Главная / Публицистика
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2019-жылдын 6-декабры
Достуктун жана эрдиктин үлгүсү же унут боло жаздаган Баткен трагедияси
Баткен окуяларына 20 жыл толду. Бирок азырга чейин бул кайгылуу окуялар жөнүндө бизде эч ким эч нерсе жазбады. Эмне үчүн? Чындыгында кыяматтык коңшубуз болгон кыргыз элинин уулдары террордук топтор менен ким үчүн согушушту, ким үчүн жандарын садага чабышты? Чындыктын көзүнө тик багалы: биз өзбектер үчүн эмеспи? Демек, Баткенде болуп өткөн ошол окуяларды унутууга акыбыз жок.
Жыйырма жылга кеч калган макала
Өткөн жылы кагазга түшүрүп жаткан “Селсаяктар” деп аталган жаңы чыгармамдагы окуяларды баяндоо Кыргыз жергесинин Баткен облусунда болуп өткөн кандуу кырсыктарды болгонун болгондой кылып сүрөттөөгө келгенде күтүлбөгөн жерден токтоп калды. Ал жерде болуп өткөн коркунучтуу кагылышууларды элестетүүгө, салгылашуу көрүнүштөрүн дареметим жеткенче чагылдырууга канчалык урунбайын, колумдагы калемим мага баш ийбей койду. Чоң-кичине тоолордун далайын көргөнмүн, кыйла ашууларды ашканмын, бирок карлуу чокуларга чыкпаган, калың арчалуу төрдү аралап жүрбөгөн, андай жерлерде кандайдыр жырткыч айбандарга туш келбеген, аскалардын бооруна жашынган үңкүрлөргө кирбеген болсом да, алардын бардыгын көз алдымда элестетем жана буга окурмандарымды да ынандыра аламын деп ойлогон болчумун. Анткени жазуучунун ой-чабыты чексиз эмеспи! Күн куйкалаган кумдуу чөлдө туруп, Антарктидага саякат жасоого болот. Калың муздардын үстүндө жүргөн каармандын үстүнө көчкү жүргүзүп, окурманда ага карата боор оорууну ойготуп, көзүнө жаш келтирүүгө болот. Бирок... бирок мындай оңой жолдон барууга жүрөгүм жол бербеди. Баткенди, анын айылдарын өз көзүм менен көрбөй туруп, ал жерде жашаган, жашап жаткан, Өзбекстанды басып алуу үчүн Кыргызстан аркылуу Фергана өрөөнүнө өтмөкчү болгон жана ушул максатта Жылуу-Суу, Зардалы, Кан айылдарына кирип келген согушчандардын жолун тороо үчүн согушка аттанган, өлүмгө тике караган, өмүрүн курман чалган инсандардын мүрзөсүн зыярат кылбай, бул коркунучту башынан өткөргөн адамдар менен маектешпей, айылдардын көчөлөрүнөн жөө жүрүп өтпөй туруп, жазганды уланта албадым. Ошентип, сапарга камына баштадым. Бирок Түштүк кыргыз жергесинин климаттык шарттарын мыкты билген атабият таануучу окумуштуу Зухриддин байке Исамиддинов тоого кар түшсө, Баткен аймагынан орун алган көк тиреген Алай-Памир тоолорунун ашуусунан ашуу оңойго турбастыгын түшүндүргөндөн соң, бул боюнча түзгөн пландарымды кийинки жылдын жазына калтырууга аргасыз болдум. Күндөр ысып, дарактар жалбырак жазды, бирок адам баласынын ойлогон ойлору ар дайым эле өз маалында иш жүзүнө аша бербейт эмеспи. Сентябрдын орто ченине келип гана Кыргызстандын өлкөбүздөгү Элчилигинин жардамы менен Баткенди карай сапар тарттым.
Учурунда өтүү абдан мүшкүл болгон чек ара текшерүү постунан эч кандай кыйынчылыксыз өттүм. Муну мен Өзбекстан жана Кыргызстан Республикалары жетекчилеринин жүргүзүп жаткан достук мамилелеринин, бири-бирине жандаш жана кандаш, тарыхы да бир, дини жана тили да бир, базары менен мазары да бир болгон бир тууган элдердин ортосун тосуп турган – алардын бири-бирине болгон мээримин, тууган-туушкандыгын жана достугун ажыратып салган – темир тосмолордун алынышынын натыйжасы деп билдим. Мени Кадамжай чек ара постунан тосуп алган Акжол аттуу кыргыз жигити өзүнүн бир боорун тосуп алгандай кучагын жайды. Чындыгында да биз көп жылдар бою көрүшпөгөн бир тууган ага-инидей кучак жайып көрүштүк. Акжол өзбек тилинде мыкты сүйлөйт экен, андыктан мен да аны өзүмө жакын көрүп Акйол деп кайрыла баштадым. Ал таарынуунун ордуна, «Мааниси бирдей, айтылышында гана кичине айырма болбосо», деп тамашага чалды жарык маанайы менен. Кокондук жигиттерден эч кандай айырмасы жок. Аския-шакабага да чебер экен. Фергана менен Баткендин айланасын текке «алтын өрөөн» деп аташпайт тура. Ал мени өзүнүн авто унаасында Баткен шаарын карай алып жөнөдү, жолдо утуру кездешкен айылдарды көрсөтүп, аларда кыргыздар менен өзбектер ынтымактуу жашап жатышканы, мурдагыдай эле кыз алып, кыз беришип жатышканы, тойлор да көтөрүңкү деңгээлде, ынтымактуулук менен өткөрүлүп жатканы жөнүндө толкундануу менен сүйлөп берди. Ортодо болуп өткөн суук мамиле жылдарында сүйүп калган өзбек кызына жетише албаган арманын да жашырган жок. Ошондой эле салынып жаткан жаңы менчик тамдарда өзбектин колунан көөрү төгүлгөн чебер усталары эмгектенип жатышканы, алар түзгөн долбоорлор кыргыз туугандарына аябай макул келгени жөнүндө да толук маалымат берди. Акжол мени Баткендеги конок үйлөрүнүн бирине алып келди. Ал жерде бизди алтымыш беш жаш курактагы, тикийген кыска ак чачтары, толмочураак көрүнүшү өзүнө жарашкан, москоол киши тосуп алды. Ал өзүн Акмырза деп тааныштырды. Мен да таанышканыбыздан кийин сиздин атыңыз менин псевдонимимдин (Акбармырза) кыскартмасы экен турбайбы, десем, каткырып күлдү. Күн кеч тартып калгандыктан, Акжол артка кайра тартышы зарылдыгын, Кадамжайдагы курулуш иштерине жооптуу экенин айтып, аксакалдан жооп сурады. Биз эми чындыгында да көп жылдар бою көрүшпөгөн, бирин-бири издеген, дарегин тапса да, ортодогу тосмолордун айынан жолугуша албаган, мына эми табышканда, кайра коштошууга туура келген бир боорлордой, бүгүн ажырашсак тез күндөрдө кайра жолугушабыз деген үмүт менен жарык маанайда коштоштук.
Суроолор куршоосунда
Акмырза байке дал мен издеген инсан экен. Ал кишиге жолугушууну сунуштаганы үчүн Кыргыз элчилигинин кызматкери Камал Алимкуловичтен аябай ыраазы болдум. Анткени Баткен трагедиясын өз көзү менен көргөн, башкача айтканда согушчандар менен болгон салгылашууларда тикеден-тике катышкан, ошол аянычтуу окуялардын күбөсү болгон адам менен маектешүүнү өз алдыма максат кылып койгон элем. Ошол инсанга гана жүрөгүмдү өйүп жүргөн суроолор менен кайрылууну чечкем. Ошол инсандан гана мындан жыйырма жыл мурда болуп өткөн окуялар жөнүндө сурап-билишим зарыл эле. Толгон-токой суроолордун куршоосунда келбедимби бул инсандын алдына. Мени чыгармамды улантуу үчүн материал чогултуу гана эмес, ошондой эле бир топ куралданган согушчандардын тайманбастан, жайбаракаттык менен Кыргызстандын аймагына кирип келиши жана Өзбекстандын Фергана облусуна өтүп, өрөөндү колго алууга чечкиндүүлүк менен аракеттенгенинин себебтери да кызыктырып жатты. Мындай чечкиндүүлүк аларда кайдан пайда болду? Же алар кыргыз аскерлеринин саны аздыгы, тоо шарттарында согуш жүргүзүү боюнча тажрыйбасыздыгы, тынч жашап жаткан элдин өлүм коркунучунан дүрбөлөңгө түшүп калышы мүмкүндүгү жөнүндө чогулткан маалыматтарына ишенишкенби? Же болбосо өлкөнүн кээ бир жетекчилеринин арасынан шериктеш таптык деп ойлошкону аларды үмүттөндүргөндүр? Борбордук Азияда жетекчи болгон, эгемендүүлүккө жетишкенден кийин да кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу жетиштүү таасир күчүнө ээ Өзбекстанды кантип басып алууга болсун? Кыргызстандын аймагына кирип келген алты жүз адам менен бүткүл бир өрөөндү колго алууга умтулуу үчүн алар каерден күч табышты? Же баскынчылардын башка максаттары да болгонбу?.. Кыргызстандын өкмөтү алар сураган жол (коридор)ду ачып берет, алар өрөөнгө тынч жол менен өтүп алышат да, Ферганада жашаганга уруксат берүүнү талап кылышат. Өзбекстандын өкмөтү бул талапты аткарбай, аларды өлкөдөн чыгарып салуу үчүн аракетин баштайт. Ошондо согушчандар «Өрөөндө тынч жашоо изден чыкты, өкмөт өзүнүн жарандарын менчик үйлөрүнөн кууп чыгып, туулуп-өскөн журтунан сүргүн кылууда же түрмөгө сала баштады», деп дүйнөгө жар салганды жана мындай жагдайды күтүп турган үчүнчү өлкөнүн «тынчтыкты сүйүүчү», «тартип орнотуучу», «акысыз жардам» сыяктуу түрдүү аталыштар менен иштеп жаткан аскердик күчтөрүн келишин жана алар аркылуу өздөрүнүн максаттарына жетишүүнү эңсешкен чыгар? Мени мына ушундай ойлор кыйнап жатты. Теги бир кыргыз жана өзбек улуттарын бирин-бирине душман билишкенби? Балким биринин башына мүшкүл түшсө, экинчиси жардам колун сунбайт, деп ойлошкондур? Бул эки мамлекеттин жарандарын башкалардын тагдырына кайдыгер, кыйын кезең учурларда өзүнүн гана камын көргөн коркок эл, деп тыянак жасашкандыр? Же болбосо кыргыз аскерлери өкмөттүн атына жазган опузалуу, жүрөккө айбат салуучу катыбыздан коркконунан жолубузду тоспойт, каалаган жерибизден жол ачып беришет жана биз оңой эле өрөөнгө өтүп, үч облусту – Фергана, Андижан жана Наманганды эч бир кыйынчылыксыз колго алабыз, деп өздөрүнчө куру ойго алдырышкандыр? Кантип эле куру ойго барып, пландарын ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын Баткен жергесин тандашкан? Кээ бир суроолорума жооп тапкандай болор элем, бирок чындыкты билүү жолундагы суроолорум жүрөгүмдө күндөн-күнгө көбөйө берди. Ошондон улам өздөрүн Өзбекстан Ислам партиясынын жоокерлери деп аташкан, түрдүү улут өкүлдөрүнөн куралган согушчандар менен бетме-бет келген жана эки айдан ашуун аларга туткун иретинде азап-тозоктун ичинде жашаган адамдар менен жолугушуу, алар туйган коркунуч же эрдиктин издерин жүрөгүм менен сезүү максатында жолго чыктым жана мына азыр издеген адамым менен маектеш болуп олтурам. Жолдон талыкканыма карабай, маегибиздин чеги көрүнгүс. Акмырза байке мен барууну көздөгөн жер – Зардалыда туулуп-өскөн, дал ошол 1998–1999-жылдары айыл өкмөтүнүн төрагасы болуп иштеген, ата конушуна бастырып кирген Жума Наманганийдин согушчандары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, өмүрүн коопко коюп болсо да, жүздөгөн айылдаштарын өлүмдөн сактап калган эр жүрөк инсан болуп чыкты.
– Эс алсаң болмок, иним, жолдон талыккансың, – деди Акмырза байке убакыт бир маал болгондо. – Же түнү менен маек куруп, эртең кайра тартмакчысыңбы?
– Зардалыны көрмөйүн, үйгө кайтар нээтим жок, аксакал. Согушчандар басып алган айылдарды өз көзүм менен көргөнү келгем.
– Бирок арадан дээрлик жыйырма жыл өттү го, иним.
– Туура деңизчи, бирок баскынчылардын ырайымсыздыгын көргөн айылдаштарыңыз эч нерсени унутпаган чыгар?
– Ооба, туура айтасың. Унутушпаган. Унутуша албайт да, – терең ойго талды Акмырза байке.
– Демек, байке, барабыз.
– Бирок... Ондогон тоолордун ашууларынан авто унаада өтүүгө ар кимдин да жүрөгү даа бере бербейт, – деди Акмырза байке бир саамга ойго талып. – Абанын ырайы да маанайсыз. Жамгыр кичине эле баштаса, машинада жүрүүгө олбойт. Дөңгөлөктөр тайгаланып... Эгерде кар учкундаса, ал жактарда бир нече күнгө чейин калып кетишибиз да ыктымал. Мындай кооптуу сапарга чыкпаганың оңбу, дейм да, иним.
– Тобокелчинин ишин Теңирим оңдойт, деген экен даанышман ата-бабалар. Ушул жерге келген экенмин, мындан ары да бармакчымын, аксакал!
– Анда эс ал, иним. Жол алыс. Ошондой эле толгон токой кыйынчылыктарга кабыласың. Кантсе да ашуунун таштуу жолдорунан жүргөнүбүздө, уктаганга чамаң болбойт. А маекти болсо жолду катар уланта беребиз. Кайсы айылда кандай окуя болгонун көрсөтүп да, сүйлөп да беремин.
– Айдоочуну сүйлөшкөнсүзбү?
– Ооба! Бейпил түн, иним!
Акмырза байке өзүнүн эли жөнүндө
Эртең менен жолго чыктык. Айдоочубуз Жаныбек Асамиддинов да Зардалы жактарда төрөлгөн, 1999-жылы калк кооптуу аймактан Баткенге көчүрүлгөндө үй-бүлөсү менен туулуп-өскөн жеринен кетүүгө аргасыз болгон адамдардан бири экен. Аз сүйлөйт, караштары олуттуу. Кулак төшөсө да, биздин маегибизге кийлигишпей, көздөрүн жолдон албайт. Жол жарымдап калганда гана сөзгө кошулду: «Кан айылына жоокерлерди ташып жаткан элек. Күтүлбөгөндө менден мурда бара жаткан «Камазга» снаряд келип тийди. Гранатамёттон атылган снаряд таамай тийген эле. Он жоокердин бешөөсү ошол жерде курман болду. Алардын чачылып кеткен мүчөлөрүн атышуу аяктагандан кийин гана бир-бирден чогултуп алдык. Бир саам мурда сүйлөшүп отурган жигиттердин калдыктарына кароо аябай аянычтуу эле. Мындан да оору алардын каза тапканын ата-энелерине билдирүү болду. Мындай жаман жөрөлгөлүү кабардан алардын жүрөктөрү олку-солку түштү. Мен жоокерлерибиз шейит болду, деп эсептеймин». Башка сөз катпады. Машинанын рулун бекем кыскан колдорунан, жолго кадалган караштарынан мен анын жүрөгүндөгү ыйы, оорусу кайра жаңыланганын баамдадым. Вулкан сымал денесинин түбүндө кайнап турат. Кичине эле түрткү болсо, көктү көздөй өрлөшү мүмкүн. Акмырза байкенин айтымына караганда, Жаныбек ошол, Баткендин үстүн кара булуттар каптаган күндөрдө эски жүк машинасында жаралангандарды коопсуз жерге ташыган, эки ортодогу кыска салгылашууларда түздөн-түз катышкан, эң маанилүү жери, куш да учуп өтө албаган чокудагы ашуудан даабай өтө алган эки эр жүрөк баатырдын бири экен.
Кулагымды жолдошторумдун маегине төшөп коюп, айлана-чөйрөгө көз чаптырам. Өйдө-ылдый адырлар аяктап, бийик тоолор башталды. Жолубуздан чыккан дарыяны Сох деп божомолдодум.
– Туура, картадагы аты ошондой, бирок кыргыздар аны Көк-Дарыя деп аташат, – деп түшүндүрдү Акмырза байке оюмдан өткөн суроону байкагандай.
Кээ жерлерде дасторкондой жайылып, айрым жерлерде эки тоонун аралыгынан буркан-шаркан түшүп аккан тунук көгүлтүр суулуу дарыя аябай кооз эле. Канчалык бийикке көтөрүлсөк да, ал көздөн качпай, улуу тоолордун кан тамыры өңдүү кээде толкунданып, кээде тынч агып кишини таң калтыруусун улантып жатты. Алгач жолуккан айылдын аты Кыштут экен. Андан кийин Дара айыл аймагы жана Тунук-Суу айылынан өттүк. Айылдын калкы негизинен жүгөрү жана тамеки эгишет экен. Огороддорунда картошка, пияз, помидорлор көзгө чалдыгып, өрүк дарактары бутактарын кең жайып өсөт. Бактын ичиндеги чөп бир тегиз орулуп, бактын четине чөмөлөктөп коюлган. Бирок мал-койлор көзгө чалдыкпайт.
– Элдин мал-кою жайлоодон түшө элек. Эртең-бүрсүгүнү кайра тарта баштайт. Ошондон кийин гана кимде канча туяк бар экендигин билүүгө болот. Калктын жашап турган эски тамдарын, ылайдан тургузулган жапыс дубалдарын, гүвалалүү чаркар жана амбарларын көрүп, эл начар жашайт турбайбы, деп баа берген киши жаңылып калышы мүмкүн. Туура, кийинки жылдарда жаңы там салуу адатка айланды. Бирок көпчүлүк, эң мурда, мыкты жеп-ичкенди ойлойт. Ден соолук тоолуктар үчүн эң биринчи маселе. Дениң соо болсо гана бардык ишиң оңунан келет, дешет тоолуктар. Бул жерлерде заманбап ооруканалар жок. Ондогон, жүздөгөн километр жерге жетип баруу оңой иш эмес, айныкса, кычырыган кыштын күнүндө. Карачы, көңүл бурдуңбу, тынымсыз жел соккон күздүн абасында да алардын эки жүзү албырып, кадам басыштары тың, кетмен сокконунан да байкасаң болот, каруусунан күч төгүлүп турганын. Бул айылдар Баткенден көп деле алыс эмес дечи, сен биз багыт алган эң акыркы айылдын адамдарынан сурап көрчү, шаарда жашаганды каалашат бекен? Өздөрүнүн каалоосу менен ата теги жашап өткөн бул ыйык жерди таштап кетишет бекен? Азыр бир барчу Зардалыда электр да, газ да жок. Бирок адамдар ошол мекенди ыйык тутуп, азыр да жашап келе жатышат. Кээлеринин Баткенде үйлөрү да бар. Ошол көч-көч жылдары мамлекет тарабынан аларга узак мөөнөткө короо-жайлар берилген. Бирок көпчүлүгү күндөр ысый түшүшү менен туулган жерлерине ашыгышат. Айрымдары алтургай ызгырындуу кышта да кетишпейт... Баса, темадан оолактай түштүм окшойт! Мен сага Жума Наманганийдин жоокерлери басып алган айылдар жөнүндө, ал жерде алар кандай мыкаачылыктарды жасашканы жөнүндө айтып берем дебедим беле! Буларды тыңшаганы алың жетет болду бекен? Жакынкы өтмүштү элестете алат бекенсиң? Жазганда да чындыкты болгонун болгондой кагазга түшүрө аласың бекен?
Акмырза байке согушчандар жөнүндө
– Зардалыдан кыйла жогорураакта Жылуу-Суу деген айыл бар. Ал жерден 80 градустагы ысык, минералдуу суу чыккандыктан, адамдар шыпаа издеп келип турушат. Күнү бүгүнкүдөй эсимде, 1999-жылы август айынын аяк ченинде эки бейтааныш адам айылга түшүп, Зардалынын элинен бир кой жана кыйла нан сатып алды. Алар сылык сүйлөгөнү, сатып алган нерселерине айтылган акчаны беришкени үчүн эч ким алардан шек санаган жок. Шыпаа издеп келгендерден болсо керек, деп ойлогонбуз. Мындай жагдай экинчи жолу кайталанганда да бизде күмөн туудурушпады. Анткени алар мусулман жигиттер болуп, такыбалыгы жүздөрүнөн көрүнүп турат: жылмайган кара тору жүзүнө сакал-муруту жарашкан, колундагы кооз тасписи тынымсыз айланып, эки сөзүнүн биринде «Алла ыраазы болсун!» деген ыйык сөз. Жолугушканда жана коштошкондо жалаң гана «Ассалому алайкум!». Айылда мечиттин бар экендигин сурашканынан беш маал намазга жыгылышарын баамдадык. Биз алардан жылуу сууга түшкөнү баргандар эмне менен алектенип жатышканын сурадык, анткени шыпаа издеп келгендер ал жерде көпкө мынчалык кармалышпайт болчу. «Жыргап жатышат!» деди орто жаш киши жарык маанай менен. Бирок эртеси күнү айылдан тааныш адам келип, мени издеп жатканын айтышты. Ал тынымсыз артына үңүлүп карайт, ыраңы кубарып, жолдо бир нече жолу жыгылган өңдүү өңү-башы тытылган абалда эле: «Жылуу-Сууну куралданган жыйырма бир адам ээлеп алды. Тезирээк барып, милицияга кабар бер. Эртең-бүрсүгүнү алар бул жерлерге да келиши мүмкүн. Алардын сөздөрүнөн байкашымча, ушул күндөрдө дагы эки жүзгө жакын шериктери келет экен. Андан кийин аларга дагы алты жүз адам кошулат имиш. Мына ушундай сөздөр. Анда, мен кайра тарттым, болбосо, алар менин качканымды сезип калышат». «Айыкканы баргандар ошол жердеби?» – деп сурадым артына кайтып бара жаткан жердешимен. «Алар туткунда!» бул сөздү угуп, жүрөгүм шуу дей түштү. Зардалыдан жана ага жакын айылдардан участковойду тапканга болбойт, анткени алар болгону бул жерлерге эки-үч айда бир жолу келип кабар алып турушат. Ошол 1999-жылдын май айларына чейин Зардалыда бер нече жоокерден турган текшерүү посту болор эле. Жылуу-Сууга баргандар же жогорудан ылдый түшкөндөр ошол пункт аркылуу өтүшчү. Кайсы бир генералдын оозеки көрсөтмөсү менен эмнегедир алып салышты. Азырга чейин түшүнбөйм буга. Ошол пост турган учурда тынч гана жашайт элек. Куду атайын жасалгандай...
– Согушчандардын талабынан коркконунан кылган кээ бир өкмөт адамдарынын иши эмес бекен? – деп сураймын Акмырза байкеден.
– Билбейм. Эч түшүнө албайм. Май айында алып салышты, августта болсо Жума Наманганийдин жоокерлери пайда болду. Эми өзүң тыянак чыгарып ала бер... Ошентип, айылыбыздын адамдарына бул кабарды билдирип, балдарды бул жерден алып кетишин табыштадым. Өзүм болсо машина таап, Баткен жакты карай аттандым. Бирок жолдо ушул жакын ортодо япон геологдору алтын кенин табуу менен алектенип жатышканы, алардын лагеринде байланыш каражаты болушу эсиме түшүп, ошол жакты карай шаштым. Милициянын кызматкерлери баштап сөзүмө ишенишпеди. Андан кийин жардамчы күчтөр менен жетип келишкенге дейре кыйла убакыт өттү. Бирок бизди Кан айылынан эки аксакал тороп чыкты. Алар куралдуу адамдар алда качан Зардалыны ээлеп алышканын жана мени издеп жатышканын айтышып, ал жакка барбастыгымды кеңеш беришти. Эмне кыларымды билбей калдым. Үй-бүлөм, айылдаштарым душмандын колунда калды го! «Бир нече күн күтө турабыз, жетекчилер келишсин!» – дешти мени менен чогуу келген милициянын кызматкерлери. Эртеси күнү катарыбызга генералдар кошулушту. Бирок согушчандардын талабын билүү үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзгөнгө эч ким даай албады. Жоопкерчиликти дагы мойнума алдым. Чач-сакалдары өскөн, америкалык аскерлердей күжүрмөн форма кийген, бири-биринен күчтүү жигиттердин бардыгынын колунда автомат. Зардалынын айланасын кыдырата үч жерге эки кишиден турган күзөт коюлган. Эч кимди сыртка чыгарбай жатышкан экен. Менин ким экендигимди билишип, талаа командиринин алдына алып барышты. Жайлоодогу чарбадан кабар алганы барган элем, деген сөзүмө ишенишпеди. «Бизди саттыңбы?» дешип, аябай токмоктошту. Ошентсе да айтпадым. «Бизден эмне каалайсыңар?» деген суроомо ал «Силерге жамандыгыбыз жок, биз Өзбекстанга өтүп кетебиз. Бирок бул жерден кеткенибизге чейин сөзүбүзгө кирбесеңер же бизди сатсаңар, аяп отурбайбыз. Айылыңды өрттөп, адамдарыңды атып саламын!» деп жооп берди. Эми аларда мурдагы жалган сылыктыктын ордун оройлук, зордук-зомбулук сыяктуу илдеттер ээлеген, башкача айтканда алар чыныгы жүздөрүн көрсөтө башташкан эле. «Бул жерде канча турсак, тамак-аш бересиң, жатканга оурун-жай менен камсыздайсың. Ошондо гана алтын башың аман калат!»
Кечке жуук алар эки топко бөлүнүштү. Онго жакын согушчан айылыбыздын айланасын кароолго алды. Эски мечитибизди штаб кылышып, курал-жарактарын ошол жерге жайлашты. Экинчи топ белгисиз жакка кетти. Эртең менен уксам, алар япониялык геологдорду жана аларды коопсуз жерге которууга шашкан генерал Шамкеев менен анын эки жан сакчысын туткунга алып, айылга сүйрөп келишкен экен. Туткундарды жолду катар кандай токмоктошкону алардын бети-башынан көрүнүп турат. Буттарында араң турушат, баштарында сызып аккан кан уюп калган.
– Машина айдаганды билесиңби? — деп генералдын сакчыларынан бирине кайрылды өзүн таанытканды каалабаган талаа командири.
– Жок, – деп жооп берди жоокер жигит.
– Намаз окугандычы?
– Билбейм.
– Сенчи? — деди башчы экинчи жигитке көз кыры менен карай.
– Билем.
Күтүлбөгөндө октун үнү жаңырды. Карегинен каары чачыраган талаа командири машина айдаганды билбейм деген жоокерди маңдайынан атып салган эле. Зардалынын калкын коркунуч басып, дүрбөлөңгө түштү. Азан айтылган замат, жаш-кары дебей мечитке чуркоочу болду. Эртең менен, түшкү ченде жана кечинде тапкандарын алардын дасторкондоруна ташый башташты. Кийинчерээк Касым Шадыбеков деген милициянын кызматкерин да кармап келип, суракка тартышты.
«Сен бизге кызмат өтөйсүң!» – деди талаа командири баштап акырын сүйлөп. Анын атын билип алган болчумун. Абдулазиз экен.
«Мен мекениме кызмат өтөгөнү ант ичкенмин. Сага окшогон мыкаачы бирөөлөргө кызмат өтөбөймүн!»
«Атып салам!»
«Колуңан башка эмне келмек!»
«Моюнуңду жулуп алам!»
«Билгениңди жаса!»
Абдулазыз канжарын кынынан сууруп, Касым Шадыбековдун алкымына матады.
«Өзүнүн мекенине курал алып бастырып кирмекчи болгон сендей арамзаларга элдин каргышы тийсин!»
Бул сөздөр башы денесинен үзүлгөн Шадыбековдун акыркы айкырыгы болду. Андан кийин алар Жаңырык айылына кире бергендеги көпүрөнү жардырып, Зардалыга алып барган жалгыз транспорт жолун бөгөп салышты. Ошентип, кыргыз жоокерлеринин чабуулу токтоп калды. Эми алар тоонун ары жагынан – кыйла алыстан туруп ата башташты. Абдулазиздин жан алгычтары түнкүсүн дагы бир жылуу суу чыкчу жер – Кызыл-Ташка чабуул жасап, ал жерди да ээлеп алышты. Базанын жарымын ошол жерге которушкандан кийин Ташы-Каланда катуу атышуулар болду. Мен таң калып жаттым, бир нече күндөн бери атышып жатышса да, эмне үчүн согушчандардын огу аягына чыкпайт? Мунун сырын алар Зардалыдан чегинишкенден кийин билдик. Айланадагы үңкүрлөргө беш тоннага жакын курал-жаракты жашырып коюшкан экен. Алар кетер учурунда Кызыл-Таштагы жерлерге өрт коюшту, табылган алтын кендерин жардырышты. Генерал Шамкеев менен япондорду кыйла акчага сатышты. Бул аз келгенсип, үч-төрт айылдын жайлоодо жүргөн бардык чарбасын алдына салып айдап кетишти.
– Эки ортодогу кагылышууда кыргыздардан канча адам курман болду? – деп суроо берүүгө өзүмдө күч таптым
– Бул кагылышууда бардыгы болуп жетимиш алты адамдын өмүрү кыйылды. Беш жүздөн ашуун жоокер жараланды. Алардын көпчүлүгү бир өмүргө майып болуп калды.
Акмырза байкенин башы ийилди. Бир саамга унчукпай калды. Акырын гана ал киши жакты карай көз чаптырам. Аксакал мага сездирбестикке урунуп, көз жашын аарчып жаткан экен. Жүрөгүм элжиреп, терең кайгыга баттым. Акыр-аягында жүрөгүмдү өйүгөн суроолорго жооп тапкандай болом. Азыр гана сөз болгон 76 кыргыз жигити ким үчүн курман болду? Жандаш жана кандаш өзбек туугандары үчүн эмеспи? Эгерим кыргыздар согушчандарга жолду ачып беришкенде эмне болмок? Ошончо, балким андан да бир нече эселеп көп адам Ферганада, Сохто, Рыштанда курман болбойт беле? Эмне үчүн Баткен шаарында тынчтык үчүн шейит кеткен кыргыз жигиттеринин урматына эстелик тургузулган, а бирок Ферганада мындай эстелик жок? Же болбосо биз жыл сайын Зардалы жактарга барып, ыйык өмүрлөрүн элдин тынчтыгы үчүн берген инсандарды эскерип жатабызбы? Аларга арнап бата-дуба кылып жатабызбы?
– Согушчандардан да жабыркагандар болгондур? – сураймын акмырза байкеден.
– Канчалыгын билбейм. Бирок ушул жакынкы жерлерде болгон атышууда алардан бирөө каза тапкан. Анын сөөгүн Зардалынын көрүстөнүнө коюшкан.
– Эмне, ал жерге баскынчынын сөөгү коюлганбы?
– Ооба, тилекке каршы, ушундай болгон, боорум. Кийинчерээк көпчүлүк эл башка жерге которуп салалы, дешти. Айрымдар мындай жорукка каршы чыгышты. Ошондо жалпы эл, мейли, ордунда калса, кала берсин, деп айтты. Анткени согушчандар япондорду өздөрүнүн эки машинасына салып алып кетишкенден кийин, чамасы арадан эки сааттай убакыт өтүп, бир машина артына кайтып келе баштады. Аны көрүп, дүрбөлөңгө түшкөн эл жашына баштады. Бир маалда машинадан кыргыз жоокер жигит түшүп келди. Тирүү кайтканына сүйүндүк да, таң да калдык. Жоокер тынымсыз «балдарым мени куткарып калды», деп шыбырап, көз жашын токтото албай жатты. Кийинчерээк билсек, андан «Канча балаң бар?» – деп сурашыптыр. Алтоо, деген жоопту уккандан кийин, балдарың сени куткарып калды, деп, атпай коюп жиберишиптир. Ошондой кийин мүрзөнү ордунда калтырууну чечтик.
Кайра ойго талам. Бир гана ырайымдуулуктун айынан жат мүрзө Зардалыдан чыгарып салынбады. Балким буга себеп мусулманчылыктын салтынандыр, эмнеси болгондо да бул айкөлдүктүн туу чокусу эле. Адамдар көрүстөндүн алдынан өтүп жатып, ал жерден түнөк тапкан маркумдарга арнап «Топурагың торко, жаткан жериң бейиш болсун» деп дуба кылганда, бул багыштоодон ошол согушчандын руху да тынч алар? Жалгыз гана жараткан Алла билет!!!
Памир-Алай тоолорунун эң бийик чокусунан өттүк. Ылдый караган адамдын жүрөгү апкаарый түшөт. Акмырза байке бул ашууну өзбекчесинен Кара-Ашуу дегенде, ого бетер жүрөгүң болк эте түшүшү табигый жагдай. 3500 метр чамасындагы бийиктикте оюңа эмнелер гана келбейт дейсиң? «О Теңир, өзүң сактай көр!» деп жалбарасың, жалбара бересиң!
– Мына, акыр-аягында Зардалыга жетип келдик! – деп машинаны токтотту Акмырза байке. – Тетиги, ылдыйда көрүнүп турган Зардалы айылы. Чынын айтсам, сен ушул жыйырма жылдын ичинде бул жерге кадам шилтеген биринчи өзбексиң! Биринчи журналистсиң!
Бул сөздөрдөн сүйүндүм да, оңтойсузданып да калдым. Кантип эле, бизди деп өлүмгө тике караган адамдардын элесине жасаган мамилебиз ушундай болсун? Эмне айтаарымды билбей, ыңгайсыз абалда калдым. Акмырза байке менин абалымды байкады окшойт, эстүү жан эмеспи, мага машинага отурууну сунуш кылды: «Жүрү, кечке калбай, айылды кыдырып чыгалы!»
Чоң деле болбогон айылда жалгыз гана көчө болуп, эки жагы пахса жана таш менен курчалган үйлөр. Кийинки жылдарда курулган жаңы имараттар менен бир катарда учурда адам жашабаса да, өткөн кылымдын 30–40-жылдарында ылай менен таш аралаш көтөрүлгөн кадимки эски тамдар сакталып калган. Башталгыч класстар үчүн мектеп, медициналык тейлөө пункту, мечит, көрүстөн... Бирок чаканыраак болсо да, бир да дүкөн көзгө чалдыкпайт. Акмырза байке Зардалыда бардык нерсе ушул жердин өзүндө өстүрүлөт, деп күлүмсүрөп койду. Андан кийин согушчандар штаб кылып алган мечитти көрсөттү. «Баскынчылар кеткенден кийин мечиттин короосунан эчендеген каптарда шприцтерди таптык. Оңбогурлардын намазга жыгылганы эмнеси да, тамырына банги затты жибергени эмнеси? Ушубу мусулманчылык? Ушубу Кудайдын буюрганын жасоо? Куран каримде бирөөнүн жанын кыюу каралганбы? Таптакыр тааныш болбогон адамдарды туткунга алып, чоң акчага сатуучу? Мына журтуңа өтмөкчү болгон жоокерлердин чыныгы жүзүн ачып берүүчү далилдер. Халифаттыкты орнотот имиш, мечит жана медреслерди ачып, Ислам дининин эрежелери боюнча иш жүргүзүшөт имиш. Эмне, Өзбекстанда мечиттер жокпу? Медреселерчи? Адамдар намазга жыгылышпайбы? Мен билгенден, Өзбекстан байыртадан жеткилең диний даанышмандар, окумуштуулардын журту. Имам Бухарий сыяктуу кеменгер адамдар жетишип чыккан жерде, Замахшарий, имам Матурудий, имам ат-Термезий, имам Маргыланий өңдүү улуу инсандар жашаган өлкөдө халифаттыксыз да адамдар ыйманда, исламда. Ошондуктан биз кыргыздар мындай ыйык журтту бир топ мыкаачы шүмшүктөрдөн коргодук. Ошондуктан да биз кыргыздар жанаша кошунабыз болгон өзбектер үчүн өмүрүбүздү кыйдык! Ооба, сен жыйырма жыл мурда келүүгө жана макала жазууга тийиш элең. Бирок изги иштин эч качан кечи болбойт!»
Акмырза байке абдан туура айтты. Изги иштин эч качан кечи болбойт! Бул чакан макалада бардык көргөн-билгендеримди баяндай албасмын. Бирок жазыла турган чыгармамда кыргыз элинин баатыр уулдары, айкөл инсандары жөнүндө кененирээк токтолуу, ал жерде болуп өткөн кайгылуу окуяларды болгонун болгондой чагылдыруу нээтим бар.
Зардалыдан өтө кеч кайттык. Түн караңгысында ашууда жүрүү дагы да коркунучтуу экен. Бет маңдайдан күтүлбөгөндө чыгып калчу бурулуштар кооптуу болгондуктан, Жаныбек кокус рулду бурганга үлгүрбөй калса эмне болот, деген коркунуч ой мээден чыкпайт. Бирок ал чебер айдоочу экендигин дагы бир жолу далилдеди. Теңирдин буйругу менен ал бизди соо-саламат Баткенге жеткирип келди. Шаарга кыйла кеч кайтканыбызга карабай, Акмырза байке мага эстеликке барууну сунуш кылды. Улуу Ата мекендик согушта курман болгон кыргыз жоокерлеринин элесине орнотулган чоң эстеликтин алдында Баткендин айланасындагы салгылашууларда жанын аябаган баатырларга арнап монумент орнотулган экен. Мраморго оюп жазылган маркумдардын ысымдарын бир-бирден окуймун:
Андан кийин дагы ойго талам. Бул эстеликтин нускасын Ферганада да тургузсак кандай болот? Кыргыз элинин Баткенде курман болгон март перзенттерин жаштарыбыз тааныса, алардын элесине урмат билдиришсе, эки элдин бири-бирине болгон мээрими, ишеними, достугу дагы да күчөбөйбү? Турган сөз, күчөйт. Неге дегенде, бул опаасыз дүйнөдө достуктун жана эрдиктин үлгүсүн бардык элдер деле көрсөтө бербейт!
Акбар Мырза, журналист, жазуучу
Эл аралык жазуучулар уюмунун мүчөсү
Ташкент – Баткен – Ташкент,
2019-жылдын сентябры
Количество просмотров: 1048 |