Главная / Драматургия, киносценарийлер, Киносценарийлер
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2021-жылдын 12-майы
Жаңыл Мырза
Киноповесть
Катышуучулар:
Жаңыл Мырза – нойгут элинен чыккан баатыр кыз.
Жаркын – Жаңыл Мырзанын жакын курбусу.
Айтолгон — Жаңыл Мырзанын 2-курбусу.
Кылторко — Жаңыл Мырзанын 3-курбусу.
Гүлай — Жаңыл Мырзанын 4-курбусу.
Эрдене – калмак хантайшысы.
Субатай – Эрдененин 1— нуукери, калмак жайсаңы.
Үрбү – Эрдененин 2— нуукери, калмак жайсаңы.
Доржу – Эрдененин 3 — нуукери, калмак жайсаңы.
Бурхан – Эрдененин 4 — нуукери, калмак жайсаңы.
Баглан — жайсаң башы.
Байжы – Эрдененин эшик ырчысы.
Санжы-сынчы.
Бозбала – төкмө.
Тооке – казак ханы.
Тооке хандын көрөөр көзү.
Тооке хандын ымыркайы.
Темиржаш – найзакер.
Доскан – найзакер.
Кубаакы карыя.
Чогулдур – найзакер Темиржаштын тууганы.
Тыңчы жигит.
Суусар – кыргыз кыз.
Бекбоо – кыргыз жигит, комузчу, акын.
Байтору – Жаңылдын атасы.
Калыйман – Байторунун аялы, Жаңылдын апасы.
Манасчы жигит.
Айзат — келин.
Үчүкө – сарбагыштын баатыры.
Түлкү — сарбагыштын баатыры, Үчүкөнүн жатындаш бир тууганы.
Сарсейит – Түлкүнүн атасы.
Кабылсейит – Сарсейиттин бир туууган иниси.
Атакозу – сарбагыштын баатыры, Жаңылдын эри.
Чабак – сарбагыштын баатыры.
Алымкул аянчы – түш жоругуч.
Чоң тебетей Чомура – сарбагыштын мыктысы.
Кожогул – Атакозунун жигити.
Кочкорок – Чабактын жигити.
Калматай – улгайган баатыр.
Түлөкө — Калматайдын токсондогу атасы.
Табылган – кыргыз.
Табылгандын уулу.
Каработо – тестиер бала, Суусардын иниси.
Тартуу алып келген жолоочу.
Атчан жолоочу.
Жарчы.
Тилмеч.
Калмактын байы.
Малчы калмак.
Өспүрүм.
Малчы кыргыз.
Малчы бала.
Бата берген байбиче.
Калматайдын чабарманы.
Карадолу – Жаңылдын аты.
Булардан башка эл, улан-кыздар, жигиттер, жайсаңдар, жоокер кыздар, мергенчилер, малчылар, балдар, өспүрүмдөр ж. б. катышат.
***
Титр. Бул окуя Жунгар доорунда калмактар кыргыздарды басып алып, эзип турган мезгилде болуп өткөн.
***
Жайыт. Төмөн жакта кыргыз айылы үрүл-бүрүл көрүнөт. Койчулар калмак жайсаңдарынын көзмөлүндө туш-туштагын кокту-колот, жайыттардан малдарын айдап чыгып атышты. Бир кой төө куйруктун арасында оттоп калып калды эле, көзөмөлчү калмак жайсаңынын бирөө аны көрө койду.
— Малыңды катып атасыңбы?!. –деди калмак жайсаң, койчу баланын маңдайына бастырып келип, тигини кекете. Жанында дагы бир атчан жайсаң баланы жаман көзү менен карап турду.
— Көрбөй калыптырмын, — деди койчу бала жалтактап, актана, таягы менен бетин калкалаганга аракеттенип.
— Көрбөгөн көздүн сага эмне кереги бар!.. – жайсаң ачуусу ашып-ташып койчу баланы узун өрмө шапалагы менен башка бир чапты. Койчу баланын көзү чыгып кетти. Бала канжалаган бетин басып, эси эңгиреп турду. Ары жакта мал айдап жүрүшкөн малчылардин бирөө чуркап келип балага жардамдаша калды.
— Тим кой!.. – деди жайсаң, көзүнүн чаарын чыгара малчыга карап. – Сооп болот!.. Чала болот!.. Бир көзүн соо койдум!.. Эки көзүн тең соолутуп койсом болмок!..
Малчы койчу баланы аяй кылчак-кылчак карап, аргасы түгөнө малды көздөй басты.
— Турба!.. – деди, жайсаң койчу балага ызырынып. – Айда, койду!..
Койчу бала канжалаган көзүн бир колу менен басып, бир колу менен таягын жаңсап, малды айдап жөнөдү.
— Булар ушундай митаам, катып койгусу келген да, чычкак козусун, — деди тиги жайсаң калмак жанындагы жайсаңга карап. Жайсаң тигинин сөзүн кубаттап, башын ийкегиледи. Эки жайсаң да мал артынан бастырышты.
***
Кыргыз айылы. Айылдын бетине айдалып келген малдар топтолуп жатты.
***
Айылдын ичинде калмактын жайсаңдары ар кайсы үйдөн колуна тийген ырыстуу нерселердин баарын талап-тулап алып, айылдын чок ортосуна үйүп атышты. Кыргыздар аргалары кетип, кабактарын түйүшүп, калмактар кантип алардын байлыктарын талап атканын карап, ичтеринен кан өтүп турушту.
Биртоп жайсаңдар айылдын ичинде тартылган узун көгөөнгө бойго жеткен кыргыздын келишимдүү уландарын, биринен бири өткөн тандалма кыздарын айдап келишип көгөөндөп жатышты.
Балдарына жармашып, алып калуунун аракетин көргөн кээ бир ата-энелерди калмак жайсаңдары башка-көзгө койгулап сабашып, балдарын ажыратып алышып, көгөөнгө байлап, кайтарып турушту.
***
Кыргыз боз үйү. Калмак жайсаңдарынын эки-үчөө шарт кирип келишти. Орто жашка барып калган кыргыз аял кичинекей балдарын корголотуп, чыгдан тарапта коркуп турган.
— Бойго жеткен кызың барбы?! – деди жайсаңдардын бири энени демитип.
— Жок... мына болгон балдарым... Булар кичине.. – деди, аял коркконунан алаңдап.
— Буз жүгүңдү! – деп, калмак жайсаң аялды колунан булка кармап, төрдө жыйылган жүктү көздөй түрүтүп ийди. Балдар чырылдап ыйлап атышты.
Аял жүктүн жанына келип, эмне кылаарын билбей буйдала түштү.
— Буз деп атам!.. – деп кыйкырды калмак, кылычын кынынан сууруп, кичинкей баланын бирөөнүн алкымына такап. –Азыр мынабул балаңдын башын чымчыктай үзүп коем!
Корккон бала алаңдап, көзүнөн жаш кетип атты.
— Бол тез!.. –деди калмак баланын мойнуна кылычын такаган бойдон, демите.
Аял аргасы жок жүктү бузуп кирди. Жүктүн арасынан бойго жеткен кыз кошо түштү, жерге. Эки жайсаң дароо бойго жеткен кызды сыртка сүйрөп жөнөштү.
Тиги калмак баланы кое берип, кылычын кынына салып, колундагы шапалагы менен аялды башка-көзгө койгулап сабап ийди да, сыртка чыгып кетти. Балдар чыркырашып ыйлап атышты. Аял бүк түшүп олтурду. Көзүнөн жаш кетип, айрылып, канжалаган бети ылдый куюлуп жатты.
***
— Булар эмне үчүн жыл сайын ушинтишет?!. – деди боз үйүнүн капталында турган жашы тогуз-ондогу беш көкүл кыз сумсая апасына карап.
— Калмактар ушинтип жайсаңдарын жиберишип, жыл сайын кыргыздардан салык алышат да, Жаңыл балам. – деди апасы Калыйман, кабагын түйгөн калыбында.
— А, тигилердичи? – деди, Жаңыл көгөндөлүп аткан улан-кыздар тарапты, ээги менен жаңсай көрсөтүп.
— Аларды калмактар алып кетишет. Кыздарды күң кылып, олжо деп, аялдыкка алып, жигиттерин кул кылып, отун-суу ташытышып, мал кайтартышат экен. Олжого кеткен кыргыз кыз-келиндерден туулган балдарды калмак жайсаңдарынын арасына кошуп, биротоло калмак кылып алат экен, -деп Жаңылдын апасы үшкүрүп алды. -Бечера кыргыздар, — каңырыгы түтөп турду аялдын.
Жаңыл кыз кыргыздын алын таламайга салып атышкан калмак жайсаңдарын жек көрө карап турду.
— Сени да колдон жыра талашып, алып кетебиз деген күн алыс эмес, кызым, — деди апасы, көзү жашылданып, кызынын башынан сылап.
— Мени алып кете алышпайт! – деди Жаңыл, жаагы таштай түйүлүп, так кесе.
Апасы кызын бүшүркөй карап калды.
— Мен чоңойгондон кийин эч кимди алып кете алышпайт! – деди кыз тиштенип, жүзү таштай катып, ого бетер сумсая.
Апасы кызын карап ансайын таң калып турду.
— Чоңойгондо калмактардын катыгын берем! Түбүнө жетем, булардын!.. – деди кыздын өңү түктөйүп, кыжырдана муштумун түйүп.
Апасы коркуп кетти. Кызынын оозун жаба салды.
— Унчукпа, балам!.. Калмактын жайсаңдары угуп калса... – деди апасы кабатыр боло.
— Ошол күн келет, апа!.. – деди Жаңыл ого бетер тиштенип, чечкиндүү.
***
Калмактын жайсаңдары күтүрөгөн малды айдатышып, байлык сылай артылган төөлөрдү жетелетишип, көгөндөлгөн бойдон кыз-уландарды алдыга салышып, сапар улашты.
Айыл ичи ыйга толуп турду.
***
— Жоголсун, калмактар!.. – деди секиде тигилерди узата карап турган Жаңыл, жүзү ого бетер таштай катып. Анын тегерегинде өзү кырдуу үч-төрт кыз турушкан.
— Жоголсун!.. – дешти алар, Жаңылды туурашып, анын сөзүн кайталашып.
***
Тоонун арасы. Кыр. Беш көкүлүн ороп туруп төбөсүнө түйүп, эркекче кийинип алган Жаңыл өзү кырдуу он чакты кыз менен жаа тартып машыгып атты.
— Душман өлсүн!.. – деди Жаңыл жаасын тартып. Жебеси учуп жетип, алыста турган кишинин сөлөкөтүнүн так жүрөк тушуна кадалды.
— Душман өлсүн!.. – деп, курбусу Гүлай жаа тартты. Жебеси учуп жетип сөлөкөттүн так маңдайына тийди.
— Душман өлсүн!.. – Жаңылдын курбулары, сөлөкөттөргө жебелерин биринен сала бирин жаадырып атышты.
Аңгыча төмөн жактан, кырдын таманынан үч-төрт кыз көрүндү, тигилерди беттеп келатышкан.
Алар Жаңыл менен кыздардын жандарына жетишип, тигилерди суктана карап туруп калышты.
— Биз да машыксак болобу?— деди кыздардын бири, кезектеги жебесин атып бүтүп аялдай калган Жаңылга тартына карап.
— Болот. – деди Жаңыл. – Жааңар барбы?
— Бар!..— деп кубанып кетишти, кыздар. Анан көтөрүп турушкан ороочторду жасып ийишип ичинен жаалар менен саадактарды алып чыгышты.
Жаңыл жааны кантип атышты, кыздарга көрсөтө баштады.
— Айтолгон, андай эмес. Момундай кармап, мындай тартасың,— деп Жаңыл Мырза Айтолгонго көрсөтмөкчү болду эле:
— Мен өзүм деле билем!.. – деди Айтолгон Жаңылга жаасын бербей, ала качып.
Жаңыл Айтолгонго таң кала карап койду да, анан анын жанында турган кызга көрсөтө баштады.
Ошол убакта, төмөндөн дагы беш-алты кыз тигилерди көздөй көтөрүлүп келе жатышкан.
***
Бир аз убакыт өткөн. Ошол эле кыр. Жаңыл менен курбу кыздары машыккан жер.
— Өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир жерде болобуз!.. Шертибизден тайсак— төбөбүздө көк урсун, төшү түктүү жер урсун!.. — өспүрүм Жаңыл менен жыйырма чакты курбу кыздары колдорун бири-бирин үстүнө коюшуп ант берип, шерттешип турушту.
***
— Өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир жерде болобуз!.. Шертибизден тайсак— төбөбүздө көк урсун, төшү түктүү жер урсун!.. – бойго жеткен Жаңыл менен отуз чакты курбу кыздары өспүрүм кездериндегидей ант берип, шерттешип турушту.
— Быйыл да калмактардын жайсаңдары салык жыйнаганы, олжого улан-кыздарыбызды алышканы келишет, -деди Жаңыл, курбу кыздарына карап. –Мал эмес, бир чабыр козуну, байлык эмес, бир байлам чүпүрөктү бербейбиз калмактарга! Кан төгүшөөр, кырчылдашаар учур келди!
— Биз ага даярбыз!.. – деди Кылторко, чечкиндүү.
— Даярбыз!.. – деди, Жаркын Кылторкону коштоп, чечкиндүү.
— Даярбыз!..
— Даярбыз!..
Даярбыз!..
Гүлай, Айтолгон жана калган кыздар тигилердин сөзүн дароо кайталып ийишти.
— Өлсөк өлөбүз, бирок калмактарга намысыбызды бербейбиз! – деди Жаңыл тиштенип.
— Өлсөк өлөбүз, бирок калмактарга намысыбызды бербейбиз! – деди жоокер кыздар, бир ооздон.
— Биз эч кимге намысыбызды бербейбиз! – деди Жаңыл.
— Биз эч кимге намысыбызды бербейбиз! – жоокер кыздары Жаңылдын сөзүн кайталышты.
***
Жоокер кыздар жапырт жаа тартышты. Күндүн бетин бербей, кара жабыргадай болгон жебелер кайып учушуп, алыста турган сөлөкөттөрдү калбыр кылып тешип өтүп атышты.
***
Жаңыл менен Кылторко, Жаркын, Гүлай, Айтолгон, бешөө машыгып бүтүшүп, айдалыларына жааларын асынышып, тоодон ылдый түшүп келе жатышкан. Дал ошол маалда тоонун бетинде кыя жолдон атчан жолоочу көрүндү, жылкы жетелеген. Жылкынын жанында келишкен чымкый кара тай кошо ээрчип алган.
Жаңыл тайдан көзүн албай суктана карап ылдыйлап келатты.
Кыздар жолго жете бергенде жолоочу да тигилерге жетип келип калды.
— Арыбаңыз!.. – деди Жаңыл жолоочуга карап.
— Арыба, балам!..— деди жолоочу, Жаңылды сынай тиктеп.
— Тайыңыз өтө көрктүү экен, ата, — деди Жаңыл суктана карап.
— Карадолу деген тай ушул, балам, — деди жолоочу, жылмайып.
— Эмне үчүн Карадолу? – деди Жаңыл, таң кала.
Жаңылдын курбулары да таң калып калышты.
— Бул тайдын энеси мынабул, — деди жолоочу жетелеп келаткан жылкыны көрсөтүп.— Жалаң дубанда жок күлүктөрдү тууйт. Ушунун кулуну. Кулун кезинен бери, чоң жылкылар менен чогуу күнчүлүк жерге айдасаң чаалыкпайт. Мындан күлүк чыгат. Андан да өнөрү өтө күч. Жанына киши жолотпойт, асман-айдан кетип. Ушул убакка чейин башына нокто каттырбай келатат. Кулун кезинен бери энеси саалбай жүрөт. Ошон үчүн кулунунан тартып эле Карадолу атка конгон, бул тай.
Ошол маалда тайга жакын келип калган Айтолгон Карадолуну соорусунан сылайын деди эле, тай кошкуруп асман-айдан кетти. Айтолггон чочулап, колун тартып алып, өзү бир аз артка кетенчиктеди.
— Ай, балам, сен жолобо, — деди жолоочу, Айтолгонго. – Айтпадымбы, бул ушундай чалпоо, эч кимди жуутпайт.
— Тайыңыз жапайы турбайбы! – деп шыпшынып алды Айтолгон, нааразы боло. Анан колун силкип нары басып кетти. Жолоочу Айтолгонду далайга узата сынап карап, башын чайкап турду.
Ошондо, Жаңыл сынамакка колун аяр сунуп, тайга жакындады. Карадолу тай адегенде кулактарын тикчийтип кызды карап калды. Башында бир азга ыргыштай түшүп, анан Жаңыл жакындаган сайын уламдан-улам жоошуп туруп берди, ээсин көргөн немече. Кыз адегенде Карадолунун тумшугунан, андан соң жалынан сылады. Тай былк эткен жок.
— Капырай!.. — деди жолоочу, таң калып. – Шумдугуң кургур!.. Былк этпей турганын кара!.. Азыр эле тиги кызды жолотпой секирип атты эле, адатынча.
Жаңыл ансайын суктана тайды сылаганын улантып атты.
Айтолгон ары жактан жаман көзү менен бирде тайды, бирде Жаңылды карап турду, жактырбай.
Калган кыздардын көбү кулунду тегеректешип, суктана тиктеп жатышты.
— Мага бересизби, Карадолуну, кунан чыкма болгондо? – деди Жаңыл, жолоочуга жадырай карап.
— Эч ким сурай элек эле. Сен биринчи сурадың, балам. Сураган колуңду уялтпайын. Өзүң айткандай кунан чыкма болгондо эмес, асый чыкма болгондо берейин. деди жолоочу.
— Эмне үчүн асый чыкма болгондо? – деди Жаңыл.
— Аткени, кунан кезинен берип койсом, кабыргасы ката электе эрте үйрөтүп, кыйнап коесуң, балам. Кунан кезинде ат али чабал болот, минсең өзүң да кыйналып каласың. Каруусу толгондо – асый болгондо берсем, каалаган максатыңа жетесиң. Атың ким? – деди жолоочу Жаңылга.
— Жаңыл, — деди кыз, уялыңкы жылмайып.
Жолоочу кызга бир саам сынай тиктеп туруп:
— Жаңыл Мырза! – деди, кызга баа берип.
— “Мырза!.. Мырза!..”, дешип кыздар шыбыраша кетишти.
— “Мырза!.. ”— деди Айтолгон угулаар-угулмаксан жактырбай сүйлөнүп.
— Эмне үчүн Мырза? -деди Жаңыл кыз, жолоочуга астыртан уялыңкы тигилип, суроолуу.
— Санжы сынчы дегенди уктуңар беле? – деди жолоочу, тигилерди кыдырата карап.
— Уккам, — деди Жаңыл шар.
— Укканбыз, — дешти кыздар да кошо жарыша.
– Ал киши кыргызга атагы чыккан адам да, -деди Гүлай.
— Уксаңар, ошол... мен болом, — деди жолоочу жылмайып.
— Сиз Санжы сынчысызбы?!. – дешти кыздар таң калыша.
— Ооба, менмин. Мен саяпкермин. Жалаң күлүк таптайм. Бирок мал-жан эле эмес, адамдарга да баа берем, — деди Санжы сынчы.
Кыздар Санжы сынчыга ызаат кыла карашты.
Санжы сынчы Жаңылды беттеп:
— Сенде жигиттерден да артык касиет бар экен, балам. Ошон үчүн мен сени Мырза деп баалап атам, — деди.
— Туура айтасыз, Санжы ата! — кыздар Санжы сынчынын сөзүн кубаттап, баш ийкешип.
— Ылайым, максатың ишке ашып, элиңдин керегине жараган Мырза кыз бол! – деди Санжы сынчы бата берип. Кыздар кошо бата тилеп ийишти.
— Биз сизди кайдан табабыз? – деди, Жаңыл Карадолу тайдын соорусунан сылап, улутуна.
— Карадолу асый болгондо мен өзүм келем. Кошкула, кыздарым. Кош, айланайын Мырза кыз! – деп, Санжы сынчы атын теминди.
— Сапарыңыз карыбасын, — деди Жаңыл, Санжы сынчыны узата тиктеп, Карадолуну соорусунан таптап.
Санжы сынчы андан ары сапарын улады. Карадолу ээрчип жөнөдү. Жаңыл Мырза узата карап туруп, алыстап баратканда:
— Карадолу!.. — деди колдорун оозуна такап чакырды. Карадолу токтоло калып кылчайды да кишенеп ийди. Жаңыл кубанып кетти. Кыздар бири-бирин карап таң калып турушту. Санжы сынчы да кылчайып, атынын башын буруп, Жаңыл тарапты бир азга карап турду да, анан сапарын улантты.
***
Жаңыл баш болгон кыздар бүлбүлдөп алыстап бараткан Санжы сынчыны, Карадолу тайды кылчак-кылчак карашып, тик боор ылдый төмөн түшүп баратышты.
— Келбейт, -деди, Айтолгон мыскылдай күлүп, жанындагы Жаркынга карап. –Алдап койду, оңбогон чал. Митаам да. Жөн эле көңүлүн улап койду, Жаңылдын. “Жаңыл Мырзанын”! – какшыктай кошумчалады.
— Аны Карадолу асый болгондо көрөбүз, — деди Жаркын, сөздү уланткысы келбей.
Айтолгон Жаркынды жаман көзү менен карап, тултуңдап, бат-бат басып алдыга өтүп кетти. Жаркын башын чайкап, мыйыгынан жылмайып койду.
***
Калмак жери. Калмактардын согушка машыкчу талаасы. Жалаң тандалган жигиттер жаа тартып, найза сайып, кылыч чаап, даярданып жатышты. Алардын машыгып жатканын калмак хантайшысы Эрдене менен нуукерлери Субатай, Үрбү, Доржу, Бурхан болуп карап турушту. Жандарында Эрдененин эшик ырчысы Байжы. Эшик ырчы кыңылдатып музыкалык аспабынын кулагын толгоп, күүгө келтирип атты.
— Байжы, — деди Эрдене хантайшы үнүн өктөм чыгарып, -токтоточу кылыдатканыңды!
Байжы тып басылды.
Эрдене кайрадан машыгып аткандарга кунт кое карап турду.
— Өтө тандалма, кыйын жигиттер экен. Арасында эч нерсеге ырайым кылбаган накта көк жалдары барбы? – деди хантайшы Үрбүгө карап.
— Бар, -деди Үрбү. –Атайын тандап, өзүнчө бөлүп койгонбуз.
Үрбү алдыга чыгып колун чапты эле, жигиттердин машыкканын хантайшы менен нуукерлерине ткөрсөтүп жаткан жайсаңдардын башчысы Баглан чуркап жетип келди.
— Кое бергиле, жанагыларды, — деди Үрбү. Жайсаң башы үч бүгүлө таазим этти да, кайра чуркап кетти.
***
Ортого булчуңдары буркуйган, көз караштары өтө суук эки жигит чыгып, жутуп ийчүдөй эки жакты карашып ээлигип турушту.
Ошол маалда жайсаңдар он чакты аттарынын алдына салып, ончакты кишини айдап келишти.
(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)
PDF форматында китепти көөчүрүү
© Жаныш Кулмамбетов, 2021
Количество просмотров: 1130 |