Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Жолдошбай Осмонов, 2018. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2020-жылдын 2-апрели

Жолдошбай Паязович ОСМОНОВ

Айтматов, Маркес жана Мажит таякем

(Аңгеме)

 

Акыркы эки жуп лекция “Чет элдик адабият” сабагынан болмок. Негедир, профессор Богославская Надежда Ивановна кечигип жатты.

– Дагы беш мүнөт күтөбүз. Эгер келбесе таркап кетебиз,– деди Максат Мергенов.

Надежда Ивановна аудиторияга кабагы салыңкы, ооруп калгандай түрү бар, маанайы пас, абдан суз кирди. Жылуу саламдашкан соң, ал жалпыбызга кайрылды.

– Жигиттер жана кыздар. Менин досторум, быйыл Швециянын Академиясы адабият тармагы боюнча Нобель сыйлыгын Колумбиянын жазуучусу Габриэль Гарсиа Маркеске ыйгарды, – деди. Күтүүсүз айтылган кабар бардыгыбызды заматта ичиркентип жиберди. Көз ирмемде аудитория кулак-мурун кескендей тунжураган жымжырттыкка бөлөндү. Бардыгыбыздын оюбузда Чыңгыз Айтматов турган эле...

– Мындай болушу мүмкүн эмес!– деген Замир ордунан атып туруп, кыйкырып жиберди. Ооба, анын үнү капилеттен жана күтүүсүздөн кыйкырыкка эмес, чындыгында чаңырыкка окшоп, абдан  ачуу жана өтө заар чыкты.

– Бул эл аралык сыйлыкка Чыңгыз Айтматовдун дагы талапкерлиги сунушталбады беле? Кандайча мындай болуп кетти?! – деген Замир кызарып-татарган абалда, катуу ачуулана туталанып, өзүн коёрго жер таппай, алдастап калды.

– Мен деле Айтматовго ыйгарылат деген терең ишеничте элем, досторум. Бирок, тилекке каршы, андай болбой калды, – деди өзүн негедир күнөлүүдөй жана айыптуудай сезген профессор Надежда Ивановна.

– Маркес деген ким өзү? Анын биз билген кандай “укмуш” чыгармалары бар? – деген Чолпонбек Абыкеев профессорго өктөм жана өкүнүчтүү кайрылды.

– Габриэль Гарсиа Маркес Латын Америкасындагы Колумбиянын белгилүү жазуучусу. Анын орус тилиндеги “Полковникке эч ким кат жазбайт”, “Чума учурундагы сүйүү” повесттери жана “Жалгыздыктын жүз жылы” романы өзүбүздөгү Чернышевский китепканасында бар, – деди профессор. Курсташтарым Нурбү менен Сажида негедир олтурган жеринде бышактап ыйлап жиберишти.

Эки тайпадагы 50 студенттин ичинен он беш чактысы профессордон уруксат да сурабай, опурап-топурап ордунан шарт турушту да, шыр эле китепканага жөнөп кетишти. Негедир, Надежда Ивановна студенттерди токтотууга аракет кылган да жок.

Профессордун адаттагыдай лекция окуганга негедир көңүлү чаппай, абдан ойлуу жана суз эле. Студенттердин болсо лекция угууга дегеле көңүлдөрү жок, маанайлары такыр тартпай турду. Мунун барына күнөлүү жана башкы айыпкер – Нобель сыйлыгын алган Габриэль Гарсиа Маркес болчу.

– Надежда Ивановна, Сиз кандай ойлойсуз, Маркес чындап эле Чыңгыздан дагы бийик, абдан жогору турабы? – деди жаш адабиятчы, прозаик Самат.

– Урматтууларым, менин асылдарым, Чыңгыз Айтматов силердин гана эмес, менин дагы адабияттагы туу туткан кумирим жана пирим. Мен эч качан эки жазуучунун бирин өйдө, бирин төмөн коё албаймын. Ага менин акым дагы жок. Болгону, мени күйүнүткөнү жана өкүндүргөн нерсе – Чыңгыз Айтматовдун талапкерлиги Нобель сыйлыгына экинчи ирет кайра көрсөтүлбөгөндүгүндө болуп жатат. Швециянын Академиясынын талабы ушундай, өтө катаал, – деди профессор.

– Ал жерде адабиятты түк түшүнбөгөн түркөйлөр менен жалаң көк мээлер олтурушат окшобойбу. Айтматовдон айлангырлар десе. Чындыкты чыркыратып туруп, көз көрүнө тебелеп-тепсеп салышкандарын карабайсыңарбы,наадан  шумпайлар! – деген “Бала мышык” аттуу биринчи ырлар жыйнагын чыгарган акыныбыз Алик Акималиев кызуулана ызырынып, бетине кан тээп чыкты.

– Ачууга алдырып, сыртынан тон бычпайлы. Алгач Маркести окуп чыгалы, -деген аксакалыбыз Мирзохалим Каримов талашыбызга чекит койгонсуду.

Буга чейин аты-жөнү бизге таптакыр белгисиз жана табышмак болгон Латын Америкасындагы Колмубиянын жазуучусу Габриэль Гарсиа Маркестин сырдуу ааламы жан-дүйнөбүзгө биротоло тузак салгандай, биз али окуй элек анын табышмактуу чыгармалары өзүнө азыткыдай азгырып, магниттей тартып жатты.

Чернышевский китепканасында Маркестин “Полковникке эч ким кат жазбайт”, “Чума учурундагы сүйүү” повесттери жана “Жалгыздыктын жүз жылы” романы кирген беш даана гана китеби бар экен. 1982-жылы Жаңы жыл майрамына чейин университеттин журналистика, орус жана кыргыз филологиясынын жогорку курстарынын студенттери, ошол кездеги Фрунзенин интелигенциясы ал китептерди талашып-тартышып, колмо-кол кылып, көз майыбызды коротуп, убактыбызды кызганбай, жапа тырмак  окууга кириштик.

Башкаларды билбеймин, мени Чыңгыз Айтматов менен Габриэль Гарсиа Маркес жер шарынын эки башка жеринде жашашса дагы, көркөм чыгарма жаратуудагы өздөрүнө гана мүнөздүү болгон автордук “мен” ыкмасындагы көркөм сүрөттөө, күтүлбөгөндөй тапкычтык менен баяндоо, жазуу чеберчиликтеринин кылдаттыгы жана окшоштугу таң калтырды. Карапайым эмгек адамынын кадыресе жашоо-турмушу, адамгерчилик, сүйүү, табият менен тагдырлаш болгон адамзаттын улуулугу, мифология менен фантастиканы, магияны, жакшылык менен жамандыкты реалдуу турмушка куюлуштура баяндап берүүлөрү адабияттагы эки алптын китептеринин башкы өзөгүн түзүп, чыгармаларындагы идеяларынын үндөшкөнү, жакындыгы таң аябай калтырды жана кызыктырды. СССРдин Лениндик жана Мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Эрте келген турналар”, “Фудзиямадагы кадыр түн”, “Деңиз бойлоп жорткон ала дөбөт” “Кылымга тете бир күн”, ал эми Нобель сыйлыгынын ээси Габриэль Гарсиа Маркестин “Полковникке эч ким кат жазбайт”, “Чума учурундагы сүйүү”, “Улуу энени жерге берүү”, “Жалгыздыктын жүз жылы”, “Патриархтын күзү”, “Жарыяланган өлүмдүн хроникасы”, “Менин бактысыз сойкуларымды эскерүү” чыгармалары менен залкарлар көзү тирүүсүндө дүйнөлүк классиктерге айланышты.

Кышкы сессияны ийгиликтүү бүтүргөн соң,  киндик каным тамган, мен алыста жүргөндө ар дайым сагынткан, такай түшүмө кирүүчү тоо койнундагы айылыма келдим. Кыш чилдеси өз өкүмүн жүргүзүп, айлана-теребел дүпүйүп, тегиз аппак карга бөлөнгөн. Менин келгениме жетине албай сүйүнүшкөн үйдөгүлөр кечки тамакка таякем Мажит менен тажеңем Төркүндү чакыртышты. Мажит таякем Чыңгыз Айтматовдун, дегеле адабияттын накта ышкыбозу. Мединститутту үчүнчү курска чейин окуган. Таякемдин айтымында, шоктугунан улам айдалып кетип, эки жыл аскердик кызматын өтөп келгенден кийин, негедир окуусун улантууга мойну жар берген эмес экен. Каникулга келген сайын адабият боюнча экөөбүз кеңири баарлашып, кээде чырылдаша талашып, кыйла чер жазышып алабыз. Айылдагылар кээде атайылап таякемдин жинин келтиришип: “Ааламда Чыңгыздан да кыйын жазуучулар толтура” деп тийишип калышат. Андайда итатайы кармаган Мажит таякем көктүгү жана өжөрлүгү  менен менен талашып, өзүнүкүн такыр бербейт.

– Эй, наадандар, Чыңгыз ким, биз кимбиз – алгач ушуну жакшылап түшүнгүлө. Андан миң айлансаңар жарашат. Ал кыргыздын гана жазуучусу эмес, эчак эле дүйнөлүк классикке айланган. Алгач анын чыгармамаларын жакшылап окугула, анан башкалар менен салыштыргыла. Силерге айткан кайран сөз, – деген таякем чындап ачуулана туталанып, итатайы кармап, таарынгандай тескери карап басып кетет. Ага тийишкен адамга чындап капаланып, бир айга дейре саламга да келбей калат.

Эртеси Мажит таякемдин чоң баласы Абдумалик атам менен апамды жана мени кечки сый тамакка чакырып кетти. Кышкы чилдедеги күн абдан кыска болгондуктан, кечки күүгүм бат эле түшө баштады. Сыртта болсо кыш чилдеси өз бийлигин жүргүзүп, кычыроон аяз адаттагысындай кадимки күчүндө.

– Жүргүлө, таякемдердикине барып келели? – дедим ата-энеме.

– Балам, сен барып кел, биз суукта кыйналбай үйдө эле олтуралы, – деди карылыкка моюн суна баштаган ата-энем.

Таякемдикине келгенде Төркүн тажеңем үндүктүн этине Өзгөн күрүчүнөн палоо демдеп жатыптыр.

– Кел, жээним, төргө өт, – деди көңүлү көтөрүңкү маанайдагы таякем.

– Дүйнөлүк жана Советтик адабият айдыңында эмне жаңылыктар бар, кепти ошондон башта. Мен дагы маалкатпай, сөздү ток этер жеринен баштадым.

– Таяке, дүйнөлүк адабиятта жаңы жылдыз жанды. Айтматовдон бир жаш улуу колумбиялык жазуучу Габриэль Гарсиа Маркес былтыр күзүндө Нобель сыйлыгын алууга татыктуу болду.

Таякемдин өңү кара чүйкөлөнө тартып, заматта үтүрөйүп, кабагы салына түнөрө түштү.

– Тамашаңбы, же чыныңбы? Азырынча Айтматовдон өткөн күчтүү жазуучу бул дүйнөгө төрөлө элек! Таякемдин көзү оттой жанып, огу болсо мени атып жиберчүүдөй теше тиктеди.

– Жок, таяке, бул кашкайган чындык. Мен да алгач укканымда ишене албай, эсеңгирей түшкөнмүн, – дедим. Таякем нес абалга түшүп, оозунан келмеси учту.

– Жээним, сен балким каңырыш угуп калып жүрбөгүн? Азырынча Чыңгызга теңтайлаша турган жазуучу дүйнөдө жок!

Таякем көкжал император Наполеондой ачуу чындыкты кабыл алгысы келбей, жеңилүү ызасын мойнуна алгысы келбей, көгөрө кезерип, дале багынгысы келбей  турду.

– Эгер билсең, Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк адабияттын Олимпиндеги улуу жазуучу!

Анын бийик жана катуу чыккан үнүнөн тажеңем менен балдары селт эте чочуп кетишкендей болду.

– Талант эч качан доллар менен өлчөнбөйт. Нобелиңе Чыңгыздын мурду дагы бүткөн жок! – деп жаалданган таякем ушул саам өзүн катуу ачууга алдырып, өзүн коёрго жер таппай, кайгы-күйүткө батып олтурду.

Мен берген Габриэль Гарсиа Маркестин китебин эки күн үйүнөн чыкпай, бөк түшүп окуган таякем менен үчүнчү күнү кайрадан анын үйүндө кызыл чеке болуп, талашып  талкуулаштык.

– Окуп чыктым, ойлору өтө эле абстрактуу жана чаржайыт, чыгармаларында чыныгы турмуштан абдан алыстап кеткен, магиялык фантазиясы чыгармаларында басымдуулук кылат. Аның, Чыңгыздын чыпалагына да арзыбайт.

– Таяке, бул деген илимий китеп эмес, көркөм адабият деген болот. Жазуучу өз оюн окурмандарга так жеткирүү максатында ар кандай көркөм салыштырууларга, мифология менен фантазияга, магиялык сүрөттөөлөргө барууга аргасыз мажбур, ал ошону үчүн жазуучу,– дедим.

– Сен эмне, муну Чыңгыздан да бийик турат дегениңби?– таякемдин жини кайнап, дудалана баштады. Мен жоошута:

– Жок, таяке, мен экөөнү бир катарга коймокмун. Маркес канчалык кыйын болбосун “Жамийла” менен “Саманчынын жолун” Чыңгыздай жаза алмак эмес. Ошол эле кезде, Айтматов да “Полковникке эч ким кат жазбайтты”, “Жалгыздыктын жүз жылын” Маркестей ийине жеткире алмакпы?

– Кеп Нобель сыйлыгында эмес, сөз анын окумдуулугунда. Бул жагынан кимисинин китептеринин нускасы көп?

Таякем мага үмүттүү жалдырай карады.

– Азырынча Маркес алдыда, – деген мен күнөлүүдөй башымды шылкыйттым.

Кысталактыкы, ушундай дегин, мурутуң гана күйгүрдүкү десе.

“Башың өскүр, иттин гана күчүгү болгур!”, – деп таякем өзү жактырып сыйлаган адамын, жакын көргөн жазуучусун ушинтип кызыктай эркелетип, мактамайы жагы бар эле. Ал китептеги Маркестин сүрөтүн кайдыгер жана кош көңүл карап койду.

– “Ээ, кой эми, атасынын көрү, кана эмесе, жүздөн сеп этели, -деген таякем эки пиалага арактан толтура куйду.

Быйыл эрте жазда жүрөгүнөн инсульт болгон Мажит таякем алгач ооруканада, кийин үйүндө төшөктө көпкө жатып калды. Жабышкан оору оңдурбады, таякемди алып тынды. Туугандык парзымды аткарып, тажиясында туруп, мүрзөсүнө топурак салдым. Таякемдин кыркы өткөн соң, кызыктай түш көрдүм. Анын алма багындагы чоң сөрүсүндө Чыңгыз Айтматов, Габриэль Гарсиа Маркес жана таякем Мажит көңүлдөрү абдан куунак жана шат маанайда, тим эле телегейи тегиз, бир нерсени кызуу талкуулап жатышат. Үстүндөгү кийимдери үчөөнүкү тең жапжаңы. Чочуп, ойгонуп кеттим. Бейиши болгурларымдын элестерине куран түшүрүп, бата кылдым. Бирок, бир ой жан-дүйнөмдү кыйнап, мээмден такыр кетпей, эзип туруп алды. Макул, Чыңгыз Айтматов менен таякем Мажит кыргыз тилинде сүйлөшсүн, а бирок, испан тилинде сүйлөгөн жана жазган Маркес деле экөөнүн сөзүнө кеңири аралашып, кадимкидей божурашып олтурушпайбы. Же тигил дүйнөдө баары бир тилде сүйлөп калышабы? Мына сага кызык, мына саган жараткандын керемети!...

 

2018-жыл,  Жалал-Абад шаары

 

© Жолдошбай Осмонов


Количество просмотров: 809