Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Сын, адабият таануу, Сын / Публицистика
© Кундузхан Хусанбаева
© "Ёшлик" журналы, №2 2018-й

Кундузхан ХУСАНБАЕВА

Моралдык жетишкендиктин сүрөттөмөсү

 

1956-жылы туулган. Низами атындагы Ташкент мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. “Адабият – моралдуулук жана жекече пикирди жаратуунун фактору”, “Талдоо – адабиятты түшүнүнүн  жолу”, “Кийик сокмоктогу жолчу” (соавторлукта) моногафиялары, бир канча окуу китептери жана окуу куралдарынын, жүздөн ашык илимий жана илимий-методикалык макалалары жаряланган.

 

ХХ кылымдын акыркы чейрегинен тартып бир гана Өзбекстанда эмес, балким мамлекетибизден сыртта өзбек тилинде жазылып жаткан адабиятта кескин сапаттуу өзгөрүүлөр болууда. Бирок адабий мамилелердин көңүлдөгүдөй жолго коюлбагандыгына байланыштуу өзбек окурмандары пайда болгон жаңылыктардан өз убагында кабардар боло алышпаган. Бүгүнкү күндө адабий алакалар да жандана баштады. Коңшу кыргызстандык өзбек жазуучусу Рахимжан Каримов калемине таандык “Камила” аттуу романы Өзбекстанда жарык көрүүсүн ошол эле жагдайдын мисалы катары көрсөтүүгө болот. 

Рахимжан Каримовдун ысымы өзбек китеп сүйүүчүлөрүнө анчалык тааныш болбогону себептүү жазуучу жөнүндө кыскача маалымат берип өтүүнү туура таптык. Жазуучу, акын, публицист, котормочу. Эл аралык Орус тилдүү жазуучулардын (Лондон-Будапешт) Федерациясынын   Кыргызстандагы расмий өкүлү, “Алтын калем -2003”   тандоосунун лауреаты, Молдо Нияз атындагы республикалык сыйлыгынын ээси Рахимжан Каримов бир учурда өзбек, кыргыз жана орус тилдеринде чыгармачылык кылып келе жаткан үч тилдүү жазуучу.

Анын ыр, новелла, икая, повесть жана романдары «Ёш ленинчи», «Өзбекистон адабиети ва санати», «Литературная газета», «Юность», «Учкун», «Молодость», «Ёш куч», «Ала-Тоо», «Литературный Кыргызстан», «Шарк юлдузи», «Ёшлик», «Пресс-парк», «Кабар-Юг», «Южный рынок», «7х7», «Ваша газета» сыяктуу түрдүү өлкөлөрдүн  басылмаларында жарык көргөн.

Р.Каримовдун «Рангли руе», «Бешинчи фарз», «Хайвонот боги», «Комила», «Хилкат», «Хиёнат», «Лали Бадахшон» сыяктуу чыгармалары өзбек, кыргыз жана орус тилдеринде дүйнө жүзүн көргөн. Анын сизге сунуш кылынып жаткан “Камила” романы 2005 жылы Кыргызстан Улуттук Китеп палатасы тарабынан уюштурулган “Китеп санаты” республика тандоосунда “Улуттук бестселлер” деп тандалып алынган. Бул роман Кыргызстан, Казакстан, Беларусь, Улуу Британия, Канада сыяктуу мамлекеттерде жарыяланган.

Менин оюмча,  дүйнө кезген «Камилада» негизги жетектөөчү пикир инсан ахлагынын таразаларына кыянат кылбай жашаса, албетте, Жараткандын мархаматына жетишет, деген көз караштыр. Адам заты жарык дүйнөгө келген күндөн баштап, көйгөйлөр менен күрөшүп жашайт. Күрөштөн тажаган, умтулбай калган адамдын өлүктөн айырмасы жок.  Ушул мааниде романда жөнөкөй инсандын жекече рухий толгонуулары, сар-санаасы, дүйнөгө көз карашы жана ошол деңгээлинен келип чыккан жагдайда жетишкендик жана бакыт сыры, умтулушу кооз сүрөттөлгөн.

Камиланын азаптары өтө чын жүрөктөн сүрөттөлгөнү менен көңүлдү тартып турат. Китепти окуган жердештерибиз коңшу мамлекетте жашап жаткан өзбектердин турмуш тагдыры, моралдык-ахлактык тутумдары жөнүндө түшүнүккө  ээ болот. Кептин мааниси ошондо болуп, инсан кайсыл мекенде, кандай коомдо жашабасын, адам деген наамга татыктуу жашаса, албетте ниетине жетет. Автор романда ошол турмуштук акыйкатты алга сүрөт. Чыгарма окурманды өз өмүрүн текшерүүгө, турмуш таризи кандайча экенин электен өткөрүп  жүрүүгө багыттайт. Ойлонууга үндөйт.  

Романды окууга киришкен окуучунун көңүлүнөн алгач: «Туулуп, апасынын дидарын көрүүгө, эне сүтүнүн даамын татып көрүүгө үлгүрбөгөн  ымыркайдын күнөөсү эмне болду экен, өмүрүн  кандай кечет?», — деген ой өтөт. Ымыркайдын апасы Гуланданын  өмүрү жөнүндөгү кыска гана сүрөттөмө окуучуда ага байланыштуу терс мамилени пайда кылат. Бирок жазуучу окурмандын көңүлүндөгү бул мамилени акырындык менен кечирүү тарапка өзгөрттүрө барат.  Буга алгачкы беттешүү катарында: “Төрөтканадагылар, ал жерге келип-кеткен жаш да карылар кечеден бери Гуланданын ачуу тагдыры, анын жетим калган бөбөгү жөнүндө күйүнүп сүйлөшөт  эле” сүрөттөмөсүн  көрсөтүүгө бөлөт. Адамдардын  Гуланда жөнүндө аны каргап же ушак кылып эмес,  тескерисинче “күйүнүп” сүйлөөлөрү  окурмандын көңүлүн жумшатат, аялга болгон мамилесин жакшы жакка багыттайт. Мындан сырткары, Гуланданын арбагы кызы жана эжесин таштап кете албаганы, тактап айтканда таянычсыз калган туугандарын ойлоп жүрөгүнүн бейпил боло албаганы, кызын ар түрдүү балээ-казалардан асыроо жолундагы күрөшүүлөрү да  окуучуну анын кылган күнөөсү үчүн каралабоого үндөйт.

Чыгармада Максуттун тою менен ымыркай абалынын жанаша сүрөттөлүүсү, жылдызчалар менен ажыратылган жагдайда баян кылынышы окурман сезимдерин козготууга арекет кылат. Айрым бөлүнмөлөр эки гана сүйлөмдөн турса да, аларга чоң бир баптын жүгү артылган. Романды окуу убагында, окуучу кайгыруу жана шаттык сезимдери арасында тынчын жоготкон абалда калып, рухий тең салмактуулуктан чыгып кетет. Окурман чыгармада  чагылдырылган  кайсыдыр бир  рухий абалдын таасиринен чыгып үлгүрбөй, андан күчтүүрөөк экинчисинин таасирине дуушар кылынат. Ошондуктан  окурмандын сезимдери өтө бат алмашып турат. 

Турмуш таризи бири-бирине такыр карама-каршы болгон эки үй-бүлөнүн карама-каршылыктуу  чагылдырылышы, тактап айтканда “айланасы эски-уску  чыпта  курактар менен эптеп эле ороп коюлганы”, экинчисинин  болсо “ он алты каанасынын ар биринин шыбында хрусталь люстралар асылганы, дубалдарынын көздү үялдыруучу кооз безектер менен безетилгени” жънүндөгү сүрөттөмөсү да окурмандын рухий тынчсыздануусун күчөтөт. Бул параллель сызылган ак-кара сызыктар окурмандын  назарын текстке мыктайт.

“Ичкендери ботко гана, жегендери катуу нан” деген бир гана сүйлөм Камила чоңоюп жаткан үй-бүлөнүн канчалык жакыр экендиги жөнүндө толук элестетүү берет. Алгач караганда, бүгүнкү күндө ушул деңгээлде жакыр жашоо мүмкүн экендигин элестетүү кыйын.  Бирок Айбарчын эженин керегинен артык жөнөкөйлүгү, турмуш сыноолоруна, анын  аярдыктарына таптакыр даяр эместигинин сүрөттөөсү окурманды ишендирет. Бул жагдай китеп окуучуну айыл адамдарынын жашоо деңгээли жана мунун себептери жөнүндө ойлонууга мажбур кылат.  Оор үй-бүлөлүк шарттарда жашаган балдардын көпчүлүгү мээнетчил экени, кыйынчылыктардан коркпостугу себептүү жакшы окууга умтулушу да  кишини ишендирет. Ошондой мухитте чоңойгон Камиланын  жогорку окуу жайына чын жүрөктөн умтулганы -  жашоодогу акыйкат.

Романда Максуттардын короосуна суу ичкени кирген балдар арасында фонтанга түшүп кеткен топусун алып берген адам атасы экенин кыялына да келтирбеген Камиланын  сезгени: “Ал ымыркай жүрөгүндө алгачкы жолу эркек кишинин балдарга эмне үчүн керектигин балдарга гана таандык кыял менен туйду” сыяктуу чагылдырылат. Бирок ошондой же ушуга окшош сезим Максутту тынсыздантырбаганына окурмандын нааразылыгын ойготкондой болот. Ата менен кыздын алгачкы жолугушуусунда жүз көрсөтүүсү мүмкүн болгон сезимдердин сүрөттөмөсү чагылдырылбаган. Автор турмушта жүз берүүсү мүмкүн болгон аракетти гана сүрөттөгөн, турат. Окурман ушул орунда кандайча бир рухий чагылган жүз берүүсүн күтөт. Чыгармада ата-энесиз чоңоюп жаткан Камиланын бул жагдайда туйган жөн гана сезими да адилеттүү чагылдырылган. Мындай  адилеттүүлүк эч кандай кыялдан чыккан жок нерсе катары кажет калтырбайт. Камиланын сонун бир жан болуп бойго жеткени, чөйрөсүндө ашыктардын айлануусу, бул жөнүндө кеп-сөздөрдүн көбөйүүсүн сүрөттөмөсү ишеничтүү чагылдырылган. Романда өзбектин бардык жерде өзбек экени адилеттүү көрсөтүлгөн.  Бул көрүнүш Камиланы апасына окшоп жолдон азгандыкта айыптоолору сүрөттөмөсүндө  анык көрүнөт. Адетте ата-эненин кылмышы үчүн балдар жооп бербеши керек. Себеби ата-эне – дарак, перзент болсо  анын мөмөсү. Мөмө – дарактын  жемиши. Ошентсе да, жашоодо мунун тескериси, чоңдордун каталары үчүн балдар, көбүнчө, өмүрлөрү, келечектери менен, рухий оордуктар, азаптар менен жооп беришээри чыгармада күчтүү чагылдырылган. Бул турмуштук жагдай чыгармада: “ Ооба, бул дүйнө сырдуу бир дүйнө болуп, кээде анда бир өмүр жашап өзүң тууралуу эч нерсе билбестигиң мүмкүн.   Айлана-чөйрөңдөгүлөр болсо, сениң жөнүндө сенден көрө көбүрөөк нерселерди билишет”, деген таризде сүрөттөлөт. Романда жетимдик да, апасынын күнөөлөрү да, атасынын бейоопалыгы да кыздын кичинекей жанына оордук кылышы өтө таасирдүү чагылдырылган. Эң кызыктуусу, Камила апасына да капа болбойт, атасын да наалаттабайт. Жазуучу чыгарма каарманын мындай кир тутумдардан өйдө сүрөттөйт. Ал Камиланы өзү кембагал болсо да, ички дүйнөсү бай инсан сыяктуу жаратат. Чыгарманын бардык жерлеринде каарман өзү жана өзүнүн жан дүйнөсүнүн маңызына жараша тутат. Романда ичинен бийик, рухий ааламы таза адамдын ойлору, туруу-турмушу, тутуму, жада калса азаптары да пакиза экенин чебердүүлүк менен көрсөтүп берилген.  

Чыгармада Камила тууралуу ар түрдүү ушактарды таратып  жүргөн кишилер ал бак-дөөлөттүү атанын перзенти экени маалым болгондон кийин, тим болуп калышканы, ал түгүл ага суктанып мактай башташканы сүрөттөлгөн. Адамзаттын табиятындагы мындай туруксуздуулуктун чагылдырылышы китеп окуучусунун рухий ааламына күчтүү таасир көрсөтөт.  

Эмне  деген кыйынчылыктар, көңүл оорулары менен чоңойгон Камиланын жок жерден, кудум жомоктордогу сыяктуу, турмуштук  кокустук себептүү, бир учурда аталуу да, ошондой эле байдын кызына айланып калуусу окурманда  бир аз ишеничсиздик пайда кылат.  Бирок чыгармада Аллахка махабат койгон, көңүлүнө бул дүйнөнүн кирлерин жуктурбаган пендесин Жараткан эч качан таштап койбостугудай  бир адилеттүүлүккө ишара бар. Романда ушул чындыкты айрыкча  белгилеп көрсөтүүнү каалаган автор ниетине жетишкен. 

Романдагы: “Кыз атасынын сөздөрүн тыңшап, жерге караган бойдон унчукпай отурат эле. Анын ушул замат атасынын мойнунан кучактап, жүз-көздөрүнөн тоюп-тоюп өпкүсү келет болчу”, “Ал канча урунбасын, башын жерден көтөрө албайт эле”, “Ошентсе да, ар-намыстуу кыз бактылуулугун жер менен көккө даңазалоого адаттанбаган. Ал ич-ичинен  күйүнүп, ич-ичинен сүйүнүп жашайт”  сыяктуу сүрөттөмөлөрдө Камиланын табиятына таандык сырлары чагылдырылган.

Камиланын: “Кээ бир теңтуш кыздарым аталарына эркеленип, жадагалса ачуусун келтирип да турушат. Мен ага ачуу кылуу ал жакта калып, балким эркелене да албасам керек”, — көрүнүшүндөгү моюнга алуусу  анын табиятындагы негизги өзгөчөлүктөрдү ачык-айкын көрсөтүп турат. Он сегиз жыл “таштанды”, “арам”, “жетим”, “бакма”  сыяктуу уяткарууларды угуп чоңойгон кыз  атасын таап, дароо эле  өзгөрүп калуусу эч  мүмкүн эмес. Автор Камиланын ар бир аракетин пейлиден келип чыгып сүрөттөгөнүнөн, табигыйлыгы себептүү бул жагдай окурманды канааттандырат.

Камила үчүн байлык же оокаттуулуктан көрө  атасынын табылганы маанилүү. Романда Камила  өзүнө ашык болгон үч жигиттин арасынан  “өзү сыяктуу жардылыкта”  өскөн Кабылды тандашы да өзүнчө бир жагдай. Камила өтө бай Асрар же турмушта ордун таап алган дарыгер Абрарды эмес, Кабылды тандашында акылынын эмес, тап-таза көңүлүнүн буйругуна кулак салат. Анын бакыт тарапка койгон кадамы өзүнүн ички таразалары негизинде экендиги романда ишеничтүү негизделген. Россиялык жазуучу Сергей Грачев: “Новая литература Кыргызстана” аттуу электрон китепканасында бул чыгарма жөнүндө: “Камила” романы ушунусу менен баалуу болуп, анын башкы каарманы улуу киши да, окумуштуу да,   Жанна д'Арк да эмес. Бирок ал айлана-чөйрөсүндөгү нысапсыздык, ыймансыздык, ишенимсиздик жана кудайсыздыкты жеңүүгө  жана аялдык бактына жетишти”,— дегенинде ал толук чынчыл эле.

Романдагы Максуттун образы  окуучуда алгач ал жөнүндө кайраттуу эмес, жоопкерчилиги жок адам сыяктуу түшүнүк ойготот. Максут Гуланданын  бактысыздыгын, перзентинин набыт болгону туурасында уккандарына артыкча  урунуу жана жапаа чегүүлөрүсүз ишенип коё калат.  Өз жумушу жана үй-бүлөлүк  көйгөйлөрү менен жашай берет.  Чыгармада Максут жана анын үй-бүлөсүнүн бай экендиги бат-бат кайталанат.    

Көпчүлүктө  байларга карата бир мынча тескери мамиле такшалганы маалым. Биз бай адам жакшы болбошуна ишенебиз. Ал дайыма сараң, катаал, акча үчүн ар кандай пасттыктардан тайбас нысапсыз адам сапатында элестетилет. Адабиятта кудум ушундай  мамиле жектекчилик кылуусу маалым. Рахимжан Каримов ушул калып-мамилени бузган түрдө байларда да  нысап бардыгын, аларда да намыс, көңүл болуусун, алар да Кудайдан коркушун, кылмыштары үчүн жазаланыштары мүмкүндүгүн «Камила» романындагы Максуттун образы мисалында ишеничтүү көрсөтүп берген. Р.Каримов түшүнүгү боюнча моралдык бай адамдар акчанын, байлыктын артынан куушпайт, мындай кишилердин эмгеги жана нысапы себептүү акча менен байлык аларды өзү таап келет.

Бардык кеп адалдык, түздүк, акыл, билим менен эмгек кылууда экенин автор Максуд образы аркылуу ишеничтүү чагылдырган.  Камиланын өз кызы экендигин билгенде Максуд бул кубанычын көтөрө албай инфаркт болуусу, Айбарчын эженин саан уюн уурдап кетишкенде  аларга эки саан уй алып келип берүүсү, Кабылды Асрар менен бирге милициянын пунктунан айып пулун төлөп үйүнө алып кетүүсүндө, Камиланын Кабылга турмушка чыгуусунда  эч шектенбей ыраазылык берүүсү, кудагыйларын урматын жайына коюусу, ашарларда эл катары катышуусу сыяктуу көрүнүштөрдө  анын бай болгону менен моралдык жактан бийик адам болуу колунан келе турган личность экендиги  чагылдырылган.   

Чыгармадагы Дилфуза да -  окуучунун  назарын тартууга арзый турган образ. Бир өмүр жөнөкөй аял, акылдуу келин болуп келген Дилфузанын негизи  үйлөрүнө Камила көчүрүп келингенинен соң  көрүнө боло баштайт жана бул табыгый жагдай. Мындай абалды кабыл кылуу  ар кандай аял үчүн да өңөй иш эмес. Чыгармада Дилфузанын нааразылыгы сүрөттөлгөн орундар абдан ишенимдүү чыккан.     

Ар бир адамдын асыл «мени» ушундай сыноо жагдайларында ачык көрүнөт. Дилфуза тагдырга тан берип, Камиланы өз балдары катарында көрүп, кайненеси Васила эже айткандай эринин аман калганына шүгүр кылып жашоосу мүмкүн  эле. Бул туура жолдо жүрө албаган Дилфузанын жүрүм-турумун, өзүн алып жүрүүсүн автор калыс чагылдырат.  Анын табигатына баа беришти автор окуучунун өкүмүнө сунуш кылат. «Карыптын жары Кудай» дегендериндей, Камиланы Дилфузанын жаман ойлуулугунан Аллахтын өзү асырайт. Бул дүйнөдө ар бир нерсенин эсеп-китеби бар. Жакшылык сыйлыксыз, жамандык жазасыз калбайт. Гуланданын уурдап кетилүүсү, уулу Шахрухтун каза кылуусу жана өзүнүн рухий дартка чалдыгуусун сүрөттөө адилеттүүлүгү менен окурманды сергек тарттырат. Бул сүрөттөлөр окурманды ойлонууга, өз өмүрүн ревизия кылууга, акты карадан, адалды арамдан ажыратууга, моралдык туура жолду табууга үндөйт.

Чыгармада Камиланын бүтүн икир-чикирлери менен сүрөттөлгөн өмүрү, түрдүү сыноолор ичинде кечкен өмүрү, ошондой эле жетишкен бакыты бир катуу шамал себептүү изден чыгып кеткени көрсөтүлгөндө, романдын таасир күчү бир нече эсе  өскөн болот эле, назарымда. Туура, автордун максаты таптакыр башка болгон жана ал өз максатына жетишкен. Бирок, менимче, ушундай бир чоң кайгы фонунда чагылдырылганда романдагы образдардын моралдык дүйнөлөрү жогорку чекитте сүрөттөлгөн болот эле.

Мисалы,  каармандар тагдырын, окуяларды бир аз жакындатып (көркөм чыгармада бул мүмкүн)  Ош-Өзгөн окуялары фонунда чагылдыруу мүмкүн эле.

Автор эки боордош улуттар арасында жүз берген бул кара күндөрдү өз көзү менен көргөн адам катары ушул окуянын инсандар тагдырындагы кайгылуу изин көркөм изилдөө кылуусу мүмкүн эле. Өз тиричилиги менен жашап жаткан адамдардын жашоо тарызы, пикирдөө өнөкөтү эмне себептен туруктуулуктан чыгып кеткени же кимдер тарабынан чыгарып жиберилгени Камила жана Максуттардын жашоосу мисалында сүрөттөлгөндө романдын коомдук мааниси ашып, көркөм баалуулугу арткан болот эле.

Эмне дегенде да, элибиздин тарыхындагы бул кандуу кайгыга көз жумуп болбойт. Ал адамдардын эсинен изсиз кетүүсү мүмкүн эмес. Кандайдыр бир кайгылуу топко кирип калган адамдардын канкор жүзү бардык таш боордугу менен көрсөтүлүүсү романдын коомдук-тарбиялоочу маанисин бир нече эсе ашырган болот эле.  

Эмне болгондо да,  боордош Кыргызстанда  жашап жаткан улутташтарыбыздын жашоосу адилеттүү көрсөтүлгөн тассирдүү бир чыгарма өзбек окурмандарына сунуш кылынды. Аталышынан гана инсандын бакыты анын моралдык жетишкендигине байланыштуу экенине ишара кылынган бул чыгарманын өмүрү үзүн жана өзбек окурмандарына сүйүктүү болуусун каалайбыз!

 

Кундузхан ХУСАНБАЕВА,

Педагогика илимдеринин доктору, Өзбекистан

"Ёшлик" журналы, №2 2018-й

 


Количество просмотров: 1410