Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Рысбаев Сулайман, 2017. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2017-жылдын 6-июну

Сулайман РЫСБАЕВ

Периштенин кайтып келиши

Аңгемеде автор Адыл аттуу баланын зиректигин, сүрөтчүлүк  талантын ачуу менен, анын тагдырын, атасынын касиеттүү адам экендигин, анын устачылыгындагы керемет сапаттарын кызыктуу окуялар аркылуу көркөм  баян кылат. Атадан балага сөзсүз жакшы сапаттар калары элдик ишенимдердин негизинде дайым айтылып келери да аңгемеде орундуу берилген. Аңгеменин окуясы тестиер балдарды кызыктырбай койбойт.

Периштенин кайтып келиши, аңгеме, тестиер балдар үчүн, Бишкек, 2017.

 

Жайдын ысык аптаптуу күндөрү өтүп бараткан.

Адыл топ балдар менен жол чаңытып ойноп жүргөн күндөрдүн бири эле. Ошондон башка иши жок, ойнобо деген киши жок сыяктуу. Алыстан колуна кызыл папке кармаган бир «эжеке» келаткан. Аны чоңураак эле балдар тааныбаса, мектепке баралек балдар таназарга алмак эмес. Бирок, ал баарынан мурда, дал ошол мектепке баралек эселектер үчүн келиптир. Балдарды кыйгап өттү да, алардын ата-энелерин көздөй басты.

Аңгычакты:

— Ай, Адыл!

— Ай, Бектур...

— Гүлай...— деп чакырган ата-энелеринин үнүн угуп, топурап ойноп жүргөн балдар тепкен топторун токтотуп элейип калышты.

— Үйгө келгиле... Тез!

Папке көтөргөн «эжеден» бир эсе сестене, бир эсе кызыгышып, балдар тез эле жетип келишти. Көрсө, ал «эжеке» жаш балдарды мектепке каттап келген экен.

— Төөдөй болгончо эле ойноп жүрө бербей... Мына эми, мектепке окууга барасыңар! — деди Садырбек аке бак-бак этип. — Жаз, кызым, жаза бер, мен айта берейин...

Кызыл папкечен «эжеке» балдарды каттоочу калың дептерин ачты да, жанына келип, мурдуна чейин чаң болгон кетирекей балдарды кызыга карап, маңдайынан сылап койду. Мунусу балдарга жакты, баятан берки чоочуркагандары тарап кетти, «эжеси» аларга жагып калгансыды.

— Мен силердин биринчи мугалимиңер болом... Окуй турган балдарды мектепке каттап келдим, — деди «эжеке», өзүн тигилерге тааныштыра. Өзүмдүн атым — Назгүл. «Назгүл эжей» — деп чакырсаңар болот. Таанышып алдыкпы!

— Жаз, айланайын. Бул — менин неберем, — деди баягы бакылдак киши, — аты — Бектур.

— Фамилиясын айтсаңыз... Сизге катталабы?

— Ананчы! «Садырбеков Бектур Кадырбекович!» — деп жаз.

Тиги киши биринчи небересин мектепке каттатып жатып, өзүнчө эле кубанычы коюнуна батпай турду.

— Акбаралы кызы Жазгүл... — деди сары жаш келин, кызынын чачын оңдоп өрүп жаткан калыбында.

Назгүл аны да жазып, эми кетирекей, тармал чач балага карады.

— А сен кимдин баласысың..?

Адыл атасынын атын эмне деп айтарын билбей, буйдала калды. Анткени, анын атасын эл ар дайым «Үкү аке» деп чакырар эле да... өзү деле «Кимдин баласысың?» десе, «Үкүнүн» баласымын» — деп айтып көнүп калган.

Анда уккан адам «О, Үкү устанын баласы турбайсыңбы... Чоң жигит болуп калган турбайсыңбы» деп коюшат. Карабайсыңбы, ушу бүгүн апасынын айылчылап кеткенин.

Анын оюн Садырбек аке бузуп жиберди.

— Эл айткан аты Үкү эле да. Көрүп калдыңбы, же...— деп мугалим кызга карады...

— А, Үкү аганын баласыбы?

— Ооба, мен уста Үкүнүн баласымын, — деди анан шердене, мурдун жанып.

— «Үкүев» деп жаза берейинби?..

Бала башын ийкеп жибергенде, тургандардын баары күлүп калышты. «Ооба, Үкүнүн баласы болсо, Үкүев болот да... Азамат бала экен!»

Эх, өмүр дегениң ушу экен да... «Үкү аке», «Уста Үкү» деп элдин баары ылакап ат коюп эркелете сүйлөп жүрүп, өзүнүн атасы азан чакырып койгон «Жуманаалы» аты айтылбай калганын эч ким таназар албай калган. Эки жыл болбодубу, соо туруп эле бир күнү таңда уйкуга баш коюп, ошол бойдон «уктап» калыптыр, жарыктык. Көзү өткөн соң деле эл анын «Үкү» атын оозунан түшүрбөй келет...

Бейиши болгурдун бул жалгыз эле баласы, карыганда көргөн «төштүгү» эмеспи. Өзү да: «Менин төштүгүм» деп, жаны менен тең көрөр эле го.

Апасы жоош-момун Гүлбү, «Үкү акенин» экинчи зайыбы, жаш алган болчу. Ал деле «байынын» өз атынан айтпай, эл айткан ылакап атынан улам «Уста» деген атын оозунан түшүрбөй айтчу.

Ошентип, буга чейин эле «Үкүнүн» баласы болуп келген Адыл, эми чындап эле «Үкүнүн баласы аталып», калды, эми журналга да «Үкүев» деп жазылды. Кудайдын буйругу ушул го?

Жылдар сызылып өтүп жатты. Адыл чоңоюп, эс тар— тып, атасы Үкүдөй өнөрлүү чыкты. Атасындай өнөрлүү болобу ким билет, колунан калемин түшүрбөй: «Мен атамдын сүрөтүн тартам» деген сөзүн кайталай берет. Астынан ылай кезиксе — ылайга, кагаз болсо — кагазга тарта берет. Апасы

Гүлбү уулунун «Атамдын сүрөтүн тартам» дегенине чындап эле ишенип, «Атаң ушундай беле, мурду мындай балтагай эмес, кырдач болчу. Карачы, мунуңдун көзү жымшыгый болуп калыптыр. Атаңдын көзү бакыракай, сурмалуу эмес беле. Муруту да барпайып, коюу эле го... А-а, эси жогум, сен атаңды жакшы билбей калган турбайсыңбы... Азыр келсе да, тааныбай калмак экенсиң...» — деп намыстантат. Ал ансайын Адыл: «Бул окшобой калдыбы... Кайра оңдоп тартам анда» — дей берет.

Апасы айткан сайын, атасынын элеси көзүнө даана көрүнө берет. Барпайган муруту, бир аз калыңыраак келген эриндери, сурмалуу бакыракай көздөрү, кырдач мурду, бийик заңкайган бою, боз кемселин желбегей жамынып устаканасынын жанында ары-бери басып жүргөнү элестейт...

Ыраматылык Үкү аке кудай өзү даарып берген усталыгы менен өмүр кечирди. Устаканасы — анын бар байлыгы эле. Үйгө кээде эле киргени болбосо, баскан — отурганы, жаткан — турганы бүтүндөй ошо дөөтүсү — устаканасы эле...

Бир күнү Адыл түшүндө атасын көрдү. Өңүндө элестеген келбети менен даана көрүндү түшүндө. «Бүркүт — баш» ээр чаап отуруптур, кадимки тирүүсүндөй болуп: «Балам, сага арнап ушул ээрди чаап бүттүм, атам чапкан ээр деп алып жүр», — дейт жылмая карап. Адылдын эси-дарты атасынын сүрөтүн тарта албай жүргөнүндө болот да: «Ата, ушул ээрди кармаган бойдон бир аз тура туруңуз. Мен сүрөткө тартып алайын...» — дейт. Атасы анда: «Кой, балам, мусулман баласы сүрөткө түшпөйт. Мени тартпай эле кой» — деп жүзүн бурат. Адыл, болбой: «Мен сиздин сүрөтүңүздү үйгө коюп алып, көрүп жүрөйүн да, ата» — дейт ыйламсырап.

Уулунун бул сөзү ойлонтту го, атасы: «Болуптур, уулум, мен периштемден уруксат сурайынчы, эгер макул десе, туруп берейин...» — дейт. Ошол малда ойгонуп кетет Адыл.

Ойгонсо жаздыгы сууланып калыптыр, көзүнөн жаш сызылып, агып жатыптыр.

Бул түшү, мурда анчейин эле эстеп жүрчү атасын кай— радан эстетип, кусага салгансып, көзүнөн жаш куюлган боюнча кыйлага жатты. Апасы уюн саап, бадага кошуп келгенче ошентип жатты. Анан чайга отурганда, атасы түшүнө киргенин, анын жанагы «Мен периштемден уруксат сурайынчы» — деген сөзүн апасына айтып берди.

— Ооба, — деди апасы ойлуу үшкүрүп, — атаңдын периштеси бар болчу... Ошол периштеси...

— А, периште деген эмне? Ал атама эмне кылып берчү эле,-деп апасынын сөзүн шаша бөлдү Адыл.

— Периште деген-адамдын колдоочусу болот. Ал таза, жакшы адамдарды гана колдойт. Атаң абдан таза, жакшы адам болчу да... Атаңдай адам жок болчу, балам...

Гүлбү андан башка сөз айта албай буулугуп унчукпады. үшкүрүндү... — Сабагыңа жөнө, балам, — деди кыйладан соң.

Ал күнү Адылдын эң сүйүктүү сабагы — сүрөт сабагы болмок. Анын оюнун баары — атасынын сүрөтүн тартууда... Мугалим агайы сабакта балдарга стол, чака, араа, деги койчу, түрдүү буюмдардан башка эч нерсени деле тарттырбайт эле. А Адылдын эңсегени башка, ал кантсе да, жүз ирет, миң ирет болсо да, атасынын сүрөтүн тартуу.

Ал карандаш менен, атасынын түндө түшүндө көргөн келбетин улам коз алдына келтирип алып тартууга жандалбастады. Көзүн жуумп кыйлага турат да, кайрадан тарта баштайт. Калың үрпөк каштары... Ооба, ушундай болчу... Сурмалуу, кирпиктуу бакыраң көздөрү... Кырдач мурду... Барпая, үстүңкү эрдин жаба берген сулуу муруту... Бир аз калбыгыйыраак эриндери... Салабаттуу, албеттүү тулкусу...

— Үкүев, сен дагы баягы сүрөтүңдү тартып бүтө элексиң— би?... — деп алды да, анан сүрөткө кыйлага карап туруп, анан колуна алып, такта жакка басты мугалим агай... — О-о, Үкүев, бу... сен... бу сен, атаңдын келбетин так өзүндөй тартыпсың го. Мына, мына, талант деген ушу! Сен, бала, мыкты сүрөтчү болуп калган турбайсыңбы?!

Адыл мурду тердеп, эч нерсе деп унчуга албады. Мугалими сөзүн улантты балдарды карап:

— Балд ар, карагылачы сүрөттү, тааныйсыңарбы мына бул сүрөттөгү кишини..— деди жарыя айтып.

— Ал баягы ээр чапкан уста киши го... — деди бир кыз.— Мен окуй электе көрчүмүн.

— Ал Адылдын атасына окшош экен. Биздикине келчү. Менин атамдын досу болчу. Атама ээр чаап берген.

— Ооба, Адыл ошол атасынын сүрөтүн тартыптыр. Окшош бекен?

— Ооба...— дешти балдар жапырт.

— Алмаз, — деди анан агайы, — сен муну сүрөтүнөн көрүп тарттыңбы?

— Жок. Атамдын сүрөтү жок үйдө. Түндө түшүмө кирди, анан сүрөткө тартып алайын, — десем, «Периштемден уруксат сурайын, «макул» десе тартып ал...» деди.

— Мына кызык. Көрдүңөрбү, бал дар, Адыл атасын түшүндө көрүп, анан тартыптыр... Азаматсың, Адыл. Сага бүгүн «беш» деген баа коёмун...

Агайы чын эле журналдан Адылдын атын тапты да, «беш» деген баа койду.

— Кана дагы ким тапшырмасын аткарды...? — деди балдарды карап.

— Агай,— деди анда Адыл, сүйүнүп, эреркей, агайынын сөзүн бөлүп,— атамдын периштеси бар беле...? Сиз билчү белеңиз. Апам дагы айтты: «Атаңдын периштеси бар болчу»— деп...

— Э-эй, балам... — деп сөзүн ойлуу улантты, мугалим агай, — мен сага укканымды гана айтайын. Сенин атаң кереметтүү адам болгон. Аны айтып берсем — узак аңгеме. Мен атаң менен жакын мамиледе жүрдүм. Мага алысыраак жезде болот эле. Мени менен кез-кез сырдашар эле... Ыраматылык атаң өтө касиеттүү адам болчу... Периштеси колдоп, бир түндө эле бир ээрди чаап койчу.

— Ошол жөнүндө айтып берсеңиз... Сиз дагы атамдын периштесин көрдүңүз беле?

— О кайдан...! Ал бөтөн адамга көрүнбөйт да... — деп алып, бир аз улутунуп, анан, аңгемесин кайра улантты мугалим агай. — Атаңдын өз аты — Жуманаалы болчу. Билесиңби, билбейсиңби аны... Жуманаалы жашынан эле уста, ар нерсеге эптүү болчу. Ушул айылда чогуу чоңойдук. Жүгөн— куюшкан жасап, камчы өрөр эле. Кийин ээр чаап кетти. Чапкан ээрин эл талашып алар эле. Күндөрдүн биринде атаң ооруп калыптыр. Үч күн төшөктө жатат экен. Туруп иштейин десе, керки кармаарга алы келбейт. Төртүнчү күнү уктап жатканда, түн ортосунда, кимдир бирөө аны ойготот экен. Ойгонуп, көзүн ачса, үйдө эч ким жок. Жанында аялы уктап жатат. Эшикке чыкса деле эч нерсе билинбейт. Анан устаканасы жакты караса, ичинде шам күйүп турат. «Бул ким, жарым түндө бирөө келип мени ойготуп, ээр сураганы келген го...» деп барса, устаканасы бек. Кулпусу турат. Ачкычты апкелип ачса, мындай шамды ал устаканасына эч качан коюп көрбөптүр. Көргөнүнө аң-таң болгон Жуманаалы келме-келтирип, мунун бир касиети бар нерсе экенин туюп, отура калып куран окуйт. Ошондо гана эсине келип өзүн караса, ооруган жери жок, айыгып, сопсоо болуп калыптыр...

«Кудайым өзү жиберип жаткан шыбаа экен» деп ойлоп, бая күндөн бери бүтпөй жаткан ээрин кармалап, колуна керкисин алат. Кызыгып иштеп отуруп, таңга чейин бир ээрди колдон чыгарып коюптур...

— Анан, ага периштеси көрүнүптүрбү, агай? — деп жиберди шашкалактаган Адыл.

— Жок, ал күнү эч нерсе көрүнбөптүр көзүнө. Эртең менен гана байбичеси туруп, абышкасынын таң атпай иштеп жатканына таң калып, «үч күн жатып эриккенсиң го, жакшы болуп калдыңбы, абышка?» дейт акыбалын сурап. — Эми жатып эс алсаңчы, кайра ооруп калба.

Ошондо караса, баягы түнү бою күйүп турган шам жок дейт, устаканада. Ал шам каерде турганы да билинбейт имиш. Ушундай. Сенин атаң периштеси күчтүү, касиети улуу адам болгон...

Аңгыча коңгуроо кагылып, сабак аяктаганын билдирди. Балдар демейдегидей чурулдап, эшикке чыгууга ашыкпастан, агайынын оозун тиктеп калышты.

— Калганын дагы кийин айтып берермин, балдар. Эми аба жутуп, эс алгыла...

— Жо-ок, агай, аягына чейин айтып бериңизчи — деди Адыл, сабактан жооп берип жаткансып колун көтөрө.

— Анан кантип анын аты «Үкү» болуп калыптыр? — дагы бир бала суроо узатты.

— Анда мейли. Угасыңарбы, балдар? Уксаңар айтып берейин... Жуманаалы аке, эртеси түндө уктап жатса, кимдир бирөө «тур-тур» деп дагы ойготот. Ойгонсо, баягыдай эле, үйдө бөтөн эч бир адам жок. Туруп эшикке чыкса, уста— канасы кечээки түндөгүдөй: шам күйүп, жапжарык турат. Ачып кирет да, колуна керкисин алып, көптөн бери бүтпөй турган дагы бир ээрди бүтүрүүгө киришет. Ойлонуп, оюнун аягына чыкпайт, мындай көрүнүш таңдантып, эмне болуп жатканына түшүнбөйт, бир кудайдын кылып жатканын гана ойлоп, тооп — кылып, куран айтып, миң ирет келме келтирет...

Ошентип, баягы Жуманаалы аке жөнүндө ар түркүн кеп айылга тарайт. Бирөө «ооруп, уктабай калыптыр, ошол үчүн күнү-түнү бою устаканада иштей берет экен» десе, дагы бири «аялы экөө уруша кетип, аялы аны үйгө жолотпойт экен. Күнү-түнү устаканасында жашап жатыптыр» деп да ушак таратышты. Көпчүлүк эл, «Уста эмеспи, күндүз ар түркүн иши көп, түнү бою уктабастан элдин ишин бүтүрөт экен» десе, кайсы бири: «Үкүнүн көзүн жеген керемет адам...» деп жүрүп, акыры «Үкү» атка кондурушту. Ошол «Үкү» аты айылга, андан сырткары жерге да жайылып кетти. Акыры, «Жуманаалы аке» аты унутулуп, «Үкү аке» болуп калган. Кантсе да, анын колдогон периштеси бар экенин эл билер эле.

Үкү аке тууралуу ар түркүн кептер айтылчу. Бир ирет устаканасынан таппай жаткан балкасы өзүнөн-өзү эле колуна учуп келип кармалып калыптыр. Андан кийин, качан эле жоголуп кеткен шибегеси өзүнөн-өзү табылып, столуна бирөө коюп койгондой алдына жылып келиптир. Деги, койчу, азыр эмне куралды алып, же керки, же балка, же үшкү менен иштегиси келип, колуна алайын деп жатса эле, каалаганы өзүнөн-өзү келип калчу экен колуна... Көрбөйсүңөрбү мунун өзү — жанагы колдогон, жардам берген периштеси анын жанында такай жүргөнү го... дейм да...

Бул жөнүндө бир гана аялы Алтынай билчү экен. Алтынай мага алысыраак эже болор эле. Ошол үчүн, кээ күнү Үкү аке үйдө жокто бир аз сырдашар элек. Мага Жуманаалы аке өзү чечилип айтып берчү эмес. Бир-эки окуяны гана үстүрт айтып берди. Айрымдарын эжемден уккам. Эжем кийин ооруп калды. Ооруганынын себеби да, дал ошол Жуманаалы акенин «периштесине» байланыштуу болуп калды окшойт, сыягы. Өзү да ошону айтып кейип жүрдү.

Бир күнү кечте Жуманаалы жездем эрте эле уктап калат. «Баары бир түндө кайра турам деген го», — дечү эжем. Ал күйөөсүнүн устаканасын сыртынан акмалап, ким, кан— дай неме келип устаканага шам күйгүзүп, ким келип Жуманаалыны ойготор экен деп, байкап-аңдып, босогодогу дөңгөч орундукта отура берет... Бирок эч ким келбейт. Негедир, түн бышып келатса да, эч ким келип Жуманаалы акени ойготпойт, эч ким келип устаканага шам күйгүзбөйт. Негедир шектенип, «мунусу тим эле жалган го» деп, ар түркүн ойлорду ойлоп, анан турайын десе эле, ордунан тура ал бай, катып калыптыр. Бир кыйладан соң гана, уйкусу— нан чочуп ойгонгон Жуманаалы аке бир нерседен шектенип эшикке чыкса, аялы үйдүн бурчундагы орундукта отурат дейт. Сүйлөйүн десе, тили жок — дейт. Зорго үйгө көтөрүп кирип жаткырат экен... Ошондон кийин эже ооруп калды да, аз өтпөй көзү өтүп кетти...

Бул окуя дагы элге түрдүүчө «имиш-имиштери» менен кошулуп тарады. Үкү аке «аялын түндө сабап коюп, ошондон ооруп өлүптүр» деп да ушак айтылды. Бирок бул окуяны эженин өз оозунан өзүм уккам, андай эмес болчу.

Ушундай, балдарым, кайрадан сабак башталайын деп калды. Мына ошол «Үкү аке» деп айтылып өз аты «Жуманаалы» унутулуп калган керемет адамдын баласы — силердин классташыңар — ушул Адыл. Атасы көзү өткөнүнө быйыл беш жыл болду. Адыл эр жетип, он экиге чыкты. Ал атасынан өткөн таланттуу болобу деп ойлоп калдым. Беш жыл мурда көзү өткөн атасынын сүрөтүн өзүндөй кылып тарткан сүрөтчү — дүйнөдө чыга элек... Балким, сенин да бир кереметиң бардыр... Балким, атаңдын периштеси сени издеп таап келгендир... Не болсо да, өркөнүң өсүп, балам, өмүрлүү бол! — деп мугалим саатын карады.

Ошол кезде коңгуроо кагылды. Балдар, тегиз баары Адылды карашты. Адылдын жүзү башкача нурданып, кандайдыр бир улуу сезим аны делөөрүтүп, сезимдери ашыпташып, деги эле, күндөгүдөн башкача болуп, көздөрүнөн от жанын туруптур...

Ошол күндөн эки-үч күн өтпөй эле, мектепке, андан соң айылга: «Баягы «Үкү устанын» баласы Адыл эчак өлгөн атасын түшүндө көрүп, сүрөтүн өзүндөй кылып тартыптыр. Кудайга тообо! Ал, бечара атасынын өз аты «Жуманаалыны» да билбейт тура. «Кимдин баласысың?» десе, «Үкүнүн баласымын» дейт экен. Фамилиясын да Үкүев деп жаздырып алыптыр...» — деген сөздөр уу-дуу болуп тарады.

Адыл тарткан сүрөтүн айнекке салып үйүнө илип койгон. Апасы Гүлбү уулун кучактап өөп: «Ушу балам ды атасынын периштеси колдой көр! Атасынын арбагы жар боло гөр», — деп жаратканга жалынды.

Адыл болсо: «Мен уста Үкүнүн баласымын» деп, атасынын эл айткан аты менен сыймыктанып, өзүн бат эле ошол атасындай бийик, улуу адам боло калгансып, сезе берди.

Бирок, эч ким, Адыл дагы, апасы Гүлбү да, билген жок: кадимки уста Жуманаалынын «периштеси» кайрадан өзүнүн устаканасына «кайтып келгенин!»

 

© Рысбаев Сулайман, 2017

 


Количество просмотров: 1084