Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Кулмамбетов Ж.О., 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 22 декабры

Жаныш Осмонович КУЛМАМБЕТОВ

Биз, экөөбүз

(Эки бөлүмдүү лирикалык комедия)


Катышуучулар:
Тилек – күйөөсү.
Жийде – аялы.


Пролог

Чоң шаардын ичиндеги көпүрөө. Күүгүм кирген маал. Шаардын жарыктары жымыңдап, көздүн жоосун алат. Ээн турган көпүрөөнү көздөй эки жактан эки караан келатышты, бири-бирин беттеп. Бирөө аял, экинчиси эркек эле. Экөө көпүрөөнүн дал ортосуна келгенде бири-бири менен жолугушту.
Аялдын карааны. Бул кайсы көпүрөө?
Эркектин карааны. Тааныбай атасыңбы?
Аялдын карааны. Жок, жаңы салынган көпүрөө экен го, ээ?
Эркектин карааны. Жаңы эмес.
Аялдын карааны. Жок, жаңы экен.
Эркектин карааны. Эски эле...
Аялдын карааны. Мурун бул жерде мындай көпүрөө жок болчу.
Эркектин карааны. Бар эле болчу, просто...
Аялдын карааны. (Башын чайкап) Жок болчу. Элес-булас эстеп атам, бузулган, тамтыгы чыккан, бир эски-и көпүрөө турчу.
Эркектин карааны. Ооба, турчу ошондой бузулган көпүрөө.
Аялдын карааны. Мен да ошону айтып атпаймынбы. Бул жаңы турбайбы. 
Эркектин карааны. Жаңы эмес – ошол эле, просто...
Аялдын карааны. Кантип, жаңы эмес? Кантип, бузулганынын ордуна жаңысы туруп калды?
Эркектин карааны. Ошол эле эски, просто, ремонттолгон.
Аялдын карааны. Ремонттолгонго окшобойт го, жаңы салынгандай экен. А ким ремонттоду муну?
Эркектин карааны. Ким, дейсиңби?
Аялдын карааны. И-и?..
Эркектин карааны. Ким болмок эле... (Пауза) Келчи, башка сөзгө өтөлү. Билесиңби, мынабул көпүрөө, биздин көпүрөө эмеспи?
Аялдын карааны. Биздинби?
Эркектин карааны. Ооба, биздин. Экөөбүздүн эски көпүрөөбүз. 
Аялдын карааны. Да-а, эстедим... ошол турбайбы. Баягы эски көпүрөө. (Кусалык менен) Экөөбүз далай жолу асмандагы жылдыздарды тиктеген көпүрөө.
Эркектин карааны. Аның чын. Биз туруп алып далай кыялданган көпүрөө.
Аялдын карааны. Кайран көпүрөө...
Эркектин карааны. Көрдүңбү, тээтиги жылдыздарды?
Аялдын карааны. Көрүп атам.
Эркектин карааны.Ошол жылдыздардын бирөө сенсиң.Бирөө менмин.
Аялдын карааны.Эки жылдыз бири-бирин түбөлүк сүйөт.
Эркектин карааны.Анткени,сүйүүсүз жашоо болушу мүмкүн эмес да!.. (Эки караан кол кармашып, узакка чейин көпүрөөдө турушту).


Биринчи бөлүм 

Биринчи сахна

Квартира. Эшиктин коңгуроосу капысынан «чар!» этти да, тынымсыз шыңгырады. Анан, коңгуроо тып басылды. Эшикти тарсылдатып койгулап, жанталашып, кыйкырып атты эркек.
Эркектин үнү. Ай, Жийде!.. Ач эшикти!.. Ач!.. Жийде!.. Жийде!..
(Квартиранын ичинен жооп болгон жок. Аңгыча эшиктин кулпусу «шарт-шурт» этип буралды да, сырттан кийим-башы жагжайып, чачы бириндеген, үрөйү учкан, өңү купкуу болгон Тилек кирип келди. Эки жагын алаңдап карап, үрөйү учкан боюнча бөлмөлөрдүн эшиктерин биринен сала бирин ачып жиберди да, бирөөнүн ичине үңүлүп, элейе түштү, бир паска).
Тилек. (Үрөйү уча кыйкырып) Жийде-е!!! (Бөлмөгө кирип кетти. Бир аздан соң денеси кыймылсыз сундуйган Жийдени көтөрүп, дендароо болуп бөлмөдөн кайра чыкты. Аялын бөлмөнүн чок ортосуна жаткырды да, бышактап ыйлап жиберди). 
Жийде-е!.. Эмне үчүн?.. Эмне үчүн минттиң?!.. Эмне үчүн?!.
(Тилектин эси эңгиреп ыйлап атканда Жийде бир көзүн аяр ачып, Тилекти сынай тиктеди да, табалагансып бети-башын тырыштырып койду. Тилек көз жашына ээ боло албай Жийдеге жалооруй карады. Жийде көзүн шарт жума салып, ың-жыңы жок болуп калды).
Тилек. (Эмне кылаарын билбей, ордунан туруп телефонго барды) Ай, кудай ай!.. Эмне кылам, эми?!. Эмне кылам?!.
Жийде. (Көзүн акырын ачты да, мурдун чүйрө жактырбай, эликтип ийди, өзүнчө) Эмне кылышты эми ойлонуп атасыңбы?! Жаныңа таш батып атабы?! А сен канча жолу менин жаныма таш батырдың эле, ыя?!. Башынан, башынан ойлонуш керек болчу, дорогой, ты мой... И-и, бармагыңды тиштеп атасыңбы?!. Ушундай болмок!.. Ушундай болмок!...
(Тилек, Жийденин сөзүн чала-була угуп, аялы тарапты жалт карады. Жийде билмексен болуп сулк жатып калды).
Тилек. (Айласы куруп,өзүнчө) Э, кокуй!.. Э, кокуй!.. Эми эмне болот?!. Эми эмне болот?!. 
Жийде. (Ого бетер табалай, өзүнчө) Карасаң, карасаң ... калп күйүп атканын карасаң!.. Анткор, ий, анткор!... Калп күйөсүң!... Калп ыйлайсың!.. Жок дегенде бир жолу чын пейилден күйүп койсоң боло!... Баскан-турганыңдын баары калп, сенин!..
Тилек. (Чочуп кетти, Жийдеге учуп жетти.) Эмне?!. Эмне дедиң?!.. Бир нерсе дедиңби?!.. (Эч нерсе билмексен болуп былк жаткан Жийдени силкилдетип ийди. Жийде тирүүлүктүн жышааны жок сулк жатып калды.) Жийде!.. Жийдеш!.. Көзүңдү аччы!.. Көзүңдү аччы!.. (Жийде ың-жыңсыз. Тилектин эси эңгиреп турду. 
Пауза).
Жийде. (Тилекке байкатпай көзүн ачып, тигини табалай, тиктеди, өзүнчө) Дагы чала!.. Дагы аз!.. Мындан да жаман болосуң!... Еще как жалдыратам мен сени!.. Еще как!.. Көрөм… Көрөм ошондо!..
(Тилек Жийдени жалт карады. Аялы көзүн шарт жумуп, сулк жатып калды.
Пауза).
Тилек. (Жаны түтөп, өзүнчө) Мынчалык мен сага эмне кылдым?! Эмне кылдым мен, сага?!.
Жийде. (Тилекке байкатпай көзүн ачып, башын чайкап, өзүнчө). Дагы эле өзүнүкүн бербейт! Дагы эле!.. (Сөөмөйүн силкилдетип) Оңолбойсуң, сен!.. Оңолбойсуң! Өзүңдү актап, өзүңдү жактап жүрүп жеткирдиң да ушул күнгө, мени. 
(Тилек Жийдени сынай тиктеп калды. Жийде дым чыгарбай сулк жатты). 
Тилек. (Жаны ого бетер түтөп,өзүнчө) Мени кой, балдарды ойлосоң боло, балдарды!..
Жийде. (Тилекке байкатпай көзүн ачып, жаны түтөй, өзүнчө) Ошол, балдар деп ушу кезге чейин чыдап жашап келбедимби, сендей осел менен. Жок дегенде, түн ортосунда бир жолу туруп эмчек берип... ну, упчу берип койдуңбу, ыя сен, балдарыңдын бирөөнө?! Баарынын түйшүгүн өзүм тарттым. „Акча алып келип атам, багып атам силерди“ деп корстон болгондон башка эмне кылдың, ыя сен?! Иштегениңди колко кылып, өмүр бою!..
(Тилек бир нерсенин шек-шыбатын сезип Жийдеге тигилди. Жийде былк этпей калды. 
Пауза).
Тилек. (Жаны түтөп,өзүнчө) Оселмун да, мен!.. Оселмун!..
Жийде. (Тилекке билгизбей эликтеп) Дважды оселсуң!... Трижды оселсуң!.. Оселдон да жамансың!..
Тилек. (Жаны түтөп,өзүнчө) Оселдон да жаманмын!.. Оселдон да жаманмын!..
Жийде. (Тилекке билгизбей эликтеп) Вот!.. Вот!.. Эми билип атасыңбы ким экениңди?!.
Тилек. (Жаны ого бетер түтөп,өзүнчө) Эми билип атам!... Эми билип атам!..
Жийде. (Тилекке билгизбей, табалап) Кеч!.. Кеч билип атасың, дорогой!..
Тилек. (Жаны күйүп,өзүнчө) Кеч! Кеч билип атам!.. Кеч билип атам!..
Жийде. (Тилекке билгизбей табалап) И-и, ошентип башыңды муштайсың.
Тилек. (Жаны күйгөндөн өзүн-өзү башка муштагылап ийди,өзүнчө) Мага сооп!.. Мага чала!..
Жийде. (Тилекке билгизбей табалап) Уңулдай түш, байкуш! Дагы уңулдай түш!...
Тилек. (Өңгүрөп ыйлап ийди) Ү-ү-ү!.. Ү-ү-ү!..
Жийде. (Тилекке билгизбей табалап) Кана, кана көзүңдөн чын эле жаш чыгып атабы? Ушинтип чын ыйласаң, анткорлонбой, жанагинтип.
Тилек. (Көзүнүн жашын көл кылып Жийденин жанына келди) Жийдеш!.. Карачы, мени!... Көзүмдүн, жашын көл кылып маңдайында турам... Ушуну бир сезсең боло!... (Мөгдүрөп отуруп калды).
Жийде. (Тилекке билгизбей табалап) Неужели ушу сен мен үчүн ыйлап атасың?..
Тилек. (Көзүнүн жашын он талаа кылып кайра Жийдеге тигилди) Ыйлап атканымды билип атасыңбы?! Сезип атасыңбы?!. (Кайра мөгдүрөп калды).
Жийде. (Тилекке билгизбей, мурчуңдап) Көрүп атам, сокур эмесмин!.. Угуп атам, керең эмесмин!... Мхи!... Что-то не вериться, ушу сен мен үчүн ыйлап атканыңа. «Эртең ага-туугандары даттанып келишип, «довел до самоубийства» дешсе, соттолуп кетем» деп жүрөгүң түшкөнүнөн ыйлап атасың го, сен?! Точно, ошентип атасың!.. Билем, мен сенин ким экениңди!.. Биле-ем!.. Жаның таттуу го, чиркин!.. (Капысынан тамагы кычышып жөтөлүп ийди. Тилек чочуп кетип оордунан ыргып туруп, Жийдеге чочулай карады. Жийде Тилекке билгизбөөгө аракеттенип, тамагы кычышканын араңдан зорго басып, адатынча ың-жыңсыз боло түштү. Күйөөсү Жийдени таң кала карап турду да, анан акырын колтугуна колун салып жүрөгүн текшермекчи болду. Жийденин кытыгысы келип, денесин жыйырып, өзүн араң-араң токтотуп атты. Тилек Жийденин жүрөгүн тыңшап, дымын чыгарбай турду, бир нече көз ирмемге. Анан Жийдени сынай карады да, мыйыгынан жылмайып, башын чайкап, билмексен боло ордунан турду). 
Тилек. (Атайын) Ну и что-ж, Тилек, болоор иш болуптур...
Жийде. (Тилекке билгизбөөгө аракеттенип) Эмне деп атат, ыя, мобу?
Тилек. (Атайын) Жаныңды кыйнаганда эмне, тирилтип алмак белең.
Жийде. (Жаны күйүп, бирок Тилекке билгизбей) Жанатан бери калп күйүп атканыңды билгем сенин. Сен жеткен анткорсуң. Мен сага никогда ишенген эмесин. Мына, эми, ким экениң ачыкка чыкты, сенин!..
Тилек. (Атайылап) Өзүңдү колго ал, Тилек. Өлгөн аялың менен кошо өлмөк белең. (Астыртан Жийдеге сынай тиктеп койду).
Жийде. (Жаны күйүп кетти, бирок Тилекке билгизбей) Карасаң айтып турганын, карасаң!.. 
Тилек. (Атайылап) Бир уйду соем да, көөмп коем. (Жийдени сынай тиктеп койду).
Жийде. (Жаны ого бетер түтөп, бирок Тилекке билгизбей) Ой-ой-ой-ой!.. Ой-ой-ой-ой!.. Мобу сараңды карачы, ай, мобу сараңды!... Бир уй менен гана көөмп койгону жүргөн экен да, бул мени!.. Я никогда не знала сенин ушундай скупердяй экениңди!.. Көрсө ушундай экенсиң да, ээ, сен?!. Мен өлсөм, соеруң болгону бир уй турбайбы?!.
Тилек. (Атайылап) Может быть, дагы бир козу кошуп койсомбу, тияк-бияктан тууган-пууугандары келип калса, мунун (Мыйыгынан жылмая Жийдени сынай карап койду).
Жийде. (Жаны ого бетер түтөп, бирок Тилекке билгизбей) Менин туугандарымдын баркы, сен үчүн бир жаман чычкак козучалык эле экен да, ээ?!. «Сенин туугандарыңды сыйлайм, өзүмдүн бир туугандарымдан артык көрөм» дечү эмес белең?!. Жаныңды жеп жүргөн экенсиң да, мамочки-и?! (Пауза). Дагы эмне дээр экенсиң?
Тилек. (Атайылап) Анан... кырк күн чыдасам... (Жийдени астыртан сынай карады).
Жийде. (Жаны ого бетер күйүп, бирок Тилекке билгизбей) Анан?!. 
Тилек. (Атайылап) Анан, импотент болуп калмак белем... (Жийдени сынай карап койду).
Жийде. (Жаны күйгөндөн эмне кыларын билбей, бирок Тилекке билгизбей) Менин өлгөнүмдөн да, сага импотент болуп кала турганың трагедия экен да?! (Ыйлап ие жаздап) Ай, сен өлсөң мен өмүр бою аза күтмөкмүн!.. А сен!..
Тилек. (Атайылап) Кырк күн өткөндөн кийин балдарды да жетимсиретпей бир мама табыш керек да. Башка эмне кылам, анан?
Жийде. (Ордунан ыргып туруп, Тилекти көкүрөккө тарсылдатып койгулап ийди, ыйламсырай) Менден кутула албай жүргөн экенсиң да, ээ, сен?!.
Тилек. (Калп чочуп) Омей!... Сен тирүү белең?..
Жийде. (Бейжайланып) Менин өлгөнүм керек беле ыя, сага?!.
Тилек. «Прощай, я умираю!..» деп өзүң телефон чалбадыңбы мага. Жүрөгүм түшүп жетип келсе...
Жийде. (Ого бетер буркан-шаркан түшүп) Жаныңды жебе!.. Жаныңды жебе!.. Сен мени өлүп калсын дегенсиң!..
Тилек. (Теңелгиси келбей) Жинди болбочу, ай... Мен кантип эле ошентип ойлоюн.
Жийде. (Өңгүрөп ыйлап кирди) Ошентип эле ойлогонсуң!.. Сен дайыма эле ошентип ойлойсуң!..
Тилек. (Куйкасы курушуп) Сен менин ичиме кирип чыктың беле?
Жийде. (Ыйын баспай) Ичиңе кирип чыкпасам да билем, эмне ойлооруңду.
Тилек. (Какшыктап) Кудайсың да, ээ?..
Жийде. (Ыйы ого бетер күчөп) Тилиң жаман сенин!... Тилиң жаман!..
Тилек. (Кыртыштап) Сөзүңө жараша жооп берип атам. 
Жийде. (Жаны күйүп жер тепкилеп ийди) Дайыма ушинтип эрегишесиң, мени менен? Эркек өңдөнүп басылып калбайсың!..
Тилек. (Кыртыштап) А сен эмне, басылып калбайсың, аял өңдөнүп?..
Жийде. (Титиреп кетти) Тилек!.. Менин эмне болуп турганымды билип атасыңбы сен?!.
Тилек. (Жактырбай) И-и?.. Эмне болуп атыпсың?
Жийде. (Жашын ого бетер көлдөтүп) Көрбөй турасыңбы, ыя, сен?!.. Көрбөй турасыңбы?!.
Тилек. (Жактырбай) Эмнени?..
Жийде. (Жашын ого бетер көлдөтүп). «Эмнени?.. Эмнени?..» деп коет!.. Мен эмне үчүн өлгөн атам, ыя?!.. Эмне үчүн?!..
Тилек. (Мыйыгынан) Баягы адатың да..
Жийде. (Жаны түтөп кетти) Сага баары эле баягы!..
Тилек. (Какшыктай) Баягы эмес беле?.. Чын эле өлгүң келди беле? Не знал.
Жийде. (Жаны түтөгөнүнөн тегеренип-тегеренип кетти) Эми эмне кылам?! Эми эмне кылам?!.
Тилек. (Саатын карап) Кеттим, жумушка. Сени менен акыйнек айтышып олтурганга убактым жок. Ансыз да сенин айыңдан жумуштан калдым. (Нааразы боло) Эмне болуп кетти деп жетип келсе, биякка. Оказывается очередную комедию разыгрываешь, блин!..
Жийде. (Эмне кылаарын билбей туталанганынан жарылып кете жаздады) Ушу сага комедиябы, ыя?!.
Тилек. (Кайдыгер) Юмореска...
Жийде. (Көзүнүн жашын көлдөтө Тилекке тигилди) Да?!.
Тилек. (Кайдыгер) Да...
Жийде. (Жаны түтөп Тилекти жаакка бир чапты) Акмак!.. (Шолоктоп ийди).
Тилек. (Ызырынып) Кол көтөрбө, мага!.. Кол көтөрбө!..
Жийде. (Шолоктогону токтобой) Эмне карап турасың, чаппайсыңбы?.. Уруп ийбейсиңби!..
Тилек. (Ызырынып) Чапмак турсун!.. Өлтүрүп коем!.. Кол көтөрбөй жүр!..
(Пауза).
Жийде. (Ый аралаша) Бүттү, Тилек!.. Баары бүттү!.. Мындан ары жашай албайбыз минтип!..
Тилек. (Ачуусун араң тыйып) Ошону эми билип атасыңбы, сен?!..
Жийде. (Солуктап) Бара бер жумушуңа. 
Тилек. (Чыгып кетмекчи болуп барып буйдала түштү) И-и, дагы эмне кылган атасың?
Жийде. (Солуктап) Ишиң болбосун.
Тилек. (Ачуусун тыйып) Эмне үчүн ишим болбойт экен? Айт азыр?..
Жийде. (Солуктап) Айтпайм… мындан кийин менден эч нерсе укпайсың. Бара бер деп атам, жумушуңа.
Тилек. Адегенде айт сен, эмне кылган атканыңды, анан барам.
Жийде. (Солуктап) Эмне, коркуп атасыңбы?
Тилек. (Кур намыстанып) Эмнеден коркот экемин?
Жийде. (Солуктап) Коркпосоң бара бербейсиңби, эмне турасың?
Тилек. (Эмне дээрин билбей) Турам... Эмне, тургузбайсыңбы?
Жийде. (Солуктап) Шашып атпадың беле жумушуңа?..
Тилек. (Эмне дээрин билбей) Успею... 
Жийде. ( Солуктап) Коркпо, эч нерсе кылбайм.
Тилек. (Ишенээр-ишенмексен болуп) Чын эле айтып атасыңбы? 
Жийде. ( Солуктап) Чын эле... Бара бер жумушуңа. 
Тилек. (Кара күчкө) Эмне кууп атасың?.. 
Жийде. ( Солуктап) Сен өзүң кетем деп атасың.
Тилек. (Чөнтөгүнөн мобильнигин алып чыгып) Ал-ло... Мен Тилекмин... Мени эч ким издеген жокпу?.. Мен кичине кармалып барам... Ушу жерде эле жүрөт деп кой, ээ? (Мобильнигин кайра чөнтөгүнө салып койду). Мына, чалып койдум. 
Жийде. (Кайдыгер) Кыйраттың...
Тилек. (Сабырдуу болууга аракеттенип) Давай, спокойно олтуруп, без истерики, без эмоции, чечишип алалы. 
Жийде. ( Кайдыгер) Эмнени чечишип аласың?
Тилек. Как, эмнени?.. Мындан ары эмне кылабыз, ошону сүйлөшпөйбүзбү. 
Жийде. (Жаны күйүп) Канча жолу сүйлөштүк!.. Ушунча жылдан бери сүйлөшүп эле келатабыз, сүйлөшүп эле келатабыз, эмне толк чыкты?!. Баягы эле сөздөр да!..
Тилек. (Сабырдуу болууга аракеттенип) Елки-палки, мы же друг-друга толком не умеем слушать. Если бири-бирибизди нормально угуп, бири-бирибизге түшүнүшсөк, давно баары башкача болмок...
Жийде. (Жаны ого бетер күйүп) Акыл үйрөткөнүңдү дагы баштадыңбы?!.
Тилек. (Куйкасы курушуп) Ким сага акыл үйрөтүп атат?!. Мен просто айтып атам. 
Жийде. (Жаны ого бетер күйүп) «Просто айтып атам…» Сен качан «не просто» айтчу элең...
Тилек. (Куйкасы ого бетер курушуп) Мына, көрдүңбү, нормально уккандын ордуна кайра ушинте баштайсың. 
Жийде. (Жаны күйө) А мен эмнени айтып атам, сага?!
Тилек. (Түшүнбөй) Эмнени айтып атасың?
Жийде. (Жини келип) Ошону!..
Тилек. (Куйкасы ого бетер курушуп) Түшүндүрүп айтпайсыңбы, эмнени айтканыңды!.. 
Жийде. (Аргасы түгөнө) Мына, кайра эле ушинтип башталат!..
Тилек. (Чыдамы кетип) Мен баштап атамбы, ай?... 
Жийде. (Аргасы түгөнө) Анан ким баштап атат?
Тилек. (Жини келе) Ту-уй, ата!... Бир... мындай.... нормально сүйлөшө алабызбы, экөөбүз?!.. 
Жийде. (Жини келип) Титиреңдебе!..
Тилек. (Ызалана) Ким титиреңдеп атат? 
Жийде. (Ачуусу кайнап) Сен титиреңдеп атасың!.. Сен!...
Тилек. (Ызасына чыдабай) Күйгүзбөчү жанды!... Күйгүзбөчү!.. 
Жийде. (Суз тарта) Өрттөнүп кет!..
Тилек. (Туталана) Эмне – е?!.
Жийде. (Суз тарта) Эмне уксаң – ошо!..
Тилек. (Ого бетер туталанып) Мына!.. Көрдүңбү?!. Баарын сен баштайсың!.. Сен!.. 
Жийде. (Суз) И-и, мен баштайм!.. А сен тим эле овечкасың да!..
Тилек. (Жарылып кетти) Не оскорбляй, адамды!.. 
Жийде. (Ого бетер эрегишип) Больно, да?!.
Тилек. (Туталанганынан эмне кылаарын билбей) Ой, блин!.. Ой, блин!.. 
Жийде. (Ого бетер эрегишип) Ошондой болот!..
Тилек. (Күйбөгөн жери күл болуп) Ты, не женщина!.. 
Жийде. (Ого бетер эрегишип) А ты мужчина?!.
Тилек. (Эмне кылаарын билбей) Мы с тобой, никогда!.. Никогда нормальный жашай албайбыз!.. 
Жийде. (Ого бетер эрегишип) Спасибо!.. Спасибо!..
Тилек. (Титиреп) Бүттү!.. Бүттү!.. (Аял-буялга келбей эшикти көздөй жөнөдү). 
Жийде. (Көзүнүн жашын көлдөтө) Бар!.. Кет!... Кет!.. Кет!..
(Тилек чыгып кетти. Жийде шолоктоп ыйлап, жерге бүк түшүп жатып калды).

Экинчи сахна

Тилектин иштеген жери. Караңгы эчак кирген. Тилек ишинде жалгыз.
Телефон менен сүйлөшүп атты.  
Тилек. (Сабыры суз) Жумушта эле олтурам... «Почему так до поздна?» дейсиңби?.. Да, потому, что... Баякы эле Жийде экөөбүз да... Эмне болсун... Ошо да... Знаешь, мы давно перестали друг-друга понимать... «Кто виноват?» ... Незнаю... Можеть быть я, можеть быть она...(Күлүп) Каяктагы сүйүүнү айтасың. Сүйүүнүн түгөнгөнү качан... Да, брось ты, ким бар экен ушул жашоодо бирин-бири өмүр бою сүйүп жашаган... Башында сүйүшөсүң, а дальше что?...Ты просто идеалист... Кетип калайын дейм, не знаю эмне үчүн кетпейм. Жашай берейин десем, невозможно так жить... Да, я прекрасно понимаю, что-то надо делать... А что?.. (Кызыга түштү) Да?... Анан?.. Ну хорошо, ошенттим, анан ал чын эле ишенип калсачы, ошондой киши бар экенине?... Чем это кончится?.... А потом как я выпутаюсь из этой истории?... (Күлүп) Ладно, попробую... А сүрөттү кантип алам?.. Интернеттенби?... (Башын чайкап) Анан, келишкен бирөөнүн сүрөтүн жиберип ийсем.... Чындап сүйүп калсачы аны?.. (Күлүп) Слишком рискованно... Уговорил.... Давай, я сейчас накатаю письмо, а потом позвоню, тебе, хорошо?.. (Телефондун трубкасын коюп койду да, компьютерин иштетти. Эмне деп баштаарын билбей ойлонуп калды). «Уважаемая, Жийде!» (Күлүп ийди) Нет, болбойт, минтип баштаган. «Дорогая, Жийде!..» Нет... «Милая, Жийде!..» Во, это пойдет!.. Вы меня не знаете. А я Вас знаю давно. (Ойлонуп калды) «Я холостой». (Күлүп ийди) Нет, сразу ушинтип баштамак беле?.. Ну, «Я разведен. Мне сорок лет». А можеть быть отуз беш десемчи?.. Хе-хе-хе!.. «Молодой, красивый» деп, тим эле так секирет болуш керек. (Пауза), Же сопляк деп теңине албай коебу? А балким «И-и, көрдүңбү, мени жаш жигит сүйүп калыптыр» деп текеберсинип жүрбөсүн мага? (Пауза), Самое главное жакшы сөздөрдү таап туруп ээритиш керек. (Пауза), «Не спрашивайте, где я Вас видел. Просто, я Вас слишком близко знаю. Вы не замечали раньше, меня. Почему я пишу это письмо?.. Потому что, я влюбился в Вас!... Давно я Вас люблю!... С пеленки» (Бышкырып ийди) Аша чаап кеттим. «С пеленки» дебеш керек. А то келекелеп жазып аткан экен деп ойлоп калышы ыктымал. (Ойлонуп калды) «С детства» десемчи?.. (Күлүп, башын чайкап) Катты жазганды да унутуптурмун. (Пауза). А можеть, сразу эле Пушкинден баштап ийбейимби? Пусть подумает, интеллектуал экен деп. А мен, эмне, интеллектуал эмесминби? Интеллектуал болсом, интеллектуалмын да. (Пауза). 
«Я помню чудное мгновенье,
Предо мной явилась ты!
Как мимолетное виденье,
Как гений чистой красоты!»
(Кудуңдап) Ничего, ай!. Жакшы кат болуп келатат. (Пауза). «Я знаю, что Вы замужем. Но Ваш муж очень стервозный человек». (Күлүп иди) Ха-ха-ха!.. Мен «стервозный» киши экемин да, ээ?.. Нет, нет минтип жазбайм. «Мелочный, майда неме экен» деп ойлоп калышы мүмкүн. Андан көрө великодушный экенимди көрсөтүшүм керек. Ну, вот, например? «Ваш муж наверное замечательный человек» десемчи? (Күлүп) Что правда – то правда. «Вы наверное очень любите дуг-друга» дебейимби. Анан?... Анан «Я знаю, что у меня нет никаких шансов» дейин. «Но, тем не менее моя любовь...» Жок, «Моя сильная любовь...» Жок, «Моя большая любовь...» Во!.. Так «Моя большая любовь к Вам меня столько лет терзает...». Жок, «мучает» дейин. Отлично... «У меня нет больше сил терпеть муки любви...» Жок, «страшные муки люби...» дейин. И-и.. «Поэтому я пишу Вам. Вы можете не ответить. Но, я надеюсь, хотя бы из-за сочувствия ко мне, Вы, как.....как...” (сөз таппай калды). «Как... щедрая...» Жок... «Прекрасная...» Жок!... «Умная...» Во!.. «Вы, как умная женщина не оставите мое письмо без внимания». Великолепно, ой!... Та-ак, теперь «атым» ким?... Атым... атым... атым... «Эсенбай». (Күлүп ийди) «Эсенбай» десем «аты эскиче экен» деши мүмкүн. Андан көрө «Эс... эс...Эсирбай» дейин. (Күлүп) «Эсирген неме экен» десечи? Ну, анда «Эс... Эс...Эс... Эслан» дейин. Во!.. Здорово!.. Так, эми сүрөт табайын. (Компьютеринен сүрөт издей баштады.) Мына – бул немечи? Эх, блин, калдаң кулак турбайбы, чебурашканыкындай болуп. (Пауза). А булчу? Көзү кантет, тырмап тешип койгонсуп. (Пауза). Мобулчу? Мурду салаңдаган неме экен. (Пауза). Мына ушунун лицосу мыкты экен. (Окуп) «Боюм 1 метр 48 сантиметр». Ой, бли-ин, шпендик десе!.. (Ойлоно калып) Эмнеси бар экен, шпендик эмес маа десе лилипут болуп кетсин. Чекесинде жазылып туруптурбу, «лилипут» деп. Оңдоп коем, азыр, «Боюм 1 метр 78 сантиметр» деп. (Кытылдап күлүп) Пожалуйста, все!.. (Өзүнө өзү маашырланып олтурду да, анан телефон чала баштады). Ал-ло!.. Мен.. Бүттүм… Окуп берейинби?… (Окуй баштады). 

Үчүнчү сахна

Ошол эле кеч. Ошол эле убак. Жийденин иштеген жери. Жийде ишинде жалгыз болчу. Түнкү шаарды тиктеп томсоруп турду. Анан көзүнөн жаш кете баштады. Өпкө-өпкөсүнө батпай шолоктоп ыйлап, креслосуна келип олтурду да, далайга чейин токтоно албай атты. Көптөн кийин гана ыйы басылып, жашын сүртүп, маңдайындагы компьютерди иштетти. Бир нече убакка чейин көңүлсүз эле клавишаны баскылап отурду. Бир убакта Жийденин жүнү тириле түштү. Көзү компьютерге кадалып калды. 
Жийде. (Жүрөгү элеп-желеп болуп) А!… Кат… Мага экен!.. (Окуй баштады) «Милая Жийде!..» (Чочуп кетти) «Милая» дейби? (Эки жагын элеңдей карап алды) «Милая, Жийде!..» (Бетин колу менен басып) И-и-ий, кокуй!.. (Күбүрөп окуй баштады) «Я разведен…» А!.. Мамочки— и!.. Бойдок неме жазыптыр!.. «Мне тридцать пять лет…» (Эки бетин колу менен басып) Ай-ий, сала-га…Көчөдө шагыраган жаш кыздар жүрсө мага жазганы эмнеси?!. (Күбүрөнүп окуп ийди. Бир убакта какап-чакап кетти) Кошмар!… «Я Вас люблю» дептир. Ай, салага-а, салага-а, жазганын кара уялбай, жазганын кара!.. (Чочуп кетти) А! Бул маньяк!.. Точно маньяк!… (Селейип отуруп калды. Анан кайра чымырканып окуй баштады). Пушкиндин ыры экен... (Жүрөгү ордуна келип) Ыр жазганына караганда маньяк эмес окшойт. Же … маньяктар да ыр жазабы?.. Маньяк эмес!.. Же… маньякпы?!. (Күбүрөнүп окуганын улантты) «… Вы замужем» Да!.. Я замужем!.. Конечно, замужем!.. (Кайра окуп баштады) «Ваш муж наверное замечательный человек!..» Конечно, очень «замечательный» человек!.. Очень!.. Очень!.. Очень!.. (Башын жерге салып ойлонуп калды. Бир аздан кийин катты кайра окуп баштады) «Вы наверное очень любите друг-друга». (Кейиштүү) Мхи... Еще как!.. Бири бирибизсиз жашай албайбыз… ит менен мышыктай болуп. (Окуганын уланта баштады) Далай аялдарга жазсаң керек ээ, ушинтип өлүмүш болуп. (Кайра окуй баштады). «Моя большая любовь к Вам, меня столько лет мучает”. Мамочки-и, мобу маньяк эмне деп атат, ыя?!. Ойнубу, же чыныбы?!. (Ичинен күбүрөнүп окуй баштады) «Вы как умная женщина не оставите мое письмо без внимания». (Башын чайкап) Карасаң, карасаң… Бал тилге салып атканын. Ой-ой-ой... Ушинтип жазса эле мен мороженоедей ээрип кетет экемин да? Мхи… Тапкан экенсиң, майбашты!.. Хитрый жук окшойсуң. Ушу сен жылмаңдаган неме болушуң керек, кыз-келин дегенде. (Окуп) «Эслан» (Керкакшык менен) А почему не Эсенбай? Жап-жакшынакай кыргыздын аты. Баары эле Тамерлан болгусу келишет. И не понимают что «лаң» деген «оору» деген сөз экенин. «Эс-лан» — «Эси — оору дегенди билдирет. То есть маньяк. «Нур-лан» Нур — оору дегенди билдирет. «Мир-лан» – Мир – оору» деген сөз. Вот-что это такое милые вы мои! Муну айтканда эмне, айтпаганда эмне… Ну ладно… Мобуну кантем эми?.. (Алаканын шак коюп) Сүрөтүн кара – красавец турбайбы!.. Анан, ушул мага кат жазып атабы?!. Что-то не верится. Шылдыңдап аткан жопу, ыя, мени?… (Пауза) Эмне кылсам?.. (Пауза) Жогото турганым эмне? Жоголчу нерсе ансыз деле эчак эле жоголгон. (Кейиштүү күлүп) Балким, бул мени «шансымдыр?» (Жооп жаза баштады).

Төртүнчү сахна

Ошол күндүн жамгырлуу кечи эле. Шаарды аралап аккан чоң сууга салынган көпүрөө. Кол чатырын көтөргөн Тилек көрүндү алыстан. Көпүрөөнүн үстүнө келгенде токтоду да, балюстрадага жөлөнүп туруп калды. 
Тилек. (Өзүнчө) Араң таппадымбы. Тү-үй, таакыр эсимден чыгып калыптыр да. (Башын чайкап) Далай келген жеримди унутуп калганымды карасаң. (Эки жагын карап) Тегереги өзгөрүп кетиптир да. Тээтиги үй жок болчу. Мына бул үй жок болчу. А мобул жердеги үй каякка кеткен? (Таң кала) Килтейген үй турчу эмес беле? (Пауза) Таң калычтуу... Вроде орду турат, өзү жок. (Көпүрөөнү кунт кое карады) Сен да эскириптирсиң. Сырларың жап-жаңы болчу. Ошондон бери эч ким сырдабаптыр да сени. Унутта калган турбайсыңбы, сен. (Башын чайкап) Мурда жапжарык болуп турчу да, түнүчүндө да. Азыр абайлап баспаса, сууга учуп түшчүдөй болуп калыпсың да. (Пауза. Үнүндө кандайдыр бир кейүү пайда болду) Да-а... Ушул көпүрөөдөн жолукканды жакшы көрчү элек, дайыма. Сен тиягынан келчүсүң, мен биягынан келчүмүн. Анан чуркап келип, көпүрөөнүн так ортосунан кучакташып калчубуз. Моминтип (өзүн-өзү сыга кучактады. Пауза.
Үнү каргылдана түштү) Омей… Мен эмне болуп турам, ыя? Ыйлагым келип атат да? (Анан токтоно албай, өпкө-өпкөсүнө батпай, ыйлап жиберди. Кыйладан кийин өзүн зорго токтотту. Кара күчкө) Эй, болду!.. Болду!…Бырбыңдаба!.. Сен эркексиң!.. (Дароо куйкасы куруша түштү) Эркек болсо эмне экен?!. Ыйлабас болуптурбу, эркек?!.. Это же просто предрассудки!.. Баарыбыз адамбыз – эркекпи, аялбы. Адам болгондон кийин ыйлайбыз, күлөбүз!.. Ыйлайм, еще как ыйлайм!.. (Пауза). Эй, акырын, өзүңө-өзүң эмне олунуп атасың, ыя? Бирөө менен жакалашып аткансып?!. (Аргасы түгөнгөн немече кейиштүү күлүп.) Бирөөлөр көрсө айтат, мас болуп алып ыйлап атат деп. ( Чорт кесе) А мас болсо эмнеси бар экен?!. Адам мас да болот ушинтип, керек болсо!.. Анан эмне момпосуй жутуп алгансып, момурайып жүрө бериш керек бекен, дайыма. Это то же предрассудки. (Пауза) Эй, болду өзүңө өзүң чакчаңдабай!.. (Улутунуп) Я так устал, от этих условностей. (Чарчаңкы) Эй, хорош, давай, не надо тут меланхолию разводить. (Селдейип туруп калды) Эмнеге келдиң эле бул көпүрөөгө? (Эстей албай) Эмнеге?.. Баса, эмнеге келдим эле?.. (Эстей албай убара болуп турду. Чекеге өзүн бир чапты) Склероз, блин!.. (Дагы эле эстей албай атты).

Бешинчи сахна

Квартира. Жийде жасанып, түзөнүп, улам бир кийимин кийип көрүп күзгүгө каранып атты. 
Жийде. (Күзгүгө каранып) Көтөрүм болуп калгам го? Мени ушундай көрсө «швабрага көйнөк кийгизип койгонсуп, мобу аял кантет» дейт го. (Дагы бир кийимин кийип көрүп) И-ий, кокуй, крокодил болуп калдым, тим эле!.. Мунун кийгенге такыр болбой калган турбайбы. (Анысын чечип башкасын кийди) Ой, мамочкаи-и, клоун!.. (Мимикасы менен клоунду туурап койду. Күлүп) Балбес!.. Нет, бул жарабайт. (Дагы бир кийимин кийди) Мына, вот!.. Ничего у меня фигура, оказывается. Конечно, не восемнадцать лет. Но, и то хлеб… Балтырым отлично экен да. Сандарым… Прекрасно!.. Любой эркек суктанчудай. Ушул үчүн жазып атыптыр да жанагы «Эси оору», маньяк. (Башын чайкап) Бедный ты Тилек, бедный ты мой. Все. Ты потерял меня. Карачы, девочка болбосом да кандай экенимди,… Вот, что ты теряешь...
(Ошол учурда квартирага Тилек кирди. Жийде унчукпай кийимдерин жыйыштыра баштады. Тилек эмне болуп атканын түшүнүп, бышкырып ие жаздап токтоду).
Тилек. (Калп эле кабагын түйүп) Төркүнүңө кетейин деп атасыңбы?
Жийде. (Куйкасы курушуп) А почему төркүнүмө кетет экемин?
Тилек. (Кара күчкө) Не знаю… Кийимдериңди жайнатып алганыңдан айтып атам. 
Жийде. (Кырс) Обязательно төркүнүнө кетээрде ушинтип жайнатыш керек бекен? 
Тилек. Анан каякка кетесиң? Свиданиеге барасыңбы? 
Жийде. (Чочуп кетти, бирок билгизбөөгө тырышып. Атайылап аткансып) Барам!.. Керек болсо.
Тилек. (Күлүп ие жаздап, бирок кабагын калп түйүп) Бар… Кто он?
Жийде. (Ого бетер чочуп кетти. Бирок дагы билгизбөөгө тырышып)
 Кимди айтып атасың?
Тилек. (Калыбынча) Мхи… Кавалериңди айтып атам.
Жийде. (Демин басууга аракеттенип) Сен эмне деп атасың, ыя?
Тилек. (Калыбынча) «Свиданияга барам» дегениңен айтып атам.
Жийде. (Кара күчкө) Мамочки-и!.. Качан айттым мен сага ошентип?!.
Тилек. (Калыбынча) Айткан жоксуңбу?
Жийде. (Кара күчкө) Мобу эмне деп атат, ыя?
Тилек. (Жийдени туурай какшыктап) «Мобу» туура эмес угуп алыптыр. Кечирип коюңуз.
Жийде. (Нааразы боло) Башталдыбы дагы?
Тилек. (Кара күчкө) Мен баштап атамбы? Мен бирдеме дедимби?
Жийде. (Какшыктап) Жо-ок, сен каяктан баштамак элең. Ты же ангел.
Тилек. (Тамашага чалып) Кандай ангелмин?
Жийде. (Кырс) Эмне?
Тилек. Азрейилминби же Жебрейилминби деп атам?
Жийде. (Куйкасы курушуп) Шылдыңдаба!
Тилек. Омей, сага сөз айткан киши эле шылдыңдаган болобу? Просто, өз сөзүңө жараша жооп берип атам. 
Жийде. (Какшыктай) И-и… сөзсүз жооп бериш керек да, ээ? Жооп бербесең бир жериң кемип калат да, ээ?
Тилек. (Капыстан кара күчкө) И-ий, кокуй!..
Жийде. (Чочуп кетти) Эмне болду?!.
Тилек. (Өлөсөлүү сүйлөп) Карачы, карачы, пожалуйста!..
Жийде. (Түшүнбөй, алактап) Эмнени?!.
Тилек. (Калыбынча) Карачы деп атам, карабайсыңбы!..
Жийде. (Чебелектеп) Эмнени?!.
Тилек. (Калыбынча) Түшүп калды!..
Жийде. (Түшүнбөй чебелектеп) Эмне түшүп калды?!.
Тилек. (Калыбынча) Бутум!..
Жийде. (Дагы эле түшүнбөй) Бутуңа эмне болду?!.
Тилек. (Калыбынча) Түшүп калды,бутум!..
Жийде. (Тилекке таң кала карап) Ай, сенин дени-кардың сообу, ыя?
Тилек. (Калыбынча) Эмне болду?
Жийде. (Ого бетер таң кала) Эмне деп атасың сен?!.
Тилек. (Калыбынча) Эмне деп атыптырмын?..
Жийде. (Таң кала) Ай, «Бутум түшүп калды» деп атпайсыңбы?
Тилек. (Калыбынча) Түшүп калыптырбы?
Жийде. (Ого бетер таң кала) Мамочки-и, мобул эмне болуп атат, ыя?
Тилек. (Калыбынча) Эмне болуп атыптырмын?
Жийде. (Кооптуу) Көзүңдү көрсөтчү бери!..
Тилек. (Көзүн бакырайта ачып) Что, сумашедшие глаза, да?
Жийде. (Куйкасы куруша түштү) Эмне ойнотуп атасың мени?
Тилек. (Кара күчкө) Менби?.. Боже упаси!..
Жийде. (Жактырбай) Ажыкыстанба!..
Тилек. Просто, коркуп кеттим!
Жийде. (Түшүнбөй, бирок жактырбай) Эмнеден?
Тилек. Бир жерим «кемип» калган го деп.
Жийде. (Жини келип) Бирөөнү келекелетип эле койсо, сага!..
Тилек. (Тамашага чалып) Болуптур, болуптур, эми. Андан көрө чыныңды айтчы?
Жийде. (Түшүнбөй, кырс) Эмнени айтайын?
Тилек. (Мыйыгынан сынай жылмая) Каякка даярданып атасың?
Жийде. (Уурусун карматкан немече) Каякка даярданып атыптырмын?
Тилек. Ошону билейин деп атпайымбы, сенден.
Жийде. (Сынай) Качантан бери кызыгып калгансың, менин баскан-турганыма?
Тилек. Бир үйдө жашап атсак, кызыгам да.
Жийде. Мурдараак кызыгыш керек болчу, кечигип калдың, дорогой.
Тилек. Да?
Жийде. Да.
Тилек. Бүгүн что-то настроениең жакшы сенин… Күлмүңдөп эле калыпсың.
Жийде. Мен күлмүңдөп калыптырмынбы?
Тилек. Ооба, Сиз күлмүңдөп калыптырсыз. Бир билгениңиз бар го?
Жийде. (Калп өңгөчүн тартып) Жинди неме го, мобу! 
Тилек. Лучше скажи правду. 
Жийде. Кайсы правданы айтып атасың?!
Тилек. Ошо правданы.
Жийде. (Кара күчкө ) Капырай де… 
Тилек. (Күлүп) Чаргытпа, дорогая, чаргытпа. 
Жийде. Сен эмне тергеп атасың мени?
Тилек. Баары бир билинет. Андан көрө өзүң айт. Көзүңдөн көрүп турам. 
Жийде. (Мурдун чүйрө) Фрейдсиң да сен, эми…
Тилек. Причем тут Фрейд. Любой адамга көрүнүп турат.
Жийде. (Суз болууга аракеттенип) Эмне көрүнүп турат?
Тилек. (Күлүп) Ай, сен эч нерсе жашыра албайсың, ууруңду оңой эле карматып коесуң.
Жийде. (Кара күчкө) Сен эмне деп эле дөөдүрөп атасың?
Тилек. (Мыйыгынан) Мхи… Дөөдүрөп… (Сырдуу) Көрөбүз…
Жийде. (Шектүү) Эмнени?
Тилек. (Сырдуу) Кимибиздин дөөдүрөп атканыбызды.
Жийде. Сен бир нерсе болуп турасың, бүгүн.
Тилек. Мен эч нерсе болгон жокмун. Вот, сен бир нерсе болуп турасың.
Жийде. (Атайын нааразы болгон түр көргөзүп) Эмне мага асылып калдың?
Тилек. ( Ийнин куушуруп, таң калып) Мен асылып атамбы, сага?
Жийде. Асылып атасың,эшиктен кире элек жатып эле.
Тилек. (Башын чайкап) Шектүү шекшинет болбочу, пожалуйста.
Жийде. (Териге) Эмне шегимди билесиң?
Тилек. (Ийнин куушуруп) Билбейм… Башкача болуп калыпсың, бүгүн.
Жийде. (Сөз таба албай) Айта түш…
Тилек. (Сырдуу) Бир мандемиң бар сенин.
Жийде. (Оозун камдап) Эмне «мандемим» бар экенин билгиң келип турабы?
Тилек. И-и, билгим келип турат.
Жийде. Чын элеби?
Тилек. Чын.
Жийде. Чалкаңан кетпейсиңби, анан?
Тилек. ( Каткырып ие жаздап, өзүн араң токтотту) Чалкаман кетемби?
Жийде. Кетесиң.
Тилек. Хорошо, кетирчи көрөйүн.
(Пауза).
Жийде. (Оозун таптап) Тилек…
Тилек. Угуп атам… Угуп атам…
Жийде. Как ты думаешь… Меня могут… (токтоп калды).
илек. Сүйлө, сүйлө…
Жийде. (Олку-солку боло) Меня могут…
Тилек. (Шаштырып) Что «могут?». Говори, же…
Жийде. (Ооз учунан) … полюбить.
Тилек. Как полюбить?!. Кто?!..
Жийде. «Кто, кто?» «Дед пекто». А дегенде суроомо жооп бербейсиңби.
Тилек. (Күлүп ие жаздап, өзүн араң токтотуп) Полюбить… Полюбить… (Жийдени башынан-аягына чейин сынай карап чыкты). Да-а, ты еще привлекательная, дорогая.
Жийде. (Чын дилинен) Чын эле айтып атасыңбы?
Тилек. Калп айтып жаныма эмне күч келиптир. (Жийдени сынай карап) И-и… Бирөө сени сүйүп калган экен да, ээ?
Жийде. (Жооп кылып) Ооба, сүйүп калыптыр.
Тилек. (Өзүн араңдан зорго колго алып, калп нааразы боло) Анан түз эле айтпайсыңбы, дароо эле. «Фрейд-срейд» деп башымды оорутпай. Еще мени «дөөдүрөтүп.
Жийде. Эмне, жакпай калдыбы?
Тилек. (Кара күчкө нааразызы боло) Аялыңды бирөө сүйүп атса кимге жагат экен?
Жийде. (Сынай тиктеп) Ичиң ачышып атабы?
Тилек. (Кара күчкө) Эмне үчүн ачышат экен? Просто…
Жийде. Не пытайся скрывать, ачышып эле атат.
Тилек. Ачышпайт-этпейт.
Жийде. (Мыйыгынан) Бедный, ты мой, муженек. Айткың келбейт, ээ, чыныңды.
Тилек. (Кара күчкө) Ачышпайт. Эмнеге ачышат? Просто…
Жийде. (Мыйыгынан) «Просто…» Баары бир жашыра албайсың. 
Тилек. (Кырс) Сеники чын.
Жийде. (Мыйыгынан) Ичиң ачышса — туз жала.
Тилек. (Кара күчкө) Уялып калгандын оордуна, карасаң, ой, момунун айтып турганын.
Жийде. А эмнеге уялам?
Тилек. (Кара күчкө) Как «Эмнеге уялам?» Бирөө менен… свиданиеге барган атып. Я же еще твой муж, как-никак.
Жийде. (Таң кала) Эмне свиданиени айтып атасың?
Тилек. Анан эмне, «любить» эткен киши менен только SMS-сообщение жиберип сүйүшөсүңбү? «Воздушный поцелуй» кылып?
Жийде. (Кырсыя түштү) Эмнеси бар, ошентсе ошентем эле.
Тилек. Кайсы келесоо макул болот экен андай виртуальный «сүйүүгө»?
Жийде. (Кырсыя) Обязательно эле кучакташып, өбүшүп… төшөккө жатыш керекпи? 
Тилек. Обязательно ошентиш керек. Антпесе, анын эмнеси сүйүү, анда?
Жийде. (Кол шилтеп) Баары бир түшүнбөйсүң сен. Эч качан түшүнгөн эмессиң.
Тилек. Ну, конечно, я же тупой.
Жийде. Дагы баштадыңбы?
Тилек. Сен өзүң баштап атасың.
Жийде. Болдучу, ушунчаңда унчукпай калчы. Пожалуйста!
Тилек. (Өзүн араң токтотуп) Ал ким экен, «Принц на белом коне?».
Жийде. Дагы шылдыңдап атасыңбы?
Тилек. Кандай эле, сага сөз сүйлөсө эле баарын тескери кабыл аласың?
Жийде. (Жаны күйүп) Биздики тескери болуп калганы качан,Тилек. Ошон үчүн ушул күнгө жетпедикпи. Неужели, ушуга түшүнбөй атасың сен?
Тилек. Давай, баштабайлы?
Жийде. Сен баштап атасың.
Тилек. Болуптур, болуптур. Оказывается баарына жалгыз мен күнөөлү экемин. Хорошо, мен койдум. Анда сен да тыйылып кал.
(Пауза).
Эми эмне кылабыз?
Жийде. (Керкакшык менен) «Эмне кылабыз?» Сен катын аласың, а мен…
Тилек. Күйөөгө тиесиң.
Жийде. (Атайын) Тием!
Тилек. Прекрасно!.. Анан мен тоюңа гүл көтөрүп барам да, ээ, экөөңдү куттуктап? «Бажам» менен чопулдашып өбүшөм да, ээ?
Жийде. (Жарылып) Сен оңолбойсуң!.. Оңолбосуң, эч качан!.. (Кийимдерин жыйнай салып, башка бөлмөгө кирип кетти).
Тилек. (Мыйыгынан күлүп) Аны көрө жатабыз, дорогая.


Экинчи бөлүм

Алтынчы сахна

Жийде менен Тилектин иштеген жерлери. Иш бүткөн маал. Иштеген жерлеринде экөөнөн башка эч ким жок. Жийде компьютерден көзүн албай, бир нерсе издеп жатты. Тилек телефон менен сүйлөшүп аткан.
Тилек. (Күлүп) «Клюнула?» дейсиңби?.. Ошондой болду го.. Кечээ кечинде , жумуштан кийин үйгө барсам «меня могут полюбить?» деп менден сурап атпайбы. (Күлүп ийди)… Ойлонуп калган окшойт… (Чочуп кетти) Ты что?!. Кантип чалам? Өмүрүмдө антип көргөн эмесмин… Кой, ай… Ансыз да, мунун аягы эмне менен бүтөт деп коркуп атам… Кантип ошентем, же артист болбосом?.. Анте албайм, го… Күлүп ийсемчи?.. Үнүмдү таанып койсочу?.. Ой, бли-ин, кыйын го, ишениши… Ладно,эми аракет кылып көрөйүн… (Пауза) Кайсы «затеяны» айтып атасың?.. А-а, көпүрөөнүбү?.. Иш жүрүп атат… Бир тобу бүтүп калды… Көрөсүң, буюрса, өзүң да… (Пауза. Күлүп) Ой, азыр эле чалам… Кабатыр болбо, сөзсүз чалам… (Трубканы койду) Өх!..
(Пауза).
Та-ак… (Муштумун жаагына такап, «репетиция» кыла баштады) Ал-ло!.. Саламатсызбы?.. Бул Жийде бекен?.. (Күлүп ийди) Нет, нет, мындай болбойт. (Кайра үнүн жасап сүйлөгөнгө аракеттенип) Ал-ло!.. Чоң кыз... (Күлүп ийди) Каяктагы чоң кызды айтып атам? Ушинтип тамтаңдайм, анан. (Репетициясын кайра баштады. Үнүн өзгөртүп, корулдай сүйлөдү) Ал-ло!.. Саламатсыздарбы?… Мага Жийде керек эле… (Башын чайкап) Жок, үнүм жасалганы билинип калды. (Кайра баштады репетицияны. Үнүн чыйылдатып) Ал-ло!.. Саламатсызбы… эжеке!... (Бышкырып ийди) Э, кокуй, «эжеке» дегеним эмнем?.. А что? Мне же тридцать пять лет, то есть Эслану. (Өзүн колго алып) Ладно, попробую. Демиңди бас. Все будет хорошо. (Телефондун трубкасын алды да чала баштады).
Жийде. (Трубканы алып) Да?.. Угуп атам…
Тилек. (Эмне дээрин билбей токтоло калды, бир паска. Үнүн өзгөртүп) А…а…а-ал-ло!..
Жийде. Угуп атам, сүйлөй бериңиз.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп, аптыгып) Ке…ке…кечиресиз… Саламатсызбы?
Жийде. Саламатчылык.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп, аптыккан боюнча) Мага Жийде керек эле.
Жийде. Мен угуп атам.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Сиз, Жийдесизби?
Жийде. Ооба, мен.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Бул мен эле… сизге кат жөнөтпөдүм беле?
Жийде. (Жүрөгү болк эте түштү. Аптыгып) Кат?.. Эмне болгон кат?..
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Мындай эле.. Кат эле…
Жийде. (Толкунданганын араң басып) Атыңыз ким?
Тилек. (Капысынан атын таппай калды да, өз үнү менен сүйлөп ийди, байкабай) Атым… Атым… Ти...Ти...Ти...Ти-ги…
Жийде. (Бүшүркөп) Үнүңүзгө эмне болуп атат, сиздин?
Тилек. (Чекесиндеги терин сүртүп, үнүн жасап) Тамагым ооруп кетип атат. Суук тийип калган го.Атым болсо…
Жийде. «Тиги» дедиңизби?
Тилек. (Шашкалактап, үнүн өзгөртүп) «Тиги» эмес!.. Тиги… (Эстей албай) Тиги… тиги…
Жийде. (Күлүп ие жаздап) Эстей албай атасызбы, атыңызды?
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) И-и… Сизден сүрдөп кетип… Айталбай атпаймынбы, атымды.
Жийде. Сүрдөбөй эле айта бериңиз.
Тилек. (Чекесиндеги терин сүрүп, үнүн өзгөртүп) Айтсам… Тиги…(Алаканы менен өзүн чекеге бир койду).
Жийде. (Күлүп) Жардамдашайынбы?
Тилек. (Шашкалактап, үнүн өзгөртүп) И-и… Ой, жок!.. Өзүм эле!.. Тиги…
Жийде. (Бышкырып ийди) Баш тамгасын эстеңизчи, жок дегенде.
Тилек. (Чекесиндеги терин сүртүп, үнүн өзгөртүп) Баш тамгасы… Тиги… (Араңдан зорго эстеп) «Э» ден башталат!.. Э… Э… Э… 
Жийде. (Кыткылыктап күлүп атты) Э-Э-Эсенбайбы?
Тилек. (Чочуп кетти. Үнүн өзгөртүп) Жок!..
Жийде. (Кыткылыктаганынан жазбай) Эрболотпу?
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Жок!..
Жийде. (Кыткылыктаганынан жазбай) Эркинби?
Тилек. (Чекесиндеги терин сүртүп. Үнүн өзгөртүп) Жок.
Жийде. (Кыткылыктаганынан жазбай) Элдиярбы?
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Жок.
Жийде. (Ого бетер кыткылыктап) Элебайбы?
Тилек. (Чекесиндеги терин сүртүп үнүн өзгөртүп) Жок!..
Жийде. (Ансайын кыткылыктап) Түгөндү «Э» деген ат.
Тилек. (Ындыны өчө үнүн өзгөртүп) Жок!.. Түгөнбөйт! Дагы бир-экөөнү эстеп көрүңүзчү!
Жийде. (Кыткылыктап ийди да, ыкшып калды) Ой, боорум… Эс… Эс… Эс-с—с-ир-байбы?..
Тилек. (Дароо эсине келди, үнүн өзгөртүп) Эс-с-с-с-лан!..
Жийде. (Күлкүсүн араң тыйып) Эс-слансызбы?
Тилек. (Чекесиндеги терин сүртүп, көйнөгүн желпип ийди да, үнүн өзгөртүп) И-и!.. Эсланмын!..
Жийде. (Күлкүсүн араңдан зорго тыйып) Угуп атам сизди, Эслан?
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Менин катым жеттиби, сизге?
Жийде. (Кайрадан толкундана) Жетти…
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Окудуңузбу?
Жийде. (Толкунданганы күчөп) Окудум.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Эгер… сиз каршы болбосоңуз…
Жийде. (Толкунданганы күчөп) Айта бериңиз…
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Сиз менен жолугушсам болоор бекен?
Жийде. (Толкунданганы күчөп) Сразу элеби?
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Ну.. конечно… бүгүн эмес… Хотя бы, эртең, бүрсүгүнү…
Жийде. (Толкунданганы ого бетер күчөп) Может… кийинки жумада?
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Мейли, кайсы күнү?
Жийде. (Толкунданганы дагы күчөп) Ровно, бир жумадан кийин.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Ага чейин мен сизге чалып турсам болобу?
Жийде. (Толкунданганы басылбай) Чалып туруңуз.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Жакшы калыңыз, анда…
Жийде. (Толкунданган калыбында) Жакшы калыңыз…
(Экөө тең телефондун трубкаларын кайра оордуна коюшту).
Тилек. (Башын чайкап) Өх!.. Өлүп кала жаздадым… (Шалдайып отуруп калды, бир саамга).
Жийде. (Толкунданганы басылбай) Эслан!… Үнү аябай приятный экен.
(Пауза).
Эслан!… Турмушта кандай болду экен? 
Тилек. (Эсине келип) Эми кантип «жолугушам», ыя?..

Жетинчи сахна

Квартира. Караңгы. Сырттан бирөө кирип жарыкты жандырды. Кирген киши Тилек эле. Ал аны-мунусун ордуна коюп, диванга келип чалкалай отурду.
Тилек. (Мыйыгынан күлүп) Келе элек… Интернетти тиктеп отурса керек, бир нерсе чыкчудай болуп. (Ойлонуп калды) Эми эмне болот?..
(Ошол маалда сырттан Жийде кирди).
Эмне мынча кеч?
Жийде. (Жактырбай) Сенин эмне ишиң бар?
Тилек. Ишим жок болуп калды беле?
Жийде. (Жактырбай) Качан эле ишиң болду эле мени менен?
Тилек. (Жооп таппай калды) Ал эмне дегениң?
Жийде. (Бурк этип) Ал ошо дегеним.
Тилек. Сөз сүйлөсө эле эмне сразу нервиң бузулат, ыя?
Жийде. (Жактырбай) Бузулат… Сен ушинтип койдуң мени.
Тилек. (Ачуусу келе түштү) Дагы эле баягы баарына мен күнөөлүүмүнбү?
Жийде. (Тикирейе тиктеп) Анан ким күнөөлүү?!.
Тилек. (Чырды ырбаткысы келбей) «Жаман түш көрсөң — Байматка жору» деген ушу да, блин! Мен сенден жөн эле сурап койдум…
Жийде. (Тикирейе тиктеп) Жөн элеби?
Тилек. (Кайпактап) Ну… жөн эле эмес. Караңгы кирип калды. Адам болгондон кийин ойлойсуң да, караңгыда бирөө сабап кетеби, тоноп кетеби деп.
Жийде. (Сынай) Качантан бери ошентип ойлоп калдың?
Тилек. (Кайпактап) Дайыма эле ойлойм.
Жийде. Ошончолук эле мага күйүмдүү экенсиң, переживать этет экенсиң, элдин күйөөлөрүнө окшоп тосуп чыкпайсыңбы, жолуман.
Тилек. (Күлүп) Элдин күйөөлөрү ошентип тосуп чыгат бекен?
Жийде. Тосуп эле чыгат.
Тилек. (Күлүп) Ким экен андай жентельмен, аялын дайыма саксактап күтүп жүргөн? Көрсөтчү мага.
Жийде. (Кыжыры келип) Бирөөгө сынтагып эмне кыласың, өзүңдү билсеңчи.
Тилек. Ай, азыр эле өзүң айтпадыңбы «Элдин күйөөлөрүнө окшоп» деп. Мен, просто, билейин деп атам, ал кандай күйөөлөр экенин, садиктен баласын тосконсуп, аялын күн сайын жумуштан тосуп алган.
Жийде. (Жактырбай) Элдин баарын өзүңдөй ойлобо.
Тилек. Эл башка – мен башкамын да.
Жийде. (Жактырбай) Башкасың. Башка экениңди биле элек белең? (Жаны күйүп) Элчилеп, жок дегенде жумасына бир жолу гүл сатып келесиңби, үйгө?
Тилек. (Таңкала) Гүл?.. Эй, дорогая…
Жийде. «Эй!» зовут лошадей.
Тилек. Ну, извини, дорогая. (Кичине тынымдан соң) Туулган күнүң болобу,аялдардын майрамы болобу – качан гүлдөн үздүм мен сени?
Жийде. Жылына эки жолу гүл бергениңди көп көрөт экенсиң да? Элдин күйөөлөрү майрам-сайрамы жок эле постоянно аялдарына гүл подарить этип турушат.
Тилек. (Купшуңдап) Да-а?.. Ошондой күйөөлөр да бар бекен, ыя? Не знал.
Жийде. (Кыжыры келип) Бар!.. Керек болсо толтура, андайлар!
Тилек. (Дагы купшуңдап) Тааныштырып койчу, пожалуйста ошондой бирөө менен, если бар болсо.
Жийде. (Суз) Все у тебя не серьезно.
Тилек. Эмне, жаман сөз айттымбы? Просто мне интересно узнать… (Күлүп) Если только жанагындай немелерди айтып атпасаң…
Жийде. (Жактырбай) Кайсыларды айтып атамын?
Тилек. (Күлүп) Ну, эми жанагыларчы, жанагылар… Ну… «Күнүгө эртең менен аялым уктап атканда кроватынын башына свежий гүл коюп коем» деп, блин, оозун толтуруп гезит-мезиттерге интервью берген немелерди айтып атасыңбы дейм да.
Жийде. Сени бирөөлөрдү шылдыңдатып эле койсо.
Тилек. (Күлүп) Ты, что?!. Ошолордун айтканына ишенесиңби? Они же без стыда и совести лакируют себя, чтобы элдин көзүнө маданияттуу көрүнүш үчүн. (Пауза). А мен ойлоп атпаймынбы, чын эле гүл көтөрүп чуркагандар да бар го деп.
Жийде. (Суз тартып) Сага айткан кайран кеп.
Тилек. Ну, ладно, гүл бербейт экемин. Ал күнөөмдү мойнума алайын. Дагы эмне айырмам бар экен элден?
Жийде. (Ооз учунан) Оюнга айлантпа.
Тилек. (Башын чайкап) Менин любой сөзүмдү тескери кабыл аласың да. 
Жийде. (Күрсүнүп) Тескери сүйлөсөң — тескери кабыл алам. Оң сүйлөсөң — оң кабыл алам.
Тилек. (Олуттуу болууга тырышып) Хорошо, я молчу. Эми, баштаган сөздүн аягына чыкпайсыңбы, тежиктенбей.
(Пауза).
Жийде. (Ойлуу) Элдин эркектери эртең менен жумушка кетип атып, аялын бетинен өөп коштошот экен.
Тилек. Да-а?
Жийде. Да.
Тилек. Анан? 
Жийде. Анан, кечинде жумуштан келгенде бетинен өөп учурашат экен.
Тилек. (Башын чайкап) Копурай, ушундай да укмуш эркектер болот экен, ээ? Пай-пай-пай!..
(Пауза).
Жийде. (Тилекти жаман көзү менен карап койду) «Айт» деп уйгактай жабышасың, айтса кайра ушинтип…
Тилек. (Лепилдеп) Ладно, ладно. Просто, үтүрөңдөшпөй, кичине веселый сүйлөшөлү деп атам да.
Жийде. Мы с тобой не в цирке, дорогой.
Тилек. Конечно, конечно… Эми айта берчи…
Жийде. (Суз) Айтсам, ошол… Ошондой эркектер бар экен, аялын эки маал өөп бапестеп турган.
Тилек. Өмүр бою ушинтет бекен?
Жийде. (Кыртыштап) Өмүр бою!..
Тилек. Анан жыртылбайт бекен?
Жийде. (Жактырбай) Эмнени айтып атасың?
Тилек. Элестет…отуз жыл бою күнүгө эки маал бетинен өөп турса, андай беттен эмне тамтык калат дейм да.
Жийде. (Ачуусу мурдунун учуна келип) Тилек!.. Эмне!.. Экөөбүз тамашалашып атабызбы, ыя?!. Ушу сага тамашабы, ыя?!.
Тилек. (Олуттуу) Ага эмне анча териктиң? Пропусти мимо ушей и говори дальше…
(Пауза).
Жийде. (Суз тарта) «Пропусти…» Надо уметь слушать...
Тилек. Мен, эми, ошондой «дундукмун» да.
Жийде. (Башын чайкап) Айла жок экен да сага.
Тилек. (Тамашага чалганга аракеттенип) Ошону билип туруп нервиңди эмне бузасың? Ушунча жылдан бери оңдой албаган, эми оңдойсуңбу мени?
Жийде. (Башын чайкап) Как будто ничего не произошло. 
Тилек. Давай, не зацкливаться. Андан көрө айтчуңду айта берчи, пожалуйста.
(Пауза).
И-и… Кулагым сенде… Сүйлөбөйсүңбү.
Жийде. (Ооз учунан) Дагы эмнени сүйлөйүн? Бербейсиңби приказыңды.
Тилек. Претензияңдын баарын айт да, ырас моменти келип атканда.
Жийде. (Суз) Андан эмне өзгөрөт?
Тилек. Эчтеме өзгөрбөйбү?
Жийде. Өзгөрсө, совсем по-другому болмок, экөөбүздүн жашообуз.
Тилек. Күнүгө чыркырашып, күнүгө согушуп, күнүгө чачташып… турат элек дечи?
Жийде. (Кырс) Ошол эле жетишпей атты эле экөөбүзгө.
Тилек. Ты меня не поняла, дорогая.
Жийде. (Жактырбай) «Понимать» эткидей кылып айтпайсыңбы, анда.
Тилек. Жийде-е, сен айткандай үй-бүлөөлөр да бардыр, талашпайм. Но, есть и другие. Аялы күйөөсүнүн бетин тытып, күйөөсү аялынын көзүн көгөртүп, чуру-чуу, ызы-чуудан башы чыкпаган үй-бүлөөлөр да бар. Кошуна-колоңдун оозунан түшпөгөн, уят-сыйытты билбеген. Же жокпу, ошондой үй-бүлөөлөр?
Жийде. (Жактырбай) Эмне экен бар болсо?
Тилек. (Кызууланып) Үй-бүлөө деген ар түрдүү болот. Жанагы сен айткандай күнүгө аялын жумуштан тосуп баргандар да бардыр. Я не отрицаю. Аялына постоянно гүл берип турган күйөөлөр да болушу мүмкүн. Хотя, мен андайларды никогда көргөн эмесмин. Эгер ошондой болсо, это просто идеальный үй-бүлөө. Жанагинтип аялын эки маал өөп-жыттап турган эркектер да болушу мүмкүн. Честно говоря, андай үй-бүлөөлөрдү бала болуп башыма түк чыкканы учурата элекмин. А, вот, ит менен мышыктай болуп жашап аткандар – толтура. Көрүп эле атпайбызбы. (Кичине тынымдан соң) Знаешь, үй-бүлөө деген ар түрдүү болот. Ар кимдин үй-бүлөөсү өзүнчө. Конечно, желательно, үй-бүлөөдө уруш-мушташ болбош керек. Это самое ужасное!… А в остальном, пожалуйста…
Жийде. (Башын чайкап) Жеткен акылың ушу турбайбы, сенин.
Тилек. (Кызууланып) Эмне, элден экөөбүз жаман жашап атабызбы, ыя?!. Хорошо, мен мындан ары сага жума сайын гүл берип турайын. Эртең менен жумушка кетип атып бетиңен өөп кетейин. Кечинде жумушуңа тосуп барайын. Үйгө кирип келатканда бетиңден дагы өбөйүн. Дүкөн-мүкөндөн продуктыларды өзүм ташып турайын…
Жийде. (Суз) Ошонун баарын, эми, жаңы ала турган аялыңа жаса.
Тилек. А почему?
Жийде. А потому… Биздики бүттү. Мындан ары экөөбүздүн ортобузда нормальный жашоо болбойт, Тилек. Чыдадым жакшы эле баарына.
(Пауза).
Экөөбүз канча жылдан бери бири-бирибизге чужой адамдай жашайбыз. Ты понимаешь бири-бирибизге түшүнүшпөй калганыбыз качан. Сүйүүнү коеюн. Ортобузда кенедей да жылуулук жок. Ага аракет да кылбайбыз. Мы ищем тепло на стороне. Бири-бирибизден жылуулук издесек, бири-бирибизге жылуулук берсек болбойт беле?!. 
(Пауза).
Сен мага кайдыгерсиң, мен сага кайдыгермин. Мы давно чужие к друг другу. Мен сүйлөсөм – сен уккуң келбейт. Сен сүйлөсөң — мен уккум келбейт. Уксак дагы кулагыбыздын сыртынан кетиребиз. (Кичине паузадан кийин) Сүйлөгөнүм жакпай калса ороңдоп мурдуң менен бир тиесиң. Сенин сөзүң жакпай калса — мен кагынып-силкинип кетем. Көңүлү ооруп калат деп ойлобойбуз. (Кичине тынымдан соң) Наши отношения на столько формализовались. Мне, просто, больно от этого. (Кичине тынымдан соң) Сен экөөбүз сүйүшүп жүргөндө ушинтип жашап калабыз деп ойлодук беле?!. «Экөөбүз чогуу жашасак – кандай бактылуу болобуз!» деп кыялданчу эмес белек? Кана, ошол кыялыбыз?! Кана?! Кана анын ишке ашканы?!. (Пауза) Сен азыр мен үчүн башка Тилексиң. Балким мен дагы сен үчүн башка Жийдемин. Мен ошол кездеги Тилекти сагынам. Мен ал Тилекти жоготтум!… (Пауза). Как жаль, ал Тилек менин кыялымда гана калды!.. (Көзү жашка толуп чыкты). Разве, сен экөөбүз ушуга умтулдук беле?!.
(Узакка созулган пауза).

Сегизинчи сахна

Бир жумадан кийин. Тилек менен Жийденин кызмат орундары. Кызмат аяктаган маалы. Жийде адатынча компьютер тиктеп олтурган.  
Тилек.(Телефон менен сүйлөшүп атты) Ыя?.. Көпүрөө дейсиңби?.. Бүтөйүн деп калды…. (Пауза) Кантип чый-пыйым чыкпасын, эртең жолуга турган күн. Эмне кылам,эми?.. Билип коет!.. Көрөт да мени, сразу эле!.. Сенин тилиңе кирип – ит болгон турат окшойм… «Эмне мени шылдыңдайсың» деп туруп… Биротоло ажыраша турган болдук, точно «Мурут чаптап ал» дейсиңби?.. Елки-палки, артист эмесмин да, тамашаңды койчу… Кара көз айнек кийсем эле таанылбай калат белем… Эмне кылышты билбей атам… Жок, ошондон бери чала элекмин. Интернет менен жиберип коюп аттым… Чалсам, билинип калабы, шек алдырып коембу деп ойлоп атпаймынбы… Ладно, чалып көрөйүн тобокел… (Трубканы телефонго коюп, бир далайга ойлонуп калды. Анан трубканы кайра алып телефон чала баштады.
Жийденин телефону шыңгырады).
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Ал-ло!..
Жийде. (Телефондун трубкасын колуна алып) Да. Угуп атам. 
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Саламатсызбы?
Жийде. (Жүрөгү болк эте) Саламатчылык…
Тилек. (Аптыга, үнүн өзгөртүп) Бул мен… Эс – ланмын…
Жийде. (Толкундана) Сиз дагы эле ооруп атасызбы?
Тилек. (Үнүн өзгөртүп, шашкалактап) И-и!.. Жок!.. Ооба!.. (трубканы алаканы менен басып) Тү-үй, ата!.. Өткөндө эмне деп айтканымды унутуп калган турбаймынбы!.. Тамагым ооруп атат дебедим беле.
Жийде. (Толкунданган калыбында) Мага бир нерсе деп атасызбы?
Тилек. (Үнүн өзгөртүп шашкалактап) Сизге эмес… биякка..
Жийде. (Түшүнгөн кишиче) А-а, кишилер бар беле жаныңызда?
Тилек. (Үнүн өзгөртүп, шашкалактай) Ыя, эмне дедиңиз?..
Жийде. Жаныңыздагы кишилер менен сүйлөшүп атасызбы дейм?
Тилек. (Үнүн өзгөртүп шашкалактай, башын ийкегилеп) Ооба – ооба!..
Жийде. Жумушуңар бүтө элекпи?
Тилек. (Үнүн өзгөртүп шашкалактап) Ооба!.. Жок!.. Бүткөн!.. Кетишкен!... (Трубканы колу менен басып) Эмне деп тантып атам?!. (Кайра трубкага) Кетишкен, анан кайра келишти.
Жийде. (Күлүп) Баарыбы?
Тилек. (Үнүн өзгөртүп, шаштысы кетип) И-и, и-и… Жок!.. Тиги…
Жийде. (Күлүп) «Тиги» келдиби?
Тилек. (Үнүн өзгөртүп, эмне дээрин билбей) «Тиги» дейсизби? Кайсы «Тиги»?
Жийде (Бышкырып күлүп ийди) «Тигичи», «Тиги»…
Тилек. (Трубканы колу менен басып) «Тигиси» ким эле? Дагы бир деме деп ийдим беле? (Кайра трубкага) Кимди айтып атасыз?
Жийде. (Трубканы колу менен басып) Тамашаны түшүнбөгөн киши го?.. (Кайра трубкага) Тамашалап койдум. Өткөндө атыңызды эстей албай «Тиги» деп атпадыңыз беле. (Күлүп койду).
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) А-а… (Капысынан өзүнүн үнү менен каткырып ийди) Ха-ха-ха!.. 
Жийде. (Чочуп кетти. Трубканы колу менен жаап) Ой, «ооруп атпады» беле?.. (Бүшүркөп) Что-то күлкүсү өтө эле тааныш…
Тилек. (Эми эсине келе калып, трубканы колу менен жаап) Өлдүм, өлдүм! Таанып койду!.. 
(Пауза).
Жийде. Сүйлөбөйсүзбү. Эмне унчукпай калдыңыз?
Тилек. (Үнүн өзгөртүп, үлдүрөп, калп какап-чакап жөтөлүп) Каткырып ийсем бронхитим кармай түшүп, ыкшып жөтөлүп калбадымбы.
Жийде. (Трубканы колу менен жалп) Жулик эмеспи, ыя? Каратып туруп эле калп аткан неме го? (Кайра трубкага) Азыр эле үнүңүз бир аз ачыла түшкөндөй болду го?
Тилек. (Үнүн өзгөртүп, үлдүрөй) И-и… Ооба. Кээде ушинтип шарт эле ачылып кетип атат. Анан эле кайра туруп тумтак бүтүп калып атат, тамагым. Эмне ооруга жолукканымды да билбейм. (Трубканы колу менен жаап) Билдиби, же билбей калдыбы, ыя? Пусть, өзү бирдеме десинчи.
Жийде. (Трубканы колу менен жаап) Ченеп айтса боло капты. Жеткен шыпыр неме окшойт. (Өзүнө-өзү жини келип) Болдучу ай, кылдан кыйкым издебей. Ушундайың жаман анан... (Трубкага) Жакшылап дарыланыңыз да.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Дарыланып эле атам. Жардам бербей атат. Дабасы табылбай атат окшойт. (Трубканы колу менен жаап) Өх!.. Билбей калды окшойт.
Жийде. Ооруңузга серьезный, көңүл бурбайт окшойсуз. Чала дарыланып жүрө бергениңиз болбойт да. Кокус…
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Аны өзүм да түшүнүп атам, үнүм биротоло чыкпай кыркырап, же киркиреп калсам эмне болот деп.
Жийде. Мен да ошону айтайын деп атпаймынбы, сизге.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Андайдын бетин ары кылсын!.. (Трубканы колу менен жаап, башын чайкап) Карасаң, ай, момуну чужой бирөөгө кам көрүп атканын, оңбогур. Мен оорусам «Сүткө май салып ич, таблетки от кашля принимай» деп коймок. Ой, аялдар, бир паста ушинтип кетет экенсиңер, ээ?
Жийде. (Трубканы колу менен жаап) «Маньяк, жулик, шыпыр” деп алып, кайра буга боор ооруп атканыма таң калып атам. Мен эмне болуп турам, ыя? Неужели ушуну сүйүп… Нет!.. Жакшы көрүп калдым? Күйөөңдөн жылуу сөз укпасаң, ушинтет турбайсыңбы, заматта.  
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Өткөндө сүйлөшкөнүбүз боюнча эртең жолуга алабызбы, же кандай… деп чалып аткам…
Жийде. (Аптыга түштү) Эртеңби?!.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Ошондой болсо жаман болбойт эле...
Жийде. (Аптыкканы басылбай) Сөзсүз жолугушубуз керекпи?
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Кечке эле кат жазыша бербей, жолугушуп, көрүшкөнүбүз туура болот ко?..
Жийде. (Трубканы колу менен басып) Нет, бул маданияттуу, сылык жигит экен. Адамга кайрылганын карабайсыңбы, менин күйөөмдөй болуп корсулдабай. (Кайра трубкага) Эгер сиз өтө эле настаивить этсеңиз...
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Жок, жок!.. Мен сизди мажбурлагым келбейт. Сиз ылайык көрсөңүз... деп атам. (Трубканы колу менен жаап) Ничего себе!.. Тим эле сверх тарбиялуу кишидей сүйлөп атканын карасаң, ай. Мени менен сүйлөшсө дароо эле мурду менен бир тиймек. Ой, Жийде-е, сенин ушундай экениңди билбепмин. Мага деле ушинтип жылуу мамиле кылсаң боло!
Жийде. (Трубканы колу менен басып) Действительно аябай маданияттуу жигит экен!.. Ушундай эркекти кайсы аял жаман көрсүн?!. Вот, настоящий мужчина!.. (Мыйыгынан күлүп) Тиле-ек, дорогой теперь ты потерял меня, окончательно!
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Эмне сүйлөбөй калдыңыз?
Жийде. Ойлонуп кеттим.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Мен, сизди кыйнаган жокмунбу?
Жийде. (Ылыпылдап) Жок!.. Жок!.. Просто...
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) А то, мен сизди өтө эле кыйнап койдум го деп кыжаалат болуп атпаймынбы.
Жийде. (Ылыпылдап) Антип кыжаалат болбоңуз, все нормально. Мен бир аз ойлонуп туруп...
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Анда сиз жакшылап ойлонуп алыңыз. А мен сизге бир аздан кийин кайра чалайын. Кандай дейсиз?
Жийде. Мейли.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Биринчи сиз коюңуз трубканы.
Жийде. Жок, сиз коюңуз. 
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Кыздын кырк чачы улуу дейт, биринчи сиз коюңуз.
Жийде. Мынакей, мен койдум анда, сиз да коюңуз, эми.
Тилек. (Үнүн өзгүртүп) Сиз кое бериңиз.
(Жийде трубканы аяр койду. Андан соң, Тилек да койду).
Жийде. (Өрөпкүп) Эс – лан!.. Я просто в восторге!.. Первым делом, үнүңдү өзүм дарылайм!.. «Трубканы сиз биринчи коюңуз», «Кыздын кырк чачы улуу»... Эс-лан, ты убил меня наповал!..
Тилек. (Башын чайкап) Ушунчалык адептүү киши экенимди билбептирмин!.. Мунун баары каяктан чыкты, ыя, менден?.. Ты оказывается такой жентельмен, Тилек (каткырып күлүп ийди). Карасаң, менин аялымды, тим эле кыз кезиндегидей болуп калды. Почему, мага ушундай мамиле кылбайт?.. Түшүнбөйм... (Телефондун трубкасын кайра колуна алды да, чала баштады. Үнүн өзгөртүп) Ал-ло...
Жийде. (Телефон шыңгыраар замат дароо колуна алды) Да!.. Эс-лан?!.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Мен.
Жийде. Мейли, жолукса-жолугалы.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Каяктан жолугалы?
Жийде. Сиз айтыңыз.
Тилек. (Ойлонуп туруп, үнүн өзгөртүп) Көпүрөөдөн.
Жийде. Кайсы көпүрөөдөн?
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Эски көпүрөөдөн.
Жийде. Эски дейсизби?
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) И-и... Жалгыз эле бир эски көпүрөө бар го. Калгандарынын баары жаңы салынып кетпедиби. 
Жийде. (Эсине түшүрүп) Илгеркиче, кооздолгон эски көпүрөөнү айтып атасызбы?
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) И-и, и-и!.. Ошону айтып атам.
Жийде. Качан?
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Эртең, жумуштан кийин болобу?
Жийде. (Жүрөгү алып учуп) Болот.

Тогузунчу сахна

Эртеси күнү кечинде.Күүгүм кирген маал. Жаан себелеп аткан. Көпүрөө. Эки-үч прожектордун жарыгы тийип турду. Көпүрөөнүн ремонттолгону баамга урунат. Көпүрөөгө биринчи Тилек келди, кол чатыр көтөргөн. Тилек көпүрөөгө чыгып эки жагын карады.
Тилек. (Кабатырлана) Зачем, это затеял?!. Блин!.. Зачем?!. (Пауза) Келатат!..
(Ошол маалда экинчи тараптан кол чатыр көтөргөн Жийде көрүндү, көпүрөөнү көздөй келаткан. Тилек көпүрөөдөн түшүп, алдына кире качты. Жийде көпүрөөнүн үстүнө көтөрүлдү).
Жийде. (Эки-жагын карап) Келе элек окшойт?..
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Келдиңизби, Жийде?
Жийде. (Чочуп кетти) Ой!.. (Эки жагын каранып, аптыга) Сиз каяктасыз?
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Мен... Тиги... Көпүрөөнүн алдында турам.
Жийде. (Күлкүсү келип) Көпүрөөнүн алдында дейсизби?
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Ооба...
Жийде. (Күлкүсү келген боюнча) Аякта эмне турасыз?
Тилек. (Эмне дээрин билбей, үнүн өзгөртүп) Тиги...
Жийде. (Күлүп, тамашага чала) «Тиги» барбы жаныңызда?
Тилек. (Тердеп кетти. Терин сүртүп, үнүн өзгөртүп) И-и!.. Жок!.. Тиги...
Жийде. (Күлгөн боюнча) А-а, зонтуңуз жок беле?
Тилек. (Шашкалактай, үнүн өзгөртүп) И-и!.. Зонтум... (Кол чатырын жаба салып, алыс таштай салды) Жок болчу...
Жийде. Анда мен сиздин жаныңызга түшөйүн?.. (Басмакчы болду).
Тилек. (Шашкалактап, үнүн өзгөртүп) Жок!.. Ошондой эле тура бериңиз!..
Жийде. (Токтоп калды) Анда сиз чыгыңыз биякка, менин зонтум бар. 
Тилек. (Шашкалактап, үнүн өзгөртүп) Рахмат, кабатыр болбой эле коюңуз.
Жийде. Тартынбай эле келе бериңиз, бир кол чатырдын алдына батабыз, экөөбүз.
Тилек. (Шашкалактап үнүн өзгөртүп) Билем, билем, батабыз, бирок...
Жийде. А-а, келгенче суу болуп калам деп ойлоп атасызбы? Анда мен сиздин жаныңызга барайын, кайра чогуу чыгалы. (Көпүрөөдөн түшмөкчү болду).
Тилек. (Шашкалактап, үнүн өзгөртүп) Антпей эле коюңуз, пожалуйста!..
Жийде. (Токтой калды, таң калып) А, эмне болду?
Тилек. (Шашкалактай, үнүн өзгөртүп) Эч нерсе!.. Просто... Я не хочу создовать вам неудобства. Мне и здесь хорошо.
Жийде. (Ийнин куушуруп) Кызык... (Пауза) Сиз көпүрөөнүн алдында, мен көпүрөөнүн үстүндө... Кандай болот анан?
Тилек. (Жүрөгү ордуна келип, үнүн өзгөртүп) Ну, это пока... Жаан бир аз басылсынчы, анан...
Жийде. А, жаан басылбай койсочу?
Тилек. (Эмне дээрин билбей, үнүн өзгөртүп) Басылбай койсо... Анда, мен ушул жерде... түнөйм.
Жийде. (Чочуп кетти) Түнөйм дейсизби?
Тилек. (Үнүн өзгөртүп, тамашасын улантып) И-и... түнөп калам. А сиз кете бересиз.
Жийде. (Таң калып) Жаан эртең кечке басылбаса эмне кыласыз?
Тилек. (Тамашасын улантып, үнүн өзгөртүп) Тура берем... Лениндин эстелигиндей болуп… көпүрөөнүн алдында.
Жийде. (Ого бетер таң калып) А эртеңки түнү да басылбасачы?
Тилек. (Тамашалаганын улантып, үнүн өзгөртүп) Анда.. эртең да... түнөйм.
Жийде. (Тигинин тамашасын түшүнүп, бырс күлүп ийди) А бүрсүгүнү түнү да басылбасачы?
Тилек. (Тамашалаганын улантып, үнүн өзгөртүп) Бүрсүгүнү да... түнөйм.
Жийде. (Оюнду улантып). А кокус ак жаанга айланып кетсечи?
Тилек. (Тамашалаганын улантып, үнүн өзгөртүп) Анда… ушу жерди... үй кылып алам.
Жийде. (Оюнду улантып) Ачка болосуз да?
Тилек. (Тамашасын улантып, үнүн өзгөртүп) Ачкачылык... жарыялайм.
Жийде. (Оюнду улантып) Өзүңүздөн-өзүңүз эле жарыялай бересизби?
Тилек. (Тамашасын улантып, үнүн өзгөртүп) Себеби бар да.
Жийде. (Оюнду улантып) Бирөөгө нааразысызбы?
Тилек. (Тамашасын улантып, үнүн өзгөртүп) Конечно.
Жийде. (Оюнду улантып) Кимге?
Тилек. (Ойлонуп калды, эмне айтарын билбей, үнүн өзгөртүп) «Кимге» дейсизби?
Жийде. (Оюнду улантып) И-и?..
Тилек. (Жооп таба коюп, үнүн өзгөртүп) Президентке!..
Жийде. (Бир чети таң калып, бирок оюнду улантып) «Президентке» дейсизби?
Тилек. (Салтанаттуу түрдө, үнүн өзгөртүп) Ооба.
Жийде. (Оюнду улантып) Эмнеге?
Тилек. (Салтанаттуу түрдө, үнүн өзгөртүп) Эмне эле кечке... жаан жаадырып атат. (Чыдай албай каткырып, өз үнү менен күлүп ийип, чочуп кетти да, тып басылды).
(Пауза)
Жийде. (Бүшүркөп, өзүнчө) Тааныш күлкү?.. (Тигиге) Дагы эле айыкпай атасызбы?
Тилек. (Шашкалактай, үнүн өзгөртүп) И-и... ооруп атам...
Жийде. (Бүшүркөгөнү басылбай) Күлүп ийсеңиз эмнегедир үнүңүз мага тааныш сезилип атат.
Тилек. (Чынын айтып ийгиси келип, бирок бир аз токтолуп, үнүн өзгөртүп) Анткени... сиз мени тааныйсыз.
Жийде. (Таң калып) Тааныймынбы?
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Ооба, жакшы тааныйсыз.
Жийде. (Ого бетер таң калып) Кандайча?
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Себеби... сиз экөөбүз... кошунабыз.
Жийде. (Чочуп кетти) «Кошуна» дейсизби?
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Ооба. Көп жылдан бери кошунабыз.
Жийде. (Жүрөгү бир аз ылдыйлап) Менин Эслан деген кошунам жок.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Бар. Сиз аны күнүгө эле көрүп жүрөсүз.
Жийде. (Дагы ченебей чочуду) Сиз мени шакаба чегип атасыз.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Мен чындыкты айтып атам – сиз мени аябай жакшы тааныйсыз.
Жийде. (Эмне дээрин билбей) Эч нерсеге түшүнгөн жокмун...(Тилекти көрүүгө далаалаттанды. Аны сезген Тилек ансайын көпүрөөнүн ортосун көздөй кетээнчиктеди).
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Мени көргөндө түшүнөсүз.
Жийде. (Чыдамы кетип,көрүүгө тырышып) Көрүнбөйсүзбү, анан, тезирээк.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп,көрүнбөөгө аракеттенип) Шашпаңыз.
Жийде. (Мыйыгынан күлүп) Чын эле көрүнөсүзбү, же жаандан корголоп чыкпай коесузбу «үйүңүздөн?»
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Ал просто тамаша да. Бир аздан кийин көрөсүз мени.
Жийде. А эмне үчүн азыр көрүнбөйсүз?
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Азыр мен сизге бир нерсе көрсөтөйүн деп атам. 
Жийде. (Кызыгып) Эмнени көрсөтөсүз? 
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Караңызчы, асманды. 
Жийде (Күлүп) Карадым.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Эмнени көрүп атасыз?
Жийде.Түнөргөн асманды. 
Тилек.(Үнүн өзгөртүп)Ошол түнөргөн асмандардын ары жагында эмне бар?
Жийде.Жылдыздар.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Ошол жылдыздардын бирөө... сизсиз. Бирөө менмин. (Пауза). Эки жылдыз бири-бирин түбөлүк сүйөт. Анткени, сүйүүсүз жашоо болушу мүмкүн эмес да.
Жийде. (Катуу чочуп кетти) Сиз кимсиз?!.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) «Кошунаңызмын» дебедимби.
Жийде. (Жанын коерго жер таппай) Бул сөздөрдү Тилек экөөбүз гана айтчубуз, бири-бирибизге. А сиз каяктан билесиз?
Тилек. (Күлүп, үнүн өзгөртүп) Аңдып турчумун да.
Жийде. (Чок башындай секирди) Каякта «аңдып» турчу элеңиз?!.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Ушул жерде, ушул көпүрөөдө.
Жийде. (Жанын коерго жер таппай) Эмне үчүн «аңдычу» элеңиз?!.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Анткени... мен сизди сүйчүмүн. Сиз да мени сүйчүсүз.
Жийде. (Таң калганынан эмне кылаарын билбей) Менби?!. Сиздиби?!.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Ооба, мени!..
Жийде. (Эмне дээрин билбей) Мамочки-и!.. Сиз эмне деп атасыз?!.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Азыр да сүйөсүз, мени. Мен билем.
Жийде. (Таң калганынан эмне дээрин билбей) Сиз!.. Сиз!.. Аябай кызык киши окшойсуз!..
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Чычалабаңыз. Сиз мендей эч кимди сүйгөн эмессиз.
Жийде. (Эмне дээрин билбей) Мамочки-и!.. Эмне деп атат, ыя, мобу киши?!.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Чындыкты айтып атат... «мобу киши». Сиз мени аябай сүйөсүз!. Мен да сизди аябай сүйөм!..
Жийде. (Айласы кууруп) Эмне дешти билбей калдым...
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Эч нерсе дебей эле коюңуз. Андан көрө, сөзүмдү бөлбөй мени угуп туруңуз. Угасызбы?
Жийде. (Айласы кетип) Башка аргам барбы?
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Сиздин бүт каприздериңизди, таарынычтарыңызды, «ненавижу!» дегендериңизди, ”өлөм!” деп коркуткандарыңызды анализдеп көрсөм...
Жийде. (Сөзүн бөлүп) Анын баарын сиз каяктан билесиз?!.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Үйүңүзгө «жучок» коюп койгонмун.
Жийде. (Ыйламсырап) Сиз, эмне, шпионсузбу?! Же КГБнын агенти болуп иштейсизби?!.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) И-и... шпионмун... Кытайдан келгем. 
Жийде. (Ачуусу келе баштады) Шакаба чекпеңиз мени!... Шакаба чекпеңиз... Эми сиз калдыңызбы!..
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Кечирип коюңуз. Мен... тиги...
Жийде. (Итиркейи келип) Кайсы «Тиги?!» Эмне «Тиги?!»
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) «Тиги» эмес... Жөн эле... тамашалап атпаймынбы, сизди. Бура сүйлөгөн күлгөнгө жакшы да. Тескери кабыл албаңыз, пожалуйста. Кошуна болгондон кийин угулат экен да.
Жийде. (Эмне дээрин билбей,тигини көрүүгө тырышып) Сиз чын эле менин кошунамсызбы?
Тилек. (Үнүн өзгөртүп,тигиге көрүнбөөгө аракеттенип) Чып-чын!.. Кошунаңызмын!.. Сөзүмдү бүтөйүн, анан ошондо көрөсүз кайсы кошунаңыз экенимди.
(Кичине пауза).
Уланта берейинби сөзүмдү?
Жийде. (Аргасы түгөнө, оозу бош) Уланта бериңиз...
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Улантсам, ошол... Ошонун баарын...
Жийде. (Чыдамы кетип) Эмненин «баарын?!.»
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Каприздериңизди, таарынычтарыңызды, коркуткандарыңызды айтып атам... Ошонун баарын, көрсө Сиз мени сүйгөндөн ошентет экенсиз!
Жийде. (Таң калганынан эмне дээрин билбей) Сиздиби?!. «Кошунамдыбы?!.»
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Мени!.. Кошунаңызды!.. Пожалуйста, сизден суранам сөзүмдү бөлбөй чыдап угуп туруңузчу.
Жийде. (Чыдамы кетип) Дагы эмне айтасыз?! Дагы эмне сенсацияңыз бар?!
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Дагыбы?.. Дагы... Оказывается, сизге менин сүйүүм жетишпеген үчүн ушинтип нервиңиз бузулуп, ачууңуз келет экен. Ага мен күнөөлүүмүн. Азыр түшүнүп атам.
Жийде. (Жаны күйүп) Сиздин сүйүүңүзбү?!
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Ооба, менин сүйүүм.
Жийде. (Эмне дээрин билбей) Мамочки-и!... Эмнени угуп атам, ыя?!.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Ушунча чыдагандан кийин, бир аз чыдап койбойсузбу. (Бир аз пауза) Уланта берейинби?
Жийде. (Аргасы жок) Дагы канча калды... «докладыңызга?..»
Тилек. (Үнүн өзгөртүп, күлүп) Докладыбыз аяктап калды. (Кичине тынымдан соң) Анан ошол... Көрсө, мен сизге жетишээрлик көңүл бөлбөй жүрүптүрмүн. 
Жийде. (Айласы кетип) Ой, мамочки-и, мамочки-и, эми эмне кылам, ыя?!.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Эч нерсе кылбай эле коюңуз, пожалуйста. Единственное, что прошу кот Леопольд айткандай «давайте, жить дружно». “Постоянно любить друг-друга»!.. Ладно?
Жийде. (Эмне дээрин билбей) Я думаю, что это просто... сверхнахальство!..
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Мен нахал эмесмин. Аны өзүңүз прекрасно билесиз.
Жийде. (Башын чайкап) Мен... Сиздин кандай экениңизди билгидей, мен, эмне... сиз менен чогуу жашап жүрүптүрмүнбү?
Тилек. (Күлкүсүн араң токтотуп,үнүн өзгөртүп) И-и…
Жийде. (Көзү чакчыйып) Эмне-ее?!.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп, тамашалап) Кечиресиз… Кошунабыз да.
Жийде. (Истерикага түшүп) Каяктагы «кошуна?!» Эмне болгон «кошуна?!» Куда я попала?! Алда кудай, ай!
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Успокойтесь, пожалуйста. Андан көрө менин сөзүмдү аягына чейин чыдап угуп коюңуз. Ки-чи-не эле калды.
Жийде. (Аргасы түгөнө) Өх!.. Өлүп калам го азыр…
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Сиз дагы кээде жөндөн-жөн эле, ушинтип, кызуу кандуулукка жеңдирип,өзүңүздү да кыйнап,анысы аз келгенсип менин да шагымды сындырып койгон учурларыңыз болот, билесизби ошону?
Жийде. (Эмне дээрин билбей) Жок!.. Мындай болбойт!.. Же сиз жинди болуп атасыз, же мен жинди болуп атам!.. (Кетмекчи болду).
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Бир аз күтө туруңуз.
Жийде. (Ызага муунуп) Дагы канча күт дейсиз?!. Все!..Все!..
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Ачууга жеңдирбеңиз, пожалуйста. Знаете, көрсө, аял киши более кечиримдүү, эркек киши более сабырдуу болуш керек экен. 
Жийде. (Айласы куруп) Ыя, де?!. Сиз мени биякка атайы мораль окуу үчүн чакырган экенсиз да, ээ?... Вы кто, святой отец?... Же менин атамсызбы?... Апамсызбы?!. Же күйөөм сизди жалдады беле?!
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) А за что вы так не любите своего мужа?
Жийде. (Ачуусу келип) Качан айттым, мен сизге, ошентип?! (Атайлап) Знаете, кошуна, мен күйөөмдү... сүйөм! Аябай сүйөм!..
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Мен да ошону айтып атпаймынбы!..
Жийде. (Итиркейи келип) Эмнени?..
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Мени... сүйөөрүңүздү.
Жийде. (Жаны күйүп) Качан мен сизге ошентип айттым?!.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Азыр эле айтпадыңызбы.
Жийде. (Ачуусу келип) Мен күйөөмдү сүйөм деп атам!.. Күйөөмдү!..
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) А мен эмнени айтып атам? Мен да ошону айтып атпаймынбы... мени сүйөөрүңүздү!..
Жийде. (Ого бетер ачууланып) Мен сизди айтып аткан жокмун!.. Сизди айткан жокмун!.. Мен күйөөмдү айтып атам!..
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) А мен эмнени айтып атам?!. Мен да ошону айтып атам!..
Жийде. (Жини ого бетер келип) Сиз, эмне... менин күйөөмсүзбү?!
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Тиги...
Жийде. (Кыжыры ого бетер келип) Дагы башталдыбы?!. Дагы башталдыбы?!.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Сизден сүрдөп атпайымбы!
Жийде. (Мыйыгынан) Сүрдөгөн киши сиздей болобу? Ушунча сөздү айттыңыз, эртеден бери, чакырып алып.
(Кичине тынымдан соң).
Айтчуңузду айтып бүттүңүзбү, же...
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Бүттүм.
Жийде. (Үшкүрүп) Өх!.. Слава богу!.. Наконец-то!..
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Ырахмат сизге. Чын эле мен сизди эртеден бери аябай кыйнап койдум.
Жийде. (Чечкиндүү) Еще как «кыйнадыңыз». Азыр көпүрөөнүн алдынан чыгып, көрүнүңүз мага. Болбосо өзүм түшүп барам, жаныңызга.
Тилек. (Үнүн өзгөртүп) Мени көргөндө «чалкаңыздан кетпейсизби?»
Жийде. (Мыйыгынан) Кинг-конгсузбу?
Тилек. (Күлүп, үнүн өзгөртүп) Жок.
Жийде. (Мыйыгынан) Анда эмне, Аполлонсузбу?
Тилек. (Күлүп, үнүн өзгөртүп) Жок.
Жийде. (Сынай) Анан кимсиз? 
Тилек. (Өз үнү менен) Кошунаңызмын дебедимби.
Жийде. (Чочуп кетти дагы) Бул үн?!. Бул үн?!.
Тилек. Ал үн – ошол үн... (Кол чатырын алып, ачты да, төбөсүнө көтөрүп, көпүрөөнүн алдынан чыкты да Жийдени көздөй басты).
Жийде. (Кыйкырып ийди) Тилек?!. (Селейип туруп калды). 
Тилек. (Башын жерге салып) Мен… (Башын жерге салган боюнча, шашпай көтөрүлүп баратты, көпүрөөнүн үстүн көздөй).
Жийде. (Тилекти карап бир топко селейип турду да, анан капысынан үнү жумшара) Келесоо десе!.. (Күлүп жиберди. Анан күлкүсүн токтото албай калды. 
Тилек да Жийденин тиктей күлүп, ага жакындап келатты).

Онунчу сахна – эпилог ордуна

Ошол эле көпүрөө. Ошол эле кеч. Бир нече мезгилден кийин. Көпүрөөнүн кырына жөлөнүп, бири-бирин жаңыдан сүйүшкөн кыз-жигиттер сыңары, бир кол чатырдын алдында Жийде менен Тилек кучакташып турушкан.
Жийде. (Тыңшап) Угуп атасыңбы?
Тилек. Эмнени?
Жийде. Аябай бир укмуш музыка чыгып атат!.. Сага да угулуп атабы?
Тилек. Угулуп атат.
Жийде. Аябай тааныш музыка... Эстей албай атам, качан укканымды.
Тилек. Сен экөөбүз жаш кезде, сүйүшүп жүргөндө укчубуз.
Жийде. Туура айтасың!.. Ошондо ушул музыка дайыма угулуп турчу, эми эстедим. Ким коюп атат, бул музыканы?
Тилек. (Мыйыгынан) Ким коюп... Ким болсун... Бул биздин ичибиздеги музыка да.
Жийде. (Эки жагын тыңшап) Да-а?.. Действительно!..  
(Экөө кыналыша кучакташкан бойдон музыка тыңшап турушту).


Бүттү.

Бишкек, 20.10.2005 — 16.12.2005

© Кулмамбетов Ж.О., 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 3414