Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2019-жылдын 27-ноябры
Жанбүдѳѳ
Роман
ХХ кылымдын башында болуп ѳткѳн кыргыз элинин тарыхындагы эң кайгылуу окуя – Үркүн тууралуу жаңы жазган повестин жазуучу алгач ирет ушул жыйнагында жарыялап, окурман журтуна сунуштап олтурат. Аталган повестте улуттук козголоңдун жергебизде жана коң-шу элдерде келип чыгышы, анын себептери, масштабы, кайгылуу кесепеттери Кѳл күңгѳйүндѳгү бир үй-бүлѳнүн Үркүндѳ баштан кечирген оор жана кайгылуу сапары аркылуу далилдүү баяндалат. Ал, элдик трагедиянын азыркы, жүз жылдан кийинки Кыргызстан менен Кытай мамлекеттеринде жашап жаткан кыргыз муунундагы жаңырыгы автор тарабынан чыныгы фактылардын негизинде айкалаштырылып, кѳркѳм жазылгандыгы жазуучунун жаңы табылгасы болуп саналат.
Быйылкы, КРнын Президенти тарабынан жарыяланган «Тарых жана маданият» жылы менен ѳзѳктѳш тарыхий чыгармалар, дүйнѳлүк ааламдашуу, маңкуртчулук (малкиши), рухий жакырдануу кѳйгѳйлѳрүнүн кесепеттеринен тартып, мекенчилдик, элдик салт, тил сыяктуу улуттук-маданий дѳѳлѳттѳрдү камтыган, республикалык, эл аралык сыйлыктарга татыктуу болгон чыгармалар китепке камтылган.
Сарманбетов Айдарбек. Жанбүдѳѳ: (Повесттер жана аңгемелер) – Б.: «Рекламир», 2016. – 392 б. китебинен алынды.
УДК 821.51
ББК 84 Ки 7-4
С 20
С 4702300100-16
ISBN 978-9967-28-178-3
ПИКИРЛЕР
«А.Сарманбетовдун ар бир чыгармасынан турмушка, деги эле дүнүйѳгѳ жаңы кѳз карашты, терең иликтѳѳнү кѳрүүгѳ болот. Аларды турмуштук жѳнѳкѳй окуялар, карапайым каармандары, алардын татаал жан дүйнѳлѳрү аркылуу жетик чечмелейт. Сѳз байлыгы бийик ойлорду айтууга толук жетиштүү. Демек, кѳп жылдар бою түйшѳлѳ изденип, дүйнѳтаанымын тереңдетип, калыптандырган.
Жаңычыл жазуучудан дагы жакшы, чоң чыгармаларды күтүүгѳ болот. Ага дарамети да, калем күчү да толук жетет».
ОМОР СУЛТАНОВ, Кыргыз эл акыны
«Айдарбектин «Дѳбѳ» деген аңгемесин окуп калып аябай таасирлендим. Ошондо, адабият жаатына, же болбосо Чыңгыз Айтматовдон кийин эле сүйүү темасын ѳзүнчѳ, жаңы кѳз караш менен ачкан бир чоң жазуучу келгенин байкадым. Оюмда «Чыкем ѳлбѳптүр» дедим. Себеби, Айтматовдун адабияты менен биз жашап келгенбиз, эми анын калемин кургатпаган, артында ѳзүнүн курч калемдүү инилери калган турбайбы деп ойго баттым. Мына ошол «Дѳбѳ» деген аңгеме али күнчѳ бассам-турсам оюмда турат. Ар адамда болуучу алгачкы махабатты кайра-кайра эске салып турат: улам ѳткѳн чак – алгачкы махабат адамдын эсине кайталанып келе берет экен. «Дѳбѳ» – мына ушунусу менен Чыкебиздин «Жамийладан» кийинки улуу – классикалык чыгарма десем болот. Айдарбектин чыгармасы аркылуу мен Чыкени эстедим, себеби «Жамийладан» кийин андай мыкты чыгарма чыкпайт го деген ойдо жүргѳм. Эми кѳксѳѳм кайра канды».
ЖООМАРТ КАДЫРАЛИЕВ, Кыргыз эл сүрѳтчүсү
«Сарманбетов Айдарбектин тымызын толкуп-ташып, тымызын изденип, чоң максатта жашаган жазуучу экенин тааныдым. Чыгармачылыктагы эрки, изденүүсү ак кар, кѳк музга оронуп, шыргалаң бороону сыбызгыган ашууну, урпактарын сакташ үчүн, баш тартпай ашкан бабаларыбызды элестетти.
Жазуучунун баамчыл, сыпаа мүнѳзү, сѳздү кунуна чыгара, чаташтырбай ордун таап койгон чеберчилиги чыгармаларынан айкын байкалат. Ушундай эле жан дүйнѳ элегинен ѳткѳрүп, тандап алган темасын алешемсиз бышырган кыраакылыгы, калеминин ийкемдүүлүгү роман жанрын жаратуга даяр экенин тастыктайт. Жаратылыштын ноюбаган берешендигин, адамдардын жашаган коомуна болгон оң-терс кѳз караштарын, ачуу-таттуу чындыктарын алаканга салат. Курч чечмелейт. Окурманды ойлонтот. Кайгыртат. Сүйүнтѳт. Тазаланууга мажбурлайт. Таза жашоого кумардантат. Окурманды бооруна тарткан мындай бийиктик жазуучунун жеңиши.
Айдарбектин чыгармаларынын жугумдуулугу – алардын ѳзѳгүн нагыз турмуштан жасалмасыз алынгандыгында. Ошондой эле адамдын абийири коомдук мүчүлүштѳрдүн курмандыгы сымал тебеленбей, чыйралышын, курчушун биринчи планга койгондугунда.
Алтынга чаң да, кѳѳ да жукпагандай эле Айдарбектин чыгармалары да тамырын кенен жайып, Пикассонун Ак кѳгүчкѳнүндѳй адамдарга сүйүү чачаары бышык. Анткени, кѳркѳм адабияттын абыроюна кѳлѳкѳ түшүрбѳй, кѳрѳңгѳсүнѳ кѳрѳңгѳ кошкон чынчылдыгы, жаңычылдыгы менен баалуу да терең».
ТОКТОШ АБДИЕВА, жазуучу
«Кыргыздын учурдагы мыкты журналист-публицисттеринин бири, таланттуу жазуучу Айдарбек Сарманбетов кийинки кезде катып жүргѳн жүрѳк сырларын четинен чыгарып, ѳзүн калеми Жибек Жолдой тѳшѳлгѳн кѳркѳм сѳз чебери экендигин чыгармаларында рефрен болуп жаңырган «мен кыргызмын!» деген мекенчилдик идеяны чеберчилик менен бапестеп кѳрсѳтѳ алды. Бул, эгемендик алгандан кийинки профессионалдуу адабиятыбызда кѳркѳм чыгарманын талаптарына ылайык, заманга кылдат талдоо жүргүзүлбѳй, толук кандуу жазылбай жаткан ак барак, учур таңсыктыгы экендиги талашсыз.
Азыркы алгыган заманда ѳз жолун адабият айдыңында табу кыйын экендиги шексиз. Эмне үчүн Айдарбек жазмакер катары мурдатан эле жулунуп, эл алдына чыккан эмес? Эми мына, алтымыш жаш курактын алдындагы жазы менен күзүн кѳрүп турган чакта айтылуу Тайтору сымал куйрук-жалы тѳгүлүп чоң жарышка түшѳ баштагандыгынын бир эле сыры бар: ал, кѳп ойлонуп, түмѳн толгонуп, далай жыл ѳз алдынча ар чыгармасын астейдил бышырып, ар бир сѳздүн касиетин талдап, баалап жүргѳндүгү байкалат.
Ал, Айкѳлдүктүн табиятын ача алган жазуучу катары ѳзүн даана кѳрсѳттү десек жаңылбайбыз. Жазуучу ошол орошон философияны жетекчиликке алып, ичи кенен кыргыз эзелтен табияты башкалардан бийик болсо бийик, асты кем эмес касиеттүү калк экендигин кѳркѳм сѳз аркылуу далилдеп келет.
А.Сарманбетов жазгандарынан баамдалып тургандай ой чабыты бийик Кызырсѳз ээси».
КАРЫБЕК БАЙБОСУНОВ, философия илиминин доктору, адабиятчы
«Жазуучу Айдарбек Сарманбетов ѳтѳ татаал, мезгилинде аба менен суудай керек болуп турган намыс деген бийик түшүнүктү чоң чеберчилик менен бере алган калемгер. Мына, кыргыздын идеологиясы.
Айдарбек Сарманбетов агайдын жазуучулук чеберчилигине тан бербей коё албадым. Дал ошондуктан бул китепти кайра-кайра окуп, кастарлап алчу чыгарма болгондугун белгилеп кетким келет. Адамды түркүн ой-санаага салган жазуучунун күчү, керемети дал мына ошол деп түшүнѳмүн».
АБДЫМОМУН КАЛБАЕВ, акын, жазуучу, «Арча» адабий сыйлыгынын лауреаты.
«Адам жана табигат, жандуу жана жансыз. А.Сарманбетовдун «Айбанталаадагы адамдын» кѳрбѳгѳн кордугу менен тыгыз байланышкан бул чыгарма ѳзѳгүндѳ адамдын жаратылышка болгон жырткыч мамилесинен, анын арты кайгыга айланарынан кабар берет. Саясаттагы кай бир наадан адамдардын зомбулугунан качып барып күнүмдүк кѳр оокаттын кызыкчылыгынан улам ѳз эрки менен «капаска» түшкѳн Эсенбектин абалы, жашоо үчүн болгон айыгышкан күрѳш, адам менен табигат, мисалы, дѳбѳт карышкыр аркылуу табигат жана адамдын жеке намысы менен жалпы улут намысы чеберчилик менен терең чагылдырылган. Бул чыгармалары адамдарга алдын ала эскертүү бергендиги менен баалуу. Кѳркѳм каражаттардын чыгармада колдонулган түсү жогорку деңгээлде. Мындай чыгарманы кѳкүрѳгүндѳ оту, акылында терең ою, жан дүйнѳсүндѳ ѳзгѳчѳ сезими, турмуштан алган бай тажрыйбасы бар, сезимтал, шык-жѳндѳмгѳ ширелген таланттуу адам гана жаза алат. Мыкты, эң мыкты чыгарма, классика».
БАКЫТ НЫШАНОВ, акын, журналист
ПОВЕСТТЕР
КЫЯМАТ ЖОЛДОРУ
Ѳздѳн чыккан жат жаман,
Ѳзѳктѳн чыккан ѳрт жаман.
Кыргыз макалы
ЖОЛБАШАТ
Бишкектен карт Кытайдын түндүгүнүн борбору Үрүмчүгѳ эки, Үрүмчүнүн кайра чыгыш-түндүгүндѳгү Кулжа шаарына дагы ошончо саат учакта учуп акыры ага да жеттим. Баратканымдагы, Кыргызстан-Кытай чегинен, тѳѳ ѳркѳчтѳнгѳн, текши быгып жаткан ак булуттардан бѳлѳк жер-тирүүлүк кѳрүнбѳгѳн бийиктиктен зуулап учуп ѳткѳндѳгү кереметтүү элестер эч унутулбас! Он миңдей метр бийиктиктен! Мурда деле Россия, Түркия, Пакистан окшогон кѳп ѳлкѳлѳргѳ деле учкам, узак, бирок мындай катуу эргиген эмесмин. Анткени, ѳз, жаны бирге Ала-Тоомдун үстүнѳн учуп баратам! Үстүдѳ кѳпкѳк, тунук асман, кайрымсыз туңгуюк. Алысты карасаң оп тартып кетчүдѳй коогалуу да, айбаттуу. Анткени ал тереңдикте сырдуу чексиздик, түпсүз аалам жатат. Күн гана таза кѳктүктѳ тээ, алыстан мунарыктай жаркырап, жалгыз жарыгын чачат. Жердин келберсиген кенендиги, бу, алп табигатта пенделердин алсыз, майдалыгы ошондо гана даана билинет белем! Айрыкча кыргыз тоолору алп, сүрдүү! Айтылуу мухит сүрѳттѳрүнүн падышасы аталган атактуу Айвазовс кийдин алааматтуу тогузунчу валдагы толкундары ушул жерге канабайрам салып ѳтүп, белгисиз зор күчтѳн бир заматта катып, убакыт токтоп калгандай, ак мѳңгүлүү бийик-жапыз кыр-чокулуу тоолор миң кабатталып, самолёттун канаты алдында аста жыла, артта калып жатты. Адамдар менен жаны бирге делген Жер үстүндѳ ѳлүмтүгүн арткан бу, баш-аягы жок, алп дүйнѳнүн түйшүктүү пенделер менен түк иши жок, алардын бар-жогу ага сокур тыйынчалык белем! Анткени, Жер – улуу ааламдын бир бүртүгү, алмустактан артынып келаткан ѳз озуйпасы, ѳктѳм мыйзам-буйругу бар. Адам – андагы убактылуу мейман гана белем...
Ушундай уңгусу терең ойлор менин байыркы да, азыр байманалуу да Кытайга, тактап айтканда Синцзяндын Үрүмчү деген борбор калаасына Кытай ѳкмѳтүнүн Маалымат жана чет ѳлкѳлѳр менен байланыш агенттигинин чакыруусу менен сапар тартканымды, алар бир ай бою эли-жерин кыдыртып, кѳрүп-билгендеримди, кыргыз, казак, уйгур, моңгол, калмак, дунган... окшогон аз сандуу аталган элдердин жашоо-турмушун жазып берүүгѳ баратканымды эстен чыгарат. Бармак басым кенедей жерди жердеген бир ууч кыргыздарга маани берип, аз болсо да саз делген биздей түптүү элдин бир түгүндѳй мени, калеми менен учкаяк кыялынан бѳлѳк дүйнѳсү жок жалаңкат жазуучу, жаңылыкка жут журналистти чакырганына, андан да кѳптѳгѳн калемгерлер ичинен мени тандап алгандарына таңданып, анын сырын билүүгѳ акылым жетпей келет. Улуулук – жѳнѳкѳйлүктѳ деген ушул белем! Бир жарым миллиарддай эли бар, дүйнѳнү таң калтырып күтүрѳй ѳсүп жаткан Кытайдын алты миллионго жетпеген кыргыздарга, алардын арасынан мендей бир тоголок баш кыргызга кѳңүл салган жупунулугу кантип таң калтырбайт. Эки-үч айдан бери камынып, жана эле, Бишкектен учарымда бу сапарым кандай болор экен, кандай башталып, кантип аяктаар экен деп санаркап жаттым эле, эми анын баары эсимден жуулуп кетти... Анткени, ал, жүрѳксүткѳн сапар башталды. Артка жол жок...
Саатына миң чакырымдай ылдам учуп, он чакырымдай бийиктиктен адам тургай, айыл-шаарлар бармак басым калдай караанга айланып, Ала-Тоонун чѳйчѳгүндѳ чалкыган Ысык-Кѳл болсо мухиттин үзүгүндѳй жерде кѳгѳрѳ жайылып, ат эмес тѳѳнү агызган дайралар чарык жиптин учугундай гана тоо аралай алсыз соёлоп артта калат. Анан эле ажайып сулуулукка суктана терезеге жабыша тигилген мага чуудаланган аппак булуттардан кериле бой созуп, кѳпкѳк асмандын алкагында ак карга чулганган керемет, бийик тоонун чокусу заңкайып турганы капысынан кѳзүмѳ уруна калды. Египеттин айтылуу пирамидасынын эң бийигинин (Хеопс беле, кокуй, ал кайдан караандасын!) бурчтанган тик чокусун ак кар, кѳк муз басып, бу, калкагар бийик тоолордун арасына тим эле адашып келип калгандай. Кыргыз эмесминби, кырк чоросу тѳш, ѳзү баш болуп калың кара колун казатка баштап келаткан алп Манастай сезилип кетти мага, ал чоку.
– Хан-Теңири, – деди жана таанышкан жанымдагы атбашылык Муктар деген кырктардагы ишкер жигит мага тийиштүү кыла сүйлѳнүп. Анын үнү толкунданганынан калтырай чыккансыды, жанатан менин ойдолоктоп жатканымды байкап олтурса керек, – касиеттүү Хан-Теңири дечү эле атам... Ошол!.. Тоолордун падышасы! Дайыма кѳрѳм, баарынан бийик, заңкайып бой созуп турганы турган, кайранымдын...
Мен катуу толкунданганыман ага жооп кайтарып үн ката албай тамагым буулуп, каным дүргүп турду. Кыргыз жеринин, тоолорунун, Хан-Теңирисинин кереметин кара! Ааламды челип! Сүрдүү сулуулук... Сүрѳттѳѳгѳ сѳз алсыз!
(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)
PDF форматында китепти көөчүрүү
© Айдарбек Сарманбетов, 2016
Количество просмотров: 1194 |