Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Ашымбаев К.А., 2006. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 21 январы

Калканбай Ашымбаевич АШЫМБАЕВ

Батакөй чал

(Философиялык этюддар)

«Батакөй чал» Белгилүү жазуучу улам жаңы түр, жаңы мазмун издеп келет. Бул китепте абалкы ата-бабадан болуп калган каада-салтка элдик даанышмандык чөгөрүлүп, өткөөл доордун өксүктөрүн менен күйдүрүп, келечек багытын ак бата менен сүйдүрүп, окуучуну алга сүрөмөлөгөн көркөм ойлор камтылды

Калканбай Ашымбаев. Батакөй чал. Философиялык этюддар. – Б.: Эркин-Тоо, 2006. – 102 б. китебинен алынды
УДК 82/821
ББК 84 Ки 7-4
  А — 98
ISBN 9967-23-588-8
А 4702300100-06

 

Ардактуу окурман, ар бир чыгарманын жаралыш жай-мааниси, себептери жана зарылдуулугу болот. Сиздерге тартуулаган чыгарманын жаралышына жазуучу жана публицист Байма Жапаровна СУТЕНОВА себепчи болуп, ойдун түп маанисине баа берип: "Бул тема Сиздин гана колдон келет. Жаштардын жүрөгүнө түнөктөй турган ой-максаттарга жумшак юморуңуз жуурулушса, окурманды кызыктырбай койбойт", — деп шыктандырды. Ошентип чыгарма бир гана дем менен шилтенди. Бүткөн соң кыргыз радиосунан толук бойдон угузулуп, кулак каккандар жылуу пикирлерин туйгузду.

Андан бери бир-эки жылча туруп калган эле. Демөөрчү болмоюн чыгарманын жарык көрүшү өтө кыйын.

Дагы бир себеп чыга калбаспы. Чыгармачылык жактан ойлош-пикирлеш таланттуу шакирттеримдин бири — жазуучу жана жалындуу публицист Абдиламит Матисаков чыгарманы "Кыргыз Туусунан" жарык көргөзүп, басмага компьютерлеп беришке көмөк этүүдө. Жан-дүйнөңдү илгиртпей туюп, көкүрөгүңдөгү ой-тилегиңди колдоп, жалпыга жарыгын чачкандар арбый берсин деп ак батамды бердим!

АВТОРДОН

 

Батадан кийинки ысым

Байкуш, кыргызым, той десе тополоңу түшүп, ошол тойдо өздөрүнүн ар-намысын, кудуретин, ырыс-ыйманын жана байлыгын даңаза этишке кумарланат десең. Бир карап турсаң той — ата-бабабыздан бери укум-тукумга таберик этилген керемет күзгүсүбү деп да кетесиң, бир туруп, той — биздин элди түк күттүрбөс кур намыска айландыбы деген күдүк ойдун күбүрүнө түшөсүң. Илгери-илгери той десе, күлүгүн суутуп, кушун таптап, балбандарын камдап, жар чакырар акындарын тандап, катуу бүлүнүшчү тура. Ошондо деле кедей байкуш катуу каржалып, "ынтымактан" чыга албай, бересеге батып келиптир. Азыркы ач өзөк тарткан доордо той десе, анча-мынчасы сүйүнүп, карапайым калк: "Капырай-е, капкайдагы шылтоону бетине кармашып, элдин кызылын кырып ала турган болушту" — деп шыпшынышат.

Ошондой тойлорго атак-даңкка чулгангандар, анча-мынча аты билинип, бийликке илингендер чакырылат эмеспи. Алардын чачпагын көтөргөнсүп, жапыздана куйрук улаш олтурган, орто бойлуу, жашы алтымыштан ашкан, адеп сактап аз сүйлөгөн, наркка салып, алдындагы ашты апылдатып ийбеген ак саргыл абышка колго суу куйган балага:

— Өмүрүңө береке берсиң, ырыс-кешиктүү бол, айланайын, — деп алкады. Андан саал жогору олтурган тыржыйган кара сур киши күлгөн болду:

— Ой, сен деле илгерки жетимиш-сексен ашкан чалдардай бата берет экенсиң го...

— Алтымыш ашканы "айланайын, жарыгым, алтын башың аман болсун", — деген сөз оозума кирчү болду. Адам аттууга озунуп салам айтма адетим ого бетер күчөп, ким болбосун алкамайын койбойм...

Аны көпкө тиктеп турган, терең карыган эл акыны Сүйүнбай Эралиев:

— Мунуң жакшы карыгандын белгиси, азыркы күндө салам менен батанын үрөнү үзүлүп, кысыр жерди алабата, эрмен баскан сымал көчө-көчөдөн болсун, базардан болсун сөгүнгөн сөздөрдөн заарканасың. Бата адамдын бар кудуретин байкатат, — деп калды. Сөзүнүн акырында муну кошту, — мен муну дамбылда деп коём.

Анда куйкум сөзгө шыкакчыл бирөө: "Батакөй чал" деген куп жарашып жүрбөсүн, — десе көпчүлүк дуу күлүп жиберди. Ошондон улам ал "Батакөй чал" атка конду.

 

Бата кай убакта адашат

Орто бойлуу, ак саргыл тарткан, адеми кийинип, аярлана баскан, ак калпакчан чал автобуска илинер замат:

— Ассалому алейкум, — деп угуза дабыштады. Үнү бийик, доошу угумдуу, анын саламына эч ким үн катпаганда орус аял:

— Салам аликим, — десе болобу?

— Ыракмат, байбиче, мусулман динине өтпөсөң да дили тунук, ою учкул улуу журттун тукуму эмессиңби, "дай бог Вам здоровье", — деп алкады. Бир даары бирин-бири карап күлүңдөдү, бир даары башын шылкыйта дымышты. Алдыда олтурган ак куба келин шак тура калды:

— Олтуруңуз, ата...

— Аксакалдарды көрсө, атып турган акылдуу жердин айнеги белемсиң, жарыгым, бак-таалайың артып, ушул басыгыңдан жазба. — Чалдын батасы автобустагыларга даана эшитилди. Жаш келиндин жүзү албырып:

— Эч нерсе эмес, — деди басыңкы дабыштап...

— Ээ жарыгым, батам барар жеринен адашып калбадыбы?

— Кандай десем оң болот, ата? — деп алиги келин уялыңкырап турду.

— Айтканыңыз келсин, же "Батаңыз кабыл болсун", — деген эки сөздүн бирин айтсаң бата жүрөктүн толтоосуна уялап, бүчүр жарат...

— Айтканыңыз келсин, ата, калаада өскөндөр бирөөдөн ыракмат укса, "эч нерсе эмес" дегенди эле билебиз.

— Аныңда айып жок, жарыгым, "спасибо" дегенге "ничебо" деп көнгөнсүңөр. Силерге батаны бере билбеген жана аны кабыл алышты үйрөтө албаган айып бизде. — Карыя ушул сөздү айтып дымыды. Андан дагы кандай сөз эшитээр экенбиз дегендер өкүттө калышты.

 

Бир чакырымдык бата

Бирде кой жоргого салып, бирде арыш керип, төтөн өзү түшөөр автобусту көргөндө буту бутуна тийбей чураган чал Маданият айылына бармакка автобус күттү. Колунда эски чемодан, жонунда эскинин жаңысы чапан, койнунда дептер, мойнунда галстук.

Аңгыча автобус келип, логлоп тургандар жөөлөшүп кирип, өчөйгөн чал, өбөктөгөн кемпир эң артында түшкөнгө жолоочунун өзөгү өрттөнөт. Ал элдин артында кыпчыла берип жайланган соң:

— Айссалоому алейкум, агайын тууган, бул автобус Маданият айылына барабы? — деди.

— Ооба, өзүнө барат... — Туш-туштан жаңырыктайт.

— Оо ошондой, жаштары маданияттуу, ызааткор, карылар нарктуу-салттуу деп уккан элек. Ылайым ошол олутунан оодарылбасын. Келиңиз, апатай, менин ордума, — деп катуу дабыштады.

Аны уккан кемпир:

— Ээ, какмар, ээлеген ордуң жок туруп, кайда чакырасың? — деп таң калды. Аны уккан бир тобу каткырык салды.

— Энелерди жонго ээр токунуп туруп мингизип алсак аздык болот, — деп ансайын бак-бак этет.

Ушул учурда алкына алдыга кирип, орун ээлеп алгандар ордунан туруп беришти. Бирок, кары-картаң бата бердиби-ай, же берсе да угуза айткан жокпу, айтор жолоочу кайрадан каркылдайт:

— Карыларды каркыттаган касиеттүү элдин тукумдарынан экенсиңер, бактылуу жана өмүрлүү болгула, батаны мен берейин олтургандар аман-эсен үйлөрүнө жетишсин.

— Ой, айланайын, тукумуң өссүн, багыбызга өзүңдү кудай айдап келдиби, жыргатып салбадыңбы? Деги ким деген болосуң?

— Батакөй чалга кезиктик эле деп айта жүргөнүңүз эп болор...

— Ылайым кар болбо!

— Айтканыңыз келсин, өзүңүз да бала-бакыранын, эл-журтуңуздун сый-урматына бөлөнүңүз...

Аттан бирөө: "Мунун батасы бир чакырым жерге барып түгөнөт окшойт", — деп калды.

 

Атасын коюп өзүнө бата бербейби

Бирде бапак, бирде чехтердин жаба салмасын, бирде күрөң шляпа, кээде калпак кийип, көзүн күлүңдөткөн жолоочу жылыга "Арашан" айылына бармайын алымсынбайт. Аламүдүн суусунун боюндагы эки кабат имараттын бир бөлмөсүнө чүмкөнө жатып алып, ардемени чүргөмүш этет.

145-маршрутка эл шыкалып калыптыр. Илинер менен "Ассалоому алейкум" айтты. Эч ким алик албаган соң, өзү кайтып: "Валейкума салам", — деди. Кай бирлери бул жолоочуну эликтеген өңдөнүп, бырс күлдү. Орто жерде олтурган кара тору калбаат жигит:

— Аксакал, келиңиз, олтуруңуз, — деп ордунан оолай берди. Жолоочу сыгылышып жатып, орунга жеткен соң бакылдап бата узатты:

— Улууну көрсө учуп турган атасы абийирдүү, энеси акылман жердин тукуму экенсиң, үрөн-бутактап өс, өзүңдөй сезгич улан-кыздар көбөйсө, элдин бактысы эмеспи!

— Айтканыңыз келсин, ата!

— Жакшы бата бердиңиз, — деп катарлаш олтурган кемпир кубанып калды.

Арттан бирөө кээр агытты:

— Атасын коюп эле өзүнө бата бербейби?

Аны кулагы чалган батакөй чалдын деп турганы:

— Ээ, иним, атасы жаман алакилең болот, энеси жаман эгерим оңолбойт деген кеп бар, атасы жаман болуп, энеси мыкты болсо, элди сыйлаганга жарайт, атасы зирек тартып, энеси мылмык болсо, улууну көрсө уңкуят, уяттан кетип дуңкуят, уламалуу сөзгө кулагы керең, көөдөнү дүлөй болот да: "Жатыны жаман" деген наалатка калат.

— Сөз эмес бекен, ысмыңыз ким?

— Салам менен батанын үрөнүн чачкан чалга жолуктук эле дей бериңиз.

— Бул аксакалды тааныбаган адам чанда...

— Ой-ой ошолсуңбу ыя, ассалоому алейкум келе колуңду...

 

Батаны ичинен бериптир...

Баягы эле 145-маршрутка батакөй чал арт жагынан орун тандап, көчүк басты. Эл шыкалып калганда улгайгандар эки жагын каранышып, шыпшынып турушту. Бир аздан соң алтымыш аралаган, ак чач кемпир, баштык-үштүгүн көтөрүнүп кирип келди. Батакөй чал аны көрө сала:

— Оо, апатай, берер батаңыз оозуңузда белен болсун, береке тапчу берешен уул-кыздарыңыз орун белендеп турат, — деп бакылдады.

Алды жактан кыркты кырдаган келин чалды күлмүңдөй карап алып, орун бошотту. Алиги кемпир бата бермек түгүл "ыракмат" дебегенде батакөй чал:

— Ээ, жарыгым, арачы түшүп жатып алган ордуңдан айырдым элем, өмүрлүү бол да, укум-тукумуң көмүскөдө туруп алып, көпчүлүккө жарыгын чачкан адамдардан болсун, — деп алкады.

— Айтканыңыз келсин...

— Оо, апатай, батаңызды неге аядыңыз, — деп чал курдашына кайрылды.

— Ичимден бердим эле...

— Ээ, жарыктык, бабаларыбыз байыртан бери батаны угуза берген эле. Сиз "Иогово" динине өткөн болбоңуз.

— Эл дуу күлүп жибергенде алиги байбиче оңтойсуздана жер карады.

 

Табышмактуу бата

Батакөй чалдын байбичеси: "Өмүр бою көтөрүнүп жүрүп, эки ийним түшүп бүттү, оң колум оңдуу кыймылдабайт, жүрү базарга баралы", — деп жетелеп жөнөдү.

— Алла таала күч-кубат берип, балдарыңдын убайын, чалыңдын урматын, эл-журтуңдун сыйын көр, алтын байбичем, — деп кобурап жетегине түштү. Анан калса, бул чалдын базарга барганга каргыш карманган жайы бар. Не дегенде, тээ алтымышынчы жылдын ичинде келинчеги жаш төрөйт, эт алып келгени базарга чуркайт. Туш-туштун баары эле жайнаган эт, тандап олтурабы, четинен эки-үч кило тарттырып алып, үйүнө жетип, казанга салат. Орто кайнап келгенде жипкиртме жыт бурайт. Келинчеги ферманын жалгыз кызы боло турган. Ал дароо туйду:

— Момунум, кочкордун этин алып келген турбайсыңбы? — деп төгүп салат.

— Эттин эркек, ургачысы байкалбайт экен, — деп күйөөсү ичтен түтөгөн. Дагы бир курдай уяттуу меймандар келип калганда тандыр нанга жумшайт. Жетип барып, жыйырманы баштыгына салдырат. Үйүнө алпарса, баш жагында беш-алтоо менен түп жагындагы бир-экөө гана тандыр, калганы калама болуп чыгат. Ушундан соң кайсы бети менен базар араласын...

Бул саам байбичеси эттен этти тандап, улам бирин сайгылайт. Бир оокумда алган этин тарттырды. Таразасы кылтылдап шойкумдуу көрүндү, бүтүк көз, ыз-быздаган мурутчан жигит кичинеден кесилген эттерди сала берди. Байбичеси байкап коюп, бездүү майды алып салды. Ошондо барып эт баштыкка түштү. Акчаны санап берген соң чал бата узатты:

— Кылтылдама таразаң менен кылым жаша да, бези алынбаган май аша, таразаңдын ташы жонуңа консун, жонуңдан түшпөс жолбун үйүң болсун..

Тегерек четтегилер дуу күлүп жиберишти. Ак калпакчан карыя:

— Табышмактуу бата бердиң, — деп жылмайды.

Чал-кемпир жолуна түшкөндө эт саткандар ак калпакчан карыяны тегеректеп, табышмактуу батанын жандырмагын чечмелешти. Карыя боюн түзөп, үнүн жасап, дегени бул:

— Эт чапкандар жана эт саткандар эски сөздү эсиңерге ала жүргүлө. Кары-картаң келгенде, кадырлуу адам кашыңда турганда көңүлүн көмө чаппай, каалаганын берсеңер агарып-көгөрөрүңөргө жакшы. Мына бул шум балага берилген батанын мааниси өзүнө төп келди. "Таразаңдын ташы жонуңа консун, жонуңдан түшпөс, жолбун тамың болсун дегени — таш баканын өзүн айтып салбадыбы, ал эми кылтылдаган таразаң менен кылым жаша да, бези алынбаган май аша дегени башы кылтылдаган карыларды кан какшатып алдаган мүлкүң сырты май, ичи без болуп калсын дегени. Эки сомго алдайм деп эки кылымга айтылар ылакапка кабылдың...

Эт саткычтын өңү бозоруп чыкты...

 

Бата бир эле берилет

Кан көчөдө калайык-калкты көзүнө илбей, моюн алышып, өлүп-тала өбүшкөн эки жашты көрүп, батакөй чал:

— Кошоктошкон жылдыздарым, өткөн-кеткенге өнөрүңөрдү көрсөтүп, өмүр бою өбүшүп өткүлө! — деди.

Чачын саксайткан, эки түрлүү боёк сүртүнгөн кыз:

— Ыракмат, — деп жигиттин кучагынан бошоно берди. Жигити көзүн жүлжүйтө берип:

— Кайра айтыңызчы, — деп өтүндү.

Чал көөдөнүн көтөрө берип, дегени бул:

— Уулум, бата бир эле жолу берилет...

 

Кетип баратканга бата

Папкасын кара баштыкка салып алып, өзгөчө тебетей кийген чал автобуска салам айтып түшкөндө шофёр жигит гана алик алды. Бир-эки аялдамага дейре ага эч ким орун бошотпогон соң, машине бирде токтоп, бирде күүлөнгөн сайын саал олтурган өңдөнүп, кайра түзөлө калып жатты. Айнек тагынган таякчан абышка:

— Бул эмне деген өнөрүң? — деди эликтеген кыязда.

— Ээ, курдаш, медицина илими улгайган сайын муундарыңды кыймылдатып турбасаң катыган кайыңдай какайтып, колуңа кооз таяк карматып коёт дейт экен. Машинанын кыймылына жараша муундарымды ийлеп жатам.

Тегерек-четтегилер жымыңдашып калганда элүүдөн өтө берген аял тура жөнөдү:

— Кечирээк болсо да орун бердиң. Теңирим тилегиңди көп күттүрбөй кабыл этсин жарыгым, — деп чал алкап коё берди.

— Агай, мен кетип бараттым эле.

— Кетип бараткандарга да акылың эрте келсин деген бата жолдонот, карындашым...

 

Каргышка каршы бата

Менчик автобуска жалаң эле кемпир-кесек түшүп калыптыр. Кара тору шофёр жигит аларды көрүп көп жактырбаган кыязда кабак бүркөп баратты. Олтургандардын арасынан бир кемпир:

— Бул уулум береке тапчу уул экен, ботом кай бирөөсү бар, карган кишини көрсө эле качып жөнөйт. Арга канча: "дөңгөлөгүң жарылгыр деп кала берем", — деди.

Бул сөздү шофёр уксун дегенчелик кылып, күчөнө айтканын батакөй чал баамдап калды. Түшүп баратканда шофёрго узак бата берди:

— Моторуң гүрүлдөп турсун, бак-таалай алдыңдан күлүңдөп турсун, шатунуң шаркылдап турсун, кыз-келин туураңдан акча сунуп, жаркылдап турсун, дөңгөлөгүңө кемпирлердин каргышы тийбесин!..

— Ой, ыракмат, аба, эстеген сайын күлө турган болдук, көп жашаңыз, — деп шофёр жайдарыланып жөнөй берди.

 

Кыз ойготор бата

Шашкалактап автобуска түшкөн чал: "Ассалоому алейкумду" айтып кирсе, олтурган эки жаш жигиттин бири: "Салам" деп тим болду. Экинчиси терезени көздөй тетирлене бурулду. Нарыдан назик кыз тура калды:

— Келиңиз, ата...

— Таалайың артсын, жарыгым, укум-тукумуңду угуздурбас кереңдиктен сактасын, уйку баскан мерездиктен сактасын...

Чалдын батасына арт жакта олтурган кыз-улан кыткылыктап күлүп калышканда бети табактай болгон уйкучу кыз чоктой кызарып чыкты.

 

Жыгылчаак кемпирге бата

Күндөрдүн биринде чал автобуска түшө берерде эшик шарт жабылып калса болобу.

— Карыга капкан салган калдас шофёрго кабар эткиле дээри менен эшик кайра ачылып, чал чыканагын кармалап ичке кирди. "Ассалоому алейкум", — деп чал тыгылышта да көнгөн адетин карматып барат. Алик алмак кайда. Троллейбус зуулдап баратып, тык токтогондо, батакөй чалдын үстүнө орус кемпир оонап калды. Спортко машыкпаганда экөө тең оң тапмак эмес.

— Байбиче, дай бог Вам здоровье, мындан ары абышкалардын үстүнө аласалбай, өмүр сүрүңүз, — десе алиги аял ой-божум-ой деп жыргап күлүп:

— Доор ушундай болуп жатпайбы? — деп сөздү тереңдетип жиберди.

Батакөй чал түшөргө жакындаганда алкынта айдаган шофёрдун азабынан зымы чыгып кетти. Качан гана аялдамага жеткенде чал батасын чубуртту:

— Моторуңдан ток кетпесин, жүрөгүңдөн от кетпесин, таманың тагылбасын, акылың айныбасын...

Айдоочу жигит чалды көздөй чылымдын түтүнүн экиленте үйлөп, каалагасын жаап, жөнөп берди.

Күпчөктү күмөндүү дептир

Автобус бош кезинде алды жакка олтуруп алган чал курсактуу, курагы кырктын ичи дегидей аял киргенде атып турду:

— Келегой жарыгым, көчүк басыңыз...

— Ыракмат, агай...

— Аман-эсен көз жарып алыңыз...

— Ок, оозуңа таш! — деп жиберди алиги аял исиркектене.

— Кечириңиз, күмөнү бар курсак менен күпчөктү чаташтырган күнөө менде, жарыгым, — деп батакөй чал башын ийсе, алиги аял ичин былкылдата күлөт эле күлөт.

 

Жону жукага жукпас бата

"Батаны байкап бербесем, башыма балта сымал чабылат тура" — деп ойлоп, алиги чал тилин тишине камайын десе, ураган жагынан учкаяктап туруп алды. Автобуска кире бергенде бул саам орусча учурашты, не дегенде, ургундайы улуу журт экен. Ыманы ысык көрүнгөн, ак саргыл, көк көз, кабелтең тарткан келин орун бошотту.

— Дай бог Вам здоровье и пятеро детей, — деп бата узатаары менен алиги келин ачуулана деп турганы:

— А кто будет кармить, ты будешь кармить...

— Извините, одна дочка, одна кошка...

— Эта терпима...

— Баса, ачарчлык бул болсо, анча баланы кантип багат. Тууган баласын бага албай тумчуктурган тууду бийкелер чыкпадыбы, — дешип аялдар күбүр-шыбыр. Чал ойлуу кайтты: "Жоомарт бата жону жука аялдарга жолобойт тура..."

 

Киндикке айтылган кирдүү бата

Эки-үч боёк сүртүнүп, төшү менен киндик тарабын ачык койгон, делбирттеген тилик этегинен тизесинен жогору жоон санына дейре кызаң-кызаң эте көрүнө калган кыз чалды көрүп, анын кыбыңдаган көзүнөн шек урдубу-ай, ордунан секин козголо берди, ошол учурда дароо мындай бата жаады:

— Ыракмат, жарыгым, өмүрүң узун болсун, көйнөгүң көөдөктөргө тузак болсун, кекиртегиң үндүү болсун, киндигиң жүндүү болсун, меймандарың түрдүү болсун.

Кыз батага түкшөмөл ойдо калды ыраңдуу сумсайыңкы баш ийкеди. Нарыда кара тору, карапайым кийинген кыз карагат көзүн күлүңдөтө күлкү ойногон жүзүн чалга буруп турду.

 

Мончодогу бата

Кошоктогон шыпыргысын колунан түшүрбөгөн чал кой жорголуу басык менен мончого кирип барды:

— Ассалоому алейкум...

Дырдай жылаңачтанып алгандар алик албаган соң: "Валекума салам", — деп кайра өзүнө кайтарган болду.

Кап курсактуу кара тору жигит:

— Старик, мончодогу жылаңач кишилерге салам айтылбайт, — деп буруйду.

— Ошондой де, иним, азыркылар терисин сыйырткан айбандай үн катпасын аңдабаган экенбиз.

Чал алакандай чүпүрөгүн алдына тартынып алып, ичкери киргенде кай бири какшык узатты:

— Такай белдик тартынасызбы?

— Ээ, убарлаш, адамды айбандан ажырата турган абийир жапкыч ушул эмеспи.

Бир даары анын ким экендигин иликтеген соң, шынаарлап алышты. Шыпыргысын эки колдоп, музыканын ыргагына салып денесин чапкылаган чалды байкап, күлкүгө тунушат.

Аксакал, келиңиз, аркаңызды чаап берейин, — деп бажактады бирөө.

Бир чапканда — өмүрлүү бол, эки чапканда — бактылуу бол, үчүнчүсүндө — үрөн бутактап өс, төртүнчү чапканда — айлуу түндө адашпа, акмактарга жанашпа...

Ушул жерден тигил жигиттин кылыгын билгендер дуу күлүп жиберишти...

 

"Не нужно твоё здоровье!"

Аренда автобус айдаган орус жигиттин каны ичине тартып, мурду кыпчылат, ансайын кеңешип алгансып мүлдө эле кары-картаң шыкалат десең. Шофёрдун колуна жарытымдуу акча урунбайт, же бир аларың шамдагайлана ыкчам чыгып, бат түшпөйт...

— Тез, тез дейм.. — Шофёр жинденет.

Батакөй чал ага боору ооруп, көңүлүн көтөрөйүн деген кыязда:

— Дай бог Вам здоровья, — деп бата берсе, тигил кадимкидей ачууланат:

— Не нужно твоё здоровье.

— Тогда Ваша дело, — деп кызыл тыштуу күбөлүгүн көкөлөтө көтөрдү. Бирок жүрөгү түпөйүл: "Оо, кудай, ызакор, ичи тар, ач көздөр жүрөк ооруга бат чалдыгат дейт, ошол кеселден бул бечараны сактай көр..."

 

Жоош карыгыла

Жаш шофёр аялдама сайын айгайлайт:

— Күбөлүгүңөрдү, жүргүнчүнүн билетин көрсөткүлө.

Батакөй чал төш чөнтөгүн сыйпаласа, күбөлүгү башка күрмөсүндө калыптыр. Чыга берерде алиги жигит:

— Сиздики кана, — деп демите суроо шыкайт.

Чал ак калпагын башынан алып, агарган чачтарын көрсөтүп:

— Жарыктарым, менин жашыма келип, жоош карыгыла, — деп түшүп кетти.

 

Адамдык парз

Топтошуп турган элге чукулдай келген ак калпакчан:

— Ассалоому алейкум, — деп атайлап, кыраатка салып, дабышын шаңданта салам жолдоду. Галстукчан, кара көз айнек тагынып, какайыңкы турган жигит терс айланды. Ошончонун арасынан ак куба жигит гана: "Салам" деп баш урунду. Өзүнө курбал кишиге саламчы ызааттана кош колун узатты:

— Ак калпакчан экенсиз, айтылган саламдын ана башы Сизге багышталган эле, бурадар, чет элдин чапанын жамынгандарга жолдоор салам бир бөлөк эмеспи. Аман-эсен турасыздарбы, эл-журт тынчпы, сары санаадан, бөөдө кырсыктан чет, түтүн булатып, эсен турасыздарбы? — деп алиги мурутчан кара думбулдун колун силкилдетти.

— Аа, жакшы, жакшы, ии, мени кайдан тааныйсыз? — дейт алиги таң кала.

— Бурадар, Сизди эми гана таанып олтурам...

Беркилер күлүп, экөөнү шынаарлап калышты. Саламчы чал ээрдин жалана сөз чубуртту:

— Иттин кабышканы табышканы, жылкынын кишенешкени үйүр алышканы, анын сыңарындай атам замандан бери аралуулашкан жөрөлгөнү колдонуп, амандык сурап койдук, айып көрбөйсүзбү?

Кол кармашкан бойдон не дээрин билбей, кара мурутчан туруп калганда, жапылдаган ак куба жигит арага кыпчылды:

— Ой аксакал, кантип жаман көрөлү, ыракмат гана айтышка акыбыз бар. Бул аксакалыбыз мурда түркүн кызматта жүрүп, орусча китептерди опсуз көп окуган, эми гана башына калпак илинип, чочугансып салам айта коймою бар ийилип, мурут койдуруп алды жакшы карыганы билинип.

— Анда кечиримдүү экен, кеч болсо да ата салтына ооганына, ата конушуна конгонуна куттук айтып, Алла-Таалам абийирлүү карылык берсин деп бата берели, — деп алигинин колун кысып туруп бошотту. Жапалактаган жигит саламчы чалдын оң жагына чыга берип:

— Аксакал, айып этпесеңиз, азыноолак собол узатсам деген ниеттемин.

— Ниетиңиз кабыл болсун, сурай бериңиз...

— Карылыкка баш койгондор саламды түрлөнтүп айтып жүрүшөт, самагон менен самопалды самагандар "салам" дейт же "кандайсыңар?" деп колун берсе берет, бербесе чөнтөгүнөн чыгарбайт. Жаштар салам айтпаса: "Эй, эмне эс-акылдан таңгансып, эсендик сурашпайсыңар?!" — демейи бар. Айтор, кийинки жылдары каада-салт калктан качып баратабы деп жүрөгүм зир-зир. Ушуга бир айтаар акылыңыз барбы?

— Оо, түйшүкчүл иним, типтүү элден каада-салт качып баратабы деп кайгыга баткан жүрөгүң түрсүлүнөн танбасын да, улам кийинкилерге адеп-ахлаптын үрөнүн себүүдөн талбасын.

— Айтканыңыз келсин, аксакал, кай-кай жерде Сиздей карыларыбыз калыңдаса, калкыбыздын төрүнө кут конот, узак жашаңыз...

— Тилегиң кабыл болсун, иним, ыракмат. Өзүңдөй жөн билги, намыска бек жигиттер арбыса, Ата Журтубуздун башына бак-дөөлөт орнойт...

— Ыракмат, ата, ыракмат. Теңир тоонун чокусуна чыккандай ыракат алдым, — деп таазим этти.

— Эй, Марат, эми майлайсың, аксакал бекер киши көрүнбөдү, — деп бели кожоңку тартып турган курсактуу жигит кара көз айнегин жулуп алып, аны демите берди.

— Сөздүн касиетин карагылачы, барабан төштүн көз айнеги ыргып, көз ачыла түштү, көөдөнүңө көркөм сөздүн толкуну урунду бейм, — деп Марат ак дилинен күлдү да сөзүн жалгады:

— Ата, кечириңиз, бир шылтоо таап майлайсыңбы деген кесел жаштардын жан дүйнөсүнө жабышкан дат болду, ал дат акылды майдалап, эркти кемиктейт экен, ал дат жакшы сөздү угузбай, омоктуу ойдон оолактатат тура. Жанагы менин соболума...

— Аа, иним, соболуңа жооп белен, адам коому жаралганы амандык сурашып, бири-бирине ак бата берип, үрөн бутактап келет эмеспи. Кыргыз да кылымдардын кыйрын карыткан калк болгон соң: "Ассалоому алейкум" айтышса, "Валекума салам" деп кабыл алышмай наркка айланып, парз катары саналган. Адам адамга кезиккенде тааныйбы, тааныбайбы, салам айтуу парз, аны кабыл тутабы, же үн катпай коёбу, ал эшиткендин эс-акылына, дараметине, кала берсе набаттуулугуна жараша. "Ассалоому алейкум" деген арабдын сөзүндө: "Сизге бейкутчулук болсун", — деген тилек катылуу экен. Ал эми "Валекуму саламы" "Өзүңүзгө да бейкутчулук тилейм" дегени тура. Кыргыздар кыска гана айта салганга кынык тапкан калк экенбиз: "Салам алеки", "Алеки салам" делинип келет. Эми булар такыр айтылбай эле орусчадан оодара салгандар: "Саламатсыздарбы", "Жакшысыңарбы?", "Кандайсыңар?" демейге көчүштү. Ооруган адамды эртең менен көргөнү барганда: "Жакшы болуп калдыңбы? Кечээкиден бүгүн жылыш барбы? Сак-саламатсызбы?" — деп ал-жайын сураш ыйык парздын бири, ал көңүлүн көтөрүп, кубат бүтүрүп, сыркоолууга күч берет. Чыгып кетерде: "Аягыбыз жеңил" болсун, тез сакайып кетиңиз делинет. Ушундан улам сыркоолуу: "Мен элге керек турбаймынбы, өңүң дурус экен деп кетти, буюрса оңолуп кетемин" деген ишенимге бекийт. Кыргыздар ушундан улам: "Ооруну сураса, айыкканга тете, өлгөндү сураса, тирилгенге тете" — дешет.

— Кечириңиз, аксакал, ырас гана кезиккен экенсиз, кудай уруп биз, көңүл сурагандын жайын билбей, оройлоно оргу-баргы жүрө берген экенбиз, — деди кара көз айнекчен, капшыттуу жигит.

— Майла, акмак дебейсиңби? — деп Марат үстөмөндөп алды.

— Аксакалдан сөз угалычы, көрсө, "кандайсың?" — деген сөздүн жүрөккө канжар урар жагы бар тура, а биз көнүп калган жаныбыз, андан башка сөздү оозанбаган соң, айта салат экенбиз. Өгүнү бир таанышты: "Кандайсың? " — десем, "Кандайын сурайт элең?" — деп какмалап салды. Ошондон кийин саламдашкым да келбейт. Меники осолдук эмеспи, аксакал? — деп кара көз айнекчен башын ийип турду.

— Кеч болсо да туура баамдаган экенсиз, Алла Таала сиз өңдүүлөргө эс-акылын, сезимталдыгын таң атаары менен жиберсин деп тилек этели. "Кандайсың?" деген кепке кекээр, басмырлаган табаа бугуп жаткандай сезилет. Сөзгө бай, сезимтал, набаттуу адамга "кандайсың?" деген канжар такаганга тең эмеспи? Кыргыз байыртан бери ал-жай сурашканда "Мал-жаныңар эсенби? Эли-журтуңар эсенби?", "Байыңыз күүлү, демдерби" — дегенде: "Кудайга шүгүр", "Шүгүрчүлүк этип, эсен турабыз" — деп бири-бирине ак тилек айтышып, бата тилешкен соң, шашканына нан ооз тийгизип, шашпаганы чайланып, акырында зарыл иштери жөнүндө кеп урушкан. Мына бул иним таанышына "кандайсың?" айта коём деп кагуу жегени да жөндүү, не дегенде, салам бузулуп айтылган, анын үстүнө көтөрүңкү дабышка салган, акыры арамдыгы жок кеп ачууга айланган. Мунун өзү жылан гүлдөн уу жыйнаганга тете десек эп болоор. Ошол себептен саламдашуудан адамдын ички дүйнңөсү аңдалат. Байыртан бери кыргыздын жылдыз нурлуу уул-кыздары эл менен учурушканда күн нурун жамынып туруп, кучак жая кош колдоп учурашкан. Ошондо ага тушуккандардын тула бою касиеттүү нурга чулганып, жүрөгү балкыган. Ал дагы айтаарга сөз таппай, төштөшкөн соң сырын төккөн. Кыргыздар эч качан өбүшпөгөн, себеби, ооз аркылуу илдет жугат эмеспи. Ал тургай дасторкондо олтургандар менен сырттан кирген киши кол алышпай, баш урунушкан.

— Саламдашкандын жол-жобосу болобу?

— Албетте, кичүүлөр — улууларга, атчан — жөөгө, жогортон келаткан төмөнтөн баратканга, аз — көпкө салам айтуу салт болуп келет. Непада топтошуп жөө тургандар болсо, аттан түшө калып, кол алышкан. Дөөлөтүнө жана мансабына карап, бул заңды бузгандар нарксыз аталган, сөзгө жыгылган. Бир жагдайды унутуп бараткан экемин, Мухаммед пайгамбар балдарга озунуп салам айтчу экен, ушул жагынан биздин алсыздыгыбыз аңдалат, не дегенде, аларга жол-жосунду үйрөтпөй туруп, алардан салам жана сый-урмат күтөбүз. Мунубуз — улуттук салттын келечегине доо кетиргенибиз деп айтаар элем. Азыркы күндө саламдын үрөнү үзүлүп барат. Бир-эки муун өткөн соң баш ийкешкенге жарабай калышабы деп сары санаа жүрөктү мыжыйт.

Саламдашуу жагынан түштүк элине таазим эткенибиз оң, аякта аксакалдар жаштарга озунуп салам айтып, бир чети уялтат, экинчиден, ыйык парзын актап, соопчулук күтөт.

Түндүк тарапта салам айтсаң, айрыкча жаштар, таазим эте алик алышты быякка кой, бетон мамы сымал эч сезимсиз турганы турган. Себеби, улуулар болсун, мугалимдер болсун, жетекчилер андан бетер саламдашуу парзын кадырлашпайт. Ал тургай кол алдындагыларга саламдашпагандар канча?! Мунун өзү адам деген асыл атты, ага тагылган вазийпаны урматтабаган ургансайлык эмеспи?! Арга канча, Алла Таалам андайларга акыл-ыйман берсин деп тилейли.

— Көп жашаңыз, ата, улуттук салт-санаанын уругун сээп жүрүпсүз. Ал эми бул курдашымдын сакалы агарган чакта Сиздей нускоочу карылардан болсун, — деди Марат бажыраңдап.

 

Батанын түрлөрү

Сексенинчи жылдын башында жай саратаны кезинде Абдылда акын болуп жазуучулардын бир курдайы Ат-Башыга сапар тартты. Конок үйүнө жайгашкан соң ашкана тарапка бет алышты. Алды жакта шляпасын чекесине кыйшайта кийип алган, колдон түшө калма момун көрүнгөн, көзүн бардап-бардап алып, сөзгө кирген акын буфетчи келинге барып, деп турганы:

— Карындаш, бу силерде чай деген болобу?

Өңдүү-түстүү келин башын көтөрө берип:

— Жок, — деп нары чочуган, нары жактырбаган кыязда үн катканын батакөй чал баамдап калды. Бир аздан соң ал барып:

— Эсен турасыздарбы, карындаш, ылайым эсен бололу, эсен жүрсөк минтип ал-жай сурушат экенбиз. Бирок, акактаткан аптап, жол азабын тартып, чарчап-чаалыгып, чаңкаган адамды аманчылыктан мурда чай суратып коёт экен, айып этпейсизби? — деди сыпайылана.

— Жок, агай, — деп жайдарылана күлүп, — азыр, агай, бир азга күтүңүздөр, — деп ашкана тарапка элпектене жөнөдү.

Муну көргөн Абдылда акын сыртка чыгып:

— Ой достор, бери келгиле, ааламдагы алп баталар айтылып чай кайнатылып жатат, — деп жар чакырган өңдөндү. Беркилер күлүп:

— Жакшы сөз жарым ырыс деген ошол, — дешсе, Абдылда, — ой билбейм, мен дагы мунун батасына аң-таңмын, байыртан бери баталар сый-сыпаттан кийин, жакшылыктын соңунан алакан жайылып, ак тилек айтчу экен. Бул болсо, батаны башында берет тура. Анан ошо... чай иче турган окшодук.

Чогулгандар күлүп калышты, аңгыча болбой ак халатчан илбериңки кыз назик дабыштады:

— Агайлар, чайланыңыздар...

Алакел жагына Абыкең олтуруп алып, анда-санда көзүн кыбыңдатып калат, аны байкагандар:

— Абыке, ичтен кайнап жатасызбы? — деп чекмелейт.

— Касиеттүү бата көөдөндө арашан сымал көбүрүп чыгарын эми гана ойлоп олтурам. Ой айланайын, иним деги канча түрлүү батаң бар, ант ичкен сыр өңдөнтпөй, бизге да аңтара салсаң кантет?

— Мынча болду, жашырбаңыз, аксакал, — деп шаштырат Нооман бир жагынан.

— Батанын түрү көп, сөөк бата, сүр бата, сакайтаар бата, ойготоор бата, кайрат берер бата, — деп сөзүнүн аягына чыга электе Абыкең кол чалмасын ыргытат:

— Бул жолкуң чай сурама батабы?

— Беркилер дуу күлүп басылганда батакөй кадимки жай дабышына салып минтти:

— Абыке, бул жолку батам, ата-бабадан бери келаткан ал-жай сурашуу салтын аңдабай, суусундук сурагандын айбын Алла Таала кечиргейсиң деп тилеген батам...

— Андай болсо, күнөөдөн арылып, суусунубуз да канды, — деп Абыкең көзүн кыбыңдатканда беркилер күлүп:

— Азыркылар Абыкеңдей сөзгө жыгыла да, жыга да билишпейт, — дешти.

 

Ыйык жайга киргизээр бата

Таягын көтөрүп алып, таң эрте кыйтың-кыйтың желип бараткан чалдын каптал тарабынан эле: "Здрав-ствуйте!" — деген аялдын үнү жаңырды. Кылчая берсе, таңкы үрүл-бүрүлдө көп кабаттуу үйлөрдүн алдын шыпырып жүргөн аял экен. "Аа, бечера сыйга сый тартуулап жатпайбы", — деп чал күлүп, алик алып, жай сурашкан соң Ботаникалык бакты көздөй желип-жортту. Ээ, несин айтасын, батакөй чалдын да өнөрү күч, баш калаанын кичи райондорунун биринен там алганы отуз алты жылдан ашып барат. Ошол жылдары эле ал жүгүрүп жүргөн. Не дегенде, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жылаңайлак кар кечип, соко айдашып, бутун чөңөргө тилдирип, чөмөлө салышкан чакта муундарына суук тийген ыраңдуу, ошол себептүү жүгүрүү жагынан ондогон китептерди окуган. Такай таң алдында эки-үч километр желип-жортот, көнүгүү ойноп, бел кырчоосуна дейре муздак сууга шапшынып алмайын алымсынбайт. Көрсө, жүгүргөн жүрөктүн жети түрлүү оорусун сакайтып, андан сырткары кызыл жүгүрүк, муун оору, полиатрит жана башка оорусун айыктырарын академик Амосов газеталардын бирине жазганын окуп калат. Андан мурда бул чал медициналык адабияттарды калтырбай окуучу. Ошонун шыпаасыбы-ай, же өзүнүн эркин курчутуп жүгүргөндүн пайдасыбы, муундары зыркырабай калган. Мейли бороон-чапкын болсун, мейли нөшөрлөгөн жамгыр куйсун, таяк көтөрүп, таңга маал сайды көздөй салып урат да, оболу бириндек жылдызы жашына элек чыгышка, андан соң ак карлуу Ала Тоосуна: "Ассалоому алейкум" айтып, кой жоргого салып олтуруп, карагай, арчага кабылат.

— Мүрөктүн суусун ичкиле, — деп далай курбу-курдаштарын азгырганын айтпайсыңбы? Алардын айрымдары: "Таңкы таттуу уйкудан ажырап, артыңдан кууган бирөө болбосо, кудайдын азабын тартып, желип-жортуш эмне?" — дешет. Бир тобу эп көрөт, бирок эрктүүсү гана көнөт.

Ошондой таңдын биринде көчө шыпыргандардын алдынан кыя өтпөйт: "Здравствуйте" деп турганы. Жанараак эле капталган качыра салам айткан байбичеге оболу жолукканда ал шыпыргысына жөлөнө калып: "Мени кайдан тааныйсыз?" — деген. Анда береги чал:

— Сиздей көчө-көчөнү тазалагандар күнчүлүк жерден көзгө чалдыгат, көңүлгө алынат. Көчө биздин күзгүбүз, көчөсү тазанын көңүлү сергек деген сөз бар. Сиздер биздин коомдун таза болушуна өмүрүн зарптаган адамсыздар. Сиздерге тилегенибиз узак өмүр, бак-таалай, десе алиги бечара: "Ой, акетай, кандай асыл адам элеңиз. "Көчө шыпыргыч да кишиби?" дешип, көпкөлөң тарткан күпчөктөр, капчыгы калың ач көздөр мурдун тумчулап, алыстан айланып өтүшөт.

Батакөй чал ага муну туйгузат:

— Бир акылман мындай дептир, сыртына чаң жукпаган сылаңкороздор, алтын-күмүшкө чулганган алп ооз айымдар ички дүйнөсүнүн жакырдыгын жана оройлугун кымбат баалуу кийимдер менен жаап-жашырып турушат, ал эми сыртын кир чалып тургандардын ички дүйнөсү акактай тунук келет, анткени, алар жаратылыштын оозунан дем алган айкөл адамдар...

— Такай саламдашкан уул-кыз сиздики тура, аларга узак өмүр жана бакыт каалайм, биз көчөнү гана тазаласак, сиз адамдардын сезимине жуккан чаңды сүртөт экенсиз. Ыйык храмга кирип-чыккандай ыракат алдым, бар болуңуз деп алкап кала берген.

 

Бата табылгыс дары

Аянтчада топтошуп, ойноп тургандардын арасынан бирөө:

— Арслан, салам, салам! — деп айгайлады да колтугуна папка кыскан ак калпакчан чалды сөөмөйү менен көрсөтүп, ага карай жүгүрдү.

— Аа, салам, салам дешип үч-төрт эркек бала чалды көздөй чуркашты. Бир даары жүгүрүп баратып жыгылып турду, бир даары чалдын колун талаша кармашат. Чал ар биринин колунан кармап, башынан сылайт. Арсланды бетинен өбөт. Ага ак тилек каалап: "Бактылуу бол, садага", — дейт. Ошентсе ал чалды ата ордуна карманабы-ай, эркелетсе ага шынаарлап, жанынан чыкпайт. Муну бештен алтыга өткөн Саша туюп, күлүңдөп карап тура берет.

— Салам... — Анан үч жашар Жибек эми гана жетти. Чал аны так көтөрүп жерге койсо:

— Дагы, дагы дейт кубана. Чал ар бирин бирден, экиден көтөрүп: "Бактылуу болгула, жарыктарым деп алкыш үстүнө алкыш демейт.

— Качан конфет бересиң, — дейт афгандык учкучтун баласы. Алар качан гана коммунисттер куугунтукка алынганда Кыргызстанга жер оодарган.

— Пенсия тийгенде, — деп чал аны эркелете карайт. Пенсиясынан он сегизинчи үйдөгү балдарга момпосуй сатып бермеси бар. Дачадан кайтканда:

— Алма барбы? — деп туткактап алышканычы.

Өткөн жылы чалдын бар түп алмасы үшүктөн аман калган, бышкандарын балдарга деп атайлап көтөрүп келет да, эки-үчтөн карматат. Андайда анын карааны көрүндү дегиче балдар үймөлөктөшөт да калат:

— Салам, салам...

Көрүп турган кемпир-чалдын эт жүрөгү элжирейт:

— Өмүрүңүз узак болсун, аксакал.

— Акылдуу неберелерди тарбиялаган силерге узак өмүр тилейбиз.

— Алтымышынчы жылдан бери ар бир уул-кызды салам айтканга тарбиялап келген сизге бакыт каалайбыз, — дешти байбичелер.

— Чоң эне — улут бешиги эмеспи, чоң эне ар бир уул-кызды улуттук ар-намыска бөлөйт. Каада-салтка үйрөтөт, мүнөт санап, саат сайын адамгерчиликтин асыл сапатын сезимине сүртөт. Өгүнү автобустан бир байбиче алты жашар небересин терезе жак орундукка корголотуп, өзү бер жагына көчүк басыптыр, анын менен учурашкан соң:

— Небереңиз элди сыйлаган, элдик кыздардан болсун, — десем бала кызарып чыгып, чоң энесинин алдына коно калып: "Келиңиз", — деп орун берди. Артында башы калчылдаган кемпир турду эле ал "ыракмат" айтып олтурду.

Дагы бир жолу этеги тилик көйнөк кийген чоң эне беш-алты жашар небересин ээрчитип алыптыр, анын тырмактары кызарып, кашы боёлгон. Саламдашып болгон соң, кызына бата берди: "Садагасы, узак өмүр сүрүп, бактылуу бол, мода этегиңди тилбесин да, аркай жактан агып келген ыпластык көөдөнүңө кирбесин..."

Чоң энеси ыракмат айтып, баш ийкеди да:

— Сааттуу жаным улуу кызыма тар келген көйнөктү кийип албадым беле? — деп тетири бурулду.

Бул сөзгө байбичелер маашырлана күлүштү. Гүласым чоң эне:

— Ой, агай-ай, кебез менен мууздаган турбайсызбы, чынында улгайганда адамгерчиликтин асыл сапаттарын аркалай жүргөнүбүз абзел болор, — деди.

Кырк жылдап доктор болгон Шакен чоң эне:

— Сенин батаң алдын-ала эмдеген дары сымал тура. Азыр дал ушундай бата бергендер өтө аз, эл да, жаштар да батаны эңсеп турушат. Бата деген табылгыс дары эмеспи, — деди жылмая.

 

Акыйкатчылдардан насыя жеме

Кийинки жылдары көпчүлүк эл кыжынып, ашыкча байыгандарды каргап-шилеп: "Биздин байлыкты соргон кап курсак, кара жемсөөлөр ушулар!" — дешет. Кай бирөөлөрдүн эки-үч кабаттап салган сарайларын көрүшүп, өңгөчүн тарта орусчалап: "Сволочь!" — деп жиберип, далайга дейре кеп урушат. Төтөн газетага ошондой үйлөрдүн сүрөтү басылып, кожоюну каерде иштээрин, айлыгы канча, бүлөсү нече, буларды билип алышканда: "Сталин болгондо мындайларды атып салмак!" — деп ыза бүркүшөт.

Топтошуп тургандар үч кабат үйдүн сүрөтүн көрүп алышып, жаалданышат. Чап жаак бозомук аял:

— Мынча акчаны уурдап, элди тоноп алышпадыбы? — деп алкынат.

— Пара да, парага туйтунуп жатышпайбы? — десе, үчүнчүсү, — кредиттен жешкени канча дейсиң, эми аларды шорлоп биз төлөйбүз.

Төртүнчүсү кыйла сабаттуу өңдөнөт:

— Эсеп-кысап жок. Депутаттар өздөрүнө ылайыктап мыйзамды жумшактап чыгарып алышты да, ушундай ак сарайларды куруп коюшту. А биз байкуш, чайга, кантка акча таба албай, ак уруп жүргөндү билип коюшту дейсиңби?

Оболу алкына айгайлаган аял баш чайкады:

— Карачы, асмандата үч кабат курдурганын... Бети бозорбой туруп, өз акчама деп кантип уялбай айтышат. Асмандата салганын кара, аксым, сволочь!

Ушул учурда батакөй чал сөзгө аралашып:

— Азырынча асмандай берсин да аман жүрүп, убайын көргөй эле, — деди момураган кейипте.

Бозомук тарткан аял титиреңдеп ага алкына демите берди:

— Асмандабаса аңга түшсүн, аман жүрбөсө атылып өлсүн, аны эмне коргойсуң, сен митаам чал, алардын жек-жааты болуп жүрбө-ыя?!

Чал өңүн өзгөртпөстөн дабышын жайлантып дегени бул:

— Азырынча асмандай турсун дегеним, аны бийликтен алмайын аска боорунда үкү сымал турганы турган, ага силердин ыргыткан таш чендебейт. Качан гана мезгил келгенде үч кабат тамды бетин үч түлөтүп жатып салган чүмбөтү сыйрылып калат.

— Ой айланайын, олуялык сөз айтып, оолуккандардын оозун баспадыңбы, — деди улгайган киши.

Чал кайрадан жаңырыктайт:

— Эгер ага дейре аман болбой көз жумса, үч кабат тууралуу сөз түгөнөт. Эл-журтка шермендеси чыгып жатып, алардын каргыш-илкишине калып жатып, курган тамынын убайын көрүп жарыбас. Бир акылдуу келин сараң чал өлгөндө минтип кошкон экен:

Атаке, төрт бөлмө турак жай,
    Атаке, асемдеп неге курдуңуз?
    Атаке, төркү үйдү аяп түнөбөй,
    Атаке, түбөлүк жайды көрдүңүз...

— Ой-боой, даана кошокчу келин тура, ха-ха-ха. Ана ач көз, алкы бузук сараңдар ашманканага жашап, жарыкчылыктан кош айтышат. Анын сыңарындай кабаттап там курган менен, балдары башка жакта жашап жаткандар канча?..

Батакөй чал ойду дагы чечмеледи:

— Акыйкатчыл, адал жүрөк агаиндер, азыркы күндөгү алдым-жуттумга алкына ачуу агытканда алдан тайып, жүрөк ооруга кабыласыңар, оболу өзүңөрдүн көрөр күн, ичер сууңар түгөнбөсүн.

— Ой, айланайын, анык ойчул белемсиң, бизди сары санаадан арылтып да, кубаттандырып да салдыңбы? Баса десең, кара жемсөө күпсөрлөргө күйүктүң не, күйүңпөдүң не? Ха-ха-ха... Аман болуңуз, аксакалым, кайыр...

Алп ооз аял иймене үн катты:

— Агай, ачуу келгенде Алла Тааланы да айыптайт экенбиз жана оозумдан осолдук оргуп кетти окшоду, оюңузга албасаңыз деп суранам.

— Кечиримдүү, жарыгым, адилетсиздикке атырылып бир тийме акыйкатчыл тоо жүрөк экенсиз, ушунуңуздун өзү күрөшкө тете, укум-тукумуңуз ушул жолдон кайтпасын...

— Айтканыңыз келсин, сизге да жакшылык каалайбыз...

 

Карт жоокер кайрат берет

Кеңсе алдында эл котолойт. Ошолордун арасынан эле бир аял күйүп-бышат:

— Калыс болгулачы, калың журт, толукшуп терисине батпай семирген жигиттер аскерге жараксыз болуп, анын ордуна ачмыйган, көкүрөк оорусу күч алган менин күчүгүм эл коргойт дегенине таңым бар. Ылайым эле дени сак болуп, чек кайтарып бергей эле. Өлкөнү күчтүүлөр, шамдагайлар коргоочу эмес беле?

Алтымыш ашкан кемпирдин кеби балдарын аскерге жөнөтмөкчү болгондорду ар түркүн ойго азгырды. Элүүдөн өтө берген киши:

— Байбиче, азыр аскер турмушу оор, тамагы начар дешет, ошол себептен балдарын аскерден арачалаштын амалын издегендер болот окшобойбу, — деди мыйыгынан күлүп.

— Ээ, ким эмнени кааласа, ошону бүтүрүп жатат, мурда балдарды өлкөнү коргошко мектептен баштап машыктыруучу. Ата Мекендик согуштан канкөөкөрлөп кайткандарды чакырып, окуучуларга аңгеме-дүкөн курдурчу. Баатырдык эпосторду, көркөм адабияттарды окутуп, талкуу болуучу, азыр Американын ит чагылыш киносун көрсөтүп жатпайбы. Киши өлтүргөн, зордуктаган, тоногон кинолор, ошолорду көргөндөр кудай уруп Ата Журтту коргой алабы?

Дагы бирөө таянган таягын көтөрө берип, калчылдап чыкты:

— Аскерден качат деген эмне акмакчылык. Неберем: "Барбайт элем" деп мойнойт, жетелеп келдим. Жанагы баласын аскерге бардырбай жаткандар өздөрүнө балээ тилегендер, дал ошолор түпкө жетет... Баары эле өзүбүздөн... Туткунга түшкөндөрдү "баатыр" десек, кан кечип, орден, медаль тагынып келгендерди барк албасак, анан ушул суу жүрөктөр эл коргойбу?

— Ой, аксакал, акырын, — деп бир ыйбаалуу жигит ага чукулдады.

— Эмнеге акырын, Баткендин чегин бузуп киргендерден ким коргоду? Эски жоокерлер, во! Көрдүңбү? Ал эми, биз, береги келесоолорго Американын кийимин кийгизип, алардын айкырыкка жык толгон музыкасын угузуп коюп: "Ата Журтту коргоп келегой", — деп жалынып олтурабыз. Ал эми буларың: "Что такой, Ата Мекен?" — деп шылдыңдап күлүшөт.

Карт жоокердин калчылдагы басылып, жайланып калганда батакөй чал аскерге жаңыдан чакырылып жаткан уландарды беттеп батасын чубуртту:

— Жарыктарым, силердин аманчылыгыңарды тилеген ата-эне бүгүн эле бул жерге келип олтурган жери жок. Биз дагы граждандык милдетибизди өтөп, согуш сырына каныкканбыз. Бул жарыкчылыкта эки түрлүү адамдар бар: бири — арын сактаган, бири — жанын сактаган.Арын сактаган — Ата Журтун сактаганга тете, не дегенде намысын душманга алдырбагандар, улуу Жеңишти алып берип, укум-тукумубузду сыймыкка бөлөшкөн. Ар-намыстын уулдарыжөнүндө ырлар ырдалып, даңазалуу дастандар жаралган. Алардын ысымдары чет өлкөлөрдө даңкталуу. Анткени, алар Германиянын, Польшанын, Варшаваны, Прибалтиканы коргошуп, баатырларча курман болушкан. Ошол шаарлардын тарыхында алардын ысмы алтын тамгалар менен жазылуу, — деп басылганда анын сөзүн дагы бирөө коштоп жөнөдү:

— Абдан туура, бирок, азыркы күндө айрым жазгычтар: "коркконунан согушка барып өлүм табышкан, туткундарды Сталин аттырып, сүргүнгө айдаган деген сандырак кепти сапырылтып, жаштардын санаасын бузуп жатышпайбы? — деди. Карт жоокер таягын көтөрө берип: "Во-көрдүңбү, мына ошолор даана чыккынчы!" — деп дабышын өкүмдөтө эки жагына сүрдүү карады. — Мына мен өзүм чакырттырбайөэтпей эле арызданып жатып баргам...

Батакөй чал ага жылмая карап:

— Төшүңүздөгү орден, медаль баатырлыктын нак белгиси! Небереңизди жетелеп келип, аскерге узатып жатканыңыз Ата Журтуна өмүрүн зарптаган акылман карылыктын касиети, ылайым сиздей намыска бек, аттанып чыкса, элине абийир таап келген адамдарыбыз арбый берсин!

— Көрдүңөрбү, садагалар, эмгекти баалай билгендер четтен табылат. Ыракмат сизге — деди карт жоокер мурутун сыймыктана сылап.

Батакөй чал наалыган кемпирге беттеди:

— Ээ, байбиче, аскерге жарактуу уулуңуз ушулбу? — деп орто бойлуу, катиңки уланды көрсөттү.

— Ооба, жалгызымдын мурунга жыт кылар эркеги ушул, калганы кыз.

— Небереңиз антка бек, боорукер, кыйынчылыктан коркпогон эр жүрөк жоокер болот. "Асылдын тукуму жалкы" деген абалтан калган нуска бар, ылайым беттегенин алып тынган азаматтардан болсун. Сиз, байбиче акылдуу жана бактылуу экенсиз ушулардын убайын көрүңүз...

— Айтканың келсин, ырас, көңүл жубаткыч кепке устат экенсиң. Кур санаага туткун болгон жанды курчутуп салбадыңбы?

— Ээ, байбиче, ылайым балдарыбыз майып болуп төрөлбөсүн дейли, кендир башына конгон кеңгир баштардан кудай сактасын дейли. Жамандын жаны аялуу дегендей, аялуу жан-сатылггыч жан, ар-кору жок, жаан-жакшылыкта карыдан төр талашкан, капсалаңдуу күндө өлүүдөн көр талашкан арсыз жан, андай эсерлер да эсен болсун, аларсыз адил жүрөк эрлер таанылмак кайда?

— Баракелде, иним, көп жаша, өзүңдүн неберең тетиги ыйбалуу ак саргыл улан го...

— Ооба...

— Бактылуу болсун...

— Айтканыңыз келсин...

 

Салам өлүмдөн сактады

Токсонунчу жылдын башында Корумду айлындагы пансионатка Батакөй чал байбичеси менен барган эле. Совет бийлиги күчүнөн кайтып, жойпу жана куйтулар: "Куурап жүрдүк эле, эми куунар кезек келди", — дешип жайкалып сала беришкен маалда пансионаттардын куну качып калган. Баягыдай котедж сайын муздаткыч, радио-телевизор, килем-килче — мүлдө шыпкалган. Көпчүлүктөн нарк качып, көчөлөрдөн көрк кеткен кезде алкынып, жулкунган, улууну көзүнө илбеген көй кашкалык даң салып, улан-кыздардын кыял-жоругу жат элдин жагымсыз жорук-жосунуна уулангандай сезилди. Эски там ураганда түбүнөн курт-кумурска быкырап, андан калса жагымсыз көрүнүш зээнди кейиткенсип турду. Батакөй чал бай чайкап: "Улуу доордун агымы тартылып, өстөнү кагыраган сайга айланды белем", — деп ичтен эзилди. Ымыркай кезинен өткөн доордун бешигине бөлөнүп, андан агарып-көгөрүп, ал тургай ага жалындуу жаштыгын зарптап келсе, каңырык түтөтө жоктобой кантет? Чал ичтен күбүрөйт: "Бул мезгилди көрүшкөндө тагдыр насип эткен тура..."

Экөө ээрчищип, элдин жашоо-тиричилигин байкамакка айыл аралап баратышса, алдынан эмчектеги баласын дөңгөлөктүү мамыкка салып алып, үч жашар кызын ээрчиткен келин алыстан эле жол бошото берип, жүгүнүп койду. Чал-кемпирдин жүрөгүнө таң аткандай, каны дүргүп, денесин жалын чарпыды.

— Теңир жалгасын, жарыгым, алдыңдан ырыс-ыйман таазим этип тосуп алып турсун, өспүрүмдөргө өрнөгүң жуксун, кары-картаңды кадырлаган касиетиң укум-тукумуңа таверик болсун...

Мындан соң байбичеси келинге жакындай берип:

— Алганың менен тең агар, айланайын, тектүү жердин тукуму турбайсыңбы, — де5п эркелете мээримин төктү.

Экөө узай берип, артына кылчайышса, батаны алмай-термей бир чайкайнамдай узата берген абышка-кемпирге келин таңдана карап турган эле. Бакылдап бата узаткан чалдын дабышы мемиреп тынч турган кыштактын кыйла жерине угулдубу, айтор ар кайсы короодон кемпирлер чыгып, кашаа алдындагы үстөлгө көчүп басып кетишти; ээрчишкен экөө ким кезиксе, ошонун баарына салам айтып, баш ийкешет. Жаш балдарга адими кийинген чал: "Ассалоому алейкум" айтса, кай бири элейе таңыркайт, сезгичи: "Салам алейким" — деп тигилерден озуна мыйтыйган кирдүү колун сунат да: "Өмүрлүү бол, жарыгым", — деген батага тунат. Кай бири бетин баскан өңдөнүп, колунун салаасынан куулук-шумдугу жок өңдөнгөн чалдын кылыгына таңсык. Булар эмес, териси бошоп, терең карыган кемпир-чал ойго чумушат: "Кызык, батаны аркалай келишкенсип, көчө-көчөнү кыдырып: "Ассалоому алейкум" айткан бул кимдер? Неси болсо да жакшы жышаан, ар бир үйдүн төрүнө өткөнгө тете болду, ал-жайын сурап билсеңерчи?.."

Бирок айылдагы алп ооз, орусчаны чала моңол койгулаткан, анысына илимдин учуна чыккандай дымактанган аял:
— Ой, алар эмне олуя чалыштан бекен, алтымыш ашканда акылына айнып баратса керек, эзели тааныбаган кишисине эс-акылы барлар эсендик айтчу беле? — деп эрдемсине заңкылдайт.

Бактын көлөсөкүндө олтурган ак сакалы жайкалган кары обочодо туруп алып, оозун чоюштаткан оёнго таягын жаңсайт:

— Орок ооз оёндорго бул доор оңдой берди окшоду. Буларың аял затындагы ийменчээк, уяң, сабырлуу, кечиримдүү жана акактай тунук, ааламда жок жаракөрлүк касиеттерден келин-кыздарыбызды кол жуудурат. Тарпылдата баып, таркылдап сүйлөгөн, улууга урмат-кичүүгө ызаат көрсөтпөгөн чалма этектердин ыпластыгы таза кыздарга кынадай жукпагай эле. Анда эле алар эр күтө албайт да элге бата албайт. Жаратылыш да мээрман эне сымал өтө кылдат, өтө назик Меңдубана өңдүү уулу чөптөр гүлдөгөндө күндүз чанагы жабылып, түнкүсүн гана ачат, не дегенде адам ууланбасын... Эне да адам аттууну бирдей көрүп, астейдил асырайт. Ал эми тигил аңкылдак келинге алыстан келип, көчө-көчөгө асыл сапаттын үрөнүн чачып жүргөн абышка-кемпир акылынан айныгандай көрүнгөн. Мен эки доорду көргөн педагогмун, биз карылар, улан-кыздарыбызды алиги салам айтып, бата берген абышка-кемпир сымал улуттук каада-салтка каныктыралы.

— Мунуңуз ак сөз, оболу өзүбүздүн осолдукту оңдойлу, көч башы экенибизди унутуп койду ыраңдуу, — деди алтымышты алкымдаган кара сакал.

— Эстегенде бир кызык уяны эсиңерге салайын, — деди алиги педагог: — Согуш маалында чечен, болгар Кыргызстанга сүрүлбөдүбү, ошондо Шамил деген эңчер бойлуу, көзү кайнап, тынч тура албаган өжөр айтат, согуш маалында биз бири-бирибизди сатып кирдик. Аталаш агам немецтерге тыңчы болуп жүргөнүн кошунабыз Кызыл Армиянын командирине билгизип коюп, агам атылып кетти. Өчүн алайын деп, ак балтамды камдап, күүгүм талаш эшигинин түбүндө аңдып турдум. Бир оокумда кошунам чыга келип:

— Ассалоому алейкум, — деп эки колун бооруна алып, башын ийип, таазим этти. Эмнеси экенин билбейм, балта колумдан ыргып кетти. Ойлонуңузчу: "Мен сизге ааламдагы бакытты тилейм", — деп эки колун бооруна алып,башын тосуп берип жатса, кандай мыкаачы балта көтөрөт. Саламдын касиетин ошондо байкадым деген болчу. Кийин алар эл-журттан бата алып жерине кайтышты.

— Кызык окучя экен аба, азыр мектептен мечит көбөйдү деп мактанабыз, молдолор жалаң эле куранды жаттатпай, балдарга оболу улуттук каада-салтты үйрөтсө боло, ушул жагынан мүчүп жүрүшпөсүн...

— Мунуң да бир эсептен жөндүү... Күнөө бизде... Көрдүңөрбү, алыстан келген бир адамдын саламы баарыбызды терең ойго салганын, карылардан ушундай касиет качпасын, — деди карт педагог башын көтөрө берип, айланага ойлуу көз чаптыра.

 

Дүңгүрөмө музыкадан жугар илдет

Жетишпеген турмуш желкелеп келгенде жеңил ойлуулар ашкере мактоонун жана курулай даңазанын кулу болуп чыга келишти. Алардын айрымдары акча тапкыч болсо, кээси кызматка илинген кыйындар экен. Мындай ала өпкөлөр той берсе, тууган-туушкандарынын колунда барбы, жокпу салыгын салып, Ала-Тоого аңыз этерлик даңазаны көксөйт.

Эми ошондой тойлордо чакан кафе, ресторандарды жалдамайын жарптары жазылбай калсын. Андай тойлордо микрофон болуп, кулак тундура тос айтылбаса шааниси чыгабы? Андайда бир-эки серпип алгандар сөз угат деген бекер. Кулактын курчун кандырар музыка коюлбаса, чет элдик бийлер бийленбесе, учкаяктана канат күүлөгөн улгайып калгандардын ичкен ашы ылдыйлабайт. Төтөн дүңгүрөгөн аспаптардын алкымын агытып, кээде итче улуп, бирдай мыёолгон жат элдин ырчысы чаңырып турса, тойдун даражасы көкөлөп, той ээсинин кумардан канганын ошондо көрүп ал. Ал ырдын мазмуну кандай, кыргыз элинин тоо булагындай тунук, жандүйнөнү көшүтөөр овонун тебелеп-тепсеп жаткан жери жокпу, ал жагын аңдап да, арданып да койбогон биздин элдин маңоолугун кантесиң! Анан калса, жагалданган, кумар оту алоологон жаш таланттарыбыз аппараттарды сахнага тизип алышып, чаңырта коё беришип, өздөрү обонсуз кобураса, сөз угулбай, дүңгүрөк гана мээге чабылып, жашы өтүп калгандардын кыжырын кайнатса, аргасыздан сыртка сүрүлөт.

— Айланайындар, акырын койгулачы! — деген сайын алагүү тарткан алакачма уландар жин ургандай башын шылкылдатып, жер тепкилеп, кара буусу чыкмайын кан дүргүтө ыракаттанышат.
Ушундай тойлордун бирине батакөй чал байбичеси менен барып калды. Аппараттан чыккан үндүн толкуну анын сезимине тийип, тула боюн дирилдетти. Деле бул чал өңдүү өтө сезгич, өтө назик адамдар кара жолдун боюна турганда он эки тонналык күрүлдөгөн машиналар өткөндө анын жүрөгүн ошончолук оору жүккө тете үндүн толкуну силкинтип, жанын кейитет. Медициналык адабияттарда андай адамдар өлүм-житимдеги ызы-чуудан, өкүрүк-бакырыктан боюн ала качып, алтыны акча да ачууланбай, кыйынчылыкты жеңиш үчүн эркин курчутсун, денесин чыңасын деген кеңештерден улам аярлана ар качан болбосун коргонуп келет. Алар адам баласынын башына түшкөн кайгы-касиретке да кайдыгер карай албай, жүрөгүнө күч келтирет, калктын ой-санаасын көөдөнүнө батырып, ошону менен алпурушуп келишет.

Кыйышпас адамы берген тойдогу музыканын дүңгүрү түз эле мээсине чаап, жандүйнөсүн жанчып кирди. Албетте, жашынан жат элдин ач айкырыктуу музыкасын жетектегенден да болгон чыгар. Жаштар шарактап бийлеп, жарк-журт эткен электр жарыгы көздүн курчун мокотуп, сезимди ичиркентти. Өз курдуу эки чал менен ээрчишип, сыртка атылды. Кафеден үч жүз кадам ооласа да каңылдак үн артынан калбай, канын кайнатат. Ого бетер башы зыңылдап, чыдамы кетет. Той ээсине барып:

— Өмүрүңөргө береке берсин, музыканы саал басаңдатып коё аласыңарбы? — деди.

— Айтсам болбой жатат, тетиги жашабагырлар, башчысы кыркма мурут, болук жигит...

Батакөй чал аны чакыртып алып, ээндете ээрчитип барып, шыбырайын дегени бул:

— Жарыгым, ылайым кан басымың көтөрүлбөй калк тоюнда каңылдак музыкаң менен камбылдана кызмат эте бер.

— Ыракмат, старик, ихи-ихи-ихи... — Ал кызарган жүзүн кирдеген кол жолугу менен сүртүп, батадан шекшине бергендей ырсалаңдап күлдү.

— Иним, өзүңдөн өтүнөөр өтө бир кыжалат иш болуп калды.

— Айтыңыз...

— Элге кызматың сиңип баратыптыр, эми калкка кайрымдуулук этишиңизди өтүнөм.

— Кандайча? Ихи-ихи-ихи... — Шекшине жылмайды.

— Американын Калифорния университетинин бир илимпозу эстраданын каңылдагы алтымыш децибилден ашканда адамдардын нервине терс таасир этип, ал сокку аш казанды жаралып коёрун аныктаптыр. Эстрада жагында он жылдап иштегендердин аш казаны гастрит оорусуна чалдыгарын далилденген. Ал эми кары-картаң, жаш балдар ыракат алмак түгүл жүрөгүнө тамак баспай, кан басымы жогорулап, уйкусу качаарын айтыптыр...

— Неужели?

— Жарыгым, илимпоз аны бир нече жылдап изилдеген соң адамдарды ач кыйкырыктын азабынан арачалап калайын деп газета аркылуу дүйнө жүзүнө кабарлап олтурбайбы?!

— Интересно, ойлонуш керек экен.

— Алла Таала өзүңө акыл-эсти арбын берсин да, шыбыр аркылуу берген батам шыпаа болуп, айкырык салган аппараттын үнү алтымыш децибилден азайып, өзүңдүн ден соолугуң чың болсун.

— Ыракмат, старик, кечириңиз. Мен муну сизден укпасам мактаныч иретинде бакылдата бермекмин, — деп дароо жетип барып дабышын басаңдатты.

— Өх, айланайындар-ай, бая эле ушинтсеңер эмне? — деди жоолугу кежигесине кеткен аял оңдоно берип.

— Ээ, байбиче, батыштын ач кыйкырык салып үрөй учурган, көшүп турган көңүлдүн кутун учурган музыкасы менен айбандык кумарланууга толгон искусствосу элди ар тараптан тумчуктуруп барат. Мындайда ар бир адам ага каршы турбаса, улуттук касиеттен кол жууп калаары айдан ак, — деди батакөй чал.

— Аныңыз ак сөз, акылы бышпаган боз баштыктар эмнени көрсө, ошону туурады, ал эми биз уул-кызыбыз ыйлабасын деп жөн койдук. Акыры бизди акылы али бышпаган, жат элдин чапанын жамынган, өз элинин салтын-наркын жериген балакайлар чүлүктөп алып жөнөдү.

— Ой, айланайын-ай, кыргыздын дили жумшак тура, башкалар өз динин, өз салтын катуу тутат экен. Биз байкуш, койчу-у, койчу... кантейин...

— Аңкоо айкөлдүктөн, алысты көрө албаган алсыздыктан азап чеккендер канча бул ааламда. "Кудай артын берсин", — деген экен бизден мурда өткөн бабаларыбыз, анткени артын алоолоно өрт чалып баткан күн ак жаркын болуп ата келет тура. Эртеңки атар таңыбыз кирсиз тунук болсун дейли...

— Айтканыңыз келсин, убарлаш, ушундай батаны жаздлана жатсаң уйкуң тынч болору шексиз... Кайыр эсен болуңуздар...

 

Көөдөн сокурлук

Калыбет тарткан ак куба жигит батакөй чалды көрө сала алыстан салам айтып жиберди. Антпегенде оозун таптап турган чал озунуп: "Ассалоому алейкум", — деп жиберсе, уятка жыгылмак.

— Эсен турасызбы, аба, бүгүн сизден мурда озунуп салам айтканыма сүйүнүп турам, — деди жайдарылана.

— Тагдыр сизге озунуп бакыт нурун чачсын, уулуңду аскерге чакырып жатат — деп уккан элек, жайын айтчы...

— Ой, аба, сиздин айтканыңыз келбедиби? Көзү начарлап кетиптир. Эскерттиңиз эле го: "Жарыгым, жарым метрден теле көрбөйт, көзгө залал, алыстан көр, бир күндө отуз-кырк мүнөттөн ашырба. Медицина ашык көз жок деп газета-журналдарга жазып жатат, эсиңе ал, улуум деп. Сыртка чыкканыңызда аялым жактырбай: "Капкайдагыны окуп алып, канкакшай берет экен. Андай болсо, телевизорду эмне чыгарды", — деп мыскылдаган. Мына эми, түшүмү бул болду. Комиссияда олтурган карт врач: "Мындан ары телевизорду көп тиктебе, чылым чекпе, ичимдикти оозуңа алба, көзүңдүн гимнастикасын жаса, чеснок, пияз же, эртең менен гимнастика ойно, кара жумушка чегил деген экен. Сизде жүгүрүү боюнча беш-алты китеп бар деп таякем айтса, жүгүрөм деп ээлигип алды, берип турасызбы?

— Алагой, жарыгым, айткан кеп-кеңешти көңүлүнө түйбөгөндөр канча. Байыркы грек акылмандарынын жазгандарын окуп олтурсаң, илим-билимдин шооласы көөдөнүн жарык этпеген, коомдогу алдыңкы ойлорго каныкпаган наадан жана түркөй калктар болгонун, алар чачылып-чабылып, биримдиксиз жашап, сырт баскынчыларга оңой олжо болушканын, алардын калың катмары ырымчыл, кудайчыл жана билимди жерип, сары металлга кулданып күн кечиришкенин шылдың этишкен. Адам коому болгон соң кызык окуялар кездешет. Кийинки он-он беш жылда ар үйдө үйүлүп жатчу газета-журналдан эл каңтарылды, ар кыл илимдин тармагы боюнча жер-жерлерде адистер аңгеме-дүкөн курса, ага барыштан мойну жар беришчү бекен? Эми ошолордун бирине зар болушуп, тагдырын көз ачыктан күтүп калышты. Имиш-имишке ишеним артышты. Көөдөн кереңдикке туюкталды да курсак башты бийледи, жүрөктү жүгөндөдү.

— Мунуңузга толук кошулам, аба, сөздү коюп, бөзгө качырдык эле Кытай бөзү өлүм-житимге алпарышка араң жарады. Иран, Ирактын, Жапон, Америка товарлары күмүш жалаган менен ден соолукка залалы бар деп табылды. Он жылдавп жериген орус кездемеси жана буюму керемет экенине эми көзүбүз жетти. Ошондой эле өз эне тилибизди жеридик эле уул-кыздарыбыз ширелүү кептен ажырап, кекечтене келжиреп калышты. Мына эми, карт врач уулумдун көзүнүн курчу кетти деп айып тапкандай сиз сөзүңөрдүн куну кетти, алысты көргөн көкүрөгүңөр туюкталды деп кыйыктап олтурасыз, — деди алиги жигит.

— Ээ, иним, көр оокатка көмүлө берип, көөдөн көрөңгүсү үзүлгөндөр көргө кирбегени менен өлгөнгө тете, эл коргоого уулуң кандай жарабай жаныңды кейиткен болсо, алар адам санынан чыгып, жумурай-журтту дал ошоной сыздатып жатпайбы.

— Ата Журт силер үчүн деп айгай салгандар арбыны арбын, бирок...

— Тилинин учу гана таза болуп, түпкүрү ылайланып калгандар канча... Калк камына төрөлгөндөр тилинен эмес, дилинен, добушунан эмес конушунан баамдалат. Ылайым көмүскөдө туруп алып, көпчүлүккө жарыгын чачкан көзү курч, көөдөнү сезгичтер көбөйсүн да узак өмүр сүрүшсүн", — деп батакөй чал оомийин тилеп, алиги жигитке спорт жөнүндөгү китептерин бермекке үйүнө ээрчитип жөнөдү.

 

Батакөйдү тонойлу дешиптир

Жарыктык кыштын күнү бир тутам го, быягынан чыгат деле, терең карыган чалдай тушалып олтуруп, сеңирден нары жылт берет. Тещ эле каш карайып көз байланат; мындай маалда калаанын кай бир автобустары карылардан качат; не дегенде, шофёрдун көзүнө мүлдө эле кагыраган сайдын таштары тургандай, көөдөнүнө кылкан ширелгенсийт: баары тең эле күбөлүктөрүн соройтсо, шофёр кысыр уй баккандай кыжынат да турат.

— Ой, эмне качасыңар, миң качкыла, карылык эми эле кууп жетет, биздин кыргыздын айрым бир олжокеч балдары бар, карыны көрсө кагынып турган, өсөрүңөргө жакшы, антпегиле... — дейт ызаланган кемпирлер.

— План толбой жатат, бензин минтип асмандын башына чыкты, бала-бакыраны да багыш керек, дабай, бат түшкүлө!

Айт, айтпаса, төгүнбү, бечаралар таң, күн калааны канча айланышат, акчага жарыбай, ар ким, ар ким менен кер-мур айтышып олтуруп, жүрөгүн да оорутуп алышат. Түбүң түшкөн дүйнө, улам кызыктырып, утуру качып олтуруп, кууганды кубантымыш эткени менен кууратып саларын адам дегениң кайдан аңдасын. Батакөй чал ушуларды ойлоп келип, жылдыз чыгар алдында кабагы карыш салынган бечеранын көңүлүн жаркытайын деп, муну айтты:

— Алтын башың аман болсун, күмүшүң күнүгө кулпуруп турсун.

Шофёр кыжынат:

— Ээк, бапылдабай бат түшчү.

Чал кайрыла берип, терикпестен деп турганы:

— Акчага да жетерсиң, минтип олтурсаң абийириңден кетээрсиң, батаны жерисең бакылдак чалдын айтканы келди дээрсиң...

Эшиткендер эшикке чыгып калганда олбурлуу жигит:

— Ата, айтканыңызды кайталап коюңузчу, элге угуза жүрөйүн...

Чал анын соболуна жооп кайтарып, туюк көчөгө түштү. Көзгө сайса көрүнгүс. Ар кайсы жерде күйүп туруучу шамдар небак жоголгон. Калаанын чет жагындагы бир үйдүн эшик алдында "Аллюминий алабыз", — деп жазылып турган эле. Кайсы күнү ошол жазуу илинди, дал ошондон бери зымдар кыркылды. Казан жана аллюминий идиштер уурдалды белем. Чал өзүнчө кобурайт:

— Капырай-е, Кыргызстанда аллюминий кени көчө-көчөдө жаткансып, эси жок ургансайларды ууруга түркөнүн карабайсыңбы, көз көрүнөө эле чыккынчылык... Чекисттер эмне карабайт дейм да... Акыркы теске салынаар...

Чал эки жагына элеңдей караса, алды-артында эрбеңдеген караан азайып барат. Бир аз узай түшкөндө капталынан бир-экөө качырып, далы талаштыра берип калганда жер таянып барып оңолду. Күнүгө эки километр чуркап, турникке алты жолу тартылган чал муштум кезеп, эски ыкмасына сала чыкчырылды.

— Чеч кийимиңди, чөнтөгүңдө эмне бар? — Канжар жаркылдатканы олбурлуу көрүндү. Чалдын тебетейин экинчиси кармап турду. Ал чалкалай берип:

— Ой, какмар десе, Эсендин уулусуңбу, ээ кокуй, ушинтмек белең, сен төрөлгөндө элдин уулу болсун, кордолгондордун коргоочусу болсун деп бата берген элем. Ой жаман какмар, сүннөткө олтургузганда Ата Журтуна алымдуу, ар-намысты бийик туткан уул болсун дебедим беле, ээ алат күн, сен онунчуну бүткөндө илимдин учунда чыккан мыкты адам болгун деп бата бербедик беле? Эсиңден чыгып кеттиби? Чөнтөгүндө эмне бар дейсиң да, чөнтөгүмдө ушаланган кагаз бар.

Канжар кезеген улан чын эле тааныйт тура деп бүшүркөп буйдалып калды. Жанындагысы четтей берди. Чал кайрадан катуу дабышка салып коё берди:

— Ээ, жарыгым, отуз жыл жондон түшпөгөн чапаныма кызыктыңбы же мышыктын терисинен тигилген тебетейге азгырылдыңбы? Ээ, жараткан кудай, берген баталарым башыма тийген муштум болуп, канжарды алкымыма такаттырдыңбы, ааламдагы алп баталарды берген балдарыма тонотмок белең, кудай?!.

Нарыдан бирөөнүн үнү зоңкулдады:

— Ой, батакөй чалдын үнү окшойт, жүргүлө тез!

Муну угушаары менен беркилер тебетейди таштап, качып жөнөштү. Аңгыча жигиттер жетип келишти.

— Оо, жарыктык, не болду?

— Өмүрүңөргө береке берсин, айланайындар, башты жерге салып, караңгыда өзүмчө кобурап келаттым эле жетесиздер желке тараптан шукшурулуп келип, ителги тебишти салып олтурбайбы?

— Тааныйсызбы?

— Көркоолор көөдөй караңгылыкты мекен этишээрин билебиз го. Элди тоноп көнгөн Эсен дегенди билчү элем, ошонун баласы турбайсыңбы демиш этип, берген баталарымды кайталап, саал алаксытып, бирер-жарым көз болор деп чыйпыйым чыга күтсөм, силерди кудай жибердиби-ай, анча жетип келбесеңер чечиндиип кетишмек, амал канча, аман болушсун...

— Ой, жарыктык десек, кайра ага боору ачып, аман болсун дейт тура. Андайларды атыш керек!

— Ээ, жарыгым, каракчылар болбосо, кайрымдуу кайраттуулуар таанылбай калат. Андайларды ата берсек, бул аалам өлүк жыттанып жүрбөсүн. Буларда эмненин күнөөсү, булар эмес, Индонезия, Америка, Россия, Израил, Германия өңдүү ири өлкөнү башкарагндар ач көздүк менен жан жыргатыштын кулу болуп жатканын радио бүт дүйнөгө кабарлап турат го. Алардын жанында булардыкы бете берер иш. Мени дагы чала муштады, кемпирдин кашында болбой, жылдыз толгонго дейре эмне көчөлөп жүрөм десең...

— Ха-ха-ха, ой аксакал... Кайра күлкүгө салат тура... Биз болсок, сөгүнө берип, нервди коротуп алмакпыз... Кана, ата, сизди жеткирип коёлу...

— Үй бул жерде, аз калды. Таалайыңар артып, кара жүрөк кан соргучтардан калкты калкалаган укум-тукумдуу болгула, садагаларым. Силердей боорукерер жер жүзүн каптасын...

— Айтканыңыз келсин, ата!..

 

Имаратка берилген бата

Областтык мекеменин алдында котолоп тургандар арбын. Бирөөлөр губернаторду күтсө, дагы бирөөлөр орун басарларына, же бөлүм башчыларына жолугушка зарылат. Таң эрте жалтылдаган машиналар бийик имараттын алдына токтоор замат, андан болук тарткан, адими кийинген жигиттер боюн түзөп, башын бийик тутуп, топтошуп тургандарды тоотпогон кыязда жогорку кабатка жорголой басышат. Берки бечаралар оозун төөнөтүп койгонсуп, үн катпай улутуна турушат десең. Ээ, Кудай-ай, кур дегенде оолай берип, баш ийкеп, урмат-ызаат байкатып коюшса эмне? Капырай-е, деги токсонунчу жылдан бери адамдардын бели тоңуна тартып, бетон мамы сымалданып калганбы деп жүрөгүң ачышат.

Ишенбесеңер ошолорго "Ассалоому алейкум" айтып көргүлөчү, маңыроо тартып таңыркап турганы турган. Кулак деле, көз деле жайында, тил гана күрмөлбөйт, бу жорукту жоромолдош да кыйын. Мындай шумдукту бир нече жолу байкаган Батакөй чал: "Балээнин баары элден салам күтүп, улуттук салтты унут калтырган улуктарда эмеспи. Кайсы мекемеге барба, кезек күтүп олтургандарды кемсинте карап, үндөбөстөн кабинетине култ коёт. "Сен кандай болсо эл ошондой" — деген экен бир акылман, демек башчың тигиндей болсо, калктын бели какайыңкы" — деп ойлоп, катта чоңдоруна катыктуу бата жолдоп кайтышты эп көрдү. Ал эми калган-каткандарына кезиккен сайын колун бооруна ала калып, саламын жазбады. Кай бири таңазар албастан, үн-сөзсүз узап кетишти. Кээси: "Кексөө чал саал айнып калганбы?" — дегендей мыйыгынан жылмайышат. Бир даары элпектене алик алат. Мунусуна да шүгүрчүлүк...

Үчүнчү кабаттын жолун тоскон милиционерге салам айтса, ордунан туруп, колун чекесине тийгизип:

— Кайда, кимге? — деди.

Чал жылмая берип, оң колун калпагына тийгизе чоңдордун каттасын атады.

— Кандай жумуш менен?

— Бата берейин дедим эле, жарыгым...

— Бата? — Ал эки ийнин куушуруп, ойлоно калды. "Эл чоңдорго берчүсүн үйүнө жеткирсе, мунун көз көрүнөө бергени кандай?" — деген ойго кеттиби-ай, чалдын коюн-кончун тинте карайт.

— Ооба, айланайын, Кудай өзүңө дес берсин, эки гана мүнөттүк бата, — деп шоошагын серейтет.

— Тетигиндей олтуруңуз, азыр помощник келет. — Сары жигит сөөмөйү менен баш орундукту көрсөтүп, телефон бурады.

— Ыракмат, жарыгым, орусча мектепти ойбооруңча бүткөн турбайсыңбы... Дурус, дурус...

Мүнөттөн соң көк көз, куйкум сары жигит келип, үн катпастан милиционерге ээк кагат. Батакөй чал тура калып, күлүңдөп:

— Ассалоому алейкум узатты...

— Салам... Салам... -Чалды бүшүркөй караган орус жигит ага суроолуу көз тигет. Чал озунуп:

— Кечириңиз, мен акимден эч нерсе сурабайм, бир гана берер батам бар, — деди.

— Что такой, бата? — Тигил милиционерден сураса, ал ийнин кушуруп, башын оң жагына кыйшайтты...

— Ээ жарыгым, батаны билбейсиңби? — Карыя ага жылмая карап, жакындай келди. Ал деле дудук өңдүү мылмыят. Ошондо карыя орус жигитинен суранды:

— Айтып барыңыз, Бишкектен келген карыя бата берем деп суранды деп.

Орус жигит элпектене жылмайды:

— Бата... Бата бересиз... жакшы — карыянын аты-жөнүн жазып кетти.

Пагонунда жарыш эки лента басылган жигитти карыя жагымдуу ырайда карап туруп, дегени бул:

— Ылайым пагонуңа жылдыз тагылсын, жүрөгүңө кыргыз элинин каада-салтынын оту жагылсын, канатың элпегине тартсын, калкка ырайымың артсын...

Жигиттин өңү кыяра түшүп, көзү учкунданып, жүзүн жеңил күлкүнүн эпкини чайды:

— Ыракмат, ата...

— Аа-а, кыязы батаны эми түшүндүң го, жарыгым... Кыргыз болгон соң наркын унутпаган абзел... Ха-ха-ха...

Аңгыча губернатордун жардамчысы келип, жалооруңку ырайда:

— Кечиресиз, ашыгыштуу иш менен азыр алыска кетип баратат, — деди.

— Дай бог вам здоровье...

— Ой, не зашто...

— Мына ушуну бата дейт.

— Кечириңиз, аксакал, биринчи жолу угуп жаттым эле.

— Эч нерсе эмес, губернаторго берилчү баталар силерге насип этилиптир. Элге адал кызмат эткиле,силер эшик кайтарып сөз ташыган кызматкер эмессиңер, силер да мамлекеттик ишке чегилгенсиңер, ал эми чыныгы мамлекеттик адам эң оболу өзү ар тараптан тарбияланууга тийиш, силер ошол көптү билген сергектигиңер менен келип-кеткендерге нускалуу таалим тийгизесиңер, көңүлүн көтөрөсүңөр...

— Ыракмат, аксакал, сиз педагог окшойсуз, менин энем да педагог, сөзүңөр, оюңар төп чыкты. Кечириңиз, иш ушундай болуп калды... — деп орус жигит жүзүн кыярта, таазим этти.

Батакөй карыя ийиле кош айтышып, төмөнгө кудуп кетти да башын көтөрө берип сыртка чыкты. Анын көөдөнүнө көптөгөн санаа көбүрүп жабырды. Кыйла жерди арытып жүргөн карыя улуу акын Калыктын мындай бир сабын эисне түшүрдү: "Дубанга баткан кайран баш, дубанадай сүрдүктү..." Ал кобурай берип, бийик имаратты карап алып, санаага батты... Байыркы Рим республикасындагы окуялар жыйырма кылым өткөн соң кайталанат деген эмне шумдук, ха-ха-ха... Ушундай да окшоштук болот экен ээ... Байыркы дүйнөнүн эң акыркы тарыхчысы Аммиан Марцеллин мындай деп жазган экен:

"... Римдик билермандардын көбү бекерликке белчесинен батып, даңкчыл, көйрөң, кекирейме жана жеңил ойлуу келип, ырымчыл атанып, жан жыргатыштын жана менменсинүүнүн түйшүгүн тарта берип, жандүйнөсү каңгырап бош калды.

Олуттуу жана ойчул билимдүүлөрдү жадаткыч жана пайдасыз катары санап, алардан безе качып калышты. Ал бечаралар акылман философтон көрөырчыларды чакырат, чечендердин ордуна күлдүргүч маскарапоздорду жактырышат. Китепканалар табып сымал түбөлүккө жабылып, анын ордуна артисттердин аспаптары арбын чыгарылат..." — дептир.

Анын сыңарындай жыйырманчы кылымдын аягында жыргап-куунаган жетекчи батаан кандай качып олтурат. Бата — ата-бабалардан калган нуска, бата — элдик педагогика, арашан сууларында адамды кеселден айыктырар канча микроэлементтер болсо, батада адам баласын асырап жана алгалата турган асыл ойлор бугуп жатат. Бул касиетти көркөм сөздү жеригендер, бата жукпастар эстерине алышпайт. Алар сөздөн мурда бөздү барктайт, адамдан мурда алтынга азгырылат, акыры акыйкаттан жазгырылат, — деп батакөй төрт кабат имаратты карап туруп, ага деп турганы:

— Ээ, ээси керең имаратым, сен канчалык акталып, сырдалган сайын көркөм көрүнгөнүң менен сага убактылуу ээлик эткендин жан дүйнөсү агарбай жатканына жол болсун!

Ээ, ээси качанаак жана бата жукпас имаратым, сен курулганы далайы келип кетти, мындан кийинкиң зирек болсун, чөлкөмдөгү элге тирек болсун, — деп жолуна түштү.

 

Президентке бата

Топтошуп тургандарга батакөй карыя жакындай барып:

— Ассалоому алейкум, агаиндер, алакан алыштырып, ал-жай сурашалы бул тирүүчүлүктө, — деп четинен түрө кош колдоп учурашты.

— Кандайсың? — деп жиберди ээрди жука кубакайы.

— Азырынча деним сак, жан боорум, сырколууга берер соболду узаттыңыз, деги өзүңүз ар балээден алыссызбы?

Бир даары күлгөн болду, бир даары дагы кандай сөз чыгаар экен деп батакөйдүн оозуна тигилишет.

— Сен, митаам, жан боорум деп, курдашыңды өлтүрө албай жүрөсүңбү? Кайтыш болгонго бир боорум деп өкүрчү эмес беле? — деп дымактана жүргөн, ким кызматка илинсе, ага чап кенедей жабышкан киши тамаша иретинде кээр агытты.

— Ээ, азилкеч курдаш, качантан бери калем кармап, кара сөз жазып жүргөнүңдү билбедим, бирок "жан боорум" деген жакшы сөздү жамандыкка жоруган жорток экениңди, сылык-сыпаа сөзгө чорко экениңди эми тааныдым. Сендейлер элге жазуучумун деп төш кагып, чыныгы таланттарга көлөкө түшүрүп жүрбөйбү?! Жандай көргөн адамды жан боорум атайт, жан жөкөрү деп да коёт. Бир эл, бир журт болсо бир боорбуз делинет, ары карап кетсе, бир боорум, асылым деп айгай салат. Сен мени митаамсың деп боорго тебе сүйлөсөң, мен жан боорум деп, бул инимди боорума тарта кеп урдум, мунум боорукердик жана сыпаалык эмеспи, курдашжан, — деп басылганда сөз иликтеген, адамдын ким экендигин акыл таразасына салган илимпоз:

— Куп гана келиштирдиңиз, кыргыздын кылым карыткан бай сөзүнө каныкпай, алгы-берги жана чарба сөзгө алаксып, нечен сылык, назик сөздөр эстен чыгып кетти. Ошол унут сөздөр айтылып калса, оноктор маанисине түшүнбөй, оор алганы да чын.

— Баамчылдыгың артып, өмүрүңүзгө береке берсин. Сиз болбогондо бир топко үстөмөндөп алмак, — деп батакөй карыя жайдарлана өөдөсүндү.

Алиги дымактана кеп урган, жасана кийинген жазгыч:

— Ой, деле сен кыйын болчу, эми ушул жерден кыйындыгыңды билгизип, тун Президент кайра шайланды, ушуга бир бата узатып көрчү. Бул жерде улуу, кичүү турат, баамдап багалы:

— Баса, десең... абдан туура, ооба, андай батакөй экенсиз... Ии кана... Чубуртуңуз, — деп чепеңдеген бирөө жазгычка жакындай берип шыкактайт.

— Ээ, асылкеч курдаш, бул соболуң нары жооптуу, нары кооптуу. Жооптуу дегеним, өлкө башындагы адамга батаны көрүнгөн жерден эле бере беришке болбос, ар иштин өз орду бар, бата ошол адамдын көзүнчө, бир себепке байланып айтылганы оңдур, бул бир жагы... Кооптуу дегеним, Президенттин өзүнө айтылбаган соң ар ким, ар ким-ар кимдин ак батаны ара жерден бурмалап жиберишет, мындайда эки тараптын көңүлүнө кир кетиши ыктымал. Батанын төрөлөр маалы бар, топуракка жылуулук жеткенде ага түшкөн үрөн өнүп чыккан сымал, адамдын жүрөгүнө кубанычтын илеби барса, ошондо гана арашан сөз атылат. Байыртан бери ак бата чоң жыйындарда берилип келген эле, асылкеч курдаш, мени шакаба чегип турасыз, бул жерде нарк билбес өңдөнүп, ичиңден "ха-халап" жүрбө, — деп батакөй карыя нары-бери басып, тынчы кете баштады. Оозун кыбыратып, ээрдин жаланып, ичинен купуя бирдемени кайталагандай түрү бар.

— Кудайды карасаң боло, Аскар Акаевдин тушунда өлкөгө өзгөчө эмгеги сиңген карыя делинип, карылык чектелди. Баса, наам алдың, неужели оозуңдун желин аяйсың, — деп ажыр жоопчул жазгыч асылып алды белем...

— Ии, ооба, эмне калппы? Ыя, аксакал, ии наамыңыз деги бар, эми дагы эмне? — Шыкакчы туурадан теминет...

Ушул маалда алиги салабаттуу, оор басырык окумуштуу кептин калысын айтты.

— Аксакал, сөзгө конок бериңиз, жөндүү болуп турат. Бул жерде жети киши экенбиз. "Жетинин бии — Кыдыр" делинет элибизде. Президентке атайлап барып, бата беришке мүмкүн эмес. Сизди кабыл алышка анын чолосу да тийбейт. Өтө жооптуу учур ага эми жөктөлдү. Ошондуктан ушул жерден узатып көрсөңүз, ага берилген бата элге жетет, эл аркылуу өзүнө эшитилет, ушуңуз абзелдир...

— Ии, мына көрдүңүзбү, калыс сөз... Бая эле... И кана, эмесе...

— Көп маалкатпасаңчы, курдашым, ай таң, ары жакта көрөңгө чак го, — деп ызага бир таман жакын жазгыч жаагын жаныйт. Ага кошулуп, калгандар кошо сүрөмөлөйт.

Батакөй карыя алардан оолай берип, дөңсөрөөк жерге чыгып, кыбыланы бет алып, жаншап кирди:

Өмүрүңүз өлбөстүктүн шамын жаксын,
    Өлкөңүз өрүштөп, ар-намыстуу шаңга батсын.
    Туман гүлдүү оюңуз мөмө берсин,
    Туу тутунар уул-кыздар өсүп-өнө берсин!
    Мээр чөптүү жериңиз пулданбасын,
    Меймандос элиңиз кулданбасын.
    Ач көз, алкы бузук пейлинен тапсын,
    Ата Журтка ок атканды ажал капсын.
    Жүздөгөн өлкөгө жүзүңүз жарык болсун,
    Жүргүзгөн ишиңиз жүйөөлүү тарых болсун!
    Оомийин!

— Оомийин, бата деп ушуну айтса болот, тула бойду жалын чарпыган алп бата тура, — деп илимпоз карыянын колун кысты.

— Ха-ха-ха, намыстантып койдук эле төгүп салды. Балбандын эти ачынмайын жыга албайт, чечендин намысына тиймейин чечилип сөз чыгарбайт, — деп жазгыч дымактана эки жагын каранды.

Илимпоз сөз жалгады:

— Президентке берилген бата элге да берилген бата экен. Баса, эли-жери болбосо Президент болобу, кептин түйүнү ушул жерде жатпайбы? Элдин ой-санаасы да ушул. Демек, Президентке элдик бата берилиптир, ыракмат, аксакал, — деди илимпоз.

Көбүнчө кеч кыстай эки-экиден кошоктошуп жүргөн аялдар көп кабаттуу үйлөргө кирип кетип, кыйладан соң көңүлдөрү көтөрүңкү кайтышат. Непада Батакөй чал алардын алдынан чыгып калса, Иогово секталары кыргыз тилинде чыгарган китепчелерди сунат. Карыя каада-салтка салып, колун бооруна алып:

— Өзүңөргө буюрсун, буюгуп жүргөн, жарыктарым, — деп алкап узатат.

Бирде тогуз кабаттуу үйлөрдүн үй комитеттеринде иштеген аялдар пенсиясы тартыштардын тизмесин шашылыш алып, ар ким, ар ким менен күпүң-күпүң этишкенин байкайт.

— Депутаттыкка кандидаттыгын көрсөткөн өкүл жармачтарга жашыкча конверт берип жатыптыр деген аңыз кичи райондордун базарларын аралай чапты. Ким бериптир, кандай кызматта экен, биздин жай-маанибизди түгөл түшүнөт бекен? Мындай соболго жан адам жооп кайырбай, ийин куушуруп оолактай беришет. Анан калса, азыркыларың ак оюн аңтара салып, акыл куруп, бир бүтүмгө келер өнөктүгү байкалбайт, көбү ичимен тап. Кимге добуш берген жатасыңар, кимге ишенесиңер деп чечмелеп көрсөң!

— Ал деле ойго келсе буюрбасын, — деп орто жашагандары кесе жооп кайтарышат. Жаштар бири-биринен кыйытып сурамжыласа:

— Посмотрим, — деп ийин кагышат. Үй үйгө актай конверт жаап жатыптыр деген табышмактуу кеп таралаар замат Батакөй чал:

— Сүрөттөрүн бир нече миңдеген нускада бастырып, көрүнгөн жерге чаптатып, упарак болгондор менен ак боз бээ чалып, ак бата алгандарды актай конверт ара жолго калтырышы ажеп эмес. Не дегенде, торго түшүрүп айла-амалды тапкан адам өтө кыраакы, саресеп, абдан аяр, бирөөлөрдү тымызын жумшап коюп түбөлүк максатты көздөгөн көсөл. Округдагы шайлоочулардын так эсебин алып, ошолордун 30-40 пайызына ак конверт таратып, аты-жөнүн жаздырып, кол койдуруп, тап жылгыс кылса, жеңиш — аныкы. Диний секталар биздин элге тарткан тузак дал ушул ыкмада. Тузакка ким кандай чалынды; желеге кантип кабылды; саятчынын торуна кантип түштү, алар өз айбын өлүмжан айтышпайт. Кайтып, элдик эски-макал лакапты бетине кармашат. Ичтен иритип, сепилдин түбүн өзүбүзгө бошоттуруп, уратып баса берүүчүлөр ошолор.

"Саятчы" деген сөздү жаңы муун билбей калбадыбы? Бүркүттөр кеч күздө кайтып баратканда тор жайып, өңүткө буккан куш күйгүч — саятчы делинет. Жарыктарым, азыркы "саятчы" үн чыгарбай, конверт көргөзүп калган тура. Сак болгула, — деди жумшак дабыштап.

Шайлоонун жыйынтыгында кыргыз да, орус да эмес, башка улуттун өкүлү утуп, карыянын кайманалап айткан кеби калетсиз болуп чыкты.

 

У (ЭКС) > Х

Такай таңга маал туруп алышып, ботаникалык бактын ичинде жайдыр-кыштыр жүгүргөн беш-алты абышка бар. Ассалоому алейкум айтышып, ал жай сурашкан соң:

— Кандай жаңылык эшиттиңиз? — дешет. Бири "Азаттыктан" укканын айтып, кай бирин жактырса, кай бирине кол серпет. "Би-Би-Сини" каза калтырбаган, какшана сүйлөгөн саясатчы чал бирде кер какшык аралата коюп, күлдүрүп алмасын карматат. Айтор, карагайдын ичине күлкүгө, талаш-тартышка толтурмайын коюшпайт. Денени чыйралтаар көнүгүүсүн да ойноп, эл тагдырын да ойлогон кексе карылар ушундайча эс алышат.

— Оо, Батакөй аксакал, жүгүргөн жактан кырк жылга чамалап, бул жагынан да алдыдасыз, ой тапкыч жактан озуксуз, чоң жарыш чукулдап келет. Бул жагынан бир аңгеме-дүкөн куруп бербейсизби, — дешип тегеректеп алышат. Батакөй кары алардын талабын эп көрүп, математикалык табышмакты алдыларынан тартты. Обол мурда өзүнө учкаяктаган филолог кары кагазды окуп алып:

— Игрик, кашаанын ичинде экс, анан береги эмне белги, тигил го — икс.

— Таппаган шумдугуң жок, деди күлүп.

— А-а, — деди көнүгүүгө көп көңүлү чаппай, ыкчам басканга ык алган ветеринардык илимдин кандидаты. — Игрек, экс икстен чоң деп окусак болот. Ха-ха мунуңузда маани жатат. Талаш-тартыш дал ушундан уланат.

— Ушундай теңдемелерди бешинчиден окуган неберем мага көрсөткөнүн, эжеңе чыгартып ал деп койгом. Эми, муну кадимки эле адамдар деп айтсак, эп келчүдөн. Ха-ха-ха, — деп такай акыйкат тарапты таамай айткан чал.

— Ырас, бу математикада кыйла ойлор кыт куйгандай катылуу жатат. Мынабу игрек, кашанын ичиндеги экс дегенди мен мындайча түшүндүм. Экс болсо, мурдагы кызматкер, ал барып, игректи коэффициент катары карманып турганы — азыр дагы колу-жолу бош эмес, иштеп жүрөт деп туюндум. Бул болсо, такыр белгисиз икстен барктуу, баалуу дегендикти билдирет, же калппы? — деди качан болбосун китепти колтугуна кыстара жүргөн кары.

— Охоо, — деди чепилдеген филолог, — мектепте окуп жүргөндө Батакөй аксакалдай математик болгондо ушул илимге ооп кетмек экемин. Мына, эми аңгеме-дүкөндүн дарбазасы ачылды. Ооба, мурда белдүү кызматта иштеп, азыр депутат, же башка бир иш менен алек болгондор өзүн депутаттыкка койсо, эл аны колдоору бышык. Ал эми икс болсо, элге дайны билинбеген бирөө. Балким ал, бийик максатты көздөп, калк кызматын аркаласам дегенде эки көзү төрт чыгар, бирок али жумуртканын ичиндеги балапан сымал, — деп сыпаттап өттү.

— Ээ, — деди ветеринар илимпозу — кашага камалган экс деле оңой эмес, аны колдоочулар табылат...

— Табыларын табылат, бирок, ал экс илгери-кийин абийирине чаң жугузуп алган жокпу — кеп ошондо. Болбосо азыр, көөлөнүп жүрсө да көчөнүн атын койдурам деген көөсөрдөн күйөсүң..

— Ха-ха-ха, — деп филолог кубана күлдү — катыра айттың. Экспромт. Кээде чукугандай сөз тапканыңды жактырам.

— Кеп ошондо, — деди кез-кези менен сөзгө аралаша коюп жүргөн музыкант-обончу, — калк канчалык укса да кулагынын кумары канбаган обондуу ырлар сымал экс-мырзанын элге сүйкүмү артык. Не дегенде, дили таза, үй-бүлөсү, жашоосу адалдан бүткөн ким болбосун: "Адам тура", — деп суктанат. Мындайлар депутат болсо деп тилек этесиң. Бирок, эр жигиттин багынан...

— Андайлардын багын ачкан эстүү-баштуу, аң-сезимдүү эл болот. Эгер ошол чөйрөнү куйтулар аралап, ылайлабаса, — деди кара тору кары тиштене...

— Муну ырас эстеттиң, баса десең... Англиянын "Фигаро" газетасы Америка төртүнчү ирет элди дүрбөлөңгө салып, Украинаны экиге бөлмөк болду деп жазганын телевизордон көрүп, баш чайкадык го. Улуу сепилди уратып, элдин ынтымагын бузуп, адамдарды алтын тыйындан жез тыйынга айландырыш жактан алардын абалтан берки ата каадасы экенин Эмил Золя, Марк Твен, Гюго, Бальзак, Горький сыяктуу улуу жазуучулар небак эле айтып коюшкан. Мына бул игрек жана кашага камалган экс, сыртка таасир деп да түшүнгүлө, — деди Батакөй кары толкундана.

— Мунуңузга кулдугубуз бар, биздин тилек сырттан жугуштуу илдеттин вирусу таркабасын дейли, — деп ветеринар илимпозу сөзүн аяктады.

Филолог чепелектеп болбойт:

— Болор шайлоонун алдын-ала түкшөмөлдөп койдук окшойт. Эми өзүңүздүн ойду угуп көрөлүчү...

Математикалык туюнтманы тапкан кары:

— Негизинен бул жолку маегибиз, үй-бүлө чөйрөсүнөн Ата Журтка аша чаап, андан аалам алкагына дейре көтөрүлгөн ойлорду козгоду. Баарыбыз элибиз адилдиктен тайбаса, биримдиги чыңдалса, калк камына кара башын сайгандарды баалай билишсе, — деген эле тилектебиз. Эл Ата Журттун жүрөгү делинет, жүрөк акактай тунук болсо, биз бактылуубуз. Бул ар бирибизге жараша болот, — деди.

— Табышмактуу туюнтмаларды арбын таап, арабызда аман жүрүңүз, — деди филолог.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Ашымбаев К.А., 2006. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 8262