Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Балдар адабияты / Котормолор
© Кыргыз Республикасынын «Берегиня» украин коому, 2021.
© Айдарбек Сарманбетов которгон, 2021.
© Злата Кёксал сүрөтчүсү, 2021.
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2022-жылдын 30-майы

Кыргыз Республикасынын «Берегиня» украин коому

Украин эл жомоктору

Українські народні казки (киргизькою мовою)

 

Бул жыйнак украин элинин ондогон эң мыкты жана элге кеңири таанымал болгон жомокторун камтыйт. «Жомок чакан болсо да чоң акыл-ойду камтыйт» («Казки маленькі, а розуму в них багато»), «Жомок акыл-эске тарбиялайт» («Казка вчить, як на світі жить») украин элинин лакабында айтылгандай, бул котормо кыргыз жаш окурмандарына украин элинин эсте каларлык каармандары Кырыло Теричи, Иванко, Ивасык-Тэлэсык, Пан Коцкый, Эчки-эбелек... аркалуу элдин акылмандыгын, көрөгөчтүгүн, чынчылдыгын баяндайт.

Кыргыз элинин жаш окурмандары бул китепти барактап энчилүү аттарды, географиялык аталыштарды оригинал тилге мүмкүн болушунча жакын которуунун негизинде украин жомокторунун өзгөчөлүгүн сезе алышат. Атап айтканда, Украинанын борбору Кыйив, бул өлкөнүн башкы дарыясы Днипро деп биринчи жолу кыргыз тилинин адабий колдонуусуна киргизилип жатат.

Эмесе, Украин жомогунун ажайып сырдуу дүйнөсүнө кош келиңиздер!

 

Публiкується за виданням: Украин эл жомоктору (Українські народні казки киргизькою мовою), которгон Айдарбек Сарманбетов. – Бишкек: Аркус, 2021. – 76 б.:сүр.

УДК 871.161.2-93

ББК 84(4Укр)-45

У 45

ISBN 978-9967-485-38-9

 

Художній віршований переклад киргизькою мовою здійснено Айдарбеком Сарманбетовим за виданням: Украинские народные сказки. Сборник. Для дошкольного и младшего школьного возраста, – Киев: «Вэсэлка». – 1990. – 210 с.

 

Керівник проєкту: Володимир Нарозя.

Менеджер проєкту: Олег Бондаренко.

 

Збірник видано на кошти, надані Міністерством закордонних справ  України в рамках реалізації бюджетної програми 1401110 «Фінансова підтримка забезпечення міжнародного позитивного іміджу України, забезпечення діяльності Українського інституту, заходи щодо підтримки зв’язків з українцями, які проживають за межами України».

 

 

Украин эл жомоктору

Українські народні казки (киргизькою мовою)

 

МАЗМУНУ

ЗМIСТ

Кырыло Теричи

Кирило Кожум'яка

Иванко уста жөнүндө баян

Про майстра Іванка

Канайымды койчу кантип алдады

Як пастух перехитрив царівну

Пан Коцкый

Пан Коцький

Түлкү менен Турна

Лисичка і Журавель

Саман торпок

Солом'яний бичок

Эчки-эбелек

Коза-дереза

Ивасык Тэлэсык

Iвасик Телесик

Буурчактоголот

Котигорошко

Учуучу кеме

Летючий корабель

 

Кырыло Теричи

Качандыр бир кезде Кыйивде бир князь жашачы, ал шаардын жанында ажыдаар бар эле, ага жыл сайын шаардыктар дайыма жаш баланы же кызды салык катары жиберип турушчу. Ошентип, кезек эми княздын өзүнүн кызына келип жетти. Айла жок: шаардыктар берип жаткан соң ал да бериши керек. Князь кызын ажыдаарга жөнөтөт.

Ал эми кызы болсо сөз менен айтып бере алгыстай сулуу болчу. Аны ажыдаар да  сүйүп калат. Бир күнү кыз ага эркелемиш болот да бир суроо берет:

– Сени,– дейт ал,– жеңе ала турган адам дүйнөдө бар болду бекен?

– Бар,– дейт ажыдаар,– бирөө гана, ал Кыйивде, Днипронун жогору жагында жашайт. Ал качан кепесиндеги мешке от жага баштаганда түтүнү асманга чейин жетет; ал эми Днипродо терилерди сууда жумшартканы барганда (ал теричи эмеспи) ал бирди гана эмес, дароо он экини көтөрүп барат, алары Днипродо жумшарган соң мен аларга  жармашып алам; суудан чыгара алабы же жокпу деп. Ага болсо баары бир: эчтеме болбогондой баарын көтөрүп кетет, мени тим эле жээкке чыгарып сала жаздайт. Мен,  жалгыз ошондон гана корком. 

Княздын кызы анын айткандарынын баарын эстеп калат да: эми үйүмө кантип кабар берип, боштондукка чыгып, атама бара алам деп ойлонот. Анын жанында жалгыз көгүчкөндөн башка эч ким жок эле. Аны Кыйивде жашап жүргөн бактылуу күндөрүндө багып алган болчу. Кыз ойлонуп, ойлонуп олтуруп атасына кат жазды: «Мен минтип-тигинтип жашап жатам ата, Кыйивде Кырыло, каймана аты Теричи деген киши бар экен. Ага аксакалдарды жиберип макулдугун сураныңызчы: ажыдаар менен кармашып, мен байкушту туткундан бошотуп алаар бекен! Ал, кайсыл бир айтылган сөзгө таарынып калбагыдай сөз менен да, белек берип да сураныңыз!»

Кыз ошентип жазды да кагазды көгүчкөндүн канатынын алдына байлап туруп, терезеден учуруп жиберди. Көгүчкөн асмандагы булуттарга жете учуп чыкты да, үйүнө, князь олтурган короого келип конуп калат. Дал ошол учурда короодо балдар чуркап жүрүшкөн.

– Атаке, атакебай,– дешет алар,– караңызчы, эжебизден көгүчкөн учуп келди.

Алгач князь сүйүнүп, анан ойлонуп, капалана түштү: «Эмгичекти секетиң кетейин кызымды желмогуз жеп алган чыгар».

Ал, көгүчкөндү жанына чакырып алып карап – канатынын алдында кат бар экенин көрө койду. Тезинен аны чыгарып алды. Жазууларын окуса кызы мындай-тигиндей деп жазыптыр. Князь дароо аскер башчысын жанына чакырды.

– Бизде Кирил-Теричи деген киши барбы?

– Бар, князь. Днипронун жогору жагында жашайт.

– Ал таарынып калбагыдай кылып, кантип макул кылабыз?

Алар кеңешти да теричиге аксакалдарды жөнөтүштү.

Алар айтылган кепеге келип, эшигин ачышып, дал болуп калышты. Карашса, Теричи нары карап, жерге олтуруп алып он эки терини кабаттап алып ийлеп жатыптыр, анын силкилдеген агала сакалы эле көрүнөт!

Келгендердин бири:

– Кхе!– деп жиберди.

Теричи селт этип, чочуганынан он эки терисин айрып алды. Ал, келгендерге бурулуп караса алар белинен эле келишет экен. Келгендер:

-Биз, мындай-тигиндей, князь сага өтүнүч менен жиберди…– дешти.

Теричи аларды карап, угуп да койгон жок, алардын айынан он эки терисин айрып алганына ачуусу келип жатты.

Келгендер болсо андан кайрадан суранып, акыры жалдырап киришти. Карабаскыр! Суранып, жалдырагандарынан майнап чыкпай, баштарын жерге салып, кайтууга аргасыз болушту.

Эми эмне кылышмак? Княздын да, аскер башчысынын да көңүлү чөктү.

– Эгерде жаштардан жиберип көрсөкчү?

Мурдагылардан жашыраагынан жиберип көрүштү эле – алар да эчтеме кылы алышкан жок. Теричи унчукпай дулдуюп, кудум башкага сүйлөп жатышкандай укпады. Терилерине аябай ичи ачышып калыптыр.

Князь дагы ойлонуп, Теричиге балдарды жиберди. Алар келип, суранып, тизелеп алып ыйлап киришти эле Теричи чыдай албай кетти, алтургай өзү да ыйлап жиберди:

– Болуптур, силер үчүн жасайын!

Ошентип ал князга келди.

– Мага,– деди ал,– он эки челек кара май, он эки челек кендирдин чөбүн бергиле!

Ал, кендир чөптөн аркан жасап, денесине оронуп, ага кара майдан жакшылап шыбанды да колуна он батмандай чокморун алып ажыдаарга жөнөдү. Ажыдаар болсо ага:

– Эмне Кырыло, кармашканы келдиңби, же элдешкени келдиңби?– дейт.

– Кайдагы элдешмей? Кармашканы келдим!

Анан алар кармашып киришти, тим эле жер солкулдайт. Ажыдаар чуркап Кирилди тиштесе кара майдан жулуп калат, кайра чуркап тиштесе кендир аркандан үзүп алат. Кирил болсо тигини килейген чокмору менен тим эле жерге киргизе согот. Ажыдаар оттой ысып, жалындап, ысыганынан Днипрого чуркап барып, чумуп, муздагычакты Теричи кендир аркандан оронуп, кара майдан сүйкөнүп алат.

Желмогуз суудан чыга калып Теричиге чуркаганда ал чокмору менен – дүңк!– согуп калды эле, жер солкулдайт. Экөө кармашып, кармаша берди дейсиң – чаң чыгып, учкундар эле чачырап жатты. Кирил ажыдарды аябай ысытты, тим эле устанын очогундай, тиги жексур аптыгып, дем ала албай күшүлдөп калды, алдындагы жер  онтолойт.

Эл болсо эми эмне болот деп, тоого чыгып алып күтүп жатышты. Аңгыча ажыдаар жерге дүңк эте кулады! Жер титиреп кеткенсиди!

Эл болсо кол чаап жиберди:

– Бали, Кырыло! Бали, Теричи!

Ошол кезден баштап Кырыло жашап турган капчыгай Теричи деп аталып калыптыр.

 

 

Иванко уста жөнүндө баян

Жомок, бир тактайдан он эки олтургуч жасап, бирөөнү үстөк катары кошумча кылып бересиң деген падышадан башталат. Ким аны жасай алса ага үч араба алтын берүүгө убада берет. Эегрде ким жасай албаса, башы кетет. Тактай болсо үч кезден ашып эмес.

Чар тараптан усталар келе башташты. Бирок, эч бири да падышанын айтканын жасай алышпай, баштарынан айрылышты…

Бир жолу алыскы өлкөнүн падышасы келип калды. Келди да олтургучтарды жасамак болду.

– Болуптур,– деди ага кыздын падыша атасы,– жаса! Бирок, билип койгун, башың менен жооп бересиң, башыңдын акысына сенин акчаң жетпейт.

Чоочун падыша макул болот. Ага бир жылдык мөөнөт берилет. Ошентип, ал бир жыл ичинде ар кандай олтургучтарды жасаганы менен талапка ылайык жасай алган жок.

Падыша анын башын алган жок, өмүр бою зынданга буюруп койду. Качан ал зынданга кетээринде чоочун падыша өзүнүн ордуна сулуу кызын жиберди.

Кыз ошентип зынданда олтуруп калды. Ошол кезде бир кедей кишинин Иванко деген баласы эр жетип келаткан. Ал, он төрт жашта болчу. Ар кандай өнөрлөрдү үйрөнүп алган эле. Ал, кишилерден бир тактайдан он эки олтургуч жасап, он үчүнчүсүн үстөк катары бересиң деген кайсыл бир жердин падышасы жөнүндө угуп калат.

Иванко атасына:

– Атаке, мен бу жашоожо эмнелер болуп жатканын билип келейинчи.– дейт.

Башка эчтеме деп айтпады.

– Иванко, кантип бармак элең, акчаң жок болсо? Же мен сага бере албасам. Жолдо курсагың ачат да…

– Эч нерсе эмес, атаке, ач калбайм. Менин сактап жүргөн үч дилдем бар.

Улан жолго чыкты да чытырман токойлорду, ээн талааларды аралап жөнөдү. Чытырман токойдо ал өлүп жаткан кишини көрөт. Аны эмне кылсам деп ойлонот. Акыры, араба таап келип, ага жансыз денени салып, айылга алып барып көмөйүн деген ойго келет.

Ал, ошентти. Айылга барып бир дилдеге араба жалдап өлүктү айылга жеткирди да, дагы бир дилдеге өлүктү жуудуруп, акыркы дилдесине көмдүрдү. Ошентип, Иванко бардык  үч дилдесин өлүккө сарптап койду.

Ал, сапарын улантты. Курсагы ачты. Ал убакта машиналар жок болгондуктан жөө келаткан. Эки жарым жыл дегенде ал баягы, он үч отургуч жасата турган падышанын өлкөсүнө келип жетти.

Ал, падышага келди да сылык ийилип таазим кылды. Падыша андан:

– И, эмне, жаңы кеп айтасыңбы, боз улан?– деп сурады.

– Жаңы деле кеп айта албайм. Укканыма караганда сизге бир тактайдан он эки олтургуч жасап, он үчүнчүсүн үстөк кылып бериш керек экен.

– Ооба, ошентсем дегем. Эмне, сен жасай аласыңбы? Эгерде жасай алсаң үч араба алтынымды аласың, жасай албасаң башыңды алам. Шартыма макулсуңбу? 

Анда боз улан:

– Бардыгы жайында болот. Олтургучуңду жасап беремин, башымды сага бербеймин… Билесизби, урматтуу падышам, эгерде ошондой олтургучтарды аламын десеңиз өзүңүз туулганда жерден өсүп чыккан күмүш теректи мага алып келип бердириңиз. 

Падыша катуу ойлонуп калды. Карыган кишилерден ошондой чыгар эсиңерде барбы деп сурайт. Андай абышка табылды, эки жүз элүү жашка чыгыптыр. Ал, падышага ошондой теректи көрсөтүп берди. Падыша ал теректи кыйып туруп, тактай кылдырып кестиргенге буйрук берет. Бирок, Иванко бир гана тактайды алат. Падыша ага:

– Сен жаңылып калбагыдай кылып, мага кандай олтургучтар керек экенин сага дагы бир жолу кайталап айтып коёюн. Мага кыяктай болуп чоюлуп, кайра жыйрылып тургандай олтургучтар болсун.– деп, эскертет.

– Мага буйрук берип кыйналбай эле коюңуз, эмне кылууну мен жакшы билемин!

Мына, падыша аны бир жылга өнөрканага камап койду.

Иванко ишке киришти. Көп өтпөй падышага олтургучтарды жасап салды. Башынын тегереги бир карыштык чоң чокморду алды да, ага алты бурама бекитип койду. Иванко аларды тез эле, бир күндө бүтүрүп койду. Бирок, ал тууралуу падышага эч айткан жок. Чоң чокморду бурчка алпарып жыйып салды. Алдыда дагы көп – бир жыл убактысы бар эмеспи, ар кандай, жер жүзүндө болуучу олтургучтарды жасап кирди.

Иванко өнөрканасынан чыкпайт, бир күнү капысынан эле кыздын назик үн менен, керемет ырдап жатканын угуп калды. Кимдин ырдап жатканын көргүсү келип, чыдамы кетти. Колуна темир тешкичти, балканы алды да дубалды ургулап кирди. Мына кызык, тешилген дубалдын наркы жагында назик жибектен көйнөк кийген, мурда өмүрү көрбөгөндөй сулуу кыз туруптур.  Иванко андан:

– Ой, сулуу кыз, бул, караңгы жерде эмне кылып олтурасың? Кандай күнөөң үчүн жаза алдың?– деп сурады.

– Эч кандай күнөө жасаган жокмун. Ага атам айыптуу. Ал падышага он үч олтургуч жасап берем деп убада берип, жасай албай калган. Өзүнүн ордуна атам мени барымтага берип койду.

Бир  жыл өткөн соң падыша Иванконун өнөрканасына кирди. Мурунку күнү падыша баары бир башынан айрылат деп ойлоп ага тамак бергизбей койгон болчу.

Иванкодон падыша:

– Кана, Иванко, менин олтургучтарымды көрсөтчү?– деп сурайт.

– Улуу урматтуу падышам, сиз олтургучтарды көрсөм дейсиз, мага кечинде тамак берилбей калды.

Падыша кызматчысына бурулуп, тамак алып келүүсүн буюрду. Иванко аябай тойгон соң ордунан туруп барып, падышага бурчтагы чоң чокморду карматты.

– Мына, сиздин олтургучтарыңыз!

Падыша таң калып, ачууланып кетти:

– Мага ушундай олтургучтарды жасаган экенсиң да! Билип койгун, эми башыңдан кыскарасың!

Ошондо Иванко падышанын колунан чокморду алып, бурагычтарын бурап жиберди  эле анын ичинен кыяктын чойгучундай бүктөлүп коюлган он эки отургуч чубаша чыгып келип, он үчүнчү үстөлү да жанып, чыга келди.

Падыша аларды көрө коюп, аябай сүйүнүп кетти! Ал, Иванканы колтуктап алып кенен, салтанаттар бөлмөсүнө алып барып:

– Кана, Иванко, эмненикаалайсың: үч араба алтындыбы, же менин падышалыгымдыбы?– деп сурады.

– Мага сиздин алтыныңыздын да, байлыгыңыздын да кереги жок, мага дубалдын ичине катылган нерсени бериңиз.

– Андан кандай пайда? Андан көрө үч араба алтынымды алгын.

– Кереги жок, дубалга катылганды гана аламын!

Ошентип падыша зындандагы кызды чыгарды…

Кыз катуу кубанып, Иванко менен алыскы жерге бирге кетип калды. Алар үйлөнүп, азыркыга дейре бактылуу жашап жатышат, албетте, эгерде тирүү болушса.

 

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

PDF форматында китепти көөчүрүү

 

Украин тилинен которгон Айдарбек САРМАНБЕТОВ

 


Количество просмотров: 309