Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Публицистика
© Асанбек Токтомушев, 2020. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2020-жылдын 11-декабры

Асанбек Токтомушевич ТОКТОМУШЕВ

Неберемдин жомогу

Менин Сайкал деген неберем бар. Зээндүү. Орус класстан окуп жатып кыргыз мектепке которушкан, чоң энес кийлигишип жатып. Айтмакчы, чоң энеси ардагер мугалим. Өзүңүстөргө белгилүү педагогдордун балдары окууга ынтазар болушат эмеспи. Неберем орусча менен кыргызчаны кошуп сүйлөп бизди күлдүрөт. Дагы бөлөк кыскача аңгемер…

 

Биздин үйгө ай-сайын көчүп келишет төрт неберем. Биз айылда турабыз. Бул өзүнчө эле чоң майрам. Далистеги «тапичкелердин» төө бастысын көрүп кубанасың. Сайкал 5-6 кластарда окуган мезгил. Келген сайын мага атайын арнап жомок, аңгеме даярдап келет. Угуп кадимкидей каниет алып ыраазы болуп калам.  Жаңыларды угам эскилерди эстейм. Менин куйма кулак экенимди бала болсо да байкап калыптыр. Адатындай элден бөлүп алып жомокко кириштик. – Илгээри бир Есен деген абышка, Нарын дарыясынын боюнда балык кармап отурса бир карп түшүп калып, абышкага жалооруп кайрылат. Мен өзүмчө ойлоп калдым: баягы Пушкиндин жомогу көрүнөт, а эмне үчүн каармандардын аттар өзгөрүлүп кеткен,  деп ойлоно түшүп: Мен да куудулдана: аа-а, баягы менин кошунам Есен жөнүндөй айтып жатасыңбы, деп каймана айтып күлдүрмөккө кызыма кайрылдым сөзүн жарып. Кызым ушундай пафос менен айтып жатып муну угуп токтоп калды. Кечирим сурап аягына дейре айтуусун сурандым. Өзүм да «сүткө тийген итке» окшоп копол сезип калдым. Эртеси кызым — бир укканымды айтайынбы, деп кичине ойлонуп калды. Таяата, мени бир сырлуу карап: бул элдик уламыш! деп койду сөөмөйүн кезеп. Жалкып калган окшойт, «бул чал дагы бир класташын же таанышын айтып мээни чагабы десе керек…

Радио берүүдөгү бир эпизод.

Айтылуу радионун культ кабарчысы болгон Орокчиев, 60-70 жылдар болсо керек бир белгиүү адабиятчы илимпоз инсандан Манас тууралуу кызыктуу интервю алып жатат. Суроо: Манаста айтылып жүрөт үч аял алган деп, буга кандай карайсыз. Бул чынбы же төгүнбү деп, тарихий чыгармаларды тастыктай албайбыз, бирок Сагындаевдин вариатында айтылып кетилет экен. Ошондой айтылганы чындык. Манас Каныкейден башка эки аял алыптып дешет. Акыркы аялын аларында атасы Жакыпка барат имиш бул тууралуу. – «Мурунку аялдарды өзүм билип алдым эле, эми Сиздин сөздү угайын», деп алдынан өтүнүптүр дейт. «Анда эмес ошол эле Каныкейдин айланасында жүрүшөн бир подрушкасын тандап ал» деп Жакып кан совет* берет дейт… Радиодо кандай айтылса ошондой ошондой жазыылды.

 ______

* Совет — Жакып аксакалды туурагандагым.

 

Асанбек Токтомушев

2020 август


Количество просмотров: 596