Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз / Котормолор
© Михаил Булгаков
© Кыргызчага которгон Улан Жунушбаев. Бардык укуктар корголгон
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2021-жылдын 7-майы

Улан Жанузакович ЖУНУШБАЕВ

Мастер менен Маргарита

Михаил Булгаковдун романынын котормосунан үзүндү. Кыргызчага которгон Улан Жунушбаев

 

БИРИНЧИ БӨЛҮГҮ

 

...Кимсиң сен деги?

– Мен дайыма жамандыкты самап жүргөн 

жана дайыма жакшылыкты жасап жүргөн

күчтүн бир бөлүгүмүн.

Гете. «Фауст»

 

1-глава

Эч убакта бейтааныш адамдар менен сүйлөшпөгүлө

 

Бир жолу жаз мезгилинин болуп көрбөгөн аптаптуу күнү батып баратканда, Москвада, Патриарх көлмөсүнүн жээгинде эки адамдын сөлөкөтү көрүндү. Бириси жайкы бозала костюм-шымчан, жапалдаш бойлуу, толукчурай, кашка баш, өзүнүн жакшынакай жалпак шляпасын колуна алып келатты, жылмакай жүзүнө эбегейсиз чоң кара мүйүз алкактуу көз айнек кийип алган. Экинчиси – кең далы, сап-сары, үрпөк баш, кежигесине чакмактуу кепкасын бастыра кийген жаш жигит – ковбойкачан, бырышкан ак шымчан жана кара тапичкечен. 

Бириси айтылуу Михаил Александрович Берлиоз болчу, Москвадагы ири адабий ассоциациянын, кыскача аталышы МАССОЛИТтин башкармасынын төрагасы жана чоң көркөм журналдын редактору, анын жаш жолдошу – акын Иван Николаевич Понырев, псевдоними Бездомный.

Көгөрүп бараткан липанын көлөкөсүндө жазуучулар эң алгач кызыл-тазыл боёлгон “Пиво и воды” жазуусу бар будкага жөнөштү. 

Айтмакчы, ушул каргашалуу май айынын кечинде биринчи таң каларлык нерсени белгилеп кетели. Жанагы будканын эле эмес, Малая Бронная көчөсүнө кош кеткен бүт аллеяда бир да адам көрүнбөдү. Ошол саатта, дем алууга да күч калбагандай убакта, Москваны кактаган күн кургак туманда Садовое кольцо көчөсүнүн нары жагына батып баратканда, — эч ким липа дарактарынын алдына келген жок, отургучтарга отурган жок, аллея да бош болчу. 

– Нарзан бергилечи, – сурады Берлиоз.

– Нарзан жок, – чакан будкада отурган аял жооп берди, эмнегедир таарынгансып. 

– Пиво барбы? – кирилдеген үнүн чыгарды Бездомный.

– Пивону кечинде алып келет, – жооп кайтарды аял.

– Эмне бар анан? – сурады Берлиоз.

– Өрүк суусундугу, жылуу, – деди аял.

– Мейли эми, мейли, мейли, бергилечи!..

Өрүк суусундугу арбын сары көбүк берди, абада чач тарач жыттанып калды. Суудан ичип, адабият ишмерлери ошол замат ыктыта башташты, акчасын төлөп, Бронная көчөсүнө аркасынан, көлмөгө карай отургучка отурушту. 

Ушул кезде Берлиозго гана тиешелүү экинчи кызыктай окуя болду. Ыктытканы күтүүсүз токтоп, жүрөгү какты да көз ирмемде алда кайда житип, анан кайра кайтып келди, бирок сыздатып сайган ийнеси менен. Мындан сырткары, Берлиозду негизсиз, бирок ушундай күчтүү коркуу сезими чулгап, Патриарх көлмөсүнөн ошол замат качып-бозуп кеткиси келди. Берлиоз кусалана тегерегин карап, аны эмне мынча коркутканын түшүнбөдү. Кумсара түшүп, чекесинен терин арчыды: “Мага эмне болгон? мындай болчу эмес эле... жүрөк ордунда эмес окшойт...же иштен чарчадымбы. Шайтан алгыр, бардыгын коюп, Кисловодскиге кетиш керек...”-деп ойлоп койду.

Ушул жерден анын алдындагы аптаптуу аба коюланып, ошол абадан түрү кызыктай айнектей болгон жаран токулду. Кичинекей башында жокейлер кийген баш кийим, абадан токулгандай чакмактуу кыска пиджак... Жарандын бою саржан, бирок ийиндери кууш, өзү өтө арык жана кебетеси, айтып коёюн, шылдыңчыл.

Берлиоз өз өмүрүндө укмуштуу көрүнүштөргө такыр көнгөн эмес. Өңү-түсүнөн кетип, көзү алайып: “Мындай болуп мүмкүн эмес!...” – деп арсар ойлоду.

Бирок, кантсе да, мунусу бет алдында турат жана денеси айнектей көрүнүп турган узун жаран жерге буту тийбей, маңдайында оңго-солго чайкалып турду. 

Ушул чакта Берлиоз ушунчалык үрөйү учкандыктан көзүн жума салды. Көздөрүн ачканда бардыгы бүткөнүн көрдү, чакмактуу кийим кийген неме жоголуп, анын аркасынан жүрөктөгү жанагы ийнеси да чыгып кеткенсиди. 

– Ух, шайтан алгырдыкы! – сүйлөдү редактор, – билесиңби, Иван, мына азыр ысыктан эсимди жоготуп ала жаздабадымбы! Галлюцинация болдум окшойт, – деп күлүмсүрөйүн деди, бирок көздөрү коркконунан ойноктойт, колдору калтырайт. 

Бара-бара тынчтанып, бет аачы менен жүзүн арчыды да өзүн шыктанта: “И-и, анан...” – деп өрүк суусундугун ичүү менен токтогон сөзүн улады. 

Ал сөзү, кийин билишкендей, Иисус Христос жөнүндө болгон экен. Редактор акынга журналдын кезектеги чыгарылышына динге каршы чоң поэма жазып кел деген тапшырмасын берет. Поэманы Иван Николаевич кыска мөөнөттө жаза салат, бирок, тилекке каршы, редакторго анысы такыр жакпайт.  Бездомный поэманын башкы каарманын, башкача айтканда Иисусту, өңчөй кара түскө боёп сүрөттөйт, ошого карабастан, редактордун пикири боюнча, поэманы жаңыдан жазып чыгуу керек. Мына ошондуктан редактор азыр, акындын негизги катачылыгын баса белгилеп кетүү үчүн Иисус жөнүндө лекция окуп отурду. Иван Николаевич эмнеден мүчүлүштүк кетиргенин айтууга кыйын – талантынын көркөмдүк күчүбү, же жазайын деген маселе боюнча такыр эч нерсени билбегендигиби, — айтор, Иисус анын сүрөттөлүшүндө өзүнө адамды тартпаган, бирок тип-тирүү персонаж болуп чыга келген. Берлиоз болсо акынга далилдеп бергиси келди – иштин бардыгы Иисустун жакшы же жаманында эмес, ошол Иисус адам катары жарык дүйнөгө келип жашаган эмес, ал жөнүндө болгон уламыштар – жөн гана ойдон чыгарылган сөз, кадимки эле жомок. 

Редактор көптү окуган адам болчу, өзүнүн сөзүндө байыркы тарыхчыларды, мисалы атактуу Александриялык Филонду, билими күчтүү Иосиф Флавийди билгирдик менен айтып өттү, алар Иисустун жашагандыгы жөнүндө кыпын сөзүн да таштап кеткен эмес. Кыйла эрудициясын көрсөтүп, анын ортосунда Михаил Александрович Тациттин даңазалуу “Анналдарынын” 15-китебинин 44-главасындагы Иисустун өлүм жазасы тууралуу айтылганы – бул жөн гана кийинки кошулмалар деп билдирди акынга. 

Акынга редактордун айткандарынын бардыгы жаңылык болду, ойноок жашыл көздөрү менен тиктеп, Михаил Александровичти кунт коюп угуп отурду, кээде гана ыктытып, өрүк суусундугун күбүрөнүп урушуп коёт.

– Чыгышта, — сүйлөп отурду Берлиоз, — күнөөсүз айым жарык дүйнөгө кудайды жаратпай койбогон бир да дин жок. Христиандар да, эч бир жаңы нерсени ойлоп таппай, өзүнүн Иисусун ошентип жаратып алышты, анысы болсо чынында жарык дүйнөгө келген да эмес. Мына ушуга эң негизги басымды жасаш керек...

Берлиоздун бийик тенор үнү ээн аллеяда жаңырып угулду, Михаил Александрович илим-билимдин чытырман токоюна, мындай токойго өтө эле билимдүү неме кирбесе, калгандары башын сындырчудай, ошол чытырманга кирген сайын – акын өзүнө көптөгөн пайдалуу жана кызыктуу нерселерди туюп отурду: египеттик Озирис, асман менен жердин  уулу, ырайымдуу кудай жөнүндө жана финикиялык кудай Фаммуз тууралуу, Мардук жөнүндө да, жада калса Мексикадагы ацтектер илгери өтө сыйынышкан белгилүү, каардуу кудай Вицлипуцли тууралуу да. 

Мына ошол Вицлипуцлинин сөлөкөтүн ацтектер камырдан жасашканын Михаил Александрович акынга айтып берип жаткан учурда аллеяда биринчи адам көрүндү. 

Кийин, чынын айтканда, кеч болуп калганда, ар кандай мекемелер ушул адамдын сүрөттөлүшү менен өз маалыматтарын беришти. Аларды салыштырсаң, таң калуудан оозуң ачылат. Алсак, биринде бул адам кичинекей бойлуу, алтын тиштери бар жана оң бутуна сылтып баскан деп айтылган. Экинчисинде – бул килейген адам, платинадан коронкасы бар жана сол бутуна сылтып басат деп жазган. Үчүнчүсү бул адамдын өзгөчө белгилери жок деп кыскача билдирген. 

Ушул маалыматтардын бири да жарабайт экендигин моюнга алуу керек. 

Бардыгынан мурда: аталган адам бир да бутуна сылтып баскан жок, бою болсо кичине де, чоң да эмес, жөн гана бийик бойлуу болчу. Тиштерин айта кетсек, сол жагынан коронкалары платинадан, оң жагынан – алтын. Кымбат баалуу боз костюмчан, чет өлкөлүк, костюмдун түсүндөй туфличен. Бозала беретти кулагына кыйшайта кийип алган, колтугунда башы кара пудель иттин түрүндөй аса таяк. Курагы кырктан ашып калган. Оозу кандайдыр кыйшык көрүнөт. Бети жылмакай кырынган.  Брюнет. Оң көзү кара, сол көзү эмнегедир жашыл. Каштары кара, бириси экинчисинен жогору турат. Бир сөз менен айтканда – чет өлкөлүк неме. 

Редактор менен акын отурган отургучтан өтүп, чет өлкөлүк неме аларды кыйшая карап туруп калды да, бир убакта коңшу отургучка, тигилерден эки карыш аралыкта отуруп алды.

“Немис”, – деп баамдады Берлиоз.

“Англис окшойт, – деп ойлоду Бездомный, – кара муну, мээлейчен ысыбаганын”.

Чет өлкөлүк неме болсо көлмөнү чарчы тегеректеген бийик үйлөргө көз чаптырды, бул жерди биринчи жолу көрүп жатканы жана бул жер аны кызыктырганы көрүнүп турду. 

Үстүнкү кабаттарга көз карашы токтоду, анын айнектеринде көздү уялткан жана Михаил Александровичтен түбөлүккө кетип бараткан күндүн сыныгы чагылышып турду, андан кийин ылдый жагын карады, ал жакта айнектер кечки караңгыдан карайып баратты, анан бир нерсеге күлүп койду, көзүн жүлжүйтүп, колдорун аса таяктын башына коюп, ээгин колдоруна жөлөдү. 

– Сен, Иван, – сүйлөп жатты Берлиоз, – Иисустун, кудай баласынын төрөлгөнүн аябай жакшы жана сатирикалык түрдө сүрөттөдүң, бирок иштин бардыгы ошол Иисуска чейин бир катар кудайдын балдары төрөлгөндө болуп жатпайбы, айтып кетсек, фригиялык Аттис, ал эми кыскартып айтканда, алардын бирөөсү да, Иисусту кошуп, чынында төрөлгөн эмес, анын төрөлгөнүн, олуялардын келгенин сүрөттөөнүн ордуна, ошол төрөлүү жөнүндө жаралган ушактарды жазсаң болмок... А болбосо, сенин аңгемең боюнча, ал чынында эле жарык дүйнөгө келген болуп жатпайбы!..  

Ушул жерден Бездомный жүдөткөн ыктытуусун токтотоюн деген аракетте дем алуусун кармады, бирок тескерисинче катуу ыктытып жиберди, ушул чакта Берлиоз да унчукпай калды, анткени чет өлкөлүк неме күтүүсүз тура калып, жазуучуларга карай жөнөдү.

Тигилер аны таңыркап карап калышты.

– Мени кечирип койгула, кичи пейилдикке, – жакын келип чет өлкөлүк акцент менен, бирок сөздөрдү туура сүйлөдү, – мен бейтааныш болсом да, кийлигишип жатканыма... бирок силердин илимий маектешүүңөр ушунчалык кызыктуу болгондуктан...

Бул жерден ал беретти саламдашып чечти, экөө да туруп, саламдашууга аргасыз болушту. 

“Жок, бул француз окшойт...” — деп ойлоп койду Берлиоз.

“Поляк?..” – деген ой келди Бездомныйга.

Кошумчалап кетели, акынга чет өлкөлүк киши өтө жаман таасир калтырды, Берлиозго болсо жакты, тактап айтканда, жакты эмес, көбүнесе кызыктырды десек туура болоор. 

– Уруксатпы, отурайын? – кичи пейил сурады чет өлкөлүк киши, тигилер эки жакка жылышты; чет өлкөлүк неме алардын ортосуна шамдагай отура калып, ошол замат маектерине аралашып кетти. 

– Эгерде мен жаңылыш угуп калбасам, силер Иисус бу дүйнөгө келген эмес деп айттыңарбы? – Берлиозго сол жашыл көзүн каратып сурады чет өлкөлүк киши. 

– Жок, сиз жаңылышкан жоксуз, – сылык жооп берди Берлиоз, – дал ушул сөздөрдү мен айтып отургам.

– Кандай кызык! кызыктуу экен! – деди чет өлкөлүк.

“Бул шайтан алгырга не керек?” – кабагын түйүп ойлонду Бездомный.

– А сиз болсо ушуга макулсуз? – Бездомныйга оңго кайрылып, бейтааныш маектешүүчүсү сурады.

– Жүз пайыз! – кооздоп, каймана сөз айтканды жакшы көргөн тигил ырастады. 

– Укмуш! укмуш! – чакырылбаган неме сүйлөдү, анан эмнегедир аркы-терки уурудай каранып, үнүн акырын чыгарды: – Мени тажаткыч катары көрбөгүлө, бирок түшүнүгүм боюнча, бардыгын коюп, силер кудайга да ишенбейсиңерби? – чочуган көзү менен карап, кошумчалады: – Антым урсун, эч кимге айтпаймын.

– Ооба, биз кудайга ишенбейбиз, – интуристтин чочулаганына күлүп, жооп берди Берлиоз. – Бул жөнүндө ээн-эркин сүйлөсөңөр болот.

Чет өлкөлүк отургучтун жөлөнгүчүнө жөлөнүп, кызыгуусунан үнү чыйылдагыча сурады: 

– Силер – атеистсиңерби?!

– Ооба, биз – атеистпиз, – күлүмсүрөп жооп берди Берлиоз, Бездомный болсо ойлоп койду, кыжыры келип: “Бу кандай чедиреңдеген чет өлкөлүк неме!” 

– О, кандай сонун! – кыйкырып жиберди чет өлкөдөн келген укмуштуу адам, башын бир тигил адабиятчыга каратып, бир беркисине буруп.

– Биздин өлкөдө атеизм эч кимди таң калтырбайт, — дипломаттай сылык сүйлөдү Берлиоз, – калкыбыздын көпчүлүгү кудай жөнүндө жомокторго эчак ишенбей калган. 

Бул жерден чет өлкөлүк киши мындай кылбадыбы: тура калып, айран таң калган редактордун колун кысты да, ыраазылыгын билдирди:

– Чын дилимден ыраазычылык билдирип кетүүгө уруксат этиңиздер! 

– Сиз эмне үчүн ыраазычылык билдирип атасыз? – көздөрүн ирмеген бойдон Бездомный сурады. 

– Мен саякатчы катары өтө маанилүү, өтө кызыктуу маалымат алганым үчүн, – деп маанилүү бир нерсени айткандай сөөмөйүн көтөрүп түшүндүрдү кызык киши. 

Маанилүү маалымат саякатчыга чын эле күчтүү таасир калтырган сыяктуу, анткени ал, ар бир терезесинде бирден атеистти көрүп ала тургансып, чочулап үйлөрдү карап чыкты.  

“Жок, бул англичан эмес...” – ойлоду Берлиоз, Бездомный болсо таңыркап койду: “Бул каяктан жакшы сүйлөп, тилди үйрөнүп алган, мына кызык!” – деп кайра кабагын бүркөдү.

– А бирок, бир суроо берейинчи, — тынчсызданып ойлонгондон кийин сурады чет өлкөлүк конок, — кудайдын бар экендигинин далилдери менен эмне кылыш керек, биздин билишибиз боюнча, туура беш далил бар го?

– Аттиң! – өкүнүчүн билдирип жооп берди Берлиоз, – ошол далилдердин бири да эч нерсеге татыбады, аларды адамзат эчак архивге тапшырган. Акыл-эс жагынан алып караганда кудайдын бар экендигинин эч бир далили болушу мүмкүн эмес, макулсузбу?

– Браво! – кыйкырып жиберди чет өлкөлүк киши, – браво! Сиз тынчы жок чал Иммануилдин бул тууралуу айткан ойлорун толугу менен кайталадыңыз. А бирок мына кызык: беш далилдин бардыгынын таш-талканын чыгарып туруп, өзүн өзү шылдыңдагансып, алтынчы далилин келтирбедиби! 

– Канттын далили да – түшүнгөнүнөн күлүмсүрөп макул болбоду билимдүү редактор, — ишенердик эмес. Бекеринен бул тууралуу Канттын ой-пикири кулдарды гана канааттандырат деп Шиллер айткан эместир да, ал эми Штраус бул далилине каткырып күлгөн.  

Берлиоз сүйлөп жатты, ойлору болсо ар-сар болуп турду: “Ким болду экен бул? Эмне үчүн биздин тилди жакшы билет?”

– Ошогул Кантты желкеден алып, жанагы далилдери үчүн айтылуу Соловки аймагына үч жылга айдаш керек! – күтүүсүз жерден айта салды Иван Николаевич.

– Иван! – уялып кетип шыбырады Берлиоз.

Бирок Кантты Соловкиге жиберүү сунушу чет өлкөлүк кишини таң калтырмак түгүл, шаттык маанайга келтире салды. 

– Туп-туура, туп-туура, – кыйкырды ал, ошондо Берлиозго караган жашыл сол көзү жалтылдап кетти, – ошол жакка айдаш керек! Айтпадым беле мен ага таңкы тамак алдында: “Сиз, профессор, оңтойсуз бир нерсе чыгардыңыз, чын эле! Аныңыз, балким, акылдуу болсо керек, бирок өтө түшүнүксүз. Сизди шылдыңдашат!” 

Берлиоздун көзү алайып калды. “Таңкы тамак алдында... Кантка?... Эмне деп дөөдүрөп жатат?” – ойлоду ал.

– Бирок, – чет жактан келген неме Берлиоздун айран калганына көңүл бурбай акынга кайрылып айтты, – Соловкиге аны айдап жибере албайбыз, анткени ал жүз жылдан бери Соловкиден алда канча ыраак жерде жүрөт жана аны, мага ишенип койгула, ал жактан чыгарууга эч мүмкүн эмес!

– Ка-ап! – добуш берди чыр акын.

– Мен да өкүнүчтөмүн! – көзүн жалтылдатып ырастады бейтааныш неме жана сөзүн улантты: – Бирок мындай бир суроо менин тынчымды алат: эгерде кудай жок болсо, анда адам баласынын өмүрүн ким башкарат жана деги жер жүзүндөгү тартипти ким койгон?

– Адам өзү эле башкарат, – кыжырдана жооп берүүгө шашты Бездомный ушул, чынын айтканда, көп түшүнүктүү эмес суроого.

– Мени кечирип койгула, – жумшак жооп берди бейтааныш неме, – бирдекени башкаруу үчүн бир аз убакытка болсо да, так план болуш керек эмеспи. Ошондо сиздерге суроо туулуп жатат: эгерде болоор-болбогон кыска мөөнөткө, алсак мисалы – миң жылга кандайдыр бир план түзүүгө мүмкүнчүлүгү болмок тургай, өзүнүн эртеңки күнүндө эмне болорун билбеген адам баласы кантип башкармак эле? Чынында эле, — бул жерден бейтааныш неме Берлиозго кайрылды, — элестеткиле, мисалы сиз өзүңөрдү жана башкаларды башкарып жатасыңар дейли, бийликтин даамын татып баштадыңар, анан мына месе – сиз... кхе...кхе...өпкө саркомасы менен ооруп калдыңыз...— бул жерден чет өлкөлүк неме жагымдуу күлүп койду, өпкө саркомасы жөнүндө айтылган оюнан ырахат алган сыяктанат, — ооба, саркома, — мышыктай көзүн жумуп кайталады өзүнө жаккан сөзүн, — мына ошондо сиздин башкарууңуз бүтөт! Өзүңөрдөн башка эч кимдин тагдыры сизди кызыктырбай калат. Жакындарыңар силерге калп айтып баштайт, сиз болсо, жаман ойго чөмүлүп, окумуштуу врачтарга кайрыласыңар, андан кийин эмчи-домчуларга, төлгөчүлөргө барасыңар. Тигиниси да, мунусу да жөн гана сандырак иш экендигин өзүңөр түшүнөсүңөр. Анан мунун бардыгы жамандык менен бүтөт: жакында эле башкарып жүрөмүн деген адам кыймылсыз жатат акка оролуп, айланадагылар болсо жаткан немеден эч пайда жоктугун түшүнүп, аны көргө көмүшөт, же өрттөп салышат. Кээде мындан да жаман болушу мүмкүн: Кисловодскиге барайын деп жаңы эле камынып калган адамдын,— бул жерден чет өлкөлүк киши Берлиозду карап көзүн жүлжүйттү,— бул иш сырттан жөп-жөнөкөй көрүнгөнү менен, бирок ошого да чамасы келбей калат, анткени түп-түз жерден чалынып жыгылып, трамвай алдында тебеленет да калат! Эмне, ал өзүнүн тагдырын ушинтип башкарып койдубу? Башка бирөө анын тагдырын ушул жолго салды деген туура болсо керек? – деп кызыктай күлкүсү менен күлдү бейтааныш неме. 

Берлиоз саркома жана трамвай жөнүндө жагымсыз аңгемесин кунт коюп укту, кандайдыр кычыткы ойлор башын тытмалап баштады. “Бул чет өлкөдөн эмес! Чет өлкөлүк эмес! – ойлоду ал, — бул деги бир кызыктай субъект экен... Бул өзү ким деги?”

– Сиздин, мен көрүп турамын, тамеки тарткыңыз келип турат? – Бездомныйга күтүүсүз кайрылды бейтааныш, — кандай тамеки тартасыз?

– Сизде эмне, ар кандай барбы? – папиростору түгөнгөн акын көңүлсүз сурады.

– Кандай тамеки тартасыз? – кайталады бейтааныш.

– Э-ээ, «Наша марканы», – кыжырдана жооп берди Бездомный.

Бейтааныш ошол замат чөнтөгүнөн портсигарды алып чыгып, Бездомныйга сунду:

– «Наша марка».

Редактор менен акынды портсигарда “Наша марка” тамекиси табылганы эмес, портсигардын өзү таң калтырды. Килейген, кызыл алтындан, капкагын ачканда үч бурчтуу бриллиант көк жана ак менен чагылышты.  

Мында адабиятчыларды ар кандай ойлор басты. Берлиоз: “Жок, чет өлкөлүк неме!”, Бездомный болсо: “Шайтан алгырдыкы! А?”

Акын менен портсигардын ээси тамеки түтөтүштү, тамеки тартпаган Берлиоз тамекини албай тим болду.

“Мындай деп каршы айтыш керек, — Берлиоз ичинен чечти, — ооба, адам акыры көз жумат, эч ким муну менен талаша албайт. Иштин бардыгы...”

Бирок ушул сөздөрдү айткыча, чет өлкөлүк неме сүйлөп кирди:

– Ооба, адам акыры көз жумат, бирок бул да эч нерсе эмес эле го. Кээде ал кокус, күтүлбөгөн жерден көз жумуп жатпайбы, мына ушунда иштин бардыгы! Деги эле бүгүн кечинде эмне кыларын да так айта албайт! 

“Маселенин өзү дайыны жок коюлган...” – ойлоп койду Берлиоз, анан каршы болду:

– Бул сөзүңөрдө аша чапкандык бар. Анткени бүгүн кечинде эмне кыларымды мен, так болбосо да, билемин. Албетте, эгерде Бронная көчөсүндө башыма кирпич түшпөсө...

– Кирпич өзүнөн өзү, – ынандыра сөзүн какты бейтааныш, — жөнү жок эч кимдин башына түшпөйт. Алсак, сиздин башыңарга ал, мага ишенип койгула, түшпөйт. Сиз башкадан өлүм табасыз. 

– Эмнеден өлүм табарымды билесиз окшойт? – какшыктап сурады Берлиоз тигинин дайыны жок маегине тартылып, – мага айтып койбойсузбу?

– Айтып берейин, – дароо макул болду бейтааныш. Ал костюм тикчүдөй болуп Берлиозду бир сыйра карап койду, анан күбүрөндү: “Бир, эки... Меркурий экинчи үйүндө... ай кетип калды... алтыда – кырсык... кечинде – жети...” – деп шаттана жарыя салды: — Сиздин башыңызды кесип таштайт! 

Бездомный калжактаган бейтаанышты көзү алайгыча тиртеңдеп карады, Берлиоз болсо анткор күлүп сурады:

– Кимиси кесет экен? Душмандарбы? Интервенттерби?

– Жок, – жооп берди маектешкен неме, – орус аял, комсомол.

– Гм... – мыңкылдады Берлиоз бейтааныштын тамашасына жини келип, – мунуңар, кечирип койгула, мүмкүн эмес.

– Кечиресиз, — жооп берди чет өлкөлүк киши, — бирок бардыгы ушундай болот.   И-и, баса, мен сизден сурагым келип турат, эгерде жашырын болбосо, бүгүн кечинде эмне кылайын деп турасыз?

– Жашырын эмес. Азыр мен Садовая көчөсүндөгү үйүмө барам, андан кийин кечки саат ондо МАССОЛИТте жыйналыш болот, мен төрагалык кылам. 

– Жок, мунуңар болушу мүмкүн эмес, – билген немедей макул болбоду чет өлкөлүк неме.

– Эмне үчүн?

– Анткени, – жооп берди чет өлкөлүк киши, көзүн жүлжүйтүп асманды карады – ал жакта кечки салкындын келерин сезип,  кара чымчыктар дыбышсыз сызып жүрүштү, – Аннушка семичкенин майын сатып алды, сатып алмак түгүл жалжайта төгүп салды. Ошондуктан жыйналыш бүгүн болбойт.

Бул жерден липа дарактарынын алдында, бардыгыбызга түшүнүктүү, жымжырттык орун алды.

– Кечирип коюңуз, – паузадан кийин Берлиоз сүйлөдү дөдүрөп жаткан чет өлкөлүк немени карап, – эмне болгон семичкенин майын... жана кайсы Аннушканы айтып жатасыз?

– Эмне болгон семичкенин майы экенин мен айтайын, – деп сүйлөп кирди Бездомный, чакырылбаган конокту шыпырылбаган жерге отургузайын дегенсип, – сиз, урматтуу, жиндилердин ооруканасында болгон эмес белеңиз? 

– Иван!.. – акырын тыйды Михаил Александрович.

Бирок чет өлкөлүк киши кыпындай да таарынбастан, жайдары каткырып жиберди.

– Болгом, болгом – нечен жолу! – күлүп, бирок күлбөгөн көздөрүн акындан албай сүйлөдү, – каякта гана болгон жокмун! Профессордон гана сурабай калыптырмын, шизофрения деген эмне экенин. Сиз өзүңүз эми сурап алыңыз, Иван Николаевич!

– Менин аты-жөнүмдү каяктан билесиңер?

– Мына сага, Иван Николаевич, ким сизди билбейт? – бул жерден чет өлкөлүк киши чөнтөгүнөн кечээки “Литературная газетанын” номерин алып чыкты, анын биринчи бетинде Иван Николаевич өзүнүн сүрөтүн көрдү, сүрөтүнүн алдында ырлары басылган. Бирок кечээ эле кубандырган атак-даңктын далилдери бул жолу акынды такыр шыктандырган жок. 

– Кечиресиз, – карайган жүзү менен суранды, – бир мүнөткө күтө турасыңарбы? Мен шеригиме эки сөз айтышым керек болуп турат.

– О, албетте! – деди бейтааныш неме, – бул жерде, липанын алдында жакшы экен, а мен болсо эч кайда шашкан жокмун.

– Менин айтаарым, Миша, – Берлиозду нары сүйрөп, шыбырады акын, – бул эч кандай интурист эмес, бул шпион. Бизге кайра өтүп келген орус эмигранттарынын бири. Документтерин сурайлы, кетип кала электе...

– Ошондой деп ойлойсуңбу? – тынчсыздана шыбыранды Берлиоз, өзү болсо ойлоп койду: “Чын эле ошондой окшойт!”

– Мага ишенип койсоң болот, – кирилдеди тигинин кулагына акын, – аңкоо немедей жүрөт бирдекелерди сурап. Сүйлөгөнүн уктуңбу, бизден айырмасы жок, – акын кобурашып турса да, тигини качып кетпесин үчүн көз кыйыгы менен байкап турду, – жүр, качып кете электе кармап калалы...

Акын Берлиозду колунан отургучка карай тартты. 

Бейтааныш отургучтун жанында туруптур, колунда тышы бозала-кара китепче бар, жакшы кагаздан калыӊ конверт жана визиттик карточка.

– Кечирип коюӊуз, маектешүүнүн кызуусунда мен өзүмдү тааныштырбай кетиптирмин. Мына менин карточкам, паспортум жана Москвага консультация үчүн чакыруу, — эки адабиятчыны бургулай карап, бейтааныш салмактуу кескин сүйлөдү. 

Тигилер алдаӊдай түштү. «Шайтан алгыр, бардыгын уккан окшойт,» — деп ойлоду Берлиоз жана документтерди көрсөтүүнүн кажети жок дегенсип колу менен сылык көрсөтүп койду. Чет өлкөлүк неме документтерди редакторго сунуп жатканда акын карточкада чет тилдеги тамгалар менен басылган «профессор» деген сөздөрдү жана  фамилиясынын баштапкы тамгасын – эки «В» көрүп калды. 

– Жакшы, – оӊтойсузданып кобурады редактор, чет өлкөлүк болсо документтерин чөнтөгүнө катты. 

Ошентип мамиле кайрадан түзөлүп, үчөө теӊ отургучка отурду. 

– Сиз консультант катары бизге чакырылдыӊызбы, профессор? — сурады Берлиоз.

– Ооба, консультант катары.

– Сиз – немис окшойсуз? – Бездомныйдын билгиси келди.

– Менби?.. – суроосуна суроо берди профессор, ойлонуп калды. – Ооба, немис десеӊер болот ... – деди ал.

– Сиз тилди жакшы билет экенсиз, – оюн айтты Бездомный.

– О, мен полиглотмун, көп тилди билемин, – жооп берди профессор.

– Сиздин кесибиӊиз кандай? – Берлиоздун да кабар алгысы келди.

– Мен – кара сыйкырчылык боюнча адисмин.

«Мына сага!» – Михаил Александровичтин башына бир тийди.

– Анан... анан ушул адистик боюнча сизди чакырыштыбы? – суроону берүүгө батынды ал.

– Ооба, ушул боюнча чакырышты, – ырастады профессор, анан түшүндүрдү: –Мамлекеттик китепканада кара китепчи, онунчу кылымдагы Герберт Аврилакскийдин түп нускалуу кол жазмалары табылыптыр, мен ошолорду чечмелешим керек. Дүйнө жүзүндө мен бул боюнча жалгыз адисмин. 

– А-а! Сиз тарыхчысызбы? – жеӊилдеп, урматтоо менен сурады Берлиоз.

– Мен – тарыхчымын, – ырастады илимпоз, анан эч бир жөнү жок кошумчалап койду: – Бүгүн кечинде Патриарх көлмөсүндө тарыхый окуя болот!

Редактор да, акын да айран-таӊ калышты, профессор болсо экөөнү теӊ жаӊсап чакырды, алар эӊкейип тыӊшаганда, шыбырады:

– Билип койгула, Иисус бу дүйнөгө келген.

– Билесизби, профессор, – анткор күлүп, Берлиоз сүйлөдү, – биз сиздин билимдүү-илимдүү экениӊизди сыйлайбыз, бирок бул маселе боюнча көз карашыбыз башка. 

– А эч кандай көз караштын кереги жок! – жооп берди кызыктай профессор, – ал бу дүйнөгө келгенин билип койгула, болду.

– Бирок кандайдыр бир далил болушу керек да... – деп баштады эле Берлиоз.

– Эч кандай далилдин кажети жок, – деп жооп берди профессор, анан акырын сүйлөп кирди, акцент менен сүйлөгөнү эмнегедир жоголуп кетти: – Жөн гана: ак плащчан...

 

2-глава

Понтий Пилат

 

Ак плащчан кан түстүү ичилиги менен, шарк эттире басканы кавалериядагы адамдай, жазгы нисан айынын он төртүндө, таӊга маал, улуу ирод сарайынын эки канатынын ортосундагы үстү жабылган колоннадага Иудеянын прокуратору Понтий Пилат чыкты. 

Прокуратордун эӊ жаман көргөнү кызгылтым майдын жыты болчу, мына ушул жыт таӊдан бери прокуратордун аркасынан ээрчип жүргөндүктөн, күн жакшы эмес болгону турат окшойт. Прокураторго кызгылтым жытты кипарис менен пальмалар чыгарып жаткандай сезилди, конвой менен теринин жытына каргашалуу кызгылтым майдын деми аралашкандай. Ершалаимге прокуратор менен кошо келген он экинчи куюндай легиондун биринчи когортасы жайгашкан хан сарайдын ичиндеги флигелдерден колоннадага бак-дарактардын үстүӊкү аянтчасы аркылуу түтүндүн жыты келип атты, кентурияларда ашмачылар түшкү тамакты даярдап баштаганы жөнүндө айтып турган ачуу жытка баягы эле майлуу кызгылтым жыт аралашып турат. О кудай ай, кудай ай, эмне үчүн мынча жазык тарттым?  

«Ооба, буга шек жок! Бул кайра эле баягы жеӊилгис, жаман оору гемикрания, жарым башыӊ сынчудай ооруйт. Бул оорудан даба жок, качып да кутула албайсыӊ. Башымды жылдырбай кармап турайынчы».

Фонтандын жанындагы мозаика полдо кресло даярдалган, прокуратор эч кимди карабай, ошол креслого отуруп, колун каптал тарапка сунду.

Катчы таазим этип пергаментти колуна берди. Оорутканы жүзүнөн көрүнүп, прокуратор жазылганга көз кыйыгын салды, пергаментти катчыга кайтарды да араӊ сүйлөдү: 

– Тергөөдөгү адам Галилеяданбы? Тетрархка иш жиберилди беле?

– Ооба, прокуратор, — жооп берди катчы.

– Ал эмне дейт анан?

– Иш боюнча ал корутунду берүүдөн баш тартып, Синедриондун өлүм жазасын сиздин бекитүүӊүзгө жиберди, — түшүндүрдү катчы.

Прокуратор бетин кыйшайтып, акырын сүйлөдү:

– Айыпталуучуну алып киргиле.

Ошол замат бак-дарактардагы аянтчадан колонналардын алдына, балконго эки легионер жетелеп келип, прокуратордун креслосунун маӊдайына жыйырма жети жаш чамасындагы адамды тургузуп коюшту. Бул адам эски жана айрылган көгүлтүр хитон кийинген экен. Башында ак орогучу чекесине байланган, колдору аркасында байлануу. Сол көзүнүн алды көгөргөн, оозунун бурчу жарылган, уюган каны менен. Жетелеп келинген адам кооптоно кызыгуу менен прокураторду карады. 

Тигил унчукпай туруп, анан акырын арамеялыкча сурады:

– Сен Ершалаимдеги храмды талкалоого чакырдыӊ беле?

Прокуратор таш сымал катып калгандай отурду, сөз сүйлөгөндө эриндери гана кыймылдайт. Прокуратор албырттаган чыдагыс баш оорусунан кыймылдоого заарканып таштай заӊкыйып отурду. 

Колдору байланган адам алдыга талпынып, сүйлөп баштады:

– Боорукер адам! Ишенип кой...

Бирок прокуратор баягыдай эле кыймылдабастан жана эч бир үнүн көтөрбөй, ошол замат тигини кагып салды:

– Сен мени боорукер адам деп атасыӊбы? Жаӊылышасыӊ. Ершалаимде мени кара мүртөз деп айтышат, бул чын, — деп ошондой эле кош көӊүлдүк менен кошуп койду: — Кентурион Крысобой келсин. 

Өзгөчө кентурияны жетектеген, Крысобой деген атка конгон кентурион Марк прокуратордун алдына келип турганда, балкондо караанынан караӊгылай түшкөнсүдү. 

Крысобой легиондогу эӊ бийик жоокерден алда канча жогору болчу жана далысы ушунчалык кеӊдигинен көтөрүлө элек күндү далдалап салды. 

Прокуратор кентурионго латынча кайрылды:

– Кылмышкер мени «боорукер адам» деп атат. Бир саамга бул жерден чыгарып, мени менен кантип сүйлөшүү керектигин түшүндүрүп койгула. Көп урбагыла.

 

Кыймылсыз прокуратордон башка бардыгы Марк Крысобойду көздөрү менен жөнөтүштү, тигил камактагы адамга колун шилтеп, мени менен баскын дегенсиди. 

Крысобойду, ал кайсы  жерде көрүнбөсүн, бардыгы көздөрү менен жөнөтүшчү — анын эбегейсиз боюнан, ал эми ким аны алгач көрүп жаткан болсо – кентуриондун түрү бузугунан: мурду герман чокморунун соккусунан жарылган болчу. 

Марктын оор өтүктөрү мозаикадан күрүлдөп өттү, колу байланган адамдын басканы угулган жок, колоннадада болсо жым-жырттык орун алды, балкондун жанындагы бак-дарактардын аянтчасында көгүчкөндөр күркүлдөгөнү гана угулат жана фонтандагы суу өзүнүн жагымдуу ойго чөмдүргөн ырын ырдап жатты. 

Прокуратор тура калып, чекесин суунун агымына тосуп, көпкө чейин кыймылдабай тургусу келди. Бирок бул да жардам бербесин билет. 

Камактагы адамды колонналардан бак-дарактарга чыгарып, Крысобой колодон жасалган статуянын жанында турган легионердин колунан узун камчыны алды да керилбей туруп камактагынын ийиндеринен тарта салды. Кентуриондун кыймылы болор-болбос жана жеӊил көрүндү, бирок байланган адам чалгы менен чапкандай жерге сулай кулады, аба жетпей энтигип, жүзү кумсарып, көздөрү аӊтарылды. Марк сол колу менен бош капты көтөргөндөй, кулаган адамды жеӊил көтөрүп буттарына койду да, киӊкилдеп, арамеялык сөздөрдү жакшы айталбай сүйлөдү:

– Рим прокураторуна игемон деп кайрылат. Башка сөз айтуунун кажети жок. Түз туруш керек. Сен мени түшүндүӊбү же дагы урайынбы? 

Камактагы адам шалк этти, бирок өзүн кармады, бетине кан жүгүрүп, демин түзөдү да кырылдап жооп берди:

– Мен сени түшүндүм. Урба мени.

Бир аздан кийин ал кайрадан прокуратордун алдына келип турду. 

Үлдүрөгөн оорулуу үн угулду:

– Аты-жөнүӊ?

– Меникиби? – шашыла жооп берди камактагы адам, бүт кебетеси менен каарына калбайын, зээндүү жооп берейин дегенин билдирип.

Прокуратор акырын сүйлөдү:

– Меники – мага белгилүү. Көп макоолонбогун. Сеники. 

– Иешуа, – шашыла жооп берди камактагы адам.

– Башка коюлган атыӊ барбы?

– Га-Ноцри.

– Каяктансыӊ?

– Гамала шаарынан, – деп жооп берди, башы менен тээтиги алыста, оӊ жакта, түндүк тарапта Гамала шаары бар дегенсип. 

– Каныӊ боюнча кимсиӊ?

– Так билбеймин, – ошол замат жообун берди камактагы, – ата-энем эсте калган жок. Мага айтышкандай, атам сириялык болчу… 

– Туруктуу жашаган жериӊ барбы?

– Туруктуу жашаган жерим жок, – тартынып жооп кайтарды камактагы адам, – шаардан шаарга саякаттап жүрөмүн.

– Кыска сөз менен муну селсаяк деп коёт, – деди прокуратор, анан сурады: – Туугандарыӊ барбы?

– Эч кимим жок. Мен жалгызмын бу дүйнөдө.

– Сабаттуусуӊбу?

– Ооба.

– Арамеялыктан башка тил билесиӊби?

– Билемин. Грек тилин.

Шишимек тарткан кабагы көтөрүлүп, азап чеккенден мунарыктанган көзү камактагы адамды тиктеди. Экинчи көзү жабылган бойдон калды.

Пилат грек тилинде сүйлөдү:

– Храмдын имаратын бузууга элди сен чакырдыӊ беле? 

Мында камактагы бир аз жанданып, көздөрүнөн корккону кетип, грек тилинде сүйлөп баштады:

– Мен, боору... – ката сөз оозунан чыгып кете жаздаганына камактагынын көздөрү корккон төөдөй алайды, – мен, игемон, өмүрүмдө храмдын имаратын бузууга ниеттенген эмесмин жана эч кимди мындай дайыны жок аракетке түрткөн жокмун. 

Айтылган сөздөрдү жапыс столдо бүкчүйүп жазып жаткан катчынын жүзү таңыркады. Ал башын көтөрүп, бирок ошол замат пергаментке кайра үңүлдү. 

– Бул шаарга майрамга көп ар кандай адамдар келет. Алардын ичинде сыйкырчылар, астрологдор, көзү ачыктар жана киши өлтүргөндөр, — бир калыпта айтып жатты прокуратор, — алардын ичинде калпычылар да бар. Сен, мисалы, калпычысың. Бул жерде так жазылып турат: храмды бузууга чакырган деп. Ушинтип эл айткан.

– Бул боорукер адамдар, – сүйлөдү камактагы, анан шашыла кошуп: – игемон, –улантты: –жакшы таалим албай, менин айтканымдын бардыгын чаташтырып салыптыр. Ушундай чаташтырганы дагы көпкө чейин уланабы деп кооптоно баштадым. Бардыгы менин аркаман туура эмес жазып жүргөн адамдан болуп жатат. 

Бир паска жымжырттык орун алды. Эми ооруган эки көзү тең камактагыны оор тиктеп турду. 

– Кайталаймын сага акыркы жолу: жин тийген болуп анткорлонбогун, каракчы – деди Пилат акырын жана бир калыпта, – сага көп жазылган жок, бирок ошол жазылганы сени асып таштоого жетиштүү.

– Жок, жок, игемон, – ишендирүү ниетинде өзүн жыйнап сүйлөдү камактагы, – жүрөт бирөө эчкинин терисинен жасалган пергамент менен, жүрөт да тынымсыз жазат. Бир жолу ошол пергаментке көз чаптырсам, айланайын, чачтарым тик турду – андагы жазылгандын бирин да менен айткан эмесмин! Мен ага жалынып-жалбардым: өрттөп салчы кудайдын сообуна алдагы пергаментиңди! Бирок аны колуман жула качып кетпедиби.

– Ким ал? – чыкыйын колу менен кармагылап, жийиркенүү менен сурады Пилат.

– Левий Матвей, – күттүрбөй түшүндүрдү камактагы, – алык-салык чогултуучу болчу, мен аны менен алгач Виффагияга бараткан жолдо, анжыр жемиш багынын бурчу чыккан жерде жолугуп сүйлөшкөнбүз. Башында мени жаман көрүп, кемсинтейин дегенсиди, мени ит дегени менен кемсинтип жатамын деп ойлогон окшойт, — бул жерден камактагы күлүп койду, — ушул сөзгө таарына тургандай, мен бул жаныбардын эч бир жамандыгын билбеймин...

Катчы жазганын токтотуп, таң калган көз карашын уурданып таштады, бирок камактагы адамга эмес, прокураторго. 

– ...бирок менин сөздөрүмдү угуп, көңүлү акырындап жибиди, — улантты сөзүн Иешуа, — акыры акчаларын жолго таштап, мени менен саякаттап жүрөмүн деп айтты...

Пилат сары тиштерин ырсыйтып, бир бети менен күлдү, катчыга тулку бою менен кайрылып сүйлөдү:

– О, Ершалаим шаары! Эмнени гана мында укпайсың. Алык-салык чогултуучу, уктуңарбы, акчасын жолго таштаган имиш! 

Буга кантип жооп берерин билбей, катчы Пилаттын күлкүсүн туурап койгонду туура көрдү. 

– Акчаны мен жек көрүп калдым деп айтты мага, — түшүндүрдү Иешуа Левий Матвейдин кызыктай аракеттерин, анан кошуп койду: — Ошондон бери менин сапарлашым болуп жүрөт. 

Дагы эле тиштерин арсайтып, прокуратор камактагыны карап койду, анан тээтиги сол жакта ылдый алыста жаткан гипподромдун атчандар статуяларынан өөдө көтөрүлүп бараткан күндү карады, ошондо бук болуп кыйналып тургандыктан эмнегедир ойлоп койду – мынабу ообу жок каракчыны: “Асып салгыла” деген эки сөз менен балкондон кууп жиберсемчи. Конвойду кетирип, колоннададан ак сарайдын ичине кетсең, бөлмөнү караңгылатып, төшөккө куласаң, анан муздак суу алып келдирип, кыйналган үнү менен Баңга итин чакырса, гемикрания кыйнап жатканын айтып берсе итине.  Прокуратордун ооруп жаткан башына уу жөнүндө ойлор кылт этип келип, жагымдуу көрүндү. 

Бүдөмүктөнгөн көздөрү менен камактагыны карап, бир аз убакыт унчукпай турду, эмне үчүн эртең мененки ырайымсыз Ершалаимдеги күнгө какталып, анын алдында токмоктолгон бетин каратып, камакка алынган адам турат жана дагы кандай эч кимге кереги жок суроолорду бериши керек дегенсип эстей албай кыйналгансыйт.  

– Левий Матвей? – кирилдеген үнү менен сурады башы ооруп жаткан адам, анан көзүн жумду. 

– Ооба, Левий Матвей, – кыйнаган бийик үн угулду. 

– Базардагы элге храм жөнүндө эмне айттың эле?

Жооп берип жаткандын үнү Пилаттын чыкыйына сайгылагандай кыйынап турду жана ошол үн сүйлөп жатты:

– Мен, игемон, эски ишенимдин храмы кулайт жана чындыктын жаңы храмы курулат деп айткам. Түшүнүктүү болсун деп ушинтип айткам. 

– Сен эмне үчүн, селсаяк, базарда элди азгырып, чындык жөнүндө эч нерсе билбей туруп, ал тууралуу сөз кылып жаттың? Чындык деген эмне өзү?

Ушул жерден прокуратор өзүн жектеди: «О, кудай ай! Мен дайыны жок нерсени сотто сурап отурам... Менин акылым мага баш ийбей калган окшойт...». Кайрадан ал кара суюктугу толгон чыныны элестетти. «Уу болсо гана, уу!»

Ошондо ал тигинин үнүн укту:

– Чындык, бардыгынан мурда, сенин башың ооруп жатканында болуп турат, башың ушунчалык катуу ооругандыктан сен жүрөк заада болуп, өлүм жөнүндө ойлоп турасың. Сага мени менен сүйлөшмөк түгүл, көзүңдү көтөрүп кароого кыйын болуп жатат. Мен азыр, өзүм андайды каалабасам дагы, сени кыйнап жаткан болуп турам. Сенин ойлонууга да дараметин жок, бу дүйнөдө жакын көргөн жалгыз итиң бар экен, ошол келсе экен деп тилеп жатасың. Бирок кыйналганың азыр кетет, башыңдын ооруганы басылат. 

Катчы көздөрүн алайта камактагыны карап, сөздүн аягына чейин жазган жок.

Көзүнөн кыйналганы көрүнгөн Пилат камактагыны карады, күн гипподромдон кыйла бийик көтөрүлгөнүн, күндүн нуру колоннадага кирип, Иешуанын тапталган сандалийлерине жетип калганын, тигил болсо күндөн кетенчиктеп турганын көрдү.

Прокуратор ордунан туруп, башын колдору менен мыкчыды, анын кырылган саргыч бетинде үрөйү учканы көрүнө калды. Бирок ал ошол замат өзүн чогултуп, кайрадан креслого отурду.

Камактагы адам болсо сөзүн улантып атты, бирок катчы эч нерсесин жазган жок, мойнун кааздай керип, бир сөзүн калтырбай угууга далалат кылды.  

– Мына, баары бүттү, – деди камактагы, Пилатты жактыра карап, — мен буга сүйүнүп турам. Мен сага, игемон, кеңеш берээр элем, убактылуу ак сарайыңды таштап, тегерек четке чыгып, мейли алдагы Елеон тоонун бетиндеги жемиш бактарында жөө басып сейилдеп келсең. Жаан-чачын, — камактагы артын карап, күнгө көзүн жүлжүйттү, — ананыраак,  кечкурун башталат. Сейилдеп басканың сага чоң пайда болоор эле, а мен болсо жан дилим менен  сени коштоп бармакмын. Мага азыр жаңы жакшы ойлор келди, сен үчүн алар өтө кызыктуу болмок, мен аларды сага чын көңүлүм менен айтып берээр элем, анткени сен акылдуу адам көрүнөсүң.

Катчы өлөөрчө кумсара түшүп, түрүлгөн кагазын жерге түшүрүп алды. 

– Балээнин бардыгы, – эч кимдин “ай, кой” деген сөзүн укпагандыктан улантып атты сүйлөгөнүн байланган адам, – сен элден өтө четтеп жашайт экенсиң, адамга болгон ишенимиңди такыр жоготконсуң. Чын эле, карап көрсөң, жалаң бир итке жакшы көргөнүңдү байлап койгонуң болбойт да. Жашооң жарытпас болуп калган, игемон, – деп сүйлөп жаткан адам жылмайып койду.

Катчы уккан сөздөргө ишенээр-ишенбээрин билбей отурду. Ишенбеске болбойт. Ошондо ал камактагынын болуп көрбөгөн одоно сүйлөгөнүнө ачуулуу прокуратор кантип жиндене турганын элестетейин деп, прокураторду канчалык жакшы билсе да, элестете албай койду. 

Кирилдеп бузулган үнү менен прокуратор латынча буйруду:

– Колун чечкилечи.

Конвойдогу легионердин бири найзасын жерге так эттире коюп, өнөгүнө тапшырды да, басып келип камактагы адамдан жиптерди чечти. Катчы  түрүлгөн кагазын көтөрүп, азырынча эч нерсе жазбайын жана эч нерсеге таңыркабайын дегенсип отурду. 

– Чыныңды айтчы, – грек тилинде акырын сүйлөдү Пилат, – сен улукман табыпсыңбы?

– Жок, прокуратор, мен табып эмесмин, – бырышкан, кызарып шишиген колдорун ырахаттануу менен сүрткүлөп, жооп берди камактагы.

Пилат көздүн төбөсү менен оюп жерчүдөй камактагыны кыран карап турду, бул көздөрүндө жанагыдай бүдөмүктүгү жоголуп, бардыгына таанымал жарк эткени пайда болду. 

– Мен сурабаптырмын, – деди Пилат, – сен, балким, латын тилин да билет окшойсуң? 

– Ооба, билемин, – жооп берди камактагы.

Пилаттын саргайган беттерине кызыл жүгүрдү, ал сурады латынча:

– Итти чакырып алайын деген ниетимди сен кайдан билдиң? 

– Бул жөнөкөй эле, – жооп берди камактагы адам латынча, – сен колуӊ менен абаны сыладыӊ, — камактагы адам Пилаттын аба сылаганын туурады, – анан эриндериӊ шыбырады...

– Ооба, – деди Пилат.

Унчукпай турушту, анан Пилат грек тилинде суроо берди:

– Демек, сен табып экенсиӊ да?

– Жок, жок, – дароо жооп берди камактагы, – ишенип кой, мен табып эмесмин.

– Мейли эми. Эгерде муну жашырамын десеӊ, жашыра бер. Бунун ишке түздөн-түз тиешеси жок. Айтмакчы, сен храмды талкалап… же өрттөп салып, же башка ыкма менен жок кылууга чакырган эмесмин деп айтып жатасыӊбы?

– Мен, игемон, эч кимди мындай аракетке түрткөн эмесмин, кайталаймын. Мен акылы кем адамга окшошуп турамынбы?

– Ооба, сен акылы кем адамдай эмессиӊ, – акырын жооп берди прокуратор, өзүнүн жаман күлкүсү менен күлүп койду, – анда ушуну айткан эмесмин деп карганышыӊ керек.

– Кантип карганып берейин? – колу бошогондон жандана түшүп сурады тигил. 

– Өмүрүӊ менен каргангын, — жооп кайтарды прокуратор,— дал азыр ошонуӊ туура болоор, анткени өмүрүӊ кылдын учунда турат, ушуну бил! 

– Кылдын учуна өзүӊ илип койгондой айттыӊ го, игемон? – сурады камактагы, — эгерде ошентип ойлосоӊ, сен жаӊылышасыӊ. 

Пилат селт этип, тиштене жооп берди:

– Менин ошол кылды кесип салууга дарманым бар. 

– Мында да жаӊылыш айтып турасыӊ, — колу менен күндөн калкалап, ачык күлүмсүрөй макул болбоду камактагы, — кылды ким илсе, ошол гана аны кесе алат го дейм, туурабы?  

– Ооба, чын эле, – жылмая сүйлөдү Пилат, – эмне үчүн колу бош аӊкоо немелер Ершалаимде аркаӊан ээрчип жүргөнүн мен эми түшүнүп турам. Тилиӊ буудай кууруйт экен, билбейм мындайды кимден үйрөнгөсүӊ. Ии, баса, айтчы: Ершалаимге Суз дарбазасы аркылуу эшекке минип алып, сени пайгамбар тутуп чакырган кара букаранын коштоосунда келдиӊ белеӊ? – бул жерден прокуратор түрүлгөн пергаментти көрсөттү.

Камактагы таӊыркап прокураторду карады.

– Менин эшегим да жок, игемон, – деди ал. – Ершалаимге чын эле Суз дарбазасы аркылуу кирдим, бирок жөө келгем, жанымда Левий Матвейден башка эч ким жок болчу, анткени мени ал убакта Ершалаимде эч ким билчү да эмес. 

– Сен мынабуларды билбейсиӊби, – камактагыдан көзүн албай улантты сөзүн Пилат, – Дисмас жана Гестас, үчүнчүсү – Вар-равван?

– Бул боорукер адамдарды мен билбеймин, – жооп берди камактагы.

– Чынбы?

– Чын.

– Эми айтчы мага, сен эмне үчүн эки сөзүӊдүн бирин «боорукер адам» деп кайталайсыӊ? Сен эмне, бардыгын ушинтип айтасыӊбы?

– Бардыгын, – жооп берди камактагы, – таш боор адамдар дүйнөдө жок. 

– Биринчи жолу ушундайды угуп жатам, – деди Пилат, кыйшая күлүп, – балким мен жашоону жакшы билбейт окшоймун! Калганын жазбай эле койгула, – кайрылды катчыга, тигил эч нерсе жазбаса деле, анан камактагыга сөзүн улантты: – Кайсы бир грек китептеринен ушундайды окудуӊ белеӊ?

– Жок, мен буга өзүмдүн акылым менен жеттим. 

– Ушуну насыят кылып айтып жүрөсүӊбү?

– Ооба.

– Мына, мисалы, кентурион Марк, аны Крысобой деп коюшат, – ал – боорукерби?

– Ооба, – жооп берди камактагы, – бирок ал бактысыз адам. Боорукер башка адамдар анын кебетесин кетиргенден кийин ал мыкаачы жана мерез болуп калган. Ким анын кебетесин мынчалык бузган, кызык болуп турат. 

– Муну мен айтып бере алам, – алик алды Пилат, – анткени ошого күбө болгом. Боорукер адамдар аюуну талаган иттердей жабалактап каптаган. Германдыктар мойнуна, колдоруна, буттарына жармашкан. Пехоталык манипул курчоодо калган, эгерде мен башкарган кавалериялык турма флангадан алардын катарына жарып кирбесе, сен, философ, Крысобой менен азыр сүйлөшмөк эмессиӊ. Бул Идиставизодо, Кыздар өрөөнүндөгү салгылашууда болгон. 

– Эгерде сүйлөшүп көрсөм, – күтүүсүз кыялдана сүйлөдү камактагы, – менин көзүм жетип турат, ал кескин өзгөрүлмөк.

– Эгерде кайсы бир офицер же аскер менен сүйлөшүп кирсеӊ, – деди Пилат, – легиондун легаты буга ыраазы болмок эмес деп ойлойм.  Баарыбыздын бактыбызга, мындай кыял-жоругуӊа жол берилбейт жана эӊ биринчи ушуга жол бербей турган адам мен боломун. 

Ушул чакта колоннадага чабалекей кайкып учуп кирди да, алтын шыпты тегеренип ылдыйлады, нишадагы жез статуянын жүзүнөн учтуу канаты менен сылай өтүп, колоннанын 

Анын учуп жүргөнүн байкаган прокуратордун азыр ачык жана жеӊил ой жүгүртүүсүндө өзүнчө бир формула түзүлүп калды. Ал төмөнкүдөй болчу: игемон салсаяк философ Га-Ноцри ысымындагы Иешуанын ишин териштирип, анда кылмыштын белгилерин тапкан жок. Тактап айтканда, жакында Ершалаимде болуп өткөн башаламандыктар менен Иешуанын аракеттеринин ортосунда кыпындай байланышы жок экен. Кыдырма философ жин оорулуу болуп чыкты. Ушундан улам Га-Ноцриге Кичи Синедрион чыгарган өлүм жазасын прокуратор бекитпейт. Бирок Га-Ноцринин акылга сыйбас, утопиялык сөздөрү Ершалаимде элди дүрбөлөӊгө салбаш үчүн прокуратор Иешуаны Ершалаимден алыстатып, Жер ортолук деӊиздеги Стратон Кесариясында, башкача айтканда прокуратордун резиденциясы жайгашкан жерге камакка алат. 

Ушуну эми азыр катчыга жаздырып коюу керек. 

Чабалекейдин кайкып учкан канаттары игемондун так башынан шырп этип, чымчыктын өзү нары фонтан тарапка  умтула, ээнге учуп кетти. Прокуратор көзүн камактагы адамдан көтөрүп, анын жанында уюлгуп өөдө көтөрүлгөн чаӊ күйгөнсүп турганын көрдү.  

– Бул тууралуу бүттүбү? – катчыдан сурады Пилат.

– Жок, тилекке каршы, – күтүүсүз жооп берди катчы, анан Пилатка пергаменттин башкасын берди. 

– Дагы эмнеси бар? – Пилат сурап, кабагын түйдү. 

Сунулганды окугандан кийин анын кебетеси өзгөрүлө түштү. Кочкул каны мойнуна жана жүзүнө келдиби, же башкасы болуп кеттиби, бирок саргылт тарткан териси кочкулданып, көздөрү кирип кеткендей көрүндү.

 Ошол эле каны чыкыйына келгендиктен жана анда дүкүлдөгөндүктөн прокуратордун көрүүсү бирдеке болгонсуду. Алсак, камактагы адамдын башы кайдадыр калкып кетип, анын ордуна башкасы пайда боло калды. Бул кашка башка сейрек тиштүү алтын таажы кийилген экен; чекесинде терисин акырындап жеген жана мазь менен майланган тегерек жара; тиштери жок оозу ичине кирген, ылдыйкы чормойгон эрини шалпайып калыптыр. Пилатка балкондун кызгылтым колонналары жана алыста, ылдыйдагы бактардын артында Ершалаимдин чатырлары жоголуп, бардыгы Капреялык бактардын калыӊ жашыл курчоосуна чөмүлүп кеткендей көрүндү.  Угуусу да кызыктай бир нерсе болду, алыста акырын жана каардуу кернейдин добушу угулуп, мурун менен сүйлөгөн үн даана угулду, ал сөздөрдү текебердене созуп жатты: «Улуу даражалууга акарат кылуу жөнүндө мыйзам...»

Кыска, байланышы жок, укмуштуудай ойлору кетти: «Өлдүм!», анан: «Өлдүк!..» Жана да алардын ичинен такыр эле сандырак ой сөзсүз боло турган – ким менен?! – өлбөстүгү тууралуу, эмнегедир ошол өлбөстүгү чыдагыс убайым тарттыргансыды. 

Пилат көзүнө көрүнүп жатканын күчкө салып кубалап, балконго көз чаптырды, анын алдында кайрадан камактагынын көздөрү тиктеп турганын көрдү. 

– Айтчы, Га-Ноцри, – сүйлөдү прокуратор, Иешуаны кызыктай карап: прокуратордун жүзү каардуу, бирок көздөрү тынчсызданган көрүндү, – сен качандыр бир кезде улуу кесарь тууралуу айттың беле? Жооп бергин! Айттың беле?.. Же... айткан жок белең? – Пилат “же” деген сөзүн сотто айтыла тургандан көбүрөөк созду жана көз карашында Иешуага өз оюн жиберип, камактагы адам ошол оюн туюп калышын самагансыды. 

– Чындык оңой-олтоң жана дилиң менен айтылат, – пикирин билдирди камактагы.

– Мен билгим келбейт, – кысыла, жиндене үн чыгарды Пилат, – чындыкты дилиң мененби же ансыз айтасыңбы. Бирок айтуу керек. Айтып жатканда ар бир сөзүңдү салмактагын — кутула албас гана эмес, азаптуу өлүмгө дуушар болбоюн десең.  

Иудеянын прокураторуна эмне болгонун ким билсин, бирок ал күндөн калкалагандай колун көтөрүп, ошол колунун артынан калкандын аркасынан сымал, камактагы адамга сырттан түшүндүрө турган көз караш таштагысы келди. 

 – Ошентип, – сүйлөп атты ал, – Кириафтагы Иуданы билесиңби, жооп бергин; ага, эгер аны менен сүйлөшкөн болсоң, кесарь жөнүндө эмне дедиң эле? 

– Иштин жагдайы мындай болгон, – тартынбай айтып баштады камактагы, – мурда күнү кечинде мен храмдын жанында бир жаш жигит менен таанышып, ал өзүн Кириаф шаарынан Иудамын деп атаган. Төмөн Шаардагы үйүнө мени чакырып, тамак берди...

– Боорукер адам? – какшыктап сурады Пилат, көздөрүн шайтаны кармагандай жарк эттирип.

– Аябай боорукер жана билимге умтулган адам, – ырастады камактагы, – ал менин ойлорума өтө ынтызар болду, пейилин кең салып тосуп алды...

– Май чырактарын жакты... – тиштене, камактагыны туурап сүйлөдү Пилат, көздөрүн бүлбүлдөтө.

– Ооба, – прокуратордун маалымдуу экенине таң калып сөзүн улантты Иешуа, – мамлекеттик бийликке менин көз карашымды айтууну суранды. Ушул маселеге ал өтө кызыккан.

– Эмне деп айттың анан? – сурады Пилат, – же эмне айтканыңды унутуп койдум деп жооп бересиңби? – деген менен Пилаттын үнүндө үмүтү үзүлгөнү угулду.

– Ар нерсенин ичинен, – деди камактагы, – мен кайсы болбосун бийлик адамга карата күч колдонуу болуп саналат жана келечекте кесарь да, башка да эч кандай бийлик болбой турган мезгил келет деп айткам. Адам баласы чындык менен акыйкаттын дүйнөсүнө өтүп, ал жакта эч кандай бийликтин кереги жок болот. 

– Анан дагы!

– Анан дагы эч нерсе болгон жок, – деди камактагы, – ушул жерден көптөгөн кишилер кирип келип, мени байлап түрмөгө алып келишти. 

Катчы бир сөздү да калтырып кетпейин деп, пергаментке бачым жазып отурду. 

– Бул дүйнөдө эл үчүн император Тиверийдин бийлигиндей улук жана жакшы бийлик жок, болгон эмес жана болбойт! – Пилаттын бузулган жана оорулуу үнү акырындап катуулады.

Прокуратор эмнегедир катчыны жана конвойду жек көрүү менен карады. 

– Ал жөнүндө сөз кыла турган сен эмес, келесоо кылмышкер! – бул жерден Пилат кыйкырып жиберди: – Конвой балкондон чыксын! – анан, катчыга карай кайрылып, кошумчалап койду: – Кылмышкер менен мени жалгыз калтыргыла, бул мамлекеттик иш.

Конвой найзаларын көтөрүп, такасы кагылган калигалар менен бир калыпта топурашып, балкондон бактарга карай чыгышты, конвойдун артынан катчы да чыкты.   

Балкондогу жымжырттыкты фонтандын ырга окшоп куюлушканы гана бузуп турду. Пилат суунун чөйчөгү түтүк болуп көтөрүлгөнүн, анын кырлары улам-улам сынгансып, суунун жыбылжып акканын көрүп турду.  

Биринчи болуп камактагы адам сүйлөдү:

– Кириафтагы бала менен сүйлөшкөнүмөн, кандайдыр бир балээ болгону турат окшойт. Ошол баланын үстүнөн балекет болобу деп сезип турам, игемон, менин ага боорум ооруп турат.  

– Ошондон көрө, – кызыктай күлүмсүрөп жооп берди прокуратор, – Бул дүйнөдө Кириафтагы Иуда эмес, башка адамга боор оорушу керек го деп ойлойм, анткени ошол адамга Иудага караганда алда канча кыйын болот! Демек, Марк Крысобой, мерез жана ишеничтүү башкесер, сени, мен көрүп тургандай, — прокуратор Иешуанын токмок жеген жүзүн көрсөттү, — сөздөрүң үчүн сабаган адамдар, каракчылар Дисмас жана Гестас, жанжөкөрлөрү менен төрт жоокерди өлтүрүшкөн жана, акыры, жаман саткын  Иуда – булардын бардыгы боорукер адамдарбы? 

– Ооба, – жооп берди камактагы.

– Анан чындыктын дүйнөсү келет? 

– Албетте келет, игемон, – ишеними менен жооп берди Иешуа.

– Ал эч качан келбейт! – ушундай жаман үнү менен күтүүсүз кыйкырып жиберди эле Пилат, Иешуа кетенчиктей түштү. Көп жыл мурун  кыздар өрөөнүндө Пилат өзүнүн атчандарына дал ушинтип кыйкырды эле: «Чап буларды! Чап! Алп Крысобой курчоодо!». Буйрутмаларды берип атып бузулган үнүн андан да катуулап, бак-дарактардын арасында отургандар уккандай кылып сөздөрүн кыйкырды: — Кылмышкер! Кылмышкер! Кылмышкер!

Андан кийин үнүн басаңдатып сурады:

– Иешуа Га-Ноцри, кайсы бир кудайларыңа ишенесиңби? 

– Бир гана Жараткан бар, – жооп берди Иешуа, – мен ага ишенемин.

– Анда дубаңды окугун! Жакшылап окугун! А бирок, – бул жерден Пилаттын үнү түшүп кетти, – бул жардам бербейт. Аялың жокпу? – эмнегедир капалуу сурады Пилат, эмне болуп жатканын түшүнбөй.

– Жок, мен жалгызмын.

– Каргашалуу шаар, – эмнегедир кобурады прокуратор жана ийиндерин булкуду чыйрыккансып, колдорун жууп жаткансып ушалады, — эгерде сени Кириафтагы Иуда менен жолугаардын алдында өлтүрүп кетишсе, чын айтам, жеңилирээк болмок баарыбызга. 

– А сен мени коё бермек элең, игемон, – күтүүсүз суранды камактагы, анын үнү тынчсызданган угулду, – мени өлтүргөнү турат окшойт. 

Пилаттын жаагы карышып, көзүнүн агында кан тарамыштары менен уйку көрбөгөн көздөрүн Иешуага каратып сүйлөдү:

– Рим прокуратору сен айткан сөздөрү сүйлөгөн адамды коё берет деп ойлоп турасыңбы, шордуу? О, кудай ай, кудай ай! Же мен сенин ордуңду ээлейинби? Мен сенин ойлоруңа кошула албаймын! Мени уккун: эгерде ушул чактан баштап бир сөз айтсаң, же башка бирөө менен сүйлөшсөң, менден сак болгун! Кайталаймын: сак болгун. 

– Игемон...

– Оозуңду жап! – кыйкырды Пилат, жинденген көздөрү менен балконго кайра учуп кеткен чабалекейди узатты. – Киргиле мага! – кыйкырды Пилат.

Качан катчы менен конвой өз ордуларына келгенде, Пилат Кичи Синедриондун чогулушунда кылмышкер Иешуа Га-Ноцриге чыгарылган өлүм жазасын бекиткенин жарыялады, катчы Пилаттын айтканынын бардыгын жазды. 

Бир аздан кийин прокуратордун алдына Марк Крысобой келди. Прокуратор ага жашырын кызматтын башчысына кылмышкерди өткөрүп бергин деп буйруду, ошону менен бирге Иешуа Га-Ноцри башка айыпталгандар менен бөлөк болуп, Иешуа менен эмне жөнүндө болбосун сүйлөшпөй, анын суроолоруна жооп берүүгө катуу жаза алдында тыюу салынат деген жашырын кызматтын командасына прокуратордун буйрук бергенин билдирүүнү тапшырмалады. 

Марктын белгиси боюнча Иешуаны конвой  тегеректеп, балкондон коштоп чыгарып кетти. 

Андан кийин прокуратордун алдына көкүрөгүндө арстандын тумшугу жарк эткен, туулгасынын таажысында бүркүттүн канатынын жүнү көйкөлүп, кылычтын арта салма илгичинин кадамалы алтын, үч катмар тамандалган бут кийими тизесине чейин байланган, сол ийинге жамынган кочкул кызыл плащчан сымбаттуу, сары сакалы бар сулуу сымак адам келип турду. Бул легиондун командачысы легат болчу. Андан прокуратор себастиялык когорта кай жерде турат деп сурады. Легат себастиялыктар гипподромдун алдында аянтты курчап турушат, ал жерден кылмышкерлерге чыгарылган өкүм жазасы элге айтылат деп билдирди.

Ошондо рим когортасынан эки кентурияны легат бөлүп берсин деп прокуратор буйруду. Анын бириси, Крысобойдун командасы алдында Кашка Тоого жиберүүнүн алдында кылмышкерлерди, өлүм жазасы үчүн жана баш кесердин шаймандары салынган арабаны конвой кылып барып, ал жерге келгенде үстү жагындагы курчап тургандарга кошулуп калышы керек. Экинчиси дароо азыр Кашка Тоого барып, ошол замат ал жерди курчоого алууга тийиш. Ушул эле максатта, башкача айтканда Тоону кайтаруу үчүн прокуратор легаттан көмөкчү кавалериялык полкту – сириялык аланы жиберүүсүн сурады. 

Легат балкондон кеткенде, прокуратор катчыга Синедриондун президентин, эки мүчөсүн жана Ершалаимдеги храмдын сакчыларынын башчысын хан сарайга чакырууну буйруду, бирок мында ушул адамдар менен кеңешүүгө чейин ал президент менен мурдараак жана бетме-бет сүйлөшө тургандай кылып берүүнү кошумчалады. 

Прокуратордун буйруктары тез жана так аткарылды, ушул күндөрү Ершалаимди болуп көрбөгөндөй куйкалаган күн төбөгө жете электе, тепкичтерди ак мрамордон кайтарып жаткан эки арстандын жанындагы үстүнкү террасада прокуратор менен Синедриондун президентинин милдетин аткаруучу иудеялык эң жогорку дин кишиси Иосиф Каиафа жолугушту.  

Бак-дарактар арасы тынч. Бирок колоннаданын алдынан пилдин бутундай болгон килейген пальмалары менен, күн кактаган үстүңкү аянтка чыкканда, жек көрүнгөн Ершалаим асма көпүрөлөрү, сепилдери менен, анан – эң негизгиси – эч бир сүрөттөөгө болбой турган килейген мрамор, чатырынын ордунда ажыдаардын алтын кабырчыгы сымал – Ершалаим храмы прокуратордун көз алдында жайылып жатты, — тээтиги төмөн жакта, кан сарайдын бактарынын ылдыйкы террасаларын шаардык аянттан бөлүп турган таш дубал турган жерде кыжы-кужу болуп атканын кулагын түргөн прокуратор угуп калды, алардын үстүнөн же онтообу, же кыйкырыкпы маал-маалы менен улуп-уңшуп атты. 

Аянтта акыркы башаламандыктар менен тынчсызданган Ершалаимдин тургундары, нечендеген эл чогулуп калганын, ошол эл өкүмдүн чыгышын чыдамсыз күтүп жатканын жана арасында тынчы жок суу саткандар кыйкырып жүргөнүн  прокуратор түшүндү.

Покуратор жогорку дин кишисин балконго чакырды – ырайымсыз аптаптан калкаланыш үчүн, бирок Каифа сылык кечирим сурап, ал жерге бара албай турганын түшүндүрдү. Пилат капюшонду чачы бириндеп бараткан башына жапты да сөзүн баштады. Бул сөздү грек тилинде сүйлөштү.

Пилат Иешуа Га-Ноцринин ишин териштиргенин жана өлүм жазасын бекиткенин айтты.

Ошентип, бүгүн ишке ашырылуучу өлүм жазасына үч каракчы айыпталды: Дисмас, Гестас, Вар-равван жана, алардан сырткары, мынабу Иешуа Га-Ноцри. Алгачкы экөө кесарга каршы элди үгүттөгөндүктөн рим бийлиги тарабынан салгылашуу менен колго түшүрүлдү, прокуратордун колунда, демек, алар тууралуу бул жерде сөз болбойт. Акыркы экөө, Вар-равван менен Га-Ноцри, жергиликтүү бийлик тарабынан кармалды жана Синедрион тарабынан айыпталды. Мыйзамга ылайык, салтка ылайык бир кылмышкерди бүгүн келүүчү пасха улуу майрамынын урматына эркиндикке чыгаруу керек.  

Демек, Синедрион эки кылмышкердин кимисин боштондукка чыгарарын прокуратордун билгиси келип турат: Варравандыбы же Га-Ноцриниби? Каифа суроону түшүнгөндүгүн билдирип, башын ийкеди жана жооп берди:

– Синедрион Вар-равванды боштондукка чыгарууну сурайт.

Прокуратор жогорку дин кишиси дал ушинтип жооп берерин жакшы билген, бирок анын милдети тигинин ушундай жообу аны өтө таң калтырганын билдирүүдө болчу. 

Пилат чоң чебердик менен ошону көрсөттү. Каштарын текебер көтөрүп, прокуратор жогорку дин кишисин өтө таң калуу менен карады. 

– Чынын айтайын, бул жооп мени өтө таң калтырды, – жумшак сүйлөдү прокуратор, – бул жерде жаңылыш болгон жокпу. 

Пилат түшүндүрдү пикирин. Рим бийлиги жергиликтүү диний бийликтин укуктарына эч шек келтирбейт, жогорку дин кишисине бул жагдай жакшы маалым болсо керек, бирок дал ушул учурда ачык-айкын катачылык кетип атабы деген ой келет. Ушул катачылыкты оңдоого рим бийлиги, албетте кызыкдар. 

Чынын айтканда: Вар-равван менен Га-Ноцринин кылмыштарынын оорчулугун салыштырып да болбойт.  Эгерде экинчиси акылынан адашкан адам болуп, Ершалаимде жана башка айрым жерлерде элди азгырган дайыны жок сөз сүйлөгөнү үчүн күнөөлүү деп таанылса, биринчиси кыйла оор аракеттерге барган. Түздөн-түз козголоңго чакырып, аны кармоо аракетинде сакчыны өлтүрүп койгон. Вар-равван Га-Ноцриге караганда өтө кооптуу көрүнөт. 

Ушул айтылгандын негизинде прокуратор жогорку дин кишисинен чечимди кайра карап берүүсүн жана эки айыпталгандын ичинен зыяны азыраакты боштондукка чыгарууну суранат, албетте, бул Га-Ноцри экенине күмөн санабайт болушубуз керек. Демек?

Пилатка тике карады, анан акырын, бирок басымдуу үнү менен  Синедрион ишти жакшылап карады жана кайтадан Вар-раванды бошотуу ниетин билдирет деп айтты. 

– Бул кандай? Мен суранганымдан кийин делеби? Рим бийлигинин өкүлү сурангандан кийин дагыбы? Жогорку дин кишиси катары үчүнчү жолу кайталагылачы. 

– Үчүнчү жолу дагы Вар-раванды бошотолу деп билдиребиз, — акырын сүйлөдү Каифа.

Иштин бүткөнү ушул, эми эмнени дагы сүйлөшмөк эле. Га-Ноцри түбөлүккө кетип атты, прокуратордун чыдагыс, жан алчу баш оорусун эми эч ким айыктыра албайт; бул баш оорудан өлүм менен кутулбаса, башка даба табылбайт. Бирок азыр Пилат бул ойго чөмүлгөн жок. Балкондо турганда келген түшүнүксүз убайым азыр ээлеп калды аны. Ошол замат ушуну түшүндүрүүгө ниеттенди жана түшүндүрмөсү кызыктай болду: прокуратор эмнегедир ушул айыпталуучу менен бир нерсени сүйлөшүп бүтпөй калдымбы, же балким, бир нерсесин укпай калдымбы деп элес-булас ойлоп койду. 

Пилат бул ойду кубалады, ойлору кандай заматта келсе, ошондой эле заматта учуп кетти. Ойлору учуп кетти, ал эми убайым жегени түшүнүксүз бойдон калды, анткени чагылгандай чарт этип жана ошол замат өчүп калган бир кыска төмөнкүдөй ойлору эч нерсени түшүндүргөн жок: «Өлбөстүк... өлбөстүк келди...» Кимдин өлбөстүгү келди? Прокуратор муну түшүнгөн жок, бирок табышмактуу өлбөстүк жөнүндөгү ойлор азыркы кактаган аптапта анын ички дүйнөсүн үшүттү. 

– Мейли, – деди Пилат, – ошондой болсун.

Бул жерден ал бурулуп карады, көзүнө көрүнгөн дүнүйөгө көз салып, андагы болгон өзгөрүүлөргө таң калды. Розанын ийилген топ гүлдөрүн көрбөдү, өөдөкү террасаны курчаган кипаристер көрүнбөйт, анар дарагы да, жашылга оронгон ак статуя да, жашылдын өзү да. Алардын ордуна кандайдыр бир кочкул кызыл коюу нерсе калкып өттү, анда балырлар кылкылдап кайдадыр жылды, алар менен кошо Пилат да ошол жакка багыт алды. Азыр анын ичи-койнун куйкалап, демин кыстыктырып, эң жаман каар, алсыздыктын каары алакачып баратты.

– Кысылып кеттим, – үн катты Пилат, – кысылып кеттим!

Муздак нымдашкан колу менен плащтын жакасынан таралгасын жула тартты, анысы кумга түшүп калды. 

– Бүгүн үп болуп турат, алыста жаан жаап атат окшойт, – Каифа жооп берди прокуратордун кызарган жүзүнөн көзүн албай жана келечекте боло турган азаптарды көрүп турду. «О, быйылкы нисан айы кандай жаман ай болду!»

– Жок, – деди Пилат, – үп болгондуктан эмес, менин кыстыкканым сага байланыштуу, Каифа, – деп көзүн жүлжүйтүп күлүмсүрөдү Пилат, анан кошуп койду: – Өзүңө сак болгун, жогорку дин кишиси.

Жогорку дин кишисинин кара көздөрү прокуратордун көздөрүндөй жалт карап, жүзүнөн таң калууну көрсөттү.

– Мен эмне угуп жатам, прокуратор? – тайманбай акырын жооп берди Каифа, – сен өзүн бекитип чыгарган өкүмдөн кийин мени коркутуп жатасыңбы? Ушундай кантип болсун? Рим прокуратору бирдекени айтаардан мурда сөзүн тандап сүйлөгөнүнө биз көнүп калбадык беле. Бизди бирөө жарым угуп калбасын, игемон?

Пилат өлүктүн көздөрү менен жогорку дин кишисин карап, ырсыя жылмайганын көрсөттү. 

– Кайдагыны айтасың, жарыктык киши! Бул жерден бизди азыр ким угуп алмак эле? Же мен бүгүн башы алына турган жаш селсаяк  апенди чалыш немеге окшошуп турамбы? Мен жаш баламын бы, Каифа? Эмне айтууну жана кай жерден айтууну билемин. Бул жемиш багы курчалып турат, хан сарай курчалып турат, чычкан кирээрге жылчык жок! Чычкан эмей, жанагы, аты өчкүр, ким эле... Кириаф шаарынан келген неме да кире албайт. И-и, баса, сөзгө аралжы, сен ошол кишини билбейсиңби, ыя, жогорку дин кишиси? Ооба... эгерде ошондой неме бул жакка кирип кетсе, өкүнүчү жерге батмак эмес, сен бул сөзүмө ишенип койгун! Эми ушундан тартып, жогорку дин кишиси, сен тынчтык көрбөйсүң, билип кой! Сага да, элиңе да тынчтык болбойт, – деп Пилат оң тараптагы алыс жакта, бийиктикте храм албырттап жатканын көрсөттү, – муну мен сага айтып жатам – Пилат Понтиялык, атчан Алтын Найза!

– Билем, билем! – жалт карап, калтаарыбай жооп кайтты кара сакал Каифа. Колун көккө көтөрүп, сөзүн улантты: – сен иудея элин аябай жек көрөсүң жана көп азаптарды көрсөтөсүң, билебиз! бирок аны жер бетинен сүрүп жок кыла албай турганыңды билет иудея эли! Элди кудайым өзү сактайт! Үнүбүз жетет, үнүбүздү угат кудуреттүү кесарь, кырып жок кылам деген Пилаттан калкалап калат! 

– О жок! – үн көтөрдү Пилат, айткан ар сөзү менен ал жеңилдеп баратканын сезди: мындан ары митаамданып кереги жок болуп калды. Ар сөзүн тандап айтуунун кажети жок. – Мага даттанып кесарга канча жолу кайрылып жүрдүң элең? Эми менин убактым келди, Каифа! Эми менден кабар кетет, кесардын Антиохиядагы, Римдеги  өкүлүнө эмес, түз эле Капреяга, императордун өзүнө ‒ силер кантип Ершалаимде козголоңчуларды өлүмдөн сактап жашырып жатканыңар жөнүндө кабар беремин.   Ошондо силердин пайдаңарды көздөп, Сулейман көлмөсүндөгү суу менен эмес, Ершалаимди мен суу менен сугарбайм! Жок, суу менен эмес! Эсиңе келтирчи, силер үчүн дубалдардан императордун вензелдери тартылган калкандарды алып салууга мажбур болгом, аскерлерди которуштуруп, мына көрүп турасың, бул жерде эмне болуп жатканын көрүү үчүн өзүм келүүгө аргасыз болгом! Эстеп койгоун менин сөздөрүмдү, дин кишиси! Ершалаимде нечендеген коргортаны көрөсүң. Шаардын дубалдарына Фульминат легиону толугу менен, араб атчандары келет, ошондо ыйга толот ушул жер. Эстейсиң ошондо өлүмдөн сактап калган Вар-раванды жана тынч сөзүн айткан философту өлүмгө түрткөнүңөн өкүнөсүң! 

Жогорку дин кишисинин жүзүн темгил басып, көздөрү күйүп турду. Ал да прокураторго окшоп ырсыя күлүмсүрөп, жооп берди:

– Айтып жатканыңа өзүң ишенесиңби, прокуратор? Жок, ишенбейсиң! Ершалаимге элди азгыруучу тынчтыкты алып келген жок, тынчтыкты эмес, сен аны атчан, жакшы түшүнүп турасың. Элди бузуп, анын ишенимин тепселеп, рим кылычтары алдына түртүп коюу үчүн ушул адамды чыгаргың келди! Бирок мен, иудеянын жогорку дин кишиси, көзүм тирүү болсо, биздин динди тепселетпейм жана элимди коргоп аламын! Уктуңбу, Пилат? – бул жерден Каифа колун зекитип көтөрдү: – Уккуң, прокуратор!

Каифа унучкпай калды, прокуратор болсо улуу Ирод багынын дубалдарынын түбүнө урунган алыстагы деңиздин толкуганындай чуру-чууну укту. Ошол чуру-чуу ылдый жактан прокуратордун буттарына, жүзүнө чейин көтөрүлүп атты. Анын аркасында, хан сарайдын тигил канаттарынын артында кернейдин тынч алган добуштары, жүздөгөн буттардын оор топур-топуру, темирдин кыңгыр-шыңгыры угулду, – римдик жөө аскерлер прокуратордун буйругу менен чыгып, козголоңчулар менен каракчылардын жүрөгүн алган өлүм алдындагы парадга кетип баратканын түшүндү прокуратор. 

– Угуп жатасыңбы, прокуратор? – акырын кайталады жогорку дин кишиси, – ушунун бардыгын, – бул жерден жогорку дин кишиси эки колун өөдө көтөрдү, кара капюшону Каифанын башынан түшүп кетти, ‒ алдагы байкуш каракчы Вар-раввандын колунан келди деп турасыңбы? 

Прокуратор беш манжанын ички жагы менен чекесиндеги муздак терин сүрттү, жерди тиктеп, көзүн жүлжүйтө асманды карады, төбөдө ып-ысык шар кактап жатканын көрдү, Каифанын көлөкөсү арстандын куйругунун жанында курушуп калыптыр, анан акырын жана кош көңүл сүйлөдү: 

– Чак түш болгон турбайбы. Сөзгө берилип кетиптирбиз, жасай турганды улантышыбыз керек. 

Жогорку дин кишисинен кичи пейилдигин сыпайы сурап, магнолиянын көлөкөсүнө отургучка отуруп күтүп туруусун суранды, азыр калган кишилер чакырылат, кыска акыркы кеңешме өткөрүлөт жана ал өлүм жазасына байланыштуу дагы бир буйругун берет. 

Каифа колун жүрөгүнө кадап таазим этти жана бактардын арасында калды, Пилат болсо балконго кайтып келди. Күтүп турган катчыга бак-дарактардын ылдыйкы террасасында, фонтаны менен тегерек чатырчада күтүп отурган легиондун легатын, когортанын трибунун, ошондой эле Синедриондун эки мүчөсүн жана храм сакчыларынын башчысын чакырып кел деп буйруду. “Өзүм да азыр чыгам” – деп кошумчалап койду да, хан сарайдын ич жагына кетти. 

Катчы кеңешмени чогулткуча, прокуратор күндөн калың парда менен караңгыланган бөлмөдө кайсы бир адам менен жолугушту, анын жүзү, күн нуру ошол бөлмөгө тийбесе да, жарым-жартылай капюшон менен жабылган болчу. Бул жолугушуу көпкө созулган жок. Прокуратор адамга акырын бир нече сөз айтты, андан кийин тигил кетип калды, Пилат болсо колоннада аркылуу бак-дарактар жакка өттү. 

Ал жакта чакырылган адамдардын көзүнчө прокуратор Иешуа Га-Ноцриге өлүм жазасын бекиткенин салтанаттуу жана кош көңүл ырастап берди, анан Синедриондун мүчөлөрүнөн “кайсы кылмышкерди кечирип, өлүм жазасынан алып каласыңар” деп расмий түрдө сурады. “Вар-раван” деген жоопту уккандан кийин, прокуратор:

– Макул, – деп катчыга ушуну протоколго жазгын деген буйрук берди, катчы кумдан көтөрүп берген таралгасын колуна бек кысып, салтанаттуу жарыялады: – Кеттик, анда эмесе!

Бул жердеги болгондордун бардыгы кеңири мрамор тепкич менен ылдый жакка, жыты аңкыган розалардын курчоосундагы дубалдардын ортосунан улам-улам ылдыйлап хан сарайдын дубалы тарапка, таш менен жылмакай капталган  чоң аянтка чыккан дарбаза жакка баратышты, анын аягында Ершалаимдин ат ойнотуучу аянтынын колонналары жана статуялары көрүнүп турду. 

Жанагы бараткан топ бак-дарактардан тарта аянтка келип, таштан жасалган кеңири аянтка сереп салууга ыңгайлуу секичеге көтөрүлгөндө, Пилат кабагын түрүп, тегерек-четтеги жагдайды байкады. Азыр алар басып өткөн жер, башкача айтканда хан сарайдын дубалынан секичеге чейинки жер бош экен, бирок алдыдан Пилат аянттын баш-аягын көрө тургандай эмес – жык толгон эл экен. Эгерде Пилаттын сол колу жагында себастиялык үч катар аскерлер жана оң колу жагындагы итуреялык көмөкчү когортанын аскерлери курчап, кармап турбаса, артындагы бош жерди да, секичени да эл эчак каптап кетмек болчу.

Ошентип, колуна кереги жок таралганы бек кысып жана кабагын түрүп Пилат секичеге көтөрүлдү. Көздөрүн күн уялткандан прокуратор кабагын түргөн жок, андан эмес, жок андан эмес! Эмнегедир ал айыпталгандарды карагысы келген жок, аларды азыр секичеге чыгарып жатканын ал жакшы билип турду.

 

Ак плащ кан түстүү ичилиги менен толкуган элдин четинде таш секичеде көрүнөр замат, көзү эч нерсени көрбөгөн Пилаттын кулагына элдин уу-чуусу толкун сымал урунду: «Га-а-а...» Ал тээ алыстагы гипподромдон акырын башталып, бара-бара катуулап келип, бир нече секундга күркүрөдү да басаңдай түштү. «Мени көрүштү», – деп ойлоп койду прокуратор. Бул толкун ылдый жакка чейин жетпей, күтүүсүз жерден кайта катуулап, толкуп, биринчиден да катуу күркүрөп, экинчи толкуганда, деңиздеги толкундан көбүк чыккандай, ышкырыктар чуулдап, күркүрөө, уру-чуу арасында аялдардын онтогондору угулду. «Тигилерди секичеге чыгарышты... – ойлоду Пилат, – онтогондор, бул алдыга талпынган элдин тебелендисине калган аялдар.».

Элди эч кандай күч менен тынчытууга мүмкүн эместигин билип, жумурай журттун ичтеги бугу сыртка чыкмайынча жана эл өзү тынчып калмайынча ал бир аз убакыт күтүп турду.

Ошондой учур келгенде, прокуратор оң колун өөдө көтөрүп, элдин акыркы ыбыр-шыбырларын тынчытты.

Көкүрөгүнө ысык абадан болушунча алып, Пилат кыйкырды, анын бузулган үнү миңдеген элдин үстүнөн жаңырды:

– Кесарь императордун атынан!

Бул жерден анын кулагына бир нече жолу темирдей кескин чыккан кыйкырыктар урунду – когорталарда найзаларын жана белгилерин өөдө көтөрүп, аскерлер катуу кыйкырышты:

– Жашасын кесарь!

Пилат башын көтөрүп, жүзүн так күнгө карай тосту. Кабагы алдында жашыл от жанып, андан мээси жандана калганда, калың эл алдында кирилдеген арамеялык сөздөр жаңырды:

– Киши өлтүргөндүгү, козголоңго чакыргандыгы жана мыйзам менен ишенимди акарат кылгандыгы үчүн Ершалаимде камакка алынган төрт кылмышкерге маскара өлүм жазасына – мамыга асып салууга өкүм чыкты! Бул өлүм жазасы Кашка Тоодо азыр аткарылат. Кылмышкерлердин ысымдары – Дисмас, Гестас, Вар-равван жана Га-Ноцри. Мына алар силердин алдыңарда!

 

Пилат кылмышкерлерди көрбөй туруп, бирок алар ошол жерде боло тургандыгын билип, колу менен оң тарапты көздөй көрсөттү.

Жыйылган эл таңыркаппы, же жеңилдегенсиппи — узакка чейин уу-чуу болду. Уу-чуусу бүткөндө, Пилат сөзүн улантты:

– Бирок булардын ичинен үчөө гана өмүр менен кош айтышат, анткени мыйзамга жана салтка ылайык пасха майрамынын урматына айыпталгандардын бирөөнө Кичи Синедриондун тандоосу боюнча жана рим бийлигинин бекитүүсү менен ырайымдуу кесарь император анын болор-болбос өмүрүн кайтып берет! 

Пилат сөздөрдү кыйкырып атып, ошол эле убакта чуру-чуунун ордуна эбегейсиз жымжырттык келип атканын тыңшап турду. Эми кыбыр-шыбыр эмей, дем чыгаргандары кулагына угулбай калды, Пилат бир көз ирмем убакытка тегерек-четте бардыгы жоголуп кеткендей сезди. Жек көргөн шаар жоголду, жалгыз турат ал азыр асманга бетин кактап, күндүн тикелей нурларына куйкаланып. Пилат бир азга жымжырттыкты сактап, анан кыйкыра баштады:

– Азыр силердин алдыңарда бошотула турган адамдын ысмы...

Ал дагы бир пауза кармап, ысмын айтпастан, бардыгын айттымбы деп өзүн текшергенсиди, анткени өлүктөй жымжыртка чөмүлө түшкөн шаар бактысы ачылган адамдын ысмын айткандан кийин жарылып кетирин билип турду, анан эч кандай сөздү угалбай каларың бышык. 

«Болдубу? – үнсүз өзүнө шыбырады Пилат, – болду. Ысым!»

Ошондо, «р» тыбышын үн катпаган шаар алдында жаңыртып, ал кыйкырды:

– Вар-равван!

Бул жерден күн шаңгырай түшүп, арттан жарылгандай анын кулагын жалын сымал каптады.  Ушул жалында өкүрүк, чаңыруу, онтоолор, каткырык жана ышкырыктар жаалданды.

Пилат кайрылып, көпүрө аркылуу тепкичтерге карай, чалынбаш үчүн бутунун алдындагы ар түстүү дойбу таштардан башка эч жакка карабай басты. Азыр анын аркасынан коло тыйындар, курмалар мөндүрдөй жаап, ызы-чуу түшкөн элдин арасында бири-бирин тебелеп, биринин үстүнө бири чыгып, укмуштуу нерсени көрүп турушат – жаңы эле өлүмдүн кучагында болгон адам, ошол кучактан чыгып кетти! Легионерлер аны байлаган жиптеринен чечип, суракта чыгып кеткен колун зырп эттире оорутканын, ал бети-башын тырыштырп, ахалап-охолоп, бирок делдейген жиндидей күлкүсү менен жылмайганын – ушунун бардыгын билип турду Пилат.

Ушул эле чакта конвой капталдагы тепкичтер аркылуу батыш тарапка, шаар четине колдору байланган үчөөнү Кашка Тоого карай коштоп баратканын да ал билип турду. Секиченин нары жагына келгенде гана Пилат көзүн ачты – айыпталгандарды  көрбөй, ал өзүн коопсуз сезди.

Басаңдап бараткан күрүгүү, ызы-чууга эми жар салуучулардын жаңырыктуу кыйкырыктары кошулду, алар ‒ кимиси арамеялыкча, кимиси грек тилинде прокуратор секичеден кыйкырган сөздөрдү кайталап жатышты. Мындан тышкары, дүңгүр-дүңгүр чыгып, жакындап келаткан аттын дүбүртү  жана кыска, шайыр чыккан сурнай тартканы угулду. Ушул добуштарга  базардан гипподромдук аянтка чыккан үйлөрдүн чатырларынан балдардын таш жарган ышкырыктары жана “сак бол!” деген кыйкырыктары жооп берди.

Аянттын бош жагында жалгыз турган, колунда белгиси бар аскер, ошол белгини кооптоно көтөргөндө, прокуратор, легиондун легаты, катчы жана конвой токтошту. 

Кавалериялык ала таскакты кенен салып, аянтка чыга калды, топтолгон элдин четинен кетип, таш дубалдын алды менен тар көчөгө салып, жүзүм чубалып өскөн жанагы дубалды бойлой кыска жол менен Кашка Тоого карай топурап жөнөй турган болду.

Катуу таскактатып, жаш баладай болгон кичинекей, мулатка окшогон кара тору сириялык ала командири Пилатка жакындаганда бирдеке деп ичке үнү менен кыйкырып, кындан кылычын сууруп чыкты. Тердеп суу болгон азоо кара ат нары жалт берип, эки аягы менен тик турду. Кылычын кынга кайра салып, командир камчысы менен аттын желкесине чаап, аны түздөп, тар көчөгө карай чаптырды. Анын аркасынан катарда үчтөн болуп, чаң ызгытып атчандар прокуратордун жанынан жөнөштү, жеңил бамбук найзаларынын учтары секире-секире, ак селдеден жүзү өзгөчө кара-тору, тиштери жайдары жаркылдайт.

Асманга чейин чаң сапырып, ала тар көчөгө кире жөнөдү, Пилаттын жанынан аркасында күнгө жаркылдаган кернейи менен акыркы аскер чаап өттү.

Чаңдан колу менен жамынып, жүзүндө нааразылыгы көрүнгөн Пилат ак сарайдын дарбазасына карай басты, анын артынан легат, катчы жана конвой жөнөдү.

Саат эртең мененки он болуп калган. 

 

3-глава 

Жетинчи далилдеме

 

– Ооба, саат эртең мененки он болуп калган, кымбаттуу Иван Николаевич, – деди профессор.

Акын жаңы эле ойгонгон немедей жүзүн ушалады, Патриарх көчөсүнө кеч кирип калыптыр. 

Көлмөдө суу карайып, жеңил кайык желпилдеп кайкыйт суу үстүнөн, кайыктын калагы сууну чайпып, кайыктагы селкинин күлкүсү угулат. Аллеядагы отургучтарда, бирок төрт чарчынын үч тарабында гана сейилдеп жүргөн адамдар пайда болду, маек курган үчөөнүн тегерегинде баягыдай эле эч ким жок болчу.

Москванын үстүндө асмандын өңү өчкөндөй, бийикте толгон ай даана көрүнүп турат, бирок алтын түстүү эмес – агыш. Бир аз жеңил дем алып калышты, липа алдындагы кечки үндөр жумшак угулуп атты. 

«Аңгеме куруп айтып бергенче убакыттын кантип өткөнүн байкабай калыптырмын го?..  – ойлоп койду Бездомный таң калып, – мына кеч кирип калыптыр! А балким, бул аңгеме кылбай эле, мен жөн гана уктап, ушунун бардыгын түшүмөн көрдүмбү?»

Бирок профессор аңгеме курганын моюнга алыш керек го, болбосо ошол эле түштү Берлиоз да көргөнбү? Анткени тигил чет өлкөлүк неменин жүзүн ойлуу карап сүйлөдү: 

– Сиздин аңгемеңиз аябай кызыктуу экен, профессор, бирок инжил китебиндеги аңгемелер менен такыр дал келишпей турат.

– Коюңузчу, – жаш балага сүйлөгөндөй жылмайып жооп берди профессор, – башкаларды айтпай эле коёюн, а бирок сиз билесиз да, инжил китептеринде жазгандын бардыгы эч качан болгон эмес, ал эми тарыхый булак катары инжил китептерин алсак, анда... – ал дагы бир жолу жылмайып койду, Берлиоз болсо эмне айтаарын билбей калды, анткени Бронная көчөсүнөн ушул Патриарх көлмөлөрүнө келе жатып, ал Бездомныйга дал ушул сөздөрдү айтпады беле. 

– Аныңыз чын, – деди Берлиоз, – бирок мына ушул бизге айтып бергениңиздин чынында иш жүзүндө болгонун ким далилдеп бере алат?

– О жок! Муну бар ким далилдеп берет! – эмнегедир сөздөрдү тантык сүйлөп, өтө ишенимдүү айтты профессор, анан күтүүсүз жерден экөөнү сырдуу өзүнө жакындатып чакырып алды.

Тигил экөө эки жагынан эңкейгенде, эч бир акценти жок сүйлөдү (шайтан алгырдын акценти бир пайда боло калып, бир жоголуп кете турган экен): 

– Иштин бардыгы мында... – бул жерден профессор кооптоно кылчактап, эмнегедир шыбырап сүйлөп баштады, – мен жеке өзүм ушунун бардыгына катышкам. Понтий Пилаттын балконунда болгом, Каифа менен маектешкенде бак-дарактардын арасында, секичеде да болдум, бирок жашырын, инкогнито десек болот, ошондуктан суранамын силерден – эч кимге айтпагыла, бул купуя!.. Тсс!

Бир азга үндөбөй калышты, Берлиоз болсо купкуу болуп кетти.

– Сиз... сиз Москвада качантан бери? – бузулган үнү менен сурады ал. 

– А мен жаңы эле келдим Москвага, – алаксып атып жооп берди профессор, дал ушул чакта экөө анын көздөрүн жакшылап карап көрөлүчү дегенде, тигинин сол жашыл көзү такыр эле жин тартып турган экен, ал эми оң көзү – кара, эч нерсе жок жана өлүп калгандай. 

«Мына бардыгы эми түшүнүктүү болду! – деп ойлоду апкаарыган Берлиоз, – бул башы соо эмес немис, же жаңы эле Патриарх көлмөсүнөн жин тийди буга. Мына сага тамаша!»

 

Ооба, чын эле бардыгы эми түшүнүктүү болду: маркум философ Кант менен таңкы тамактанганы жана семичке май менен Аннушка жөнүндө дөөдүрөп айтканы, башын кесет деген божомолу жана башкалары – профессор акылынан айныган. 

Берлиоз ошол замат эмне кылуу керектигин чечти. Отургучтун жөлөнгүчүнө кыйшайып, профессордун аркасынан Бездомныйга көзүн кысып атты, – каяша айтпа буга дегенсип, – бирок көз кысканын каңгыраган акын түшүнгөн жок.

– Ооба, ооба, ооба, – желигип сүйлөп атты Берлиоз, – эмнеси бар экен? Бардыгы болушу мүмкүн! Так ошондой болушу мүмкүн, Понтий Пилат да, балкон дагы жана башкалары... А сиз жалгыз келдиңизби же жубайыңыз мененби?

– Жалгыз, жалгыз, мен дайыма жалгыз, – өксөө жооп берди профессор.

– А сиздин буюмдарыңыз каякта, профессор? – жылмалап сурап атты Берлиоз, – «Метрополдобу»? Кай жерге токтодуңуз?

– Менби? Эч жерде, – жооп берди акылынан тайган немис, Патриарх көлмөсүнө жашыл көзүн кусалуу жана түнт чаптырып.

– Кантип эле? А... каякка жашап турайын дейсиз анан?

– Сиздин квартирада, – күтүүсүз лап эттире айтты жин тийген неме көзүн кысып.

– Мен... мен, албетте, чын дилимен, – кобурады Берлиоз, – бирок, чын эле, меникинде сизге ыңгайсыз болот... А мына «Метрополдо» сонун номерлер бар, бул эң мыкты мейманкана...

– А азезил да жокпу? – бир убакта жайдары сурап калды бейтап неме Иван Николаевичтен.

– Азезил дагы...

– Каршы болбо! – жалаң эриндери менен шыбырады Берлиоз, профессордун аркасы жагына жыгыла сүрүлүп жана түшүндүрөйүн деп бети-оозун кыйшайтып.

– Эч кандай азезил жок! – ушунун бардыгынан абдыраган Иван Николаевич орунсуз сөздөрдү кыйкырып жиберди, – эмне жаза мага! Психтенбегилечи көп эле!.

Бул жерден акылынан тайган неме катуу каткыргандыктан, отургандардын үстүндөгү липадан таранчы бырп этип учуп чыкты. 

– Бул эми, силердики таза кызык го, – каткылыктап сүйлөдү профессор, – эмнени алба, бардыгы жок болуп чыгат! – деп, жин ооруда түшүнүктүү болгондой, каткырганын замат токтотуп, такыр тетири жагына – кыжырданууга ооп кетип, кыйкырды каардуу: – Демек, ал дагы такыр жок экен да?

– Тынчтаныңыз, тынчтаныңыз, профессор, тынчтаныңыз – бейтаптын бейжай болуусунан коркуп, кобурап атты Берлиоз, – бир мүнөткө бул жерде отуруп туруңуз жолдош Бездомный менен, мен болсо нары жактан телефон чалайын, андан кийин сизди каалаган жагыңызга узатып коёбуз. Анткени сиз шаарды билбейсиз да...

Берлиоздун планын туптуура десек болот: жакынкы телефон-автоматка чейин чуркап барып, чет өлкөлүктөр бюросуна билдирүү керек – мына, Патриарх көлмөсүндө жин тийген акыбалда чет өлкөдөн келген консультант отурат деп. Дароо чара көрүү керек, а болбосо эмне деген жаман беймаза кылык болгону турат!

– Телефон чаласыңарбы? Мейли анда, чалгыла, – капалуу макул болду бейтап, анан өтө берилүү менен сурап калды: – Бирок коштошоор алдында суранамын, азезил бар экендигин билип жүргүлөчү! Мындан башканы сурабаймын. Бул тууралуу дагы жетинчи далилдеме бар экендиги эсиңерде болсун, эң ишенимдүү далилдеме! Мына азыр ал силерге көрсөтүлөт. 

– Жакшы, жакшы, – арамза жароокерденип айтып атты Берлиоз анан, акылынан тайган немисти кайтарып отуруу көңүлүнө жага бербеген, шалдая түшкөн акынга көзүн кысып, Бронная жана Ермолаевский көчөлөрүнүн бурчундагы Патриарх көлмөсүнөн чыга беришке безилдеген бойдон кетти.

А профессор болсо ошол замат кадимки адамдай түрүнө келе калып, жүзү ачылгансыды.

– Михаил Александрович! – Берлиоздун артынан кыйкырды.

Селт этип кайрылды тигил, бирок профессорго анын ысымы кайсы бир гезиттерден белгилүү болгон окшойт деген ой менен өзүн-өзү тынчтандырды. Профессор болсо колун сурнай сыяктантып кыйкырды:

– Мен азыр Киевдеги агаңызга телеграмма берип коёюнбу? 

Берлиоз кайра селт этип кетти. Мынабу жинди неме Киевде агасы бар экенин каяктан билет? Бул жөнүндө, албетте, эч бир гезитте жазылган эмес да? Эге-ге, Бездомныйдын айтканы туура эмеспи? Жанагы документтери жасалма болсочу? Кандай гана түшүнүксүз субъект. Чалыш керек! Чалыш керек! Азыртан калбай чалыш керек! Мунун бетин тез эле ачып коюшат! 

Берлиоз андан нары эч нерсе укпай, чуркап жөнөдү. 

Дал ушул жерден, Бронная көчөсүнө чыга бериште, майланышкан аптаптан күн жарыгында пайда боло калган жанагы жаран редакторго утурлай отургучтан тура келди. Эми ал абадан токулган эмес, кадимкидей, дене түзүлүшү бар неме экен, ал эми Берлиоз күүгүмдө тооктун жүнүндөй болгон муруттарын көрдү, көздөрү кичинекей, ырайы какшыктаган жана жарым-жартылай мас экени, ошондой эле шымдары чакмактуу, ушунчалык кыска болгондуктан кирдеген ак байпактары көрүнүп турду. 

Михаил Александрович артка кетенчиктей түштү, бирок муну жөн гана кокустук деп ойлоп, бул тууралуу азыр ойлонууга убакыт жок деп өзүн-өзү сооротту.

– Турникет издеп жатасызбы, байкеси? – чакмактуу кийимчен кырылдап калган тенор үнү менен сурады, – бияка баскыла! Түз барып отуруп, ошол жактан чыгасыңар. Жол көрсөткөнүм үчүн эки жүз грамм... ден соолукка... мурдагы регентке аянбаңыз! – кылжыктаган субъект жокейлердин баш кийимин чечип, бери ийилди.

Берлиоз кылжыктаган кайырчы регентти укпай, турникетке чуркап келип, аны мыкчый кармады. Бери карай буруп, рельске кадам таштайын деп жатканда жүзүнө кызыл жана агыш жарык чачырады: айнек ящикте «Берегись трамвая!» деген жазуу жанды.

Ошол замат трамвай Ермолаевский көчөсүнөн Бронная көчөсүнө жаңы салынган линия боюнча бурулуп, келип калды. Бурулуп туруп түзгө чыкканда ичинен электр жарыгы жарк этип жанып, күүлөндү дагы күүлдөп жөнөдү. 

Этият жүргөн Берлиоз, коопсуз жерде турса дагы, тосмонун артына кайтууну чечип, колун чимирилмеден алды дагы, бир кадамын артка таштады. Ошол замат колу тайып, кармагычтан чыгып кетти да, буту муз үстүндөгүдөй тайгаланып, рельске карай жантайып кеткен таштардан токтоно албай сыйгаланды, экинчи буту так өөдөгө ыргып, Берлиоз рельске кулап түштү. 

Бир нерсени кармайын деген аракетте Берлиоз чалкасынан жыгылып, башын ташка уруп алды, ошол чакта – сол жагынан бы же оң жагынан бы билбей калды – бийиктиктен алтын жалатылган айды көрүүгө үлгүрдү. Ал капталына бурулуп, ошол замат жан талашкан кыймылы менен буттарын ичке карай тартты, кайрылаар замат токтоно албай бери карай катуу келаткан вагон айдоочу аялдын купкуу үрөйүн жана анын кызыл ала таңуусун көрдү. Берлиоз кыйкырган жок, бирок анын тегерегинде бүт көчө аялдардын ызылдаган кыйкырыгына толуп калды. Айдоочу аял электр тормозду тарта салганда, вагондун мурду жерге отуруп, андан кийин дароо секире түштү, терезелерден сынган айнектин жерге шарактап кагылганы угулду. Берлиоздун мээсинде кимдир бирөө айласы кеткендей кыйкырды – «Чын эле би? ... » Дагы бир жолу, мунусунда акыркы жолу ар бөлүктөргө сынып бараткан ай жарк этти да, анан караңгы басты.

Берлиоз трамвай алдында калып, Патриарх аллеясынын тосмосунун алдына, таштан төшөлгөн жантаймасына тегерек карарган бир нерсе ыргытылды. Ушул жантаймадан ылдыйга карай барып, ал Бронная көчөсүнүн таш жолунан секире томолонду.

Бул Берлиоздун кесилген башы болчу.

 

Глава 4

Куугун

 

Аялдардын ызылдак кыйкырыктары басылып, милиция ышкырып бүттү, эки тез жардам машиналары алып кетти: бириси – башы кесилген денени жана кесилген башты өлүкканага, экинчиси – айнектин сыныктарынан жаракат алган айдоочу сулуу кызды, ак фартукчан көчө шыпыргычтар айнектин сыныктарын алып салышты жана кан көлчүктөргө кум төгүштү, ал эми Иван Николаевич турникетке жетпей көчүк басты эле, ошол отургучка отурган бойдон калды.

Бир нече жолу ал ордунан турууга аракет кылды, бирок буттары ага баш ийген жок – Бездомныйга шал тийген сыяктанды.

Акын биринчи кыйкырыкты уккандан кийин эле турникетке чуркап барганда, таш жолдо кишинин башы секирип баратканын көрдү. Ушуну көргөндө акылына ушундай ээ боло албай, отургучка жыгылып, колун кан чыккыча тиштеди. Албетте, ал акылынан тайган немис жөнүндө унутуп койду, ушул чакта бир гана нерсени түшүнүүгө аракет кылды ‒ бу, кандай өзү, мына азыр эле Берлиоз менен сүйлөшүп отуруп, бир мүнөттөн кийин — анын башы ...

Жээликкен адамдар аллеяны бойлой акындын жанынан өтүп, бир нерсе деп кыйкырып атышты, бирок Иван Николаевич алардын сөздөрүн уга албады.

Бир маалда анын жанында эки аял беттеше калып, ичке мурун жана жылаң баш бириси акындын так кулагынын үстүндө  экинчисине мындай деп кыйкырып атты:

– Аннушка, биздин Аннушка ушунун бардыгын кылган! Садовая көчөсүнөн! Ал бакалея дүкөнүнөн семичкенин майын алып, алдагы чимирилмеден бир литрди талкалап салбадыбы! Этеги бүт май болду... Урушуп атат дейсиң ушул жерден, урушуп атат дейсиң! Тигил, байкуш, ошол майга тайгаланып, рельске жыгылган турбайбы...

Аялдын кыйкырганынан бир эле сөз Иван Николевичтин ала чакмактаган мээсине жармашты: «Аннушка» ...

–  Аннушка... Аннушка?.. –  деп күңкүлдөдү акын айланага сарсанаа карап, — коё турчу, коё турчу...

 «Аннушка» деген сөзгө «семичкенин майы» деген сөз илешти, андан кийин  эмнегедир «Понтий Пилат» деген сөз. Акын «Пилат» деген сөздү четке кагып, «Аннушка» деген сөздөн жипти сууруй баштады. Бул жиби тез эле чууруп отуруп дароо жанагы жин тийген профессорго алып келди.

Токточу! Аннушка май  төгүп алгандыктан жыйналыш болбойт деп айтпадыбы беле жанагы. Мына көрүп ал эми, жыйналыш болбойт! Мунусу аз келгенсип, ал Берлиоздун башын аял кесет деп ачык эле айтпадыбы?! И-и, и-и, и-и! Вагон айдоочу аял киши беле?! Бул не деген шумдук? Ыя?

Табышмактуу консультант Берлиоздун каргашалуу өлүмүнүн бүтүндөй сүрөтүн буга чейин көргөнүнө кыпындай да шек саноо калган жок. Бул жерден эки ой акындын мээсинде чагылгандай жарк этти. Биринчиси: «Ал таптакыр жинди эмес! Жок, жок жинди эмес!», жана экинчиси: «Ушунун бардыгын ал өзү жасап койгон жокпу?!»

А бирок кантип, айткылачы, кантип?!

– Э-э, жок! Биз муну билишибиз керек!

Иван Николаевич араңдан зорго, эптеп отургучтан туруп, профессор менен жанаарак сүйлөшүп отурган жерине жөнөдү. Ал, бактыга жараша, али кете элек экен.

Бронная көчөсүндө чырактар жагылып калыптыр, Патриарх көчөсүнүн үстүндө алтын ай жаркырап турган, айдын алдамчы жарыгында Иван Николаевичке тигил колтугуна таякты эмес, ичке кылычты кысып тургандай көрүндү.

Мурдагы апыртма-регент дал Иван Николаевич отурган жерде отуруптур. Азыр регент мурдунун үстүнө такыр кереги жок пенсне тагынып алыптыр, анысынын бир көзүндө айнеги жок, экинчиси сынык экен. Ушундан улам чакмактуу кийимчен неме рельске карай жолду Берлиозго көрсөткөндөгүдөн дагы жийиркеничтүү көрүндү.

Жүрөгү опколжуй баштаган Иван профессорго жакындап барып, анын жүзүн караганда эч кандай жиндиликтин белгилерин көргөн жок.

– Сен кимсиң, айткын чыныңды? – күңкүл сурады Иван.

Чет элдик неме кабагын бүркөп, акынды биринчи жолу көрүп жаткандай жалт карап, жактырбай жооп берди:

– Тил...меники билбейт...

– Билбейт экен биздин тилди! – отургучтан регент аралашты, аны эч ким чет өлкөлүктүн сөздөрүн түшүндүрүп бер деп сурабаса да.  

– Анткорлонбо! – болгон каары менен сүйлөдү Иван, ичинен муздаганын сезип, – жаңы эле сопсонун сүйлөп жаткансың. Сен немис да эмес, профессор да эмессиң! Сен – киши өлтүргүч жана шпионсуң! Документиң көрсөт! – ачууланып кыйкырды Иван.

Табышмактуу профессор теңине албагандай ансыз да кыйшык оозун чүйрүйтүп, ийиндерин куушурду.

– Байкеси! – митаам регент кайра кошула калды, – бул чет элдик туристке эмнеңиз бар? Бул үчүн катуу жоопко тартыласыз, айтып коёюн! – дегиче тигил шектүү профессор болсо текебер жүзүн Ивандан буруп, нары жакка басып кетти. 

Иван өзүн жоготуп койду. Деми кыстыгып, регентке кайрылды:

— Эй, ким... эме! мынабу кылмышкерди кармоого жардам бер! Бул деген биздин милдет!

Регент кыйла жандана түшүп, ордунан ыргып туруп кыйкырды:

– Кылмышкер кана? Кайда жүрөт? Чет элдик кылмышкер? – регенттин көздөрү жайдары жаркылдайт, – ушулбу? Эгер ал кылмышкер болсо, анда кыйкырыш керек: «Караул!»  деп. Болбосо кетип калат. Кел, чогуу кыйкыралы! Бирге, и-и! – деп регент жаагын ачты.

Башы маң болуп жаткан Иван тамашакөй-регенттин тилин алып, «караул!» деп кыйкырды, ал эми регент аны алдап, эч нерсе кыйкырган жок.

Ивандын жалгыз, кырылдаган кыйкырыгы жакшы натыйжа берген жок. Эки кыз нары жакка жалт берип, «мас немеби» деген бойдон кетишти.

– А, сен аны менен биргесиңби? – ачууга алдырып, кыйкырды Иван, – сен эмне мени шылдыңдап жатасың, ыя? Коё бер дейм!

Иван оңго кетсе, регент дагы оңго жөөлөйт! Иван солго чуркаса, тигил да – солго!

– Сен атайлап тосуп жатасыңбы? – ызырына кыйкырды Иван, – азыр өзүңдү милициянын колуна салып беремин!

Иван бул шүмшүктүн жеңинен кармаганга аракеттенди, бирок абаны гана чапчып калды. Регент жерге житип кеткендей жок.

Иван оозун ачып, алысты караса, жанагы жек көрүнгөн бейтаанышты көрүп калды. Тигил кичи Патриарх көчөсүнүн чыга беришине жетиптир, жанында дагы бирөөлөр бар. Баягы шектүү регент кошула калыптыр. Мунусу аз келгенсип, дагы бирөө бар экен: бул компанияга үчүнчү болуп кайдан-жайдан пайда боло калган, каман сыяктуу килейген, көө же карга сыяктуу капкара жана узун быжыгыр муруту бар мышык кошулду. Үчөө кичи Патриарх көчөсүнө карай жөнөштү, айтмакчы, мышык арткы эки буту менен басып баратты.

Иван бул шүмшүктөрдүн артынан чуркап, аларды кууп жетүү өтө кыйын болорун дароо билди.

Үчөө заматта чакан көчөдөн өтүп, Спиридоновкага жетип калды. Иван канча кадам таштабасын, тигилер менен анын ортосундагы аралык такыр кыскарган жок. Акын көз ачып жумгуча, тынч Спиридоновка көчөсүнөн Никитский капкасына келип калыптыр, ал жактан кырдаал татаалдашып кетти. Бул жерде эл жык экен, бирөөнү жөөлөп кеткенде, артынан ашатышты болушунча. Жанагы каракчылар тобу бандиттердин ар тарапка чачырамай адаттагы ыкмасына салышты.

Регент Арбат аянты көздөй катуу бараткан автобуска өтө шамдагайлык менен секирип кирип, ошол бойдон житип кетти. Ошентип куугундагы бирөөсүн жоготуп, Иван көңүлүн мышыкка бурду, бул таң каларлык мышык аялдамада турган мотору бар «А» вагонунун тепкичине басып барды да, аялды трамвайдан чаңырганына болбой ажырата түртө салып, кармагычына жармашып чыкты, ал тургай, ичи үп болгондуктан ачылып турган терезеден кондуктор аялга майда тыйын сунууга аракет жасады.

Мышыктын жүрүм-туруму Иванды ушунчалык таң калтыргандыктан, ал бурчтагы бакалея дүкөнүнүн жанында кыймылдабай катып калды, ушул жерден мындан да күчтүү таасирди кондуктор аялдын жообу калтырды. Ал мышыктын трамвайга көтөрүлүп бара жатканын көргөндө эле, жини келгендиктен титиреп кыйкырып жиберди:

— Мышыктарга болбойт! Мышыктар менен болбойт! Мыш дейм! Түш, азыр милиция чакырам болбосо!

Кондукторду да, жүргүнчүлөрдү да мындай иштин өзү таң калтырган жок: мышык трамвайга кирип кетейин дегени эмес, бул мейли эле, анын төлөйм деп жатканы!

Мышык жол кире төлөөгө жөндөмдүү болуу менен бирге, тартиптүү да жаныбар болуп чыкты. Кондуктор аялдын биринчи кыйкырыгында эле ал жулкунуп кирүүсүн токтотуп, вагондун тепкичинен түшүп, аялдамадагы отургучта тыйын менен мурутун сылап отуруп калды. Бирок кондуктор жипти тартып, трамвай жылаар замат, трамвайдан кубалап кетирилген адамдай эле, мышык баягы жармашып калуу аракетин жасады. Үч вагонду өткөрүп, акыркы вагондун чыгып турган темирине секире калды да дубалындагы темирине жармашып, жол киресин үнөмдөгөн бойдон кетти. 

Арамза мышык менен алаксып атып, Иван үчөөнүн эң негизгисин — профессорду жоготуп коё жаздады. Бирок, бактыга жараша, ал качып кетүүгө үлгүрбөптүр. Иван анын бозала беретин Большая Никитская же Герцен көчөсүнүн башында калың элдин арасынан көрүп калды. Көз ачып жумганча, Иван ошол жерге жетип барды. Бирок аракети ийгиликсиз болуп чыкты. Акын канчалык кадам арыштабасын, чуркап да баштады өтүп бара жаткандарды түрткүлөп, бирок профессорго бир сантиметр дагы жакындаган жок.

Иван канчалык үрөйү өчүп алдастабасын, куугундун болуп көрбөгөндөй ылдамдыгына аябай таң берди. Жыйырма секунд өтпөй эле, мына Никитский капкасынан кийин Иван Николаевич Арбат аянтынын жарыктарына кирди. Дагы бир нече секунд өткөндө тротуарлары кыйшайган караңгы чакан көчөгө келип, ал жерден Иван Николаевич чалынды да, тизесин сыйрып алды. Кайрадан жарыкка толгон магистраль – Кропоткин көчөсү, андан ары дагы бир чакан көчө, анан Остоженка жана дагы бир көңүлсүз, жагымсыз, караңгы кичинекей көчө. Мына ушул жерден Иван Николаевич аябай керектүү адамды акыры жоготуп алды. Профессор көздөн кайым болду.

Иван Николаевич бир азга алдастай түшүп, бирок ошол замат эмнегедир профессор сөзсүз № 13 үйдө, албетте, 47-батирде болушу керектигин түшүндү.

Подъездге кирип барып, Иван Николаевич экинчи кабатка чуркап чыкты, заматта жанагы батирди таап алып, чыдамсыздык менен коңгуроосун басты. Ал жерден көпкө күткөн жок: беш жашар кыз Иванга эшикти ачып, келген адамдан эч нерсе сурабай, дароо бир жакка кетип калды.

Каралбаган эбегейсиз чоң оозгу бөлмөдө, кирдегенинен карайып калган бийик шыптын астындагы кичинекей көмүр лампа болор-болбос жарык берип турат, дубалда дөңгөлөгүнүн шинасы жок велосипед илинип турган, темир менен капталган килейген сандык бар экен, кийим илгичтин үстүндөгү текчеде кышкы шапке жатыптыр, анын узун кулактары ылдыйга салпаңдап турат. Эшиктердин биринин артында радиодогу күңгүрөгөн эркек кишинин үнү ырларды ачуу кыйкыра окуп атат.

Иван Николаевич бейтааныш үйдөн таптакыр аң-таң болбостон, түз эле коридорго чуркап жөнөдү: «Ал, албетте, ваннага жашынып калды» деген ой менен. Коридор караңгы болчу. Дубалдарга урунуп, Иван ылдый жакта эшиктин астынан жарыктын жылчыгын көрүп калды, туткасын сыйпалап таап, тарта салды. Илгичи чыгып кеткенде, Иван ваннага кирип келди, ошол маалда «бактым бар экен» деген ой келди ага.

Бирок «бактысы» ал ойлогондой болуп чыккан жок! Иван нымдуу жылуулукту искеп, колонкада көмүрдүн араң кызарган жарыгында дубалга илинген чоң дагараны жана эмаль сырты урунуп-берингенден карайып калган ваннаны көрдү. Мына ошол ваннада жылаңач аял  туруп жуунуп атыптыр, колунда жышынгычы бар, өзү болсо бүт самын. Ал Ивандын удургуй кирип келгенине көзүн жылчыйта карап, жарыгы тозоктун отундай бөлмөдө жаңылыш таанып, акырын жана жайдары сүйлөдү:

— Кирюшка! Ээнбаштанбагыла! Эмне, жин тийдиби силерге? .. Федор Иваныч азыр кайтып келет. Чыгып кеткиле, болгула дейм! — деп Иванга жышынгычы менен силкиди.

Жаңылыштык орун алганы жана буга, албетте, Иван Николаевич күнөөлүү болгону ачык айкын көрүнүп турду. Бирок муну мойнуна алгысы келбей, тигил жемелүү: «Шуркуя десе!.. » ‒ деген бойдон эмнегедир кухняга кирип кетти. Ал жерде эч ким жок экен, плитанын үстүндө күүгүмдө он чакты өчүрүлгөн примустар беймарал турат. Көп жылдардан бери сүртүлө элек чаңдуу терезеден кирген айдын жалгыз нуру чаңга жана желеге бөлөнүп, унутта калган икона илинген бурчту эптеп-септеп жарык кылып, анын киотунан эки никелик шамдын учтары чыгып турду. Чоң иконанын астына кадалган кичинекей сүрөт икона илинип турат.

Иванды кандай ой ээлеп алганы белгисиз, бирок арткы эшикке чуркап чыга электе эле, ал ушул шамдардын бирин, ошондой эле кагаз иконаны алды. Ушул буюмдар менен ал бейтааныш батирден чыгып, бир нерселерди күбүрөнүп, ваннада жаңы эле башынан өткөнүнөн уялып, жанагы бетбак Кирюшка ким экенин жана кулагы шалпайган жиндидей шапке ошонукубу эмнегедир билгиси келди.

Каңгыраган караңгы кичинекей көчөдө акын айланасына көз чаптырып, качкынды издеди, бирок тигил эч жерде көрүнбөйт. Ошондо Иван өзүнө-өзү бекем айтты:

— Албетте, ал Москва дарыясында! Алга!

Иван Николаевичтен, кичи пейилдикке, ал эмне үчүн профессорду башка жерден эмес, Москва дарыясынан издөө керек деп ойлоп жатканын сураш керек эле. Өкүнүчтүүсү, ошол суроону бере турган эч ким жок болчу. Жанагы көңүлгө жакпаган көчө жылан сыйпалагандай ээн.

Кыска убакыттын ичинде Иван Николаевичти Москва дарыясынын амфитеатрынын гранит тепкичтеринен көрүүгө болоор эле.

Кийимдерин чечип жатып, аларды Иван айрылган ак толстовканын жана боосу чечик эскилиги жеткен батинкенин жанында папирос ороп чегип отурган жүзү ачык сакалчанга тапшырды. Өзүн өзү суутуу максатында колдорун айланта шилтеп, Иван сууга секирип чүмкүдү. Суунун ушунчалык муздагынан, анын деми кыстыгып, ал тургай, суудан аман-эсен чыгамбы деген да ой келди ага. Суудан аман-эсен чыгып, күшүлдөп-бышылдап, тегерек көздөрүнөн үрөйү учкан Иван Николаевич жээктеги фонарлардын сууда сынык болуп чагылышкан жарыгында, май жыттанган кара сууда сүзө баштады.

Суу болгон Иван тепкичтен түшүп, сакалчандын карамагында кийимдери калган жерге тарталаңдап келгенде кийимдери гана эмес, сакалчандын өзү да жок болгону билинди. Кийимдер үйүлүп жаткан жерде жол-жол тартылган дамбал, айрылган толстовка, шам, иконка жана шереңкенин кутусу калыптыр. Дармансыз каары менен кимдир бирөөгө муштумун көрсөтүп, Иван болгон кийимди кийип алды.

Андан кийин эки ой аны тынчсыздандыра баштады: биринчиси, бул дайыма жанында алып жүргөн МАССОЛИТтин күбөлүгү, жана экинчиси, ушул кебетеси менен ал Москвада өзү билгениндей жүрө алабы? Кантсе да, дамбалчан... Ооба дечи, кимдин кимге иши бар эле, бирок кандайдыр бир кыйкымчылдарга кармалып калбайбы.

Иван томук жагында дамбалдын топчуланган топчуларын жулуп салды, балким, ушул түрүндө дамбал жайкы шымга окшошуп калабы деген ойдо, андан кийин иконаны, шамды жана шереңкени алып, өзүнө өзү буйрук берди:

— Грибоедовго! Албетте, ал ошол жерде.

Шаардын кечки жашоосу башталып калган учур. Жүк ташуучу унаалар чынжырларын каңгыратып чаңдап өтүп жатты, алардын платформаларында, мүшөктөрдө, курсактарын өөдө каратып, бир нече киши жатат. Терезелердин бардыгы ачык. Алардын ар биринде кызгылт сары абажурдун астында жарык чачылып, бардык терезелерден, бардык эшиктерден, бардык дарбазалардын алдынан, чатырлардан жана чердактардан, жертөлөлөрдөн жана короолордон «Евгений Онегин» операсынан полонездин кырылдаган кыйкырыгы угулат.

Иван Николаевичтин коркконундай эле болду: өтүп бара жаткандар көңүл бурушуп, бурула карап жатышты. Ушундан улам, ал чоң көчөлөрдөн качып, эл анчалык тажатпаган кичинекей көчөлөр менен өтүүнү чечти, ал жакта жылаңайлак адамга эмне дамбалчан жүрөсүң деп эч ким кайрылбастыр деген үмүт бар, анан калса, жанагы дамбал такыр жайкы шымга окшобой койду.

Иван ошондой кылды да, Арбаттын кичинекей көчөлөрүнүн табышмактуу тарамына кирип, дубалдарга жакын, чоочулап аркы-теркиге көз салып, мүнөт сайын арка жагын жалт карап, подъезддерге жашынып, светофорлору бар көчө кесилиштерине, элчилердин особняктарынын укмуштуудай эшиктерине жолобой баратты. 

Анын ушундай татаал жолунда эмнегедир айтып бере алгыс, кайда болбосун коштоп жүргөн оркестрдин ойногону аны кыйнады, ошонун аккомпанементи менен коңур оор үн Татьянага болгон махабаты жөнүндө ырдап жатты...

 

Кыргызчага которгон Улан Жунушбаев

 


Количество просмотров: 1199