Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Бурулуш Сатиева, 2017. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2017-жылдын 13-майы

Бурулуш Казаковна САТИЕВА

Эки тарап-3

Үчүнчү бөлүм

 

Бул романда, биздин өлкөнүн элинин 90чу жылдардан тартып ушул мезгилге чейинки жашоосундагы өзгөрүүлөр жөнүндө баяндалат. Ал өзгөрүүлөр бири-бирин сүйгөн экиадамдын тагдыры аркылуу чагылдырылат. Турмуштун татаал жолдору экөөнү эки жакка бөлүнүп кетүүгө аргасыз кылат. Баштарынан мин түркүн окуяларды өткөрүп,көптөгөн жылдардан кийин экөө, эчак экиге бөлүнүп кеткен жашоонун карама-каршы тараптарынан кезигишет. Экөө өзгөрүп аткан жашоону өз түшүнүктөрүндө ар кандай кабыл алып, алардын жеке турмушу ошол көз караштарына жараша өтөт. Романдагы каармандардын көпчүлүгу жашоодон алынган образдар, окуялардын да көп бөлүгүтурмуштан алынган. Мен болгону окуялар менен адамдардын тагдырларын бири-бирине байланыштырып, кызыктуу роман жазганга аракет кылдым.

 

Көк Бөрү эсине келгенде, эмне болгонун түшүнө албай дендароо болуп далайга отурду. Эмне болгонун түшүнгөндө,тиштери бөрүнүкүндөй кычырап, күрөө тамыры көөп чыкты. Иттин баласы, ушуну кылмак беле? Аркасына кайрылып, байланган колдорун чечүүгө аракет кылды. Бошочудай эмес. Машиненин жолдон чыгып кеткенин көрүп, ай ааламга азуусун жанып сөгүндү.

– Колума тийсен, жонундан тирүүлөй кайыш тилем! – деп карганды. Анан бирөө жарым өтүп калабы деп, жардам сурап кыйкырды. Анын кыйкырыгын эч ким уккан жок. Эми кандай кылаарын билбей жаны кашайды. Бир азга демин ичине алып, кантип бошонуунун амалын ойлоду. Колдорун акырындан кыймылдатып, бел боонун кандай байланганын баамдады. Анан арты менен эшикке ыктап, боонун бир учун эшик ачкан илмекке илди да акырындан тартты. Кудай жалгап боо бошой баштады. Адегенде бир колун бошотту, андан сон экинчи колу да бошоду. Бел боо жоон, жылма болгон үчүн оной чечилди. Карышып калган колдорун ушалап, жан киргизди. Анан машинанын үкөгүн карады.

– Акмак десе, баарын шыпырып кеткен тура! – үкөктү тарс эттире жапты. Машинадан түшүп айланага көз чаптырды. Болжол менен эки сааттай эстен танып жаткан экен. Эми бул тоолордун арасынан аны издөө, үймөк чөптөн ийне издегенге барабар деп ойлоду. Өзүнүн башына каран түн түшкөнүн түшүндү. «Тигилер» эми мени соо койбойт! Кандай кылышым керек? Машинага кайра отуруп ойго чөмүлдү. «Тигилерге» кандай жооп берүүнү ойлонду. Кандай жооп берген күндө да эми алар мындай катаны кечиришпейт. Эмне кылыш керек? Бул жерден тезирээк кетиш керек. Бир баш жакшы, эки баш андан да жакшы. Батыраак болгон окуя жөнүндө кабар бериш керек. Көк Бөрү машинаны от алдырып көрдү. Машина от алды. О кудай, мунуна да шүгүр! Машина ордунда бир азга унулдап турду да, даркырап жолго чыкты. Көк Бөрү машинаны жин урган немедей айдап жөнөдү.

Шаарга тез эле кирип келди. Начальникке жүгүргөн тейден кирди. Анын кебетесин көргөн начальник, жамандыктын жышаанын сезди. Кагаздарын четке жылдыра салып, ордунан тура калды.

– Иш жаман! Тиги ит качып кетти! – Көк Бөрү ток этээр жерин айтты.

– Эмне?!– начальниктин өнү бозоруп, көзөрүнүн чаары чыкты.

– Ал көрсө дарыны ичпептир, калп уктамыш болуп калыптыр, жолдон мени эстен тандырып, куралдарды, акчаны алып качыптыр.

– Эй, ал кантип качты?! Ал бүгүн алып кетээрибизди кайдан билиптир?

– Кайдан билгенин мен кайдан билейин, ага кавказдыктын кишилеринен бирөө жардам бергенби дейм.

– О, иттин баласы, баарыбызды жарга такады! Кандайча? Кантип качып кетти ыя?! Эми аны кайдан табабыз? Кантип табабыз? Жанына бирөөнү алсан болмок экен да! – начальник столду бир муштады. Башын мыкчып ары– бери баса баштады.

– Анын антээрин кайдан билдик! Ал жөнүндө сиз экөөбүздөн башка эч ким билбеши керек эле да, анан кантип мен жаныма бирөөнү алат элем, – Көк Бөрүнүн кыжыры келе түштү. Бул акмак баардыгына мени күнөөлгөнү жатабы деп ойлоду.

– Эми ким күнөөлүү экенин териштирип отурууга убакыт жок. Аны кийин териштиребиз. Азыр Алмазды жердин жети катар түбүнөн болсо да табышыбыз керек! «Тигилер» бизди кечирбесин жакшы түшүнүп атасын го дейм? – начальник Көк Бөрүнү жеп жиберчүдөй карады.

– Мен көк мээ эмесмин, бардыгын түшүнүп атам, – Көк Бөрү кесе жооп берди.

– Болуптур, болуптур, сени эч ким көк мээ деген жери жок. Эми кандай кылабыз?– начальник жоошуй түштү.

– Издеш керек, бизде болгону эки күн бар. «Уюштуруучуга» билдирсек кандай болот?

– Жок, азырынча эч кимге жигин билдирбешибиз керек. Бирок бизге издөөгө адамдар керек, болгондо да бизге берилген адамдар керек. Аны ансыз деле милисалар издеп атышат. Жердин баарында анын сүрөттөрү илинген. Ал эми кокустан ошолордун колуна тушуп калышы мүмкүн. Биз алардан мурун табышыбыз керек аны.

– Бизге азыр кайрадан эле Бектур жардам бере алат. Анын дайыма машыгып жүргөн жоокерлери бар. Анын үстүнө алар ошол Алмаз качкан аймакты жакшы билишет болуш керек. Биз ага күнөө коюшубуз керек баары бир .Эмне үчүн Алмаз уктаган жок? Демек алар ага же таптакыр берген эмес дарыны, же ага билдирип коюшкан бүгүн алып кетээрибизди. Ошонун негизинде биз аны, бизге издөөгө жардам берүүсүн талап кыла алабыз. Бирок ал биздин дообузду мойнуна ал койбойт болуш керек. Ал абдан митаам неме.

– Анда кандай кылабыз?

– Анда биз ага сураганын беришибиз керек. Бизде башка арга жок да. Башыбыз кеткиче, акчабыз кетсин!

– Мунун жүйөөлүү кеп, анда сен шаарга келип убакытты коротпой, кайра ошого барсан болмок экен да,– начальник Көк Бөрүнү күнөөлөгөндөй карады.

– Мен сиз менен кенешпей туруп кантип андай кылат элем? Бир айласы Бектурдун кишилери издегенге жардам бериши керек. Сиз туура айттыныз, эгерде аны бизден мурун милисалар кармаса биздин көйгөй эки эсе көбөйөт. Алмаз унчукпай тура бербейт да, туурабы? Ал болгонун болгондой айтса биз өлдүк! Иттин баласы, кыйын экен го! Эми мен тезирээк кайра тоого жөнөйүн. Бектурдун жигиттерине кошулуп, ал итти эми өзүм да издейм, – деди Көк Бөрү тиштерин качыратып.

– Болуптур, ошент, бирок эртенкиге чейин анын чындап качканын «тигилер» билбегидей болушу керек. Эгерде эртен кечке чейин табылбаса, сен мага кел, дагы бир амалын ойлонуштуралы.

– Жарайт, мен жөнөдүм анда,– Көк Бөрү ордунан туруп, шак жөнөп кетти.

Алмаз тоонун батыш тарабы менен жүрүп отуруп, чон, кызыл асканын түбүнө келип токтоду. Ушул жерге отуруп дем алууну чечти. Самсаалап өсүп турган бөрү карагаттан сыдырып алып, алаканына ары– бери салып үйлөп туруп оозуна салды. Кычкыл аштан ичиркенди. Абдан быша элек карагат өтө кычкыл болот. Айлананы карап жегенге бир нерсе издеди. Азырынча от жакканга да болбойт. Түтүндү байкап калышы мүмкүн бирөө– жарым. Эс алып алган сон тоонун аркы бетине өтүп алыш керек карангы киргиче. Түнкү жатакты да табыш керек. Бул тоолордо ит-куш болоору бышык. Коргонууга тапанчалары болгону менен ок атууга да болбойт. Эми тигилер мени издешет, издегенде алар мени болду болбоду тоо ашып кетти деп ойлошот, Алмаз жакшылап ойлонууну чечти. Демек мен батыш тарапка тоо ашып кетсем, түз эле алардын колуна түшүп калышым мүмкүн. Ай макоо жаным, Адилден бул тоолор кайсы тоолор экенин сурабаптырмын да. А эгерде мен бул тоонун чыгыш тарабына өтүп кетсем кандай болот? Анда кайда барып түшүп калам? Эмнеси болсо да мен батыш тарапка кетпешим керек. Болушунча тоодон ылдыйлабаганга аракет кылайын. Бирок сууну, тамакты кайдан табам? Күн болсо азыр жылуу эле. Кой, урушта туруш жок, жөнөйүн анда, бара көрөөрмүн!

Алмаз тоо кыркалап жүрүп отурду. Тоонун абасы анын демине дем кошуп, бала кезинен көнгөн ыкмаларын колдонуп, каргашалуу жерден болушунча алыстап кеткенге аракет кылды. Кун батайын деп калганда эс алууну чечти. Тамак ичпеген үчүн алы кетип баратканын сезди. Суусап да чыкты. Бир чакырымдай жерде өзөн бар экен. Демек ошол жерде суу да болушу мүмкүн. Бир аз эс алып, ошол өзөнгө бет алды. Алмаз жанылбаптыр, өзөндө бир арык суу жыбылжып агып аткан экен. Жата калып суусунун кандырды. Ангыча аркы кырдан жамыраган койлордун үнү угулду. Алмаз жүгүрүп барып ит мурундун бадалына жашынды. Бир короо кой кырдан жамырап сууга жүгүрүштү. А, булар ушул жерден суу ичишет тура. Ангыча кырдан атчан чабан да көрүндү. Жанындагы ити тынчсызданып, улам ээсин тегеренип үрө берди. Алмаздын шаштысы кетти. Ит аны сезип атты.

Ой сен эмне эле болуп атасын? Бир нерсе сезип атасынбы? Эмне, коён жүрөбү? – итин карап кобуранды койчу. Ит болсо куйругун чамгарактатып, «ооба» дегенсип борс этти да, түз эле Алмаз бөгүп жаткан бадалды көздөй жүгүрдү. Э, шайтан, сезип калбадыбы. Качууга кеч болуп калды. Алмаз чөнтөгүндөгү тапанчаларды бадалдын түбүндөгү кургак жалбырактардын астына көмө салды. Куралчан экенин көрсө койчунун жүрөгү түшөт го деп ойлоду. Ит абалап бадалды айланып жүгүрдү. Алмаз акырын тандайын такылдатып итти жоошутууга аракет кылды. Ит үргөнүн басандатып, Алмазды эки кулагын тикчийте карап калды.

– Болду эми, жөн эле үрө бересинби?– Алмаз иттин көзүн карап акырын сүйлөдү. Кандай ит болсо да тилин тапканды билчү Алмаз. Иттен көзүн албай, ит башын онго кыйшайтса онго башын ийип, солго башын кыйшайтса солго башын ийип, акырын кобурап сүйлөп атып итти жоошутту. Ит эми эзелки таанышын көргөндөй куйругун шыйпандатып, бир орунда туйлады. Ангыча иттин ээси жете келди. Алмаз бадалдан чыгууга аргасыз болду.

– Ой, сен кимсин? – койчу Алмазды көргөндө чочуп кетти.

– Салам алейкум ава! Мен адашып калдым,– Алмаз болушунча мундуу жылмайды.

 – Адашып? Кайдан адашып жүрөсүн?

– Мен Койташтагы аскер бөлүгүнөнмүн, ошол жакта кызматтамын, биз тоо арасында жүрүүгө машыгууга чыкканбыз, анан мен коён кубалайм деп адашып кеттим. Жанымдагылар кайда калганын билбей калдым. Бул тоолорду жакшы билбейт экем, кайсы тарапка кетип калганымды да билбей калдым,– деди Алмаз оюнан чыгарып.

– А, ошондойбу? – койчу Алмазды сын көз менен карады. Алмаздын сөзүнө ынангандай болду.

– Мен кайда келип калдым? – Алмаз учурдан пайдаланып сурады.

– Бул тоолор илгертен калган ата– бабаларыбыздын тоолору. Тээтиги тоонун ары жагында Ак– Түз деген жер бар, уктун беле?

– Укпай анан,– Алмаз билбесе да билген кишидей болуп койду,– ой-ий, мен ушунча алыстап кеткен экем ээ? Демек мен таптакыр башка жакка кетип калган турбаймынбы!

– А силер кайсы тоолорго чыктынар эле?

– А биз кайсы тоого чыкканыбызды деле билбейм, бизди вертолёт менен ташташкан, кайсы тоолор экенин деле айтышкан эмес. Биз ушул тоолордо беш күн машыгууда жүрмөкпүз. Биздин лагерь кайсы жерде калганын да билбейм. Эми мен кайра келген жагым менен кете берсемби деп атам. Болбосо тигилер мени издеп убара болушат го.

– Балам, карангы киргени калды, эми аларды карангыда кантип табасын? Бүгүн биздикине түнөп алып, тан заары менен жолго чык,– койчу эч кенебей ушундай деди. Анын баёолугуна Алмаз тан калган жок. Тааныбаган адамды конуп кет деп айтканга тоодо жашаган малчылар гана жөндөмдүү.

 – А тигилер мени издеп убара болушпас бекен?

– Алар эмнеге убара болушмак эле, издешсе биздикинен таап алышаар, жүрү, -койчу дүнүйөкапар алдыга түштү. Алмаз аргасыз анын артынан жөнөдү. Бир чети ичинен сүйүнүп атты. Бир аз тамактанып, эс алып, тан заары менен чыгып кетейин, тигилер карангыда издей деле коюшпас деп ойлоду.

Койчу алачыкта жалгыз эле жашайт экен. Койлорду жип короого киргизишип, алачыктагы темир мешке от жагышты. Алмаз безеленип, бардыгын көнүмүш адат менен жасаганын байкады койчу.

– Балам сен мал менен өскөнсүн го дейм?

– Ооба ата, мен кенедейимден мал четинде чонойгом, – Алмаз өзүнүн балалыгын эстей калып үшкүрүп алды.

– Анан эмнеге аскер кызматына кетип калдын?– койчу Алмазды кантээр экен дегендей карап калды.

– А, жашоо ошого алып барды мени ата. Мени оюма коюшса тоо койнунда эле жашамакмын өмүр бою.

– Ошондой де. Эркине каршы аскер кызматына барганына чон себеп болсо керек да.

– Ооба, ошондой ата, чон нерсе себеп болду. А сиз өзүнүз эмнеге бул жерде жалгыз жашайсыз?

– Мен бул жерде аялым, улуу балам менен турам. Алар бүгүн жакага түшүшкөн. Биздин айылдаш тууганыбыз каза болуптур. Алар эми эки күндөн кийин келишет бул жерге. А, чайыбыз да кайнады, кел анда чайдан ичели.

– Ата, отура бериниз, мен даярдап берем чайды,– Алмаз ордунан секирип тура калды. Чайды арыдан-бери даярдай салды. Койчунун ичи жылып отурду Алмазга. Бул өзү тарбия көргөн жакшы адам экен. Анда эмнеге түрмөгө түштү экен кургур? Койчу жана көргөндө эле тааныган Алмазды. Мындан эки апта мурун милисалар Алмаздын сүрөтүн алып, издеп келишкен.

– Бул түрмөдөн качкан өтө коркунучтуу адам, эгерде көрүп калсанар дароо кабар бергиле,– дешкен. Адегенде жүрөгү оозуна кептеле түшүп, бирок Алмаздын жоодураган, эч күнөөсүз адамдыкындай көздөрүн көргөндө өзүнө келген койчу. Анын бадал түбүнө бир нерсени катып койгонун да байкаган. Тапанча же бычак болушу мүмкүн деп ойлогон. Качкынды ээн коё берип, түндүн кайсы бир оокумунда келип өлтүрүп кетет деп кооптонуп отургуча, аны таанымаксан болуп, жанына алып кетүүнү туура тапкан. Эми болсо бул адамда эч күнөө жок экенин, мындан жамандык күтпөш керек экенин жүрөгү шыбырап, санаасы биротоло тынды.

– Балам, баканда илинген эт бар, эми шам-шум эткенге бирдеме жасайлы. Тун бакырдыкы деген, бир аз кобурашып отуралы. Бүгүн сени кудай таалам өзү айдап келген тура бул жерге, – койчу Алмазга чын жүрөгүнөн жылмайды.

– Мейли ата, мен алып келе калайын эттен,– Алмаз ордунан шап туруп, эшик алдындагы бакандан бир жилик эт алып кирди.

– Тиги мүшөктө бир аз картөшкө боло турган эле, куурдак эле кылалыбы?

– Ооба, ошентели,– курсагы абдан ачкан Алмаз сүйүнүп кетти. Казанды отко аса салып, этти арыдан бери туурап, кууруп жиберди. Ара– чолодо аркы – беркиден кобурашып коюшат. Тамак бышкан сон экөө жакшылап тамактанышты. Ачка болуп турса да үзүлүп түшпөй, Алмаздын тамакты сыпаа жегени жакты койчуга. Чарчаган Алмаз тамактанып бүткөн сон уйкусуна ээ боло албай, оозун араандай ачып уйкусурады.

– Балам, сен тиги төшөктөн салып жата бер. Мен жылкыларды бир карап, короону бир тегеренип коюп жатайын,– деди койчу.

– Ата, мен деле карап келем, сиз жата бериниз,– деди Алмаз ордунан обдулуп.

– Жок балам, малчы малын өз көзү менен карабаса тынч уктачу беле, сен жата бер, мен өзүм эле,-койчу ордунан туруп, тышка чыкты.

Ал чатырга кайра киргенде Алмаз терен уйкуга кеткен экен. А кургур, чарчаган экен, бул мынча күндөн бери тоо койнунда жүрсө жүдөп калат эле, кайда жүргөн деги? Койчу Алмазды карап терен ойго батты. Мунун албан күчү бар экен. Кийимдери таза, денеси таза. Өнү деле көп күндөн бери тоодо жүргөн адамдыкындай эмес. Мунун бир сыры бар го. Милисалар келгенде түрмөдөн качканы эки жума болду дешкен. Демек бул кеминде бир айдан бери тоо-ташта жашынып жүрүшү керек эле. А бул күн жок жерде жашап жүргөндөй өнү купкуу, ичкен-жегени деле ырас болгон өндүү. Муну бирөө багып жаткандай. Эртен эгерде ыгы келип калса ачык сүйлөшөйүн, ыгы келбесе кете берсин, деп ойлоду да, жатууга камынды койчу.

Эртеси Алмаз койчудан мурун туруп, мешке от жакты. Чатырап күйгөн чегедектин жытына магдырап, ойлонуп отурду. Чатырдын ичи заматта жылып чыкты. Койчу ойгонсо да уктамыш болуп жата берди. А бул бала зээндүү бала экен. Эгерде качкын болбогонунда ушул жерде калып калчы дейт элем го. О, көк мээ жаным, эгерде качкын болбосо ушул жерге келет беле бул. Эми буга кандай кылып жардам кылыш керек? Койчу чын жүрөгүнөн Алмазга жардам бергиси келди. Бирок кантип жардам бере алат? Эмнеси болсо да ынгайын таап ачык сүйлөшөйүн деп ойлоду. Алмаз да өзүнчө ой жүгүртүп отурду. Ак көнүл жакшы адам экен. Колумдан келсе чон жакшылык кылат элем. Бирок азыр буга эмес өзүмө да жарытылуу жардам кыла албайм го. Тигилер мени издешсе бул жерге да келиши мүмкүн. Анда мен бул кищиге да маселе жаратам. Ошондуктан эртерээк кетейин бул жерден.

– А балам, турдунбу?– койчу ордунан копшолуп, эми жаны ойгонгон адамдай болду.

– Ооба, турдум ата, жакшы уктадынызбы?

– Жакшы уктадым балам, абдан жакшы уктадым,– койчу ордунан туруп кийине баштады.

– Чай кайнап калды, чай ичип алып мен эртерээк жылайын ата.

– Мейлин балам, жолоочунун жолдогусу деген,– койчу ордунан туруп, тышка чыкты.

Алмаз койлорду короодон чыгарышып, белге чейин айдашып барды. Койчу жон баштыкка нан, курут, бир кесим карын май салып берген. Анысына абдан ыраазы болду Алмаз. Жонго чыгышкан сон, койлорду бетке жайып жиберишти.

– И балам, кел эми мындай көчүк баса тур. Кечөөтөн бери аты-жөнүндү да сураган жокмун. Атын ким балам?– деп сурады койчу.

– Менин атым Алмаз ата, өзүм көлдүк болом.

– А, атын жакшы экен балам. Алмаздай бекем болсун деп койгон го атынды. Менин атым болсо Жакшылык. Эми дагы ушул биз тарапта болуп калсан, келип кезигип кет,– койчу Алмазды карап жылмайды.

– Макул ата, келип калсам сөзсүз кезигем сизге. Чон рахмат сизге! Мен эми жылайын, тигилер издеп убара болушту го,– Алмаз тынчсызданып ордунан турду.

– Балам, алар сени жарым ай мурун эле издеп келишкен, – койчу Алмаздын көзүн карабай, тээ алысты карап сүйлөдү. Алмаз токтоп калды.

– Кандай дейсиз?

– Балам, отура тур бир аз. Эми мен сага болгонун болгондой айтып берейин. Мындан эки апта мурун сенин сүрөтүндү алып милисалар келишкен бул жерге. Атын Алмаз экенин да айтышкан. Алардын айтуусунда сен түрмөдөн качкансын,– койчу башын Алмазга буруп, эми аны тике карады.

– Кандайча? – Алмаз чындап эле койчунун сөзүнө тан калды. Кайра отуруп калды.

– Ошондой балам, сени милисалар түрмөдөн качкан өтө коркунучтуу адам деп издеп жүрүшөт. Мен сени кечөө көргөндө эле тааныгам. Бирок сенин көздөрүндөн сенин жаман адам эмес экенинди түшүндүм. Ошондуктан сени үйүмө алып бардым. Балам, чынынды айтсан мен сага жардам берүугө аракет кылайын. Сен түрмөгө эмне себеп менен отурдун эле?

– Ата, мен тан калып атам, мени эмне үчүн эки апта мурун издеп келишет? Мен кечөө эле качкам. Бирок мен кечөө түрмөдөн эмес, ушул тоо арасындагы башка бир үйдөн качтым. Ал абдан жашыруун үй экен. Мени бир ай мурун ошол үйгө алып келишкен түрмөдөн. Анан эмнеге мени кайра өзүлөрү издеп жүрүшөт?

– Балам, мен кантип калп айтайын. Эки апта мурун издеп келишкендери чын. Сенин сүрөттөрүн райондук милисанын алдында, ал түгүл биздин кантордун алдында да илинип турат деп уккам. Түрмөдөн кылмышкер качыптыр деп эл ичи эчактан бери ызы-чуу түшүп атышат. Бирок кебетене караганда сен кечөө качканын да чын. Тоодо бир айдан бери качып жүрсөн башкача болот элен. Мен такыр түшүнө албай атам, эмнеге алар өзүлөрү сени башка жакка алып барышып, анан кайра өзүлөрү издеп жүрүшөт?

– Ата, мен сизге баарын башынан айтып бербесем болбой калды окшойт.

– Балам, мен сенин кылмышкер экенине деле анчейин ишене албай турам. Кылмыщкерлер сендей болбойт. Жаш кезимде мен да түрмөгө отуруп чыккам. Жаштыгым менен бирөөнүн азгырыгына кире коюп, казактардан жылкы уурдап түшкөм түрмөгө. Тиги тоонун ары жагы эле казактардын жайыттары,– койчу мандайындагы тоону көрсөтүп койду.

– Ата, мен бирөөнүн күнөөсүн мойнума алып түшкөм түрмөгө, – Алмаз карыяны карап сөзүн баштады.

– А, милисалар мойнуна илип койгон экен да ээ?

– Андай десе да болот. Бирок мен өзүм да ага каршы болгон жокмун. Мен өзүмдүн сүйгөн кызымдын күнөөсүн мойнума алгам,– андан ары Алмаз болгон окуяны башынан баштап, төкпөй– чачпай айтып берди. Койчу Алмаздын сөзүн бөлбөй, кунт коюп угуп отурду. Алмаздын бир калыпта чыккан конур үнүнөн, ал жүрөгүндөгүсүн айтып атканын туйду койчу.

– Мм, демек ошондой де, анда мени ички сезимим алдабаптыр. Сен чын эле кылмышкер эмес экенсин да. А тигилер сени эрөөлгө чыгармакчы болушса, эмнеге сени ага чейин түрмөдө эле кармашкан жок?

– Анысын мен деле билбейм, эмнеге мени тоодогу үйгө алып барышты. Анан эмнеге кайра мени издеп жүрүшөт.

– Менин оюмча сени тоодогу үйгө алып кетүүгө бир чон себеп болгон. Алар сени түрмөдөн алып чыгып кетишип, сени өзү качып кетти деп жарыялашкан го. Демек алар сени башка бирөөлөрдөн жашырган. Ошондуктан милисалар сени издеп жүрүшөт. А сенин тоодогу үйдө экенинди түрмөнүн начальниги, шериги экөө гана билет болуш керек. Кызык, эмнеге алар сени түрмөдөн өзүлөрү алып чыгып кетишти?– койчу ойлонуп калды. Мунун айткандары карандай чындык. Ооба, түрмөлөрдө ошондой эрөөлдөр болуп турат. Ал жерде өтө чон акчалар тегеренет. Балким түрмөнүн ичинде мунун өмүрүнө коркунуч туулдубу? Болушу мүмкүн.

– А сага түрмөнүн ичинен өчөшкөн бирөөлөр болгон эмес беле?

– Жок, андай деле болгон эмес, алар мени бараарым менен эле коргоого алышкан. Мага ал жерде эч ким өөдө карап суйлөчү эмес. Ал түрмөнүн начальниги абройлуу кылмышкерлер менен тыгыз байланышта окшойт.

– Анда таптакыр түшүнүксүз, эмнеге алар сени түрмөдөн алып качышканы.

– Ата, эмнеси болсо да мен эми бул жерден тезирээк кетейин. Азыр мени милисалар эмес, башкесерлер издейт. Сиздин мага жардам бергенинизди билишсе, сизди да жөн коюшпайт алар.

– Ооба, анын да туура балам. Бирок сен эми кайда барасын? Казактар жакка ооп кетсен кандай болот?

– Жок ата, мен тескери жакка кетишим керек. Алар да мени казактар жактан издеши мүмкүн. Болду болбоду ошол жакка качты деп ойлошот алар да. Алар казак досторуна да кабар берип коюшу мүмкүн. Бул шүмшүктөр бири-бирин аябай колдошот турбайбы.

– Ооба, алар бири-бирин кыйын колдошот. Алардын мыйзамдары биздин мыйзамга караганда алда канча күчтүүрөөк болот. Бирок ошентсе да алар кылмышкерлер да.

– Ата, мен кетейин эми,– Алмаз кайра ордунан турду,– аман болсом бир кездерде кезигээрбиз, сизге чон рахмат!

– Балам, токтой турчу, акыл калчап иш кылбасак бат эле колго түшүп калышын мүмкүн. Менде бир ой бар. Сени шахтага алып барып жашырайын. Илгери ушул тоолорго геологдор келип шахта казышкан. Издегендерин таппай коюштубу, айтоор шахтаны кайра жаап кетип калышкан. Көп жылдан бери шахтага киши барбай, анын тегерегине бадалдар өсүп, шахтанын оозу таптакыр көрүнбөй калган. Ал шахтанын оозун мен боз жигит кезимде бир чабан көрсөткөн. Ал жолду мен билем. Сен азырынча ошол шахтага баш катканын жакшы болот го дейм. Алар сени бул тоолордон издешсе, сөзсүз түрдө мага келишет. Алар келип кеткенден кийин дагы бир амалын ойлоп табаарбыз.

– Ошентелиби?– Алмаз карыяны ойлуу карап калды.

– Ошенткенин эле он болот го. Тээтиги тик чокулуу тоонун астындагы борчук жарды көрдүнбү? Сен ошол жакка жыла бер. Мынабу жон менен жүрүп отуруп, тиги тоого кептелесин. Ал тоонун батыш тарабы менен жүр. Кыялап журуп оутуруп ошол борчукка туштап чыгасын. Андан ары өзүн деле табасын го жолду. Ошол борчук жардын алдынан мени күт. Мен койлорду өөдөкү жайытка жайып коюп барып калам. Мен атчанмын да балам, бат эле жетем ал жерге. Анда эрте күндү кеч кылбай жөнө.

– Болуптур ата, бирок өзүнүз этият болунуз,– деди Алмаз жон баштыгын комдонуп.

– Бара гой эмесе, анан кезигебиз,– койчу атына шап минип, койлорду көздөй бастырды,– баса, кечөөкү бадал түбүнө каткан оокатынды ала кет.

Алмаз токтой калып койчуну карап калды.

-Алып ал балам, кереги тиет,– койчу ынангыдай айтты.

-Болуптур ата, рахмат сизге,– Алмаз жон менен өөдө кайберендей женил жүгүрүп жөнөдү.

Көк Бөрү Бектур менен кер-мур айтыша кетти. Бектур өзүнүн балдарынын эч кимиси Алмазга жардам бербегенине кепил болду. Бирок чырларын кийинкиге калтырып, азыр тезинен Алмазды издөөнү чечишти. Жаны эле эс алууга кете турган кызматчыларын токтотту. Баардыгына тапшырма берди.

– Ал казактар тарапка ооп кеткенге аракет кылат, адегенде ошол жакты тинткиле. Эгерде табылып калса, өлтүрүүгө же жарадар кылууга тыюу салам. Ал бизге тирүүлөй, аман-эсен керек. Аны кармоого кудуретинер жетет го деп ойлойм,– Бектур тизилип турган кызматчыларын кыдырекей карады. Баары үнсүз баштарын ийкешти.

– Эмесе жөнөгүлө. Эсинерде болсун, анын жанында куралы бар. Этият болгула.

Кожоюндун сөзү Адилге абдан жакты. Азаматсын Алмаз, деп ойлоп койду ичинен. Бектур машинада отурган Көк Бөрүнүн жанына келди да, аны тике карап сүйлөдү:

– Мен сага күнөөлүү болгон үчүн жардам берип аткан жерим жок, түшүнүктүүбү?

– Албетте, түшүнбөй анан,– Көк Бөрү мыйыгынан күлдү,– эсепти тиги шүмшүктү кармагандан кийин жүргүзөлү,– деди.

– Болуптур, жөнөгүлө анда, жанагы өзүн токтогон жерге алып бар балдарды. Ошол жерден баштаганынар он болот. Тиги Кумар деген жигит из кубар, ошону алдыга жибергиле. Мейли анда, жолунар болсун,– деди Бектур Көк Бөрү менен кол алышып.

Адил ичинен кудайга жалынды. Алмаз болушунча алысыраак кетсе экен! Тиги Кумар деген неме чынында эле из кубар. Кандайдыр бир өзүнүн ички сезими менен үч күн мурунку изди таап коёт. Алтоо экиден бөлүнүп, туш тарапка кетишти. Күн кечтеп калгандыктан, үч сааттан кийин болжошкон жерден кезигишти.

– Кап, убакытты уттуруп ийдик окшойт,– деди Көк Бөрү ташка отура калып.

– Карангы кирип кетти,– деди жанындагысы,– эми убакытты дагы уттурбаш үчүн ушул жерге түнөшүбүз керек. Эртен тан заарынан чыгабыз,– кубалоонун кумарына кирген жигит бейкапар башына жон баштыгын коюп, уйкуга кетти. Ушунукундай нервдер кимде бар болду экен, деп ойлоп койду Көк Бөрү ичинен. Бирок буга эмне, табылса табылат, табылбаса баары бир да. Мага окшоп мунун тагдыры эми Алмаздын колунда эмес. Көк Бөрү ойлонуп далайга отурду. Ангыча из кубар Кумар жандоочу менен жете келди.

– Бир нерсе билинеби?– деп сурады Көк Бөру.

– Жок, тиги тарапта эч нерсе жок. Ал батышка эмес, чыгышка жөнөду болуш керек. Ал көк мээ эмес да. Биз аны батыш тараптан издээрибизди түшүнөт го дейм. Эртен менен биз чыгыш тарапка жөнөйлу,– деди Кумар.

– Мен да ошентип ойлоп атам, – деди Көк Бөру, – болуптур анда, эс алалы.

Из кубар Кумар тан заарынан туруп, жанына киши албай эле жолго чыкты. Тушкө жакын Кумар кызыл жардын түбүнө келди. А, демек ушул жерде болгон экен. Ал сыдырылып калган бөру карагаттын бутагын кармап ойлонду. Анан жардын тубундөгу буйдаланып калган чөпту көрду. Бул жерге отуруп эс алган экен. Жерге түшүп калган бөрү каргаттын жемиштерин көрүп, абдан ачка болгон экен, болбосо быша элек бөрү каргатты жебейт эле го деп ойлоду. Айланага көз чаптырып суу издеди. Болду болбоду ал суусады, демек суу издеди. Алмаздын издери менен жүрүп отуруп өзөнгө келди. Өзөндүн тегерегиндеги койдун кыктарын көрүп, бул жерден бир короо кой суу ичет экен, демек жакын жерде малчы бар деп божомолдоду. Койлордун изи аркы кырдан түшөт экен. Кумар кырга чыгып, койчунун чатырын көрду. Чатырга барып, анын эшик боолорун чечип, ичине кирди. Кичинекей жалпак столдун үстүндөгү эки чыныны көрдү. Бул жерде эки адам жашайт го, же тиги качкын конокко келгенби? Чатырдан чыгып, боолорун кайра байлап коюп, койлордун изи менен жөнөдү.

Бадал түбүнө жашынып алып турнабай салган койчу, Кумарды көргөндө эле анын куугун экенин билди. Эми бул шүмшүк мени койдун изи менен табат. Үйгө конок келгенин билди болуш керек. Буга кандай деп жооп бериш керек деп ойлоно калды.

Кумар бат эле жете келди.

– Салам алейкум байке! – кош колун сунуп учурашты. Койчу алик алып жатып, бул Нарындык же Чүйлүк го деп ойлоду. Адатта ошолор «байке» дешет.

– Алейкума атсалам, и баатыр, сен кайдан адашып? Бу эки кундөн бери адашкандар көбөйүп кетти го? – койчу Кумарды күлүндөй карады.

– Ал кимдер экен адашкан? – Кумар билмексен болуп сурады.

– Кечөө кечинде келген бирөө адашып, тоого аскелерди машыктырууга чыгарышкан тура, ошолордон адашып калыптыр.

– Ии, ал адашкан неме кайда кетти анан?

– А сен эмне ошону издеп журөсүнбү? Сен да Койташтагы бөлуктөнсүнбү?– койчу анткорсуп карап калды.

– Ооба,– Кумар бир саам буйдалып калды,– мен да ошол жактанмын, ошол жигитти издеп жүрөбүз, бизден бөлүнүп, адашып кетиптир.

– Ал жигитинер түндө меникине конуп алып, тан заарынан туруп кетип калыптыр. Мени ойготпойун дегенби, же өзу эле ошондой тартипсизирээк немеби, айтоор коштошпой кетип калыптыр,– койчу беймарал сүйлөдү. Анын дүнүйөкапар отурганынан Кумар ага ишенгенсип калды.

– Ой ит десе, кайда кетти болду экен?– деп тилденип алды.

– Ал кечинде келген жолум менен эле кетейин, эптеп табаармын деп аткан, ошол келген жагы менен эле кетти го кайра.

– Жок байке, келген жагына кетсе, мага кезигет эле го, ал таптакыр башка жакка кеткен окшойт.

– Ал тоону жакшы билбеген неме го, болбосо ушул тоолордун эмнесинен адашат дейм да.

– Ошону айтсаныз, болуптур анда, мен издөөмдү улантайын,– Кумар ордунан турду.

– Бир болсо тиги батыш тарапка кетиши мүмкүн, эртен менен мен турганда ит ошол жакты карап жаагын жанып аткан,– койчу батыш жакты көрсөттү.

– А, ошол жакка кетти дейсизби? Ал эми казактарга өтүп кетпесе болду.

– Болду болбоду ошол тарапка кетти го, ит ошол жакка үрдү, ошоякка кетти дегени да. Казактарга ооп кетсе, ошол жактан табылат анынар.

– Мейли анда, жакшы турунуз,– Кумар кайрадан кол алышып коштошту да, койчу көрсөткөн тарапка жөнөп кетти. Тоону жакшы билбеген неме го деп коёт, тоону андай жакшы билген адам жок го, бирок мен сени баары бир табам, деп ызырынды ичинен Кумар.

Койчу, Кумар далай жерге чейин узап кеткенден кийин ордунан туруп, атына минди. Койлорду ийрип коюп, шахта жакка бет алды. Алмаз аны болжошкон жерде күтүп аткан экен.

– Тезирээк атка учкаш, тигилерин сенин изине түшүшүптүр,– койчу Алмазга жетип жете электе кыйкырды. Алмаз атка секирип учкашты.

– Канчоо экен алар?

– Азырынча бирөө эле келди. Алдыга кеткен немеси го. Ал шайтан сенин мага келгенинди билип койду. Чатырды тинтип чыкты. Мен ага сенин кечөөкү мага айтканындай кылып, адашкан жоокер келген, тан заары менен батыш тарапка кетти дедим. Ал ошол тарапка кетти. Бирок бир аздан кийин мен аны алдаганымды билип калышы мүмкүн. Ал жакта сенин издерин жок да. Ал кысыталак чөп устунөн из тапткан неме го.

– Ата, мен үчүн эми сизге да коркунуч туулуп калды го. Мен өз алдымча эле кете берсем болмок экен,– Алмаз койчунун оюна макул болгонуна өкүндү.

– Эч нерсе эмес балам, бөрү карыса бир койлук алы бар деген, сени мен каткан жерден эч бир изкубар таба албайт,– койчу ишенимдүү корсулдап күлүп койду. Бадал-черлерди аралап отурушуп, бир жерге келгенде токтоп калышты.

– Кана, түш эми аттан, мындан ары жөө барбасак, ат өтө албайт,– деди койчу Алмазга. Алмаз аттан секирип түштү. Койчу атын бадалга байлап коюп, менин артымдан жүр, дегендей ишарат кылды. Алмаз анын артынан жыш өскөн алтыгана, ит мурун, табылгы, четиндерди аралап жүрүп отурду. Бир жерден ал түгүл жөрмөлөп өтүүгө да туура келди. Капыстан эле шахтанын оозу көрүндү. Киши бою менен тен болгон онурайган тоо борундагы тешик үнүрөйүп үрөйдү учурат. Бул жер чынында эле оной менен табылчудай эмес. Шахтанын оозун жыш өскөн бадал-чер тыгыз жаап турат экен. Билген киши гана так түбүнөн чыгып көрбөсө, көрүнчүдөй эмес. Койчу шыпылдай алдыга кирди. Шахтанын ооз жагы гана жарык, беш метрдей баскандан кийин көзгө сайса көрүнгүс карангы экен.

– Мына балам, эми сен ушул жерге баш бааналап тур, мен сага тамак-аш алып келип берип турам. Жарык жакка көп чыга бербе, бирөө– жарым байкап калбасын. Сенин караанынды көрсө, сагызган деле билдирип коюшу мүмкүн. Тышка чыкчу болбо, – койчу болгон насаатын айтты.

– Ата, өзүнүз да этият болунуз эми.

– Мен эртен ушул убакта келем, ага чейин тамагын жетет го дейм, от жакчу болбо, болуптур, мен жөнөйун.

– Жакшы барыныз, этият болунуз,– Алмаз койчуга санааркады.

– Мен тезирээк жөнөйүн, койлор да чачырап кетпесин,– койчу шашылып жөнөду. Ал шахтанын так оозуна келгенде анын мадайында кайдан жайдан келгени белгисиз бир караан туруп калды. Алмаздын жүрөгу оозуна кептеле түштү. Койчу турган ордунда казыктай катты. Мандайындагы жанагы изкубар экенин көрүп, акылы айран болуп, оозуна эч бир сөз келбей, тигини жалдырап карап калды.

– А сен куу абышка экенсин,– Кумар мыйыгынан күлдү, – мени жазгырып кеттим деп ойлодунбу?

– Тфу, иттики, сен көрсө менден өткөн куу турбайсынбы! – койчунун кыжыры келди.

– Из кубар Кумарды эч ким алдап көргөн эмес,– Кумар ичинен кымындап сүйүндү. Анын тан заарынан туруп өзү жалгыз кетип калганына да себеп бар болчу. Анын из кубар экенин билген кожоюну ага куугунга чыгаарында өзунчө тапшырма берген.

– Эгерде качкынды сен тапсан, сага өзгөчө чон сыйлык берем, – деген. Сыйлыгымды бирөө менен бөлүшкүдөй жинди белем, деп ойлогон Кумар. Ошондуктан тигилерден бөлүнүп, жалгыз кетип калган. Анан ал өзүнүн ыкмаларын эч кимге билдиргиси келчү эмес. Алмазды табаарына да көзү жеткен. Бул тоолорду Алмаз жакшы билбейт, ал эми Кумар болсо бул тоолорду коён жатагына чейин билет. Бирок бул шахтаны биринчи көрүшү. Эми буюрса сыйлык колдо. Ал тапанчасын койчуга кезеп турду.

– Кана, чыгар тигининди! Сен абышка жан кечти окшойсун, кимдерге каршы чыкканынды түшүнбөй элесин го дейм?

– Түшүнбөй анан, а силер эмне өзунөрдү кудайдан да кудуреттүү сезип калдынар беле?– койчунун корко турган түрү жок.

– Эй акмак, тилинди жаныбай, чыгар тигининди! Кана, үчкө чейин санайм, чыкпаса ит аткандай атып салам сени!

Жанатан экөөнун сөздөрун даана угуп, өзү көрунбөсө да аларды даана көрүп турган Алмаз далдоодон чыга калды.

– Мына, мен бул жердемин, кары кишиге корстон болбой бери кел анча баатыр болсон! – деп кыйкырды.

– А, демек сен өзүндү баатыр сезет экенсин го?– Кумар кер какшыктады.

– Менин баатыр экенимди өз жонундан сезесин, бери кел! – Алмаз тигини шахтанын оозунан теренирээк келишин каалады. Кумар колундагы куралын койчуга кезеп турду дагы эле.

– Жоок баатыр, сен өзүн бери кел, куралынды жерге ташта да бери кел,– деп кыйкырды Алмазга. Алмаз анын айтканын аткарууга аргасыз болду. Бул оной менен алданчу шүмшүк эмес го. Бир тапанчаны ыргытып жиберди тигинин алдына. Бирөөнү болсо шымынын он капшытына кыстарып койгон жана эле. Анан акырындан аттап, тигилерди көздөй басты. Кумар андан көзүн албай карап турду. Алмаз жакындаганда, кийин болуп аны өткөрүп, эми экөөнү тен кароолго алып турду.

– Баскыла, абышка сен астыга бас,– деп буйруду, – карыган шайтан, мени алдагысы бар, андан көрө жана эле чынынды айтсан, мен сага сыйлык бермекмин. Эми шорун шорподой катат!

Алмаз кандайча тигини ыгын келтирип баса калышты ойлоп баратты. Ангыча Четиндин бутагына бир сагызган шакылыктап коно калды. Кумар башын көтөруп сагызганды караганда, Алмаз чагылгандай тездик менен аны ээк талаштыра бир тепти. Кумардын колундагы тапанча ыргып кетип, өзү чалкасынан сулк жатып калды. Алмаз жүгүрүп барып тапанчаны алды. Алдыда бараткан койчу артын карап анырайып калды.

– Белиниздеги жипти чечип бере салынызчы,– Алмаз койчунун дайыма отун алганга деп белине ороп жүрүүчү арканын сурады. Экөөлөп из кубарды чытырата танып салышты.

– Ата, мунун эсебин эми өзүм табам, сиз койлорунузга бара бериниз, чачырап кетип таппай калбаныз, эгерде дагы бирөөлөр келсе, эч кимди көргөн жокмун дениз,– деди.

– Болуптур балам, мен койлорго барайын, сен муну тиги шахтага алып кирип сал. Мен эртен койлорду чыгара электе келем,– койчу алдастап, шашып жөнөдү. Алмаз тигини так көтөрүп жонуна салды да, шахтага алып кирип, карангы жерге күп эттирип таштады. Өзү анын жанына отуруп, демин басып, ойго чөмүлдү. Эми кандай кылыш керек? Башкалар да бул жерге келиши мүмкүн. Тезирээк бир чечим кабыл алыш керек. Жакшылык авама да түйшүк жаратканы турат окшойм. Же колго түшүп берсемби? Ангыча Кумар эсине келди. Жаткан ордунан булкунуп, бошонмокчу болду. Катуу танылганын сезип, кыймылдабай жатып калды.

– Бошоном деп аракет кылбай эле кой,– деди Алмаз.

– А, сен бул жердесинби?– Кумар тишин кычыратып, жерге чыйт түкүрдү.

– Ооба, мен бул жердемин,эми сени оной менен коё бербейм, ошондуктан бошонууга аракет кылбай эле койгонун он.

– Эч нерсе эмес, мен чыдамкаймын, сени издегендер эртеби-кечпи келет бул жерге, алар менин кайсы тарапка кеткенимди билишет. Алар тиги койчунду соо коюшпайт. Аны баардыгын айтууга мажбур кылышат,– Кумар акыркы көзүрүн женинен чыгарды.

– Тапса таап келишээр, бирок койчуга эч нерсе кыла алышпайт, себеби койчу өзүн көргөндөй макоо эмес, бир айласын табат, а бул шахтаны болсо аларын таппайт. Эгерде койчунун аркасынан андып келбегенинде сен деле тапмак эмессин да бул жерди, туурабы? – Алмаз да оной алдыра койгусу келген жок.

– Болуптур, көрө жатабыз баарын, эми кандай кылайын деген ойлорун бар, андан көрө ошону айтчы?

– Кандай кылышты мен өзүм да билбей отурам. Мен эч нерсеге түшүнбөй калдым. Балким жөн эле колго түшүп берсем кандай болот?– Алмаз же тиги менен кенешип атканы, же өзүнчө ой жоруп атканы белгисиз сүйлөдү.

– Ошонун туура болот го дейм, тигилер баары бир табат сени. Сенин анчалык эмнеге керек экенинди билбейм, бирок сени тирүүлөй кармагыла деген буйрук болгон.

– Антпей анан, мен аларга тирүүлөй, сопсоо керекмин. Сен демек буйрукту аткарган жөнөкөй адам турбайсынбы?

– Анан эмне, элдин баары эле сендей важный персона дейсинби?– Кумар каткырып жиберди.

– Мен сен ойлогондой важный персона эмесмин. Мен алардын колундагы оюнчукмун. Алар мен аркылуу канча акча табаарын сен билбейсин,– Алмаз оор үшкүрүп алды.

– А сен эмне, дүнүйө катылган жерди билесинби? – Кумар какшыктады.

– Жок, алар үчүн мен өзүм эле дүнүйөмүн, алар мени эрөөлгө чыгарышмак. Ал эрөөлдө мен Горилла деген немеге “жем” болмокмун. Алар мени ошол турнирдин уюштуруучуларына сатышмак мындайча айтканда. Ал турнирге өтө чон суммадагы акчалар коюлат экен. Ошондуктан алар алдын ала эле ким утулаарын, ким женилээрин чечип коюшат экен.

– Койсончу, ошондой да болот бекен? – Кумар чындап эле тан калды,– ой мен андай нерселер футболдо болот деп уккам.

– А футболдо болгон нерсе башка жакта болушу мүмкүн эмеспи? Андай нерселер баардык жактарда болот.

– А сен жем болгондо, тиги Горилла сени өлтүрүп коёбу?

– Анан эмне, башымдан сылап коймок беле?

– А, сен ошон үчүн качкан турбайсынбы?

– Ооба, жандын кимге кереги жок. Мен да жашагым келет.

– Ой, а сен анан кайдан жүрүп буларга жолугуп отурасын?

– Мен турмөдө болчумун. Мени ошол жерден эле эрөөлгө даярдап атышкан. Анан капыстан эле бул тоодогу үйгө алып келип салышты. Эмнеге алып келишкенин мен билбейм, – Алмаз эмнегедир эч нерсени жашыргысы келген жок. Эми мындан бир нерсе жашыруунун эмне кажети бар?

– А, ошондой де. А эрөөл качан болот экен?

– Мен анысын билбейм.

– А сен кантип качтын? Ошончо даярданган немелер сени оной менен качырбайт эле го? Же сага бирөөлөр жардам бердиби?– Кумардын кызыгуусу артып, суроосунун жообуна кандай жооп берээр экен деген сынарда тыншап калды.

– Мен түрмөдөн эле эрөөлдүн болоор убагын болжолдогон шыбыш уккам. Анан ошол болжонгон күнгө аз калганда мага берилген суюк тамактарды ичпей төгүп салып аттым. Себеби алар мени бул жакка алып келээрде тамагыма уктаткан дары кошуп берип, уктатып алып келишкен. Алып кетээрде да ошентип алып кетишээрин түшүндүм. Алып кетүүгө келген киши менин уктап калаарымдан күмөн санаган жок. Ошондуктан өзү жалгыз келген. А жалгыз немени жолдон жайлаш турган иш го.

– А сен алдагы кебетен менен бирөө эмес, беш– алтоону деле жайлачу түрүн бар го.

– Мени өзүлөрү эрөөлгө даярдашкан да, эми ошол күчтү өздөрүнө каршы колдонууга туура келет.

– А сен эмне болуп түрмөгө отурдун эле?– Кумар эми Алмаздын тамырын тарткысы келди.

– Ал узун жомок, анын эмне мааниси бар,– Алмаз көнүлкош жооп берди,– андан көрө айтчы, сен көп акча тапкын келеби?

– Акчаны ким жаман көрсүн? Айрыкча ушул заманда акча баарына керек. Азыр баардыгы акчага сатылып калды. А сен эмнеге антип сурап атасын? Эмне, катып койгон акчан барбы?– Кумардын саран мүнөзү акча жөнүндө укканда жандана түштү.

– Бар, катып койгон эмес эле, азыр чөнтөгүмдө бар. Эгерде мага ушул жерден из жашырып кетүүгө жардам берсен мен сага көп акча берем, болгондо да азыркы мода болуп кеткен американын доллары менен,– деди Алмаз ишенимдүү.

– Ха, а сен ал долларды кайдан алдын?– Кумардын кызыгуусу от алды. Мында чын эле акча бар го!

– Аны мен ошол мени алып кетип бараткан машинеден алдым. Бир тангак акча бар экен үкөктө. Болгондо да доллар, жалан жүздүктөр, көргүн келеби?

– Көргүм келбей анан,– Кумар шилекейин жутту.

– Мына, жакшылап көр, – Алмаз чөнтөгүндөгү бир тангак акчаны алып чыгып, ширенке жандырып көрсөттү. Кумар жаткан ордунан катуу копшолуп алды. Алмаз акчаны жакыныраак алып келип көрсөттү. Акчаны көргөндө Кумардын ичи жылый түштү.

– Ошондо мен сага кандайча жардам бере алам? А жардам берсем мага канча акча бересин?– Кумар дароо кожоюндун берем деген сыйлыгын эстей калды. Кызык, канча берет эле мага?

– Эгерде мага бул жерден из жашырып кете турган жолду айтып берсен, мен сага мунун тен жарымын берем. Беш мин доллар! Бул оной акча эмес, жакшылап ойлон!

– А эмнеге сен мага баарын бербейсин? Кеп сенин өмүрүн жөнүндө болуп атпайбы?– Кумар болушунча көбүрөөк акча алгысы келди.

– Кеп жеке эле менин өмүрүм жөнүндө эмес, сенин өмүрүн жөнүндө да болуп атат. Сен азыр байланып менин алдымда жатканынды унутпа. Мен сени атып ташташым да мүмкүн. Менин изиме сары чөп сала турган адамдын эмне кереги бар? Анан мага да акча керек да, бул жерден болушунча алысыраак кетишим керек менин,– деди Алмаз салмактуу.

– А, ошондой де. А мен эмнеге сага ишенишим керек? Сен жолду билип алып,анан мени атып салып кетип калсанчы?

– Сенде мага ишенүүдөн башка арга жок. Мен сага сөз берем, жигиттик сөз берем, эгерде жардам берсен, мен айтканымды аткарам. Мен сени бошотпойм, болгону жанына акча менен тапанчанды коюп кетем. Эгерде бошоно алсан өзүн бошонуп алаарсын. Же балким тиги мени издегендер таап алаар сени. Кыскасы багындан көрөсүн.Эгерде жардам берүүдөн баш тартсан, мен сени өлтүрбөйм, мен киши өлтүргүч эмесмин, ушул бойдон таштап кетем. Анда сага акча да, тапанча да жок.

– А сен шайтан амалкөй экенсин!

– Жашоо баардыгына үйрөтөт экен. Кана, кандай чечимге келдин?– Алмаз тигинин шаштысын кетирди. Кумар терен ойлонду. Мунун сөзүнүн да жүйөсу бар. Эми менде көнбөскө чара жок го.

– Болуптур, мен сага кетүүчү жолду айтам, бирок сен да сөзүнө тургунун.

– Мен сөзүмө турам, кабатыр болбо. Бирок мени алдайм деп да ойлобо. Эгерде алдай турган болсон, же бошонгондо менин артымдан издей турган болсон, мен сени кезигээрин менен атып салам. Муну эсинден чыгарба. Мен аскерде десантта болгом, душманды кантип андышты жакшы билем.Таамай атканды да жакшы билем. Мен бала кезимден мылтык менен коюндаш өскөм. Мага болгону багыт керек.

– А сен мен айтып берген багытты кантип табасын?

– Табам, коркпо, болгону сен мага туурасын айт.

– А сага кайсы жак керек? Бул жерден казактарга ооп кетсен болот. Же болбосо көлдүн күнгөй тарабына ооп кетсен болот. Же болбосо Боомго түшүп кетсен болот,– деди Кумар. Э, асмандагы ак куудан, колдогу чыйырчык өөдө, кожоюнга эми кезигемби, жокпу бир кудай билет,деп ойлоду ичинен.

– А сен мага үч жагын тен түшүндүрүп бер шашпай, анан мен өзүм тандайм кайсы жагына кетишти, – Алмаз сак болууну чечти.

– Кх, а сен өтө акылдуу да экенсин. Туура, мунун абдан туура сөз. Болуптур, мен айтып берем үч жакка кетчү жолду, бирок сен да сөзүнө тур,– Кумар Алмазга ишене албай жатты. Баардыгын билип алган сон атып салып кетип калбаса болду. Бирок бул андайга деле бара койчу неме эмес го. Эмнеси болсо да Алмазга багыттарды туура айтып берүүнү чечти. Эгерде аман калса, издегенге жакшы болот. Тирүү калсам издебеске чарам жок, Бектур менин тирүүлөй теримди сыйрат деп ойлоду.

– Эгерде Боомго түшөм десен, бир гана кыйын жер бар,ошондон өтсөн, андан ары көзүндү жумуп алсан деле жетесин,– Кумар шашылбай баардык багыттарды түшүндүрүп берди. Алмаз илгиртпей кунт коюп угуп отурду. Кумар сөзүн бүткөндө, чөнтөгүндөгү акчаны алып чыгып, анын тен жарымын жерге койду,анын үстүнө Кумардын тапанчасын койду Алмаз.

Мына, мен айтканымды аткардым. Эми бошонууну кудайдан тиле. Мындан аркысын экөөбүз тен багыбыздан көрөбүз. Сен бирөөнүн тапшырмасын аткарган эрксиз адамсын, анынды түшүнөм. Эгерде бошонсон мени издээринди да билем. Бирок сен жанагы менин айткандарымды унутпа, жашагын келсе мени өтө берилип издебе. Болуптур, мен кеттим, – Алмаз одунан шак туруп жөнөдү. Кумар жанталашып жердеги акчаны карады. Карангыда жакшы көрбөсө да, шахтанын оозунан келген үрүл– бүрүл жарыктан караанын көрдү. Алмаз артын карабай чыгып кетти. А бул өтө акылдуу, куу неме экен. Муну кармаш эми онойго турбас, күчү дагы кудайга шүгүр экен деп ойлоду.

Алмаз боомго түшүп кетүүнү ойлоду. Бирок тиги койчунун эмне болгонун билбей туруп кетип кала алган жок. Жанагы кой жайылып жүргөн жерге келди. Койчу үйүнө жакыныраак барып калган экен. Коктунун ичи менен ага жакындап барды. Бир чон таштын артынан акырын ышкырып койду. Койчу тыншап калды. Алмаз дагы ышкырды. Акырын таштан башын чыгарып көрүнүп койду. Аны көргөндө койчу элендей эки жагын карады. Бирөө жарым көрүп калбаса экен дегени го. Анан ташка жакын барды.

– Ата, эч ким келген жокпу?– деп сурады Алмаз.

Жок, эч ким келген жок, тигини эмне кылдын?

– Ал байлануу жатат. Ата, мен кетейин эми, сиз мени көргөнүнүздү эч кимге айтпаныз. Куугундар дагы келиши мүмкүн. Тиги болсо ошол жерде байланып жата берсин, багынан көрөөр, бошонсо бошонуп алышы мүмкүн. Ал сизге кайра келиши да мүмкүн. Сизди мертинтип койбос бекен?

Балам,менден кабатыр болбо, мен деле куру жүргөн жан эмесмин,– койчу Алмазды жооткотту, – сен жолундан калбай бара бер балам. Кайсы тарапка жөнөмөй болдун?

– Ата, Боом тарапка түшүп кетсемби деп атам.

А, ошенткенин деле болот. Жолду табасынбы?

Ооба, тиги изкубар айтып берди. Эгерде бир чон жардан өтө алсан, тез эле жетесин деди. Туура айтабы?

– Ооба, туура эле айтыптыр. Эми ак жолун ачылсын балам, эрте күндү кеч кылбай жөнө анда. Боомго жол менен деле түшүп кетсе болот. Бирок анда жол узарып калат. Анан бирөөлөр көрүп калышы да мүмкүн.

– Ата, рахмат сизге, мен аман болсом бир күнү келип кетем, өзүнүзгө сак болунуз,– Алмаз абышканы кучагына бекем кысып, көзүнө тегерене түшкөн жашты тыйып, кокту менен кайра өөдө жүгүрдү.

Бир топ жерге узап кеткен сон, бир көйкөлүп өскөн четиндин түбүнө отуруп эс алууну чечти. Четинди карап, жүрөгү опкоолжуп, улам алыстап бараткан балалыгын эстеп ичи ачышты. Четиндин чытыраган кызыл кабыгын аяр сылап, тоодо калган өзүнүн четинин эстеди. Ал эмне болду экен? Энесин эстеп канырыгы тутөдү. Энесине болгон сагынычы көөдөнүнө батпай, көзүнө жаш тегеренди.

Энекем ай, эмнеге эрте кеттин бул жашоодон?!

Балким сен тирүү болсон менин жашоом таптакыр башкача болот беле? Муундары бошоп, бакырып ыйлап алгысы келди. Бирок бакырууга болбойт. Менин жашоом ушундай абалга келди, жада калса бакырууга да болбой калды. Эми дагы кайда алып барасын мени? Алмаз көктү карап, кудайдан сурады. Эмне күтүп турат мени алдыда? Кудай эч жооп берген жок. Кудай барбы деги ?Калдар акеси менен атасын эстеди. Алар эмне болушту экен? Мен ушинтип аларга жардам бермек тургай өз айламды таба албай жүрөм. Тээ жүрөгүнүн теренинде алардан ого бетер алыстаарын сезди. Мен качан кайтып келем уйүмө? Деги качандыр бир кезде кайтамбы? Мен эми түрмөдөн качкан кооптуу кылмышкер экемин го! Алмаз ойго чөмүлүп далайга отурду. Эмне болсо ошо болсун деп, Боом менен көлгө кетип калгысы келди. Өз тоолоруна баргысы келди. Бирок антүүгө да болбойт. Анда мен алардын да башына балээни үйөм. Эми мага ал жакка жол жок! Бирок көп деле жашына берүүнүн деле кажети жок. Кармаса карап алышсын, тагдырымдан көрөөрмүн. Жашынып, качып жүрүүдөн тажап кетти Алмаз. Ордунан туруп, боюн түзөп, эки жагын карап алды да шашылбай четиндин кабыгынан сылап коштошуп, жайбаракат жолун улады. Ал четинден бир аз узаганда, арт жагынан дүнгүрөгөн үн чыкты. Алмаз токтоп калды. Бурулуп караса жанагы шахта туштан асманга боз топурак сапырылып калыптыр. Бул эмне болуп кетти? Алмаз тан калып карап турду. Ооба, ошол туш. Эмне, жар куладыбы? Жер көчтүбү?

Алмаз кеткенден кийин Кумар бошонууга аракет кылды. Чытырата байланган жип чечилчүдөй эмес. Бутун чечүүгө аракет кылса, анысынан да майнап чыкпады. Издеп жүргөндөр келип калышса, акчаны алып алышпасын деп санааркап, акчага эптеп жетүүнү ойлоду. Акырын жыланча сойлоп жылып, акчага жетти. Арты менен оодарылып, сыйпалап атып акчаны алды да, шымынын арткы чөнтөгүнө салды. Байланган колдору эпсиз болуп жүдөткөнүнө карабай, тапанчаны да эптеп алды. Балким тигилер жакыныраак келип калышса бул шахтаны таба алышпайт, койчу оной менен айта койбойт деп ойлоду. Мезгил мезгили менен тапанчадан ок атып турууну чечти. Онтойун келтирип, тапанчаны бан дедире бир атты. Шахтанын ичи бир саамдай дүнгүрөп турду да, төбөсунөн тарсылдап таштар кулай баштады. Кумар жандалбастап шахтанын оозун көздөй оонады. О жинди жаным, эмне кылдым! Таштар кулаганы күчөп, бир убакта жер титирегендей болуп шахтанын ичи алай– дүлөй болуп калды. Кумар жетишпей калды. Шахтанын төбөсү күү менен күрүлдөп кулап түшүп Кумарды тирүүлөй басып калды.

Койчунун да акылы айран болду. Эмне болуп кетти? Шахта кулады го? Койлорду шашылыш чогултуп, короого киргизди да, атына минип чапкан тейден шахта жакка жөнөдү. Шахта кулап тушкөнүн алыстан эле көрдү. Тиги кургур чыкканга үлгүрдү болду бекен? Шахтанын жанына келгенде тегеректен эч кимди көрбөдү. Куураган шордуу, тирүүлөй көмүлүп калган тура деп, канырыгы түтөп кетти. Бадалды аралап кайра атына келсе, Алмаз ошол тушка келип калган экен. Жүгүрүп келгенге күйүгүп аран дем алып турат.

– Эмне болуп кетти ата?

– Шахта кулап түшүптүр, тиги шордуу чыга албай калган го,– койчу кейиштүү башын чайкады.

Тууй иттики десе, эч болбосо бутун чечип койсом болмок экен да!

– Адегенде ок атылгандай болду, ошол октун үнүнөн кулады го шахта.

– Мен ага өзүнүн тапанчасын таштап кеткем. Демек тапанчасына жетип, тигилерге белги берейин деп аткан го? Эмне, таптакыр кирүүгө болбой калыптырбы?– Алмаз өзүн күнөөлүү сезип турду.

– Жок, кирүүгө мүмкүн эмес.

– Балким ал бир булунда тирүүдүр? Таштарды алып көрбөйлүбү?

– Жок балам, анча ташты ала албайбыз биз, ал түгүл трактор келсе да тазалай алчудай эмес,жүрү, барып өз көзүн менен көр, болбосо өмүр бою өзүндү күнөөлөп жүрүп өтөсүн,– деди койчу мунайып.

Алмаз шахтанын кулаганын өз көзү менен көрүп түнүлдү. Тонналаган ташты алуу мүмкүн эмес. Киргенге да эч болбойт экен. О, жашоон менен куруп кал, эмнеге чечип койгон жокмун? Алмаз башын мыкчып туруп калды. Койчу аны ийнинен кармап:

Балам, болоору болду. Бул шордуунун мандайына жазылган тагдыр ушул экен. Ага сен күнөөлүү эмессин. Андан көрө жолундан калбай жөнө, – деди.

Ата, мен андан көрө багынып берсем кандай болот? Качканда кайда барам эми? Же жанымда бир документим жок болсо. Менин тагдырыма да жазылганы ошол болсо керек! – Алмаз койчуга өтүнүчтүү карады. Койчу Алмазды карап оор үшкүрүп алды да, ойлонуп отуруп калды. Алмаз да анын жанына отурду.

Экөө далайга ойлуу отурушту.

– Балам, кээде адам тагдырына да каршы чыгышы керек болот. Болбосо анын эмнеси адам? Сууга аккан чамындыдай болуп кете берсен, жашоондун эч мааниси болбойт! Тагдыр дегенин ошондой таш боор болот. Эртеби кечпи, кайран башка бир өлүм деген. Тагдырына баш ийип, душманга жем болуп бергиче, алар менен кармашып атып өлгөнүн жакшы го. Сен азыр жашсын, алдыда канча өмүрүн бар бир кудай билет. Балким сен бул абалдан женүүчү болуп чыгасын?– койчу оюндагысын айтты.

– Билбейм, тагдыр эмнеге мени менен мынча тамашалашат? Мен эч кимге тийишпей эле тоо арасында жашайын дегем. Тагдыр болсо мени чүкөдөй калчап, ойноп атат. Кандай кылышым керек экенин өзүм түшүнбөй калдым. Мен эч кимден, эч нерседен корккон жерим жок, бирок мен анчы кубалаган коёндой абалда болгум келбейт, дайыма эле качып жүргүм келбейт – Алмаз да оюн айтты.

– Балам, сен дайыма эле андай абалда болбойсун. Өзүн деле айтып атпайсынбы, жашоо таптакыр ойлобогондой болуп өзгөрө берет. Сен эгерде алдына максат коюп алсан, жашоо женилирээк болот. Сен бир кезде ушул сенин тагдырын менен ойногондордун баары менен эсептешишин керек. Бул максат сага баардык кыйнчылыктарды женүүгө жардам берет.Сен мындан ары кандай жашоого туш болоорунду мен билбейм, бирок сен оной менен женилип бере турган адам эмес экенсин. Ошол кайратындан жазба! Эгерде колго түшүп берип, жашоомду женилдетем десен, тирүүлөй өлгөнүн ошол! – койчу, айтаарым ушул, калганын өзүн бил дегенсип унчукпай отуруп калды. Алмаздын жүрөгүндө ишеним пайда болду. Айтса айтпаса төгүнбү, жатып өлгүчө, атып өлөйүн! Балким бир кезде баардыгы менен эсептешээрмин! Жок, балким эмес, сөзсүз түрдө эсептешишим керек! Ооба, бул адам туура айтат, эми мен ошондой максат менен жашашым керек!

– Ата, жардам бергенинизге чон рахмат, мен баарын түшүндүм, эми мен башкача ой менен жашайм. Мен аман болсом бир кезде сөзсүз кайрылып келем, аман турунуз анда,– Алмаз ордунан туруп, койчуга колун сунду.

– Мунун башка кеп, ак жолун ачылсын! Жөнө анда! Бүгүн түнкү он бир чендерде поезд өтөт, балким ошого жармашып борборго кетип калсан да болот. Поезддин акыркы вагону жүт тартат,ошого илингенге аракет кыл, кудай сага жол берсин балам, – койчу Алмазды кучагына бекем кысып коштошту.

– Сиз да аман болунуз ата, рахмат сизге!

Алмаз жон баштыкты көтөрүп жөнөп кетти. Анын артынан телмире караган койчу, ичинен ага ыраазы болуп, эми кудай өзү сага жар болсун деп шыбырады.

Арсар менен Соня иштин көзүн эми тапкандай, шатыра шатман иштеп атышты. Нан бышыруунун ыкмасын ийине келтиришип, жасаган нандары колдон жулуп өтүп атты.

– Арсар, буюрса ишибиз жакшы болуп атат, эми экөбүз акча чогултуп, өзүбүзгө чакан “комок” ачып алсак деле болот го дейм ыя?– Соня Арсарды күлүндөй карады.

– Болбой анан, ой Соня, мен сага абдан ыразымын, мага ушунчалык колдоо кылдын!

– Койчу Арсар, экөөбүз бири бирибизди колдоп атабыз, сен болбосон мен деле эмне болооруму бир кудай билет эле да. А мен чын эле жинди экемин, ошол сволочтун айынан эмнеге жинди болдум десен? Азыр жүрөт шүмүрөйүп таксовать этип. Тигиниси пайдаланып туруп таштап салыптыр го аны.

– Ий кокуй, ошентиптирби?– Арсар танданып калды.

– Ошентиптир, эми жаны базарком менен коюндаш болуп алыптыр го ал. Ал кыйын келин экен, жаштыгын, сулуулугун пайдаланып атат.

– Ой жерге киргир десе, ошондой кантип болсун, кыйын болбой кымыран калсын ошол. Жаштыгын көрүнгөнгө тебелетип,..– Арсар жийиркеничтүү сүйлөдү.

– Эх Арсар, азыркы жашоодон баарын күтсө болуп калды. Жапжаш кыздар турат базардын аркы бурчунда, көрдүнбү? Ушинтип кыргыздын кыздары да денесин сатууга үйрөнүп атышат.

– Жерге кирсин ошолор, ошентпей эле бизчилеп соода кылып жашаса деле болот эле го ошолорго?

– Эх Арсар, эч нерседен кабарын жок да, алар биз соода кылып бир айда тапкан акчаны бир түндө таап коюшат керек болсо! Баштарын оорутуп соода кылып эмне кылышат анан.

– О ий! Ошончо акча табышабы?

– Анан эмне! Ай сен кызыгып калган жоксунбу? Көздөрүндөн от жана түштү го,– Соня кыткылыктап күлүп жиберди.

– Ай анда экөөбүз деле ошол жерге иштебейлиби ыя? – Арсар чындап эле кызыгып калгандай сурады.

– Эмне?– Соня Арсарды таныркай карады, анын чын айтып атканы же тамашалап атканын түшүнө алган жок.

– Ой экөөбүз деле ошолордой болуп кыска юбкалардан кийип, боёнуп алып ошол жерге чыгалы! Сен деги супсулуусун, мен деле боёнуп алсам жакшы эле болуп калам. Анан экөөбүз акчаны күрөктөп табабыз да, зангыраган дүкөн ачып алабыз! Кандай дейсин? – Арсар Соняны суроолуу карады.

– Ай сен акылындан айныган жоксунбу?– Соня да Арсарды суроолуу тиктеди.

– Жок, мен чын эле айтып жатам,– Арсар бир азга томсоруп турду да, чыдабай күлүп жиберди.

– Ох, жаным чыгып кете жаздабадыбы,– Соня да күлдү,– ай ушу сенин тамашан!

– А эмнеси бар экен, экөбүз койкондоп, ошолордой болуп, моминтип,моминтип ары –бери басабыз,– Арсар ордунан тура калып, бөлмө ичинде ойсондоп баса баштады.

– Капырай, деле көр муну, дал өзү болуп калат тура,– Соня да ордунан тура калып, Арсарды туурап баса баштады. Экөө бири-бирин карап боорлору эзилгиче каткырышты. Ал ангыча короодон ызы-чуу чыгып калды. Экөө тып токтоп, тыншап калышты. Арсар жүгүрүп барып терезени карады. Короонун ортосуна ар кайсы жактан эл топтошо баштады.

– Эмне болуп атат?– Соня да терезеге келди.

– Билбейм ай, эл чогулуп атат, бир нерсе болгон атат го ыя?

– Эмне болгон атат?

– Соня сен үйгө тура турбайсынбы, мен барып карап келе калайын, же сен барасынбы?

– Жок, сен эле барып келчи, балдар азыр эле укташпадыбы, мен терезеден эле карап турам. Бирок тигилерге аралашып кетпе,– Соня Арсарды кумөн санай карады.

– Жок ай, эмнеге аралашып кетмек элем, жөн эле угуп келейин,– Арсар коридорго чуркап чыгып туфлийин кийе калып, көздөн кайым болду.

– Кагылайын эл журт, ушундай да жорук болобу? Эми тиги бала бакчаны да сатып жиберишиптир, анын ордуна ал жерге дүкөн ачат экен бирөө. Эми ушинтип кол куушуруп отура берсек, булар биздин үйлөрүбүздү деле тартып алышат го!– бир аял короодо жаткан чон таштын үстүнө чыгып алып сүйлөп атыптыр.

– Ай анан кол куушурбаганда биз өкмөткө каршы эмне кыла алабыз?– чогулган элдин ичинен бирөө үн салды.

– Кантип эмне кыла алабыз? Ой, көп толкуса көл болот деген, жалпылап каршы чыгыш керек! Баарын эле базарга айлантып атышат, бул эмне деген жорук? Бала бакчалардан кийин мектептерди деле жаба башташат го минтип отурса! Балдарыбыздын келечеги эмне болот? Жаштайынан базарда жүрүп калышабы? Ойлонсонор боло!– аял үнүнүн баардыгынча бакырып атты.

– Туура, туура айтат бул аял, эмне карап отурабыз, биз буга каршыбыз!

– Ой койсонорчу болбогон кептерди, өкмөткө каршы эч ким эч нерсе кыла албайт!

– Чын эле балдарыбыздын келечеги эмне болот? Базар экономикасы деп эле баарын базарга айлантып атышат!

– Базарга айлантса, баарыбыз базарчы болобуз! – эл уу-дуу болуп ар кимиси өз оюн айта башташты. Арсар унчукпай угуп тура берди. Ары жактан зырылдап милисанын машинеси келе калды. Андан даалдай болгон төрт милиса түшүп, топтолгон элди жарып өтүшүп, тиги аялдын жанына барышты. Эл дымырап калды.

– Ай эже, ушунунуз уят эле иш го, дагы эле элди былгытып атасызбы?– кежигеси өгүздүкүндөй болгон милиса тиги аялды зекиди.

– Эмне кылып былгытып атыптырмын? Мен элге болгон чындыкты айтып жатам! – аял тайманбай жооп берди.

– Сизге өткөндө эле эскерткенбиз, эми дагы бир жолу ушундай жорук кыла турган болсонуз камаласыз деп. Эми өзүнүздөн көрүнүз,– өгүз моюн артында тургандарга белги берди. Тигилер аялды буйдамга келтирбей, колдорун толгой кармашты. Аял аларга ээ бербей жулкунуп чыгып кетти.

– Ой аланайын эл журт, көрдүнөрбү булардын кылганын? Булар чындыкты уккулары келбей калды,– кайра жанагы ташка жүгүрүп чыга калып кыйкырды аял. Милсалар аны кайра баса калышты. Эми ал шордуунун колуна кишен салып, суйрөп барып машинеге тыгышты. Акылы айран болгон эл, жылаанга арбалган коёндой демдерин чыгара албай карап турушту. Өгүз моюн ташка секирип чыкты да:

– Ой эл-журт,бул келжиреген аялдын сөзүн укпагыла, бул ушинтип ар кимдин башын оорутканды жакшы көрөт. Заман буюрса жакшы жагына өзгөрүп баратат! Өкмөттүн эл үчүн көрүп аткан камкордугун тескери түшүнгөндөр ушинтип тантырап атышат,– деп кыйкырды.

– А өкмөт элге бала бакчаларды жаап кам көрүп атабы? – эл ичинен бирөө кыйкырды.

– Ой бала бакчаларды жабат деп ким айтат? Ушул келжиреген аялбы? Мунун сөзүнө ишенбегиле. Бала бакча жабылбайт! Ой кагылайындар түшүнсөнөр боло, биз жетимиш жыл бою уктап жатыптырбыз! Жыргал заман мына эми келет! Базар экономикасында баары өнүгөт!

– Баарынар базарга чыгып жыргайсынар де! Ай, ансыз деле мугалимдер деле, доктурлар деле, артисттер деле базарга чыга башташты. А балдарды ким окутат? А элди ким дарылайт? А маданият деген эмне болот? – зынкыйып таза кийинген, кыязы убагында интеллигент болгон өндүү адам алдыга чыгып суроо берди. Анын бул суроосуна өгүз моюн жооп таба албай аптыгып калды. Эл кайрадан дуулдап чыкты.

– Ой тынчтангыла!– өгүз моюн эсине келе калды,– өкмөт баардыгын ойлонуштуруп атат. Биз көрсө жашоодон абдан эле артта калыптырбыз! Чет мамлекеттеги жашоо бизден бери дегенде элүү жылга озуп кетиптир. Өкмөт элдин жашооосун ошолорго тенегенге аракет кылып атат!

– Карганы туурайм деп, каздын буту сыныптыр болбосок болду!– эл ичинен бирөө кыйкырды.

– Андай болбойт! Ой ушу биз өтө эле карангы элбиз да,алдыга жылалы деп ойлобой эле, мурунку балчыкта отура бергибиз келет. Жашоо жакшы жагына өзгөрөт деп атам го.Эми кыйынчылыктар болот, бирок бир аз чыдасанар көрөсүнөр жашоо кандай болуп өзгөрөөрүн! Ошондо ыраазы болосунар өкмөткө! Ошондо түшүнөсүнөр жашоодон артта калганыбызды! Азыр болсо сыйынар менен тарагыла! Минтип ызы-чуу кылууга мыйзам жол бербейт!– өгүз моюн элди тезирээк таратууга аркет кылды.

– Тарабасак эмне кылып аласын?

– Тиги аялдай кылып камап салабыз, эмне кылмак элек! Мыйзамда ошондой каралган, элди жаман жоруктарга үндөгөндөр камалышы керек!

– Ай кокуй, бир балээ боло электе кетеличи бул жерден,– Арсардын жанында турган эки аялдын бирөө жанындагыны женден тартты.

– Элди эч ким жаман жорукка чакырган жери жок, эл жөн эле өз келечегин ойлоп атат,өз таламын талашып атат, өлбөсөк көрөбүз ушинтип атып эмне балээнин ичинен чыгарарынарды,– жанагы интеллигент да жерге бир түкүрүп, четке басты. Эл күжүн-мыжын болуп тарай баштады. Уккандарын электеп, Арсар ордунда тура берди. Бир убакта эсине келип сээлдеп калган элдин артынан үйгө басты.

 

Алмаз жүк ташыган вагонго эптеп жармашканга үлгүрдү. Кудай жалгап вагондун арт жагындагы эшикте эскилиги жеткен, дат баскан кулпу илинүү экен. “Учёбкада” жүргөндө мындан кыйын далай кулпуну ачкан. Вагондун ичи жарымынан жыйылган мүшөктөр экен. Кыязы арпа же буудай го. Алмаз үстү жагынан беш мүшөктү сүйрөп түштү да, аларды катары менен коюп, үстүнө керилип жатып алды. Эми мен абдан жакшылап эс алышым керек деп ойлоду, ошол замат башындагы ойлордун баарын алып ыргытып, поезддин жүрүшү аны терметип, эч нерсе болбогон адамдай терен уйкуга кетти.

Канча уктаганын ким билсин, бир маалда ойгонсо, жаны жаралгандай болуп мээси сергип, денеси эс алып калыптыр. Өзүн абдан сергек сезди. Бирок жаткан ордунан турбай, эми кандай кылаарын ойлонду. Бул поезд кайда барып токтоор экен? Менин сүрөттөрүм албетте вокзалда деле илинип турса керек. Мен эми түрмөдөн качкан коркунучтуу адаммын. Иттер десе, эмнеге ушундай кылышты? Мени түрмөдөн алып чыккан өздөрү да, анан эмнеге кайра мени издөөгө беришти? Таптакыр түшүнбөйм, кантип менин күнөөлүү эмес экенимди булар билишкен? Түрмөнүн начальнигинин сөздөрүн эстеди. Ал менин күнөөлүү эмес экенимди билген, бирок мен ага түрмөдө керек болгом. Демек менин күнөөлүү эмес экенимди сот да билген, тергөөчүлөр да билген! О шүмшүктөр, булар башынан эле мени отургузууну максат кылышкан тура?! Буларга “жем” кылууга бирөө керек болгон. Ошондо булардын багына мен пайда болуп калдым! Алмаз ордунан секирип туруп, вагондун бош жеринде ары-бери баса баштады. Денесин керип-чоюп, полго жата калып тартылып, жыйылып турган мүшөктөрдү муштагылап машыкты. Мээси жаандан кийики жаркырап калган күндөй апачык болуп калды. Денеси жибип, мүшөккө отурду да ойго чөмүлдү. Демек булар бири-бири менен тыгыз байланышта болгон адамдар, ооба ошондой! Баардыгы жөпжөнөкөй тура! Булар мен райондук милиция бөлүмүндө отурганымда эле тагдырымды чечип коюшкан тура. Эми баардыгы айдан ачык болду Алмазга. Түрмөдөн алып чыгып кетишкенинин себеби, мени эч кимге билгизбей эрөөлгө алып кетүү болсо керек. Анан тиги Горилла мени жайлагандан кийин, өлүгүмдү бир жерге таштап коюшмак экен го? Ооба, ошондой! О кокуй күн, баардыгы жөпжөнөкөй!

Алмаз баарын түшүндү эми. Койчу туура айтат, эми мен ушул менин тагдырым менен ойногондор менен акыры бир күнү эсептешишим керек! Эгерде кокустан ажал алып кетип эле жаным тынбаса, эми мен булар менен эсептешиш үчүн жашайм! Мен булардан сөзсүз өч алам! О кудай, бар экенин чын болсо жардам бере көр мага! Сени акыйкат, адилеттүү дешет, ошонун чын болсо акыйкаттыкты, адилеттүүлүктү табууга жардам бер мага! Мен эми баардыгынан ажырадым, тоолордон, атамдан, Калдар акемден, Арсардан, Айжандан,Молдогазы авамдан, Кубандан! Мен эми баардыгы үчүн кылмышкермин! Мага артка жол жок! Бирок мен али тирүүмүн! Демек мен күрөшүшүм керек! Мен азыр бул жерден болушунча алыс кетишим керек! Кайда? Жанымда акча менен тапанчалардан башка эч нерсем жок. Сүрөттөрүм жердин баарында илинүү. Москвага, Володяга жетсем жакшы болот эле. Алмаз Володянын дарегин эстеди. Бирок ал жакка кантип жетем? Эч документим жок кантип кетем?

Алмаздын оюн жүткүнүп барып токтогон поезд бөлдү. Эмнеге токтоду? Деги кайсы жерге жеттик экен. Алмаз вагондун жарык кирип турган жылчыктарынан тышты карады. Жарытылуу деле эч нерсе көрө алган жок. Кыязы шаарга келген го. Ангыча ары жактан басып келе жаткан адамдардын добушу угулду. Алар улам бир жерге токтоп бир нерселерди кылып, бир нерселерди сүйлөшүшүп, Алмаздын вагонуна жакындап келатышты. Алмаз кандай кылаарын билбей, жашынууга буйтка жер издеди. Ангыча тигилер вагондун жанына келишти.

– Бул вагонду Чымкентке кетчү поездге чиркегиле, мында арпа бар, пивзаводго кетет,– деди бирөө бакылдап.Кулпуну байкап калышпаса экен деп Алмаздын жүрөгү таманынан сокту.

– Жарайт, – бирөө тигинин буйругун кабыл алды. Анан экөө вагондун артындагы эшикке чейин баспай, кайра артка кетишти. Жанатан демин ичине алып турган Алмаз женил үшкүрдү. Демек Чымкентке кетет экенбиз го! Демек Кыргызстандан чыгып кетет экем го! О кудай, чын эле бар окшойсун сен! Алмаз сүйүндү. Чымкентте мени издебей эле болушса керек. Алар мени эмнеге издемек эле. Мурункудай бир мамлекет болсок бир кеп, азыр алар башка мамлекет да. Чымкенттен ары Москвага кетүүгө онойураак болоор…

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Бурулуш Сатиева, 2017

 


Количество просмотров: 2397