.

Омарбек датка баш болгон адигинелерди Үчкоргонго кире бериште Болот хандын устаты Абдымомун тосуп алды, экөөнүн ортосу аркан бою калганда алар аттарынан түшүшүп, биринчи жолу көрүшүп жатышса да эски тааныштардай кучактарын кенен жайышып өтө сагынып калышкансып учурашышты. Кылычтары белдеринде кыңгырап, мылтыктары ийиндеринде сороктогон Абдымомундун жигиттери улугун туурашып аттарынан түшө колдорун боорлоруна алыша:

– Арбаңыз даткам...

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Word форматында китепти көөчүрүү

 

© Раимбек Абдиев, 2005

 


Количество просмотров: 2338