Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Бурулуш Сатиева, 2017. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2017-жылдын 13-апрели

Бурулуш Казаковна САТИЕВА

Эки тарап-2

Экинчи бөлүм

Бул романда, биздин өлкөнүн элинин 90чу жылдардан тартып ушул мезгилге чейинки жашоосундагы өзгөрүүлөр жөнүндө баяндалат. Ал өзгөрүүлөр бири-бирин сүйгөн экиадамдын тагдыры аркылуу чагылдырылат. Турмуштун татаал жолдору экөөнү эки жакка бөлүнүп кетүүгө аргасыз кылат. Баштарынан мин түркүн окуяларды өткөрүп,көптөгөн жылдардан кийин экөө, эчак экиге бөлүнүп кеткен жашоонун карама-каршы тараптарынан кезигишет. Экөө өзгөрүп аткан жашоону өз түшүнүктөрүндө ар кандай кабыл алып, алардын жеке турмушу ошол көз караштарына жараша өтөт. Романдагы каармандардын көпчүлүгу жашоодон алынган образдар, окуялардын да көп бөлүгүтурмуштан алынган. Мен болгону окуялар менен адамдардын тагдырларын бири-бирине байланыштырып, кызыктуу роман жазганга аракет кылдым.

 

– Өлүгүндү кана көрөйүн бетпак, эл караган бетимди жер каратты, бул шермендеге эми кандай чара колдонуш керек экенин мен билбей калдым, ай жалдырабай сен бир айласын тапсан боло ыя? – жанында бүжүрөп отурган улуу келинин жоон сандан аткыган Айжандын кайын энеси шору шорподой катып күйүттүү бакырды. Демейде тилин жанып тибиреген келини бүгүн тилин жутуп койгондой. Кайын энесин жалдырай тиктеп, ушул азыр аткымак тургай кесип алса деле андан акыл чыкчудай эмес. Айжандын кошунасына, эгерде атчан бирөө келсе дароо айт деп “жакшылап” сүйлөшүп койгон кемпир. Ал аял түнгө карабай, Айжандыкына атчан киши келгенин айтып келген. Аны уккандан бери Айжандын кайын энеси каарын чачып,уйкусу качып ары-бери басып жүрөт. 

– Иий, шорум ий шорум, айла жок кантейин, өлүгүндү көрөйүндү тирүүлөй бышырып жейт элем, уулумдун баскан изинен айлансын ушул бетпак!

– Апа, көп эле капа боло бербесениз, эми жети түндө кантип барабыз, эртен менен эле берели ал шуркуянын азабын, -улуу келини мынкылдады, – болбосо кудай өзү берет анын азабын.

– Кудай өзү берет деп деле көр муну, – кемпир ансыз да коркуп турган келинди акшырая карады, – кудайын да кудуреттүүнүкү билгин келсе, тур, анын жазасын мен өзүм эле берем, баламдан айлансын ошол бетпак! Жүрү, азыр эле барабыз, жети түн болсо кайра жакшы, азыр үстүнөн чыгабыз, тур!– каарына келген кемпир ордунан ыргып турду. Келинин ийининен аткый тургузуп, аттап-буттай Айжандыкына бет алды.

Ит абалап үргөнүнөн Алмаз келип калдыбы деп терезеге үнүлгөн Айжан, короодогу жарыктан кайын энеси менен улуу абысынынын келе жатышканын көрүп, жамандыктын жышаанын сезди. Булар жөн келе жатышкан жок! Түн ортосунда жөн келмек беле. Алар үйдөн Арсарды көрсө сөз ырбап кетээрин түшүндү да:

– Кайын энем келе жатат, сен бул жакка кирип турчу, – деп Арсарды төркү бөлмөгө тыга салды.Ангыча кайын энеси да кирип келди. Айжандын жүгүнгөнүн алкамак тургай каргады:

– О бетинди урайын бетпак десе жүгүнбөй эле кой мага, мындан кийин сен менин келиним эмессин, менин баламдан айлан шерменде! – деп Айжанга тап берди. Жасоолундай болуп жанында турган улуу келини кайын энесин колдон тартып калды.

– Апа, бир ачуунузду мага беринизчи, жайынча эле сүйлөшөлү, – деди жалооруй. Айжандын да чапчан мүнөзүн билген келин ушул жерден ит жыгылыш болуп кетеби деп коркту.

– Ай сен какмар тартчы колунду, ушундай бетпак менен кантип жай отуруп сүйлөшөм мен ыя? – келинин түрттү кемпир. Эмне жөнүндө сөз болуп атканын айдан ачык түшүнсө да, Айжан билмексен болуп:

– Апа, эмнеге мынча ачууландыныз, айтсаныз боло, кайсы кылган күнөөм үчүн ушинтип жатасыз, – деп сурады өзүн сабырдуу кармап.

– А, өлүгүндү көрөйүн шерменде, сен күнөөндү алигиче биле элексинби, сен кылыктарындын баарын күнөө эмес деп эсептейсинби? Ушул убакка чейин жатпай кимди күтүп отурасын ыя?

– Кайсы кылгымды айтып жатасыз жарыктык, менин көп эле кылыктарым бар, кайсынысын айтып жатканынызды мен кайдан билейин. Сиз да тынч уктай албай жети түндө мен андып келгенсиз го? – Айжан кер какшыкка алды кемпирди. Кемпирдин ого бетер ызасы кайнады.

– Жанагы сасыган ичкичтин баласы менен коюндаш болуп жүргөн кылыгынды айтып жатам бетпак, же сен аны танасынбы?

– Сасыган ичкич дегениниз ким ботом? – Айжан анткорсуду.

– Ии айбан десе, коюндаш болуп жүргөнүндүн кимдин баласы экенин да билбейсин го сен, же сага бары бирби? Сага эркек болсо эле болду экен да ээ ? Мен азыр сага айтып берем күнөөндү, же өзүндүн актыгынды далилдеп бер, же болбосо үйдөн чыгып ошол какмарга барып кирип ал.

– Айта бериниз, күнөөм болсо мойнума алам, – Айжан кесе жооп берди.

– Анда эмесе угуп тур, жанагы өйүздөгү айылдан Сабырбек колукту алчуда келип чуу салган неме сенин үйүнө ат тезегин кургатпай келип калыптыр, тигине атынын тезеги алигиче кургабай жатат короондо. Аны кантип танасын, же сен корооно жылкы багып калдын беле? – кемпир Айжанды жутуп жиберчүдөй бакырды. Айжан көпкө унчукпай турду. 

– Ооба, бул сөзүнүз чындык, ким жеткирип барса да туура айтыптыр, – Айжан абысынын көзүнүн кыйыгы менен карап койду, бирок эч кебелбеди. Андан мындай жоопту күтпөгөн кемпир бир саам далдырап калды.

– Иий бетпак, ушуну угат белем кокуй, – деп стол үстүндө турган табакты ала калып Айжанды көздөй ыргытып жиберди. Табак Айжанга тийбей тамга барып бир тийип, жерге кангырап түштү. Айжандын кыжыры келе түштү. Ушул жерден биротоло баарын бүтүргүсү келди.

– Болду эми жетишет, эмеле өзүнүз айттыныз го менин келиним эмессин деп, демек сиз да менин кайын энем эмессиз, эми биз чоочун адамдарбыз, ушундай болгону баарыбызга жакшы болду. Эми мени урууга акыныз жок сиздин, чыкса чыгып кетем, – деди Айжан кайын энесине тике карап.

– Мен сага акыны көрсөтөм, бетинди чарыктай тытып туруп жолго салам, болбосо өз колум менен мууздайм, – деп бакырган кемпир, тегерегин алактай карап, стол үстүндөгү оор вазаны колуна ала калды. Айжан да карап калган жок. Ал колуна кичинекей отургучту ала калып:

– Болдунуз эми, менин да аяна турган жаным жок, мен чыгып кетем үйдөн, азыр эле чыгам, – деп кыйкырды. Ортодо турган абысынын үрөйү учуп экөөнү алмак салмак карай берди.

– Жогол, барып ошол тентиген ичкичтин баласына кирип ал, ошондо көрөм жашоонду, – деп кыйкырды кемпир.

– Силер үчүн ал тентиген ичкичтин баласы болсо, мен үчүн бул ааламда андан өткөн жакшы адам жок. Силер үчүн бакыт бирөөнүн төрүнөн түшпөй отуруу, көр дүнүйө жыйып ошону менен ар кимге мактануу болсо, мен үчүн сүйгөн адамым менен көнүлдөш болуу, ошону менен коюндаш болуу, ошону менен тилектеш болуудан өткөн бакыт жок! Түшүндүнөрбү?! Жоок, силер мени кайдан түшүнмөк эленер, биз таптакыр башка адамдарбыз, мен эми кармасанар да турбайм бул үйгө, ошол селсаяк менен көзүм көргөн жакка жетелешип кете берем! Колунардан келген жамандыктын баарын жасагыла, мен көтөрөм, Алмаз үчүн баарын көтөрөм, уулунарга болсо Айчүрөк алып бергиле маа демектен! -деп кыйкырды Айжан.

Өмүрүндө мындай каршылыкты эч кимден көбөгөн кемпирдин алдасы оозунан түштү. Айжандын сөздөрү куйкасын куруштуруп жиберди. Ушул убакта чуудан ойгонуп кеткен Айжандын уулу аркы бөлмөдөн көзүн ушалап чыга калды. Сууга аккан адам чөп кармайт болуп, айласы куруп турган кемпир баланы колуна ала калды.

– Баланы мен сага бербейм, уктунбу, тентисен өзүн тентий бер, тукумубузду куруткандай алым жок, – деп акылдаган кемпир баланын ыйлаганына болбой, колунан чыгарбай бооруна кысып алды.

– Эгер баланы коё бербесенер, өлбөгөн жерде калышам, – Айжан колуна эт туураган бычакты ала калды.

– Ий какмар, бул эмне дейт ыя, ай эмне турасын жалдырап, ал тигинин колундагыны, – кемпир улуу келинине бакырды.

– Жок, мага жолобонуз жене, менин эми аяна турган эч нерсем жок, бергиле баланы, болбосо жарып салам бирөөндү! –деп бакырды Айжан. Анын айбатынан сүрдөгөн абысыны каккан казыктай ордуна кадалды. Төркү бөлмөдө камалып турган Арсар ушул тапта чын эле бир балээ болуп жүрбөсүн деп чочулады.

– Ташта дейм баланы! – Айжан эми жараланган аюдай ачуу чанырды. Арсар төркү бөлмөдөн чыга калды. Аны көргөндө кемпирдин оозу ачылды.

– Апей ботом, бул тиги биздин Сабырбектин колуктусу го?

– Апей, чын эле ошол экен! – дендароо болуп турган келин кайненесин коштоду.

– Мунусу кайдан жүрөт бул жерде? Ии, эки шүмшүк бириккен тура! – кемпир мөрөй колуна тийген немече сүйлөдү. Арсар жини менен кемпирди акшырая карады.

– Айжан кой, буларга тенелгенде болбойт, берчи, – Арсар Айжандын колундагы бычакты акырын алды. Кемпир баланы колунан жерге түшүрүп:

– Ай бас, бул экөөнө киши ээрчитип келбесек болбойт, элди чакырып келип булардын абийирин айрандай төкпөсөк болбойт, – улуу келинин алка жакадан алып, делдендетип сүйрөп чыкты үйдөн. Айжан менен Арсар бир саам үндөбөй тиктешип турушту.

– Айжан, мен бул жерден тезирээк кетпесем болбойт, кайын энен киши ээрчитип келсе соо коюшпайт го алар мени, – Арсар биринчи эсине келди.

– Арсар, мен да кетишим керек бул жерден, алар мени соо коёт дейсинби, алар баламды тартып алышып, мени ким көрдү кылып коюшу мүмкүн. Мен эми байласа да тура албайм бул үйгө. Мени бир аз күтө турчу, мен тез эле даяр болом, – деп өтүндү Айжан Арсардан.

Айжан тез эле даяр болду. Айжан баласын колуна көтөрүп, Арсар түйүнчөктү көтөрүп, экөө жүгүргөн тейден чон сайды көздөй бет алышты. Айылдан бир топ алыстап кеткен сон, экөө үйдөй болгон чон бадалдын түбүнө күшүлдөй отуруп калышты. Демдери басылгыча далайга унчукпай отурушту. 

– Айжан, тигилер Алмазды кармап алышса эмне болот? – Арсар биринчи унчукту.

– Алмаз аларга оной менен кармата койбос. Бирок ал эми бизди издеп убара болот го.

– Ооба, ошентет го. Бирок тигилерге кармалып калбаса эле болду.

– Кудай сактаса экен эми аны, – экөө кайрадан унчукпай ойлонуп калышты. Бир убакта Арсар баятан жүрөгүн өйүгөн суроону берди.

– Айжан, сенин кайын энен чындыкты айтабы?

– Ыя? Эмне дейсин? Кайсы чындыкты? – Айжан адегенде Арсардын суроосуна түшүнгөн жок.

– А, тиги Алмаз жөнүндө, – Арсардын ичи уйгу– туйгу болду.

– А, Алмаз жөнүндөбү. Ооба Арсар, ал чындык. Мен эми түшүндүм чыныгы бакыт, чыныгы сүйүү деген кандай болоорун, – Айжан чын дилинен жооп берди.

– А Алмазчы? Алмаз сени сүйөбү?

– Алмазбы? – Айжан ойлонуп калды, – билбейм Арсар, Алмаз мени чындап эле сүйөбү билбейм, бирок мен үчүн анын мааниси деле жок. Мен өзүм аны чын жүрөгүмдөн сүйөм, мага ошол эле жетиштүү, мага эми ансыз жашоо, жашоо деле эмес, – Айжандын үнү калтырап чыкты.

– Түшүнөм, – Арсар аргасыз оор үшкүрүп алды. Айжан алда нени шексингендей Арсарды карап калды.

– Арсар, мен Алмаз экөөн жөнүндө да укканым бар, Алмаз өзү айтып берген мага баарын, бирок мен Алмазга сен күйөөгө тийип кеткенден кийин жолуктум. Эми сен аны күнөөлөбө, – деди Айжан.

– Жок Айжан, мен эч кимди күнөөлөгүм келбейт, Алмазды күтө албаган күнөө менин өзүмдө. Мен эми Алмаздын бактылуу болушун гана каалайм. Алмаз сендей жакшы адамга кабылганына мен ал түгүл кубанычтамын, – Арсар Айжандын көзүнө карады.

– Рахмат сага Арсар, мен Алмазды бактылуу кылууга колумдан келгендин баарын жасайм, мен аны чынында эле сүйөм. Мен бул күйөөмө айлам жоктон эле тийгем, кийин балким сүйүү өзү келээр деп ойлогом, бирок андай болгон жок. Ошентсе да ушул жерге келгениме эч өкүнбөйм, себеби мен башка жакта болсом Алмазды кезиктирбей калышым мүмкүн эле да. Биз Алмаз экөөбүз жетелешип, башыбыз оогон жакка басып кете берели деп чечкенбиз. Мен кайын энем келип ызы-чуу салбаган күндө деле кетмекмин ал үйдөн, – дедиАйжан.

– Ооба Айжан, сен туура чечим кабыл алгансын, сүйбөгөн адамын менен мин балакет кылсан да жашаш өтө оор болоорун мен өзүмдөн билем.Анын үстүнө сен кайын энендер менен кайнаса каны кошулбай турган адамдар экенсинер,булар менен бир эл болуп жашаш сага оор болуп калат. Эми кайын энен оной менен басылбайт го. Айжан, менин болсо кайын энем алтын киши, бирок күйөөм ченден чыккан зөөкүр болуп чыкты.Ал мени жүзү каралык менен алдаган, мен ага күйөөө чыгууга аргасыз болдум. Бирок экөөбүздүн жашообуз ит жашоо болду. Ал мени бул жашоодо баарынан ажыратты. Мени сүйгөн адамымдан ажыратты, андан сон мени эне болуу укугумдан ажыратты. Эми мен эч качан балалуу болбойм, – Арсар бетин басып ыйлап жиберди.

– Арсар, кой ыйлабачы, сенин жапжаш туруп ушунчалык азапты көргөнүнө мен тан калып атам. Бирок жашоодон үмүтүндү үзбө, балким жүрө – жүрө баары жакшы болуп кетет, – Айжан Арсарды чачынан сылап жоошутту.

– Мен кылмыш кылдым Айжан, мен күйөөмдү бычак менен сайып салдым. Анан үйүн да өрттөп салайын деп от коюп качып кеткем. Ушул сайда качып баратып кокустан Алмазга жолугуп калдым. Тагдырдын тамашасын кара! Алмаз азыр сенин үйүнө келет, ал Сабырбектин өлүү же тирүүсүн билип келейин деген. Кайын энендер киши ээрчитип кайра келишсе эмне болот? – Арсар Айжанды суроолуу тиктеди. Айжан да эсине келе калгандай таныркап калды.

– И, чын эле эмне болот? – экөө бири бирин тиктеп ойлонуп калышты.

– Айжан, сага азыр үйүнө барууга эч болбойт, тигилер сени кармап алышса соо койбойт. Мен алар үчүн чоочун кишимин, мен барып акырын акмалап келейин эмне болуп атканын, сен ушул жерден жылбай отуруп тур. Алмазды акырын бир айласын таап чакырып келейин, – деди Арсар.

– А сени алар жөн коюшабы? Кайын энем жана көрдү сени биздин үйдөн, алар сага да жамандык кылып коюшу мүмкүн да, жок Арсар мен өзүм эле барайын, сен бала менен ушул жерге отуруп тур. Мен алар менен биротоло эсептешип келем – Айжан ордунан тура калды. Арсар да ордунан ыргып туруп Айжандын ийнинен басып кайра отургузду:

– Жок Айжан андай кылганыбыз болбойт, балан мени жакшы тааныбайт, ал ыйласа мен эмне кылам? Экинчиден мени кайын энен менен абысынындан башкалар тааныбайт, ошондуктан мен эле барганым он, – деп кесе айтты

– Болуптур анда, – Айжан аргасыз макул болду, – бирок этият бол Арсар, менин кайындарым зөөкүр адамдар.

– Макул, мен этият болом, эптеп бир айласын табаармын, сен мен келгиче ушул жерде болуп тур, – деди да Арсар чымын куюн болуп айыл тарапка жүгүрдү. Карангы болгодуктан, Арсар үйгө жакыныраак барды. Чон теректин түбүнө жашынып алып көпкө акмалады. Үйдө кирип чыгып кутураган көп кишилер жүрөт. Алмаз али келе элек го.

– Эй, Мурат, машиненди айда, алар болду болбоду чон жолго эле кетишти, шерменделерди кармап туруп азабын колуна берели, – короодо жүргөн далдайган эркек бирөөнө кыйырды.

– Ай, баланы алып кала көргүлө, а тиги шуркуя билген жагына кетсин, тексиз жетим кайда барып баш калкалаар экен көрөм ошондо! – Айжандын кайын энеси үйдөн башбагып тигилерге кыйкырды. Э кокуй, булар бизди чын эле соо койбойт го деп ойлоду Арсар. Дагы бир азга акмалап турду да Алмаздын бул жерге келбегенине ынанды. Эгерде ал келген болсо булар минтип жүрүшмөк эмес. Кой, Айжанга жүгүрөйүн, аны эптеп бул жерден башка жакка кетирип жибериш керек, анан Алмазды таап артынан жиберейин деген ой менен Айжан калган жерге жүгүрдү Арсар. Жетип жете электе эле кыйкырды:

– Айжан, иш чатак болуп атат окшойт, силердин үйдө толгон киши жүрөт. Бирок Алмаз ал жерге келген эмес окшойт. Тигилерин биздин артыбыздан куугун жиберип баланы алып калган атышат, эми кандай кылабыз?

– Эмне дейсин? – Айжандын көзү алайып, жүрөгү дүкүлдөп чыкты, – мен бербейм баламды аларга!

– Айжан, эгерде алар бизди таап алышса баланы жөн эле алып коюшат, биз аларга каршы эч нерсе кыла албай калабыз, ошондуктан биз аларды алдап кетишибиз керек.

— Кантип? Биз аларды кантип алдайбыз?

– Алар бизди издеп чон жолго чыккан атышат, а биз болсо тоо жакка качалы, – деди Арсар чечкиндүү. 

– Карангыда тоо жакка качып кантебиз?

– Экөөбүз азыр ушул сай менен өөдө чыгалы, биздин айылга кетчү жолдун чыга беришинде менин бир аталаш туугандарым мал багат, ошонукуна тан аткыча тура турсак, эртен менен кандай кылаарбызды ойлонуштурабыз. Көтөр баланы, жүрү кеттик тезирээк, – Арсар түйүнчөктү ала калып астыга түштү.

Экөө тез эле келишти алиги үйгө. Абалап үргөн иттер астыларынан тосуп чыгышты. Мал короонун четиндеги үйдөн Арсардын тууганы чыга калды.

– Жолборс, Жолборс, бери кел, – деп кыйкырды үй ээси. Чон дөбөт куйругун шыйпандата ээсине жүгүрдү. Анын артынан калган эки ит кошо жүгүрдү.

– Ой, ким бар ал жакта?

– Акмат ава, мен Арсармын, – деп кыйкырды Арсар болгон үнү менен.

– Э кокуй күн Арсармын дейсинби? Түн жамынып эмне кылып жүрөсүн бул жерде? – Акмат тепкичтен түшүп, Арсарларды көздөй басты.

— Жумуштап келе жаттым эле, – деп күнкүлдөмүш болду Арсар.

– Э балакетинди алайын Арсар сенсинби? Бу кайдан түн жамынып?

– Ушундай болуп калды ава, – Арсар күнөөкөр кишидей жооп берди.

– Кана, киргиле, – Акмат кашаанын каалгасын ачып экөөнү киргизди. Арсар менен амандашып, айланып келген иттерди кубалап, экөөнү киргизди. Үйдөгүлөр али жата элек экен. Малчылар адетте кеч жатып эрте турушат эмеспи. Арсарды көргөндө женесинин да оозу ачылып калды.

– Э ботом, тынччылыкпы деги, түн ортосунда кайдан сен, – ордунан туруп Арсар менен учурашты, – келгиле, өткүлө өөдө.

– Ай сен адегенде чай пайынды берип анан сурачы чоо жайын, – Акмат аялына опулдап койду. Экөө өздөрүн онтойсуз сезип, женеси жая салган көрпөгө отурушту. Айжандын баласы уктап калган экен. Аны жаткырып коюшту.

– Ай, силер тартынбай кенен отургула, Арсар, үйдөгүлөр аман эсен турушабы? Момун авам кандай? Алардан кабар алып атасынбы? Силер азыр кайсы айылдан келе жатасынар? – деп сурады Акмат тигилердин мандайына комдоно отуруп. Булар турган жер эки айылдын ортосу болгондуктан азыр булар кайсы тараптан келе жатышканын билгиси келди.

– Биз азыр тиги айылдан келе жатабыз, атамдардыкына бара жаттык эле, кечирээк чыгып алыптырбыз, жолдон коркуп силердикине конуп кетүүнү чечтик, -деди Арсар нымшып.

– А, ошондой де, а тиги күйөө бала менен кайындарын жакшы турушабы?

– Жакшы ава, баары жакшы.

– Тынччылык эле болсо болду, биздикине ушинтип көптөр келет, ырас үйүбүз эки айылдын ортосунда болуп калганы жакшы болду, – деди Акмат шайдоот. Женеси арыдан бери чай даярдап жиберди.

– А бул келин ким болот? –деп сурады женеси чыдамы түгөнүп.

– Бул келин менин эн жакын досум болот, аты Айжан, бул дагы төркүнүнө бара жаткан,экөөбүз чогу чыкканбыз, – деп салды Арсар оюна келгенин.

– А, демек бул келин да биздин айылдык экен да. Кимдин кызы болосун кагылайын? – Акмат Айжанданды бүшүркөй карады. Айжан эмне дээрин билбей буйдалып калды.

– А бул тиги Апал женемди билесизби? Ошонун синдиси болот. Өз төркүнү жондогу айыл, – Арсар шашылып Айжандын ордуна жооп бере салды.

– А ошондой де, ичкиле чайдан Апал женем жараган жакшы адам. Анын синдиси болсо жакшы анда.

Ошентип эптеп айласын таап ал түнү Акмат авасыныкына конуп калышты Арсар менен Айжан. Экөөнө төркү бөлмөгө төшөк салып беришти. Экөө жатымыш болуп, жарыкты өчүрүп коюшуп шыбыраша башташты.

– Айжан эртен менен эрте чыгып кетишибиз керек бул жерден, авам биздин чын абалыбызды билсе жаман көрөт го.

– Ооба, мен да ошентип ойлоп атам, а сен азамат экенсин сөз таап кеттин, менин жүрөгүм таманыма түшүп кетпедиби жөн эле.

– Чынымды айтсам өзүм да билбей калдым эмне деп атканымды, иши кылса оюма келе калганды айттым. Эртен менен булар тура электе туруп, абдан шашып атабыз деп кетип калалы. Бирок кеткенде кайда барабыз?

Экөө дымырап көпкө ойлонуп калышты.

– Эртерээк чон жолго чыгып бир жакка кете турганыбыз он го, бирок каякка кетебиз? – Арсар суроолуу карады.

– А чон жолдон тигилер бизди кармап алышпайбы?

– Алар бизди азыр издеп жүрүшөт ал жактан, эртен менен деле бара коюшпас,бул жерге тура албайбыз, биздин айылга да бара албайбыз, алар бизди эртен ошол жактан издеши мүмкүн. Айжан сенин бара турган жерин барбы?

– Жок Арсар, мен томолой жетим болсом кимге бармак элем? – Айжандын көзүнө жаш тегерене түштү. Айжандын жүрөгүн оорутуп алганына Арсардын да ичи ооруп калды. Куураган жаным эмне деп атам.

– Арсар, менде акча бар, шаар жакка кете турсак кандай болот? Ал жактан эптеп бир айласын табаарбыз, – Айжан Арсарды жалооруй карады.

– Шааргабы? Ал жактан эмне кылып күн көрөбүз? А мага шаарда эмне бар? Менин күйөөм өлбөй калса бир кеп, эгерде күйөөм өлүп калган болсо мени милисалар издейт да.Менин бул жерде эле калганым он го.

– Сен эмне деп атасын Арсар? Милисалар сени кармаса камап коюшат да!

– Ооба, камап коюшат, бирок эми мага баары бир, мен күйөөмдү сайганыма эч өкүнбөйм, колум менен кылганымды мойнум менен тартам да, – Арсар оор үшкүрдү.

– Арсар, сен антип айтпачы, түрмө деген жаман нерсе болсо керек. Сен кантип түрмөгө отурасын?

– Менде башка айла жок, милисалар мени кайдан болсо да табышат. Андан көрө алар мени кармап ала электе мен сага жардам беришим керек. Сен шаарга кетсен жаш балан менен кантип күн көрөсүн? Акчан деле бир аз убакка жетсе, андан кийн эмне кыласын, иштешин керек да, билесинби мен эмнени ойлодум?

– Ой Арсар сен бир башкача адам экенсин го, өзүндүн башында мушкул иш турса, мени ойлоп жатасын.

– Айжан, мен айтпадымбы, эми мага баары бир өзүмдүн эмне болоорум, менин бир эле жолум бар. Андан көрө сени ойлойлу, уксан, менин шаарда таэжем бар, мен аныкына мектепте окуп жүргөнумдө бир баргам. Таэжем өзү жакшы киши, жалгыз бой турат, балдары да жок кургурдун. Сени ошол таэжемдикине алып барып койсом кандай болот ыя? Сен шаарды жакшы билесинби?

— Ооба. Мен шаарды жашы эле билем, бирок таэжене менин эмне керегим бар, анын үстүнө балам менен, – Айжан онтойсузданды.

– Бизде андан башка арга жок Айжан. Мени баары бир кармашат. Кармалгыча мен силерди ошол таэжемдикине алып барып келейин, андан ары жагын көрө жатаарбыз, макулбу? Мен келээрим менен Алмазды силерге жиберем.

– Арсар а балким сенин күйөөн өлбөй калган болсо милисалар сени издей деле койбос, сен биз менен эле болсон кандай болот? Сен бул жакка кайра келсен күйөөн сага жашоо бербейт го.

– Жок Айжан, мен эми күйөөмдөн коркпойм, эгерде ал өлбөй калган болсо, мен аны менен ажырашам да башка жакка кетем. Сени болсо адегенде ошол таэжемдикине алып барып коёюн, анан Алмазга сенин дарегинди айтсам ал силерди табат да. Анан экөөн оокат кылып кетесинер.Болбосо чон шаардын кайсы жеринен табат Алмаз силерди? Таэжеме болсо калп айтып коюуга туура келет. Мен ага сени жакында куйөөсү келип алып кетет дейин, макулбу? Кой, болду, ошондой кылалы, – Арсардын чечкиндүүлүгү ушул жерден кармады.

– Арсар, мунун деле туураболуп атат. Бирок сен өзүн кантесин? Мен сенин ушул кылган жакшылыктарына кантип жооп берем?

– Айжан, өлбөй тирүү болсок экөөбүз дагы далай жакшы күндөрдө жолугабыз. Азыр болсо кел уктайлы, эртен тан заарынан жолго чыгышыбыз керек, – Арсар төшөгүнө кыйшая жатты.

– Менде башка арга жок да Арсар, сенин айтканындай кылалы. Бирок экөөбүз шаарга чогу барып, ошол жерге чогу эле калсак эмне болот? – Айжан чындап эле Арсардан ажырагысы келген жок.

– Айжан эмнеси болсо да бара көрөлү, милисалар мени издей турган болсо ошол жерден деле таап алышат акыр аягы. Балким чын эле ошол жерде чогу тура турганыбыз он болоор. Бирок Алмаз сени кантип табат мен кайра келбей койсом?

– А биз ага дарегибизди билдиргендин амалын да ойлоп табарбыз. Бирок мен эми Алмаз мени менен калаарына көзүм жетпей калды, – Айжан жүрөгүнө пайда болгон бүдөмүктү айтты.

– Эмнеге? Сен эмнеге антип ойлоп атасын? Эгерде Алмаз экөөн чогу бололу деп сүйлөшкөнүнөр чын болсо, ал сени эч качан таштабайт! – Арсар Айжандын оюндагысын түшүнгөн жок.

– Арсар, мен азыр түшүнүп атам, көрсө Алмаз ушул убакка чейин сени сүйөт экен. Ооба, ал мага чогу бололу деген, бирок ал анда сени биротоло жоготтум деп ойлогон. Ал мага эч качан «сүйөм» деп айткан эмес. Ал балким мени жөн эле жакшы көрүп калса керек, бирок сүйгөн эмес. Ооба Арсар ал бир гана сени сүйгөн, мен эми тушундум, ал сени эмнеге ушунча сүйөөрүн, сенин ушундай ак жүрөк адам болгонун үчүн сүйсө керек, – Айжан болгон оюн бир дем менен айтып алды..

– Айжан, сен эмне деп атасын? Ооба, бир кезде Алмаз экөбүз бири бирибизди сүйгөнбүз, бири бирибизди эч качан таштабайбыз деп антташканбыз, бирок мен ошол сөзүмө турган жокмун, мен аны таштап кеттим, түшүнүп атасынбы? Сүйүүсүн сактай албаган адам сүйүүгө татыктуу эмес! Алмаз мени сүйө албайт эми. Менин анда эч кандай акым жок. Эми сен аны бактылуу кылышын керек Айжан.

– Билбейм Арсар, эми мен өзүмдү куюшканга кыпчылган адам катары сезип атам, мен эми Алмаз экөөндүн ортоно туруп алгандаймын.

– Айжан сен антип ойлобо, Алмаз экөөбүздүн ортобузда азыр бир нерсе болушу мүмкүн эмес. Биздин сүйүүбүз өчкөн, мен аны өз колум менен өчүргөм, сен эми менин жүрөгүмдү оорутпачы. Мен азыр да болсо Алмаз үчүн жакшылык кылып өз күнөөмдү бир аз болсо да актагым келет. Сен менин айтканыма көнсөн, мага ошондой мүмкүнчүлүк берген болосун. Мен суранам сенден, мага ошондой мүмкүнчүлүк берчи?

– Арсар сен эмне деген адамсын деги, өз бактынды ойлобой бирөөөр үчүн азап чегесин, эмнеге?

– Айжан, бул сөздү экөөбүз башка күнү сүйлөшөлү, азыр болсо эртенкини ойлойлучу,кел уктайлы. Эртен эртерээк чыгып кетпесек, эгерде менин күйөөм өлүп калган болсо кандай чуу чыгат билесинби?

– Ооба, түшүнүп атам, мейли эмесе сен айткандай болсун, уктайлы, түнүн бейпил болсун, – деди Айжан.

– Сенин да түнүн бейпил болсун, уктайлы эми, – Арсар төшөгүн ондонуп азыр эле уктап кетчүдөй болуп көзүн жумду.

Эртеси Акмат авасынын кой дегенине болбой, Арсар менен Айжан урул– бүрүлдө жолго чыгышты.

– Айжан, биз биринчи эле кезиккен машинеге отуруп, бул жерден алыстап кетели, – деди Арсар.

– Ооба, анын туура Арсар, ошентели, – Айжан макул болду. Экөө бир аз турган сон, бир килейген чон машине күшүлдөй алардын жанына келип токтоп калды. Шоопур машиненин эшигин ачып:

– Ой сулуулар, тан атпай кайда силер? – деп сурады бакылдай. Айжан менен Арсар буйдалып бири бирин тиктеп калды бир саам.

– А сиз каякка чейин барасыз? – Арсар биринчи эсине келди.

– Мен Токмокко жүк тартып баратам.

– А, абдан сонун болбодубу, биз да ошол Токмокко баратабыз, – деп жиберди Арсар шашкалактай.

– Андай болсо отургула, мага да жакшы болду, эрмек болосунар.

Экөө шашкалактай сүйүнгөнүнөн машиненин эшигине жабыша калышты.

– Ой эми шашылбагыла, келе биринчи баланы бер мага, – шоопур колун сунуп баланы алды. Экөө жайланышып отурган сон машине дарылдап ордунан жылды. Арсар куугун көрүп калган жокпу деген кыязда күзгүдөн жолдун артын далайга чейин карап барды.

Шоопур бакылдаган көнүлдүү адам экен, улам бир нерселерди сурап, узун жолду кысартып баратты. Токмокко түш оой жетишти. 

– Мына сулуулар Токмоко да келип жеттик, силерге кайсы жери керек? – деп сурады шоопур. Арсар эмне дээрин билбей:

– А бизге базардын жаны керек, – деп жиберди.

– А, базар болсо жетип калдык базарга да, – шоопур базардын жанына келегенде машинесин токтотту. Айжан берген акчаны албай койду.

– Мага силердин эрмек болуп бергенинер эле жетиштүү болду, жакшы калгыла эми, – деди жайдары. Экөө алмак салмак шоопурду алкап коштошушту. 

– Мен Токмоктун ушунча алыс экенин билбептирмин, – Арсар тегерегин карап тан калды.

– Сен мурун шаарга келип көргөн эмес белен?

– Бала кезимде апам экөөбүз таэжемдикине келгенбиз бир жолу, андан башка келе элекмин

Экөө эми кайда барышарын билбей эки жагын карап көпкө турушту.

– Эми кандай кылабыз? – деди Айжан Арсарды карап.

– Билбейм Айжан, базардан түшпөй, бекеттен түшсөк болмок экен да, ал жерден шаарга кетчү автобуска отурат элек да, эмнеге базар керек дедим?

– Арсар, бекетке барчу автобустар деле бар болуш керек, сураштырып көрөлү.

– Айжан, шаарга барганыбыз менен мен таэжемдин үйүн жакшы деле билбей калдым, Сауле женеме телефон чалып таэжемдин дарегин сурап көрбөйлүбү? Бирок кайсы жерден чалабыз?

– Почтага барыш керек, -деди Айжан. Экөө почтанын дарегин сураштырып таап, Сауле женесине телефон чалды Арсар.

– Айжан, иш чатак, тигилер мени издеп үйгө келишиптир, – деди Арсар сүйлөшүп бүткөн сон сабыры суз.

– Ыя, кимдер келищиптир? Милисаларбы же кайындарынбы?

– Күйөөм менен кайним келишиптир, – Арсардын өнү бозоруп чыкты.

– Демек ал өлгөн эмес экен да! – не сүйүнөөрүн билбей,не күйүнөөрүн билбей туруп калды Айжан.

Арсар дендароо болуп ойлонуп тура берди.

– Ал жексур өлбөптүр, – күйөөсүнүн өлбөй калганына чындап эле кейиди Арсар. Азыр эле дароо барып өтүрүп салгысы келди. 

– Арсар, анча көп ойлонбосон эми, балким анын өлбөй калганы жакшы болду, мейли жүрө берсин тентиреп. Сен эми өзүндүн тагдырын жөнүндө ойло Арсар. Эми сен кайра айылга барганын болбойт го деп ойлоп атам, -деди Айжан Арсарды акырын ийинден кармап. Арсар үндөбөй дагы далайга турду.

– Ооба Айжан, мен эми айылга барганымдын кажети жок. Күйөөм мага эми тынч жашоо бербейт. Ал эч нерсе болбогон адамча, жөн эле уруша кеткенбиз, качып кетип жок деп айтыптыр үйдөгүлөргө. Демек ал мени кайра алып кетем деген ой менен келген. Ооба, мен эми кайра айылга барганым болбойт, – Арсар тунжурап калды.

– Арсар, күн кечтей электе бир орун табалы, калганын анан ойлонуштурабыз, бекетке барышыбыз керек го эртерээк, – Айжан Арсарды акырын колунан тартты.

 

Арандан зорго эсине келген Алмаз өзүнүн кайда жатканын түшүнбөй айран тан болду. Денесин бүтүндөй оор таштар менен бастырып салышкандай, кыймылдоого алы жок. Акырындап иштей баштаган анын мээси болгон окуяны майда бөлүкчөлөрдөн курай баштады. Бир далайдан кийин гана баардык окуяны ирети менен курап, өзүнүн айылдык милициянын бөлүмүндө экенин түшүндү.Ушул маалда эшик тараптан такылдаган үн угулуп, эшик шарактап ачылды. Эшиктен төгүлгөн жарыктын шооласынан келген адам участковый экенин тааныды Алмаз. Ал жарыкты күйгүзүп:

– А, көк жал, эсине келдинби? Ушинтип көп баскан аяк бок басат, акыры колго түштүнбү? – деди кекээрдүү. Алмаз унчуккан жок.

– Ишин абдан начар жигит, эми сен бери дегенде он жылдык өмүрүндү түрмөдө өткөрөсүн, дагы тиги кан душманындын өлбөй калганына сүйүн, болбосо дароо «вышканы» алмаксын! – милиционер моокуму кана каткырды.

– Мен аны сактайын деп баргам, андай итти өлтүргөндөн мага эмне пайда? – Алмаз тигинин каткырганына кыжыры келди.

– Эмне? Сактаганы дейсинби? Койсончу кайдагы бир жомогунду. Эгерде сен аны сактаганы барсан анда аны ким сайды? Үйдү ким өрттөгөнгө аракет кылды? – милиционер Алмазга жакын келип, анын бетине үнүлө карады, – эмне, жообун жокпу буга?

Алмаз чын эле анын бул суросуна жооп бере албай буйдалып калды. Анын баарын кылган анын аялы, деп айтууга анын кудурети жетпеди. Кызык, эми буга кандай жооп беришим керек? Арсарды кантип айтам?

– Эмне, тилинди жутуп алдынбы? Айтпайсынбы ким кылганын? Сен эмне, элдин баарын көк мээ көрөсүнбү?

Сабырбекке сенден башка эч ким өчөшпөйт. Ал айылда эн сыйлуу адамдардын бири. Же сен өзүндүн ал аял алганда барып аялын тартып алам деп салган чуунду унутуп калдынбы? Сен унутсан башкалар унута элек. Сен антип жомок айткандын ордуна күнөөндү мойнуна алсан өзүнө женил болот. Азыр райондон тергөөчүлөр келет, тур ордундан, – деп кыйкырды милиционер. Алмаз ордунан туруп, ары жакта турган отургучка отурду. Колуна салып койгон кишен билегинен өтүп жүдөттү. Эми кандай кылышым керек? Чын эле мен өзүмдүн күнөөлүү эмес экенимди далилдеш үчүн Арсарды күнөөгө жыгып беришим керек да, кандай кылышым керек? Милиционердин саймедиреп атканына көнүл бурбай Алмаз ойго чөмүлүп кетти. Балким Арсар күнөөсүн мойнуна алып өзү келээр? Анда эмне, Арсар кесилип кетиши керекпи он жылга? Жок, кантип ошондой болсун? Ал кантип отурат түрмөгө он жыл?! Алмаздын жүрөгү сыздап ооруп чыкты. Ушундай да болобу? Эми кандай кылышым керек?Алмаздын ичи уйгу– туйгу болуп, заманасы куурулуп турду.

Райондон тергөөчүлөр келгенде аларга эч нерсе деп каршылык көрсөткөн жок Алмаз. Алар иштин чоо жайын айылдык учстковыйдан сурашып, Алмазды районго алып кетишти. 

Тергөө учурунда Алмаз күнөөгө жыгылып берүүнү туура тапты. Арсарды кантип күнөөгө жыгам деп ойлоду. Эми Арсар күнөөсүн мойнуна алып өзү келген учурда да, Алмаз анын күнөөсүн толугу менен мойнуна алууну чечти. Эгерде Арсарды күйөөсү кармап алып, мертинтип койбосо эле ал сөзсүз түрдө өзү келет. Эгерде мени анын ордуна күнөөлөп жатышканын билсе, ал бир мүнөт да турбайт, ал бул жерге келет деп ишенди Алмаз. Бирок анын келишин каалаган жок. Эми сен үчүн азапты мен эле тартайын, сен ансыз да бул жашоодо коп азап тарттын кургурум, деп ойлоду. Алмаз Сабырбектин тирүү калганына өкүндү. Ооба, ал эми Арсарга күн көрсөтпөйт, аны майып кылып койбосо экен деги. Өзүнүн ушул жерден бошонуп чыга албасына куйкасы курушуп, эгерде бир мүмкүнчүлүгү болсо эми Сабырбекти өз колу менен муунтуп өлтүрүүгө да даяр экенин сезди. Ушундай болоорун билгенде ал итти баягыда эле жайласам болмок экен да! Капаска түшкөн жолборстой, кичинекей бөлмөнүн ичинде ары бери баса берди Алмаз. Капыстан Айжан эсине түшө калды. Ал эмне болду экен? Ал мени күтө берип тажады го. Бирок менин түрмөдө экенимди укса керек. Кечир мени Айжан, сени да бактылуу кыла алган жокмун. Балким мен ушундай эч кимге бакыт алып келе албаган, эч качан өзүм да бактылуу боло албаган адам болсом керек. Бирок Айжандын ак никелүү күйөөсү бар да. Балким күйөөсү келсе аны менен кайра эле мурункусундай жашай берээр. Ким билет эми анын тагдыры кандай болот? Кандай болгон күндө да мен эми ага кайтып бара албай калдым. Ошондуктан ал мени унутканы жакшы болоор, деп ойлоду Алмаз. Тергөө баары бир анын пайдасына жүргөн жери жок. Тергөөчү күндө жаны далилдерди чогултуп келип турду. Анын мурунтан бери эле Сабырбек менен өч болуп жүргөнү да ага каршы салмактуу күнөө болду. Тергөөчүнүн айткандарынын баарына макул боло берди. Эми буларга каршыгуунун эс мааниси жок экенин абдан жакшы түшүнүп, өзүн он жылдык түрмөнүн жашоосуна даярдап, ойлорун чогултуп, күнүгө тар бөлмөнүн ичинде ар кандай машыгууларды кылып турду. Түрмөдө далай шүмшүктөр отурат да, эми андан көрө ошолорго туруштук берүүгө даярданайын деп ойлоду Алмаз.

 

Арсар менен Айжан азырынча Токмоктун четиндеги бир айылда тура турууну чечишти. Капыстан жумушка киши издеп жүргөн Часын аттуу дунганга кезигип калышты. Ал аларга үй – жай жагынан да жардам берээрин айтып, ошол эле күнү экөөнү Токмоктун четиндеги бир айылга алып кетти. Зангыраган эки кабат үйү бар, короо жайы да өзгөчө чон, бардар жашаган адам экен. Талаада көптөгөн гектар жерлери, ошол эле талаанын четинде мал баккан сарайы бар экен. Мынча байлыкты кантип топтогонуна айран тан болгон Арсар, талаа жумушуна чегилди. Айжан болсо баласы менен үйдө эле болуп, үй оокатын кылмай болду. Часындын аялы Мадина оорукчан аял экен. Үлбүрөп аран эле кыймылдайт. Балдары деле жок экен. Бирок ушунча чон үйдүн тирилигин кылуу оорукчан аялга эмес соо аялга деле оордук кылчудай.

– Эми экөөбүз ушул жерге баш бааналап туралы, балким ушундай болгону жакшы болду, бизди издегендер болсо эзели ушул айылдан издеш керек деп ойлобойт. Бирок Часынга ынгайын келтирип, баарын түшүндүрүп беришибиз керек го, – Арсар Айжанга кенеш салды.

– Ооба, мен да ошондой деп ойлоп атам, мени да кайын журтум издеши мүмкүн,ушул жерге эле туруп туралы, – Айжан да Арсардын оюн колдоду.

– Мен Сауле женеме телефон чалайын дагы, Алмаздын дайынын билип берсин, – деди Арсар ойлуу.

– Ооба, биз эми Алмазды сөзсүз табышыбыз керек, – Айжан да өзүнчө ойлуу мунканды.

– Айжан, сен көп ойлоно бербе, Алмаз табылат, женем аны табат сөзсүз.

– Арсар, менин сага айтайын деген сөзүм бар, бирок,.. – Айжан сөз учугун жутуп, башын жерге салды.

– Ыя, эмнени айтайын дедин эле? – Арсар Айжанды суроолуу карап калды.

– Арсар, мен сенин башына түшкөн азап болом го эми, Алмазды тезирээк таппасак экөөбүзгө оор болуп калат окшойт.

– Эмнеге? Эмнеге сен андай деп ойлоп атасын? Мен иштеп атам, сен иштеп атасын, жакында Амантайды бала бакчага беребиз. Мен алтүгүл шаарга кетпей эле ушул жерде калсакпы деп да ойлоп атам, – Арсар Айжандын оюн түшүнбөдү.

– Арсар, мен жакында иштей албай калышым да мүмкүн…– Айжан кайра жер карады.

– Эмнеге? Эмне үчүн иштей албай каласын?

– Арсар, мен кош бойлуумун, – Айжан Арсарды кош бойлуулугу үчүн кечирим сураган адамдай жалооруй карады.

– Кандай дейсин? – Арсардын алдасы оозунан түшүп, оозу ачылып калды.

– Арсар менин боюмда бар. Бул Алмаздын баласы, – деди Айжан болгон демин чогултуп.

– Эмне? – Арсар уккан кулагына ишене албай, дендароо болуп отурду. Дуйнөдө болуп көрбөгөндөй жанылык уккансып, укканынын терен маанисине жете албады.

– Арсар, кечирип кой мени, мен эми сага азап кана алып келем, эки балам менен сен мени кантип багасын? Ошондуктан Алмазды табышыбыз керек, – Айжан көзүнө тегерене түшкөн жашты этеги менен аарчыды.

– Айжан, мен сен үчүн кубанычтамын! Сен эми эки балалуу болосун буюрса! Сен менден кам санаба, мен сага колумдан келген жардамдын баарын берем. Бирок, албетте, Алмазды да табышыбыз керек! Ал бул жанылыкты укса төбөсү көккө жетет го ыя?! – Арсар жанылыктын маанисин эми түшүнүп, өзү балалуу болчудай болуп сүйүндү. Бирок жүрөгүнүн түпкүрүндө кандайдыр бир ызалык айланып, ал өзүнүн балалуу боло албасына болгон өкүнүчпү же Алмазды кызганып атканыбы белгисиз. Акылы айран болуп, ушундай да болобу, эми мен эч качан Айжанга окшоп балалуу боло албаймынбы, эми Алмаз биротоло Айжандыкы болот тура деп, жан дүйнөсүн экиге жарып жиберди. О, куураган жаным, мен эмне болуп атам, ушунчалык ичи тар айбан белем? Менин тагдырыма мен өзүм гана күнөөлүүмүн да! Айжан мага эч жамандык кылган жок, ал мени кечөө эле тааныбадыбы. Мен эмнеге анын кубанычын чын ниетимден колдобой, ичиме таруу айланбай атат? О кудай, кечире көр мени!

– Айжан, алтыным, мен сен үчүн кубанычтамын! – Арсар Айжанды кучагына бекем кысып, көзүнүн жашын тыя албай ыйлап жиберди.

 

***

 

Айылдык участковый эмнегедир Сабырбекти Алмаз сайганынан күмөн санап калды. Анын иликтөөсү боюнча Алмазды ошол күнү өтө эле кеч болуп калган учурда айылдан ат менен кетип бара жаткан жеринен көргөндөр бар. Бирок Сабырбектин үйүнөн кармалганы чын..А кийиздин быкшып күйгөнүнө караганда от коюлган убак андан алда канча мурун болгон, бери дегенде бир сааттан ашык убак. Аз убактын ичинде кийиз анча күймөк эмес. Демек, үйгө от койгон адам башка болуш керек. Анан, Алмаз Сабырбекти өлтүргүсү келсе бычакты как жүрөккө теренирээк эле саймак. Ал күнү Алмаз айнектей соо болчу. Анын күчү менен десант болгонун эске алганда Сабырбек ошол эле замат о дүйнөдө болмок. Бычакты ага алда канча Алмазга карганда алсыз адам урган. Бычак болгону анын терисинен гана бир аз өткөн. Деги ким болду экен мунусу? Кой, мен Сабырбектин өзү менен барып сүйлөшүшүм керек деген ойго келди да, стол үстүндөгү кагаздарын жыйыштырып, Сабырбектикине бет алды. Ал келгенде Сабырбек кудай жалгап үйүндө экен.

– О, баатыр, келиниз, келиниз, – деп Сабырбек ордунан тура калды.

– Сак саламат турасынарбы? – участковый Сабырбек менен кол алышып, төргө өттү.

– Апа, чай даярдай салынызчы, – деп кыйкырды Сабырбек. Тыштан күшүлдөп апасы кирди.

– А тиги келинчегин кайда? – деп сурады участковый. Эмне үчүн аялын жумшабай апасын жумшайт?

– А, ал жумуштап шаарга кеткен, – Сабырбек шашыла жооп берди, – бир аз сыркоолоп жүрөт, доктурга көрүнгөнү кетти эле.

– А, ошондой де, – участковый Сабырбекти тигиле карап калды. Сабырбек анын көз карашына туруштук бере албай көзүн ала качты. Участковый дароо түшүндү анын калп айтып жатканын.

— Ал кайсы больницага кетти эле? 

– Ким? А колуктумбу? А, ал тиги областтык ооруканага кеткен.

– А, мен аны борборго кеттиби деп ойлодум да, эгерде ал жакка кеткен болсо менин жакшы тааныштарым бар эле ал жакта. – милиционер шек алдырбоого аракет кылды, – болуптур анда, мен сага бир өтө терен маанилүү иш менен келдим эле, чайды деле жөн койгула, мен шашылып жүрөм.

– Ой, эмнеге анча шашылдыныз, азыр апам куурдак кылып жиберет, апа, чыйпый кылып жибербейсизби? – деди Сабырбек апасына карап. Апасы үнсүз тышка чыгып кетти.

– Сабыке, мен бул иш боюнча түз эле сага келгенимдин да себеби бар. Сен өзүн ишин колунда, ашын астында болгон абройлуу адамсын да, баарын туура түшүнөсүн деп ойлойм.

– И, айта бериниз, – Сабырбек оюнда участковый эмне иш менен келгенин биле албай бушайман болуп турган, тезирээк билүүгө ашыкты.

– Сабыке, мен айланып тегеренип жүрбөй ток этээр жерин айтайын.

– Ооба, албетте.

– Эмесе мага чынынды айтчы, сени ким сайды эле жана үйгө ким өрт койгон? – милиционер Сабырбекти теше тиктеди. Сабырбек алдасы оозунан түшүп калды. Ал тигини азыр эле көрүп тургансып жалдырады.

– Эмне, менин суроом түшүнүксүз болуп турабы?

– Жок, түшүнүп эле турам, бирок сиз билесиз да мени ким сайганын.

– Жок Сабырбек сени ким сайганын мен билбейм, ал иш үчүн шектелип Акматов тигил жакта жатканы менен, менин оюмча аны кылган таптакыр башка адам. Билесинби мен эмне үчүн антип ойлойм?

– Билбейм, – Сабырбек башка сөз сүйлөгөнгө дарманы келген жок. Ичинен тигиге ызырынып жини келди. Шүмшүк, болбой эле баарын билип алган экен да. Милиционер Сабырбекке шашылбай өзүнүн иликтөөлөрү жөнүндө айтып берди.

– Ушундай Сабыке, сен эми өзүн жоопко тартыла турган болуп калдын. – деп бүтүрдү сөзүн участковый.

– А эмнеге мен жоопко тартылам? – Сабырбектин жүрөгү дүкүлдөп чыкты.

– Жалган маалымат бергенин үчүн, – эми кандай дейсин дегенсип, милиционер тигинден көзүн алган жок. Сабырбек нымшып тердеп чыкты. Иштин ушинтип кайра өзүнө каршы бурулуп кетээрин ким билди?

 – Мыйзамда жалган маалымат бергендиги үчүн да жаза каралган, тигил жакта күнөөсүз адам отурат. Сени сайган өзүндүн аялын да туурабы? Сен аны башка жакка качырып жиберип, күнөөнү Алмазга коюп, бир ок менен эки коён атайын дегенсин го?

 – Жок, мен аны качырган эмесмин, ал өзү эле ошол түнү качып кетиптир. Кайда кеткенин мен билбейм. Кагылайын ава, бул ишти ондош колундан келет, мени шерменде кыла көрбөнүз!

 – Демек сени өз аялын сайганы чын экен да? Ал сени сайып, үйдү өрттөгөнгө аракет кылып туруп качып кеткен да, тиги өзүнүн сүйгөнүнө барып кылган иштерин айткан. Болбосо ал бул жерде кайдан болуп калат эле? Сенин кан душманын сени сактаганы келгени чын экен да. Эгерде ал сенин өлүмүндү кааласа, бул жерге келмек эмес. Себеби ал келбегенде сен бычактан өлбөсөн да, өрттөнүп өлмөксүн, же болбосо иске уугуп өлмөксүн. Сен ошол күнкү мастыгын менен жакын арада эсине келмек эмессин. Туурабы? А эгерде ал сенин үйүнө сени биротоло жайлайын деп келсе, сен анда азыр о дүйнөдө чон атан менен сүйлөшүп отурмаксын, туура айтамбы?

 – Ошондой го, – Сабырбек аргасыз, жер тиктеди.

 – Ошондой го эмес эле, ошондой. Демек сени сактап калган адам түрмөдө отурушу керек экен да?

 – Ава, айланайын авакебай, мени элге журтка шерменде кыла көрбө! Ал шүмшүк эртеби кечпи баары бир түрмөгө түшмөк, ага эмнеге мынча боор тарттыныз. Анын мага кылгандарын сиз абдан жакшы билесиз да, мага жардам кылыныз, эмне десениз баарын аткарам. Мен баарына даярмын! – Сабырек милиционердин астына тизелеп отура калды.

 – Ой койсончу мунунду, тур ордундан, тим эле кинодогу артистердей болуп кетесин да! – милиционер Сабырбекти жийиркене карады. Сабырбек ордуна отуруп калды.

 – Эмесе мындай, сени өз аялын сайганына менин талашсыз далилдерим бар. Органдын кишилерине жалган маалымат бегендигин үчүн эмне болоорунду түшүндүн. Бирок сени мен аяп атам. Чынында эле элге шерменде болгону турасын чындык угулуп калса. Мен бул ишти будамалап бүтүрүүгө аракет кылам. Иш болсо райондогу тергөөчүлөрдүн колуна өтүп кеткенин билесин. Алар да бул иштен шек санап атышат. Болбосо небак эле ишти сотко өткөрүп салышмак. Демек эми алардын да оозун басыш керек. Сен түшүнүп атасынбы мени? – участковый тигини сынай карады.

– Түшүнүп атам, кантип түшүнбөйүн, мен баарына даярмын, – Сабырбек шашыла жооп берди.

– Болуптур анда, сен эми этият бол. Аялынды тез арада табышын керек. Эгерде ал өзүнүн кылганы үчүн сүйгөнү түрмөдө отурганын билсе, иш башкача болуп кетиши мүмкүн. Ишенип кой мага, мен андай адамдарды абдан жакшы билем. Мен ага издөө сала албайм. Себеби азырынча биздин тергөө боюнча аялындын бул ишке эч кандай тиешеси жок, туурабы? Демек аны сен өзүн тез арада издеп табышын керек.

Таап туруп анындын оозун басканга кудуретин жетет го деп ойлойм, же жетпейби? – милиционер Сабырбекти карап мыйгынан күлдү. Анын бул сөзү Сабырбектин куйкасын куруштурду. Бирок тагдыры азыр ушунун колунда тургандыктан ага каршы лам дей алган жок. Башын тез-тез ийкегилеп:

– Албетте, ал шуркуя колума тийсе эзели ооз ачкыс кылам, – деп жооп берди.

– Ооба, эгерде колуна тийсе ошент, – милиционер кер какшыкка алды.

– Мен аны жердин жети катар түбүнөн болсо да табам, – деди Сабырбек эрдемсип. Участковый ага ишенбегендей көзүнүн кыйыгы менен карап койду. Сабырбектин шаабайы сууй түштү.

– Болуптур анда, мен тигилердин оозун басканга аракет кылайын, алардын эми кекиртектери кернейдей эле, өзүн билесин. Бирок мен аларга сени эн жакын досум эле деп, насиптерин тыйганга аракет кылам. Алар сенин жарды эмес экенинди деги билишет, – деди участковый Сабырбекти жарга такап.

– Мен айттым го баарына макулмун деп, авакебай эптеп ушул ишти ондонуз, – Сабырбек эми элге шерменде болоорун да ойлобой, түрмөгө отургандан коркуп баарына макул болууга аргасыз болду.

– Болуптур анда сүйлөштүк, – милицонер Сабырбекке колун сунду, анын колун кычырата бекем кармап туруп, – аялынды тез арада тап, – деди.

– Ооба, мен аны азыртадан эле издей баштайм, табам мен аны, – деп эми үнү ишенимдүүрөөк чыгып жооп берди Сабырбек. Участковый тамакка да күтпөй кетип калды. А, буюрса абдан чон «кийик» жолукту окшойт, деп ойлоду ичинен. Эми муну дагы жакшылап ийлеп туруп канын ичиш керек!

 

Алмаз шыпты тиктеп ойлуу жатты. Аны ойлондурган баягы эле Арсар менен Айжандын тагдыры болду. Алар эмне болушту экен деги? Менин эмне болгонумду албетте эмдигиче угушса керек. Эгер угушкан болсо Арсар эмне үчүн ушул убакка чейин кабары чыкпайт? Коркуп атабы? Балким аны күйөөсү майып кылып койгон жокпу. Эгерде Арсарды күйөөсү кармап алган болсо, аны чыгарбай камап отурушу да мүмкүн. Ал шүмшүк чындыкты жашырып, менден кутулайын деген экен го? Же мастыгы менен өзүн ким сайганын деле билбей калдыбы? .Бирок ал чындыкты айткан күндө да мен кантип Арсардын түрмөгө отурушуна жол берем? Балким ушундай болгону жакшы болду. Алмаз Арсар экөөнүн өзү аскерге кетээр түнү жолукканын эстеди. Эмне күндө болуп атат болду экен кургур? А Айжанчы? Ал эмне болуп жатат болду экен? Биздин оюбуз ишке ашпай калды. Эгерде ушул каргашалуу окуя болбогондо мен азыр Айжан менен көз көрүп, кулак уккус жакта болот элем. Балким биз бактылуу болмокпуз. Эми ал күйөөсү менен кантип жашайт? Жашабайт го. Демек мен Айжандын да тынч жашоосун бузган экем го? Деги менден бул жашоодо бир адамга жакшылык болобу? Арсардын жашоосун да мен бузуп койдум го. Эмне үчүн өткөндө мас болуп алып ызы чуу салдым аларга? Эгерде андай кылбаганымда балким Арсар деле күйөөсү менен көнүшүп жашап кетмек? Демек мен өз жазамды алган экем да!Эч кимге жакшылык алып келе албаган сон менин түрмөдө отурганым баары үчүн жакшы болоор! Алмаз оор үшкүрүп алып, башка капталына оодарылып жатты. Өзүн алаксытып башка ойду ойлойун деген аракети текке кетип, санаанын түпкүрүнө түшүп, акыры кантип көзү илинип уктап калганын да билбей калды. Түндүн бир оокумунда ойгонду. Уктап эс алгангабы, мээси сергип, ойлору чаташпай ордуна келип калгандай. Болуптур эмесе, болоору болгондон кийин, көп ойлоно бербей алдыдагы жашоомо даярданайын. Эми Арсар күнөөсүн мойнуна алып келген күндө да мен анын түрмөгө отурушуна жол бербейм. Эч болбосо Арсарды ушул балээден кутултайын. Айжан үчүн эми эч нерсе кыла албай калдым, деп ойлоду Алмаз.

 

Райондук милиция бөлүмүнүн башчысы Алмаздын ишин кунт коюп окуп чыкты. Окуп бүткөн сон бир топко чейин креслосуна чалкалай отуруп ойлонду. Бир убакта бир чечимге келди да, кабинетине ушул ишти алып барып аткан тергөөчүнү чакырды.

– Сен бул иш жөнүндө эмне айта аласын? – сөздү чукул баштады.

– Бул ишти тыкан тергеп атам, азырынча тергөө бүтө элек, – деди тергөөчү начальникти тымызын сынап. Ал начальниктин оюнда эмне бар экенин билгиси келди. Адетте мындай иштер көп деле кызыктырчу эмес началникти. Эгерде кызыгып калса демек кызыкчылыгы бар, бирок кандайча?

— Негизи жалпы жолунунан айтчы мага, бул иш жөнүндө кандай оюн бар? Акматовду күнөөлүү деп ойлойсунбу?

– Билбейм, азырынча көп нерсе түшүнүксүз, дагы тергеш керек, – тергөөчү кандай деп айтаарын билбей кыйналды.

– Акматов кан күйгөн согушта жүрүп келген, болгондо да десантта, анан ал кандайча тигини өлтүрө албай калган? Сен кандай деп ойлойсун?

– А, менин деле ошондой деген күмөнүм бар. Бул жерде үчүнчү адам да катышкан өндүү окуяга. Бирок ал ким экенин азырынча биле элекмин. Божомолумда ал Сабырбектин өз аялы болушу мүмкүн, – тергөөчү нымшып тердеп чыкты.

– Эмесе мындай, сен туура божомолдогонсун, бул ишти Акматов кылбаганы айдан ачык. Бирок ал баардык күнөөнү мойнуна алып атат. Демек ал бирөөнү коргоп калгысы келип атат. Ал ошончо өз тагдырына кайыл болуп кимди коргойт? Албетте сүйгөн адамын. Билишимде Сабырбектин аялынын айынан экөө мурунтан чатакташып жүрүшкөн. Демек чыныгы күнөөкөр Сабырбектин аялы болушу толук мүмкүн. А сен анын аялын сурадынбы?

– Жок, мен анын аялын сурай элекмин, – иш кандай нукка бурулуп кетээрин билбей тергөөчүнүн башы ман болуп отурду.

– Анда эмесе, сен анын аялын суракка ал. Бирок, Акматов түрмөгө отурушу керек, түшүндүнбү? Ошондуктан чыныгы күнөөкөр күнөөсүн мойнуна алып келбегидей болсун. Сабырбек өзү да чындыкты эч качан оозанбагыдай болсун. Ишти тез арада бүтүрүп, сотко өткөрүшүн керек, – начальник тергөөчүнү теше тиктеди, – Акматов күнөөсү болсо да, болбосо да отурушу керек!

– Мен баарын түшүндүм, – деди тергөөчү. 

– Бул иштин жүрүшү боюнча мага кабарлап турасын! 

– Жарайт.

– Эмесе бара бер, тезирээк бүтүргөнгө аракет кыл, – деди начальник «делону» тергөөчүгө берип. Тергөөчү чыгып кетээри менен телефонду алды.

– Алло, саламатсызбы! Кудай буюрса бир кандидат табылды,.. ооба, баардык жагынан туура келет,.. эч кабатыр болбонуз,.. биз сүйлөшкөндөй болсун баары,.. саламатта турунуз, – деп, телефонду ордуна койду. А, буюрса баары жакшы! Эми тигини жакшылап көзөмөлдөш керек. Чөнтөгүнө чон акча түшөөрүн ойлогондо көнүлү алда недей көтөрүлдү начальниктин.

 

Сауле Алмазды издештире баштады. Бир күнү кокустан эле анын камакка алынганын коншу келинден угуп калды. Э кокуй күн бул эмне дейт?

– Ай, сен тиги сүйлөөк акемдин баласын айтып жатасынбы? – бышыктап сурады.

– Ооба, ошол Алмазды айтам, ал кургур өгүнү тиги өйүздөгү айылга барып, кайра баягы сенин кайынсиндин күйөөсүн сабап салыптыр го, анан ошол отургузуп салыптыр. Сен ошону кантип билбейсин ?Ай ушу балага убал болду. Жакшы бала эле, эми түрмөгө отуруп чыкса эмне болот? Бузулат го кургур. Түрмөдөн чыккандын баары эле туура эмес болуп калат деп атышпайбы, – келин кейиштүү башын чайкады.

– А сен кимден уктун анын түрмөдө экенин?

– Ботом тиги Молдогазы авамдын аялынан уктум, ал эмне мага калп айтмак беле? Молдогазы авам ошол Алмазды абдан жакшы көрчү дейт, эми ошонун күйүтүнөн күндө ичип атат деди.

– А кокуй күн, жаман иш болгон экен, – Сауле ойлонуп калды.

Үйүнө келип дагы көпкө ойлонду Сауле. Эми Арсарга эмне деп айтам? Алмаздын түрмөдө экенин айтсам, ал өзү келиши мүмкүн бул жакка. Анан эмне болот? Күйөөсү тигинтип жүрсө. Кой, Алмаздын түрмөгө отуруп калганын айтканым болбойт го, башка бир шылтоо таап коёюн. Сабырбек Алмазды каматканы чын болсо, ал эми жакында чыкпайт. Сабырбек болгон тааныштарын ортого салса да аны ал жактан жакын арада чыгарбаганга аракет кылат. Эми Арсарга кандай деп айтышым керек? Эмнеси болсо да анын түрмөдө экенин айтпай коё турайын.

 

Женесине чалгандан эки апта өтсө да Алмаздан али кабар жок. Арсар эми чындап эле тынчсыздана баштады. Ал почтага келип женесине кайра телефон чалды.

– Арсар карагым, сен капа болбо, мен сенин аманатынды айта алган жокмун. Алмазды таппай койдум. Акырын элден сураштырсам, ал алыс бир жакка кетип калган экен. Кайда кеткенин эч ким билбейт экен, дарегин айтпаптыр эч кимге. – Сауленин үнү каргылданып чыкты.

– Кандайча кетип калыптыр? – Арсар дендароо болуп калды.

– Билбейм кандайча кетип калганын, аны эч ким билбейт экен, балким бир күнү кабары билинип калса мен сөзсүз айтам, сен капа болбо кызыке.

Телефонду кармаган тейден ойлонуп калды Арсар. Женесинин андан аркы сөздөрүн да уккан жок. Колунан алдырган адамдай ойлору чачырап кетти. Ал кайда кетиши мүмкүн? Балким бизди издеп кетсе керек? Ооба, чын эле, ал кайра келгенде биз жок болчубуз, демек ал бизди издеп кетти. Бирок кайдан издейт эле бизди? Телефондун чыйкылдап калганынан эсине келди Арсар. Убактысы бүтүп калыптыр. Женеси менен да коштошпой калганын эстеди. Эми Айжанга бул жанылыкты кантип айтам? Ал кургур Алмазды күтүп жүрбөйбү!Кой, тышка чыгып бир жерге отуруп алып шашпай ойлонойун кандай кылышты. Арсар телефонду ордуна коюп, кабинадан чыкты.

Айжан Арсардын кечиккенинен сары санаа боло баштады. Жүрөгү дүпөйүл болуп алда кандай жакшы эмес нерседен кабар берет. Бөлмөнүн ичинде ары бери баса берди. Арсар көптө келди.

– Арсар, мен жанымды коёрго жай таппай атам, почтадан бат эле келет элен, деги эмне болду сага? – Айжан Арсарды утурлай тосту.Арсар анткор жайдарыланды:

– А, жөн эле почтадан чыгып жумушка кире келдим, сен өзүн жакшы элесинби? – деди күлүмсүрөй.

– Мен жакшы элемин, женен эмне деди? – Айжан Арсарды үмүттүү жалдырап карап калды. Арсардын жүрөгү антарылып кетти. Бирок шек алдырбаганга аракет кылды.

– Айжан, Алмаз көптөн бери тоодо экен. Женем ага азырынча кезиге албаптыр. Башка бирөөлөрдөн кабар берип жиберейин деп да батынган жокмун дейт. Айыл ичин өзүн билесин да, сөз желдей тарайт.Алмаз тоодон келээри менен кабарлайм деди, – Арсар Айжандын көзүн карабаганга аракет кылды. Анын калп айтып атканын сезди Айжан.

– Демек Алмаз биздин кайда экенибизди али билбейт экен да, – шаабайы сууп отуруп калды Айжан.

– Айжан, сен антип капа болбочу, сага капаланган да болбойт, эми тоодон келсе эле айтам деди женем, бир аз күтө туруш керек, – Арсар Айжандын жанына отура калып сооротту.

— Арсар, сен мени аяп чындыкты айтпай жатасын, мен сезип атам, сен өзүн да кыжалат болбой чынын эле айтчы, жүрөгүм жарылып кетмек беле, болгонун эле айт, мен сенин көзүндөн эле коруп атпаймынбы, сен чындыкты жашырып атасын. – Айжан жалдырай карады Арсарды. Арсар буга туруштук бере алган жок.

– Айжан, Алмаз белгисиз бир жакка кетип калыптыр. Аны эч ким билбейт экен. Бирок мен ойлоп атам, ал балким бизди издеп кетсе керек. Сен капа болбочу, бир аз убакыт керек. Балким ал кайра келип калаар айылга.

– А, ошондой де, – Арсардын «ал бизди издеп кетсе керек» дегени сооротту Айжанды, – ооба, чын эле ал бизди издеп кеткен болуш керек. Биз дайныбызды билгизбей жоголбодукпу.

– Ооба, мен да ошентип ойлоп атам, ал биздин дайныбызды айылдан таппаган сон, бизди издеп кетти болуш керек. Бирок кайдан издейт?

– Билбейм Арсар кайдан издээрин, менин го бараар жерим жок экенин билет ал. Балким сенин тууган туушкандарындан издештирип жүрбөсүн?

– Балким, бирок ал менин туугандарым ким экенин деле жакшы билбесе керек, – Арсар ойлонуп калды. Алмаз менен туугандары жөнүндө деле сүйлшкөндөй болгон эмес. Бирок айыл ичинен сураштырып, балким шаардагы таэжеме кеттиби?

– Арсар, биз дагы бир аз күтө турушубуз керек го. Балким бир жиги билинип калаар. Эми биз аны издегенден пайда жок, кайдан издейбиз?

Экөө дагы бир аз убакыт күтө турмай болушту ошентип.

 

Бир күнү капыстан эле айылдык участковыйга, Алмаздын ишин алып барып аткан тергөөчү келди. Анын келишин эч күткөн эмес участковый.

– Сүйлөшө турган сөздөр бар, – деди тергөөчү көп созбой.

– А, эмне болуп кетти?

– Сен айтчы мага, Сабырбекке кол салган адам Алмаз экенине толук ишенесинби?

– Кандай дейсиз? – участковый чынында эле түшүнбөй калды тигинин эмне деп атканын.

– Сабырбекке кол салган Алмаз экенине күмөнүн жокпу?

– А, жок, эмнеге күмөнүм болуш керек. Мен айттым го, ал мурунтан эле өчөшүп жүргөн аны менен.

– Эгерде кол салганы чын болсо, анда эмнеге Сабырбек өлбөй калды?Алмаз аскерде десантта болгон, болгондо да Афганистанда болгон. Ага киши өлтүрүш, чымын өлтүргөндөй эле иш туурабы? Эгерде ошончолук эле Сабырбекти өлтүргүсү келсе,эмнеге аны жөн эле чукуп койду анда?Сабырбекке бычак урган адам андан алда канча алсыз, бою да кичирээк адам,аял болушу да мүмкүн.Сен билбейсинби кайсы аял?

– Билбейм, мен билбейм аны, – участковый нымшып чыкты. Бул ит эмне балээни баштаганы турат?

– Эмесе мындай, Сабырбекке кол салган адам Алмаз эмес, ал тетирисинче Сабырбекти сактап калгысы келип барган ал жерге. Мен бул ишти өтө кылдат иликтеп чыктым.Алмаз Сабырбекти өлтүргүсү келсе башка жактан деле мойнун толгоп жулуп ыргытмак. Сабырбектин үйүн өрттөгөн да, кол салган да башка адам. Эгерде Алмаз ал түнү Сабырбекти сактап калганы барган деген божомолду эске алсак, демек ал окуя жөнүндө бирөөнөн уккан. Кимден угушу мүмкүн? Албетте өзүнө жакын адамдан, туурабы?

– Туура, – участковый шилекейин жутуп ырастады. Сабырбек экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүздү билип калган жок болду бекен деген ой жүрөгүн мыжып жиберди.

– А Алмаздын эн жакын адамы ким? – тергөөчү участковыйды тикирейип карады.

– Ким? – участковый эмне дэрин билбей туттукту.

– Ким болмок эле, Сабырбектин аялы да! Сенин көрсөтмөлөрүн боюнча Алмаз мурун ошол Сабырбектин аялын талашып үйүнө барып ызы– чуу кылган, туурабы?

– Туура.

— Демек, Сабырбектин өмүрүнө кол салган да, үйдү өрттөгөнгө аракет кылган да Сабырбектин аялы. Анан кандайдыр бир жол менен кылган иши жөнүндө Алмазга кабар кылган. Алмаз Сабырбекти сактап калууга аракет кылган, себеби Сабырбек тирүү калса, анын сүйгөнүнүн күнөөсү женилирээк болоорун түшүнгөн. Бирок акыбал анын өзүнө каршы бурулуп кетти. Мен тез арада Сабырбек менен сүйлөшүшүм керек– деди тергөөчү. Участковыйдын жонунан муздак тер акты. Иттики, мунун оюнда эмне бар деги? Эгерде Сабырбек менен болгон сөзүм билинип калса өлдүм! Бул өзү Алмазды актаганы жүргөн немеби же ушул иштен пайда көрөйүн деген немеби? Участковыйдын башы ман болду.

– А аны менен эмне жөнүндө сүйлөшмөкчүсүз?

– Эмне жөнүндө сүйлөшмөк элем, аялы жөнүндө сурайм, эгерде менин божомолум туура болсо анда ал өзү да жоопко тартылышы керек да туурабы?

– Ооба, туура, бирок ал азыр үйүндө эмес. Эмнегедир ушул сиз ойлогон ойду мен да ойлогом бүгүн эле, барып сүйлөшөйүн десем, ал Нарынга бир жумуштары менен кетиптир, – участковый кандай жол менен болсо да тергөөчүнүн Сабырбекке жолугушуна жол бербеши керек эле.

– А качан келет экен ал жактан?

– Билбейм, бир эки күндө келип калат го. Келээри менен алдынызга алып барайын эгер кааласаныз, – участковыйдын шаштысы кетти.

– Ошондой де, – тергөөчү ойлонуп калды, – анда эмесе иш мындай, Сабырбек келээри менен аны суракка алыш керек. Анын аялы кайда?

– Аялы да үйүндө жок экен. Энесинен сурасам бир жакка кетти эле деп койду.

– Эмесе, Сабырбектин өзүн да, аялын да суракка алыш керек. Сабырбек билет ал ишти ким кылганын, бирок эмнегедир жашырып атат. Балким ушинтип тиги душманынан өч алайын десе керек. Эмнеси болсо да ал келээри менен мага алып кел аялы экөөнү тен. Сабырбек чындыкты жашырганы үчүн жооп бериши керек.

– А, эгерде Сабырбек калп айтканын мойнуна алса, анда анын аялы кесилип кетеби эми?

– Мыйзам боюнча ошондой болушу керек, – тергөөчү көп мааниде карап койду участковыйды.

– Анда тиги зөөкүр боштондукка чыгабы?

– Албетте. Эмне үчүн күнөөсү жок адам отурушу керек?

– Эми аныныз туура го, бирок,..

– Бирок эмне? – тергөөчү тигини сын көз менен карады.

– Сабырбек айылда абройлуу адамдардын бири, а тигинин орду ошол жакта го? – участковый тергөөчүнү суроолуу тиктеди.

– А сен туура айтасын, бирок мыйзам деген мыйзам да. Же сенин ошончо эле Сабырбекке боорун ачып турабы?

– Балким Сабырбек менен сүйлөшүп туруп, ишти башкача эле бүтүрүп койсок кандай болот? Сабырбек деле түшүнүктүү адам, куру жалак калтырбас. 

– Билбейм, билбейм, ойлонуп көрүш керек. Ишти андай нукка буруш онойго турбасын сен жакшы билесин. Сен эми Сабырбек келээри менен мага алып келгинин, калганын кийин чечишебиз, сүйлөшсө сүйлөшөбүз – деди тергөөчү.

– Болуптур, айтканыныздай болот! – участковый сүйүнүп кетти. Эми муну менен бөлүшө турган болгонун эстегенде ичи ачышып, бирок Сабырбек менен сүйлөшконү билинип калса эмне болорун ойлогондо, жонунан муздак тер чыгып, тергөөчүнүн Сабырбекке эмес, адегенде ушул жерге келгенине мин мертебе тобо кылды. 

 

Эки күндөн кийин участковый Сабырбекти тергөөчүгө алып барды. Адегенде аны менен өзү сүйлөшүп, тергөөчү менен кандай сүйлөшүшү керектигин түшүндүрдү. Өзү эле ишти будамалап, колун жылытайын деген ою таш капты. 

Тергөөчү Сабырбек менен көпкө сүйлөштү.

– Демек аялындын кайда качып кеткенин билбейт экенсин да?

– Ооба, билбейм, бирок издеп атам. Ал шуркуя акыры бир күнү колума тиет баары бир.

– Аны издеп тапкынын . Эгерде ал, Акматов анын күнөөсү үчүн түрмөгө отураарын билип калса, өзү келиши мүмкүн. Айтымында аялын коркок адам эмес окшойт башкаларга караганда, – тергөөчү Сабырбекке кер какшык ыргытты. Сабырбек отурган ордунда ойдолоп ийди.

– Мен аны тапсам эле жаагын жабам, ага кудуретим жетет, – деди ишенимдүү.

– И, ошент, а ишти сенин пайдана бүтүргөнүм үчүн кол акымды жанагы айткандай кылабыз, болуптур анда, – тергөөчү Сабырбекке колун сунду.

– Айтканыныз айткандай болот! – Сабырбек тергөөчүнүн колун бекем кысып кубанычтуу жылмайды, – эгерде уруксаат берсениз менде бир суроо бар эле.

– Эмне суроо, айта бер.

– Эгерде менин аялымды издөөгө берсек кандай болот?

– Издөөгөбү? – тергөөчү Сабырбекти таныркай карады, – аны эмне себеп менен издөөгө беребиз? Аны издөөгө бериш үчүн, анын бул ишке тиешеси бар экенин, эч болбосо аны окуянын катышуучусу катары күмөнүбүз бар деп айтышыбыз керек. Эгерде андай болсо иш кандайча нукка бурулуп кетээрин билесинби?. Сен аны издөөгө бермек түгүл, анын жоголуп атканын да башкаларга ооз ачпа.Өзүн гана тымызын изде. Эгерде табылып калса аны эч болбосо сот болгуча эч кимге ооз ачпагыдай кылып бекитип турушун керек. Ким билет, балким ал кылаарын кылып коюп эми жоопкерчиликтен коркуп качып жүрөт. Андай болсо ал таптырбаганга аракет кылат. Бирок ал өзүнүн кылганы үчүн Акматов күнөөлөнүп атканын азырынча билбейт болуш керек. Билип калса өзү келет анын. Канча жолу түшүндүрүш керек эми, – тергөөчү кыжырданды.

– Болуптур, мен түшүдүм, мен баарын түшүндүм, – Сабырбек алдастады. Баарынан да тергөөчүнүн жинине тийип алуудан коркту.

— Бара бериниз анда, – тергөөчү жактырбаган түр көрсөттү. Сабырбек чыгып кеткиче шашты.

 

Ошентип тергөө убагында да, кийин сотто да Алмазга өз актыгын далилдөөгө эч мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал мүмкүнчүлүктү издеген деле жок Алмаз. 

– Акматов мурдатан эле өчөшүп жүргөн Сабырбекке, ал түгүл бир жолу колу да тийген. Бирок ал жолкусунда Сабырбек кеменгерлик кылып муну кечирген. А бул акмак болсо аны түшүнгөн жок. Акматов ого бетер күчөп, акыры Сабырбектин өмүрүнө кол салды. Өмүрүнө гана кол салбастан анын үйүн өрттөгөнгө да аракет кылган. Акматовдун кылгандары оор кылмыш. Анын кылгандарынын эч талашсыз далилдери бар, – деп прокурор тил безеп, ошол түнкү окуяга күбө болгон карыяны, Алмазды кармаган кишилерди күбө кылып, соттон Алмазды он жылга эркинен ажыратылышын талап кылды. Сот Алмазга акыркы сөз берди. Алмаз залдагы отургандардын арасынан Сабырбекти көзү менен издеп тапты да ага тигиле карап:

— Мен баардык кылгандарымды мойнума алам, болгону тиги иттин өлбөй калганына кана өкүнөм, – деди. Сабырбек ичиркенип, Алмаздын көзүн тике кароого кудурети жетпеди. Бирок кыбындап сүйүнүп отурду. Сооп болот ушуга, акыры ушуну көрмөк. Сот акыркы чечимин чыгарды.

– …Акматов Алмаз алты жылга эркинен ажыратылсын, – деген соттун чечими, залда отургандардын ар кимисине ар кандай таасир этти.

– Балам айланайын, кайраттуу бол, мен сени караан тутуп жүрбөдүм беле, энен өлгүчө мен өлсөм эмне, – деп кемшендей ыйлап, алып кетип бараткан баласынын артынан ээрчиди атасы. Калдар аке да канчалык кайрат кылганы менен буурчактап кеткен жашын тыя алган жок. Сабырбек болсо максатына жетип, соттун чечими алда кандай жагымдуу угулду кулагына.Он жыл эле берсе болмок, деп ойлоду ичинен.

Арсар күнөөсүн мойнуна алып келбегени бир эсе тан калтырды Алмазды. Бирок келбегени деле жакшы болду. Бир гана тилегени күйөөсүнө кайра барбаса экен! А Айжанчы? Айжан да тагдырына көнөөр. Балким күйөөсү келсе анын турмушу да эл катары өтө берээр. Эми башка түшкөндү көрөм да, демек тагдырым ушундай экен, деп ойлоду Алмаз.Бир гана атасы менен Калдар акенин көз жашын көрүүгө кудурети жетпей, сот залынан тезирээк чыгып кетүүнү каалады. Калдар акем эмне ойдо болуп калаар экен эми, атам да куурады го кургур, арагына баш оту менен кирип кетип, өлүп калбаса экен. Эми эмнеси болсо да турмуш көрсөтөөр, аман болсом алты жылдан кийин кайтып келем да, деп ойлоп, Алмаз сот залынын босогосун аттап чыгып кетти.

 

 

Күндөр молдонун тепсесиндей саналып өтүп жатты. Эмдигиче Алмаздан кабар жок болгонун ойлогон Арсар жүдөп кетти. Анын санааркаганын Айжан да сезет. Ал кургур үйдө болгон жумуштун баарын жасайт. Арсардын кир когун да жууйт. Арсардын урушканына эч көнбөйт.Арсар өзү деле жумуштан өтө чарчап келет. Айжандын кош бойлуу экенин билгенде аны жумуштан бошоттуруп алган Арсар. Ансыз да аран жан немеге күч келип калабы деп коркту. Учу– кыйрына көз жеткис жерлерди өкмөттөн арендага алып иштетип жаткан Часындын да жумушу абдан көп. Бирок талаага баруу Арсарга кандайдыр бир дем берет. Кичинесинен талаа менен, мал менен аралашып өскөн Арсар, керилген талааны аралап басканда, өзүнүн айылындагы талааларды элестеп, талаадагы чөптүн анкыган жытынан кере-кере дем алып, көнүлү куунак боло түшөт. «Экөөбүз ушул тоо койнунда жашайбыз» деген Алмадын сөзүн эстеп, ичи уйгу туйгу ачышып, эми эч качан андай болбосун ойлоп, заманасы тарый түшөт. Бирок ошол замат өзүн колго алып, кой, минтип отурсам жинди болуп кетем го, эми мандайыма жазганды көрөөрмүн, деп кайра чыйралат.Айрыкча талааны кайтарган Закир чал менен маектешкенди жакшы көрөт. Закир чал жалгыз бой абышка болгондуктан, күндүр түндүр эле ушул талаанын четиндеги чатырда жашайт. Арсарды көгөндө ал да сүйүнөт. Экөөнүн жылдыздары келишип, абдан сырдаш болуп алышты.

– О, кагылайын кызым, келе жатасынбы? – Закир чал Арсарды утурлай басты, – келе гой, келе гой!

– Амансызбы ата? – Арсар абдан сүйүнүп, аны менен кол алыша учурашып, арыктын жээгинде жаткан жаман талпакка отура калды.

– Эс ал кызым, чарчадын го. – Закир чал да Арсардын жанына отурду.

– Чарчаган деле жокмун ата, жөн эле ушул даркан талаага көз салып отургум келип атат, -деди Арсар ырахаттана.

– Э балам,мына, элуу жылда эл жаны деген, ушинтип заман токтоосуз өзгөрүп жатат. Ушул совхоздун керилген талаасына бир эле киши ээлик кылат деп ким ойлоптур, – Закир чал башын чайкады.

– Ата, а бул жерлер Часындын менчик жери эмес да?.

– Ооба, азырынча менчиги эмес, бирок жүрө-жүрө менчикке өтөт деген кептер да бар. Ким билет кандай болоорун, жашоо күн санап өзгөрүп атат, эртенки күн кандай болоорун эч ким билбей калды азыр. Өкмөт башына бир таз келди да, чалмакейин чалып салды.

– Таз дегениниз ким?

– А жанагы Горбачоп деген неме атасынын гөрү. Шайтандай болуп кайдан чыга калды түгөт! Ошол келгени баары өзгөрбөдүбү. Чон шаарлардагы завод, фабрикалардын баарын менчикке сатып жиберип атышат дейт, бул эмне деген жорук? – абышка кейиштүү башын чайкады. Арсар да ойлонуп калды. Жеке турмушунун азабы менен жүрүп жашоодо эмне болуп жатканын деле билбейт турбаймынбы деп ойлоду. Эмнегедир ошол замат өзүнүн азаптары арзыбаган нерсе өндөнүп сезилди. Көрсө жашоо туп тамырынан өзгөрүп жаткан тура! Мына кызык!

– Ата, анан ушунча жерди бир адам ээлеп алса, калгандары эмне кылат?

– Эмне кылмак эле балам, ошол ээлик кылган кишиге жалданып иштейт.

– Кандайча жалданып иштейт? Эмне, кулчулук заман кайра келеби?

– Ооба, ошондой болот окшойт кыязы.

– Кызык, а тиги завод, фабрикаларды ээлеп алгандар да анда кул жумшашат турбайбы э?

– Ошондой болот го. Ошентип замана артка кетет окшойт, байлар, кедейлер, ээлик кылуучулар, кулдар пайда болот окшойт. Часын акылдуу, амалкөй экен, замандын ошондой болоорун сезип, алдын ала жерлерди ээлеп алды. Ал башкармалык жумушунан эмне себептен өз ыктыяры менен кетти дейсин? Себеби жакында совхоздор да колхоздор да жоюлат, ошондуктан кетти, – Закир чал Арсарды түшүнүп атасынбы деген сынарда карады. 

– Кантип ушунун баарын жоюп салышат? Эл эмне болот анан?

– Эл эмне болмок эле балам, ошол тоноп алгандарга кул болот да, айтпадымбы. Кой кызым, сенин башынды оорутуп жибердим окшойт, – деди Закир чал жагымсыз сөздү бүтүрүп. Арсар оюн жыя албай далайга үнсүз отурду. Э кокуй күн анда атамдардын, бир туугандарымдын көргөн күнү эмне болот? Алар да бирөөнө кул болуп калышабы? 

– Кызым, кой эми, анча ойлоно бербе, бул түбүн түшкөн заман өзгөрө берет ушинтип, өлбөгөн адам ага да көнөт, буга да көнөт, жашоодо адам көнбөй турган эч нерсе жок, – Закир чал оор үшкүрүп алды.

– Ата, мен абдан тан калып атам, жашоо кантип өзгөрөт?

– Э балам, ошентип эле өзгөрөт, менин жашоомдо заман бир нече жолу өзгөрдү. Сталиндин заманы башка болду, Курушопдун заманы башка болду, Брежневдин заманы башка болду, эми минтип Горбачоп заманды астын– үстү кылып салды. Аман болсон сен да далай заманды башындан өткөрөсүн балам. Жүрү эми, тиги жаман чатырга кирип коон жейли, сени келип калабы деп бузбай тургам, – Закир чал ордунан туруп этегин күбүндү.Арсар ойлонгон тейден чалдын артынан басты.

Ошол Закир чал менен замана жөнүндө маектешкен күндөн бери Арсадын ойлору түп тамырынан өзгөрдү. Мен болбогон нерселерге кайгырып жүргөн турбаймынбы. Андан көрө замандын өзгөрүшүнө камданыш керек го. Айжан туура айтат, алда кандай болот ким билет, акчаны абдан үнөмдөп, чогултуш керек экен да.Алмаздан болсо ошол бойдон кабар жок болду. Ал кайда житип кеткен деги. Ара чолодо женесине чалып сураштырат, женеси Алмаздын жиксиз жоголгонун айтат. Күн өткөн сайын Алмаз жөнүндө көп ойлонбой калды Арсар. Эгерде тагдыр буюрса бир кезде табылаар,же бизди өзү табаар, деп каниет кылып койду.

Сауле Алмаздын алты жылга кесилип кеткенин укканда, эми ал жөнүндө Арсарга таптакыр эле эч нерсе айтпайын деп чечти. Арсар анын кесилип кеткенин билсе жүрөгү ооруйт, андан көрө бир жакка кетип калыптыр деген ой менен жүрө берсин,деп ойлоду. Арсар дагы чалганда; 

– Алмаздын кайда экенин эч ким билбейт экен, ал шаар жакка кеткен өндүү,ошол жактан иштейм деп бирөөөргө айткан экен бирок чын бышыгын билбейм, эми аны табыш кыйын болуп калды го,издебей деле койсончу, – деди. Бул кыз эми эмне кылат Алмазды? Эмне үчүн өзү издеп атат аны? Күйөөсүнө өчөшүп ошону менен табышып алайын деген ою бар го, деп ойлоду. Алмаздын соттолуп кеткенин угуп калса ого бетер шору катат го кургурдун, эми ошону кокустан угуп калбаса экен деп кудайдан тиленди.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Бурулуш Сатиева, 2017

 


Количество просмотров: 2506