Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2020-жылдын 16-майы
Айдың көлдүн аңызы
(Трагедиялуу притча — феерия)
Катышуучулар:
Жомокчучоң эне.
Тестиер небере.
Мергенчи.
Мергенчинин аялы.
Асан – мергенчинин биринчи уулу.
Үсөн — мергенчинин экинчи уулу.
Мергенчинин кыздары.
Чолпон.
Айбек.
Чолпондун апасы.
Чолпондун атасы.
Айбектин апасы.
Акын.
Куугунчулар.
Эл.
ПРОЛОГ
Күн уясына батаар учур. Кызгылт нурлары мелмилдеп жаткан Ысык-Көлдүн бетине чачырап, ажайып бир сулуулукту тартуулап турду. Көздүн жоосун алган көлдүн үстүндө аккуулар сүзүп, ыраакта күндүн кызгылт нуру чачыраган ак карлуу тоолор көрүнөт.Ошол учурда көлдүн жээгинде чоң эне менен тестиер небереси ээрчишип басып келатышты.
Чоң эне. (Көлдү карап, күбүрөнө) Касиетиңден айланайын көлүм. Бүт өмүрүм сенин кылааңда өттү.
(Аңгыча кайдадыр алыстан кыздын муңдуу ыры чыга баштады).
Тестиер. (Элейип) Эне!.. Эне!.. Бул эмне болгон үн?!.
Чоң эне. Ал үн – атам заманда өткөн кыздын муңу, балам.
Тестиер. Мен бул үндү дайыма угам.
(Кыздын муңу айлананын баарын каптап турду).
Тестиер. (Энесин жеңинен тартып) Эне!.. Эне!.. Кербендер!..
Чоң эне. Кайсы кербендер?
Тестиер. Асманды карасаңыз!..
Чоң эне. (Асманды тиктеп) И-и... ооба, ооба... Булуттарды аралап бараткан кербендерди айтып аткан турбайсыңбы.
Тестиер. Тигине, алар көлдүн үстүндө да кетип баратышат! Мен дайыма көрөм, аларды.
Чоң эне. Көлдүн бетинде сөлөкөттөрү чагылышып аткан тура.
Тестиер. Эне!.. Эне!.. Айтып бериңизчи, бул эмне болгон кыз? Булар эмне кербендер?
(Пауза).
Чоң эне. (Жайгашып олтурду да токтоо сөз баштады) Илгери-и, илгери, суу чөлгө, чөл сууга айлана элек байыркы бир замандарда, мынабул мелмилдеп жаткан Ысык-Көлдүн ордунда күркүрөп аккан дайражатчу экен. Ал дайраны курчаган ак карлуу тоонун ичинде бир мергенчи ата жашаптыр. Ал мал багып, аң уулап үй-бүлөөсүн бакчу экен. Мергенчи атанын Асан, Үсөн деген эки уулу болуптур.
БИРИНЧИ ХОРЕОДРАМАЛЫК САХНА
Тоонун арасы.Малдын маараганы, уйлардын мөөрөгөнү, жылкылардын кишенегени, канаттуу куштардын сайраганы угулат. Мал жайып жүрүшкөн Асан менен Үсөн бир маалда бири-бирин тоорушуп турушуп, күрөшө кетишти. Ит жыгылыш болуп, бирин-бири жеңе албай, ары-бери сүрүшүп атышты.
Асан. (Кекенип) Карап тур, сени көтөрүп чаппасам элеби!
Үсөн. (Кекенип) Мен сени көтөрүп чабам!
Асан. (Кекенип) А мен сени көтөрүп чаап туруп, эсебиңди табам!
Үсөн. (Кекенип) А мен сенин башыңдан моминтип төө мантек алам! (Асандын башынан төө мантек алды).
Асан.(Кекенип) Ооба, сага, а мен жөн эле карап туруп калам?!. Алдыгы карга шыйрагыңды, сындыра чабам! (Таш ала коюп тап берди. Үсөн да таш ала коюп, Асанды качырды. Анан экөө мушташып, кызыл-жаян кан болушуп, жатып калышты. Ошол учурда тигилердин жанына мергенчи келип калды).
Мергенчи. (Экөөнү арачалап) О!.. Окшошкон гана жолуңар болгурлар!.. Эмне болуп атасыңар, ыя?!. Кейпиңер кантет?!.
Асан. (Мурчуюп) Өзү биринчи баштады! Башымдан төө мантек алып, жарып кое таштады!
Үсөн. (Мурчуюп) Биринчи сен баштадың! Көтөрүп чабам деп, аз жерден бутумду сындырып кое таштадың!
Мергенчи. (Нассат айтып) Бул жоругуңар жакшы эмес, балдарым. Бириңдин башың жарылса, бириңдин бутуң сынса! Анда эмне болот?!. Ырыс алды ынтымак дейт. Экөөң бир туугансыңар, ынтымактуу болгула. Мындай адатыңарды койгула! Бири-бириңерден кечирим сурап, элдешкиле!
(Эки бир тууган баштарын жерге салышып, мурчуюшуп, унчугушпай туруп алышты).
ПРОЛОГДУН УЛАНДЫСЫ
Чоң эне менен небере Ысык-Көлдүн жээгинде сапарын улап кетип баратышты.
Тестиер. (Кызыгып) Анан экөө элдештиби, чоң эне?
Чоң эне. (Улутунуп) Кайдан... Кайра күчөдү, эрегишкендери...
ЭКИНЧИ ХОРЕОДРАМАЛЫК САХНА
Тоонун арасы. Мергенчи аялы эки тестиери менен боз үйдүн жанында кайыш тилип олтурушту.
Мергенчи. (Асанга) Асан, уулум, тартчы кайыштын тиги башынан.
Асан. (Кабагы бүркөлө, кыйыктанып) Эмне үчүн мен тартам? Жумшабайсызбы, Үсөндү.
Мергенчи. (Асанга) Үсөн, уулум, анда сен тартчы кайыштын тиги башынан.
Үсөн. (Кабагы бүркөлө, кыйыктанып) Асанды биринчи жумшабадыңызбы, ошол тартсын.
Мергенчи. (Эки уулуна) Анда экөөң чогуу тарткыла.
Асан. (Кабагы бүркөлө, кыйыктанып) Мен Үсөн менен чогуу турбайм!
Үсөн. (Кабагы бүркөлө, кыйыктанып) Мен Үсөн менен чогуу турбайм!
Мергенчи. (Таң калып) Эмнеге?
Асан. (Үтүрөңдөп) Бул мага кыйынсынат!
Үсөн. (Үтүрөңдөп) А бул мага кырдуусунат!
Мергенчи. Койгула, койгула, балдарым. Кайра-кайра какшап айтып атамын, антип бири-бириңер менен эрегишпегиле. Экөөң бир туугансыңар. Атаңар бир, энеңер бир. Эрегиштин түбү жакшылыкка алып барбайт. Кармагыла, кайышты.
(Эки бмр тууган мойундарынынан байлаган иттей болушуп араңдан зорго кайыштын эки башынан кармашты. Мергенчинин аялы эки уулуна убайым тарта карады).
ПРОЛОГДУН УЛАНДЫСЫ
Чоң эне менен небере дагы эле Ысык-Көлдүн жээгинде сапарын улап кетип баратышты.
Тестиер. (Кызыгып) Ошол бойдон элдешпей коюштубу, чоң эне?
Чоң эне. (Башын ийкеп )Ооба, элдешпей коюшту. Бир ата, бир эненин балдары болуп, юир үйдө туруп душман болушту...
ҮЧҮНЧҮ ХОРЕОДРАМАЛЫК САХНА
Түн. Айдын жарыгында шаңкайган ак карлуу тоолор көрүнөт. Алачык. Ичинде мергенчи менен аялы уктап жатышты. Алачыктын бир бурчунда төшөк жаманышып эс тартып калган эки бала - бир туугандар Асан менен Үсөн жатышты. Ата-эненин уйкуга кеткенине көздөрү жеткенден кийин, баятан дымып жатышкан эки бир тууган кыймылга келишти. Асан төшөктү өзүнө тартып жамынып алды. Үсөн кайра андан төшөктү тартып алып, өзү жамынды. Ошондо Асан ордунан тура калып, экөө жаткан жер төшөктү көтөрүп, Үсөндү кулатып салып, алачыктын башка жерине барып жата кетти, бир жагын салынып, бир жагын жамынып. Аны көрүп Үсөн да төшөктүн бир жагын алдына салынып, экинчисин жамынып уйкуга кирди. Ошол учурда, эчак эле ойгонуп алып, баятан эки уулунун кылык-жоругун баамдап, маанайы түшүп турган эне, үшкүрүп алды да зээни кеийп, бирөөнө тон жаап, экинчсинин алдына жер төшөк төшөп берип, кайра ордуна келип, тигил экөөнү карап, тунжурап олтурду.
Эне. (Күбүрөнүп) Капырай, эки бир тууган болуп туруп эмитен ыркы жок, кийин эмне болушаар экен?..
Асан. (Үтүрөңдөп нааразы боло) Эмне үчүн Үсөнгө жылуу тон жабасыз?!. А менин алдыма эски кийиз саласыз?!. Сиз бизди тең көрбөйсүз!
Эне. (Эмне дээрин билбей, убайым жеп) Ал эмне дегениң, уулум?!. Кантип ошентейин, кагылайын балам? Экөөңөр тең менин боор этим менен теңсиңер! Бириңди кантип ала, экинчиңди кантип кула көрөйүн?!.
Үсөн. (Үтүрөңдөп нааразы боло) Ооба, силер бизди тең көрбөйсүңөр! Асанды көкүлүнөн сылап атканда, мага далыңардыы салып турасыңар!
Эне. (Эмне дээрин билбей, убайым жеп) Кагылайын балам, ооба, Асандын көкүлүн сылап атканда сага далыбызды салабыз. Анан башкача кандай кылабыз? Сенин көкүлүңдү сылап атканда Асанга далыбызды салып турабыз. Андан башка кандай айла кылабыз? Экөөң бирге турбай, эки жакка бөлүнүп атсаңар, бириңден бириң жаа бою качсаңар?!. Кагылайын, балдарым!..
ПРОЛОГДУН УЛАНДЫСЫ
Чоң эне менен небереошол бойдон Ысык-Көлдүн жээгинде сапарын улап кетип баратышты.
Тестиер. (Кызыгып) Анан эмне болду, чоң эне?
Чоң эне. (Аңгемесин улантып) Ошентип, ыркы жок эки уул уруша-талаша чоңоюп эрезеге жеткен күндөрдүн биринде, уулдарынын жоругуна кейиште жүргөн атанын көзүөттү...
ТӨРТҮНЧҮ ХОРЕОДРАМАЛЫК САХНА
Мергенчинин боз үйү. Көк туу (аза туу) боз үйүдүн кырчоосуна илинип, жерди көздөй салбырап турду. Мергенчинин кара жамынган жесири бири-бирине кошулбай боз үйдүн эки тарабында үй-бүлөөлөрү менен өз-өзүнчө турушкан эки бир тууганга жаштуу көзү менен карады.
Бир аздан соң уулдары табытка салынган мергенчини көтөрүшүп жөнөштү.
Мергенчинин кара жамынган жесири менен кыздары табыттын эки жагынан кармашып, кошок кошуп баратышты.
Мергенчинин аялы. (Кошок кошуп) Башыбызга күн түшүп,
Багыбыз минтип кыйылды, а-ай!..
Баарыбызга бел болгон,
Баш туурубуз жыгылды, а-ай!..
Артыңда калган үй-бүлөөң,
Ай мүрүсү кайрылды, а-ай!..
Акыл кошчу өзүң жок,
Арка-белден айрылды, а-ай!..
Ак шумкар элең, куладың.
Аскар-зоо элең урадың, а-ай!..
Атадан калган осуят,
Аны уулдарың угабы, а-ай!..
(Уулдары кабагын бүркөшүп, түнөргөн бойдон унчукпай, табытты көтөрүп баратышты).
ПРОЛОГДУН УЛАНДЫСЫ
Чоң эне менен небередагы эле Ысык-Көлдүн жээгинде сапарын улап кетип баратышты.
Тестиер. (Кызыгып) Атасы өлгөндөн кийин эки уулу элдештиби, чоң эне?
Чоң эне. (Аңгемесин улантып) Элдешмек түгүл, атанын сөөгүн коюп келген күнү эле эки бир тууган атадан калган мурасты – жайылган мал, жайкалып жаткан жаткан жайлоону бөлүшө албай, талаша кетишти...
БЕШИНЧИ ХОРЕОДРАМАЛЫК САХНА
Мергенчинин боз үйү. Асан менен Үсөн жүздөрүн жүздөрүнө тийгизе, бири-бирин матып турушту.
Асан. (Ызырынып) Жайлоону бүт сен алгың барбы?!.
Үсөн. (Ызырынып) Жайлоо жайылган мал, бүт меники дегиң барбы барбы?!.
Асан. (Ызырынып) Керек болсо, ата мурасын чып-чыргасын коротпой тартып алам!
Үсөн. (Ызырынып) А мен сага тарттырып коюп, жатып алам?!.
(Экөө жакалаша кетишти. Ортого чебелектеп эне түшө калды).
Эне. (Жалынып-жалбарып) Айланайын, балдарым!.. Эсиңерге келгиле!.. Айтканыма көнгүлө! Эрегиштен эр өлөт дейт, бири-бириңерди зыян кылып койсоңор эмне болот?! Балдарым!.. Тынч жашайлы!.. Ынтымакта жашайлы!..
Асан. (Ызырынып) Энчимди алам!.. Ушундай тууган менен кантип бир жерде жашап калам?!. Муну менин желкемдин чуңкуру көрсүн! Бияктан биротоло көчүп кетип калам! Дайранын аркы бетине өтүп алам!
Үсөн. (Ызырынып) Көчсөң көч! Кетсең кет! Сен дайранын аркы бетин ээлесең, мен берки бетин ээлеп алам! Малымды каалашымча жаям!
(Эки бир тууган эки жакка басышты. Эне турду сары убайым жеп, эмне кылаарын билбей).
ПРОЛОГДУН УЛАНДЫСЫ
Чоң эне менен небере дагы эле Ысык-Көлдүн жээгинде сапарын улап кетип баратышты.
Чоң эне. (Улутунуп) Ошондон соң ага-ини көчүп, дайранын эки өйүзүнө бөлүнүп, жашап калышыптыр. Андан кийин да далай замандар өтүптүр. Дайранын өйүз-бүйүзүндөгү эки бир туугандан тараган эл да көбөйгөн экен.
(Дайранын шоокуму угулду)
Тестиер. (Элейип) Бул эмне болгон үн?
Чоң эне. (Кулак түрө) Көл алдындагы дайранын доошу.
Тестиер. (Элейип) Көл алдындагы?
Чоң эне. (Тунжурай) Ооба, көл алдындагы.
Тестиер. Ал көл алдында кантип калган?
Чоң эне. Ал өзүнчө узун жомок, балам...
(Тестиер элейе тыңшап калды).
АЛТЫНЧЫ ХОРЕОДРАМАЛЫК САХНА
Акын. Колума алып комузду,
Кошо созуп добушту.
Бир шиңгил сөздү таштайын,
Бабалар айтып келаткан
Байыркы кептен баштайын.
Аталар айтып келаткан,
Аңыз сөздөн баштайын.
Бейкутта жаткан кең өзөн,
Берекелүү жер экен.
Бейиштей жерди жердеген,
Бактысы гана тоодой эл экен!
Балкып жаткан кең өзөн,
Байлыкка толгон жер экен.
Байырлап келген бул жерди,
Байыркы гана улуу эл экен!
Керилип жаткан кең өзөн,
Кенчке толгон жер экен.
Керүүдө малы батпаган,
Кудай гана берген эл экен!
Ыргалып жаткан кең өзөн,
Ырыскы төккөн жер экен,
Ынтыгып малы семирген,
Ырысы гана тоодой эл экен!
Өйүз-бүйүз жашаган,
Өрүштүү улууэл экен.
Өзөндүн түштүк-түндүгүн,
Өзөн суу бөлгөн жер экен.
Ошондой күндүн биринде,
Олоң чач тийип иримге,
Оң жээктен чыккан бир сулуу,
Олтурса тиктеп дайраны,
Ойноок бала, аркы өйүздөн,
Бир көрүп, сүйүп калганы...
ЖЕТИНЧИ ХОРЕОДРАМАЛЫК САХНА
Мелмилдеп аккан дарыянын жээги. Күүгүм кирип, күн уясына жакындап калган мезгил. Дайранын эки өйүзүндө улан менен кыз турушту, бири-бирине жете алышпай, дайраны кечип өтө алышпай.
Айбек. (Кусалуу) Чолпон!
Чолпон. (Кусалуу) Айбек!Биз качан кол кармаша, дарыяны жээктепбирге басабыз?!.
Айбек. (Айласы кетип) Аттиң, куш болсом дайрадан учуп өтө элем! Балык болсом дайрадан сүзүп өтө элем!
Чолпон. (Жээкке олтуруп, чачынынын өрүмүн жандыра баштады) Талынан чачым жайсам, ээ,
Тал-талдап сууга салсам, ээ.
Талынан чачым кармасаң,
Тартып бир сени алсам, ээ!
Айбек. Тал-талдап жайсаң, чачыңды!
Талынан кармап алсам, ээ.
Татына сендей асылдын,
Так жанына барсам, ээ!
(Чолпон чачын тал-тал кылып жайып дайрага таштады. Бириндиеп сууга жайылган кыздын чачын ан канчалык умтулса да, жигиттин колу жетпеди).
Чолпон. (Каңырыгы түтөп) Тал-талдап жайган жибек чач,
Таштасам суудан өтпөдүң.
Таалайым менин тайкы бейм,
Талпынсам сага жетпедим!
Аттиң!..
Айбек. Тал-талдап аккан чачыңды!
Тутамдап кармай албадым.
Тууралай кечип дайраны,
Тушуңа жакын барбадым!
Аттиң!..
Чолпон. (Каңырыгы түтөп) Анда биз тиктешкен бойдон, эки жээкте өмүр бою кала беребизби?!.
(Экөө бири-бирин телмире тиктеп турушту. Капысынан катуу шамал согуп, жээкти бойлоп өскөн камыштар шуулдап, баштары ыргала баштады. Кыз-жигит да камыштай болушуп ыргалып турушту).
Чолпон. (Кусалуу) Аркы жээкте шуудураса камыштар,
Ал ансайын кусалыгым артылат!
Агат жашым, дарыяга кошулуп,
Айдай жүздөн тамчы болуп тамчылап!
Айбек. Жок, жаным,
Ушул азыр, ойго батып турамын!
Уйку көрбөй мен көпүрөө курамын!
Чолпон. Кантип курасың?
Айбек. Кантип курам?..Мен билем кантип курушту!..
Чолпон. (Көңүлү чөгүп, маанайы пас) Сен аны куруп бүткүчө, качан?!.
Айбек. (Жүрөгү элеп-желеп болуп) Мен аны бат эле токуйм! Бир түндүн ичинде! Көрөсүң, жаным!
Чолпон. Көпүрөөнү кантип курушту билсең, анда, токучу, жаным, тезирээк!
Айбек. (Жүрөгү элеп-желеп болуп) Ал жеңдей болгон солкулдак көпүрөө болот!
Чолпон. Мейли, кылдай ичке болсо да, ошол солкулдак көпүрөөдөн жолугалы экөөбүз!
Айбек. Күт! Көпүрөө эртең даяр болот!
СЕГИЗИНЧИ ХОРЕОДРАМАЛЫК САХНА
Эртеси эртең менен. Таң куланөөк салганда Чолпон дикилдеген бойдон дайранын жээгине жетти. Жайылып аккан дайранын бетинде, эки өйүздү бириктирген, жеңдей болгон камыш көпүрөө чубалжып жаткан. Аркы өйүздө, көпүрөөнүн кашында Айбек олтурган ойго батып.
Чолпон. (Көргөн көзүнө ишенбей) Капырай, чын эле бүттүбү, көпүрөө!.
Айбек. (Ордунан туруп) Бүттү, жаным!..
(Эки ашык камыш көпүрөө менен бири-бирин көздөй умтулушту. Дайранын чок ортосуна келгенде экөө жолугушту).
Айбек. Эми бактылуусуңбу, Чолпон?
Чолпон. Ооба... Анткени... жанымда сен барсың, Айбек! А сен бактылуусуңбу?
Айбек. Бактылуумун, Чолпон. Себеби, жанымда сен барсың!
Чолпон. (Көгөргөн асманды тиктеп) Биз бактылуубуз!
Айбек. (Көгөргөн асманды тиктеп) Биз бактылуубуз!
Чолпон. Жашоо керемет! Көпкөк асман!
Айбек. Жайнаган кызгалдактар!
Чолпон. Мелмилдеген дайра!
Айбек. Ак карлуу тоолор! Анан... сен экөөбүз!
Чолпон. Биз экөөбүз!..
Айбек. Жашоо керемет!
(Чексиз бактылуу эки ашык дайра жайкаган камыш көпүрөөнүн үстүндө чайпалып турушту).
ТОГУЗУНЧУХОРЕОДРАМАЛЫК САХНА
Эки жаштын ата-энелери тойго кам көрүп атышты.
Акын. Эни кууш камыш көпүрөө,
Эки жашка сеп болду.
Эки өйүздүн кыз-улан,
Эл-журтка аңыз кеп болду.
Эзелки кекти унутуп,
Кудалашып эки жээк,
Кол кармашып кетээрде,
Ашыктардын таалайын,
Ата-энелер чечээрде,
Жамандык десе сүйүнгөн,
Жакшылык десе күйүнгөн,
Эки өйүздүн ичинде,
Элдин ыркын кетирген,
Чор баскан мээсин бузуктар,
Чокту ортого таштаптыр,
Оңбогон дили бузуктар,
Ошентип чырды баштаптыр!..
(Айбек менен Чолпон адаттарынча солкулдаган камыш көпүрөөнүн үстүндө, дайрагы чайпалып, бактылуу колкармашып турушту).
Чолпон менен Айбек. (Обон созушуп )Санаалуу көңүл ачылып,
Зарланткан кайгы басылып,
Жүрөк балкып, жүз жарык,
Жүзүңдөн күлкү чачылып,
Айкалышып жыргалга,
Алга карай талпынып,
Жарк эткен таалай жолунда,
Жар бололу жибек чач [1].
(Ошол учурда эки жээккке эки тараптанэл чогулуп калды).
Асандын үнү. (Каарданып) Бул эмне болгон көпүрөө?
Үсөндүн үнү. (Каарданып) Муну ким курду?!.
Айбек. Мен курдум! Ашыгым үчүн!..
Асандын үнү. (Каарданып) Бул ээнбаштыгың үчүн жазага тартыласың!
Айбек. Эмнеге?!
Асандын үнү. (Каарданып) Сен бизди тиги өйүздүн элине – жаман Үсөндүн элине басып бергиң барбы?!.
Үсөндүн үнү. (Каарданып) Бизге силерди басып берет бекен?!. Бизди силерге – жаман Асандын элине басып берет!..
Айбек. (Жаны ачый кыйкырып) Биздин түбүбүз бир! Биз бир атанын балдарыбыз! Биз бири-бирибизге душман эмеспиз! Асан-Үсөн бир тууган!..
Асандын үнү. (Каарданып) Мобул акылдуусунган ээнбаштын айтканын карасаң!..
Чолпон. (Жалынып) Ал туура айтат!.. Биз бир атадан тараган, биртууган элбиз го!..
Үсөндүн үнү. (Каарданып) Тибиреп айтып айтып турганын кара,тээтигил эссиз кыздын!..
Асандын үнү. Көпүрөөгө өрт койгула! Тирүүлөй өрттөнүп өлүшсүн!
Үсөндүн үнү. Көпүрөөгө өрт койгула! Тирүүлөй өрттөнүп өлүшсүн!
(Жабалакташкан эл камыш көпүрөөнүн эки тарабынан тартып, тегеректете өрт коюшту. Жалмаңдаган өрт эки ашыкты туш-туштан каптап баратты. Өрт биричи кызга жетти. Жигит Чолпонду өрттөн сактап, денеси менен жанталаша калкалады. Уландын үстүндөгү апакай көйнөгү жалбырттап күйө баштады. Ошондо да жигит кызды калкалаганын таштаган жок. Тигил экөөнүн өрттөнө баштаганын көрүшүп, эки өйүздөгү жабалактаган эл тарай башташты. Тек гана эки жээкте улан менен кыздын энелери боздоп турушту).
Айбектин апасы. (Боздоп) Ашык болсо эки жаш,
Айбы анын бар бекен?!.
Кызды жигит жактырса,
Калкына намыс ар бекен?!.
Же, жараткан, Кудай бар болсоң,
Жарык дүйнөң тар беле?!.
Жараткандын алдында,
Жасаган айыбы бар беле?!.
Жазыксыз жаш уулумдун,
Жанына Кудай зар беле?!.
Айдар көкүл уулумдан,
Ала элек өчүң бар беле?!.
Чолпондун апасы. (Боздоп) Чолпондой болгон кызымдын,
Чолпусу сууга төгүлөт, коку-уй!..
Чогу өчпөгөн кызыл от,
Чогуу жалмайт көрүнөт, коку-уй!..
Алмончоктой кызымдын,
Айнектей көзү өчөбү, коку-уй!..
Ата-энесин боздотуп,
Арабыздан кетеби, коку-уй?!.
Кызыл жалын, от жалмап,
Кызыл көйнөк өңүрүн, коку-уй?!.
Кырчындай богон кызым, ай,
Кыйылабы, өмүрүң, коку-уй?!.
(Ошол учурда аттын кишенегени угулуп, дайрага бир киши бой таштады. Ал Чолпондун атасы болчу).
Чолпондун атасы. (Кыйкырып баратты) Кызым!.. Кагылайын. Чолпонум!..
(Жээктеги аргымагы тынымсыз кишенеген Чолпондун атасы дайраны кесе сүзүп барып Чолпонго жетип, кармаганда, отко күйгөн Айбек сууга кулап түшүп, сунала агып жөнөдү. Атасы менен кызы, дайранын кесип өтүшүп, жээкке чыгышты. Ошол учурда эл ызы-чуу боло башташты).
Үндөр. Кызды куткарды!
Кызды куткарды!
Үсөндүн үнү. (Каардуу) Кармагыла!.. Тээтиги саткын кыз менен атасын, кармап туруп, жайлагыла!..
Чолпондун апасы. (Бүлүнө чуркап, кызы менен атасына кыйкырып) Башыңарды куткарып кеткиле!..Кыр ашып кеткиле!..
(Чолпон менен атасы жээкте турган азынаган атты көздөй чуркашты. Аргымактын дүбүртү алыстап кетти.
Алардын артынан толгон аттардын азынаганыны, дүбүртү угулуп, ач кыйкырык, куу сүрөөн толуп, куугун түштү.
Ошол учурда Айбектин энеси жансыз денеси жээкке чыккан уулунун жанында мөгдөп олтурду).
ОНУНЧУ ХОРЕОДРАМАЛЫК САХНА
Тоонун бети. Атасы менен кызы Чолпон жанталашып качып баратышты. Экөөнүн артында куугун. Алдыда кыр. Чолпон майшып. Бутун тара албай келатты.
Чолпондун атасы. Кагылайын, кызым! Чамда, балам!.. Чамда!..
Чолпон. (Ыйламсырап) Кызыл ашыгым ташка тилинди, ата!.. Тиземден кан агып атат, ата!..
Чолпондун атасы. (Боору ооруп) Чыда, балам, чыда!.. Аз калды!.. Тигине, кыр!.. жакын эле калды!.. Кырдан ашсак эле – куугундан кутулабыз! Кагылайын, кызым!..
Үндөр. Тигине!.. Атасы менен кызы!..
Кырга жакындап калыптыр!..
Кырды ашырбагыла!..
Кутулуп кетишет!..
Тарт, жааңды!.. Тарт!..
(Ошол маалда качып баратышкан атасы менен кызы кырдын кырына чыгып калышкан. Шуулдаган жебе келип атасынын далысына кадалды. Атасы кайкалай түшүп туруп калды).
Чолпон. (Үрөйү уча кыйкырып) Эмне болду, сизге, ата?!.
Чолпондун атасы. (Оозунан кан кетип) Мен ок жедим балам! Сен кутул! Эки аттасаң эле кыргы чыгасың! Кач! (Шайы кете чоң ташка тизеси бүгүлүп, чоң ташка сүрүлүп түшүп, жатып калды).
Чолпон. (Ыйлаган бойдон атасынын үстүнө түшө калды) Ата-а!..
Чолпондун атасы. (Эрининин араңдан зого кыбыратып) Кач, балам!.. Кач!.. Турба, бул жерде!.. Мага караба!
Чолпон. (Шолоктоп) Ата-а!.. Сизди таштап кантип кетем?!.
Чолпондун атасы. (Эрининин араңдан зого кыбыратып) Бөөдө өлүм болосуң, балам!.. Мен мал болбойм!.. Кач!.. Сен кутул!.. Кач!..
(Чолпон кыйыла араңдан зорго ордунан туруп, жаш төгүлгөн көздөрү менен артын кылчак-кылчак карап, кырды көздөй умтулду. Атасы кызын узата карап, оозунан жылжып кан кетип атты.
Чолпон кырга чыга бергенде жаанын жебеси шуулдап келип кыздын көкүрөгүн тепчип өттү).
Чолпондун атасы. (Эрининин араңдан зого кыбыратып) Кызым!!!
(Кыз жел тийген камыштай болуп чайпала түшүп, атасы жаткан чоң таштын чыгыш тарабына сүрүлүп барып, башы ой тарапты карап жатып калды. Жүзү ылдый жаш кете баштады).
Үндөр. Экөөнү тең жайладык!
Экөөнү тең жалмадык!
Жаткыла, жайрасын болуп!
Жайдыр-кыштыр кырды коруп!
(Ошол учурда капысынан жер титиреп, алаамат башталды).
Үндөр. Жер титиреп атат!..
Тоо бузулуп атат!..
Аска-зоолор урап атат!..
Өзөндү таш басып атат!..
Дайра бөгөлдү!..
Кырылабыз!..
Качкыла!..
Чолпондун атасы. (Эрининин араңдан зого кыбыратып) Биз кудайдын каарына калдык... (Кыймылсыз жатып калды).
(Чолпондун жүзүн токтобой жаш жууп атты).
ПРОЛОГДУН УЛАНДЫСЫ
Чоң эне менен небере Ысык-Көлдүн жээгинде олтурушкан.
Чоң эне.(Тунжурап) Ошентип, кең өзөндү бүт суу каптап, моминтип көлгө айланган экен. Чолпондун аккан ачуу жашы кырдан көлгө чейин жетип, канча күн, канча түн токтобой куюулуп туруптур. Көл ушинтип туздуу болуп калганы, көрсө, ошол Чолпон кыздын ачуу жашынан экен. (Колу менен көрсөтүп) Тигине балам, Чолпон менен атасы. Бирөө Чыгышты, бирөө Батышты карап ташка айланып жатышат.
(Тестиер чоң энеси көрсөткөн жакты карап, Чолпон менен атасынын ташка баткан элестерин көрүп, элейип турду. Аңгыча алыстан кыздын муңдуу авазы угулуп, көлдүн үстүндө чачы сууга суналган Чолпон пайда болду).
Тестиер. Тигине! Тааныдым! Чолпон! Эмне үчүн минтип ырдап атат?
Чоң эне. (Тунжураган калыбында) Эки бир тууганАсан — Үсөн элинин душманчылыгынын айынан ашыгы Айбектен ажыраганын, атасын жоготконун. Бейкүнөө улан-кыздын энерелери күйүткө батып, өмүр боюу мөгдөп калышканын, ыркы кеткен эл табияттын каарына калып, алааматка туш келгенин ырга кошуп атат, да, балам.
Тестиер. (Элейген калыбында) Аябай кайгылуу окуя экен. (Тунжурап) Ка-ап, ушундай кайгылуу окуялар болбой эле койсо, ээ?..
Чоң эне. (Тунжураган калыбында) Андай кайгылуу окуялар болбош үчүн, ынтымак керек. Ырыс алды ынтымак деп, бекер айтылган эмес. Ынтымак бар жерде – ырыс бар, балам...
(Чолпондун муңдуу обону көлдүн бетин каптап, бүт айланага толуп чыкты).
Бүттү.
25.07.2019 – 15.08.2019.
[1] Ж. Шералиевдин “Жибек чачынын” текстине өзгөртүү киргизүү менен оңдолуп жазылды.
Количество просмотров: 1071 |