Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Мифтер, уламыштар, дастандар / Котормолор
© Шакарим Кудайберди уулу
© Кыргыз тилине которгон А. Сарманбетов, 2017. Бардык укуктар корголгон
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2019-жылдын 26-ноябры

Айдарбек Имангазиевич САРМАНБЕТОВ

Түрк, кыргыз, казак жана хандар санжырасы

Шакарим Кудайберди уулу китептен котормосу

Кыргызчалаган Айдарбек САРМАНБЕТОВ

Түбү бирге түрк, кыргыз, казак элдери менен хандарынын ири урууларынын тарых-санжырасын айтылуу улуу акын, тарыхчы, калемгер, ойчул Шакарим Кудайберди уулу ушул, атактуу “санжырасында” баяндаган. Китеп, 106 жылдан соң гана түп нускасынан толугу менен алгачкы ирет кыргызчаланганы менен баалуу.

Шакарим Кудайберди уулу. Түрк, кыргыз, казак жана хандар санжырасы. – Б.: Турар, 2018. – 240 б. китебинен алынды

УДК 94/47
    ББК 63.3 (2)
    Ш17
    ISBN 978-9967-15-771-2
    Ш 0503020000-18

 

 

Санжыргалуу “...Санжыра”

Көзүнүн тирүүсүндө бийик, татаал, дүр-дүйүм дүйнөсүн жетик түшүнө албагандан, оомалуу заман капшабынан татыктуу бааланбай, бирок убакыт өткөн сайын аткан таңдай күнүгө улам жаркырап чыгып, элеси да, эмгеги да түбөлүк жана берген улуу адамдар болот. Шакарим Кудайберди уулу ошондой орошон инсандардан. Кимдин кимдигин заман, тарых элгеп, акыры баарын өз ордуна коёт тура.

Кандаш казак элинин улуу ойчулу, классик акыны жана жазуучусу, композитор, тарыхчы Шакарим Кудайберди уулунун бул, көөнөргүс көп эмгектеринин бири болгон “...Санжырасы” көчмөн элдердин, алардын башаты да, өзөгү да болгон түрк элдеринин түпкү тарыхы, тактап айтканда нечен кылымдарды кече аман келген оозеки тарыхынын тереңден талданып, изделип, иликтелип чыгып, кагазга түшүрүлгөн түрү. Бул “... Санжыра” жазылбай калганда бүтүндөй көчмөн элдердин, түмөн түрктөрдүн тарыхынын не болмогун айтуу кыйын. Мына, “... Санжыранын” куттуу куну, Шакаримдин баалай алгыс баркы. Рас, санжыралар кең дүйнөдө жок эмес, бирок оозеки тарыхты мындай кеңири: араб, кытай, моңгол, орус... жазма казыналарынан сая түшүп казып, таруудай бирден тере чогултуп, тапкандарын талдап-тактап, дүйнөлүк булактарга негиздеп, өчпөс кылып кагазга жазуу не деген эрдик, кандай нарктуу эмгек!

Шакаримдин айрым чыгармаларын, анын ичинде ушул “... Санжыраны” да мурдатан эле үзүл-кесил окуп, угуп жүргөн элем. Алыстан азгырып турчу. Бирок жакындасаң оп тартып кетчү океандай кооптонтуп да турар эле. Шакарим дүйнөсүнүн ааламдай кеңдигин, татаалдыгын, даанышмандыгын туюп, аларды толук аңдоого бир адамдын өмүрү жете бербестигин даана билип, алыстан гана көз бакчымын. Ал, ажайып дүйнө аралашуума азгырып да турчу... Элибиздин акылгөй уулу, “Турар” басмасынын ээси Тилек Мураталиев “... Санжыраны” кыргызчалап берүү сунушу менен кайрылганда көптөн берки көңүлдөгү талылуу мерчемдин акыры келгенин, артка жол жоктугун даана туйдум да тобокел деп, жан дилимден макул болдум. Арийне, алп акылман, даанышман Шаакарим бабабыздын 160 жылдык мааракеси да астанабызга келип туру... Ага азыноолак белегимди да арнайын дедим.

Кыргыз-казак – бир эл деп көсөм бабабыз тегин жеринен айтпаган, тарыхий татаал жолубуз, дилибиз, тилибиз, динибиз... каныбыз – баары эзелтен эриш-аркак жуурулушуп келген. “... Санжыра” казак тилинде болгонунан кыргыздар жетик түшүнүп окуй алышканынанбы, же даап, чыгынышкан эмеспи, негедир толук кыргызчаланбай келген экен. Тил –жандуу, заманга жараша жаңырып, өнүгүп же колдонуудан калып, эскирип турат. Бул – мыйзамченемдүү. Азыркы кыргыз-казак тилдери да илимий  заманга жараша жаңырып, байымы артып... кай бирлери “эскирип”... баштагы эгиз тилдигинен алыстап, түшүнүксүз тартып баратканы жалган эмес. Бир тууган кыргыз-казак адамдары азыр бири-биринин тилин толук түшүнө бербей, мурдагысындай эне тили катары эркин сүйлөшө албай калганы ошондон улам, ал — акыйкат, жашыруун эмес. Ошондон улам “... Санжыраны” кыргызчалоону мыйзамченемдүү зарылдык деп санадым. Казак жергесинде аскердик милдетимди өтөп, куда-сөөк күтүп, жазуучу-акындарынын көркөм чыгармаларын кыргызчалап, барып-келип азыноолак тажрыйба күткөнүм менен “... Санжыраны” кыргызчалоодо шыр кете албадым. Шакарим тилин, баяндоо ыкмасын, түпкү жер-суу, адам, уруу... аттарын так берүүдө кыйынчылыктар болбой койгон жок. Анүстүнө, дүйнөдөгү эң жакын калктардан экенибизди дагы бир ырастап, “...Санжыраны” түп нускасында жеткирүүнү көздөдүм, ошого жараша аракет жасадым. Айта турган нерсе Т.Мураталиев мага берген орусча котормонун бардык котормолордой эле түп нускадан аз да болсо четтеп кетүүлөрү (тарых – тактыкты талап кылат), тилибиздин жакындыгы  менин түп нусканы кыргызчалоомо башкы себеп болду. Ошол эле кезде автордун өксүктүү өмүр жолун, кимдигин, анын “... Санжыраны” жазуусундагы айрым жагдайларды, анда айтылган айрым орчундуу окуяларды, атактуу инсандардын тагдыр-жазымышын, артындагы сыр-себептерди... окурманга жеткиликтүү, толугураак түшүндүрүү максатында орусча котормодогу толуктоолорду, шилтемелерди да которуп, кошууну туура көрдүм. Антпесе, кадыресе, даярдыксыз келип калган окурмандар, алтургай тарыхчы-илимпоздор да үстүрт түшүнүк алып, “суусундары канбай” калабы дедим. Мындай маанилүү ишти так берүүдө казак элинин таланттуу жазуучусу, Шакарим бабабыздын тобыкты уруусунан чыккан уруулаш тууганы, ини-досум Талгат Кеңесбаевдин мага тирек болуп, “... Санжыранын” түп нускасын таап берип, байыркы же көркөм сөздөрдү чечмелеп...  бирге “күйүшкөнүн” ыраазычылык менен айтпай коё албаймын. 

Кыскасы бул “... Санжыра” далайлардын көзүн ача турган, Евразия алкагындагы байыркы көчмөн элдердин Адам ата, Обо энеден берки тагдырын, Атилла, Чыңгызхан, Тамерлан, Бабур... сыяктуу дүйнөнү дүңгүрөткөн түрк чыгаандарынын ата-тегин, моңгол-татар жортуулдары, “Улуу жапачылык” (“казак кайың саап, кыргыз Ысарга кирген”) окшогон оттуу окуяларды, уруу-элдик чачырап-чогулууларды, жеке эрдиктер менен жексур кутумчулуктар... – алардын бардыгын жараткан, жон терисинде жоорута тарткан уруулардын, элдердин оомалуу-төкмөлүү так  тарыхы, түп башаты ушул китепте — Шакаримдин уңгулуу “... Санжырасында”. Чалкыган Евразия алкагынын гана эмес, жалпы адамзаттык алкактагы улуу даанышман Шакарим Кудайберди уулунун дагы бир санжыргалуу, көөнөргүс чыгармасы кыргыз элинин колуна эне тилинде тийип олтурат. Анда Азиянын байыркы элдеринин бири, түрк журтчулугунун ушул кезге чейин сакталып калган уюткулуу калкы — кыргыздардын түпкү тарыхы, казак эли менин эзелтеден эриш-аркактыгы, көчмөн замандагы ооматтуу орду, “курамалуу” уруулары да камтылган. Арийне, “... Санжыра”  канчалык деңгээлде кыргыз журтчулугуна сунулду, ал сөз удулу келгенде айтылбай койбос.

Айдарбек САРМАНБЕТОВ, жазуучу, котормочу

 

КОТОРМОЧУДАН

 

Оренбургдагы “Каримов, Хусаинов жана КО” басмаканасынан Шакарим Кудайберди уулунун “Санжырасы”* (“Бабалар жылнамасы”) 1911-жылы жарык көргөн.

______________________________________________________________

*Араб жазмасындагы биринчи китеп ошол заман талап кылгандай казак тилинде жарык көргөн. Менин орус тилине которуумду өтүнгөн жазуучу-этнограф Аксел Сейдимбеков тарабынан үстүдөгү жылы азыркы орус жазмасына түшүрүлгөн. – Котормочу.

 

Арийне, Шакаримдин өзү жана анын чыгармачылыгы жөнүндө орусубу, казагыбы — азыркы окурмандар көп биле беришпейт. Шакаримдин өмүр жолу тууралуу көптөгөн документтер жоголуп, аны билгендердин көздөрү өтүп кеткенден кийин, азыр гана кайрадан аныкталып жатат. Белгилүү болгондору кыскача мындай:

“Шакарим Кудайбердиев 1858-жылы 11-июлда (жаңы жыл санагы боюнча 24-июль) туулган, 1931-жылы 2-октябрда, 73 жашка караган курагында каза болгон. Атасы Кудайберди казак элинин улуу акыны Абайдын агасы, ал каза болгондо Шакарим 7 жашта эле. Жетим калган Шакаримди Абай өз колуна алган.

Шакарим эч кандай атайын билим алган эмес, бардык билими өзүнүн туруктуу, изденгич аракеттерине гана байланыштуу болгон. Аны бардыгы — адабият, тарых, философия, география, так илимдер, физика, риторика, музыка кызыктырган. Араб, парсы, түрк жана орус тилдерин жакшы билген. 

Шакарим “Дубровский” романын которуудагы кириш сөзүндө Байронду, Пушкинди, Лермонтовду, Некрасовду, Хафизди, Навоини, Физулини... өзүнүн устаттары катары атаган.

Ошондой эле Шакарим Огюст Кант, Артур Шопенгауэр жана башка дүйнөлүк аалымдардын эмгектери менен жакшы тааныш болгон. Кийинкисинин маанай чөктүргөн аныктамаларын сындоо менен:

— Дүйнө – тозок эмес, тескерисинче, бейиш. Албетте, эгерде адамдар бири-бирине кыянаттык жасабай, көз артпастан, бир туугандык биримдикте жана табигат байлыктарын залалсыз, адал эмгек менен пайдаланганда дүйнө сөзсүз бейишке айланат.— деген.

Шакарим Түркияда, Арабстанда, Францияда болгон. Стамбул менен Париждин китепканаларында, архивдеринде иштеген. Меккеге ажылыкка барган. Лев Толстой* менен кат алышып турган.

______________________________________________________________

* Каюм Мухамедханов. Из мрака забвения. О творческом наследии и судьбе Шакарима Кудайбердиева. Дело № ... китебинде. Летопись горького времени. Алма-Ата, 1989, 282-295 бб.

Анын айрым ырлары кийинки жылдары эле жарык көрүп келгени менен анын тарыхий-философиялык эсселери дээрлик унутта калган. Бул, анын эң атактуу эмгеги болуп саналган “Санжыранын” (“Уруулар жылнамасы”) алгачкы котормосу. Аны менен таанышууда, тарыхчылардын эмгекти  талдоосунда Шакаримдин бизден өзгөчө, көчмөн элдердин тарыхын түшүнүү абалында болгондугун эске алуу зарыл. 

Бүгүнкү казак адамынын көчмөн турмуштун жөн-жайы, шарттары жана багыттары  жөнүндөгү түшүнүгү үстүрт, Шакарим болсо алардын бардыгын өз көзү менен көрүп, ошол турмуштун өзүндө жашаган. Эгерде ал европалык окумуштуулардын оозеки айткандарын жана алардын эмгектери тууралуу имиштерди текшерүүнү алдына максат кылса, бизге тескерисинче анын ошол эмгектерди кабылдоосу, өз элинин тарыхына жана тагдырына, өткөнү менен учурдагысына ширелишкен адам катары жеке кабылдоосун билүү баалуу.

Автордун айтуусуна караганда бул – казактардын тарых иликтөө адабиятында казак элинин улут катары калыптануусун чагылдыруудагы алгачкы аракети. Шакарим Кудайберди уулун түркий элдердин келип чыгуусу боюнча ошол замандагы оозеки да, жазма да маалыматтарды илимий иликтеген биринчи казак тарыхчысы, окумуштуусу деп ишенимдүү айтууга болот.

Шакаримдин “Санжырасында” көчмөн элдердин тарыхы байыркы түрк-монголдордун уруулары аркылуу изилденет.

Ар бир казак өз уруусу тууралуу жок дегенде жети атасына чейин билет. Автор, ар уруудагы улуу муундардын ысымдарын даана атоо менен алардын жүздүктөрдөгү ордун, уругун, уруулардын алакаларын талдап, көпчүлүк мусулман санжырачылары сыяктуу эле ар кандай жолдор менен элдин эсинде кала алган инсандарга токтолот. Алардын көпчүлүгү баатырлар, ырчылар. (Атайын бөлүм – “ак сөөктөр” – өкүмдарлар, хандар). Ошондон улам эрдик, берилгендик, намыс деген рухий баалуулуктар жаралат. Аруу тилектердин эң бийик чокусу -  өчпөс эрдиктер жана өлбөс ырлар. Арийне, мындан нары тарыхчылардын өздөрүнө сөз берели.  

“Көчмөндөр коомунда техникалык өнүгүү мүмкүн эмес деп ойлоо жаңылыштык. Жалпы көчмөндөр, айрыкча хунндар азыркы адамзат  турмушунда адам баласынын ажырагыс бөлүгү болуп калган буюмдарды ойлоп табышкан. Азыркы европалыктар эркектерди ансыз эч элестете албаган шым — көчмөндөр тарабынан тээ, байыркы заманда эле ойлоп табылган. Үзөңгү — Борбордук Азияда 200-400-жылдардын аралыгында алгач пайда болгон. Алгачкы, дарактын сөңгөгүнөн туура кесилген дөңгөлөктүү унаа алгач, бийик дөңгөлөктүү жеңил арабага, андан соң жүк ташыгыч унаага  алмаштырылып, көчмөндөрдүн токойлуу кырларды, тоолорду ашып өтүүсүнө эгедер болгон. Көчмөндөр тарабынан оор, түз кылычты сүрүп чыгарган ийри кылычтар, аткан жебеси 700 метрге чейин жете турган жакшыртылган, курама жаа ойлоп табылган. Дагыңкысы, тегерек бозүй ошол замандардагы эң мыкты турак жай деп эсептелген.

Көчмөндөр буюм-тайым маданияты жагынан гана эмес, адабияты оозеки болсо да рухий жагынан да отурукташкан элдерден артта калышкан эмес. Арийне, хунндардан илимий негиздерди издөө бейпайлык болуп калар эле: алтургай гректер да аларды байыркы вавилондуктардан ыйгарып алышкан болучу. Көчмөндөр баяндоонун эки түрүн: баатырдык жомокторду жана кошокторду жаратышкан. Алардын экөө тең биздин түшүнүгүбүзгө ылайык адабиятка караганда мифологияга жакын, бирок алар турмушту ошондой ыкмада түшүнүп, сезимдерин айта алышкан. Кыскасы, аларда мифология биздеги адабияттын озуйпасын аткарган.

Ошондой эле, бизден айырмалуу көчмөндөр тарыхты да ошондой кабыл алышкан. Анда, негиз катары окуя же институт эмес, көзү өткөн бабалар алынып, уруулардын кеңири чечмеленген түрүндө каралган. Европалыктарга муундардын мындай санагы маңызсыз көрүнүшү мүмкүн, бирок ал дагы башка илимдерде кабыл алынган эсептөөдөй эле убакыттын агымын чагылдырып турат”*.  («Их структура есть структура генеалогического древа». К. Маркс). Ошентип, Шакаримдин «Шежиреси» — түрктөрдүн генеалогиялык өзөгү, башкача айтканда алардын жаралуу тарыхы.

__________________________________________________________________

* Л. Н. Гумилевдун «Поиски вымышленного царства» китебинен, М: Наука, 1970, 38—39-б.б.

Мен тарыхчы болбогондуктан котормого киришерим менен көптөгөн уруулардан, ысымдардан, тарых сандарынан жана баяндамалардан алгач сүрдөй түштүм. Аргасыздан автор колдонгон булактарга кайрылууга аргасыз болдум, бирок алар өлкөдөгү китепканаларда жокко эсе болуп чыкты. Ошондон улам, бул китептин болочок окурманы мезгил жана убакыт мейкининде кыйналып калбасын деген ойдо баяндоонун чегинен чыга албай, түп нусканын текстин “оорлотуп” шилтемелерди жана чечмелөөлөрдү   берүүнү чечтим. Аларды эч окубай койсо деле болмок, бирок бул котормонун башкы максаты Шакаримдин өзгөчө чыгармасы менен тааныштыруу гана эмес, окурманды баяндын өзөгүнө, алардын тарыхий маңызына тартуу менен автордун абыроюна толук ишенип алып эле аны сокур сыңары ээрчип кетпестен, ал аныктаган мерчемдерге сынаакы көз караш менен карай өркүндөтүп, улантса дедим. Менимче, автор да эмгегинин жыйынтык соңун ушундай көрсө керек деп ойлойм.    

Б.Каирбеков, котормочу

Июнь-август, 1990, Алма-Ата

 

САНЖЫРА

 

КЫРГЫЗ, КАЗАК ЖАНА ХАНДАР САНЖЫРАСЫ

 

Бул заман кай заман, кыскан заман,

Башыбыздан бак-дөөлөт учкан заман.

Жолго чыксаң изиңден чаң сапырган

Чилдеде кар жааган кыштан жаман.

 

САНЖЫРАДАН МУРДА

 

Бисмиллахир-рахманиир-рахим!

Атабыз Адам пайгамбардан тартып атадан атага үзүлбөй жазылып келген санжыра эч бир элде жок. Адам пайгамбардан Нух пайгамбарга чейин айтылган аталар – Тооратта* айтылат, кайсыл китепте болбосун ошол Тоорат китебинен алып жазылган. Андан кийинки санжыралар бирөөдөн бирөө угуп жүргөн мурдагы  айткандардан чыккан. Алардын арасында кай бирөөлөр билимдүү аталыш үчүн, кай бири жакшы атанын урпагы көрүнүшү үчүн аны бузуп, кай бирлери жаңылыш угушкандыктан күмөндүү жана ката айткандары да көп болгон. Мисалы, казакты Гакаш** сахабанын урпагы дегени сыяктуу сөздөр.  Кийинки мезгилдеги изилдөөчүлөр мурдатан айтылып келген болмуштарды, андагы адамдардын, жер аталыштарынын маанисин изилдеп, алардан кийинки элдердин жөн-жайын аныктоодо байыркы замандарда падышалуу журт болгон калктардын эски жазуулары – тыйындардагы жана бейит башына коюлган балбал таштардагы жазууларды карап, билип, сүйлөгөн сөздөрүн, адат-салтын, тамга-белгилерин тактап, кайсыл элге жакындыгын, кайсыл мезгилде, кай жерди жердешкендигин, кандай эл аталып, кайсыл ханга карагандыгын аныктап, тапкан соң мурда айтылган болмуштардын көпчүлүгү ката экендигин аныкташкан. 

Казактардын түпкү атасынын тек-жайын билмек болуп көптөгөн убакыт бою алар тууралуу уккан-билгендеримди жазып алып жана ар кыл элдердин санжыра китептерин окуп чыктым. Мусулмандардан окуган китептерим:  

“Табири”, “Тарих гу-муми”, “Тарих антшар аласлам”, Нэжип Гасымбектин “Түрк тарихы”, Абулгазы Бахадур хандын “Түрк санжырасы” жана ар түрлүү китептерден алынган үзүндүлөр, орусча китептерден окуганым – Радловдун уйгурлар тууралуу, Аристовдун түрктөр теги тууралуу, дүйнөдөгү ар түркүн элдердин санжыраларынан орусчага которулган сөздөрү, анын ичинде түрктөрдүн көөнө замандагы санжыралары “Кутадгу билиг”, “Кошочидам” китептеринен үзүндүлөр жана кытайлардын Юен-шау-Ми-ши деген жазуучусунун сөздөрү менен араб-парсы, рум-европа, жазуучуларынын жазгандары*** жана казактардын жаңылыш айткан жалган аталар – баары ушул китепке камтылды.

Аталган китептерди түгөл көчүрүп жаза албасам да керектүүлөрүн терип алып, аларга туура келген казактардын эски сөздөрүн кошуп, бир санжыра жаздым. Байыртадан айтылып калган далилсиз баяндар сыяктуу оозеки сөздөрдү айтпаганда, мындан мурда биздин казактын тили менен санжыра жазылган эмес.  

__________________________________________________________________

* Таурат — Библия.

** Гакаш — исламдагы пайгамбарлардын бири.

*** Автор, булактарга таянуу менен Радловдун «Уйгурлар жөнүндө», Аристовдун «Түрк уруулары жөнүндө» жана орус тилине которулган дүйнө элдеринин жылнамалары, анын ичинде түрктөрдүн “Кутадгу билик”, “Кошу шыдам”, араб, парсы, рим, европалык тарыхчылардын  булактарына таянуу менен алардын кайсыл жылы чыккандыгын көрсөтпөгөн. Буга ошол жылдары жарык көргөн жана автордун колуна тийген эмгектерди божомолдоого гана болот.

1. Радлов В. В. Уйгурлар тууралуу суроолор. (Кутадку Билигдин кириш сөзүнөн.)

Спб., 1893.

2. Аристов Н. А. “Түрк урууларынын жана элдеринин курамы жөнүндө жазмалар жана алардын саны тууралуу маалыматтар. «Живая старина»,  III и IV чыг. Спб., 1896.

3. Кутадку билиг. Венадагы императордук жана королдук китепканага берилген уйгур жазмасынын бир бөлүгү. Спб., 1890. (Кара: Юсуф Баласагунский. “Благодатное знание”. М.; 1983.

4. «Кошу шыдам» — балким «Цидань гочжи» («Ци дань Го Цзи») — “Кидань мамлекетин сүрөттөө” («Описание государства киданей»), негизинен кидандар тууралуу расмий кытай документтери, алар тууралуу саякатчылардын кабарлары (сапар жазмалары). 

5. Юань Шаумиш. Бул жерде автор “Юань шини” айтып жатса керек деп божомолдоого болот “ («Юань династиясынын тарыхы») — монголдордун тарыхын окуп-билүү үчүн негизги кытай булагы. XIII—XIV кк.

Мин доорунун башында жалпысынан Сун Лян жана Ван Вэй жетектеген 30дан ашуун кытай окумуштуулары тарабынан жазылган. “Юань ши” (баштапкы төрт бөлүмү) орус тилине эң алгач Н.Я.Бичурин тарабынан которулган:  Н. Я. Бичурин. “Чыңгыздар бүлөсүнүн алгачкы төрт ханынын тарыхы” (“История первых четырех ханов из дома Чингисова”).

Спб., 1829.

... же “Юаньчао биши” – 1240-жылы түзүлгөн монголдордун “Купуя баяны” (”Монголын нууц товчоо”). Бул, иреттелген баянды “Старинное монгольское сказание о Чингисхане» («Труды членов Российской духовной миссии в Пекине») деген ат менен которуп, 1886-жылы жарыялаган орус синологу П.И.Кафаров (Палладий) алгач ачкан,

Спб., 1886. Кара: «Юаньчао биши» (Секретная история монголов).

Т. I. 1962. Б. И. Панкратовдун редакциялоосунда.

 

САНЖЫРАНЫН БАШЫ  

 

Атабыз Адам пайгамбарды Аллах топурактан жаратып, жан берип, анын оң кабыргасынан энебиз Обону жаратып, Обо* энебиз жыл сайын бир уул, бир кыздан эгиз төрөп, алдыңкы жылда төрөлгөн уулуна кийинки жылда төрөлгөн кызын, кийинки уулун мурда төрөлгөн кызга үйлөп, өсүп-өнүп, кырк миң кишиге жеткенде Адам пайгамбар миң жашында өтүп, андан бир жыл өткөн соң энебиз Обо өтүптүр.

Адам пайгамбардын бир уулу Шис** пайгамбар, Тооратта Шит*** деп жазылган, анын баласы — Ануш, анын баласы — Кинан, анын баласы — Михлаел, анын баласы – Бруд****, анын баласы – Ыдырыс пайгамбар — чыныгы аты Ахнух болгон, анын баласы – Матушлак, анын баласы – Ламэк*****, анын баласы – Нух пайгамбар, бул Нух пайгамбардын үч баласы Сам, Хам, Яфас******; биздин түрк калкы Яфас насилинен.

Нух пайгамбардын кезинде Адам балдары бузуктук кылып күнөөгө баткан соң Алла-Таала каарданып, топон суу каптатып, жер жүзүндөгү адамдар, жан-жаныбарлардын баары кырылып, Нух пайгамбар үч баласы, алардын аялдары Алла-Тааланын амири менен кемеге түшүп, аман калышыптыр. Азыркы адамзаты ошол Нух пайгамбардын үч уулу – Сам, Хам, Яфастын тукумдары.

________________________________________________________________

*Котормодогу ысымдар автордун  жазмасында сакталды. – Котормочу

**Башкача жазылышы – Шейс. (Абулгазидеги “А.Н. Кононов. Родословная туркмен. Хива ханы Абулгазинин жазмасын кара. М.Л., 1958. 37—38-бб).

***В Библияда — Сиф. Андан нары катары менен: Енос—Каинан — Малелеил — Иаред — Енох — Мафусаил — Ламех — Ной.

**** Абулгазиде — Берд.

*****Абулгазиде — Матушалех жана Леймек.

****** Библияда — Сим, Хам, Иафет. Абулгазиде — Сам, Хам, Яфес,

“Тарих гумуми” деген китепте бардык түрк, иран, юнан, кытай жана европалыктар Яфас насилинен. Бардык арабдар, ассириялыктар, финикиялыктар, каирлик гаварлаптар Самдын тукумдары. Бүткүл хабаштар, судандыктар, занзибарлыктар – бардык өңү каралар Самдын насилинен делет.

Түрктөрдүн санжарасын жазган Абулгазы Бахадур хандын жазганына караганда Яфастын сегиз уулу болгон: Түрк, Хазар, Саклаб, Кытай, Камари, Тарих, Жапон, Манжур*. Түрктүн төрт баласы болгон: Түтүк, Хакэл, Бэрсэжар, Амлак**. Бардык хун мажарлары, булгар, улах, авар, моңгол, татар, манчжур, фин, жунгар аталган калктар түрк насилинен дейт ал.

Түрктүн баласы Элчихан, анын баласы Дип Бакайхан, анын баласы Кийикхан, анын баласы Аланчыхан***.

______________________________________________________________

* “Түркмөндөр санжырасында” Абулгази: “Яфас, атасынын эрки боюнча Джуди (түндүк Аравия) тоосун калтырып, Итиль жана Яик (Урал дарыясы) жээктерине жөнөдү. “Анын балдарынын аты мындай: Түрк, Хазар, Саклаб, Орус, Минг, Чин, Кемери, Тарых”. Шилтеме, жыйнак: 39-бет.

** Абулгазиде:

“Түрктү “Яфастын баласы” деп аташты. Ал, абдан боорукер жана акылман адам болгон. Атасы каза болгондон кийин ал жер кыдырып жана отурукташканга ылайыктуу жерлерди издеди, акырында бир жерди жактырып, отурукташып калды. Азыркы кезде ал жер Ысыккөл деп аталат”. (В.В.Барттольттун пикири боюнча Ысык-Көл жөнүндөгү санжыргалуу кепти – уламыштуу Түрктүн жайлаган жери – огуздардын Жетисууга келгендиги катары кароого да мүмкүн. 1126-жылдагы белгисиз автордун “Тарыхтар жана баяндар жыйнагында”  мындай деп жазылган: “Яфастын баласы Түрктүн эң байыркы мекени Ысык-Көлдүн жанындагы аймак деп байыртадан уламышталат”. Көрсөтүлгөн жыйнактын “Эскертүүсүн” кара, 81-бет. “Түрк кургак үйдү колдонууга кийирди. Түрктүн төрт уулу болгон: биринчиси – Түтөк, экинчиси – Жекель, үчүнчүсү – Берсежар, төртүнчүсү – Эмлак”.  Абулгази. Жыйн. Шилтеме, 39-бет.

 *** Абулгазиде Түрктөн кийин өлкөнү Түтөк, андан соң анын баласы Амулжахан бийледи, ал “тамакка туз салуу салтын кийирди”. Андан кийин Бакуй Дибхан. “Диб сөзүнүн мааниси – тактынын орду, Бакуй сөзү илдин (элдин) аксакалы... ал, өлөөрү алдында өз тактысына уулу Көкханды олтургузду”. Көкхандын баласы – Алынчахан. (Шилтеме, жыйн. 39-бет).

 

Буга чейин бардык калктар мусулман болгон*. Ошол кезде бузулуп, сүрөткө сыйынды**. Аланчынын эки баласы – Татар, Магол***. Аланчы кол алдындагы элин**** эки баласына бөлүп берген соң Татардын кол алдындагы эл татар, Маголдун карамагындагы эл магол атанды дейт.  Түрктөн ушуга чейин жазылган аталар Абулгази хандын санжырасындагы мусулман калемгерлеринин сөзү.

Мындан нары айткандары жартылай уламыштуу кытай жылнамаларына кайрылабыз, ошентсе да мүмкүн болушунча алардын чындыкка жакындарын жазууга аракеттенемин..

 

КЫТАЙ ЖЫЛНАМАЧЫЛАРЫНЫН МААЛЫМАТТАРЫ АРИСТОВДУН КИТЕБИНДЕ

 

Байыркы заманда түрктөрдүн бабалары со (Наджип Гасымбекте – сет) деп аталган. Ал элди Ежен Шейду***** деген хан башкарганы белгилүү. Анын Асман кызы катынынан туулган төрт уулу болуптур: бир баласы аккуу болуп кетиптир. Дагы бир баласы кытайча Ки-гу деп аталат. Ал, Апу жана Хун дарыяларынын аралыгында падышалык жүргүзүптүр.

 

*Абулгазиде:

“... түрк элдери Яфастан тартып Алынчаханга чейин дин тутушкан” (Шилт. жыйн. 40-бет).

**сүрөткө, б.а. иконага – котормочу.

*** Абулгази боюнча балдары эгиз болуп, Татар жана Могол аталышкан.

****Эль — иль. Мында: бардык калктар. (Иль аталышы Абулгазиде эль, “уруу”, “уруулар биримдиги” маанисинде көп колдонулуп, “калк” аз. Бул аталыш боюнча: В.В.Радлов. Уйгурлар маселеси боюнча. 65-75 б. Шилт. жыйн. Эскертүүлөр. 80-б.).

*****Кытай транскрипциясында: Игжини-нишыду.— котормочу.

******Цигу (Кдко) – Котормочу.

*******Апу жана Гянь (Абакан менен Енисей). – Котормочу.

 

Бир баласы Шу-си (Чу) деген дарыяда падышалык кылыптыр. Улуу баласы Надулуша аталган. Ал Баси-чу-Си-ши* деген тоону жердеп, хан ордосу да ошондо болгон. Тоонун бийиктигинен эл кырылып каларында Надулуша аларга от жагууну үйрөтүп, элин сууктан сактап калган соң бөлөк туугандарына караган элдер да ага кошулуп, атын Тукю** атаптыр. Тукю – туулга деген сөз. Кытайда “р”*** ариби жок болгон, Тукюнун ортосуна “р” кошулуп, “түрк” болот.

Ушундай аталыштагы кытай сөздөрүнө карасаңыз Ежен-Шиду дегени – Шиду хан***** дегени; анын бир баласы аккуу болуп кетиптир дегени Алтайдагы Ку****** дайрасындагыларга хан болду дегенден чаташып айтылган. Алардан калган урпактары азыркы учурда Кумандинский деп орусча айтылып калган элдер, ушул күндө да Со аталгандары бар. Ку дайрасын жердеген эл өздөрүн кукиши******* деп аташат. Жогорудагы Ежен-Шиду дегени Шис пайгамбар болсо керек. Ежен-Шидунун бир баласы, Ки-гу дегени кыргыз деген болот. Себеби кытайда “р” жок жана алардын сөздү кыскартып, аягындагы арипти таштап айта турган адаты бар. Ки-гунун ортосуна “р” кошуп, аягына “зы” кошсоңуз, кыргыз болот. Анын мааниси – элдерден өзүнчө, өз эрки менен жүргөн (жапайы) уруу деген сөз деп Нажип Гасымбек кытайча жазылган санжыралардан алып жазат.

__________________________________________________________________

* Баси-чу-Си-ши (Басычу – Чу башында”). — Которм.

 **Тупо, тукю, тукиу, тукюе, түрк тугю – байыркы түрк урууларынын бирикмеси. – Которм.

*** Салыштыр: Өз атын туулгага окшогон тоонун атынан алышкан (туулга монголчо тукюе деп аталат). С.А.Плетнёва. “Кочевники Средневековья” (“Орто кылымдагы көчмөндөр”) М., 1982. 67-б.

**** Бул жерде автор Радловдун аныктамасын улап жатат: “Транскрипцияда (чечмелөөдө) кытайлар адатта сөздүн ортосунда катар турган жумшак үндүүлөрдүн бирин түшүрүп, ошондой эле өз тилине жат акыркы жумшак үндүүнү жазышпайт”. (Радлов. К вопросу... 17-бет.

***** Б.а. казакча. – котормочу.

****** Со – кумандардын уруусу. Куманды – кумандар, половецтер, кыпчактар. Кара: Радловдогу кумандар жана куу татарлары. “Би куймасындагы Ак кууда жашашат (татарча ку). Өздөрүн кукижи аташкан (ак куулук кишилер). В.В.Радлов. “Из Сибири”. М., 1989, 93-бет.

 

Ежен Шидунун бир баласы Чу-си деген дарыяда болду дегени – Чу дарыясындагы элге хан болду деген сөз жана балдарынын эң улуусу Надулуша Баси-чу-Си-ши деген тоодо болду дегени – Чу дарыясынын башталышындагы аскалуу тоодо болду дегени. Себеби Чу – дайранын аты, си – калктар дегени, ши дегени – бийик аска таш жана Абулгази хандын жазгандарында жана башка мусулман санжыраларында отту эң алгач жаккан, мештүү, жылуу үйдү ойлоп тапкан түрк делет. Бул, кытай тилинде – от жагууну алгач үйрөткөн Надулуша Тукю кийин Түрк аталды дейт.

Жогорудагы Со деген сөздү сол деген сөздүн соңку арибин калтырып айткандай үн менен окуу керек, орусча Со дегендей. Муну Нажип Касымбек Сим деп жазганына караганда, мен ойлоймун, ушул Шис Тооратта Шит деп жазылган жана санжыра жазгандар кээде Се деп жазышат, буларга караганда Шис насили деген сөз болот. Себеби, Адам пайгамбардын Шистен башка баласынан тукум жок.

Ошентип, кытай маалыматтарына караганда биздин Со калкы Сит же Шис насилинен. Кытайча Тукю, бизче түрк аталган калктан чыкканыбыз анык болду. Ал Со же Сит калкы көбөйүп, төрт бөлөк журт жаңыртып, бири Алтайдын Темирказык (Алтынказык – түндүк – которм.) жагындагы Ку дайрасында жайгашып Ку эли, орусча Куманды* (коман) аталган. Экинчи бөлүгү Апу менен Кан же Абакан менен Енисей дарыяларынын ортосунда болуп, кыргыз аталган. Үчүнчү бөлүгү Алтайдагы Чу дайрасында болуп, кытайча Чу-кси**, орусча Чуйский атанды. Төртүнчү бөлүгү – кытайча Тукю, бизче түрк аталып, Чу дайрасынын жогорку башындагы аска таштуу тоону жердеди. Тукю биздин тилче түрк падышалыгы аталган. Кийинки кездерде бир канча хандыктарга бөлүнүп, ар түрлүү ат менен аталгандары көп болсо да алардын бир тобунун түрк аты жоголбогон.

_______________________________________________________________

* «... Ку (бан или ман “жер”, “өлкө” деген мааниде). Аристов. “Заметки...” 280-бет, Салыштыр: Кубань суусу, кубандар – котормочу.

** Чу кси (Чүйлүк киши), чүйлүктөр. — кош салыктуулардын аталышы – төлөнгүттөр. Радловду кара.  Бап: Собственно алтайские татары. (Радлов. Из Сибири... 95.). 1 Түрк каганаты (552­-582-ж.ж.) — Борбордук жана Орто Азиядагы сасясый үстөмдүк. — котормочу.

 

Кытай санжыраларындагы уламыштарда Түрк калктарынын түпкү аталары карышкырдын бир канчыгы менен хун аталган журттун колу-бутун кесип, ээн талаага (Алтайда) алпарып таштаган он жашар баласынан таркаган делет. Себеби, канчык ал баланы таап алып тоо арасындагы аска таштардын арасына алып барып, асырап өстүрүп, ошол баладан боозуп, он бала тууптур. Түрктөр ошол он баланын насилинен делет.

Дагы бир уламышта асмандан келген карышкырдын дөбөтү менен хун элинин падышасынын кызынан туулган дейт. Бул кептин эч чындыгы болбосо да мен өз оюмча төмөнкүлөргө байланыштырамын.

Абулгази Бахадур хандын санжырасынын эки жеринде ишенимсиз сөз бар. Бири, татар ханы Сүйүнүч хан магол ханы Елханды жеңип, элин кырганда Елхандын иниси Негиз менен уулу Кыян туткундан качып чыгып, аман калган кишилер менен малын жыйнап, Ергенокон деген аска таштарга  курчалган өрөөнгө барып жайланышып, ал жерде төрт жүз элүү жылдай өсүп-өнүп, акырында ал жерге сыйбай, сыртка чыкмак болушканда көп заман өткөндүктөн жолдор жабылып калган болот, ошондо аска таштарды от менен өрттөп, жарып, өрөөндөн чыгышат.

Жана дагы бир сөздө Дуаынбаян* деген хан өлгөн соң, анын ордуна Алангу** деген аял хан болуп, күйөөгө чыкпай, асмандан түшкөн нурдан боюна бүтүп, үч бала төрөп, алардын бири Боданжар хан болду делет.

 

*Балким автор узак жылдар бою өлкөсүн бириктире алган моңголдордун акыркы ханын, Даянхан аты менен белгилүү (1470-1543) Бату Мункэ болхуджинонганы  айтып жатса керек. Текстте: Даян Баян – мында анын Баян Мункэ болхуджинондун (1467-1470) баласы экендиги көрсөтүлбөй калгансыйт. – котормочу.

**Алангу – Алангоа, Алунгоа же Эшихатун – бардык моңголдордун атактуу байыркы энеси. “Алтын баянда”: “Алунгоа, баргуджинтумэт элдерин бийлеген Баргуджингоа менен Хорилдай Мэргэнден АригУсунда төрөлгөн”. Моңголдордун легендарлуу бабасы Бортэ Чиноанын тукуму Добу Мэргэн Алунгоаны катындыкка алды. Добу Мэргэн өлгөн соң, Алунгоа эрсиз жашап, Буху Хатаги, Бухучи Салджи жана Боданчар Мунгхаг аттуу үч бала төрөйт”. “Добу Мэргэндин Бэлхунэтэй жана Бухунэтэй деген эки баласы күмөн санап: “Бул кимдин балдары? Кедей-шүмшүк Магалик Байагудайдын балдары эмеспи?” деп сурашат. Энеси аларды чогултуп “Ар түнү түндүктөн сары, кичинекей киши түшчү да курсагымды сылачы, качан күн нурларын чачыратып таң ата баштаганда ал сары итке айланып, ырылдап, кетип калчу. Билгендерге бул белги: ал Күндүн уулу. Ооба! Мен ошондой ойлойм”.

Башка уламыш: “Качан Добу Мэргэн өлүп, Алунгоа эрсиз жашап жүргөндө Боданчар төрөлгөн. Боданчар ыйык, түбөлүктүү Теңиринин баласы болчу. Энеси Алунгоага түндүктөн (Асмандан) хубилган (азыткы) келип, ышкысы артып, Алунгоа менен ак тамчы болуп кошулчу: борджигин уруусунан, сөөгү хигуд Боданчар ошондо төрөлгөн”. Хубилган – будда кудайынын же ыйыгынын кубулуусу. Кара: Лубсан Данзан. “Алтая тобчи” (“Алтын баян”. Которгон Н.П.Шастина. М., 1973. 54-56-б.б. 293.

Эшихатун – Алангоанын даражасы, сөзмө сөз “энеке — уруунун тамыры”.

Кыязы, мында эки башка болмуш кийин биригип кеткен. Юань династиясы кулагандан кийин XV кылымда Моңголиянын бириктирүүчүсү катары жаңы уруу санагын  жүргүзүү үчүн Алангу Даянхандын катыны деп айтылып калган сымал. — котормочу

 

Жогоруда айтылгандар чындыкка жакындай. Себеби, Ергонокон дегендин мааниси – “аскалуу тоолор”. Карышкырдын канчыгы баланы аска тоолорго катып, андан балдарды тууду дегендин мааниси ошондо жатат. (Белгилүү болгондой) Алардын бири Бортечан хандын* чыныгы аты “буурул  карышкыр”. Кытайлык авторлордун карышкырдын канчыгынан төрөлдү деп чаташканы ошондон улам. Алангу кимден тапса да үч бала төрөп, аны нурдан таптым деп элди алдаган эмеспи, аны кытайлар биресе карышкыр менен баладан туулду деп, биресе асмандан келген карышкыр менен хан кызынан туулду деп чаташтырып жатышса керек. 

Радловдун уйгур тууралуу жазган китебинде кытайлар – “... байыркы заманда Гаошан**, же уйгур журтундагы Гулин тоосунан эки дайра агат: Тохула, Селенге деген” деп жазат. Ошол дайралар ортосундагы бир тоодогу дарактан жарык нур чыгып, аны эл барып караса чынында эле дарактан нур чыгып жаткан экен. Ал дарак кош бойлуу катын сымал томпок экен. Ошол дарактан бешбала төрөлүп, эл аны Кудайдын жибергени деп асырап, өстүрүп, аттарын Шумкартегин, Котуртегин, Түгөлтегин, Өртегин, Букатегин коюп, кенжеси Букатегинди хан шайлашыптыр.

Тегин деп ак сөөк – князды айтат, анын насилинен болгон отузунчу хандан кийин Иойлунтегин*** дегени хан болгон кезде Тан**** ханынын эли менен көптөгөн жылдар жоолашып, аягында куда болуп, Тан ханынын Цзинлин деген кызын Иойлунтегиндин уулу  Иелитегинге кудалайт. Бул, Тан ханы дегени – Татан, же татар ханы болсо керек.

 __________________________________________________________________

* Бортэ чиноа (“буурул карышкыр” – моңг.) – моңголдордун атактуу бабалары. “Богоси аты boro “буурул” деген атка си мүчөсү кошулуп пайда болгон. Балким ал “буурул карышкыр аткан мергенчи”, “Алтай тобчи” чечмелеген “карышкырчы” (көрс. жыйн. кара, 304-б.) маанисинде болуп жүрбөсүн.

** Радловдо: Гаочан. Голин тоосу. Тухула райрасы, Сэлэягэ. Букахян. (Радлов. “Маселеге...”. 63-б.).

*** Радловдо: Юйлуньтигинь.

**** Мында: кытайлар  

 

 Иелитегинге* кудалайт. Бул, Тан ханы дегени – Татан, же татар ханы болсо керек. Ал, Пели-пули-та** деген тоодо эле. Мааниси ургаачы жайлаган тоо. Дагы Чели-таха*** деген тоо бар экен. Орусча мааниси “небесная гора”, бизче тагдырдын өкүмү дегендей. Дагы Хули-таха деген тоо болуптур. Мааниси Куттуу-тоо деген. Тан ханынын жиберген бир кишиси ошол Куттуу-тоону көрүп “ушунун чокусундагы бийик ташты кулатса бул элдин бакыты кайтат” деп, Иойлунтегинден калыңдын малы үчүн ошол ташты сурап ала албаган соң, ташты от менен өрттөп, кыйратып, ташып кетишет****. Ошондон кийин тоодогу жан-жаныбар, куштар чуулдап, жети күнгө жетпей Иойлунтегин өлүп, андан кийинки хан болгондору да өлө берген соң калкы көчүп Бешбалыкка*****, же Беш шаарга келет. Түндүк тарабы – А-чу, же Аксу, батышы – У-дон-Каши, же Хотан менен Кашкар, чыгышы Си-фан, же Тибетке чейин бийлеп калат. Бул көчүү Бар-чижу-Ертетегиндин хан болгонунан 970 жыл мурда болгон эле дейт. 

Эми Радловдун китебинде айтылган кытайлардын дарактан балдар туулду дегени чындыкка эч коошпойт. Ошондой болсо да Боданчар хандын баласы Букахан болсо керек. Себеби, Абулгази Бахадур хандын сөзүнө караганда Боданчардын эки баласы – Бука, Тока: бул, Букатегин менен Токолтегин болор, дарактан нур чыгып, ошондон туулду дегени – Алангонун нурдан таптым дегенин чаташтырып айтып алганга окшойт.

________________________________________________________________

*Радловдо: Цзинлянь жана Иели Тегин.

** Радловдо: «Пелиполита (б.а. таг-тоо)”, (т.е. таг)».

*** Радловдо: «Тяньчелиюй таха».

**** Радловдо: Бойлонтегин ташты берүүгө макул болду, бирок таш өтө чоң болгондуктан кытайлар “аны от менен ысытып, үстүнө вино жана уксус куюшат. Ошондо таш жарылып, аны кол унаа менен ташып кетишкен”.

***** Тике: “беш калаа”. – котормочу.

 

Ал эми сөздүн аягында айтылган Бар-чижу-ерте дегени анык болгон. Рашид ад-дин менен Абулгази хандын айтуулары боюнча Чыңгыз хан кезиндеги уйгур калкынын Баурчык Едигут деген ханы, аны Рашид ад-дин Баржу деп жазат. “Ейдигу”* деген анын ылакап аты дейт кытайлар. Едигут деп хандарын айткан деп жазат Абулгази. Чыңгызхандын тушунда уйгурлар киданьга же каракытайларга карап турганында Тайтцызу** же Чыңгызханды угушуп, каракытайлардын аскер башчысын өлтүрүп, Чыңгызхан тарапка өтүшкөнү жана алардын башчысынын Чыңгызхандын Иели Андон деген кызын алганынын баары туура келет. Ошол, Баурчык Едигуттун Чыңгызханга караганы 1209-жыл болчу.

(Ушул жерден кийинки бөлүмдөгүлөрдү ачып берүү үчүн автордун текстине кошумча керектей. Котормочу тараптан мындай өктөм аралашууга жол берилбесе да, бирок, көрсөтүлгөн булактардан, тактап айтканда Н.А.Аристовдун “Жазмаларынан” кеңири шилтемелер үчүн кошумчалар керек деген максатта аргасызмын. – котормочу).

_______________________________________________________________

* Ейдигу — «бакыттын ээси» (уйгурча) — котормочу.

** Тайтцызу — Чыңгызхан. Тайцзу, Тайцзы, тайши — тактынын мураскору (кидандарда). Кабарла, мааниси “мураскор канзада», (“хандын канзадасы”. Кийин: тайджи – “аймактын атактуу ээси”, хунтайджи императордун канзадасы. Кара: Мэнда бэйлу Полное описание монголотатар” (“Монголтатарлардын толук жазмасы»). М., 1975, 153.

 

... Култегин эстелигинде 732-жылы, алардын тарыхы (түрктөрдүн, тукю) дароо Тумынхандан башталат. “Үстүдө асман, алдыда кара жер орногондо, алардын ортосунда адам баласы пайда болду. Адам баласынын арасында чумпамдык атактуу Бумынкаган көтөрүлдү. Ал, уруулардын, түрк элдеринин жоболорун орнотту, баарын баштады”. Көчмөн түрктөрдүн патриархалдык-уруулук турмушундагы Бумынкагандын башкы эрдиги урууларды жана алардын бөлүктөрүн туугандык жана уруулук бирикмелерге айландыруу чынында эле бардык жагынан өтө маанилүү артыкчылык болгон. Күчтүү, көп сандаган, бирдиктүү уруу жакшы жайыттарды ээлеп алууда, сырткы душмандардан өз жакындарын чындап, иш жүзүндө коргоп алуусунда, уруулук жана мамлекеттик иштерде өз башчыларынын саясый таасирин арттырып, уруунун же мамлекеттин карамагына түшкөн олжонун жана салыктардын көп үлүшүн алуусун камсыз кылган. Уруунун көп сандуусу анын күч-кубатын арттырганы менен жайыттарды пайдаланууда жана башка жагдайларда уруунун биримдигин узак убакытка сактап калууга кедерги  болуп, эртеби-кечпи анын ири же майда өз алдынча бөлүктөргө ажырап кетүүсүн жараткан. Ошондон улам ар бир урууда бир жагынан уруулук биримдикти сактап калууну талап кылган шарттар сакталса, экинчи жагынан бөлүнүп кетүүгө курч же тымызын умтулууларды жаратып турган. Карама-каршы бул агымдардын күрөшү: кай бири уруусунун күчтүүлүгүн сактоону көздөп, өз уруусунун бүтүндүгүн коргоого умтулган, же айрымы алсызданып бараткан урууну бийлеп алууну көздөгөн уруу башчыларынын жана кадырлуу адамдарынын ортосундагы атаандашуу менен татаалдашып, күчөп, адатта алар бөлүнүп кетүүнү көздөп турушчу.

 

... В. В. Радлов орус жана кыргыз-кайсактардын... үстүнөн жүргүзгөн байкоолорунан улам уруулар менен уруктардын көчүп жүрүүлөрү “көчмөндөрдүн жашоо талабы” экендигин жана ушундай курамдагы тынымсыз өзгөрүүлөрдөн “бүтүндөй элдин жашоо мүмкүндүгү сакталып турарын” калыс жыйынтыктайт. Көчмөндөрдө эркиндигинен ажырап калган уруктук жана уруулук жаңы бирикмелерди түзүү мүмкүндүгүнүн жоктугу* анын оюнча “бакыбаттыгын куруткан былгуу” жараткан. Ошентип, уруулар түрк көчмөндөрүнүн турмушунда бардыгын камтыган зор мааниге гана ээ болбостон, алардын саясый тарыхында да өтө маанилүү болгон. Албетте, уруулардын мындай маанилүү учурунда, көчмөндөрдүн өмүрү жана тагдыры уруусуна тике байланыштуу болуп турган кезде, уруулардын бекемдиги өтө зарыл экендиги белгилүү. Уруулар толук, же бөлүгү менен ар кандай бирикмелерге кошула алмак, бирок түпкү атын бекем сактоого тийиш болгон. Чынында эле көптөгөн кылымдар мурда кытай тарыхчылары жазып калтырган уруулардын аттары аларды алып жүрүүнүн тарыхий маанилүгүнөн азыркыга чейин айрымдарында сакталып калган. Бул жагдай көчмөн турмушун жана уруулук жашоосун, аны менен уруулук атын сактап калган азыркы түрк урууларынын жана элдеринин этникалык курамын кайсыл бир деңгээлде аныктоого мүмкүндүк берет.

Түрк көчмөндөрүнүн уруу атынан сырткары алардын уруулук турмушуна байланышкан этникалык курамынын көрсөткүчү болуп урууга же анын мүчөлөрүнө тийиштүү мүлккө, көбүнчө малга басылуучу мөөр катары колдонулган уруу тамгалары эсептелет.

Кыязы эң байыркы, түрктөрдүн (тактап айтканда гаогюйлүктөрдө) тамгалары тууралуу эскерүү V кылымга таандык: “Малына тамга басышат, талаада чоочундарга кошулуп кетсе да аны эч ким албайт”. Байыртадан эле түрк малчылары уруу тамгаларын колдонуп келгенинен күмөн саноого болот. Кыязы, уруу тамгалары алгач уруу кудайынын же ыйык коргоочусунун белгиси болуп, кийин гана уруу менчиктеринин белгисине айланып, ал үчүн оюп, кесүүгө же күйгүзүп жасоого ыңгайлуу геометриялык мүнөз алса керек. (Н. А. Аристов. Заметки... 282—285-б.).

__________________________________________________________

*Радловдо: “Россияга баш ийгендер”, (К вопросу... 72-б.).

 

* * *

Аристовдун айтуусу боюнча байыркы казактардын негизги урууларынын өз-өзүнчө тамгалары болгон*. Аристовдун жазганы боюнча казактардын негизги урууларынын тамгалары булар…

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

Сентябрь-октябрь, 2017-ж. Бишкек

 

© Шакарим Кудайберди уулу

© Кыргыз тилине которгон А. Сарманбетов, 2017


Количество просмотров: 2223