Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Публицистика
© Асанбек Токтомушев

Асанбек Токтомушевич ТОКТОМУШЕВ

Академик жөнүндө студентинин эскерүүсү

окументалдык аңгеме)

 

Менин хирургия кесибине умтулуум элибиздин инсан уулу маркум академик И.К. Ахунбаевдин клиникасынан башталган. Бир эле кɵз ирмем: ал кишинин ооруларды кароо мезгилинде врачтар жанында толуп кетчү, биздей ушул кесиптин ээси болсом деп эӊсегендер палатанын эшигине жетип-жетпей тыӊшап турчу элек…

 

Дабагер деген түшүнүк адамды кош көңүл калтырбай, мааниси ыйык сезилет эмеспи элде. Бул кесип улуу философдордун оюнда исскуствонун бир бутагы катары кабыл алынат экен. Ой бекеринен болбосо керек. Исскуствого окшоп дайым чыгармачылыкты талап кылат тура дарыгерчилик. Тилекке каршы биз врачтар кээде бул мааниге көңүл коштук менен мамиле жасайбыз. Ошол себептен дарыгерлер жөнүндө жагымсыз макал — анегдоттор эл ичинде айтылып жүрөт. Чамамда, булардын пайда болушна өзүбүз эле күнөөлү болсок керек.

Врачтык кесиптин ичинен хирургияны тандап алышыма мен  өзүмөё кээде таң калыш менен карайм. Мединстуттан билим алып андан ары дарыгер болуп эмгектенсем деген максат мектепте окуп жүргөндө мындай ой тологоо жок эле. Кийин пайда болду. Алгачкы эле курста негедир менин хирургия сабагына көңүлүм түшө баштады. Кийин хирург болуп иштеп жүргөндө ыраматылык энем айтып калаар эле — ²э балам өзүң жашык болсоң, аның аз келгенсип мал мууздаган жерден канды кароого дитиң бара албай жаа бою качсаң, а кантип хирург болуп адамдарды операция жасап жазайсың?².

Менин хирургия кесибине алгачкы умтулуум элибиздин инсан уулу маркум академик И.К. Ахунбаевдин клиникасынан башталган. Кыргыздын патриарх хирургу тууралы, врач — жазарман калем ээлери атап кетиши  абзел. Бир эле көз ирмем: ал кишинин ооруларды кароо мезгилинде врачтар жанында толуп кетчү, биздей али көз ача элек ″жаш чилтендер″ палатанын эшигине жетип, ары кире албай тыша илегеде турчу элек. Академиктин бейтаптар менен сүлөшкөн сөзү, шакиртерине берген кеңештери бизге угулбай да калчу. Иса Коноевичтин жекече жүрүш-турушу, сын-сапаты, съры, албеттүүлүгү, кишиге кылган мамилеси өзүнчө эле керемет эле. Ал кишинин академиктиги, илимпоздордун жетекчисилиги, мамлекет ишмерлиги, негедир мага аздай көрүнчү. Кээде  ²И.К. Аханбаев ошол ыйык имараттын кудай берген  көзгө көрүнбөгөн жүргөн ээсиндей сезилчү…

 

… Үчүнчү курста окуп жүрөбүз. Теориялык билимдерден кутулуп эми бойубузду түздөп тээ алдыны карай врачтык чыйырга ишенимдүү бут шилтеп калган учур. Ар бир сыркоонун чой — жайын башыбыздан өткөрүп, ошол оорулар менен өзүбүз да ооруп, биринен сакай албай турганда экинчиси, үчүнчүсү жабышат, эми айтпа,  аягы "аман — эсен″ калып, медицинанын башка тармагына өтүп жүргөн мезгил. Дарыгер катары  алгачкы калыптануу баскычында мугалимдердин жеке эле билим берүү деңгээли орчундуу деп бир өңкөй кеп кылуу аздыкка турат окшойт. Бул жерде гармониялашкан гана сапат мөмөсүнө жетчүдөй го. Чын ыкыласы менен адистикке, кесипчиликке сүрөгөн адамдардын өзгөчө мамилеси байкалып эле калат тура. Алардын кайсыл бирин кумир көрүп ичиңен тилек кыласың. Мына ушундай агайларымдин бирөө академик Иса Ахунбаев бизге жалпы хирургия сабагынан эки жумада бир дарс окуйт эле. Лекция үчүнчү парда окулчу (саат 13 төн башталчу). Жаз мезгили, жылуу, айлана гүлгө толуп жашчылык делебеңди козгоп, ойуңду азгырып окуудан алагды кылат. Ушул учурда мемиреп лекция угуп олтурчу убакыт деле эмес эле. Бирок айла канча окуу деген окуу да. Чынын айтайын бул дарска билим үчүн эмес эле инсанга жакын олтуруп бир — бир жарым саат болсо да аны менен ой аркылуу дидарлашып кетсем деп келчү элем.

Ал киши залга кирип келгенде тапырап — тупурап туруп калышкан студенттерге карап колун жай көтөрүп олтургула деген ишарааты дагы эле болсо каректе. Бурчтары кырылып, аркы жагынан башбаккан боз картон кагазы көрүнгөн академиктин салмактуу борсойгон кара папкеси кафедранын четинен заматта орун алчу. Бул карды чедирейген папке илимпоздун ой-санаасын көп жылдар бойу камтып келатса керек деп ойлоп койоор элем, негедир буга көңүл бөлүп. Шашпай жайланышып алып, көзайнегин кайда салганын издеп бир топ убара болот чөнтөктөрүнөн издеп, аны таап алып өзүнчө күңгүрөнүп калат бирдемеге нааразы болгонсуп. Анан очкисинин төбөсүнөн карап туруп ″бүгүн көп келип калгансыңар го кудай жалгап″ деп сырлуу жылмайып башын чайкап койот. Андан ары залда тынчтыкты бузган гана академиктин үнү. Эненин көөнү балада баланын көөнү талаада дегендей студенттерге арналып даярдалган лекциянын максаты жетип жетпей кабыл алынса да академиктин ынтазарлуу, өтө берилүү менен окуган дарсынын пайдасын  кийин экзамен бергенде билдик. Мага ушул убакка дейре эсимде калганы бул — инсандын орусча сүйлөгөн сөзүндө кээ бир кыргыз тыбыштырынын орун алышы. Маселен, ″ноль, ноль пять″ деп кайсыл бир дарынын дозасын айтаарда ал киши — ″нөл, нөл пят″ дегени менин моокумум кандырчу кыргыз экениме ыраазы болуп.  

 

… Себепсиз сабак калтыруу деген сөз биз окуп жүргүндө жокко тете эле. Ага ниетенгендер окуу жайдан көп узабай эле кол үзүшчү. Институту бүтөөр жылдарда бир шылтоолор менен мен сабак калтырууга мажбур болуп калдым (ыпылас жумушка барган деле жокмун). Ошенткени менен  бир досумду бактылуу кылдым, арачы-жуучу болуп жүрүп аны сүйгөн кызына жеткирип. Сааттай болуп аным байкабастан эки жумага сосулуп кетпеспи. Балекет басты деканат, кафедра башчалары, куратор, сабак берген мугалимдерим менин мындай сабакка кылган мамилеме кандай чара көрүштү күн тартибине койушту. Анын үстүнө жалган да справка жаздырып алгам. Анымды текшере келгенде айыбым аштай төгүлдү. Атың чыкпаса  жер өрттө дегендей уу-чуу болуп белгисиздиктен дароо эле ″белгилүү″ студенттерден болуп бадырайып чыга келдим. Маселе менин академиялык отпускам жөнүндө болуп калды. Институту таштасамбы деген ой да пайда болду, кылыгыман уялып  Ошондо бир сабак берген эжебиз менин кыжаалатымды сезип калып өзүмчө чыкырып алып көп акыл сөздөрүн айтты. Мен дагы болгон ымандай сырымды ачык айтып бердим. Эже негедир сөз киришин эмнегедир Ахунбаевден баштады. Сөз Иса Коноевич иштеп жүргөн мезгилдерден болду. Ал адамдын ошол кыргыз студенттерине кылган кызматы, түшүнбөгөндү түшүндүрүп, жамандыгын жашырбай көзүнө айтып, алардын оңолуусун талап кылып,  жакшылыгын сүрөгөн инсан эле дейт эже. Өзгөчө окуу жайды таштап кетем дегендер менен кадимки жакын кишисиндей мамиледе сүйлөшүп иштин аныгын билип, болгон акыл-насаатын айтып окууну улантууга мажбурлайт эле. Ушул эженин айтылган сөздөрү  мени  намысыма келтирип зачет, экзамендеримди убагы болбосо да кийинчерээк тапшырип   курсту аяктадым. Азыр ойлойм: эженин ошол  Иса Коноевичтин өрнөгүн мисал кылышы мага таасирлүү күч берип кризистен чыгууга жол ачты. Кийин ал инсандын турмуштун ар кандай кыянаттыктарына калгандарга жардам бергендердиги ошол кишилердин өз ооздорунан да уккам. Мындай академиктин педагогдук иши катсыз деле муундан муунга ооз эки калганы ушул эмей эмне?

…″Болот кантип курчуду″ деген  Н. Островскийдин китебинин негизи сюжети бул — эмне болбосун, кандай болбосун адамдын көздөгөн максатына жетүү. Алдыда тар жол тар капчыгай болсо да ушул духта тарбияланган советтик жаштардын кай бирөөлөрү көксөгөн мүдөөсүнө жеткисти. Адам-заттын турмушу менен байланышкан проблемаларды жойуу, жеке эле ал эмес аны жакшыртканга көмөктөшүү дайым эле ишке аша бербейт тура. Ан үчүн табият берген өзгөчө шыкка ширетилген адамдын тынымсыз умтулуусу, өчпөгөн деми, фанаттык мүнөзү керек экен. Бул сапаттар кээде астык кылат, керек болсо максатка жетүү үчүн жол тоскондордун ″алка-жакасынан кармап туруп жамбашка салып чаап алуудан″ кайра тартпас керек. Эмне алар азбы чекеден эле чыгат: көрө албастык, кыңыр иштер, тоскоолдук, алаксы кылуу, куйтулук. Буларга туруштук берип, ойлогон ойун ишке ашырыш оңойлукка турбаса керек илимпоз инсанга. Бир америкалык белгилүү актер, — "жаш улгайган сайын алдыңдан урган шамаал катуулайт"— дегендей академиктин да "шамаалдары" оңойчулукка турбаса керек. Мындайда табият берген дарамет менен акылга сугарылган өжөрлүк гана жемишин берет тура. Эчтекеге карабай жолундагы тоскоолдуктарды жеңип олтуруп региондо биринчилерден болуп кан-тамыр жана жүрөк хмрургиясын ачты. Бул өз элине жасаган эмгеги эрдиги.  

Окумуштуулар кошунунда Иса Коноевичтин кээ бир атырылып сүйлөгөнү ачык эле пикир келишпестиктердин жышанасы билинип турчу ал киши тараптан. Мүнөзүн билгендер сүйлөгөн сөзүнө кой-ай дегендер деле аз болчу деп улуу муундагы агайлар айтып калышаар эле.   Орчундуу жерлерде мындай таамай айтып, ташка тамга баскандай сүйлөгөн кыргыз окумуштуулар 50-60 жылдары өтө эле аз тура. Ошол гана адам мезгилинде Орто-Азияда биринчилерден болуп көп профилдүү хирургиялык клиника менен биргелешкен эксперименталдык Борбор түзмөк деп эл арасында айтылып жүрөт. Кейиштүүсү бечара кыргыз элине  залкардын түпкү ой-максаты буйурбаптыр. 

Мейли той-тамашадабы же официалдуу жыйындарда болобу сөздү тааамай айтып анын маанисин эрикпей чечмелеп, кээде түшүнбөгөндөргө кичүү улуусуна карабай бек чечкиндүү айткандардын угуп калдык. Менин бир курсташым — профессордун баласы бала кезиндеги профессор Ахунбаев менен байланышкан кызыктуу эпизотторду айтып калчу эле. Ошол кезде чогуу иштешкендер ымалалаш бир топ болушуп, чыкырышып үйлөрүнө тамак ичишчү экен. Жородо ал киши ушунчалык көңүлдүү олтуруп кызыктуу окуяларды айтып күлдүрүп, ырдап да берчү экен. Алигиден бир топ алгандан кийин талаш-тартышуу кезегин алып кээде таарынычтар менен кече аякталчу экен. Ошондо Иса Коноевич караңгы түнүнө карабай үйүнө жалгыз кетчү экен байбичесин ээчитип алып. Ал кездеги хулигандар колдон талашкан учур болчу, дейт групалашым. Таң калабыз, ал киши күчүнө ишенчиби, же коркуу деген түшүнүк болбос керек деп айтып калаар эле көргөндөр

…Москвада Бүткүлсоюздук онкология илим-изилдөө борборудан стажировка өтүп жүргөн кезим. Бош убакыт жок. Кадидаттык диссертация, ооруларды карап аларды операцияга даярдоо, библиотека, илимий конференцияларга катышу, макала жазуу деги койчу күн кандай өткөнүн байкабай да каласың. Ошентип күйпүл-ала болуп жүргөндө бир окуя эсимде. Бул Борбого келээрден мурун өзүбүздө үч жылдык хирургдук стаж, андан кийинки эки жылдык ординатура мени аз да болсо көзүмдү ачып татаал эмес операцияларды өз алдымча жасап жүргөм. Өзүмдү түзүк эле көрсөтсөм керек ошого байланыштуу бул жердеги врачтардын, менин илимий жетекчимдин  ишеничине кирип калгам. Өзүм да шартка ылайыкташып калдым.

Кезектеги түнкү дарыгер күзөтүндөмүн киникада. Баары тынчтай болуп эле көрүнөт. Бирок бир бейтап кыйналгансып турду. Ичим катып ооруйт дейт. Оорулуу бир күн мурун табарсыгына операция жазалган. Дарыгерине телефон чалсам ″ал кечээ эле операция болгон, ооруйт да″ деп менин чочулоомо этибар албай койду. Түнкү саат тогузда ооруга барып карасам жылыш жок тескерисинче оору күчөп курсактын оң капталы да кол тийгизбей калыптыр. Аппедицитге окшоп турат деп тийешелүү анализдерди алдырдым. Алардын жыйынтыктары чын эле менин ойумду тастыктагандай болуп турат. Клиниканын улуу дежур врачын  чыккырттым. Анык айтканга ал да дабасы келбеди окшойт. Кеңешип туруп ургентный* профессорду чыккырттык. Түн жарымында консультацияга профессор Н.В. Андросовду үйүнөн чакырттык. Ал киши келип бул курч мүнөздө өтүүчү аппендицит деп тезинен операция жасоого буйрук берди. Операция аяктагыча карап турду. Кичине убакытты создуктурганда сокур ичеги жарылып ооруну күчөтүп, перитонитке алып келмек экен деген жыйынтыкка келдик. Операциядан чыккандан кийин "вот кто такой наш Фрунзенцы*" деп мени москвалык хирургдун көзүнчө сүрөп койгону мага аябагандай дем берди. Кетип баратып мага жылуу карап туруп проблемалар болсо келип тур деп кол алышып чыгып кетти.

Бир жолу иш тууралуу профессорго келсем ал киши бирөөлөр менен телефон аркылуу сүйлөшүп жаткан учур экен, мени көрүп колун жаңсап ырайымдуу жылмайып колу менен жаңсап олтур, күт дегендей ишараат кылды. Улагадагы отургучка көчүк бастым уялыңкы. Профессордун бөлмөсү өзүнчө бир башкача ирээтелип буюмдары орду орду менен койулган. Оор, көп бөлүнчөктөрү бар китеп шкафы бөлмөнүн бир капталын жаап турат. Полкалардын ортосунда асемделип койулган эки сүрөтткө көзүм түштү. Көрүп чочуп кеттим. Биринчиси кадимки эле биздин И.К. Ахунбаев, экинчиси ушул эле онкологиялык Борбордун деректири, Ленин сыйлыгынын лауреаты, академии Н.Н. Блохин. Оозумду жапкычаа профессор колу менен жаңсап, берилеп жакын отур дегендей теке маңдайындагы жумшак креслону көрсөттү.  Телефондон далайга дейре сүйлөштү.  Анан мага кайрылып "как дела земляк" деп мага жакынчылык мамиледе суроо узатты. Эрикпей менин чой-жайымды укту улум-улам шыңгыраган телефонго жооп берип жатып. Диссертацияң бүтсө түз эле мага кел секретарыма бекер бастырып берем дегенге дейре барды. Мен бул кишиде балпактаган кээ бир кыргыздын мүнөзү бар экендигим негедир жүрөгүм сезди. Бекеринен академик Ахунбаевден тарбия албаптыр деп койдум өзүмчө сыймыктанып. Көрсө кыргызстандык профессор Андросовдун кандидаттык диссертациясы академик Ахунбаевтин  кол алдында жакталыптыр.

Август 1989 жыл.

 

Почтили память учителя

По инициативе учеников Тыналиева М.Т. – ведущих урологов страны – в национальном центре хирургии прошла научно-практическая конференция, посвященная их учителю, смыслом жизни которого было оказание помощи больному человеку. По этому случаю были приглашены его коллеги, соратники и друзья, в том числе главные урологи Узбекистана и Казахстана. Сколько теплых, волнующих слов было сказано о профессоре. Демонстрировали даже короткометражный фильм о жизнедеятельности мэтра. По признанию ученых соседних стран, монография Тыналиева ″Мочекаменная болезнь″ остается настольной книгой урологов и хирургов стран Содружества. Государственная премия (1990 г.), полученная за этот труд, была заслуженной. Фундаментальность данного исследования признана и ведущими урологами мира. Главный уролог Узбекистана профессор Гайбуллаева по значимости работ Тыналиева поставил его в один ряд с такими культовыми урологами, как Лопаткин из Москвы, Мухтаров – из Ташкента, Джарбусунов – из Алматы.

Я же помню его, когда он был еще ассистентом кафедры. Вел занятия настолько фанатично, что мы порой думали, неужели этот молодой преподаватель хочет всех нас, без исключения, сделать урологами? Был строг, особенно к тем студентам, которые относились к учебе легкомысленно. Безупречный строгий стиль в одежде подчеркивал его характер.

…Будучи кандидатом медицинских наук по онкологической урологии, я решил перейти на педагогическую работу, на кафедру урологии нашего родного мединститута, возглавляемую профессором Тыналиевым Медин Тыналиевичем. Он сказал мне по-братски: ″Асанбек, ты единственный дипломированный специалист в республике, имеешь  ученый степень кандидата наук по онкоурологии, мы от тебя ждем многое, полученные во Всесоюзном онкологическом научном центре знания должны реализоваться рационально″. В тот момент я его не понял, наоборот, обиделся и ушел. На той встрече Медин Тыналиевич по большому счету определил мою судьбу. За что я благодарен учителю.

 

Октябрь 1987 г.

 


Количество просмотров: 584