Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия
© Кулмамбетов Ж.О., 1990. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 27 декабры

Жаныш Осмонович КУЛМАМБЕТОВ

Жүрөктөгү от (Чынгыз хандын купуя сыры)

А.Кекилбаевдин «Ханша-дайра окуясы» повестининнегизинде жазылган үч бөлүмдүү пьеса-притча


КАТЫШУУЧУЛАР (көрүнүү тартиби боюнча):
Туткун таңгыт
Желдет
Чыңгыз хан
Аял
Күзөт башы
Көзү ачык кемпир
Кахар
Шыдүргү
Гүрбөлжүн
Туткун
Карт казыначы
Нөкөр кыз
Булардан тышкары күзөтчүлөр, чабарман, ламалар, туткундар, ырчы-бийчилер, жоокерлер, эл, балдар катышат.


ПРОЛОГ

Караңгы зыңдандын ичи. Киши онтоп жатты. Бүлбүлдөгөн шамдын жарыгы зындандын ичиндеги эки кишиге түшүп турду. Бири— туткун, экинчиси — желдет-моңгол. Желдет тишин кычыратып, бетинин түгү чыгып, жылаңач туткунду кыйнап жатты. Туткун анда-санда гана онтоп коёт.
Желдет. (Туткунга балак урду) Моңголдордун кулумун де!
Туткун. (Онтоду) Кул эмесмин! Таңгытмын!...
Желдет. (Дагы бир жолу балак урду) Моңголдордун кулусуң!
Туткун. (Өжөрлөнө өз билгенин бербеди) Кул эмесмин! Таңгытмын!..
Желдет. (Дагы бир жолу балак урду) Таңгыт эмессиң, кулсуң!
Туткун. Кул эмесмин, таңгытмын!..
Желдет. Азыр жонуңдан кайыш тилемин! (Шамшарын отко жалаңдатып, туткундун жонун тиле баштады). Моңголдордун кулумун де!
Туткун. (Тишин кычырата онтоду) Кул эмессмин, таңгытмын!..
Желдет. (Туткундун жонунан эки эличе терисин шылып алды, (Таңгытсыңбы?!
Туткун. (Тиштенди) Таңгытмын!..

   
БИРИНЧИ БӨЛҮМ

Биринчи сахна

«Курк» эткен кузгун, «каак» эткен карга жок, эн талаа, эрме чөл. Бир караан жанталаша качып келатты. Талаанын ортосуна келип, же чалынганы, же шайы кеткени белгисиз үстөмүнөн жыгылды. Турайын десе тура албайт. Ансайын жанталашат. Башы менен жер сүзгүлөп турууга аракет жасап жатты. Качкын «Эй, Чыңгыз хан!» деген үндү укту. Жанталаша башын көтөрсө маңдайында жапжаш сулуу аял туруптур.
Аял. Сага эмне болду? Турбайсыңбы ордуңан.
Чыңгыз хан. Тура албайм. Тургузуп койчу. 
Аял. Кантип тургузам. Кармайын десем колум жок. (Беш манжасы мулуйган колдорун көрсөттү). Эстедиңби?
Чыңгыз хан. Эстедим.
Аял. И-и, өзүң чаптырып салбадың беле. Эмне үчүн чаптырганыңа ушу кезге чейин айран-таңмын.
Чыңгыз хан. (Жанталаша турууга аракеттенип жатты) Өзүң күнөөлүсүң.
Аял. Күнөөм эмне эле?
Чыңгыз хан. (Туруунун камында) Алдыма башыңды ийбей келгениң. Ханыша экениңди көрсөткөнүң. Ошон үчүн жазаңды алгансың. Сол колуңдун ортонунда каухар шакек бар болчу. Ханышалыгыңды билдирген. Белгиңден ажыраткам.
Аял. Оң колумду эмнеге чаптырдың?
Чыңгыз хан. Эки жагы тең болсун деп. (Жанталаша, турууга аракеттенди).
Аял. Ошондо менин шакегимди аты жогуңа салып койдуң. Оң манжаң бүт шакекке толду.
Чыңгыз хан. Ар бири сен сыяктуу намыскөйлөрдүн чабылган колунан алынган. (Туруунун камында жанталашып жатты).
Аял. Көрсөтчү, шакегим барбы?
Чыңгыз хан. (Жооп бербей жанталашып туруунун камын жасады).
Аял. Ой, укмуш!.. Каруусунан ылдый колдоруң кана?
Чыңгыз хан. (Жини келип) Колдорум болсо ушинтип жатат белем, тура албай.
Аял. Колдоруңа эмне болду? 
Чыңгыз хан. (Кыжынып) Түшүп калды!
Аял. Өзүнөн өзү элеби?
Чыңгыз хан. Ооба. (Жанталаша туруунун аракети жасады).
Аял. Качып келаткан түрүң бар?
Чыңгыз хан. Ооба. Колумдун жок экенин билип, бир кемпир артыман түштү. Кудай жиберген ажалыңмын дейт. Жетсем жайлайм деп кууп келатат. (Жанталаша туруунун аракетин жасады.
Аял . Шашпа, ал кемпир сага азыр жете албайт. Андан көрө бир аз байралып турчу. Эркектин жытын сагындым. (Чөк түшө калып Чыңгыз хандын коюнуна мулуйган колдорун салып ийди).
Чыңгыз хан. (Ичиркенип) Тартчы колуңду. Жылаандай муздак экен.
Аял. Өлгөн кишиники да жылуу болчу беле. Эмне болгон сага, эркектик сезимиң жок калган го такыр. Мен да бирдеме үмүттөнсө. А-а, байкуш карыган турбайсыңбы. (Ордунан туруп кетмекчи болду).
Чыңгыз хан. (Жанталашты) Эптеп жардам берчи!... Туруп алайын!
Аял. Жок , жардам бербейм.
Чыңгыз хан. Эмне үчүн?
Аял. Кылган ишиңди жазасы ушул. Колуң өзүнөн-өзү үзүлүп түшкөн жок. Сенин колуң канга чыланган. Карачы, карууларыңдан кан таамп жатат. Бейкүнөө каны төгүлгөндөрдүн каргышы тийген сага. Колуңдун үзүлүп түшкөнү ошондон. Ошондо мен да сени каргагам. Эми колуң менен кылганды мойнуң менен тарт. (Кетип калды. 
Чыңгыз хан жанталашып туруунун аракетин жасап жатты. Тээ алыстан капкара кийимчен кемпир көрүнүп Чыңгыз ханга улам жакындай баштады... Айлана бир заматта көзгө сайса көрүнгүс болуп калды.  
Жарык болгондо Чыңгыз хан чатырында, тактанын үстүндө жаткан. Чочуп ойгонду. Дароо тура калып колдорун карады. Он манжасы тең шакектерге толуп турган. Киймин кийинип, чепкенин желбегей жамынып, жапалдаш бойлуу, арык чырай көздөрүнөн адамдыкынан башкача сүр көрүнгөн, өр таяп калган Чыңгыз хан аюу талпакка көчүк басып, коңгуроосун какты. Эшиктен күзөт башы кирип үч бүгүлө таазим этти).
Чыңгыз хан. Кайсы убак?
Күзөт башы. Таң сүрдү, таксырым. Колуңузду кыдыра турган мезгил болду. Бууданыңыз токулуу турат.
Чыңгыз хан. Күзөт мыкты коюлду беле?
Күзөт башы. (Апкаарый) Үч сыйра койгом, таксыр.
Чыңгыз хан. Чатыр кыл аркан менен курчалды беле?
Күзөт башы. (Чочулаганы жазылган жок) Бир эмес, эки сыйра курчалган таксыр. 
(Жакын эле жерден жер чапчып, кошкуруп, бирде буулуга асынаган жылкынын үнү чыгып жатты).
Чыңгыз хан. (Ордунан козголуп бараткан, күзөт башынын буйдала түшкөнүн көрдү да аялдады) Эмне болду?
Күзөт башы. (Аптыгып) Күзөтчүлөрдүн бирөө... Бир кемпирди кармап алыптыр, түндө... Түн ортосунан бери чатырдын алдында турат...
Чыңгыз хан. (Бушайман боло түштү, анысын билдирген жок. Кемпир?! 
Күзөт башы. Ооба.
Чыңгыз хан. Киргиз... (Күзөт башы чыгып кетти. Шудуңдаган, үстүндөгү капкара болгон кат-кат кийминин тамгыгы кеткен кемпирди айдап, жап-жаш күзөтчү кирип келди да, аялды жерге жабыштыра түртүп, өзү да Чыңгыз хандын аяк алдына үстөмүнөн түшүп боортоктоп калды).
Жаш күзөтчү. (Айыптуу, апкаараый) Таксырым, жолуңуздан калтырганым үчүн айып өзүмдө. Мынабу мастан кемпирдин бир билгени бар экен. Таксырыңдын өмүрүнө тийиштүү, азыр айтпасам кеч болуп калат деп безилдегенинен айдап кирдим.
Чыңгыз хан. (Жапайы мышыктыкындай болгон көздөрү жандана түштү, мунусу кызыкканынын белгиси болчу) Кайдан таптың бул мастанды?
Жаш күзөтчү. (Бир аз жүрөк токтотту) Талаада тентип келатыптыр. Башын алмадай үзүп коет элем. Жан соогалап жалынып, мени өлтүрсөң таксырыңа кечиримсиз күнөө кылган болосуң, билгеним бар деп албарстыдай асты-үстүмө түштү. Өзүңүзгө айдап келдим.
Чыңгыз хан. (Сүрүн жазбай кубаттап койду) Туура кылгансың. 
(Бир аз тынымдан соң) Сырттагы күзөтчүнүн жанында тур.
(Жаш күзөтчү тизелеринин калтыраганын басууга аракеттенип, боортоктогон боюнча жылып олтуруп сыртка чыгып кетти. Баятан бери жер менен жер болуп, көмкөрөсүнөн жаткан кемпир башын акырын көтөрдү).
Кемпир. (Бир нерсе айтайын деди эле, тили күрмөөгө келбей, дудук немеден бетер жалдырама тийгенсип туруп калды).
Чыңгыз хан. (Мыйыгынан сырдуу күлүп койду да, куш карашы менен кемпирди тикие тиктеди) Сүйлө.
Кемпир.(Оозун кыбыратып, коркконунабы, толкунданганынанбы, өңү-башы кубарып кетти да, жанын үрөп бирдеме демекчи болгондо чакап калды).
Чыңгыз хан. (Чыдамы кетип) Нессиңби?
Кемпир. (Какап-чакап, көзүнөн жаш кетип, үзүл-кесил үн чыгарды). Үнүм буула түштү, таксырым!.. Өзүңдү көргөндө... Айыптуумун!.. Айыптуумун!..
Чыңгыз хан. Ток этээр жерин айт.
Кемпир. (Араңдан зорго үн чыгарды) О-о, таксырым!.. (Кайра унчукпай калды).
Чыңгыз хан. Кимсиң?
Кемпир. (Үзүл-кесил) Куу далы ачамын, төлгө саламын. Көзүм ачык. Кудай сүйгөн пендемин.
Чыңгыз хан. Каяктан келатасың?
Кемпир. Сарытоодон... Бизче Ала тоо дейт...
Чыңгыз хан. (Кооптоно түштү, бирок билдирген жок, Сарытоодон?.. (Сынай) Ушунча жер басып тентирегидей, эмне күч келди жаныңа?
Кемпир. (Үнү калтырап, жанталашты) Таксырым, кагылайын таксырым!.. Жаман ниетим жок. Мендей бечара кемпирдин колунан келээри кайсы. Сен «сүф!» десең, менин башым кетпейби, камгактай болуп. Эмчи-домчу, төлгөчүлүгүмдөн башка чөпкө зыяным жок бир мусаапырмын.
Чыңгыз хан. (Сурданды) Максатың эмне?
Кемпир. Максатым... Оозунан отуз эки тиши түшүп шалдыраган, эти тарамыш болуп сөөгүнө жабышкан менде эмненин максаты. Бу заманда жолбун иттей максатсыз каңгыгандар азбы, таксырымым.
Чыңгыз хан. Нааразысыңбы?
Кемпир. (Жанталаша) айланайын, таксырым!.. Кагылайын, таксырым!.. Мендей дөөдүрөгөн кемпир эмнеге нааразы болсун, эптеп жарыкчылыкта кыбырап өмүр сүрүп жүргөнүмө ыраазымын.
Чыңгыз хан. Канчадасың?
Кемпир. Жүз алтыга чыктым.
Чыңгыз хан. Үй-бүлөң бар беле?
Кемпир. Жок... Куу башмын.
Чыңгыз хан. Эр күттүң беле?
Кемпир. Кара далы атыгып, карган ата-энемдин төрүндө калган жалгыз кызымын. Албарсты менен тилдеш деп, мага эч ким куда түшпөй коюптур.
(Чыңгыз хан бир саамга тунжурай түштү. Сыягы мусаапыр кемпирдин айткандарына ынанды окшойт).
Чыңгыз хан. Эмне билгениң бар?
Кемпир. Таксырым, кечээги түнү бир шумдуктуу түш көрдүм...Төлгө тартып түшүмдү жорусам... (Буйдала түштү).
Чыңгыз хан. Тартынба.
Кемпир. (Үнү дирилдеп чыкты) Таксырым. Башыңды кырсык тооруп калыптыр...
Чыңгыз хан. Айт!..
Кемпир. (үнү ого бетер калтаарыды) Оозум батынбай жатат...
Чыңгыз хан. (Сурдана) Ажалым жетет бекен?!..
Кемпир. (Безилдеп жиберди) Жок!.. Жок!.. Андай жамандыкты ары кылсын таксыр! Ичээр суу, көрөр күнүң али алдыда. Дагы далай элди чабасың. Далай жерди каратып аласың. Атыңды укканда жатында жаткан баланын жүрөгү түшкөн даңкың дагы далай жылдар дүйнөнү дүңгүрөтөт.
Чыңгыз хан. (Мыйыгынан сырдуу күлдү). Анда эмне, айтаарың?
Кемпир. Үнү каргылдана дирилдеди) Эмне болсун... Өзүң үчүн арзыбаган эле нерсе болсо керек. Мен бейбак аны кырсык деп жорудум. (Бир аз буйдала түшүп) Ай десе аркы, күн десе көркү жок, бул дүйнөдө эч бир аял заты тең келе албаган Теңир тоонун жапайы элигиндей болуп элирген, жапжаш жубанды арзып калат экенсиң...
Чыңгыз хан. (Кооптуу) И-и, анан?..
Кемпир. Анан... Анан ошол...
Чыңгыз хан. Улабайсыңбы андан ары.
Кемпир. (Таң калып) Кагылайын таксырым, эмнесин улайм? Айтаарымды айттым.
Чыңгыз хан. Ушул элеби?
Кемпир. (Таң кала). Ушул азбы, таксырым?
Чыңгыз хан. (Капысынан оозун ачып каткырып келатып, өзүн күчкө сала токтотту да, камчысынын сабына бүлкүлдөп күлүп жатты) Ыхы-хы-хы!.. Ой, алжыган кемпир... Ыхы-хы-хы!..
Кемпир. (Териге түштү) Таксырым. Пайгамбар жашынан өтүп калганда сулууга ашык болуу кырсык эмей эмне. (Чыйрала түштү). Атыңды укканда түмөн-түмөн эл зиркиреген өзүң, бир аялдын кумарын жаса албай турсаң... Андан өткөн кырсык барбы?..
Чыңгыз хан. (Мостоё түштү) Жап оозуңду, алжыган мастан!..
Кемпир. (Эми эле шерденип жерден боорун көтөргөн неме, кайра үч бүктөлүп, Чыңгыз хандын аяк алдына боортоктоп, башын жерден көтөрө албай өмөчөктөп калды) Тилегеним жакшылык, таксырым!.. Ниетим таза!.. Он эки ааламга тараган атыңа кылдай көлөкө түшпөсүн деген тилегим!..
Чыңгыз хан. (Тунжурай түштү) Ал сулуунун дайнын билесиңби?
Кемпир. (Үнү титиреп) Кайдан билейин, таксыр. Эртең кайсы калкты чабасың, бүрсүгүнү кайсы элди талап аласың — аны бир өзүңдөн башка ким билет. Сенин оюңдагыны билиш кудуреттин да колунан келбейт. (Демин бир аз жыйды) Адамдар ушу кезге чейин сенин сырыңды тарта алышпай убара. Сени күтүүсүздөн келген ажал менен салыштырышат. Сенин кайсы убакта, кайдан чыга калаарыңды, кимди чаап, кимди коёруңду күнү бүгүнкүгө жандырган адам болбоду. Жаш кезиңде, ага-туугандарыңдын каарына калып, азыр жаныңдан чыгарбай алып жүргөн Кахар мерген менен бирге тоо-ташка жашынып качып жүргөн чагыңда, сенин оюңда эмне бар экенин билген жан чыкты беле. Ага-туугандарыңдын ишенимине кирип, кадыр-баркка жетишкен күнү алардын бир даарынын башын чаптырып таштаганыңдын сырын түшүнө албаган эл, жоругуңа айран-таң калып, ошондо эле уламыш кылып таратып ийишкен. Сен кимсиң-адамдан туулгансыңбы, же бир кудадын өзүсүңбү, болбосо жети баштуу желмогузсуңбу — билген жан жок.
(Кичине тыным).
Андайга менин төлгөм өтпөйт.
Чыңгыз хан. (Кемпирге билдирбей маашырланды, аздан соң) Төлгөң төп келген соң, ашык болоорум анык экен да?
Кемпир. Анык таксырым, анык.
Чыңгыз хан. Анык экен, анын эмнесин айтып келдиң мага?
Кемпир. Калганы өз колуңда, таксырым. Ашыктык отуна жалындап күйсөң да, сулуунун койнуна кирбей коюш өзүңдүн ыктыярың. Ошентсең, атагыңа чаң турбас болот.
Чыңгыз хан. (Көздөрү ойноктоп оттой жана баштады) Ошондой де?
Кемпир. (Өмөчөктөп жерден боорун көтөрбөй) Оюм ак, тилегим жакшы, таксыр.
Чыңгыз хан. Эңсегениң эмне?
Кемпир. Он эки ааламда теңдеши жок өзүңдү көрдүм. Ыраазымын тагдырыма! Эми чымын жанымды жаннатка берүүгө кайылмын. Эрк өзүңдө. Кереги тийээр болсо калтыр жанымды. Болбосо акылынан адашкан, алжыган башымды чаптырып ташта.
Чыңгыз хан. (Коңгуроосун какты, сырттан күзөт башы кирип, дароо аял-буялга келбей кемпирдин башын чаап таштоого таап берди. Чыңгыз хан ишаарат кылып токтотуп койду). Өз ажалынан өлсүн. Жүрө берсин каңгып. Оңой өлгөндөн көрө жаны кыйналып өлгөнү кызык.
(Күзөт башы боортоктоп жаткан кемпирди дыргаяктатып сүйрөп жөнөдү).
Кемпир. (Кетип баратып) Башыңдан кырсык арылсын!.. Башыңдан кырсык арылсын, таксырым! Омийин!..
(Күзөт башы кемпирди дыргаяктатып сүйрөп кетти. Чыңгыз хан ойго чөмүлүп олтурду. Коңгуроосун кайра какты. Күзөт башы кирип келип үч бүгүлө таазим кылып, Чыңгыз ханды суроолу тиктеди).
Чыңгыз хан. Кахарды тапкыла.
(Күзөт башы үч бүгүлө чыгып кетти. Чатырдын сыртында буудандын тынч ала албай жер чапчып, кошкуруп, анан айлананы жаңырта асынганы угулуп жатты. Чыңгыз хан калыбын жазбай ордунан солк этип койбой, моло таштай болуп мелтиреп, улуу ойго батып олтурду).
Хореографиялык же мультимедиалык интермедия
Күн чоң шашке. Жука түшкөн сүттөй аппак карга жамынган ээн талаа. Алыстан айгай салган кыйкырык-чуу, иттердин ажалдаганы, дүпүрөп чаап келаткан аттардын дүрбүтү угулду. Талаа үстүндө шуулдаган жебелер аркы-терки учушуп, кээси ак кардын үстүнө сайылып жатты. Жанталаша кыйсыпыр түшүп качкан коёндордун артынан түшкөн, сүрү жүрөктүн үшүн алган атчан куугун. Алдыда субагай тайгандар арыш таштап, анын соңунан ат үстүнөн дембе-дембе жаа тартышкан, нак жалаңкыч ажалдын өзүндөй көрүнгөн мергендер кыйкырык-сүрөөн менен кетип баратышты. Аздан соң баары тынчыды. Колуна башынын бир жагы канга боёлгон кардын өңүндөй аппак коёнду кулагынан тик көтөрүп, жапалдаш бойлуу, чымыр денелүү, мышыктай илбериңки баскан Кахар эки жагын кунт коё карап келатып, талаанын чок ортосуна токтоду. Колундагысын жерге таштап койду.
   
Экинчи сахна

Түн . Баягы ээн талаа. Талаанын чок ортосунда улуу от жалынын жалбырттатып, боюнда аюу талпактын үстүндө Чыңгыз хан олтурду. Бирде отту ичкериштирип, бирде ага чырпык таштаган Кахар мерген бир нерсе бышырып жаткан түрү бар. Алардын бир топ обочодо Чыңгыз хандын чатырын айланта догоо сымал кыдыракей тизилген күзөтчүлөрдүн найзалары обо мелжип, ансыз да сүрдүү талаанын ого бетер сүрүн арттырып жатты. Чыңгыз хандын асабасы чатырын артынан желбирейт.
Чыңгыз хан. (Колунда томолоктолгон кар) Кахар...
Кахар. Кулагым сенде, таксырым.
Чыңгыз хан. Мына бул аппак карды карачы.
Кахар. Көрдүм таксырым?..
Чыңгыз хан. Денеси мындан да аппак сулуу аял бул дүйнөдө барбы?
Кахар. (Көзүн жүлжүйтүп, бир аз таң кал Чыңгыз ханды карап калды) Сарайыңдагы беш жүз катындан да өткөн сулууу бар дейсиңби, таксырым. Төгөрөктүн төрт бурчунан чогулган сулуулардын сулуусу ошолор эмеспи.
Чыңгыз хан. Сен да митаам боло баштадыңбы?
Кахар. Жок, таксырым. Кахар баягы эле бойдон. Аргымактын күлүгү, айбалтанын миздүүсү, аялдын аруусу сенде экени жалганбы.
Чыңгыз хан. Ташта куулугуңду! Антип мага жагынба! Чыңгыз хан жалгыз сага ишенет. Сырын жалгыз сага айтат. Сага гана чечилет. Чер жазып сени менен гана сүйлөшөт. Башкалар мени «унчукпас Чыңгыз хан» дешет. Сен башка, тигилер башка. Сен билгенди тигилер билбейт. Аларга мен ханмын, сага эзелки досуңмун.
Кахар. Аның ырас таксырым. Тоого кетейин десем, кетирбедиң: «Жанымда жүр, досум дедиң. Ошондон бери достук милдетимди өтөп, даңкыңа кул болгонума ыраазы болуп, ак ниетимден кызматыңды кылам. Менин да мергенчилик атагым учурунда таш жарчу эле. Бирок баш отум менен сага берилдим. Өзүмдү унутуп коюп, өзүңө дене кул болдум. Ошентсе да... Эртедир, кечтир чымын жаның жөнүндө да ойлоп коёт экенсиң. Өргөөңдө кызмат кылгандар: «Таксырыбыз өтө эле кыйкымчыл болуп баратат, кыйгыына калбайлы» деп кыйпычыкташып турганын далай ирээт кулагым чалган. Сенин кыйыгыңа тийгенден көрө, кудайдын каарына калган жеңил эмеспи. Анан кантип ар нерсе, бир нерсе оюңа кетпесин, таксырым.
Чыңгыз хан. Менин ажалым жетмейинче, сенин төбөңдөн бейоопа бир тал чачың да түшпөйт. Чыңгыз хандын айтканы айткан, дегени деген экенин жакшы билесиң.
Кахар. Мен үчүн көргөн камыңа ыраазымын, таксырым.
(Кичине тыным).
Чыңгыз хан. Айт эмесе, чыныңды. Сен билесиң. Сен баспаган тоо, сен кечпеген суу, сен ашпаган ашуу жок. Жел кандай жүрсө, сен ошондойсуң. Менин оюмдагыдай сулуунун дайны кайда?
Кахар. Андай сулу, кечээ эле сага баш ийип, бүгүн тең ата болуп эрегишип турган элде, таксырым.
Чыңгыз хан. Таңгыттардабы?
Кахар. Ооба, таңгыт бурханынын уулу Шыдүргүнүн он алтыга жаңы чыккан, толгон айдай толукшушган сулуу, Гүрбөлжүн аттуу айымы.
(Чыңгыз хан ойлонуп калды).
Чыңгыз хан. Таңгыттардын сыры мага беш колумдай маалим. 
(Кичине тыным)
Таңгыттардын эсире баштаганы кечээ, мен Сарытоонун элине казатка аттанганда эле билинген. Кол суратсам, тоотушпады. Жайына койсом душман болуп алышты. «Чыңгыз хан алдан-күчтөн тайып калды, амирин укпай коёбуз» деп жүрүшөт окшойт.
(Кичине тыным).
Кахар. Таксырым!... Сага Тибеттиги далай ламанын айтканы дайын болсо керек?
Чыңгыз хан. Эмне деп айткан экен?
Кахар. Мен өзүңдү билет ко деп ойлодум эле, таксырым. (Тарткынчыктай түштү).
Чыңгыз хан. Айт.
Кахар. Айтсам... Мээси жок Далай лама оюна келгенди оттоп жүргөн имиш...
Чыңгыз хан.Эмне деп?
Кахар. Эмне десин... Анын сөзүнө ит ишенеби...
Чыңгыз хан. Кахар!..
Кахар. Таксырым.. Ал кейбир айткан имиш... Чыңгыз хан... таңгыттар колдуу болуп өлөт деп...
Чыңгыз хан. И-и, анан?..
Кахар. Жылдыздардын тогошконунан билген имиш... Азыркы заманда көзү ачыктан көп неме жок. Эми ошонун баарына ишене берсе... А таңгыттар болсо кутуруп атышыптыр, Чыңгыз хандын... жылуу канын ичебиз дешип. (Кичине тынымдан соң) Таңгыттар коңшу элдерге элчи жиберип: «Биригип алып баскынчы моңголдорго каршы чыгалы, башка элдердин үстүнөн бийлик жүргүзгүдөй моңголдордун эмнеси артык» деп, бузукулук кылышыптыр. Алардын тилеги таш каап, амириңден коркушуп коңшу элдердин бири да колдоо көрсөтпөй коюшуптур. Ошентсе да, алигиче сенден өткөн кекти алып, кун куунун ниетинде экен, алар. Азыр байкасам, малын бейкапар жайлоого жайышып. өзүңөн чочулабай калышты. Кыязы, таксырым, Сарытоодон кайткандан кийин чаалыккан колуңду өргүсүн деп, айлап-жылдап салык албай тынч жатып алганың, аларды бейкапар магдыратып койду өңдөнөт.
Чыңгыз хан. Өлөөр эчки койчунун таягына сүйкөнөт деген ошол!
Кахар. (Кооптуу) Чабасыңбы, таксырым?!
Чыңгыз хан. Соболуң орунсуз чыкты. Аяп турасыңбы, таңгыттарды?
Кахар. (Мукактанды) Жок, таксырым. Сенин жооңду аягыдай душманың белем.
Чыңгыз хан. Жоо аяган жаралуу!
Кахар. Бир ууч таңгыттар кайсы каадалуу жоо дейсиң, таксырым. Аларга чарпылып эмне кыласың дейм да.
Чыңгыз хан. Сен көзгө атаар мергенсиң. Аныңда айып жок. Сага теңдеш эч ким чыкпас. Чалгыңды да мыкты чаласың, бирок акыл кошчулукка жарабайсың.
Кахар. (Ызалана түштү) Таксырым?..
Чыңгыз хан. Ызаланба!.. Ук сөзүмдү!.. Ойлодуңбу сен — бир ууч таңгыт баш көтөрүп, мага карап үрсө, калган эл да аларды көрүп ийинден башын чыгараарын. Сыныктан башкасынын баары жугуштуу. Анда эмне күн болот? Чыгыштан батышка, батыштан чыгышка, түндүктөн түштүккө, түштүктөн түндүккө карай созулуп жаткан улуу моңгол каганаты бир паста бытырап кетпейби. Ошончо элдин баары бир убакта баш көтөрсө, кайсы бирине чак келесиң?!Же улуу моңгол каганаты кулап, чексиз бийлик, сансыз байлыгынан кол жууп, моңголдору менен Чыңгыз хан соксоюп жалгыз калганын каалайсыңбы?!..
(Кахар унчукпай күнөөлүдөн бетер башын салып олтурду). Чыңгыз хан андайга жол бербейт!.. Улуу моңгол каганаты кулагандан көрө, Чыңгыз хандын өлгөнү артык!.. Ошон үчүн таңгыттардын адебин колуна бериш керек! Кандай кеңеш берип турганыңды, түшүндүңбү эми?
Кахар. (Айыптуу) Түшүндүм, таксырым!..
(Бир саамга унчукпай калышты. От алоолоно күйүп, Чыңгыз хандын карышкырдыкындай канталаган көздөрүн Кахарга дап-даана көрсөтүп жатты).
Чыңгыз хан. Топ коёндун качканын көрдүңбү,жана? Кирээрге тешик таппай калышты. Арстан антип качпас эле.
Кахар. Коён эмне, бир бечара да эптеп жанын сактап жүргөн. Арстандын жүрөгүндө жалы бар.
Чыңгыз хан. Кеп ошондо. Коёндун жүрөгүнөн үш кеткен. Бир тайганды көргөндө миң коён бытырап качып берет. Арстандын да этин жесе болот, коёндукунан кем бекен. Бирок, арстан качмак түгүл катыгыңды берээр. Миң арстан бириксе эмне болот?!..
Кахар. О-о, анын бетин ары кылсын!
Чыңгыз хан. Ошон үчүн арстандардын башын бириктирбей жалгыздатып жайлаш керек!..
Кахар. Таксырым, сенин түмөндөрүң жалаң арстандар!
Чыңгыз хан. (Башын чайкап) Менин түмөндөрүм — түмөн чөө. Чөө сыяктуу митаам, чөө сыяктуу өжөр, чөө сыяктуу көпкө салып каптап кетишет. Арстандын жөнү башка. Арстандын жүрөгүндө жал эмес, оту бар. Өлсө да кармашып жатып жан берет. (Бир азга ойлонуп калды) Элдер да ар түрдүү. Бири коён сымал, жүрөгүнөн үш качкан, экинчиси арстандай азуусун кайрайт. Андайдын жүрөгүнүн үшүн алууга алың жетпесе, тыйпыл кылып ташта! Антпесең, айгышканды жеңе албайсың. Башкаларга сабак болсун деп, канча шаар, канча элди жер менен жексен кылдым, каршы туруп карышкканы үчүн. Катуудан казанын, жумшактан күлүн калтырган жокмун. Бирөө эле калса, эртең сенден кек алууну самайт. Акыры түбү белиңди мертинтет. Аларды көрүп башкалары да чыгат. Тукум курут кылып таштасың, башка элдердин жүрөгүнүн үшү качат. Жер бетинде андай эл жашаганын жан киши билбей калсын! Андай элдин аты өчсүн! Коёндой бүжүрөгөн, бечарасын жер үстүнө калтырып кой. Алардан арстан чыкпайт. Көбөйсө — залалы жок. Амириңе көнүп, байлыгыңды арттырып, кыңк этпей кызмат кылып берет. «Кимсиң?» десең, «кулуңмун» деп бүжүрөй. Корголоп корккон элге бийлик жүргүзүү оңой. Моңголдорго арстандын кереги жок, азуусун кайрап турган. Арстандын жанында жүрсө коён да арстандын дымагын күтөт.
Кахар. Таксырым, коёндун арасынан да колтукка бычак сайчусу чыкпайбы?
Чыңгыз хан (Мыйыгынан заардуу күлдү) Андай шерлер коёндун арасынан туулбайт.
(Экөө тең алоолонгон отту тиктеп далайга унчукпай калышты).
Кахар. (Отту тиктеп ойлуу) Таңгыттар эзелтен отко сыйынышат.
Чыңгыз хан. (Чочуп кетти) Откобу?!..
Кахар. (Таң кала түүштү) Ооба... Таш кудайга да табынып жүрүшөт, кечээ жакындан бери эле. Ушул кезге чейин эзелтен отко сыйынышканын унутушпаптыр. Таңгыттардын жүрөгүндө оту бар деп айтышат экен башка элдер.
(Чыңгыз хан ууртунан заардуу жылмайып койду. Унчуккан жок. Жаны жай албай ойлонуп атты. Аңгыча караңгыдан сомодой болгон эки караан чыга калышты. Алар кемпир менен аны айдап алган күзөт башы эле. Күзөт башы кемпирди жерге жапшыра коюп, өзү Чыңгыз ханга үч бүгүлө таазим кылды).
Күзөт башы. Таксырым!.. Мобу кемпир... Каңгып жүрүптүр. башын чаап салайыне десем: «таксырыңа сөзүм бар, алпар» деп безилдейт.
(Чыңгыз хан ишаарат кылып койду. Күзөт башы чөгөлөгөн боюнча артына кетенчиктеп олтуруп алыстап кетти. Кахар анын артынан кошо чыкты).
Чыңгыз хан. (Нааразы боло, бир чети кооптуу)Көлөкөдөй болуп эмне жүрөсүң?
Кемпир. Сүлдөрүм эле турса, кара көлөкөдөн эмне айырмам бар, таксырым.
Чыңгыз хан. (Бушайман болгонун билдирбөөгө тырышып) Эмне келдиң?
Кемпир. (Оозу-оозуна тийбей эбиреп) Таксырым, жана бешимде жатып түш көрдүм. Жакшы түш эмес. Жакшылыктын жышааны эмес, таксырым. Тура калып өзүңдүн аркаңдан түштүм.
Чыңгыз хан. (Көңүлү уйгу-туйгу) Сүйлө!..
Кемпир. Таксырым!... Кырсык бир тооруса, андан киши оңой менен кутулбайт... Түшүмдө ай тескери тогоп... (Сөзүн жутту) Алжыган башым, эмне деп дөөрүп атам. (Токтоп калды).
Чыңгыз хан. (Чыдамы кетти) Айт, бачым!..
Кемпир. Таксырым!.. Айтсам -башымды аласың. Жан чиркин карыган сайын таттуу болот экен. Өлгүм келбейт. Айтпасам — башым балээге калат. Эмне кылышты билбей турам.
Чыңгыз хан. (Бушайман болуп, чыдамы кетти) Айт, айт!...
Кемпир. Жок таксырым!.. Башым кетет!...
Чыңгыз хан. (Каардана баштады) Айтпасаң да алдырам башыңды.
Кемпир. (Капысынан жүзүндө сырдуу күлкү пайда болду) Жо-ок, таксырым, антпейсиң, көзүңдөн көрүп турам.
(Чыңгыз хан уурусун карматкансып селт этип чочуп кетти).
Кемпир. (Сырдуу) Чочуба, таксырым, чочуба. Өлөсөлүү кемпирден кооптоносуңбу. Мен ажал алып келчү мастан, же сен ойлоп тургандай желмогуз эмесмин. Мен бир байкуш кемпирмин. (Күлүп койду) Ошентсе да көзүм ачык. Тагдырыңдын эмне болоорун билем. Баарын көрүп турам. Таксырым, башымды чаптырып салайын деп эле турасың, бирок өлөсөлүү кемпирдин башын алдырсам Чыңгыз хан атыма көлөкө түшөт деп ойлойсуң, бир чети менин билгенимди билүүгө өтө муктажсың. Чочуба, таксырым, ажал азыр сенден алыс!..
(Чыңгыз хан бушайман болуп турду).
Кемпир. (Күлүп) Антпе, таксырым, антпе. Сан түмөн элдин көзүнө ажал болуп көрүнгөн, эми өзүң жалтана баштадыңбы өлүмдөн, таксырым?!..
Чыңгыз хан. (Таштай түйүлүп). Кет, ушунчаңда!..
Кемпир. (Үч бүгүлө түштү) Кетейин таксырым, кетейин. Дагы бир күнү айтып берээрмин. Ичи-ки-ий, таксырым, үшүп кеттим, уруксаат бер, отко жылынып алайын. (Отко жылына баштады. Чыңгыз хандын көңүлү уйгу-туйгу) Табы укмуш экен бул оттун. Кеттим анда, таксырым, кеттим. (Сырдуу күлүп) Капырай таксырым, күзөттү кат-кат коюпсуң. Өлүм деген көзгө көрүнбөй келет. (Кемпир коюу караңгылыкка сиңип кетти. Чыңгыз хан кемпирдин артынан узата карап көңүлү бузулуп турду).
Чыңгыз хан. Кахар!..
Кахар. (Караңгылыктан чыга келип таазим этти) Кулагым сенде, таксырым!
Чыңгыз хан. Добулбасты как! Бууданымды токушсун! Чатырды бүктөшсүн!
(Чыңгыз хандын күтүүсүз чечимине бир эсе таңдана түшкөн Кахар, таксырын кооптуу карап алып, чатырдын жанында жөлөнүп турган добулбасты алып дүңгүрөтө кага баштады. Күзөтчүлөр кым-куут болуп, ай-талаа бир паста коркунучтуу тарбалаңдаган көлөкөлөрдүн караанына толду. Аргымактар тыбырчылашып, кошкурушуп, кишинеп жатышты. Бир гана улуу от боюнда жүзү тынчсызданууга толгон Чыңгыз хан көңүлү уйгу-туйгу болуп жалбырттаган жалынды бир саамга тиктеп турду).
Чыңгыз хан. Кахар!.. Отту өчүрүшсүн!.. (Ал жер жаңырта асынап аткан бууданын көзөндөй илкий басты. Чыңгыз хандын жигиттери караңгы түндүн дал өзүнөн согулгандай болгон үзүктөй капкара таарды эки жагынан кере тартышып, улуу отту куушуруп, өчүрүп келатышты).

Прологдун уландысы

Караңгы зынданда желдет туткунду кыйнап жатат.
Желдет. (Кыпкызыл болуп ысыган шишти туткундун көз алдынан ары-бери алып өттү) Айт!... Болбосо, көзүңдү оём!... Кулмун де!..
Туткун. (Тиштене кыжынды) Кул эмесмин!.. Таңгытмын!...
Желдет. (Бетинде түгү көрүнүп, ысык шиш менен туткундун бир көзүн оё баштады, шыркыраган үн чыгып, күйгөн эт жыттанып кетти) Кулмун де!..
Туткун. (Онтоп ийди) Кул эмес-мин!!..
Желдет. (Көзүн оюп алды) Кул-суң!!..
Туткун. (Эс-мас) Таң-гыт-мын!..
(Желдет чыгып кетти. Туткун эс-мас сулк жатты. Бир аздан кийин зындандын жанында кемпир пайда болду).
Кемпир. (Туткундан) Эй, бечера, кимсиң?
Туткун. (Оозуң араң кыбыратып) Таң-гыт-мын!..
Кемпир. (Ааканын шак коюп) И-и, Чыңгыз хандын түбүнө жетчү силерсиңерпби?
Туткун. (Оозун кыбарытп, бирок жандуу) Биз...
Кемпир. Эме былк этпейсиң, дарманың жокпу? Катыгүн, ырайың эмне?!.. Эмне мынча азап чектиң?
Туткун. (Бир аз шердене) Кул болбой, таңгыт болгонум үчүн!..
Кемпир. Ушинтип таңгыт болбой эле койсоңчу.
Туткун. (Ачуусу келди) Эй, алжыган кемпир, бар жолуңа түшүп кете бер. Сага акыл үйрөткөндү ким коюптур.
Кемпир. Кантет, кантет. Кантээр экен деп атам. Канчадан бери жатасың?
Туткун. Эсимде жок. Күн-түндүн эсебинен эчак эле жаңлгам. Солкулдаган улан элем, соолгон чал болуп баратам.
Кемпир. Кантип чыдадың?
Туткун. Чыдабаска не, кул болгондон көрө кыйналганым артык эмеспи.
Кемпир. Соо жериң барбы?
Туткун.Эмнесин сурайсың. Шакшагымдын баары сынган, жилигимдин баары чагылган. Кабыргам текши кыйраган. Эми бир көзүмдү соолутту. Экөөн соолутуп туруп, башымды алат ко.
Кемпир. Капырай, кандай адам элең, темирдей болгон!
Туткун. Өзүң каяктансың?
Кемпир. Сары тоодонмун. Бизче Ала тоо дейт.
Туткун. Элиң кандай?
Кемпир. Кандайын сурайсың, мал кайтарып, дан багып, күн өткөрүп, жан багып жүрөт. Бул дүйнөдө Чыңгыз хандын гана амирин билет. Чыңгыз хан койгон, дээри пас, маймыл сымак сарбазыбыз бар, ал түркөй баш көтөргөндөрдүн баарын «журт бузаар, эл бузаар» деп түбүнө жетти, калганын кыңк эттирбей койчо ийрип, мүңкүрөтүп эзди. Эл «оозуң кайсы?» десе мурдун көрсөтүп калды.
Туткун. Эмне малсыңарбы?
Кемпир. Мал болгонубуз ушул да, көп малдын арасында жүрсөк. Сарбазыбыз Чыңгыз хандын оозун тиктеп, башын кашып, «ындан артык жыргалдын кереги жок» дейт. Жан-жөкөрлөрү жалпаңдашып башын ийкешет. Төбөлдөрдүн эркине койсо, бүт эле баарын моңголчо сүйлөтүп, же малча мааратып ийгиси бар. Чыңгыз хандын балтасын кошо чабышып, найзасын кошо сайышып, шадаңдап жүрөбүз. Биздин көргөн күнүбүз ушул.
(Бир аз тыным).
Туткун. Өзүң эмне жүрөсүң?
Кемпр. Чыңгыз хандан кек алам. Чалымдын башын алып, тогуз уулум бар эле, тегиз кырып кеткен.
Туткун. (Күлүп) Дымагың чоң экен.
Кемпир. Куру дымак деп ойлобо. Кексе кемпир эмне кылышты билет. Ошон үчүн ушул жерде жүрөт. Аз күндө Чыңгыз хандын ичээр суусу, көрөөр күнү түгөнөт. Таңгыттар силер колдуу болот. Көзүм ачык, айтканым келет.
Туткун. Ниетиңди билсе, Чыңгыз хан башыңды алмадай үзөт.
Кемпир. (Күлүп) Анте албайт. Сенин көзүңө бир бечара кемпир көрүнсөм, анын көзүнө башкача көрүнөм. Бирок, каңкордун эмне ойлогонун киши билбейт. От менен ойноп жүргөнүмдү да билем.
Туткун. Эми кайда барасың?
Кемпир. Жүрө берем каңгып. Моңголдор да дөөдүрөгөн бир кемпир деп этибар албай калышты. Чыңгыз хандын башын кырсык басканда гана кетем. Сүйүнчүлөп Сарытоого жетем.
Туткун. Айткан сөзүң кулагыма майдай жагып турат.
Кемпир. Шашпа, кулагың башкасын да угат. Кош, кайыр эмесе, кудай жаныңа кубат берсин. Эрмек болуп келип турам.
Туткун. Кайыр, кош.
(Кемпир талаага каңгып басып кетти).

Хореографиялык же мультимедиалык интермедия

Сэ шаарынын дарбазасы. Күн чайыттай ачык. Тегеректен чымчыктардын чыркылдап сайраганы угулат. Айлана бейкут. Дарбазанын түбүндө ары-бери өткөндөрдүн көңүлүн ачкан селсаяк ырчы-бийчилер. Алар үчөө. Бир эркек, аял жана жети-сегиз жашар бала. Эркек доол уруп, бала чоор ойноп, аял түрлөнтүп бийлеп жатты. Аларга көңүл бөлгөндөр, тегеректеп кызыгына баткандар көбүнчө балдар. Анда-санда балдар да аялга кошулуп кетишет. Каткырык күлкү чыгып, баары тең шайыр. Күтүүсүздөн чоор тык токтоду. Акырегин кош колдоп кармаган бала дубалдын бети менен жылмышып, жүйүртө басып олутурп калды. Баланын колунан сороюп жебенин арты чыгып турду. Чоору жерге кулап түштү. Ууртунан жылжып кан ага баштады. Аял бакырып жиберип, баласын басып жыгылды. «Моңголдор!!» деп үрөй учура кыйкырышкан балдар тызылдап чуркаган боюнча дарбазага кире качышты. Оор дарбазалар акырындап жабыла баштады. Баласына буйдала түшүрүшкөн аял менен эркек жамгырдай жааган жебелердин бутасы болуп кала беришти. Шуулдаган жебелер таш дубалга аарыдай болуп жамырап тийип жатышты. Жүздөгөн добулбастар тынбай урулуп, жер астын-үүстүн болуп кеткендей үрөй учурган кыйкырык-чуу башталды. Сансыз адамдардын ачуу кыйкырыгы, жылкылардын чыңыра кишинегени, иттердин улуганы, төөлөрдүн боздогону, уйлардын өкүрүгү — баары аралашып кетти. Миңдеген тулпардардын туягынан жер титиреп, жамгырдай жааган жебеден күндүн көзү көрүнбөй калды. Жердин бетин сан миңдеген ийри кылычтар жабалктап каптап келатты. Селдей каптаган мындай жоонун алдында тирүү жан эмес Сэ шаарынын таш дубалдары да араң такаат берип турчудай...
Үчүнчү сахна
Сэ шаарынын ичи. Бурхандын жардык айтчу мунарасы. Кылкылдаган элдин башы гана көрүнөт.
Үндөр. — Бурхан!.. Бурхан!.. Моңголдор каптап келатат!.. -Капканын баары кыйрады!..
— Жер менен жексен болду!..
— Байлыктын баары таланды!..
— Бурхан!.. Барсыңбы, бурхан?!..
(Көлдөй толкуган эл эмне кылаарын билбей майышып турганда мунарага бурхандын уулу, жоокер кийимчен, шыңга бойлуу, жашы отуздарга карап калган Шыдүргү чыга келди. Эл тынчый түштү).
Шыдүрүгү. Таңгыттар!.. Менин атам... улуу бурхан... жан таслим болду!..
(Эл чур этти. Ошол учурда ак кепинделген табытка салынган бурхандын сөөгүн көтөрүшкөн эки жигит мунарага чыга келишти. Табытты акырын жерге коюп, баштарын ийип чөгөлөп таазим кылышты да, мунарадан түшүп кетишти. Эл башын ийип, бир саамга тым-тырс болуп калды).
Шыдүргү. (Үнү каргылдана чыкты) Таңгыттар!.. Улуу бурханыңар эл башына түшкөн кайгыны көтөрө алган жок. (Кичине тынымдан соң) Үзүлөөр алдында силерге керээз калтырып кетти. (Капталына асынган билектей болгон жумуру кайыш түтүктүн капкагын ачып, ичинен оролгон терини алып чыгып жазды да окуй баштады). «Жанымды ээсине тапшырып жатып, айтаар керээзим бу. Кечээ жакында, жапайы моңголдордун ханы каңкор Чыңгыз хан кат жиберди мага. Катында: «Таңгыттар, силер башта мага көз каранды элеңер, эми тең ата боло баштапсыңар. Ал ниетиңерден кайткыла. Менин ээлигимде жайнаган элдер бар. Ошолордун бирөө болгула. Салыгымды төлөп, малымды кайтарып, данымды бастырып, оокат кылып жүрө бергиле. Мага көз каранды болгон башка элдерден силердин эмнеңер артык. Менин ыктыярым менен жашагыла. Башка эмне керек силерге. Дүйнөдө бир гана улуу эл бар, ал кумурскадай жайнаган моңгол эли. Дүйнөдө бир гана улуу каганат бар, ал чыгыштан батышка, батыштан чыгышка, түндүктөн түштүккө, созулуп жаткан моңгол каганаты.Дүйнөдө бир гана улуу хан бар, ал моңгол ханы. Ушуну билгиле! Өзүң менин оң колум бол. Ар бир элдин башында менин койгон ишенимдүү сарбаздарым бар. Ошолордун бири болосуң. Элиңди: «Биз моңголдордун кулубуз» дедиртип, башкарып тура берсең болду. Ошентсең мен сага тийбеймин. Ак сарайыңда чардап өмүр сүрө бересиң. Айтаар шартым: дегениме көнгүлө, кол куушуруп астыма кел, таңгыттардын эң сулуу деген аял-кыздарынан кыркты тартуу жаса. Амирим ушул», дептир. «Жок! Биз кул эмеспиз! Биз эркин жашаган элбиз! Таңгыт болуп эркин туулганбыз, таңгыт болуп эркин өлөбүз!» деп жооп бердим. Таңгыттар! Биз эч кимдин кулу эмеспиз! Биз — таңгытпыз! Биз эч качан жоого чөгөлөп берген эмеспиз! Ырайымсыз каңкор Чыңгыз хан эми минтип, баш ийбей койгонубуз үчүн өч алып жатат. Биздин эл эч качан эч кимге баш ийбейт! Жер бетинде жалгыз таңгыт калса да Чыңгыз хандан өч алат! Анын ажалы таңгыттардан! Силерди баштап Чыңгыз ханга чыга албаганыма кейиймин. Таажым менен тактымды уулум Шыдүргүгө калтырдым. Силерди жоого ошол баштайт. Өлсөк— өлөбүз, бирок кул болбойбуз!» Атамдын керээзи ушул.
(Кылкылдаган эл жер жаңырткан үн менен улуу бурхандын керээзин кайталап жатты. «Өлсөк-өлөбүз, бирок, кул болбойбуз! Өлсөк өлөбүз, бирок, кул болбойбуз!» Мунарага ламалар чыга келишти. Биринин колунда кутуга салынган ыйык от. Экинчисинин колунда улуу бурхандын алтын таажысы. Ламалар отту жерге коюшуп, дуба окушуп, табына башташты. Бүлбүлдөгөн от жалбырттаган кубаттуу жалынга айланды. Аянттагы кылкылдаган элдин колдору да ламалардын кыймыл-аракетин кайталап жатты. Ламанын бири алтын таажыны колуна алып, оттун табына жакындата ырымын жасап бүтүп, андан соң Шыдүргүнүн башына кийгизди)
Шыдүргү. (Табынып) Коломтобуз өчпөсүн!
Үндөр. — Коломтобуз өчпөсүн!
— Коломтобуз өчпөсүн!
— Коломтобуз өчпөсүн!
(Элдин колунда жалбырттап күйгөн сансыз от пайда болду).
Шыдүргү. Таңгыттар!.. Ыйык казатка жапырт чыкчу кез келди!.. «Көк зоотко бөлөнгөн шумкарлар» казатты силер баштайсыңар. Моңголдордун белин силер омкоросуңар! Алардын соңунан кезек айбалтачан балбандардыкы. Жоонун башын силер чабасыңар! (Кичине тынымдан соң) Кул болгуча өлгөн артык!..
Үндөр. — Кул болгуча — өлгөн артык!
— Кул болгуча — өлгөн артык!
— Кул болгуча өлгөн артык!
(Эки лама улуу бурхандын сөөгүнө от коюшту. Бурхандын сөөгү алоолоп күйө баштады. Эки лама оту тегеренишип дуба кылышып, жаалданып бийлей башташты. Аянттагы элдин үстүнөн алоолонгон жалын бүт Сэни каптап турду. Таңгыттардын асабасы көтөрүлдү).

Хореографиялык же мультимедиялык интермедия

Кароол мунарадан караганда алкаганга салгандай көрүнгөн Сэ шаарынын сырты. Кылкылдаган моңголдордун ийри кылычтарынын аягы көрүнбөйт. Добулбастар дүңгүрөп, аргымактар каны кызый асынап жатышты. Сэ шаарынын оор темир дарбазалары ачылып, ичинен «көк зоотко бөлөнгөн шумкарлар» темир селдей болуп аркырап чыга келишти. Кулак угуп, көз көрбөгөн тири укмуштай согуш башталды. Моңголдордун түмөндөгөн жебелери дубалдай тизилген зоот калкандарга жыбырап келип тийип жатты. Темир селдин солк этээр түрү жок. «Көк зоотко бөлөнгөн шумкарлар» моңголдорду жапырып, артты көздөй сүрүп баратышты. Аңгыча моңголдордун түмөндөрүнүн үстүнөн килейген таштар учуп өтүшүп, таңгыттарга жаай баштады. Темир сел бир солк этип койбой мөндүрдөй жааган таштын астында кыйрап жатты. Сэ шаарынын дарбазасы дагы ачылып, кылкылдаган айбалталар моңголдорду көздөй жүткүндү. «Көк зоотко бөлөнгөн шумкарлар» туш келген тагдыр аларды да күтүп турган. Сэ шаарынын алдында жеңилген таңгыттардын өлүгү бут коёрго жер жок жайнап жатты. Сэ шаары кадимкидей онтоп турду. Күндүн бетин калкалап «курк, курк» этишип каалгыган кузгундар талаанын үстүндө айланып уча башташты...

Прологдун уландысы

Зындан. Желдет менен туткун. Желдет адатынча туткунду кыйнап жатат.
Желдет. (Балак урду) Моңголдордун кулумун де!..
Туткун. (Тиштене) Кул эмесмин, таңгытмын!..
Желдет. (Дагы балак урду) Таңгыт эмессиң, кулсуң!..
Туткун. (Онтоду) Кул эмесмин!.. Таңгытмын!..
Желдет. (Дагы балак урду) Кул-суң!.. (Чыгып кетти).
Туткун. (Желдеттин артынан араң шыбырады) Таңгытмын!...
(Желдет кетээр замат кемпир пайда болду).
Кемпир. Эй, таңгыт!.. Уктуңбу, Чыңгыз хан таңгытты чапты. Таңгыттын өлүгү тоо болду. Калган эл бурханы менен шаарга бекинди. «Боз үйлөрдү тигип, ойноп-күлүп, шаарды курчап, жан киргизбей, жан чыгарбай жата бергиле» деди Чыңгыз хан түмөндөрүнө. «Ачтан өлүшсүн, болбосо кол куушуруп алдыма келишсин» дейт.
Туткун. Кол куушуруп келгенден көрө, атчан өлгөн артык. 
Кемпир. Элиң тукум курут болуп кетсечи?
Туткун. Эн-тамгасы жок: «оозуң кайсы десе, мурдун көрсөткөн» телпейген кул болгуча, жер бетинен көчкөн артык! Кул  — эл болбойт! Эл — кул болбойт!
Кемпир. Ичиң тызылдабайбы, жер бетинде бир таңгыт калбаса?
Туткун. Эй, кемпир. Жер бетинде калган сенин элиңдин кейпи кайсы?!..
(Кемпир унчукпай, жооп таба албай калды).
Кемпир. (Маанайы пас) Кайыр, кош, мен кеттим каңгып. (Маанайы түшкөн кемпир илкип басып, каңгып кетти)
   
   
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

Төртүнчү сахна

Сэ шаары. Шыдүргүнүн сарайы. Шыдүргү менен Гүрбөлжүндүн бөлмөсү. Бөлмөнүн чок ортосунда каркайган мүйүздүү аркардын килейген башы жатат. Төрдө таш кудайдын сөлөкөтү. Түбүндө ыйык кутуда үлбүлдөгөн от. Үлбүрөк сулуу Гүрбөлжүн таш кудайга сыйынып жатты. Шыдүргү кирди. Жоокер кийми тытылган, өң-алеттен кеткен бурхан эшиктин алдында буйдалып калды. Гүрбөлжүн ханын көргөндө чочуп кетти.
Гүрбөлжүн. (Кооптуу Бурханым?!...
Шыдүргү. (Оор онтоп) Жеңилдик!!! (Темтеңдеп, жыгылып кетчүдөй болуп келип, аркардын башын кучактап бүк түштү. Кыйлага созулган оор тынчтык өкүм сүрдү. Шыдүргү тээ бир далайдан кийин гана башын көтөрдү).
Шыдүргү. Чегирткедей каптап кетишти. Таш меен жайлап ташташты.
Гүрбөлжүн. Эми эмне болот?
Шыдүргү. Эмне болсун, кашык каныбыз калгыча кармашабыз! (Бир аз тынымдан соң, Аттиң, коңшу элдер жардамга келгенде эмне. Чыңгыз хандын белин мертинтпейт белек. Күч биримдикте экенин эч кимиси түшүнгөн жок. Кул болуп жүрө берүүнү каалашты. (Гүрбөлжүнгө) Жоого кийчү кийим кий. Кармашып жатып өлөлү.
(Ошол учурда бөлмөгө чабарман кирип келди).
Чабарман. (Чөгөлөй калып таазим кылды) Бурханым, каңкор сага кат жибериптир. Жебеге байлап, дубалдан ашыра атып таштап кетишти. (Оролгон катты Шыдүргүгө сунду да, бөлмөдөн чыгып кетти).
Шыдүргү. (Териге жазылган катты алып окуй баштады, өңү кумсарып, беттери ачуудан диртилдеп чыкты). Эсирген акмак!..
Гүрбөлжүн. (Аяр сурады) Эмне дептир, ханым?
Шыдүргү. Эмне десин, амир кылыптыр... (Катты Гүрбөлжүнгө сунду).
Гүрбөлжүн. (Катты алып, үн чыгарып окуй баштады) «Бурхан, Шыдүргү! Амиримди ук: катының Гүрбөлжүн сулууну баш кылып, кырк кыз тартуу алып, кырк кул кошуп алдыма кел. Мен сени таңгытка сарбаз дайындайм. Таңгыт деген атыңарды унутуп, жалпы кулдукка өтөсүңөр. Болбосо, элиң тыйпыл болот. Жер үстүндө бир да таңгыт калбайт. Шартыма көнбөсөң, өз убалың өзүңө. Шаарыңды камап, шапар тээп жата берем. Ачтан кырыласыңар. Карга-кузгунга жем болосуңар. Акылы жок атаңдын жолуна түшпө. Эсиңе кел. Эртең күн чыга тартууңду күтөм. Аткарбасаң айтканым айткан, дегеним деген». (Жүзү кубарып, ханыша Шыдүргүгө жалооруй карады) Бурханым, бул эмне деп мазактаганы?!
Шыдүргү. Илгертен калган салт ушул-жеңилген хандын айымы жеңген ханга олжого кетет. Жеңилген хандын башын ушинтип басып, мазактайт. (Өзүнчө кекенип) Шашпа, Чыңгыз хан да мазак болчу күн келээр!..
Гүрбөлжүн. (Өң-алеттен кетип) Мен олжого кетемби?!.. Сенден ажырайымбы, бурханым?!.. Жок, бурханым, андай болбойт! Кудай мени сенден ажыратпайт!
(Кайрадан унчукпай калышты. Оор тынчтыкты Шыдүргү бузду).
Шыдүргү. Алдыда чоң сыноо калды.
Гүрбөлжүн. (Бурханынын оюна түшүнүп) Ал эмне дегениң, бурханым?
Шыдүргү. Ким билет, каңкор бизди канча камаарын. Карашаардан таңгыттардын сөөгү эле чыкпаса, тирүү чыкпай калды, эми. Азап чегип, кыйноодо жатып өлчү өлүмгө баш байлашыбыз керек. Жашсың... Кемирчегиң ката элек... Чыдайсыңбы дегеним..
Гүрбөлжүн. (Ойлонуп калды) Чыдайм го...
Шыдүргү. (Маанайы пас) Чыдабай турган болсоң, ачыгын айт...
Гүрбөлжүн. (Чочуп кетти) Жок, бурханым! Антип жаман ойлобо, чыдайын, мен да адам эмесминби. Сенин башыңа каран түн түшкөнү, менин башыма түшкөнү...
Шыдүргү. (Гүрбөлжүнгө үмүттөнө тиктеди. Бир нерсе айтмакчы болуп оозун камдап барып токтоду. Көпкө чейин унчукпай калды. О-о, бир бир далайдан кийин каңырыгы түтөп) Бир гана арманым калды.
Гүрбөлжүн. Эмне арман, бурханым?
Шыдүргү. Ортобузда туяк жок... Биздин кунду ким кууйт. Ким кек алат каңкордун тукумунан?..
Гүрбөлжүн. Үмүтүңдү үзбө, бурханым. Бир айласын табаарбыз. Балким тирүү калаарбыз. Журтубузду алып кулак угуп, көз көргүс жакка көчүп кетебиз. Ошондо мен сага уул төрөп беремин. Ушул алааматта төрөлсө шордуу болбойт беле.
(Бурхан унчуккан жок. Дагы бир ирээт оозун камдап барып унчукпай калды. Дагы тынчтык өкүм сүрө түштү).
Гүрбөлжүн. (Аяр) Бурханым.. (Аптыгып барып унчукпай калды) Бурханым...
Шыдүргү. Айт.
Гүрбөлжүн. (Оозун камдап баратып токтоп калды) Жок, батынбай турам азыр, кийин айтам.
(Бурхан айымы мажбурлаган жок. Дагы далайга чейин унчукпай олтурушту).
Гүрбөлжүн. (Капысынан чочуп кетти) Бурханым, карасаң мобу аркардын башын?!.. Тепетең маңдайынан жарака кетиптир! Башта байкаган жок элем. Азыр көрдүм. бул эмнеси?!..
Шыдүргү. Жамандыкты жышааны ошол.
(Гүрбөлжүн аркардын алтын чөгөрүлгөн мүйүздөрүн колуна алды).
Гүрбөлжүн. (Улутунду) «Ушундан түгөйлөшүп шарап ичкиле, бактылуу болгула» дебеди беле, сенин атаң, улуу бурхан, ушуну бизге белекке бергенде. Бурхандын тилеги ишке ашпай калдыбы?...
(Шыдүргү унчуккан жок. Тек гана аймын көпкө чейин сынай тиктеп олтурду).
Шыдүргү. Гүрбөлжүн...
Гүрбөлжүн. Эмне дейсиң, бурханым?
Шыдүргү. (Тарткынчактай) Кокус.. биз колго түшсөк.. (Унчукпай калды).
Гүрбөлжүн. Эмне унчукпай калдың, ханым?
Шыдүргү. (Айтаарын айтып алып кайра айнып кетти) Эртеден бери бир нерсе айтайын дедим эле, азыр айнып калдым.
Гүрбөлжүн. Эмне үчүн, ханым?
Шыдүргү. Эрте окшойт. Убагы келсин.
(Гүрбөлжүн күйөөсүнөн талап кылгандан тартынды. Унчукпай калды. Бурхан бир убакта ордунан туруп эшикти көздөй бет алды).
Гүрбөлжүн. (Кооптуу) Каякка, бурханым?
Шыдүргү. Жоокерлердин жанына барайын.
Гүрбөлжүн. (Кысылыңкы) Келесиңби, бурханым?
Шыдүргү. Жоокерлер менен түн күзөтөмүн. Мындан ары дайыма алардын жанында болом. (Чыгып кетти.Гүрбөлжүн умсунуп кала берди).

Бешинчи сахна

Сэ шаарынын ичи. Ламалар турган ыйык жай. Таш кудайга анын алдындагшы кутуудагы үлбүлдөгөн ыйык отту беттеп лама табынып жатат. Анын аркасында кара кийимчен аялдар кошок кошуп, дагы бир кыйла адамдар табынышууда. Күүгүм түшкөн ыйык жай аялдардын муңдуу кошогуна толуп турду. Ошол учурда ыйык жайга өңүнөн азган, арыктап көзү чүңүрөйгөн Шыдүргү кирип келди. Ал табынып жаткандарды аралап өтүп, лама олтурган секиге чыкты. Таш кудай менен отко таазим кылып коюп, табынып аткандарга кайрылды.
Шыдүргү. (Үнү титиреп алсыз чыкты) Таңгыттар!.. Эртең, таң ата, моңголдор шаарыбыз Сэге чабуул коюшат. (Оор улутунду) Кылкылдаган таңгыттан бир ууч жан калдык. Он эки айдан бери камоодо жатып ачкадан кырылдык. Шаарыбыз жору менен кузгунга толду, бирок чөгөлөгөн жокпуз душманга. Ата-бабаларыбыздын намысын алдырбадык. Эркин жашаганды сүйгөн эл элек, кулдуктун ордуна өлүмдү тандадык. Эми калган-каткандарыбыздын көрөр күн, ичээр суубуз бүтөөр күн келди.
Кара кийген аял. Бурхан!.. Чыңгыз хандан өч алчу таңгыт калбайбы?!..
(Баятан алсырап турган эл жандана түштү. Ар тараптан үн чыга баштады).
Үндөр.-Өч!..
— Өч!..
— Өч!..
Шыдүргү. Мен да ошону айтканы келдим, силерге. Менин акыркы сөзүм да ошол. Таңгыттын аялдары, кимиңердин боюңарда калса, жоо көзүнө көрсөтпөй асырагыла. Таңгыттардын кунун куусун. «Таңгыттар эркиндикти сүйгөн эл эле, дүйнөгө атагы чыккан илим-билими, өнөрү бар эле, жапайы моңголдор чегирткече каптап кеткен. Элибизди кырса да анын эркин майтара алган эмес. Сен таңгыттын тукумусуң. Элиң үчүн өч ал!» деп өстүргүлө. Чыңгыз хандын башын алып, анын укум-тукумунун түбүнө жетчү таңгыт өссүн. (Ламага) Ыйыгым, мынабул кутудагы ыйык отту тирүү калгандарга бөлүштүрүп бер. Демөөр болсун. Отту сүйгөн калк элек. Душман каптап келгенде, таңгыттардын жүрөгүндөгү оту аларга сес көрсөтсүн. (Ыйык оттон шамга тамызып алып, үлбүрттөтүп бийик кармады. Табынып жатышкандар да бурханын артынан ламанын колунан ыйык оттон тутанган шамдарды алышып, үлбүлдөтүп көтөрүп жатышты. Бир кездеги кылкылдаган Сэ шаарынын элинен калган мына ушул бир ууч от кармагандар эң акыркы таңгыттар экенин сезишкен алар, аябай алсырашканына карабай, кайгы басып мүңкүрөшкөнүн бир паска унутушуп, баштарын бийик көтөрүшүп, шерденип турушту. Сэ шаарын каптаган түнкү коюу караңгылыкта үркөрдөй болуп жылтылдаган от кармашкан ушул жерде гана тирүүлүктүн жышааны бар эле. Шаарда мындан башка өмүрүдүн белгиси жок болчу...).

Хореографиялык же мультимедиалык интермедия

Сэ шаары. Аргымактардын туяктарынын дүбүртүнөн жер майышып, ийри кылычтар күнгө жаркылдап, түмөндөгөн кол темир дарбазаны жаалданып каптап кирди. Сэ шаарынын темир дарбазадары эч каршылыксыз эле ачылып, куюндаган атчандар чептин ичине көзгө илээшпей кирип кетишти, айгай салышып. Жоо астынан тосуп чыккан тирүү жан болгон жок. Тек гана үрөйдү учура «кур-рк!!» эткен миңдеген үндөр жаңырып, сан жетпеген жору менен кузгундар Сэ шаарынын үстүнөн дүр этип көтөрүлүштү да күндүн бетин көрсөтүшпөй кара жабыргадай каптап калышты. Эмеле чайыттай тийип турган күн бир паста тутула түшкөнсүп, жердин бетине күүгүм түштү. Сэ шаары баскынчыларды ушинтип «тосуп» алды...

Алтынчы сахна

Чыңгыз хандын чатырынын алды. Аюу талпактын үстүндө Чыңгыз хан чечекейи чеч болуп салатанатту олтурду. Колунда алтын бастырылган аркардын мүйүзүндө шарап. Дасторкондун үстүндө жайнаган дүр-дүйүм тамак. Чатырды кыдырата тизилген түпөктүү найзаларды учтары күнгө жарк-журк этет. Чыңгыз хандын асабасы шамалга желбиреп жатты. Обочороок жерде көгөнгө тизилген, эркек, аялы аралаш туткун таңгыттар. Бир нече башка туткун мойнуна моюн-турук асынышып, кошоктолушуп аркы-терки илкиш басып жүрүшөт. Кирпигинен тартса жыгылчудай болгон бул туткундар Чыңгыз хандын көз алдында. Аларга көз жиберген сайын Чыңгыз хандын кабагы бүркөлө түшүп, көңүлү бир аз бузулуп атты. Кыязы бир нерсеге нааразы болгондой тңрү бар. Туткундардын бири Чыңгыз хандын алдына жанталаша боортоктоп жетип келди. Көзүнүн жашы он талаа.
Туткун. Таксыр!.. Кагылайын, таксыр!..Моюнтуругумду алдыр. Кыйналып өлмөй болдум! (Бышактап ыйлап жиберди). Уйку бетин көрбөй калдым. Тикем менен тик турам!.. Кагылайын таксыр!.. Моюнтуругумду алдыр!..
Чыңгыз хан. (Кабагын түйүп) Кимсиң?
Туткун. (Жанталаша) Кулуңмун!.. Кулуңмун!..
Чыңгыз хан. Унуттуңбу?
Туткун. (Ого бетер жанталаша) Унуттум!.. Кулуңмун!..
Чыңгыз хан. Эсиңде болсун, ийилбеген башты курч кылыч кесет. Же ушинтип күнү-түнү чырым албай кыйноого батат. Жанын соогатка сурабагандардын ийининде башын калтырып көргөн эмесмин.
Туткун. (Көзүнүн жашы он талаа) Жаным соогат, таксырым!.. Жаным соогат!.. Кулуңмун!.. Кулуңмун, таксырым!..
(Чыңгыз хан туткунду сынай тиктеп туруп, колун шилтеп койду. Обочодо турган желдет заматта туткундун моюнтуругун алып таштады).
Туткун. (Көзүнүн жашы тыйылбай) Кулуңмун, таксыр!.. Кулуңмун, таксыр!.. (Артына жөрмөлөп, кетенчиктеп олтуруп көрүнбөй калды. Калган туткундар дагы эле ары-бери илең-салаң басышканын улантышууда. Аздан соң желдет колу-бутуна кишен салынган Шыдүргүнү Чыңгыз хандын алдына айдап келди. Шыдүргү башын бийик көтөрүп, ичинде кайнаган кегин жашырбай Чыңгыз ханды жек көрө карап турду. Чыңгыз хан адегенде Шыдүргүгө сынай карап алып, мыйыгынан сырдуу күлүп койду. Андан соң колундагы мүйүзүн алып тойлоп жаткан моңголдорго кайрылды).
Чыңгыз хан. Моңголдор!.. Бүгүндөн баштап бир апта бою жеңиш тою өтөт. Каалаганыңардай ичип, эркиңерче чардагыла. Баарына уруксаат.
(Моңголдордун кубанычтуу жапайы кыйкырыгы талаанын үстүн толкун жайпагансып жайпап өттү).
Чыңгыз хан. Моңгол жоокерлерин түркөй санап, бизди теңине албаган, согуш өнөрүн, аалам сырын бизден башка эч ким мыкты билбейт дешкен мактанчаак таңгыттардын туусун жыктык. Таңгыттардын билими күчтүү болсо, биздин билегибиз күчтүү! Таңгыттар өнөрлүү болсо, биз өжөрбүз! Таңгыттардын акылы курч болсо, биздин кылычыбыз курч!
(Кайрадан моңголдордун жапайы кыйкырыгы ай-талааны титиретти. Чыңгыз хан мыйыгынан күлө Шыдүргүгө дагы бир жолу сынай карап койду. Бурхандын бир эсе таң калуусу, бир эсе жек көрүүсү Чыңгыз ханга айкын туюлду. Чыңгыз хан колун жаңсап койду эле, кайдан-жайдан чыга калышып, добулбас уруп, бир нече моңгол жапайы бийин бийлеп киришти. Чыңгыз хан Шыдүргүнү алдында турганын унутуп койгонсуп, маашырлана күлүп өнөрпоздордун оюунуна бериле тиктеп олтурду. Шыдүргү мындай мазактоону көтөр албаса да каны кайнап , айласы жок).
Шыдүргү. (Чыдай албады) Эй, Чыңгыз хан!..
(Чыңгыз хан колун жаңсап койду эле, ырчы-чоорчулар кандай пайда болушса дал ошондой житип кетишти).
Чыңгыз хан. Кахар!..
(Көз ачып жумгуча Чыңгыз хандын алдына Кахар мерген жетип келди).
Кахар. Кулагым сенде, таксырым, амириң эмне?
Чыңгыз хан. (Сырдуу) Денеси кардан да аппак сулуу аял кайда бар деп айттың эле?
Кахар. Таксырым!.. Эгерде жер бетинде андай сулуу бар болсо, ал бир гана Шыдүргү хандын айымы Гүрбөлжүн деп уккамын.
(Шыдүргүнүн денеси дирт этип, өңү купкуу болуп чыкты).
Чыңгыз хан. Андай болсо, Гүрбөлжүн сулууну өзүң кайтарасың. Той бүткөндөн кийин менин чатырма алып келесиң.
Кахар. Куп болот, таксырым!.. Гүрбөлжүн сулуу той бүткөндөн кийин сенин чатырыңа келет. (Кандай келсе дал ошондой жок болду. Оор тынчтык өкүм сүрдү).
Чыңгыз хан. (Шыдүргүгө заар аралаш жылмая карады) Тилегениң эмне?
Шыдүргү. (Каарлуу) Эй, акмак!.. Эсирген кеңкелес хан!.. Ойлобо сен, соо калат экемин деп! Жок дегенде жер үстүндө бир таңгыт калса да, сенин жылуу каныңды ичет! Мени өлтрөсүңбү-коёсуңбу өз эркиң. Бирок, сен да өлөсүң. Таңгыттардын колунан. Таңгыт куну— сенин башың! Ажалыңдан өлсөң — укум-тукумуң сен үчүн жаза тартат. Таңгыттардын тукуму сенин тукумуңдун түбүнө жетет.
Чыңгыз хан. (Көздөрү ачуудан канталай баштады) Ошондой де?!
Шыдүргү. Ошондой!... Эсирген хан!... Бүгүнчө сайран куруп тур!.. Эртең алыгы эсирген башыңа таңгыттар шарап куюп ичет!
Чыңгыз хан. (Ызгаардуу күлдү) Ха-ха-ха!..
Шыдүргү. Күлө түш! Кезек келет! Таңгыттар да күлөт! Шашпа, шашпа!... Мазак болчу күнүң келет!..
Чыңгыз хан. (Каарданып) Мени коркута турган сенсиңби, арсыз күчүк! Кимге карап үрүп атканыңды билсең боло! Теңириң да мени коркута албайт. Менин башымды алчу таңгыт туулат бекен?!.. Көрөбүз!... (Коңгуроосун какты. Желдет алдына келип үч бүгүлүп таазим кылды). Тээтиги көгөндөгү алтымыш таңгыттын бүт башын ал, кыздарын жигиттер аялдыкка алсын. Моңгол туушсун! Боюнда бар аялдарын бир түнгө жигиттерге бер, кумарларын жасышсын. Эртең баарынын ичин жарып, жатынын кесип, иттерге ыргыткыла! Таңгыттардыг тукуму курут болсун! (Ордунан тура калып айкырды) Таңгыттардын тукуму курут болду!.. (Моңголдордун жапайы үнү коштоп кетти: «Таңгыттардын тукуму курут болду!!!» Көгөндөлүп турган таңгыттар онтоп ийишти. Кан-сөлү качкан Шыдүргү теңселип барып зорго боюн токтотту).
Шыдүргү. (Тиштенип) Мыкаачы!!..
Чыңгыз хан. Мына, алтымыш таңгыт, сени менен алтымыш бири калды эле, баарынын башы кетет. Кимиң каласың менин башымды алганы?!.. Же өлгөндөрүң тирилип келеби?!.. Чыңгыз хандын жылуу канын ичесиңерби?!.. Кимиң ичесиң эми менин канымды?! Далай ламанын дөөрүгөн сөзүнө ишенип жүрөсүңөрбү? Далай ламаңдын да башын алмадай үзөмүн!.. Менден эч ким качып кутула албайт! Мага кара оюу барлардын бирин да калтырбайм! Тыйпыл кылам!.. (Какшыктап) Кана сүйлө арстан, билесиңби, «өлгөн арстандане тирүү чычкан өйдө» дегенди?!
(Шыдүргүнүн унчугууга шайы келбеди).
Чыңгыз хан. Мынабу таңгыттын арсыз күчүгүн орго сал. Гүрбөлжүндү менин чатырыма алып келатканда ордон чыгып карап турсун! (Шыдүргүгө) Азырынча башыңды соогатка бердим. Гүрбөлжүн сулуунун калыңы ушул. Эки-үч көрө тур. Сенин да жаның ширин!
Шыдүргү. Күлбө каңкор! Билип кой, таңгытты бүтүн кырсаң да, тебелеп-тепсең да, баары бир чөгөлөтө албайсың. Колуңдан келбейт! Сен таңгытты жеңе алган жоксуң! Ага сенин кудуретиң жетпейт! Сенин бул тоюң жеңиш тою эмес, айласы куруган арсыз мыкаачынын өзүн-өзү соороткон жан далбасы!..
Чыңгыз хан. (Бир паста жаалы келип, көзү канталап чыкты) Өчүр үнүңдү!
Шыдүрүгү. (Ого бетер күчөп) Үнүмдү өчүрөөрсүң өчүрсөң, бирок отумду өчүрө албайсың, эсирген байкуш!..
Чыңгыз хан. (Жаалы ого бетер күчөп желдетке) Тулуп кыл!!! Орго сал!!!
(Желдет Шыдүргүнү башы-көзгө койгулап, келтектеп сабап алып жөнөдү. Моңголдор көгөндөлүп турган таңгыттарды дыргаяктатып сүйрөп кетишти. Моюнтуруктарын асынышкан туткундар гана жандары тынбай аркы-терки басып жүрүштү. Чыңгыз хан бир оокумга токтоно албай, бетинен түгү чыгып, мүйүздөгү шарапаты шыпкай ичип жиберди. Анан көпкө мелтиреп олтуруп калды да, оо-о бир кыйладан соң коңгуроосун какты. Кайдан -жайдан чыга калганы белгисиз ырчы-чоорчулар, бийчи жигиттер пайда болушту да, моңголдордун жапайы бийин бийлеп киришти. Оюн кызыды. Чыңгыз хандын туттукканы жасылгандай болду... Капысынан Чыңгыз хан ишаарат кылып койду. Баары туш-тушка житип кетишти. Чыңгыз хан алда-кайда тигилип карап калды. Күзөт башы Чыңгыз хандын алдына кемпирди айдап кирди. Кемпирди жерге жабыштыра коюп, күзөт башы үч бүгүлө таазим кылды).
Күзөт башы. Таксырым!.. Баягы кемпир... Баягы эле сөзү.
(Чыңгыз хан ишаарат кылып койду эле, күзөт башы чыгып кетти).
Чыңгыз хан. (Жаалы келип) Эмне келдиң?!..
Кемпир. (Кооптуу) Таксырым!.. Ка-ап, көңүлүң куунак экен, ээ. Тоюңа тоскоол болгон экемин. Ээ, таксырым!.. Мен баягы түштү айтып берейин дегем. Шашпай айтайын анда. (Кетмекчи болду).
Чыңгыз хан. (Каарданып) Токто , тентиген кейбир!.. Башыңды алмадай үздүрөт элем, мейли, жеңишимдин шарапатын көр. Бүгүн мен жоомартмын, энеден экинчи туулгандай болуп турам. Эсиңде болсун, мындан кийин дагы маземди алсаң, алжыган башыңдын дайнын таппай каласың! Экинчи сени көзүм көрбөсүн!
Кемпир. (Жер менен жер болуп өмөчөктөп калды) Ыраазымын, таксырым!... Боорукерлигиңе ыраазымын!.. Ылайым башың кырсыкка чалынбасын!... Омийин!.. (Кетенчиктеп, боортоктоп олтуруп чыгып кетти).
Чыңгыз хан. (Капысынан айкырды) Таңгыт тыйпыл болду!!!
(Моңголдордун жапайы айкырыгы коштоп кетти: «Таңгыт тыйпыл болду!!!» Кулак угуп, көз көрбөгөн тири укмуштуудай той—  жеңиш тою өтүп жатты.

Жетинчи сахна

Шыдүргүнүн сарайындагы Гүрбөлжүн экөөнүн бөлмөсү. Бөлмө калыбынча. Баягы эле жасалгасы. Терезеден сарайды курчаган түпөктүү найзалар менен ийри кылычтар жабалакташат. Кырына алтын, күмүш чегерилген тактада сулк жаткан Гүрбөлжүн башын көтөрүп, эки жагын карады. Ханышанын тегерегинде кыбыр эткен жан жок эле. Үлбүрөгөн ак көйнөгүн желге желбиретип терезеге чуркап барып сыртты карады. Жабалактаган найзалар, кылычтардан башка эч нерсени көрө алган жок.
Гүрбөлжүн. Бурханым!?.. Бурханым?!.. Кайда кеттиң?!.. )Кулагын түрүп тыңшап калды. Эч шек жок. Үмүтү үзүлө) Баары тымтырс, жоо кырып кеткенби? Мага эмне тийишпейт? Булардын эмне билгени бар? Эмне кылышат мени? Өлтүрүшөбү?!.. Же күң кылып коюшабы?.. Өлтүрүшөт!.. Башымды чабабы. Же кыйнап өлтүрүшөбү?!.. Кыйнап өлтүрүшөт!.. Же?!. Олжого кетемби?!.. О-о, теңирим, чыдаар бекемин!.. (Таш кудайдын алдына турган кутудагы ыйык отко чөк түшө калып табына баштады). Теңир!.. Мени азап-тозоктон куткар!.. Кантип оложого кетем?! Түрү суук каңкорго кантип аял болом?!.. Жек көрүмчү душманымдын койнуна кантип жатам?!.. Эркек болуп жаралып калсам эмне! Туулбай туна чөксөмчү! (Үстөмүнөн түшүп далайга чейин сулк жатты. Тээ бир кыйладан соң гана башын көтөрүп, кайрадан таш кудайга сыйына баштады). Теңир!.. Мен азыр жанымды кыям!.. (Жүзү чечкиндүү боло баштады). Мейли өлсөм, азаптан кутулам. Кыйналбай калам. Жалгыздыктын кыйноосун тартып жарым эс боло баштадым. Ушундан көрө өлгөнүм артык. (Кичине тыным) Баары бир өлөм! Олжо болгуча өлүп тынайын. (Бөлмөнүн ичин үч көтөрүп тинтип, колуна эч нерсе урунта албады. Чуркап барып эшикти ачмакчы болду. Элик былк этип койбоду). Эч нерсе жок. Эшик да жабык. (Үмүтүн үзө кыйлага олтуруп калды). мен дагы жалгыз калдым. Бир жылдан бери жалгызмын. Бук болуп кеттим!.. Сүйлөшөйүн десем тыңдаар киши жок. Арманымды угаар киши жок. Ушинтип, же сени менен сүйлөшөм, же өзүм менен өзүм сүйлөшөм. (Бир убакта эшик тарапта карап алып кыйкырып жиберди) Капыр-ай!.. Эшиктин туткасы канга боёло түштү да!.. Бул эмнеси?!.. Бурханымдын каны го?!.. Жок!.. Тигине, тигине, бурханым! Кетип баратат!.. Бурханым, мени таштап каякка кетип баратасың?!.. Мени кошо ала кет!.. Таштаба жалгыз!.. Корком!.. Корком!.. Ала кет кошо!.. Көздөн кайым болду да!.. (Жанталаша карап калды). Бирөө чакырабы?.. (Артына бурулса аркардын башынын жанында Шыдүрүгү олтуруптур). Бурханым?!.. Сен бул жерде белең? Азыр эле кетип баратпадың беле? Мени ала кетейин деп келдиңби? Бурханым, эч жакка кетпей эле коёлучу!.. Мен сени көп күндөн бери күтүп атпайымы. Куса болуп кеттим. Муздак төшөктө жалгыз жатам. Жанымда жоксуң сен. Каякта жүрдүң? Эсиңдеби, мен сага бир сөз айтам дебедим беле? Ушуну айтайын дегем — куса болуп кеттим, сагынганымды. Сен да мени сагындыңбы?.. Бурханым, мен сага аябай ашык болуп калдым!. Мурда кайдигер элем. Кийин келди ашыктык. Жаныма жай бербей, кыйнап жүрөт аябай. Сен сезесиңби, ошону?.. Сен мага үйлөнгөнгө чейин, мен сени көргөн жокмун. Атагыңды угуп суктанчумун. Кийин, көргөндө көңүлүм сууй түшкөн, сенден. Кыялымдагыдай эмес экенсиң. Түн ичинде жатып алып, таттуу кыялыма берилчүмүн. Кыялымдагы ашыгымды кучактап жатчумун. Эртеси уялып калчумун, сенден. Ошону билчү белең?.. Баса, сен баягүнү эмне дедиң эле?.. Жакында сага казына башчы келет дедиң беле?.. Ал эмне үчүн келет?.. Тээтиги келаткан ошобу?.. (Терезеге чуркап барды. Кайра артына кайрылды. Бурхан жок). Бурханым, кайда кеттиң?!.. Бурханым, дагы мени таштап кеттиңби?!.. Дагы жалгыз калтырдыңбы?!...
(Ошол учурда бөлмөгө карт казыначы менен нөкөр кыз кирип келишти. Гүрбөлжүн тигилерге тунарган көздөрү менен кайдигер карап койду. Казыначы менен нөкөр кыз Гүрбөлжүнгө жакын келишип таазим кылышты).
Казыначы. (Үнүн пас чыгарып) Ханышам!..
(Гүрбөлжүн аны аңдоос албады).
Нөкөр кыз. (Үнүн пас чыгарып) Ханышам!
(Гүрбөлжүн тигилердин айтканына кулагын түрүп калгансыды).
Казыначы. Бизге бурхан буйрук кылып кетти эле. (Койнунан куту алып чыгып, ичинен көгүлтүр таштары бар шакекти көрсөттү). Бул сага, ханышам. (Кутуну аркардын мүйүзүнүн жанына койду). Эмне кылышты билесиңби, ханышам?
(Гүрбөлжүн унчуккан жок. Көздөрү бирде жандана калып, бирде тунарып казыначы менен нөкөр кызды алмак-салмак жалдырап тиктеп турду. Казыначы нөкөр кызга ишаарат кылып койду да, өзү терс бурулуп кетти. Нөкөр кыз үстүндөгү бир салма көйнөгүнүн бүчүсүн чечип жиберди. Көйнөк жерге шыпырылып түштү да, нөкөр кыздын денеси жылаңач калды. Кардай аппак денеси ылдый төгүлгөн, тизесине чейин жеткен чачын ханышага көрсөтүп, колун уят жерине жиберип арасынан чыпалактай миздүү кестикти алып чыкты. Гүрбөлжүнгө көрсөттү. Гүрбөлжүн тигини жалдырап карап турду. Зарыгып кеткен казыначы артына шарт бурулду, жылаңач турган кыз алапайын таппай, уялып кетти да, жерде жаткан көйнөгүн шашып-бушуп үстүнө салды. Казыначы нөкөр кыздын колундагы кестикти аалып, койнунан жоондугу сөөмөйдөй болгон жылаан боор өрмө камчыны алып чыгып, бир учун кызга карматып туруп, кестик менен шарт шилтегенде камчыны өрүмү тепетең экиге бөлүнүп түштү. Гүрбөлжүн дагы эле тигилерди жалдырап тиктеп турду).
Казыначы. (Нөкөр кызга шектене карап) Ханышам!..
(Гүрбөлжүн унчуккан жок). Эсинен айнып калган го?
Нөкөр кыз. (Кабатырлана) Ханышам!..
(Гүрбөлжүн кызды тиктеп калды).
Унчукпаса да түшүнүп турат. (Нөкөр кыз кестикти шакек салынган кутунун жанына коё алды. Казначы аны шарт кайра алып, кыздын өзүнө берди).
Казыначы. Бул сеники. (Койнунан дал ошондой кестик алып чыгып шакектин кутусунун жанына койду) Ханышам!.. Бурхандын буйругун аткардык.
(Экөө таазим кыла чыгып кетишти. Ошондон кийин Гүрбөлжүн далайга чейин нес болгонсуп жалдырап тура берди. Бир кыйладан кийин гана эсине келгенсип, көздөрү тириле баштады. Айланасын аяр карап, аркардын мүйүзүнүн жанындагы куту менен кестикти алды).
Гүрбөлжүн. Баары элес-булас. Түш десем, өңүм тура. Булар эмне келишти? Буларды эмне таштап кетишти? (Шакекти алып сыйпалап көрсө, көзчөлөрү колуна келди. Шакектин түбүнө тигиле карап калды) . Уу го?!.. А-а, түшүнүдүм, түшүндүм. Жанымды кыят турбайымбы!.. (Шакектин көздөрүн ордуна салды). А, муну эмне таштады?.. (Кестикти алды) Уу иче албасаң, күрөө тамырыңды кыйып ий дегени го?.. (Кубанып кетти) Ырас болбодубу!.. Олжого кетип бурханымдын намысын тепсеткенден көрө! Азыр эле жанымды кыям! (Аркардын мүйүзүнүн бирөөн колуна алып, шакектеги ууну себеледи. Колдору менен мүйүздү оозуна жакындатты. Капысынан калтырак басып, мүйүз эриндерине тийип-тийбей жерге кулап түштү. Гүрбөлжүн кумсарган бойдон көзүн жуумп, эрди кеберсип туруп калды). Кантип кыям жанымды!.. Кантип кыям!.. Кыя албайм... Олжо болдумбу?!.. (Тактасынын жанына бүк түшүп калды. Бөлмөгө ийри кылыччан моңголдор кирип келишти).
   
Прологдун уландысы

Зындан. Желдет менен туткун. Желдет адатынча балак уруп жатат.
Желдет. (Чарчаңкы) Моңголдордун кулумун де!..
Туткун. (Калыбынча) Кул эмесмин! Таңгытмын!..
Желдет. (Балак урду) Кулсуң!..
Туткун. (Калыбынча) Таңгытмын!..
(Желдет шыркыраган кыпкызыл шиш менен туткундун экинчи көзүн оюп алды).
Желдет. Мына сага, таңгыт болсоң! (Чыгып кетти).
Туткун. (Артынын онтолой) Таң-гыт-мын!!!
(Бир аздан соң желдет зынданга Шыдүрүгүнү салды).
Туткун. Кимсиң?
Шыдүргү. Таңгыт бурханымын.
Туткун. Бурханым!.. Сен да мага кошулдуңбу?! Мен да таңгытмын!..
Шыдүргү. (Аянычтуу) Эмне мынча кыйнашты сени?
Туткун. Кул болбогонум үчүн.
Шыдүргү. (Демөөрү көтөрүлүп) Таңгыт кул болбойт!.. Кул таңгыт боло албайт!..
Туткун. Эми менин башымды алышат. Ордума сени кыйнашат. Кезекти сага беришкен экен да. (Узак тынымдан соң) Бурханым, бир да таңгыт жокпу, жарыкта?
Шыдүргү. (Маанайы пас) Бирөө гана калды...

Сегизинчи сахна

Айлуу түн. Чыңгыз хандын чатыры. Тактыда чепкенин желбегей жамынган Чыңгыз хан олтурду. Кахар кирип таазим кылды.
Кахар. Гүрбөлжүн сулууну алып келдик, таксырым. Калганынын баары сен буюргандай болду. Бурханды зындандан чыгарып кошо алып келдик. Көгөндөп койдук.
Чыңгыз хан. Алып киргиле.
(Кахар чыгып кетип, кайра үч-төрт жигит менен Гүрбөлжүндү алып кирди. Чыңгыз хан суктана тиктеп турду).
Чыңгыз хан. Чечиндиргиле.
(Жигиттер Гүрбөлжүндү туш-туштан чыгып, ой-боюна койбой чечиндирип ийишти. Денесин текшерип тикие карап чыгышты. Топ моңголдун ортосунда, төрт мүчөсү келишкен, денеси кардан аппак Гүрбөлжүн энеден туума болуп, жылаңач турду. Жайылган капкара чачы бутунун учуна чейин жетип атты. Корккону, же эмне экени белгисиз денеси диртилдеп, калтырак басып кетти. Жигиттердин сугу артып тамшанып турушканын сезген сулуу балыктай туйласа да, тигилердин курчоосунан кутула алчудай эмес. Чыңгыз хан ишаарат жасады. Жигиттер четке чыга беришти. Хан Гүрбөлжүнгө сугу түшө аягынан башына чейин карап чыкты).
Чыңгыз хан. Киймин ары алып койгула. (Кахарга) Таңгыттардын бурханын алып барып зынданга салгыла. Кумар жасканыма тоскоол болот. Эртең менен алдыма алып келесиңер. Кокус коңгуроо каксам үстүмө өзүңдөн башка жан киши кирбесин.
(Кахар баштаган жигиттер чыгып кетишти. Кишендин шалдыраганы алыстап барып жок болду. Чатырдын бурчунда, көшөгөнүн жанында ажалдан качкан эликтей болуп коргологон Гүрбөлжүн Чыңгыз хандын ар бир кыймылынан дирт-дирт этип титиреп турду. Чыңгыз хан үстүндөгү чепкенин серпип таштап, апакай көйнөк-дамбалчан титиреп турган Гүрбөлжүндү көздөй мышык сымал жыла басты. Гүрбөлжүн каякка жашынаарын билбей айласы кетет. Чыңгыз хан жакындаган сайын Гүрбөлжүндүн көзүнөн коркунуч аралаш жек көрүү, жийиркенүү сезими ачык билинип атты).
Чыңгыз хан. И-и, таңгыт сулуусу!.. Титиребе, калтыраба. Мен эчак эле сага арзып калгам. Түшүмдө да көрөм, өңүмдө да көрөм. Акыры самаганыма жеттим!.. (Таңгыт сулуусуна мышык сымал илбериңки жетип, кардай аппак денесинен суктана бир сылап өттү. Гүрбөлжүн азоо аттай секирди. Чыңгыз хан мышык сыңары лып секирип, көшөгөнү сыйрып ыргытып, Гүрбөлжүндү тактага басып жыгылды. Ошол замат көз ачып жумгуча чок баскан немече ордунан ыргып туруп, бүкчүйүп тактанын түбүнө түпкүчтөй түйүлүп онтолоп жатып калды. Ордунан купкуу болуп алаңдап тура калган Гүрбөлжүн төгүлгөн чачтарынын арасынан уят жерине колун жиберип бир нерсени алып чыкты, колунан шамдын жарыгында кестиктин мизи жарк этти. Таңгыт сулуусу кестикти Чыңгыз хандын жанына ыргытып, шашып-бушуп, тиши-тишине тийбей калтырап, үстүнө ички киймин гана чала-була иле салып эшикке атып чыкты. Тактанын түбүнөн башын көтөрүп, керсары жүзү менен таңгыт сулуусун узата караган Чыңгыз хандын апакай дамбалы кочкул канга боёлуп аткан. Сырттан көрүмчүдөй болуп дабыш билгизбей кемпир шып кирип келди. Чыңгыз хан селт этип чочуп кетти).
Кемпир. (Кекээрдүү күлүп) Эмне болду сага, таксырым?
(Чыңгыз хан кемпирди заардуу көз карашына жүзүн ала качты).
Чыңгыз хан. Эмне келдиң эле?!..
Кемпир. (Заардуу табалай) Баягы көргөн түшүмдү айтып берейин, убактысы келди окшойт.
Чыңгыз хан. (Жинденди) Соо эмес экениңди билгем, башында эле. Сен албарстысың! (Тиштене күңгүрөндү) Жогол!.. Жогол!.. Жогол бул жерден!.. Жогол мастан!.. Ажалыма келипсиң!..
Кемпир. (Сынай күлүп) Кезек келдиби?! Бири кем дүйнө деген ушул. Какпайсыңбы коңгурооңду. Кага албайсың. Антиш колуңдан келбейт. Андан көрө өлгөнүң артык эмеспи. Оюңда эмне бар экенин билип турам. Антсең, ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат. (Башын чайкап) Пай-пай-пай!.. Өлгөн атсаң да, же адам экениңди, же желмогуз экениңди жан кишиге билгизбей, эч кимге өөнүңдү чыгарбай, таш сандыктай сырыңды катып кеткиң келет ээ?! 
Чыңгыз хан. (Өңү бозоруп) Жогол көрүмчү!... Жогол, дейм!
Кемпир. Көрүмчү эмесмин. Көрүмчү сенсиң. (Кичине тынымдан соң) Эмне өңүң керсары болуп чыкты? Өлүм көзүңө көрүнүп атабы? Ажалды жеңип чыгам деп ойлоочу эмес белең? Таңгыттарды тыйпыл чапсам ажалдан кутулам дедиң беле? И-и, кандай экен, жан ширин бекен?.. Ар кимдин жаны ошондой ширин. Сеникиндей эле кымбат. Эми башыңа түшкөндө билдиңби?!... Бирөөнүн жаны бирөөнүкүнөн артык эмес! Ошондо-ой!.. Бейкүнөө аккан жаштын, бейкүнөө төгүлгөн кандын да убал-сообу болот. Кан коё бербейт, акыры. Сен бейкүнөө адамдардын арбагынын каарына калгансың. Эми кыйналып, көрбөгөнүң көр болуп жатып өлөсүң! Сага башка өлүм жарашпайт! Бирок, бул да аздык кылат. Же баатырлар менен беттешип кан майданда өлсөңчү. Сенин өлүмүңдү ит өлүм дейт. Эми сенин шермендең бүт он эки ааламга тарайт. «Бир катындын койнуна кирем деп бычылып өлгөн» деп дүйнөгө дүң болдуң. Сооп!.. Чала!.. (Кемпир кандай келсе дал ошондой шып этип чыгып кетти).
Чыңгыз хан. (Үнү титиреп) Түбүңө жетем!.. Мастан!.. Сен албарсты болсоң, мен кудаймын!!.. (Айласы куруп олтуруп калды да, коңгуроосуна колун сунду, көзү жерде жаткан кестикке түштү...).

Прологдун уландысы

Зындан. Туткун менен Шыдүргү. Аңгыча кемпир пайда болду.
Кемпир. (Кубанычы койнуна батпай) Таңгыттар!.. Сүйүнчүмдү бергиле!..
Туткун. Эмне болду?
Кемпир. (Кубанычы койнуна батпай) Таңгыттар!.. Сүйүнчүмдү бергиле!..
Туткун. Эмне болду?
Кемпир. Айтканым келди! Өчүмдү алдым каңкордон!.. Чалымдын, балдарымдын кегин алдым!..
Туткун. Эмне дейт?!.. Шашпай айтчы.
Кемпир. Мен бир түш көргөм. Түшүмдө Чыңгыз ханды ордосу бузулган жылаандардын ханышасы чагып өлтүргөн.
Туткун. Ток этээр жерин айтчы. Шашпа десе узун жомок баштайсың да.
Кемпир. Түшүм ишке ашты. Мен азгырдым Чыңгыз ханды, карып калган чагында. Намысына тийүүгө Сарытоодон атайы келгемин. Мен намысына тийбесем аял койнуна кирбейт болчу, ажалын таппайт болчу.
Туткун. (Чыдамы кетип) Ой, айтчы!.. Туюктатпай!..
Кемпир. Таңгыт сулуусу Гүрбөлжүн сулуу, боюна жуутпай туруп Чыңгыз ханды бычып кетти!..
Шыдүргү. Ыя?!.. (Чечейин чеч болду) Билгем!.. билгем!... Түшүнгөн экенсиң!.. Акылыңдан айланайын Гүрбөлжүнүм!!. Чыңгыз хандан таңгыттын кеги алынды!..
Туткун. Таңгыт өлсө-өлөт, бирок кул болбойт!!!.
Кемпир. Мен кеттим, Сарытоого! Сүйүнчүлөп бер барам! Бут баарына жар салам!.. (Кемпир алдыга бир кадам шилтеди да бети менен жыгылып түштү. Оозун араң ачып кыркырады). Кай-ыр... ко-ош!.. (Башы шалк этти. Кекиртегин көзөп өткөн жебенин учу сороюп чыгып турду. Желдет менен Кахар жетип келишти).
Кахар. (Желдетке) Дароо башын ал, экөөнүн тең.
(Желдет зынданга түшүп, ал-буялга келгиче туткун менен Шыдүргүнүн башын алды).
Кахар. Бүттүңбү?
Желдет. Бүттүм.
Кахар. Ме, анда! (Жаа тартты, желдет өлүктөрдүн катарына бүк түшүп, кыймылсыз, сулк жатып калды. Кахар караңгыга житип кетти).
   
Тогузунчу сахна

«Курк» эткен кузгун, «карк» эткен карга жок, ээн талаа, эрме чөл. Өтө кыйналып чаалыккан бир жолоочу илкип келатты. Ал-Чыңгыз хан эле. Жылаңбаш, жылаңаяк, үстүндө гана кымбат баалуу чепкени бар, мойнуна салынган учу көрүнбөгөн узун кыл арканды сүйрөп алган. Кыл аркан кыйкылдата муунткан сайын, колу менен улам бошотуп коёт.Чыңгыз хан далай жол басып, шайы кетип, дөмпөйгөн ташка көчүк басты. Капысынан кайдан жайдан экени белгисиз, анын жанында кара кийимчен кемпир пайда болду.
Кемпир. Эй, жолоочу, каякка баратасың?
Чыңгыз хан. (Чочуп кетти, жүрөгүн токтотту) Качып келатам.
Кемпир. Кимден?
Чыңгыз хан. Ажалдан.
Кемпир. (Күлдү) Ажалдан качып кайда барасың пенде?
(Күлдү) Кайда барсаң да жалгыз башка бир өлүм да.
(Чыңгыз хан унчукпай калды).
Кемпир. Мойнуңдагы эмне?
Чыңгыз хан. Кыл сыйыртмак.
Кемпир. Мойнуңду жошо кылып кыйып салган го?
Чыңгыз хан. Кыйыклдатып муунтканы жаман баарынан.
Кемпир. Бул сыйыртмак моюнуна качан салынган сенин?
Чыңгыз хан. Эчак эле. Өмүр бою мойнумда жүрөт.
Кемпир. Тобоо! Кесип таштоочу, же алып таштоочу киши табылбадыбы, ошондон бери?
Чыңгыз хан. Бул көзгө көрүнбөс сыйыртмак. Муну бир гана мен көрөм. Сезем. Бир өзүм сүйрөп жүрөм. Тозогун тарткан жалгыз өзүм.
Кемпир. Өзүң алып. Же кесип таштабайсыңбы, анда?
Чыңгыз хан. Бул сыйыртмак менин бийлигим. Муну сыйрып таштасам, дүйнөдө тендеши жок улуу моңгол каганаты бытырап тарап кетпейби. Ошон үчүн кыл сыйыртмакка кайылмын. Мойнумду жошо кылып кыйса да, ушул күнгө чейин жеттим.
Кемпир. Анда башың менен кошо жатат турбайбы.
Чыңгыз хан. Ошондой го...
(Бир кыйладан соң гана акырындап жарык боло баштады, Чыңгыз хандын чатыры. Тактада өңү жездей керсары болгон Чыңгыз хан жаткан. Ордунан обдулуп тура калды. Мойну-башын сыйпалады.
Чыңгыз хан. Капырай бул эмне шумдуктуу түш?.. Жанымды кыйнап ийди го. (Унчукпай калды). Бир аздан соң сырттан Кахар кирип таазим кылды).
Кахар. Айткандарыңдын баары орундалды, таксырым. Уулуң Чагатайга дайындадым. Сени катуу ноокас, кайтпайт дедим. Сөөгүңдү койгондон кийин сенин денеңди көргөн жигиттердин баарынын башы ошол жерден дароо алынсын дегениңди айттым. Керээзиңди жеткирдим: «Дүйнөдө бир гана улуу эл бар, ал кумурскадай жайнаган моңгол эли; дүйнөдө бир гана улуу каганат бер, ал чыгыштан батышка, батыштан чыгышка, түндүктөн, түштүктөн түндүккө созулуп жаткан моңгол каганаты; дүйнөдө бир гана улуу хан бар, ал моңгол ханы. Ушул түбөлүк эсиңерде болсун. Баш көтөргөн эл болсо, тыйпыл кылып чапкыла. Аларды көрүп башкалар баш көтөрбөсүн. Эгер элдин баары баш көтөрүп чыгышса улу моңгол каганатынын күнү бүтөт. Бытырап тарап, сансыз байлык, чексиз бийликтен ажырайт. Андайга жол бербегиле! Таман астыңарда жаткан эл, өзүнүн эл экенин ойлоого кудурети жетпегидей болсун. Өзүн эл эмес, кул сезсин. Акылдуусунганынын баарынын башын алмадай үзүп тургула. Элди-журтту ошолор бузат, балээни ошолор башташат. Кыңк этпей, ыктыярга көнчүлөрдү ар бир элдин башына сарбаз сарбаз шайлагыла. Ошолор элин кыңк эттирбей башкарып берет. Улуу моңгол каганаты укумдан-тукумга, кылымдан-кылымга калышы керек!» дедим. Жашыруун катыңды да колуна тапшырдым.
Чыңгыз хан. Эми көңүлүм тынч. Ааламда эмне кеп-сөз бар экен?
Кахар. (Эмнегедир чыдамы кете баштады) Кандайын сурайсың, таксыр?
Чыңгыз хан. И-и.. Чыңгыз хандын эмне себептен ноокас экени билгендер бар бекен? Эл оозунда элек жок эмеспи.
Кахар. Таксырым, андай шек-шабатты биле албадым. Билгендин баарынын ошол түнү башы кетпедиби. Гүрбөлжүн болсо ошол эле түүнү сууга агып өлүптүр. Тоо-ашты, кокту-колотту бекер эле тинткен экенбиз. Сары суунун боюнда мал жайып жүргөн өзүңдүн малчыларың көрүшүптүр, ошонун эртеси эле. (Кичине тынымдан соң) Таксырым, сени эмнеден ноокас экениңди ааламдагылар түгүл, алты карыш жаныдан жүргөндөр да билбейт.
Чыңгыз хан. Ыраспы?
Кахар. Ырас, ырас, таксырым. 
Чыңгыз хан. Санаам биротоло тынды. (Бир аз тынымдан соң) Үзүлдүбү, таңгыттын тукуму?
Кахар. Ким билет, таксырым... Өлсө кайра тирилчү өжөр калк тура... Түмөн сакчыларыңдын биринин тамагын кестик менен кыйып кетиптир.
Чыңгыз хан. Ким?
Кахар. Ким билсин.
Чыңгыз хан. Айттыңбы, Гүрбөлжүндүн кийими салынган сандык өзүнчө сакталып, жан кишинин колу тийбесин, ага ак өргө көтөрүлсүн дегенимди?
Кахар. Ооба, таксырым. Ал өргөөң Кичи ордо деп аталып, жыл сайын сенин көзүң өткөн күндү эскергенде, коломтосуна бир киши мууздалып турсун дедим.
(Унчукпай калышты кыйлага)
Чыңгыз хан. Капырай, бул эмне деген сыр. Акылым айран. Гүрбөлжүн сулуу эсимден кетпеди. Башымды ажалга байлап кетсе да, жек көргөндүн ордуна көксөп турганымды кара. Оорум бир тең, Гүрбөлжүн бир тең болду. Перизаттай сулуудан бир кумарым жасылбай өкүттө кете турган болдум. (Кахар Чыңгыз ханды кооптоно да, таң кала да карап олтурду. Дагы көпкө чейин унчукпай калышты).
Кахар. Таксырым, ууга чыгып, өзүңө элик атып келсемби дедим эле.
Чыңгыз хан. Эртең деле чыгасың. Бүгүн менин жанымда бол . (Өкүнүч аралаш) Атаңдын көрү...
Кахар. Эмне болду, таксырым, сага?
Чыңгыз хан. Эмне болсун... Бетиңден кызылың таамп, дагы эле жашсың. Тоодон-тоону аралап, аскадан-аскага илбирстей секиресиң. Ким сени мени менен курбалдаш деп айтсын. Кебетеңди көрүп өлүм качат сенден. Бул жалгандын абасынан жутуп, жарыгына киринип, мынабу табияттын сулуулугуна суктанып дагы далай мезгил доорон сүрөсүң. Жарык дүйнө менен кош айтышам деп жаныңды бейпайга салып ойлонбойсуң. Өмүрдүн кымбат экени азырынча капарыңа да албайсың.
Кахар. Таксырым, сөзүңдү боололосом, өлүмдөн чочулаган түрүң бар. Ушунча сан жеткис адамдардын башына ажал салган, сен да жалтанасыңбы, өлүмдөн?
Чыңгыз хан. (Кахардын суроосун жоопсуз калтырды).
Кахар. Эртеби -кечпи бир өлүм, таксырым.
Чыңгыз хан. Аның ырас. Бирок, өлүмүдүн кеч болгонуна не жетсин. (Кичине тынымдан соң). Алчы бери тээтиги мүйүздөрдү.
(Кахар аркардын мүйүздөрүн алып келди). 
Кызматыңа ыраазымын. Ич шараптан. Бирин мага бер.
(Кахар мүйүздүн бирин Чыңгыз ханга узатты).
Бул мүйүздөр мындан ары сеники. Ич. (Өзү да төшөгүнө кырдана олтуруп оозуна жакындатты).
Кахар. (Шарапты шак тартып ийип, кыйкылдап муунуп калды, Таксырым?!.. (Көзүн алайтып таксырын суроолу карады. Чыңгыз хан да шарапты тартып ийди да, кыйкылдап муунуп калды).
Чыңгыз хан. (Каткырып) Бүттү!..
(Кахар менен Чыңгыз хан кыймылсыз сулк жатып калышты).

Эпилог ордуна

Сэ шаарынын уландысы. Эки тестиер бала ойноп жүрүшөт. Бирөө бирөөнү минип алган. Капысынан урандылардын арасынан жоктон жаралгансып кемпир пайда болду.
Кемпир. Ай, балдар, кимсиңер?
Минген бала. Чыңгыз ханмын.
Минилген бала. Мен Чыңгыз хандын атымын.
Кемпир. (Чочуп кетти). Эй, ырысы жоктор, элиңер ким?
Минген бала. Цинхай.
Кемпир. Эмне, эмне?!.. Таңгытсыңарбы?!
Минген бала. Таңгыт? ... Аныңыз ким, эжеке?
Кемпир. Билбейсиңерби?
Минген бала. Биз цинхайбыз.
Кемпир. Цинхай... Силер таңгыт деп аталчусуңар. Кырылып жок болуп кеткенсиңер. Калган-катканыңар Тибеттин элине, кытайларга сиңип кеткен.
Минген бала. Качан?
Кемпир. Мындан көп кылым илгери. Билбейсиңерби?
Минилген бала. Укканыбыз бар.
Минген бала. (Аны кагып) Сен унчукпа.
Кемпир. Аны эмне тыясың?
Минген бала. Мен Чыңгыз ханмын. Бул менин атым. Менден уруксаатсыз унчукпашы керек.
Кемпир. Чыңгыз хандын ким экенин билесиңерби?
Минген бала. (Өзгөчө сүйүү менен) Дүйнөдө жок шер. Баарынан күчтүү! Атактуу! Мен чоңойгондо Чыңгыз хандай болом.
Кемпир. (Ойлонуп калды) А-а, шордуулар. Шордуу экенсиңер. (Илкий басып, урандылардын арасына кирип, көздөн кайым болду. Бала — Чыңгыз хан атын теминип айгай салып кетип баратты. Ошол учурда алардын алдынан, урандылардын арасынан пайда болгон аппак кийимчен ак куу сымал аял, колуна от кармап тосо чыкты. Ал таңгыт сулуусу Гүрбөлжүн ханыша эле...)

Бүттү

9-28-август,1990-жыл,”Арашан” чыгармачылык үйү.


© Кулмамбетов Ж.О., 1990. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 4974