Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Абдиев Р., 2006. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2017-жылдын 8-февралы

Раимбек АБДИЕВ

Үмүт

Романдын башкы каармандары – күндөлүк жашоо турмуштарында не бир кыйынчылыктарды майтарылбас эрк, кажыбас кайрат менен көтөрө алышкан, эртеңкилеринен үмүт үзүшпөгөн Касымбек менен Күңөтай. XX кылымдын отузунчу, кыркынчы жана элүүнчү жылдарындагы катаал мезгилдин жаркын күбөсү катарында алардын жасаган иштери, жашоо-тиричиликтери, ошол кездеги коомдогу орду чыгармада көркөм чагылдырылат.

Бекжан, ата-энелерибиздин жаркын элестери эсибизде турганда алар бизге дайыма
    дем беришип,
    акылыбызга-акыл кошушуп,
    үмүтүбүзгө-үмүт улап
    турушат!
    күчүбүзгө-күч,

Абдиев Р. А. Үмүт: Роман – Б.: 2006. – 204 б.

УДК 82/821
    ББК 84 Ки 7-4
    А 13
    ISBM 9967-23-475-Х
    А4702300100-06

 

1.

– Эй, үйдө ким бар?

– Өзүң кимсиң? – Боз үйдүн ичинен эркектин кырылдаган үнү чыкты.

– Тегирменге кандай барат?

– Тегирменгеби?.. – Кыязы, кызуу уйкудан капилеттен ойгонгон адам оюн жыйынтыктап жатса керек, саамга токтой сөзүн улады, – дагы баса түшүп, күн батыш жактагы көчөгө чык, анан....

Жети түндө адашкан жолоочу менен абышкасынын суроо-жоопторуна күбө болуп кулак түрүп жаткан Алымбү байбиче байынын көйнөгүнүн капталынан тарткылады:

– Субанбек, Субанбек дейм, токточу, бул Касымбегиңдин үнү эмеспи?

Карыя байбичесинин сөзүнөн кийин эсине келип, «анан» деген боюнча кебин андан ары улай албай шалдайып отуруп калды да, шаша бүлүнүп, төшөгүнөн тура баштады кобура– нып:

– Айланайын, Касыкем келип калганбы?.. Ооба-ооба, ошонумдун үнү, мени кара басып аңдабай калганымды кара... Абышка-кемпир чапандарын желбегей жамына эшикке чыгып келатышты. Демейде жаагы тынбаган ала дөбөттүн да дабышы чыкпайт...

Ай сүттөй жарык эле сыртта. Кобурашып, ээрчишип чыгып келатышкандарды көрүп, тегирмен издеген адам күлүп жиберди кучагын жайып:

– ...Ха-ха-ха... мени тааныбай калдыңарбы? Касымбек эмесминби – ха-ха-ха...

Уулунун карсылдап күлгөнүн укканда, жүзүн айдын мунарыгында даана баамдабаса да, калдайган караанын көргөндө байкуш эненин сүйүнгөнүнөн көздөрүнөн аккан жаш беттерин жууп, баласын бооруна кыса кучактап-өпкүлөп да, жалынып-жалбарып да жатты. Атанын муун-жүүнү бошоп, колубуттары калтырап, шашып жамынган эски чепкени жонунан шыпырылып жерге түшүп, көйнөк-дамбалын түнкү желге делбиретип, Касымбегин байбичеси менен кошо кучактап, баласын кадимки балтырбешик кезиндегисиндей жыттагылап кобуроодо:

– Адегенде, чын эле тегирмен таппай жүргөн киши экен деп ойлободумбу, энең үнүңдөн тааный койбодубу...

Кызуу уктап жаткан өспүрүм Жамал эки көзүн ушалап, кажыкужудан эшикке чыгып, агасынын келгенин баамдаганда «бай-келеп» мойнуна асылды, Ата-эне менен балдарынын күлкү аралашкан куунак добуштарынан канатташ жашаган кошуналары, агатуугандары да ойгонушуп, биринин артынан бири келип жатышып, Субанбек карыянын боз үйүнүн эшигинин алды бат эле азан-казан болуп шаңданып кетти. Алар майдандан келген жоокер менен кучак жая көрүшүшүп, абышка-кемпирди да куттукташып жатышты:

– Бар бол, жоону жеңип келген туйгун!

– Субанбек, Алымбү! Бешик бооңор бек болсун!..

– Кан аккан уруштан Касымбек аман келип ырысыңар тоодой экен...

Кужураган адамдардын арасынан бир кезде Субанбек карыянын кубанычтуу коңур үнү чыкты:

– Агайындар, үйгө кирели...

Алымбү байбиче эми эсине келди бейм, байынын сөзүн укканда чый-пыйы чыгып кетти:

– Апей, абышка, баламдын башынан суу тегеретип ырымдай да элекмин, төшөктү да жыйыш керек... Байбиче сөзүнүн аягына чыкпай чимирилип боз үйгө кирип кетип, бат эле чоң ак кесеге суу апчыгып ырымын жасаган соң күбүрөдү:

– Эми үй ичин жыйыштырып отурганга орун камдай салайын. – Анан босогого кесени көмкөрө салып, ичкери кирип кетти.

– Байбиче өз ырымын жасады, эми... – Субанбек карыя токтоло эки жагын карап, үнүн көтөрүңкү таштады, – Жамал, кайдасың?

Тургандар дуу күлүп жиберишти, анткени карыя өзү эки уулунун ортосунда, болгондо да Касымбегинин оң колунан, Жамалынын сол колунан кармап турган эле. Жамал да куүланып:

– Абышка, Жамалыңды таап келейинби, – дегенде кыраан-каткы күлкү ого бетер жаңырып, булар гана эмес боз үйдө Алымбү байбичеге жардамдашып жүрүшкөн катындар да кошо боорлору эзилди.

Адамдардын таза ниеттеринен чыгып жаткан күлкүсүнө, жайдары мүнөздөрүнө кирсиз асмандагы ай да жылмая бүткүл түнкү жарыгын буларга чачып, ушул агадил адамдарды таштап кеткиси келбей түбөлүк сапарын токтотуп койгондой. Субанбек карыя уулунун саксаламат келгенине кубанганынан калдастап шашып да, эч нерсени байкабай да калганын мойнуна ала борсулдап күлүп:

– Балам, – деди сол колтугунда күлмүңдөл турган узун бойлуу, өзүнө окшош сары чийкил Жамалына жүзүн буруп, – короодон баягы байкең келгенде түлөөгө деп арнаган ак сары башыл соолукту апкелегой, кысыр калып семиз эле...

Жамал ак сары башылды бат эле таап келди, семиз кой жарданган элден чочулап, кармаган ордуна турбай жулуна ыргыштап, мага эмне күндү көрсөтүп жатасыңар дегендей саргыч көздөрү менен адамдарга карап маарап коет. Үйдөгү жумуштарын бүтүштү окшойт аңгыча Алымбү баш болгон аялдар да эшикке чыгышып эркектерге кошулуп кыбыланы карашты. Субанбек карыя тамагын кырып, батага даярдана баштаганда байбичеси курун колуна карматты. Карыя курун мойнуна салып, эки колун бооруна алып, сербейген сакалдуу арык жүзү менен түпсүз түнкү асманга карап алып, андан соң сезим түпкүрүнөн, бүткүл жан дүйнөсүнөн сызылып чыккан ыраазылыгын, ак тилегин айтып кош алаканын жайып:

– О, көк теңир! О, жаратканым!.. – Карыянын үнү буула бошой түшүп анан шар кетти,– Касымбегимди аман-эсен көрсөткөн бир өзүңө миң мертебе ыракмат, миң мертебе ыраазымын! Мындан ары эл-журтумдун, бала-бакырамдын жаманчылыктарын көрсөтө көрбө...

Адаттагыдай, кошуна-колоңдордун жаштары түлөөнүн малы союлгандан тартып, боорсок бышырганга чейинки бүткүл жумуштарын өз колдоруна алышып, от жагып, казан асып жиберишти. Аңгыча саратандын кыска түнү да мыйзамын карытып, чыгыштан таң шооласын чачты. Карыялар төргө отурушуп, канмайдандан келген жоокерди ортого алышып, уруштун аяктаганына бир жылдан ашып баратса да болгон укмуштарды төрт жыл бою канды суудай кечип келген адам– дын өз оозунан угуудан тажашпайт.

Мүнөзү токтоо, көп сүйлөбөгөн, сөзгө сараң Касымбек аты небак уламышка айланган Панфиловдун дивизиясында болуп, Волоколамскиден Берлинге чейин барганын айтып жатты... Отургандар анын гимнастеркасынын төшүнө тагылган «Кызыл Туу» жана «Даңк» ордендерине, башка сыйлыктарынын белгисин көрсөткөн түркүн түстөгү тасмаларына карап коюшат. Казанда боркулдап кайнап жаткан этти оодарыштырып, сорпосун сапыруу менен алек болгон Жамалдын көздөрү да байкесикин келишимдүү кара тору жүзүндө, ага куп жарашкан аскер кийими, эки ийниндеги капитан чинин айгинелеген погондорунда. Ал агасынын кандай командир болгонун жана да канча душманды кантип кан жуткурганын уккусу келип кыпылдайт. Бирок капитан Касымбек өзү жөнүндө бир ооз сөз айтпай, башка жоокерлердин эрдиктерин, боорукердиктерин кеп салууда...

Күндүн чыгышы менен жашыраактары аш даяр болгончо малдарын жайытка чыгарып келүүгө жөнөштү. Ушул учурда айылдан окчунураак жашаган Субанбектин жалгыз кызы Нажи күйөөсү Бегалы менен карпакурп үйгө киришти. Энеси Алымбүгө да, байкеси Касымбекке да союп каптап койгондой окшош, келишкен сулуу Нажи өзүн көргөндө ордунан атып турган агасынын мойнуна асылып, татынакай эриндери кубанганынан күлүп жатса, көздөрүнөн сүйүнүчтүн жаштары чубуруп, бир туугандардын көрүшкөндөрүнө күбө болгондорду кошо ыйлатышып, алдыртан кобур чыкты:

– Кыз байкуш ай, кыз байкуш...

– Кыздай неме барбы каранкүн...

Канчалык токтоо болсо да Касымбек оң алаканы менен карындашынын башынан сылап, чекесинен өпкүлөп, сол алаканы менен көздөрүнүн жашын сүртүп:

– Садагаң, аман-эсен көрүштүк... – деп кобурайт.

Агасынын бул сөзүн, кичинекейинен тааныш үнүн укканда Нажи ого бетер өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап жатты. Алымбү байбиче уулун айлуу түндө адеп көргөндө төккөн көз жашын кызы менен кошо дагы бир жолу көлдөтүп алып кайраттана бурк этти:

– Болду эми, кайран неме...

Андан ары кызына дагы бирдеңке айтайын деди эле, мууну кайра бошоп кетти.

Эпилдеп, күйөө бала катары карыяларга чай суна баштаган чийкил сары Бегалынын көздөрү да кызарып, кайынжур-тунун бүгүнкү бактытаалайы менен ырыскысын тең бөлүшүп жаткансыйт. Коломтодогу от бир калыпта күйүп, казандагы эт бир калыпта кайноодо. Бегаалы чеңгелдин салаасы менен боордун төмпөйгөн жерин сайып көрдү эле аз кан аралаш шүүшүн чыкты. Буга көз кырын салып отурган Субанбек карыя алдыртан бүлк этти:

– Ырас, убагы экен.

– Боорду каны менен жебесе пайдасы болобу, – деп төрдө отурган мурду барбайган, ээгинде чокчойгон суюк сакалы бар Молдош аксакал үй ээсинин сөзүн колдоду.

– Анын үстүнө катып кетип желбей да калат, – деди бапырактап аксакалдуу сары Бердибай чийбаркыттан тигилген кара топусун башынан алып, жүз аарчысы менен чекесинен мончоктоп аккан терин сүртүп, – куйрук бышканча эшикке чыга турсак кантет?

Бердибайдын сөзүнө баары күлүштү. Күн көтөрүлө башта– ган сайын коломтодогу отко кошулуп, боз үйдүн туурдугун кырчоого чейин түрүп койгонго карабастан үп болуп чыккан.

– Жамал, – деди Субанбек карыя жадырап-жайнаган кызылдуу жүзүн эми эле Бегалы чеңгел менен боорду табакка салып, аны чыгдандын түбүнө коюп жаткан баласына буруп, – эшикке көлөкөгө кийиз салчы, Бекем айткандай камыгып кеттик.

Баскан-турганы илбериңки жана шайдоот Жамал атасы айткан жумушту бат эле аткарды. Коноктор кужурашып эшикке чыгышып, түндөн бери уйуй тушкөн буттарын жазышып жаңы жерден кайра орун алышканча Бегалы кесе койгон керчөөнү Жамал шыпылдап тарелкага салып, атасына ооз тийгизип, андан кийин Молдош карыяга сунду.

– Адегенде мазар басып, жоону жеңип келген Касымбек алсын, бүгүн бу баламдын жолу улук, – деп болбоду ал.

Бирдеңке эсино тушө калгансып Бердибай абышка боз үйдү карап бапылдады:

– Ой, байбиче, байбиче!.. Жамал балам, Умсунай энеңе айтчы, катындар узак сөзгө кирип алышкан го укпай жатат, жанагы жалгыз бээнин кымызын быякка апкелсин, Касыкем ооз тийсин...

– Угуп эле жатам абышка, – боз үйдөн бүкүр кара кемпир бөкчөңдөп чыгып келатты, – өзүм да барайын деп жаттым эле, кепке алаксып калыптырмын курган жаным, балдардын да малсалдан колдору бошобой калышты го:

Бул сөздү угаар менен Жамал купшуңдап:

– Апа, кымызды мен деле алып келе коем, – деп айылдын жогору жагындагы тору төбөл боз үйдү карай шартылдай басты.

– Субанбек, ушул уулуң жарайт, – деп каркылдады Молдош аксакал буту-бутуна тийбей кетип бараткан Жамалды узата карап.

Бүкүр кара кемпир бир орунга турбай нары-бери басып үй жагынан көзүн албады. Билинээр-билинбес жүргөн жел көңүл сергитип адамдардын бети-башын сылайт. Күн улам көтөрүлгөн сайын келберсиген сары өзөн кең Чүйдүн кутман талаасы сөөлөттүү Алатоо чокуларынан тартып, түндүктөгү казак жерине чейин керилет. Ушул көрүнүштүн өзү эле адамдын пейлин тойгузуп, көңүлүңдү көкөлөтөт. Ана, кол чаначта аз бөксө кымызды кош колдоп көтөрүп Жамал да келатат. Ал жакындай бергенде бөкчөйгөн кара кемпир белин түзөп өйдө боло безилдеп жиберди:

– Э-э, каранкүн, ачыткы койбой баарын көтөрүп келатасыңбы?

– Апа, көрөңгөлүк калтырдым, – деп Жамал мулуңдады.

– Кокуй, балдар эмне кылып жатыптыр эмдигиче жок?

– Алар азыр келишет, апа, эртең менен байкеме учурашып кетишпеди беле?

– И-и, ошондой десең, – бүкүр кара кемпир санаасы тына боз үйгө бет алды.

– Байбичелерге да бул бактын ичине көлөкөгө орун даярдагылачы, – деди Субанбек карыя, – алар да салкынга чыгышсын.

Көп узабай аялдар да эркектер менен катарлаш бактын көлөкөсүнөн жай алышып, келээр-кетээр сөздөр айтылып, баары жадырап-жайнап отурушту. Бактардын шактарында канаттуулар түркүн ыргакта сайрашып, теребел өзүнчө көрккө бөлөнүп чалкып турду.

Улуу шашкеде тамак даяр болуп, Жамал эпилдеп коноктордун колдоруна суу куя баштаганда айылдын батыш тарабынан сопол куйрук тору атчан аял көрүндү. Бул Бекетай айылына мындай учурда чоочун кара, шамшаркыт жолоочулар келе бербегендиктен, отургандар ким болуп кетти дешкендей ага жүздөрүн буруп суроолуу карашты. Атчан жакындай бергенде Касымбектин артында комдонуп жаткан ала дөбөт аябай сагынып калгансып атырыла чуркап барып, арсылдап асылуунун ордуна куйруктарын шыйпаңдатып ээрчий желе басты. Субанбек карыя суйдаң сакалын сербейте ээгин көтөрүп ордунан козголо:

– Анаркүл балдызым тура, – деди.

Касымбек таежесинин атын угаары менен ыкчам туруп жолоочуну утурлай басты. Ал аркан боюндай калганда Анаркүл чылбыр тизгинин кое берип, бакырып жиберип, атынан то– молонуп-жумаланып түштү:

– Каралдым, Касымбегим беле? Аман-эсен келдиңби айланып кетейин... Жүрөгүм ушул жакшылыкты сезген экен...

Көздөрүнүн жашы он талаа болуп кучагын жая албай, кубанганынан аяк шилтей албай турган таяежесин Касымбек жетип бооруна кысты. А деп сөз айтууга, кадам таштап басууга жарабай, жетине албаган Анаркүл жээнинин бети-башынан чоло жерин калтырбай өпкүлөп жатып, качан гана сагынычы тарагандай болгондо тили күрмөөгө келди:

– Эмдигиче эмне мага сүйүнчүлөп коюшпайт? Силерди аман келишээр бекен? Силерден бизге топурак буюраар бекен? Силердин көзүңөрдү көрүп өлүп кетсек кудайга арманыбыз жок эле деп жүрүп куурадык го, каралдым...

Субанбек карыя менен Алымбү байбиче Анаркүлдүн жанына келишип, аны менен көрүшүп, ал сөзүн токтоткончо ага бажырайып карап турушту.

Тизгин-чылбырын кое берип таежеси түшкөндө бош калып тескери басып бараткан сопол куйрук торуну Жамал чуркап жетип кармап келип, үйдүн кашындагы мамыга байлап жатты. Анаркүл демин басып оор үшкүрдү. Бул жашы кырк-тарда, эжеси Алымбүгө түспөлдөш каратору, кырдач мурун сулуу аял эле.

– Балдызым, Касыкең түн ортосу ооп калганда келди, – деди Субанбек.

– Эй, кокуй, ошондо эле Жамалды эмне үчүн мага чаптырган жоксуңар, – деп Анаркүл жездесин сүйлөтпөй таарына көздөрүнүн жашын сүрттү.

– Ой, жээниңдин келгени да бир кызык, – Апымбү сиңдисин колдон ала эл отурган жакка ээрчите басып, Касымбегинин адашкан адам болуп үн катканын айтып түгөтө албай чечекейи чеч болуп баратты.

Бекетайлыктар Ортосуудан келген кудача Анаркүлдү жакшы сөз менен тосуп алышты:

– Жакшыбы, айланайын кудача?

– Аш алдыга коюларда келип, тилегиң жакшы экен Анаркүл!

– Жогору өт, кудача...

Анаркүлдүн дагы эле таарынчысы тарай элек. Таежесинин орун алышын күтүп турган Касымбекке ал дагы бир жолу карап алып, аны кунактап дагы да букулдап ыйлап жиберди. Муну көрүп отурган катындар өз ара күбүрөшүүдө:

– Байкуш, анан кантсин.

– Эмдигиче урушка кеткен күйөөсү менен жалгыз уулунан кат-кабар жок.

– А-а, бечара:

– Бир кызы бар эле, турмушка чыкты деп уктук.

– Байкуштун багы ачылсын.

– Эми ким менен турат экен?

– Дайынсыз уулунун келинчеги менен.

– Анын канча баласы бар?

– Баласы жок дешет.

– Экөө эле коколой баштары менен турбайбы?

– Күйүтү күчтүү экен бечаранын, көөдөнүнөн көк түтүн чыгып жатканы эп ...

Буга окшогон сөздөр коноктор узашкандан кийин эже-сиңдинин ортосунда да уланды. Билип турса да, Алымбү көңүл үчүн сиңдисине алдыртан суроо узатты:

– Жаман жалгызыңдан, күйөөңдөн кат-кабар барбы?

Суроону укканда Анаркүл оор үшкүрүк алып, көздөрүнүн жашын кылгырта жооп берди:

– Жок. Келиним менден беш бетер саргайып бүттү, байкуштар ойгонсок оюубузда, уктасак түшүбүздө, Касыкеме окшоп, бир күнү жарк этип кирип келишээр бекен... – Анаркүл сөзүн андан ары улай албай буркурап жиберди да, дагы да үшкүрүгү таш жара эриндери титиреп сөзүн аяктады, – күн сайын, саат сайын сүйүнүчтүү бир кабар болуп калаар бекен деп үмүт менен жашап жатабыз, – ал дагы жашып баратып, кызыл жибек жүз аарчысы менен көздөрүн басып токтоду.

– Үмүтүңдү үзбөгөнүң жакшы, – деди Алымбү Анаркүлгө бажырая карап, сиңдисинин көңүлүн көтөрө, – али жашсың, көрө турганың дагы алдыда.

Анаркүл жаш толгон бадырайган кара көздөрүн алайтып, эжесине суроолуу карады:

– Эмне дейсиң?..

Аяк оонанын аптабы, чөп башын кыймылдаткан жел жок, аба коюуланып үп тарта жашыл кымкап жамынган талаа көшүүн. Асманда учкан канаттуулар да көзгө урунбайт, тек гана саргайып бараткан чөптөрдүн арасынан чегирткелердин чыртылдаган дабышы угулат. Береги Ортосуу айылынын алдындагы кызылча талаасынын ар кайсы жеринен жер тытып жаткан аялдардын караандары адамдардын түмөн түйшүктүү турмушунан жандуу кабар берүүдө. Күн мээ кайнатып чак түш болуп калса да, аялдар баш көтөрбөй жан алакетке түшүүдө. Тээ кызылча талаасынын нары жагында беде сугарып жүрүшкөн эки адамдын эрбеңдешкен караандары көзгө урунат. Күңөтай чекесинен аккан терин кызыл гүлдүү жоолугунун учу менен сүртүп, өйдө болуп күнгө карап коюп, бир кулак суу аккан сейрек талы бар жээкти карай басты. Аны эле күтүп турушкансып калган катындар да ыкшоо жөнөштү.

Күңөтай арыктын боюна жетээр менен жылжып аккан сууга жүзүн чайып өйдө болуп, артынан талаанын ар кайсы жеринен илкий басып келатышкан курбуларын карады. Негедир анын бүгүн көңүлү чөгүңкү, ак жуумал жүзү суз, көздөрү ойлуу. Ал эми талдын көлөкөсүнө өскөн калың чөпкө отуруп арыктын кырындагы бөз баштыгынан максым куюлган алюминий бидонду апчыгып, ар кайсы жеринен сыры түшө баштаган кызыл кружкага куюп жатканда артынан эркектин үнү чыкты:

– Пай-пай, күн аябай ысып кетти го...

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Word форматында китепти көөчүрүү

 

© Абдиев Р., 2006

 


Количество просмотров: 1698