Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Адабий мурас / "Манас" эпосу, кичи эпос
© Юнусалиев Б.М., 1958
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 4-апрели

Болот Мураталиевич ЮНУСАЛИЕВ

Манас

Биринчи бөлүк

I китеп

Эпосту жалпысынан редакциялаган проф. Б.М.Юнусалиев

Манас. Биринчи бөлүк. I китеп. – Фрунзе: Кыргызмамбас. – 1958. – 343 б. китебинен алынды

Кыскартылып бириктирилген вариант
Жалпы редакциялган – проф. Б.М.Юнусалиев

Кыргыз ССР
Илимдер Академиясынын тил жана адабият институту

-------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Книга оцифрована Национальной библиотекой Кыргызской Республики совместно с электронной библиотекой “Новая литература Кыргызстана”.

Особая благодарность крупнейшему издательству Кыргызстана “Бийиктик” за поддержку проекта.

Бишкек, ул. Жусупа Абдрахманова, 170-А, издательство “Бийиктик”.
Тел. +996 (312) 62-02-11, 62-02-13, 66-17-25

 

МАЗМУНУ

КИРИШ СӨЗ
Жомок башы
МАНАСТЫН БАЛА ЧАГЫ
Алооке кандын кыргыздарды чабышы
Кыргыздардын Ала-Тоодон сүрүлүшү
Баатырдын төрөлүшү
Манастын бала чагы
Жаш Манастын Чоң Дөөдүрдү, Дөө Жолойду, Каман алпты жеңгени
Бакайдын атасы Байдын Алтайга барышы
Манаска тизгин берилиши
Манас баатырдын Кошой дөөгө  келиши
КЫРГЫЗДАРДЫН АЛТАЙДАН АЛА-ТООГО КЕЛИШИ
Манастын колунун Ала-Тоого келиши
Алтайдагы кыргыздардын Ала-Тоого көчүп келиши
Араниктеги согуш
МАНАСТЫН АЛООКЕ МЕНЕН ШООРУКТУ ЖЕҢИШИ
АККУЛАГА ЭЭ БОЛУШУ
Алооке кандын баатыр Манастан коркуп качышы
Өзү келип катылган Шоорук кандын кыргыздардан жеңилиши
Манастын Олуят чалды бүктөгөнү
Манастын атасына таарынып кетип, аштык  айдаганы
Манастын  Аккуланы буудайга алмашып алышы
АЛМАМБЕТ БААТЫРДЫН АҢГЕМЕСИ
Алмамбет баатырдын өз элинен  кетиши
Алмамбет баатырдын Көкчөгө келип турушу
Алмамбет баатырдын Манаска келип   кошулушу
БААТЫРДЫН ЖАРЫ
Манас баатырдын Каныкейге үйлөнүшү
Көзкаман менен Көкчөкөз
Каныкейдин Манасты өлүмдөн куткарышы
Көзкамандардын Манастын кырк чоросунан жеңилиши
Комментарийлер

 

КИРИШ СӨЗ (Профессор Болот Юнусалиев)

   

ЖОМОК БАШЫ…

Э... э... э...й, байыркынын жомогу, 
Баштаса келер оролу.
Эзелкинин жомогу,
Эстесе келер оролу.
Жармы төгүн, жармы чын,
Жарандардын көөнү үчүн.
Жабыратып айтабыз,

Жолборс Манас жөнү үчүн.
Көбү төгүн, көбү чын,
Көпчүлүктүн көөнү үчүн,
Күпүлдөтүп айтабыз.
Көк жал эрдин жөнү үчүн.
Жанында болгон киши жок,
Деги жалганы менен иши жок.
Төрүндө жаткан киши жок,
Мунун төгүнү менен иши жок.
Бабаңардын жомогу.
Баштабасак болобу?
Атаңардын жомогу,
Айтпай кетсек болобу?
Уламадан уккан сөз, 
Угуту өнүп чыккан сөз.
Карылардан алган сөз, 
Калк ичинде калган сөз. 
Арбын жомок — толгон сөз,
Ат көтөргүс болгон сөз.
Арсыздарга токтолбой, 
Азамат-эрге конгон сөз.
Кай бирөөнүн калпы көп,
Какжыраган салты көп
Качырлашып сайышкан,
Калпынан ашкан алпы көп. 
Намыска тууган кара көк,
Ок тиштемей анты көп.

Атабыз өткөн айкөл, шер, 
Алтайга барып туулган.  
Атын жаттап кары-жаш,   
Ааламга даңкы угулган.  
Жектешкени болгон бас, 
Жетик экен эр Манас;
Жергесине эл толуп,
Жердегени кең Талас!

Э... э... э...й, байыркылар кеп айткан, 
Баатыр ушул деп айткан.
Андагылар кеп айткан,
Арыстан ушул деп айткан.
Абалтан калган бул кепти,
Айта келсек бул кезде,
Айланып сансыз жыл өттү.
Көпкөк темир кийинген,
Жоо дегенде жүгүргөн,
Жон-жондон желдей зуулдап,
Жолборстой сүрдүү эр өттү,
Эр өтпөсө ким өттү?
Эчен кылым эл өттү!

Тоо бузулуп сай болду,
Сай козголуп тоо болду. 
Аты калып, өзү жок, 
Ар канча деңиз жоголду.  
Элүү жылда эл жаңы,
Жүз жылда болуп жер жаңы,
Бабаңардан уруктап,
Биз экенбиз бер жагы.

Көктөн учкан канаттуу,  
Жерден сызган туяктуу. 
Көп экенин ким билсин
Ушул жомок сыяктуу.
Эрендерден калган сөз, 
Энчи кылып алган сөз,
Кан жүрөккө конгон сөз,
Кайнап ичке толгон сөз. 
Жоого аттанган баатырдын,
Жан-жөөкөрү болгон сөз, 
Уккан жандын курсагы.  
Ушунчалык тойгон сөз.  
Чечендерди черткен сөз,
Бечелдерди чеккен сөз. 
Белес-белден бороондоп,
Беш удургуп өткөн сөз.

Кызыл бороон кыр менен,
Кыйкырык-чуу, сүр менен.
Сүрдүкпөгөн тил менен,
Кардыкпаган үн менен. 
Аркар баскан бел менен,
Булут шашкан жел менен.  
Катар арыш керген сөз, 
Кошо жашап келген сөз. 
Баласына атасы  
Энчи кылып берген сөз.  
Жайнап түшсө мөндүрдөй, 
Жалпы журтум терген сөз.

Андай болсо калайык,
Эми муну таштайлы.
Айкөлүңдүн өзүнүн,
Жомогунан баштайлы.

 

МАНАСТЫН БАЛА ЧАГЫ

   

АЛООКЕ КАНДЫН КЫРГЫЗДАРДЫ ЧАБЫШЫ
 
Атасы Ороз өлгөндө,
Кайра келбес чын жайды.
Кайран киши көргөндө,
Калың жаткан кыргыздын.
Кереге-уугун кыйратып,
Келин, кызын ыйлатып.
Алооке деген кан чыгып,
Айбатынан жан чыгып.
Каяша айтар жан калбай,
Каяша айтып чыгарга.
Калың журтта ал калбай,
Алымын артык жороду.
Арман күн мындай болобу!
Каяша сүйлөп койгонду,
Кызыл канга боёду.
Калмак, кытай, манжуу журт,
Каарын салып уз алды.
Олжо кылып, оңбогур,
Беш көкүлдүү кыз алды.
Талдын баарын сулатты,
Тамдын баарын кулатты,
Такыр чаап алды эми.
Акыр, такыр заманды,
Журт башына салды эми.
"Ой, Орозду, өлбө!" — деп,
"Бул өңдөнгөн кордукту
Бендесине бербе!" — деп,
Калайыктын баары ыйлап.
Каргылданып, чал ыйлап,
Жалпы журту бүт ыйлап.
Эртең тартып алат деп,
Жаш өспүрүм кыз ыйлап.
Каптап душман келиптир,
Кан талоосу эң азап.
Караламан кыргызды,
Камчыга ченеп бөлүптүр.

Жайнап жаткан кыргыздын,
Жаккан отун өчүрүп.
Жалпы баарын көчүрүп,
Артын Бапан* айдаптыр,
Андалааган кыргыздын.
Минтип шору кайнаптыр,
Алымына чыдабай.
Бирөө тентип Алтайга
Бирөө тентип Кангайга,
Бирөө тентип Эренге.
Бирөө түшүп кетти тереңге,
Кең Кашкардын ар жагы.
Кебез тоонун бер жагы,
"Бирөө ошол жерди жай кылды.
Таман тиреп туралбай,
Тизгин, чылбыр жыя албай.
Курган журт бет-бетинен каңгырды,

Ороздунун он уулу,
Ону атадан жаш калып.
Акыл толбой мас калып,
Каптап келген көп калмак.
Дүйнөсүн талап* алылтыр,
Муну менен ал балдар.
Талаада боздоп калыптыр,
Балдар эрешен тартып, эр болуп.
Кечээ эр уулу менен тең болуп,
Эрбейип атка мингенде.
Абаң Балта барыптыр,
Аңгемени салыптыр.

Акбалта жайын сурасаң,
Нойгуттан чыккан жан экен.
Алооке канга алдырып,
Ал дагы азып калган чагы экен,
Ороздунун он уулу.
Бириктешип көрсөм деп,
Өлсөм, бирге өлсөм деп.
Чалгынды бирге чалсам деп,
Кара кытай, манжууга.
Тек туруп алым бергиче,
Карчылдашып калсам деп.
Караан кылды Жакыпты,
Кайран Балта абаңыз.
Кайратынан жанбастан
Кылган ишин караңыз;
Кою болду короолош,
Абаң Балта көк жалдын,
Ашы болду жоролош.

"…Балам, Жакып, кебимди ук,
Тыргооту* тыйпыл чогулуп.
Сындырып кетти белимди,
Калкыма кара калмак доо кылып.
Напсиси чоң Алооке –
Каңкорду кудай урганы.
Алты миң жамбы, миң кундуз,
Алым алып турганы,
Секидеги кароолу.
Санап койсок сексен төрт,
Үйүң күйгөн душмандын.
Серп салган жагы — кызыл өрт,
Алоокеден туулган.
Алтымыш уулу бар экен,
Чындап "Бурут, сени!" — деп.
Кастарын тиккен жан экен.
Бул Алооке каныңдын,
Чалгырты турат көзүңдө.
Чаманын баарын түгөтүп,
Эми чалганы турат өзүңдү.
Же чалыша турган чама жок,
Атыша кетер айла жок.
Бүгүн көргөн эртең жок,
О, чиркин, ушундай экен дүйнө бок.
Атаганат, жаш балдар,
Айланы кандай кылабыз?
Айлансам болот Жакыбым,
Силерди караан кылып турабыз!".

Акбалта айтып турганда,
Жакып көөнүн бурганда.
Алда кайдан жол чаңдап,
Текечи кан, Шыгай кан.
Жетип келди антаңдап,
Чак-челекей чаң болуп.
Башы челек кан болуп,
Кыясыз жолун чалдырып.
Кыйын дүйнө, сан мүлкүн
Кытайларга алдырып.
Көргөн жанды муңайтат,
Күйүп-бышып муну айтат,
“Кытай тийди жылкымды.
Калмак алды мүлкүмдү,
Тыргоот төктү канымды.
Койбос болду кылайтып,
Бир чымындай жанымды.
Буттай темир курчанган,
Колуна үйдөй күрсү алган.
Жолукканды бир салган,
Байлоолу жатат балбаны.
Бет алыша баргандын,
Бөөдө чыгат далдалы.
Ырымы бөлөк, заары күч,
Башка түштү мүшкүл иш.
Басып кирди Алооке,
Баарыбызды кылат мыш!”.
Текечи менен Шыгайлар,
Улаккан менен Жакып бар.
Ороз аке балдары,
Айласын таппай болду дал.
Үйрүлмөнүн сазына,
Үйрүлүп жыйын кылды эми.
Калк чогулуп өзөнгө,
Калдайып жыйын кылды эми.
Тапкычташып табышып,
Куугучташып, куушуп,
Текечи айтып кыйла кеп.
“Кызыталак душманга
Кыйрашалы журтум, — деп,
Көз ачалбай шор кайнап,
Көргөн күнү курсун,-деп,
Калкы тыргоот, манжууга
Кантип сурак беребиз?
Кол куушуруп баш ийбей,
Койгулашып өлөбүз!”.

Шыгай туруп муну айтты,
Адам уккус шумду айтты:
“Моюнга түштү кызыл чок,
Мойноп кетер айла жок.
Куруп кеткен бул күндө
Кур кайраттан пайда жок.
Бизде каяша айтар кан да жок,
Кармашарга ал да жок.
Төбөдөн баскан тумандай
Тыргооту тыйпыл жетет го,
Азганакай журт элек,
Жерге таптап кететко?
Тогуз бөрү бнр койду
Таласа тарпын коёбу?
Толгон кытай аз журтту,
Сабаса тарпын коёбу?!”.

Бай менен Балта чамынды
(Кайрат минтип табылды):
"Көп эле болсо өлөбүз,
Өлбөй канча жүрөбүз?
Ажал жетип күн бүтсө,
Көр азабын көрөбүз.
Букара кылса Алооке,
Ууру кылдың дебейби.
Эбин таап айлантып,
Элдин баарын жебейби.
Артыкча башым барында
Айлымды кантип берейин!
Кутурган экен Алооке,
Ал ит менен кулжуңдашып көрөйүн!
Текечи бар, Шыгай бар, 
Кайраттуусу Акбалта,
Кайран Балта муну айтып,
Оозун жыйып алганча,
Боз ала желек, кызыл туу,
Кудай бетин салбай кал,
Бойбойлогон ызы-чуу.
Чан абага бурулуп,
Туш-туштан сан кол куюлуп,
Кара жерди чайпалтып,
Каканчылап чуу тартып,
Жез түтүк үнү чыркырап,
Жез най үнү дыркырап,
Найзанын башы кылкылдап,
Эми колдун башы былкылдап,
Балтачаны бөлүнүп,
Асты менен найзачаны көрүнүп,
Чаң обого бурулуп,
Тыргооту тыйпыл жыйылып,
Калкылдап көзгө көрүнүп,
Калмагы бөлөк бөлүнүп,
Жаңылбаган мергени
Жабылып каптап келгени!

Жан айласьш табалбай,
Шашкан кыргыз мындан көп
“Жаным калар бекен” — деп,
Тоо таянып энтеңдеп,
Качкан кыргыз мындан көп.
Карап турган канчалар,
Кара жандан түңүлүп,
Кайраты жок жамандар
Кытайлардын астына
Келин болуп жүгүнүп;
Ошондо кытай Алооке
Ордону бузуп кул кылып,
Катындардын баарысын
Кара элечек тул кылып,
Кайраттуунун баарысын
Камап, байлап, кул кылып,
Ороздунун ордосун
Түркүгүн сууруп алды эми,
Дүмөктү башка салды эми!

Алооке туруп кеп айтат,
Кеп айтканда нени айтат,
Кызыталак буруттун
Кызыгына кирели,
Кулжуңдап кетсе, кууратып,
Куйкасын кармап тилели.
Кызыталак буруттун
Жаккан отун өчүрүп,
Үч үйлүүсүн бир койбой,
Жалпы баарын көчүрүп,
Атаңа наалат буруттан
Алманды мыктап алалы!
Түпкү журттун түк койбой,
Түгөтө чаап кыралы!”.

Жаа жамгырдай атылып;
Жер карарып түн болуп.
Көк бетнне чаң толуп,
Көргөнгө дүмөк күн болуп,
Аскер селдей каптады,
Ат жеткен жерин таптады,
Кайрат кылып кеп айтпай,
Текечи кан, Шыгай кан
Ала-Тоо бойлоп качканы.

Текечи, Шыгай кутулуп,
Нойгуттардын Акбалта —
Арыстан калды тутулуп.
Адырда жылкы алты сан
Алооке тийип кетти эми.
Тоодогу жылкы тогуз сан
Токтотпой айдап өттү эми.
Кыйла жанды кырды эми,
Кыздарды олжо кылды эми.
Алооке сурак кылганы,
Аябай бузук салганы.
Бул Алты шаар, Маргалаң,
Аяк жагы Кокон кан,
Ордолуу* жайык көк жөкөр,
Орчуну Букар, Самаркан
Саны кетип тарады.
Ак үйлүү болду Алооке,
Журттун баарын карасаң,
Дал ошого карады.
Алоокенин азабы
Ажыдаардай толгону.
Алооке келет дегенде,
Ыйлаган бала сооронду...

Күздүн күнү болгондо,
Түтүнгө асый салганы,
“Түгөтөмүн азыр!” — деп,
Түк койбой жыйып алганы.
Жазга маал болгондо,
Жалдуу байтал мингизбейт,
Күздүн күнү болгондо,
Куйруктуу козу жегизбейт.
Үч үйлүүгө бир казан
Жалгыз үйгө каратты,
Каяшаяк бергендин
Колуна чеге кадатты.
Кыштын күнү болгондо,
Кыздан алым баштады,
“Кызды кантип бердик” —  деп,
Көзүнө кан аралаш жаш толуп,
Ата-эне ыйлап жатканы.
Өлөмүн деп өлө албай,
Өз жанын өзү кыя албай,
Өкүмү жок курган журт,
Мүшкүл болду ушундай!

 

КЫРГЫЗДАРДЫН АЛА-ТООДОН СҮРҮЛҮШҮ

Кары, жашы муңайып, 
Кан жутканда калайык
Ороздунун он уулу
Катуу көөнү карайып,
Улаккан, Жакып кеп айтат,
Убайымды бек айтат:
"Минтип тирүү жүргөнчө,
Туулбай туна чөгөлү,
Көмөлөнүп жыгылып,
Көр азабын көрөлү.
Курган жан аман турганда,
Кордукка кантип көнөлү.
Ороздунун уулу элек,
О, чиркин, жасагандын кулу элек.

Бул өңдөнгөн кордукту
Адамзат пендеге
Башынан эч ким кыла элек.
Биз дагы эне тууган эр элек,
Эзелден берки эл элек.
Калдайган калктын башына
Каран түн мынча келе элек.
Минтип тирүү жүргөндө,
Кай муратга жетелик?
Күчөгөн экен бул кытай,
Биз бир күрпүлдөшө кетелик!
Кара тоону бет алып,
Үй беките конолу,
Кызыталак душманга
Кек кетирген болобу!".

Жоо кылычын байланып,
Аттанууга шайланып,
Тулпардан жыйып ат алып,
Журтунан кыргыз бата алып,
Арыстандай чамданып,
Баштады Жакып, Акбалта,
Алтымыш балбан камданып;
Ат тулпарын миништи,
Оңкойгон тоонун урчуктан,
Онурайган тумшуктан
Жакалап ылдый киришти.

Супу садык чалганда*,
Таң түмпүйүп калганда,
Оргуп-оргуп чаң чыгат,
Обологон үн чыгат.
Оргуган чанды.караса,
Алтын, жакут, дилде артып,
Күндүзүн өргүп, түн катып,
Калдайган сексен балбаны
Капкайда жүрүп калганы.
Акбалта? Жакып аларды
Талаадан кармап алганы.
Жүк арткан төөсү токсон беш,
Кызыл куйрук кара нар
Олжого кармап алганы,
Ойронду мыктап салганы.
Алооке кандын алдына*,
Жөө желдет деген балбаны
Качкан бойдон кутулуп,
Аман жетип барганы.

Кабарчы кабар салган соң,
Каны буйрук кылган соң,
Мунарга жарык жагыльш,
Добулбас бекем кагылып,
Кытайдын баары ээлигип,
Кыйындын баары жээлигип,
Карыпчы* тонун шайлатып,
Буудандарын камдатып,
Кара калмак, манжуунун
Кынжылаган балбаны
Ороздунун айлына
Кыйын мүшкүл салганы.

Баштаган Балта чал экен,
Балтаны жүргөн каралап,
Канчасы жапжаш бала экен.
Кара жаак Акбалта
Кара тилин кайрады,
Кан Алооке алдында
Кайран абаң сайрады:
“Менин чапчыша турган чамам жок,
Сиз менен алыша турган айлам жок.
Айдап кетсен, мал мына,
Агызар болсоң, кан мына,
Күтүп алсаң, букара
Аргын, ногой эл мына!

Балта мындай деген соң,
Алооке катуу сүйлөнүп,
Жеп ийчүдөй күүлөнүп:
Не дейсин, бурут, не дейсиң?
Сага жан сактоого жер, керек.
Алым алып турууга,
Казынаны жыюуга,
Мага калың кара эл керек.
Кылган ишин карагын,
Кызыталак бурутту!
Токсон беш төөнүн алтынын
Мына, ушул бурут курутту!
Бул Ороздунун он уулу,
Чаткалга жыйган малы бар,
Чамасы келсе, жөн эле
Мени менен чабышам деген чагы бар.
Сенин түп коргонуң түз кылам,
Түгөл айдап жок кылам!
Сага жер бербеймин конушка,
Бирөөңдү айдайм Оролго,
Бирөөңдү айдайм Эренге,
Бирөөңдү түшүрөм акыр тереңге!
Бирөөңдү айдайм казакка;
Мына минтип салам азапка.
Бирөөңдү айдайм Каңгайга,
Бирөөңдү айдайм Алтайга!".

Канчасын ушул кыргыздын
Алооке байлап алганы,
Кордукту мыктап салганы.
Кайран Балта, Жакыпты
Айылы менен көчүрүп,
Алтайды көздөй айдады.
Бирөө качты Эренге,
Бирөө түшүп кетти тереңге.
Оболку дарты козголду,
Тополоңу тоз болду.
Колу артына байланып.
Кой ордуна айдалып,
Көөдөнгө батпай көп санаа,
Талоон көргөн кайран журт
Көзүнүн жашы он талаа.
Кайраттуусун байлады,
Кармап алып жайлады.
Алардан калган балдарды
Дене кул кылып алганы.
Ороздунун он уулдун
Улуусу Бай, Үсөндүр,
Убайым тартып жүргөндүр.
Үсөндүн колун байлады,
Орконду көздөй айдады.
Байдын колун байлады,
Желпиниш көздөй айдады.
Азганакай кыргыздан
Алышар алдуу калбады...

*  *  *

Муну мындай таштайлы,
Жанагы кеткен эки эр
Ошондон кабар баштайлы.
Башчысы Балта, Жакыптын
Эки колу байлоодо,
Эки көзү жайноодо,
Алтымыш жайсаң, сан калдай,
Тегеректеп айдоодо.
А.лты өгүз менен төрт качыр
Күчүн берип айдады.
Алты эчки менен үч уйдун
Сүтүн берип айдады.
Жер жүзүнө даңкайтып,
Баткызбай айдап баратат,
Эки күнү бир жерге
Жаткызбай айдап баратат.
Же жашыңарга кабак жок,
Жакшылап берген тамак жок.
Күн мезгилин алган жок,
Күндө тыным кылган жок.
Ай мезгилин алган жок,
Айда тыным кылган жок.
Тоңкойгон эчен тоону өттү,
Толкуган канча суу кечти;
Адыр-будур бел ашты,
Мунарык тарткан чөл басты.
Иленин башы Үч-Арал
Амалсыз кечип барды эми,
Өгүз-Ашуу, Тай-Ашуу
Тегиз басып алды эми.
Ары жак жагы Ак-Талаа,
Ошого жетип калды эми.

Ай, жарыктык, Ак-Талаа,
Бабабыз баскан жер эмес,
Жедигер, шибээ, көп калмак
Жети ата көргөн эл эмес.
Ак-Талаа жетип конду эми.
Таң кашкайып сүргөндө,
Жерге жарык тийгенде,
Жерин байкап көрдү эми.
Талынын башы ийилип,
Кумунун үстү чийилип,
Жаткан экен Ак-Талаа
Жемиши жерде түйүлүп.
Бөөт, көлчүк, сазы бар,
Бөлүнгөн өрдөк, казы бар,
Алмасы бышып көң болгон,
Жаңгагы бышып сай толгон,
Кызгалдак чөбү кылкылдап,
Кымыздык чөп, ышкыны
Тегиз бышып былкылдап,
Жаткан экен Ак-Талаа.
Оргуган булак суусу бар,
Жылтыркандуу шыбагы,
Жыргалдуу экен убагы.
Басып адам келбеген
Эпкин экен жерлери,
Ээн жаткан төрлөрү.
Чырпыктары чынардай,
Чынарлары мунардай,
Чымчыктарын карасаң
Тоо башында улардай.
Жылаандарын карасаң
Тогуз кулач аркандай.
Алда таала кудирет
Жан жараткан ар кандай,—
Эркин экен талаасы.
Бөрсө* деген бир жан бар,
Курсагынан бөжөңдөп
Чыгып турат баласы.
Киши кийик, төө кийик
Адырында көп экен,
Ак-Талаанын аягы
Алтай деген жер экен.
Ал Алтайды жердеген
Кара калмак, манжуу журт –
Кайнап жаткан эл экен.

Балта, Жакып башчысы,
Эмгектүү колу байланып,
Айылы менен зарланып,
Алтайга барды айдалып.
Кыйноону көргөн курган журт
Күн көрөр айла тапты эми;
Саанчы кирип сүт ичип,
Минтип жанын бакты эми.
Жылкы жайып, күч минип,
Антип жанын бакты эми.
Кара кытай, манжуудан
Баш батар жайын тапты эми,
Эчкинин тоңгон майын жеп,
Минтип жанын бакты эми.
Бул тарапка келгени,
Он эки айга толду эми.
Чалдыр-булдур сүйлөшүп,
Үйүр алышып калды эми.

Алтайда кыргыз ичинен
Акылманы Акбалта,
Ирдүүрөк деген бир жандык,
Кыргыздан келген көк бука;
Көк ала майдан шиберге
Көк буканы союшуп,
Көңүл толгон көп капа,
Көп капаны жоюшуп,
Бала каздай каркылдап,
Ак сакалы жаркылдап,
Абаң Балта кыргызга
Акыл айтат жаркылдап:
"Балдар, капанын баарын чачалы,
Кайгырсак да, бышсак да,
Кайра кыргыз табылбайт.
Эми алтындын кенин казалы,
Кетмендеп жерди оёлу,
Кайран жан өлүп кеткенче,
О, балдар, кең кесири тоёлу!
О, балдар, бел байлар бизде бел да жок,
Белге медер кылууга
Белгилүү кыргыз эл да жок.
Бизде калка кылар ногой жок,
Качып кирер токой жок;
Талаада аккан булак жок,
Дардайып жатар убак жок;
Жан багуучу карыппыз,
Кара калмак, манжуунун
Ортосунда калыппыз.
Кесүүгө тиккен бак да жок;
Керсейип жатар чак да жок;
Талаага сайган бак да жок;
Талпайып жатар чак да жок.
Сегиз, тогуз жыл өтсүн,
Бул жерди жердеп турушуп,
Карып жанды багалык
Кара жер менен урушуп.
Атагы Алтай жер экен,
Кара калмак,манжуу журт
Бул аштык билбес эл экен.
Кырсыкты чечсе жараткан
Дардайышып жатасың.
Алып койгон эмгектин
Табагын тайга сатасың.
Эмгек кыл, балдар, эмгек кыл,
Акыңды эмгек кайтарат,
Арыганың семирет,
Ачкаң курсак тоюнат!".
Балтанын чоң акылы бар экен,
Олуя заада жан экен.
Ушул кепке көпчүлүк
Уюп калган чагы экен.

Анда Жакып кеп айтат,
Кеп айтканда деп айтат:
"Азып келген кыргыздар
Акбалта тилин алалы,
Агызып терди маңдайдан,
Аштыкты кенен салалы.
Кайгынын баарын коёлу,
Кара жерди биз быйыл
Кетмендеп жатып оёлу.
Калжайып бекер жатканча
Быйыл кең-кесири тоёлу.
Акбалта тилин алалы,
Быйыл арбыта малды табалы.
Тирүү жанга мал керек,
Теги айласын кылалы!
Капанын баарын таштайлык,
Быйыл кайратты мыктап баштайлык!".

Мына ушинтип баарысы
Кызматка кирди жалпысы
Шамыянын шайлатып,
Кош өгүзүн байлатып,
Жердин жүзүн ачтырып,
Уучтап тукум чачтырып.
Ак буудай нанын чайнашып,
Эшигинин алдына
Алтыдан тулпар байлашып,
Айдап алган эгинден
Жаны жыргап, жарышып,
Эми мээнет кайтты деп,
Малга тунуп калышып,
Санаасы менен болуптур,
Сандыгынын баарысы
Сары алтын, мүлккө толуптур.
Астыңкы эрдин шалпайтып,
Эки өркөчүн каркайтып,
Атаны алты сан болду,
Абаң Жакып бай болду.
Ал Алтайда турганда
Абаң Жакып көк жалдын
Алтыны жети там болду.
Адырда жылкы алты сан,
Аябай эми шай болду,
Ден кошулуп, жан жыргап,
Жакыптын көөнү жай болду.
Калса да малга бай болуп,
Канча жыл жүрдү кайгырып,
Бир балага зар болуп.

 

БААТЫРДЫН ТӨРӨЛҮШҮ
 
Турганы Алтай жер болуп,
Тутушканы бул жерде
Манжуу, калмак эл болуп,
Өсөр күнү жок болуп,
Өлөр күнүн ойлонуп,
Арман кылат ошондо
Абакең Жакып толгонуп:
"Бербесе теңир, чарам жок,
Беш түлүктөн мал жыйдым,
Беш чака булча арам жок.
Жабдык салып ат минип,
Жака салып тон кийип,
Жанымда болгон каран жок.
Тутунарга туяк жок,
Тууганынан айрылган
Журтта мендей чунак жок.
Карманарга туяк жок,
Канатынан айрылган
Калкта мендей чунак жок.
Ажал анык, чара жок
Аман жүрөр санаа жок,
Акыретке бет алсам,
Атакелеп артымдан,
Наалып калар бала жок.
Күрөөкө соот* дат болду,
Кермеде толгон ат болду.
Кой күлүктү көргөндө,
Күлүктөн Жакып жат болду!
Белге таңар бүлө жок,
Боздосок күчөп дартыбыз,
Санаа менен саргайып,
Зарланган экен калкыбыз.
Кара жаак Айбалта,
Муну кайкалатпай ким аштайт?
Камоодо жүргөн калың журт,.
Муну капа кылбай ким баштайт?"
Байбичеси Чыйырды
Байынан эми кеп сурайт;
Күндөгүдөн башкача
Күңгүрөндүн деп сурайт:
"Малдан келдиң сабылып,
Кабагың карыш салынып,
Көзүңдөн агат кара жаш,
Дагы кандай шумдук табылып?".

Анда Жакып кеп айтат,
Ачууланып бек айтат:
"Баштатадан тек жүрдүм,
Кутмандуудан бата алдым.
Куруп калсын дүнүйө,
Куубаш Жакып атандым.
"Карыды Жакып куубаш" — дейт,
Калктын баары мени айтат,
"Катыны жүрөт туубас" — деп.
Мөмөсүз жыгач отундур,
Туубай турган болгон сон,
Тумшугу жок катындыр".

Байбиче турду майышып,
Бай Жакып турду кайышып.
Жетип келди Бакдөөлөт
Жекенге буту чалынып.
Бакдөөлөт туруп муну айтат
(Байбичени муңайтат):
"Согончогум канабай
Шордуу башым кантим,
Баштагы болгон эжемдин
Жолун жолдой мен кеттим".

Аны укканда байбиче
Айтар сөзү жок болуп,
Акыл ойлоп токтолуп,
Көңүлү канча сөгүлүп,
Көзүнүн жашы төгүлүп,
Жүүнү бошоп жыгылып,
Жүк алдында бүгүлүп,
Башын койду жастыкка,
Бакдөөлөттүн көңүлү
Кеткен экен кастыкка.
Кас көңүлү билинди,
Ыйлап жатып Чыйырды
Чырм этип көзү илинди.

Оюна ар иш алганы,
Козголбой жатып кашында
Бай Жакып уктап калганы.
Белги болуп өрнөгү
Жакып урматтуу бир түш көргөнү.
Байбичесин ойготуп,
Балкып айтып бергени:
"Кукулуктап үн чыкса,
Куштан башка үнү бар,
Куйрук-башы жаркылдайт,
Куудан аппак жүнү бар.
Саңоор жүнү* — сары алтын,
Таканак жүнү* — баары алтын,
Чырымтал жүнү — чылк алтын.
Текөөрү болот темир дейт,.
Серпкени өлгөн себил* дейт.
Тумшугу болот тукжур дейт,
Тырмагы болот канжар дейт.
Жубар* менен жуулган
Жибектен боону тагыпмын.
Ай мунарын жем кылып,
Абдан сыйлап багыпмын.
Күмүштөн боо тагыпмын,
Күпкөлөп жүрүп багыпмын.
Асмандагы канаттуу
Айбатынан учалбай,
Жерде жүргөн аяктуу
Жылып чыгып качалбай,
Ага конорго туур жайладым.
(Алача моюн ак шумкар
Ага кошо байладым.
Билдим бир жакшылык болорун.
Анын качан болорун,
Бирок билалбай шорум кайнадым.

Байбиче анда кеп айтат,
Бар тилегин эми айтат:
"Эритет экен кудайым
Жүрөктөгү музуңду,
Башка жанга билдирбей
Жакынга айткын ушуну.
Ээн калган көп малдын .
Несин аяп коёлу;
Эртеңден баштап эл жыйып,
Эч болбосо элүү-кырк мал соёлу*.

Келтирген окшойт кезине,
Кейкее басып Бакдөөлөт
Жакыптын келди өзүнө:
"Байкасам, байым, түш көрдүм,
Башкача сонун иш көрдүм,
Боз-ала туйгун боосу жез,
Боору кара, мойну кез,
Оң колуңа алыпсың,
Оболото салыпсың
Сол колуңа алыпсың,
Сонону көздөй салыпсың.
Бопуладың, үндөдүң,
Талпынып конду колуңа,
Салганыңдын баарысы
Далдайып жатты жолуңа.
Байбиченин үйүндө,
Балдагы алтын туурда
Басса конбой талпынат.
Канатынын куусуна
Канча жандар чарпылат.
Куп айтамын жалган жок,
Куу кемпир куру калган жок".
Ушу кандай түш экен?

Баркырады бай Жакып,
Балага чучкак киши экен:
"Көргөн.болсон түшүңдү,
Оңдосун алла ишиңди.
Бүгүнкү түнүм кандай түн?
Кечеги күнүм кандай күн?
Такаатым турбай боюма
Ар неме кирди түшүмө,
Айраң болуп турамын
Кемпирдин айткан ишине.
Арбыныраак мал союп
Жорутсак белем бул түштү.
Жараткан өзү жар болуп,
Көңүлгө келген жумушту".

Жакыпты көздөй бет алды,
Бакдөөлөт эми кеп салды:
«Неге аяйсын абышка,,
Бул ээн калган көп малды.
Байбиче айткан кеп экен,
Байкап турсам, айтканы
Баарыбызга эп экен.
Малың бар да, элиң жок,
Байкап турсаң өзүңдүн
Эл сурарга эбиң жок.
Сыңар жанга жол айтып,
Кубандырган кебиң жок.
Байбиче сөзүн кылсаңчы,
Малды аябай кырсаңчы.
Бала десен, карыйсын,
Пайдасы жок тарыйсың,— 
Тарыган экен бейлин, — деп,
Таарынсаң мейли, эрим" — деп,
Бакдөөлөт токтой калганы,
Ачууланып бай Жакып
Сакалын жулкуп алганы.

Койчунун коңур күрөңүн
Токутуп Жакып миниптир.
Тоодой болгон абаңыз
Томсоруп жолго кириптир.
Адыр-адыр бел менен,
Аркар баскан жол менен,
Будур-будур бел менен,
Бугу оттогон жер менен,
Булуңдуу токой чер менен
Бастырып жүрдү айланып,
Баягы түшүн ойлонуп.
Кайта келди үйүнө,
"Эми кемпир макул,— деп,
Айтканыңды эп көрдүм,
Акбалтаны чакыр",-деп,
Баштуу, көздүү адамдар
Бери келсин мында,— деп. 
Бечара менен карыпка,
Берериңди чыңда,-деп,
Эркеги буудан ат болуп,
Эр жигиттер талашкан
Ургаачысын ар жерде,
Уруш-кыстоо бар жерде,
Калабалуу тар жерде,
Ак түлөөгө жараткан,
Камбар боздун үйрүнөн
Кармап келгин бир бээни.
Тогуз кара бээ болсун,
Токсон кара кой болсун,
Ушунун баарын сойгон соң,
Толуп жаткан той болсун.
Ак баш минген төө болсун,
Айлыңа келген эл тойсун".

Жер очокту ойдурду,
Жыйып, жыйнап баарысын,
Жыйырма кара сойдурду.
Кызматка кыркты тургузду,
Ушу күнү чакырды
Азган-тозгон кыргызды.
Барып келди каякка,
Кабар берди калмакка.
Эки күн этин бышырды,
Элдин алдын түшүрдү.
Табагын элге тарттырды,
Майга тоюп баарысы,
Кешигин кенен арттырды.
Эки күнү эт тартты,
Атын чаап эл кайтты.
Кетпесин деп тууганым,
Келип Жакып элге айтты.
Жаш калбады, карысы
Бай Жакыптын үйүнө
Жыйылып кирди баарысы.
Көңүлү жакын көсөмү,
Көкүрөк тунук чечени
Олтурган экен жыйылып,
Билермандын нечени.

Ошондо түшүн Жакып дагы айтат,
Түк таштабай, жай айтат.
Баянын айтып бүткөн соң
Байкаңарчы деп айтат.
Жакып айтып токтоду,
Жар-жоронун баарынан
Жалгыз жооп жок болду.
Сакалдарын тарашып,
Бирин-бири карашып,
Айталбады бир сөздү
Акылынан адашып.
Аш кайнамдай токтолду,
Ага чейин кыңк этип,
Айтууга киши жок болду.
Аш кайнамга жеткенде
Алардын шайы кеткенде
Байжигит кепти баштады,
Салмак менен таштады:
"Бу Жакыптын түшү, түш экен,
Бу оңунан келген иш экен.
Куш болгондо, баладыр,
Азыр бала жогунан
Жакыптын көөнү аладыр.
Алтымыш кулач жибек боо,
Аягына такканың,
Ай мунарын* жем кылып,
Асем менен бакканың,
Алтымыш жашка чыкканча
Элин сурап жүргөнү,
Арбак конуп башына,
Аны алла таалам сүйгөнү.
Ажыдаардай айбаттуу,
Арыстандай кайраттуу,
Ошол уулуң эр болуп,
Не кыйындын баарысы
Эсеп берип эл болуп,
Карайт экен көзүнө.
Кара тоодой касиет
Конот экен өзүнө.
Балаңдын, Жакып, орою
Көрүнгөн экен көзүңө".

Бай Жакып боздоп ыйлады,
Байжигит айткан сөзүнө.
Байлап койгон ак шумкар,
Жакыптын келди эсине.
Карчыга болсо,-эр деди;
Ак шумкар кошо байладым,
Муну да жоруп бер деди.
Сууктун түнү-кыш деди,
Шумкар болсо,— кыз деди;
Эр Жакып дагы эстеди,
Эрке токол Бакдөөлөт
Жоругун түшүн тез деди.

Байжигит сөзү мына бул:
“Бакдөөлөт туур эки уул,
Баштагы сөзгө бакканда,
Баянын айтсак угуп тур.
Айтылгандай жоругун,
Алат экен ал экөө
Агасынын орунун.
Көкүрөк чериң жазгандай
Көрүптүрсүң үчөөдөр
Дүйнөдө түштүн сонунун".

Баса келген тууганы
Бата берип тарады,
Барар жолун карады.
Эми жүрөр деп болжоп,
Эр Жакыптын арааны.
Аралдын башын жай алып,
Алтайдын тоосун таянып,
Аксы менен Күчөрдөн
Ичерине чай алып,
Карашаарга мал көктөттү,
Байкуш болуп азгандар
Абакеңе кездешти.
Канчадан көрдү кордукту,
Калмактан көрдү зордукту.
Кыйрынан азган эр Жакып
Кылмышы жоктон өкүндү,
Кыстоону калмак салганда
Кыйналып жаны өкүрдү.
Азган менен тозгондон,
Ата, энеден бозгондон,
Ар кайсысын бир жактан
Айдап келип кошкондон
Түтүнү бир миң жетимиш.
Капкайда калып жер-суусу,
А, чиркин, каңгырап жүрүш Кыйын иш!
Азыркысын жайлаптыр
Ак-Уюлдун белине.
Айта берсе сөзү көп,
Азыр кулак салыңыз
Арыстан Манас кебине.

Тойдон кийин токтолуп,
Тогуз айдай өтүптүр;
Манас бойго бүткөнү
Бир нече айга жетиптир.
Байбиче болсо бул күндө
Бал, шекерге карабайт,
Башка тамак жарабайт.
Жесем дейт жолборс жүрөгүн,
Мындан башка санабайт;
Же табылбайт жолборс жүрөгү.
Жинди болуп байбиче
Жеригинен жүдөдү.

Жылкычы кабар бергени,
"Каңгайдын кара мергени
Жолборс атып салды,— деп,
Терисин сыйрып алды,— деп,
Боор, жүрөк, башка эти
Кур талаада калды"-деп.
Айтканын Чыйыр угуптур,
Алдынан чуркап чыгыптыр.
Тура калды Чыйырды
Жылкычынын жолуна,
Каракулак чоң жамбы
Кармай барды колуна,
"Кайыптан дүйнө тап,— деди,
Карап турбай жылкычы
Кайта ылдамдап чап,— деди.
Жашырып, жаап жүрбөгүн,
Жарып жолборс жүрөгүн,
Алып кел,-  деди, өзүмө.
Ата-энемден сен жакын
Көрүнөсүң көзүмө.
Каалаганың баарысын,
Канча де, берем өзүңө".

Жылкычы буга таң калды,
Акысына жамбы алды.
Ара конуп арага
Ал жылкычы сандалды.
Барса жолборс жатыптыр,
Зыңкыйып муздап катыптыр.
Жолборстон жүрөк алганы,
Жолго кайра салганы.
Жол боюнда да бир бээ
Телиден өлүп калыптыр.
Жылкычылар жыйылып,
Аны союп алыптыр.
Анын да алды жүрөгүн.
Экөөн бирдей бермекке,
Байбиченин бул ишин
Байкап сөзүн көрмөккө
Жылып жолго салганы.
Эртесинде, түш ченде
Жетип келип калганы.

Жылмайып басып байбиче .
Элечектен каш чыгып,
Эки көздөн жаш чыгып,
(Жылкычы аты Бадалбай)
Чыйырды эми кеп айтат:
"Бадалбай балам,-деп айтат,
Эки жүрөк эмне?
Жолборстор жолго жатканбы?
Каңгайдын кара мергени
Катарлап экөөн атканбы?
Же мал жүрөгүн жолборс деп,
Башынан шорум катканбы?".
Байбиче сүйлөп калыптыр.
Жүрөгү деп жолборстун
Бадалбай айта салыптыр.
"Кыласызбы дары,-деп,
Кыйла барктап аны,— деп;
Кызарып агып турбайбы
Жүрөгүнүн каны" — деп,
Бадалбай айтты баянды,
Байбиче көөнү жайланды.

Челкендей басып байбиче,
Челектеп сууну алганы,—
Эки жүрөк салганы.
Чала-була бышырып,
Жанга бербей жалмады.
"Сонун экен бу да, — деп, —
Сорпосун ичем мына" — деп,
Эки аяктай сорпосун
Калтырбай ичип алганы.
Байбиченин талгагы
Магдырап, канып калганы.
Эр Манас бойго бүткөнү
Эчен ай, эчен күн болуп,
Толгоо жаңы киргени
Бейшембинин түн болуп.

Ак боздон бээ союлду,
Алтындан бакан коюлду,
Барган сайын байбиче
Айгайын салып чоюлду.
Коңшунун баары жыйылды,
Козголгон сайын байбиче
Кокуюн айтып ыйынды.
Бала төрөр бекен деп,
Жакыпта жүрөк дегдеди.
Бала койсо чиренип,
Байбиче бою тердеди.
Бала туйлап кеткенде
Байбиче көзү сүзүлдү,
Белдемчинин жакасы
Беш жеринен үзүлдү.
Алып келип эр Жакып
Аксарбашыл кой чалды,
Ай туякка бээ чалды,
Ай мүйүзгө уй чалды,
Айры өркөчкө төө чалды.
Анткен сайын байбиче,
Айгайын басып, үн салды:
"Менин жанымды жечү балабы?
Же жарып ичтен алабы?
Бу башымды жечү балабы?
Бай Жакып жесир калабы?".
Баканды кармап бакырды,
Бакшы менен бүбүдөн
Немесин койбой чакырды.
Түндүктү карап түйүлдү,
Көргөндөр жандан түңүлдү.
Алты күн тартты толгоону,
Айлы чарчап болгону;
Жети күн тартты толгоону,
Жергеси чарчап болгону.

Эми байбичең төрөйт дегенде
Бай Жакып ыйлап каңгырап,
Бакырып турду заңгырап:
Баласы жоктон жүдөдүм.
Эркек деп бирөө жүгүрсө,
Жарылып кетер жүрөгүм.
Ботосу жоктон майышып,
Боздоп турдум кайышып.
Сүйүнчү десе бир адам,
Туралбасмын кайышып.
Айылга туруп нетейин,
Адырга чыгып кетейин.
Токтолуп туруп нетейин,
Тоого чыгып кетейин!
Жыгылсам да, талсам да,
Же кайрат кылып калсам да,
Элге шылдың болбостон,
Ээн жакка барайын.
Алыстан айыл карайын,
Айткандан кабар алайын".

Ошону айтып абаңыз,
Кыл аркан керме шайлатты,
Кырк кара боз быштыны
Кыдырата байлатты.
"Эркек болсо, эр болсо,
Кыз болбосун, не болсо!
Кыз болсо үйдө калыңар,
Кыймылдаба баарыңар.
Эркек болсо чабыңар,
Талаадан мени табыңар.
Эркекпи деп, кызбы деп,
Аныктап алып чабыңар.
Адырдан мени табыңар".
Эми Жакып жолго салыптыр,
Жорго боз айгыр үйүрү
Жолунан чыгып калыптыр.
Кара жалдуу Кула бээ
Кайкалактап алыптыр.
«Кайдан келди булар, — деп,
Кап ушу бүгүн тубар? — деп,
Эркек болсо кулуну,
Энчилейин балама,
Эгем таала кудурет
Жеткирер бекен санаама!
Жорго боз атын жоёюн,
Катыным тууса эркекти,
Мындан кийин айгырын
"Камбарбоз" деп коёюн".
Ушуну айтып бай Жакып,
Атынан түшүп алганы.
Жылкыга көзүн салганы;
Жылкынын баары чубашып,
Жылгага кирип калганы.
Азганакай жабырга*,
Аткулактуу шабырга
Асты барып токтолду,
Аркы-терки оттоду.
Туруп жатып Кула бээ,
Тууй турган окшоду...

*  *  *

Аны таштап салыңар,
Байбичеси Чыйырдын
Баянын угуп алыңар.
Толгоосу сегиз күн болгон,
Толготкон мындай ким болгон?
Тарткандардын баарысы
Талыкшып колу ныл болгон.
Эми он эки катын бек тартты;
"Бере көр, кудай!" — деп айтты.
Каканак суусу шар этти,
Баланын үнү бар этти.
Карынды катуу сүзгөнү, —
Бала жерге түшкөнү.
Бала жерде туйлады,
"Бар-ар!" этип ыйлады.

"Эркек бекен, кыз бекен?
Мага качан айтат?" — деп,
Энеси жашын тыйбады.
Көшүп көзү илинди,
Көрө салган катынга
Баланын эркектиги билинди.
Чороюп турду чочогу,
"Эркек! Эркек!" — дешкенде,
Жыгылып кетти Чыйырды,
Уккан кезде ошону.
"Энекеси нетти? — деп,
Мартуу* басып кетти" — деп,
Катындын баары чочуду,
Кайта башын көтөрүп,
Чыйырды бой токтотуп отурду.
"Антаңдабай катындар,
Жерден алгын тез, — деди,
Акбалтанын зайыбы
Киндигин өзүң кес" — деди.

Киндигин кести баланын,
Эмкисин байкап карагын.
Оромолун колго алып,
Ороюн деди баланы;
Ороп жатса, ал бала
Оң колун сууруп алганы.
"Колун сууруп кетти, — деп, 
Татай көтөк* нетти, — деп,
Так кырктагы кишидей
Тартып бутун өттү, — деп,
Карап турбай катындар,
Кармалашсаң нетти!"  — деп,
Айтып калды Канымжан.
"Кандай сөзүң жаман, — деп,
Кармоого карууң келбесе,
Сен качып кутул аман!"  — деп,
Бакырып жаткан баланы
Бакдөөлөт жерден алганы.

Он бештеги баладай
Көтөргөндө салмагы.
Көзү каткан Бакдөөлөт
Көтөрүп өөп алганы.
Оозантмакка баланы
Оозуна эмчек салганы.
Өзөгүн үзө бир соруп,
Өлө жазып калганы.
"Сандык толо май, — деди,
Салгын кошо бал, — деди.
Эки-үч карын май алып,
Эми оозуна сал* — деди.
Үч карын май алганы,
Үч кайтара салганы.
Үч карындын майларын
Аш бышымда жалмады
Астына алып Чыйырды
Оң эмчегин салганы.
Оболкусу сүт чыкты,
Экинчиси суу чыкты,
Үчүнчүсү кан чыкты;
Чыдай албай, байбичеден жан чыкты!
Чыгарып алды эмчекти,
Бермек болду Чыйырды
Сегиз бээ союп жентекти.

Эми, аны таштап салыңар,
Жакыптан кабар алыңар.
Байлаган аты кырк сегиз,
Баары күлүк тептегиз.
Айылдагы адамдар
Арбып-дарбып минишип,
Апкаарып жолго киришип,
Тоого чапты топтошуп,
Адырга чыкты анталап,
Бөксөгө чыкты бөлүнүп,
Талаага чапты дабырап.
"Бай Жакып кайда кетти?" — деп,
Баары жүрөт жабырап.
Эркектен неме калбаптыр,
Эки атты бирөө албаптыр,
Кермеде жылкы калбаптыр,
Кедеңдей басып Канымжан,
Келип ордун караптыр.
"Кеткен экен Акбалта
(Кетсе ишке жараптыр).
Керменин несин карайын,
Эми үйүмө барайын".

Басып келип Канымжан
Башын үйгө салыптыр.
Үтүрөйүп Акбалта
Үйдө олтуруп алыптыр.
Көрө салып, Канымжан
"Көтөк!" — деп чоочуп калыптыр.
"Абышкам, сен дүйнөдөн тойдуңбу?
Атпай журт алган олжодон,
Бирдеме албай койдуңбу?
Сүйүнчүгө шайлаган,
Кызыр чалган Жакыбың
Кырк кара боз байлаган.
Кырк жылкыдан бирди албай,
Сенин кандай шоруң кайнаган?!".
Акбалтанын катыны
Ачууланып акыры,
Айтып муну салганы.
Акырайып Акбалта
Катынга карап калганы

"Эй, кара жолтой Канымжан,
Акылың бүгүн кагылган.
Айылда канча адам бар,
Короолош канча коңшу бар,
Козголгончо ордуман
Коёбу мага ушулар?!
Эркек, кызын аңдабай,
Эки жагын карабай,
"Эр Жакыпка барам" — деп,
Эбак чаап кетиптир.
Эгем берер ырыскы
Албай койсо Жакыптан,
Акбалтага нетиптир!
Азыр атка минерге
Келбейт менин дарманым.
Канча күндөн бер жакка
Каралашьш жүрөсүн,
Канча сенин алганың?".
Акбалта айтып салганы,
Суп чепкенден бирөө экен
Канымжандын— алганы.
"Эки элечек, бир чапан,
Мына менин олжом"-деп,
Эрине таштап салганы.
"Элким атым Көкчолок,
Эңишке кантип чабамын.
Элирип кеткен Жакыптын
Элесин кайдан табамын?".
Акбалта айтып болбоду,
"Барсаң, барсаң, байым", — деп,
Катыны камап койбоду.
"Булут минип учса да,
Буюрбаса, калбайбы,
Буюрган киши албайбы.
Кур чапкан куру калбайбы,
Кууп жеткен олжо албайбы.
Көкчолок минип чабарсың,
Кокустан Жакып табарсың!".
Барбаймын деп айталбай,
Бармай болду Акбалта
Катындын сөзүн кайтарбай,
Байлап койгон Көкчолок
Басыгы ылдам шайтандай.
"Жададым үйдө жатып, — деп,
Табылар бекен Жакып" деп,
Акбалта жолго салыптыр.
Куп жөнөтүп Канымжан
Кубанып карап калыптыр.

Айылга жакын көмүскө
Азганакай жабырда,
Ат кулактуу шабырда,
Кара суунун четинде,
Көк өтөктүн бетинде,
Минген атын суудуруп,
Кара жалдуу Кулабээ,
Бир аксур кулун туудуруп,
Жаткан экен эр Жакып.
Шыйрагын оңдоп шыпырып,
Тумшугун сыгып, телчитип,
Энесине ээрчитип,
Баскан экен эр Жакып.
Кирип барды Акбалта
Көкчолокту зуулатып.
Жан жагында киши жок,
Акбалта жетип айкырды,
"Сүйүнчү!" — деп бакырды.
Кубангандан эр Жакып,
"Не дейсиң?" — деп чакырды.

Анда Акбалта муну айтат:
"Айтканымды туюнчу
Арыстаным Жакып, сүйүнчү!
Дегенимди туюнчу,
Дегдеген Жакып, сүйүнчү!
Карыганда байбиче
Кабылан тапты, сүйүнчү!
Жобогондо байбиче
Жолборс тапты, сүйүнчү!
Жоголордо байбиче
Жолдош тапты, сүйүнчү!
Эриккенде байбиче
Эрмек тапты, сүйүнчү
Кайгырганда байбиче
Каралды тапты, сүйүнчү!".
Акбалта айгай салыптыр.
Айгайды Жакып уккан соң,
Акылынан таныптыр.

Көздүн жашы он талаа,
"Көрдүмбү,— деди, бир бала?
Тууганына сүйүнбөй,
Турарын тилейм кудайдан.
Муңканган бойдон өтөм, — деп,
Ойлодум эле бу жайдан".
Акбалта айтса жайма-жай,
Шалак этип жыгылды,
Талып калды Жакып бай.
Акбалта келип кашына
Кыйкырса, Жакып кыңк этпейт,
Кыймылдатса, былк этпейт.
Акбалта чоочуп калганы,
Ак калпак колго алганы,
Байпая басып атайы,
Аккан сууга барганы.
Басып келип Акбалта
Талып калган Жакыптын
Көөдөсүнө бүрккөнү,
Көтөрүп башын эр Жакып,
Суудан бою үрккөнү.

Сурады Жакып Балтадан:
"Акбалта чалым неттиң, — деп,
Сен кай жактан жеттиң? — деп,
Суу бүрктүң менин өзүмө,
Эч-эчтеке көрүнбөйт
Караган менен көзүмө.
Өзүң келдиң кай жактан?
Өзөгүм өрттөй күйүптүр,
Сен сүйлөсөң экен деп,
Кулагым кепти сүйүптүр.
Кайдан келдиң Балта чал?
Кебиң болсо айта сал".
"Айтпадымбы сага — деп,
Эркек тууду катының,
Не бересиң мага?" — деп,
Акбалта айтып салганы.
"Анык бекен, чынбы? — деп,
Айта көр Балтам чынды — деп,
Эркек бекен перзентим,
Көзүң көрүп чыктыңбы?
Же карап анык көрө албай,
Катындардан уктуңбу?
Кайтып айтчы чалым* — деп,
Жакып сурайт дагы кеп.

Акбалта сөзүн баштады,
Эр Жакып көзүн жаштады
“Байбичең тууду мыкты уул,
Байкасаң, Жакып, сөзүм бул.
Баркыраган табышы
Тай чабым жерден угулду;
Олтурат элем үйүмдө,
Окшуп-окшуп жүрөгүм
Оозума келип тыгылды.
Каралашкан катындар,
Кармалашкан келиндер,
Жашы менен кары айтат,
Жалпы аламан баары айтат.
"Бар! Бар!" ыйлап түштү дейт,
Орогондо чиренсе
Отуздагы кишиден
Ошондо да күчтүү дейт.
Бала да болсо мыкты дейт
Байбичеңдин боорун
Балчыктай кармап чыкты" дейт.

"Сүйүнчү!" -дейсиң –жакшы кеп
Сүйүнгөн менен Жакыпка
Чыныңды айтсаң болбойбу
Дүнүйөдөн какты деп
Эй, ботом, өлөңдүү жерге өрт койгон
Бир өткүр бала десеңчи
Өз журтума чуу салчу
Жеткир бала десеңчи
Кара сууга кан куйган
Бир канкорду тууган белем, дейм.
Калайыкка чаң салган
Бир анкорду тууган белем, дейм.
Кызыл-тазыл көрүнсө,
Кыздардан ала качат де,
Баралына келгенде
Менин малымды суудай чачат де.
Баласы боорун алыппы?
О, ботом, байбичем аман калыппы?"
Анда Акбалта кеп айтат,
Ачууланып бек айтат:
"Балам жок дейсин, майышып,
Каран жок дейсин, кайышып.
Балага жаны жетесиң, —
Байкушум Жакып нетесиң?
Баладан малды жуук көргөн
Бакыл* киши экенсиң.
Бекинем малга деп жүрүп,
Байыйман өлөр бекенсиң.
Же берериң болсо, берсеңчи,
Бере албасан сен, Жакып,
Же бербеймин сага десеңчи.
Айтарың болсо, айтсаңчы;
Айтар малың жок болсо,
Мен азыр үйгө кайтсамчы".

Каарына Балта алганы,
Ал сөзүнө Жакыбы
Арсаңдап күлүп калганы.
"Андай болсо Акбалта,
Эркеги буудан ат болду
Эр жигитке тараттым.
Ургаачысын, баарысын
Ак түлөөгө жараттым.
Үйүрү үч жүз болуптур,
Жашы үч асыйга толуптур*
Камбарбоздун үйрүнөн
Каалап туруп тогузду ал.
Төөдөн алгын төртөөнү.
Төрт түлүк малдан төрт тогуз,
Балтам сага жетеби?
Калганы болсо Акбалтам,
Катындардан калпып ал,
Кыз балдардан кымтып ал,
Келиндерден кетип ал.
Сүйгөнүңдү сүйрөп ал,
Каалаганың кармап ал,
Жээк жергемен жетип ал.
Жетер бекен айтканым,
Сенин сүйүнчүңө Балта чал?".

Камборбоздун үйрүнөн
Кармап берди тогузду.
"Ай талаада нетели?
Аттангын, үйгө кетели.
Байбиче көздөй жүрөлү,
Баласын барып көрөлү".
Акбалта, Жакып ээрчишип,
Айлына кайта барыптыр.
Аңыртка кеткен кырк киши
Алардын астынан чыгып калыптыр.
Сүйүнчүлөп кыйкырып,
Жолун торгоп алыптыр.
"Кай бириңди ылгайын,
Жакыныңды, жатыңды,
Өз-өзүңөр алыңар
Минген-минген атыңды.
Аттан куру калганын
Айт кудайга датыңды".
Жакыптын үнүн укканы,
Катындар тосуп чыкканы.

"Бешик боосу бек болсун,
Кундагың боосу кут болсун!".
Айтып Жакып бул сөздү
Үйгө кирди бүгүлүп,
Баласын алып болукшуп,
Байбичеси толукшуп,
Олтурган экен сүйүнүп.

Бай Жакып шондо кеп айтат,
Бакдөөлөткө бек айтат:
"Байбиченин баласын
Алып келчи!" — деп айтат.
Бакдөөлөт барып кол сунду,
Байбиче берип озунду.
Кучакта бала туйлады,
Кубанып Жакып ыйлады.
Баланын үнү баркырап,
Айбатынан атасы
Бүткөн бою калтырап,
Байбичесин карады,
"Берсең эмчек нетти, — деп,
Бир баланы тойгузбай,
Пейлиң кандай кетти?" — деп.
"Жакшы эле менин сүтүм, — деп,
Эки сорсо эмчектен
Немесин койбойт бүтүн, — деп.
Эң ачкараак балаң бар,
Тамагына күтүн" — деп,
Чыйырды айтып калганы.
Байкайын деп баласын
Атасы көзүн салганы.

"Мандайы жазы, башы кууш,
Бар боюнда турат тууш.
Кочкор тумшук, кош кирпик,
Көркү калча*, көзү тик.
Жалаяк ооз, жар кабак,
Жаагы жазы, ээги узун,
Эрды калың, көзү үңкүр, —
Эр мүнөзү көрүнөт;
Алакан жазык, кол ачык,
Аттанып чыкса, жол ачык,— 
Алп мүнөзү көрүнөт.
Кен көкүрөк, жайык төш,
Аркасы кең, бели түз,
Айбаты катуу, заары күч, —
Пил мүчөсү көрүнөт.
Жолборс моюн, жоон билек,
Бөрү кулак, жолборс төш,— 
Бөлөкчө түрү бар экен.
Кут кылган болсо кудайым,
Кудайдан жашын сурайын,
Кеткенден алар кегимди,
Кек алганын көрөрмүн,
Кетирбесе эбимди.
Өткөндөн алар өчүмдү,
Өч алганын көрөрмүн,
Өлтүрбөсө өзүмдү".
Баштагы мүнөз жоголду
Берениң Жакып нээтикен,
"Бар кудайым берген" — деп,
Баланы өптү бетинен.

Байбиче баланы алганы,
Балкайтып эмчек салганы.
Аябай бир той кылууну
Атасы ойлоп калганы.
«Малымды жыйып алайын,
Анжиян менен Алайга
Атайын кабар салайын.
Ага-инимдин баарысын
Башын кошуп жыяйын.
Кашкар деген кыштак бар,
Кабак-Арт менен Сары-Көлдө
Кабырга тууган кыпчак бар.
Калың келсин кыпчактар,
Чоң жыйынды кылайын.
Алчын, Үйшүн, Найманды,
Абак-Тарак, Аргынды
Тоюма кел деп айтайын;
Уругу тыргоот калмакты,
Коңшу олтурат бул дагы,
Кабар берип кайтайын.
Маңгулдун жыйып баарысын,
Кытайдын жыйып кыйласын,
Казынамды ачайын.
Кара малды чачайын.
Кордугун көрүп калмактын,
Конушун кошпой куруду.
Коңшу болуп маңгулга
Кор болду кыргыз уругу".
Айтып болуп ал сөздү,
Белди Жакып байлады.
Тегерекке барууга
Тогуз киши шайлады.

Чогултуп тогуз кишини,
Чакыргын деди ушуну:
"Кызыл чок кытай четинен,
Асты киши калбасын
Алтай тоонун бетинен.
Жетип келсин жаргендик,
Тойго келсин тотулук,
Калбай келсин кашкарлык,
Кошо келсин котондук.
Марал-Башы, Долонду,
Басып өткүн олорду*.
Самарканды, Жызакты,
Санатын айтып узатты,
Ортодогу, Кожонтту,
Олуя-Ата, Ташкенди,
Орчун Кокон, Маргалаң,
Иле менен Чүйүнө,
Кабарымды уккандар
Калбасын деди үйүнө.
Туурасы Эртиш суу болсун
Аягы Орол тоо болсун.
Бир чети Тебит* чөл болсун.
Күн чыгыш жагы кытайдын
Камбылдын мунар бел болсун...
Чакырарым тоюма
Ошондон берки эл болсун!
Той берем быйыл жайында,
Кай жерде деп сураса,
Үч-Арал деп дайында.
Өзү келсин өнөрпос,
Баары келсин балбаны.
Аталарын ээрчишип,
Кошо келсин балдары,
Байлап келсин күлүгүн,
Мага салсын түлүгүн.
Четине салсын чеченин,
Ала келсин аярын,
Мыктап келсин жолдошун,
Мен, аянбай урмат кыламын",
Чакыртып элди жиберди,
Жайкай конду шиберди.

Кедейлер киймин жамашып,
Келиндер чачын тарашып,
Кызматкер киймин жамашып,
Кыз балдар чачын тарашып,
"Кызык тойду көрсөк"— деп,
Кылайтпай күнүн санашып,
Азаматтын баарысы
Аргымак жалын тарашып,
Ай кылайтпай санашып,
Күн айланды күзүнө,
Жакыптын айлы конуптур
Үч-Аралдын түзүнө.
Көргөндүн көөнү бөлүндү,

Арт жагында баланын
Кара-көк жалы көрүндү.
Кара-чаар кабылан
Капталында чамынды,
Көсөө куйрук көк арыстан
Оң жагынан камынды.
Нур төгүлүп жолуна,
Баланын “Манас” деп аты табылды.
Акыл жетпес ойлонуп,
Туулган бала Манастын
Оң ийнинен бир жыттап,
Сол ийнинен бир жыттап,
Күр-күр этип толгонуп,
Берен менен арыстаны
Кошо жатты комдонуп.

Саратандай кыйгаштап, .
Уксуз жерден жол баштап,
Акырын айтты бек таштап,
Абаң Балта кеп баштап:
"Сары адырмак сабыргак
Белди табат экенбиз,
Киндик кесип, кир жууган,
Жерди табат экенбиз.
Паана берип жараткан,
Элди табат экенбиз.
Билсең кадыр түн келди,
Ойлоп көрсөң сен Жакып,
Бизге бир жакшылык тиер күн келди.
Туулганда кара жер
Токтоно албай термелди,
Аты Манас бул бала,
Байкасаң бизге шер келди.
Кече чалышарга чама жок,
Алышарга айла жок
Кара калмак, көп манжуу
Төбөбүздөн басканда,
Кече, быт-чыт кылып туш-туштан,
Баарыбызды чачканда,
Кордукту койбой салганда,
Мал менен башка ээ кылбай
Такыр талап алганда,
Кол-бутубуз байланып,
Кордук көрүп айдалып,
Капаланып кайгырып,
Өз туугандан айрылып,
Белгилесек каран түн,
Бендеде болгон эмес мындай күн!
Бирөөбүз түшүп Эренге,
Бирөөбүз түшүп кетиппиз
Чыкпай турган тереңге.
Кириптер болуп кордукка,
Башыбызды тозгонбуз.
Кече, чоң Чокмор салган зордукка.
Ушул бир бала чоңойсо,
Сени беките турган бел болор.
Керише келген душмандан
Сенин кегиңди алар эр болор.
Жакып, сенин үзүлгөнүң уланат,
Чачылганың жыйналат,
Жакып, сенин көөдөндөн капаң чачылат,
Өрттөнгөн жүрөк басылат.
Аман уулуң чоңойсо,
Сенин умачтай көзүң ачылат".

Акбалта айтып турган кеп.
Балалуу болдуң Жакып деп.
"Сенин, агарып таңың аттыбы?
Сенин, кызарып күнүң келдиби?
Аты бир Манас кабылан
Айкөлдү* кудай бердиби?
Көрсөң бир ичте душман бар,
Көз көргүс жерде душман бар.
Алыста жатат Эсен кан
Уламадан кеп уктум,
Бул кыргыздын журтунан
Бала издетти деп уктум.
"Кыргыздан Манас чыгат"  — деп,
Канына айтып далайды,
Билген экен ушуну
Казыналык аяры
Манасты издеп Эсен кан
Калайманды салды дейт.
Тутанып өлгөн кызталак
Туш-тушка кабар кылды дейт.
Бейлеп Жакып, кебимди ук,
Бендеде барбы мындай кеп.
Асты кыргыз баласы
Айта көрбө “Манас"-деп.
Капанын баарын жоёлу,
Кайрат кылган бололу.
Кыргыздын баары чогулуп,
Кызыр чалган көк жалды,
Азырынча "Чоң Жинди" атка коёлу,
Жашы он экиге келгенде
Билбегенди билгизип, 
Минтип жолго салалы.
Кайнаган калың душмандар,
Кагышса, кекти алалы
Он төрткө жашы келгенде
Кармашта жүрүп катыгат,
Карап тургун ошондо,
Кабылан Манас атыгат!
Кана эми тойду сой, Жакып,
Баламдын аты Манас деп,
Жан адамга туйгузбай,
Жалпы журтка билгизбей,
Өз ичиңден кой, Жакып.
Сан кара малды чач, Жакып,
Элдин оозун бас, Жакып!".

Ошондо Жакып берендин
Картайганча бала жок,
Балалуу болуп турганда
Той бербеске чара жок,
Кармап-кармап кой союп,
Санат жеткис мол союп,
Кочкор союп, той кылып,
Адам билбес ой кылып,
Кара калмак, кытайдын
Канчалары келиптир,
Тыргооту тыйпыл чогулуп,
Тамашасын керүптүр.
Ала-Тоодой эт болуп,
Ала-Көлдөй чык болуп,
Бичик* чийип, кат койду,
Манастын атын бурмалап,
"Чоң Жинди" — деп ат койду.
Калмактын кочкулары* короңдойт,
Жакыпты ушак кылып сороңдойт:
"Дүнүйөнү шай койгон,
Табак сайын май койгон,
Кымыз да аш, арак да аш,
Кызыкты көрдүк буруттан
Ушул кезде кайран баш".

Жакыптын тою тарады,
Жалпыга кетти кабары...
Жакыпка жакын Ошпурбай
Кою бирге короолош,
Ашы бирге жоролош,
Мал багышса, күч бирге,
Саан саашса, сүт бирге.
Ошпурдун уккун кабарын,
Калмактын кебин карагын.
Манастын тоюн жеген сон,
Калың ушак дуу кылган,
Кара калмак, манжуу журт
Чоң элге кыйын чуу кылган.
Ошпур ошону угуп ойлонду.
Уккан кебин Ошпурбай
Жакыпка айтпай койбоду.
"Бекер сойгон мал эмес,
Бекер бурут бул эмес.
Катыны тууса, мал сойгон,
Бар дүйнөсүн тең койгон,
Күпүлдөгөн буруттун
Күчөгөнүн карачы".
Күңкүү кылды көп калмак
Көңүлүндө аласы:
"Жайын байкап олтурсак,
Жакып тегин жан эмес,
Туулганда малы кырылды,
Баласы оңой бала эмес.
Баланын аты "Чоң Жинди",
Ар жакы атын ким билди?
Адам көргүс ой кылды,
Күрмө кийген кытайдын
Күчтүүсүнөн өөдөрөөк,
Ушул бурут той кылды*.

Пейли кетип калмак журт
Эсен канга кат берип,
Чоң желдетти жөнөттү,
Желдетке учкан ат берип,
Толкуп жаткан суу кечип,
Тоңкойгон эчен тоо өтүп,
Мунарыктап көрүнгөн
Чет Бээжиндин шаарына
Жетмек болду ал желдет
Эсен кандын алдына.
Жаман кабар укканда,
Жакып жетти Балтага.
Айбаттанып Акбалта,
Акыл айтты канчага:
"Кабылан Манас баланы,
Кабак жерге багалы.
Аңдып калса калмактар
Айласын минтип табалы.
Намысы болсо жигиттин,
Жоого колтук ачабы?
Журтуна тийчү кереги
Жолборстун канын чачабы?
Айтып койгон адамдын
Малы-башын талайлы,
Карсылдатып сабайлы!
Билгизбей кармап алалы,
Койбой жүзүн дүйнөгө
Курмандыкка чалалы!"
Акбалта мындай дегенде,
Убаданы бек кылып,
Кыйноо тарткан кыргыз журт
Өлүп кетер шерт кылып,
Убайым сүйлөп буркурап,
Түп көтөрө кыргыз журт
Бекитти оозун чуркурап.

 

МАНАСТЫН БАЛА ЧАГЫ
 
Күндөн, күндөн күн өтүп,
Күн мезгили келиптир
Айдан,айдан ай өтүп
Ай мезгили келиптир
Ошол кезде эр Манас
Жетиге жашы толуптур
Мунун коюлган аты Чоң Жинди
Болкойгон жапжаш баланын
Шер экенин ким билди.
Балача чуркап шашкан жок,
Бешке чыга келгенче,
Берениң Манас баскан жок
Чакырган аты Чоң Жинди
Мунун чын Манас атын ким билди.
Сегизге жашы келгенде
Күйүп турган чок болду.
Күлдү кыргыз ичинде
Мындай тентек жок болду.
Каары келип кармаса,
Чыңырып балдар чыркырайт,
Катуулукка чыдабай
Көзүнүн жашы буркурайт.

Кырк баланы кырк үйдөн
Манас бир күнү жыйнап алыптыр.
Чоң Алтайдын талаага
Чогултуп оюн салыптыр.
Кара кытай,манжуудан
Сексен бала барыптыр.
Сез көрсөтүп кыркына
Сестеңдешип калыптыр.
Сексенинин ичинде
Боз калмактын чоң уулу
(Ары чогоол,ары эр)
Манастын жолун торгоду.
Сексен бала оңбоду,
Кызы талак бурут! — деп,
Беркилерди кордоду.
Тентип келген бурут! — деп,
Бул буруттун балдарын
Чуркуратып курут!-деп,
Сексен бала качырып,
Кырк балага асылып,
Далайынын кыркынын
Тизеси жерге бүгүлдү,
Сексен бала алдында
Келин болуп жүгүндү.
Жекелер жаным соога — деп,
Чымындай жандан түңүлдү.

Карап турса качканын,
Билегинен сап кеткен,
Жүрөгүнөн кап кеткен;
Чыркырап, качып жүгүрөт,
Чымындай жандан түңүлөт.
Балдар минтип турганы,
Кырк баланы сексени
Жалынса болбой урганы
Даакылары тытылып,
Балдар ыйлап, ойбойлоп,
Манас турат калмактарды койкойлоп
Койкойлосо болгон жок,
Кара калмак онгон жок.

"Кой! кой!" — деп турса Манаска
Желиккен балдар жеткени,
Жети чокмор, төрт муштум
Баатырдын башына тийип өткөнү.
Жети чокмор жегенде
Кыдырата карабай,
Кыранын, согуш көрсөттү,
Кылча жанын аябай.
Тегерегин карабай,
Тепкилешти көрсөттү,
Теги эле жанын аябай.
Майлаган буудай жүздөнүп,
Күүгүм туман көздөнүп,
Өрттөй көзү бек жайнап,
Каары боюн чын кармап,
Каалгадай кашка тиш -
Калайыктан башка тиш
Кашкайып. чыгып алыптыр.
Кырк балага дем болуп,
Кыркын баштап оңдонуп,
Кызык мушташ салыптыр.
"Айдарлуу кара калмагым,
Тим турган жанды тим койбой,
Тийди жаман салмагың.
Күчөсөң, түпкө жетейин,
Күчөгөн экен калмактар,
Мен бир күрпүлдөтө кетейин!
Ушинтип Манас бакырьш,
Кыргыздап ураан чакырып,
Кара даакы жонунда,
Кара чокмор колунда,
Балдарга эми жетти эле,
Чокмору ойноп. өттү эле,
Сексен бала чыркырап,
Быт-чыт болуп дыркырап,
Шашкан балдар мындан көп;
Жаны калбай делдеңдеп,
Качкан балдар мындан көп.
Токтоло албай кай бирөө
Тоголонуп жыгылып,
Бытпылдыктап кеткен бар,
Башы сазга тыгылып.

Калмактар качып жүргөндө,
Токтолбой Манас оолугуп,
Кырк баласы кыргыздын
Кырааны көздөй чогулуп,
Калмактын сексен баласын
Калтырбай сүрүп калыптыр.
Койгулаша кеткенин
Манас колун жулуп алыптыр.
Чөл түшүрүп баарысын
Айлына кууп барарда,
Калмак билип каларда,
Катуу бүлүк саларда»
Атакеси бай Жакып
Мал жайытын чалыптыр.
Боз айгыр менен дампайып,
Үстүнөн чыгып калыптыр.
Кырк баланы кайра айдап,
Манасты кармап алыптыр.

"Тентектигиң сында жок,
Сен теңдешип союл чабарга
Теңиз кыргыз мында жок.
Балам, биз тентип келдик Алтайга,
Сенин тентегиң жетет далайга!
Жөн жүрбөй сийип ийесин
Кымыз куйган күбүмө*,
Куу балам, жетет экенсин
Капкайдагы түбүмө!
Бул тентегиң койбосон,
Козголоң салат уйкума.
Көп манжуу чабуул койбойбу
Эртең өрүштөгү жылкыма?!
Чачасың жыйган малымды,
Төктүрмөк болдуң, чунак уул,
Бул калмакка канымды.
Койчу, кыймак болдуң жанымды!".
Балдардын баарын бакырып,
Жапырып Жакып тоскону,
Тосуп алып баарысын,
Байыркыны козгоду:
"Уулун бала кырды деп,
Уятты калмак кылбайбы.
Уулум, сенин айыңдан
Ушул турган кыргызды
Такыр кырып салбайбы!..

Жакып оозун жыйгыча,
Ачып көздү жумгуча,
Абакең Балта ак жолтой
(Сүйлөгөнү — жарыя,
Калың кыргыз ичинде,
Кадыры бийик карыя)
Кайрылып айткан сөзү бул:
"Жакып, жылкың менен жерге кир,
Бизге белге таңуу уул ушул.
Эркек бала шок болсун,
Мал багар уул болгончо,
Бар болгончо, жок болсун.
Артыңа колуң байланып,
Бери карай айдалып,
Чыккан күнү өлгөнбүз,
Өлгөн эмей эмне,
Өңгүрөп, өксөп жүргөнбүз.
Аман жүрсө бул уулуң
Талаадан жыйнайт көчүңдү;
Алып берет Манасым,
Капкайдагы өчүңдү.
Малга ишенген онобу?
Малың бала болобу?
Арбаттуу Жакып, аты улук
Балам малды чачар деп,
Азыр болдуң макулук*!
Кара адырмак каркайган
Кара-Өзөн кайда, бел кайда?
Абайлап Жакып, кебимди ук:
Аталаш кыргыз эл кайда?
Кечээ кылчайганды кырганда,
Чамгарагың талкалап,
Кара калмак киргенде,
Каяшаяк бергендин
Куйкасын бөлө тилгенде,
Кержеңдеген кежирдей
Тирсегинен  илгенде,
Бейлеп билгин бай Жакып,
Мына ошондо өлгөнбүз.
Бул душмандын кордугун
Так эки миң жолу көргөнбүз.
Бардигер күчүн салганда,
Баланы тартып алганда,
Бурулбай басып кайгырдык,
Малың турмак, Жакып бай,
Бир туугандан айрылдык!
Кечээ кызыкты калмак кылганда,
Кыргызды чаап алганда,
Биздин катын, кызды олжолоп,
Күл чыгарган күң кылды.
Ойноо бала уулуңду
Уй кайтарган кул кылды.
Ойлосоң боло, ой Жакып,"
Мындай ишти ким кылды?
Аркар, кулжа тоонуку,
Сенин кейип жаткан бул малың,
Айдаса бир күн, жоонуку.
Бул тентек бала оңолот,
Өлбөсө бир күн журттуку.
Бекерге жыйган куу малың,
Кыйкырса бороон, жуттуку.
Андан көрө, бай Жакып,
Адырда жылкы алты сан,
Айдап жылып калалык.
Кара малдын баарысын
Чубатууга салалык.
Алты ай минсе арыбас
Алтымыш асый болгончо,
Азуу сайып* карыбас
Ат мыктысын табалы.
Айгай укса шашпаган,
Ай караңгы түн келсе,
Бир изин ката баспаган
Кара байыр-казанат*
Калбыр өпкө, жез билек*
Ат күлүгүн алалы.
Бир адамга туйгузбай,
Издегенге билгизбей,
Ок өтпөс тон кийгизип,
Ок жетпес ат мингизип,
Манасты жоого сактап багалы.
Айланы мындай табалы".
Эрешен тартып эр болсо,
Эр уулу менен тең болсо,
Билбегенин билгизип,
Минтип жолго салалы.
Туйбаганын туйгузуп,
Туура жолго салалы.
Өйдө чыксак Манасты
Өбөк кылып алалы.
Ылдый түшсөк Манасты
Жөлөк кылып алалы.
Бул тентек Манас баланы
Кыргыз бүткөн чогулуп,
Эркелетип көрөлү.
Ээленсе, кара калмактан,
Ушу Манас бала үчүн,
Ажал жетсе, өлөлү!".

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 


Количество просмотров: 23215