Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Асанбек Токтомушев, 2012. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2021-жылдын 15-марты

Асанбек Токтомушевич ТОКТОМУШЕВ

Жакшынын шарапаты

(Тамаша чыны аралаш)

 

Дамир бир барпалаңдаса, тим элеби чаңын сапырып иет. Ак көңүлдүк менен жасаган мамилеге анан деле эби жок эрийт. Тырышмайы да бар болбогон жерден. Анткени менен кишиге жамандыгы жок, шамшаркыт иш жасагандан алыс. Жакшылык кылса, өзүнчө култуңдап көңүлү көтөрүлөт. Эңкейгенге эңкеет, төбөсү жерге тийгиче, а эми чыртыйганга болсо өзүлөрүнө жараша эле мамиле  кылат, ма демектен чаап алса да…

 

Жарашса, жарашпаса да, түз жүргөнгө аракеттенет. Куудулдук да жагы бар. Дамир мырза мага бир башынан өткөргөн  окуяларын айтып берди эригип отурганда. Сөзүн минтип баштады: 

Совет доорунда жашап, окуган окууларым түзүк болуп, дээримде барбы деп калдым, ар кайсыл советтик-партия жумушуна иштедим жашыман. Мезгилге карата иш болду. Жалындуу комсомол болуп да күйүп көрдүм. Институтту бүтүргөндөн кийин ишти так аткарган партия кызматкеринин вазийпасын аткарып, андан сыйлыктарды алууга да жетиштим.

…Чүй обулусунун бир алдыңкы районунда, башкы жетекчи болбосом да, маселе чечүчү жооптуу чиновниктик кызматкер болуп иштеп турам. Союз таркайын деп турган учур. Мамлекеттин суверинитети жаңы эле жарыяланды. Бирок эски мамлекеттин структурасы дагы эле өз ишинде. Жаңы түзүлүш кагаз гана жүзүндө. Капитализмге кайсыл ыптабыз менен киребиз деп маң болуп турабыз. Турмуш аны күтчүбү, өз нугу менен агат да. Бирок баягы советчилдик өз ара мамилелер баягындай эле. Кылчактап да турган учур, «ай эмне болуп кетээр экен», деп. 

Райондун иши да биякка тартсаң, тиякка, тиякка тартсаң биякка жыгылып, эски жоболор алдан тайып, жаңылыры жашап кетилери элдир-селдир болуп турган учур. Маданият кызматкерлерине, спортчуларга, врачтарга,  деги эле мамлекеттин алаканын карагандардын, баары болбосо да, көбүнө мүшкүл түштү. Турак-жай мына-мына алам дегендердин үмүттөрү таш капты. Учурунда биздин райондун адамдарына кудай жалгап бир пайдам тийди. Чынды калпты койгулаштырып туруп, тарыхый мекендерине кетип аткан немистердин  тамдарын алып бердик (зордугу жок) кээ бирөөлөрүнө. Антпесе өз көмөчүнө күл тарткандар көбөйүп, эмгек кылгандар далдада кала башташкан учур эле. Ошолордун ичинде дүйнөгө белгилүү инсан, чебер мушкер Орузбек Назаров да бар эле.

Кыргызстан өзүнчө түтүн булатканын билишип, туш-туштан кол суна баштаган мамлекеттер да көбөйө баштады. Кошуна Кытай мамлекети биздин суверинитетти таанып, ″кошуна тынч, жан тынч″ дегендей мамиледе иш жүргүзө башташты. Кылымдардан бери бири-бирин жеришип келген эки эл  мээримдүү карашып калышты, натыйжада  карым-катнаштар кеңири жолго коюлганы билине баштады. Көрсө, жакшы эле кошуна турбайбызбы. «Беш кол тең эмес» − дегендей жакшылары тим эле карын бөлөдөй мамиле кылышып, жан-алакеттен өтүшүп, чын көңүлдөрү менен досторчо иш кылып киришти. Мындайды көргөндө кыргыз эзилип эле калат эмеспи, коюндагы котур    чүкөнү кой-ай дегенге болбой ээлигип, ыргытам эле, ыргытам деп.

Бир курдай Улуттук академиядан бизге расмий өтүнүч менен кайрылып калышты. Кайрылуунун мааниси мындай экен: «Биздеги алдыңкы чарба болгон өндүрүш бирикмесинин иштерин Кытай академиясынын окумуштуу адистери көрмөк болушат. Бул жагынан эки жактын кызматташуусу күтүлүптүр». Чынында ал кезде биздин чарбада аш десе, ашты, иш десе ишти мыктап жасачу күч бар эле, калп айткан менен болобу. Колубузда бар. «Итке мине» элекпиз, кээ бир райондорга караганда. Көп узабай коноктор да келип калышты. Кытайлык окумуштууларга чарбада болгон жетишкендиктерди көрсөттүк. Кетип атышып биздин меймандостугубузду өзгөчө белгилеп кетишти.

Союз жуп үзүлүп кетем деп турганда акыркы жакшылыктарын көрүп калууга үлгүрдүм. Кыргызстандыктарга деп атайын районубузга чакыруу келип калыптыр бир адамга. ″Эл дипломатиясы″ деген ат менен мурунку союздун мүчөлөрүнөн өкүлдөр бир чоң топ болуп эки чет мамлекетке барып ″советтер дагы эле болсо чогуу″ дегенди айкындап, биздин ″нерушимый союз на век″ деген девиздин бузулбастыгын далил кылып, барган элди ″таң″ калтырып келишибиз керек экен. Эмне, бекер барып эл көрүп, жер көрүштөн ким качсын. Ошентип,   жолго чыктым. Бул жакта күйүп жаткан деле иш жок көзөмөл болчудай. Биздин республикадан жыйырма киши барат имиш. Аттанар күнү "Эл демократиясынын" Кыргызстандык өкүлдөрү чогулдук. Арасында академик, инженер, врач, партия кызматкерлери дагы жана башкалары бар. Маршрут Бишкек − Новосибирск −Хабаровский − Токио − Пекин эле.

Самолет менен Хабаровскиге келип түштүк. Андан ары Токиого, Пекинге кеме менен барат экенбиз. Мурунку СССР, андан бөлүнүп чыгып, жаңы ат алып, алган атынын табы сууй элек – Күнкор эмес мамлекеттерден (СНГ) 300 адам чогулуппуз. Кээ бир республикадан өкүлдөр алиге дейре келе элек экен. Аларды күтүүгө туура келди. Убакыт бар 2-3 саатка. Көрбөгөн жер көрүстөн дегендей, алыс кеткен жокпуз. Кичине басып келейин деп бир-эки автобустун аялдамасына дейре жөө бастым. Башымда ак кыргыз калпак. Бир маалда артымдан бир капитан милиса жете келип:

− Сиз Кыргызстандан эмессиңерби?

− Ооба.

− Так и знал, − деп орус капитан жигит алтын таап алгансып  кудуңдап кадимкидей эле кубана  түштү. Мен да буга жетине албай кобураша кеттик. Жигит биздин Канттык экен армиядан кийин калып иштеп, ушул жерден аял алып очор-бачар болуп калыптыр. Мына, эзилишкенди көр. Сүйүнүчтүн күчүн алигиден чыгардык. Сен үчүн, мен үчүн, мекенибиз Кыргызстан үчүн деп алып отуруп убакыт кандай өткөнүн да байкабапбыз. Шашып-бушуп жетип келдик портко. Алигинин саатынан эбак эле группабыз мени күтүп калышыптыр жолго чыкканы. Топко келип кошулдум кичине алагүүрөк болуп. Колумда  пакет ичинде бөтөлкөнүн башы сороёт. Муну көрүп жаныбыздагылар акырая-чакырая карашат мени. Аны мен этибар да алган жокмун. Эмне чоң кине жасадымбы деп. Алыстагы жердешим менен көрүштүм аным ырас. Бирок "алагды" болуп атып кичине кечиктим, эмне экен. Андай болсо күйүп-бышпай кете беришпейби деп ичимен оолугуп коём көзүнүн чаары менен карагандарга. Ошентип өбүшүп-жытташып  коштошуп кала берди орус жердешим. 

Токиого кетерде Канттан Орузбек Назаровдун апасы менден өрүк, жаңгак, дагы бир майда-чүйдөлөрдү берип ийген ала барып бериңиз деп өтүнүп. Ал кезде биздин мушкер профессионалдык бокста ат салышып, убактылуу Жапонияда туруп калган эле. Таможняга келип кырка тизилип калдык. Көңүлдүү жүрүш-турушумду бажы кызматкерлери тээ алыстан эле байкашып калышкан экен, бул бир соо адам эмес деген шекилдүү. Текшерүү кезеги мага келди. Мына текшергенди көр. Жаңгак менен кургатылган өрүктү бириндетип, коробкадан чыгартып изилдей баштады колундагы бир тири шумдуктай болгон аппарат менен. Улам-улам мени карап коёт эмне дээр экен дегенсип. Издеген "көк нар" чыкпады "кудай жалгап".  Аягында буюмдарымды колума беришти.  Дагы бир топ күттүрүп койдум окшойт жүргүнчүлөрдү. Мени жек көргөн көздөрү менен карашакан эле эл. Анысына карабай, бойду түзөп зынкыя басып, мен да сыр билгизбейм.

Ошентип, жол тарттык кеме менен. Токиого дейре бир далай экен.  Бирок билинген жок. Сүйлөсө, эрди-эрдине тийбеген, шакылдаган жашы 40-45 терге келген орус аял  биздин массовигибиз* экен. Үч жүз адамды эриктирбегендей кылып түзүлгөн планы көңүлүбүзгө толду. Өзүбүз да аралашып жүрдүк билген өнөрлөрүбүздү көрсөтүп. Ушундай иште иштеп, такшалып калганы көрүнүп турат, бизди дикилдетип ырдатып, бийлеткенине караганда. Ошентип отуруп Токиого да жеттик. Бир-эки күн шаарды аралап экскурсия кылмак болдук. Кандай жүрүштү, эмне кылышты түшүндүрүп беришти. Топ-топ болуп бөлүндүк. Менин жүрөгүмдү өйүгөнү баягы  Орузбектин аманаты. Колуна кандай жол менен тапшырыштын айласын ойлой баштадым. Биздин гидке – татынакай жапон кызына мушкердин телефон номурун берсем, ″ит аягын жалагыча″ Орузбекти алып бере  койбоспу телефондон. Аны менен сүйлөштүм. Бош экен. Эки саатын ичинде келип калам ордуңуздардан жылбай туруңуз деп эскертти.

− Дагы бир нерсе ойлоп калдыңбы, баспайсызбы чогуу жүрөлү. Бир кыргызды жоготуп ийишиптир Токиодон деп сөзгө сөлтүк болбойлу. Өзүң да кенен басып кенен ичкенди жакшы көрөт окшойсуң. Бу жерден дагы бир дос таап ала коюп "ак молдого" сугарылып жүргөндө полициянын колуна түшүп калып жүрбө, − деп биздин аксакал эжебиз какшык-чыны аралаш айтып калды атайын жаныма басып келип.

− Барам, барам, эже  мен бөлөк топто экенмин, − демиш болуп койдум.

− Бөлөк эл, бөтөн жер, байка иним, деп акылын айтып калды. Менден ишенич тайганын сезгем. Эже бир айтып алайын деди окшойт. Мейли деп койдум. Өзүм да ал кишини тик карай албай жүрдүм эле уялып. Кетип атып:

− Шаарга кармалып калып дагы бизди күттүрбөсөң, убагында кечикпей кел, ансыз деле кыргыздын делегациясы тигиндей экен, мындай экен деген сөзгө калтырдың» − деген алдын-алган сөзүн айтып ары басты. − Ооба, эже, түшүндүм,» деп аркы беркини айтпай тим болуп кала бердим. Жердешимди күттүм. Аңгыча Орузбек келип калды. Машинага менен шаарга түштүк. Шаар мындай экен,  тигиндей экен, мунусу бар экен, тигиниси бар экен дебей эле коёюн. Көп сүрөттөгөнгө сөздүн чамасы да жетпейт. Токио деген Токио тура. Элинин улуттук маданиятын, тартибин, эмгекчилдигин китептен окуп, кино-телевизордон көрүп жүргөнүбүз бир, ошолордун баарын өз көзүң менен көрүш башка экен. Орузбектин урмат сыйын көрдүм. Биздин гид* менен сүйлөшүп койду. Кыргыз мушкери дүйнөгө атагы чыгып аткан кези экен. Сыйын аянган жок иним. Ошондо бир билдим жакшылык жерде калбасын. Үйүндө бир түнөттү, конок кылды. Көрбөгөндү көрсөттү. Жапондун алигисинин анабашыларынан даам татытты. О-ой, өзгөчө улуттук арагы-саккесичи. Эки күндүк сыйлашты толук  мойнуна алды. Кетер күнү аябагандай сый менен узатты. Саккеден ууртап-татып жатып түзүк эле болуп калыпмын. Аягында колума жапон ″Хиттачи″ сыналгы магнитафонун карматты. Ал кезде мындай оокатка жетиш оңой эмес эле бизде. Кайкайып келип түшүп калдым жылтылдаган мерседестен. Дагы кечигип калыппмын балекет басып. Мени баягы Хабаровскидегидей дагы күтүшүп калышыптыр сурданышып. Бизди жердештерибиз мени тай жеген гана карышкырдай карашты го каапырлар, "сениби, бир сазайыңды колуңа беребиз" дегендей сүр менен. 

  Мындай болгондон кийин элди убара кылбай өзүң эле путевка алып шашпай эс алсаң болмок экен. Баягы эже ачуусун ичине катымыш болуп керсее карап тим болду.

– Хабаровскиден эле билгем бул жигиттин ″слабосун″, дагы бир врач эже кошумчалады.

– Бул кебетең менен аман-эсен жетпей каласың го-о Бишкеке, жийиркене карайт  академик эже.

− Байкабайсызбы, биз өзүбүзчө болсок, башка эле бул жерде бүт Союздан кишилер көрүп атпайбы сиздин жоругуңузду, − деп мистең-мистең этип койду бир партиялык функционер келин.

− Молоцы, где вы, там и ваши друзья, там и подарок мне бы так, надо же, − деген бир украин жигиттин репликасын да уктум. Ошенткени менен, бирөөнө да каймана сүйлөгөн жокмун. Башты шылкыйтып туруп, тээп алсаң, тээп ал, сүйүп алсаң сүйүп ал дегенсип. Мунум аларга жагып калды окшойт күңк-мыңктарын токтотушту.

Кыжы-кужу бүтүп кайра кемебизге келип өз каюталарыбыздан орун алдык. Баягы деңиз жолу кайра башталды. Эми Кытыйга жол тарттык. Массовигибиздин репертуары ушунчалык кылдат ойлонулуп түзүлүптүр. Баары маанилүү. Эс алуу  ойдогудай.  Ар бир элдин өкүлдөрү өз билген өнөрлөрүн көрсөтүп жатышты. Кол чабуулар. Менин да өнөрлөрүм бар да кудай берген. Окуджаванын, Блоктун, Есенинидин ырларын өзгөчө шаң менен төктүм го, чиркиндики. Угуп эл заматта тынчый түшүштү. Ан сайын эргип шыгым күүлөнүп баратты. Ырга конок бергендерди бир далайларын тамшандырдым окшойт. Байкасам, ″лезгинканы″ менден кыйын деле бийлеген адам жок экен.  ″Асс-саладым″ го пачагардыкы. Аз жерден томугумду да сындырып ала жаздадым, ″жинди улактай″ так секирип тизем менен тактай палубага конуп атып. Э-эй, кол чабышты айтасызбы… Мен силер ойлогондой адам эмессмин деген ойго келтирдим окшойт байкоомдо. Муну мен максат менен жасадым. Эже менин кылыктарымды көрүп башын чайкайт, «оо-омей, сен мындай белең» деген мааниде. Жердештерим мени менен сыймыктангансыгандай сезилди. Негизи ″элдик дипломатиянын″ өкүлдөрү баягы мени күтүшүп, жиндерин кашайтканымды кечиришти окшойт. − Э, алдыңа кетейин, жакшы эле жигит турбайсыңбы, сөөктү агарттың душмандардын ичинде. Азамат! Буларды угуп али да эрте жыйынтык берип атасыңар, көргөндөн көрө элегиңер көп алдыда,  деп койдум ичимен.

Ошентип, биздин кеме Пекиндин чоң Эл аралык портуна келип токтоду. Бизди расмий тосушуп, жай-жайыбызга жеткиришти. Токиодон кийин ири шаарды бизге көрүш адатагыдай эле болуп калды. Бул жерде өзгөчүлүктөр бар экен элинин традицияларына жараша. Бекеринен дүнүйөгө атактары кетпептир Токио мненен Пекин. Берилген үч-төрт  күндү жакшы өткөрдүк. Бул жерден да жөн турбай баягы бизге келип кеткен Кытай окумуштууларынын бирөөнө мени унутпаса керек дегендей ойдо телефон чалдырттым. Бир заматта жетип келишти үч тааныш профессор. Кучакташып бир туугандай жолугуштук.  Көндүм болгон адаттай алар биздин гид менен сүйлөшүштү, мени алып кетиш тууралуу. Биздин гид алардын документтерин көрүшүп анан мени карап, башын чайкап уруксатын берди.  Эшикке чыктык. Баратсак, баягы эже баштаган биздин делегация вестюбулда чогулуп турушуптур кезектеги экскурсияга даярданып.

− Эми каякка, − деп чочуп кетти академик эжебиз. Алайган көздөрү менен мени коштоп келаткан үч салабаттуу, чыкыя кийинген кытайларды бир карайт, мени бир карайт. Өзүнө келе түштү окшой.

− Башталдыбы баягың. Сиз бекер эле кор болуп Кыргызстанда жүрүпсүз. Мамлекетибиз сизди баамдабай жүргөн экен, алдыңкы эрдин билинер-билинмексен чормойтуп, алаканын жайып койду. Эже мени бирде "сиз" деп, бирде "сен" дей калып сүйлөчү болду. Бул эженин ичи тарлыгыбы, же мага чындап эле күйүп атабы, бир балекет болбосун чет элде дегендей. Түшүнбөдүм.

− Эже, былтыр булардын делегациясы бизге келип кетишти эле. Алды академик. Илимий-тажырыйба чарбабызды көрүп кетишкен Академиянын жолдомосу менен, деп чынын айттым. Байкагандарга ошондой эле көрүнүп турат алардын жүрүш-турушу, түшкөн машинелерине караганда.

− Ой билбедим, бирөөлөр жердешиңиз, бирөөлөр таанышыңыз болуп эле чыгат. Азыр туруп Америкага барсак, ал жерден деле сизди тосуп алгандар чыкса керек, эже күлүмүш болду.

 − Сиздин төрт тарабыңар кыбыла турбайбы? дагы бир жердешибиз какшыктап койду.

− Болуптур, болуптур, андайыңар болсо, барып кел, сумсайыңкы кашын серпип эжебиз.

− Жегениңден ала кел. Анан баягыңарды карматпай убагында келсең. Кош айтышып кала беришти. Уялып да калдым. Эки күн шаар көрсөтүштү. Баягы эле экзотикалык сый. Экинчи күнү алган белек-бечектерди көтөрүп биздин ″элдик демократия″ тобубузга кайрадан кошулдум. Бирок бул жолу кечиккен жокмун, улам-улам ыктытып жердештеримдин кыжырына тийгеним эле болбосо. Ошентип кайтып келдик. Сапар байсалдуу болду. Жакшылык менен меймандостук жерде калбайт тура. Менин оюмча кыргыз бир алса, меймандостугу менен алат, жыкса да, ошонусу менен…

 

* көңүл көтөрүү программасын алпарган адам

* экскурсия башчысы

 

Июль 2012

 

© Асанбек Токтомушев


Количество просмотров: 606