Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Котормолор
© Котормосу Айдарбек Сарманбетов, 2021. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2021-жылдын 12-февралы
Зура
(аңгеме)
Шактуу, дүпүйгөн бактын ичке бутактарынын биринде кашка чымчык чебелектеп жатты. Ал чайпалып, уча качып, кайрадан бутакка келип конуп, секирип, бутакка асыла калып, кайтадан чайпала кетип, ойноп жатты. Көп жолу ошентти. Кара топучан ал паранда жем тапканбы, же жөн эле ойноп жаттыбы ким билсин, ал жаш неме жылуу желге, жашыл жалбырактардын дирилдегине, жаркыраган күнгө кубанып жаткандай. Зура москвалык кашка чымчыкка карап жылмайып, өзүнүн бала чагын, жаштыгын эстеп кубанычка батып турду. Кыштын бүткөнүнө, кардын эрип кеткенине да сүйүнүп жатты. Эми тоңуп калган музду зуңкуйган лом темирге ширетилген балта менен жиниккенче чапкылагандан кутулду. Кара жолго кар эриткич да чачпайт, жалбырактар болсо текши ачылып, бутактарга бекем асылып, эми жерге иретсиз чачылбайт.
Зура бутактардын арасында машакаттанган кашка чымчыктан көз албайт, бутак да аны эркелетип жаткандай. Жок, ал бутак эмес болчу! Жылан! Узун, оролуп алган бутагындай жоон, даракка ширелишип, оюнкараак, бейкапар чымчыкты тутуп алууга камданып алган. Ал жылан алда качан, кудум Айжанын алгач көргөн күнү жолуктуруп, өлтүрүп салган жыланга окшош болчу. Айжан так ушул кашка чымчык сыңары кенедей, чыйыр жолдо амалсыз катып турган, килейген кара чаар жылан болсо оролушуп, кол салууга даярданып калган. Зура талаадагы отоодон келаткан болчу, антпесе мугалимдин жалгыз айлыгына жашоо кыйын эмеспи. Ал, кыйчалыш абалды дароо түшүнө салып, жыланды кетмен менен өлтүрө чапкан эле. Анан кызды узатып барган. Экөө ошентип таанышкан болчу. Жок, бутакта жылан жок экен. Ошондой көрүнүп кеткен тура.
Орустар өз тилине ылайыктап Зура деп атап алышкан Зарлык, короону шыпырып бүтүп, тегеректеги аракечтер ыргытып кетишкен бөтөлкөлөрдү чогултуп, “24 саат” деген дүкөндүн жанындагы темир жашикке алпарып салды. Ар кай жерге чачылган тамекинин калдыктарын терип, таштанды салгычка салды да, тегерегине көз жүгүртө кетти. Чөптөр өсүп калыптыр. Жашыл, ширелүү көрүнгөнү менен алар Кыргызстандагы, өз үйүндөгүдөй эмес. Чымчыктар дүр-р эте учуп жөнөштү. Зура аларды элес алчы эмес. Көргөнү, эрте турушкан кишилердин үйлөрүнөн ашыга чыгып, кээси уйкулуу,чалынып-чулунган балдарын жемелеп, машинелерине шашыла түшүп, бири жай айдап чыкса, кээлери шашыла көздөн кайым болушчу. Узак күн ошентип башталчы. Олтуруп, мектептериндеги, бала бакчаларындагы же кеңселериндеги жумуштарында ардеме менен алпурушуп, чоң акчаны азыр же кийин табуу тууралуу ойлонуша турган. Кичинелери чоңойгондо, билим алгандан кийин табам дешчи. Алыс, жакынкы акчаны ойлогон алар Зураны байкашчы эмес, ал болсо чоң үйдүн жанына туруп алып айланага жарык түшө баштаганына көз бага турган. Капысынан көздү карыктыра жаркыратып, түнкү жол жүрүүдөн эси ооп келген айдоочунун машинасы чыга калды. Зура андан секире качып, жыгылып кала жаздады, аңгыча баарына жан кирип, дымып жаткандар кыбырашып, шуулдап, ал күндүн чыгып келатканын түшүнө койду. Күн караңгылыктын артынан жирей чыгып, аны таркатып, асманды, шаарды, үй, бактарды жарыкка бөлөп жиберди.
Мындай ойгонууну Зура жактыра турган. Ал тургай самап, күтүүчү. Күтмөк тургай ашыга эңсеп турчу. Таң азанда туруп алып жумуштарын бүтүрө салчы да, алгачкы нурларды күтүп калуучу. Жаңы жашоону күткөн сымал. Табигаттын тирилүүсү керемет эле! Бул сөздү Зура ушул жерде, Москвада анык сезе билди. Өзүнө аябай жакты. Албетте, ал сөздү өзгөлөр уккудай үн чыгарып айтканга болбойт, аны түшүнүшпөйт, же акылынан айнып баратса керек деп ойлоп калышмак. Ичинен болсо ошентип дайыма кайталай берчү. Музга тамган тамчыдай таза, түнкү ызгаарда аткан алгачкы нурдай аруу болчу. Зура мусулман делгени менен кудайга деле анча ишене берчи эмес, көпчүлүк көзүнчө дин туткансып коё турган. Башкалардан өзгөчөлөнгүсү келчи эмес. Дээрлик барлыгы ошентише турган, бирок анысын ачык айтып, кантип актанып олтурмак элең.
Дүкөндүн айланасын тазалаганга кошумча акы төлөшчү. Түнкүсүн ичкилик сатууга дүкөнгө уруксат берилген эмес, жасалмасына ого бетер. Дүкөнчүлөрдүн болсо дайыма эле жашырып, артын тазалап турганга чамасы кайдан келсин, андайга дал Зурадай адам керек болчу. Түнт, жөн билги ал мындай ишке аябай эптүү эле. Иш болсо оор эмес. Үстөк төлөп да кереги жок. Баарыбир ал короону тазалап турмак, бирок дүкөнчүлөр тобокелге барышкан жок. Ал эми Зурага болсо жумасына жүз сомдон ашык акча же мөөнөтү өтүп кетсе да ага сатып алчы арзан тамак-аш артыкбаш болмок беле.
«Бүгүн таңкыга менин айчүрөгүм эмне бышырды болду экен?— деп ойлоду Зура.— Жумуртканы болсо кечээ кууруп берген, Айжан бир тамакты эки ирет удаа жасабайт эмеспи».
Зура аялын эстеп, кудум күндү же кашка чымчыкты караганындай жүлжүйүп, өзүнчө жылмайып алды.
— Байкушум, бул жакка келгичекти кандай гана күнгө чыдабады.— Зура эмнеге аялын эстей койгонун өзү да билген жок. Ошентсе да анын ойлору мындан он, он эки жылдай артка жылып кетти. Качан экенин тактап, эсептеп олтурмак беле.
Өзүнүн Кыргызстанында жашоо оор, алтургай коркунучтуу да болуп кеткен. Улам бир чек арада жол буулуп, жаңжалдар от алып, согуш чыгып кетчидей тирешип, кайсыл бир жерде эркектерди өлгүчө таяктап, аялдарды зордуктап, ичин жарып, балдарды белгисиз тарапка алып барып, сатып жатыптыр деген имиштер тарап кетти. Ошондой кезде Зура биротоло чыгынды. Өзү үчүн корккон жок. Жети жаштагы баласы үчүн коркту. Ал, киши саткычтар үчүн ылайыктуу куракта болчу. Жанынан артык көргөн баласын кескилеп, керектүү жерлерин байларга сатып жиберерин ойлогондо коркпогондо кантмек эле. Бөйрөк, жүрөк керек дегендер көп болчу. Бул коркунуч аны кайда барса ээрчип, жай алдырбады.
Бышык киши эмеспи, ал бир кездеги айылдын жалгыз мугалими болгон атасынан көргөнүндөй баракты бөлө чийип, керектүүлөрүн тизмеледи да оң тарабына чоң кошуу коюп, сол жагына өтө зарыл эместеринин тушуна кемитүү коюп чыкты. Эки тарабы теңчамал чыкты. Айылдашы, кызынын үйлөнүү тоюна келген алыскы туугандарынын бири Россияда, тагыраагы Москвада жакшы акча тапса болоорун айтып калды. Өзүңө да үйүңө да жетет дейт. Короо шыпыргыч кылуу колумдан келет деп опурулду. Айткан жумушу оор деле эмес экен. Таң эрте короону шыпырып, айткан жерин сырдап, тазалап, ар кай жерге чачылган таштандыларды терип туруп, көрсөткөн челекке алып барып салып койсоң болду, бош экенсиң. Башка жерден кошумча иш таап алууга да болот дейт. Ким бирөөлөргө айткандарын алып келип берип, бир нерселерин сыртка чыгарып дегендей. Эң башкысы, жашаганга жай табуу керек экен. Аны да тапса болот дейт. Чоң үйлөрдүн жертөлөсүндө жашоого ылайыкташкан бөлмөлөр болот экен. Албетте, өзүнө окшогондорго. Суусу, жарыгы, алтургай жуунганга душу да бар дейт. Тамак жасап, жуунуп, кирлерин да жууп алууга болот экен. Аялына да иш табыларына ишендирди. Эң башкысы, чоңуна жаксаң болду. Бөтөнчө аймактык милиционер менен масерге. Алардын айтканын аткарсаң болду. Маянаң кечиксе да чуулдап кереги жок. Калганы деле ошондой. Иши кылып, бул жердегиден акчасы көп.
Улуу баласы алыскы Москвага баруудан баш тартты. Эр жетип калыптыр, өз алдынча болуп. Анын үстүнө аялы да кош бойлуу болуп, алыскы, тобокелдүү жакка баруу да чынында эле опурталдуу болчу. Бул жакта эч кандай согуш деле боло койбостур, кайсыл бир моджахеди же башка балээси келип калса эл көргөндү көрө жатарбыз, андай деле боло койбостур эми деп койду. Колхоздор таратылганда үлүшкө тийген азыноолак малды, жерди карап, аларды карап, иштеткенге жалгыз эле жарайм дейт. Бир нерсе болуп кетсе аялынын төркүндөрү деле жардам бербей четте карап турушмак беле. “Эгер,— деди тун уулу,- Москвадан акча чогултуп калсаңар тракторду да оңдоп алууга боло эле.”— деп, бүтүм чыгарып койду.
Зурага эмнегедир трактор тууралуу сөзү бөтөнчө жагып калды. Оюнда ал эмитеден эле алыскы Москвада болуп, акча таап, аларды долларга алмаштырып, баласына жөнөтүп жатты. Колхоздун башкармасынан металлоломго чыгарылган эски немени күлкү келерлик арзан баага сатып алган “Беларусу” жапжаңыдай оңдолуп, баласы экөө кезектеше өзүлөрүнүн үлүшкө тийген үч гектер жерин, аны бүткөндөн кийин башка кишилердин жерин да айдап берип, акча таап жүрүшкөнүн элестетип кетти. Башында коңшулардын жерин ижарага алып, кийин биротоло сатып да алышмак. Анан чоң там салышып, бардыгы сонун, жыргал болмок.
Тууганы мейманчылап бүткөн соң ага кошулуп жөнөп калышты. Ал баарын жакшы билет экен, ансыз кантип жетишмек, белгисиз. Зура аялы экөө көп машакат тартып, жакшы эле коога тартышты. Тууганы аларга эки баштык берип, көздүн карегиндей, өз жаныңардан да артык сактагыла деген. Анткени, аларда афган апийими бар экен. Эгерде андан айрылышса, экөөнү тең союп салышмак. Союшпаса да, “счётчикке” коюп коюшат экен, анысы өлтүргөндөн да жаман. Зуранын чүкөдөй, үндөбөс кашка чымчыктай болгон аялы андан баштыктарды алып, өзүнүн белбоосуна кошо тигип туруп курчанып алды. Албетте, алгач ал ууларды ичке полиэтилен баштыкчага салып, ысык үтүк менен жалпайта үтүктөдү да белбоого шыкай батырды. Аялдан айла качып кутулбайт деген чын, Айжандын халатынын ичиндеги юбкасынын алдынан курчанган белбоо эч билинбей калды. Зура анысын жактырбай, талашканы менен аялы коркунучтуу баштыктарды кайра берген жок. Эгер кармалып калса кичинекей баласы менен эч нерсе деле кыла алышпайт, жазалашса да анча оор болбойт, кармала турган болсо баарыбызга тең эле жаман болот деп, кеп жебеди. Баарыбир, баштыксыз алар азапка батышары белгилүү. Баары жакшы болуп аяктады. Атайын көндүргөн ити, башкалары да алдынан чыкпады. Түн ичинде Москвага жетпей түшүп калышты да тууганын күтүп жаткан “УАЗикке” олтурушту да кете беришти. Ошол жерден үтүрөйүшкөн чоочун кишилерге баштыктарын өткөрүп беришти. Тигилер болсо аларды токойду аралатып, анан саздан өтүп, дагы бир топ жерди кыдыртышты. Акырында, бош, ээн аялдаманын бирине түшүрүп салышты. Көздөгөн жерге алып бара турган автобусту бир топ күтүп, акыры барар жерине араң жетишти. Чынында эле тууганынын Москвада тааныштары көп экен. Зарлыктарды таштап салбай, өзү иштеген жердин бөлүм башчысына түз эле ээричитип барды. Ага жакынкы базардан сатып алган мейиз, жаңгак, түркүн чыгыш даамдары салынган баштыкты берди да, Зураларды ишке алууну өтүндү. Башчы аларга бош орун жок экенин, келгиндердин толуп кетишкенин айтканда Зуранын шаабайы сууй түштү. “Эмне, бул жакка баарына кайыл болуп, башын сайып, анын апийимин жеткирүү үчүн эле келдик беле” деп, кучунашы кармай кетти. Бирок, тууганы беттегенинен кайткан жок, башчынын алдында Зарлык менен аялы экөөнүн тең эмгекчилдигин, тил алчаактыгын, жокко чыдамкайлыгын, аларга көп деле нерсенин кереги жоктугун божурап, мактап кирди.
— Билбейм, силерди кантем эми, — деп, башчы жибимиш эте баштады.
Тууганы болсо мактоосун токтотподу.
Зарлык да аны ырастап жатты. Башчы андан эмне колунан келерин сурап, ойлонуп, акыры аргасы кете:
— Болуптур. Штатка алайын. Азырынча эки айга гана, калганын көрө жатарбыз. Айлыгыңды өзүм беремин. Сен мындан нары Зура болосуң, — деп, болбогон акчаны айтты. Анчаны Зура айылында деле таап алмак.
— Жашагандарына жай бересизби? — Тууганы башчынын кебине кыпчыла кетти,— Жардам бериңиз?
— Жай болот. Бирок, светине, суусуна дегендердин баарына өз маалында төлөш керек болот.
Тууганы оор дем алып, өзүнчө сүйлөндү:
— Аялы, баласы менен бул акчага жашай алышпайт го. Жетпейт.
Башчы ага сурдана карады:
— Аялы пол жууганды билеби? Аны да кире бериштерди жууганга убактылуу ала турайын. — деп, мурда айткан акчасын эки эселеди.— Болобу?
Тууганы менен Зарлык шашыла баш ийкеп жиберишти.
Башчы Зарлык-Зураны жайгаштырганы алып келген жайда мурда келемиш чычкандар эле жашашса керек. Айжандын көздөрү ыйлап жиберчидей жашылданып кетти. Ал, күйөөсүнүн калбааттыгына катуу ишене турган, айткандарына лам дебей макул болчу. Бул ирет ал жүрөк түшкүдөй үңүрөйгөн кепени көрүп, чоң үйгө көнүп калган баласынын бул тар жерде кантип баш калкалаарын билбей маң боло түштү. Күйөөсүнүн бул кир, чириген жайга кантип алып келгенин түшүнө албай турду. Жакшы деп азгырган жашоосу ушул беле?!
Башчы аялдын ындыны өчүп, амалы куруп турган көздөрүн көрө салып, жан тарта кетти көрүнөт. “Жок, бул жерде болойт. Жакшы жер бар”— деп алып, бурулуп жөнөдү.
Беш мүнөт өтпөй алар башка жертөлөгө киришти. Кенен, таза, жарык да экен.
— Бул жерде мурда сүрөтчүлөр узанышчу. Кеткендерине аз эле болду,— деди башчы, — Азыр, дагы бирөөнө берилгичекти жашап тургула. Кийин дагы жакшыраагын караштырабыз.
Башчы ачкычтарды түз эле Зарлыкка карматты. Анан ал тууганына кайрылып “Зураны аялы менен саат сегизде ДЭЗге алып келесиң”— деп, катуу тапшырды, мастерине тааныштырат экен.
— Силерди мастерге табыштаймын, бүгүн болсо жайгашып алгыла.
Тууганы аны узатып барып-келди да Зарлыкка жайгаша берүүнү, бул жерден эч кайда чыкпоону бекем табыштады да кайрадан чыгып кетти. Көп өтпөй чоочун кишилер келе башташты, алар өз – кыргыздар болчу. Алардын ар бири керебет, калдайган диванды көтөрүп, чубаша келишти да кайрадан чыгып кетип жатышты. Кеч киргенде үйдүн ичине эмеректер коюлуп, киши жашай тургандай болуп калды. Көп өтпөй тууганы азык-түлүктөргө толгон баштыгын көтөрүп кирип келди. Тез эле күндүз келгендер кайрадан чогулушуп, үстөлдү тегеректей олтуруп, таанышып, кээ бири кучакташып да киришти. Зарлыктын санаасы азга болсо да тына түштү. Ой-санаасы тынчыбай, жаңы көргөн хердештеринин аттарын да эстеп кала албады. Айтылган сөздөрдүн бардыгы эле бирдей, бирге бололу, ошентсек баарын жеңебиз дегенге такалып жатты. Өз кишилерди эч качан сатпа, алдаба деген акыл-насааттар айтылды: ошентсе баары жакшы болот. Башкаларды мейли, албетте пайда чыга турган болсо байкаштыр. Зарлыктын бирөөнү алдайын деген эч ойу жок болчу, атасы андайга үйрөткөн эмес. Өзү да балдарына антип айтчы эмес. Ошенткен менен ал айтылып жаткандарга каршы болгон жок, баарына макул дегенсип, башын ийкегилей берди. Ал күнү аялы экөө көп нерселерди угуп, билишти. Отуруштун соңунда тууганы меймандарга көз ымдап, тамеки тартууну сунуштап калды. Баары кубанып, аны колдой кетишти. Бардыгына бирден тамеки карматып, тууганы Зарлыкка бербей, аттатып кетти. Ал, таарынмакчы болуп, тигилер тарта баштаганда жытынан түшүнө койду – наша тартып жатышыптыр. Таарынычы таркап кетти.
Акыры жердештер жай-жайына тарап кетишкен соң тууганы алардын кимиси кандай экенин айтып берди. Мага кармансаң тез эле тирденесиң деди ал, наша тууралуу жан аттууга оозанба деп катуу эскертти. Анан бир тутам акча берип, жол болуп калса мындан он-жыйырма эсе көп аларын кулагына шыбырады. Жайдын ичине көз жүгүртүп, жактырбагандай башын чайкады да бул жерде алар көпкө турбасын айтты. Андан көрө тезирээк бош жертөлө караштыра бергин, бирок анда суусу, жылуулук түтүктөрү болсун деди. Эң башкысы бекем, темир эшиги менен болушу керек. Ошентип айтты да сырдуу көз кысып, күлүп койду: “Анын маанисин кийин айтам”.
Тууганы сөзүн бүтүп, чыгып кетти. Зарлык менен Айжандын жаңы жашоосу ошентип башталды.
Андан бери көп жыл өткөнү менен ал, жаңы келишкен күнү эмнегедир бүгүн эсине түштү. Күйпүлүктөгөн кашка чымчыкка карап, ышкырып койду да таңкы тамагын ичкени жөнөдү.
Мастер аял күнүгө короо шыпыргычтарды, пол жуугучтарды жана алар өңдүү жумушчуларды кеңсенин алдындагы аянтчага чогултуучу. Таңкы сегизден кечикпей келүү баарыга милдет болчу. Дал сегизде алардыкы менен бардык мастерлер менен башка башчылардын да иш бөлүштүрүүчү жыйыны өтчү. Ал башталарга беш мүнөт калганда Наталья Владимировна келип, сыртынан көз салып кете турган. Жедеп баамчыл, көнүп бүткөн көздөрү менен сынаакы карап, кимдин бар-жогун байкачы да каалгасын ачып, кирип кетчи. Жайкысын жылуу болчу. Жалбырактар шуулдап, чымчыктар чыркылдашып турар эле. Кышкысын суукта бир саат, кээде андан да көп туруу тозок эле. Кишилер өз ара күңкүлдөшүп, эси жок катынды сөгүп, кыйноосуна жиндери келишкени менен бардыгы эле кечигип калбайын деп саал эртерээк чогулушчу. Анткени, кечигип калсаң – штраф. Ошондуктан, күтпөскө аргалары жок.
ДЭЗдин кире беришинеги мамыга жарым жылдай мурда көз салгыч камера орнотушкан. Анын “көзүнө түшкөндөрдүн” баары кеңседеги компьютерге жазылып туруучу. Мастер катын аларды күнүгө карап, же тапшырманы айтканындай жасабагандарга же жаман сүйлөгөндөргө штраф салат деп айтышчы. Адаттагы штраф – миң рубль. Жаман сүйлөгөндөргө үч, кээде беш миңден. Беш миңдик өтө сейрек салынчы. Ал салынса – жумуштан айдалдың дей бер.
Мастер, участканын башчысы алгач айткан айлыктан эки эсе көп төлөй турган. Жашаганга жай да берүүчү. Анын акысын маянадан кармап алуучу. Ал жайлар жертөлөдө болуучу. Эски дивандар менен керебетке жатышчу. Аларды мурда жашагандар тээ илгери эле таштанды катары сыртка чыгарып салышканда мурдагы короо шыпыргычтар оңдоп, түздөп алып кирип коюшкан. Столдор, олтургучтар, муздаткычтар менен телевизорлор да ошол жактан алып келинген болчу. Ал “эмеректерге” да мастер катын ижара акысын кармап алчы. Тамакты электроплиткада бышыра турушкан. Электрдин акысы да сөзсүз кармалып алынчы. Түтүгү тешилген суу аккычы бар душ да бар болчу. Тар, караңгы бурч. Анын кир, шыбактары түшкөн, көк жыттанып, дубалдагы эски сыры небак сыйрылып бүткөн абалына мышык ыйларлык. Алгач түтүктөн саргыч, сасыган, даттын муздак суусу көпкө чейин акчу да, анан гана жылуу суу чыга турган. Абада чирик жыт дайыма уюп турчу. Ал жакка эч кимдин киргиси келчи эмес. Суу үчүн да мастер акча кармак калчу.
Ал жумасына бир ирет текшерип келе турган. Кыйкырып, узакка урушчу. Кир чочколор, борбор шаарда да өзүңөрдүн кепеңердей кир жашайсыңар, баарын чиритип бүттүңөр, тазалыкты билбейсиңер деп эле кыйкырып жатчы. Бардык жерди таракандар менен кенелер басып кетиптир, баарыңарды кууп чыгам деп жинденет. Ушундай айбансыңар, эчтеме колуңардан келбейт, чуркистаныңардан ала келген балакетиңердин баарын өзүм дихлофос, башка дарыларды сатып келип тазалап, курутамын деп албууттанат. Таракандарды жоготууга акча чогултуп алат да жолуна түшөт.
Кээде жума күнү, кечке жуук участковой келет. Жашаган жерге катталганын — пропискаларды сурайт. Жашоочулар паспорттору мастер аялда экенин айтып, актанышат, тигил болсо кыйкырынып, экинчи кайта келгис кылып баарын айдап жиберерин, дем алыш күнү миграция кызматы иштебесин, кимисинин кимдигин аныктоого чейин маймылканага камап саларын айтып опузалайт. Бизди айдай көрбө деп жалдырашып, акча беришет. Тигил “силерди шайтан алсын, менин боорукердигимден пайдаланып азырынча жашай бегиле. Бирок чычкандардай дымыңарды чыгарбагыла. Эч кандай тартипти бузбагыла! Сыртка чыгуучу болбогула!”деп, катуу зекийт. Кээде ал кыйкырып, өкүрбөй эле акчаны алып, кетип калчы.
Дүйшөмбү күнкү жыйында Наталья Владимировна тигилердин участковойго акча беришкенин жактырбай, күңкүлдөп алчы. Менин бергеним деле ага жетишип жатпайбы, карды жарылат го деген болуп.
Көпчүлүк болсо улутунушуп, баштарын ийкегилеп, анын участковойго эч кандай акча бербегенин билип турушса да унчугушпай олтура беришчи. Милийсанын бөлмөсүндө экөөнүн эмне кылышарын да жакшы билишчү. Пол жуугуч өзбек аял алардын кылыгын көрүп, жашыруун айтып берген. Бирок, үндөшчү эмес. Алардан калган азыноолак акча тамак-ашка, анан алыскы мекенине салып жибергенге өп-чап жетчи. Алардын жиберген долларлары тигил жакта жакшы акча болуп, алыскы Россияны жомоктогудай бай өлкө санаша турган. Бул жакта иштеп жаткандарды алар аябай жолдуу, жыргап жүргөндөй көрүшчү.
Зураны мастер аял жактырып, сыйлай турган. Айлыгын да башкаларга караганда көбүрөөк төлөчү. Айжанга да ошентчи. Зура болсо жума күндөрү Наталья Владимировнага азыноолак белек берчү. Аздан, бирок ар дайым. Мисалы, бир жумага жеткидей картошкасын алып барып дегендей. Же жашылчалардын башкасынан ошентчи. Зурага ал оор эмес болчу, аялга болсо дүкөнгө барып, ташынып жүрбөйт. Адатта Зура аларды сатып алууга акча коротпойт, “24 сааттан” алуучу да. Айжан болсо мастердин батиринин полун жууп, чаңдарын сүртүп берип турат. Алары үчүн мастер дем алыш күндөрү эрди-катынды жумушка салбайт, экөө өз иштери менен алектенип же эс алышчы.
Зуралардын таза жертөлөдө жашагандарына беш жыл болуп калды. Ал жертөлөнү өзү тапкан. Андай жертөлөрдүн бардыгын жабууга буйрук берилгенде жетекчилери калың, оор темир эшиктерди жасатышты да ширетүүчүгө эки короо шыпыргычты кошуп берип, жертөлөгө койдуруп, бекитип салышкан. Биротоло. Башкы инженер айткандай: “эч бир ит мурдун сала албагыдай” эле болду. Зура да ал иштерге аралашып жүрүп кургак жертөлөнү байкап калды. Ширеткич экөө ээн калганда андан Зура суранып, алдамчы каалга жасатып алды. Ага илме кулпу салынганы менен аны ыргыта чапса да каалга ачылбай турган. Анткени, ал ичинен бекитилчи. Зура өзү гана ача алгыдай куу бекиткич жасатып алды. Жертөлө тамдын жарымынан да ашып, узун болчу. Анын кире беришине Зура эч тийген жок, тескерисинче жертөлөнүн ичинен чыгарылган таштандыларды, эски, дат баскан калай чатырдын кесиндилерин, тактайлардын сыныктарын башаламан таштап, толтуруп салды. Башчылары мындай ыпылас, уранды жерге адам кантип жашамак эле деп, ал жерде кайсыл бир ишти жасатууну же аны ижарага берүү тууралуу ойлоп да коюшкан жок. Ошондон улам Зура ал жертөлөдө жашоого алардан уруксат сураганда эч кими каршы болгон жок. Көздөн далдаа, ынанымдуу болсун үчүн ал кире бериши тушка эски диван, стол койдуруп, аларды өңү небак өчүп калган чүпүрөктүн айрыктары менен жаап койду. Ошентип, жакыр, эптеп эле баш калкалап жаткан бир байкуштай көрүндү. Андан нары, караңгыда көрүнө бербеген эшиктин ары жагында болсо накта “хан сарайы” бар эле. Дубалына кооз туш кагаздарды чаптап, суу киргизип, ваннасын орнотуп, ажаткана менен жууна турган жайын да киргизип алган болчу. Ырас, муздак-ысык суу, таштанды түтүктөрү жанынан өтчү. Аба соруп-тазалагыч, желдеткичи да бар эле. Ошентип, кенен, жылуу, бардык ыңгайы бар батирге ээ болду да калды.
Үйдүн жашоочулары жаңы эмерек алышканда тилалчаак короо шыпыргычка кайрылышып, андан эски эмеректерин таштандыга чыгарып салууну суранышып, ал үчүн акча да берише турган. Ошентип, үйүнүн ичи жарашыктуу эмеректерге, чет өлкөлүк муздаткычка, телевизорго өзү эле толуп калды.
Көп өтпөй кичүү уулу он төрткө чыкты. Анысы үй-бүлөнүн чыныгы сүймөнчүгү болчу. Бала акылдуу, чымыр жана боорукер чыкты. Зура аны орус, кыргыз тилдерине бирдей үйрөтүп, арифметика баштаган өзү билген билимдерине окутту. Баласы кичинесинен эле китепке жакын эле. Ар кандай китептерди болсо үйдүн тургундары көп ыргытышчу. Айрыкча, карыган ата-энелери, жакындары каза болуп калган үйдүн жаңы ээлери алгач эле китептерди батирден сыртка чыгарып салууну көп өтүнүшчү. Аларды эч керексиз, орун ээлегенден башка пайдасы жок таштанды санашса керек. Китептерди Зура жертөлөгө ташып келип коё турган, аларды кичинекей Күлчоросу, орустар айткандай Коля, алып, барактап, окуй берчи.
Бир жолу тилалчаак короо шыпыргычты карыган профессор каза болуп калгандан кийин үйдүн ичиндегилердин баарын сыртка чыгарып салууну суранышты. Мураскорлору батирди сатабыз деп чечишкен экен, аны оңдоп-түзөгөндө ичиндеги оокаттар жолтоо кылбасын дешиптир. Зура алардын жакшыраактарын өзүнө ташып алды. Эмеректерин оңдоп, жакшыртып дегендей алектенип жатып эменден жасалган эски шкафты ажыратып киргенинде жашыруун, катылган кагазарды таап алды. Көрүнүшүнө караганда алар байыркы жазуулар көрүнөт. Жука дептер да бар экен, кыязы аларга профессор бул, эски кол жазмалар тууралуу жазса керек. Зура эмнегедир эч кимге, жадагалса аялына да табылгалары жөнүндө ооз ачкан жок. Качан үйдө эч ким жок, жалгыз калганында кагаздарды карап кирди да, бул дептер өзүнөн да эски, байыркы китептердин тизмеси экенин түшүндү. Профессор дептерге китептеги жазуулардын ар кай жерлерин окуп, которуп, чечмелеп жазган көрүнөт. Анын өзү да бир канча жолу көргөн сүрөт тууралуу жазылган жазууну которгонбу, же өз ой-божомолдорун айтканбы, бир барагындагы жазуулар Зураны катуу таң калтырды. Анда аарынын же чымындын жарык терезенин айнегине урунуп, учуп кете албай анда жөрмөлөп жүргөнү жазылыптыр. Жанындагы эле ачык терезенин көзүн – форточканы да, сыртты тоскон айнекти да көрбөйт. Анын көздөрү үчүн айнек – бош, ачык мейкиндик, болгону андан канткенде да учуп өтүүнү гана самайт. Анын көздөрү ошондой “көрбөс” жаралган.
“Мышык окшош”,— деп ойлоду Зура. “Телевизорду көрүп турат да анда эмне болуп жатканын көрбөйт, билбейт, жада калса анда бөлөк мышык менен чычкандарды көрсөтүп жатса да ошентет. Адам деле ошондой экен го, дүйнөдө эмнелер болуп жаткандардын көбүн көрө албайт. Ар кай жерди сүзгүлөп, чыгып кетчи жерди издеген менен аны таба албай кыйноо тартып жүрө берет. Айрымдары гана капысынан белгисиз, сыйкырдуу дүйнөнүн эшигин таап, чыгып кете алат”— деп жазылыптыр кагазда.
“Чын эле,— деп ойлонду Зура жазуулар жөнүндө,— адам айнекти көрөт да аны аары же чымын өңдүү сүзүп албайт, терезе эшикти ачып, наркы тарабына өтүп кетет. Бирок, кайсылдыр башка нерсени көрө албайт, ал, көзгө көрүнбөгөн нерсе жанында эле, кайдадыр бир жакка эшик ачып, каяккадыр алып бармак. Балким ал бакыттын жолудур?”
Ал тууралуу профессор дептерге жазыптыр. Адамдын көзүнүн көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген жана ал бардыгын эле көрө албайт, эгерде ал көрө алса көптөгөн эшиктерге жана мейкиндиктерге кирип, чыга алмак! Бирок аларды кантип көрүүгө болот? Кантип табуу керек? Көрүнбөс жана белгисиз нерсени көрүү үчүн эмне кылуу керек? Аарынын көрүүдөн башка нектарды табуу кудурети бар, ит көрө албаганын жыт аркылуу таба алат. Андай сырлар көп. Демек, адам баласы өзүнүн көп нерсени таанып-билүү жөндөмүн өнүктүрүшү керек. Ал үчүн эң алгач мээсин машыктыруусу керек.
Кол жазмадагы айнек тууралуу жазууларды окуп, Зура таңданып алды. “Эмне, айнек ошончолук эле байыркы нерсе беле?”— деп ойлонду. Бирок, эски жазууларда слюда же ага окшош башка нерсе жөнүндө жазылса керек, профессор аны айнек деп которгон чыгар деп боолгоп койду.
Байыркы жазуулар фарсы тилинде жазылыптыр. Зарлык Кыргызстандан болсо да ал тилде окуп, түшүнө алуучу. Ага Тажикстанда көп жыл жашап келген атасы үйрөткөн. Ал жакта университетте бүтүрүп, жаш кезинде археологоялык экспедицияларга катышып, акча табуучу. Ал жактагы жашоосу жөнүндө атасы кичинекей Зарлыкка көп айтып берчү. Фарсыча окуп, жазганды да үйрөткөн. Кийин ал жакта Зарлык да окуп, атасы сыңары экспедицияларга да катышкан болчу. Студенттик жатаканаларда жашагандардын көпчүлүгү тажиктер болчу, ошондон улам бир жыл өтпөй эле ал тажикчени мыкты билип, аны баары тажик деп ойлоп калышкан. Албетте, көп жылдар аралыгында көп нерсе унутулуп калды дечи, бирок, ал барактарды аңтарып жатып көбүн тез эле эстей алды. Байыркы жазуулардан ал кантип адамды гипнозго батырууну, ооруларын аныктоону, дарылоону которуп, окуду. Ага баарынан да көзгө көрүнбөс жолдорду көрүүнү үйрөнүү ыкмалары жазылган барактарды окуп, түшүнүү өзүнө арбап жатты. Адамдардын көзү үчүн жабык мейкиндиктерге канткенде кирүүгө болот? Профессор жазуулардан “көзү ачылуунун” дарыларын, аларды ичүү өлчөмдөрүн тапканы менен дептерге кайсыл бир дарылардын аттарын, кошулмаларды чечмелей албай койгонун өкүнүү менен жазыптыр. Мурдагы ыкмаларды да толук түшүнө албай коюптур. Зура болсо аларды тез эле которуп ала койду, аларды бала кезинен эле биле турган. Калгандарын да кыйналбай эле билип алды.
Акыры, ал керектүү дарылардын бардыгын толук таап, аларды ичүү менен денени, жанды тазалоого жетишип, башка көнүгүүлөрдү да так аткарып жүрдү. Ал үчүн тамактан баш тартуу оор деле эмес болчу. Ачкалыкты унутуу үчүн ал, жазмаларда айтылгандай таң эртеде жана кечкурун көрсөтүлгөн көнүгүүлөрдү ашыкпай жасап, өзүнүн тилин чайнай турган. Кыязы, тилде азык боло турган бактериялар же тамак сыяктуу заттар дайыма пайда болуп турат окшойт деп ойлоду Зура-Зарлык. Даана тамактан түшкө жетпей, анан кеч киргенде таза балдан кичине кашык менен бирди оозго салып, аны шашылбай соруп, артынан таза суу ичип коюу жетиштүү болчу. Сууну каалаганча иче берүүгө болот экен, ал эми дарыларды балдан кийин гана. Зура өзүнүн ахыбалына көз салып жүрдү, ага кээде керемет башталып калгандай сезилип, бирок ал абалы өтүп кетип кадыресе эле ойлоп, кадимки жашоого өтчү.
Жакында уулунун он төрт жашка чыгарын Зура ойлоп коёт. Ал, Күлчоронун Интернети бар адеми телефонду самап жүргөнүн билип, ага аны белек кылууну мурдатан эле ойлоштуруп койгон. Смартфон делсе керек эле. Чоң экраны бар. Эки симкалуу, бири менен Кыргызстандагы агасына, башка туугандарына чыгып, экинчиси менен өзү, Москва менен сүйлөшө алгыдай. Арыдан бери болуп, ырас, ошол учурда короодогу үч батирден терезелерин алмаштырып, алардын эски кашектерин, терезенин такталарын, дагы башкаларын алмаштырып, короого чыгарып салууга бир учурда тапшырык келип калды. Аларды таштанды челектерге ыргытууга уруксат берилбейт. Ал үчүн кымбат контейнер чакыруу керек болчу. Ошондуктан Зурага кайрылып жатышпайбы. Зура аларды жарым баасына эле жасап берди. Ал, акчаны ошентип чогултчу. Жолдуу болгон Зура таңкы тамактан кийин барып телефонду сатып алат да баласына белек кылат. Анан үй-бүлө туулган күндү майрамдашат да кечинде үйүнө, Кыргызстанга жол тартышат. Зура небак эле белеттерди алып койгон. Эрте камынганы жакшы болгон экен. Вагондун ортосундагы жакшы орундар алыныптыр. Купе вагону болчу. Төмөн жагынан экөө, Күлчорого жогорку орун. Улуу баласы алар жөнөткөн акчага тракторуна жаңы мотор сатып алып аны орнотконун, калган тетиктерин да алмаштырганын, үлүш жерди айдап, үрөн сээп салганын айтып телефон чалды. Эми кошуналардыкын да айдап берсе болот. Албетте, акчага. Күзүндө ремонтуна жумшаган акчанын көбүн актап алат. Тууганынын жардамы менен Москвада жетиштүү акча чогултуп алганына Зарлык сүйүнүп, Күлчоронун күзүндө университетке тапшыруусуна мүмкүн болгонуна кубанып жатты.
Балким жолу болуп калса азыр же жакын арада көзү ачылат да бактысына алып барчы жол табылат, же айылдагы үйүнө кыска жол таап ал жакка поезд менен узак жол тартып олтурбай бир аттам менен эле үйүнүн жанында боло алат. Батинкесиндеги чаңды сүрттү да аларды чечип, кире бериштеги килемчеде калтырып нары өттү. Тааныш жыт бурр этип, чоңоюр калышкан неберелерин көрдү. Баласын кучактады...
Мунун баары таңкы нанүштөгө бара жаткан жолдо Зуранын эсинде жаңырыктап, айтылып жатты. Ал, жагымдуу ойлорго, жолу болгонуна жылмайды. Өзүнүн Кыргызстанына баратканында ар кандай артыкбаш көр-жерлерди алуунун кереги жоктугун ойлонду. Керектүү, кымбаттарды гана алуу керек. Акчаларды болсо улуу баласына жөнөтүп жиберген жана ал алган. Бардыгы жайында. Азыр болсо таңкы таагы алдында бир аз жатып, эс алып алуусу керек.
Бир жумадан кийин тургундар адам чыдагыс сасык жыттын чыгып жатканы үчүн ЖЭКке арызданышты. Адар өлүктү таап, полиция чакырышты. Участковойлор жетип келишти. Алардын жашыраагы тамекисин күйгүзүп:
— Мен аны тааныймын.— деди,— Бул, короо шыпыргыч Зура. Анын жарым жылдай мурда баласын өлтүрүп салышкан. Жөндөн жөн эле. Капысынан кабылып калган. Көчөдөгү баңгичилерге “доза” керек болгон, балада болсо акчасы да, баалуу эч нерсеси да жок болгон, ошондон жинденип, өлтүрүшкөн болчу. Баланы да, бул короо шыпыргычтын аялын да өлтүрүп салышкан. Ал байкуш, баласына болушса керек. Ошондон кийин бул, Зура, кендир чеге баштаган болчу. Ошондон күйүп кетти. Жарым жылда эле...
— Койсоңчу,— деди андан улуурагы,— нашадан киши өлбөйт. Күйүтү болсо керек. Карачы, кандай арык. Денеси сасыганы менен шишиген эмес. Жарым жылда соолуп калганынын жөнү башкада. Күйүттөн да эмес. Сен аны көптөн бери билчи белең?
— Бир жарым жылдай болсо керек, балким андан да көппү... Үй-бүлөсү менен Кыргызстанынан бул жакка акча тапканы келишкенен бери билчимин...
Которгон Айдарбек Сарманбетов
Количество просмотров: 900 |