Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Замирбек Иманалиев, 2017. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2017-жылдын 18-июлу

Замирбек ИМАНАЛИЕВ

Биз барбыз түбөлүктүү айлампада

Тандалмалар жыйнагы

Бул китепке акындын кийинки учурда жазылган жаңы ырлар топтому жана мурда жарык көргөн жыйнактарынан тандалып алынган ырлары, дүйнөлүк поэзиядан которулган котормолору киргизилди. Тандалмадагы ырлардын басымдуу көпчүлүгү 2011-жылы “Арча” адабий сыйлыгынын жеңүүчү китеби аталган “Аян бар керемети туюлбаган” аталыштагы китептен алынгандыктан, ал жыйнакка баш сөз катары кирген жана ага карата басма сөздөрдө жарык көргөн сын-пикирлер китептин соңунда берилди.

Биз барбыз түбөлүктүү айлампада. Тандалмалар жыйнагы. – Б.: 2017. – 220 б. китебинен алынды

УДК 821.51

ББК 84 Ки 7 – 5

И 50

ISBN 978-9967-9043-2-3

И 4702300200-17

 

БИЗ БАРБЫЗ ТҮБӨЛҮКТҮҮ АЙЛАМПАДА

Кайтарда эски жылдан топтошобуз,

Кош айтып аны менен коштошобуз.

Калтырып эски журтун көчүп аткан

Качанкы көчмөндөргө окшошобуз.

Жыл келбейт, алды жакка биз барабыз,

Жаңы деп ошол жылга байралабыз.

Жараткан жанды койсо өз жайына

Жаз, күзүн ай жаңыртып айланабыз.

Артыңда калат жылдар, жаңырабыз,

Алдыга улуу көчтү дагы улайбыз.

Биз барбыз түбөлүктүү айлампада

Мезгилден, мейкиндиктен табылабыз!

 

СЕЗИП ӨТ

Арман ээрчип жакындап, жанашканча,

Асыл жанды шум ажал талашканча…

Алып калгын жыргалын бу жашоонун

Артка кайтпас тарапка адашканча.

Көрөр күнүң алдыда калат канча? -

Көпбү, азбы өйдөдөн санашканча…

Көңүл куунак жүрүп өт бу жалгандан

Кетсе келбес дүйнөгө адашканча.

Өз заманың «сууга агып, сел жүргөнчө»,

Өгөйлүгүн башкасы сездиргенче…

Өксүтпөгүн өмүрдүн көз ирмемин

Өргө чыгып өлүмгө жеңдиргенче.

Тагдыр сага кабагын бүркөгүчө,

Тагын салып боёгун сүйкөгүчө…

Тирүүлүктүн сезип өт ырахатын

Таш, топурак үстүңдөн чүмкөгүчө.

 

КУБАНГЫН

Кубангын адам болуп туулганга,

Кубангын, Көктөн Жерге куулганга…

Кудайдын жарлыгыдыр жаралууга

Кубангын жашоо сага буюрганга.

Кубангын тирүүлүктүн жыргалына,

Кубангын сени тоскон жылдарыңа.

Качандыр кайтарыңа кайыл болуп

Кубангын Күндү айланып, жылганыңа.

Кубангын булут калкып учканына,

Кубангын сайрап аткан куш барына…

Кечээки күнүң болбой акыркысы

Кубангын түндөн аман чыкканыңа.

Кубангын карегиңе урунганга,

Кубангын кээде ысып, суунганга.

Кубангын бу дүйнөнүн бар экенин

Көз көрүп, көкүрөгүң туюнганга!

 

ӨТСӨҢ ЖАМАН

Төрөлгөндөн өмүр жазың башталып,

Таалай, бактың мезгил менен бир жүрөт.

Таанысаң да бул дүйнөнү баш багып

Тагдыр сенде кандай болот, ким билет?

Жашоо, өмүр жакшылыкка тунса да,

Жан кейитер жамандыктан куру эмес.

Акыл, эсиң туура жолго бурса да

Алдап коёт кээде сени куру элес.

Адаштырар дагы далай келет күн,

Арман артып кетчүсү бар жолуксаң…

Айыптуу да өзүң болгон эмессиң

Аны өйдөдөн эбак чечип коюшкан.

Көп арманды айталбайсың айтчуга,

Күлүп кээде, күңгүрөнүп өтмөй бар.

Кейиштүүсү келе турган бактыңа

Кездеше албай четке чыгып кетмей бар.

Көңүл чөгөт көкүрөккө доо коюп,

Курган жанды тынч жайына коюшпай…

Өзүңө өзүң айыгышкан жоо болуп

Өмүр бою өзүң менен согушмай.

Өтөр айлар, өтөр жылдар дүрбөгөн,

Өткөндөрү кайра кайтып келе албай…

Өкүнтөрү өтсөң жаман дүйнөдөн

Өлгүчөктү өзүңдү өзүң жеңе албай!

 

КАРАГЫМ КЕЛЕТ

Сезимге салып дүрбөлөң,

Сен келдиң кайсы «дүйнөдөн»?...

Сепилин буздуң жашоонун

Сезбестир менче күйбөгөн.

Сүрдүгө түшүп күймөлөм,

Сүйүүдө сыйкыр сүр белем…

Сүйлөмөк тургай өзүңө

Сүрөтүң көрсөм ийменем.

Аптабы урат санаанын,

Айласын кантип табамын?...

Адаша түшөм акылдан

Алыстан көрсөм карааның.

Ашыктык дарты эзди бейм,

Азаптуу күндөр келди дейм.

Айламды мени куруткан

Арманым кантип сездирем?

Бүлүнүп келем байкалбай

Бүшүркөп бир сөз айталбай.

Сыр бербей сага жүрсөм да

Сыртыңдан сени кайтармай.

Жабыркап жүрөм байкалбай,

Жалдырап бир сөз айталбай.

Кыйгачтап бассаң кай бирде

Кызганып сени кайтармай.

Каламбы сага байкалбай,

Каңгыган тагдыр жарты айдай…

Каректен сезип жүрбөгүн

Карагым келет жалтанбай!

 

КҮНӨӨЛҮҮ БОЛУП КАЛАСЫҢ

Күттүрүп жүрүп кезиккен, -

Күйүткө салдың периштем.

Көздөрүң турса суз тартып

Көкүрөк ооруйт кейиштен.

Кейитип далай бул арман,

Кебетем менин кубарган.

Кордугун көрдүм сүйүүнүн

Коркпойсуң неге убалдан?

Кылгыра карап күлбөдүң,

Кыналып басып жүрбөдүм.

Кыйчудай болом жанымды

Кырсыкка түртүп ийбегин…

Уктабай түндөн чыгамын,

Уугуп бүттү чыдамым.

Уланта берсең кыйноону

Уктатпайт менин убалым.

Балээни салдың тооруткан,

Башымды менин ооруткан.

Бой таштап сүйбөй сен кетсең

Болом го өтө оорукчан.

Көп ичип калам оолуксам,

Көңүлүм чөгөт соолуксам.

Кылчайбай кетсең акыры

Кыласың мени оорукчан.

Күлбөйсүң, күңүрт карашың,

Күйгүзүп чокко саласың.

Күйгөндөн көзүм жумулса

Күнөөлүү болуп каласың!

 

МЕЗГИЛ ӨТӨТ…

Мезгил өтөт кылчайып бурулбаган,

Мезгил өтөт тизгини жыйылбаган…

Жаз чакырган жалбарып жан дүйнөмө

Жаңырык бар сезимде угулбаган.

Мезгил өтөт шамалдай шуулдаган,

Мезгил өтөт жашымды уурдаган.

Адашкансып турсам да бир замандан

Аптабы бар жүрөктүн суунбаган.

Мезгил өтөт токтобой куюндаган,

Мезгил келет качандыр «буюрбаган».

Кудуретсиз өмүрүң куруп кетсин

Кумар жыйып Сүйүүгө сыйынбаган!

 

ӨГӨЙ ДҮЙНӨ

Аалам сыры, Адам сыры табышмак,

Аңдасак да туулганды, өлгөндү...

Алган дешет топурактан жууруп

Айтыш кыйын ал топурак Жерденби?

Түбөлүктүү болбогондон бу дүйнө

Түшүнбөйсүң кай тараптан келгенди.

Иштейт дешсе ондон бири мээңдин,

Илинесиң чалкеш ойго такалып...

Таразалап тартуусунан жаңылбас

Табияттан кетпейт мынча каталык.

“Жат” экенин сездирбесе бу дүйнө

Жүрбөс эле “жалган дүйнө” аталып.

Мурункудан эски жомок, баян бар,

Мурас болуп муундарга угулган.

Бекеринен чыкпагандыр ушу сөз

Бейишинен Адам Жерге куулган.

Чоочун Дүйнө, чочун болуп ушу жай

Чогуң күйбөй мээ кайыгып суунган.

Акырын, тез айланганын Ай, Күндүн,

Аңдап сезип Адам аны туя албайт.

Жандыкпыз го жаралгандан башкача

Жыгылгандар Жерден жеңил тура албайт.

“Жашыл аалам” жалгандыгы аныкпы

Жашооң деле жайбаракат уланбайт.

Таап беришке эңсегенди, күткөндү,

Тагдыр кээде эмнегедир шашылбайт.

Буйрук жазуу болгон өңдүү ошондой

Багың деле оңой менен ачылбайт.

Сыйынсак да сырын каткан бу дүйнө

Сыртын салып өгөйлүгүн жашырбайт.

Куру кыял болсо эгер жарамдуу,

Кереметти чакыра алган булгалап...

Адам көөнү кумарданса чеги жок

Арман жүктөп бүт ааламды кыйнамак.

Тынчы кетип, шайы оогандан бу дүйнө

Түп орду жок түбөлүккө кыйрамак.

Жантайгандан огу тике тура албай,

Жерде жашоо төрт мезгилге бөлүнгөн.

Ар биринде окшошпогон азап бар

Алып тынган далай жылды Өмүрдөн

Алтын Казык абай салган төбөдө

Арачалап калбайт сени Өлүмдөн.

Чеби бекем тагдыр бузуп өтө алгыс,

Чиркин дүйнөң башка болуп куралбайт.

Чамынсаң да арман артып кетмей бар

Чийген чийин чектен тышка чыгарбайт.

Өгөй дүйнө өксүтсө да жаныңды

Өмүр барда өгөйлүгүн туя албайт.

Көрсөткөнүн көздөн далдоо жашырып,

Көчөт Мезгил, көчүп кайра табылбайт.

Адашкандар “аркы дүйнө” тарапка

Асман, Жердин арасынан кабылбайт.

Жараткандан жаңылыштык кете элек

Жоголгонду кайра артына кайырбайт.

Жан кайрылып келет дешет бу жакка,

Жаралуу бар жарык кайра тийгендей.

Жаралгандын бирөөн коштойт көрүнөт

Жан өзүнө жаңы кийим кийгендей.

Калат кээде сокур сезим бүшүркөп

Качандыр бир бу жашоодо жүргөндөй.

Закым жүрсө “кетсе келбес” тараптан,

Акыретти көрө алгыдай өңүңдө...

Адам көөнү кайыл болуп баарына

Ал жакты эңсеп кезек күтпөйт Өлүмгө

Ансыз деле ишеним бар айныгыс

Адамзатта “аркы дүйнө” жөнүндө.

Аалам сыры кандай болгон күндө да,

Агып Мезгил алды артыңан күн өтөр.

Арман дүйнө артын салып турса да

Ай, жылдызын асманына түнөтөр.

Азбы, көпбү буюрганга тобо кыл

Алла Таалам кылбаш үчүн күнөкөр!

 

УГУЗАТ

Билинбей жылдар өтөт бөгөт коюп,

Биз көргөн чырпык азыр терек болуп...

Багы жок бар сүйүүдөн калды бизге

Бир арман экөөбүзгө белек болуп.

Арада күйүмү жок Күз, Жаз калып,

Адашып сүйүү калды түн жазданып.

Бирикпес эки тагдыр, бир өксүү бар

Биз чогуу учсак дагы Күндү айланып.

Жай калкып учат сага ором булут,

Жан дүйнөң жамгыр ырын коëр угуп...

Убайлуу улутунган тааныш үндү

Угузат бул тарапта бороон улуп!

 

КЫШ

Айлана ак тон жамынып,

Агарып аппак кар жатат.

Төбөдөн тийбей төмөндөп

Төрүнө жетпей күн батат.

Асманга шамын күйгүзүп

Адашып жылдыз түн катат.

Түнөрсө асман түр бузуп,

Түрүлөт булут суз кабак.

Теңселет терек тынч албай

Тепчүдөй жолдо жылгаяк.

Уктатпайт узун түндөрдү

Улуган бороон, бурганак.

Топурак тоңуп, жер тоңуп,

Тоо, талаа үшүп кайыгат.

Ак көбүк чачкан дайралар

Ак муздан төшөк жамынат.

Өлүмдөн кабар улаган

Өксүүнү ырдайт табият!

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

PDF форматында китепти көөчүрүү

 

© Замирбек Иманалиев, 2017

 


Количество просмотров: 1566