Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2020-жылдын 16-майы
Талант жана тагдыр
(Баарыңарды кечирдим)
2 бөлүмдүү драмалык версия
Катышуучулар:
Бакен Кыдыкеева – улуу актриса.
Даркүл – улуу актриса.
Ажыгабыл – режиссёр.
Өмүрбек – чоң артист.
Бакендин кызы.
Бакендин күйөөсү.
Врач.
Медсестра.
Абышка.
Кемпир.
Суфлёр кыз.
Орус кыз.
Жаш артист.
Күмүш.
Казак режиссёр.
Жүргүнчү эркек.
Жүргүнчү аял.
Автобустун айдоочусу.
Диктордун үнү.
ПРОЛОГ
30— декабрь 1993-жыл, Бишкек.
Чоң шаардын күү-шаасы. Кара жол. Күүгүм талаш. Капысынан машинанын чукул тормоз берип, бир нерсени сүзгөнүнүн үнү угулуп, кишилер кыйкырып ийишти.
Кишилердин кыйкырыгы. –Автобус бир аялды сүзүп алды!..
-Скораяга чалгыла!..
-Скорая чакыргыла!..
(Күйпөлөктөшкөн адамдардын караандары көрүндү. Кимдир бирөө фонарик жандырып ийди. Жерде бир аял жаткан суналып).
Эркек жүргүнчү. (Жини менен автобустун айдоочусуна бир тийди) Бул эмне кылганыңыз?!. Абайлабайсызбы!..
Автобустун айдоочусу. (Үлдүрөп актана) Көргөн жокмун. Караңгыдан эле капысынан чыга түштү. Буйтаганга үлгүрбөй калдым.
Аял жүргүнчү. (Аялды аяп) Байкуш десе… (Кунт кое карап чыкты) Кыргыз аял экен...
(Ошол учурда тез жардамдын сиренасы жакындап келатты).
Биринчи бөлүм
Биринчи сахна
Ошол эле кеч. Тез жардам көрсөтүүчү оорукананын травматологиялык бөлүмүнүн реанимация бөлмөсү. Кроватта ак шейшептен жууркан жабылган, жасалма дем алдыруучу аппаратына туташтырылган аял киши жатты. Бөлмөдө аялдан башка врач менен медсестра гана бар болчу.
Врач. (Бир нерсени жазып аткан медсестрага кайрылып). Бүгүн кайсы число, ыя?
Медсестра. 30-декабрь.
Врач. Да-а, ошентип 93-жыл да аяктап, 94-жылга кадам койгону калдык, ээ.
(Паузадан кийин, башын чайкай)
Киши болбойт ко… Абалы өтө оор экен. (Өзүнчө) Эмнегедир өңү мага жылуу учурап атат. Бул кишини мурда бир жерден көргөн болушум керек.
Медсестра. Мага да ошондой болуп атат.
Врач. Жанында документи жок дедиңер, ээ?
Медсестра. Эч нерсеси жок экен деп атышат.
Врач. Курган киши, абайлап жүрсө болмок экен. (Кыжаалат боло) Точно, мен бу кишини бир жерден көргөм. Өңү аябай тааныш. Только, вот… Эстей албай атам каяктан көргөнүмдү. Мурда да бизге түшкөн жок беле, ыя?
Медсестра. (Ийнин куушуруп) Билбейм… Бирок, бизге түшкөн эмес болуш керек. Мен, бир башка жактан көргөндөй болуп атам. Сиз айткандай аябай эле тааныш өң экен.
Врач. (Дагы кыжаалат боло) Мен бул кишини билем. Но, вот каяктан билем – эстей албай атам.
Медсестра. Может телевизордон көргөндүрсүз?..
Врач. Может быть… Бирок, телевизордон көп эле адамды көрөсүң, анын баарына көңүл бөлбөйсүң да. А бу киши, буквально чыкыйымда турат. (Кол шилтеп) Ну ладно, бала-бакырасы издеп келип калышаар, ошондо билебиз да ким экенин.
Медсестра. (Кейий) Жаңы жылды бала-бакырасы менен үйүндө тоспой… (Шыпшынып) Карабайсызбы…
Врач. (Үшкүрө) Кырсыкты пландай албайсың да. Бала-бакырасы менен эле тосоюн дегендир. Кантип эле ушинтип калайын деп ойлосун.
Медсестра. (Аялга тигиле) Что-то оозун кыбыратып атат, карасаңыз.
Врач. (Карап) Жөөлүп атат.
Медсестра. (Таң кала) Карасаңыз!.. Карасаңыз!.. Кирпиктерин ирмеп атат!.. Эсине келе баштады окшойт!..
Врач. Комадан чыгып келатат дейсиңби?
Медсестра. А может комадан чыгып кетет?
Врач. Всё может быть…
(Пауза).
Медсестра. (Реакциясын текшерип көрөт) Реакциясы жок болуп атат.
Врач. Значить комадан чыга элек.
Медсестра. А эмне үчүн анда кирпиктерин кыймылдатып, оозун кыбыратып атат?
Врач. Какой-то бир ички процесс жүрүп атат ко.
(Пауза).
Медсестра. Карасаңыз!.. Карасаңыз!..
(Экөө таң кала жарадар аялды тиктеп туруп калышты).
Экинчи сахна
Бозоргон куу шыбактардан башка эч нерсе жок ээн талаада бир жаш келин Бакенди колунан жетелеп жол тартып келатты.
Бакен. Ай, кызым, каякка баратабыз, биз?
(Келин үндөгөн жок).
Чарчап кеттим айланайын. Келчи, бир аз эс алалы (Обочодогу чоң ташка көчүк басты)
Өңүң эле жылуу учурайт. Кайсы бала элең, сен?
(Келин дагы эле унчукпай Бакенди күтүп турду).
Сүйлөчү айланайын. Дегдеңдетип эле мени бир жакка ээрчитип баратасың. Же каякка баратканыбызды билбейм. Же сенин аты-жөнүңдү билбейм. Бирок, өңүң аябай жылуу учурап турат. Ботом, атыңды айтып койчу.
Келин. (Бир топтон кийин үн катты) Чын эле тааныбай турасызбы, мени?
Бакен. (Колун серепчилеп) бери мени жакшылап карачы. (Кунт коё тигилди. Башын чайкап) Тааный албай атам, айланайын.
Келин. (Кейиштүү) Ай, байкуш апам, ай. Сиз киши тааныгыс болуп калганыңыз качан.
Бакен. (Бүшүркөй) “Апам” дейсиңби? Мени айтып атасыңбы?
Келин. Сизди айтпаганда башка бирөөнү айтып атат дейсизби.
Бакен. (Таң кала) Коё тур… Коё тур… Сен… Сен… Кызымсыңбы?!.
Келин. (Бакенди кучактап, көзүнөн жаш кетти) Алда байкуш апам, ай!..
Бакен. (Өзүн араң тыя кызын кучактап) Болду, жаман кишиче жашыба. (Анан тескери карап өзү жашып кетти).
Келин. (Жашыганын басууга аракет кылып) А өзүңүзчү? Мени айтып коёсуз дагы…
Бакен. (Жашын аарчып) Сени көргөнгө эреркеп кетпедимби, каралдым. Канча жыл болду көрүшпөгөнүбүзгө… Жыйырма жылдан ашыптыр. Түшүмдө эле көрбөсөм, жыйырма жылдан бери сени менен минтип көрүшө элек элем да. (Тунжурай түштү) Капырай, кантип сен экөөбүз көрүшүп калдык, ыя? Э, ботом, сен эчак эле бизден кетпедиң беле? Анан кантип экөөбүз ушинтип кезигишип атабыз? (Кармалап көрдү, кызын) Сен эле экенсиң… (Паузадан соң) И-и… Эми түшүндүм. Мен сага келаткан турбайымбы. (Кичине тынымдан соң) Акыры баарыбыз бир жерден көрүшөт экенбиз да, ушинтип. Атаңдын көрү-ү, дүнүйө… (Кызына) Дагы көп жол басабызбы?
Келин. Аз калды.
Бакен. Анда бир аз эс алып отура турайын (Кызын карап). Капырай, ушунча жыл көрүшкөн жокпуз, ээ? Өзгөрбөпсүң, баягы эле бойдон экенсиң.
Келин. (Башын жерге салып) Өлгөндөр өзгөрчү беле, апа…
Бакен. (Ойлуу тунжурап). Атаңдын көрү десең… (Каңырыгы түтөй) Жаш кетип калбадыңбы… Ошондо бир ыптамды кошо ала кеткендей эле болдуң. (Үнү буулуга) Ушу кезге чейин эстесем жүрөгүм зыркырап, күнү оюмдан, түнү түшүмдөн кетпедиң го, каралдым!..
(Пауза. Өзүн токтотуп) Э, кокуй, эмнемден жаздым эле кудайга деп, ичимден боздоп гана турдум го, ошондо. Жарым жыл уйкудан калып, оорубадымбы. Врачтар айыктыра албай коюшуп, өзүмдү-өзүм йога менен дарылап атып, араң айыктым.
Келин. (Бакенди аяй) Эмне анча жаныңызды кыйнадыңыз, апа?
Бакен. (Каңырыгы түтөй) Жаш кетпедиңби, кууратып!.. “Э, кокуй, ушинтип артист болуп, атактуу болуп, ай-талаалап жүрүп тапканым ушубу?!” деп… (Жашка буула түштү. Кайра өзүн токтотуп) Мен ыйлап сенин сөөгүңдүн башында турбай, сен ыйлап мени көмө турган жөнүң бар болчу да, балам. Ошолордун баарын ойлоп… Анан да алда немелердин баарын угуп атып, ошентип уйку качып жинди болуп кала жаздабадымбы, аз жерден. (Кызын кучактап) Каралдым, сенин ушу жалгандан эрте кеткениңе ушу кезге чейин өзүмдү гана күнөөлүү сезем. (Кызы бир нерсе демекчи болду эле) Унчукпа, каралдым. Эмне айтаарыңды билип турам, аяп атасың. Бирок, эмне айтсаң дагы, кандай аясаң дагы, баары бир мени соорото албайсың, кызым. (Кичине тынымдан соң) Эне кургурдун азабына эч нерсе тең келе албайт тура. Ошондо билбедимби, кашайгырдыкы… (Кызына карап). Басалыбы?
(Кызы ооба дегендей ишаарат кылат.
Экөө кетип баратышты).
Келин. Ооруп жүрдүңүзбү, апа? Кантип байкабай калдыңыз, автобусту?
Бакен. Билбейм, балам, билбейм… Тумандын ичинде эле жүргөндөй болуп, баары эле бүдөмүк. Баары эле мага тиешеси жоктой… Баары эле бозоруп… Эч нерсе мени кызыктырбай… Жашоонун кызыгы кетип… Бүт баары эле маанисин жоготуп… Ушундай бир абалда болот экенсиң, кызым. Дүйнө кадимкидей эле чоочун сезилип… Түш көргөндөй болуп…
Келин. Ал эмнеси?
Бакен. (Бир аздан кийин) Ал да кудайдын жазганы го, балам. (Ойлуу) Кудай адамга талант берет экен, атак берет экен, даңк берет экен, анан ошого жараша азап да берет тура. Сенден айрылдым – бир очорулдум. Сахнадан айрылдым – дагы бир очорулдум. (Кичине тынымдан соң) А-а, катыгүн, өлөөр-өлгүчө сахнадан түшпөчүдөй болуп ойлоп жүрүптүрмүн да, өзүмдү. Көрсө, адам ошентип өзүн сооротуп жашайт турбайбы. Бир күнү эле акырын чыгарып коюшту, театрдан.
Келин. Аны билем, апа. Сиз анда кыркка жаңыдан эле чыккан күнүңүз болчу.
Бакен. И-и, ооба, андай да болгон. Бирок. Анда тез эле кайра келгем, театрга. Анын үстүнө анда жаш болчумун. Анча тооткон эмесмин. Эки жылга жетпей кайра чакыртышпадыбы.
Келин. Кийин да чыктыңызбы?
Бакен. Карыдың, пенсияга кет дешип чыгарып коюшпадыбы. Жашың улгайып калганда театрдан куулуп кеткениң жаман болот тура, баарынан.
Келин. Эмнеге антишти? Жакшы эле кайраттуу жан элеңиз го?
Бакен. Адегенде ыза болдум. “Э, кокуй, “Кыдыкеева, Кыдыкеева” болуп жүрүп акыры көрөөр күнүм ушул беле?!” дедим да. Же алжый элек болсом, же карый элек болсом… Бир жума бүк түшүп жатып алып ыйладым, эч кимге билгизбей. Ошондон тартып оңоло албай калдым. Аябай катуу сокку болду, мага. Сен бир ыптамды алып кетсең, театрдан чыгарышканда экинчи ыптамдан ажырабадымбы. “Театр менин өмүрүм” дечүмүн да. Анан, ошо театрдан ажыраганда өмүрүңдөн ажырагандай эле болот экенсиң. “Капырай, кимге мынча жаманчылык кыдым эле, мага мынча өчөшкүдөй?..” деп, ой бир боздодум, а-а… Бирок, акырындап тагдырыңа баш иет экенсиң да. Сууйт экенсиң да. Ошондон баштап эле дүйнө көзүмө суук көрүнүп туруп алды. Туманга кирип кеткендей эле болдум. Мени менен эч кимисинин иши болгон жок, менин да эч ким менен ишим жок болуп калды. Баягы театрым – баягы үйүм жок, ээн журтта калгандай эле болуп калдым. Бир маал келем театрга. Кайра кетем. Келем – кетем…
Келин. Кимге катуу таарындыңыз, ошондо?
Бакен. Адамдарга таарынганда эмне… Тагдырыңа гана таарынат экенсиң – баарын берип туруп, баарын кайра алып койгон. “Кудай куураткырдыкы, эмне үчүн мени ушул жашоого жаратып койдуң, ушул күндү көрсөтө тургандан кийин?!” деп ичим бир өрттөнгүдөй болсо… (Тыныга) Кайсы бирин айтайын… (Тунжурап туруп калды).
Радиохроника
Диктордун үнү. Урматтуу радиоугуучулар. Бүгүн биз СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, даңктуу актриса Бакен Кыдыкееванын чыгармачылык жолу жөнүндөгү “Кыргыз элинин сыймыктуу кызы Бакен Кыдыкееванын бактылуу жолу” аттуу радиоберүүлөрдүн циклин кайрадан баштайбыз. Бүгүн сиздер актрисанын Тяньшань музыкалуу драма театрындагы жараткан ролдору менен таанышасыздар.
(Музыка).
1943-жыл. Гитлердик Германия СССРге жүзү каралык менен кол салышына эки жылдын жүзү болуп калган.
(Музыка).
Үчүнчү сахна
Айлуу түн, Нарын дайрасынын жээги. Дарыянын жээгинде эки караан кучакташып олтурду. Бири жапжаш Бакен, экинчиси жапжаш Ажыгабыл эле.
Бакен. (Маанайы пас) Ичим эле тызылдайт…
Ажыгабыл. Эмнеге?
Бакен. Билбейм… Өзүнөн өзү эле уйгу-туйгу болуп атат. Сени кетиргим келбей атат, такыр. Сен кетсең эле…
Ажыгабыл. (Жайгарып) Жаным, мен бат эле келем, көрөсүң го.
Бакен. (Тунжурай) Бат эле… Фрунзеге жетип, Фрунзеден Москвага жол жүрүп, — анан аякта бир топ болуп, кайра Фрунзеге жеткиче, Фрунзеден кайра Нарынга келгиче… Жарым жыл жөн эле өтүп кетет ко.
Ажыгабыл. Жарым жыл эмес, андан аз эле… Москвага жетип эле, дипломумду коргой коюп эле кайра тартам.
Бакен. (Дагы эле тунжурай) Ким билет, жайчылык болсо да бир жөн эле. Согуш жүрүп атса – шыр барып, шыр келе койгонуң кыйын болот ко.
Ажыгабыл. Жаным, маанайыңды чөгөрбөчү, эми. Бир аз чыдап кой да. Мен келээр замат үйлөнөбүз. Анан… Өмүр бою экөөбүз чогуу болобуз!.. Сүйлөшпөдүкпү… Сен “эркек мүнөзмүн, он экиге чыкканча шым кийип, эркек балдар менен чүкө атышып чоңойгом. Атым эркектикиндей – Бакен,” дечү элең го. Кайраттуу болчу, жаным. (Кыялдана) Мен сага каалаган репертуарды коюп турам, а сен дайыма башкы ролдорду ойноп турасың. “Ромео — Жульеттаны” коём, Жульеттаны ойнойсуң. “Отеллону” коём, Дездемонаны ойнойсуң. “Грозаны” коём, Катеринаны ойнойсуң. (Бетинен өөп койду)
Бакен. (Эркелей) Өзүң каалагандарыңды эле коё бер. А то башка артисттер жаман ойлошот “аялы үчүн коюп атат” деп.
Ажыгабыл. (Кызууланып) Мейли, айтса айта беришсин. Таиров деле Алиса Коонен үчүн, Мейерхольд Зинаида Райх үчүн оюн коюп келишкен. Талант болсо эмне кылыш керек, эми… А сен дагы катардагы жөнөкөй актриса эмессиң. Вот, сендей дагы бир актриса чыксын, ошондо, пожалуйста… Просто, сен өзүңдүн ким экениңди билбейсиң. Сени менен азыр эч ким теңтайлаша албайт.
Бакен. Сен мени сүйгөн үчүн ошентип ойлоп атасың.
Ажыгабыл. (Кызууланып) Сүйбөсөм деле ошентип ойломокмун. Мына, өзүң көрдүң го, сен сахнага чыкканда эл кандай кабыл алды. “Колуңдан кысып коёлучу Бакен, колуңдан кысып коёлучу” деп театрдын эшигинин алдындагы топураган элди көрдүңбү?.. Кана, башкаларды ошенткени?
Бакен. (Моюн толгой) Жөн эле, мен бияктыктар үчүн жаңы көзмүн да, нарындыктар үчүн. Менин оордумда башка бирөө болсо деле ушинтишмек.
Ажыгабыл. (Кызуулана) Койсоңчу, жаным. Өтө эле скромный болуп кетесиң да. Сен кайталангыс актрисасың!.. Даже московский актрисалардын катарында турасың. Москвада канча спектаклдерди көрдүм, сенден ашып кеткендерин көрө алган жокмун. Мен кыйын деген любой актрисасынан кем калбайсың, сен.
Бакен. (Улутуна) Мейличи эми – талашпай эле коёлучу. Сен кел, оюндарыңды кой, анан көрөбүз… (Башын Ажыгабылдын ийнине жөлөдү).
Ажыгабыл. Ошентсең. Болбосо кетээрде…
Бакен. Сени кыя албай атпаймбы. Чыдайм дечи, чыдайм…
Ажыгабыл. Өтө капа болуп баратсаң, мени сүрөтүм менен сүйлөш, жеңилдеп каласың. Баягы-ы, мен сага биринчи жазган катты сактап жүрөсүңбү?
Бакен. Ооба.
Ажыгабыл. (Күлүп) Ошону окусаң кабагың бүркөлүп турса, аябай күлөсүң. Анан өзүнөн өзү эле кабагың ачылып кетет. (Дагы күлүп) Жинди экемин, ээ?
Бакен. (Түшүнбөй) Эмнеге?
Ажыгабыл. (Күлүп) Жаныңда туруп эле кат жазып атканымды карабайсыңбы. Болгондо да кандай сөздөр менен. Азыр эстесем, аябай күлкүм келет…
Бакен. (Көңүлү көтөрүлө күлүп) Мен да биринчи окуганда аябай каткыргам.
Ажыгабыл. Чын элеби?
Бакен. (Баш ийкеп) Чын.
Ажыгабыл. (Күлүп) Мындай эле, бир ыңгайын таап туруп оозеки эле айтпайымбы десең…
Бакен. А эмне үчүн анткен жоксуң?
Ажыгабыл. Даабай койдум да.
Бакен. Ошончолук сүрдүү көрүнчү белем көзүңө?
Ажыгабыл. Сүрдүүнү айтасың… Москвадан окуп атам деп эч кимди теңиме албай, үстүртөн карап турчумун да, баарын.
Бакен. (Күлүп) Анын үстүнө режиссёр болсоң.
Ажыгабыл. Ошону айтпайсыңбы. Анан эле бир күнү театрдын жанында эле бир сулуу келатат. Мени карайбы десем эле карабайт. Өтүп кетти жаныман. Жүрөгүм тим эле алкымыма тыгылып калды.
Бакен. (Күлүп) Эмнеге?
Ажыгабыл. Билбейм… Анан, артисттерден сурап атпайымбы: “Бул ким?” деп. “Кыдыкеева Бакен деген ушу” дешти. Билгем да мурда Лауренсияны ойногонуңду. Уккам да. бирок, мынчалык сулуу экениңди билчү эмесмин.
Бакен. Уялтпачы кишини.
Ажыгабыл. Чын эле… Анан ошондон тартып эле сары оору болуп жатып калбадымбы. Баягы московский высокомериенин бири да жок, просто эле бир бечара сезип калдым өзүмдү.
Бакен. Койчу?
Ажыгабыл. Чып-чын… Же бир шылтоо таап жаныңа бара албайм десең. Эми режиссёр болсом, шылтоо деген толтура табылат эле да. Как будто, сен менин уурумду кармап алчудай болуп, жаныңа жологонго даай албай койбодумбу, такыр. А сен ансайын мага көңүл бөлбөйсүң. Экөөбүз капысынан бет маңдай чыга калганда жерге кирип кете таштачумун.
Бакен. Ошонун бирин да билген жок экемин, ээ?
Ажыгабыл. Билген жок белең?
Бакен. Та-акыр билген жокмун. Билсем, сен катты бергенде ошончолук таң калат белем.
Ажыгабыл. Чын эле, ошондо катты алып атып көздөрүң теп-тегерек болуп кеткен. А мен каякка качаарымды билбейм десең…
Бакен. (Жылмайып) Катты кармата салып эле зуу койгонсуң.
Ажыгабыл. Ишенесиңби, сен да мени сүйөт болушуң керек деп такыр ойлогон эмесмин.
Бакен. А эмне үчүн анда кат жаздың?
Ажыгабыл. Башка аргам калбаса кантем, анан. Жок дегенде сүйөөрүмдү билсин дедим да. (Кичине тынымдан соң) Көрсө, сен да мага көңүл кош эмес турбайсыңбы.
Бакен. Кыз балдар эркектерге караганда сырга бекем келишет да.
Ажыгабыл. Анан сенин да мага көңүлүң түшкөнүн билгенде!.. Өзүмдү ушунчалык бактылуу сездим. Эми андай сезим экинчи кайталанбайт болуш керек.
Бакен. (Ажыгабылдын көкүрөгүнө башын коюп) Сүйүү деген аябагандай укмуш сезим болот экен, ээ… Мындай болоорун, буга чейин билбептирмин.
(Кичине тынымдан соң) Курган Абдыга турмушка чыкканда да мындай болгон эмесмин. Ал мени аябай сүйчү. Мен деле сүйгөм. Айлына – Торуайгырга алып барып, анан эле ага-тууган, ата-энесинин ыктыярынан чыга албай койбодубу. Үч жыл жашадым. Үч жыл эзилдик – келебиз-кетебиз, келебиз-кетебиз. Кызым төрөлдү, Торуайгырда. Анан, айттым: “Мен мындан ары чыдай албайм, Абды. Же мени менен биротоло кетесиң театрга, же мен келбейм” дедим. Ошондо да үн ката алган жок. Ошентип кол үзүштүк, экөөбүз. Сага жолукканга чейин дайыма ойлоп жүрчүмүн, Абдыны. Анан сага жолукпадымбы. (Кичине тынымдан соң) Жубан алып алганыңа ата-энең каршы болбойбу?
Ажыгабыл. Жок, эмнеге каршы болушмак эле.
Бакен. (Кичине тынымдан соң) Биз бактылуу болобузбу, анан?
Ажыгабыл. (Бакендин саамайынан сылай) Бактылуу болобуз, жаным! Сөзсүз бактылуу болобуз!.. Бизге эч нерсе, эч нерсе тоскоол боло албайт!..
Төртүнчү сахна
Гримёрная. Сыртта элдин бака-шакасы. Бакен ролуна даярданып, гримденип жаткан. Аңгыча суфлёр кыз шашып-бушуп чуркап кирди.
Суфлёр кыз. (Кубанычтуу) Бакен, Бакен!.. Көрүүчүлөр залда тим эле толтура. Эшиктин алдында да котолоп турушат, батпай. “Бакен Кыдыкееваны көрөбүз” деп келип атышат.
Бакен. Койчу?
Суфлёр кыз. Чып-чын! (Бакендин мойнунан кучактап) И-ий, өзүмчө эле сүйүнүп атам, ай! Сен ойноп атканда карап эле тургуң келет. (Кыялдана) И-ий, кудай ай, мен да сендей болуп роль ойносом, ээ.
Бакен. Ойногун, талантың болсо эле эмнеси бар экен.
Суфлёр кыз. Андай күн кайда. (Үшкүрүп) Сахна түшүмө кирет десең. Түшүмдө ар кайсы ролдорду ойной берем, өзүмчө.
Бакен. (Көздөрү ойноктоп) Бир спектаклден роль алып көрбөйсүңбү. Давай, режиссёрго айтабыз.
Суфлёр кыз. (Чочуп) Кой, кокуй, өлтүрөсүң мени. Атам көрчү болсо – союп таштайт, тим эле. “Сахнага чыкчу болсоң – тирсегиңден гана асып коём!” деген. Атам жанкечти киши, кокуй.
Бакен. Сенин да атаң каршы турбайбы, ээ?
Суфлёр кыз. Сеники да каршыбы?
Бакен. Мурун каршы болчу, азыр менден биринчи күйүп турат.
Суфлёр кыз. (Кызыга) Каршы болуп жүрсө, анан кантип оңолду, ыя?
Бакен. (Күлүп) Оңолду… (Башын чайкап) Адегенде ушунчалык ыйлаткан мени. Эсимден кетпейт.
Суфлёр кыз. Эмне деп?
Бакен. Мен театрга он алты жашымда эле барбадымбы. Үйдөгүлөргө эч нерсе дебей эле ТЮЗга кирип албаймбы, экзамен тапшырып туруп. Баары бир жашыра албайсың да. Мен өзүм айта албай, анан апам кургурду айттырып атпаймбы, атама. Атам түшүнүктүү эле киши болчу. Мугалим эле да. Бирок, кыргыздын салты кыйын эмеспи. Мугалим болсо да баары бир баш иет экен да, салтка. Апам айтып оозду жыйгыча эле, айланайын атам бир буркан-шаркан түшүп эле жатып калды.
Суфлёр кыз. Эмне деп?
Бакен. “Жин-шайтандар менен гана жанашкан экенсиң, ээ?!. Экинчи театрдын босогосун аттасаң, топурагымды гана түйүп берем!” деди. Эмне дээримди билбей эле көзүмдүн жашын көл кылып, бүк түшүп ыйлап калдым. “Бүттү, эми!” дедим. Эртеси театрга бардым, айтып коёюн деп.
Суфлёр кыз. (Кейип) Алда байкушум айе.
Бакен. Барсам эле Самарин-Волжский деген режиссёр бар эле, мени көрө коюп эле аял-буялга келтирбей эле айтып калды: “Лауренсиянын ролун ойнойсуң” деп. Мен да эмне деп айтаарымды билбейм. Театр “Овечий источникти” коюп аткан, испан драматургу бар Лопе де Вега деген. Ошонун пьесасы. Тээтиги орто кылымда жашаган. Лауренсияны башка актриса ойномок, так ошондо ооруп калыптыр. Анан, тигинтип мага берип атышпайбы. Баягы жерден же режиссёрго чынымды айта албайм, бир жагынан атамды ойлойм. Ошентип эле буйдала түштүм. Самарин-Волжский айтып коюп эле кетип калды. Анан ойлодум: “Кой, ушундай чоң ролду ишенип берип атса. Бу кудайдын бергени да. Өзүм он алтыда болсом. Ушуну ойноп чыгайын. Андан кийин эмне болсо ошо болсун” дедим. Ошентип эле атамдан жашырынып репетиция кылып жүрүп премьераны ойнодум.
Суфлёр кыз. Ошого чейин билген жокпу?
Бакен. Билгизген жокмун. Бирок, эми премьераны ойногондон кийин баары бир элден угат дедим да, эки күн качып үйгө барбай койдум.
Суфлёр кыз. (Аяп) алда байкушум айе.
Бакен. Үчүнчү күнү дегенде анан бардым, чымырканып туруп. Үйгө кирип барсам эле атам гезит окуп отурган экен. Ачууланып келип эле тилдеп жиберет десем: “Ай, Бакен, мобу гезитте “Бакен Кыдыкеева башкы ролду аябай сонун аткарды” деп жазыптыр. Ушу сенби?” деди. Коркконуман жүрөгүм оозума тыгылып эле, араң эле баш ийкеген окшойм, атам келип эле… чекемден… өөп жүрөт.
Суфлёр кыз. (Кубанып ыйлап ийди) И-ий, ырас болгон турбайбы!..
Бакен. “Мен түшүнбөй жүргөн турбаймынбы. Көрсө, сен аябай таланттуу турбайсыңбы” деди. Болду, ошондон кийин менден жаман күйүп-бышчу болду, мага. Андан кийин ар бир спектаклимде мен ойногон сайын гүл көтөрүп келчү.
Ошондой болгон. Андан көрө сени да даярдайлы, бир ролго. Жакшы ойноп калсаң, буюрса, гезитке чыксаң, сенин атаң деле сүйүнөт.
Суфлёр кыз. И-ий, Бакен, ай, Бакен, оозуңа май, ай. Андай аттуу күн кайда?!. (Эстей коюп) Э, кокуй, телтейип эмне отурам бул жерде. Кокуй, чуркайын тиякка. Мени издеп атышпасын, бөөдө. (Кетип баратып, Бакендин бетинен чоп эткизе өөп) Давай, көлөкөм! Бир көрсөтүп кой, эми! Башталаарда өзүм келип айтам, ээ. (Кубанган боюнча тарсылдап чуркап кетти).
Бакен. (Толкундана Ажыгабылдын сүрөтүн койнунан алып чыгып, өзүнчө) Ажыгабыл!.. Жаным!.. Уктуңбу? Бул менин ийгилигим эмес – сенин ийгилигиң!.. Экөөбүздүн ийгилигибиз!.. Кап, бир күнчө кетпей коё турганыңда эмне. Сен да аябай сүйүнбөйт белең… (Ошол маалда гримёрныйга бир чал менен бир кемпир кирип келишти).
Абышка. (Бир аз тарткынчыктай) Бас, ай кемпир. (Бакенге) Амансыңбы, балам?
Бакен. Аманчылык, ата. Келиңиз.
Абышка. Келдик… Бакен сенсиңби?
Бакен. И-и, менмин, ата. Эмне болду?
Абышка. Эмне болсун… (Кемпирге) Ай, кемпир, эмне турасың. Мына, Кыдыкеева экен. “Бакенге алпар, бир көрсөт” деп атпадың беле. Мына, өзү экен.
Кемпир. (Уялыңкы) Мени эле айтасың да. Өзүң деле бир көрсөм болот эле деп атпадың беле.
Абышка. (Кайсалактап) И-и… Болду, болду эми…
(Абышка-кемпир эмне кылаарларын билбей сүрдөп туруп калышты).
Бакен. Ата, апа, эмне турасыздар. Биякка өткүлө, олтургула (Экөөнө орундук узатты).
Кемпир. (Сүрдөй, бирок аябай суктана) Аябай кичи пейил турбайсыңбы, айланайын. Атыңды эле алыстан угабыз “Бакен, Бакен” деген. Сахнадан эле көрөбүз. Көрсө, сен деле өзүбүздүн эле кыргыздын жөнөкөй кыздарындай турбайсыңбы.
Абышка. (Тыйып) Жөнөкөй эмес. Жөнөкөй болсо ушинтип “Бакен, Бакен” болмок беле. Кудай бир касиетти берген да, бу кызга.
Бакен. (Уялыңкы кызарып) Жөнөкөй эле кызмын, апам туура айтат, ата.
Кемпир. (Бакенди кармалап көрүп) Кудая тобо, чын эле Бакенди көрүп атам, ээ?.. Азыр барып кошуна-колоңго айтсам: “Бакен Кыдыкеева менен көрүшүп сүйлөштүм” десем ишенбейт.
Абышка. (Баш ийкей кубаттап) Ишенбей калышсын, кайра бизди калпка чыгарышаар.
Бакен. Ишенет, ишенет…
Кемпир. Ой, кокуй, ишенишпейт. “Кантип эле Бакен Кыдыкееванын өзү менен сүйлөштүңөр” дешип.
Бакен. (Бир нерсе издеп) Эмне кылайын, бир нерсе берейинби?
Абышка. Эч нерсеңдин кереги жок, балам. Биз сенин тирүү көзүңдү көрдүк – ошого ыраазыбыз. Иши кылып эле өркүнүң өссүн!
Кемпир. Өркүнүң өссүн!
Абышка. (Кемпирине) Ай, кемпир, жанагы ала келгениңди бербейсиңби?
Кемпир. (Шашкалактап) И-ий, кокуй, эсиме жара чыккырдыкы!.. (Койнунан түйүнчөк алып чыгып ачат, муштумдай болуп куюлган күмүш экен) Кагылайын, Бакен. Ушуну өзүңө жолдоп келдик эле.
Бакен. (Өзүн ыңгайсыз сезип) И-ий, апа тим эле койбойсузбу, жарыктык.
Кемпир. Кой, балам, алып кой. Шагымды сындырба.
Абышка. Жолу ушундай болот, балам. Өзүңдү минтип көрүп атсак, атайы келсек, анан кур келмек белек. Бул куюлган күмүш мына бу апаңдын чоң-чоң энесинен белекке калган. Ал чоң-чоң энеси кызына – бу апаңдын чоң энесине бериптир. А чоң энеси апаңдын апасына бериптир. Апаңдын апасы болсо апаңа берип атпайбы. Биздин деле кыздарыбыз бар. Бирок, апаң ушуну сага ыраа көрүп туруп алды. Кыздарыбыз дагы “Бакен Кыдыкеевага эле бериңиз” дешип… Анан алып келдик…
Бакен. (Күмүштү алып) Ырахмат!.. Белегиңерди көздүн карегиндей сактаймын.
Абышка. (Кудуңдап) Анда, кайыр кош балам, Бакен. Өзүңдү мен дагы көрдүм. Эми ыраазымын кудайга. Бас, ай кемпир, кетели. Ролуна чыгат, тоскоол болобуз.
Кемпир. (Бакенди бетинен өөп) Аман бол, балам!.. (Экөө шаша-буша чыга жөнөштү).
Бакен. (Тигилердин артынан). Ай, ата-апа… Атыңар ким?.. (Экөө шашып-бушуп чыгып кетишти). Ка-ап, аты-жөндөрүн айтпай кетишти, ээ.
(Кичине тыным)
(Ошол убакта Бакендин жүзүнөн кубанычтын жашы таамп атты.
Пауза.
Капысынан гримёрнаянын эшиги акырын ачылып, суфлёр кыз көрүндү, солуктап ыйлаган).
Бакен. (Чочуп) Катыгүн, сага эмне болду?!.
Суфлёр кыз. (Өпкө-өпкөсүнө батпай) Мага… Эч нерсе болгон жок… (Бакенди кучактай калды).
Бакен. Анан эмне ыйлап атасың?
Суфлёр кыз. (Ыйын тыя албай, Бакендин төшүнө башын жөлөдү) Бакен!.. Бакен!..
Бакен. (Кабатыр болуп) Ырыс, айтчы?!. Эмне болду?!.
Суфлёр кыз. (Солуктаганы басылбай) Театрдын аксакалдары келатышат, биякка…
Бакен. (Түшүнбөй) Эмнеге?
Суфлёр кыз. (Солуктап ыйлап) Тиги…
Бакен. (Үрөйү учуп) Айтчы ай, тезирээк!..
Суфлёр кыз. (Солуктап) Тиги… Ажы…
Бакен. (Үрөйү ого бетер учуп) Ажыгабылбы?!,
Суфлёр кыз. (Көзүнүн жашы он талаа болуп) О-о-о-ооба!..
Бакен. (Өң-алеттен кетип) Каты-гүн, ал эмне болуптур?!.
Суфлёр кыз. (Ыйы тыйылбай) Долон-дон а-а-авария болуп!..
Бакен. (Нес боло түштү) Эмне дейт?!. Соо бекен?!.
Суфлёр кыз. (Өксөп ыйлап) Кара көзүбүз кашайыптыр!.. (Бакенди кучактап ого бетер өксөп ыйлап кирди).
Бакен. (Нес болгон калыбында көзүнөн жаш чууруп) Ажыгабыл!.. Ажыгабыл!.. (Ырыстын кучагынан бошонуп барып, бүк түшүп жатып калды. Ырыс өксөгөн калыбында Бакенди кучактады. Сыртта элдин бака-шакасы угулуп атты).
Радиохроника
Диктордун үнү. Фрунзе убактысы боюнча саат 18-00. Урматтуу радиоугуучулар, азыр сиздерди театр искусствосуна арналган “Сахнадагы өмүр” деген радиоочерк менен тааныштырабыз.
Кечээ, 1950-жылдын 20-октябрында Кыргыз мамлекеттик драма театрынын сахнасында англиялык улуу драматург Уильям Шекспирдин өлбөс-өчпөс “Отелло” трагедиясынын премьерасы болуп өттү. Отеллонун жары, венециялык сулуу Дездемонанын ролун Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Бакен Кыдыкеева ойноду. Дездемонанын ролу Бакен Кыдыкееванын гана эмес, жалпы кыргыз театрынын эң чоң жетишкендиги болуп эсептелет.
(Музыка).
Буга чейин Бакен Кыдыкеева улуу орус драматургу Александр Николаевич Островскийдин “Сепсиз кыз” драмасында Лариса Огудалованын образын өтө ийгиликтүү чыгарган.
Мына эми, таланттуу актриса кайрадан чыгармачылык ийгиликке жетишти.
Жаш актриса, мындан мурун Нарын жана Фрунзенин сахналарында жараткан Касымалы Жантөшевдин “Курманбек” драмасындагы Айганыш, Константин Симоновдун “Орус маселесиндеги” Жессидеги чыгармачылык ийгиликтерин Ларисанын образы менен бышыктаса, Дездемона менен кыргыз элинин сыймыгына айланды десек аша чапкандык болбос.
(Пауза).
Бүгүн, биз Бакен Кыдыкееванын чыгармачылык жетишкендигине карап туруп “Бактылуу адамдын байсалдуу жолунун башталышы” деп тартынбастан туруп айта алабыз.
(Музыка).
Бешинчи сахна
1950-жылдардын башы. Фрунзедеги ресторандардын биринин ичинде элден обочо кабина өңдөнгөн бурчта Бакен менен Өмүрбек олтурушту.
Бакен. (Эки жагын карап) Башкалар кайда?
Өмүрбек. (Тамашага чала күлүп) Экөөбүз аздык кылып атабызбы?
Бакен. Дагы эки-үч киши болот го деп ойлогом. Ошентип айткандай болдуң эле, өзүң…
Өмүрбек. (Буйдала түшүп) Ошондой болмок, анан… Келбей калышты го эми… Биздикилерди билесиң да. Аларды күтүп олтурмак белек, баштай берели да.
Бакен. Келип калышсачы, бир аз күтө турбайлыбы.
Өмүрбек. Күткөндө эмне, келишсе бизге кошулуша беришет да. Кайсынысынан ичесиң – коньяктанбы, же шампанданбы?
Бакен. Коньягыңдан эле куй. Шампанды тигилериңе коюп кой.
Өмүрбек. (Эки рюмкага коньяк куйду) Тостту эми мен айтып коёюн, ээ? (Кичине буйдала калып) Бакен, эми ушунча жылдан бери чогуу иштеп атабыз…
Бакен. (Күлүп) Ушунча жылдан бери чогуу иштеп биринчи жолу ресторанга чакырып атам дейсиң го.
Өмүрбек. (Мукактана түштү) И-и, ар нерсенин өз учуру болот турбайбы. (Буйдала түштү) Көп эле актрисалар менен партнёр болуп ойноп келатам. Бирок, сөздүн ачыгын айтыш керек да, көбү сага жетпейт, баары бир. Сенде өң да бар, талант да бар. Партнёрша деп мына сени айтыш керек.
Бакен. (Күлүп) И-и, мактай түш дагы.
Өмүрбек. (Толкунданып) Эмнеге мактамак элем, болгонун болгондой эле айтып атам. (Буйдала түштү) Эми, баякы… Адам болгондон кийин… (Мукактана түштү. Узакка созулган пауза).
Бакен. (Тамаша аралаш) Сүйлөй элек жатып эле эмне тердеп-кургап атасың, күйөөлөп келген жигиттей болуп. Айтчуңду айтып салчы ары жакка, коньякты муздатып таштайсың.
Өмүрбек. (Ымтырап) Атаңдын көрү… Бу көп жыл тааныш болуп жүргөнүң да аябай мешайт этет турбайбы.
Бакен. (Тамаша аралаш) Мешайт этпесе бетиңден өөп коёт элем дейсиңби?
Өмүрбек. (Уурусун карматкандан бетер ого бетер кекечтенип калды) Кудай аткыр, ушинтип эле түз айтып иесиң да, кишини кызартып.
(Пауза).
Бакен. (Күлүп) Ай, сенин тост айтмагың бир тозок болуп кетти го. Кел, мобуну алып жибереличи. Анан, жүз грамм ичке киргенден кийин айтчуңду айтаарсың (Өмүрбекти күтпөй эле коньякты алып ийди. Өмүрбек да алып ийди). И-и, ичиң кызыдыбы бир аз, айта бер эми.
Өмүрбек. (Коньяктан дагы куюп) Дагы бирди ичели, анан айтайын.
(Экөө дагы бир рюмкадан коньяк ичип ийишти).
Бакен. (Күлүп) Жеттиби градусуң? Айт, эми.
Өмүрбек. (Шердене түштү) Ачык эле айта берейинби?
Бакен. Ачык эле айта бер.
(Кичине пауза).
Өмүрбек. Мен көптө-өн бери бир нерсени байкап жүрөм.
Бакен. И-и?..
Өмүрбек. Өзүңдөн дейин дегеним…
Бакен. И-и, ии, ал эмне экен?
Өмүрбек. (Табышмактантып) Эмне болсун… Дайыма ушу, экөөбүз партнёр болуп ойноп калганда эле бир…
Бакен. Айт, айт.
Өмүрбек. Аны айтам, баары бир. Адегенде бери жагын айтайын. Анан мен да ойлонуп калдым. Адам болгондон кийин ойлонбой коё албайт экенсиң да. Адегенде көпкө чейин күмөн санап да жүрдүм. Чынын айтыш керек да. Анан карасам эле… көрүнүп турат да.
Бакен. (Калп чочуп) Менденби, кокуй?
Өмүрбек. (Кызарып-татарып) И-и…
Бакен. (Дагы калп чочуп) Э, кокуй, эмнеси көрүнүп туруптур?
Өмүрбек. Эми ошону айтып келатпайымбы. (Кичине паузадан соң) Ишенсең, адегенде көпкө чейин ишенбей жүрдүм. Бирок, баары бир билип аттым да. Анан, түшүндүм мен дагы.
Бакен. Эмнени түшүндүң?
Өмүрбек. Эми ошону айтып келатпайымбы, коё турбайсыңбы, кишини демитпей. (Кичине паузадан соң) Анан, мен дагы аркы-беркини ойлоп, кээде кадимкидей түнкүсүн уктабай калам десең…
Бакен. (Ийнин куушуруп) Эмнени эле мынча табышмактантып атасың, ыя?
Өмүрбек. (Коньяк куюп) Келчи, дагы бир жүздөн басып алалы. (Экөө дагы ичип ийишти).
Бакен. (Тамашага чала) Эми жетти окшойт градусуң. Айта бер эми айтчуңду.
Өмүрбек. Эми, айтканда… Аны өзүң деле билип турасың да.
Бакен. (Күлүп) Эмнени?
Өмүрбек. Өзүң түшүндүң да, баятан бери…
Бакен. (Күлүп) Буюрбасын, эч нерсе түшүнгөн жокмун. Бирдеме эле деп атасың, бирдеме эле деп атасың…
Өмүрбек. Койчу ай, чын эле түшүнгөн жоксуңбу?
Бакен. Э кокуй, кызыксың го. Мен эмне доңузмунбу, желкемен билгидей.
Өмүрбек. (Шердене түштү) Ачык эле айта берейинби, анда?
Бакен. Айт деп эле атпайымбы.
Өмүрбек. (Бакжая күлдү) Айтсам, ошо… Билин эле жүрөм…
Бакен. Эмнени?
Өмүрбек. (Кичине буйдала түшүп) Сен мени … жактырып жүрөсүң.
Бакен. (Чайнап аткан тамагына чакап калды) Эмне дейт?!.
Өмүрбек. (Шар кетти) Мынча болгондон кийин ачыгын эле айтыш керек да. Мени менен сахнада ойногон сайын, кадимкидей көздөрүң жалжылдап… Башка көп эле артисттер менен ойногонуңду көрдүм, бирок алар менен андайыңды байкай алган жокмун.
Бакен. (Таң калып калды) И-и, де…
Өмүрбек. (Ого бетер шерденип) Аял киши айта албайт да биринчи, эми аны билебиз да. Чынымды айтайын, мен да жактырып калдым сени! (Кичине пауза) Экөөбүз кошулсак — жаман болбойт. Экөөбүз тең чыгармачыл адамбыз. Ачык эле айтайын – мынча болгондон кийин биротоло эле үйлөнүп алалы.
Бакен. (Таң кала карап) Экөөбүзбү?
Өмүрбек. Адамдар бири-бирин сүйсө, эмнеси бар экен, үйлөнүшөт да. Анын эч кандай уяты жок. Эл деле түшүнөт, экөөбүзгө.
Бакен. (Тунжурай) А-а, кокуй, сен туура эмес түшүнүп жүргөн турбайсыңбы. Мен сенин сахнадагы аткарган ролдоруңду сүйөм. Просто, сенин талантыңды сүйөм. А турмушта мен сени сүйбөйм, кокуй.
Өмүрбек. (Шагы сына түштү) Калп айтпачы.
Бакен. Калп айтып эмне жаныма күч келди дейсиң. Сен таланттуу артистсиң. Аябай чоң талантсың. Мен ошо сенин талантыңды сыйлайм, талантыңды сүйөм. Бирок, кечирип кой мени, турмушта мен сени эч качан сүйгөн эмесмин, сүйбөйм дагы, сүйө да албайт болушум керек.
Өмүрбек. (Түнөрө түштү) Бакен!..
Бакен. (Чыйрак) Туура түшүн, сен муну оскорбление катары кабыл алба, Өмүрбек! Мен сага ачыгын айтып атам. Аныма таарынба. Сен да түшүнүктүү адамсың. Ушу сөз ушу жерде эле калсын, кокуй. Сен мага эч нерсе деген жоксуң, мен эч нерсе уккан жокмун. (Кичине паузадан соң) Кел, андан көрө коньяктан бир аз ичели. (Өмүрбекти күтпөй эле рюмкага коньяк куйду) Сенин талантың үчүн! (Ичип ийди. Өмүрбек түнөргөн калыбында коньякты ууртады). Капа болбо, мага.
Өмүрбек. (Шагы катуу сына) Мен бир көгөрсөм, жаманмын!
Бакен. (Күлүп) Кой, антпе. Эркек киши аялга өчөшчү беле… (Өмүрбек сөзгө келбей ордунан туруп басып жөнөдү) Ай, Өмүрбек!.. Өмүрбек!.. (Өмүрбек кайрылбай басып кетти). Алда катыгүн, айе!.. (Кейип калды).
Алтынчы сахна
Бакендин күйөөсүнүн кабинети. Күйөөсү телефон менен сүйлөшүп олтурган. Аңгыча сырттан Өмүрбек кирип келди.
Өмүрбек. (Күлүп) Ас-салоому алейкум?
Бакендин күйөөсү. (Телефондун трубкасын коюп) Алейкума-ас-салоом, Өмүке. (Таң кала) Келиңиз, келиңиз.
Өмүрбек. (Кара күчкө) Келдим…
Бакендин күйөөсү. Бирөөнө келгенсиз го?
Өмүрбек. (Кара күчкө күлө бакканынан жасбай) Өзүңө эле…
Бакендин күйөөсү. (Таң кала) Магабы?
Өмүрбек. Ооба. Башкалар биякка келбестир. А мен… Хе-хе-хе… Өзүңө ниетим түз да, ошон үчүн келип калдым. Атайы келейинчи деп көптөн бери эле чыгынып жүрдүм эле (Токтоп калды).
Бакендин күйөөсү. Келгениңиз жакшы, Өмүке. Айта бериңиз.
Өмүрбек. (Тарткынчыктай) Эми мындай… Ачык сүйлөшсөмбү дедим эле өзүң менен.
Бакендин күйөөсү. (Кооптуу) Ачык дейсиңби?
Өмүрбек. (Шашкалактай баш ийкегилеп) И-и-и…
Бакендин күйөөсү. (Ыңгайсыз) Айтыңыз… айтыңыз…
Өмүрбек. (Бир аз тарткынчыктай) Айтсам мындай… (Кара күчкө күлүп) Кудай аткырдыкы, мындайды эч кимге айтып көрбөгөн жаным, оозум барбай атпайбы, кашайып. Эркек башым менен ушундай сөз айтсам кандай көрүнүп калам деп да тартынып турбайымбы. (Кичине паузадан кийин) Сөздү ачык айтыш керек да. өзүң билесиң, өзүңдү аябай сыйлайм.
Бакендин күйөөсү. (Шашыла баш ийкеп) Билем, Өмүке, билем.
Өмүрбек. Чынында, кыргыздын ченебеген жигитисиң, жибектей созулган.
Бакендин күйөөсү. (Уялгандан кызарып-татарып) Ырахмат, ырахмат, Өмүке.
Өмүрбек. (Ансайын күчөп) Баягы көзүңдү көрүп мактагандык эмес. Ак сөзүм ушул. Мына, куттуу кабинетиңде олтурам го. (Кичине паузадан соң) Анан, ушу, сендей мыкты жигиттин эл алдында сынып жүргөнү жакшы болбойт. Бая кыргыздар “тай туйлап такка чыкмак беле” дейт. Анын сыңарындай, аял киши канчалык атактуу-даңктуу болбосун, баары бир эркектин намысын ойлош керек да. Эркекти “сөзгө сөлтүк, кепке кемтик” кылбайт, акылдуу адамдар. Же калп айтамбы?
Бакендин күйөөсү. (Башын ийкегилеп) Аныңыз ырас, Өмүке, аныңыз ырас.
Өмүрбек. Дагы сага ырахмат… Артисттин күйөөсү болуш… тозок да. мына, мен өзүм деле билем го, аны. Аялым, эжең, артистка… Анан… эми өзүң түшүнүп аткандырсың, ким жөнүндө айтып атканымды.
Бакендин күйөөсү. (Башын ийкегилеп) И-и…
Өмүрбек. Бакен кудай ургандай таланттуу артистка да. Бүт кыргыз эли билет. Баары “Бакен, Бакен” деп тим эле кудайындай сыйлаганын көрүп эле жүрбөйбүзбү. Аны өзүң деле билесиң, чынбы?
Бакендин күйөөсү. (Ыңгайсыздана) Чын, чын…
Өмүрбек. Мындай дөөлөттү кудай бир эле жолу берет экен адамга. Ошондо да бергенге берет. Кудай бергенден кийин ошо дөөлөттү кармап калыш керек, туурабы?
Бакендин күйөөсү. (Эмне дээрин билбей) Туура, туура…
Өмүрбек. (Шар) Сен мени туура түшүн, үкө. Ниетим актыгынан келип атам, өзүңө. Анын үстүнө өзүң түшүнүктүү жигитсиң. Баарыбыз эле адамбыз – жаңылып-жазып коёбуз, туурабы? Ошондо да, мындай… элге билгизбей… дегендей… Эми сөздүн ачыгын айтсам. Чын-бышыгын деле териштирип көргөн жокмун, бирок баякы “тегин жерден өрт чыкпайт” дейт экен, кыргызда. Анын сыңарындай, жел болбосо чөптүн башы кайдан кыймылдамак эле…
(Пауза).
Бакендин күйөөсү. (Кооптуу) Айта бериңиз, айта бериңиз, Өмүке.
Өмүрбек. (Өтө жаны күйгөндөй түр көрсөтүп) Айтсам… Ой, эжең эле… Өзү Бакенди жакшы көрөт байкуш, аны өзүң деле жакшы билесиң. Бакендин талантын да сыйлайт, адам катары да катуу сыйлайт. Анан эле Бакен жөнүндө бирдеме угуп, же билип калса эле болду, өзүнчө эле күйүп-быша берет, үйгө келип алып. (Кичине паузадан соң) Сөздүн ачыгы да. Эжең айтат… Бакен…
Бакендин күйөөсү. (Кооптуу) Айта бериңиз, Өмүке, айта бериңиз.
Өмүрбек. (Чекесин сүртүп) Жанагы, бир болтойгон артист бар театрда, Бейшенакунов деген.
Бакендин күйөөсү. (Башын ийкеп) Билем, билем…
Өмүрбек. И-и, ошол жигитти жакшы көрөт окшойт…
Бакендин күйөөсү. (Кооптуу) Ким?
Өмүрбек. Бакен го… Бул эми элдин айтымында.
(Пауза).
Берки, эми жаш артист болсо, Бакендин арты менен атак-даңк алайын деп атса керек, курган неме. (Кичине пауза) Театрда ушуну элдин баары кеп кылып атышыптыр. (Шашкалактай) Экөөнүн ортосунда эмне бар экенин эч ким так билбейт. Эжең эле чыйпылыктап жаман болуп атат: “Кепке илинбей, сөзгө илинбей жүрсө болбойбу” деп эле, Бакенди. Аял аялга тартат да. (Кичине пауза) Аны угуп алып мен биякта жаман болдум, өзүмөн өзүм. Чын-бышыгын деле териштиргеним жок, кудай акы. Бирок, мобул өзүңдөй жигит сынып калганы жакшы эмес да. эжең “Бакен, Бакен” деп атса, баягы эркекмин да, мен өзүм ойлодум… “Кой, барып бир айтайынчы… Эсиң барда этегиңди жап” дейт. Бакенди “кой-ай” деп койсун деп, өзүңө келип калганым ошол. Эжеңе деле айткан жокмун. Өзүм эле баса бердим (Күлдү).
(Пауза).
Турмушта ар кандай болот да. Кээде ошентип бири-бирин да жактырып калышы мүмкүн, адамдар. Эми анүчүн деле күнөөлөөгө болбойт дечи. (Кичине пауза) Сөздүн ачыгы, өзүңө жан тарткандан айтып атам мен да. Адам адашып да калат дегендей… Кээде, жанакы эл айткандай болуп атса… Эми тигинин жаштыгына кызыгып атса керек. Мунун баары эле утурумдук нерсе. Өтүп кете берет. Бирок, баякы жаманаттысы жаман да. Бакен эстүү эмеспи, “кой-ай” дегенге көнөт. Акырын айтып, “Ай, достон душманыбыз көп, кеп-сөзгө калбайлы” деп койсоң, ары жагын өзү түшүнүп алат. Эркек болгондон кийин, эркектин жүзү жарык болуш керек. Туурабы?
Бакендин күйөөсү. (Кара күчкө) Туура, Өмүке, туура.
Өмүрбек. (Кара күчкө күлүп) Экөөңө тең ниетим ак. Ошон үчүн келдим, ушу жерге. Ой, башка артист, артисткалар жөнүндө мындайдын канчасын угуп жүрөм. Дегеле бир дың этип койбойм. Деле көңүл да бөлбөйм. Ишим да жок. А Бакен экөөң – башкасың да. Жакшы адамдарга, жакшы үй-бүлөөгө чаң жукпаса экен деп тилейт тура, киши. (Кичине паузадан кийин) Ашык сөз айтсам — кечирип кой. Ансыз да өзүм уялып турам. Бирок, баягы сыйлаган адамдарыңа сөз тийип атса, карап тура албайт, киши.
Бакендин күйөөсү. (Кара күчкө) Ырахмат, ырахмат, Өмүке…
Өмүрбек. Өзүң эстүү жигитсиң. Урушпай-талашпай… Дегеле уруш-талаштан пайда жок. Үй-бүлөө экөөңөрдүкү… (Кичине паузадан соң) Мен барайын, анда. (Ордунан турду).
Бакендин күйөөсү. (Шашкалактап тура калып кол узатып) Жакшы барыңыз.
(Өмүрбек чыгып кетти. Бакендин күйөөсү үн-сөзсүз мелтиреп, нес болгон немедей бир чекитти тиктеп, көпкө чейин олтуруп калды).
Жетинчи сахна
(Спустя три часа. Вечерело). Бакендин квартирасынын конок бөлмөсү. Столдун үстүндө жер-жемиш, шампан, гүл. Музыка ойнолуп турат. Бөлмөдө Бакендин күйөөсү. Бир аздан кийин квартирага сырттан Бакен кирди.
Бакен. (Күйөөсүнө) Кечиктимби?
Күйөөсү. Жок.
(Бакен чечинип, жуунуп алып столдун чекесине келип отурду. Күйөөсү бокалдарга шампан куйду).
Бакен. (Тамак жей баштады, бокалды колуна алып) Бүгүн сенин туулган күнүңбү, же меникиби?
Күйөөсү. Эмне болду?
Бакен. “Кечикпей кел. Стол даярдап турам” дегениңден айтам да.
Күйөөсү. И-и… даярдаса эмне экен. Жөн эле да.
Бакен. (Таң кала) Жөн эле дейсиңби?
Күйөөсү. Ооба. Алып ий, шампаныңды (Өзү ичип ийди).
Бакен. (Бокалды көтөрүп кичине ичип, күлө) А мен ойлоп атпайымбы, бирөөбүздүн туулган күнүбүз го деп. (Кичине паузадан кийин) Ачыгыңды айтчы эми, столду эмне үчүн даярдадың?
Күйөөсү. Жөн эле дебедимби…
Бакен. (Башын чайкап) Жөн эле эч нерсе болбойт да. Бир билгениң бар сенин. Айтчы, эми.
Күйөөсү. (Барып музыканы чоңойтту) Кел, көп сөздү коюп, бийлейбиз (Бакенди колдон алып, бийге тартты).
Бакен. (Таң калганын жашырбай) Сен бүгүн башкача болуп турасың, ай. Эмне болду?
Күйөөсү. (Тайсалдай) Эч нерсе болгон жок.
Бакен. Айт эми, жаш баладай болбой.
Күйөөсү. Бир жолу ушинтип майрамдап койсок болбойбу?
Бакен. Болот, конечно… Бирок… (Кичине пауза) Мейли, өзүң бил, айтпасаң.
(Экөө көпкө чейин унчукпай бийлеп атышты).
Күйөөсү. (Аяр үн катты) Бакен…
Бакен. И-и?..
Күйөөсү. Бир нерсе сурасам – чыныңды айта аласыңбы?
Бакен. (Таң калганы күчөп) Сура.
Күйөөсү. Мен канча жолу сенин көзүңө чөп салдым?
Бакен. Сенби?
Күйөөсү. Ооба, мен?
Бакен. (Күлүп) Мен каяктан билейин, карап турбасам.
Күйөөсү. Уктуң беле ошондоюмду?
Бакен. Уга элекмин.
Күйөөсү. Түз карачы мени. Мен сенин көзүңө чөп сала аламбы?
Бакен. (Кооптуу) Табышмактантпай эле түз сурачы, сурачуңду.
Күйөөсү. Сураганым ушу да.
Бакен. (Башын чайкап) Мени жаш бала деп турасыңбы. Чаргытпай эле сурачуңду сурабайсыңбы.
Күйөөсү. Тил кайырбай эле, айтчы, жөн эле.
Бакен. Эми салгың келсе саласың да.
Күйөөсү. (Жооп кылып) Салгым келсе салам. Ишенесиңби, ишенбейсиңби – аны өзүң бил, бирок сала элекмин.
Бакен. (Тамашага чалууга аракеттенип) Салып көрбөйсүңбү.
Күйөөсү. (Өктөм) Мен андай мээси жок эмесмин! Мен үчүн үй-бүлөөм артык!
Бакен. Акырын, кокуй, эл угат. Мен жөн эле тамашалап атам. Тамашага да түшүнбөйсүңбү?
Күйөөсү. (Кызууланып) Тамаша… М-м… Бейшенакунов экөөңдүн эмне “тамашаң” бар?!.
Бакен. (Башын чайкап) И-и… Мына, мына… Кептин баары биякта жаткан турбайбы. Бая ошентип айтпайсыңбы, түз эле.
Күйөөсү. Мына, айттым… Айта аласыңбы, эми чыныңды?
Бакен. (Кабагы салыңкы) Ким айтып жүрөт, ошону?
Күйөөсү. (Өзүн араң тыйып) Эч ким көрбөйт, эч ким билбейт деп ойлоп жүрдүңөр беле?
Бакен. (Күйүп) Ал ким экен, бизге “жеңе” болуп жүргөн?
Күйөөсү. (Башын чайкап) Бет тырмарлык кылба!.. Суроомо түз жооп бер!
Бакен. (Ачууланып) Сен айт биринчи, ким айтканын, анан мен айтам!
Күйөөсү. (Ызырынып) Ики!.. Карачы айтып турганын!.. Бир кызарып койсоң боло!..
Бакен. (Ачуусу ого бетер артып) Кайсы жазыгыма “кызарам”, ыя?
Күйөөсү. (Өзүн араң токтотуп) Уятың түгөнгөн турбайбы!..
Бакен. (Жарылып) Менин “уятыма” жабышпай, айт ким айтканын, күйгүзө бербей кишини?
Күйөөсү. (Үнү калтырап жек көрө) Ушунча жыл жашап жүрүп – ушундай экениңди билбепмин.
Бакен. (Ыза аралаш) Кандай экемин?!.
Күйөөсү. (Өзүн араң-араң токтотуп) Жиндиленбе!.. Жиндиленбе!..
Бакен. (Демитип) Айт, болбосо ким айтканын!
(Узакка созулган пауза)
Айта албайсыңбы?!. Каяктагы бир ушакчынын тилине кирип алып… ушинтейин деген экенсиң да!..
Күйөөсү. (Кыйкырып) “Каяктагы бирөө” эмес!..
Бакен. (Ызасы башына чыгып) Андай сөздү нормальный киши айтпайт!
Күйөөсү. (Жарылып) Бейшенакунов экөөңөрдөн Өмүрбек ненормальный экен да, ээ?!.
Бакен. (Дел боло түштү) Өмүрбек?!.
Күйөөсү. (Табасы кана) И-и, ууруң кармалып калдыбы?!.
Бакен. (Ошол калыбында) Өмүрбек ошентип айттыбы?!.
Күйөөсү. (Ого бетер табалап туурап) Айтты. Эмне Өмүрбектин оозун тигип бердиң беле?!.
Бакен. ( Жакасын кармап башын чайкап) Ой, бети жок, о-ой, бети жок!.. Накта тебетей катын турбайбы!
Күйөөсү. (Жини келип) Оозуңа карап сүйлө!.. Айыбыңды ачып койсо эле тебетей катын болуп калабы, сага?!
Бакен. (Айласы кете күбүрөнүп) Тебетей катын!.. Тебетей катындан да жаман… (Делдейип туруп калды).
Күйөөсү. (Жек көрө карап башын чайкап) Ай, ай, ай!.. Уялып калсаң боло, кичине!.. (Ички бөлмөгө кирип кетти да, чемоданын көтөрүп кайра чыкты да, эшикке чыгып кетти).
Бакен. (Күйөөсүнүн артынан узата карай көзүнө жаш толо) Ушу турбайбы сенин “көгөргөнүң?!.” “Көгөрбөй” кара жерге кир!.. (Айласы куруп, столдун үстүндөгү гүлдү алып, шолоктоп ыйлап, стулга шалк отуруп калды).
Экинчи бөлүм
Радиохроника
Диктордун үнү. Фрунзеден сүйлөйбүз. Сегодня 20 июня, 1956 года. Фрунзенское время 18 часов. Урматтуу радиоугуучулар. Республикабыздагы маданият жаңылыктарына көңүлүңүздөрдү бурабыз. Кыргыз ССРинин эл артисти, биздин кино карлыгачыбыз, Салтанатыбыз, улуттук театрыбыздын Чолпон жылдызы Бакен Кыдыкеева Кавказ жана Орто Азия республикаларынын артисттеринин ичинен жападан жалгыз тандалып алынып, советтик кинематографисттердин делегациясы менен Индия мамлекетине “Советтик искусствонун Индиядагы жумалыгына” катышып келди. Жөн эле катышып келбестен Индиянын премьер-министри, СССРдин анык досторунун бири, Индия элинин улуу уулу Джавархлал Неруга кол берип кайтты.
Бакен Кыдыкееванын бул ийгилигине бүтүндөй кыргыз элинин төбөсү көккө жетип турган чагы.
Мына, бактылуу таланттын байсалдуу жолу.
(Музыка).
Сегизинчи сахна
Түн ортосу эле. Элдин ызы-чуусу угулду. Барак тибиндеги үйдүн бир башы өрттөнүп аткан.
Элдин үнү. — Өрт!.. Өрт!..
— Кыдыкееванын үйү өрттөнүп атат !..
— Суу!.. Суу!.. Суу алып келгиле!
— Бакендин үйү өрттөнүп жатат!..
Аңгыча ары-бери чуркаган караандардын ичинен эки киши беттешип калышты. Бирөө – Даркүл, экинчиси – Өмүрбек болчу.
Даркүл. Э, коку-уй, э, коку-уй, эмне болду? Катыгү-үн?!.
Өмүрбек. (Демигип) Эмне болсун!.. Бакендин үйү өрттөнүп атат!..
Даркүл. (Чебеленип) Эмне дейт, ыя?!. (Пауза) А Бакен… Бакен өзү кайда экен?!.
Өмүрбек. (Жактырбай) Кайда болсун… ичинде да!..
Даркүл. (Чок баскандай чочуп) Үйдүн ичиндеби?!.
Өмүрбек. (Кырс) Ооба…
Даркүл. (Калчылдап) Э, коку-уй, э коку-уй!.. Чыкпайбы, кокуй, чыкпайбы!.. Өрттөнүп өлөт, кокуй! Өрттөнүп өлөт!..
Өмүрбек. (Мыскылдай) Чыга алгыдай болсо чыгабы!..
Даркүл. (Калчылдап) Чыгарбайсыңарбы, кокуй, чыгарбайсыңарбы?!.
Өмүрбек. (Жини келип) Айкырбачы, ай!..
Даркүл. (Калчылдап) Айкырбаганда эмне кылам, анан, эмне кылам… Өрттөнүп баратпайбы!..
Өмүрбек. (Ачуусу келе тиштенип) Ылжып, мас болуп жаткан немеңди сүйрөп чыгалыбы, ыя?! Билсин, элге-журтка шерменде болсун?!.
Даркүл. Мас бекен?! Аны каяктан билесиңер, силер?!.
Өмүрбек. Жанагы Бейшенакунов деген неме экөө жатат да...
Даркүл. Бейшенакунов мененби?!.
Өмүрбек. (Кыжырлуу) Ой, ой, ой, аңкоо боло каласыңар, ээ, бир заматта. (Туурап) Ооба, Бейшенакунов менен!.. Экөө ичип алып... тамеки тартып... анан чыкты да өрт...
Даркүл. Э, катыгүн, өлбөдүбү, анда!..
Өмүрбек. Өлмөктөн доңуз копсун!.. (Пауза) Ушул өрткө ким даап кирет?.. Киргенде да экөөнү көргөн киши эмне дейт?!. Шерменде гана болушат да!..
Даркүл. Э, кокуй, ушу бойдон калышсынбы, анан?!.
Өмүрбек. Ушуну көрмөк!.. Көп баскан аяк, чок басат деген ушу. (Өрттөнүп аткан үйдү көздөй шаша басты).
Даркүл. (Чебелектеп) Эми кантебиз, эми, ыя?!. Эми, кантебиз, эми, ыя?!.
(Аңгыча сырттан Бакен кирип келди).
Бакен.Ай, Даркүл, эмне болуп атат, биякта?
Даркүл. (Бакенди көрүп бир саамга нес боло түштү) Ой, сен... сен... Бакенсиңби?!. (Келип кучактап ыйлап ийди).
Бакен. Ооба, мен... Мен Бакенмин.
Даркүл. (Сыйпалап көрүп) Ой, чын эле сен турбайсыңбы!
Бакен. Койчу, ой, обу жоктонбой, көп...
Даркүл. (Эсине келип) Апе-ей, өлүксүз, сен каяктан чыга калдың, ботом? Сени үйдүн ичинде дебеди беле?..
Бакен. Жиндисиң го!.. Көрүп атпайсыңбы, каяктан келатканымды.
Даркүл. (Дендароо боло) Апе-ей, каяктан келатасың?
Бакен. Каяктан дегени эмнеси, ыя... Киносъёмкадан келатам.
Даркүл. (Өрттөнүп аткан үйдү көргөзүп) А тиякта ким бар?
Бакен. (Түшүнбөй) Каякта?
Даркүл. Тиякта... Сенин үйүңдө!.. Өрттөнүп атпайбы, үйүң!..
Бакен. Менин үйүмбү?!. Менин үйүм өрттөнүп атабы?!.
Даркүл. Сеники!..
Бакен. (Эси оой түштү) Мобу эмне деп атат, ыя? (Карап көрүп) Ким өрттөптүр?!.
Даркүл. Ким?.. Ой, тиги!.. А сен качан кеттиң эле үйүңөн?
Бакен. (Нес боло) Мобу жинди болуп турат ко дейм, чын эле!.. Ай, эки күн мурда сага келип, "Даркүл, мен киносъёмкага кетип баратам, үйдү карап тур," дебедим беле, ыя.
Даркүл. (Алаканын шак коюп) Дегенсиң, дегенсиң... Ооба, ооба... Эсиме жара чыккырдыкы, ий, эсиме жара чыккырдыкы!.. Э, кокуй, анан ким өрттөдү сенин үйүңдү?!.
Бакен. (Маанайы пас үшкүрүп) Көгөргөн кара жерге киргир ай, көгөргөн!..
Даркүл. (Түшүнбөй) Эмне эле деп атасың?
Бакен. (Жини келип) Дөөрүп атам, дөөрүп!.. (Дагы үшкүрүп) Өх!.. Атаңдын көрү, ий!..
Радиохроника
Диктордун үнү. Фрунзеден сүйлөйбүз. Фрунзе убактысы боюнча саат 20-00. Урматтуу радиоугуучулар. Бүгүн сиздер кечээ кең мекеибиз СССРдин борбору Москвада ачылган Кыргыз ССРинин адабият жана искусствосунун II декадасы тууралуу радиоберүүгө күбө болосуздар.
Ошентип, I декададан туптуура 19 жыл өткөндөн кийин, ушул 1958-жылы кайрадан күнөстүү республикабыздын II декадасы ачылып отурат. Бул декадага кыргыз өнөрпоздору болуп көрбөгөндөй ийгиликтер менен келишти. Театр, музыка, адабият менен бир катар, улуу орус элинин таразасына биринчи жолу улуттук туңгуч көркөм фильмибиз "Салтанатты" көрсөткөн турабыз. Салтанаттын ролунда Кыргыз ССРинин эл артисти, даңктуу актриса Бакен Кыдыкеева болуп көрбөгөндөй ийгилик менен ойногонун эң сонун билесиңер. Эми жаңы кинобуздун ийгилигине улуу орус элинин көрүүчүлөрү да күбө болушмакчы. “Салтанат” кыргыз совет искусствосуннун тарыхында алтын тамгалдар менен жазылып калаарына ишенебиз!
(Музыка).
Тогузунчу сахна
Москва. Мейманкананын холлу. Кыргыздын улуттук киймин кийингенБакен кимдир бирөөнү күтүп турган болчу.Аңгыча сырттан шыпылдай баскан орус кыз кирип келип,түз эле Бакендин маңдайына барды.
Орус кыз. Здравствуйте.
Бакен. Здравствуйте.
Орус кыз.Вы из киргизской делегации?
Бакен.Да.
Орус кыз.Вы актриса?
Бакен.Да.
Орус кыз. (Кызалаңдай) Где ходит эта... ваша Бакен Кыдыкеева?
Бакен. (Таң кала) Что случилось?
Орус кыз. (Кызалаңдай) Как, что случилось?! Её везде ищут, а она взяла да улетела на съёмки.
Бакен. (Таң кала) Кто?
Орус кыз. (Кызалаңдай) Бакен Кыдыкеева!.. Кто же ещё!.. Вы хоть понимаете, что значить для вас декада?!
Бакен. Конечно, понимаем. Эта наша вторая декада. Первая была в 1939 году. И вот, через 19 лет после этого выпала честь выступать в Москве.
Орус кыз. (Сөзүн бөлө ачуулуу) О боже мой!.. Я у вас не спрашиваю историю. Эта, декада определяет очень многое, вы понимаете?! Многие из вас получат звания, государственные награды, а тут...
Бакен. Конечно, понимаем.
Орус кыз. (Башын чайкап) Что-то сомневаюсь, я... Вот ваша Бакен Кыдыкеева самовольно улетела на съёмки. Здесь проходит декада, а она... А её-то представили на народного. А теперь, вряд-ли она получит звание.
Бакен. (Таң кала) Кто вам сказал, что она улетела?
Орус кыз. Её коллеги. Понимаете, что случилось. Сейчас проходит неделя французского кино и в Москве находится Жерар Филипп. Слышали такой?
Бакен. Конечно слышали. Знаменитый французский киноактёр.
Орус кыз. Да, да... И большой друг СССР. И вот он увидев фильм "Салтанат" в буквальном смысле слова, влюбилься в эту, вашу Бакен Кыдыкееву. Провел пресс-конференцию и говорит, что хотел бы с ней познакомиться и увести её во Францию.
Бакен. (Көздөрүн чоң ачып) Как "увести"?!
Орус кыз. Хочеть вместе сниматься с ней в французском фильме.
Бакен. (Эс ала түшкөнсүдү) И-и...
Орус кыз. Как услышали это, мы все ринулись искать её. А она... (Жини келип) Просто зло берётся!..
Бакен. (Оозун камдап) Знаете, Бакен Кыдыкеева, это...
Орус кыз. (Сөзүн бөлүп) Я столько о ней слышала плохого.
Бакен. Плохого?
Орус кыз. Говорят, что после "Салтаната" она сильно изменилась.
Бакен. (Таң кала) Изменилась?
Орус кыз. Оказывается, да. Она, говорят, стала очень высокомерной, заносчивой, слишком капризной. Одним словом, заболела "звездной болезнью".
Бакен. (Таң кала) Кто это вам говорит?
Орус кыз. Я же вам сказала — её коллеги. Они же пошли в министерство культуры СССР и зарубили ей звания. "Как же вы можете такого человека представить на звание народного артиста СССР?! Пусть, сначала она исправить свои недостатки," сказали они. И тогда руководство министерство культуры отложило её документы. Честно говоря, я тоже такого же мнения. Она бесспорно талантливая актриса. Мировая величина. Ничего не скажешь. Но, к сожалению... её талант и её человеческий облик не совмещается.
Бакен. (Ызалуу) Вы её лично знаете?
Орус кыз. Нет.
Бакен. А как же можете говорить тогда о ней такие слова.
Орус кыз. Я верю уважаемым людям.
Бакен. А кто именно, ваши уважаемые люди?
Орус кыз. Допустим, Омурбек Атабеков и несколько ваши коллеги.
Народные и заслуженные артисты вашей республики.
Бакен. (Оозу ачыла) Өмүрбекпи?
Орус кыз. (Түшүнбөй) Что?
Бакен. (Өзүн араң токтотуп) Да, ничего...
Орус кыз. Вот, видите, вы очень красивая актриса. Даже красивее, чем Бакен Кыдыкеева. Наверное талантливая.
Бакен. (Күлүп) Да-а?..
Орус кыз. Ну, видно же... Я думаю Кыдыкеева вас не любить. Завидует вам. Даже задавила вас своей славой. Я правду говорю?
Бакен. Не знаю...
Орус кыз. Видите, как вы боитесь её.
Бакен. Я не боюсь её. Потому что Бакен Кыдыкеева, эта...
Орус кыз. Боитесь, боитесь, я же вижу. Знаете, почему я пришла?
Бакен. Почему?
Орус кыз. Потому что, моё руководство, ну, министерство культуры СССР послала меня уточнить, куда она улетела и послать телеграмму за ней. Послезавтра на ваш спектакль возможно придёт сам Никита Сергеевич Хрущёв — 1-секретарь ЦК КПСС. Поэтому я здесь. Вы знаете куда она улетела.
Бакен. Никуда.
Орус кыз. Как, никуда? Вы шутите?
Бакен. Не шучу. Бакен это — я.
Орус кыз. (Үрөйү учуп) Что-что?!.
Бакен. Кыдыкеева это я, говорю.
Орус кыз. (Көзүн чоң-чоң ачып) Когда прилетели?
Бакен. Я никуда не летала.
Орус кыз. (Ого бетер таң кала) Как же?..
Бакен. Так, так...
Орус кыз. (Жакшылап карап) Действительно, я вас узнала. Что тогда они сказали? Зачем они так сделали?
Бакен. (Токтоо) Ай, девушка, милая...
Орус кыз. Мария Владимировна.
Бакен. Дорогая Мария Владимировна, у кыргызов очень высоко развита фантазия. Не даром мы создали эпос "Манас".
Орус кыз. (Түшүнбөй) Ну, хорошо... Но при чём тут "Манас"?
Бакен. А при том, дорогая Мария Владимировна, я действительно получила телеграмму с приглашением на съёмки. Но не сейчас, а через два месяца. Видимо, мои коллеги не поняли меня.
Орус кыз. (Күйүп-бышып) Ну, как же так?!. Ну, как же так?!.
Бакен. (Аргасыз күлүп) Бывает, бывает милая Мария Владимировна. Ещё хуже бывает (Акырын үшкүрүп койду).
Орус кыз. (Ачуусу келип) Хуже не бывает!.. Вы не получите народного! А Жерар Филипп улетел...
Бакен. (Күлүп) Ничего, дорогая Мария Владимировна, ничего.
Орус кыз. (Таң кала) Вы так спокойно говорите...
Бакен. (Күлө) А что, плакать теперь из-за этого?
Орус кыз. (Күйүп-бышып) Я не понимаю!.. Что за люди?!. Боже мой!.. Боже мой!..
Бакен. (Күлө) Милая Мария Владимировна, лучще скажите, как вам наше искусство?
Орус кыз. Чьё искусство?
Бакен. Киргизское, конечно. Как вам наши таланты?
Орус кыз. А что, вы о себе не спрашиваете?
Бакен. (Күлүп) Я среди них. Вы видели, как Бүбүсайра танцует?
Орус кыз. Кто-кто?
Бакен. Бүбүсайра Бейшеналиева.
Орус кыз. (Башын чайкап) Божественный танец!
Бакен. (Аябай өрөпкүй) Я влюбилась в её танец! А как вам наш Муратбек Рыскулов?
Орус кыз. Отличный актёр!!!
Бакен. А Даркүл Күйүкова?
Орус кыз. Удивительная актриса.
Бакен. (Ого бетер өрөпкүй) Вот, видите, какие мы талантливые.
Орус кыз. (Бакенди көпкө чейин сынай карады) Вы действительно Бакен Кыдыкеева?
Бакен. (Күлүп) Действительно. А может быть вам паспорт показать?.. (Сумкасын аңтара баштады).
Орус кыз. (Шашкалактай) Нет, нет... не надо.
Бакен. (Паспортун сумкасынан алып чыгып) Просто взгляните.
Орус кыз. (Паспортту колуна алып барактап көрүп) Да-а, действительно это вы.
(Пауза).
Вы всегда такая?..
Бакен. Какая?
Орус кыз. Ну... земная такая...
Бакен. (Каткырып күлүп) Дорогая Мария Владимировна, мы же по земле ходим. Среди людей.
Орус кыз. (Таң кала) Вы совсем другой человек.
Бакен. (Күлө) Это вам так кажется. Я такая же, как все.
Орус кыз. Нет, нет, нет, всё-таки вы другая... (Күнөөлүү) Мне стыдно.
Бакен. (Күлө) За что?
Орус кыз. Поверила словам ваших коллег. (Пауза) А оказывается... Вы очень интеллигентная, тонкая, умная, открытой душой женщина. Сразу видно.
Бакен. (Кашкая күлүп) Не смущайте, меня, Мария Владимировна.
Орус кыз. Я вам искренно говорю. (Санааркай) Бакен, что теперь будем делать?
Бакен. (Күлө) Не знаю...
Орус кыз. (Башын чайкап) Эх, люди, люди...
Онунчу сахна
Конец 1950-х годов.
Театрдын гримденүүчү бөлмөсү. Бакен маанайы салыңкы кийим илгичтеги илинген кийимдерди бирден карап аткан.
Бакен. Сени Айганышта кийдим эле. Белиңди бир аз чоңураак тигип коюшуптур. Өз колум менен бүктөткөм. Карачы, өңүрлөрүң кырыла баштаптыр. (Маанайы пас) Мындан ары кимиси киер экен эми, сени? (Башка кийимди алып, ачып көрүп) Катеринанын костюму турбайсыңбы. Курган келин, башыңа каран түн түшкөндө Волгага боюңду таштаган турбайсыңбы. Азыр менин да башыма сеникиндей каран түн түшүп турат. Театрдан чыгарышты мени. Жеке, керт башымдын жашоосуна кийлигишип, ошону шылтоолошуп куттуу театрымдан кууп чыгышты. (Тамагы буула түштү) Кой, кокуй, Бакен, өзүңдү колго ал. Көз жашыңды көрсөтпө буларга.
(Пауза).
А-а, Сейденин жоолугу. Капырай, "Бетме-бетти" комиссия он-чакты жолу көрүп атып, албай атып алышты эле. Чыңгызга ошентип бут тосушту эле. Азыр эми алар ким, Айтматов ким. (Кейиштүү ойлонуп калды).
Сени Дездемонада кийдим эле. Үлбүрөп өтө эле кызык көрүнчү элең. Ушунча жыл сени сактадым эле. Эми...
(Пауза).
Мен жокто жетимсиреп каласыңар, байкуштарым. (Көңүлү чөгүнкү бойдон күзгүнүн маңдайына отура кетти. Даркүл кирди).
Даркүл. (Тарткынчыктай) Бакен... Спектаклге чыгасыңбы, ыя?
Бакен. (Маанайы пас) Эмне спектаклди айтасың, укпадыңбы өзүң баарын.
Даркүл. (Көзү жашылданып)Ушинтип эле чыгарып ийишеби,ыя?
Бакен. (Калыбында)Чыгарып ийишкени ушу да.
Даркүл. (Күйүп-бышып) Э,кокуй,Бакен,сени театрдан чыгарып ийип,эмне иш кылат бул театр?!
Бакен. (Калыбында) Менсиз театр жашабай калмак беле,жашай берет.
Даркүл. (Ого бетер күйүп-бышып) Түшүнөсүңбү,сен деген кимсиң?!. Ушул сендей актрисаны театрдан чыгарышкандан кийин!..
(Пауза).
Өмүрбектин эмне өчү бар сенде,ыя? Эмне мынча бакылдады,тим эле сен эл душманынан бетер?
Бакен. (Калыбында) Өмүрбек… Өмүрбек…Эркек болбой…жерге кирсин ошол…
(Пауза).
Даркүл. (Айласы куруй) Эми ушинтип эле кала бересиңби?
Бакен. Эмне кыл дейсиң анан?
Даркүл. Москвага арызданбайсыңбы?
Бакен. (Башын чайкап) Өз жериң жерип атса,өзгө сенин чекеңден сыламак беле.(Пауза. Өзүнчө)Бармактайымдан келдим эле. (Үшкүрүнүп) Өмүр бою ушул театрдын сахнасында жүрчүдөй сезчү элем,өзүмдү. (Улутунуп) Сахнада өлөм деп ойлочумун… Көрсө…
(Пауза).
Театрга кирип келатсам баары эле менден оолакташып… Жашынышат… Кубанычбек мени көрө коюп көчөнүн аркы бетине өтө качты. Батма жашынып калды. Капырай,адамдар бир паста ушинтип өзгөрөт турбайбы…
Даркүл.Эмне антип атышат,ботом?
Бакен. (Каңырыгы түтөп) Мени театрдан чыкты дешсе,чоңдорго жаман көрүнүп калбайлы деп коркуп атышкандары го. (Үшкүрүп) Кээ бирлеринин табаасы канып атса керек…
Даркүл. Таабалабай тамыран калышсын,ошолор! Сендей артисти театрдан чыгарып атышса,ыйлашпайбы (көзү жашылданып кетет).
Бакен.Көп турбасаңчы менин жанымда,Даркүл.Көзү суук бирөөлөр көрүп тигилерге жеткирип барчу болсо…
Даркүл. Жеткирмектен жеткиришсин! Эми ошолордон коркоюнбу?!. Керек болсо бышырып жешсин,мени! (Күзө жашылданып) Көзүмө суук көрүнүп атат,театр.
Бакен.Кой,Даркүл,антип көңүлүңдү бузба. Биз келебиз-кетебиз. А театр жашай берет,бизсиз деле.
Даркүл. Ичим ачышып атпайбы,сага (тамагы буула түштү).
Бакен. Бул күндөр да өтөт...
(Пауза).
Кой, мен кетейин.
Даркүл. Андай суук сөздү айтпачы, кетейин деп (Жашып кетти).
Бакен. (Даркүлдү бооруна кысып) Ыраазымын, сага! (Тескери бурулуп көзүнүн жашын аарчыды. Аны көргөн Даркүл буркурап ыйлап ийди).
Радиохроника
Диктордун үнү. Здравствуйте, дорогие радиослушатели. Сегодня 20-е июля, 1986 года. Фрунзенское время 18.00. Говорим из города Нарын. Вчера, 19-го июля, Саламатсыздарбы, урматтуу радиоугуучулар. Нарындан сүйлөйбүз. Кечээ, 19-июлда, областтык музыкалуу драма театрдын сахнасында Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын гастролу ачылды. Тоолук көрүүчүлөр он күн бою кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал болгон сахна жылдыздарынын кайталангыс таланттарына күбө болушат. Айрыкча, СССРдин эл артисти, легендарлуу талант Бакен Кыдыкеева Аламышык аймагына келиши - тоолуу крайыбыздын маданий турмушундагы өтө зор окуялардан болуп саналат.
Бакен Кыдыкеева кыргыз элинин бактысы тоодой таланттарынын бири эмеспи.
(Музыка).
Он биринчи сахна
Мейманкананын бөлмөсү. Жашы улгайып каган, жалаң халатчан Бакен кроватта отурду. Айласы куруган түрү бар.
Бакен. Алда кудай аткырдыкы, ае. Карасаң кылышкандарын. (Башын чайкап) Ай, ай, ай... Мен буларга эмне жамандык кылдым, ыя, катыгүн?!. Эми ушу чычкандай олгон немелер да мага өчөшө башташтыбы, капырай.
(Аңгыча эшик такылдады. Бакен ордунан тура калды. Кубанып кетти).
И-и, ошентип оңолсоңор, капырай. (Өзүн-өзү жемелеп) Карыптырсың, Бакен, бирөөнүн күнөөсүн көтөрүп... (Барып эшикти ачты. Сырттан Күмүш кирди).
Апей?.. (Шаабайы сууй түштү).
Күмүш. (Чочуп кетти) Эмне болду, эже?
Бакен. (Маанайы пас) Мен өзүмдүн театрымдын кишилеринен экен десе.
Күмүш. (Тамашага чалууга аракеттенип) Нарын театры деле өзүңүздүн театрыңыз да,эже. Бир кезде биздин Нарындын да даңкын чыгарган экенсиз.
Бакен.(Өзүн ыңгайсыз сезип) Карачы,сен кирип келатсаң кир дегендин оордуна,ар кайсыны сүйлөп турганымды. Босогодо турбай,кир биякка.
Күмүш. (Ичкери кирип) Сиз калып калдыңызбы,эже?
Бакен. (Эмне дээрин билбей,ооз учунан күбүрөнүп) И-и…
Күмүш. Кырдрамдын артисттери менен коштошуп коелу деп келгенбиз. Аябай эрте кетип калышкан турбайбы. Деги, тынччылыкпы,эже? Дегеле жоо куугандай болуп,үрөң-бараңдан кетишкен го,коллективиңиз? (Пауза) Анан, тиги администратордон сурай койдум,баары кеттиби,деп.”Кыдыкеева номурунун ачкычын тапшырган жок, Ошол киши калды окшойт,калганы бүт кетти”дегенинен өзүңүздү билип коеюнчу деп биякка чыкпадымбы.
(Пауза).
Эс алып кетейин деп, атасызбы?
Бакен. (Эмне дээрин билбей башын ийкегилеп) И-и…
Күмүш. (Кубанып)И-ий,ырас болбодубу,эже! Сизди Салкынтөргө бир чыгарып келелли. Башка ишиңиз жок болсо,жүрбөйсүзбү,азыр эле мени менен. Үйгө барып чай-пай ичип алып…
Бакен. (Көзү жашылданып) Ырахмат,Күкөн,ырахмат!.. Андан көрө мага бир аз тыйын таап бер. Фрунзеге жетип алайын. Кайра берип ийем бирөөнөн.
Күмүш. (Түшүнбөй) Тыйын дейсизби,эже?
Бакен. (Башын ийкеп) Ооба. Бир тыйыным жок. Мобу домашний тапичке,халатым менен эле калып калыптырмын.
Күмүш. (Түшүнбөй) Кийимдериңиз кайда?
Бакен. Чемоданым коллектив менен кошо кетип калыптыр да.
Күмүш. А сиз кала турган болгондон кийин,чемоданыңызды эмне үчүн алып кетишиптир? Жаңылып алып кетишкен го?
Бакен. (Башын чайкап) Айткандан киши уялат… Мени калтырып кетишиптир,Күкөн.
Күмүш. (Таң калганынан көзү чакчайып) Сиздиби?!.
Бакен. Ооба.
Күмүш. (Ишене албай) Коюңузчу эже,тамашалап атасыз го?
Бакен. (Сабыры суз) Тамашалабай кара жерге кирейин,мен. Чемоданымдлы алып чыгып машинеге салышыптыр да,өзүмдү ойготуп койгонго жарашпай кете беришиптир.
Күмүш. (Ого бетер таң кала) И-ий,эже,коюңузчу,кантип эле?!.
Бакен. (Айласы куруй) А-а,Күкөн,Бакен эжеңдин баткакта тебеленип жатканын каалагандар көп.
Күмүш. Эмне үчүн,эже?!
Бакен. (Алакан жайып) Аны өзүм да билбейм. Бирөөнө деле жамандык кылбайм,оңой менен, Анан эле адамдар эмне үчүн эле ушинте беришет,түшүнбөйм.
Күмүш. (Ичи тызылдап) Ушундай тоодой-таштай атактуу актрисаны атайлап таштап кетти десе,ким ишенет?! (Пауза) Сизди таштап кеткендеги максаттары эмне,алардын?
Бакен. (Маанайы пас) Эмне болсун… Бакен Кыдыкеева Эмне болсун… Бакен Кыдыкеева арынга барып мчмп алып калып калды деп жамандап барган атышат да,чоңдорго. (Пауза) Өзүм минтип ооруп,уйкудан безип,араң жүрсөм… Таң атканга чейин уктай албай,йога менен алпурушуп,өзүмдү өзүм тынчытып,араү дегенде уктап жүргөнүмө көп болду. Түндө да таң атканча кирпик какпай жатып,эртең менен эле көзүм илинип кетиптир, Кашайып катуу уктап калганымды карачы. Коңшу бөлмөдөгү кызга номурумдун ачкычын берип койгом “Мени ойготуп коюп жүр,кызым” деп. (Аргасы кете күлүп) Анан чемоданымды алып,өзүмдү таштап кетип атышпайбы. Ушинтип элге-журтка шерменде болот деп ойлошсо керек.
Күмүш. (Башын чайкап) Ай-ий,эже,жүзү курсун,аларыңдын,жхзх курсун!..
Бакен. Акчам да ошол чемоданда кетиптир, Биякта илинип турган кийимдеримди ороп турушуп,алып кетишиптир.
Күмүш. (Таң калганынан селейип) Ай-и-ий,эже… Эмне деп айтышты да билбей турам. Шумдук,эже,шумдук…
Он экинчи сахна
Театрдын фоэси. Көзүнүн кычыгында жаш чыбырчыктаган,жупуну,боз пальто кийинген Бакен Кыдыкеева тунжурап ойго батып ары-бери басып жүрдү. Жаш артистка артынан акмалап келип, апкаарый кайрылды.
Жаш артистка. (Толкундана) Эже!.. Сизге эмне болду? Бир жериңиз ооруп турабы?
Бакен. (Тунжурай) Ооруп... (Жашып кетти).
Жаш артистка. (Эмне кылаарын билбей алдастап) Эже, эже?!.
Бакен. (Өзүн колго алып) Театрга келгем...
Жаш артистка. Ролго чакырыштыбы?
Бакен. (Каңырыгы түтөп) Ролго... И-и, ролун деле ойноп берет элем, чакырышса. (Пауза) Жумуш сурасамбы деп келгем.
Жаш артистка. Жумуш дейсизби?
Бакен. (Корунуңку) Пенсия аз. 230 эле сом алам.
Жаш артистка. 230 дейсизби?
Бакен. Ооба.
Жаш артистка. (Ишенкиребей) Коюңузчу, эже?!. Сиз СССРдин эл артисти болсоңуз, ушунчалык аз аласызбы? Мындай болушу мүмкүн эмес да.
Бакен. (Кейиштүү) Билбейм, иши кылып алганым ошончо. (Пауза. Мукактана) Анан... айлам кеткенде театрга келгем, эптеп массовкада жүрсөм дагы, кичине айлык чектеп беришсе пенсияма тыгынчык болобу деп (Көзү жашылданып кетти).
Жаш артистка. (Ыйлап жиберип, артка бурулуп жашын аарчыды да, каргылданган үн менен) Это же преступление, эже!.. Сиздей адамды эмне үчүн театрдан чыгарышат?!. Эмне үчүн кор кылышат?!.
(Бакен тунжурап унчуккан жок).
Ушу сиз — кыргыз элинин улуу артисткасы ушинтип жумуш сурап калат деген эмне тамтык?!.
(Бакен дагы эле унчуккан жок. Тек гана көзүнөн жылжып жаш агып атты).
Радиохроника
Диктордун үнү. Бишкектен сүйлөйбүз. Бишкек убактысы боюнча саат 20-00. Республикабыздын маданият жаңылыктарына назарыңыздарды бурабыз.
СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Бакен Кыдыкеева ардактуу эс алууга чыкканына аз гана убакыт болсо дагы, кайрадан кыргыз көрүүчүлөрүн кубанычка бөлөй турган болду. Легендарлуу актриса республикалык жаш жеткинчектер театрына кызматка алынды.
(Музыкалуу пауза).
Бакен Кыдыкееавнын кыргыздын улуттук театр жана киноөнөрүнө сиңирген эмгеги эбегейсиз. Актриса театрда жараткан ондогон эстен кеткис образдары менен бир катар, кыргыз киносунун атагын алыска тааныткан ролдору менен биягы Индиядан тартып, тиягы Германия, Францияга чейин дайын болгон. Кыдыкееванын "Салтанаттагы" Салтанаты, "Тайгак кечүүдөгү" Азиз энеси, "Ашуудагы" Райканы, "Саманчынын жолундагы" Толгонайы, "Гүлсараттагы" Жайдары кыргыз киносунун нукура салтанатына айланып, улуттук өнөрдүн алтын казынасын байытып, ал түгүл дүйнөлүк киноискусствосунан татыктуу орун тапты.
(Музыка).
Он үчүнчү сахна
1993-жылдагы күзгө маал эле. Театрдын алдындагы орундукта жупуну эски плащчан аял отурду. Ал Бакен болчу. Унчукпай бир чекитти телмире тийтейт. Колунда кейси бар, булгаары курткачан 40 менен 50лөрдүн ортосундагы киши келип, Бакен менен учурашты.
Киши. Амансызбы, апай?
Бакен. (Башын билинээр-билинмексен ийкеп, ээрдин кыбыратып койду).
Киши. (Укпай калган кишидей болуп) Апай, амансызбы? Мен Алматыдан келатам. Кинорежиссёрмун. Мага Бакен эже керек эле, Кыдыкеева. Кантип тапсам болот?
Бакен. (Кинорежиссёрду үн-сөзсүз тиктеп туруп, баягысындай эриндерин билинер-билинбес кыймылдатып койду).
Кинорежиссёр. (Түшүнбөй) Эмне дейсиз?
Бакен. (Унчуккан жок).
(Пауза.
Аңгыча театрдын ичинен Даркүл чыкты).
Кинорежиссёр. (Көрө салып сүйүнүп кетти). О-у, амансызбы, Даркүл апай?!
Даркүл. Аманчылык, кагылайын. (Бүшүркөп) Сен кайсы бала элең?
Кинорежиссёр. Сиз мени тааныбайсыз. Казакмын. Алматыдан келатам. Кинорежиссёрмун. Бакен эжени издеп келаттым эле, Кыдыкееваны.
Даркүл. (Мукактана түштү). Кыдыкееваныбы?
Кинорежиссёр. И-и...
Даркүл. Кыдыкеева... (Колун жаңсап четке чакырды) Ай, балам, бери келчи (Кинорежиссёр жанына барды) Киного тартайын дедиң беле?
Кинорежиссёр. Ооба.
Даркүл. (Эмне дээрин билбей) Ка-ап...
Кинорежиссёр. (Чочуп кабатыр боло) Эмне болду, апай? Бакен эже жокпу? Же...
Даркүл. (Ошол калыбында) Алда балам, ай. Убара болгон экенсиң, бөөдө. Бакен киноңо тартыла албайт ко.
Кинорежиссёр. (Кабатыр боло) Оорубу?
Даркүл. (Ошол калыбында) И-и...
Кинорежиссёр. Кайсы ооруканада? Көрүп кетсем болобу? Айыккыча баары бир күтүп турабыз.
Даркүл. (Айласы кетип) Эми эмне кылчумун... Ооруканада эмес... Ушу жерде эле...
Кинорежиссёр. Э-э, апай, оору болбосо, ушу жерде болсо, эмне үчүн менден качырып атасыз?
Даркүл. (Айласы кетип) Качырган жокмун, айланайын. Бакен карып калды. Баягыдай күү-күчү жок...
Кинорежиссёр. О-о, мейли апа. Өзүбүз бапестеп алып кетебиз, өзүбүз бапестеп жеткирип коёбуз. Бизге камеранын алдына отуруп бергени эле керек.
Даркүл. (Сынай карап) Башка иш кылбайбы?
Кинорежиссёр. (Шерденип) Жок, апай. Биз да түшүнөбүз да, эженин карып калганын. Именно ошого расчёт алганбыз.
Даркүл. Башка ылайыктуу артистка издештирип көргөн жоксуңарбы? Кыргыз, казак, өзбектен табылат ко...
Кинорежиссёр. (Кескин) Кыдыкеевага тең келчү кимиң бар, апай? Казагыңда да, кыргызыңда да, өзбегиңде да? Кыдыкеевадай болсо ушуякка келбейт элем го, апай, туурабы?
Даркүл. (Башын ийкеп) Туура, туура, балам...
Кинорежиссёр. Эми, апай Бакен эженин дайнын айта салыңыз.
Даркүл. (Үшкүрүнүп) Ай, балам, ай, кыйнадың го, кишини... Тигине Бакен эжең (олтургучта отурган аял тарпка ээк какты).
Кинорежиссёр. (Оозунан сөзү түшө) Бу кишиби?
Даркүл. (Башын ийкеди) И-ии...
Кинорежиссёр. (Бакенге) Ие, айланайын Бакен эже, эмне үчүн айткан жоксуз, мага "мен Кыдыкеевамын" деп?
Бакен. (Унчуккан жок).
Кинорежиссёр. (Бакенге) Мени угуп атасызбы, эже?
Бакен. (Ээрдин билинээр-билинбес кыймылдатып койду).
Кинорежиссёр. (Айласы куруп) Эже!.. Сиз мени угуп атасызбы, дейм?!.
(Паузадан соң Даркүлгө) Э, апай?..
Даркүл. (Өзүн өтө ыңгайсыз сезип) Өзүңө айтпадым беле, уулум.
Кинорежиссёр. (Нес болгон немедей) Мен ишенбей турам, апай?!. Чын айтып атасызбы?!.
(Паузадан соң) Кантип эле ушу киши Бакен Кыдыкеева болуп калсын?!.
(Тыным).
Бакен эже кантип ушунчалык мусаапыр болуп калсын?!. (Тыным).
Ушинтип мусаапыр кылып койдуңарбы, кыргыздар?!. Ай, ай, ай!..
Даркүл. (Каңырыгы түтөп) А-а, балам, карылык деген болот экен, оору деген болот экен...
Кинорежиссёр. (Ойлуу) Түшүнөм, түшүнөм, апай. (Жаны түтөп) Бирок, Кыдыкеева ким, апай, түшүнөсүзбү?!. (Кичине паузадан соң, Бакен Кдыкееванын жанына отурду, шалдайып. Өзү менен өзү сүйлөшүп аткансып) Орустун улуу актрисасы бар болчу, Яблочкина деген. Ошо киши өбөктөп карып, оордунан турбай, коляскада гана отуруп калган. Ошондо орустар ага үй кызматчысын жалдап беришип, үлпүлдөтүп гана багышты го, өлөөр-өлгүчө. Атактуу эле артисттери коляскасын сүйрөп алып, жыйындарга алып келип, тикеси менен тик туруп тосуп алышканын өз көзүм менен көрүп, ыраазы болгонуман кадимкидей ыйлагам (Тамагы буула түштү. Тынымдан соң) Кыргыз менен казак эл болбойбуз го, минтип жүрсөк!.. Ушундай... Кыдыкеевадай адамды бапестеп ала албагандан кийин!.. (Кыдыкеевага) Э, кокуй эже, сиз ушинтип калмак белеңиз, ыя?!. (Көзүнөн жаш тегеренип кетти. Бакен унчуккан жок. Даркүл жүзүн ала качып айласы кетип турду. Кинорежиссер Бакендин жанына барып башын ийип таазим этти да акырын колунан өөп,токтоно албай ыйлап ийди).
Он төртүнчү сахна
Реанимация бөлмөсү. Кроватта Бакен жатты, дагы эле. Медсестра менен врач.
Врач. Дагы эле өзгөрүү жокпу?
Медсестра. Жок.
Врач. Капырай, такыр эле мээмен чыкпай койду.
Медсестра. Эмне?
Врач. Өңү өтө эле тааныш да. Аябай тааныш. Бир жерден көргөм. Причем постоянно көргөндөй болуп атам
Медсестра. Бирөөнө окшоштуруп атабыз го?
Врач. Окшоштуруп?.. Балким... А, кимге болушу мүмкүн?.. (Репродуктордун үнүн акырын чыгарып койду).
Репродуктордогу диктордун үнү: "Театр микрофондо" деген берүүбүздү баштайбыз. Азыр силер чех драматургу Карел Чапектин "Эне" драмасын угасыздар. Драма 1973-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында коюлган. Оюндун режиссёру Офелия Эркимбаева. Башкы ролдо — Долорес эненин ролунда СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бакен Кыдыкеева.
Врач. (Медсестрага) Ушу киши тирүүбү, ыя?
Медсестра. Кимди айтасыз?
Врач. Бакен Кыдыкееваны айтам.
Медсестра. Тирүү эле, бирок, театрда ойнобой калыптыр го.
Врач. Кайран киши, ушунчалык таланттуу артистка эле. Мындай талант кыргызда оңой менен чыкпайт го эми. А, эмне үчүн ойнобой калыптыр, ыя?
Медсестра. Карылыктан, оорулуу болсо керек...
Врач. Кудай ушундай таланттарды вообще оорутпай эле койсо...
Медсестра. Ошону айтпайсызбы. (Кроватка карап) Карасаңыз!.. Карасаңыз!..
(Экөө карап калышты).
Врач. Эсине келе элекпи?
Медсестра. Жок. Ошондой эле бойдон.
Врач. Дагы эле жанагыдай болуп атабы?
Медсестра. Ооба. Кирпиктери кыймылдап, ээриндери кыбырап атат. Эсине келип калабы деп улам эле умсунуп коём. (Кайрадан кроваттагы оорулууга тигиле) Карасаңыз!.. Карасаңыз!..
Он бешинчи сахна
Экинчи сахнадан көрүнүш. Бакен менен кызы алыстап баратышкан. Аңгыча алардын артынан "Бакен!.. Бакен!.." деген үн чыкты.
Бакен.(Артына кылчайып)Тээтигинде бирөө келатат. (Карап калат) А-а, байкушум, Даркүл тура. Санаасы тынбай мени издеп келаткан го.
Даркүл. Ай, Бакен, каякка баратасың сен?
Бакен. (Тайсалдай) Кызыма келаткам. (Мукактана түшүп) Сагынып калыптыр... Мен да сагынып...
Даркүл. (Кейий) Э, кокуй, Бакен, сага эмне болгон ыя? Соосуңбу, деги?
Бакен. (Тайсалдай) Соо элемин... Тиги... Машине сүзүп кетпедиби, мени.
Даркүл. (Башын чайкай) Абайлап жүрбөйсүңбү, кокуйкүн, ай!..
Бакен. (Актана) Жер тайгалак эмес беле...
Даркүл. (Кейий) Ошондо деле абайлабайсыңбы, кокуй!..
Бакен. (Үшкүрө) Өзүм да билбей калдым...
Даркүл. (Каңырыгы түтөп) Билбей калдым, билбей калдым... А-а, карангүн, билсең ушинтмек белең. (Жашып) Сиңдимдикине барам деп, биздин үйдөн чыкканда эле бир башкача болчусуң. Жүрөгүм сезген, бир балээни (Ыйлап ийди).
Бакен. (Соорото) Кантет!.. Ай, кокуй, антпе!.. Жаман жорукту баштаба, антип. Мен өлгөн жокмун.
Даркүл. (Ый аралаш) Антпегенде кантем, кантем, кокуй!..
Бакен. (Басып) Болду, болду!.. Эл укпасын!..
Даркүл. (Ый аралаш) Угушсун!.. Билишсин!.. Сен экөөбүз кимбиз, ыя?! Эл тааныган, эл билген кишибиз!..
Бакен. (Ойлоно түштү) Эл билген?.. (Кичине паузадан кийин) Бизди эч ким билбей калыптыр, Даркүл.
Даркүл. Ок!.. Антип айтпа!.. Сен Бакенсиң!.. Кыдыкеевасың!..
Бакен. (Мыйыгынан кейиштүү) А-а, атаңдын көрү, дүнүйө... Баягы Бакен, баягы Кыдыкеева кана?!. (Паузадан соң) Ишенесиңби, Даркүл, эч ким мени тааныбай койду.
Даркүл. (Кейий) Канжалап жатсаң кайсы киши таанысын, кокуй!..
Бакен. (Сөзүн улантып) Машина сүзгөндө, автобус экен, жабалактап эл чыкты, бирөө да тааныган жок. Ооруканага "скорая" алып келди, бирөө да тааныган жок, капырай. (Кичине паузадан соң) "Бакен" дейсиң, "Кыдыкеева" дейсиң... Ким экенимди айтайын десем тилим буулуп туруп алды.
Даркүл. (Жашып) Тилиң эле болсо кана, кокуй.
Бакен. (Кейиштүү) Машина сүзгөндө тумандан чыга түшкөндөй болдум. Капырай, кадимкидей эсиме келдим. Баарын угуп, баарын көрүп жаттым. Айтайын десем кудуретим жетпейт. Ооруканага алып келип, доктурлар үймөлөктөшүп атышканын да билем. Анан эле кайдадыр учуп кеттим. Бир караңгы трубанын ичинде эле учуп баратам, учуп баратам. Тээ алыстан, алдыман бүрүл-бүрүл жарык көрүнөт. Жарыкка учуп жетип эле сыртка чыга түшсөм, минтип кызыма жолукпадымбы. Мени жетелеп алып ушуякка алып келатпайбы.
Даркүл. (Жашын тыя албай) Кой, Бакен, кой, кайрыл артыңа, катыгүн!..
Бакен. (Башын чайкап) Кайрылбай калдым го, эми...
Даркүл. (Жашын тыя албай) И-ий, койчу, койчу!.. Ушундай күндү көрмөк белең, кокуйгүн!..
Бакен. (Токтоо) Эртеби-кечпи, ушул күндү баарыбыз көрөбүз.
Даркүл. (Жашын тыя албай) Эгизим эмес белең, кокуй!.. Түгөйүм эмес белең, кокуй!..
Бакен. (Кайраттуу) Буйрук ушул... Акыретке барганда жүздөшөөрбүз. Аз айыбым, көп күнөөм болсо, алдыңда, кечир. Сенден кеткени болсо, мен кечирдим. (Ордунан турду) Баарыңарды кечирдим.
(Кызы экөө жетелешип басып жөнөштү. Даркүл каккан казыктай болуп шолоктоп ыйлап турду, артында)
Радиохроника — эпилог ордуна
Диктордун үнү. Бишкектен сүйлөйбүз. Урматтуу радиоугуучулар!
(Кейиштүү) Кыргыз искусствосу оорду толгус жоготууга учурады. 1993-жылдын 30-декабрында СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы Кыргыз мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз улуттук театры менен киносунун кайталангыс таланты, улуттук сахна искусствосу менен кино өнөрүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири Бакен Кыдыкеева жол кырсыгынан каза тапты.
(Пауза).
Сөөгү он сегиз күндөн кийин табылды...
(Аза күтүү музыкасы).
Улуу актриса 20-январь, 1994-жылы Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.
(Аза күтүү музыкасы).
Бүттү.
Бишкнек, 20.12.2003. — 05. 02. 2004.
Количество просмотров: 1568 |