Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Сагын Беркиналиева, 2018. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2020-жылдын 22-октябры

Сагын БЕРКИНАЛИЕВА

Күз

Ырлар

 

Күз

 

Дуулдап бороон болуп, кайпып өтүп,

Кулагыма шыбырайсың.

"Тынчтык болуп келемин", деп, сооротуп, мени алдайсың.

Белгисиз ун – кош канатым.

 

Сени ээрчип бара жаттым.

Көз жашым, кайгым жутуп,

Ызылдаган жалбырактар,

Мен сенден тажаганда.

 

Мен сүйүүсүз калганымда,

Бейкүнөө күндү  каргап,

Көздөрүмө  кирип күүгүм.

Тепселегим келет, күздү  тепселегим!

 

 

Сезим

 

Колу – бутум жипсиз буулуп,

Мен капаста жатам тумчугуп.

Сезимдерим, сен ыйлабачы,

Чыкпай калсаң ичтен буулугуп.

 

Жалгыздап болуп коюп бир бөлмөгө,

Ээрчитип азгырасын ээн чөлгө.

Сезимим сен чагымчыл өңдөнөсүң

Бузулган аял кылып куйөөмө.

 

Эркелетип, сылап коюп мандайыман,

Неге сен кызганасың балдарыман.

Айтчы деги, бактылуу кыласыңбы,

Же мени жинди кылып тынасыңбы?

 

Бишкек шары, 2018-ж.

 

© Сагын Беркиналиева

 


Количество просмотров: 640