Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Абдынасыр Иманбеков, 2020. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2020-жылдын 18-сентябры

Абдынасыр Чойбекович ИМАНБЕКОВ

Кудук

Баян

 

Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калган жоокерлердин элестерине арналат

 

Бул жашоону сүйүүсүз элестетүү кыйын. Жашоонун маңызы — сүйүүдө, “сүйүү менен сүргѳн күндѳр гана ѳмүр, а калганы жай күндѳр” деген экен акындар ырларында. Жан дүйнөнү багындырган касиеттүү сезим турмуш башаты болуп ынтымакты, ырыскыны тартуулап келет. Бирок тагдырдын ак, карасын ылгабай таң калыштуу көз ирмемдерге туш болобуз. Айла жок арсыз дүйнөнү күнөөлөйбүз. Сүйүү бар үчүн адамдар жашап жаткандай сезилет. Эртеби кечпи баары бир сүйүү келет экен. Байкап көрсөк жарыктыкка келген ар адам баласы өзүнчө бир бүтүм, өзгөчө бир бакыт тура. Мына ушул бакыт нурун жүрөгүнө каткан жараткандын, ар бир баласы бактылуу мүнөттөрүн жакшылык менен кубаттап махабат менен сыйкырлап, жашоо жыргалында сүйүктүүсү менен бирге болсо, анда өмүрүндө өкүнүч болбос. Ардактуу замандаш, жан дүйнөбүздү жарты кылбай толуктап туруучу бул ыйык махабат. Биз бүгүн сөз кыла туруучу темабыз айтылып бүтпөс, деңизден терең, аскадан бийик махабат тууралуу болот.

Сүйүү сезими бардык нерсеге баш ийдирүүчү касиет экен да. Сүйгөн бул сүйгөндүн шартына көнүү деп айтылган экен. Эгер сүйгөн адамың күт деп шарт койсо, аргасыздан күтүүгө туура келет. Бирок, ошол учурда күтүүдөн өткөн азап жок. Көпчүлүк учурда баары сен ойлогондой боло бербейт. Балким, сүйүктүүнүз сүйбө мени деп, шарт койсочу? Анда канткенде сүйбөй коё алабыз. Сүйүш кыйын, сүйбөй коюш андан кыйын деген сөз жөн жеринен айтылып калбаса керек.

Эгерде сен сүйгөн адам сеңи сүйбөсө, андай сүйүү алсыз жана бактысыз.

Жооп күтүп үзүлбөгөн үмүттөн,

Жолуң карап, жолоочудай күн өткөн.

Аруу сезим арбап жүрөк кылдарын,

Ашыктыктан алсыздыгым жүдөткөн.

Махабаттын майданынан сүрдөнөм,

Эл күлсө да мен алардай күлбөгөм,

Элесиңди унутаарда кездештик,

Сени көрүп кышында да гүлдөгөм.

Махабаттын суугу эмне экенин, ысыгы кандай болоорун билбейсиң. Ал сезим өз сыйкыры менен тулку боюн жылытып, жүзүңө нур чачып, кээде алсыз кылуучу сезим. Ашыктык жайын билбеген, ашыгып адам сүйө албас дегендей, сүйүү эмне экенин билбей туруп, анын жалынына күйүү дагы кыйын. Ал эми махабат башка келгенде ар бирибиз жердей жапыс, наристедей назик болуп калат экенбиз. Сүйүү байкатпай келип, жүрөктү ээлеп алат эмеспи.

Кай жерде жүрбөсүн амандыгың тилеп, кайрылып келээрине ишенип, күткөн адамың баарынан улуу, баарынан сулуу көрүнөт эмеспи. Азаптардын азабы күтүүдө, ага бир сүйүү гана туруштук бере алат экен.

Негизи сүйүүгө сүйүү гана даба болот. Сооротуп ырбатуучу жара болот. Кээде сагынычтан азап тартасаңыз, сүйүктүүңүздүн сүрөтү кубат берет. Анын жылмайып күлүп турган элеси махабатыңызды күчөтүп, сүйүүңүзгө үмүт болуп бере алат.

Махабаттын аныктамасы жок. Ар бир адамга ар кандай сезим тартуулап, ашыктыктан алсыратуучу касиет. Ал эми сыр каткан жүрөк бактылуу. Жан дүйнөңдө ачыла элек сыр жатса, анда анын баарын үмүт менен кубаттап, сүйгөн адамыңдын сүйүктүүсү болууга кубат берет. Айтылбай калган махабаттын баркы бийик. Анткени ал сиздин жүрөгүңүздөгү жашоочу жалгыз сезим. Арзуумду айта албай калдым же болбосо жетпей калдым деп, арман кылбаңыз. «Махабат эмне экенин билген адам бактылуу» — деп ойчулдарыбыз айтып өткөн. Мына жогоруда жанатан бери айтылып жаткан ыр саптар, сөздөр баары сүйүү тууралуу болду. Булар менен сиздерге эмнени айткым келет. Согуштан аман-эсен өз жерине кайтып, бирок сүйүүсүнө жетпей кудуктун түбүнүдө каза тапкан солдаттын окуясын баяндап бермекчимин. Анда эмесе, сөз башынан болсун.

Бул окуяны Сарыгулдун айылдаштарынын бири, чогу өскөн курдашы, классташы ошол окуяга күбө болгон замандашынын озуунан уккам.

Сарыгул райондогу орто мектепти бүтөр замат батыштан согуш башталып аттестатын алганга үлгүрбөй, аскер комиссариатына барып өз ыктыяры менен: “Согушка барам, мен Мекенимди коргобосом, ким коргойт?” — деп, арызын берген. Жалаң ал гана эмес, мектепти жаңы бүткөн жаштар бүт класстары менен арыздарын жазышып, колуна курал алып Мекенин коргоого дайын экенин аскер комиссариатына кайрылган жаштардын көптүгүнөн билсек болот. Өзү курактуу жаштар менен эки ай өтпөй согушка жөнөйт.

Ошол Улуу Ата Мекендик согуштан бир жолу катуу жарадар болуп, эки-үч жолу жеңил жаракат алат. 1945-жылдын август айы,согуштун бүткөнүнө үч ай болгон. Ал Берлинге чейин жетип, көргөзгөн эрдиктери үчүн төшүнө орден, медалдарды тагынып, элге кайтып келип олтурат. Алыстан ашыгын самап Зуурага биринчи кезекте барууну туура көрөт.

Зуура менен 1943-жылдын май айында Смоленск дѳӊсѳлѳрүндѳ катуу жарадар болуп талаа госпиталында, андан кийин фронттон алыс эмес жердеги шаардагы госпиталдан оор операцияларды башынан ѳткѳрүп, дагы бир токпо дарылана турган болгондуктан, өзүңдүн жериңе, ѳзүӊүн элиңе барып, дарыланып эс алып кел деп, Кыргызстандагы госпиталга бир медсестранын коштоосу менен жөнөтүшкөн.

Мына ошол госпиталда биринчи ирет жолугушкан. Зуура ошол кезде мединституттун жогорку курсунун студенткасы болгондуктан, госпиталда практикасын өтөп жүргөн убагы экен. Сарыгул ошол госпиталга түшкѳн күндүн эртесинде, биринчи ирет Зуураны көрөт. Практика гана эмес, жогорку курстун студенттерин өздөрүнүн демилгелери менен сабактан бош убактарында, дайыма колдорунан келишинче кол кабыш кылышып, жаралуу солдаттарды кароого жардамга келишип турушчу. Мына ошол госпиталда жатышкан жаш жигиттер согуш талаасында жалаң порохтун жытын, коңурсуп кандын күйгөнү, өлгөн жоокерлердин арасында онтоп жаткан жарадарлардын үндөрүн угушуп, андан ары алга карай чабуулду токтотпой жүрүшүп, согуштун кандай гана азаптарын баштарынан өткөрүшкѳн. Эми минтишип жараттарынан жандары кыйналган жаш жигиттерге, өзгөчө ак халатчан кыз-келиндердинкылган мамилелери тезирээк сакайып кетүүлөрүнө ишеним туудуруп, ага жерибиздин, элибиздин, дем алган таза абабыздын кудурети кошулуп тез эле фронттон алган жараттарынан аягышып, айылдарына андан ары кайра фронтко кетишип жатышты.

Сарыгулга Зуура биринчи күндөрү катардагы жаралуу солдаттай эле мамиле жасайт, ал кезде ким билиптир, ортолорунан сүйүү сезимдери козголорун. Дары-дармектерин күнүнө үч маал практикант кыздар кезеги менен таратып, акыбалдарын сурашып, көңүлдөрүн көтөрүшүп, алар келгенде эле кыйналып жатышкан жарадарлардын көңүлдөрү көтөрүлүп, ар бири сөзгө тартышып, кээ бири госпиталдын багына жолугушууга да чакырышат, өздөрү жараттарынын кыйналышып араң басып жүрүшкөндөрүнө карабай. Зууранын өтө жароокер жакшы кыз экенин байкаган Сарыгул аны күндөн-күнгө жактыра баштайт, бир күн көрбөй калса, эмнегедир бир нерсе жетишпегендей болуп, дайыма келишин күтүп, ичиндеги ага болгон сезими күчөп жүрөгү туйлап денесине батпай, жанын жай алдырбай, анын үнүн уккусу келип, кандай кылып, кантип бир шартын табып ээндетип, сөзгө тартып башы бош болсо, ичиндеги сезимин билдиргиси келет. Зуура Сарыгулдун жанына келгенде фронтто нечен ирет, өлүмгө тике карап, эч тартынбай душмандар менен “рукопашно-штыковой бойго” чыкканда тайманбаган жигиттин жүрөгү, кыздын балбылдаган көз карашына туруштук бере албай тайсалдап, сөз айтмак түгүл, өзүн жоготуп, бети башы кызарып, таңдайы кургап, колдору калтырап, жүзүнө тике карай албай апкаарып, оозунан сөзү түшүп жалдырап карап калганын, кыз да кийинки күндөрү байкап жүргөн.

Чынында эле Зуураны биринчи көргөн жигиттин бүйүрүн кызыткандай кыз эле. Кийген аппак халаты, ак жуумалынан келген жүзүнө, арыкчырай мүчө келбетине жарашыктуу болуп, сүйлөгөндө назик үнү кулакка жагымдуу угулуп, жүрөктү эзип жиберүчүдөй болуп, ошол эле убакытта олуттуу, кээде сүрдүү да көрүнөр эле, анткени жарадар солдаттар ага ишенич менен карашып, ар бир жасаган кыймылы жараттарына даба болуп кетеби дешип үмүттөнүшүп, канча оор болсо да чыдашып, кайра тамаша айтышып, жанында узагыраак болушун аракет кылышат эле. Баскан кадамынан үнү угулбай, байкатпай кандай жаныңа келип калганын сезбей калчусуң. Ал кезде Зуурадай келишимдүү кийинмек түгүл, түзүгүрөөк кийингендер чанда болчу. Жогоруда айткандай бир жолун издеп тапканча, Сарыгулдун ден соолугу да оңолуп, “лежачий”дан эки таяк менен басып “ходячий” жарадарлардын арасына кошулуп калды. Акырындап жаш организимгедарылардын күчү, ѳзүнүн аракети кошулуп ден соолугу оӊолуп, бир таяк менен басканга жарап калды.

Мына ошондон баштап бир жолун таап, ээндетип сүйлөшкөнгө өзү эле ыңгайлуу шарттар пайда боло баштады. Кептин баары, биринчи көргөндөн бери жактырып калганын, дайыма аны ойлоп жүргөнүн, үнүн уккусу келип эңсеп жүргѳнүн батынып айтууда эле. Мына ошол жүрѳктѳн чыккан сѳздѳрдү: “Зуура кандай кабыл алат болду экен, же сөзүмдүн аягына чыгарбай эле, кагып койсочу? — деп кооптонуп да жүрдүм. Катуу сөз угуп,көңүлүм калганча, билдирбей жактырып жүрө берейин” — деген да ой пайда болду. Бирок, анте алган жок, бир күнү катуу даярданып, өзүн колго алып: “Сөзүмдү кантип баштасам экен?” — деп, денесин ооруганына карабай таягын таянбаганга аракет кылып, нары-бери басып Зууранын келишин күтүп улам коридорго чыгып карап, күткөндө кычагансып ал да кечигип жатпайбы. Кабатырланып, ичинен сарсанаа болуп кыйналып, чекеси тердеп госпиталга батпай, тышка чыгып бакты аралап, айтуучу сөздөрүн кайталап, өзүнчө эле бушайман болуп басып жүрүп, ойлоно бергенгеби же жаратынын анча сакая элегиби, айтоор денем шалдырап, айла жок таягымды таянып араӊ келип керебетиме жатып, көзүм илинип кетиптир.

Биринчи сүйүүнү билдирүү кыйын экенин, ар бир жаш башынан өткөргөн чыгар, же жалпыга бирдей эрежеси болсочу, анын убагы да, мезгили да, шарты да окшобогон, ар кимдин өзүнө гана таандык өзгөчө шарттарда кезигишет эмеспи. Ошондуктан бул сезим Сарыгулга капыстан, күтпөгөн жерде кезигип, жүрөгүн дүкүлдөтүп, жаратына карабай госпиталда кабылып, айласын кетирип жатпайбы. Эртеби, кечпи адам баласынын башына бир кездешүүчү, жашооңдун бир ырахаты турбайбы. “Жалгыздык, жараткан гана татыктуу” деп бекеринен элибизде айтылып жүрбөгөнү чын турбайбы. Ушул кезге чейин, “согуштан аман-эсен келсем, өзүмө ылайыктуу кызга үйлөнсөм” — деген ойду дайыма жүрөгүмө сактап жүрчү эле.

Бир маалда уйку соонун арасында жатып, коридорду жаңырткан күлкүсүн укканда, чочуп ойгонуп кетип, жүрөгүм кабынан чыгып кетчүдөй болуп булкунуп алды. Ордуман тура калганымды өзүм да байкабай калдым. Ошондо гана ага болгон сезимим күчтүү экенин сезип, сүйүүмдү билдирбеске болбой калганын билдим. Беш-он мүнөттөн кийин, жаркылдап акыбалыбызды сурап кирип, дары-дармегибизди берип, чыгып кеткенче жалдырап тиктеп туруп калыптырмын.

Түштөн кийин, жарадарлардын баары уктап жаткан убакта коридорго баш баксам, кудай жалгап сестралар олтурчу жерде жалгыз отуруптур. Ошол убакты пайдалаңып, жанына барып эмне дээримди билбей бир топко дендароо болуп карап туруп калганымды байкаган Зуура "сага эмне болду?" дегендей,жүзүн буруп мени карагаттай көздөрү менен караганда жалтана түшүп барып эсиме келип, ошондо гана эмнеге келгенимди эстеп, сүрдөнүп, мукактанып араң дегенде, айта турган сөзүм бар эле дегенге араң жарадым. Менин келеримди күтүп, сезип жүргөндөй эч кандай таң калуу болбой эле: "Жакшы болот, кандай сөз экен ал", — деди.

— “Бул жер айтканга ыңгайсыз болуп турат, мындай басалы”, — деген сөзүм бошураак чыгып, өзүмө анча ишене бербей айтылганын сездим, бирок кандай болсо да айтылды, эми токтогонго болбоорун билип, сыртты көздөй таягымды колтугума кысып, кыйналганымды билдирбегенге аракет кылып басып бара жаттым. Каптал жагымда эрчий келе жатканын көзүмдүн кыйыгы менен байкадым, ошондо гана Зууранын да ою дурус экенин байкап, ишеним пайда болуп, болгон эркимди жыйнап, биз жаткан корпустун алдындагы бактардын арасына киргенде, тике кароодон жалтанып, кыйналып кысталып жатып, аны биринчи ирет көргөндөн бери жактырып жүргөнүмдү, араң дегенде калтырап титиреп жатып билдирдим. Сенин ден — соолугуңа тикеден-тике тийешеси бар ак халатчан сулуу кызга сезимиңди билдирүү, кандай батыр жигит болсоң да, жүрөгүн титиретпей койбойт экен. Дароо эле батынып, сени сүйүүп калдым деп айта алган жокмун. Балким, ушундай кылганым туура болгондур, дароо эле сөздү сүйүүдөн баштасам ишенет беле же ишенбейт беле. Ошол маалда көздөрүбүз чагылыша түштү эле, ансыз деле түрсүлдөп согуп турган жүрөгүм, ого бетер туйлап жарылып кетчүдөй болуп аргамды кетирди. Анын көздөрү “мен каршы эмесмин” деп, айтып турганын сездим, анан ал көзүн ала качып, башын жерге салып туруп калды. Кыздын унчукпаганы макул болгону деп коёт эмеспи, ичимден сүйүнүп кичине жеңилдеп калдым. Айтар сөзүмдү айтканыма шерденип, батынып колун назик кармадым эле, ал да менин бул кылганыма каршы эместигин билдирип колун тартып алган жок, андан бетер ичимдеги сезим оттой жанып денем ысып чыкты. Сүйүүнүн керемети ушундай беле? Менин ага болгон сезимимди дайындаган сөздөр менен айтып билдиргим келип, канча ойлонуп толгондум эле, каймана айткан сөз эле, сүйүүнү билдирип, сүйүшкөндөр үчүн сөз эмес, көз караш, бири-бирине кылган мамилелери менен сезишет окшойт. Кол кармашып турганыбызга канча убакыт болгонун билбейм, мен үчүн калган өмүрүбүздү ушинтип кол кармашып өткөзүүгө мен дайын элем. Кыз баары бир сезимтал келет эмеспи, колун бошотуп алардын алдында, айланага карап, бирөө жарым көрүп калбасын дегендей, колун акырын бошотуп, эч сөз айтпай бушайман болгон түрү менен, госпиталды көздөй бир оор жүктү кѳтѳрүп бара жаткандай жай басып кетти.

Мен чоң жумуш кылгансып, өзүмө өзүм ыраазы болуп, тарсылдап кабынан чыгып кетүүчүдөй болгон жүрөгүмдү басылтып, бактын арасында дагы бир топ басып жүрүп, анан палатага кирдим. Зуура буга чейин жаркылдап, эч нерседен тартынбай кирип келчи эле, ошол күндөн кийин бир азга башкача болуп сүрдөнгөндөй, уялгандай болуп, коридордон чыгып калчу жагымдуу күлкүсү да угулбай калды. Ушундан улам анын да жүрөгүнө бүлк салганымды билдим. Анткени, дал ошол күндөн тартып, экөөбүздө сүйүү күндөрүнүн барактары ачыла баштады. Менин жаным кыйналып турса да, Зуураны көргөндө эле ооруган жерим басылыпайыга түшөм. Күнүнө анын госпиталга батыраак келишин чыдамсыздык менен күтөм. Ал деле мен үчүн шашып келгеңдей сезилет. Күндөн-күнгө сүйүүбүз күч алып, бири-бирибизсиз жашоону элестете албай калдык.

Ар заманда жаштардын бири — бирине болгон мамилелери ошол мезгилге, ошол шартка, алган тарбияларына жараша болот эмеспи. Ошол убакта, сүйүү таза, тунук, күчтүү болгон учур го деп ойлом. Айтылган ар бир сөздүн түпкү мааниси абдан терең болуп, тагыраак айтканда жеңил-желпи сөздөр эмес, ичтен чыныгы сүйүүнүн бермет сөздөрүн тандап айтышар элек. Мындайда кычап, менин жаратым жазылып госпиталдан чыгып, кыска отпускага айылыма баруучу убакыт келип калды.

Кудайдын ар бир күнү экөөбүз ээн жерден кезигип, сөзсүз бактылуу болуп, өмүр бою бирге болобуз деген сөздөрдү айтчу болдук. Бирок, адам ойлогондой болбойт тура. Ошентип, ооруканадан чыгар замат айылга барып, дагы бир айдай ата-энем, бир туугандарым менен болдум. Айлыбыз Фрунзеден анча алыс эмес, Токмок шаарына жетпей тоонун этек жагында болгондуктан, жолун табып тез-тез Зуурага келип жолугуп жүрдүм.

Менин тез-тез шаарга катташымда бир кеп бар экенин сезип калган апам, дайыма гимнастёркамды таза жууп орден, медалдарымды орду — ордуна тагып, үйдүн кѳрүнүктүү жерине сыймыктануу менен илип койор эле. Мен шаарга барам десем эле, балам мына мен таза жууп койдум бул кийимиӊди кийип ал, согушта жасаган эрдигиӊди эл билсин, бизда сени менен сыймыктанып жүрѳлү деп, мен канча каршылык кылсамда болбой дайыма кийгизип жиберер эле. Айылда жүргѳнүмдѳ жѳнѳкѳй эле кийимдерди эле кийип жүрчүмүн. Айла жок апамды капа кылып албайын деп, дайыма шаарга Зуурага барганымда аскердик кийимдермди кийип жолго чыкчумун. Апам артыман сыймыктанып узатып калчу.

Бир жолу Зуура экѳѳбүз шаардын сейил багындагы отургучунда, тегерек эки капталында катырылган жука вафлисинен кармап балмуздак жеп олтурганда, күндүн ысыгынан болбой эле гимнастёркама балмуздак тамып кетти. Зуура дароо колундагы жүз арчыгычы менен, мен жѳн кой дегениме болбой, балмуздак тамып кеткен тѳшүмѳ тагылган орден, медалдарды арчып, ар бирин кармап кѳрүп.

— Бул орден, медалдарды согушта кандай каармандыгыӊ үчүн сыйландыӊ эле, булардын ичинен эӊ эсте калганы кайсынысы? — деп капысынан сурап калды.

— Мекениӊди коргоп душман менен согушканыӊ эле эрдик да, — деп кутулайын десем.

— Согуш деген эле кыямат экенин билем, ал эми Мекениӊди чексиз сүйүп аны коргоп кан күйгѳн фронтто жаныӊды аябай душмандарга каршы согушуп, эрдик кылганыӊ үчүн сыйлангансыӊда, жѳн эле мындай орден, медалдарар менен сыйлабайтко деп ойлойм, — деди.

Кыргызстанга келип госпиталда дарыланып жатып Зуурага жоолуккандан бери, ден — соолук да оӊолуп, кѳӊүлүм да кѳтѳрүлүп, батышта болуп жаткан согуш да менден алыстагандай. Бирок, госпиталдан аягып чыккандан кийинки берилген кыска мѳѳнѳттѳгү отпуска карыган сайын, кайра согушка барарымды эстегенде каӊырыгым түтѳп, мүмкүн болушунча тез-тез шаарга келип турганымда ошондо эле. Менин согушка барбай же андан качайын деген оюм жок, болгону Зуураны кантип таштап кетем деген гана сезим мени тынчымды алып жатышында эле. Ал да менин жакынкы күндѳрү фронтко кетеримди билип дайыма менин келишимди эле күтүп тургандай, менин эрким менен болуп, эл жок жерде кучакташып ѳбүшѳ да калчыбыз.

Чынында фронтто мекениӊди коргоп жүргѳнүӊ эле бул ѳзүнчѳ эрдик дечи, ал эми чалгынга фронттун ары жагына барып душмандын күчүн, жайгашкан жерин билип же душмандын офицерин, таз болбоду дегенде катардагы эле солдатын колго түшүрүп “тил” алып келсеӊ, андан фронтко байланыштуу купуя сырлар же жашырын документтер болуп, чабуулга ийгилик алып келүүчү шарт түзүлсѳ мына ошондо командирлер алкыш жарыялашат, эгер ошол кармап келген тилден ѳтѳ баалуу маалымат алынса орден, медалдарга кѳрсѳтүшчү.

Зууранын кызыгып берген сууроосуна жѳн гана тамашалап же кийин айтып берем деп кутулуп кетемго десем, жаӊы эле бет арчысы менен сүргѳн тѳшүмдѳгү орден, медалдарымды кармалап, чын эле менин согушта кылган эрдиктеримди билгиси келдиби билбейм, айтоор менин оозуман согуш жѳнүндѳ уккусу келип жатканын сездим.

Ѳз башыман фронтто ѳткѳн бир окуяны айтып бербесем болбой калганын сездим да, бир аз ойлонуп туруп, тѳшүмдѳ тагылган орден менен медалдардын ичинен “Кызыл Жылдыз” орденин кѳргѳзүп, аны согушта ѳтѳ чоӊ эрдик кылганыӊ үчүн же бир ѳзгѳчѳ тапшырманы аткарганыӊ үчүн гана ал орден менен сыйларын айттым эле. Зуура андан бетер ошол орденди кармалап, кандай эрдигим үчүн сыйланганымды уккусу келип жатканы, анын андан бетер кызыктырып калганын жүзүнѳн байкалып турду.

Мен чынында экѳѳбүз жоолугуп кѳӊүлүбүз кѳккѳ учуп, телегейибиз тегиз болуп бири–бирибизге болгон сагынчыбыз тарабай турган кезде, согуш жѳнүндѳ ойлогум да, эстегим да келген жок.

Бирок, ошол батышта болуп жаткан согуштун жаӊырыгы бул жакка да жетип, ошол ааламатта аралашып жүрүшпѳсѳ да, ошол ааламаттан запкы жеген жигиттердин денесиндеги жараттары гана эмес, бүт жан дүнүйѳлѳрү, кѳӊүлдѳрү, жашоого болгон кѳз караштары ѳздѳрүнүн жаш экендерине карабай, согуш аларды ѳзгѳртүп, ѳз курактарынан бир топ эле улуу кѳрүнүшүп, салабаттуу болушуп, ѳздѳрүн токтоо кармашып, ойноп-күлѳ турган жаш кездери кан күйүп, порох жыттанган согуш талаасында ѳлүмдѳн да тайманбай, мекенибиз үчүн жандарын аяшпаган госпиталдагы солдаттардын кѳӊүлдѳрүн кѳтѳрүп, колунан келген жардамын берип, алардын канчалык кыйналып жатышкандарын сезип, билип жүргѳн Зуурага дагы ѳз башыман ѳткѳн кандуу окуяларды чынында айткым келген жок.

Бирок, кыйылып улам сѳзү менен суранбаса да жүзүнѳн ушунчалык менин согушта ѳз башыман ѳткѳн бир окуяны уккусу келип турганын сезип, айла жок ошол “Кызыл Жылдыз” ордени менен сыйланган окуяны кыска гана айтып берейин деп чечип, бир аз ойлонуп туруп, анан айта баштадым.

Бул окуя Днепр дарыясынын түштүк жагында, Смоленск дѳӊсѳлѳрүндѳ 1943 — жылдын май айынын аягында болгон.

Ошол жылыбы же дайыма ушундай ысык болобу май айы аны билбедим, мына ушул жерден фронттун линиясы ѳткѳндүктѳн биздин полк Смоленск багытына чоӊ чабул жасоого дайындык кѳрүп, душмандын кандай күчтѳрү фронттун аркы жагында бар экенин билүү үчүн ар тараптан чалгындоо жүргүзүп жаткан.

Күн ачык тийип, жел жүрбѳй калса нымдуу аба үп болуп дем алуу кыйын болуп думугуп калчудайсыӊ. Мына ушундай учурда айланабызда согуш болуп жатканына карабай, кулак – мурунду кескендей мелтиреген тычтык ѳкүм сүрүп, жа дегенде канаттууларда учпай адамдын үрѳйүн учурган жагдай түзүлүп калчу. Мен үчүн мындай абал, дайыма кургак абадан дем алып, чокулары асман тиреген тоолордун арасында туулуп ѳскѳндүктѳн, дымыккан нымдуу абага мелтиреген тынчтык кошулуп жүдѳтүп жиберди.

Бул жерден Смоленск дѳӊсѳлѳрү дегенибиз, Кыргызстандагы тоолорго эч окшобойт, анткени биздин Ала–Тообуз этек жагы дѳӊсѳ болуп, анан улам бийик болуп олутуруп чокулары асман тирешетко. Бул Днепр дарыясынын жээгиндеги Смоленск дѳӊсѳлѳрүнүн бийиктиги болгону эки жүз, эки жүз элүү метрдей эле кѳрүнѳт, бирок ошол дѳӊсѳлѳрдүн этегинен чокуларына чейин карагайлар жана башка дарактар ѳсүшѳт экен. Бир аз гана сайындагы жолдон алыстасаӊ чытырман токойдун арасында болосуӊ. Мына ошол дѳӊсѳлѳрдүн кээ бир жерлери жайык келип, ошол тегеректе жайгашкан айылдын элдери айланта тосушуп, согуштан мурунку жылдары огороддой пайдалангандары кѳрүнүп, согуш жылдары каралбай чѳп ѳсүп кеткени, тегерегиндеги тосмолору кулап калгандары байкалат. Анан дагы бул дѳӊсѳлѳр биздин тоолордой бир кылка болуп чыгыштан батышты карай созулуп жатпай, бир жеринде катар-катары менен бир топ эле бийик чокулары кездешип, анан жайык жерлери, кооз сайлары кездешип, эгер согуш болбосо ѳзүнчѳ эле бир керемет жерлер экени кѳрүнүп турат. Бул Смоленск дѳӊсѳлѳрү канча жерди ээлеп жатканын кѳз мененкѳрүүгѳ мүмкүн эмес экенин кѳзүм жетти, анткени, улам немистерди батышты карай чегиндирип олтуруп кышында, мына эми жаздыда дѳӊсѳлѳрдүн арасында жүрѳбүз.

Биздин ротадан эки күн катары чалгынга кеткен группалардан кабар болбой, алардын кайта турган убактары ѳтүп кеткендиктен, аларды жиберген командирлерибиздин тынчы кетип, маалымат эмес алардын аман-эсен келишин зарыгып күтүп жатышты. Чогу жүргѳн балдардын чалгындан кайтпаганына, биздин да тынычыбыз кетип, кѳзүбүз да, кулагыбызды да фронт жакта эле. Кечке маал ротанын командири келип: “Бүгүн түнү менен чалгынга кеткен группалардын кабар болбосо, эртеӊ бир чакан группаны жиберебиз, группага старшина сен баш болуп барасыӊ, ѳзүӊ ишенген эки солдатты тандап алып, эртеӊ менен дайын болуп тур”, — деп тапшырма берип кетти. Ошол замат старшинанын жанына “мен барам” деп солдаттар жабырашып чогулуп калышты.

— “Менин байкашымча баарыӊар дайынсыӊар го чалгынга барганга, мунуӊар жакшы, бирок дагы түн алдыда, шашпагыла, чалгынга кеткен жигиттерибизден бир кабар болор, күтѳ туралы”, — деп баарыбызды тынчытып койду старшинабыз. Бирок, барыбыздын жүздѳрүбүздѳ чочулоо,тынчсыздануу байкалып, чалгынга кеткен жигиттерди аяп турганыбыз түрүбүздѳн байкалып турду. Ошол маалда алар алып келе турган маалыматна же кармашып келе турган тилине да разы болуп, алардын аман-эсен келишин гана самап калганбыз.

Түнү менен деле алардан эч кандай кабар болбогондуктан, эртеӊ менен ротанын баарын катарга тизип, командирибиз: “Старшина группа дайынбы, дайын болсо менин артыман эрчигиле, калганыӊар бошсуӊар”, — деди эле. Старшинабыз официалдуу чалгынга ким барарын жарыялабасада, ѳз ичнен дайындап койгон экен. Менин, дагы бир солдаттын фамилиясын айтып, бизди командирдин артынан эрчитип блиндажга алып барды.

Командирибиз бизге инструктаж ѳтүп, эмнеге ѳзгѳчѳ кѳӊүл буруу керек экенин баса белгилеп, дагы фронттун биз ээлеген бѳлүгүнѳ немистин кѳптү кѳргѳн, тажрыйбалуу снайпери пайда болуп, бизге окшогон чалгынчыларды, ѳзгѳчѳ чалгындан кайтып келе жатканда чалгынчылардан мурун, алар алып келе жаткан тилин, башкача айтканда ѳздѳрүнүн колго түшкѳн адамдарын жок кылып жатканын ѳтѳ баса белгиледи.

Биз бардык документтерибиз менен орден медалдарыбызды тапшырып, фронттун ары жагына немистерге кѳрүнбѳй, билинбей ѳтүп кетүү үчүн ошол кездеги жаратылыштын ѳӊүндѳй болгон маскировкалануучу плащ–палаткадан кийинип, керек бологондо пайдаланууга ыӊгайлуу куралдардан жана бир суткалык паёк алып, фронтту кѳздѳй жѳнѳдүк. Мен фронтко келгенден бери ушунчалык кѳнүп, ишенип калган, ал инимде асылып турса ѳзүмдү дайыма ишенимдүү сезип, ал да менин ишенимди актап, эч убакта дүрмѳтү от албай мени кыйын абалга калтырбаган карабинимди алдым. Ошентип үчѳѳбүз командирибиз менен коштошуп, дагы эки солдаттын коштоосу менен алдыӊкы позициядагы тереӊ казылган окопко келдик. Айланабыздын баары бѳксѳ тоолор болгондуктан, ошол биз келген окоптон батышты карай нейтаралдуу зона башталарын, ошол алдыӊкы линияны ээлеп жатышкан жоокерлер айтышты. Алар деле немистердин, биздин алдыӊкы линиядан канча алыстыкта жайгашканын билишпейт экен, бирок, анда–санда дѳӊсѳлѳрдүн ары жагынан ири калибрдүү замбректер менен аткылашып турарын айтышты. Биз барган участоктон чалгынга кетишкен эки отряд ошол жерденѳтүшүп, бул жерге кайтып келишпей, фронттун башка участогунан кайтып келген го деп коюшту. Биз да ошондой болушу мүмкүн деп, аларды кейиткибиз келген жок.

Ошол жерден бизди узатып келген жоокерлер менен, ошондой эле ошол окопту ээлеп жаткан алдыӊкы линиянын жоокерлер менен коштошуп нейтарлдуу зонага ѳттүк. Айтылганы гана нейтралдуу зона дегени болбосо, биз ээлеген жерлерден эч кандай айрымасы жок, ошентсе да биздин басып бара жаткан жерлерден, жакында эле немистерди сүрүп чыгарып, бирок, азырынча нейтралдуу зона болуп турушунда эле. Айтылышындай эле азырынча эч ким ээлик кыла албай турган жер, бизге сүрдүү сезилип, этият болуп жүргѳнгѳ аракет кылып, кулагыбызды да айланага түрүп, шыбыш алдырбай жүрүп олтурдук. Азырынча биздин да, душмандын да территориясы болбогондон кийин, сактанып жүрүшүбүз керек экенин билебиз. Биздин плащ-палаткаларыбыз кѳк чѳптѳрдүн, дарактардын арасына сиӊип кеткендей бир караган киши байкай турган эмес. Анын үстүнѳ бул дѳӊсѳнүн капталдарында калыӊ ѳскѳн карагайларды немистер араламак түгүл, сайы менен жүрүү алар үчүн коркунучтуу болгондуктан, дайыма чоӊ күчтѳрдүн коштоосу менен гана сайдагы жол менен гана жүрүшѳт ко деп ойлойм.

Ал эми биз үчүн жаратылыш ѳзү ыӊгайлуу шарт түзүп бергендей. Анткени ѳзүбүздүн жерибиз, ѳзүбүздүн элибиз, биздин бир гана максатыбыз жерибизди басып алуучуларды мүмкүн болушунча тезирээк кууп чыгуу, же аларды жеткен эле жерибизден жок кылуу эле. Ѳзгѳчѳ биз аларды Москванын алдынан токтотуп, батышты карай сүрѳ баштаганда, жалаӊ фронттогу жоокерлер эмес, бүт Совет элинин духу кѳтѳрүлүп калган эле.

Ошентип биздин алдыӊкы линиядан бир чакырымдай жерди, эч кандай шектүү нерсени байкабай дѳӊсѳнүн этек жагында карагайлар менен бадалдар бүткѳн жерине келип токтоп, дүрбү менен айланы, алдыбыздагы болжол менен кырк-элүү метрдей жайыкты, анын ары жагында башталган дѳӊсѳнү бир топко байкоо жүргүзүп, бизге шектүү эч нерсе байкалбагандан кийин, бизди тактикалык машыгууда үйрѳткѳндѳй, биринчи бирѳѳүбүз чуркап, экѳѳүбүз алдыдагы дѳӊсѳнү кѳзѳмѳлдѳп туруп, анан кезек менен ал жайыктан аман-эсен ѳтүп кеттик.

Ошол алдыбыздагы дѳӊсѳнүн түндүк жагы менен айлансак, кийинки дѳӊсѳгѳ уланган анча бийик эмес, дарактары сейрек кездешкен белдеги бир таман жол менен жүгүрүп ѳтүп бара жатканда, мен группанын арт жагында эки-үч метрдей калып айланага, ѳзгѳчѳ арт жагыбызга кѳз салып келе жаткам. Белдин үстүнѳн чуркап ѳтѳ бергенде, катары менен эки жолу мылтыктын атылган үнү угулду, мен үндүн кайсы багыттан чыканын билбей эле кѳк чѳптүн арасына жыгылдым да, оӊ жагымдагы дѳбѳнүн бир аз ѳйдѳрѳѳк жериндеги бадалдардын арасына жан далбас кылып сойлоп кирип кеттим. Ошол маалда алдыдагы старшина менен анын жанындагы жоокерди, кѳз алдыман жоготуп алдым, улам алар тарапты карап кѳрѳ албадым. Бир аз бадалдын арасында жаткандан кийин, ѳзүмѳ келип акырын айланама кулак түрүп тыӊшасам, башка атылган мылтыктын үнү угулган жок, ошол маалда менден он метрдей ылдый жакта чогу келе жаткан жоокерлердин бир онтоп жатканын угуп, ошол тарапка сойлоп барсам, ортодо келе жаткан жоокерге таамай тийген октон ошол замат эле жан бергендей.

Биздин плащ-палаткаларыбаз чѳпкѳ окшош болгондуктан, анын үстүнѳ эки дѳбѳнүн ортосундагы белден ылдый кѳздѳй чуркап бара жатканда ок тийгендиктен, инерциясы менен тѳмѳн карай тоголонуп барышып бадалдардын арасында экен. Дагы алдыга сойлоп, биринчи бара жаткан старшинага жетсем, катуу жарадар болуп жаны кыйналып онтоп жатыптыр. Ага колуман келген жардамымды бергенге аракет кылсам, ал колун алдыга жаӊсап, “кукушка” деп кѳргѳзгѳн боюнча менин колумда жаны тазим болду. Кѳз ачып — жумганча чогу келе жаткан достордон айрылып, мына ошондо коркконуман жан далбас кылып капталдагы бадалдардын арасын сойлоп кирип, эмне кыларымды билбей, кѳз алдыман кѳптѳн бери согушта чогу жүргѳн, чалгынга да чогу чыккан жолдоштордон айрылганыма катуу кейип, этиятык менен тактиканы сактап келе жатканым үчүн, ажал алдыма келип токтоп, анын муздак илеби тийип ѳткѳндѳй болуп, кудай бир сактап калды.

Командирибиз блиндажда ѳткѳргѳн инструктажында баса белгилеп, “сак болгула анткени ал ѳтѳ тажрыйбалуу снайпер” дегени ушул болсо керек, мына кѳз ирмемде эки жолу ок чыгарып, максатына жеткенинде эле. Эмне кыларымды билбей бадалдардын арасында жүрѳгүм дүкүлдѳп, кѳзүм алаӊдап, бир топко тегерегимди айланта этият карап чыктым, бирок, эч кандай деле шектүү эч нерсе байкаган жокмун. Ошол маалда снайпердин биз тарапка сѳзсүз дүрбүсү менен кѳз салып олтурган болуш керек деп, мен ал тарапты дүрбү менен карагандан чочуркадым, анткени, менин дүрбүмдүн линзасы күнгѳ чагылышканын байкап калса, мени соо койбосун сездим. Жарадар болгон старшинанын колун жаӊсап бет маӊдайдагы дѳӊсѳнү кѳргѳзүп “кукушка” дегени, ѳзүмүн да мылтыктын үнү ошол жактан чыкканын сезип калгам. Менин мындай оюму, бактын арасына кулаган старшина менен солдатка да ок алды жагына тийгенин кѳргѳм. Бадалдардын арасында бир топко жатып ѳзүмү тынчытып, кантип жолдошторду аткан “кукушканы” жок кылууну ойлой баштадым. Мындай ой менин тынчымды кетирип, ѳзүмчѳ план түзѳ баштадым.

 Ошол белдин түндүк жагындагы дѳбѳнүн капталына чыгып, карагайлардын арасына жашынып айланага кѳз чаптырсам, жаӊы гана бул дүнүйѳ менен коштошор алдында старшинанын колун жаӊсаган жагында, сайдын аркы ѳйүзүндѳ калыӊ карагайлуу бийик дѳӊсѳ кѳрүндү. Ал жерден да дүрбү менен ал дѳӊсѳнү карагадан чочуладым, анткени күн батыш тарапка ѳтүп калган, ѳзүмдүн кайда турганымды билгизип койомбу деп дүрбүнү колдонгон жокмун. Канчалык аракет кылып үӊүлѳ карабайын, ал дѳбѳдѳн эч нерсени кѳрѳ албадым.

Ойлогон оюмду иш жүзүнѳ ашыруу үчүн артка кайтып, ошол ѳзүм турган дѳӊдү түндүк жагы менен айланып, ортодогу сайдан снайпер бизди күтүп олтурган дѳбѳдѳн бир топ алыстап барып ѳттүм да, ошол дѳбѳнүн күн батыш жагынан акырын жылып чокусуна чыгып, айланага кѳз чаптырсам, биз ашып келген бел даана кѳрүнгѳнү менен, бир топ алыс болуп, мылтыкты мээлегенге шарты да ыӊгайсыз болгондуктан, бул позиция профессионал снайпер эмес мага да жаккан жок.

Эгер командирибиз айткандай ѳтѳ тажрыйбалуу, кѳптү кѳпгѳн снайпер болсо, дѳӊдүн ушул капталынын орто ченинен ыӊгайлуу позицияны таап, белге жакындап барып жайгашмак деген ойго келдим.

Эмки маселе, анын жайгашкан жерин ага шек алдырбай биринчи табууда эле. Канча кылганы менен бул ситуацияда менин артыкчылыгым бар, анткени мен элимди, мекенимди мына ошого окшогон басып алуучулардандан бошотконго жанымды да аябайм, ал биздин жерде жүргѳндѳ анын таманы күйүп дайыма коркуп жүрүшү керек, анткени ал агрессор.Дагы бир менин бул ситуациядагы артыкчылыгым, анын арт жагынан ѳтүп, ал күтпѳгѳн, анын оюна да келбеген жактан кол салуу эле. Анткени, анын ою да, кѳзү да бизди аткан белде болуп, арка жагынан кооптонбойт болуш керекко деген ойдо элем. Бирок, канчалык душмандын снайперинин алдында артыкчылыгым болсо да, ѳтѳ сак болуп жаӊы гана ажыраган жолдошторум үчүн ѳч алуу эле, мүмкүнчүлүктүн баарын колдонуп, карабинимди алдыга сунуп, алдыман кандай кыймыл болсо кѳз ирмемде атканга дайын болуп, бүт ыкласымды айланама буруп, ар бир кадамымды абайлап шилтеп, калыӊ карагайлардын арасы менен дѳӊдѳн акырын тѳмѳндѳп келе жаттым. Мен аралап келе жаткан карагайлардын бийиктиги, жоондугу тим эле укмуш. Улам ылдыйлаган сайын карагайларга далдаланып, айланага кѳз чаптырып жылып олтуруп, дѳӊдүн орто ченине жакындагандай болдум.

Мына ошол жерден, алдыда бутактары ушунчалык калыӊ, арасынан эч нерсе кѳрүнбѳгѳн, ѳзү да башка карагайлардан ѳзгѳчѳлѳнүп бийик болуп турганын карагайды кѳрѳр замат, денем жыйрылып кандайдыр бир табигый сактануу рефлекси иштеп, менин алдымда бир коркунуч бар экенин сезип, денем ал рефлекске баш ийип кантип жанымдагы жоон карагайдын далдасына жашына калганымды билбей калдым. Айлана жымжырт болуп турганына карабай, денемди коркуу сезими бийлеп, эмне кыларымды билбей бир топто барып ѳзүмѳ араӊ келип, айланага кулагымды түрүп тыӊшасам, мен чочугандай деле эч нерсе угулбады. Ошондо гана акырын айланама кѳз чаптырып, акырын жашынып турган карагайдын капталынан тѳмѳн жакты карасам, бутактары калыӊ, ѳзү бийик карагай менден болжол менен жетимиш–сексен метрдей ылдый жакта экен. Мен жашынып турган жерден дүпүйгѳн карагайдын уч жагы, жана ага чейинки карагайлардын да бутактары бир аз тосколдук кылып турганы гана болбосо, биз группабыз менен жана ашкан бел тим эле алаканга салгандай кѳрүнүп турду.

Мындан ары кандай аракет кыларымды билбей, бир аз ойлонуп туруп, дагы бир аз ошол карагайга жакындабасам, ал турган жерден эч нерсени кѳрѳ албасыма кѳзүм жетип, мүмкүн болушунча акырын алдыга дагы бир аз басып, дагы бир жоон карагайдын далдасына олтура калдым. Олтурган абалымда тегерегиме кулак түрүп, эч кандай шек туудурган дабыш угулбагандан кийин, айланамакѳз чаптырып ал жерден да шектүү эч нерсени кѳрѳ албадым.

Бирок, улам мени кооптонткон карагайга жакындаган сайын, толкунданганымданбы же коркконумданбы айтоор тынчым кетип, жүрѳгүмдүн согушу да катуулап, денем чыӊалып чыкты. Мындай абалым менен “кукушканы” биринчи тапсам да, бул иштин мүүдѳсүнѳ жете алчудай эмесмин. Бир топко чейин денемди тынчытканга аракет кылып ошол олтурган абалымда, кыймылдабай, айланага кулагымды түрүп олтуруп, жаӊы эле ажыраган жолдошторумду эстеп кайра чыйрала түштүм.

Ордуман туруп тегерегимди карап, биринчи кѳргѳндѳ эле кѳӊүлүмдү ѳзүнѳ бурган дүпүйгѳн карагайга ѳтѳ жакын барып калгандыктан, денем катуу чыӊалып кыймыл аракетимди, эркимди начарлатып, каруумду кетирип, чечкиндүү аракет кылганга кедерги болуп, шалдыратып салды. Мындай акыбалым менен, ойлоп келген максатыма жетүү мүмкүн эмес экенин түшүнүп, ѳзүмү бир аз тынчытканга аракет кылып кѳкүрѳгүмдү кере катуу-катуу дем алдым эле, ошондо бир аз ѳзүмѳ келгендей болдум. Буга дагы жаӊы гана жолдоштордон айрылганымды эстегенде, кадимкидей эле чыйралып, денеме күч кубат киргендей болду.

Кандай болсо да мындай жагдайга туш келгенден кийин, ѳтѳ сак болуу керек экенин түшүнүп, ѳтѳ кылдаттык менен далдадан башымды чыгарып карасам, мен турган жердин деӊгээли, тиги мени чочуткан карагайдын теӊ жарымынан келип тургандай сезилди. Бирок, ошол дүпүйүп турган карагайдын арасынан эч нерсе кѳрѳ албагандан кийин, мен жашынып турган карагайдан алты-жети метрдей ылдыйда, бирок, тике алдында эмес, бир аз сол жагында турган карагайга мүмкүн болушунча эч үн чыгарбай жылып барып далдасына тура калдым. Ошол маалда менин ѳмүрүмѳ коркунуч туудуруп, бир аз мурун эки жолдошумдун ѳмүрүн алган душман, ошол карагайда экенин жүрѳм сезип, ал тарапты канчалык үӊүлүп карасам да эч нерсени кѳрѳ албагандан кийин, дүрбү менен кѳз салсам, снайпер эки чоӊ бутактын ортосунда, биз келген бел жакты карап бейкапар олтуруптур, дүрбүнүн кубаттуулугунанбы же ага ѳтѳ жакын барып калганмынбы, айтоор анын желкеси, кулагы даана кѳрүндү, эгер мен жакка башын бурса жүзү да кѳрүнмѳкмүн. Ошол маалда анын эч нерсени ойлобой снайпердик мылтыгын ыӊгайлуу кылып, оӊ капталындагы кичине бутакка илип коюп, бир нерсени камырабай жеп жатканын кѳрүп, ушунчалык кыжырым келип, беш атарымды ал олтурган жакка сунуп, кароолга илинеби деп карасам, аны кѳрѳ албадым. Кайра дүрбү менен карап кѳрүп, анын карабиндин кароолуна илинбей жатканын себебин билдим.

Анткени, анын кийген курткасы, башындагы кепкасы да кѳк болуп, айланага түстѳш болуп мага кѳрүнбѳй жаткан экен. Жаӊы гана менин эки жолдошумду атып, эч нерсе болбогондой бейкапар бир нерсени жеп олтурганын кѳргѳндѳн, жиним ушунчалык келип, жүрѳгүмдүн тарсылдаганын ѳзүм угуп жаткандай болдум.

Дүрбү менен, анан карабиндин кароолу менен карагайдын арасынан издеп олтуруп, акыры беш атардын кароолуна илип, анын эки далысынын ортосуна мелдеп туруп, курокту басып алдым. Токойдун ичин карабиндин ачуу үнү жаӊыртып, беш-алты секунддай кулак — мурунду кескедей тынчтык ѳкүм сүрүп туруп, анан карагайдын башындагы снайпердин денеси тѳмѳн карай кулап, жоон бутакка урунганда дүк деген үн чыгарып, ал эми ичкерээк бутактарды тарсылдатып сындырып кулап бара жатканын кѳрүп калдым. Дароо карабинди кайра дүрмѳттѳп, эгер керек болуп калса ок чыгарганга дайын болуп, анын кулаган жагына чуркап барсам, башы ылдый карап, бир буту буралып кыймылсыз денесинин алдында калып, тирүү адам мындай абалда жата албасын билсем да, жанына келгенимде капыстан тура калып кол салбасын деп, карабинди кесе кармап, учу менен аны түрткүлѳп кѳрсѳм, былк этпей жатканына караганда ок тийгенде эле жан бергендей. Ошентсе да, мылтыгымды кыймылсыз денеге такап туруп, сол колум менен мойнундагы күрѳѳ тамырын басып кѳрсѳм, тамырдан жүрѳгүнүн какканын колум сезбеди, ошондо гана жолдошторум үчүн ѳч алганыма кѳзүм жетип, денем бир аз бошоӊдоп, үстүмѳн оор жүк түшкѳндѳй болду. Баары бир ал достор кайрылып келбесин билсем да, аларды аткан снайпердин түбүнѳ жеткеним үчүн, мен бир аз болсо дажеӊилдей түшкѳндөй болдум.

Анын жаткан жеринде снайпердик мылтыгын кѳрѳ албагандан кийин гана эсиме түштү,жогору жакта бутакта илип турганын жана дүрбү менен кѳргѳнүм. Дароо карабинимди иниме иле салып, карагайдын бутактары менен жогору карай чыгып барсам, болжолу жерден жыйырма-жыйырыма беш метрдей бийиктиктеги, эки чоӊ бутактын ортосуна анча чоӊ эмес жумшак тѳшѳктү тѳшѳп, ѳзүнѳ ыӊгайлаштырып, биз келген бел жактагы бутактарды кесип, байкоо жүргүзүчүү пунктка айландырып, жалаӊ бел гана эмес, кенендиги он-он беш метрдей таштары агарып жаткан сайды, анын бир капталында агып агып жатканы анча чоӊ эмес ѳзѳн даана кѳрүп, ошол тарапта болгон ар бир кыймылга кѳз салып, бир топ күндѳн бери олтургандай.

Анын снайпердик мылтыгын инимдеги ѳзүмүн мылтыгыма кайчылашилип, вещмешогун, олтурган матрасын ылдыйга ыргытып жерге түштүм да, анын чѳнтѳктѳрүн аӊтарып болгон документтерин алып карасам, немис тилинде жазылыптыр, ага тишим ѳтпѳгѳндѳн кийин, вещмешогунун ичинен бычак, нан, колбаса, түстүү кагаздарга оролгон кара шоколаддарын, бекем материалдан жасалган анча чоӊ эмес термосунда кофеси бар экен. Документтерин вещмешогуна салып, тѳш жагыма асынып, мылтыгын арка жагыма ѳзүмдүн вещмешогумун үстүнѳ чуркаганга ыӊгайлуу кылып кыйгачынан асып, ѳз мылтыгымды керек боло калса колдонгонго ыӊгайлуу болсун деп оӊ колума кармап, артты карай жыларымдын алдында айланама кѳз чаптырып, кулагымды да салып тыӊшап кѳрүп, кооптуу эч нерсени байкабагандан кийин, тѳмѳн сайды карай ар бир кадамымды акырын шилтеп, айланама, ѳзгѳчѳ алды жагымды карап жай жүрүп олтурдум.

Улам ылдыйлаган сайын карагайлар сеелдеп, майда бадалдар башталып, сайга жакындаганда алар да азайып анда-мында гана кездеше баштаган жерде, кѳк чѳптѳрдүн арасында буктурмада жаткан адамдын сѳлѳкѳтүн байкап калып, бадалдардын арасына жата калдым.

Бир топ убакыт башымды кѳтѳрбѳй, акырын үстүмдѳгү жүктѳрдѳн бошонуп, мылтыгымды колдонгонго дайын кармап, айланага кулагымды түрүп бир аз тынч жаттым, плащ–палатка кийген адам чын эле буктурмада жаткан болсо, мени дѳӊдѳн тѳмѳн түшүп келе жатканымды кѳрүп биринчи эле жайламак.

Мүмкүн, ал да мени бактардан арасынан кийген кийимимен байкабай калган чыгар деп ойлосом, мен чѳптүн арасына жатканыма бир топ убакыт болсо да, ал жактан эч кандай кыймыл — аракет болбогон дон кийин, анын ээлеген позициясы ыӊгайлуу болуп, жагдайын пайдаланып мага психологиялык кысым кѳрсѳтүп жаткандай сезилди. Кандай болсо да мылтыгымды дүрмѳттѳп, керек боло калса аны колдонгонго алдыга сунуп, бадалдардын арасы менен тѳмѳн жээкти кѳздѳй сойлоп барып, анын жаткан жагын караганга ыӊгайлуу жерди таап, буктурмада жаткан адам жакка кѳз салсам эч нерсе кѳрѳ албадым. Дагы бир аз алдыга сойлоп барып, башымды чѳптѳрдүн арасынан кѳтѳрбѳй айланага кулак түрүп, эч кандай шектүү добуш угулбагандан кийин деле, башымы кѳтѳрүп айланага кѳз чаптыра албадым. Анткени, мындай кыйын ситуацияда сабырдуулук керек экенин билип, мылтыгымды алдыгы сунуп, шып эткен добуш чыкса ок чыгарганга дайын болуп, бүт денем чыӊалып, чекемен тер чылпылдап чыгып, чыдамым кетип эмне кыларымды билбей, айла жок кулагымды жерге тѳшѳп адамдын баскан кадамын укканга аракет кылдым. Мындан да эч кандай майнап чыкпагандан кийин, дагы бир аз алдыга чѳптүн арасы менен сойлоп барып, алдыда турган бадалдарын арасына кирип, дагы бир аз айланага кулак түрсѳм, тегерегимде кыбыраган эч кандай кыймылды сезбей, ѳзѳндѳгү суунун шылдырап агып жатканы гана угула баштады.

Ошол маалда буктурмада жаткан адамга ѳтѳ жакындап калганымды сезип, мына ушул кезде бир аз гана жаӊылыштык кетирсем, бул дүнүйѳ менен коштошорума кѳзүм жетип, мылтыктын учу менен алдымдагы бир топ эле бийик ѳскѳн чѳптѳрдү акырын эки жакка жапырып, башымы кѳтѳрбѳй тѳмѳн жакта буктурмадагы адамды мылтыктын кароолу менен издей баштадым. Бир маалда мылтыктын кароолуна, темгил кѳк түстѳгү плащ-палатка араӊ эле илингендей болду эле, эмнегедир курокту баспай күтүп туруп калдым. Негизи мындай учурда, ойлонбой туруп ок чыгарыш керек эле. Бирок, менин ички бир сезимим курокту баспа деп, бүт денемдеги чыӊалуу тарап, ѳзүмдү ишенимдүү сезип мылтыкты мээлеген абалымда тиземе турсам, буктурмадагы адамдын денеси даана кѳрүнүп, жогору жакта кѳргѳнүмдѳй эле абалда жатканы мени таӊ калтырды. Мылтыктын кароолунан кѳзүмдү албай жанына барсам, кѳмкѳрѳсүнѳн жыгылып, оӊ колун ППШка автоматын кармаган боюнча жатыптыр. Ошондо гана биздин чалгынга кеткен жоокер экенин билдим да, эки колдоп капталына оодарсам, биздин ротада чогу кызмат кылган солдат экенин тааныдым да, тегеректи карай баштадым. Анткени, алар үч жоокер болушуп бизден эки күн мурун чалгынга кетишкен эле. Анын жаткан жеринен анча алыс эмес жерде калыӊ чѳптүн арасында экинчи жоокердин денесин таптым, ал эми үчүнчү жоокер жаӊы эле сайдан чыгып, жээктеги кѳк чѳптүн үстүнѳ бир-эки кадам жасаганда ок тийгендей. Менин оюм боюнча, мына эми кѳк чѳбү да, дарактары да жок кенендиги жыйырма метрдей келген кооптуу ѳзѳндүн нугунан ѳттүк дешип, жээке чыгышканда карагайдын башындаолтурган “кукушка” аларды күтүп алган экен. Бул жигиттерден кабар болбогондон кийин, биздин алдыбыздан дагы бир группаны жиберишип, душмандын фронттогу абалын билүү ѳтѳ зарыл болгондуктан, канчалык маалымат кѳп топтолсо, Смоленск багытына чабуул коюунун тактикасын түзүп, анын натыйжалуу болуусун ойлонуштуруп жатышкан полктун командирлери, алдыда кетишкен группаларды келишин күтүшпѳй, үчүнчү группа түзүшүп бизди жѳнѳтүшкѳн.

Согуш башталгандан бери фронтто жүргѳндүктѳн, канча деген бирге кызмат кылган достордон айрылгандыктан, алардын жансыз денелерин кѳрүп чочуркагандын ордуна, кыжырым ушунчалык келгендиктен, жаӊы гана атып ѳлтүргѳн снайперди денеси жанымда болгондо, карабинимдеги обоймосундагы октордун баарын анын жансыз денесине жок кылмакмын, мен аргасыздан ѳзүмү араӊ токтотуп калдым. Мына ушундан билсеӊер болот, менин канчалык жиним келип, ичим ѳрттѳнүп кеткенин. Эки күндѳн бери ѳзѳндүн жээгиде жерге жашырылбай, топурак сала турган адамы жоктой, күндѳ жаткан солдаттардын денелерине бир аз тазим кылып, чоӊ атам үйрѳткѳн келмени келтирип, анан дѳӊдүн кырына калтырган ѳзүмдүн, тиги “кукушканын” вещмешогун, мылтыгын алып, солдаттардын автомат, мылтыктарын чогултуп ала кетейин десем, жүгүм оор болуп жүрүшүм кыйындай турган. Болгон куралдарын чогултуп, алардын жаткан жеринен бир аз алысыраак, ѳзѳндүн жээгинде топ болуп ѳскѳн бадалдардын арасына катып койдум. Сайдын бир капталда агып жаткан суудан кечип ѳткѳнгѳ ыӊгайлуу жер караштырып, солдаттардын жаткан жерине токтодум. Анткени, алардын да ошол жерден ѳткѳнүнүн себеби, ошол жерде суу жайык болуп, анча деле тереӊ эместей кѳрүндү.

Бул жерден ошол ѳзѳндүн шартын белгилей кетүүчү бир жагдайы бар, себеби анын туурасы болжол менен жыйырма метрдей келет. Ал эми сай жээктерине салыштырганда агарып кѳрүнгѳнү, анда жаткан таштарынын чоӊу да, кичинеси да тогологунуп келип, кумдары да агыш болуп, ѳзѳндүн нугунан ѳтүп бара жаткан адам болобу же жаныбар болобу даана байкалчудай. Эмне себептен талдын башында олтурган “кукушка”, ошол агарып жаткан ѳзѳндүн нугунан ѳтүп бара жаткан чалгынчыларды аткан жок деген ой келип, олтура калып ѳзѳндүн наркы жээгин кѳз чаптырып, анан “кукушка” олтурган карагайга кѳз салып, бул жерде бир мандем бар экенин ичимен туйдум, бирок, эмне экенин биле албай дүрбү менен айланыны карап чыгып, кооптуу деле эч нерсени байкай албай, бир аз ойлонуп турдум.

Кайра артка ѳзүмдүн келген жолум менен тез кетпесем, күн батып кетип, биздин солдаттар турган линияга карангыда жетип, алардын огуна кабылып калышым мүмкүн эле.

Тобокелге салып, мылтыгымды октоп алып, эки колдоп алдыга сунуп, кыбыр эткен кыймыл болсо ок чыгарганга дайын болуп, сайды кѳздѳй кадамымды этият шилтеп жѳнѳдүм. Ѳзѳндүн нугунан аман-эсен ѳтүп, жээкке чыгары менен чѳптүн арасында денеси буралып, башы бир жагына кыйшайып, жаны ѳтѳ кыйналган адамдыкындай болуп, башы сай жакка, буту жогору жакты карап жаткан плащ-палатка кийген солдаттын өлүгүнүн үстүнѳн чыгып, мылтыктын оозун аны кѳздѳй кезей кармап, аз жерден ок чыгарып жибере жаздап барып токтоп калдым. Айлананы алаӊдап карап, кулакты да түрүп, сайдан чымырканып ѳтүп келегениме, күтпѳгѳн жерден жансыз жаткан солдаттын денесин кѳргѳнүмдѳ, чочуп кетип денем чыйрылып бир аздан кийин озумо келдим. Ошондой абалга туш келсем да, бүт эркимди жумшап жанына барып жакшылап карасам, экинчи топ менен кеткен биздин ротадагы солдат экенин тааныдым. Ошол замат, чочуганымды да, корконумду да унутуп дѳӊ жакты карай баштадым. Жээкте жаткан жоокердин жогору жагында, болжол менен беш-алты метрдей жерде чогу чалгынга чыгышкан эки жоокерлердин жаны жок денелерин кѳрүп, наркы жээкте каза болгон жоокерлерге булар кошулуп, үстү-үстүнѳ урулган сокку мени эӊгиретип салды.

Адам баласы ѳлүп калбагандан кийин, айла жок башыӊа келген бардык кыйынчылыктарга чыдап, кайра чыйралып, чыӊалып ошол кыйынчылыкты жеӊгенге умтулат экенсиӊ. Мени да кудай аман алып калганы, кырчындай жигиттер үчүн ѳч алсын десе керек.

Мына, менин тегерегимде бир аз убакыттын ичинде канча адамдын жашоо менен коштошкондорун кѳрүп, күйбѳгѳн жерим күл болуп турса да, алар үчүн ѳч алагным, мени бир аз болсо да тынчыткандай болду. Ошондой болгон күндѳ да, бул жоготуулардын орду эч убакта толбосун билем, бирок, айла жок.

Ошол маалда эч нерсени ойлобой, окко кабылган жолдоштордун жаткан жерлерин жакшылап эстеп алып, караӊгы киргенче биздин аскерлердин ээлеген алдыӊкы линияга жетип барууда болуп калды. Дагы бир сыйра айланага кѳз салып, ѳзүбүздүн солдаттар ээлеген жакка чуркап жѳнѳдүм. Аман-эсен алдыӊкы линиядан ѳтүп, ротанын командирине болгон жагдайды айтып, “кукушканын” снайпердин мылтыгын, вещмешогун тапшырыгандан кийин, чымрканып келген денем шалдырап, ѳзүмдү-ѳзүм токтото албай жыгылып кете жаздадым эле, блиндажка чогу кирген солдаттар колтуктап калышты. Менин мындай акыбалымды байкаган командир:

— Снайпер үчүн чоӊ рахмат, — дегенде,

— Советтер Союзуна кызмат кылам! — деп честь бергенге какайып турганга аракет кылдым эле, бирок, аным анча окшошпой калганына карабай, командир мени кучактап,

— Фронтовой жүз грамм берип, тамактанып эс алсын, бул докуметтер менен мылтыкты, сенин кылган бул эрдигиӊди полктун командирине ѳзүм билдирем, эми бошсуӊар, — деди.

Ошол замат кухняга барып, айтылган жүз граммды тартып жиберип, тамактан бир аз алганымды билем, калганы эсимде жок. Эртеси ойгонсом фронтовой жуз грамдын жардамыбы, же катуу уктагандыкыбы билбейм, айтоор кечеги чарчаганымдын дареги калбаптыр, кѳӊүлүм куунак, бирок, курсагым ушунчалык ачып калган экен, кухняны кѳздѳй бара жатсам, ротанын дежурныйы мени кѳрѳ калып, командирге тез баргын деди.

Блиндажга кирип барсам:

— Кечеги окуялардын болгон жерин кѳргѳзѳ аласыӊбы, — деп столдун үстүндѳгү картаны мени кѳздѳй жылдырды эле, бир топко картаны карап туруп:

— Болжолу ушул жерде болушу керек, — деп колум менен ошол окуя болгон жерди айлантып кѳргѳздүм. Менин бул берген жообума анча канаттанбай:

— Жол таап бара аласыӊбы? — деп мени карап калды.

— Мен кантип таап бара албайын, ал жерди эч убакта унутпайм, — дедим. Командирибиз:

— Бир группаны жарым саатта дайндагыла, менин оорун басарым баш болуп барат, кана эмесе убакыт кетти, — деп бизди шаштырып калды.

Мен оокат ичкенге да, дайынданга да толук жетиштим. Болжогон убакытта жыйырма солдаттан түзүлгѳн группа, сегиз санитардык носилканы алышып, алдыӊкы линия аркылуу нейтралдык зонага ѳтүп, мен алдыда жол баштап бара жаттым.

Кече старшина баш болгон биздин группа, “кукушкага” кабылган белге жакындаганда, менин ѳзүмѳ моюн бербеген бир ички туйуум, ѳтѳ этият бол дегендей түрткү берип, токойдун арасына отрядды калтырып, үч солдат болуп ошол белдин капталы менен чалгындоого алдыга жылып барып, бир ыӊгайлуу жерден дүрбү менен “кукушка” олтурган чоӊ карагай жакты карасам, бир кыймылды байкагандай болдум. Акырын жанымдагы солдаттарга да ошол карагайды ориентир кылып жакшылап карагыла десем, алар да кишилер жүргѳнүн байкашыптыр. Ошол замат бир солдатты артка отрядка жагдайды баяндоого жибердик да, биз тигил жакты кѳзѳмѳлдѳгѳнгѳ калдык. “Кукушка” олтурган жакты байкап олтурсак, эки адам мен атып ѳлтүргѳн снайперди эки колтугунан кѳтѳрүшүп, дѳӊсѳнүн капталы менен айланып алып жѳнѳштү.

Ошол маалда артта калган отряд, дѳӊсѳнүн капталындагы калыӊ токой менен биз турган жерге келип калышты. Мен атып ѳлтүргѳн снайпердин денесин алып бара жатышканын айтып, дүрбүнү биздин отряддын еомандирине берип, ѳзү кѳрүп ситуацияны билип, бир чечимге келсин дедим.

Менин оюм үч жолу, үч группаны чалгынга жиберишип, эч кандай немистер жѳнүндѳ маалымат да, “тил” да ала албагандыктан, мына эми ѳздѳрү алдыбыз келишип, кыргыз элинде айтылып жүрчү макалдай “жолу болор аӊчынын жолунан кийик жолугат” дегендей, аларды койо бергенибиз болбойтко деп оюму айттым да, снайпердин денесин алып бара жаткан жакты жакшы билериме ишенип, уруксат болсо үч солдат менен, алдынан тосуп алайын дедим.

Командир ошол замат инициативаны ѳз колуна алып, кандай болсо да бирѳѳүн тирүү колго түшүрүү керек экени баса белгилеп, тѳрт солдат болуп кече мен ѳткѳн жак менен алардын алдынан тосуп чыкканга жѳнѳп кеттик.

Тоонун арасындагы токой менен, ѳлгѳн снайперин кѳтѳрүп жүрүш алар үчүн ѳтѳ кыйын болгондуктан, биз тезирек алардын алдына чыгып, буктурмада аларды күтүп жатып калдык. Ошол маалда бул жакта калган отряд, алардын артынан ачык эле аткылай баштамак, бул биздин түзгѳн планыбыз эле.

Алар ситуациянын мындай болуп кетээрин күтүшпѳгѳндүктѳн шашып калышып, снайпердин денесин ташташып, ѳз жандарын сактаганга жан далбас жасашып, буктурмада жаткан биз жакты карай чуркашты. Биздин туура тушубузга келгенде, күтүлбѳгѳн жерден аларды экиден баса жыгылдык эле, биздин алдыбызда калгандын колунда пистолети бар экенин байкабай калып, анын колун аркасына бураганча, пистолеттин дүӊк-дүӊк этип эки жолу күӊүрт атылган үн чыгып, менин ичимин сол жагы, анан сол бутумун тизеден ѳйдѳ жагынан тырс этти да, мен ошол капталыма кыйшайып жыгылып калдым. Ошол маалда кызуучулук менен немистин пистолет кармаган колун койобербей эки колдоп бурап, пистолетин алып экѳѳлѳп колдорун аркасына байлагандан кийин, турганга аракет кылсам сол бутумун жоон санынан буралып, бутумун уч жагы оӊ бутуму карап калыптыр. Ага да карабай эки колум менен таянып, турганга аракет кылсам, бутум ѳзүнчѳ эле шалкылдап менин эркиме баш ийбей денемен бѳлѳк болуп жүрѳт, ошондо коркуп кетип кайра олтура калып, эки колдоп тиземен кармап бутумду түздѳгѳнгѳ аракет кылсам, колдорум жылуу кан болгонун кѳрүп, октун бутума тийгенин сездим, бирок, эки жолу ок атылганын билем.

Бир маалда сол капталыман да жылуу бир нерсе агып жатканын сезип, гимнастёркамды ѳйдѳ кѳтѳрсѳм, ичимин сол жагына кичине гана жарадан сызылып кан агып жатканын кѳрүп, аны колум менен басып кандын агышын токтотконго аракет кылдым. Менин бул аракетиме карабай, денеме дагы эле жылуу кан агып жатканын сезип, арка жагымды колум менен кармасам, андан ылдый кан агып жатканын сездим. Кѳрсѳ, алды жагыма тийген ок денеми аралап ѳтүп, арка жагыман чыгып кетиптир. Жанымдагы солдат менин жараттарымды кѳрүп, жаӊы гана колун аркасына байлаган немиске ушунчалык жини келгендиктен, ѳзүн-ѳзү токтото албай күчүнүн баарынча тепкилеп калды. Катуу жарадар экенимди билсем да, ал жараттардын ооруганын кызуучулук менен сезе элек кезим болсо керек, кайра тепкиленип жаткан немисти аяп, жанымдагы солдатты сѳз менен аран токтотуп калдым.

Ошол маалда артта калган солдаттар келишип, колдору аркасына байланып жаткан туткунду жаман кѳздѳрү менен карашып, менин жаратымы кѳрүшүп, дароо жарадар болгондо колдонуучу санпакетти ачышып, менин денеми айлантып катуу таӊышып, адамдын билегиндей карагайдын эки бутактарын кесишип, мага баш ийбей жаткан бутумун түздѳшүп, эки жагына шак-шак кылышып бинт менен катуу таӊышып, кѳтѳрѳ келишкен медициналык носилкалардын бирине мени жаткызышып, командирибиз үч солдатты бѳлүп, алардын арасынан бирѳѳсүн сташий кылып дайындап, жоопкерчиликти анын мойнуна жүктѳп, бизди жѳнѳтѳр алдында: “Бул буйрук, тез аранын ичинде жарадарды санчастка жеткизесиӊер, — деп,сѳѳмѳйүн кѳзѳп, — Кана, жѳнѳгүлѳ, жетериӊээр менен ротныйга доклад кыласыӊар”, — деп бизди жѳнѳтүп жиберди. Солдаттар мүмкүн болушунча мени ѳтѳ этият кѳтѳрүшүп баратканына караганда, жараттарымдын оор экенин ошондо гана сезе баштадым. Анткени, улам биздин ротабыз жайгашкан жакка жакындаган сайын ок тийген капталымдын ооруганы күчѳп, ок тийген бутум сыздай баштады.

Алдыӊкы линияга жеткенибизде, ѳзгѳчѳ бутумун катуу ооруганына чыдабай онтой баштадым. Жанымда катар басып келе жаткан солдат мени алаксытканга аракет кылып: “Чыда, мына бир аз калды санчастка жетерибизге”, — деп, аз-аздан оозума улам-улам суудан тамызып келе жатты. Санчаст жайгашкан чатырга келип, догдурлардын колуна тийер замат, мени кушеткага жаткызып, солдаттардын таӊган бинтин кайчы менен кесишип, жараттарымды кѳрүшүп, бири-бири менен эч кандай сѳз айтышпай эле, кѳздѳрү менен сүйлѳшкѳндѳй болушту да, анан мага бир укол салышты. Ошол, ошол болду, андан аркысын билбей калдым.

Канча убакыттан кийин экенин билбейм, эсиме келсем мас адамдай элдир-селдир болуп, кайда жатканымды да билбей, турганга аракет кылсам керек, бирок, ѳз денеми ѳзүм башкара албай, коркуп кетип башымы кѳтѳрүп бут жагымды карасам, баары ордунда экенин кѳрүп, бирок, айланам бирде алыстап кетип, кайра чубалып кайра жакындап келгендей болуп тегерегим мага бир кызык болуп кѳрүнүп жатты.

Менин эсиме келгенимди эле күтүп тургандай, жанымда олтурган медсестра палаткадан чуркап чыгып кетип, бир маалда бир топ ак халатчан догдурларды эрчитип келип, менин жаныма топурашып туруп калышып, ѳзүмү кандай сезип жатканымды, анан колуму, бутуму кармалашып, ооруган жокпу же ооруса кандай ооруп жатканын сурашып, бир топко жанымда болушуп, ѳздѳрүнчѳ мен түшүнѳ бербеген сѳздѳрдү кошушуп сүйлѳшүп жатышты. Анан кайра мага карашып: “Эми чочулай турган эч нерсе жок, биздин жасаган операциябыз, дарыларыбыз жардам берген экен, канга, денге кирген инфекцияларды жаш организим жеӊип, эми кудай кааласа ѳмүрүӊ узун болот”, — дешип, баары палатадан чыгып кетишти. Сыздап ооруп жаткан денеми кыймылдатпай, башымы буруп жаныма калган медсестрадан, “эмне болду эле” деп суроолуу карасам.

— Сизди фронттогу талаа госпиталынан, бул госпиталга алып келип операция жасашканына үч күн болду, ошондон бери эсиӊе келбей жаткандыктан, госпиталдагы баардык врачтар тынчсызданышып, улам бирден келишип сиздин акыбалыӊызды билип турушкан, — деди да, кайра мага, — «Сиз батыр турбайсызбы, жогорку жактан жакшылап карап, тез айыктыргыла деген буйрук болгон, кандай ѳзүнѳ келсе, врачтарга кабарлайсыӊ дешипжаныңызга олтургузушуп койушкан», — деди.

Бир топтон кийин акырындап эсиме келе баштаганда, кандай эрдик кѳргѳзүп батыр болгонум деле эсимде жок, мүмкүн снайперден кабар болбогондон кийин, анын акыбалын билели деп келишип, анын ал жерге калтырбай алып кетели деген, эки немис солдатын колго түшүргѳнүбүз үчүнбү деп ойлосом, мен жалгыз эмес тѳрт солдат болуп кармаганбыз, болгону мен ошондо жарадар болгом. Ал жерде эч кандай деле эрдик кылган жок элем, батыр деп айтышкандарына караганда биз кармаган немис солдаттарынан ѳтѳ керектүү маалымат алышканбы деп да ойлоп койдум.

Эсиме келгеним го жакшы болду дечи, бирок, денемин кайсыл жери оорууганын биле албай, бүт денем күйүп бара жаткандай болуп чыдабай албай, сестрадан мени операция жасаган хирургду чакыртып, денемин ооруганын басылтуучу уколдон салуусун суранып, алардын да тынчын алдым окшойт. Ошол тынчытуучу уколдон кийин, жаным жай алып бир аз уктап кетем, кайра эле бүт денем сыздап чыгат. Эсиме келген биринчи күндү ошентип кыйналып ѳткѳздүм. Кечинде дагы чыдабай кетип, мен дагы хирургду чакыртсам, колуна бир топ кагаздарды кѳтѳрѳ келип, колумдагы тамырымды кармап, жүрѳгүмдүн согушун санагандай бир аз тынч туруп.

— Эми кыйынчылыктын баары артта калды, а бул денеӊин ооруганы убактылуу, анткени, ѳтѳ оор операцияларды кѳтѳрдүӊ, сол бутуӊун жоон саныӊан согончогуӊа чейин гипстеп койдук, эсиӊде болсун азырынча ал бутуӊду кыймылдатам же турам дегениӊди кой, араӊ дегенде сынган сѳѳктѳрүӊдү ордуна келтирдик. Ал эми ичиӊе тийген ок, ички маанилүү органдарыӊа тийген эмес, болгону ичегиӊди бир аз кыскартып койгонубуз үчүн, сенин ден — соолугуӊ андан эч зыян тартпайт, болгону эки тырык гана ок тийгенин эскертип турбаса, аны унутуп койсоӊ да болот. Кептин баары сол бутуӊда, жогоруда айткандай, пистолетти жоонсаныӊа такап туруп аткандай, бирок, биз билбейбиз канча аралыктан келип октун тийгенин, эӊ негизгиси ошол ок талкалап кеткен жиликтин сѳѳктѳрүн ѳз ордуларына жабылып жатып араӊ келтирдик. Мындан кийинкисин абайлашыбыз керек, ѳзгѳчѳ биздин айткан режимди такаткарсаӊ, ага жаш организимдин жашоого деген аракети, ѳзүӊдүн эркин кошулуп эки, эки жарым айдын ичинде кайра катарга туруп каласыӊ го деп ойлойбуз, — деди да, -Азыр медсестра тынчытуучу уколго, уктатуучу уколдон кошуп салып койот, эртеӊ мынчалык кыйналбай каласыӊ, — деп, кѳтѳрѳ келген кагаздарга бир нерселерди жазып, медсестрага берип, — Уколдон кийин уктап кетесиӊ деп, — бир аз ойлонуп туруп, анан, — Ар нерсени айта берип, сени чочутуп койдум окшойт, бирок, ѳзүӊ батыр болсоӊ, дене түзүлүшүӊ да батырлардыкындай экен, сен жѳндѳн-жѳн корко турган жигиттей түрүӊ жокко, — деп мени эрелеткендей башыман чачымы уйпалап, басып кетти.

Хирургдун айтканындай, уколдон кийин уктап кетиптирмин, эртеси ойгонсом кѳӊүлүм жакшы, бирок, дагы эле денемин баары жанчылып, кайсыл жери ооруп жатканын билбейм, ѳзгѳчѳ белимен ылдый колдойуп эле сенек болуп, менин денем эместей. Акырын кыйналып–кысталып жатып эки чыканагыма таянып араӊ дегенде башымы кѳтѳрүп, буттарымдын баш жактарын карап кыймылдатканга аракет кылсам, оӊ бутум кадимкидей эле кыймылдады, ал эми сол бутуму канча аракет кылсамда, кыймылдата албай коркуп кетип, жанымда олтурган медсестрага: “Карачы сол бутумда жан жоктой, кыймылдабай жатат”, — деп, корконуман сенек болгон бутум менен, кийинки жашооумду элестетип кѳрѳ албай, ачуума алдырып ѳзүмү токтото албай, катуу айтым ошойт. Ал байкуш коркконунан тура калып, катуу кармагандан коркуп, сол бутумун мажаларын акырын укалап жиберди. Анын укалаганын сезбей, хирургду чакыр деп, ачуумду медсестрага чыгарсам керек. Ал байкушта эмне күнѳ, ыйлаган боюнча чуркап чыгып кетти.

Тез эле кѳзүнүн жашын шолоктотуп, мени караган хирург баш болушуп, бир топ ак халатчандарды палатага эрчитип кирип келишип, менин үтүрѳйүп турган түрүмү кѳрүшүп. Мен жаткан кроватты тегеректешип, “эмне болуп кетти” дегендей карап калышты. Мени карап, мага уколдорду дайындаган хирург, жакын келип: “Ээ, батыр, эмне болду мынчалык, госпиталдын баарын жѳн эле жерден чуу чыгарып, — деп, сол колумун билегимен кармап, бармагы менен тамырымды басып жүрѳгүмдүн кагышын санагандай, бир аз унчукпай туруп, — Баары ойдогудай, жѳн эле сестраны капа кылдыӊ, ал байкушта эмне күнѳсү бар, болгону сени карап олтурганы үчүнбү, мына айта турган сѳзүӊ болсо же нааразычылыгыӊды бизге айт, жүрѳгүӊ сенде эч кандай дат жок деп жатат”, — деп колуму кроваттын кырына койду. Алардын келиши деле мени тынчыткан жок, аткени, ошол маалда да, сол бутумдун манжаларын кыймылдатканга аракет кылсам, аныман да эч кандай натыйжа чыкпаганын сезип жаттым.

– Сиз баары жайында, эки айдан кийин кайра катарга турасыӊ дебедиӊиз беле, турмак түгүл, сол бутум бүт сенек болуп эч нерсени сезбей, манжаларымды кыймылдата алабай жатпайымбы, — деп, аларга да мурдум менен бир тийдим эле. Менин мындай катуу айтышым, алар үчүн күтүлбѳгѳн сѳз болгондуктан, баары бир аз ѳздѳрүн ыӊгайсыз сезишип, мага да катуу сѳз айта алышпай бир аз туруп калышты.

Арасынан улгайып калган, чокчо сакал, кѳз айнек тагынган адам жаныма келип:

— Кана батыр, сени ушунчалык тынчыӊды алган бул сенек болду деген бутуӊду кѳрѳлүчү деп, — сол бутумдун үстүнѳ жабылган одеялды алып манжаларымды кармалап кѳрүп, кийип жүргѳн ак халатынын жакасынын ич жагынан ийне алып чыкканын кѳрдүм, андан ары эмне кылып жатканын кѳрѳ албадым. Бир маалда кыймылдата албай жаткан бутум тысылдап кетип, ѳзүм да сезбей калдым кантип силкип алганымды. – Чуу кѳтѳрүп элдин баарын тынчын алаганыӊ кандай, аз жерден бийлеп кетейин дедиӊ готура калып, — дегенде, тегерегимде турган догдурлардын баары күлүп калышты. Алардын арт жагында кѳз жашын арчып турган сестраны карасам, күлүп жатканы же ыйлап жатканы билинбейт, башына салып жүргѳн ак жоолугу менен кѳз жашын арчып туруптур.

Кандай ыӊгайсыз абалга учурасада, ѳзүн ишенимдүү кармаган, тажрыйбалуу, кѳптү билген догдур экени анын кыймыл аракетинен, жашынын бир топко барып калганына карабай жүзүнѳн кайраттуулук байкалып, госпиталдагы догдурлардын арасында кадыр-барктуу экени байкалып, ага баары урмат-сый менен мамиле кылары сезилип турду.

Кийин билсем, ошол мен жаткан госпиталдын башкы врачы, медицина кызматынын полковниги экен. Алардын тамашасы, бутумун ийнени сезгени, бүт денемин ооруп жатканына карабай, денеме кайрат – күч пайда болуп, кѳӊүлүм да кѳтѳрүлүп калды.

Күндѳн-күнгѳ ден соолугум оӊолуп, кѳӊүлүм кѳтѳрүлүп, денемин ооругандары да азайып, палаткада чогу жатышкан жарадар солдаттар менен сѳзгѳ аз-аздан аралашып, фронттун батышты карай сүрүлүп бара жатканын радиодон укканыбызда, мен гана эмес, госпиталдагы жарадар солдаттардын бардыгынын духтары кѳтѳрүлүп, анча-мынча жараттарына кѳӊүл бурушпай, бизден улам алыстап бара жаткан фронттон жакшы кабар келген сайын, баарыбыз кудуӊдап сүйүнүп калабыз. Палатада жарадар болуп жаткандардын жарымысы “ходячий”, ал эми калганыбыз мага окшоп “лежачий”биз. Абалыбыз ошондой болгондуктан кѳбүнчѳ ошол “ходячий”лерге кѳз карандыбыз, анткени, бир нерсе керек болсо эле ошолордон суранабыз.

Негизи палатада жатышкандардын бир-экѳѳ гана бизден жашы улуулар болбосо, кѳпчүлүгү бир теӊдүүбүз. Биз го согуш башталгандан бери фронтто жүрүп, кѳп эле согуштун ѳйдѳ-тѳмѳнүн ѳз баштарыбыздан ѳткѳрүп калдык, палатадагы жарадарлардын арасында бир жигитибиз жаӊы эле аскерге чакырылып, алгачкы аскердик машыгуудан ѳтүп келип, биринчи эле чабуулга киргенде катуу жардар болуп госпиталга түшүптүр. Ага, арабызда кѳптѳн бери согушуп жүргѳндѳр: “Порохтун жытын жыттабай, “рукопашно-штыковой” салгылашууга катышпай эле жарадар болгонуӊ кандай?” -дешип, тамашалашып калышчу элек.

Улам жараттарыбыз оӊоло баштаган сайын, тамаша сѳздѳр да чыгып, согушта ѳз баштарынан ѳткѳргѳндѳрдү анча-мынча кошуп күлкүлүү кылып айтышып, палатанын ичи шаӊдуу боло баштады кийинки күндѳрү.

Мени палатадагылардын баары эле батыр дешип, атыман же фамилияман айтышпай, — Сен эмне эле унчукпайсыӊ, же купыя сырыбы батыр болгонуӊ дешип туш — туштан сурашып калышчу болду. Ѳзүм деле кандай эрдик кылганымды эстей албай, эмнени айтарымды билбей, болгону экѳѳлѳп снайперге келген эки немистин бирѳѳсүн кармаганыбызды, анын колундагы пистолетин байкабай калып, мага такап туруп эки жолу атканга үлгүргѳнүн, ошондо жарадар болгонумду гана айтсам, эч кимиси менин бул айтканыма ишене беришпей, болду-болбоду бир жашырын тапшырманы аткарган болушуӊ керек дешип, такап сурашкандарын токтотушту.

Чынында эле, согушта ѳзгѳчѳ жашырун тапшырмаларды аткарышып, аны белгилүү убакка чейин сыр катары сактоо керек экенин сѳз беришип, керек болсо кат жүзүндѳ милдеттеме алган учурлар кездешчү.

Кандайча батыр атка ээ болугонумду ѳзүм да билбей, аны кантип, кимден билем деп кыйналап жүргѳнүмдѳ, фронттун улам алыстап бара жатканына карабай, госпиталга биздин полктун командиринин атайын тапшырмасы менен, мен кызмат кылган ротанын командири келе турганын айтып калышты. Полктун командиринин мага мынчалык кѳӊүл бурганына бир жагынан таӊ калып, экинчи жагынан эмне тапшырма менен келе турганын түшүнѳ албай ѳзүмчѳ эле маӊ болуп, эмне деп ойлорумду билбей калдым.

Мындай кабар бат эле госпиталдагы врачтардан баштап, жарадарлардын баарына белгилүү болуп, санитарка кыздар палаталарды тазалап жуушуп, жогорку мансаптагы официалдуу адамдар келе тургандай дайындала башташты. Байкашымча, госпиталдагы күбүр–шыбырдын баары мен жѳнүндѳ болуп жаткандай, аны байкаганым, улам биздин палатанын эшиги ачылып, тааныгандар да, тааныбагандар да баш багышып, мени менен эски тааныштардай баштарын ийкешип учурашып же колдорун булгалашып кетип жатышты. Мага мынчалык кѳӊүл бурушкандарына, ѳзүмү ыӊгайсыз сезип, эмнеси болсо да госпиталдын мындай ополоӊ-тополоӊго түшүп жатканын, мага операция жасаган хирург билет ко деп, терезеден тышыты карап, анын эртеӊмененки обход жасаган убагын күтүп жаттым.

Күндѳгү маалында, сол колунун алаканына бир топ кагаздарды койуп алып, жаныма келип:

— Ии, батыр, акыбалыӊ кандай? — деди да, — Өӊүӊ бир нерсени ойлоп, бушайман болгон түрүӊ бар, ал эми жалпысынан ѳӊүӊ дурус, кана айтчы, сенин тынчыӊды алып жаткан эмне маселе?” — деп, менден жооп күтүп жаныма туруп калды.

Сѳздү эмнеден баштарымды билбей бир аз ойлоп туруп:

— Кептин баары ошол сиздин мени дайыма эле батыр дегениӊизде, сиз гана эмес, бүт госпитал ошентип аташында болуп жатпайбы, канча ойлонсом деле, мындай атка татырлык эрдик кылганымды эстей албадым, — деп, бирѳѳнүн кылган эрдигин жаӊылыштык менен мага ыйгарышып койгондой, ѳзүмү күнѳлүүдѳй сезип, хирургдун жүзүнѳ тике карай албай, кѳзүмү ала качып жалтактап, — Анын үстүнѳ эмне болгон тапшырма менен, ротанын командири мага келет экен? — деп сурасам.

— Оо, батыр, сенин тынчыӊды алып жаткан ушул эле маселе болсо, анда чыдай тур, эртеӊ командириӊдин ѳз оозунан угасыӊ, кандай эрдик кылганыӊды, — деп, чачыман колу менен уйпалап мени эркелетип, — Ѳзүӊ билбеген эрдигиӊди эртеӊ билесиӊ, — деп, палатадан күлүп чыгып кетти.

Эртеси күндѳгүдѳй эле врачтар эртеӊ мененки обходдорун жасашып, жарадарлардын абалдарын сурашып, кошумча дарылар керек болсо аларды дайындашып, ѳздѳрүнүн бѳлмѳлѳрүнѳ кетишкен. А мен үчүн ал күн, зарыгып күткѳн күн болуп, кандай болсо да полктун командиринин кѳӊүл бурушу жѳн эмеско деп ойлоп, тынчым кетип кулагымды түрүп жаткам. Кечегидей эле палатадагылар мага байкатпай кѳз кырын салышып, билмексен болушуп ар кимиси ѳз иштери менен алек болушкандай.

Түшкѳ жакындап калган кезде, госпиталдын ичинде нары-бери басышкан “ходячий”лердин түшкү тамакка камына башташкандары, сүйлѳшкѳн сѳздѳрүнѳн, анча-мынча тамашалашкандары угулуп, биздин палатадагы “ходячий”лер да ашканага барышканга кам кѳрүшүп, кийине башташкан маалда, госпиталдын биз жаткан корпусунун жанына машина келип токтоп, топурап кишилер түшүштү. Мен оюмду бир жерге токтото албай ѳзүмчѳ эле элеӊдеп жаткандыктан, алардын келгенин дароо сездим окшойт. Он беш-жыйырма минуттай корпустун ичи тып-тынч болуп туруп, анан коридордон тапырап бир топ кишилер биздин палатабыз кѳздѳй келишип, бирок, палатанын эшиги ачылбай бир аз туруп, анан эшик шарт ачылып, үстүнѳ ак халат жамынган командирим, аны коштогон дагы аскер кийимчен кишилер менен, госпиталдын башкы врачы баш болушуп бир топ врачтар киришип келишти. Командирим палатадагылардын баарын бир сыйра карап чыгып, жалпы учурашып, менин жаныма басып келди. Адаттагыдай какайып түз тура калып “честь” бере албаганыма ѳзүмү ыӊгайсыз сезип, жүзүм кызарып, чыканагыма таянып башымды кѳтѳрүп эмне кыларымды билбей туруп калдым.

Менин мындай абалымды байкаган командирим жай гана.

— Акыбалыӊ кандай, батыр? — деп, мени кучактап бетимен ѳѳп, — Сен кыйналба, бул жолу мен сага честь бергенге келдим, — деп, какая туруп честь берип, — Сага “Кызыл Жылдыз” орденин тапшырганга полктун командиринин тапшырмасын аткарганга келдим, — деп, портупейинен орден салынган кутучаны алып чыкканда, палатабызга чогу кирген адамдардын арасынан, фотоаппарат кѳтѳргѳн аскер формасындагы эки адам, бизди ар тараптан тарта баштады. Ошол маалда ѳзүмү келип, орден алгандай деле эрдик кылбагынымды ойлоп, орденди мага жаӊылыш тапшырышып, кийин уят болуп калбайын деп, командирди акырын ѳзүмѳ жакындашын суранып:

— Кайсыл эрдигим үчүн, мындай Мамлекетин жогорку сыйлыгын тапшырганы жатасыз? — деп, мындай орденди алганга каршы экендигим билгизсем. Акырын эӊкейип, кулагыма эч кимге угузбай: “Кукушка” үчүн”, — деп колумду катуу кысып, башка сѳз болбосун дегендей белги берди.

Ошондо деле бул кылганым анча деле чоӊ эрдик эмес ко, бирок, ошол убакта оюмун баары достор үчүн ѳч алуу гана болуп, мындай урмат, сыйды ошол кезде ойлогон эмесмин. “Кукушканы” уккандан кийин, тынчымды кетирип турган ой менден алыстагансып, бир аз жеӊилдей түштүм. Баары бир ичимен анча ыраазы болгон жокмун, болгону бир “кукушканы” атып ѳлтүрсѳм эле, мындай жогорку сыйлык менен сыйланышыма. Согушка катышкандан бери бир топ эле, душмандарды жок кылып, кээде “рукопашно-штыковой бойго” катышып душманды штык нож менен сайып ѳлтүргѳн убактарда болгон. Андай учурларда ар кандай медалдар менен сыйланган элем. Мен кандай ойлобойун, орден менен жѳн жерден эле сыйлабайтко, канча кылганым менен “кукушкада” бир мандем бар го деп койдум.

Бул орден тапшыруу официалдуу чара болгондуктан, палатадагы “лежачийлерден” башкалардын бардыгы какайып туруп калышты. Мен да денеми түзѳгѳнгѳ аракет кылып, кыймылдабай жатым. Орденди такканга гимнастёрка жок болгондуктан, сол колума карматып, оӊ колуман катуу кысып, дагы бир ирет бетимен ѳптү. Мындайда какайып туруп айтылуучу “Советтер Союзуна кызмат кылам!” деген сѳздү, денемди мүмкүн болушунча түзѳп жаткан абалымда айттым.

Ошол маалда госпиталдын башкы врачы келип, колуман катуу кысып, чын жүрѳктѳн куттуктап, чогу келген врачтардын куттукташына жол бошотуп, четке чыга берди. Мына ошондон баштап биз фотоаппаратчандардын айтканына кѳнүп, кайра дагы бир жолу командир мага орденди тапшыртып, чогу келген адамдардын баарын менин баш жагыма тургузуп, орденди гимнастёрканын ичинен кийиүүчү, жакасы жок жылуу ак кѳйнѳккѳ тагып, жалпы да, ѳзүмчѳ да сүрѳткѳ тартып алышты.

Менин бул орден сыйланышымдын себеби, карагайдын башындагы “кукушканы” жок кылып, анын снайпердик мылтыгы менен cнайпердик китепчесин ротабыздын командирине, ал полкко тапшырып, анын котормосун кѳргѳн полктун командири, тез аранын ичинде “Кызыл Жылдыз” орденин менен сыйлоочу буйрукка кол койуп, орден дайын болгондо, аны ѳз колу менен тапшырам деп, тапшырма берет.

Кѳрсѳ, “кукушка”ошол кездеги фашисттик Германия баардык сыйлыктарынын кавалери, ал гана эмес немис элинин жогорку сословиясынын түркүмүнүн ээси экени, жалпысынан согуш башталгандан бери жүзгѳ жакын солдаттарды, офицерлерди жок кылганы анын снайпедик китепчесинде жазылган экен. Алардын ичинде канчасы биздин солдаттар, канчасы башка мамлекеттин солдаттары экенин биле албадым, анын такап сурагым да, билгим да келген жок.

Мен госпиталга түшкѳндѳн бери, фронт батышты карай бир топ жылып, согуш талаасынан оор жарадар болгондорду биз жаткан госпиталга алып келишип, биздин арабыздагы жеӊил жарадарлардын сакайгандары кайра фронтко жѳнѳшүп, ал эми мага окшогон оор жарадарлар ѳз алдынча жүрѳ алышпаса, аларга бирден медсестралардан кошуп, тылдагы ѳздѳрү аскерге чакырылган жерлердеги госпиталдарга жѳнѳтүшүп жатышты.

Менин да кѳпкѳ дарыланырымды эске алышып, орден алгандан кийин эле документтерди дайындашып, бир медсестранын коштоосу менен Фрунзедеги госпиталга узатышты.

Калганын ѳзүӊ билесиӊ, — деп сѳзүмү аяктап, менин айткандарымды Зуура кандай кабыл алганын билгенге жүзүнѳ карасам. Башын жерге салып, ансыз деле күндѳ ошол батышта болуп жаткан ааламаттан жабыркаган жаш солдаттардын жараттары дарылап, алар кандай кыйналса, алар менен кошо кыйналып жүргѳнү аз келгенсип, менин да башыман ѳткѳн оор окуяны угуп, аял затына гана таандык болгон жүзү улбуроп муӊайым тартып, турган түрүн кѳрүп, анын кѳӊүлүн кѳтѳргѳнгѳ аракет кылып.

— Согушта жарадар болуп сен парактика ѳтѳп жүргѳн госпиталга түшпѳсѳм, сени бул жашоодо жолуктурат белем же жокпу аны бир кудай билмек, мына ошол кудайдын сага капыстан жолуктурганы пешенебизге жазылган болсо керек, мени батыштагы кан күйгѳн согушта жарадар кылып, ал эми сени, мен дарылана турган госпиталга практикага жиберилиши, бул тагдырдын буюругу болсо керек, биздин күтүлбѳгѳн жерден кездештиргени үчүн кудайга миӊ мертебе ыраазымын, — деп, ѳзүмѳ тартып катуу кучактап мойнунан ѳѳп-ѳѳп алдым да, — Болду эми, кѳп эле кейий бербечи, мына мен соп-соо жаныӊда турамго, бардык кыйынчылыктар артта калды, эми бизди алдыда жалаӊ гана жакшылыктар күтүп турат ко, — деп эркелетип кѳӊүлүн кѳтѳргѳнгѳ аракет кылып, эки колума кѳтѳрүп алып айлантып-айлантып жерге койдум.

Госпиталдан сакайып чыкканда мага берилген кыска мѳѳнѳттѳгү отпусканын убагында, мүмкүн болушунча тез-тез жолугушуп, адам баласына бир гана жолу келчү махабаттын сѳз менен айтып бере алгыс ажайып бал доорунда, жүрѳктѳгү сырларды айтышып, махбаттын бизге гана таандык, айтса, айтып түгөтѳ алгыс учурларын башыбыздан ѳткѳрүп жүрүп, менин фронтко жѳнѳр убагымдын келип калганын сезбей калыптырбыз.

Бир гана Зуураны кыя албай, мен келгенче кандай болуп кетет деп, кабатырланып оюм онго бѳлүнүп кѳӊүлү тынчыбай, кыйналып жүргѳнүн сезген Зуура, "мен сенин душманды жеӊип аман-эсен келишиӊди сѳзсүз күтѳм” деген сөзү мага дем-күч берип, чын жүрөгүм менен ишендим.

Экөөбүздун сүйүүбүз чын эле башкалардыкына окшобогон өзгөчө болду, анткени, бириз согуштан катуу жарадар болуп госпиталдан госпиталга которулуп олтуруп, батыштан Фрунзедеги госпиталга келип түшкѳнчѳ, жарадарларды ташыганга ылайыкташтырылган жүк ташуучу вагондордон, вагондорго которулуп, кээде атайы жардарлар учун жасалган ынгайлуу вагон -госпитал менен журуп,жол азабы — кѳр азабы дегендей, нечен кыйынчылыктарды кѳрүп келип түшүп, практикада жүргѳн студент кыздардын арасынан Зуураны биринчи эле кѳргѳнүндѳ, бүт эрки бийлеп, сезими ѳзүнѳ бой бербей, Ысык–Кѳлдүн албууттаган толкунундай ичине батпай, башка дүнүйѳгѳ келгендей, айланам кулпунуп чыга келбедиби.

Сарыгул Зуура менен айласыз коштошуп, ата-энеси, айыл эли аны фронтко узатышты. Сарыгулдан башка дагы бир топ жаш жигиттер менен чогуу батышка согушка жоношту. Фронтко барган күндөн тартып эле Зуураны сагына баштады. Ал жакта да жөн жатып алган жок. Кат аркылуу байланышып жатышты. Кат жазардан мурун ар бир сөзүнө маани берип, өзгөчөлөнтүп жазар эле. Зуура дагы Сарыгулдан келген каттардын бирин дагы жоготпой, сактап жүрдү. Жаны ушунчалык кыйналып турса да, Зуура экөөнүн жашоодо бир болоорун эстегенде ооруганын, кыйналганын заматта унутуп калат. Башкача айтканда, ага бир гана Зууранын катындагы сени күтөм, сүйөм деген сөздөрү дем, күч, кубат берип фашисттердин окторунан сактап жүрдү. Жакында согушту жеңиш менен бүтүрүп барсам, буйруса, ата-энемдиыймаңдуу, татынакай келиндүү кылам деп өзүн сооротуп, убакыттын батыраак өтүшүн кудайдан тилеп жүрдү. Күндө бир маал Зуураны эстеп, кыялданып алат. Сарыгулдун көктөн тилегени жерден чыгып, согуш аягыктап немистерди жеңип, элибиз жеңишке жетишет. Качан демобилизация болорун билбесе да үйүнө, Зуурага да жакында барып калам деп кат жөнөтөт.

Ошентип, поезд менен Фрунзеге келип, Зуураны госпиталдан табам деген ою менен, өзү дарыланган госпиталга издеп барат. Бирок таппай калат, ошол убакта Зуура каникулга айылына кеткенин айтышат.

Ал кезде анда-санда гана машина болбосо, бүт кыймыл ат араба менен бүтчү эле. Ошол замат өзү туулуп өскөн айылын көздөй жөнөөнү ойлоп, Фрунзенин базарына барып алардын айылынан келген адамдар барбы деп сураштырса, эч ким жок болуп чыгат. Ал кезде элдин пейли жакшы кез го, жолуккан адамдардын баары аман-эсен келгенин куттукташып, менин баламды, бир тууганымды көрдүңбү деп сурашып жатышты. Арасынан “үйгө кирип, алыстан чарчап келдиң даам татып кет”, — дегендери да болду. Кайдан бармак, өз айылы, ата-энесин, бир туугандары дегенде эки көзү төрт болуп жатса. “Жок, ыраазымын, үйдө ата-энемдер күтүп жатышат”, — деп, ыраазычылыгын билдирип кутулуп жатты.

Бүт базарды кыдырып жүрүп алардын районун аралап, андан ары кетчү бир полуторка автомашинасы чыкканына сүйүнүп, айылымын тушунан түшүп, андан ары жөө барып калам деп жөнөп кеттим.

Машинадан айылымдын тушунан түшүп калганымда, кеч кирип жаӊы гана кѳз байлана баштаган кез эле. Германиядан ата-энеме, бир туугандарыма деп ала келген белек-бечкектерим чемоданда жана сумкада, ал эми өзүмө керектүү буюмдарым вещмешогумда, ошентип аларды которуп алып, мага тааныш жерлер менен жүрөгүм дүкүлдөп айылымды карай жөнөдүм. Караӊгы киргенине карабай, бала кезимен тааныш чаӊ жол менен арышымды кенен таштап бара жаттым. Болжолумда жолдун орто жерине келген кезде, ай асманга чыгыш жактан көтөрүлүп, бир аз болсо да айлан жарык боло баштаган. Айдын жарыгы менен алыстагы тоолордун карааны кѳрүнүп, айылдын кечиндекемегелерге жылт-жулт эткизип жаккан отторун алыстан кѳрүнүп, сүйүнгѳнүмѳн жүрѳгүмдүн кагышы тездеп, кадамымды ылдамдатып ат араба жүргөн чаӊдуу жол менен айылды көздөй бара жаттым.

Мына ошол маалда аман-эсен элиме келгениме ишенип, көзүмөн жаш тегеренип, бала кезде ушул жерлерде ойноп далай кызыктуу күндөрдү өткөргөнүбүздү эстеп, бул жол менен жүрө турган болсом, көптө жетчүдөймүн. Биз жѳѳ жалаӊ, кээде ат менен жүргөн бир таман тике жол эсиме түшүп, ошол бир таман жол менен жүрүп олтуруп, түндүн бир топ болуп калганын баамдаганымдын себеби, ай төбөгө көтөрүлүп калган.

Бир маалда тоо тараптан мени карай, бир килейген чоң ит келе жатканын көрүп калдым. “Бул ээн талаада жүргөн кандай жолбун ит?” — деп ойлонгончо, болбой эле тике качырып, кол сала баштады. Мындайды күтпөгөн жаным, колумдагы чемодан, сумка менен тап берип, бутум менен тээп эптеп жакын жолотпогонго аракеттенип жаттым. Ит мынчалык адамга тике кол салбайт эле деп шекшиндим. Бирок, аны жакшылап баамдап караганга мүмкүнчүлүк болбой жатты. Улам тартынбай тике качырып кол салганынан кийин гана, анын карышкыр экенин бир топто барып билдим. Колумдагы чемодан менен сумканын оордугу бир топ болчу, ошолор менен алмак салмак ургулап, айылды көздөй аркам менен жылып жүрүп олтурдум. Карышкыр ээн талаанын ээсиндей болуп, түнкүсүн өткөн жалгыз жарым адамды, ээн калган малдарды жеп көнүп калгандай. Эгерде мен каршылыгымды токтотсом эле, бул килейген карышкыр жеп салгандан кайра тартпагандай түрү бар, эч коркуу, чочуу дегени билбейт. Канча убакыт карышкыр менен алышканымды билбейм, алым кете баштады. Чемодандын да, сумканын дасалмагы бир топ эле, минтип олтурсам көпкө чыдабасымды билдим да, мүмкүн боло калганда тегерегимди айла карап, амал издей баштадым. Жолдун сол жагында алыс эмес жерде бак дарактар өскөнүн байкадым да, ошол жакка бурулуп аркам менен карышкырды ургулап жылып бара жаттым.

Ошол тарапка кетенчиктеп бир топ баскандан кийин, байкабай бир чуңкурга кулап түштүм. Ушунчалык терең болгондуктан, түбүнө жеткенче, дене башым чуңкурдун капталдарына урунуп барып, бир топто түбүнө топ этип түштүм. Чемоданым менен сумкам үстүмө кошо келип түштү. Денемдин ооруганына, бети-башымдын канаганына карабай тура калып өйдө жакты карасам, чамасы жети-сегиз метрдей бийик экен баамдадым, кудуктун терендигине кейибей, кайра карышкырданкутулганыма сүйүндүм. Мен кулап тушкон чуңкурдун тубунон, анын кырында тегеренип көзүн жылтыратып жүргөн карышкырды, асмандагы жылтылдаган жылдыздарды көрдүм. Карышкыр мага карай секиргенден корктубу же батына алган жокпу айтор, айланчыктап бир топко жүрдү. Бир аз эсиме келгенден кийин, вещмешогумда Германиядан трофейге алган бычагымды эстеп, дароо ошону алдым, эгер карышкыр үстүмө секирип түшсө, коргонгонго деген ой менен. Ошондо гана тегерегимди сыйпалап, суу чыкпай калган кудукка түшкөнүмдү билдим. Карышкыр жерге жарык кире баштаган кезге чейин кудукту айланып жүрүп көрүнбөй калды. Коркунуч карышкырдан экен, ал көрүнбөй калганда бир аз болсо да эсиме келип, ошондо ооруган жерлеримди билип, кудуктун ичин бир сыйра карап чыктым. Эң кыйын учурлар али астыда экенин билбей, карышкырдын көрүнбөй калганына сүйүнүп эс алып отуруп, чарчаганга көзүм илинип кетиптир.

Ойгонсом, кудуктун ичи жарык болуп, ѳзүм да жакшы эс алып, денеме күч кубат кирип, кѳӊүлүм кѳтѳрүлүп, бул кудуктан аман-эсен чыгып кетем деген ишеним бар эле. Анткени, ѳз жериме, элиме келдим, туулуп өскөн айылымдын иттеринин үргөнү угулуп турса деп ойлосом керек. Чынында кудуктун түбүндө эч нерсе угулбайт, жада калса учуп бара жатышкан канаттуулардын үнү да угулбай туңгуюкка кабылганымды ошол маалда сезбесем керек.

Күн шашке болгон маалда кудуктун ичин толук изилдеп чыгып, эмки маселе өтө чоң экенин билдим. Баары бир өзүмдү-өзүм сооротуп, ушунча жыл кан күйгөн согуштан аман келип, кол созсо туулган айылыма жетчү жерден жан беремби деп, ичимден туталанып жаттым. Жан деген таттуу болот экен да, ким эле өлгүсү келсин.

Биринчи күнү эч кандай коркуу сезими болгон жок. Баары бир чыгам деген ойдо болуп, эртеден кечке жардамга деп кыйкырып, жогору чыгууга аракетимди кылып жаттым. Кудуктун түбүнөн эки, эки жарым метрдей көтөрүлүп, кайра түбүнѳ кулап түшөм. Ал күнү катуу аракет кылып жатып, кечке маал алым кетип чарчап уктап кетиптирмин. Түшүмө өзүмдүн туулган үйүм, ата-энем, бир туугандарым кирип, мен алардын арасында эле жүрөм, бирок, алар мени байкашпайт. Ата, апа мен келдим, десем да мени көрүшмөк тургай үнүмдү да угушкан жок. Ойгонсом караңгы кирип калыптыр. Түшүмдү баштан аяк тизмектеп эстеп, абдан коркуп кеттим, мени көрбөй жатышса, өңүмдө дагы ушинтип көрүшпөй калабызбы деп, кайра өзүмдү сооротуп, апамдын сөзүн эстедим. Жаман түш көргөнүмдү апама айтып берсем, "түшүң түлкүнүн богу" — деп коёр эле. Түшкө эмнелер гана кирбейт. Менин минтип кыйналып жатканымдан болсо керек деп, сол жагымды карап түкүрүп койдум. Бул ырымды дагы апам колдончу.

Караңгы экенине карабай дагы чыкканга аракеттенип жаттым. Денемдин баары ооруп жанчылып калыптыр. Ал түнү канча аракет кылсам да, канчаүнүмдүн болушунча кыйкырсам да, караңгыда мындай кыйкырыкты кудуктун түбүнөн уккан адам деле кандай кабыл алмак. Кыйкыргандан пайда чыкпасына көзүм жеткенде эртеңкинин камын көрүп, өзүчө план түзө баштадым. Эртең эмнеден баштаарымды асмандагы жылдыздарды карап ойлонуп жатсам, бир дабыш угулгансыды. Дароо ордумдан туруп, жогору жакка үңүлө карап, тыңшап калдым. Байкасам кечеги карышкыр дагы келип, көзүн жылтыратып үстүмөн карап туруптур. Мына ошол убакта абдан коркуп кеттим да, жан далбастап бычагымды издей баштадым. Карбаластап жатып араң дегенде таптым. Кудуктун капталына тепкич жасаган жерде сайып койгон экенмин. Бычакты колума алганда гана кичине тынчый түштүм да, колумда куралым болгондон кийин, кел секир, сенден келгенди көрөйүн, ушул жерде териңди тескери сыйрырмын деп, өзүмө ишенип турдум. Карышкыр бир топко кудукту айланып, улам ылдый карап коюп, бир маалда көрүңбөй калды. Ал түнү кайра келген жок. Ошол түнү көпкө уктабай эмнегедир алгачкы ирет Зуураны кудуктун түбүндө ойлоп жаттым.

Мындай кырдаалга кабылам деп, үч уктасам түшүмө кирген эмес эле. Канча убакыттан бери сагынып жүргөн сүйүктүүмдү келип эле көрөм деп ойлогом. Бирок, жашоо биз ойлогондой болбойт тура. Экөөбүздүн госпиталдын тегерегинде өткөргөн күндөрдү, анын шыңгыр күлкүсүн, назик сүйлөгөнүн, ак жумал элесин, айтор бардыгын көз алдымдан тизмектеп өткөрүп жаттым. Ошол күндөр менин жашоомдогу эң бактылуу күндөрдөн экенин билдим. Чындыгында ата-энемден да, Зуураны көбүрөөк ойлоп жаттым. Ал дагы мендей сагынып жүрдү бекен? — деп коём. Эгерде мага оюу түз болбосо кат жазып, мага сүйүү сөздөрүн арнап, сөз бермек эмес. Мен аны беш колумдай билем деп, өзүмчө сүйлөп кыялдарым менен алпурушуп жаттым. Таттуу кыялга чөмүлүп жатып, кантип уктаганымды да билбей калыптырмын. Эртеси таң аткандан тартып, жардамга деп кыйкырып, кудуктун капталына дагы тепкич жасаганга аракет кылдым. Ал күнү да эч ким келген жок.

Ал кезде айылда жалаң абышка-кемпирлер, аялдар жана бели ката элек жаш балдар калышкан. Анда-санда согуштан инвалид болуп келген солдаттар, мына ошолор гана талаачылык иштерде иштебесе, мурункудай жабыла иштегендер жокко эсе го. Ошондон улам мен кулап түшкөн кудук жакка келген эч ким болгон жок.

Кийинки күнү да катуу аракет кылганым менен натыйжа болбой, чарчаганымдан катуу уктап кетипмин, бир маалда үстүмөн топурак, таш түшкөнүнөн ойгонуп кетсем, түн кирип калыптыр, баягы карышкырдын көзү өйдө жакта дагы жылтылдайт. Ал менин алымдын кетишин күтүп жатабы же тышка чыкса, кол салайын деп жаттыбы билбедим. Карышкырдын да мээси жетип жатса керек, эгер секирип түшсө, мени жегенден кийин кайра чыга албарын билип, бир топ тегеренип жүрүп көрүнбөй калды. Айтор менден түнкүсүн кабар алып жүрдү.

Төртүнчү күн дегенде вещмешогумдагы тамактарым канча үнѳмдөсөм да, эч нерсе калбаптыр. Ал күнү да жандалбастап кыйкырып жардамга чакырып жаттым. Бирок, күндөгүдөн үнүм начар чыгып калды. Бул ачкалыктын, суусап канымдын катканынын белгиси эле. Тепкич жасаганга да, анча алым келбей калды. Канча кылганы менен, адам баласынын жашого деген үмүтү, аракети үзүлбѳй тура. Чынын да эле кудуктун ичин үстүнѳн карасаӊ адам корко тургандай кѳрүнсѳ керек, бирок, мен карышкырдан качып келип кулаганымда, жанымын аман калганына сүйүнгѳн элем. Элибизде айтылып жүргѳн макалдай, “аӊгектен качсаӊ, дѳӊгѳккѳ” дегендей аягы эмне болуп бүтѳрү, ошол кезде оюмада келген жок болчу.

Мени ошол кудукка кулата кууган карышкыр, күндѳ караӊгы кирген кезде келип сак-сактап кѳз салып айланчыктап жүргѳнүн, кийинки күндѳрү аны күтчү болдум. Кудуктун кырына келип, мени карап кѳзүн жылтыратып турганы, мага караан болушун күтүп, ѳзүм да айла жоктон жалгыздыктан тажагандан кийин ошол карышкыр менен сүйлѳшкѳнгѳ аракет кылчы болдум. Канча кылганы менен, ал жырткыч болсо да жаныбар эмеспи. Мени ушул абалга алып келген да, кийинки күндѳрү эрмек болгон да карышкыр болду. Ал да бир кѳрүнүп коюп, жок болуп кетип, таӊга маал келип учурашкандай кѳзүн жылтыратып бир аз туруп кѳрүнбѳй калчы болду.

Ошол түнү, күндөгүдөн башкача кыйналып чыктым. Карышкыр келип кеткенден кийин гана кѳзүм илинип кетиптир. Анда деле жыргатып уктай албай, элдир-селдир болуп жатып уйкум деле канбагандай. Ойгонгонумда күн бир топ кѳтѳрүлүп калыптыр, тургум да келбей, турганга деле алым жоктой, оюума ар кандай ойлор келип, элиме-жериме келип ата-энемди, бир туугандарымды көрбөй, ушул кудуктун ичиңен чыга албай жарык дүйнө менен кош айтышып кетемби деп, катуу туталанып кудуктун түбүнѳн асманды карап жаттып, түндѳ кѳргѳн түшүмү эстедим. Түшүмдѳ Зуура баягысындай эле кабагым кашым дебей, ак халатчан госпиталдын ичинде, жаркылдап күлүп жүрөт.

Бул кѳргѳн түшүм мага кубат бердиби билбейм, туруп кудуктун капталдарын дагы бир сыйра карап чыгып, бычагым менен тепкич жасаганга кириштим. Алымын жоктугунан, тез эле чарчап, кудуктун капталына сүйѳнүп шалдырап олтуруп, түндѳ уктабаганга кѳзүм илинип кетипир. Ошол күну алымын жоктугунан, тепкич да жасай албай, жѳн да эс албай, элдир-селдир болуп жатып кечти киргиздим.

Кудукта жатканыма беш күн болуп калган. Алымдын кеткенин сураба. Эптеп жандалбастап дагы кудуктун капталдарын колум менен сыйпалап айланып чыктым да түбүнө олтуруп, кудуктун капталына башымды жөлөнүп, улам–улам жогору жакты карай берип мойнум ооруп кеткендиктен, башымды ѳйдѳ кылбай кудуктун бир жак капталына жолоп, бирок, кѳӊүлүм, оюмун баары жогору жакта болуп, жымыраган тынчтыкты тыңшап олтурсам, мурункудай эмес ар бир кагышы жай, алсыз гана өзүмдүн жүрөгүмдүн кагышын угуп, күндѳн–күнгѳ алсырап бара жатканымдын себебинен го деп ойлоп, жай болсода кагып турганына ыраазы болуп, ар бир кагышын санап, дагы канча күнгѳ чейин кагып турат болду экен деп ойлонуп тургам.

Бир маалда, жүрөгүмдүн кагышына окшобогон башкача дыбуш угулуп кетти. Бул дыбыш эмнегедир мага тааныштай сезилди, качан кайда укканымды эстей албай, кудуктун ичин бир ирет карап чыктым. Башымды кудуктун капталынан алсам угулбай калды. Адам баласы эл менен ачык асмандын алдында, ээн талаа, тоолордо, аккан өзөндөрдүн арасында өмүр сүрсө, көңүлү өсүп, жашоого үмүтү өсөт тура. Мага окшоп кудуктун түбүндө калсаң күн дебей, түн дебей төбөңөн бир аз гана асман көрүнүп, сени аңдыган карышкырдын жылтылдаган көзү түнкүсүн пайда болуп турса, анысы аз келгенсип, жээрге тамагың түгөнүп, ичер сууң жок болсо, жүрөгүңдүн сокконубу же тыштан угулуп жатабы деп, бул галлюцинация бы деген ой келет экен.

Бирок, эсимди жыйып башымды кудуктун капталына коюп тыңшасам, мага тааныш үн жакындап келаткандай сезилди. Тим эле кудуңдап, денеме жан киргендей туйлап алдым. Бул тааныш үн кудуктун капталынан угулганы менен, жогорудан чыгып жатканын даана билдим. Анан ал үндү эстедим, аттын туягынан чыгып жаткан экенин. Анын үстүнө эч кандай башка үн жок болсо жети-сегиз метр ылдый жакка жаңырып, даана угулуп турду.

Бүт күчүмдү жыйнап жардамга деп, алымдын барынча кыйкыра баштадым. Чын эле бул аттын туягынын үнү жакындап келе жатты. Бир убакта ат жакын келип токтоп, үстүнөн адам жерге түшкөндөй болду. Кудуктун четине чейин адамдын шилтеген кадамы жакындап келип, бир адам кудуктун түбүнө үңүлө карап, эч нерсе көрө албаганы, бир топ күндөн берисолдаттык формам, ѳзүм да топуракка аралашып, адамдык кейпим кетип калган го. Менин түрүм бул болсо, бул аз келгенсип, кудуктун түбү тышка караганда бир топ эле караӊгы болгондуктан, ылдый жакта адамдын үнүн укканы менен, кѳрѳ албай кудуктун кырына келип эӊкейип ылдый жакка үӊүлүп туруп калды. Мага ал даана көрүнѳрү менен, шашып дароо салам айтып жибердим. Ал мен көрбөгөнү менен, үнүмду угар замат чоочуп кетенчиктей түштү.

Ал адамды түшүнсө да болот, арбактай болуп жердин астынан эле бирөө салам айтып жатса, коркпогондо кантет.

Бир топтон кийин кудуктун кырынан башы көрүндү, бирок, баары бир мени кѳрѳ алган жок. Ошентсе да башын созуп: “Бул ким?” — деп сурады.

Ошону эле күтүп турган жаным, дароо эле аты жөнүмдү, Берлинге чейин согушуп барып келгенимди, кошуна айылдын кулуну экенимди, беш күн мурун, түндө карышкырдан качып келатып, ушул кудукка түшүп кеткенимди айттым. Айтор болгон окуяны божурап баарын түшүндүрдүм. Ал киши да ушул жердеги колхоздун башкармасы экенин, атын жөнүн, талааны кыдырып жүргөнүн, кудуктун кырына туруп айтып берди. Бир топ сүйлөшкөндөн кийин: “Азыр, аттын эрине байланган арканды алып келейин" — деп, бир аздан кийин аркан менен келип, бир учун мага таштады.

Ошентип, "байлан, тартып алайын, өзүң да аракет кыл" — деди. Мен ага: “Бир аз Германиядан ала келген ,бир аз ала келген белектерим бар, ошолорду чыгарыңыз, анан мени чыгарасыз, — деп, биринчи чемоданымды байлап, — тартыңыз, — дедим эле, ал киши араң тартып чыгарып:

— Берлиндин дүкөндөрүндө эч нерсе калтырбай алып келгенсиң го — деп, — Иничек, чемоданыңда эмне бар, деги зылдай оорго деп, — араң тартып чыгаргандан кийин.

Оюмда жаман эч нерсе жок эле:

— Берлиндин дүкөндөрүнөн ата-энеме, бир туугандарыма белек-бечкек ала келдим эле — дедим. Анан сумканы байладым, ал да бир топ салмактуу эле, эң артында вещмешогумду тартып алгандан кийин, эмнегедир бир топко көрүнбөй калып, анан кудуктун кырына келип, кайкалап турганына караганда ѳӊү да, сөзү да өзгөрүлгөнүн сездим.

Көрсө, көрүнбөй калганда чемоданды, сумканы ачып көрүп, ичиндеги белектерге көзү түшүп, ниети бузулуп, ошолорду менин өмүрүмөн жогору көрүп, “Кош бол, иничек, тагдыр сага өлүмдү өз элиңен буюруптур, бирок, сөзүңөкараганда согуштун башынана аягына чейин катышып, аман келипсиң согуш талаасында кудай сени колдоп жургон экен, эми кудай мени колдоп жатат), сенин ала келген дүнүйөңдү мага буйруптур”,— деп мени кудуктун түбүндѳ көзүмдү чакчайтып калтырып кете берди.

Күйбөгөн жерим күл болуп, кудуктун ичинде сыздап кала бердим. Адамдын дүнүйөгө ачкөздүгүнүн чеги жок экенин, башкарманын бул кылык жоругу дагы бир далили болду, адамдын өмүрүнөн ошол кийим-кечектерди жогору коюп, өз колу менен өлтүрүп кете бергенгебарабар болду. Ошондон баштап жашоого болгон үмүтүм даана өчө баштады. Көзүмө жаш тегеренип, тагдырдын буйругу ушундай болуп, кан кечкен согуштан аман-эсен элиме, жериме жетип, эми минтип ажалымды өз жеримде, ата-энемди, бир туугандарымды, сүйгөнүм Зуурамды көрбөй, жарык дүйнө менен коштошорума эми анык көзүм жетти. Баягы карышкыр түнкүсүн келип, кудуктун кырына келип туруп, тѳмѳн карай кѳзүн жылтылдатып караганын, жогорудан топурак, таштарды тѳмѳн карай түшүшү, анын мен келдим деген белгиси эле. Дагы эки түнмага келип көз салып жүрдү.

Кудуктун түбүндѳ жалгыздыктан тажап, алсырап кыйналып жаткандыктан анын мени сак–сактап келиши мага бир кубат бергендей. Менин ушундай абалга алып келгени да ал, ошол эле маалда жогоруда туруп мага караан болгонда ал. Бир аз тиктешип туруп ал кѳрүнбѳй калат, ошол маада мага бир нерсе жетишпенгендей болуп жалгызсырап, улам–улам жогору карайм. Аны издеп калганымды сезгендей кудуктун кырына келип, кѳзүн жылтыратып кудуктун түбүндѳ жаткан мени издегендей үӊүлѳ карап бир аз туруп, анан кѳрүнбѳй калат. Бир жакка барып келгендей, бир топтон кийин кайра кѳрүнүп, дагы бир топко тиктешип туруп калабыз. Анын жырткычтык сокур сезими, менин күдѳн–күнгѳ алымын кетип жатканын сезип, айланчыктатып кетирбей жаткандай. Түнү менен тѳрт–беш жолу келип мага кѳз салып, кудукту айланып жүрүп, таӊга маал кѳрүнбѳй калчы болду.

Кудуктан жогору чыгууга болгон акыркы үмүтүмдү, күндө келип көз салып жүргөн карышкыр эмес, адам баласы Германиядан ата–энеме, бир тугандарыма деп ала келген белектеримди менин өмүрүмдөн жогору баалап, өз колу менен өлтүрүп кеткенге тете болду.

Башкармага “бүт белектерди алыңыз, менин жанымды сактап калыңыз” деп айтканга да мүмкүнчүлүк бербей жөнөбөдүбү көтөрүнүп, мен ошол белектерди кудуктун түбүндѳ жатып тартып ала тургансып. Кудуктун ичинде жатып, акыркы мүмкүнчүлүгүмдү пайдаланып, дүнүйөгө кызыгып, ошол белектеримди менин өмүрүмөн бийик койгон башкарманын аты жөнүн, согушта пайдаланып жүргөн блокнотума, бир ротада кызмат кылган достордун адрестеринин этегине, немистердин химиялык карандашым менен, баарын кыскача, түшүнүктүү кылып жазып, Зуурага да ала келген белектерди өзгөчө бөлүп жазганга үлгүрүп, бул жарык дүйнө менен кош айтып кете бердим.

Көрсө, "кыңыр иш кырк жылда билинет"— деген кыргыздын макалы таамай айтылган экен. Бул иш, арадан жыл айланбай ачыкка чыгат. Кийинки жылдын күз айларында, баягы башкарма колхоздо иштеген эки кишиге: "Баланча деген талаада бир суу чыкпай калган кудук бар, ошону көмүп салгыла. Мал түшүп кетпесин деп”,— тапшырма берип жөнөтөт. Башкарма үчүн өткөн жыл, ага кыйноонун, азаптын жылына айналат. Ушунча кан кечкен согуштан, Берлинге чейин жетип, өз элине келген солдаттын ата-энесине, бир туугандарына ала келген белектерине көзү түшүп, аларды анын өмүрүнөн жогору баалап, көзүн жалдыратып кудуктун түбүнө таштап кете бергени, аны арбагы тынч уктаткан жок. Акыркы кездерде кудукта калган солдат түшүнө кирип, айласын кетирди. Бирөөгө айтайын дейт, айта албайт, айтса абийири ачылып калбайбы. Уйкудан безип, жинди адамдай болуп өзүнчө сүйлөнүп, түнкүсүн арак ичпей, уктай албай калган. Ошол себептен, кудукту көмүп изин жашырайын десе керек.

Башкарма жиберген эки киши, “бул эмне ушунча жылдан бери турган кудукту эми эле көмдүрүп жатат” — деп, таң калышып бир нерсени сезгендей болушат. Кудукка барышканда, үстүнөн караса эч нерсе көрүнбөйт. Аркан менен түшүп, эмне бар экенин билгилери келишет. Эригишпей айылга барышып аркан алып келишип, бирөөсү түшүп, ичинен солдаттын өлүгүн көрөт да, ошол замат милицияга кабар беришет. Бир заматтамилиция, прокурор, райкомдун биринчи секретары баш болуп, тегеректеги элдердин баары келип, солдатты алып чыгышат.

Төш чөнтөгүнүн бир жагынан военный билетин, экинчи жагынан блокнотун жана карандашын табышат. Жогорудагы айтылган окуянын баарын ушул блокноттон окушат. Военный билети менен дароо эле кошуна колхоздун баласы экенин билишет да, ата-энесине бул жаман кабарды угузушат.

Сарыгулдун ата-энеси акыркы, жакында барып калам деген катын алышканда сүйүнүшкөнүн айтпа. Бирок, баласы келбегенден кийин, акыркы алышкан катын көтөрүп райондун аскердик комиссариатка барышат. Акыркы келген каттагы аскердик бөлүкчөгө, аскер комиссариаты кат жүзүндө жиберген суроосуна, качан аскер бөлүкчөдөн демобилизация болгонун билдирген жооп келген. Бирок, Сарыгул келген жок, өзгөчө апасынын көз жашы төгүлүп, күтүп жүрүп оорукчан да болуп калат.

Ошол блокнотунун ичинен башкарманын аты-жөнү, ала келген белек-бечкектерин баарын тактап жазылганын, Зуурага да арнаган белектердин жазылып жүргөнүн окушат. Кийин башкарманын үйүн тинткенде жазылган белектердин көбү табылат.

Бул кайгылуу окуяны уккан элдин жашы, карысы дебей, көздөрүнө жаш алышып, өзгөчө ата-энесине кыйын тийет. Башкармага наалат айтпаган адамдар болбоптур. Башкарманы камаган эле түнү, милициянын камерасында асылып өлгөн денесин табышат, өзү асылып өлгөнбү же бирөө колдуу болдубу, аны эч ким билбей да, териштирбей да итке иттей өлүм дешип коюшту. Анын мындай акмакчылыгы, ач көздүгү, адамдын өмүрүнөн ошол белектерди жогору коюп, кудукка таштап кеткени бүт элге жексурун көрүнүп, жалаң өзү эмес, үй-бүлөсүнө да каргыш тийди көрүнөт. Үй-бүлөсү башкарманын өлүгүн мүрзөгө коюшпай, түндөп дайынсыз жакка качып кетишет. Сарыгулдун апасы, баласынын үйүнө бир кадам жетпей, адамдын ач көздүүгүнүн чеги жок экендигинен кудуктун ичинде калып көз жумганын көрүп, катуу оруп, көп өтпөй көз жумат. Кандай жамандык кылсаң, анын жообу кошо жүрѳрүн унутпашың керек экенин, бул окуя далилдеп берди окшойт.

Бул жерде адам баласынын карышкырдан да акыл эсинин жоктугунда, ач көздүгүндө болуп жатпайбы. Жогоруда карышкдын мээси жетип кудукка секирип түшүп, адамды жегеним менен кайра кантип чыгам деп, төмөн секирген эмес. Адам баласы дүнүйө дегенде, адам баласынын оюна келбегенкадамга барат турбайбызбы. Болбосо, ошол Германиядан келген кийим-кечелер анын жашоосуна устуң болуп бермек беле.

Байкуш Сарыгул жашоо менен коштошуп жаткандагы акыркы мүнөттөрү кандай болду экен? Аны айтпаса да баарыбызга белгилүүго. Ата-энесине, бир туугандарына жана сүйгөнү Зуурага жетпей калгандыгы абдан өкүңүчтүү. Аттиң арман дүйнө, жашоону биз ойлогондой куруп ала албайт экенбиз. Болбосо, өз жерине согуштан тирүү келип, адамдын ач көздүгүнөн өлүү, анын оюна да келмек тургай, түшүнө дагы кирген эмес чыгаар. Анын кыялдары жакшылыктан гана кабар берип турчу эле го. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла электе, эми жашоонун рахатын көрөөрдө, жашоого тойбой бозулан курагында кете берди.

Жырткыч жасабаган мыкаачылыкты, ач көз, дүнүйөкөр мыкаачы адамдын колунан бул жарык дүнүйѳ менен коштошту десек жаңылышпайбыз. Адамдан өткөн жырткыч жок деп бекеринен айтылган эмес экен. Балким, Сарыгулду тирүү алып чыкса, өз көңүлү менен деле ыраазычылык үчүн белектеринен бермек беле, ошону айттырбай көтөрө качып кетпедиби. Бул окуяны жазып отуруп, мен дагы өзүнчө туталынып, адамдын ач көздүгүнө чек жок экенине дагы бир ирет көзүм жетти. Бул окуяны окуган ар бир адамдын жүрөгүн эзет ко деп ойлом. Окуяны окуган баардык окурмандарда суроо жаралбай койбосо керек. Сарыгул чындап жашагысы келсе, сүйүүсүнө жеткиси келсе, белектердин баары сеники, мени аман алып чыксаң болду деген ою болсо да, аны айттырбай, укпай кетип олтурбайбы башкарма. Же айткан күндө да баары бир тигил башкармадан майнап чыкпаарын билди бекен? Айтор бардыгы бүдөмүк бойдон калган. Жетпей калган сүйүү, абдан баалуу болуп, ал армандуу махабатка айланып айтылып кала берет болсо керек. Ошондуктан, келгиле, замандаштар, мындай сапаттардан алыс, кичи пейил, адамкерчиликтүү, боорукер болууга ар бирибиз үйрөнөлү. Жогорудагы окуя баарыбызга аз да болсо, сабак болуп берээр деген үмүттөмүн.

 

© Абдынасыр Иманбеков

 


Количество просмотров: 974