Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Асанбек Токтомушев, 2021. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2021-жылдын 18-апрели

Асанбек Токтомушевич ТОКТОМУШЕВ

Киндик кан тамган жер

(Аңгеме)

 

Туулуп өскөн жериме көптөн бери баралек элем. Кыргызстандан алыстап кеткениме арбын жыл болду.  Мына эми, биз бала кезде «таз» деп шылдыңдаган агайлардын «кейпин» кийип, чачым тарак атын унута баштаганда ага-туугандарга учурашайын деп баратам...

 

«O колыбель моих первоначальных дней!

Невинности моей и юности обитель!

И дым отечества нам сладок и прятен.

Г.Р. Державин. Арфа

 

Акын айтып айтпайбы, бешигим сенде термелген, белим сендн каткан, күнөөсүз күндөрүм сенде өткөн, сенин түтүнүң да атырдай аңкып жагымдуу керимселдей беттен сылайт деп. Менин ошондой жерим – Нарын. Кадимки Нарын. Кышы кырчылдап ызгаар, жайы жайкалып жылуу, сулуу улуу.

Агамдын бир коңшусу Чүйдөн биздин өрөөнгө иштеп калыптыр. Агам  күлкү аралаш айтып берди эле. «Ой, байке, силер кантип жашаганыңарды билбейм,биз үй-бүлөбүз эми араң үйүр алышып баратабыз. Тиягы деле тоо, биягы деле тоо, өзүңдү чөйчөктүн түбүндө калгандай сезеп кетет экенсиң»  – дейт иним.

Ошол «чөйчөктүн түбүндөй» жерде «Береке байлыкка мол Ата-Mекенибиз» жайгашканын кийин аңдаса керек. Ошол «чөйчөк түбүндөй» жерди курчаган «тиягындагы тоо», «биягындагы тоо», туулуп-өcкөн өрөөнүбүздүн желегин желбиретип, салт-cанаага, ыр-жомогун сактап, кайгы-кубанычын калган кыргыз кыйырына эле эмес, түбөлүктүн түпкүрүнө жеткирип турганы менен иши не? Туура, эли жер шартына ылайыкташкан, татаал мүнөзү бар калк. Билгизгенге, чарт-чурт этип токтоно албайт. Бирок ичинде кеги жок, үрпөңдөгөнү жайкы өткүндөй өтмөгү бар. Карыялары жалынса, жүрөгүң элжиреп, экиге бөлүнөт. Жакшы көрүп кеткен кишисине ичиндегисин аш-баш дегиче төгүп иймеси да бар, бала кыял. Ачылыт десе кээде обу жок да ачылып кетишет, сурабаганыңды айтып берип.

Кудайдын батасынан жаралгансыган жаратылышка суктанып магдырап ойго батып баратып, москвалык бир акын аялдын ыры эсиме түштү. Маргарита Алигер деген. Назили еврей дешчү эле, кыязы 1935-37— жылдары Кыргызстанга иш сапары менен келип жазса керек. Эли-журтумду сагынып эңсегенденби, же кыргыз жеринин керемет сулуулугуна суктанганданбы, автордун бул саптары көңүлүмө кыттай куюлуп калыптыр:

 

…Летит неустанный ветер

с перевалов твоих, Тянь-Шань.

Разговаривают по-киргизски

им колеблемые листы,

Опьяняющий, терпкий, близкий,

ветер Азии, это ты!

Долети до московских предместий,

нагони меня у моста…

Биздин жердин кооздугу кимди болбосун кайдигер калтырбайт турбайбы. Көөдөнүндө күүсү барлардын делебесин козгойт экен, ушундай ыр саптарын жаратууга дем берет тура, алиги агамдын кошунасы, кыргыздын эле жараны, «чөйчөктүн түбүндөгүдөй» жер деп тергегени менен. Акындын эргүүсү жогорку саптар менен эле чектелбестен биздин рухтун туу чокусу болгон Манаска, комузга, асман тиреген улуу тоолорубузга да кайрылып атпайбы чиркиндики, мындай деп:

…Песня мечется меж горами.

Едет, едет, герой Манас…

Это только играет  комуз –

три натянутые струны.

Это только орлиный клекот,

Посвист каменных голубей…

Бир 2-3 куплет ыр саптары менен эле кыргыздын жаратылышы байыркы замандардан келаткан мурастарынын баа жеткистиги айтылып атат. Андан ашыра мактоо болобу? Бул – биздин турмушубуздун чындыгы экендигин дүйнө небак мойнуна алган.

 Долондун туу чокусуна чыгып, бели-башты жасалы деп машинеден түштүк. Керимсел соккон тоонун жели денеңди бир заматта сергитип, көңүлүңдү көтөрөт. Тээ, ылдыйда жап-жашыл болуп коктулар жатат. Салаа-салаа болгон өзөндөрүндө жыбыр-жыбур этишип, күнгө күмүштөй чыгылышып аккан мөңгүнүн суулары бир өзүнчө керемет. Андан ылдый жыш өскөн тянь-шань карагайлары, мырза жигиттердей болуп тирелет. Бул көрүнүштү элире карап турганда, белгилүү немис акыны Гетенүн: Акынды  билгиң келсе, анын туулган жерин көр деген канаттуу сөзүн эстейсиң. Не деген таланттар чыкпады бул керемет жерден. Арстанбек, Боогачы, Муса, Молдомуса, Актан, кыргыздын король Лири – М. Рыскулов, Мидин, Мыскалдар эмне деген залкарлар.

Ошентип, Долонду ашып ылдый кирдик курулдап. Ушундан улам Долон тууралуу бир Москвалык композитордун эскермеси эсиме түштү. Совет мезгилинде Фрунзеде, Союздун алкагында  Элдик музыкалык фольклор боюнча жыйын өтүп калат имиш. Буга менменсиген белгилүү композиторлор бүт союздан келишет. Ошондо көзү өткөн кыргыз таланттардын туулган жерин көрсүн деген мааниде экскурсия өңдүү жүрүш жасашат, тиягы Талас, биягы Нарын Ат-Башыга дейре. Ошондо (эсимде жок аты-жөнү) бир Россиядан келген чөйрөсүнө белгилүү адис, ушул маданияттын тармагында көп жыл эмгектенген фольклорчу Долондон өтүп баратканда жердин табиятын көрүп тамшанып: «Мына эми гана түшүндүк Мусанын ыр дүйнөсүн, маңызын» деген экен.

Долондун этегиндеги «Бейше булакка» да келип калдык. Бирок баягы биз көргөн  мөл булактарты, ойноктогон чаар жон тоо форелдерин көрө албадым. Бузулган, каршы-терши темир түтүктөр өткөрүлгөн. Арырак жагында бир үй тургузулуптур анысынын айнек, эшиктери таланган. Сыягы, бул жерге бир олуттуу эс алчу жай жасайбыз деген аракет болсо керек. Бирок ушундай кооз жер таштандыга айланып жатканын байкап менин шеригим жаны аябай ачышты.

Машинебиз туура секиге чыга бергенде алдыбызга Ала-Мышык тоосунун карааны калдайып чыгы келди. Бул аркайган тоонун аркы бети айтылуу Ат-Башы жери. Бери жагы Нарын өрөөнү. Ала-Мышык деп кандайча аталып калганын билбейт экемин. Бул тууралуу жомок легендалар да бар деп укчу элем. Кыскасы  бул тоолор акыл токтотуп алыстан караганга чын эле комдонуп жаткан таргыл-ала  мышыкка түспөлдөшүп кетет. Ошондон калган ат болсо керек. Андан ары заматта машинебиз Кызыл-Оозго кирип келди. Туура бешенемде көзгө сүйкүм, сагынычтуу, тааныш, кичинекей шаарчанын ажарыы ачыла түштү. Туулган өрөөндүн унутулуп бараткан элеси бир заматта сагынычтын демин ойгонтуп каңылжарды өрдөп, колкону өрттөп кеткендей сыяктанды.

Шаарга кирип келгенибизди байкабай да калдым. Калаа капкасындагы көрүнүктүү тарихий эстеликтеринин бирөө − бул кылым карытып келаткан Нарын дарыясына салынган көпүрө. Муну көптөрү этибар албайт деп ойлойм. Тээ илгери орустун ак падышасы колу жеткен жер-жерлерге өзүнүн колониялдык саясатын жүргүзүп турган убакта, биякка жиберилген орус казактары тарабынан 1858-жылы салынган көпүрө экен. Карап туруп буга таң бересиң. Эмне деген инженерлик ой, конструкция! Техника жетпеген алыс тоолуу жерде, ушундай ташкындаган дарыяга көпүрө салыш ошол мезгилде оңой эмес болсо керек. Орустардан көпүрө куруучу каражаттарды, тонналаган оор темир-тезектери менен биякка ташып келүү өзүчө эле бир азап иш да. Мунун да өзүнүн стратегиялык мааниси болсо керек. Мына эки кылымдай болуп калса да, баягы мен көргөн көпүрө күнү бүгүнкүдөй турат. Көзгө аябагандай эле жылуу көрүнөт экен. Өтүп баратып бала кездеги дарыядан ары-бери чабак уруп өткөнүбүз, көпүрөдөн секиргенибиз (бийиктиги жыйырма метрден ашыгырак) эске түштү.

Шаар аралап келип, чакан конок үйгө токтодук. Жакын туугандар деле калбай калды. Аркы өйүзгү айылда бир аз бар. Классташтарым менен алака жок. Бул жерде кабарлашып турган бир жалгыз жээним бар. Аны деле убара кылбайын дедим да, айдоочум экөөбүз барган күнү конок үйүндө түнөдүк. Эртеси жээниме телефон чалсам:

− Ой, таяке! Бул эмне деген шумдугуң, таза эле орус болуп кеткенсиз го, жарыктык киши, үй турганда конок үйдүн кереги эмне деп, бакылдап да алды.

Бир аздан кийин мейманканага жетип келди бир досу менен. А күнү жээнимдикинде конокто болдук. 

Эртеси жолдошум менен кичине «круиз» жасадык.

− Окуган мектебиңизди көрсөтүңүзчү, − деп  шоопурум акедей асылып алды.

Мунун да билгени бардыр деп, мен окуп бүтүргөн мектепке келдик. Короосуна кирдик аста басып.  Мотураңдаган балдар, колдорунда телефон, ооз толо күлчүйгөн «сагыз». Үйлөп койсо, шарик болуп, анысы "парс" этип жарылса, мурдун жаап жабыша калат.  Тааныш класстар, улам-улам терезелердин кашектерин сырдап атышып алары крокодилдин чаарала терисиндей күдүрөкөй болуп жондонуп да калыптыр. Илгери биз мектептин короосунан улуу киши көрсөк, баш кийимдерибизди ала коюп учурашчу элек. Кээде бул сый аткарылбаганы үчүн убагында агай-эжелерден катуу эскертүү алчубуз. Кайда, андай ыйман алыс калган.

...Билбейт экенин менин убагымда балабакча бар же жок экенин. Мектепке эч бир даярдыксыз эле барчу элек, тамга тааныбай туруп. Менин окууга көңүлүм төрт эле күндө пайда болду. Тамаша. Энеме ушул төрт күн жылга созулгандай сезилсе керек. Удаа-удаа качып келип аттым мектептен үйгө, «ачка болдум, нан жейт элем» деп. Ошенткени менен мектепке бат эле байыр алып калдым. Кызый-кызый кийин эсеп сабагын кандай жактырып калганымды да билбей калдым. Кошуна байке «эсеп таякча» жасап берген саны онго жеткен. Бир аздан кийин эсеп көбөйүп, менин таякчаларымдын саны жетпей калды. Сабакка кызыгуу уламдан-улам арта баштады. Эртең арифметика сабагы болот дегенде энемдин үрөйү уччу. Ал кишинин байпагын чечтирип, жылдырбай маңдайыма отургузуп алчумун. Апамдын колундагы беш манжасы чогулуп  — он, эки бутундагы бармактары  дагы — он, баары чогулуп жыйырма. Буларга өзүмдүкүн кошкондо кадимкидей эле эсеп чыгаруучудай сандарга жетчү. Эсептөө убагында апамдан суранганым, жаңылышсам да айтпа деп, катуу эскертчүмүн. Ошентип көгөрүп, апамды тажатып атып сабак аткарчу элем үлпүлдөгөн кересин чырактын алдында...

Мектебибиздин тарыхы билгендерге кыйла эле кызык. Эски орус казактарынын ыгына ылайыкташтырылып карагай менен салынган чоң там эле көчөнүн таманындагы. Терезелери заманына жараша оймо-чиймелер менен шөкөттөлгөн. Ушул мектеп менен буга жакын жайланышкан бейтапкана, орустар кыргыз жерине баш баккандан баштап салына баштаган деп айтып калышар эле. Биз окуган мектеп алгач аскерлердин казармасы экен башында. Бул учур эгер Кыргыздар Россиянын тутамына кошулган 1863 — жыл болсо, ошол жылдардын тегерегинде салынган окшойт.

Мектептеп чыгып баратып жердешим, кесиптешим, акын бейишиң болгур Жээнбай Мамбеталиевдин мектебине арналган ыр саптары эсиме түштү:

Көк музун тигил жылганын,

Көп ойноп эрмек кылгамын.

Кеч калып болчу сабактан,

Кең залда жалгыз турганым.

 

...Жаныман шаңкылдашып күлүшкөн жоон топ кыз өттү. Кийген кийими келбеттерине жарашкан кер маралдай кериле басышып бараткан  кыздырды көрүп, өзүмдүн бала кезимдеги бийкечтер эсиме келе түштү. 

Ал кезде эмне, кыздардын кийинген кийими апаларынын же эжелеринин бычып, одоно тигилип берген эле кийими болчу да. Бирок ага карабай, жарашыктуу, көзгө токтомдуусу жок эмес эле. Колунан келгендер «промартил*» тиккен «костюм-жупке»  кийишчү. Биздин чөлкөмдүн кыздары  жүдөөрөктөй туюлчу мага ошол кебетелери менен. Бекеринен айтылган эмес экен, «кишинин көркү чүпүрөк» деп. Айрыкча алардын ийри буттары….  Көрсө, булардын баары оор үй кызматынан жаралган нерсе турбайбы. Тестиер ирбийген секелек кыз, кирбиңдеп апкөч менен килейген чакаларга куюлган сууларды ташып жатса, анан буту түз болуп өсөбү. Буга кандай гана бут чыдайт сөөк ката электе.

Бишкектеги агам айтат. Бир курдай белгилүү Россиялык журналист Познер Эл аралык Кыргыз-Америка институтуна дарс окууга келип, Кыргыз көгүлтүр экранынан өзүнүн Кыргызстан жөнүндө оюн айтып отуруп, бизден «эмнелерге» көңүлүңүз түштү деген тележурналистин суроосуна, чу дегенде эле, «кыздарыңар сулуу экен» деп буйдалбастан жооп берет. Мына бүгүнкү биздин кыргыз периштелеринин баасы. Ал киши жөн айткан жок.

Бир кезде тоо арасында, деңиз деңгелинен эки жарым-үч жарым миң метр бийиктикте жайланышкан ушул кичинекей шаарда жеке эле байыркы «дикокаменный кыргыздын»* урпактары эмес Батыш Европадан чыккан илгерки  готтордун да тукумдары жашап кетишкен. «Жеке ою бар» же «мамлекетке ишенимсиз адамдар» куугунтукталып, ушул биздин татаал шарттуу аймагыбызга айдалчу экен. Ата-Мекендик согуш учурунда  биякка айдалып келинген немис улутундагы эки үй-бүлө бизде жашап, өрнөктүү өмүр өтөдү. Мен аны чөлкөмдөгү ооруканадан өтүп баратканда эстедим. Инсандардын бири, оозунда  «дубасы» бар – дабагер, жалпы элге маалим Альберт Яковлевич Шуллер эле. Мен да көрүп калдым. Өзү орто бойлуу, ак жуумал кыймыл-аракети ыкчам адам эле.  Бир курдай жээним үч-төрт жашында катуу ооруп калды. Бир жумадай бала эси-учуна келе албай турду кез-кези менен дөөрүп. Ошондо ал кишини биринчи жолу көрдүм. Көзүмө пайгамбардай эле көрүндү. Кыйын дарыгер, айтканы айткандай келет, киши болбогонду ачыгын эле айтат имиш деген сөздү ошол жерден уктум. Жээним коркутуп мына кетет, ана кетет деп турганда, эжеме келип: «Келин, сендер ыйлактабай, врачтардын айтканын жаса. Бала айыгат, кичине нужно терпение,» − деп эжеме катуу сүр менен чала-моңол кыргызча айтканы али да менин эсимде.  Үч күн удаа эртең менен келип врачтарга бирнемелерди айтып чыгып кетип турду. Кудай оңдой берип, Шуллердин жардамы менен сакайды жээним. Биз ошондон кийин бул кишинин этегине намаз окучудай эле болуп калганбыз. Бизге окшогон кыргыздар Нарын жергесинде ал кишинин  берген жардамын айтып отурса, түгөнбөйт.

Альберт Яковлевичтин Кыргызстанга адеп келген жери Куланак айылы болуптур. Ал  шаардан бир топ эле алыс. Кийин кыргыз элинин меймандостугу менен ал кишинин уңгусу уйкаш келгенин жасаган ишинен билсе болот. Ошол адамдын каза болгондогу анын аркы дүйнөгө аткаруу тажиясы өзүнчө эле бир чоң кеп, көргөндөр айтып отурса. Дубандан топурак салабыз деп калың эл келишиптир. Кадимкидей сөөк койгон боз үйгө үн чыгарып, мусулмандын ырым-жырымдары кадимкидей сакталып жерге берилиптир. Ал киши өлөрүндө ошондой керез айтып кетиптир. Ыйлабаган киши жок дейт. Канча кишинин сообуна калды. Атаганат, маркумдун ысымы ушул бейтапканага  берип койгондо эмне…

Экинчи инсан биздеги алгачкы орус мектебинин көп жыл директору болуп иштеген Унгефухт агай эле. Ал киши да жогорудагы улутташы сыяктуу бизге келгендерден экен. Балдары кыздары биз менен ойнор эле. Ал киши жетектеген мектепти, Унгефухт агайды жеке эле биздин өрөөн билбей Кыргызстан билет экен кийин уксам. Окуу жайларына кабыл алган мугалимдер, Нарындын кайсыл мектебин бүттүң эле деп сурашат экен кызыгышып. Аталган мектептен бүткөндөр чынында окуу жагынан күчтүү болушчу. Ал мектептин окуучулары менен кошула калганда биз алардан кичине тарткынчыктап, сүрдөп да кетчүбүз. Коммунистик тарбия – бул аскердик казармалык маанайы менен айырмаланып кетет эмеспи. Бирок мектеп балдарына көрсөткөн саясаты темирдей бек эле. Айтылган сөз кыйшаюсуз аткарылчу мугалими болобу, окуучусу болобу. Ошол тартип бизди жаман кылган жок.

Мектептин жанынан өтүп баратканда бир окуяны эстеп өзүмчө бырс этип күлүп ийдим. Кичине шаарыбызда ар алтынчы күндөрү азыркынын дискотекасы, биздин убактагы − «танцы» же «вечер» болор эле. Жогорку класстын окуучуларыбыз. Уюшкан балдар удургуп бир мектептин кечесине, андан тараса, экинчисине, үчүнчүсүнө барып, «кыздарын көрүп, кыздары бизди көрүп» түндүн бир далайына дейре жүрчү элек. Бир жаман жери, мектептеги кеченин чектелген убактысы бат эле аягына чыгып, биздей жаңы «тер чачып» келаткан «конокторду» жергиликтүү мугалимдер «тарагыла» деп талап кылчу. Бийлеген бийибизге да чек салышчу, вальс менен тангодон башкасын бийлебе деп. Эгерде борбор калаадан таралып келаткан «сүлкүлдөмөнү» бийледим десең, балээге калдың. «Твист», «рокин-ролл» деген бийлерди мугалимдерибиз жети желмогузундай көрүшчү. Мен ойлочу элем бул «акмак» буржуазия жакшы деле бийлерди чыгарат тура, эмне эле аларды бизде жайылтпайт. Бир курдай досубуз Фрунзеден каникулга келип арабыздагы ышкыбоздорубузга «твист» үйрөттү. Алтынчы күнкү кечеге даярданып атабыз. Өзү болсо «стиляга», чачты бриолин майы* менен артка өзүнчө порум менен тараган, жоон бакенбарды кулагынан ылдый эргүүлгө дейре түшүрүлүп,  устара менен тыкан серпилген, бутунда «усканос» туфли, жонунда африкадагы саваннанын сүрөтү тартылган жеңи чолок көйнөк. Вечерге келдик Унгефук агайдын мектебине (кыздары бир ажайып эле чиркиндики). Чоочундугун мындай кой, «буржазиялык» кебетесин көрүп, досубузду кечеге киргизбей койду эшик тоскон мугалимдер. Мага бир кумар эле ошол орус мектепке достор менен бир барып, үйрөнгөн бийимди «расса» көрсөтүп, көз түшүп жүргөн кыздардын жүрөгүнө бир чок салайын деген. Кудай жалгап бир— экөөбүз кечеге кирип кеттик. «Вечер» мыны-мына бүтөт деп аткан экен. Жаңы эле «твистти» эшип калдык эле досум экөбүз, кайдан-жайдан чыга калганын билбейбиз Унгефухт агайдын «прекратить!» деген ачуу үнү залга жаңырып, музыканы тык токтотту. Кийин агай менен жолугушуп калганда ошону эстеп күлүп калчубуз. Агай бир топ жыл иштеди. Ардактуу эс алууга чыгыптыр.Уулу кыргызга үйлөнүптүр, кыргыз куда күтүптүр. Очор-бачар болуп кийин Германияга кетишиптир. Кыскасы, бул эки «кыргыз» инсан биздин чөлкөмдө нар көтөргүс иш кылды... 

Биздин убакта шаардын туура ортосунда жайгашкан «Ала-Тоо» деген ордо кинотеатрыбыз бар эле. Бул маданий борбор тээ өткөн замандын  элүүнчү жылдарында курулган экен деп айтып калышчу. Балалык кездин көпчүлүк учуру ушул чакан шаардын маданий  борборунун тегерегинде өтпөдүбү. Кино адатынча орусча болор эле. Биз боз балдар калпты-чынды койгулаштыртып, түшүнүп-түшүнгөнүбүздү өз билгенибизге салып, бири-бирбизге айтып, «маданий эрудицияларыбыз» ушул кинотеатрдан өстүрдүк бейм. Дүйнөгө белгилүү тарихий инсандардын ысымын китептен окуп билип жүрсөк да, ушул «ордодон» өзүлөрүнүн артистер жараткан өңү-башын, туруш-турпатын көрүп,  алардын кылган кылыктарын, жасаган жосундарын туурап да жүрбөдүкпү.

Аста басып отуруп ал жерге да келдим. Баягы көрүнүш жок. Ордун бөлөк имараттар ээлеп калыптыр. Атаганат, муну бузбаса деле болмок экен деп койдум ичимен. Азыр ойлоп көрсөм, бул биздин кинотеатрыбыздын тышкы көркү байыркы Рим императорлору менен «жрецтери» жыйын өткөргөн сенаторлор сарайдын алдындагы кучак жеткис түркүктөргө окшогон колоналары бар кинотеатр эле. Кенен-кесир, бет-маңдайы жарашыктуу оймо-чийме менен аземделип салынган бир жай. Кадырына жеткендер болбоптур. Чиркиндики, ошол маданий ордону реставрация кылабыз деген билимдүү чиновниктер чыкпаптыр да. Оруссияда мындай жерлерге кол тийгизмек тургул, тескерисинче, «тарыхий» имарат деген статус берип, атайын коргоого алынган мамлекет тарабынан. Бул чөлкөмдөгү «маданий мазарыбыз» буга татыктуу эле. Муну менен байланышкан бир бала чактагы окуя эсиме кылт эте түштү.

 

Бир жыл окууга өтпөй калып, көчө таптап, колоктоп жүргөн учур. Кудай бети курусун бууракандаган чак. Кичинекей шаардын башынан бир көрүнсөң, аягынан бир көрүнүп, урушаарга жоо издеп, урунаарга тоо таппай, сүлкүлдөп жүргөн кез жоон-топ курдаштар менен. Жазга жуук ала-шалбырттын убагы. Дос – таякем борбор калаадан окучу эле каникулга келип калыптыр. Негедир экөөбүз аябагандай ынак элек. Жашыбызда көп деле айырма жок. Негедир мен Фрунзеден окуп жаткандарга аябай суктанар элем. Алар мага бир ырысы денесине батпай кулагынан чуурулган, бактылуу  адамдардай көрүнчү. Чин ниетим менен сыйлап, урматтоочумун мындай «чилистендерди» көргөндө. Өзүм да окусам деп тилек кылчу элем. Ошол ой менен жаадырап-жайнап тосуп алдым таякемди. Бир күн мени менен  биздикинде болду. Айылга кантип жетем, ала шалбырт кар эрип, жол чалчык, машине да айылга өтпөй калыптыр, эмне кылабыз, каникулум да бүтүп баратат деп таякем муңканып калды. Кой анда деп көчөгө чыгып, тааныш-пааныш издейли дедик. Бизге дагы бир-эки теңтуш бала кошулду. Барчу жагыбыздын жолу татаал анын үстүнө ала-шалбырт, кар эрип атат. Автобус эртең менен гана тоңголокто бир эле рейс каттайт экен.

Ошентип, айла кетип турганда, бир тааныш айдоочу иничекти жолуктуруп калдык кудай жалгап. Оолагыраак жакка жаңы «Газ-66» (советтик жип) токтотуп коюп, туугандарын борборго узатып атыптар автобекетте. Сүйлөшө кетип, биз өзүбүзүн муктаждыкты айтсак, макул байкелер кадырыңар жам болсун, бир эки сааттык убактым бар  деп жигит ажат ачса болобу. Машине инкассатырдыкы экен. Түшкү саат үчтөн бешке дейре эс алабыз, ошондо, байкелер, барып берейин деп убада кылды. Туура саат бештен тартып акча жыйнайт экен шаар ичинен. Машине жаңы, анын үстүнө алдыңкы да арткы да дөңгөлөктөр иштейт эмеспи, акелер, деп жигит кичине мактана да кетти.

Болжошкон жерге убагынан кечикпей ал да келди, биз да жеттик. Иштин жайы туура багытта баратканына кичине «отметка» кылып да койдук. Таякемдин алдында жүзүм жарык болуп, «жаман жээн да киши болуп калыптыр» дегендей ойдо болушсун деп, мен өзүмдү салабаттуурак кармоого аракеттенип турдум. Чынында эле, таякем менин шаардагы «авторитетиме» суктангандай сезилди. Ого бетер болбойм, тамекини дембе-дем тартып, анда-санда сааты карап коём чыкыйып. Машинага отурдук, ыр башталды. Тамаша-куйкум сөзгө таякем жеринен маш эле, мына көрүп ал. Бир топ жүргөндөн кийин жолдо жүрүү татаалдана баштады. Машинебиз анда-санда буйт бере калат, оңоло калат. Даңк-дүңк этсе, көчүгүбүз менен жолдун таманына тийгендей болобуз. Кичине жүрүп тыгылып калабыз. Кайра чыгып кетет машине. Бала жаш болгону менен бир топту көрүп калган экен. Бул жигиттин кайраты жакты баарыбызга. Өжөрлөнүп отуруп таякемди айылынын четине жеткирип кайра тарттык. Жол менен алпурушуп атып саат бештен да өтүп кетти. Бирок айдоочу иничек кабагым-кашым деген да жок. Эр экенсиң дедим ичимен. Бир маалда бир жерге келип машинебиз даана чыккыс болуп отурду. Дөңгөлөктөр чимирилгени менен машинебиз былк этпейт. Чыгып түртөлү десек жер эзилме баткак, ылай. Бут коюуга жер табылбайт. Иңир кирди. Суук. Кийимдерибиз жука. Эми эмне кылабыз деп бушайман болуп заматта колдон түшүп калдык. Айлабыз кеткенинен жакын айылга жөнөдүк. Бул тарап биздин айыл. Таажездемкине келдик түнөгөнү. Ботом, биякка дейре машине келе элек эле, тыштын кебетесин көрдүңөр жээн, кантип келдиңер деп таяжеңем таң калат. Бири-бирибизди унчукпай карап коёбуз. Кыжаалаттык баарыбыздын башыбызда бар экени даана көрүнүп турат көздөрүбүздөн. Тамак ичип жатып калдык. Жездем таң-эртеден туруп, кошуна трактирисин айдатып алып машинебизди чыгартып берди. Ыракматыбызды айтып «чийки май» жегенсип  жөнөп калдык. Үн-сөз жок. «Колуң менен жазаганыңды мойнуң менен тарт» дегендей баарына кайылбыз. Баягы кыяны имериле бергенде ойдо бизди күтүп милийсанын, банканын машинелери турат. Арасында беш алты киши формачан. Бир машинеси кечээки биздикиндей болуп тыгылган окшойт аны чыгара алышпай жатышкандай көрүнөт. «Болоору болду, болсу канды, эми качпайлы, баарыбыз жооп берүүгө туура келди окшо-ойт» деп, дагы эле биздин оптимист айдоочу иничегибиз тамашага чалып бизди карап, көзүн кысып коёт. Тапкан экенсиң тамашанын учурун деп ичимен жактырбадым. Жымжырттык. Кечээки менменсиген «журт багар» жигиттик аброюма жараңка кетип турган кез келди окшойт. Сууга түшкөн чычкандай үрпөйүп турсам керек тыштан көргөнгө. Таалайга жазганды көрөбүз деп мен да чыйралдым. «Балекеттики, папам тигил жерде жүрбөйбү» – деп айдоочу улутунуп койду. Машине аста жылып келип тыгылып жаткан «Москвичтин» алдына барып токтоду. Иничектин атасы милисада иштечү, капитан эле. Ал киши кер-сары болуп өң-далаттан кеткен бизди жутуп ийчүдөй карап бери басты. Туура басып келип айдоочу жактагы эшикк кандай ачып, баласынын жакасынан кандай кармап, эшикке ыргытып ийгенин  билбей да калдым, өз тагдырымды ойлоп отуруп.  Анысы барып карга сайылып калды, өзү да ийнеликтей арык бала эле. Мен алдынкы орунда отурдум эле, түшөм дегиче болбой бир милийса алкажакадан алып сүйрөп чыкты. Эсимди жыйгыча чачыман уучтай кармап туруп силкти эле теңселип барып туруп калдым. Колун жайып ийсе, уучундагы топ чачым ак карга жайыла түштү капкара болуп (узун өстүргөн чач модада эле). Анысы аз келгенсип, тумшуктан ары бир койду, мына сага деп. Мурдуман кан жайыла берди. Туруп калдым бозала болуп. Эки досум машинеден чыга качышып, сууну жээктеп дыргаяктаган бойдон кетти. Аларды кууган деле киши болгон жок. Мен дагы качмак элем баланы жаңгыз калтырбайын дедим. Банканын жетекчиси армян киши эле өрөөнгө дайын бизде көп жыл иштеген, ушул кишиге ыраазы болдум. Ал адам ары басып кетти «кандуу жазалоону» көргүсү келбей. Тыгылган машинесин чыгардык баарылап. Шаарга келдик. Көрсө, кечээтен бери «банканын машинеси» жоголду деп, «тревога» салып, бизди издеп жүрүшүптүр. Сурамжалдап отуруп, таап келишиптир. Ошентип, какыс-кукус менен кутулдук кудай жалгап...

Мына бир-эки күндө  туулган жеримди көрүп, ичтеги чер жазылып, алыста калган эс-тутум кайрадан ойгонуп, жүрөктү эзип жатпайбы. Мындан кийин келемби, келбейминби, билбейм. Дагы бир кыдырып келейин дедим өскөн шаарымды. Иңир кирейин деп калган учур.

…Баягы көзгө тааныш автобустун аялдамасы. Муну көрүп дагы бир нерсе эсиме түштү. Жогоруда айтпадымбы окууга өтпөй калып көчө таптап жүргөн убак эле деп. Жайдын толук кези. Дем алыш күн. Адатыбызча достор ушул жерден чогулмайыбыз бар эле. Кучунашым кармаганда туруп-туруп бир «оюн коюп» иймей жайым бар. Кээде ушунун азабынан кагуу да жеп, оосурган   уйга окшоп кеткен  учурлар да аз эмес менин турмушумда. Ошентип, калпты-чынды койгулаштырып согуп, аныбыз кыраан-каткырык күлкү менен коштолуп, айлананы «көрккө» бөлөп турабыз мына бул аялдаманын жанында. Чөнтөктө бир тыйын жок. Аңгыча ары ылдый жактан биздин  бир дос келатканын көзүм чалып калды. Көрүп, ал да сүйүнүп кетти. Көптөн бери көрүшпөй сагынышып да калганбыз. Кудай мындай бербеспи деп ичимен жымыңдап калдым. Досубуз өйүздөгү айылдардын биринде иштейт, дүкөнчү. Тыйынга зыкымырак эле. Кийинип-ичингени бизге караганда тың. Балдарга аны алыстан көргөндө эле: «Алмаке келатат, буюрса, бир силкип көрөйүн, болуп калса, анын да бир аз үзүрүн чогуу көрөлү» деген такилип киргиздим көз ачып жумгуча. Мен эмне айтсам, аны унчукпай угуп, кыйшалаңдап күлүп ийбей, жөн тургула деп катуу эскерттим жанымдагыларга. Айла болсо, бир немеге жыгалы дүкөнчүнү, а-ай, зыкым эле билбейм деп, башымды чайкап койдум сырлуу. Балким болуп да кетээр. Сөзүмдү унутпагыла, дагы бек эскерттим. Достор менин сырымды билишет. Бекер «чай ичүүдөн» ким тартынсын. Абал татаалданды. Бул жерде чыгамачылык тезинен керек болуп, бир көшөгөлүү эки сүрөттүү оюн коюга туура келип калды. Бат эле аял ала качып келген жигит болуп калдым. Боюмду түзөп, тамагымды жасай сүйлөп, бир чоң иш башка түшкөнсүп ары ойлуу, ары санаалуу жүз менен  туруп калдым. Нерви жукалар, күлкүчүлөр менин жаныма келбегиле да, карабагыла, кийинирээк барып тургула деп, бурк этип «ролго» кирдим.

Алмаке досторду көрүп адаттагыдай бажактап ар-бирибиз менен кучакташып көрүштү да, менин сырлуу турпатыма карап: «Ой, бул сары эмне болгон аябагандай «серезный» болуп калыптыр го, же катын алганбы?» − деп, так ичимен даярлап алган темамын төбөдөн чыкпаспы. Бул сөзү мени тең салмактыктан чыгарган жок. Тескерисинче, көжөөргөндөн көжөрүп, мен да туруп алдым мисирейип ойлуу. Калп эле жойпуланып: «Кайдан уктуң?» − деп кайра ага суроо менен кайрылдым кара күчкө өзүмдү кармап. Мындай мамилемди эгери көрбөгөн досум тамашасын тыйып бир мени карап, бир балдарды карап дал болуп калды.

− Ой, деги тынчпы, буга эмне болду? − деген суроосуна бир досубуз:

− Тынч эле, андан көрө сүйүнчү бер классташы эмесиңби бизге караганда жакынсыңар да − деп  араң айтты, чымырканып туруп. Кудай пуюрса, иш башталды окшойт, эми болору болду оюнду  акырына дейре катуу тартипте өткөрөйүн деп жоопкерчиликтин толгоосун кайра чымырата толгоп койдум. Тиги доско барат, бул доско барат, кабак-кашын тигиле карайт. Баягы сөз менен ичинен алек болушуп тургандары турган. Бир чети ыраазы болдум азаматтар деп. Уламдан-улам абал оорлоп баратат. Кантип ишендириштин амалын ойлой берип, өзүм чын эле жаңы аял алып, анын маселелерине кыйналып турган кейипкердин ролуна анык кирип, андан ары кынтыксыз аткара баштадым окшойт. Бул «жумушка» чогуу эле жапа тырмак кирип калдык, бир биздин «курмандыгыбыздан» бөлөгү. Бийлик толук мен тарапта болуп калды. Баарылап атып ишенттик окшойт. «Ой анан эмне карап турасыңар?» − деген сөзгө, ары жакта турган бир досубуз мен озунгуча эле: «Тиги Орто-Саздан кой алып келиш керек экен түлөөгө, ошого машине карап турабыз,» − деди сумсайымыш болуп. Кой анда мен папашалардыкына муну берип келе коёюн, анын үстүнө жанымда тыйын аз эле деп чу койду. Калгандарыбыз иш оңунда баратканына сүйүнүп ишти аягына   так жеткиришке убадалаштык. Досубуз адыраңдап алеки сааттын ичинде жетип келди. «Папашаларга да сүйүнчүлөдүм, ырас болгон турбайбы дешип сүйүнүп калышты. Эртең келин көргөнү келишет,» − деп ал жагын да айтып ийди. «Эртеңкиге дейре алтыным убакыт кө-өп,» − ичимен ойлоп койдум кытмыр күлүп. «Жүрү барабыз, аяшты көрмөйүн мен ишенбейм» − досум да жөн эле чыгым болгусу келген жок окшойт. Болуптур деп көчө ылдый биздики жакка басып калдык. Тиякка токтоп, биякка токтоп досумдун сыйын көрүп баратабыз аз-аздан. Бир-эки күлкүчү бар эле бизге кошулбай артта жүрөт ыкшып. Кез-кезде, «Ой сары, жалган айтып жаткан жоксуңбу. Бутуңда жыңайлак кийген сандалет, жонуңда жеңи жок тор майке, сен үйлөнгөн кебетең жок байкоомдо,» − дегенине ажыккызданып моюн бербейм. Анын үстүнө берки достордун кичине курсактары жылып калгандан кийин менден ашкан артист чыкты. Алмакем жеке эле чыгым боло бербейин деди окшойт кезиккен досторго озунуп, «Менин үйлөнгөнүмдү» жарыялап алардан сый да көрүп аттык. Ал эмес Алмакемден карыз акча сурагандар да болду мени куттуктаганы. Башында төртөөбүз элек эми сегизге жетиппиз. Ой-боюма койбой давай, тезинен аяшты көрөбүз дегендер көбөйүп кетти. Бул «балаганды» кантип токтотуш амалы мындай бүттү.

Үйгө жакындаганда силер туруп тургула, үйгө кирип эмне болуп аткандарын билип келе коёюн, машине тапты бекен деп, кыжалат болуп атышса керек. Анын үстүнө жеңелери келмек эле андан кабар алайын демиш болуп короого кирип кеттим. Бат эле атып чыкктым, кокуй-алатты копшотуп, алаканды шак чаап, «арманкүн кызды жеңелери келип тартып кетишиптир» — деп алдыларына келдим. Бүлкүлдөп араң тургандар жарылып кетишти бейм. Алдангандар болсо….

Кийин досум менин кылыгыман жабыр тартканынан улам минтип калчу, аял алганыңда барсам майнеке болоюн, кошумчамды бердим, менде эми  аласаң жок.

Мындай катуу тамашалашуу анык гана достордун арасында болот экен. Кайдасыңар, кагылайын сырдана боорлошторум.

...Шаркыратманын оозуна* келдим. Бул жер мага окуясы менен дайын. Бул чекемдеги тырыгым менен байланыштуу. Анын таржымакалы мындай  эле. Төртүнчү бекеен же бешинчи класстабы, айтор, бала кезде болгондордон.

Жайкы каникул мезгили. Күн ысык. Шаркыратманын оозуна барып сууга түшүп келейин деп турси-майкечен болуп жөнөп калдым, апам безилдеп калды суу кирип атат өлөсүң, жангыз барба деп. Ага көнөмбү жылт койдум. Топ балдардан ажырабай жүрчү элем негедир ошол күнү өзүм эле болуп калыпмын. Каналдын боюна келдим. Суусуна түшсөм муздак экен. Кой аркы Шаркыратманын жайылып аккан суусуна түшөйүн деген чечимге келдим. Ал жактын жакшы жери чоң жолдун таманы, суудан чыкканда ысыган асфальтка жата калсаң, не деген керемет. Майкемди колтугума кысып алып каналдын көпүрөсүнөн туура чуркап өтүп баратсам, бир нерсеге урулгандай болдум катуу. Көзүм ымыр-чымыр болуп топо-шагыл аралаш жолдо сүрүлүп барып, бозала болуп жатып калганымди бир билем. Анын кызуусубу эч жерим деле ооруган жок. Коркуп кетип тура калдым. Карасам, бир киши велосепед-мелосепеди менен менден алыс кетип барып жыгылып жатат. Коркуп кеттим  урушат экен деп, балалыгың курусун. Бетим, сүрүлө жыгылган оң капталым ысып кетти. Бетимди сыйпасам кан. Муну көрүп көөнүм айланып кетти окшойт. Көзүмдү ачсам, ооруканада жатам. Көрсө, велосепеддин кроссу өтүп аткан экен. Тарткылыкты карабайсызбы, эки жакты карабай туруп туура чуркап чыкканымды.

Сапар бүтүп, эртең кайталы деген күнү жээним, анык киндик кан тамган айылыңызды көрүп, көзү өтүп кеткендерге куран окутуп келели келгениңизге жараша деп Дөбөлүнү карай жөнөп калдык. Нарын дайрасы  көк ирим болуп кирип турган кези экен. Бууракандап аккан суу Теке-Секирик кыянын түшө калышында  жээктен ашып,  жолдун таманына дейре келип калыптыр. Өйдө карасаң, асман тиреген кырка тоо токою менен оюнда көк-жашыл болуп жыш өскөн арча-кайыңдуу кең колот, буларды тепчип аккан дарыя айдоочум Владиславды кош көңүл калтырган жок. Мынабул машиненин жолу жүрүп отуруп мен төрөлгөн жерге апарат эмеспи.

... Төрт-беш жаштагы кезим. Кызамык менен оорупмун апамдын айтышына караганда. Төшөктө жатып калдым. Биздин айылда медициналык жардам көрсөтчү жайы бар беле, же жок беле билбейм. Билгеним ушул эки жолу төшөктө жаттым, деле догдур дегенди, дары ичкенимди билбейм. Врач дегенди кийин шаарга келгенден кийин гана билдим. Бир күнү сакайып калсам керек, эртең менен турсам, өзүмдү жакшы сезип калыпмын. Эжекем мешке нан салып атканын билем. Энем үйдө жок экен. Негедир нан жегим келди. Эжем мени көрүп сүйүнүп кетти: «Айыгып калган турбайсыңбы, алдыңа кетейин,» − деп, ысык нандын четинен сындырып бере салды. Аны жегенден кийин эшикке чыгып ойногум келди, бирок эшикте алиге дейре кар кете элек. Жаз биз жакта кечирээк келет эмеспи.

−Энем кайда кетти, − десем,

− Аркы таякемдердикине кетти, − деди. Нан бышырганга  алаксып жатып, менин сыртка кийинип чыгып кеткенимди байкабай калды окшойт эжем. Кар тапталган ичке чыйыр жол менен таякемдикине бармакка чыктым. Алардын үйү бир далай эле. Басып отуруп мектептин тушуна келгенде ал жактан «орус агай» чыкты итин ээрчитип. Колуна кармаган сумкасы бар. Ал кишини мектепте окуган кошунанын балдары «орус агай» деп аташчу. «Орус» деген сөз мага бир мокочо катары кабыл алынчу. Аки-чүкүсүн кайдан билем, эмне үчүн ушундай аташканын. Ыйлаак балдарды «орус келатат, орусту чакырайын» дегенде дым болчу. Ушундай «саясатты» биздин элеттиктер чыгарса керек. «Орус орус ойрон, отуз күнү майрам, тактайдан челек жасаган, чочконун этин ашаган» деген эжелеримдин ырлары азыр да эсимде. Караңгы элге «чочко» жейт деген эле сөзү жетишет эмеспи жек көрдүргөнгө. Орус агайдын жанында шимшилеп ити жүрөт куйругун шыйпалаңдатып ары-бери чуркап. Муну көрүп каякка жашынарымды билбей карбаластап калдым. Карасам, жанымда өтө терең эмес күрткү бар экен. Ошоякка кандай барып жата калганымды билбей да калдым. Коркунучтан суукту деле сезбейм. Үстүмдөгү тонум менен бутумдагы чокоюмдун жылуулугунан эле калдым. Ойлоп коём, ити үйрөтүлгөн деп укчу элем, мени тигил кишиге таап берсе, эмне болом деп. Коркунучтуу ойлор боюмду ээлеп алды калтырак басып. Кудай жалгап мен жакка келген жок окшойт ити. Башымды кылтыйтып чыгарып аларды  улам-улам карап колм. Бир карасам үйүнүн эшигин ачып кирип кетишти. Отурган жеримден атып турдум да таякемдердики тарапты карай жыгылып-туруп чуркаган бойдон жетип келдим. Энем жаңы чыгып келатыптыр үйдөн. Мени көрүп эси ооп кала жаздады. Төшөктө ооруп жаткан баласы кыштын кыран чилдесинде издеп келгенин көрүп...

Эми минтип аз да болсо билимдин артына түшүп Россияда жашап калдым, орустар менен тууган-дос болушуп, — «отуз күндүк орустун майрамдарын чогуу тозуп, чочконун этин бирге ашап»* дегендей...

Ошентип, үч күн толук киндик кан тамган жеримде болуп, андагы чекеси оюлбаган эскермелеримдин кай бирлерин эстеп, бир капшытым толуп, эс алып жолдошум экөөбүз кайра кайттык. Сапар байсалдуу болду.

 

-----------------------------------------------

* Ала-мышык ки чине тоо кыркасы

* Промышленная артель (фабричная)

* Бриолин – чач май

* Шаркыратманын оозуна – жердин аты

 

Асанбек Токтомушев (Шакы)

 


Количество просмотров: 176