Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Ашымбаев К.А., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 30 январы

Калканбай Ашымбаевич АШЫМБАЕВ

Акылмандын каухар таш

Притча, афоризм уютмалары

Такай жаңы түр, жаңы мазмун издеген белгилүү жазуучу бул жыйнакка өткөн доордон калпып алган, кара сөздүн ырына кынай салган философиялык маанайдагы притча, афоризм түрмөктөрүн топтогон. Жыйнак «Мамбеталынын айткандары» жана «Акылмандын каухар таш» деген эки бөлүмдү ичине камтыйт. Мурда жарыяланган эмес

Бишкек 2008

 

Ассолоому алейкум, окурманым!

Ата-бабадан калган: «Ассалоому алейкумду» айтып, учурашып алган соң алгы сөзгө өтөйүн.

Жарыкчылыкка көз жарып келген наристенин ырайына жараша, асан чакырылып кандай ат коюлса, китепке деле ошондой ысым ыйгарылат. Колуңуздарга тийген бул жыйнактын аталышы өтө зарылдыктан улам табылды. Не дегенде, адамзаттын жан дүйнөсүн кара чегиртке сымал апаат каптан өткөндөй мүшкүл-ХХ кылымдын аягында ХХI кылымдын башында океандын нары жагынан агып кирген ыплас сел жана кырсыктуу кыян адамдардын аң-сезимин ылайлап; улуттук, нарк, каада, салтыбызга каскак этти. Акылдуулардын жүрөгү сыздады; ар-намыска бөлөп, эркти курчутуп,эстүүлүктү жетилтээр, ыплатсык менен күрөшкө кайраттандырар сөз кудуретин эңсешти..

Эл башына күн түшкөн бир мезгилде акылман жактырган улуу уулуна катып жүргөн каухар ташын берип жатып: «Жан адамга туйгузба башын кетет. Убайымга батканда эч кимге көрсөтпөй урун»— дептир. Анда уулу:

— Ата, иниме айтсам болобу, боордошум го, — дейт.

— Эй, ал акмактыгы менен сенден алды канча бакыбат жашайт,— деген экен..

Дал ошондой ак ниет адал жүрөктүүлөрдү алсыраткан өткөөл доор кез келгенде кийинки урпактардын жан дүйнөсүнө күлазык катары асыл ойдун каухарын төгөйүн деген тилекте жыйнактын атын: «Акылмандын каухар таш» атадым.

Отуз-кырк жылдап топтогон акыл-сезим дүрмөттөрү Сиздердин сезимиңиздерге учкун бүркүп, жан дүйнөңөргө ыйык отту жаймалап, ыпластыкка каршы күрөшкө аттандырсын. Оомийин. Бар болуңуздар.

Калканбай

 

Мамбеталынын айткандары

 

ҮЧ УУЛ

Күндөрдүн биринде карыядан:

— Ээ, аксакал, уулуңуз чоңоюп жатабы? – дептир.

— Кайсы уулду айтасың, менде уул жок, туяк гана бар. Мен силерге үч уул жөнүндө айтып берейин. Бирөө бар атадан арта туулган, бирөө бар атага жете туулган. Бирөө бар атадан кете туулган.

Атандан арта туулган уул жалгыз эле ата-энесине жарыгы тийбей, Ата Журтунун намысына жараган уул, элдин багына төрөлгөн уул. Атага жете туулган уул —. ата конушун ардактаган уул, ата салтын ыйык туткан уул. Атадан кете туулган уул — жат элдин жорук-жосунун күткөн уул, ата эненин шоруна бүткөн уул, эл намысына көлөкө түшүргөн уул, мындайдан барынан жогу.

 

ЖАШОО КИМГЕ ЖЕҢИЛ, КИМГЕ ООР?

Мамбеталыга бирөөлөр минткен экен:

— Айтыңызчы, аксакал, кай бирөөлөр бакытка баруучу жолду таап алып, тез эле манчыркап, тез эле түтөп жатат. Ал эми кай бирөөлөр таз кейпинен ашпай жүрөт.

Бул собол карыянын өзүнө да тиешелүү эле, анткени ал мурдагысынан жүдөөңкү жүрүп калган. Карыя жер карап туруп, үн катат:

— Намыс-арды коюп, бирөөлөрдүн колтугуна кирип, күнүмдүк олжого жана мансапка кумар туткандар бар. Буларга утурумдук жашоо бейиш өңдөнгөн менен түбөлүгү кейиш. Ал эми абийрине чаң жугузбай, азыноолак тапкан-ташынганына каниет этип жашагандарга күнүмдүгү куурал өңдөнгөн менен түбөлүгү жыргал. Бакытка барчу кыска жол жок, анын акыр жагында сормо саз жатат.

 

ӨМҮР КАЙ МААЛДА КЫСКАРАТ?

Акылман бул суроого төмөнкүчө жооп кайырган:

— Өмүрдү муунай тургандардын ичинен жойкундуусу булар: бут көтөрө алгыс курсак бар да шагын көтөрө алгыс бутак бар. Булар жарыкчылык менен эртерээк коштошот.

Эл ишенбес чунак бар да эзелтен тарпка ынак бар, куурай башын сындырбаган тумсак бар. Булар тирүү болуп санда жок да өлүү болуп көрдө жок. Жамандын жанында өткөн өмүр — уйпаланган гүл, ылайлаган булак, кыроо чалган шибер.

 

КЫЗ КАНТКЕНДЕ БАКТЫЛУУ БОЛОТ?

Ашкере жасана кийинип, боек шыбанган аял карыядан муну сурайт:

— Айтыңызчы, кызым канткенде бактылуу болот?

Карыя бир көзүн жумаар-жуммаксан этип, аялдын тула боюна көз токтотуп алган соң дегени бул:

— Эгер акылы жетик, дили зирек кыз болсо, ага карапайым жүрүп, табыят берген өңдү жерибешин каалар элем. Эгер сырга бек кыз болсо, элге тили менен байкалбай, дили менен, кыял-жоругу, жаракөрлүгү менен алынсын. Эгер намыска бек кыз болсо, уургачы узанаар өнөрдү бүт үйрөнсүн да кир чалбаган актыгын кадырын сактасын.

 

КАРЫДАН ЖАШ СУРАБА

Чачын желкесине чаптырган, жынсы шымдын такымына стоп-сигнал бастырган улан бөкчөңдөп бараткан абышкага чукулдай барып:

— Привет, старик! — деди.

— Келекет дедиңби?

— Салам айттым.

— Саламат жүр, жарыгым.

— Старик, деги канчадасың?

— Сексендемин.

— Оо-уу, ошол жашыңыздын жетимишин гана мага бергин, — деди ала буурул болул алган бечара.

Мамбеталы башын көтөрө берип, күлүмсүрөп койду:

— Балам, карыдан жаш сурабай, кеп сура, узак жашап тирүүсүндө унутулгандар бар, кыска жашап кылым бою калк жүрөгүндө калгандар бар. Буларды айра албасаң, өмүрүң сая кеткени.

 

«ҮНҮҢДҮ ӨЗГӨРТ, КЫЗЫМ!»

Мамбеталы кыз-күйөсү тарапка бет алат. Аны өңдаалаттан кеткен жээндери тосуп алат. Бир оокумда жер сууну бузган ачуу чаңырык чыгып, күйөөсүнүн жер-жеберине жеткен ‚ заар тил агытылат. Мамбеталы үйгө кире албай, башын салат:

— Таятам келди…

Ачуусун зорго тыйган кызы кымырылып калат. Ал эми көзүн жашылданткан күйөөсү сыртка чыгып кеткенде карыя кызын кашына кармап туруп, дептир:

— Кызым, үнүң заар, тилиң уу болуп баратыптыр. Ушунчаңда үнүңдү өзгөрт да тилиңди тартып, уусун жогот, жок, минте берсең, тентектериң тирүүлөй жетим калат да терезеңди тентиген мастар кагат.

 

СИЗДИ КИМ БААЛАЙТ?

Карыяны сөзгө сындырмакчы болгон бирөөлөр:

— Аксакал, бу сизди эч ким деле сыйлап-урмат эткенин көрбөдүм, деги сизди баалагандар барбы? — дептир.

Анда карыя кабагын жаркытып туруп, мындайча сөз жөнөтүптүр:

— Каерде сөз бааланса, мен ошол жерде баркталам. Каерде акыйкат таанылса, адамкерчилик шаңына чыкса, ошол жерде гана сыйлуумун.

 

БАЛАНЫН ПАРЗЫ

Карыя катуу тумоолоп, төшөк тартып жатып калганда баласы сыртта чогулган элге:

— Ээ, абышка токсон ашты, непада тоголонуп кетсе, той түшүрүп, тоо ташын уратып келип, атын алтын жалатып жаздырып коём, андан артык эмне керек? — деп компойгон экен.

Аны кулагы чалган атасы баласын чакыртып алып, мындайча керез-муразын айтыптыр:

— Уулум, атасы ары карап кетсе, Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык жасатып, аска ташын жара тарттырып туруп, ысмын алтын жалаткан менен атага наалат келтиргендер бар. Мындай учурда ата бир өлбөй эки өлөт. Эгер мени эл эскере жүрсүң десең: «Баягынын уулу адам болгон тура” — деген атка кон, ошондо эл, «Оо, маркум өлгөн эмес тура»— деп арбагыма баш ийишет. Жок, кемпай болсоң: «Оо, кайран киши биротоло өлгөн тура»-деп кейишет.

 

АЛТЫН КАТЫЛГАН ЖАЙ

Аксакал, айтыңызчы, алтыны барлар кандай жашайт?— дептир жаш улан.

— Темир торлуу каалганын нары жагында…

Алиги жигит элее тартып:

— Темир торлуу каалга жасаткандын баарында алтын барбы?

— Ээ, уулум, темир торлуу каалгадан көп неме жок.

Түрмөнүн эшиги да темир торлуу. Анткени анын нары жагында алтын баштуу эрлер жатат. Алар өз башын сары темирден төмөн санагандар. Ал эми темир каалга жасаткандар өлүү дүйнөнү адамкерчиликтен бийик койгондор, булар мейманды аз күтүшүп, ууруну арбын чакырышат. Ал эми темирден коргон курдуруп, алтынын көрүстөндүн үстүнө зарптагандар бар, булар күнөөсүн ошону менен жаап-жашырып, түбөлүккө унутулбай калыштын амалын ойлогондор.

 

«ЭКӨӨБҮЗДҮН АЙЫРМАБЫЗ КАЙСЫ?»

Байлыгына жана айлакерлигине чиренген бирөө: «Абышка, экөөбүздүн айырмабызды айтып берчи?» — дептир.

Акылман кары үнүн жумшарта уялыңкы мындай дептир:

— Мен өзүмдү өлөрчө сындап, өзгөлөрдүн жакшы жагын даңазалайм. Сен болсоң, өзүңдү көтөрө чалып, өзгөлөргө көө жабасың да ошондон олжо табасың.

 

«АКЧА КӨМӨТ»

Бир зыкымга ата-туугандары наалыптыр:

— Көрүнгөнгө жаман-жакшы көрүнүп, жыйган акчаңды көрүңө кошо ала кетесиңби?

Анда алиги зыкым:

— Кокус өлсөм, мени туугандар көмбөйт, акча көмөт, — дейт. Муну кулагы чалган карыя:

— Ал кебиңде калет жок..Акчадан абийир төгүлөт, ар-намысын алтынга айырбаштаган тирүүсүндө өлөт. Ошентип асыл ташка корумдалып, акча менен кошо чиригендер канча — деген экен.

 

МИДИН КАНДАЙ ЭЛЕ?

Жашап калган, бети башын түк баскан киши автобуста бак-бак этип, ар кимге асылып, көрүнгөндү жадатып баратты. Акыры маңы жапыс көрүнгөн Мамбеталыга жабыша кетти:

— Сен, эмне мурчуясың ыя, сен эмес, Мидинди жеңгем ! Мидин кандай эле?

— Оо кайран Мидин десең... Жаркылдап, элди тажатмак түгүл, таман алдынан тамаша тапкан жан эмес беле? Асты көөдөн кагып, көпчүлүктү жадаткан нарк билбес, салт билбес кемпайды мыскылдай турган. Кара курсактын камын жеп, калктын ырыскысына сук артканды, жылтыр-мылтырга азгырылып, акылга жолтоо болгонду мазактай турган.

— Эл дуу күлүп жибергенде алиги кишинин башы шылк дей түштү.

 

БАЛДАР БААРЫН БИЛЕТ

Бир маңыз Мамбеталыны сөзгө жыкмак болуп:

— Эмне эле сени көчөдөгү балдар “аталап” калат, — дейт.

Анда акылман кары минтиптир:

— Балдар жакшыны ата ордуна кармайт, «жаманды» мокочо деп санайт, балдар баарын билет эмеспи.

 

«МЫНДАН АРТЫК НЕ КЕРЕК?»

Төр бербей, чатырап, алагүү тартып олтурган топтун үстүнө жупуну кийинген, көзгө комсоо көрүнгөн, сары чийкил абышка салам айтып кирип барат. Баласы курдуу жигиттер төрдө, сакалдуулар иреге тарапта экен. Мамбеталыга чай куюлбай калат. Не дегенде, муруңку меймандар чай ичип бүтүп, ичимдикке өтүшүптүр. Анын үстүнө кайнаган чай түгөнүп калган шекилдүү. Үй ээси шашкалактал, карыяга коньяк сунат:

— Кечигип келдиң, абышка, менин тоюмда бир алып бериңиз…

Азыркы айрым сөзгө онок жаштар «аксакал, аба, ата, аке-үкөнү» коюп “абышкага”оозу эп дей түшөт эмеспи.

Мамбеталы нандан ооз тийип, үн катпай олтуруп алат. Анда төрдө олтурган күлчүгуй жаш жигит демите дабыш салат:

— Ичпейсиңби, абышка, сага мындай коньяктан артык эмне керек?

Мамбеталы күлүмсүрөп, обдула берет:

— Балам, уулум менен жашташ көрүнөсүң, ошол себептен балам дейин. Үй ээси айткан абышканын бири болсом, маңсабыңа карап, “аксакал” атамакмын. Улууларды жаш келинче босогого камап коюп, төрүмө алчактатмакмын. Бирок мен балам дейин, дале “упчу эмген” бала бойдон окшойсуң, уруксат болсо, унута элегимде эсиңе салып коёюн, кереги тийип калар.

Эл дуулдап:

— Айтыңыз, Маке, айтыңыз, — дешип туш-туштан жаалап жиберишет.

— Айтсам ушул, балам, “мындан артык не керек?” дедиң. Карган мендей чалга көр оокаттын, көп тамактын тыйынча баркы жок. Төр силерге буюрсун. Мага жүрөгү таза, калк тагдырына кабыргасы кайышкан, сөз билги, нарк билги адамдар керек. Карыга абийир кымбат. Мени тойго чакырган адамдын дасторконуна ушул ак тилекти билдирейин дел келгем. Парзымдан кутулдум.

Жакшы олтуруп, жайынча мейман болуңуздар, — деп бата тилеп, чыгып кеткен экен.

 

ҮЙ ЭЭСИ КИМ?

Аялы менен акыйлашкан жигит карыядан акыл сураптыр:

— Айтыңызчы, аксакал, деги кимибиз үй ээси болобуз? Аял мага баш ийиши керек го.

— Кимиңердин кабагыңарда жылдыз жанып, үйдөгүлөрдүн жүрөгүнө таң атырып, көргөн билгендин көөнүнө чырак асып турса, ошол үй ээси. Кимиңердин кабагыңарда иңир жабылып, бирок ‚үй ичи жылтыр-мылтырга толуп турса, ал мүлк ээси.

 

ӨЛҮМ АРЗАН, ЖАШОО КЫМБАТ

Мамбеталыга жаш жигит муңун төктү. Колуктусу энесине өч чыгып, заманасы курулуп, айласы түгөнгөнүн, не келинчеги, не энеси эпке көнбөй, күнүгө ыйкы-тыйкы менен өмүр өтүп, элдин бетин карай албай калганын кан какшайт:

— Бул көрөкчө өлүп тынайын, жүрөгүмдү уу-кайгы мыжып бүттү.

Анда Мамбеталы:

— Бир аялдын азабынан өлсөң анда акылдан адашканың. Сен өлгөн соң ал башка бирөөгө баш байлайт да сен биротоло унутулуп каласың. Андай өлгүң келсе, эл намысы үчүн жан кыярлык жерде иште. Анда сен түбөлүккө унутулбайсың. Өлүм арзан, жашоо кымбат, — деген экен.

 

АКЫЛ КАЙДАН ЖАРАЛАТ?

— Ата, акыл кайдан жаралат? — деп калды күзгүгө каранып олтурган кызы. Анда атасы:

— Акыл бир эле күндө быша койбойт. Ал тер менен өнүп, жаш менен сугарылып, күлкү менен орулуп алынат. Акылды күзгүдөн эмес, китептен издейт, — деген экен.

 

АКЫЛДУУНУН БЕЛГИСИ

Небереси чемичке чагып, автобустун ичин булгап баратканын көрүп, атайлап тим койду. Бир оокумда көгөн көз, сары жигит чылым кармаган колу менен зекиди:

— Эй бала, автобусту ыпыр-сыпырга толтурба!

Мамбеталы баласына дегени бул:

— Бул акылды көнүлүңө түй, балам. Мындай жерде үнүңдү күчөтпө, чылым түтөтпө, турган жериңди ыпласка чөмүлтпө. Акылдуулук көпчүлүк жайда таанылат.

 

ДОС ЖАНА ТААНЫШ

Байлыгы менен атасын ызаламакчы болгон думбул кара киши кеткен соң небереси буларды сурады:

— Ата, биздин досторубуз барбы?

Карыя уулуна буларды баян этет:

— Ким эл камында жүрсө, ким акыйкат тарапта болсо, алар биздин досторубуз.

Небереси сөз талашат:

— Баягыда бизди мейманга чакырып, сага көйнөк кийгизген кишичи?

Чоң атасы баланын көкүлүнөн сылады:

— Уулум, алар биздин жакшы тааныштар..

 

ТИЛЕМЧИЛИК

Кай бирөөгө кош колдоп, кай бирөөгө бир колдоп, кээсине баш ийкеп, ал ами Мамбеталыны көрмөксөнгө салып, жандап өткөн жигитти жактыра бербеди:

— Ата, бул ким?

— Уулум, ал жалган атакка, мансапка тилемчилик эткен бир бечара.

— Сизге салам берген жок го…

— Акыйкаттан ал коркот, чындыктан заарканат, кошоматчылар ушундай эл болот, эки жүздүү.

 

СОТТУ ТААНЫЙСЫҢБЫ?

Алтымыш таяп калган кары Мамбеталынын ичкердеги уулуна келди:

— Баламды кырсык басып, иши кыйындап турат. Сотту тааныйсыңбы?

Уулу жооп кайыргыч Мамбеталынын дегени бул:

— Өзүнүн жардамсыз кылык-жоругун өзү күн санап өкүм чыгарып турган сотту тааныгысы келбейт.

Тула боюн күнүгө ийлеп жүргөн доктурду тааныбайт,доллар жыйнап, элдин кыйнап жүргөндөр кудайын тааныбайт.

 

КЫРСЫК КИМДИ БАСАТ?

— Кырсык бир басса куюшкандап алат экен? Деги кырсыкты кайдан деп болжошко болот?

Карыя аны кыйгай карал алып, жумшак дабышка салып, дегени бул:

— Кырсыкты өзүнөн эмес, башкадан, кала берсе, кудайдан издегендер бар — булар кырсыкка зилдеген бечаралар. Өзүнө катаал, өзгөгө март адам кырсыктан сырт калат. Ызалыкка жеңдирбеген, азгырыкка эңдирбеген, жыргалчылыкка делбирбеген жигит кырсыктын торуна чалынбайт.

 

ЭСИ ЖОККО ЭРЕГИШПЕ

Тээ нарыдан эле алкынып, кошуна кемпир келатты:

— Качан болсо эле менин балама тап. Бул кандай жашабагыр эле. Кой деп койгондун ордуна корстон болуп калышат..

Небересине болушуп, ачуу үнүн агыткан кемпирди карыя күлүмсүрөп карап турду. Кемпир уулун жетелеп кеткен соң небереси өпкөлөдү:

— Ата, эмне болушкан жоксуң, ал өзү тийишкен, энесин көрө коюп ыйлап жиберди...

— Уулум, энеси болушчаактын баласы ыйлаак деген ошол. Ал эми сен ага караганда акылдуу эмессиңби, эстүүлөр дайым көтөрүмдүү жана кечиримдүү келет.

— Ал өзү келип тийишсе делеби?

— Эстүүлөр эси жокко эрегишсе, дайым айыпка жыгылып келген. Эси жокко эч ким таарынбайт, анткени ал кеп жебейт, күнөөсүн сезбейт. Эстүүгө эл минтип наалыйт: «Акылдуу болуп туруп, акмакка теңелгенин кара!»

 

АЙБАНДАН МУРДА АДАМДЫ АРДАКТА

Көп кабатуу үйдөн кай бирөө күчүгүн жетелеп чыкса, кай бирөө мышыгын көтөрүп, мактаныч этет. Небере чоң атасына жаракөрлөнө муну айты:

— Ата, атаке дейм, папама айтчы, мага да күчүк сатып берсин, Үйрөтөт элем.

— Уулум, мышыкты жондон сылап, эркелеткени менен элге жылуу сөзү жок мерес бар. Күчүгүн ары-тур, бери турга үйрөтөм деп, өзүн сыпаа жүргөнгө көндүрө албагандар канча. Сенден суранарым, айбандан мурда адамды ардакта. Элди сыйлаганың— өзүңдү сыйлаганың.

 

АЛАКАН ОТУ

Боз улан үн катпай кирип келип, көзгө комсоо карыны тиктеп калат. Мамбеталы уланга жылуу ырайда карап, озунуп салам айтат. Андан соң дегени бул:

— Балам, кимге болбосун озунуп салам айтсаң, уккандын көңүлүнө таң атат. “Адам тура” — дешет. Демек, адамдын ыйык сапаты — саламдашуу.

Саламдашкан сыйга тете. Баш ийкеп, же кол берип, ар кандай жүздөшкөндөр болот. Мен адамдарга салам айтып, алакан алыштырып койсом, алардын алакан оту аркылуу төрүнө өтүп, очогуна жылынып кайткандай каниет алам. Бир айылдын адамы менен кол алышсам, бүт эл менен учурашкан болом. Бул тирүүлүктүн бакыты.

 

«ЖАМАНДАН — ЖАКШЫ»

Бир олтурушта көрүнгөнгө кырдана сүйлөп, байлыгына, курулай даңкына чиренген бирөө минтип калды:

— Турмушта кызык болгудай. Тигил Темирбек жамандын баласы мыкты окуйт, жакшы жүрөт деп мугалимдери макташат. Баланын сергек болмогу акыл айткандан эмес го деп калдым.

Мамбеталы обдула берип, сөз жөнөттү:

— Айткан кебиңде калет жок, иним. Темирбек жаман таң-күн талаада суу жайып жүрүп, суудай тазалыкты күткөн. Күнгө какталыл жүрүп, жүрөгүнө ыйык отту топтогон, таза авадан дем алып, сезимин тазарткан да маңдай терин кургаткан. Ошентип ал үйүнө булактын тунуктугун, күндүн аптабын, салкын желди алып келип турган да балдарын ошол ыйык нерселер менен оозанткан.

Ал эми, Сиз, жакшы дегендер болсо, дыйкан айтпаган укмуштай акылды ашкере шыкаган да ошол кебине төп келбеген кылык-жорукка батып, куйтулук, жагынпоздук жана кара өзгөйлүк иш менен арам тамак таап, балдарын ошону менен оозанткан. Акылдан мурда уурунун ашы, ушактын уусу жаш жүрөктү туткундап алган. «Куш уядан эмнени көрсө, ошону алат».

 

КАРАКТОО ЖАНА КАЙРЫМ

Кызматынан жыдып, жылдызы түшкөн бирөө акылман карыга муңун чакты:

— Кечээ колдон бирдеме келип турганда жаман туугандын баарына жакшылык арттырдым эле. Үзөнгүдөн бут тайыганда саламга келмек түгүл, кайдасың деген бирөө болбоду. Аларга караганда запкы көрсөткөн жатымдан жылуу кеп уктум.

Акылман каадасынча күлүмсүрөп алды:

— Туугандарым менин жакшылыгымды татытпады деп наалыдың. Таттыбаган себеби — аларга сен өз жаныңдан берген эмессиң да элдин эсебинен көңүл алгансың. Калкын карактаган кадыр—барк күтпөйт. Бул бир.

Жана дагы «Запкы көрсөткөн жатымдан жылуу сөз уктум» — дедиң. Сен аларга катаал болуп, сары изине чөп салып тургандыктан алар көнүп калган жеринен, көзүнүн карегиндей күткөн кесибинен айрылгысы келбей, жанын таштап иштеген. Ошентип алар күндөн күнгө чыйралып да, ар тараптан өсүп да олтурган. Качан гана сен түшкөндө: «Бул болбосо, биз мынчалык өспөйт элек» — деп сага жылуу сөз айтып жатканы ушундан.

Бул окуядан улам муну кулагыңа салам. Балаңды канчалык эркелетип аясаң, ал сени кийин карактайт. Аны канчалык түйшүккө малып турсаң, акыры бакытка чулганасың.

 

“АКЫЛ АЙТЫП НЕ КЫЛАТ?!”

Автобус күтүп турган элдин арасынан боюна карбаган, ырайы ошого келишкен бирөө жаш жигитке акыл айтып жатты. Аны уккан модалуу кийинген жаш кыз мурдун чүйрүп, тетири бурула берип күңкүлдөдү:

— Кейпи тигил болсо, акыл айтып эмне кылат экен?!

Аны эшиткен Мамбеталынын элге угуза дегени бул:

— Кызым, ал бечара мении таз кейпимди кийип калба деп алдын ала эскерткени. Ырайы суук адамдан ыймандуу сөз чыгарган унутпай жүр. Жакшы сөз — жарым ырыс деген. Машина майсыз жүрбөгөн сымал адам акылсыз өмүр сүрбөйт.

 

БЕЛГИСИЗ ЫЙ

Түндүн бир оокумунда үй ээси чочуп ойгонду. Шамал боз үйдүн туурдугун делпилдетип, ыраактан озондогон үн чыккансыйт. Ал муңдуу үн бирде күчөп, бирде пастайт. Жети түндө кайгынын уусун жуткан ким? Эзели мындай шумдук укпаган сырттык жайлоолоп келген Мамбеталыны ойготту. Ал тыңшап туруп, бырс күлүп жибериди:

— Кечинде силер шыпкаган бөтөлкөнүн оозу шамалды карап калган тура. Ар кандай азгырмалуу нерсенин алды — күлкү, арты — ый, муң деген ушул.

 

АРДАНЧААК ТУУГАН

Мамбеталынын жакын иниси мекеме башчысына көтөрүлөт. Алыстан ал-жаны калбай салам айтчу тууганы саал пейил күткөн өңдөнүп, анда-санда кабинанын терезесинен баш ийкеп койчу болду. Ушул арада Мамбеталыны кадырлаган бир-эки азамат келип:

— Иниңиз тегерегине кошоматчы, кууларды топтоп алды. Алыска узабас, — деди.

Мамбеталынын ичи түтпөй, ошол күнү кечинде инисинин үйүнө барат:

— Иним, айып көрбөсөң, бир кеп айтсам кантет?

— Айтыңыз, ал кандай кеп экен?

— Бир аз ачуураак кеп, дары кеп... Бетке чабар, акыйкатты ала жүргөн адистердин кебине ардыгып, аларды кызматынан сүрбө. Сөздү бетиңе айткандар кадыр-баркыңа жетет, убадасында турат да ишиңди оңойт. Аларды бооруңа тартсаң зоболоң артып, сепилиң бекем болот.

Асты тили жумшак, дили катуу кишини боюңа үйүр алдырба. Андайлар арбып кетсе, бир сага эмес, миңге залалы тийип, ишиңди ойроңдойт.

Иниси ормоё карап алды:

— Ээ, жарыктык, биздин ишти билбеген соң кийлигишип эмне кыласыз?

Акылман башын экчеп алып, деп турганы:

— Кечирип кой иним, акылды сүйбөгөн адистик арбын болорун эми гана туйдум...

 

АДАМДАН АДАМ НЕ ЖАТЫРКАЙТ?

Олтурган жерде сөзгө конок бербей, маңызданган бирөө наалып коё берди:

— Ким болбосун тайынып-танышам, анан эле сыйымды көрүп алып, карабай кетишет.

Ушундан улам олтургандар:

— Кана, Маке, кай убакта адамдан адам жатыркайт? — дешти жабыла.

Карыя эки жагын каранып алып, сөзгө кирди:

— Чөлдө жашашка болобу?

— Кайдан?

— Эмесе, жан дүйнөсү чөлгө тете кишилер бар. Аны менен баарлашайын десең, не сөзүңө түшүнбөй, не акылыңа аңдабай, суусатып коёт. Мындайдан жатындашың болсо да жанына жологуң келбейт.

— Туз төгүлгөн жерде өсүмдүк өскөнүн көргөн белеңиздер?

— Жок, Маке...

— Андай болсо, үнү заар. тили уу бирөөлөр бар. Жанында турсаң да кыйкырып сүйлөйт. Тамашалайм деп, шаабайыңды суутат, назарыңды сындырат. Таап сүйлөйм деп, каап сүйлөйт. Мындай менен куда-сөөк болсоң да кутулгуча ашыгасың...

Эгин сугарайын деп суу жыгып келсең, утуру эле орто жолдон бирөөлөр жыгып кетсе, кандай болот?

— Кыйноо эмеспи, Маке?!

— Эмесе, мындай жыйында, маңызданган бирөө сөз талашып, айтар оюңдан адаштырып турса, ардемелерди бабырап, эзмелей берсе, өзүңдөн өзүң беймаза болуп бүтөсүң. Андай менен ким деген алышып-чалышсын.

 

“КИМ ЭМНЕ АЛЫП КЕЛДИ?”

Баласынын туулган күнүн белгилеген бирөө, туугандарын, жакшы санаалаштарын чакырыптыр. Ар-кимиси белек-бечкектерин булактатып берип жатты. Мамбеталы кары куру кол келгенин көрүп, алтын тиштүү аял:

— Кана, чоң атасы уулуна эмне алып келди экен, көрөлүчү? — дептир эликтеген өңдөнүп, көз кысып.

Карыя бала тарапты карап алып:

— Уулум, узак өмүр сүрүп, ошол өмүрүн өлүү дүйнөгө айырбаштабаган адам болсун деген ак тилек алып келдим, — деген экен.

 

ЖАКШЫЛЫК КАНТКЕНДЕ ТАТЫЙТ?

Бир жигит карыяга датын айтып, туугандарына наалыган имиш:

— Менин жакшылыгымды туугандарым татытпай койду. Бирөөнө саман түшүрүп берем, бирөөнө мүшөктөп жем берем. Дагы бирөөнү үйүмө мейман келген сайын чакырам, бирок бир да бирөө: «Ой, ушул бечаранын жакшылыгы өттү, биз деле сыйлап коёлучу» — дегенге жарашпайт. Көрсө, кишиге жакшылык арттырып бекер тура, — деп бакылдайт.

Анда карыя ойлонуп туруп, мындай дептир:

— Уулум, сен туугандарыңдын ишин бүтүргөндө бир бөтөлкө таткандырдың беле?

— Аны ким болсо алып берет, сыйлады, ичтим...

— Демек, жакшылык сатылып калган. Жакшылыгын саткан абийрин сатканга тете. Жакшылык эч качан дооланбайт жана соодаланбайт. Аны эстен чыгарып койгондо гана күн өткөн сайын күчүнө кире берет, — деген экен.

 

ӨЛӨМ ДЕПТИР

Бир жигит туугандарын кыйнап: «Өлөм!» дей берет. Нары айтышат, бери айтышат, дале болбой, өлөмдөн башканы оозанбайт.

— Өлсөң мына, деп анын алдына бычак таштаган экен. Анда жигит бычактан бир аз оолай берип, дале баягы сөзү: «Өлөм».

— Уксуз ичип жиберип өлчүмүн деп коркуткандар бар, муну менен кандайсың? — дешип, алдына бир бөтөлкө уксуз коюшкан экен, жигит аны четке жылдырып, бир аз дымып калат деле: “Өлөмгө”салат.

— Муунуп өлгөндөр бар, мына аркан дешип, алдына жаңы эшилген көтөрмөнү коюшат. Жигит мында деле, өлгүсү келип, бирок өзүн өзү өлүмгө кыйбай туруп алат. Бирок неликтен анткенин тук айтпайт. Туугандарынын турасы түгөнгөндө карыяга келип, болгон иштин чоо-жайын туюндурат. Карыя ойлоно калып:

— Акылсыз эки түрлүү болот, бири өлтүрөм деп коркутса, бири өлөм деп жан кейитет. Бул жигиттин алдына эки бөтөлкө арак коюп көргүлө. Арактан өлгөндөр ырдап жатып, жыргап жатып жүрүп кетчү эле, — дейт.

Баягы бечаранын алдына арак койсо, мас болуп алып, бирөөнү бычак менен качырат, бирөөнө уксус чачат, дагы бирөөнү аркан менен сабайт.

Эртеси соолукканда:

— Түндө эмне мени өлтүрүп койгон жоксуңар? — деп башын шылкыйтыптыр. Анда карыя ага жан тарткан жана аяган өңдөнүп

— Сенин өлгөнүң качан?! — дептир.

 

БЕШ ЖОЛДОШ

Бир жаш улан карыядан кеңеш сураган имиш:

— Чоң ата, мен кимдерге жанашсам, жакшы жашай алам?

Карыянын кайырган жообу бул:

— Уулум, эл арасында айтылып жүргөн беш жолдош бар, ошону эсиңе салайын, тандап ал. Жакшыга жалашсаң зоволоң артат, жаманга жанашсаң күнөөң артат. Байга жанашсаң сараңдыгың артат, кедейге жанашсаң жоомарттыгың артат. Балага жанашсаң кыялың артат. Мына ушулардын арасынан бирөөн тандап алгын.

 

БИЛИМДҮҮ КАЙ УБАКТА ТААНЫЛАТ?

— Ата, азыр диплом алгандар абдан көбөйдү. Бирок сиз ошолордун кимиси билимдүү экенин кантип тааныйсыз?— дептир бир жигит.

Анда карыянын деп турганы:

— Балам, билим кай бирөөнүн тилине жуккан да кай бирөөнүн дилине сүртүлгөн. Көп окуганын көрүнгөн жерде айта берип, адамды жадаткандар кездешет, бирок ал ошол окуусун ишине колдоно албаган. Демек, илимдин күчү тилине чыккан. Ал эми кай бирөөлөр бар, сөзүнөн жана ишинен таанылган. Сөзү өлсө, өзү өлчүдөй кайгырган, иши аксаса, ырысы бөксөргөндөй кейиген. Карапайым жана кечиримдүү, адилет жана антка бек андай кишиге билим дилине уялап, канына сиңген. Өзү билгенди жеке эле өзү убайын көрбөй, өзгөлөргө да үйрөткөн, мындайды билимдүү деп санайбыз.

Сыртынан киши даап учурашкыс адамдар бар, алар деле дипломдуу эмеспи, чоң ата.

— Алар билимпоздугуна кекирейген куу чирендер. Андайларды карапайым калк: «Оо, билимсиз белем”, — деп коюшат. Билимсиз дегениң — адамкерчилиги жана абийри чакталуу дегенди туйгузат.

 

ЭСТЕЛИК БОЛСУН

Карыя мончого барса, бир жигит акалактап болбойт:

— Абышка, келе аркаңызды жышып берейин...

Карыя ичи жылып, бата берет. Ал шум бир аздаң соң:

— Эстелик болсун, ушул шыпыргыңызды мага кыйыңыз, эскерип жүрөйүн, — деп эпилдейт.

Анда карыя минтиптир:

— Уулум, шыпыргы түгөнөрү менен мен кошо унутулам, андан көрө бир сөз айтайын ошону эстеп, айта жүр, — дейт.

— Айтыңыз...

— Бирөөнүн буюмуна сук артып, эстеликке сурабай жүр, жашыңдан сук аталып кетесиң, бекер табылган оокат сенин кешигиңди кедейтип коёт. Мына ушул сөз сезимиңди утуру желпип, көчөдөн жугузуп алган чаңды тазалап турат, — деген экен.

 

КАНДАЙ КИШИ БАКТЫЛУУ БОЛОТ?

— Ата, канткенде бактылуу болобуз, бактылуу бол деп бата бердиңиз, айтканыңыз келсиң — дептир бир жигит.

— Уулум, жалгыз кишинин бактылуу болгону бул ач көздүк, ал барып акыр түбү кырсыкка такайт. Жалпы элиң менен бактылуу болгонуң ал — ынтымак-ырашкерлик. Сен элиң менен бактылуу бол, ошонун өзү баа жеткис бакыт.

 

АШТЫ КАНТИП СИҢИРСЕ БОЛОТ?

Курсактуу жигит карыяга ушундайча собол салган экен. Карыя аны карабай туруп:

— Эгер сен майлуу этти баса жесең, анда койчу бир күндө тоого канча жолу чыгып, кайра түшкөн болсо, ошончо убара тарт. Эгер сен, нанды арбын ашап койсоң, дыйкан ошол данды кандай азап-тозок менен өңдүрсө, сен, ошончолук арам териңди агыз, — деген экен.

 

КӨПТҮ БИЛГЕНИҢДИ КӨРӨ АЛБАДЫК

Көптү билип, көптү көрдүм деген жигиттердин бири карыяга тийиштик өңдөнтүп, муну айтыптыр:

— Аксакал, сиз, эми бүгүнкү турмуштан артта калдыңыз, китеп окубасаңыз керек, киного деги барбайсыз, музыканы укпайсыэ, чет өлкөлөрдү кыдырган жоксуз, — деп аны үй күчүк абышканын бирисиң, көптү билбейсиң деген өңдүү келекелеген өңдөнөт.

Карыя башын ийкегилеп, жумшак күлкүгө салып деп турганы: -

— Аның ырас, айланайын, Бай уулу Калыгул: «Кийинки жакшы, биз жаман өтүп барат бир заман деген экен» Анын сыңарындай биз, албетте, доор менен канатташ жашай албадык, бирок, буюрган даамын татып жатабыз. Киного барбаган жөнүбүз бар, доор түрлөнгөн сайын, аларың да миң кубулжуп турат экен, бир жаман жери силер өңдүү кыз кыркын, келин— кесек, улуу-кичүү болуп, ал кинолорду көрүшкө дитибиз тартпады. Биз, эски нусканы бекем тутуп калгандык кылат экенбиз. Ошентип, улуттук каада-салтын тушамышын үзүп кете албадык. Мына силерге бул заман жарашат, көчөдө өбүшүп, үйгө сөгүшүп улам төшөк жаңыртып турсаңар, көптү көргөндүк деген, өскөндүк деген ушул эмеспи...

— Ой, аксакал, ой-ой, туздап кирдиңиз белем... Ха-ха-ха.

— Билем сиз, Америкада, Швецарияда, Кытайда болдуңуз. Дагы бир топ жерлерди кыдырсаңыз керек. Аяктан ала келген белек-бечкегиңиз барбы?.

— Бар, балдарга магнитофон, фотоаппарат, музыкалык аппарат...

— Аа, түшүнүктүү буюм.-тейим деңиз... Менде чет өлкөлөрдү кыдырышка каражат жок, бирок аяктагы досторум кат жөнөтүп турат. Өгүнү Люксембургдан бир таанышым мындай деген дубай салам жибериптир: «Бизди туш тарабыбыздан капиталисттик мамлекеттер курчап турат. Бизде да айрым “билимпоз” өңдөнгөн жаштарыбыз, чет өлкөлөрдүн музыкасына табынып, алардын жорук-жосунун туурап, улуттун каада-салты, наркынан ажырап, өз элин жерий баштады. Алар акыры эл ичине бата албай калды. Силерде да ошондой белимчи, жылтыр-мылтырга берилип кетме, улан-кыз арбын болуп, улам кийинкилерди азгыра берсе, анда улуттун аты гана калып, сыймыгы, ар-намысы, жан-дүйнөсү өчөт дептир. Сиз, көптү билип туруп, ушул жагын ойлодуңуз бекен?

— Айтыңыз, аксакал, айтыңыз...

— Швейцарияга каттадым дедиңиз, билем сиз аякка алтын алып барып каткан жоксуз, бирок алтынга алмашпай турган улуттук музыкабыздын үнүн өчүрө турган аспаптарды артынып келипсиз. Ошол эле Швейцарияда окумуштуулар токсон децибелден ашып кеткен айкырыктуу аспаптарды эл арбын каттай турган жерлерге койдурбай жатканын, ал адамдардын психикасына зыян келтирип, аш казанын жаралай турганын далилдеп коюшканын билбей келгениңизге жол болсун... Ал эми жылт-мылт эткен лазердик аспаптар адамдардын көзүнө каскак экенин чет өлкөлүк окумуштуулар небак эле далилдеп: «Ашык көз жок, телевизорду аярдап көргүлө», — деп айтканын укпай келгениңиз өкүнүчтүү. Чет өлкөгө баргандар алардан эмнени көрсө, ошону сокур туурай бербей, жаштарды оң жолго баштай турган алгылыктуу жактарын алып кайтсаңар агалык парзды актаган болор элеңер...

— Мунуңузга жыгылыштуубуз, аксакал... Дагы туздай тушунуңуз... Сизден ушундай сөз угалы деп атайы тийиштик эттим эле... Ха-ха-ха...

— Чет өлкөгө барып кайткандар алтын жалаган идиштен кымбат аш ичип, үй-мүлкүнөн бери алтындалган буюм тейимдерди көрүп, ач көздүктүн оорусун жугузуп кайттыңар. Байлык турган жерде кара боорлук, карактамай, болор-болбоско кишини өлтүрүп кетмей жырткычтык мүнөз үстөм этет... Эгер момун, каниетчил, берешен, жоомарт калкты дал ошондой ыпластык араласа, кийинки укум-тукум кантет?

Китеп окубайсыз деп өттүңүз, жүрөктөн төмөн түшкөн, айбандык кумардыкка баткан китептер-гезиттер бар, аны акылы бышпагандар гана окуса болот, же анча-мынча суугуна чалгандар. Андай китептер акылды жейт, окуйм десеңер, ар бир улуттун мындан отуз-кырк жыл мурдагы китептерин, байыркы акылмандардын чыгармаларын окугула. Ал китепти жазгандар өздөрү акыйкатчыл, дили таза, боорукер жана жоомарт, табыят берген мүнөз менен күн кечирген адамдар болгон. Ошондой гана адамдар бүт элдин тагдырына көз салып, аларга жакшылык каалаган. Алардын көптү көрүп, көптү билгени жашоосунан, жүрүм-турумунан баамдалган. Ал эми сиздердин көптү билгениңиздерди көрө албадык го...

 

ВРАЧТАР АЛСЫЗ ИМИШ

Күндөрдүн биринде оорукананын алдында тургандар элдин көптүгүн көрүп:

— Врачтар көбөйгөн сайын оору күчөдү, илим-билим деле өстү, асты ооруну жогото алышпады, — деп наалыды.

Анда Мамбеталы:

— Врачтар алсыз эмес, адамдар алсыз. Алар соо жанын өздөрү ууландырып жатат. Ичимдик менен чылым, кендирдин башы — ушуга окшогон ажал чакыргычтарга алсыздар өздөрү кабылып, өлгөнү өлүп, өлбөгөнү ууланып жатат. Жеке өздөрү эле азап чекпей, үй-бүлө, ага-туугандарын санаага батырып жатпайбы? Сары убайым да оору. Ач көздүк менен алкын тыйбагандарды карап турсаң, аларың бир канча оорунун башын ала жыгылып олтурат.

— Мындай кырсыктан арачалап калар арга барбы?

— Бар эмей, кызга кырк үйдөн тыюу дегендей, улут бүтүндөй ыпластыкка каршы турганы абзел. Ал эми өкмөттүк мыйзам да элди асырай турган жагын көздөгөнү оң. Бири-бирибизге таалим бергенибиз ийги.

 

КИРЕРИ — ЭЛ, ЧЫГАРЫ — ЖОО

Алыстан күлмүңдөп, кучактал жыгылчу баштанып, жагалдана салам айткан кара сур киши Мамбеталыны ал -жаны калбай мактап кирди:

— Сиздин кадырды билбей, бизди кудай уруп жүргөн турбайбы? Ата катыгүн-айе. Тиги Тилемиш болбогондо сизди унутуп коймок экенбиз. Ошондой жөн билбеген кишини көргөндө гана барып, сиздей сыпаа, нары нарк билген акылмандар эске түшөт тура, — деп башын кыйшалактатып, алакакын шак урду.

Карыя үн катпады. Тигил карыянын асты-үстүнө түшүп жатып, ыймандуу сөз уга албады. Качан гана алиги адам кеткенде небереси:

— Чоң ата сизди жакшы көрүп, ал тургай жалынып жатса, неге сүйүнкүрөбөй койдуңуз? — деди.

— Эсиңде болсун, уулум, эч убакта жалган мактоого алдырба. душмандын эң күчтүү куралы — жалган жерден жактап, сыр тартыш. Сенин начар жагыңды мактай берип, ак жолуңдан адаштырат. Кай бирөөлөрдү кайбаттап келип, сенин сырыңды тартып, андан соң кайра тигил жакка өтүп, сени жамандап, кадыр алат, олжо табат. Мындайлар бир гана сени сатпай, элди да саткандан кайра тартпайт. Кирери — эл, чыгары жоо болгондордон корк.

 

НАРИСТЕ МЕНЕН СЫРЛАШУУ

Эл автобуска сыгылышып зорго баты. Сырттан кирген үч-төрт жигит карыларды жөөлөп, орун алып, тетири карап олтуруп алышты. Автобус козголгондо кара тору аялдын он айлык баласы булдурап коё берди. Ооз тарапта тикеси менен тик турган карыя аны эркелетип дегени бул:

— Ов, айланайын-ов! Чулдураган жаныңдан секет болоюн. Көрөрүн көрүп бүткөн көксөө чалдын көңүлүн көтөргөнгө жаным курман. Адамдын асылдыгы ушул тура — бири көмө коюп, осолдугу менен жүрөгүңдү жараласа, бири ошол забыркаган жаныңды алдейлеп турат. Антпесе, жакшы— жаман айра таанылбай калсын. Өмүрүңө береке берсин, садага, элиңди сыйлаган эр жигит болуп өс!

 

БАЙЛЫКТЫ КИМ КАНДАЙ ТҮШҮНӨТ?

Көзүн май басып, чытырап, терисине батпаган ак куба жигит Мамбеталынын жупуну тейине карап, сөзгө сындырмакка минтиптир:

— Аксакал, жакшы эле журт аралап жүргөн экенсиз, бирин-эки мал курап алсаңыз болмок экен?

Карыянын кайырган жообу бул:

— Иним, мен көп жылдык аштык эктим, жыл өткөн сайын кырманыма кызыл батпайт. Четинен ар ким каалашынча сузуп алат да, өлсөм баркым калат. Ал эми кай бирөө өлүү дүйнө жыйнап, ат көтөрө алгыс дене байлап, өзү ошонун азабынан ажал табат да тарпы калат.

 

АЛСЫЗДЫН БАЛДАГЫ

Дугдулуңдаган жигит мас болуп алып, көрүнгөндү ашатып да, «Өлтүрөм-соём!» деп жулунуп да жатты. Эртеси эл алдында башын шылкыйтып:

— Кечирип койгула, мастык жеңип , жаштык алдастатты, — деп жалооруган экен.

Анда Мамбеталы мындай дептир:

— Акылсыз орто алагүү болсо мактанат, катуу мас болсо, көрүнгөндү каарып, кырып— жойгусу келет. Ал өзүнүн ошол күнөөсүн жаштыгы менен мастыгына тогорот. Ал эми улгайып калган кездеги уят-сыйытын: «Карыдым, акыл-эстен тайдым» — деп бет тырмаар этет. Жаштык, мастык жана карылык анын колтугуна кыскан кош балдагы, — дептир.

 

КУЙТУЛУКТУН БАШ БЕЛГИСИ

Мамбеталыга бирөө келип:

— Ак ниеттен куйтулукту кантип ажыратсак болот? — деген собол салыптыр.

— Куйтулуктун баш белгиси булар: сени далыдан сылап эркелетип туруп, арканды көөлөп кетет. Алсыз жагыңды аябай асмандата көтөрө чалып, мокотуп салат. Ага-тууган, дос тамырдын арасына өчүрүлгүс от жагат. Ошол себептен: «Корто кочкор кой бузат, куйту киши эл бузат»— деген макал элде калган.

Акыйкатты туу тутуп, калктын камын көргөндөр каны-жаны менен курган калааны, кала берсе өлкөнү куйтулар өрткө чалдыктырат. Алардын ана башын-жөөт деп атап келишкен.

 

ТӨР МЕНЕН УЛАГАНЫН АЙЫРМАСЫ

Мейманга барган жерде чүкөдөй сары абышканы көзүнө илбеген мансаптуу төргө өтө чааптыр. Ар кимдин олтурган турганын тескеген такымчыл:

— Ой, Маке, төргө өтсөңүз боло, жарыктык, — деп күйкөлөктөмүш этет. Төрдөгү богогу салык жигиттер аска ташындай козголор эмес. Аны баамдаган кары:

— Эл мени ушул эле жерден таанышар. Өзгөлөргө төр менен улаганын айырмасы асман менен жердей чыгар, бирок мага төргө караганда улага улук өңдөнүп кетет, — дейт карыя.

— Жүйөөсүн айтыңызчы? — деп баягы шыкакчыл жигит ыкыстайт.

Карыя төр жакты бир карап алып:

— Элге кызмат этип, бүт жыргалчылыкты калкка арнаган адам дайым улагада болот. Анткени ал бир чети кызматта, бир чети андайлар дайым элден кичүү өңдөнөт. Эл башына күн түшсө, ириде чуркап чыгып, жоонун огун тосот. Куш уйкуда жүрүп, күндүн аптабын көтөрөт.

Ырас байыртан төрдү улук дешет, анткени терең карыган акылмандар төргө олтуруп, нускалуу сөзүн узаткан.

Бирок кайсы бир кылымдан баштап, элдин жонунан күн көрүп, элден бийик тургусу келип, курулай атак-даңкка азгырылгандар карыдан төр талашкан, жоо каптап келгенде өлүктөн көр талашкан — деген экен.

 

СӨЗ КҮТКӨН-БӨЗ КҮТПӨЙТ

Күндөрдүн биринде орто баймын деген курдашы:

— Маке, өзүңдөн өткөн акылдуу чечен бул аймакта кемде кем, кур дегенде акыл тегеретип, анча-мынча түк күтсөңүз болмок экен? — дейт.

— Бир себептен аның да эп. Ата-бабамдан бери кызыл төш экемин, үйгө мейман келсе, карызга жыгылсам да колун жуудурмайынча чыгарбайм, ошентип байыштын жолун өзүм бөгөп келем. Байыйм деген чык тартырбай, бирин-экиге улайт, ой-санаасы бүт өлүү дүйнөгө өтөт. Ал эми менин күндүр-түндүр ойлогонум — сөз болуп жатпайбы? Эгер мен түк күткүм келсе, анда кереметтүү кеп да, ыйман да, абийир да боюмдан алыстап, ач көз атка коном. Мындай кырсыкты кудайым сөз багам дегенге бербесин, — дептир.

 

БАЛА БОЙДОН ТУРА

Автобустун алды жагында бош орун болсо деле карыя туруп бараткан. Ошол бош орунга энесин ээрчиген беш жашар дей тургандай бала келип олтурду. Карыя ага ассалоомалейкум деп колун сунду. Бала мулжуң этип уялып, колун берди да: «Саломалекум» — деп койду. Карыя андан:

— Уулум, нечедесиң? — деди.

— Алтыдамын...

— Аа, анда олтурушка болот, бирок жетиге чыкканда бул орунга олтурбай жүр.

— Эмнеге?

— Анткени сен адам болосуң... Улуулар, майыптар отурчу орунга көчүк басканың уят иш болор...

— Энем мени олтура бер, баласың — деген

— Аа, мына, мына, энең да бала бойдон тура...

 

ЖАҢЫЛАНУУ
Бир чал жаштардын кылык-жоругуна кейиди:

— Азыркылар улуудан ийменбейт, кан көчөдө өбүшчү болду. Саламы жок, мурду менен бир тиет. Биздин убактагы далай сонун жорук-жосундар жоголду...

Мамбеталы оңдоно берип, муну айткан экен:

— Жан-жаныбар жылыга түлөйт, түнөгүн жаңылайт. Бак-дарак жылыга барик байлайт. Адам да түлөйт, анын бир артыкчылыгы — түшүнүгү байып, акылы артып, көз карашы өзгөрөт. Ошого жараша жаңы жорук-жосун күтүлөт. Жакшы улан-кыз эс тарткан сайын мөмөдөй салбырайт, абийир табат. Алешем жана бычам өңдөгөндөр сыртын кооздоп, ички былыгын жашырмакчы болот. Жан дүйнөсү жаңыланбаса, ичке берген канат болбосо, жат элдин жаман жоругуна кулдук уруп, ошонусу менен мактаныч этет. Акыры эл көзүнө жеңилерин кайдан билет?…

Жан дүйнөсү жаңырып турбаганды алжыды, карыды дейт. Ал чөөт сууга тең. Каерде акыл-ойдун жаңы жели ойноп турбаса, каерде кыймыл пастап, ой кашаңына тартса, ошол жерде карылык күч алат. Ал эми карылык жаштын улгайганы эмес, жаш туруп карып алгандар кездешет. Кайтып, улам терең карыган сайын шайдооттонуп, жаштын деми менен иштеп, элге аркасы тийгендер бар. Алар күнүгө өзүн өзү түлөтүп тургандар.

Ошондуктан карылыкты жеңе билиштин жолун ойлогула да жашыңдан жаштыгыңды сактай билиштин жол-жобосун туюнгула, абийирге чаң жугузбай карыштын камын көргүлө...

 

ЭЛ КЫРТЫШЫ ЖАНА ЖЕР КЫРТЫШЫ

Топтошуп тургандар дуу-дуу сөзгө өтүп, жердин кыртышы бузулганына кейип жатышты. Баары сөзүн шыпкап туруп калганда карыядан сөз чыгар бекен деген ойдо ага тигилишти. Ал адетинче башын бир жагына кыйшайта берип, жаншап кирди:

— Коко тикен көбөйдү, отоо басты, жер арыктады, кысыр аңызды ала бата, шыраалжын басты дегениңер туура. Мунун баары жердин кыртышынын бузулганынан болгон кеп. Хрущевдун тушунда жайлоодон бери аңтарып салышты, кылымдап соконун тиши тийбеген жайыттар бар эле, алар аңтарылды. Бош топуракка отоо чөптүн үрөнү келип түштү, кокотикен көбөйдү. Аны жеп турган төө жоголду. Ошентип жер кыртышын күчтүү сел бузуп кеткендей табияттын кырсыгынан ашкан бир гана дөдөйдүн кырсыгы залалдап олтурат. Бул эч нерсе эмес!

Мамырап тынч жаткан, бир туугандан артык аруулашып турган көп улуттуу элдин кыртышын бузар чыкпасын дейли. Алар бир эл менен экинчи элди кагыштырып, ортодон олжо күтүп, мооку канат. Коко-тикен деп ошолорду айткан оң. Кудайым андай кырсыктан бизди арачалап, турсун.

Ушул эки кыртыш тең падышага байланат. «Падышаң кандай болсо, элиң ошондой» — деген улуу кеп бар... Элдин таалайына жаралган адамдар башчы болгой эле деп тилейли, алардын бийликке келишине көмөк этели...

 

ЖАШЫНАН БИЛГЕНИ АБЗЕЛ

Карыянын эки жашар небереси жерден эмнени көрсө, ошонун баарын кармалай берди. Кимдир бирөө чылымдын түбүн балдар ойногон жерде таштаптыр. Бөбөк аны илип алып, оозуна салып, чайнап-чайнап жиберди. Бир аздан соң мурдун ушалап, бети-башын жыйрып, оозунан чылымдын калдыгын чыгара баштады. Бөбөк ыйлап жибергенде чоң энеси жетип келип:

— Караң күн! Эмнени жутуп жиберген! Ботом, көрүп туруп ичиң кантип түттү?! — деди баланын оозун тазалап.

Анда карыянын камаарабай деп турганы:

— Эгер колунан алып койсом, кийин деле мен жокто оозуна салмак. Бирок, жерде жаткан ар кандай нерсе ыплас, ачуу экенин кечигип туймак. Тамекинин түбүн оозуна салганда жүрөгүнө мындайча эки ой чийилди: жаткандын баары ачуу! Адам, сен баскан-турган жериңе ыпласты калтырба, элге залалы тиет!”

 

«ЭМНЕ КӨРБӨЙ КАЛДЫҢ»

Төрт жашар небереси ойноп жатып, көмкөрөсүнөн кетти. Ал башын көтөрүп, чоң атасын караса, бирдемеге алаксып калыптыр. Небереси ыйламакчы болуп барып, өзү туруп, чаңын күбүндү.

— Ата, жыгылып кетсем, эмне көргөн жоксуң? — деди сүрдүккөн тизесин көрсөтүп.

— Уулум, — деди карыя аны эркелкете, — мен дагы сенчилеп мүдүрүлбөйүн деп ойлонуп жаткан элем.

— Ооба, сага, сени ким жыкмак эле?

— Карылык деген каардуу душман бар, ошол бутун тосо койсо, кайтып тургус болом. Ошону кантип жеңем деп убайымга батып жатам.

— Кантип жеңесиң?

— Таяк таянбай, көп басып, арбын түйшүк тартып, капаланбай...

 

БИР ГАНА КЕМЧИЛ

Совет бийлигин чыңдашкан, колхоз курушкан, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан адамдар менен окуучуларды жолуктурмакка директор жоон тобун мектепке ээрчитип кирет. Түркүн көрсөтмө куралдарга бай класстарды көргөзөт. Андан соң чылымдын түтүнү уюлгуп турган «Мугалимдер бөлмөсүнө» киргизет.

Карыларды салкын кабыл алып, чылым түтөтүп турган мугалимдерди көрүп, Мамбеталы мындай деген экен:

— Ыракмат, силерге, баарын жабдып койгон экенсиңер, бир гана кемчилдик, дубалдар сүйлөгөн сөз, алар айткан акыл менен силердин жорук— жосунуңар коошпой туруптур...

 

КИМ КАЕРДЕ?

Көңүлү сүйбөгөн бирөө Мабеталыны сөзгө жыкмак болот:

— Ээ, аксакал, сүйлөсөң деле адамдын акылы жетпегенди бажырайсың, бирок алыш-беришке жок окшойсуң.

Карыя баш ура дегени бул:

— Ырас, мен бөз айырбаштаганга жокмун, сөз алыштырганга бармын. Ким каерде?

 

БУЛБУЛ КАЙ МААЛДА САЙРАТ?

Шаардагы небереси жайкы каникулда айылга гитара асынып келди. Ал бирде даңгыратып, бирде дуңгүрөтүп, кулак мээни жеп жатты. Качан гана небереси чарчап бүткөндө Мамбеталы анын жанына барып:

— Уулум, эмне деген күүнү чалдың?

— Жөн эле дискотекадан уккам...

— Аа, жанагы жапайы айбанча улуганы, иттердин үргөнү өңдөнгөн айкырыктар чыккан музыкабы? Оо, анда, андан кандай ыракат алууга болот? Айыл жеринде мемиреп тынч, булактын күү чалганы, торгойдун сайраганы, булбулдун экиленген үнү эшитилип, адамдарды көшүтүп коёт да аларды да кошо ырга чакырат. Ал эми сенин гитараңдан кур дегенде булактын шылдыры угулуп турсуң. Антпесең кыштак жерине булбул конуп сайрабайт.

Эмне үчүн?

— Булбул тараанчылар чыркылдап турган жерден оолап кетип, андан соң сайрайт. Айрыкча таңды тосуп, аны жардап берет дейсиң, тим эле моокумуң канат. Сенин гитараңдан жырткычтардын дабышы эшитилип жаткан соң уккандын жүрөгүндөгү булбул уча качат.

Боз уланга кийинки табышмактуу сөз таасир этти өңдүү далайга тунжурап калды.

 

КОЛДОО ИЗДЕГЕН — КОР БОЛОТ?

Мамбеталыга жээни келип, акыл салат:

— Таята, ичкердеги таякеме айтып койсоңуз боло, элдин баары эле колдоо күтүп, мыкты кызматтарга көтөрүлүп жатат.

— Жээним, колдоо издеген — кор болот. Кордукка чыдап, аны жеңе билген зор болот, — десе жээни таарынган өңдөнүп кетиптир. Аны уккан эне-атасы да: «Баласы чоң болуп турганда ошого бир ооз бирдеме деп койсо, батынан кетип калат беле? — деп наалышат да акчасын үрөп жатып кызматка турат. Ал жерден ич ара чыгыштык этип, ортонун байлыгына суук кол салышат. Анысы бат эле билинип калып, айбы ачылып азабын тартканда:

— Таятамдын тилин албай ушул кордукту көрдүм, — деп кейиген экен.

Анда карыя минткен тура:

— Түшүнүгү кемдер таарынчак келет. Кечиксең да күнөөңдү туйганыңа ыракмат,акылы кеч бешимде келчүүлөр болот,— деген экен.

 

АКЫЛДУУГА ЖАНАШ,АКМАКТАРДАН АДАШ

Кызы күйөсү менен ажырашып, эрден чыккан бойдок катындарга жанашып жүргөнүн жактыра бербеди:

— Кызым, мындан беш жыл мурда айткан акыл жуккан эмес экен го?

— Кандай эле, эсимде жок?

— Үнүңдү өзгөрт, тилиңди тарт, антпесең эрсиз каласың дебедим беле?

— Ошондой эрлүү болгондон көрө, бой жүргөнүм артык...

— Башы бош эркекти менин күйөм деген топ бойдоктун ийримине кошулупсуң. Бирок, кызым, жаман да болсо, кыз барган жери менен жашаган бакыт болот.

— Ансыз деле жыргап жашасам болот?

— Жарыгым, жыргалдын нече түрү бар. Көз ирмемдеги жыргал — жылас жыргал. Алтынга абийирин айырбаштаган жыргал — азгырмалуу, алдамчы жыргал. Көр оокатты жыйнап алып, көрүп коюп, ага алымсынбай дагы апсисин агыткан жыргал — ач көз деген атка конгон куурал. Таман акы, маңдай тери менен, алган эри жана бала-бакырасы менен майдай-сүттөй жашаган — чексиз бактылуу жыргал. Сен, кызым, бактылуу жыргалыңды — жылас жыргалга айырбаштап алыпсың. Жеке өзүңө жыргал өңдөнгөн менен балдарыңа куурал, алардын жаш жүрөгү жараланып жатат. Сен жыргаганың менен энең жана мен элдин бетин карай албай калбадыкпы?

Аягы суук бойдок катындар өзүнүн очогунун өтүн өчүрүп алганы аз келгенсип, сенин да очогуңдун күлүн сапырып салышты. Буларыңдан адашпасаң дагы бир топ кырсыкка кабыласың. Акылдууга жанаш да акмактардан адаш. Асылдарга жанашсаң өткөн күндөрүңө өкүнөсүң, алдыда бүтөр ишине кубанасың...

— Аларың кайда?

— Китепканада…

 

БААРЫН ТЕҢ САНА

Кызы атасына өпкөлөйт:

— Ата, өзүбүздүн туугандарды эл көзүнчө көтөрө чалып, мактап жүрсөңүз боло. Сиз кайтып, биздин былыкты чукуп, элге шылдыңдайт экенсиз. Жаман айтпай, жакшы жок, ары карап кетсеңиз, ошолор эле күйүп, ошолор эле көмөт...

Атасы көөдөнүн көтөрө берип:

— Кызым, мен тирүү кезимде өлүм оюма түшпөйт. Ойлогонум жарыкчылык, акыйкат жана боорукердик. Жыгылар жерин ойлогонду — алсыз атайт. Жатар көрүн белендегенди акылсыз дешет. «Менин башыма күн түшкөндө ушул мага каралашып турсун» — деп жакынын колдогондор бар. Анын карааны жүргөнү менен эл тирүүнүн эсебине кошпойт. Акткени журт ага ишенип, кызматка көтөрсө, бирин ала, бирин кула көргөн. Андайлар ишеничтен кетет. Ал эми ишеничтүү өмүр — алтынга айырбашталбас, асыл жана абийирлүү өмүр.

Эгер, уул-кызым, өзүңдүн кейпиңди кийбесин десең, элдин баарын тең санасын, кызматына, даңкына жана байлыгына карап, бирөөлөргө бөйпөктөбөсүн, көчө шыпыргандарга, жупуну маңы жапыс жүргөндөргө кекирейип, салам айтышты ар көрбөсүн...

— Эгер өздөрү керсейип, бой көтөрсөчү?

— Аларга теңелбей, кечиримдүү жана көтөрүмдүү болушсун. Бирөө менен өйдө-төмөн айтышса да мурдагыдай эле учураша беришсин. Непада коогалуу күн тууса, эң оболу ошолорго ыракым этип, жол көрсөтүп, жөлөк болсун. Адам ошондой кыйын кыстоодо таанылат. Бейпил күндө элге сылык сыпаа, боорукер көрүнүп, эл башына күн түшкөндө жанын арачалап, алардан алыстагандар болгон. Алар калк көзүнө кадыр-баркынан кетет. Кай убакта болбосун, ким болбосун колунан келген көмөгүн аянбасын, ошондо гана адамдык парзын өтөгөн болот.

 

ӨМҮР ЖӨНҮНДӨ

Кызына акыл шыкалганы менен көндүм жорук— жосундан арыла албады. Бойдок аялдарды тегерегине жыйнап алып, чүкөдөй сары абышканы көзүнө илбей, ээн-жай бакылдашып, оозуна келгенин оттошту:

— Ушул кезде кийбегенди кийип, ичпегенди ичип алалы. Карганда баарынан кагыласың, тапканың талаага кетет, — деди алтын тиштүү, жылтырак жоолук салынган болук аял.

— Ой, тигил, Дусяны айтам, өзү ичпестен-кийбестен атам тааныбаганга үртүнүп бүттү, — деди. Кара торусунан келгени, алтын шакектерин жаркылдатып, — ошонун көргөн күнүн ит көрсүн, иш деп күн-түн талаада, анан калса, коомдук иш дегенин кантейин...

Алар килем-килче, машина, жада калса дачадан өйдө, калаа сайын там күтүп, неберсинен бери мүлк камдап коюшканын айтып, мактанып жатышты. Көбүрүп-жабырып сүйлөгөндөрдүн көк буусу тараган чакта баягы чүкөдөй сары абышка үн салды:

— Көңүлүңөргө кетпесе, карыялык нуска айтсам кантет?

— Айтыңыз, ата, айта бериңиз, — деди алтын тиштүүсү.

Акылман кары жайынча нуска узатты:

— Силердин кебиңерден улам жаш өмүрдү кандай өткөрүштүн камын билдим. Кандай жашайм десеңер өз эркиңер, бирок өмүр жөнүндө менин оюм мындай: жашынан жамы журттун мүдөөсүнө багышталган өмүр — бул өчпөс өмүр.

Алтын тиштүү аял ичиркене түштү. Жалтырак жоолугу бары эстеп, оозун ачты. Карыя кебин улады:

— Бир гана кара башын каркыттаган өмүр — бул үкүнүн көргөн күнү, жарыкты көрө албас, караңгыда калдактап учкан, эч кимге таңазар алынбаган, эч кимди билгиси келбеген өмүр.

Баятан бери алоолонгон отуна суу себилгендей дымып, эки аялдын иреңи кубулду. Карыя акыркы сөзүн шандана айтты:

— Ушакка, бекерпоздукка жана жатып ичерликке уурдалган өмүр — чөөт суудай соолуп бараткан өмүр, эч кимге, ал тургай өзүнө да пайдасыз өмүр.

 

КУЙРУЧУК ЖЕҢИЛГЕНБИ?

Бир акын чалыш өткөн-кеткенден кеп козгоп олтуруп, минтип калды:

— Куйручукту Кулуке жеңген экен.

— Кантип?

— Кулуке энеңди... ооз ачпай жөн олтургун, өлөсүң дептир... Куйручук, балбанга түшүп жүрсө, эмне үчүн жеңилип калганы белгисиз? — деди акын чалыш айнегин жаркылдата, айтканына корстон болуп.

Анда Мамбеталы мындай дептир:

— Куйручук, акылман, чечен жана акын, нары куудул киши болгон. Ал Кулукеден коркуп унчукпай калган эмес, абийирден айбыккан. Арсыз менен ажылдашса, баркы кетерин байкаган. Акылы тайкы уялбаса да ал уялган.

Айтыш майдамдын бир түрү, андан сөздүн тереңдиги, акылдын дааналыгы баамдалат. Коркок курал ала жүргөндөй, айтышта алсыз, оозго алгыс сөз менен ашатат. Ошентсем жеңем деп ойлойт. Бирок ал өзүнүн тайыздыгын ашкерлеп салгандыгын кайдан сезсин.

Акылдуу сөздүн кудуретине, өнөрүнө, абийирине таазим этет.

 

ТОЛКУН КАЙДАН ТҮРҮЛӨТ?

Көл жээгинде эс алып жаткандар не себептен толкул жээкти көздөй сүрүлөрүнө таңданышат. Көлдүн каерине барба, ак жалдалган толкундар жээкти көздөй шарпылдап жаткан болот. Аны көргөндөр талашка түшөт. Чогулуп тургандарга Мамбеталы муну туйгузат:

— Жерди тоголок дешет, анын бир мисалы көлдөн баамдалат. Көздүн чаркы жеткен жерде тунарып, көк сызык турат, андан ары ак карлуу тоолор чалдыгат. Көлдүн дөмпөк жери да, терең жери да ошол кара көк тарткан тарап. Качан гана шамал көлдүн ортосуна урунган кезде толкун туш-тушка түрүлөт. Анын сыңарындай акылдын тереңине ар кандай окуя, адам тагдыры жөнүнде кабар урунса, денеде кан толкуйт. Аны толкунданып жатат дейбиз. Акылы жетик, көлдөй терең, деңиздей ой-санаасы, кыялы чалкып жаткан адамдар элдин кайгысы менен кубанычына ортоктош келет.

Асты тосмо көлдөн толкун күтпө, не дегенде аянты аз, түбү тайыз. Ага бир гана суу куят да тосмону агындыга толтуруп, түбү улам тайыздай берет. Акыл-ой деле ушуга тете. Өзү тайыз болуп туруп, кең талаанын сугатын кандыра албайт.

 

“ЖАРЫГЫҢДЫ ТИЙГИЗ”

Жарыгыңды тийгиз деген сөздүн түп мааниси кандай? — деп карыяга улан—кыз собол таштаган тура. Анда карынын дегени бул:

Күндөн жарык албаган өсүмдүк ак соё болуп, жашыл ыраңга кирбейт, гүлдөбөйт жана урук албайт. Ал эми билимге жана элдин даанышмандыгына каныкпаган кыз-улан деле ак соё мисалдуу. Ошол себептүү жаштардын жүрөгүнө акыл-ойдун шооласын чачкан абзел. Жана «шооласыз» деген сөз да ушундан келип чыккан.

Акылды сиңиришти эки түрү кездешет. Жаштарга өзүңдүн жарык жагыңды гана көргөз. Кандай асыл сапатың болсо, аны жүрүм-турумуң, жорук-жосунуң, элге арттырган ыракымың, мамилең, кызматың аркылуу туйгуз. Кыскасы таалимчи болуп көрсөт.

Жаштардын кулагына жагымдуу сөзүң болсо, мыкты акылың жана жан сергитер, кайраттандырып дем берер кебиң болсо, толкундатар ырың болсо, ошону гана угуз. Бул жагынан Платон насаат калтырган экен. Не дегенде, жоо сүрүп бараткан жоокерлерге өлүм жөнүндөгү ырлар угузушка тыюу салган.

Биз жиберген акыл-ойдун жарыгына жараша жаштардын кыял-жоругу кулпурат, адамды суктандырат. Эгер балаңдын жүрөгүнө жакшы санаа уяласа, анда укум-тукумуна, жумурай журтка жүзүң жарык болот. Ошентип адам бири— бирине жарыгын тийгизип жашап келет...

 

КАМЫШ АРАСЫНДА

Бир жетекчиге Мамбеталы муну эскертиптир:

— Сиз, калың камыштын арасына кирип алып, айланада кандай өзгөрүш жанданганын көрө албай жатасыз. Камыштын шудуруна маашырланба, ал булактын үнүн, куштардын сайраганын оңдуу угузбайт да көздү туюктайт.

Тиги ормоё тартып:

— Кайдагы камышты кеп урасың? — деп ороңдогон экен.

Акылман аны элес албаган болуп минтет:

— Эгер камыштан оолабасаң, ага бир күнү өрт тийсе, кошо күлгө айланып кетпе?!

Бечара бул табышмакка маани бербей, жүзүн жыйрып, кыжырланган өңдөнөт. Аны сезген Мамбеталы оюн ачык айтпаска аргасы калбайт:

— Кошоматчы менен ушакчыдан арыл. Бири сенин кемчилигиңди жашырып, күнөөңдүн көбөйүшүн күтөт, ыкшоолукка оодара түртөт. Экинчиси элди сага ушактайт, ал эми сени элге тузактайт. Алардын айыбы ачылып, шермендеси чыкканда өзүң алар менен кошо күнөөгө батасың...

 

ТААЖЫҢЫЗ ЫРГЫБАСЫН

Мамбеталынын кыйыр тууганы райондук жетекчинин бирине көтөрүлөт. Ал ким кезикпесин таазим эте салам айтып, жан-алы калбай учурашчу болду. Ошондо карыя ага мындай дептир:

— Элге эбелек атып, салам айткандан жага албайсың. Калк жетекчинин аталык катаалдыкка салып айткан калыстыгын, кара жанын карч урган кайрымдуу эмгегин кадырлайт. Татырлык эмгек этпей, таазим эте берсең, таажың ыргып кетээрин эсиңе ал.

 

ДУДУК ДЕПТИР

Карыяга бир жигит үн катпай келип, кол берет. Мамбеталы анын колун бекем кармап туруп, баш бармагын кайкалатат. Алаканын жогору көтөрүп туруп ары-бери чайпалтат. Алдан соң чыпалагын көрсөтөт. Алиги жигит бир бозоруп, бир кызарып туруп:

— Бул чал дудук беле? — дейт.

Ошондо четте турган бирөө:

— Иним, өзүң дудукча салам айтсаң ошого жараша жооп кайрылды го. Карыя: «Кол бергениң мыкты, бирок үнүңдү дымытып, оозуңду ким бууду,»—  деп жандап берди го, ошону чечмелей алган жоксуңбу?

 

«ЭМНЕҢ БАР?»

Мамбеталыны сөзгө сындырмакка өзү курдуу бирөө:

— Өзүмдүн да, эки баламдын да машинасы бар, сенин эмнең бар? — дейт.

Акылмандын айтканы бул:

— Алыска алеки саатта алпарар арам дүйнөдөн бүткөн машинаң болсо, менин укум-тукумум менен кийинки кылымга жеткирер акактай тунук абийрим менен асыл сөзүм бар...

 

ТУУГАНЫҢДЫН ЖАЙЫ КАНДАЙ?

— Ээ, аксакал, береги тууганың экөөң бирде майдай сүттөйсүңөр да, бирде кайнаса каны кошулбаган жоо өңдөнөсүңөр, мунуңарга жол болсун! — деп бирөөлөр карыяга собол салат.

— Ал инимди оңолсун деп он ооз сын айтсам, ороңдоп кол салып коё жаздады. Өзүнүн көңүлүнө жаккыдай сыйласам, өлүп кала жаздады.

 

ЖИГИТТИН КАНЧА ТҮРҮ БАР?

Ушундай соболго карыя бир ооз сөз менен мындайча жооп кайырган экен:

— Эр жигит эли үчүн кара жанын курмандыкка чалат, көр жигит калк башына кайгы салат.

 

КЫРСЫКТАН КЫЙГАП ӨТКҮЛӨ

Олтургандардын арасынан бирөө:

— Аксакал, кыйын кезеңде кыйла кырсык тооруйт шекилдүү, алардан аман калыштын амалы не?

Карыя ойлоно калып, дегени бул:

— Эң оболу ишенимден кетпегиле. Арпанын түгүндөй абийир күтүп алып аны болор-болбостон сыйрып салса, анда түктөлгөн арпа урук болбогон сыңары ишеничтен кеткен уул-кыз тукум болуп жарытпайт.

Таза жүрөгүн арамзаалык менен ач көздүккө бастырса, анда ал сөңгөгү чирип, мөмө бериштен калган даракка тете.

Аягы суюк айыкпас дартка чалдыгып, аар-шаарынан ажырайт. Андайлар дене кул атка конуп, сатылгыч келет, булар өтө коркунучтуу.

Өтө семиз өлүп тынат, өтө байыйм деген бирди көрүп тынат. Ашкере акылдуусунган шылдыңга калат, ачуусун тыйбаган акылсыз ажал табат. Сабырлуу жана каниетчил калабадан сырт калат. Үй-бүлөсү менен күнүмдүк олжого кулдангандар айда алтын күндө күмүш сузган менен журт көзүнө дат алган темир түстөнөт. Дос күтчү үлөргө айтаарым бөлөк:

Ач албарсына кызыгып достошкондун арты — жоо,

Алтынына азгырылып достошкондун арты — доо,

Акылына карап достошкондун арты — урагыс зоо...

 

БАКТЫЛУУ ҮСТӨЛДӨР

Мамбеталы ичкердеги уулунукуна келсе, олтургучтарынын баары эле агарып калганын көрүп, аларга олтургусу келбей, четтеп калат.

Келини ийменип:

— Ата, жогору олтуруңуз, эч нерсе болбойт, — дейт

— Ээ, балам, эч нерсе болбогону курусун, өгүнү Өкүмбайды айылдагылар айтып барганын өтүрүккө чыгарган элек, көрсө чын тура.

— Ал эмне эле, ата, деп баласы сөзгө аралаша түшөт.

— Эмне болсун, ал оозу-мурду кыйшайбай туруп эле минтип айтып барды. Калаада бизден да кадыр-барктуу орундуктар чыгыптыр, апакай кездемеден кийим киет экен, ага ардактуу кишилердин көчүгү тиет экен.

Уулу каткырып күлдү да:

— Жеңилдик ата, бир сыйра кийинте турган болдук, эми олтура бериңиз. Ырас эле, ата-энесин мурда кийгизбей, мода деп дубалдын бетин, кала берсе үстөлдөрдөн өйдө адимиден чулгап салабыз, аксакалдар олтураар жерге жыгач эмеректи шыкайбыз. Ата-энелер биз деп куураса, аларды унутуп, машинага жапкыч издейбиз. Ха-ха-ха...

 

МЕНИ ТААНЫЙСЫҢБЫ?

Карыянын бир адети ким болбосул озунуп салам айтмайын койбойт. Күндөрдүн биринде көчөдө топтошуп тургандарга салам айтса, алардын арасынан бирөө:

— Мени кайдан тааныйсыз? — дептир.

— Сизди эми гана таанып— жатам... Адам бир гана белгисинен, кездеме бир гана жибинен баамдалат...

 

КУЛДАР БАРБЫ?

— Аксакал, бу биздин айрым сайрагычтар, партия падышалык Россиядан кыргыз элин жана бүт адамзатты кулчулдуктан куткарды деп какшанып калат, деги азыр кулдар барбы?

Карыя жүзүн жаркытып туруп, жумшак дабышка салып, жай гана жаншап кириптир:

— Адам коому жашап турган соң кулчулук тымызын өкүм сүрө берет. Кеп бир өлкөнү бир өлкө жеңип алып, кулчулукка айландырышта эмес, кеп адамдын аң-сезиминде жана жорук-жосунунда... Азыр кай бирөөлөр айтып жүрөт го, бизди Германия басып алганда мындан сонун жашайт элек деп. Мына, кулдун тукуму деген ушул, ар-кору, намысы жоктор, буларды арсыз кул дешет. Ата-журттун намысы, элдин намысы, кала берсе, ата намысы дегенди билбей, кара курсактын камына чаап жатпайбы?

Арсыз кулдун түгөйү белимчи кул деген болот, бирөөлөр жылтыр-мылтыр тагынса, ошону туурайт, бирөөлөр жакшы сөз айтып койсо, дурус ой угуп калса, ошону кайталай берет. Шооласы жоктор, бирөөнүн оюна кул болот, өз элинин кийимин жерип, чет элдин чапанын жамынат. Аны менен элинин каада салтын тебээлеп-тепсеп жатканын билбейт, атага наалат келтиргенин эске албайт.

Кызыл тилдин кулу деген бар. Татуулашкан адамдардын арасына от жагып, уруу менен урууну кайраштырып, кала берсе, эл менен элди жоолаштырат — муну бузукулук же кызыл тилдин кулу дешет. Булардын айбы ачылар замат эл асып өлтүрүп салышчу...

Дене кул делинген кул — баарынан коркунучтуусу. Буга денедеги эки клапан болот, ошону тыя албагандар. Бир акылман айткан экен. Дененин эки тешигин тыйган жоо жеңген менен тең деп. Кекиртектин кулу бар, аракеч болуп, ар кимден ак уруп, акча сурайт. Бирөөлөрдүн бир куюм арагына, азыноолак ашына сатылат. Алардан кеп сурасаң: «Баланча жерде болуп, кой жедик, арак ичтик,» — деген кептерди айтат.

Ал эми аягы суюктарды— орой айтканда «көт жинди» деп коюшкан.

Булар күндүр-түндүр ойлогону — ошол. Булар да сатылгыч.

Өлүү дүйнөнүн кулу— бул деле ач көздүктөн ооруга чалдыгып, алтын, күмүш менен тирүүсүндө корумдалып калат. Булар элди сатат! Алардын көөдөнү көрдөй караңгы, тили заар келет. Ошол себептен — кул!

 

ӨЗӨГҮ ЧИРИК КАРАГАЙ

Автобуска түшкөн карыя адетин карматып, салам айтып койду.

Эч ким алик албаганда, тегерегин карап алды эле туруп турган жаш жигит: «Алеки салам» -деп жооп кайырды.

— Бактылуу бол, балам,-деп оозун жыйып, олтурар орун жок туруп калды. Адиги жигит өзүндөй курбусуна:

— Достор, аксакал келди дегендей ишарат этти. Анда бери жактагы ырайы суук карасы:

— Өлбөйт, булардын чучугу май. Мына биздин чучук суу, үйдөн борщ ичкенбиз, балдар бакчасынан упчу эмгенбиз, кайдан жүрүп май алат,— деп олунуп койду.

Карыя аларды карап алып:

— Сөзүңдө калет жок, айланайын, өзөгү чирик карагай тактай эмес,отун болуп жарытпайт, быкшып күйөт,-деген экен.

Кийин бир олтурушта алиги чучугум суу деген жигиттин демин өлтүрө айтып койдум, бечарага, мындан ары сөздү байкап айтпаса болбойт окшойт. Калган сөздөрүм бир тең, ошол сөзүм кандай чыгып кеткенине эмгиче абигир чегем. Тамашага чалып, башкаарак айтсам эмне? Деп кейиген дешет. Ошондон соң алигидей аткан ок сымал айтылган сөздөн тайсалдап, насаат иретинде гана айтып калган дешет.

 

«АР КИМ АР КАНДАЙ АЙТЫШАТ»

Аксакал, сиз жөнүндө ар ким ар кандай атышат экен, кимисиники тура, кимисиники жалган айра албадык,— дейт жаш жигит.

Карыя мындай жооп кайырган экен:

— Ээ, иним, куйту кемчилигиңди куунап кеп урат, ушакчы ууга чылап айтат. Ичи тар кемсинтип кеп урат. Акылдуу адам адамкерчилик жагына чалып айтат. Акмак табаалап кайтат. Даанышман күмүштүн буусуна булап айтат. Буларды айра албасаң башың маң болору анык.

 

«ЖЫНСЫМ БОЛСО ЭМНЕ?»

Небереси атасына келип арман этет:

— Чоң ата, балдардын баарында эле жынсы бар, акчаң барбы?

— Шымга да шыпшынып, санаа тартат бекен?

— Кыздар менен киного кирбейт белем?

— Балам, акылдуу кыз сенин шымың менен бешмантыңа карабайт. Ошол бешманттын нары жагында согуп турган жүрөктү тыңшайт. Жок, жалаң эле жынсы шымга караган кыз болсо, анда экөөң тең кара боюңарды сылап жатып, отуңар жагылбайт, балаңар багылбайт. Ошентип силердин очоктон түтүн булабайт. Акыры ажырашып тыңасыңар, оту күйүшпөдү деген сөздүн бир жагы ушунда...

 

«КОЛУМ ЖЫТТАНА ТҮШТҮ»

Небереси карыяга наалыйт имиш:

— Учурашканда кол алыш, кол алыш дей бересиз, тетиги киши менен алакан алыштырсам, колум тамеки жыттанып, жүрөгүм айланып чыкты.

Анда чоң атасы муну туйгузуптур:

— Өзүн өзү ууландырып жүргөндөр менен кол алыштырсаң да ой алыштырба...

 

ЭМНЕ БАТ ГҮЛДӨЙТ?

Кызы курдашына туулган күнүнө гүл алпармакчы болуп, таба албай кыйналган кезде:

— Ата, деги бат— бат гүлдөп турган өсүмдүк болобу? — дептир.

Атасы дароо жооп кайрат:

— Бир өсүмдүк бар, кыштын кыраан чилдесинде да гүлдөй берет, бирок жылуу коңулда. Андайга суу куйбаса, тез соолуп калат. Анын гүлү — уу, жыты — заар. Урук байлабайт. Көркү гана...

Ал эми талаа жеринде кечирээк гүлдөп, гүлү узагыраак турат. Гүлү — атыр жыттанат, сөңгөгү— таяк болот да тамыры— дары, уругу жалкы. ... Кай бир өсүмдүк бар гүлгө бай, бирок уругу жок.

Кызы бир топко ойлоно калганда муну кошумчалаган экен:

— Адам деле ушул үч түркүн гүл сымал...

 

КАНАТ КИМГЕ ТААНДЫК?

Мамбеталы канаттуунун кебин көрсөтүп, балдарга муну туйгузуптур:

— Силер, канаттуунун ар мүчөсүн билесиңерби?

— Окуганбыз, — дешти алар жабыла.

— Туура, силер окугансыңар, көргөнсүңөр, бирок көрүп билгенден ой таба албагансыңар. Өтө бийик учкан канаттуунун жөмсөөсү кичине, денеси жумуру келет. Канатынын учу көңдөй, анда аба бар, сөөгү жеңил.

— Эң жапыз учкан канаттуу кайсы эле? — Карыя собол салат.

— Тоок...

— Анын жөмсөөсү чоң, жерден чокулап көп жейт, ичегиси узун, денеси тоголок, ошол себептен бийик уча албайт.

— Сойлоп жүргөндү көргөнсүңөрбү?

— Ооба, жылан, кескелдирик...

— Эмесе, алардын алкымынан куйругуна дейре курсак. Булардын тилинде уу бар.

Карыя бир аз тына түшүп, балдардын көз карашын баамдап туруп, мындай деди:

— Демек, тамак-ашты аз жеген дайым сергек, тула бою шыңга тартып, сыпак келип да, сыйда да ойго канык болот. Алар учуп-күйүп жүрөт да жоомарт жана боорукер келет. Демек адамкерчиликтин канаты алыска чабыттайт.

Ыксыз чоң тойгон ынтыгып баса албайт, ыкшоо келип, денесин май басат, дайым уйку-соонун ортосунда жүрөт. Акыл тегеретишке чаркы аз, итине сөөк ыргытышка ыраа тартпайт. Андайлардын тили заар, үнү ачуу, олжого чырылдап түшө калат...

 

АЛДАНУУ

Мамбеталы аракты карап туруп минткен экен:

— Ээ, тунугум, сен кашкайып күлүп турганың менен ичиң көөлү белем. А дегенде, бечараларды өбүштүрүп, андан соң сөгүштүрүп, акырында сот алдында көрүштүрүп койгонуңа жол болсун.

Ээ, тунугум, сен ак түстөнүп турганың менен бети-башка көк боёк сүртүп, мурундан кызыл кан болуп таамп, жаш болуп агып, денеге тамга салганың жаман.

Ээ, тунугум, сен алтын жалаган идиште толкуп-ташып, мант берип турганың менен жыландын уусунан нары белемсиң да атан төөнү агызган селден күчтүү белемсиң... Эчен эрдемсинген бечаралар селиңе кетти го.

Ээ, тунугум, көрсө биз өңдүү бечаралар, аксым күлкүгө, алтын идишке куюлган шарапка, миң түркүн кубулган асыл таштарга алданат экенбиз. Көрсө, ошолордун көбү баш айланткыч келип, жашыңды сурайт тура.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Ашымбаев К.А., 2008. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 6366