Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Элебесов Б. С., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 17 февралы

Бекказы Сагалиевич ЭЛЕБЕСОВ

Турмуштан жаралган чоку

Автобиографиялык роман

«Турмуштан жаралган чоку» автобиографиялык романы Бекказы Элебесовдун алгачкы чыгармасы. Автордун бул биринчи китебинде анын турмушка болгон көз карашы, жашоого калыптанышы, кубанычы, турмуш бийиктигине чыгууда кандай тоскоолдуктар болбосун аны жеңгени таасын сүрөттөлүп чагылдырылган. Китеп жалпы окурмандарга, айрыкча жаңыдан өсүп келе жаткан жаш муундар үчүн табылгыс окуу куралы. Мында адамдык сапат, ар-намыс, жаман менен жакшы, коомчулуктун байлыгын жеп-ичкендер туурасында, китептин каарманынын жашоодогу кубанычы, жетишкендиктери, негизгиси жерибиздин жаратылышынын кооздугу китептин каарманынын көз карашы аркылуу жөнөкөй тил менен ачык жазылган

Бекказы Элебесов. Турмуштан жаралган чоку. Автобиографиялык роман. Кыргыз тилинде. 1-китеп. – Каракол: Дархан, 2008. – 560 б. китебинен алынды
ББК 33-425
  К-23
ISBN-325678-007

Сүрөтүн тарткан: ДЖЕНАЛЫ кызы Чолпон

 

СӨЗ БАШЫ

Чилде чыкканы менен кыштын кекери кайтпай дагы эле суук болчу. Таңкы шамал терезеден дуулдаган дабыш чыгарып жатты. Ага аралаш жем издеген чымчыктар дын үнү да угулат. Уйку соонун ортосунда жаткан элем. Ойгонуп көзүмдү ачып чыканагымды таянып турайын деп тыштагы сууктун дабышынан ичиркенип, жылуу төшөктөн тургум келбей кайра жатып алдым. Үйдүн ичи тынч болуп, үйдөгүлөрдүн баары уктап жатышкан. Түнү бою ар кандай санаага батып, уктай албай чыккам. Таңга маал көзүм илинип уктап кетиптирмин. Салмактанып көңүлүм ачылбай, көздөрүм ачышып, «кайра бир азга уктай турсамбы» деп көзүмдү жуумп, уктоого аракет кылсам да, ар кайсы санаа биринен сала бири келип, жата берүүдөн тажап кийине баштасам колуктум Толкун ойгонуп бетимден өөп:

-Майрамың кут болсун-деди.

-Рахмат— деп көңүлүм бир азга көтөрүлө түштү.

Ооба, бүгүн 23-февраль Советтик Армиянын күнү эмес беле. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон кийин деле мурунтан калган адат боюнча эркектердин майрамы катары майрамдалып келе жатат. Биздин дабышыбызды угуп балдарым келип, бетимден өөп, майрамымды куттуктап жатышты. Мен үй-бүлөөмө канчалык көңүлдүү болуп көрүнөйүн десем да, көңүлүм жакшы ачылбай турду. Бир чети түндө уктай албай чыккандыктанбы дене боюм шалдырап, бирөө жанчып салгандай. Башым ооруп, түндөтөн бери тынч алдырбаган санаа дагы эле оюмдан кетпей бассам-турсам да мээмди эзип жатты. Ар кандай ойлор биринен сала бири келип, аларга ичимден жооп берип, кээ бирөөлөрүнө жооп таба албай кыйналып жаттым. Өзүмчө сүйлөнүп: «Карап тургула! Көрө жатаарбыз кимдин ким экенин, мейли мени азырынча жаман атты кылып, элге-журтка жаман көрсөтүп, моокумуңар канганча мазактай бергиле. Силердин ким экениңерди, ак жерден күйгүзгөнүңөрдү элге айтаар кез келээр, шашпагыла! «ак ийилет сынбайт». Ошондо ак экенимди далилдеп, элдин алдында бетиңерге көө жаппасам элеби»-дейм. Ушул учурда кайдандыр: «сен кантип ак экениңди далилдейсиң, сени ким угат, жакында эле жегич, ичкич аталып эки күн түрмөгө жатып чыксаң» деген экинчи бир суроо пайда боло калат. Анда тек гана: «чын эле кантип мен ак болчумун»-дегенсийм. Эгер биринчи эле жолугуп айткан адамым тышынан «ооба сеники чын экен десе да», ичинен «карасаң акчыланып жатканын «ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат» деп баары бир ишенбейт да.

Анын үстүнө менин душмандарым элди алдап, карапайым элдин ишенимдерине кирип алышкан. Алардын байлыгы десе байлыгы, бийлиги десе бийликтери бар. Бир нерсени бүтүрөйүн десе үйлөрүндө олтуруп, телефон менен сүйлөшүп чечип коюшат, же машина менен зып этип кыдыра салышат. А мен жөө кимге барып, эмне айтам, айткан менен ким ишенет. Алар кандай сүйлөсө да эл ишенет, себеби башынан угуп, көнүп калышкан. Анын үстүнө алар элдин алдында сүйлөп жүрүшүп, кандай айтса эл угаарын билишет, бири-бирин колдошот, биринен-бири өткөн чечен, мен жалгыз бир нерсе дейин десем, ит талагандай ар кайсы жагымдан чыгып кагып коюшат. Алар эбактан мындайга көнүп бүтүшкөн. Аны көргөн көпчүлүк эл толук кептин маңызына маани берип олтурушпай эле, «көпчүлүк айтып жатпайбы» деп тигилерге ооп кетип жалгыз калам да. Андай убакта бирөө жарымы менин сөзүмдүн туура экенин түшүнсө да, ачык элдин көзүнчө тигилерден коркконунан болуша алышпайт. «Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап» дегендей болуп, «сен туура айттың, сеники чын» демиш болушат. Анда мен кандай кылышым керек? Тим эле калып, көр оокатым менен алек болуп жүрө берсемби? Жок андай кылууга болбойт, жаман атты болгон тейинче кантип калам. Жакында эле айылдын эли кезексиз жамааттын экинчи курултайын өткөрүп, акимге чейин барышып, айыл өкмөтүн түшүрүп, мени айыл өкмөтү коюбуз дешкенде, акимдин облуска чейин барганычы. Ошондо ал облустук кеңештин төрагасы Турдубаев Жолоочуга «өзүңүздүн айылдаштарыңыздын курултайына катышып, элди тынчытып бериңиз» деп суранганычы. Курултайга Жолоочу Турдубаевич катышып, Үсөнакун экөөбүздү эпке келтирип, техсервистин карамагына бакты берип, бийликти бөлүштүрүп кетпеди беле. Жолоочу аба мага: «Үсөнакундун айыл өкмөтү деген аты болбосо, сенин бийлигиң аныкынан аз эмес. Мени уят кылбай ынтымакта иштешкиле» дебеди беле. Мен ал кишини сыйлап, элди тыйып, тынч иштеп калдым эле го. Эми эмне кылышым керек? Тынч жатып алганда болбойт го? Мага ишенген адамдар болгондон кийин, клубка элди чогултуп, чогулуш ачып, болгонун айтып берсемби? Бирок артымдан ОБХСтин тергөөчүлөрү жүрг өнүн элдер көрүп жатышпайбы. «Булар артынан бекер түшпөйт эле, жеп, ичип алганы чын го» деп аларды көргөндөр ишениши мүмкүн да.

Ал тургай жакын эле тууганым Жамыш аба кичинекей кызым жандарында ойноп жатса: «ой бул элдин айтымында баарын эле жеп алган го, таманы жерге тийчүдөй эмес» десе, кошунам Кадыш аба: «мунун иши чатак экен, соттолуп кетет го» дешип, кызымды таанымаксан болуп сүйлөшүп жатышканын кызым айтып келген. Булар минтип айтып жатышкандан кийин калган элдер өз билгендерин айтып жатышса керек. Мен чогулушта чыгып алып, «мени чоңдор ак жерден каралап жатышат, мунун баарына өзүлөрү күнөөлү»-десем алар укмак беле. Тескерисинче «карасаң муну жакында эле өзү чоң болуп жүрүп, чоңдорду жамандаганды эмне кылат экен, жеп соттолгону жатканын билбейби» дешпейби. «Анда эмне кылуум керек?» деген түгөнбөгөн суроо-жооптор кыйнап жатты.

Ошентип өз оюм менен алектенип жатканымда үйдөгүлөр дасторкон даярдашып, чайга чакырып калышты. Үй-бүлөөнүн салты боюнча майрам күнү дасторконго үйдө болгон жакшы тамактарды жайнатышып, майрамга чоң маани берер элек. Анын үстүнө менин ыза болуп жүргөнүмдү сезишип, эки-үч күндөн бери даярданышып жатышкан. Мен дасторконго олтурарым менен колдорунан келген белектерин тапшырып жатышты. Мен да үй-бүлөөмдүн майрамдык маанайын бузбоого тырышып, жайдары болууга аракет кылып, жакшы сөздөрүмдү айтып, белектерин кабыл алып, жакшы маанайда ар кандай сөздөрдү сүйлөшүп, күндө айтылуучу «баланча тергөөчү чакыртыптыр, түкүнчө жерден повестка келиптир, эл минтип атыптыр» деген сөздөрдөн качып, бири-бирибизди капа кылбоого аракет кылып жаттык.

Мен жумуштан бошоп, сотко ишим өткөндөн бери үйдөн кайгы капа кетпей жалаң эле жаманчылык жөнүндө сөз жүрүп калган. Чай ичилип бүткөндөн кийин тышка чыксам, күн аркан бою көтөрүлүп, сууктун күчү кайтып, жылымык тартып, үйдүн үстүндөгү карлар эрип, майда тамчылар акырындан таамп жатыптыр. Көңүлүм бир азга тынчыгандай болуп, короо жайды карап, огород жака бара жатсам башым тегеренип, көңүлүм караңгылап, жер көчүп бара жаткандай болду. Жыгылганы баратканда келме келтирип акырын олтура баштадым. Толкун артымда турган экен чуркап келип колумдан тартып:

-Эмне болуп кетти?-деп безилдеп жиберди.

-Коё турчу бир аз эс алайын-дегенге араң жарадым.

Бир убакта чекемден тер чыга берип, башым тегеренгени басаңдап өзүмө келе баштадым. Толкун:

-Ай-ий өңүң жана аябай кубарып кеткен. Эми араң кызыл чуркай баштады, өзүңдү карасаң боло. Балдарың, бир туугандарың маңдайыңда аман-эсен турушпайбы, эмне мынча кайгырасың, күнөөң болбогондон кийин баары ордуна келет-деп ыйлап жиберди. Мен да өзүмдү алаксытып: «эмнеге мынча кайгырам, бир балакет болуп кетсем балдарымдын күнү эмне болот, жаманатты артымда калса, балдарым элдин бетин кантип карайт» деп өзүмө өзүм кайрат айтып, ичимден чымыркандым.

Эс алгандан кийин туруп ары-бери басып баш аягымды жыйнап алып үйгө кирдим. Канчалык ойлонбоюн десем да, кайрадан бучкактап жабышып алган ойлор коё бербеди. Ооба өлүм деген бат эле турбайбы, эгер азыр өлүп кетсем ичимдеги сырларым айтылбай арманда кетпейт белем. Өзүмдүн ким экенимди элге далилдешим керек дегенде эле «кантип?» деген суроо пайда болду. Ошондо: «айтып далилдей албасам жазып далилдейм»–дегенсийм. Газетагабы? Аны ким басып чыгарып, ким уруксаат берет деген суроо берилди. Анда «китеп жазам» дейм. «Китепти кантип жазасың, мурун, кийин жазып жүрбөсөң. Аны жазыш сен ойлогондой оңой эмес» дейт кайдандыр келген ой. Буга макул болуп: «чын эле кантип жазам, оңой болсо элдин баары эле жазуучу болуп кетпейт беле, анын үстүнө окурмандарды кантип кызыктырам. Азыркы элди эмне жазсаң да кызыктыра албайсың, же мен чоң мамлекеттик масштабдагы жетекчи болбосом, же бир инженер-ойлоп табуучу болбосом, менин жөнөкөй турмушума ким кызыгат, китеп жазганым болбойт го» дегиче Толкун кирип;

-Дагы ойлонуп жатасыңбы, өзүңдү аясаң боло-дегенде, мен:

-Билесиңби Толкун, китеп жазып, кимдин ким экенин элге түшүндүрөм!-деп жибергенимди өзүм билбей калдым. Ичимден бул айткан сөзүмө өкүнүп «кап, бекер айтып жибердим, эми кантип жазам» дегенче Толкун:

-Туура, сенин жазарыңа ишенем, ыр жазган адам кара сөз менен дагы жаза алат-деп ишенимдүү айта салды.

Толкун чыгып кеткенден кийин ручка, кагазымды алып эмнеден баштаарымды ойлондум. Баардык эле жазайын дегендеримдин ылайыгы келбей, бир топко кыйналдым. Ал тургай өкүнүп «эмне үчүн китеп жазам» деп айтып жибердим деп өзүмдү жемелегенге да үлгүрдүм. Кеч болуп калгандыгын: «атаңар китеп жазмай болду» деп Толкун тышка чыгаары менен балдарыма айтып салгандан кийин сездим. «Эми жазуудан башка арга калбай калды» деп кайрадан ойлоно баштадым.

Мен өзүмдүн жашоомдо болгон чындыкты, эс тарткандан берки турмуш менен болгон күрөшүмдү жазышым керек. Карапайым турмушум менен эч кимди таң калтырып, жаңылык киргизе албасам да, карапайым адамдын образы аркылуу кара өзгөйлүктү, кылмыштуулукту, терс көрүнүштөрдү ашкерелеп, турмуш менен тайманбастан күрөшүп, өзүмдүн душмандарымдын чыныгы жүзүн көрсөтүп, чындыкты бетке айтып, адилеттүүлүк, калыстык үчүн күрөшүүнү адамдарга колумдан келишинче жазып көрсөтүүм керек. Бул китеп жалпы эле окурмандарга өз таасирин тийгизип, турмуштагы терс көрүнүштөрдү жеңүүгө салымын кошот деген ойдо болдум.

Көрсө бул турмуш дегениң адегенде эркелетип алдап-соолап, жакшы нерселерге алаксытып, өзүнө акырындап сүнгүтүп киргизип, андан кийин чытырман токойдой белгисиз жерге алып келип, арылап аралагандан кийин адаштырып, анан ушул миңдеген жолдордун арасынан, өзүңдүн күчүңө жараша алыска баруучу жолуңду тандап алып, өзүңдүн турмушуңдун чокусуна чыгып көр-деп таштап кете берет тура. Андан кийин ар ким өз бактысына жараша тандап алган жолу менен учу-кыйры жок турмуштун алды жагы көрүнгүс жолуна түшүп, улам бийиктеп, турмуштун чокусуна жетүүгө далбас уруп, күч кубатын, өмүрүн, ден соолугун, турмушта алган тажрыйбасын, билимин, акыл-сезимин, кайратын, ар намыс, адебин, болгон адамдык сапаттарын жумшап, өз мүмкүнчүлүгүнө жараша бийиктиги болгон чокуга чыгып, жашоодо из калтырат тура.

Мен ошондуктан жашап өткөн турмушумдагы жеке өзүмө таандык чокума чыгуу үчүн жазылуучу китебимди «Турмуштан жаралган чоку» деп атадым. Турмуштан жаралган чоку канча бийик болгондугун аныкташ үчүн окурмандардын таразасына койом.

 

I-бөлүм

АЛГАЧКЫ КАДАМ

 

Таң атканына бир топ болгону менен күн чыгарына али көп убакыт бар эле. Жайлоодогу жайдын түнкү эркин соккон жели төшөктөн жаңы туруп, тышка чыкканымда мени менен учурашкансып кулак мурдумдан чымчылап тыз-тыз эттирет. Жайлоодо чатырда жатканда эмнегедир уйку эрте канып, сууган аттай чыйралып калган экенмин. Жакадагы там үйдө жатканда мынчалык эрте ойгонбой, уйкум да канбай, эжелерим: «тур окууңдан кечигесиң»-дешип, үч ирет келишип, жулкулдатышып жатып араң ойготушар эле.

Эми минтип эч кимге ойготтурбай өзүм эрте турганга бир чети кубансам, бир чети көңүлүм көтөрүңкү болуп тегеректи кызыгып кароодомун. Анын үстүнө кечээ эле жакадан биринчи классты бүтүрүп, каникулга тараганда жайлоого бардым. Ата-энем элдин менчик коюн багып ушул жайлоого биринчи эле жылы келишкен. Аларга жардам бергени агам, эжемдер менен келгендиктен, жайлоодон кызыгым бир топко тарачудай эмес. Айлана-чөйрөнүн кооздугу, жыпар жыттанган тоонун таза абасы кандай адам болбосун өзүнө тартаарын, ал кезде кайдан билиптирмин. «Миң уккандан бир көргөн», дегендей мурда көп эле жолу жайлоо жөнүндө угуп жүрсөм да, алгачкы жолу эле көрүп жаткан элем. Ошондо жайлоонун кереметтүү кооздугу мени аябай таң калтырганы күнү бүгүнкүдөй эсимде калыптыр. Чын эле жайлоо дегениң абдан кооз тура, деп балалык тунук сезимим менен ошондо алгачкы жолу суктанган элем. Ал кезде кайдан билдим алдыда турмуштун эчендеген катаал жолдоруна алгачкы кадамдарымды шилтеп жатканымды.

Ошол кез 1964-жылдын июнь айынын башы эле. Атам Сагаалы 36 жаштардагы узун бойлуу, кара тору, толугунан келген мүнөзү токтоо киши болчу. Энем Жүзүмкан атамдан эки жаш улуу, толугунан келген, ак саргыл, орто бойлуу, мүнөзү ачык айрым, жумуш дегенде ичкен ашын жерге койгон, күйүкчөөл жан эле. Ал кезде сегиз бир тууган элек, кийинчерээк бир инилүү болдум. Улуу эжем Жамалбүбү 1950-жылы төрөлгөн, экинчи эжем Бөдөнө, ал кийинчерээк атынан уялып Вера деп котортуп алган. Баарыбыздын ортобуз эки жаштан. Андан кийин өзүмдөн эки жаш улуу агам Конокказы, анан мен, менден кийин эгиз карындаштарым Алиман менен Калиман, андан кийин Жаңылкан, кыздардын кичүүсү Света. Ошондо мен жайлоонун суктанарлык сулуулугуна кызыгып жатсам, артымдан чыккан агам Конокказынын үнү оюмдан алагды кылды.

— Абам аттарды алып келгиле дейт, жүрү кеттик-деп жүгөндөрдү кармап турган экен.

Ал кезде биз атабызды аба, энебизди жеңе дээр элек. Анын себеби чоң атам Элебестин көзү өткөндөн кийин чоң энем Сейдеканга бүт бийлик өтүп балдарына кадыр-барктуу болуп, али карылыкка өтө моюн суна элек, кайратуу киши эле. Ал киши биз менен чогуу турбаса да анда — санда келип, кетип турчу. Сейдекан чоң энем атамдын иниси Садырбай абамдыкында жашоочу. Биздикине келип калганда чөнтөгүнөн таттуу өксүчү эмес, же ошол таттуусуна карачубузбу, же коркконубузданбы адегенде «тууган эне» дечүбүз. Анда да жарытпай кабагын чытып, «мен силерди туубай эле турам» дегенде, жагалданып эне дегенге өткөнбүз. Ошондон кийин кабагы ачылып, сөзүбүздү кайра алганыбызга, эне дегенибизге маашыр болгондой чөнтөгүнөн момпосуйун алып чыгып берип, эркелетип калаар эле. Ошентип, менден өйдөкүлөрүбүздүн баары эне дегенге көнүп кеткенбиз, ал эми ата-энебизди аба, жеңе деп калганыбыз ошондон болсо керек. Менден кийинкилери болсо ата-эне дешер эле.

Кичине узаарыбыз менен агам Конокказыга:

— Аттарды кайдан издерибизди сурап алдыңбы?-десем.

— Ооба сурадым,— деп алдыга түшүп жөнөдү.

Короодогу койлордун алды бирин-серин туруп, көпчүлүгү дале жатышкан. Биз короонун чети менен кыялай маңдайдагы кырды көздөй өр талаша басып жөнөдүк. Койлор жөтөлүп, мекиренип, кээ бирлери маарашып, адашып калган козуларын издеп, калган койлорго тынчтык беришпей ойготушууда, ал аз келгенсип адашкан козулар маараган энелерине чуркап баратып, уктап жаткандарын тебелеп дүбүрөшүүдө. Биз жогорулап бир аз көтөрүлгөндө эле, кой-эчкилердин жарымынан көбү турууга үлгүрүшкөн, барган сайын кой, эчкилердин, козу, улактардын маарашканы көбөйүп, ызы-чууга толо баштады. Алардын табышынан тегеректеги жан-жаныбарлар да ойгоно баштаган сыяктуу, ар түркүн канаттуу куштардын сайраганы, иттердин үргөнү, суурлардын канкуштаганы коштоп, өзүнчө эле оркестр музыка ойноп жаткандай болуп, ага жаратылыштын сулуулугу кошулуп, өзүнчө эле бир сыйкырдуу дүйнөдө жүргөндөй болдум.

Биз жаңыдан кырга чыкканда тээ алыскы ак карлуу, бийик мөңгүлүү чокунун учунан күндүн нуру жаңыдан баш багып чачырай баштады, барган сайын көлөкөлөр улам ылдыйлап, өсүмдүктөр, жаныбарлар тынчсызданып, күндүн нурун күтүшкөнсүйт. Биз чыккан кырды «Жалгыз карагайдын кыры» дешер эле, ошол бизден ылдыйкы коктунун боорунда жападан жалгыз карагай өсчү. Азыр бизге ал карагай даана көрүнүп турду. Ушул кыр тегеректеги эң бийик эки чокуну бириктирип турчу, бул чокулар бири түндүк жагында, бири түштүк жагында жайгашкан. Ал чокудан тегеректин баары даана көрүнчү. Булар тегерегиндеги тоолордун ата-энесиндей болуп бийиктиги менен айырмаланып, өзүлөрүнөн кеткен кырлар аркылуу баардык тоолорду бириктирип туруучу.

Кыр менен жүрүп отуруп түштүк жагындагы чокуга чыктык. Чыныгы кооздукту ошондо ошол жерден көргөндөй болдум. Көрсө ылдый жактан жердин кооздугуна жөн эле суктанган экенмин. Кооздук деп мына ушуну айт, бирөө адегенде жаңылып кетпес үчүн сүрөткө тартып алып кийин этияттап ирети менен атайлап жасаган сыяктуу. Ал кезде жайлоолордун аттарын да мал жанга, жаныбарларга окшоштуруп коюшар эле. Ошол көз алдымда турган ажайып кооздук асманга алып учуп калкытып жүргөндөй болду. Тээ өйдө жакта кербендин төөлөрүндөй созулуп жаткан ак мөңгүлүү аска-тоолор, бери жагында карагай баскан жашыл тоолор, чыгыш жагында кең жууку ичи өйүз-бүйүзү менен көрүнүп, ортосунда чоң көк кашка суу ийри-буйру болуп сойлоп бараткан ажыдарга окшоп көлдү көздөй агып жатат. Батыш жагында тегереги тоолор менен курчалган «Чычканбашы» жайлоосу, түндүк жагында тоолордун арасында көпкөк болгон Ысыккөл чалкып жатат.

Бир топко жалдырап туруп калсам керек. Чокудан ылдый түшө баштаган агамдын :

-Баспайсыңбы, эмне турасың?!.-деген сөзүнөн улам эсимди жыйнап ээрчип ылдый көздөй басууга мажбур болдум. Ылдыйлап отуруп кайкыга түшүп, анан кыя жол менен андан ары жөнөдүк.

Кийин билсем ошол кайкыны «Батманын кайкысы» деп, ал эми бараткан кыя жолду «Чапкан кыя» дешет экен. Ошол «Чапкан кыя» аркылуу «Четбулак» жайлоосунун кайкысына чыгат экен. Кайкыга чыкканда агам:

-Мына «Четбулак» жайлоосу-деди. Жайлоонун кайкысынан күнгөй-тескейи менен жанакы көргөн Жууку суусу, анын аркы өйүзүндөгү Саруу айылынын жайыттары көрүнүп турду. Ал жерде да кызыл-тазыл гүлдөр жайнап, узарып өскөн чөптүн баштары жел аргыга ыргалып, тескей бетиндеги бадалдуу токойлор түркүн түскө бөлөнүп өзүм төрөлгөн жер ушундай кооз экен го деп сыймыктандым.

Атам менен энемдин мурда Четбулактан төрөлгөнсүң деп айтышканы эсиме түштү. Айта кетчү нерсе кырк жылдан кийин ушул өзүм төрөлгөн «Четбулак» жайлоосуна көчүп барып, үй-бүлөм менен жашарымды кайдан билдим.

Биз издеген аттарды алыс эмес эле жерден таптык, аттар бул жерге бекеринен келишбептир. Чөптөрдүн узундугунан бирде башыбыз көрүнсө, бирде көрүнбөй калып жатты. Кызыл-тазыл ар түркүн гүлдөр, ышкын, согон, арча, токойдогу ар түркүн бадал өсүмдүктөрүнүн кооздугун айтпа, жыпар жыттары көңүлүңдү сергитет. Бизди жүдөткөн андагы чөптөрдүн узундугу көрүнүп турган аттарга жеткенче бир топ убара кылып, чөптөгү шүүдүрүмдөр белибизге чейин кийимдерибизди суу кылды. Аттарга жете келгенде жеп жаткан чөбүнөн баштарын көтөрүп, кулактарын тикчийтип, силер кимсиңер дегендей чочуркай карашты. Алар экөө эле, бири чоң тартайган жээрде кашка, экинчиси жапалдаш бойлуу тору ат. Бир аз тиктешкенден кийин көнө түшүшкөндүктөнбү же кекиртектеринин кыстоосунанбы кайра эңкейип оттой башташты. Агам мени;

-Сен бул жерден тоз!— деп коюп, акырын жүгөндү алып жээрде кашканы көздөй басып, жанына барганда күндө минилип чакар болгон ат качууга аракет кыла баштады. Дыр-дыр деп эки жактан тозмолоп чуркап эптеп жээрде кашканы кармадык. Андан кийин кача албасына көзү жеттиби тору ат бат эле карматты. Чапандарыбызды чечип, алдыларыбызга салып, жайдак мине албай бир азга убараланып жатып миндик. Малчынын үй— бүлөсүндө туулуп, мурда атка жайдак минип көнгөндүктөн кечикпей эрте барып, малды жайытка чыгаруу үчүн ыкчамдай бастырып келген жолубузга түштүк. Мурда мындай бийик тоолордо бастырып көрбөсөк да ата-энебиз жакада колхоздун койлорун багып турганда аттарды минип алып «Коңур» деген майда тоолуу адырларга далай жолу кой кайтарган элек. Ошондуктан бара-бара аттар менен жарышып, жалгыз карагайдагы конушубузга бат эле жете келдик. Кийин ал жер Сагаалынын конушу аталып калды. Али короого күндүн нуру чачырай элек болсо да атам тынчсызданып бизди күтө албай, малды жаңыдан короодон айдап чыгыптыр. Кырдан жаңыдан эңкейген бизди к
өрүп, ыраазы болуп, үйдөгү кемпирине:

-Ээ, кемпир, карачы, балдарың аттарды таап келе жатышат, кол узарат деген ушул экен го— дегенде, кемпири чатырдан чыгып;

-Оо, алдыңа кетейиндерим быйыл кичине чоңойойун деп калышкан тура,-деген үндөрү бизге чейин угулду. Анан акырын бастырышса боло, жыгылышпагай эле деген кошумчалаган үндөрү угулду. Биз үйгө жете келгенде кубанычтары коюндарына батпай, күлүп жайнашып аттарды кайдан таап, кандай келгенибизден өйдө сурап калышты. Биз тең жарышып көргөн билгендерибизди айтып бердик. Үйгө кирсек энебиз берерге тамагын таппай, сактаган тамак-ашын дасторконго койду. Биз тамактанып чыкканча атабыз аттарды токуп коюптур. Бизге койлорду кайда жайарды айтып берди. Мурда кой кайтарып жүргүндүктөн бат эле түшүндүк. Аңгыча энебиз түшкү азыгыбызды алып чыгып берди. Атыбызды минип жаңы эле узап бара жатышкан койлордун артынан жөнөдүк.

Июн айы жаңы эле башталып, чөптөр коюу болуп, койлор тоюшарына көздөрү жеткендиктенби, тогонок тарткандай жай баракат араң буттарын шилтеп анда-санда чөптүн башын бир тиштеп жайылууда. Ал эми эчкилер болсо кээде гана оттобосо улам алдыга жанталашып коктуда өскөн бадалдардын биринен сала бирине чуркап барып жалбырактарын тиштеп, жулуп алып жатышты. Жайылып жүргөн койлордун арасында суурлар да чочуркабай оттоп жүрүшөт. Капысынан кырдан чыга келген бизди көрүп, эки буттарын көтөрүп тура калышып, бизди таңыркап карап калышып, биз жакындаганда каңкуштап ийиндерине кире качып жатышты. Бир убакта жанымда келе жаткан агама:

-Койлор болсо жакшы жайылууда, жүрү эми тиги чокуга чыгып көрөлү?-дедим. Агамдын да чыккысы келип турса керек, токтолбостон макул болду.

Биз кыялай бастырып чокуга чыгып бардык. Ал түндүк жактагы экинчи чоку болчу. Бул чокудан көлдүн тегереги бүт көрүнөт экен. Көлдүн аркы жээгинде бул жактагыдай эле асман тиреген ак мөңгүлүү, аска-зоолор, бери жагы карагай баскан тоолор, анын бери жагы майда тоолуу адырлар, андан бери көлдүн жээгинде ар кайсы жерде айылдар. Ортодо Ысыккөл чалкып жатат. Көлдүн берки жээгинен өз айылыбыз Дархандын бир чети көрүнүп турду. Андан бери адырлуу майда тоолор, биз чыгып турган тоолор, анан ак мөңгүлүү аска-зоолор көлдүн тегерегин атайын окшоштуруп курчап койгондой. Мен бул чокудан да дагы эле кызыгым тарабай айлана-чөйрөнү суктануу менен көпкө карап турдум.

Анан жаңы эле аттанып чыккан үйүбүз көрүнүп тургандыктан чатырдын тегерегинде басып жүрүшкөн ата-энебизди, эже-карындаштарыбызды да карап жаттык. Тигинде кийиздин үстүндө атам кыздары менен чакмак ойноп жатышат, улуу эжем менен энем көрүнбөйт, чатырда каймак тартып жатышса керек. Чатыр жакын эле жерде болгондуктан кыйкырып сүйлөшүүгө болоор эле. Чокунун чыгыш жагында «Батма» деген чоң кокту, аркы бетинде биздикиндей чатыр турган, кечинде кимдин чатыры экенин атамдан сурасам, атам бул чатырда биздей эле №1 бригаданын менчик коюн баккан Жасүкөй деген киши турарын айтты. Биз №2 бригаданын менчик койлорун бакчубуз. Алар менен катышкандан кийин Жасүкөй атам курактуу жапалдаш бойлуу, баскан турганы тың, арыкчырай, сөздү кези келгенде сүйлөй билген сары киши, аялы Бакен кара тору, узун бойлуу, арыкчырай, ачык-айрым отуздар чамасындагы аял экен. Алардын бир кыз, бир уулу бар болчу. Кызы мени менен окуган Нуржамал, уулу Жасун, менден бир жаш кичүү болчу. Чатырды кечке карап эч кимди көрө албадым. Мен Нуржамалдын ата-энеси биздей кой багарын мурда укканмын, бирок ушул чатыр Нуржамалдыкы экенин билбептирмин.

Чокунун батыш жагында биздин үйүбүз, андан ары узун кырдын түшө калышында «Чычканбашы» жайлоосу, ал жайлоонун ортосу менен да чоң суу агып өткөнү көрүнүп турду. Ошол суудан флягилерди атка жүктөп суу алып, малды сугарарыбызды кийин билдим. Бул чокуну «Чычканбашы» жайлоосу менен ал кырдан башка дагы эки кыр коктулары бириктирет экен. Бул чоң коктулардын боорунда топ бадалдар көрүнүп турду. Кийинчерээк буларды нечен жолу аралап согон, ышкын, кызыл-мияз, карагаттарды терчүбүз. Түштүк жагын карасам эртең менен чыккан бийик чоку аттарга бараткан жерди көргөзбөй тосуп алган чокунун капталынан ак мөңгүлүү тоолор бери жагындагы карагай баскан бийик тоолор көрүнүп турду.

Ошентип бул алгачкы күнү балалык күндөрүм өткөн «Жалгызкарагай» жайлоосунун тегерегиндеги жер суулар менен үстүртөдөн таанышып, жерге, сууга, жаратылыштын кооздугуна, сулуулугуна болгон алгачкы кызыгуум, суктануум, сүйүүм пайда болду.

Айылдан бул жайлоого чейин эки жарым, үч сааттык жол эле. Кийин атам жумуштап айылга кеткенде эчен жолу көздөрүбүз кызарганча ушул чокудан жол карар элек. Ушунча алыс болсо да, айылдан чыккан атчан кишинин карааны бери төш таянгандан баштап көрүнүп турчу.

Чокунун көл жак бетинде жайылып жүргөн койлорду карасам бары жайбаракат жайылып жүрүшөт. Агам Конокказы атын тушап коюп, калдыркан көпөлөк кармап жүргөн экен. Мен дагы аны туурап атымды тушап салып, көпөлөк кармоого кириштим. Көпөлөк кармоонун кызуусунда жүрүп эртең мененки энебиз салып берген азыктарды жегенди да унутуп калыптырбыз. Чокудагы түрдүү калдыркан көпөлөктөрдүн көптүгүн, кооздугун айтпа, тим эле биринен-бири кооз. Бирин кармасак улам коозурагы учуп келип көздү кызыктырат. Адегенде шапкелерибиз менен кармай баштаганбыз, андан кийин калдыркан көпөлөктөрдү кууп жүрүп, ысып тердегенде чечинип отуруп белибизден өйдө дырдай жылаңач калдык. Анткенибизге болбой жаактарыбыздан ылдый куюлган тер салаа-салаа болуп моюндарыбыздан ылдый куюлуп шымыбызга кирип жатты. Экөөбүз улам бири-бирибизге мактанып ,

-Көрдүңбү, мен кандайын кармаптырмын — десем, агам:

-Сеникинен да коозурагын кармадым-деди. Атаандашып чуркап жөнөдүк. Биз ал убакта чарчоону да , койлорду, аттарды да ал тургай ушул чокуда эмне үчүн жүргөнүбүздү да эстерибизден чыгарып коюптурбуз. Бир гана биздин оюбузда канткенде көпөлөк калдыркандын коозурагын көп кармап атаандашын утуш болгон. Көрсө балалык кез ушунусу менен кызык тура.

Күн бешим болуп, аба салкын тарта баштаган кезде көпөлөк калдыркандар да суюла баштады. Кой, эчкилер да бириндеп жайылып чачыла баштаптыр. Аттарыбыз болсо ылдыйлап кетиптир, ушул маалда эстерибизге келип кийимдерибизди чала-була кийинип аттарды көздөй чуркадык. Аттарды минип алып койлорду чогултууга кириштик. Аңгыча күн кечтеп, койлорду корону көздөй жайганда курсактарыбыздын ачканын ошондо гана сезип, ат үстүнөн чала-була тамактандык.Ошентип ал күндүн кантип кеч киргенин билбей калдык. Кечинде койлорду короого жайып барганда үйдөгүлөр чоң жумуш бүтүрүп келгенсип, берерге тамагын таппай, кубанып тосуп алышты. Агам экөөбүз аябай чарчагандыктан тамактарыбызды ичерибиз менен көшүлүп уйкуга кеттик.

Эртең менен уйкудан эрте ойгонуп башымды өйдө көтөрсөм, эже-карындаштарым уктап жатышкан экен. Ата-энемдин, агамдын төшөктөрү бош турат. Тигилер чатырдын тышында кобурашып, сүйлөшүп жаткандарын угуп, кийимдеримди чала-була кийине салып, тышка чыксам атам койлорду аралап жүрүптүр, энем менен агам сүйлөшүп турушкан экен. Энем мени көрө салып эт жүрөгү элжирей жалынып жалбарып кирди. Анан кантмекчи, кечээ агасы менен кой кайтарып, атасынын түйшүгүн жеңилдетип, ага карабай бүгүн да эрте турса, энеге мындан артык кубаныч барбы, кичинекей баласы аракет кылып жатса.

-Ой, алдыңа кетейиним, жакшы уктадыңбы, кел чочоңдон жыттатып койчу-деп алаканын жайып мени көздөй жүткүндү.

Мен уялып жер тиктеп тежиктендим.

-Бул эмнеси мурда сураганда чуркап келип жыттатчу эмес белең, тил албаган эмнеси,-деп таарына түшкөндөй бир саамга кайра ойлоно калды да, күлкүсү чыгып,-ии балакетиңди алайын быйыл окууга барганга чоңоё түшкөн тура,-деп, кайрадан-келе кой кекиртегиңди жыттатып койчу— дегенде, ушунусун күткөнсүп энеме чуркап барып, моюнуна асылып, кекиртегимди тостум. Мына ушул ирмем кандай керемет. Эне баланын, бала эненин жытын жыттоо, бул жыттар эненин да, баланын да өмүр бою мурундарынан кеткис касиеттүү жыттар эле, ошол кезде алар ушуну этибарга алышкан жок, тек гана жыттарга жана эң жакын адамынын денеси кучактарына толгонго моокумдары канышкан. Ары жактан сүйлөгөн атамдын үнү бизди бул ыракаттан алыстатты, биз үн чыккан жерге карадык:

-Эй Бекказы кайрадан энеңдин эмчегин эмесиңби, эми сен окууга кирип, чоң жигит болбодуңбу, уялбайсыңбы?!-деди

Анда энем мени бооруна ого бетер кысып;

-Эмизсе эмне экен, эмем десе эле эмизем-деп ыракаттана сүйлөдү.

Балким ошо кезде энемдин эмчеги ийип менин чоңое түшкөнүмө карабай сүт толо түшкөндүр.

-Бол эми сен энеңдин эмчегин эмгиче күн түш болуп кетет, аттарды алып келгиле, койлорду жайытка эртерээк чыгаралы-деди.

Аңгыча агам жүгөндөрдү алып кечээки жолуна түштү, мен анын артынан ээрчип жөнөдүм. Биз бул сапар аттарга бат эле жеткендей болдук. Аттар кечээки жерде оттоп жүрүшкөн экен. Бул аттардын да өздөрүнө таандык кулк мүнөзү, өзгөчөлүктүрү бар экенин мен кийинчерээк түшүндүм. Бул чоң жээрде кашка атты Куркук дечүбүз, анткен себебибиз бою чоң, бүкүр, жайдыр-кыштыр кыркайып жонундагы кыр сөөктөрү чыгып турчу, беш-алты асыйга чыгып толуп турган убагы болсо да желмек турсун бат басчу эмес. Далайды көрүп тажанып, жедеп кашаң болуп калган өңдүү бир калыпта араң басчу. Айрыкча мен мингенде канчалык теминип, кагынып сабасам да, тоотуп койчу эмес. Мунун жакшы сапаты абдан жоош болуп канчалык оор жүк жүктөсөң да көтөрүп, үстүндөгү жүк калдырап-шалдыраса да үркүү оюнда жок кете берүүчү. Бою өтө бийик болгондуктан үзөнгүгө бутум жетпей, минерде жетелеп алып чоң таш издеп, же кемер арык издеп, кээде бир эки саат убараланчумун. Айрыкча түз жерлерге туш келгенде, өзүм жалгыз болгондо аттан түшкөндөн коркчумун. Ошон үчүн мен Куркукт у мингенден дайыма каччумун. Экинчи атты Бопойтору деп атачубуз, кээде жөн эле Кербышты деп койчубуз. Мунун жашы быштыдан жаңы эле асыйга караган. Бою жапыз, өзү элпек эле, жаман жери кыялы чатак болчу, кичине эле куурайдын башы кыймылдаса, жалт берип үркүп кетүүчү. Ошон үчүн буга жүк жүктөлүүчү эмес. Мен мунун боюнун жапыздыгына, элпектигине карап минчүмүн.

Экөөбүз аттарыбызды кармап минип алып, кужулдашып сүйлөшүп үйүбүзгө кайра жол тарттык. Агам менден эки жаш улуу мүнөзү токтоо, кытмыр, узун бойлуу, арыкчырай эле. Көпчүлүк учурда ойноп жатып чыр чыкканда күнөөнүн баары мен жака ооп таяк жеп, тилди көбүрөөк укчумун. Урушту көбүнчө агам баштап коюп, ата-энем, эжелерим кийлигишкенде унчукпай калып, өлмөсөктөп мурдун шор-шор тартып жер тиктеп калар эле. Агамдан эки жаш кичүү болсом да уруша кеткенде жеңдирчү эмесмин, толмочуман келип көздөрүм ойноктоп, тентек болчумун.

Мүнөзүм ачык-айрым, боорукер, ак көңүл, өзгөчө мактап койсо, өлөр тирилеримди билбей дардактап кетер элем, айрыкча жанымда жүргөн кишини көрүнгөн суроону берип жатып тажатаар элем, өзүм да калпты-чынды койгулатып жанымда жүргөн кишини эриктирбей, бат эле ич-койнуна кирип, жамакташтырып, оюмдан чыгарып көрүнгөндү айтып күлдүрчүмүн. Үйгө келген чоң кишилер аттан түшө элек жатканда эле, Бекказы үйдөбү деп сурашып, мен салам айтып тышка чыккканда чоң кишилерден бетер эмне жаңылыгың бар дешип ар кайсыны сүйлөтүп эрмек кылышчу. Мүнөзүм көбүнчө энеме окшоп кетүүчү ачык-айрым, тырышчаактыгым, элпектигим, жароокерлигим, бирөө бир жака жумшаса кантип барам, кантип алып келем дегенди билбей чуркап кетер элем. Малды да жакшы таанып, жакшы кармачумун, жакадан кой-козуларын алып кетүү үчүн келген кишилердин малын табышып, кармап берип узатуу менин милдетим эле. Өзгөчө мактап койсо болду, ал киши мага дос, эмнени айтса аткарууга даяр элем. Сын айткан кишини жактырчу эмесмин. Көбүнчө чоң кишилерди жакшы көрүп. Өзүм да ошолордой болуп, бат эле чоңойуп кетсем деп самачумун. Алым жетпесе да бир нерсени жасоого тырышып аракеттенчүмүн, ата-энем же бир туугандарым жөнүндө жаман сөз уксам, аларга болушуп чаң жугузбай актап, ошол айткан кишини жаман көрүп кектеп калар элем. Ал тургай короодогу итибиз, койлор, уйлар, жаман көрүп жүргөн Куркук да жакшы көрүнчү. Аларды да мактап койсо ошол киши мага жакшы сезилип колумда болгонун аячу эмесмин. Башка курбалдаштарымдан намыскөйлүгүм, чыйрактыгым менен айырмаланып турар элем. Биринчи классты да жалаң «5» деген баалар менен окуп бүткөмүн. Кокусунан «4» алып калсам аны бешке жоймоюн, мугалимдин кулагынын кужурун алып, анын жанын койчу эмесмин.

Айылдагы чоң балдар көчөдөгү майда балдарды бул менин жигитим дешип экиге бөлүнүп алып күрөштүрүшкөндө мени алууга аракет кылышчу. Себеби мага мактоо жарашып, өзүм менен күрөшкө чыккан балдарды бир-эки жаш улуу-кичүүсүнө карабай жыгарымды билишсе керек. Алым жетпесе да сүрөөн күчтүү болсо тырмышып жатып жыгар элем, атаандашым жыгылып кутулмайынча кайра-кайра ит жыгылыш болуп атып, кээде көк шибердин үстүндөгү баткак сууну, кой, иттердин богуна да баштарыбыз малынып калган күндөрүбүз болгон. Ал тургай бир баланын колун сындырып алгам.

Биз аттарды алып келгенде атам бизди утурлай басып:

-Бүгүн ырас эрте келдиңер, койлорду сууга айдайлы, тамагыңарды ичип чыккыла, мен силер менен чогуу барып койлорду кандай айдап барып, кайдан сугарарыңарды көрсөтүп, флягилерге да суу ала келели— деди.

Агам экөөбүз тамак ичип тышка чыкканда аттар токулуп даяр экен, суу алып келүү үчүн эки флягини Куркукка артып коюптур, койлор менен эки уйубузду чогуу айдап Короочу деген итибизди эрчитип, Чычканбашыны көздөй жөнөп калдык. Атам Бопойторуну минип Куркукту жетелеп баратты. Агам экөөбүз жөө уй, койлорду айдап алдык. Капталдап кыя жол менен жүрүп отуруп, кырга чыга бергенде эле жалгыз карагай алдыбыздан даана көрүндү. Бул карагай жөнүндө мурда буларды уккан элем— «бул мазар, мунун ээси кызыл элик, анда-санда гана адамдарга көрүнөт»-деп, оюмда ошол кызыл эликти көрсөм деп бараттым. Аңгыча атамдын:

-Койлорду чогуу айдагыла, алдыдагы топ бадалга кирсе көлөкөлөп чыкпай коет-, деген сөзүнөн улам агам экөөбүз эки жагынан ит менен айдатып, койлорду чогулта баштадык. Биз койлорду жаңы айдап чыккан кырдын тескей бетинде, ар түркүн чөптөр менен гүлдөр өсүп, кулпунуп, көркүнө чыгып турган. Алдыдагы атам айткан топ бадалда шилби, табылгы, ит мурун, четин, бөрү карагат, чыны карагат жана башка өсүмдүктөр өсүп, түнт токойго айланып, жанынан өтүп бараткан бизге сырдуу, коркунучтуу көрүндү. Ары жагындагы коктунун башы биздин үйдүн тушунан кичинекей болуп башталганы менен улам ылдыйлаган сайын чоңойуп, жарлар пайда болуп, топ бадалдын тушунан ого бетер коркунучтуудай көрүнүп сүрдүү эле. Бул жерден өткөндөн кийин, күн чакыйып тийип, улам ысып бараткандыктан суусаган койлор чууруп, бат эле жалгыз карагайга жете келишти.

Мен жалгыз карагайдын жанына келип, муну эмне үчүн жалгыз карагай дешет, бул экөө турбайбы, эмне үчүн тээ алыста мөңгүнүн бери жагындагы карагайлардан бөлүнүп жалгыз өсүп калышкан, эмне үчүн суунун жээгине өспөй какыраган таш кумдун үстүнө кырга өскөн, буларды ким өстүрдү болду экен, булардын ээси кызыл элик кайда жүрөт болду экен, ал кандай болду экен?— деген түгөнбөгөн суроолор башымды чаташтырды.

Эгер айдап бараткан койлор узап кетпегенде дагы канча суроолор пайда болоорун ким билсин. Узап бараткан койлорду көрүп аркасынан чуркадым, койлор сала-салаа болуп чууруп алды, Чычканбашынынын түзүнө түшө башташты. Түзгө түшкөндөн кийин сууга чейин үч жүз метрдей аралык бар эле. Суунун эки жагы жүз метр жерге чейин саздак келүүчү.Ары жагы Чычкан айылынын жайлоолору. Бирок суунун аркы жээгинде да Дархан айылынын жерлери бар болчу. Жер саздак келип, чөп узун өскөндүктөн айылдан эл келип, чөп чаап жыйнашчу. Уй фермалар да ушул жайлоонун баш жагына көчүп келишип, тигилген чатырлардын көптүгүнөн өзүнчө айыл сыяктуу көрүнчү. Элдин көптүгүнөн жайлоо жайкысын бака-шака болуп турар эле. Койлор сууга келип ичишкен соң, саздын чөбүнө жайылып жатышты. Биз дагы сууга жете келип суусундарыбыз канганча ичип, колу-беттерибизди жууп, сергий түштүк. Биз агам экөөбүз суунун тунуктугуна түбүндөгү майда таштардын кооздугуна кызыгып, улам бир жерди карап, таштан-ташка секирип ойной баштадык. Мен бул суудан жакадагы сууга караганда 
көп өзгөчөлүктүрдү байкадым. Мөлтүрөгөн тунук суу таштан-ташка катуу урунуп, ак көбүктөнүп, негедир шаңдуу үндөр угулгандай, түбүндөгү майда таштары атайын жараштырып боёгондой түркүн түстө, анан суу канчалык тунук болсо да суунун түбүндөгү майда таштардан кумуна чейин даана көрүнгөнүчү, ичсе даамдуулугун айтпа. Абайлап карасаң майда балыктардын тобу менен сүзүп жүргөнүчү, тим эле кечке жүрсөң да кызыгың тарачудай эмес. Койлор бир топ жайылып саздын чөбүнөн кызыктары тарады окшойт, саздан чыгып жалгыз карагайды көздөй баштана башташты. Аларды көрүп атам бизге кайрылып:

-Конокказы койлорду жалгыз карагайдын тээтиги коктусуна коюп, келген жол менен үйгө бар, башын тоспой эле кой. Кандай барышты өзүлөрү билет, аягына сак бол бөлүнүп калбасын, коктуга киргизериң менен эле кете бер— деди, мага кайрылып:

-Сен мени менен Муканбет абышканыкына барасың, андан кийин экөөбүз флягиге суу толтуруп алып үйгө кетебиз-деп, артына учкаштырып Куркукту жетелеп, Муканбет абышканыкын көздөй бастырганда күн түш болуп калган. Муканбет ата биз менен аталаш тууган болчу. Карга акенин Чоңмурун деген уулунан тараганбыз. Муканбет атанын кемпири Cалиман. Уулу Асанкадыр, анын аялы Дүйшөкан, балдары Аскер, Гүлай. Муканбет ата Чычканбашынын Дархан айылына тиешелүү жерлерин кайтарган корукчу эле. Уул-келини неберелери менен айылда жашоочу. Кемпири экөө эле турушканы менен абдан малдуу болуп, өз оокат жайларына тың жашашчу. Муканбет ата жашы алтымыштарга келген чап-жаак, кара тору, бели бүкүрөйгөн бир көзү сокур, мүнөзү токтоо киши эле. Анткен менен атына минип, ойго-тоого чапкылаганда көргөн киши таң калып, кантип жыгылбай баратат дешчү. Жакага кандай бат барып келгенин элдер атайын кызыгып сөз кылышчу. Кемпири Салиман, абышкасы курактуу, толмочунан келген, жапалдаш бойлуу, ачык айрым, баскан турганы тың эле. Каз, өрдөк, тоок, индуктарды көп багышчу. Эки-үч аты, үч уйу, отуз-кырктай кой эчкилери боло турган. Ушул чарбаларынан тышкары жарым гектарга жакын жерге картошка айдап, малдарына жеткендей чөп үйүп, коругун карашчу. Ал аз келгенсип Муканбет ата тегерегиндеги малчыларды кыдырып бат-баттан барып турганга жетишчү.

Муканбет атанын үйү жакын эле жерде болгондуктан, бат эле жетип бардык. Адаттагыдай эле бизди адегенде иттери ажылдап үрүп тосуп алышты. Айрыкча иттер ээрчип келген Короочуну көрүшкөндө ого бетер ажылдашты, Кароочу да тигилерге айбат көрсөтүп улам жакындаганын тиштеп алып жатты. Биздин Короочу капкара болгон чоң дөбөт болчу. Үч-төрт ит анын сүрүнөн жакындай алышпай тегеренип ажылдашат. Мен үргөн иттерди карап өзүмдүн Короочума ыраазы болгондой жылмайып жаттым. Аңгыча Муканбет ата тышка чыкканда ата-бала үн алыша салам айттык, ал алик алып үйгө киргиле деп коюп өзү ажылдаган иттерин тыйып жатты. Үйдө Салиман эне идиш аяк жууп жаткан экен. Биз салам айтып киргенде, алик алып:

-Ии ата-бала, кайдан ээрчишип-деп коюп мага карап:-Кел, келе кой чоңойуп калган тура,— деп бетимден өптү.

Биз өтүп жайланышып отурганча дастаркон салып, май-чайын белендеп койду. Аңгыча эшиктен Муканбет ата кирди. Муканбет атанын мүнөзү түнт, сөзгө сараң болгону менен кээде чочугансып чечилип, айтарга сөзүн таппай, ал тургай сөздүн кызуусуна киргенде кошмолоп жиберер эле, бир көрүп мүнөзүн билбеген кишиге урушчаактай сезилчү. Анткени сөзгө кыска-кыска орой жооп берчү. Бүгүн ачылып турган кези экен, чай ичилип бүткөнчө тууганча өткөн кеткенди, күндөлүк тиричиликти, тегеректеги малчылар жөнүндө, жакында жакадан чөпчүлөрдүн келерин сүйлөшүп отурушту. Чай ичилип бүтүп тышка чыгарда, Салиман эне мени чакырып алып бир ууч момпосуй берип:

-Жакшы барагой балакетиңди алайын, мен дагы Аскерим менен Гүлайымды күтүп жатам. Уйчулардын сүт ташыган машинеси менен жакында келип калышаар. Койлорду сугарганда бул жака келип чай ичип кетип тур— деди. Атам экөөбүз суу алыш үчүн аттарыбызды жөө жетелеп, жакын эле агып жаткан суунун жээгине келдик. Атам мага кайрылып:

-Сен чака менен суу сузуп берип тур, мен флягиге куюп турайын, -деди. Атам аттын үстүндө жүктөлгөн флягилерге мен сузуп берген сууну куюп жатты. Мен кичинекей быйтыйган колдорум менен атамдын колунан чаканы алып бууракандап агып жаткан тунук суудан чаканын жарымынан сузуп берип жаттым. Суу флягилерге толо баштаган сайын Куркук алдыда азаптуу жолдун турганын сезгендей, улам бир бутун эс алдырып, улам бир бутуна оордугун салат. Сууну флягилерге бат эле толтурдук. Атам флягилердин оозун жаап, атына минип Куркукту жетелеп ойлуу, башын жерге салып, өзүнүн конушун көздөй бастырып жөнөдү. Мен Короочуну эрчитип тиги алдыда турган бийик кырды карап эми мунун башына кантип чыгаар экенбиз деп ойлуу бараттым. Өзгөчө алдыда флягилерди көтөрүп бараткан Куркукту аяп, байкуш ат эми флягилерди кантип көтөрүп чыгат деген ойго кеттим да, ит казып жаткан сокур чычкандардын ийиндеринин ары жагында оттоп жүргөн момолой чычкандарды көрүп алаксып калдым. Мына түз бүтүп жалгыз карагайдын кырын таяна бергенде атамдын ойуна бир ой кылт дей түшкөндөй болуп, башын мага буруп токтой калып:

-Бекказы, бери келчи балам?-деди. Мен атамдын чакырыгынан улам быйтыңдаган кичинекей буттарым менен эмне айтаар экен деп чуркап бардым.-Балам бир жумуштар бар эле ошол жака барып келе калайын, сен Куркукту жетелеп, итиңди ээрчитип, жанакы келген жол менен кырга чыга бер — деп жооп күтпөстөн эле Куркуктун чылбырын кармата коюп кайра артка чапкылап жөнөдү.

Мына алдыда бийик кыр оор жүк көтөргөн атты жетелеп, итимди ээрчитип кичинекей кибиреген каруу күчкө толо элек жаным улам барган сайын өр талашып бара жатам. Бир убакта бийик кырдын этегине келип такалдым, артты карасам атам көрүнбөйт. Куркук кичине демиге түшкөн, Короочу тилин салып акактап, эстегенсип оозун чоң-чоң ачып койду. Сагызган учуп конуп, «эй бала эми кырга кантип ат жетелеп чыгасың» дегенсийт. Мага коркунуч пайда боло баштады, «бул типтик бир аяк жол менен атты кантип жетелейм. Кокусунан ат флягилерди көтөрө албай чалкасынан кетсечи,» кайра бир ой, «эч нерсе болбойт мурда атам ушул жолдо ушул ат менен суу ташычу эмес беле, анын үстүнө атам бат келип калаар» деген ой кайра кайраттантты.

Атты жетелеп тик жол менен өйдө чыга баштадым, флягилердин оордугунан Куркук өйдө карай тырмышып мени тебелеп кетчүдөй болуп, күшүлдөп-бышылдап оор дем алат. Аны көрүп жол менен ыкчамдап жан талашып бир топ чыгып, анан жолдун четине чыга качам. Куркук да артымдан жан талашып чыгып, менин тушума келгенде, солкулдап дем алып жүктүн оордугунан буттары калчылдап титирейт. Менин арышым качан түздөн аз эле көтөрүлгөндө эле мурдумдан тер кетип, кичинекей жүрөгүм түрсүлдөп, көзүм алаңдап корко баштадым. Куркук жете келгенде тебелеп кетпесин дегендей болуп аркамды карадым. Алдымды карасам бир топ узун бийик типтик кыр, анан кыя жол, ары топ бадал, андан ары дагы кыя жол анан үйүм. Мен кыйынчылыкка туш келгенимди чындап түшүндүм, ары жакты карасам атамдын карааны көрүнбөйт, Куркук кулап кетчүдөй болуп буттары титиреп ар кайсы жеринен тер чыгып, оор дем алып, араң эле турат. «Эми эмне кылам?» деп өзүмө өзүм суроо бердим. «Ат артты көздөй кулап кетсе эмне болот» деген ой келип жүрөгүм шуу дей түштү. «Ат өлөт, флягилер талкаланат, жок андай барууга болбойт, эптеп жетүүм керек».

Сагызган шакылыктап, «азыр атың кулап кетет, карачы араң эле турат, кырдын башына кантип жетмек эле, атаң да азыр келбейт» дегенсийт. Ошондо атама ачуум келип эмне үчүн таштап кетет деп ызама муунуп ыйлагым келди. Бирок жанымдагы итим Короочудан, атым Куркуктан, сагызгандан уялып өзүмдү араң кармап турдум. Флягилерди көтөрүп турган Куркукка боорум ооруп кетип, тезинен кырга чыгуу керек дедим да айоо сезимим коркуу сезимимди жеңди көрүнөт, дөңдү карап тырмышып атты жетелеп жөнөдүм.

Атты бир азга жетелегенде эле ат катуу-катуу дем алгандыктан кичине болсо да дем алсын дедимби жолдун четине чыга калам. Ат тушума жете келет да калчылдап катуу-катуу дем алат. Аны көргөндө ого бетер зээним кейийт, Куркукту мурда жаман көрсөм да эми ага боорум ооруп кичинекей быйтыйган колум менен тер болгон башын сылап;

-Куркук кичине чыдасаң ээ? Дөңгө чыгабыз, ал жерден кичине эс алып, анан жолду улантабыз— десем, менин айткандарымды Куркук түшүнгөнсүп, макул дегендей болуп бышкырды.

Куркукту жетелеп дөңдүн кырын көздөй жанталашып жөнөдүм. Араңдан зорго дөңдүн кырына чыккандай болдук. Дагы алдыда далай жол бар эле. Бирок типтик жол артта калды, алдыдагы жол өр болгону менен арттагыдай тик эмес эле, эми кыялап белге чыгабыз. Анда жалгыз карагай өсүп турат, андан ары топ бадал андан өтсөк үйгө жакын калабыз деп өзүмдү соороттум. Куркук дөңгө чын эле чыктымбы дегендей болуп силкинди. Дөңгө чыкканга көңүлүм бир аз көтөрүлө түшкөнү менен дагы эле коркунуч басып турду. Менин ойумда алдыдагы жолду кантип басып өтүп, үйгө жетебиз. Куркукту карасам көл-шал болуп тердептир, алы кетип калды окшойт, тетиги топ бадалга чейинки кыя жолго чейин кантип чыгат, же атам келип калаар бекен күтсөмбү. Кантип күтөм, Куркук флягилерди көтөрүп турса, деген ойлор башымды айлантты. Үмүт чиркин кыйын эмеспи, атам келе жатып жүрбөсүн, деген ой башыма келип артымды карадым, атам дагы эле көрүнбөйт. Кайра Куркукту карасам дем алганы бир аз жайлап калыптыр, бирок жүктүн оордугунан бели ийилип тургандай көрүндү. Жүктөлгөн флягилер уюган темирдей болуп куркукту ылдый карай ныгыра баскансыйт бул көрүнүш менин кичинекей жүрөгүмдү аябай жаралатты. Ал тургай бат эле чоңойо калып эки флягини чечип эки жакка ыргытып Куркукту бошотуп алгым келди. Бирок айлам канча эки фляги эмес бир чака сууну көтөрүп түшүрүүгө чамам жетпесин билип, андан көрө Куркукту жетелеп тезирээк үйгө барып үйдөгүлөр менен флягилерди түшүрүп Куркукту бошотуш керек деген ойго кеттим.

«Эх турмушуң эшек араба, туулдун калдың балеге дегендей кечээ эле энемдин эмчегин ээмп ойногон мени да, ошондо турмуш өзүнүн алгачкы сыноосунан өткөрүп жаткандай болду. Чиркин дегеле адамдын болобу, же баардык жан-жаныбарлардын тагдыры болобу опурталдуу окшойбу, ооруп калса, же кырсык болгусу келсе бат эле мусапыр, же жок кылып койот тура. Өзгөчө адам баласы бир караса эстүү, баарынан күчтүү көрүнгөнү менен тагдырдын алдында алсыз экен го. Ошондуктан падышалар да, «оо жараткан кудай, бечара карыпмын, бөөдө кайгы, бөөдө кырсыктан сактай көр», деп жалынганы бекеринен эмес чыгаар.

Ошол кезде ат тебелеп кетсе эле жок болбойт белем, же Куркук жаза басып алса эле флягилер басып өлбөйт белем. Кудайым колдогусу келсе колдоп койоруна анан кантип ишенбейсиң. Тезирээк үйгө жетүүдөн башка жолдун жоктугун билгенден кийин Куркукту жетелеп өр таяндым. Баякыдай эле бир аз жылгандан кийин Куркукту эс алдырам, кайра алдыга жылам. Бир жагынан күндүн ысыгынанбы барган сайын Куркук экөөбүз тең тердей баштадык. Алым кетип күйүгүп, чекемден ылдый куйулган терди жеңимдин учу менен аарчып, бир кезде Куркукту карасам, тулку бою тер аралаш ак көбүк басып, дем алганы оорлоп, буттары мурдагыдан да катуурак титирегенсийт. Бүткөн бою калчылдап, буттарынын алдындагы майда таш, кумдан буту тайыса эле, тээ ылдый жактагы коктуга кулап түшчүдөй сезилди, аны көрүп чакыйа түштүм, күйүккөнүмөн түрсүлдөп соккон жүрөгүм ого бетер катуулап, коркуу сезимдерим, атама келген ачуум кошулганда ызаланып көзүмдөн чыккан жаш менен тер кошулуп, бетимден ылдый куюлду. Бир аздан кийин ага үнүм да кошулду, Куркукту жетелеп ыйлап бара жаттым, уламдан-улам катуулап ыйлай баштадым. Бир маалда шайым кетти көрүнөт, жолдун жээгиндеги сандыктай болгон кызыл ташка кандай отурганымды билбей калдым.

Сагызган шакылыктап алдыма келгенде, мени шылдыңдагандай сезилип, «кет энеңди» деп таш менен коюп жиберсем аны көргөн Короочу, «кет» деген сөздү өзүнө алып, таарындыбы, тура калып желип-жортуп үйдү көздөй жөнөдү. Сагызган да шакылыктап учуп алыс кетти. Жанымда Куркук эле жалгыз калды. Бугум чыкканча бир топко чейин ыйлап, анан эсиме келип, Куркуктун флягилерди көтөрүп турганын көрүп, ордумдан туруп бышактап ыйлаган бойдон жолумду уладым. Мурдагыдай эле бир топ ылдамдай басып, жолдон чыга калып токтоп Куркукту эс алдырып бара жаттым. Бир кезде жалгыз карагайдын башында шакылыктап сайрап конуп отурган сагызганга көңүлүм бурулду, көрсө жалгыз карагайга келип калган экенмин, жерден таш ала коюп согойун деп ойлоп, ал ойумдан кайра баш тарттым, себеби Жалгызкарагай касиеттүү мазар жер экени эсиме түшө калды. «Жок сокконго болбойт сагызганга тийбей, карагайга тийсечи, ал каргайт да» деп ал тургай коркуп да кеттим, ыйлап жаткан ыйым да токтоду.

Карагайды көрүп, бир чети коркуп, бир чети уялып кеткендей болдум. Куркугумду жетелеп алып, карагайдын жанынан өтүп баратып үн чыгарып ыйлабаганым менен, өпкө-өпкөмө батпай солуктап бараттым, ичимден сагызганга кыжырым кайнап, «жөн жерде болгондо эмне, таш менен ыргыта коюп жаагын баспайт белем» деп көзүмдүн жашын карагайга көрсөткүм келбей жеңим менен сүртүп тазаладым. Балким кызыл элик көрүнүп калабы деп түбүнө кадала тиктедим, көрүнбөйт, карагай терең ойго батып, «сага эмне болду адамзат? эмне мынча ыйладың, эркек бала да ыйлачу беле. Ата-эне, бир тууган, классташтарың көрсө эмне дейт» деп намыстандыргансыйт. Ыйлаганыма уялып кеткендей болуп басылып калдым, анда-санда гана өпкөлөгөнүм болбосо, мурдагыдай эле Куркукту жетелеп, улам эс алдырып отуруп, карагайдын тушунан өтүп кеттим.

Бир кезде токтоп артымды карасам тигинде жалгыз карагай артта калыптыр, андан ары тээ ылдый жакта суу алган чоң суу агып жатат, ошондон берки жолдо атам дагы эле көрүнбөйт, Куркук баягыдай эле алкара сууга түшүп көбүктөп тердөөдө, бүт денеси калчылдап дагы эле кулап кетчүдөй болуп араң эле турат. Эки бетим оттой ысып, жаш менен терден маргылала болсом керек, башым буту колум ооруп жатканына кайыл болуп, кичинекей ташка чыгып, тээ ылдый жактан бери кантип ат жетелеп чыгып келгениме, бир чети таңгала карап өзүмө да, Куркукка да ыраазы болдум.

Ал убакта курчап турган жаратылыштын сулуулугу эсиме келбей, Куркукка боорум ачып аны аягандан жакында эле эжелерим менен барып көргөн, колхоздун клубундагы дөөлөр жөнүндөгү кинону эстедим. Анда адам кебетесиндеги дөөлөр аябагандай чоң болуп, кишилерди кичинекей куурчак сыяктуу алакандарына салып көтөргөндөрүн, карагайларды кичинекей чамындылардай колдоруна уучтап алып, чачып ойногондуктарын, кишилерди шиш кебек кылып жешкендерин көргөн элем. Анда аларды жаман көрүп, эжелеримдин аркаларына жашынып, адамдар батыраак жеңип, жоготушун каалагамын. Эми өзүм дөө болуп, Куркукту флягилери менен кошо көтөрүп, бат эле үйгө жеткирип келсем деген кызыктуу ойго чулганып турганда арчага конуп сайраган сагызганды көрүп кыжырланып, сагызганды жерден таш ала коюп уруп калдым. Ыргыткан ташым өзүмдөн алыс узабай сагызганга жетпей калды. Кичине эс алып отурсамбы деп Куркуктун үстүндөгү уюган чоң флягилерди көрүп, өзүмдү баспаган оюма койбой мажбурлап, өр талаша атымды жетелеп жөнөдүм. Бир аз баскандан кийин жолумдан ар түркүн кооз гүлдөр өскөн чоң арчаларга кезиксем да, аларга кызыгып көңүл бурбастан, кайра жолду тосуп калышканына кыжырым кайнап, өр талашып араң келе жатканым аз келгенсип, булардын жолго өсүп калганын деп бараттым ичимден. Аларды айланып өтмөкчү болгондо, аралап өткөн жолду, көрө коюп кубанып кеттим. Арчаларды аралап өткөндөн кийин кырдын тескей бети менен кетчү кыя жолго келдим. Эми мурункуга караганда түз жолго түшүп Куркукка да көп күч келбей калганы сезилип ал тургай жолдун четиндеги чөптөрдөн оттой баштады. Аны көрүп көңүлүм тынч алып кубанайын дегенде алдыдагы жалгыз аяк жолдун жээгиндеги түнөргөн чине көп, сыр каткан сырдуу топ бадал көрүнгөндө, жарк дей түшкөн кабагым кайра бүркөлө түштү. Мына эми таза балакетке кабылдым. Жанатан Куркукту аяп жатсам эми коркунуч өзүмө келди. Мурда тоолордо карышкырлардын көп жүрөөрүн укканмын. Эгер топ бадалдан карышкыр чыга калса мага ким болушат, атам да Короочу да жанымда жок. Эми Короочу итиме да ачуум келе түштү, «эмне үчүн ушундай убакта жанымдан кетип калат, айылдагы балдардын иттери кет деп кубалашса да жандарынан чыгышпайт, эмне үчүн итим кетип калды барганда элеби?», деп алым жеткен ага кекенип алдым. Кайра өткөндөгү ата-энемдин «чоң жигит болуп калган тура» деп, өзүмө айткан сөздөрү эсиме түшүп, намыстанып мурда ыйлаганым аз келгенсип, эми топ бадалдан да өтө албай каламбы?-жок андай болбойт деп алдымды көздөй кадам шилтедим, бирок коркуп бара жаттым. Жерди акырын таптап басып, бүрөөлөр угуп калбасын дегендей табыш чыгарбоого аракет кылып, кичинекей буттарымды акырын койом. Ан сайын Куркук түшүнбөй чөптү ары-бери үзүп бышкырып, тура калып кулактарын тикчийтип, титиреп, флягилерди калдыратат. Кыжырым келип аны ан сайын жек көрө баштадым, эми эле Куркукка болушкандыгым үчүн өзүмдү да жемелеп жибердим. Баардыгына даяр болууга жерден куураган жыгачты колума алдым. Мына топ бадалга да жакындап четинен араалай баштадым, бул чытырман токойдун ары жагы караңгыдай сезилет, түбүндөгү коңулдан карышкырлар аңдып тургансыйт, тиги ортосуна жеткенде кол салышат го. Жүрөгүм түрсүлдөп бакырып качканга даярдандым. Куркукта кам жок бир калыпта келе жатат. Анда-санда жерден башын көтөрө калып кулагын тикчийте калып, бир нерсени көрүп жаткандай, ан сайын «мына бул дагы көрдү окшойт, эгер качсам карышкыр иттен күлүк да бат эле баса калсачы, жок качканда болбойт», деп алдыга жылып, ортосуна жеттик. Карышкырлар көрүнбөйт, алар бир жакка кетип калышканбы, же балким уктап калышса керек, эмнеси болсо да табыш чыгарбай өтүүм керек. Чөпкө жулунган Куркукка жиним келип, кичинекей муштумумду көрсөтүп койдум. Бирок Куркук болбоду. «Сени элеби үйгө барганда көрсөтпөсөмбү» деп аны да кекетип алдым. Мына топ бадалдын да четине чыга баштадык, тигине чатыр, «ура» деп ичимден кыйкырдым. Эми жүзүмдө жылмайуу пайда боло баштады. Оюмда бат эле жетсем; энем, бир туугандарым мени көрүп «кантип жалгыз келдиң» деп таң калышаары, ал тургай классташтарым укса, алар да таң калышаарын, «мына эрдик деп ушуну айт» дешерин элестетип «мындай эрдик классташтарымдын эч кимисинин колунан келбейт болчу» деп баалап да жибердим. Тим эле кубанычымдан оромпай тээп ыракатка батып бара жаттым. Бирок менин бул кубанычым көпкө созулган жок. Арттан катуу келе жаткан аттын дүбүртү оюмду бузуп чочуп кеттим. Артымды жалт карасам, атам чапкылап келе жатыптыр.

-Мына чоңойот деген ушул үйгө жетейин деп калган турбайсыңбы,-деп колумдагы чылбырды алып, Куркукту жетелеп алдыга түштү. Мен ыйлаарымды же сүйүнөөрүмдү билбей, боз ала болуп артынан ээрчидим. Эми менин оюма келгени мурунку кыйынчылыктарды, эрдиктерди, коркунучтарды үйдөкүлөргө кантип түшүндүрөм, кылган иштеримдин баардыгы текке кетти, тигине атам деле эч нерсе деп мактаган жок деп, кайрадан ызаланып ыйлагым келди. Бирок ыйлаганым жок сабырым суз, башымды жерге салып ээрчип бара жаттым.

Атам менен энемдин мүнөздөрүн тереңирек алып караганда; атам ак көңүл, оюнда кири жок, бапыраңдаган, бир нерсени терең ойлобогон карапайым, билим албаган, болгону экинчи классты бүтүргөн бала күнүнөн ата-энеси малчы болуп, малдын артынан жүрүп чоңойгон, кишиге зыяны жок, ак эмгеги менен жансактаган, жалпысынан алганда момун адам эле. Энем Жүзүмкан ачык айрым, боорукер, бир нерсени көңүлү менен кабыл алган, күйүкчөөл, иштемчил, сөзмөр, билимдүү, 7-8 класска чейин окуган, жаш кезинен тери алып даярдоо конторасында склад башчысы болуп иштеген. Үй-бүлөө, балдары үчүн эт-бетинен кеткен намыскөй, оорукчан, кишиге зыяны жок, кемчиликти бетке айткан тың аял эле. Мына үйгө дагы келип калдык.

Күн бешим болуп калган убак, тигинде агам Конокказы карындаштарым менен эбак келип, бейкапар ойноп жүрөт, эжелерим көрүнбөйт. Алар айылга кетишмек. Айылдагы үйдү, короо-жайды карап, огороддогу өсүмдүктөрдү карап, биз барганча окуу китептерибизди, кийимдерибизди жаңы окуу жылына карата камдап коюшмак, айылга кетишсе керек. Короочу да келип чатырдын түбүндө уктап жатат, энем чатырдан чыгып бизди күтүп калды, ал биз жакындаганда;

-Жакшы келдиңерби?-деп абышкасына карады, мага көңүл бурбагандай.

-Келдик— деп абышкасы кыйратып салгансып үшкүрүп койду. Менин ан сайын жиним келди, анан кезек мага жетти окшойт, энем мени көрө коюп:

-Атаны балакетиңди алайын, эмне мынча ыйлагансың, бирөө сабадыбы?,-деп абышкасын тытмалап жиберүүчүдөй караганда, абышкасы;

-Ким сабамак эле— дегенче болбой, мен өзүмдү кармай албай бакырып барып энемдин этегине жармашып буркан-шаркан түшүп, ыйлап жибердим. Мен өпкөм өпкөмө батпай энемдин жакшы мамилесине эркелеп, болгон окуяны айтып жаттым. Энем менин өчүмдү алып, атамды тилдегени мага жага бербей калды.

Ошентип жасаган ишимдин ийгилиги эртедир-кечтир түшүмүн берерин билген эмесмин. «Ак ийилет сынбайт» деген макал ушундан калса керек. Бул менин эс тарткандан берки алгачкы эрдигим, алгачкы ойлоо сезимим, алгачкы кыйынчылыкка туш келүүм эле. Ал кезде мындайлардын турмушта көп болоорун, бул башталышы гана экенин, алдыда турмуштун далай оюндары жаткандарын кайдан билиптирмин. Мени көрүп алып башкалары көзүн жалжылдатып, бирөөлөрү таң калса, бирөөлөрү аяп жатышкансыды. Ал тургай атам күнөөсүн мойнуна алып кичинекей уулун жалгыз таштап кеткенине өкүнгөндөй болуп, өзүнүн алдына алып бооруна кысып, кекиртегимден өөп;

-Балам эми жалгыз калтырбайм-деди.

Чай даярдап, энем дастарконун жайып койгон экен. Үйгө кирип чай ичип отурганым эсимде, бир убакта уктап калыптырмын, ойгонсом чатырда жалгыз жаткан экенмин, ыйлагандыктан улутунуп алдым. Башым деңгиреп, дене боюм ооруп, шалдырап калыптырмын, чарчаганымды эми сезгендей болдум. Тышка чыксам энем тамагын жасап, атам менен абам аттарын откоруп, коктудан койлорду тосуп турушкан экен, карындаштарым ойноп жатышыптыр. Энем мени көрүп:

-Алдыңа кетейин жаным, аябай куураган турбайсыңбы, жакшы уктадыңбы?— деп басып келип кекиртегимден өптү. Мени энем Геки деп эркелетээр эле.

Ал күнү майда барат тиричилик менен күн кечкирди. Малды короого киргизип, тамактандыргандан кийин уйкуга кеттик. Эртеси эртең менен агам экөөбүз аттарга жөнөдүк. Атам корону аралап, курттаган кой эчкилердин куртун тазалап, даарылап бүткөндөн кийин эртеси оңой таап алыш үчүн жолдоруна бок сүйкөп койоор эле. Энем карындаштарым менен уйларды, сүттү эчкилерди саашар эле. Биз аттардан эрте келип калсак кармашып жибереер элек. Биздин үй-бүлөөнүн түйшүгү көп болгону менен, тамак ашыбыз кеңири болуп дастарконубуз берекелүү болчу. Уйдун, кой эчкилердин сүтү үч-төрт чака, андан каймак, май чөбөгө, уй кымыз, май кошулган талкан, айран, сүзмө, курут, эжигей эт, нан, жана башкалар кошулганда дасторкондун үстү жайнап калчу. Анын үстүнө малын алганы келген элдер арак, вино, момпосуйдун түрлөрүн, өрүк сарала болгондон баштап өрүк-алма, жер— жемиштерди алып келип турушчу. Ушулардын баарына алым сынбай, атам жайдын толук кезинде да бозо салдырып ичээр эле.

Кэчээки окуядан кийин атамдын боору ооруп калганбы, атам чай ичип жатканда мага кайрылып:

-Сен бүгүн үйдө калып энеңе жардам берип эс ал-деди. Үйгө калгым келбесе да атамдан коркконумдан:

-Макул,— деп башымды ийкедим.

Мен үйдөгү майда-барат жумуштарды; отун термейди кыздардын жумушу деп эсептечүмүн. Чай ичип бүткөндөн кийин, атам менен агам койлорду жайытка чыгарып кетишти. Энем күндөгү калыбы менен сүт тартканга киришти. Мен карындаштарым менен уйларды сайга айдап коюп, музоолорду аркандагандан кийин, короодон тезек тердик. Андан кийин, отун тергени сайга кеттик. Бадалдын түбүндөгү куураган отундарды карындаштарым тере баштаганда кырдан ат минип келе жаткан аял көрүндү. Артына кызын учкаштырып алыптыр, мен аларды көрө коюп чатырга чуркап барып, тигилердин келе жатканын көрсөтсөм, энем карап туруп:

-Жасүкөйдүн аялы Бакен келе жаткан тура-деди. Аңгыча алар жакындап келгенде, энесинин артында учкашып келе жаткан кыз классташым Нуржамал экенин тааныдым. Энем чатырдан чыга калып аларды утурлай басып, учурашкандан кийин, атын алып үйгө киргизди.

Бакен энемден жашыраак эле, ал киши энемди эже деп жатты. Нуржамал экөөбүз мурда тааныш болгондуктан, тышта ар кайсыны сүйлөшүп туруп калган элек. Чатырдын ичинен энеси:

-Ай, Жамай бери кир!-деген үнү угулду. Мен кимди чакырып жатат дегенче Нуржамал чатырга кирип кетти. Көрсө аны үйүндүгүлөр Жамай деп айтышат экен, аны кийин билдим. Ичимден Нуржамалдын энеси Жамай дейт турбайбы, мени деле энем Геки деп эркелеткендей деген ойго кеттим. Нуржамал мектепте жүргөнүнө караганда ушунда татынакайраак көрүндү. Ал абдан жакшы кийинип алыптыр. Ак кооз көйнөк, ак наски, бутунда жаңы туфлий, башында ак бантик тагынган, аны көрүп өзүмдүн кийимдеримден уялып кеттим. Кийимим жыртык жамалган шым, жыртык батинка, үстүмдө жеңи узун агамдын эски кастюму, башымда атамдын жаман калпагы, ал дагы сүйлөйүн десем эле көзүмө түшүп жүдөтүп жатты. Нуржамал чатырга кире электе эле;

-Бекказы сен ушул жерде жашайсыңбы, ушулардын баласысыңбы?— деди. Мен:

-Ооба,— деп кыска жооп берип, анан:-силердин чатырыңарды мобу чокудан көргөнбүз, сен бул жака качан келдиң эле?-дедим.

-Кечээ күнү келгенбиз-деди.

Мен Нуржамалдын энесинен уялып, чатырга кирбей тышта күтүп отурсам, Нуржамал чай ичтиби кайра бат эле тышка чыкты. Биз бир жыл чогуу окугандыктан бат эле аралашып кеттик. Үйдүн капталындагы тескейден гүл терип, көпөлөк кууп ойноп жаттык. Кээде кооз гүлдөрдү мен үзчүмүн деп талаша кетип, кайра элдешип оюндун кызыгуусуна кирдик. Мен кийимимдин жыртыгын унутуп бат эле Нуржамал менен тең талаша ойноп жүрдүм, жеңим колумдун учуна түшүп кетсе аны түрүп, жаңы эле эңкейсем калпагым көзүмө түшүп, аны кайра көтөрсөм, шымым шыпырылып кетип, убараланганым болбосо, бир аздан кийин карындаштарым келип бизге аралашып кетти, алардын кийимдери да жупуну эле. Биз көп балалуу үй-бүлөө болуп тамак-ашыбыз кеңири болгону менен, кийим-кечелерибизге, окуу куралдарыбызга акча-тыйын жетишчү эмес. Анын үстүнө атам баккан малдын акчасын ээлеринен алганда ай сайын жакага барганда, достору менен үч-төрт күн жүрүп жарымын болбосо да үчтүн бирин ичип койоор эле. Атам айылдан мас болуп келгенде энем байкуш;

-Ушунча ичесиңби, балдарды кантип багабыз үйдө бул жок, тиги жок-десе, сабаганга чейин барып чыр чыкчу. Биз корголоп тышта отуруп, атам коңурук тартып уктагандан кийин, табыш чыгарбай энем болуп үйгө кирип, төшөктөрүбүздү караңгыда чала-була салып кийимчен жатып алаар элек. Эртеси эртең менен энем атамдын суусуну канганга чейин ысык чайын берип, башы жазылып, чекесинен тер чыкканда биз атамдын жакадан алып келгендерин бөлүшүп ойной баштачубуз. Кезек энеме тийип кулак мээсин жеп, атамды тилдеп кирчү, атам күнөөсүн мойнуна алып, башын жерге салып, унчукпай кечирим сурап кутулчу. Акыры энем тажаганда өчүн алып бүткөнсүп унчукпай калчу.

Энем менен Нуржамалдын энеси самоорду ортого коюп коюшуп, узун сөзгө киришти көрүнөт. Биз тыштан гүл терип, гүлдөн шуру, билерик, саат ар кандай нерселерди жасап ойноп жаттык. Мен дагы кыз бир туугандарым көп болгондуктан мындай нерселерди алардан кем жасоочу эмесмин. Кээде эжелерим сайма сайса, мен да сайма сайам деп кошо талашып, сайма сайчумун. Эжелерим ийне жиптерин бергилери келишпесе, «кызтеке-кызтеке», деп шылдыңдашчу, ошондо намыстанып талашпай калчумун.

Ошол күнү Нуржамал көзүмө жакшы көрүнүп ага гүлдүн жакшыларын берсем да жактырбай «турчу нары», андай гүл менде деле бар, деп жанына жолоткусу келбей жатты. Мен таарына түшүп, бир аз ойногондон кийин анын кагып салганын унутуп калып, кайра жагалдансам да карагысы келбейт. Мен айылда жүргөндө Нуржамалга көп кыздардын бири катары, көңүл буруучу эмесмин. Ал күнү «кийим адамдын көркү» дегендей, жакшы кийим кийинип алган Нуржамал мага жакшы көрүнүп жатса керек, балким мени жанына жолоткусу келбегени кийимимден болгондур. Мен жагалданып жатканымды өзүм да сезбесем керек. Нуржамал да мени кагып-силкип жанына жолотпой жатканын ал деле билбеген чыгар. Дүнүйө кимди гана азгырбайт, чоң болобу, кичине болобу ал тургай: «пайгамбар дүнүйөнү көрүп, жолдон чыгыптыр» деген сөз бекеринен болбосо керек, болбосо адамдар дүнүйөгө азгырылып, дүнүйөгө тойбой, биринен-бири талашып жер жүзүн өз колдору менен талкалап, жашоону токтотуп салышпайт беле, эгер кудайымдын чийини болбогондо. Ошон үчүн ойлогон ойлор чеги менен аткарылып, жер тең салмакта кармалып, жашоо уланып жатканы ошондондур.

Бир маалда үйдөн чыккан Бакен апа ойноп жаткан балдарды карап:

-Ай, Жамай жүрү балам, үйгө кетели?-деп кыйкырды. Энесинин үнүн угуп Нуржамал ойноп жаткандарын жыйып алып, энесин көздөй чуркады. Биз анын артынан ээрчип бастык, энеси атына минип Нуржамалды учкаштырып, энеме, бизге карап:-«жакшы калгыла, биздикине да барып тургула»–деди.

-Өзүңөр да жакшы баргыла, жаш болгондон кийин өзүң келип тур-деп энем күлө караганда;

-Макул, колум бошосо эле эрмектешкенге не жетсин-деп, атын келген жолуна кырды көздөй бурду. Аларды Короочу жүгүрүп үйдүн сыртынан узатып кетти. Мен алар кырды ашып кеткенче карап туруп качан гана кырды ашып кеткенден кийин карындаштарым менен ойноого кириштим.

Күн түш мезгили болуп калган ченде, мылтык атылгандай тарс деген үн чыкты. Биз үн чыккан жерди карай калсак, бир чымчык чырылдап сайрап жерге түштү, аңгыча тарс деген үн дагы чыкканынан өйдө үн чыккан жакты карай калсам ыргыткан таштай болгон нерсе, шуулдап түшүп жерге чырылдап жаткан чымчыкка келип тийип, жерден аны илип алып асманга бир аз көтөрүлөйүн дегенде, чеңгелинен чымчык кайра жерге түшүп кетти. Ал бийик көтөрүлбөй, чымчыктын артынан түшүп, чымчыкты чырылдатып илип асманга көтөрүлүп, чымчыкты үч-төрт чокугандан кийин чымчыктын үнү тып басылды. Улам ары учкан сайын көрүнбөй калышты. Мен ошондон кийин гана эсимди жыйып, чыркыраган алсыз чымчыкка болушуп аман алып калбаганыма өзүмдү жемелей баштадым. Эмне үчүн жакын эле жер болгондуктан, таш менен урганым жок, жок дегенде үн чыгарып кыйкырган жокмун, кыйкырсам тиги коркуп кетет беле деп ичим тыз-тыз этип ачышты. Бул окуя эсимден кеткис болду, алдуунун алсызга кылган зордук зомбулугу менин ачуумду аябай келтирди, мен ыйламсырап;

-Эне азыр бир нерсе кичинекей чымчыкты илип кетти, байкуш чымчык аябай чырылдады, мен ага болуша албай калдым. Мен илген эмени таанып калдым, аны өлтүрбөсөм элеби, рагатка жасап аны ыргыта атпасамбы, жанакы чымчык эмне болду ыя, ал өлүп калдыбы, аны тиги жеп алдыбы, деп жаман жаным кейип арыздансам, энем;

-Ээ балам алдууга алсызды ошентип, кудайым жем кылып койгон, ага кайгырбай чайыңарды ичкиле-деди, эч нерсе болбогондой. Эч кимден жардам болбосуна көзүм жетип, чайга кирбей бычак алып рагатка жасоо үчүн табылгы кыйганы коктуну көздөй жөнөдүм. Энем артымдан:-«сак бол, жылан чагып албасын»,-деп эскертип кала берди. Мен жыландан аябай коркчумун. Эгер тиги зордукчуга жиним келбегенде, коктуга жалгыз кирип табылгы кыймак эмесмин, мен чай ичүүгө кайыл болуп, шашкан себебим табылганы батырак кыйып, тиги зордукчуну таап рагатка менен атып өлтүрүп, чымчыкты бошотуп алмакмын. Коктудагы бадалдарды аралап, ачакей табылгы издедим. Көп өтпөй аны да таптым, бирок мокок бычак менен кыя албай көпкө илешип араң дегенде кыйып алып үйдүн жанына алып барып, рагатка жасаганга кириштим. Менин рагаткам бүткөнчөктү кеч да кирип кетти. Кой кайтарып келе жаткан атам менен агамды тосуп алуунун ордуна рагаткамды көтөрүп, таш менен октоп алып, зордукчунун кеткен жагына жөнөдүм. Ал күнү кечинде мал тейлешкеним жок, кечке зордукчуну издөө менен күн кечкирип, түн кирип эч нерсе көрүнбөй калышы жолтоо болду. Мен издегенимди таппай калганыма, чымчыктын тагдырына сар-санаа болуп чатырды көздөй жөнөдүм.

Эртеси бүгүнкү болгон окуяны унутуп калып, күндөгүдөй эле эрте туруп, агам менен аттарга барып аттарды алып келдик, анан кой кайтармай, же үйдө калмай, бири-бирине окшош күндөлүк турмуш тиричилик менен алектенип, балалыктын алтындай күндөрү өтүп жатты. Ушундай бири-бирине окшош күндөрдүн ичинен өзгөчө эске калаарлык күндөр болот турбайбы.

Арадан көп өтпөй түндүк жагы шиш чокунун айыл жагындагы түшө калышына жылкычы көчүп келгенин атам бизге айтып калды. Атамдын айтканын угаарым менен жылкычыларды көрүүгө кызыгып калдым да, атама, эбин келтирип ыңгайы келе калганда,

-Аба эртең койду мен кайтарайынбы, Конокказы абам, үйдө калып кыздар менен отун теришсин?-дедим.

Атам айтканыма макул болуп:

-Болуптур анда койду эртең экөөбүз кайтаралы, мен дагы Чокмо менен жолугушсамбы дедим эле экөөбүз чогуу барып, кымыз ичебиз-деди.

Менин кубанычым койнума батпай, жүрөгүм алеп-желеп болуп, эртең мененки убакыттын бат эле боло калышын күтүп өзүмчө жылкыларды элестетип, бир орунга тура албай кубанып жүрдүм. Убакыт да токтоп туруп алмак беле, эртеси кой короодон чыкчу убак болду. Мен таза кийимимди кийип, кой кайтарбай эле чоң майрамга бара тургандай болдум. Шашканымдан Бопой торуну минип бир орунга тура албай короону тегеренип бастырып жүрдүм. Күндө койду эрте чыгаралы деп шаштырган атам ал күнү шашпагандай жай кыймылдагандай сезилди. Ага ичим бышып батыраак эле болбойбу, эмне мынча кыбырайт деп ичимден тилдеп жаттым. Атам атка минип бастыра бергенде, энем баштык берип:

-Мына бул баштыкты Чокмонун аялына берип кой, өрүлүктөгөнүм ушул, колум бошоп бара албай калдым, түшүндүрүп айтып кой, таарынышпасын өзү эмне келбейт деп,— деди.

Биз койлорду жайып жылкычыныкын көздөй жөнөдүк. Мен Бопойторуну жөндөн жөн эле ары-бери чапкылап көрүп, атты кандай минеримди, чоңойуп калганымды көрүп атасыңбы дегенсийм. Биз эки кыр ашкандан кийин узун жондун түшө калышында, тигилип турган эки боз үйдү көрдүк. Жең ылдый койду жайып жатып боз үйлөргө жакындаган сайын, көгөнгө тизилген кулундарды, үйлөргө кирип чыккан кишилерди, ары жагындагы жайылып жүргөн жылкыларды көрдүк. Мурда мындай айгыр үйүр болуп жайылып жүргөн көп жылкыларды, желеге тизилип байланган көп кулундарды көргөн эмесмин. Биз койлорду калтырып, үйгө жакындаганда эки-үч аял көнөктөргө бээлерди саап жатышкан экен. Биз алар менен учурашып өтүп, обочороок турган, ат байланган маамылардын жанына барып түшө баштаганда гана иттер орундарынан турбай үрүмүш болушту, булар жедеп мурдатан келген кишинин көптүгүнөн көнүп бүтүшкөн окшойт. Бизди көрүп боз үйдөн чыккан менден үч-төрт жаштай улураак бала келип, атама салам айтты, аттам алик алып:

-Атаң үйдөбү?-деп суроо узатканда, ал:

-Үйдө-деп жооп берди. Биз боз үйгө кирсек боз үйдүн ичинде он чакты киши отурган экен. Баары ала-күү болуп, кызыл күрөө болуп өзүлөрүнчө бакылдашып сүйлөшүп жатышыптыр. Биздин саламдарыбызды угушуп, алик алышып, көңүлдөрү биз жака бурулду. Атам мурунтан бери алар менен тааныш окшойт. Баары менен кол алышып, ал жайларын сурашып болгондон кийин, төрдөгү үч-төрт кишиден кийин барып отурду. Босогодогу туруп калган мени, атам курактуу киши,

-Оо, азамат болуп чоңоюп калган турбайсыңбы, кел-келегой,— деп тура калып колумдан жетелеп тиги кишилердин аягына отургузду. Босого жактагы сабаны бышуулап жаткан аялга атам баштыкты берип, энемдин айткандарын айтканда, ал:

-Жүзүмкандын дени сак, жакшы жүрөбү, балдарыңдын дени сак, мал башың менен аман эсенби-деди, атам:

-Жакшы, жакшы турабыз, өзүңөр жакшы турасыңарбы-деп учурашты.

Мен бул аял Чокмо атанын аялы экенин баамдадым. Жанагы аял, сабаадан көнөккө кымыз куюп, анан чакадагы аз калган кымыздын үстүнө толтуруп, чөмүч менен кеселерге куюп, үйдөгүлөргө суна баштады. Кезек мага жетип, колума кымыз тийгенде, мурда ичип жүргөндөгүдөй көрүп, ачуурканып акырын ууртап көрсөм, андай эмес таттуу, ичкиликтүү экен, кесени чогуусу менен ичип, дагы ич дешкендерине болбой тышты көздөй жөнөдүм. Тышка чыксам, мен курлуу, менден кичүүрөк үч бала чүкө ойноп жатышкан экен. Аларга көңүл бурбай, түз эле желедеги кулундарга бардым. Аларга аябай кызыгып ар биринин жандарына барып суктанып карап жүрдүм, улам бирөө көзүмө жакшы көрүнөт, алардын жандарында бир топ жүрүп кызыгым тараганда, бээ саап жаткан аялды көрүп алардын тизелерине көнөктөрдү коюп алып, бат баттан саап жаткандарына таң калып жаттым. Андан ары жайытта жүргөн үйүр жылкыларды, моюндарына коңгуроо тагылган айгырларды көрүү мен үчүн абдан кызык болду.

Мурда ата-энем көлдүн жээгиндеги жана берки Коңурдун түбүндөгү сарайларда колхоздун чабыр койлорун багышып, мурда жайлоого келип көрбөгөн жаным, мага булардын баары кызыктуу болуп кээ бирлери түшүнүксүз болуп жатты. Ичимден түшүнбөгөн нерселеримди «атамдан сурабасамбы» деп койдум. Оюма мурда майрам күнү колхоздун клубунда кичинекей балдар үчүн көрсөткөн кинодон ушундай жылкыларды көргөнүмдү эстедим. Азыр болсо өзүн көрүп жаттым. Саанга айдап келген үйүр жылкыга көңүлүм бурулду. Жылкылардын ичинде бир кызыл айгыр өзүнчө айырмаланып, жылкылардын улам бир четине чыгат. Моюнундагы коңгуроо чуркаган сайын шыңгырап өзүнчө сонун дабыш чыгарат, ал буттарын жерден жеңил көтөрүп, абада калкып жүргөндөй, жал куйругу жел аргыга сапырылып өзүнчө эле бир укмуш, жүндөрү жылтырап, күнгө чагылышат, кишенегеничи уккуң эле келет, айгырды карап туруп, мурда атамдан уккан Ботокан чоң атамдын тулпары эсиме түштү. Балким бул тулпар болсо керек, муну минип алып чаптырса айылга бат эле жетет го. Ал тургай тээ тетиги аска тоолорго деле бат эле жетип, ары жагы кандай экенин көрүп келсем кандай сонун болоор эле. Балким тулпар болсо аскадан аскага секирип чуркап, өткөндө атам айтпады беле Ботокан чоң атамдын тулпарынын күлүктүгүн, керек болсо бир күндө көлдү тегеренип чыгат деп, ой тобоо бул тулпар экенин менден башкалар билбей жаткан чыгаар. Атама айтып бул тулпарды Чокмо атамдан сатып алалы десемби, бирок биздин үйүбүздөгү уй, койлорубуз жетпейт да, өткөндө Ботокан чоң атама тулпарыңды сат деп корологон кой берсе да болбой коюптур дебеди беле, балким тиги жайылып жүргөн койлорду берелик десек Чокмо атам сатып жүрбөсүн. Жок бул койлор элдики да, «карап тур, чоңойгондо көп акча, кой таап ушул тулпарды сатып албасамбы» деген ойго келдим.

Ан сайын кызыл айгыр менин көзүмдү кызыктырып жер сууну жаңырта кишенеп, коңгуроосун шылдыратып, жал куйругун сеңселтип, бээлерди тегеренип, туяктары анда-санда жерге бир тийип чуркап жүрдү. Мага анда дүйнөдө Чокмо атадан бай киши жок болуп көрүндү. Аттарыбызды карасам Бопойтору кишенеп, ары-бери тыбырчылап турду, а Куркукчу эч нерсе менен иши жоктой, ыргайдай болуп кыркыйып, кебете кешпири кетип уктап туруптур. Анын ушул абалы мага мокочодой көрүнүп, ал тургай ичиркенип алдым. Жок дегенде Бопойторудай болуп ары-бери тегеренип кишенесе боло, тигинде жүргөндөр көрүп, карачы аты жаман экен деп жамандашпаса экен, тиги байланып турган аттардын арасында деле мындай түрү суук көрүнбөйт. Бул кайдан чыккан деп намыстанып атам батыраак чыгып эл байкай элегинде кетип калсак экен, деп тилеп жаттым.

Ал кезде тыбырчылап бир жерге тура албай турушкан семиз жылкылардан Куркуктун көп артыкчылыгы бар экенин кайдан билиптирмин. Мен ошентип жылкыларды карап турганда, үйдөгүлөр чыгышып аттарын көздөй басышты, атам энем берген баштык менен кошо кичинекей кымыз куюлган чаначты Куркуктун канжыгасына байлап;

-Жүрү балам аттаналы-деди.

Биз аттарыбызды минип, Чокмо ата менен коштошуп, тиги шиш чокунун берки бетинде жайылып жаткан койлорду көздөй ээрчише бастырып жөнөдүк. Мен боз үйдөн узап кишилердин үндөрү угулбай калганча суроолорум ичиме батпай араң эле чыдадым.

-Аба тетиги кызыл айгыр кишенеп чуркап жүргөн Ботокан чоң атамдын тулпарынан күлүкпү— десем кымызга кызыл гүрөө болгон атам, артың карап:

-Кайсы тулпарды айтып жатасың-деди. Мен суроомду кайталаганда атам каткырып күлдү. Мен эмне үчүн күлгөнүн карап калсам, атам менин шагымды сындырбайын дедиби күлкүсүн токтотуп,-Чокмо атаңдын тулпары канча күлүк экенин ким билиптир, ал эми Ботокан чоң атаңдын тулпары чоң-чоң байгелерди утуп, бүт кыргыз-казака таанылган экен-деди. Мен ойлоно калып;

-Аба?— дедим. Кайра атам:

-Ии, эмне болду?— деп мени дагы эмне дээр экен дегенсип,

-Чокмо атамдын тулпарын сатып алалыбы?— дедим, атам:

-Эгер сатам десе эмне берер ээлең?— деди. Мен токтолбой:

-Эки уйду, өзүбүздүн кой эчкилерди, Куркукту, Бопойторуну анан, деп токтоп калдым. Алар жетпесе тиги койлорду берели дейин деп баратканда, кайра каткырып күлүп:

-Анда Чокмо атаң, тулпарын сатмак турсун, үйгө алып келип берет-деп күлкүсүн улантты. Мен тулпарды алыш үчүн элдин койлорунан башкасы эле жетип калганына ичимден кубанып, атамды макул болду окшойт, болбосо күлбөйт эле, урушуп койот эле. Эми үйгө барганда энем макул болсо, кандай жыргал болоор эле, анда бул тулпарды минип бат-баттан айылга эжелериме барып, классташтарым, балдарыма жолугуп турар элем. Мени көргөндөр абдан кызыгып карап, суктанышар эле, деп атама суроо берүүнү токтотуп, тулпарды минип жүргөнүмдү элестетип кыялымда жыргалга батып бараттым. Бир кезде алдыда бараткан атам:

-«Сен жылкычы, мен чабан, кыйкырып добуш үн салам»-деп обонун созуп кое бергенде, оюмдан алагды болуп, атамдын ырын тыңшап калдым. Атам көңүлү ачык убакта, айрыкча ичип алганда, ушинтип обон созуп ырдап калчу. Ал ырдаганда үнүн кыспай эркин кое бергендиктенби, же тоолордон жаңырып угулгандыктанбы кулакка жагымдуу угулду. Анын үнүнөн жаштыктын, өкүнүчтүн, сүйүнүчтүн, бук болуп оюн бирөөлөргө жеткире албай кысылып жүргөндүктүн белгилери сезилгенсип турар эле.

Эх, чиркин армансыз дүйнө болбойт эмеспи. Ошол олбурлуу кара тору, толмочунан келген, эч кимге пайдасынан башка зыяны жок, мүнөзү токтоо жигиттин ичинде эмне арманы бар экенин ким билиптир. Балким ал жаш күлгүн курагы ээн жерлерде койдун аркасында өткөрүп, өзүнүн курбу-курдаштарын алыстыгын ойлоп жүргөнүн, балким бир кездеги сүйгөн кызын эстеп жатканын ким билиптир. Айына бир жолу тоодон айылга барса, жоро жолдоштору кезигип калышса, эки үч күндөп ичкени да ошондондур. Балким ичиндегилеринин баарын ушул обонго салып, эркин созгондо бугу чыгып калаар. Ошондо атам бир топ обонун созуп ырдагандан кийин улутунуп башын жерге салып терең ойго кетти.

Мен атамдын сырдуу созулган обонун угуп, анын жагымдуулугуна ыразы болуп, «атам ырчы болсо кыйын ырдамак экен, эмне үчүн ырчы болой калды экен» деп ойлоп жаттым. Бир топтон кийин атам койлорго жакындаганда, мага бурулуп:

-Азыр койлордун аягы менен кыялап, тиги кырга чыгалы. Анан кыр менен жүрүп отуруп, шиш чокуга барып аттарыбызды отко кое берип, койлордун астын тосуп жаталы,-деди. Экөөбүз ээрчишип кыялай бастырдык. Шиш чокуга чыкканда аттарыбыздын ээрлерин алып, отко койо бердик. Алдыларыбызга ээр токумдарыбызды салып койлорду карап жата кеттик. Койлор жакшы жайылып жатышкандыктан атамдын көңүлүнүн ачык экенин көрүп, бүтпөй калган суроолорумду бере баштадым.

-Аба жанакы жылкылардын баардыгы Чокмо атаныкыбы?— дедим. Атам;

-Жок балам, алар колхоздуку, Чокмо атаң биз өңдөнүп багып берет— деди.

-Жанагы боз үйдүн ичиндеги кымыз куюлган кара нерсе эмне, аны эмне үчүн таяк менен ургулайт?-дедим.

-Ээ балам аны саба дейт, жанакы таякты бишкек дейт, аны менен ургулаганы, ичиндеги кымызды ошентип бишкектеп ачытат.

-Ал эми чайнеке окшогон, кымыз куйган чоң немечи?

-Кымызды ошого саайт, аны көнөк дейт,-деп уламкы суроомо атам ошол замат жооп берип, жанакы айгырга эмне үчүн коңгуроо тагышканынын себеби-жылкы баласы күнү-түнү көп жегендиктен, жылкылар түн ичинде да жайытта жүрүшөт. Ошондуктан айгыр үйүрүн эч убакта таштабайт. Ошондуктан, жылкылардын кайсы жерде жүргөнүн билиш үчүн аларга коңгуроо тагып коюшат,-деди.

-Эмне үчүн кулундарды ачка байлап коюшат?

-Алар энесин ээмп албаш үчүн байлап коюшат, энелеринин жанында жүрүп алышса биз кымыз ичпейт элек го, кулундар ачка деле болушпайт. Энелерин ийитиш үчүн күндүз эки-үч саат ээмп турушат, түнкүсү энелеринин жандарында жүрүп оттошот. Эми балам бир аз уктайлы, сен да эс ал. Атам үргүлөп, оозун ачып эстеп, ушундан кийин менин дагы сууроолорум бүтпөй калды. Атамдын чындап эле уйкусу келген экен, бир аздан кийин коңурук тарта баштады. Менин уйкум келбегендиктен чокуга ары бери басып, тегеректеги үйлөрдү, тоолорду, көлдү карап андан кийин көпөлөк кармаганга кириштим.

Кечинде үйгө барып малды тейлегенден кийин үй-бүлөөбүз чогуу тамакка отурганда атам экөөбүз күндүзгү уккан көргөндөрүбүздү ортого салып сөз баштаганы отурганда мен ага чейин эле энеме чыдай албай көргөндөрүмдүн бир тобун айтып жиберген элем. Чаначтагы кымызды куюп жатып:

-Ээ Сагалы, бу уулуң кайсы тулпарды айтып жатат?-деп калды чарчаганына карабай атамдын жүзүнөн күлкү көрүнүп;

-Бул уулуңду гүлтүгү жок эле бөлөгөн окшойсуң. Чокмонун кызыл айгырын көрүп алып мага ушул айгырды сатып бер, акысына уй-койлорду, аттарды берели-дейт дегенде, энем баштап күлүп жиберишти. Агам озунуп мени башка бир коюп:

-Бир айгыр алыш үчүн ошонун баарын бериппи-деди.

Мен агама ачуум келе түшүп;

-Сен ал айгыр тулпар экенин билбей эле сого бересиңби, ал укмуш күлүк экен-дедим, ал:

-Эй, келесоо азыр тулпар болчу беле, ал жөнөкөй эле айгыр— деп мага кыйкырганда экөөбүз кармаша турган болдук. Атам; -«Кантишет эми, болбогон неме үчүн урушуп»,-деди. Биз орду оордубузга отуруп калдык. Мен ичимден буларды кызыл айгырдын тулпар экендигин кантип ишендиреримди билбей жаттым. Атамдын да кызыл айгырды алыстан көрүп, тулпар экенин билбей калганына өкүндүм. Кызыл айгырды жылкычылар кууганда өз көзүм менен көрбөдүм беле, анын жеткирбей койгонун. Ал чыныгы тулпар болчу, анын тулпар экенин жылкычылар дагы билген жерлери жок. Көрбөгөн буларды эми кантип ишендирем деп жаттым.

Тигилер башка сөзгө алаксып тулпар жөнүндө сөз болбой калды. Мен аларды түшүндүрө албасыма көзүм жетип, аларга таарынып тышка чыгып кеттим. Ошол түнү түшүмдө Чокмо атанын кызыл тулпарын минип, аска-тоолордун чокулары менен чаптырып жүрүптүрмүн. Тулпар бир чокудан экинчи чокуга оңой эле секирип жатты, көлдү айлангандан кийин түзгө түшүп, көп канаттуу үйлөрдү, шаарларды аралап, андан ары алдымдан бийик чоку көрүнүп ага оңой эле чыгып барып, шаарларды, тоолорду карап жатып;

-Көрдүңөрбү кандай тулпар экенин айтсам, ишенбей койбодуңар беле-дегенсийм. Көрсө өңүмдөн да кыйкырып жаткан экенмин. Энем кучактап өзүнө тартып;

-Эмне болду түш көрүп жатасыңбы балам— дегенде ойгонуп, көзүмдү ачсам, жаңы эле таң атып жарык болуп калган экен, кайра уктап кетиптирмин. Үйдөгүлөрдүн кыжы-кужусунан ойгонуп кетсем, дасторкон салып чай ичишкени жатышкан экен.

-Эмне ойготкон жоксуңар, аттарга барбайт белем-десем, атам:

-Аттарды агаң өзүм эле алып келем деп, сени ойготтурбай өзү эле кетти. Кел кекиртегиңерден бир жыттатып койчу-деди, ичи ысып кетти окшойт. Мен барып кекиртегимди тозсом шуркурата жыттап:-«ох уктап жатып, кекиртегиң сасып калган турбайбы»,-дегенде чын эле кекиртегим көп уктаганда сасып кеткен го деген ойго кеттим.


Мурунку күнү атам менен кой кайтаргандыктан ал күнү үйдө калдым. Атамдар койлорду, уйларды короодон чыгарып кетишкенден кийин энем адаттагыдай эле сүт жылытып тарта баштады. Карындаштарым үйлөрүн жыйнашып, идиштерин жууй баштаганда, баякы чымчыкты илип кеткен зордукчу эсиме түшүп, рагаткамды алып чатырдын артындагы кырды көздөй бассам, энем артымдан;


-Сен алыс кетпе, сүттү тарткандан кийин отунга барабыз-деп кыйкырды, мен:

-Макул-деп жооп кайтарып, көзүмө ошо зордукчу урунаар бекен дегендей асманды карап бараттым. Жакын жерде эч нерсе көрүнбөйт. Кыр жакын эле болгондуктан, бат эле кырга чыгып бардым. Ал жерден «Чычканбашы» жайлоосу даана көрүнгөндүктөн, талаа түздөрдү, карагайлуу тоолорду, ак мөңгүлөрдү көрүп жатып ылдый жагымдагы «Жалгыз-карагай» көзүмө уруна түштү. Анык ээси Кызыл элик эсиме түшүп, «ал эмне үчүн», деген суроо келди, ага кайра жоопту бат эле таптым. «Ал касийеттүү да ошондуктан башка эликтерден өзгөчө болот да, ал касийетүү болгондуктан сыйкырчы да, азыр кайда болду экен балким карагайдын түбүндө уктап жатканда, акырын барып кармап алып:— эй Кызыл элик, сен мага Чокмо атамдын тулпарын Ботокан чоң атамдын тулпарын таап берсең, мен сени кое берем— десем, ал макул болуп «сүп» дегенде жаныбызга тулпар пайда болуп калса мен түндөгү түшүмдөгүдөй тээтиги аскалар менен чаап, көлдү тегеренип чыксам кандай сонун болоор эле», деп кыйалданып жатсам эгиз карындаштарым Алиман менен Калиман:

-Сизди энем отунга баралы деп чакырып жатат— дешти. Мен алардын артынан келсем,

-Алыс кетпе дебедим беле кайда жүрсөң күттүрүп,-деп энем ачууланды. Биз отун таңган жиптерибизди, балтабызды алып коктуну карай бастык.

Коктудан бадалдардын куураган бутактарын балта менен энем кыйып бизге берип жатты. Бир топ кыйгандан кийин энемдин чекесинен тер кетти. Күшүлдөп бышылдай баштады. Көрсө ошондо эле ооруп жүргөн окшойт. Мен ага боорум ооруп:

-Бериңизчи балтаны, мен кыйайын-десем, энем;

-Жок балам өзүм эле кыям, бутуңду чаап аласың-деп болбой койду. Мен кайра-кайра суранып жатып балтаны алдым. Куураган бутакты чапсам балта кайра ыргып тырмалаңдап жатсам, энемдин мага боору оорудубу;

-Эми мага берчи, мен эс алып калдым,-десе мен болбой дагы эле кыйууга аракет кылып жатым. Акыры, алмак салмак кыялы-деп балтамды алды. Ошентип энем экөөбүз балтаны талашып жатып баарыбызга бир көтөрүмдөн отун кыйып мындан кичинекей болгондуктан Светага гана отун көтөрткөн жокпуз. Отундарыбызды көтөрүп, жөжөлөрүн ээрчиткен тооктой болуп, үйгө кыбырап жеткенибизче күн ысып түш болуп кетти.

Чатырдын көлөкөсүндө Короочу уктап жаткан экен. Биздин табышыбыздан чоочуп кеттиби ажылдап үрүп тура калып, бизди көрө койуп кайра жатты. Биз алып келген отундарыбызды жерге койуп чекебиздин терин аарчып отуруп кылдык. Мен аябай суусап кетип, чатырдын оозуна ит кирип кетпесин деп койгон эргилчекти чечип, алып койуп чатырга кирип барып босого жакта турган уй кымыз куюлган чаканын капкагын алып сүт тарткан машинанын жанындагы чалгычка колумду суна бергенде, килейген кара чаар жылан чалгычтын жанында токочтой болуп оролуп жаткан экен. «Ыш-ыш» деп тилин чыгарып мага айбат көрсөттү. Мен «баа» деп коркконумдан кандай кыйкырганымды билбей калдым да, тышты көздөй чуркап чыктым. Менин ачуу кыйкырыгымдан улам баары карап калыптыр. Коркконумдан өңүм да кубарып кетсе керек, айрыкча энемдин жүрөгү жарылып кете жаздады көрүнөт;

-Эмне болду!-деп кыйкырып келип, кучактай калды. Мен эч нерсе айта албай аптыгып:

-Ти-ти-ти, ча-ча тырда жыл…ан-деп колум менен чатыр жакты көрсөттүм. Мен айтып түшүндүргөнчө энемдин оюна чагып алган го деген ой кеттиби:

-Балам чаккан жокпу!-деп кыйкырып жиберди. Мен анын суроосуна жооп бере албай ыйлап жибердим. Энем:-«мына балакет эми болбодубу, баланы чагып алган турбайбы, атаны кокуй ай! Ээ, шорум ушинтип кыйнамаксың»-деп ыйлап, ар кайсы жеримди сыйпалап жатты.-«Оо кокуй ой! жылан чаккан адам оңой менен кайтпайт дечү эле. Ушинтип кешигимди жемекминби. Атаны кокуй ай, атаны кокуй ай!»-деп безеленип ыйлап жатып, эсине келе калдыбы,-«Кана, кайсы жериңди чагып алды, мен соруп таштайын»-деп мага жогору карады. Мен:

-Чаккан жок— дегенге араң жарадым. Энем ошол сөзүмдү эле, күтүп тургансып оор үшкүрүп, анан бети башымдан жаңы көрүп жаткансып өпкүлөп жиберип;

-Кудай чоң колдогон тура. Мени жалооруй карап, көңүлү жайлана түшкөндөн кийин— ал кайда жүрүптүр балам— деди, мен:

-Тиги чатырда, сүт машинанын жанында— дедим. Энем чатыр жакты карап калды да:

-Ал желмогузду алып чыгыш керек— деди.

Карындаштарымдын көздөрү алайгандан чатыр жакты карап, үн сөз жок турушту. Энем өзүнө келгенден кийин узун жыгачты алып чатырдын эшигин чоң ачып, сүт машинасынын үстөлүнүн үстүндө идиш аяктын арасында токочтой болуп ийилип, башын көтөрүп тилин чыгарып турган кара чаар, узун жыланды көрдү. Энем жыландан абдан коркорун мурда айтып калчу, бул жолу анын ачуусу келип, баласын коркутканына жини келип, таяк менен илип тартты. Ал столдон жерге кулап түштү, аны кайра илип, чатырдын оозуна алып келди. Тигинин эти оорудубу, башын көтөрүп, тилин улам-улам чыгарып «ыш-ыш», деп ышкырып энеме тап берип жатты. Энем таягынын учуна илип, коктуну көздөй ыргытты. Ал көп алыс түшпөй, кайра энемди көздөй сойлоп башын көтөрүп, тилин чыгарып кайра качыра баштады..

Энем менен жыландын ортосунда күрөш башталды. Кулачтан ашык кара чаар жыланды союл менен илип ыргытканда, эки метрче жерге ыргып барып түшөт да, кайра башын көтөрө калып, союлдун учуна урунуп жатты. Энемдин бир чети кыжыры кайнап бир чети жыландын түрүнөн итиркейи келип, коркуу ойуна келбей кичинеден болсо да коктуну көздөй улам арылатып ыргытып жатты. Энем мурда жыландан аябай коркчу, аны алыстан көргөндө эле «Ии капырдын түрү суук» деп ичиркенип алып, чочуп кетип качып жөнөчү. Короодон же үйдөн көрсө ак чачып, өзү сойлоп чыгып кеткенче алыстан акмалап карап тураар эле. Бул сапар эмнегедир жыланга ак чачкан да, андан корккон да жок. Улам ыргытып отуруп, коктунун кырына келгенде, энем болгон күчү менен чымырканып туруп коктунун таманын көздөй ыргытты. Анан тердеп кургап, күйүгүп калган көрүнөт, күшүлдөп-бышылдап өңү кубара түшкөн экен. Биздин жаныбызга келип дөңгөчкө отуруп, терин аарчыгандан кийин «капыр ий» деп, ичиркенгенсип силкинип алып эсине келгенде коркуп кетти көрүнөт. Кайра келип калган жокпу дегендей кылып эки жагын каранып койду да, «үх» деп үшкүрүп, бизге кайрылып;

-Өлүгүңдү көрөйүндүн түрүнүн сууктугу, мурда коркуп жанына жолочу эмесмин, эми силерге кол салабы деп коркконумду билбей калыптырмын. Башын көтөрүп качырганынан, ак чачкан эсиме келбей, батыраак көздөн далдаа жоготойун дебедимби. Эми эрегишип калбаса болду— деп кокту жактагы өзү келген жолду карап койду да, анан мага карап:— кел бери, апаптап койойун— деди. Мен жанына барсам эки сөөмөйүн озума салып какатып, далыга муштап:-«ап-ап»-деп, алаканымды сундуруп бир жерге, бир алаканымды муштагылап-«тол-тол-тол»-деп, анан ашказанымдын үстү жагын өйдө көтөрүп ырымдап койду да, санаасы тына түшкөндөй,-«эми чай койолу, биздин чайыбыз кайнаганча атаңар да келип калаар»-деп чатырды көздөй басты. Менин да, карындаштарымдын да жылан менен болгон окуя эстерибизден кетпей калды.

Карындаштарым мурда жыланды көрбөгөндүктөн, анын мынча коркунучтуу экенин, кандай болоорун өз көздөрү менен көргөнгө, жыландан аябай коркуп жүрүштү. Мен дагы байкоостон көрүп, аябай коркуп кеткенге, чөптөрдүн арасына жылан толуп алгансып чөп бутума тийип кетсе эле, чочуп секирип кетип жаттым. Мурда чөп чарды аралап жылаңайлак көпөлөк кууп ойноп жүрө берчү элем. Ошондон кийин жылаңайлак чөп менен баспай калдым. Энем да сак болуп калды көрүнөт, үйдүн ичиндеги оокаттардын баарын бирден чыгарып, күбүп-кагып жайып жатты. Ошентип ошол күнү кырсык мени жандап өттү.

Дайым эле ушундай жакшы аяктаса гана, биз адамдар дайым сактана албай, кээде кырсыкка өзүбүз кабылып алат турбайбызбы. Ошон үчүн кудайым: «сактансаң сактаармын»-дейт тура. Мындай коркунучтун кайра кайталанбасын алдын ала ким айта алмак. Ушул айлана-чөйрөдө жыландар абдан көп боло турган. Кийин биздин үйдөн жыландар менен далай кездештик, чатыр коктунун чыга беришинде болуп, анын үстүнө тамак-аштын жыт-жыбыры менен далай жолу жыландар биз менен кошо жашаган учурлары да болгон. Биздин үй-бүлөнүн турмушунда бул, жылан менен алгачкы гана кездешүү болчу. Кечинде болгон окуяны атама төкпөй-чачпай айтып берсек, ал камарабай туруп:

-Мен бул жерден жыландарды көп эле көрчүмүн, силерди коркот деп айтчу эмесмин. Сак болгула бул жерде жыландар көп экен-деди.

Арадан бир топ күн өткөндөн кийин эсте каларлык дагы бир окуя болду. Конокказы абам, мен, Алиман, Калиман, Жаңылкан болуп согон, ышкын, козукулак, кызыл-мияз терүүгө чыктык. Ал күнү Светаны жол алыс деп ээрчиткен жокпуз, анын үстүнө энем да мени менен калсын деп алып калды. Биздин чатырдын күн батыш жагында тиги эки бийик чокуга караганда бир топ жапыз дагы бир чоку боло турган, ал чокуну тиги батыш жакы чоку менен «Чычкан-Башы» жака кетчү кыр байланыштырып турчу.

Биз ошол ылдыйкы чокунун берки түшө калышындагы жарларды көздөй кеткен жалгыз аяк кыр жолдор менен ээрчишип бараттык. Өткөн окуядан кийин жыландардан коркуп, абайлап басып калганбыз. Элеңдеп жылан көрүнбөйбү деп эки жагыбызды карап кетип бараттык. Биз бет алган шиш чокунун чыга беришиндеги кырда, согондор көп өскөнүн мурда кой кайтарып жүргөндө эле көргөндүктөн, агам экөөбүз билчүбүз. Биз жолдо баратып,адегенде согон терип, андан кийин бери түшүп, жардын боорунан кызыл-мияз термей болуп сүйлөшүп алдык. Үйдөн чыккандан бери орто жердеги чолок кырды ашып, андан аркы шиш чокунун кырына чыктык. Мен алдыда бараткам. Кырдын тескей бетинде согондун жайнап өсүп турганын көрүп:

-Мына согондун кени! Тим эле жайнайт!–деп артымдагыларга кыйкырдым. Тигилер менин үнүмдү угуп чуркап келишти. Тим эле айдап койгондой өскөн экен, гүлдөп турган маалы болгондуктан көпкөк болуп гүлдөгөн согондун баштары жел аргыга ыргалышат.

Согондун жыты буркурап көңүлүбүз көтөрүлө түштү. Согондун гүлүнүн жыты чеснок, пияздын жытына окшоп кетип, тамактын даамын жакшы чыгарат. Бул гүлдөрдү кургатып, аны ушалап, жаргылчака тартса кара мурч сыяктуу болуп калат. Аны баштыка салып сактап коюп, тамак жасаганда кичинеден кошуп койот. Баарыбыз согонду көргөндө жыландар да эсибизден чыгып, улам бир согонго чуркап, терип жүрдүк. Бир топ тергенден кийин согондун кичине баштарын калтырып, чоңдорун терип тандай баштадык. Кимибиз көп терер экенбиз деп атаандашып терип, күн түш болгондо гана атайын согонго деп алып чыккан идиштерибиз толгондо согон терүүнү токтоттук. Ала келген тамактарыбызды ичип алып, ошол эле шиш чокунун күнгөй бетиндеги жарлардан кызыл-мияз терүүгө жөнөдүк. Биз кырга чыкканда өзүбүздүн чатырыбыз, чатырдын тегерегинде жүргөн Света, музоолор, Короочу, энемдин самоор кайнатып жүргөнү көрүнүп турду. Биз ылдыйлап отуруп, коктунун кырына келип жарларга такалдык. Жарды кыдырып жаңы эле басканда, топ-тобу менен өскөн кызыл-мияздарды көрүп, аларды баштыктарыбызга салып, кабыктарын аарчып жей да баштадык. Ал убакта кызыл-мияз ширелүү болуп, убагы экен. Барган сайын улам кызыгып, кызыл-мияз көрүнсө жардын бийик жеринде болсо да чыгып үзүүгө аракет кылып жаттык.

Бир кезде кандай бийик жарга чыгып кеткенимди өзүм да байкабай калыптырмын. Топтошуп өсүп турган кызыл-миязды көрүп жардын боору менен тырмышып чыга баштадым, жардагы кичинекей чуңкурчаларды тээп, колум менен жардын урчуктарын кармап жүрүп отурдум. Топтошкон кызыл-миязга уламдан улам жакындап келе жаттым. Бир убакта бутум баскан жердин топурагы кемирилип урап кетти, мен жанталашып куураган арчанын бутагына жармаштым, экинчи бутум менен бир урчукту тээп турдум. Бирок ал урчук тайыз болгондуктан, бутум араң эле таканчыктап, күчтүн баары арчанын бутагына келди. Уламдан улам арчанын бутагы жулунуп бараткандай болуп узара баштады. Берки бутума таяныч издеп, ылдый жагымды карасам, көзүм жамандыкты көрбөсүн жардын бийик экенин көрүп, жүрөгүм оозума тыгыла түштү. Жардын бийиктиги бери дегенде жүз метрдей экен. Түбүндө чоң-чоң таштар, андан кийин майда шагыл таштар, анан коктунун таманы. Бир бутум салаңдап, экинчи таканчыктап турган бутумдун учу ооруй баштады. Арчаны кармап турган колум карышып, алы кетип баратты. Эгер жардын түбү жумшагыраак кум болгондо, буту колумдун ооруганына чыдабай боюмду таштап жибермекмин. Кайра ылдый жагымды карап, жумшагырак жер болуп калса, боюмду таштамакчы болдум, жок, жалаң чоң-чоң таштар жатат. Алым уламдан улам кетип, үмүтүм үзүлө баштаганда, Конокказы абама:

— Жыгылганы жатам-деп ый аралаш кыйкырганга араң жарадым. Ал убакта абам эч нерседен бейкапар карындаштарым менен кызыл-мияз терип жүрүшкөн. Алар мен бөлүнүп калып жарга чыгып кеткенимди байкашкан эмес. Менин үнүмдү угушканда эки жактарын карашып, жакын эле жерден үнүмдүн чыкканын угушуп, Конокказы абам жаңы эле ордунан козголойун дегенде Алиман күлүп:

— Бекказы абам алдап жатат, атайын жашынып алып бизди коркутуп жатат-дегенде, алар жашыруун сырды ачып алгандай өздөрүнө ыраазы болуп күлүп, мени шылдыңдап отура беришиптир.

Ал кезде кичинекей сүйкүмдүү жакшы көргөн уулунун өлүм менен өмүрдүн ортосунда турганын ата-энем көрүшпөсө да, жүрөктөрү сезип бакырып жиберчүдөй болуп, бир орунга тура албай жатышыптыр. Атам койлорду жайытка таштап коюп үйгө келиптир. Энем да өзүн начар сезип, экөө чатырдан чыгып капталдап басып маңдайдагы балдарын карап жүрүшүптүр.

Ошол маалда бир туугандарымдын шарактап күлүп жаткандары, алдап жатат дегендери мага угулуп жатты. Мен аларга алдабай эле чын айтып жатам деп кыйкырайын десем, арча жулунуп кетчүдөй болуп, коркуп кыйкыра албай акыркы үмүт менен өйдө жакты карадым. Мен кармап турган куураган бутактан кыска ичкерек дагы бир жашыл бутак турат. Экинчи колумду сунсам жетчүдөй эмес. Эми эмне кылам?-деген ойго келдим. Кайра бир туугандарымды карасам көрүнүшпөйт, үндөрү да басылып калды, мен болгон күчүмдү жыйнап тиги бутака секирүүдөн башка аргам калбай калды. Эгер жетпей калсамчы, анда деп эч нерсе ойлогум келбей, болгон күчүм менен тобокелге салып, экинчи бутака секиргенде, экинчи колум менен бутактын учун кармап калдым. Бирок буттарым таянычы жок салаңдап калды. Мени бул сапар салмагымдын жеңилдиги сактап калды. Буттарыма таяныч издесем жып жылма болуп таканчыктаганга эч нерсе жок. Кармап турган арчанын бир бутагы куураган бутак болсо бирөө ручканын сабындай ичке,мындай да, көпкө чыдай албасымды сезип улам бир колумду акырындап жылдырып жанталашып өйдө жыла баштадым. Буттарым аз да болсо жардын уурчуктарына илинип ал да жардам болду. Ошонтип улам өйдөлөгөн сайын арчанын бутактары жоонойуп жашоого үмүт пайда болуп кайраттана баштадым, тырмышып отуруп арчага чыктым да, андан кийин жардын кырына чыктым да, сүйүнгөндөн ыйлап жибердим. Бир аз эс алып өзүмө келген соң көздөрүмдү сүртүп тигилерден уялып ыйлаганымды билдирбөөгө аракет кылып, алардын үндөрү чыккан жерге басайын десем буту-колдорум өзүмө баш ийбей титиреп, темтеңдеп араң басып жөнөдүм. Мен алар турган жерге жеткенде Алиман мени көрүп тапкычтыгына машырланып күлүп,

-Мына Бекказы абам алдап жатат дебедим беле-дегенде, өзүмдү кармай албай:

-Алдабай эле, мен силерге чындап кыйкырганмын, аз жерден өлүп кала жаздабадымбы,— деп ыйлап жибердим.

Ошондо менин ыйлаганымды көрүп шектенип, бир четинен сестенип туруп калышты. Агам Алиманды жемелеп:

-Мына мен барайын десем сени алдап жатат-деди. Алиман күнөөсүн мойнуна алып жер карап;

-Мен мурункудай көрүп, алдап жатат экен десе-деп жалооруй карады. Баары менин кебете кешпиримден корккондуктун, ыйлагандын белгилерин көрүп, мени аяшып, бери келбей коюшканына өкүнүп жатышты. Мен аларга:

-Жүргүлө— кайсы жерден учуп кете таштаганымды көрсөтөйүн— дедим да алдыга түштүм. Алар артымдан үн-сөз жок ээрчий басышты. Кулап кете жаздаган жерге барып көрсөтүп, болгонун болгондой айтып бердим. Менин бутумдун тактары, арчанын уйпаланганы, сынган бутактарды көрүп алышып, менин кантип аман калганыма бир туруп таң калышса, бир туруп мага өзүлөрүнүн жардамга келбегендерине өкүнүп жатышты.

Андан кийин тегерегибиздеги жарлардын баары бизге коркунучтуу көрүнүп, кызыл-мияз тергилерибиз келбей калды. Терген кызыл-мияз, согондорубузду жыйнап алып, үн сөз жок үйдү көздөй ээрчишип жөнөдүк. Бир аздан кийин чатыр көрүнүп, андан бир топ бери капталдан атам менен энем колу менен биз жакты көрсөтүп бир нерсе дегендей болду. Биз ээрчишип үйгө келсек, ата-энем үйгө кирбей тышта турушкан экен. Аларга жете электе эле энем:

-Деги аман-эсен келе жатасыңарбы, жиберерин жиберип коюп санаабыз тынбай, сар-санаа болдук-деди, баарыбыздан мурда Жаңыл озунуп:

-Бекказы абам жардан кулап кете жаздады— деди, энем;

-Ошондой болгонун билип жүрөгүм туйлап, бир жерге тура албай жатсам, атаңар да сезгендей коюн таштап келиптир. Экөөбүз тең силерди аман-эсен келишкей эле деп кудайдан тилек кылып тышта басып жүрүп, силерди көргөндө араң санаабыз тынбадыбы-деп, мага эңкейе калып,-эч жериң ооруган жокпу— деди.

-Ушу сенден азап кетпей койду го-деп бооруна кысып, бети башымдан өөп, кайра өңүмө карап:— ии кагылайын кебетең кантет. Боз чампадай болуп-деп өткөндөгүдөй апаптап, жүрөгүмдү көтөрдү. Атам болсо ачуусу келип;

-Тентектигиңден эмнени көрөөр экенсиң, дайым айтам ойноок болбой жүр,-деп мени тикирейе карап, дагы тилдегиси келсе да кебетемди көрүп, ары жакта токулуу байланып турган атын көздөй басып кетти. Эртеси кой кайтаруу агамдын кезеги болсо да, мен болбой ээрчип алдым. Менин оюмда атам менен жылкычыга барып баягы кызыл айгырды, жылкыларды, кулундарды көргүм келди. Койлорду короодон айдап чыкканда эле атама,

-Аба, койду жылкычыныкы жактагы түзгө кайтаралыбы? Мен жылкыларды көргүм келип жатат,-десем, атам да кымыз ичкиси келип турган окшойт;

-Макул балам тиги алдыдагы эчкилерди ошол жака буруп кой— деди. Мен Бопой торуну чапкылап барып, ылдыйкы шиш чокуну көздөй бараткан эчкилерди Чокмо атаныкын көздөй кайрыдым. Баккан койлорубуздун үч жүздөйү эчки улактар болчу.

Атам эртең менен койлорду чыгарганда дайыма санап чыгаруучу. Ал элүүгө чейин санап элүүгө жеткенде колун жумуп кайрадан бир эки деп башынан саноочу. Анткен менен эсепке так болуп, курттап бирөө жарымы жайытта калып калса канча койдун жок экендигин билип койчу. Ар бир кой-эчкини баккан акыбыз үчүн башына жыйырма тыйындан ай сайын жыйнап алар эле. Ошондо айына үч жүз сомдой акча чогулчу. Андагы акчанын күчү азыркыга салыштырганда «Америка долларынан» да күчтүү болчу. Азыр эсимде ошол кезде үйдүн баасы үч жүз сомдон, жылкынын баасы беш жүз сомдон ашчу эмес. Койдун басы элүү сомдон жүз сомго чейин болчу.

Биз койлорду жайып кырга чыкканда эле боз-үйлөр, желедеги кулундар, тегерегиндеги кишилер, ары жак тоонун бетинде жайылып жүргөн үйүр жылкылар көрүнө баштады. Эмнегедир кызыл айгыр көрүнбөйт. Бир кезде тээ ылдый жактагы Чычкан-Башына кеткен жолдо жылкыларды сууга айдап бараткан жылкычылар көрүндү. Ичимден кап Кызыл айгырды үйүрү менен сууга айдап кетишкен го, бүгүн көрө албай калып жүрбөйүн деген ойго кеттим. Биз койлорду шашпай тескей бети менен жайып отуруп, боз үйлөрдүн чыгыш капталдарындагы тоонун бети менен боз үйлөрдөн өтүп түзгө түшүрдүк. Ал түз туурасы жүз метрдей, узуну беш жүз метрдей, тоолордун ортосунда атайын түздөп койгондой жер эле. Ал жерге майда шибер чөптөр чыгып, койлор бир топко дейре эч жака кетпей жакшы оттошчу. Биз түзгө түшкөндө түздүн аягындагы дөңсөгө дагы эки боз үй тигилип калыптыр. Атамдан:

-Бул ким көчүп келген?— деп сурасам,

-Бул Чычкандын жылкычысы Ошур деген киши көчүп келиптир— деди. Мен ичимден Ошурдун жылкыларын көргүм келсе да, кызыл айгыры бар Чокмо атаныкына барууну туура көрдүм. Атама ал жака баралыбы деген жокмун. Койлордун чети-белин иймерип коюп, Чокмо атанын үйүн көздөй бастырдык. Бул сапар ат байлоочу мамылар да, ээр токумчан аттар көрүнбөйт, балдар үйдүн жанында ойноп жатышыптыр. Ары жакта эки аял бээ саап, Турду менен Чатан кулун кармап турушат. Алар менден эки үч жаш улуу балдар эле. Алардын аттарын, ким экенин өткөндө абамдан билип алганмын.

Иттер биз жакындаганда ажылдап үргөндө Чокмо ата боз үйдүн арт жагынан басып келип,

-Оо Сакем, уулу экөө келе жатышкан турбайбы-деп күлүп учурашып тосуп алды. Биз үйгө кирсек төрдө толмочунан келген жашы жетимиштерге барып калган кемпир жүн тытып отурган экен. Атам:

-Күүлү жакшы турасызбы эне-деп кош колдоп учурашты, кемпир алик алып:

-Мал башың менен аман эсен жүрөсүңбү-деп экөө бири-биринин ал жайын сурашып жатышты. Чокмо атанын да кемпири үйдө экен, ал мага карап:

-Кел өтөгой-деди. Биз жайланышып отургандан кийин Чокмо атанын кемпири адатынча кымыз куя баштады. Атам кымыздан бир кесе ичкенден кийин сөз баштап:

-Ээ Чоке, бу сенин Кызыл айгырың көрүнбөйт го, менин уулум аны аябай жактырып калыптыр. Чокмо атам сатса сатып алалы деп ээрчип келди— деди, Чокмо ата күлүп;

-Аа айланайын балам, ал Кызыл айгырдын баасына атаң экөөңдүн жанакы айдап жүргөн коюңар чак келбейт, анын баасына атаң экөөңөр чыдабайсыңар-дегенде үйдүн ичиндегилердин баары күлүп жиберишти. Мен оңтойсузданып уялганымдан кызара түшүп, ичимден «ооба кымбат экенин билгенмин, элдин коюнун баарын берсек да жетпейт турбайбы, атам кымбат экенин билгенден кийин уят кылып сурабай эле койсо болмок, кой эми минтип шылдыңга калгыча койдун жанына кетейин», деп бир жолу өз кулагым менен угуп Кызыл айгырдан түңүлүп үйдөн чыкканча шашып,

-Ата мен койго бара берейинчи-дедим, атам жооп бергиче ордумдан тура жөнөдүм. Мени бул жерден эч нерсе кызыктырган жок, тыштагы желедеги кулундар да, бээ саап жаткандар да, эки жакты карабай Бопой торуга минип койлорду көздөй чаап жөнөдүм. Жолдо баратып койлордун баары өзүбүздүкү болгондо да Кызыл айгырга жетмек эмес турбайбы. Кызыл айгыр аныгы тулпар экен го, эми аны ала албайт турбайбызбы деп андан бир жолу көңүлүм калып, койлорго жеткенде атымды отко коюп, койлорду карап жаттым. Күн өйдө көтөрүлгөнү менен абдан ысый элек болгондуктан, койлор жан талашып оттоп жатышты.

Тигинде Акматбек атанын мүйүздүү, кызыл кыргыз кою абдан баштанаак. Азыр да койлорду баштап, түздөн тоонун боорун көздөй жөнөдү. Эчкилер болсо мурда эле тоонун боорундагы бадалдарда жүргөн, Чабайдын кемпиринин серкеси, эчкилердин эң баштанагы эле. Ал кырга жакындап калыптыр, балким кырды ашып Жасукей атанын койлоруна кошулуп кетпесин деген ой менен, ордумдан туруп атты көздүй бастым. Атты минип алып эчкилер бараткан кырды көздөй кыялап жөнөдүм. Койлорду карасам баягы эле Усупбек абанын кара кою, Абдылас атанын мулук кулак ак кою койлордун эң артында калыптыр. Энем айтаар эле «ушул артта калган экөө, койлордун арасында болбосо, койлор бөлүнүп калган болот» деп. Кээде жайыттан койлор кеч келип калып саналбай калганда, атам менен энем ушул төртөөнү карап, алар койлордун арасында жүрсө тобокел, койлор бөлүнүп калбаптыр дешер эле. Мен кырга жаңы эле чыгып, атты тушап отко койо берейин деп жатсам, атым кулагын тикчийтип ылдый жакты карап калды. Башымды көтөрүп карасам Туякбай абышка атчан келе жатыптыр. Ордумдан тура калып салам айтсам, Туякбай абышка алик алып;

-Атаң кайда-деп сурады, мен ылдый жактагы боз үйлөрдү көрсөтүп;

-Тиги Чокмо атамдыкында-дедим. Туякбай абышка мага;

-Козу алып кетейин дедим эле-деп мени баласынткандай Чокмо атаныкы жакты карап, атамды издегендей болду. Мурда мал алганы келген кишилердин баары баштыгын колума карматып, алганы келген кой-козусунун өңү-түсүн, белгисин айтканда, мени менен кеңешип чоң кишидей мамиле кылганына жетине албай, бапыраңдап, койлорду чогултуп, ала турган коюн андан мурда табууга жан талашып, өзгөчө «ой, сен менден мурда малды таанып азамат болуп калган турбайсыңбы»,-деп койсо өлөр-тирилеримди билбей, жыгылып-кооп сүйрөлгөнүмө карабай, кармап берип, өңөртүп узатып жиберчүмүн. Менин мүнөзүмдү билбегендерге малын алып кетүү оңойго турчу эмес. Ал, чачылып жаткан койлорду жыйнап, малын издеп таап алган күндө да, аны кармай албай кечке илешип, кечинде короодон кармап, кээде түнөп алып эртең менен кетишкен күндөрү да болчу.

Бул сапар да Туякбай абышка мага жакпай калды көрүнөт, мен атымдын бутун кайра чечип атыма минип, кыр менен жогору бастырып кеттим. Кырдап отуруп чокуга чыгып ал жерге атымды отко кое берип эки жака көз жүгүрттүм. Чатырды карасам агам карындаштарым менен ойноп жүрөт. Нуржамалдыкы жакты карасам, бир атчан аркы бетте жайылып жаткан койду көздөй өр талашып бастырып жөнөдү. Бери чатырдын жанына Нуржамал менен иниси ойноп жүрүшүптүр. Мен дагы аларга кошулуп ойногум келди, анын үстүнө койлорду кантип таштап кетмек элем. Бир топко аларды карап туруп, кайра койлор жакты карасам Туякбай абышка чачылып жаткан койлорду аралап жүрөт. Кыязы малын жакшы тааныбайт көрүнөт. Атамдын минип жүргөн аты дагы эле боз үйдүн жанында байланып турат.

Андан кийин менин тегерегимде учуп, конуп жүргөн кооз калдыркандар азгырып аларга алаксып кеттим. Атам бешим ченде боз үйдөн аттанып, койлорду аралап жүргөн Туякбай абышканын жанына келди. Алар бир аз сүйлөшүп турушкан соң койлорду аралай башташты. Алар көпкө араласа да алып кетүүчү малды табышкан жок көрүнөт. Койлор кеч-курун үйдү көздөй жакшы жайылып баратканын көрүп үйгө жөнөдүм. Мен үйгө барып курсагымды тойгузганда күн кеч кирип койлор короого келип калышты. Туякбай абышканын малын таппай коюшуптур, атам экөө үйгө келишти. Туякбай абышка:

-Оо Жүзүй шайың даярмы? -Ашкадан өлүп кетер едим жане Ошпурдукунан бир кесе кымыз ишпесем-деди. Энем тышка чыгып,

-Кириңиз чай даяр, эмне, эрте эле келдиңиз беле?-деп сурап калды.

-Ой түскө жетпей эле келгенмин. Козу алсамбы деп такыр издеп таба албадым гой-деди.

-Бекказынын тилин тапкан эмес турбайсызбы, эгер тилин тапкан болсоңуз, эбак үйүңүздө болмок экенсиз?-деп энем күлүп калды.

-Ой мен мунун тилин табарын кайдан билдим, кишкентай таанымайбы деп ойлободумбу.

-Бул малды атасынан да жакшы тааныйт, ушул балага эле кайсы козуңузду алганы келгениңизди айтсаңыз болмок экен. Энем чатырдын эшигин ачып Туякбай абышка менен атамды киргизип кетти. Биз короого койлорду киргизип, уйларды байлап, аттарды отко кое берип мал тейлегенге кириштик. Туякбай абышкалар чайга кирип чыкканча караңгы кирип, койлорду таануу оорго туруп калды. Ал күнү Туякбай абышка биздикине конуп алып, козусун эртеси эртең менен алып кетти. Кийин угушума караганда, ал кишинин улуту казак экен, биздин айылды пааналап, ага-тууган күтүп, үйлөнүп-жайланып, ушул жердик болуп калыптыр.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)


    Текстти сүрөттөрү менен кошо WinRAR форматында көчүрүлсүн

 

© Элебесов Б. С., 2008. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 4731