Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Осмонкулов Ж.А., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 13-марты

Жапарали Адашканович ОСМОНКУЛОВ

Күн кызарып батканда

Аңгемелер жыйнагы

Жаш жазуучунун бул жыйнагына жергиликтүү басма сөз аркылуу китепкөйлөргө кеңири белгилүү болгон аңгемелери топтолду. Ага балдарга арналган аңгемелери да кирди. Калемгердин көркөм адабиятка болгон мамилеси, ойчул табияты, сергек кабылдоосу аңгемелеринде ачык сезилип турат

Жапарали Осмонкулов. Күн кызарып батканда. – Б: 1993. – 160 б. китибинен алынды

ББК 84 Ки 7-4
    О-74
    4702300100

 

УЧУК

Чачын ак бубак басып, жылдыздуу келбетине кат-кат бырыш түшкөн арык кемпир, тогузунчу кабаттан шаар турмушун мустая карап жүрүп, башынан далай жылдарды өткөрдү. Шаар турмушу курусун, адеп келгенде асман мелжиген үйлөрдү, адамдардын агымын көрүп айраң калган. Кыйма-чийме каттаган троллейбус, автобус, кичине-чоң машиналарга таңыркап караар эле... Алгачкы күндөрү шаар бу кемпирди өзүнө арбап алган. Айылдан шаарга ой-боюна коюшпай уулу менен келини алып келишкенде: «Эне сүтүн актайлы, кызмат кылайлы, урматтап сыйлайлы!» дешкен ак ниеттери менен. Кызыгы кийин болду.

Уулу менен келини жумушка кеткенде ээн үйдө жалгыз калат. Көчөгө чыгуу ага тозоктун өзү, чыкса да баары бейтааныш. Ар ким өз көртиричилиги менен дегендей, тогуз кабат үйгө бири кирсе, бири чыгат. Эртели кеч күрү-күүнүн доошу өчпөйт. «Сен кимсиң?» деп сурап койгон пенде жок. Кемпирдин бирөө-жарым менен сүйлөшкүсү келет, бирок ким менен? Ымаласы куруп, бирге жүргөн, бирге күлгөн курбуларын, кыштагын эстеп каңырыгы түтөйт. Же орусча эки ооз сөз билсе не? Буерде өңчөй орус кемпирлер жашайт. Алар эртели кеч үйдүн алдына чогулушуп өздөрүнчө божурап калат. Орус кемпирлердин сөзүн түшүнбөсө да тыңшап, лам этпей турат. Кээде алар кеп узатып калса, кеп төркүнүнө түшүнө бербей баш ийкегилеп, кызарып кетет. Тээ күүгүмгө дейре ар түркүн кеп чубап, үй-үйүнө таркайт кемпирлер. Эл менен кошо ал да өзү үчүн эбак ээн үйгө айланган, муздак үйгө шылкыны бошоп жөнөп калат. Шашпай, жай көтөрүлөт жогору тепкичтер менен. Оор демигет. Тизелери калчылдап жыгылаарда, темир торго араң жөлөнүп, тогуз дем алат. Жаны кашайып, жанынан өтүп бараткандарга билгизбей кемшиңдеп, мурдун шуу тартат. Карыган кишинин кемшиңдегени курусун, тиши жок эриндери бүлк-бүлк этип, оор улутунуп алат.

Квартиранын ачкычын чөнтөгүнөн сыйпалап таппай, тапса да аны тешикке сала албай бир кыйлага күйпөлөктөйт. Кара булгаары эшикти араң түртүп ачып, ичкери кирет. Жарыкты жакпай, өз турмушуна нааразы болгон кемпир, төрдөгү килем жапкан диванга үч бүктөлүп үңкүйүп олтурган калыбында баштаган ыйы сай-сөөгүңдү сыздатып өтөт.

Саат чык-чык согот. Кемпир бышактап, ыйы муңдуу. Саат да тынбайт, кемпир да токтобойт. Бөлмөдө чык-чык эткен саат жебеси, кемпирдин жүлүн куйкалаган ыйы... Экөө үн алышат. Байкушка дем берген, кубат кошкон бирөө жок, бели какшап ооруйт. Кемпирдин арык колу, буттары муздап, муундары титирейт. Ал аңгыча кыйналып жатып жарыкты жандырат. Ашкананы көздөй басат. Ашканага жетиш да тимеле тозоктун өзү, минтип азап чегип, денеси жанчылып, бүт тулку бою ооруп турганда. Столдун үстүнөн ширенке таап, аны таамай чага албай кыйналып жатып, газды күйгүзөт. Эртең менен калган тамакты жылытып ичет. Ысык-ысык ууртайт, карандай чайды. Катыган бир кесим бөлкөнү чайга жибитип шимийт. Түстүү телевизор, япон магнитафону, килемдин ар кандай түрлөрү, алтынга жалатылган идиш-аяктар, вазалар толтура бул үйдө, бирок бир салым канты, жумшак наны, мээрими, ысыгы жок, бул үйдүн. Килейип талаадан тоюп келишип, тамак да жасашпайт баласы менен келини. Уйкуга кетет жыргаткансып. Ысык шорпо ичкиси келип, бечара-нын өзөгү үзө тартып турса да айбыгат келининен, «жасап бер» дештен. Муну көркоо келини, жаман уулу сезип коюшса кана, атаганат. Аргасыздан ой учугу тизмектешип келет көз алдына. Ооруйт, сыздайт деп жылуу сөз тилесе, курсагым ачты, ичем, жейм десе оозго чыккан учук болушат уул, келин. Деги, бу дүйнөдө кемпирге көңүл бурган, черин жазган пенде жок. Уулун зарыгып күтөт. Келини менен байбичедей бапайып олтуруп алып сүйлөшкүсү келет.

Ошентип, антип-минткиче эле саат тогуз да болот. Кайран кемпирдин денесине кан жүгүрөт. Кайраттанып алат. Бою-башын түзөп, жоолугун ыңгайлуу байлап, эшикти үмүттүү карайт. Тышта кобур-собур угулуп, каалга ачылат. Биринчи келини баш багат, артынан уулу кирет. Келини өзүнүн туфлисин чечип жатып, көйрөң көз караш менен муңайым кайненесин байкамаксанга салып, коридордун эшигин тарс жабат. Үмүтү өчөт. Көздүн нуру алсызданып каканактайт. Кусаланып, өз уулунун эшик-төрүндө жалгызсырайт. Тигилер менен кызуу баарлашып, аңгеме-дүкөн кургусу келгенин, көңүл кургур самайт. Өзүнүн кыска өмүрүндөгү суз жашоосунан ка-бар бергиси келет. Ашканада казан-аяк калдырап, баласы жөжө чыгарган күрп тооктой канат кагып, келинчегине алда немени түшүндүрө албай жаткандай. Илмийген жилбик уулунун колдору столдо жанчылып, өөдө-төмөн түшөт. Эне кургандын жүрөгү кептин төркүнүн сезет. Чуркап барып келининин бутуна жыгылып, жалынып-жалбарып, аны келини үчүн кызыгы жок нерсеге макулдаткысы келет. Уюп, катып калган белин түзөп, там-туң баскан баладай ашкананы көздөй кадам шилтейт. Муну өз учурунда көз кырын салган келин, ашкананын эшигин карс этире түртөт. Шагы сынып, мукактанган кайнене айласыздан багытын өзгөртүп, жуунучу бөлмөгө кирүүгө мажбур болот. Суу чоргону толгойт. Суу шар агат. Баласына таарынат. Кемшиңдесе, тишинин мүлктөрү кызарып көрүнүп, шоро көздөрүнөн жаш сызылат. Уулу жуунчу бөлмөнүн эшигин такылдатат.

— Апа, ачсаңыз эшикти. Ачсаңыз сүйлөшөйлү. Апаке... кааласаңыз түшүндүрө-йүн, ачсаңыз...

Тилекке каршы каалга ачылбайт. Жуунучу бөлмөдө отуруп, өзүнүн кунарсыз өмүрүндө көптү көргөн кемпир кийинки мусапыр күндөрүн ойлойт. Ыңаалаган на-ристенин үнүн уккусу, аны бешикке бөлөп, бешик ырын ырдагысы келет. «Балам туяксыз калабы?» деп коркот. Болочок небересин көз алдына келтирет. «Кандай болуп чоңоёр экен?» деп аты-түгү жок небересинин келечегин кыялдана чиймелейт. Анан небереси экөө жетелешип айылды көздөй аттанышат. Айылдын кемпирлери аттай, өздөрүнө тың. Кезектешип келип, бажырая өбүшүп, кучакташып көрүшөт. Корукчу жыртак чал да учурашканы келет, жылдыздуу кемпир менен.

— Амансыңбы, байбиче? Кандай, уул-келиниң жакшы, сак-саламат эле жүрүшө-бү? Шаардык болуп кеттиңер. Бу качан келесиңер, ата конушуна? — деп сурайт адаттагысындай күлүмсүрөп.

— Кудая шүгүр элебиз. Уул-келиним ишин тапшырса эле келип калаарбыз. Ошондо да бизден тажап олтураарсың, жыртак чал! — деп тың кеп узатат кемпир. Бардыгы кыраан каткы күлүп калышат.

— Өзүң кандайсың? Белиң оорубай калдыбы? Пешенең суз, деги күүлү-күчтүү эле жүрөсүңбү, байбиче? — деп сурайт жыртак чал бир кездеги ынагына, кемпирлер кеткенден кийин.

— Кудаа кааласа, жакшы элемин. Неберем бар. Эрикпейм. — Кемпирдин жүрөгү элжиреп жылмайышы оңой көрүнбөйт. Кантсе да сыр алдырбайт.

— Кайда болсо жетесиң, жыртак чал. Өзүң жөнүндө кеп салчы. — Соболу чыктуу бир кездеги ынагынын. Абышканын дили кычыгына тиет.

— Ээ, кайдан, байбиче. Эми сага жетпей калдым го... «Шаар көргөн эчкиден тү-ңүл» дегендей, корком сенден, корком. Шаардык болуп кетпедиңби?

— Ии, эми коркуп калдыңбы? — дейт чычалаган кемпир. — Бассам, алдыман, жат-сам морудан көрүнүп жүрчү элең го!.. Темтейип... Эми тимеле... — деп тура калат, сес көрсөтө чачпагын шалдыратып. Чал жандалбастады.

— Койдум, кемпир, койдум. Сага жетмек кайда-а... минтип көр алдында турганда. Билем, толуп турган кезиңде, күйөөңөн кара кагаз келип, жесир калдың. Ата туягын куштай бөпөлөп, карга — кузгунга чокутпай чоңойттуң. Аныңа миң ирет шүгүр!

Сенин айтканың да калетсиз. Сен кайда болсоң, мен шондо жүрдүм, сандалып ар-тыңан. Ушул тагдырга да тобба дейли, кез-кез жолугуша калабыз,— деди жыртак чал камчысы менен кончун чапкылап. Шашпай, астейдил мурутун чыйралтты. Экөөнү тең ой басты. Жибигенсип калганда кеп учугун кемпир улады.

— Сага да миң мертебе ыраазымын. Кыйын кезде жөлөк болдуң. Ыйласам соо-роттуң, көңүлүмү көтөрдүң! А бирок...неге үйлөнүп албадың, ошондо... Сен да жесил... көп эле келиндер жүрчү шарактап, тегерегиңде.

— Сендей чүрөк кайдаа?!. Канчалык дилиңи баксам да, бой бербей койбодуңбу. Талпагым ташка деп отуруп калбадымбы. Азыр деле кеч эмес. Туйсаң...

Жыртак чал күлмүңдөп, моймолжуган кемпирге карады. Кемпир да чалды коштоп, мыйыгынан жылмайды. «А неге неберемдин ден соолугун сурабайт, кут айтпайт. Айылга чогуу келбедик беле? Жанымда жокко, кайда житип кетти. Аа-уу, кайдасың? Көрүнбөйт. Же алар менен шордуу уул-келинимин балалуу болгусу келбей, кечиктирип жатканын билишеби? Эмне үчүн балаң тукумун уласын деп айтпайт, кызык. Көңүлүм айланабы? Кой чыгайын». Ой учугу көп кемпирде. Талбайт андан, канча толгонсо да.

Бир күнү баласы менен келини үйүнө конок чакырды. Үй ичи уу-дууга толуп, меймандар көңүлдүү олтурушту. Келини безбелдектей үйрүлүп, тамак-ашын, чөп-чарын ташып кирсе, кемпирдин тукуму үйдөгүлөрдү колунан келишинче алагды кы-лып жатты. Келгендер жөнөкөй конокторго окшобойт. Баары тегиз бети-башы май-ланышып, семиз. Калпеле сыпайгерчилик аземи үчүн кашык, вилкаларын, бокал-дарын душман көзүнө сейрек кагыштырганы менен, бошогон идиш-аяктар додо болуп чыгып, кайра тынымсыз кирип жатты. «Чакырдыңбы,— кел, келдиңби,— же, ич, жырга!» деген ой менен олтурушту, келген меймандар.Коноктогондор тигилердин шарапаты менен ирденип, аз, аздан казы байлап, эбин тапкан чот кагат дегендерден. Үйдө бир гана ийнеликтей илмейип арык, жүдөмүш, бирок дилине бийик инсандык парзын, мээримдүүлүктү, токчулукту, болоттой бек туруктуулукту батырган кемпир казы байлагандарга карама каршы турду. Ошентсе да конок күтүп отурган жалгызына чындап, ак пейилден ыраазы болду эне. Кубанычы койнуна батпай кудуңдап, салт каадасын кылып, меймандар менен учурашып коёюн деп аркы бөлмөдөн чыгып келатканда, буту-бутуна тийбей тызылдап чуркап жүргөн келинин сүзүп ала жаздады. Кайнене не дээрин билбей карбаластады.

— Конокторуң куунак отурабы, айланайын?

Келин кайненесинин сөзүн тыңшап да койбоду. Кайра кемпирди карысынан апчый кармап, түртүп киргизди, чыккан бөлмөсүнө. Осолу он болду кайненесинин. Баарынан да макоо келиндин, карынын сөзүн аттиштей эле жулуп алганы кемпир үчүн дүйнөнү көмөрүп ийгендей эле сезилди.

— Сиз кайда албарстыдай болуп, олтуруңуз тынч! А то бизди уят кыласыз. Тупой кемпир экен дешет. Билесиз, алар баары современный кишилер. Понимаете?

Эне мындай сөздөрдүн кычыгына кулагы толсо да, каңырыгы түтөдү. Мындай турмушка ит жаныбар да чыдамак эмес, бирок келинге кайнене чыдады. Сабыр кылды. Зарыгып күтүп келди, жакшы күндү. Санаа тартып саргайды. Күткөнүнөн, аракетинен майнап чыкпады. Кырктын кырындагы кара чечекей боору көңүл бурбады апасына, кызыкпады, ден соолугун сурабады. Чекесин тердетип чай куюп бербеди маңдайына отуруп. Тапкан-ташыганын эмерекке, аялына жумшады.

Бири келсе, бири кетет командировкага. Кылган иштеринин түбү жок. Үйүндө майы жок туруп, май чайнайбыз дешет. Кээде күнү-түнү чот шарак-шурак тынбай иштейт. Түшүнбөйт аларга.

Айылдан мойтоюп, эки бети эндиктей кызарып, чучугу толо келген кемпир шалпайып арыктады. Кызыл жүзү бозоруп, этинен май качты. Мезгил алмашкан сайын ой басты бечараны. Бир сапар келини жокто баласы менен сүйлөшмөк болду. Кагып ийеби деп, кыйлага даярданды. Оюн салмактады.

— Балам «Туулган жердин топурагы алтын» дейт. Айылга кеттик! Атаңдан калган там бар. Оңдоп кайра түтүн булаталы. Кыйналып баратсак, каралашаар киши табылаар. Көңүлүң чапса, айылдан бирөө-жарымды караштырып көр.Туз насип буюрса, бүлө болуп кетесиңер,— деди тамырын тартып.

— Кантип апа! Квартирага чуркап жүрүп, араң жетсек. Аны таштап кайда барам. Кыштагың белчеден чаң. Мен эми ал жакка көнбөйм. Анан калса... келиниңиз да барбайт. Мындай сөзүңүздү экинчи айтчу болбоңуз. Келиниңиз угуп калса капаланат.

— А сен алды-артыңды, бирөөлөр жөнүндө ойлойсуңбу? — деди мусапыр эне.

— Сиз ким жөнүндө айтып жатасыз? Нени ойлонмок элем, үй толо дүнүйө турса. — Кара чечекейи апамын көңүлүн жай кылдым го деп өөдө болду.

— А, кокуй! Сен али бала эле бойдон турбайсыңбы! Сага ишенбей калайын. Шу тапта кеңеш бере турган жыртак чал да жок жанымда. Мен куруюн!  — Эне кургур кадимкидей буркурап-боздоп ыйлады, арсыз эркек тукумунун алдында.

Бүгүн да адатынча бүк түшүп, үч бүктөлүп жаткан калыбында козголбоду. Мей-мандар небак кеткен. Ашканада кара чечекейи менен келини божурап сүйлөшүп жаткандай. Алдынан сыз өтүп, миң толгонуп, үшкүрүгү таш жарып, шилекейи чыкпай оозу кургап кечээтен өзөк жалгабай ачарчылык да жанга батты. Ичи кулдурап, уктай албай жатты кудаанын момун пендеси. Бирок ушул азыр келини менен күн карама баласы эмес, кудайдын өзү тамак сунса да наар албай, бир ууртам суудан да баш тарткысы келип кетти. Кургаган оозун шилекейлеп, ачкалыктан бүк түшүп өлгүсү келди. Жыртак чал көз алдына тартылды. Кыйладан бери көрүшө элек. Өңүнөн азып санааркап калгандай. Сакалын сылап, сагынычтуу күлүмсүрөйт.

— «Келгиле,— деп чакырат. Жашында берсин мээнетти, карыганды берсин дөө-лөттү деген ушу. — Бутум көргө киргенче сыйлап өтөм. Жаштарды жайына тим кой. Бир мүнөт да ойлонбой жөнөп бер. Атаңын гөрү, кур дегенде алсырап өлөөр чагыбызда бирге өмүр сүрөлү, чогуу бололу. Кана, келесиңби?..»

Кемпир миң ирет макул болуп, кайра айнып, бой бербей келе жатат, дайыма. Бу сапар үндөбөдү. Жыртак чал менен кыялында жашап да көрдү. Түзүк эле көрүндү. Жок, жо-ок! Мыкты жашоо болчудай! Ойлонду. Ой учугу үзүлбөйт, кудаанын мусапыр пендесинде. Оюнан талбайт, кайра учуктайт. Учук демекчи, минтип бир бутуң төрдө, бир бутуң көрдө турганда дөөлөтүнө чычып, барктай албай, сыйлай албай кемпирдин оозуна чыккан учук болду, тогуз ай көтөрүп, боору менен түшкөн бир макулук.

Ойлонуп жатып, таң атып, түш да болду. Сырткы дүйнө камыр-жумур арала-шып, чымчыктардын сайраганы, гүүлдөгөн машиналардын добушу кулактын кужурун алды. Бир эле түндө мурдагысынан да жаман болуп, картая түшкөн эне, ташбакадай акырын, абайлап башын чыгарды төшөктөн. Жамбашынан сыз өтүп, ичи көөп, сасык жыт чыкты. Бир күн болду наар албаганына. Өзөгү үзө тартып, ашказаны кыжылдап жатты. «Чай кайнатып берген бирөө болсо, мурчтан кошуп набат салып ичип тердесем кана атаганат!.. Ошондо мага жабышкан жамандын баары тер менен чыгып кетер беле? Минтип мусапыр аталып, ичиңен чыккан балаңа кор болуп жүргөндөн көрө өлүп тынсамчы! Оо, шум тагдыр, алып тын жанымды! Эл журт-ка уят кыла көрбө, паланчанын энеси мусапыр өлүм менен өлүптүр деп».

Эне өзү менен өзү сүйлөшүп жатты, шыпты теше тиктеп. Оң жамбашы талып, сол жамбашына оодарылды, онтоп жатып. Муздак буттарын ушалагысы келип, колун созгондо, каалганын эшигине ачкыч салынып, ачылбай жатты. Акыры топ ачкычтар шарактап, эшик ачылды. Үйгө буттарынын учу менен басып, эки адам кир-гендей болду.

«Жо-ок! Жашоо күнүм, ичээр суум али бар экен. Алар келишти»,— деп ойлоду жүзүн кубаныч чайган кемпир. Чайга чакыраар бекен деп күттү. Бирок кабар айтылады. Түштөнгөнү келишсе керек. Балким, тамак жасап жаткандыр, идиш-аяк кагышат деп мурдун чүйрүдү. Эч кандай жыт жок. Мурду жыт албады. Мурдун кашып турайын деди, дарман жетпеди. Бирөө бери баскандай такылдады. Мына, ал абайлап эшикти ачты. Кемпир калпеле уктамыш болуп калды. Келиниби, баласыбы айтор, бирөө табыш чыгарбай карап кеткендей болду. Анан экөөнүн башы кошулуп күбүрөшө түшүштү. «Уктап жатат» дейби, же «өлүп калыптыр» дейби анча уга албады кемпир. Сөз ким жөнүндө жүргөндүгүн боолгой албады. Булар эмне бүгүн сыпайы болуп калган. А ыктымал менин уйкуму бузбайын дештиби. Байкуштарым оңоло башташкан го! Алда кагылайындар ай-а, түз эле кире беришпейби, мурдагыдай эле тарса-турс чапкылап. Эмне, боюман түшөт беле. Айланайын чүрпөлөрүм, аяп жатышат мени, өмүрүмдө биринчи мертебе. Мейли, аяган пенденин акыркысы болсом да жакшылыкка жоруюн».

Бетине кызыл жүгүрүп, биртке чыйралып алды. Көздөрүндө учкун пайда болуп, өйдө тургусу, баласы менен келинин бооруна кысып, алар мен жөнүндө жакшы ойлоп, аяп жатышпайбы мени тигинтип. Көзүм кашайып кайда жүрдүм эле мурда сезбей». Ойго чөмүлгөн кемпир, араң турду таянып. Муундары калтырап, безгектей калчылдады. Басайын деп бут шилтегенде көмкөрөсүнөн кетип эстен тайды.

Кемпир эсине келгенде каерде экенине акылы айраң болду. «Эмне үчүн мен үйдө эмесмин? Эмне үчүн мен тозокто эмес, шуудураган кургак, аппак, жумшак шейшепте жатам? Дары жыттанабы?» Кемпир илээшкен кирпигин араң ажыратып, тегеректеп турган ак халатчандарды, уулун, келинин көрдү.

— Жакшысызбы чоң эне? Өзүңүздү кандай сезип калдыңыз? — деди доктор кыз тамырын кармап жатып.

— Тү-зүк...— деди эне күбүрөп.

— Азырынча эң сонун! Сизге уулуңуз менен келиниңиз келиптир. Жаныңызда отуруп чыксын. А сиздер көп кармабагыла, ээ? Чоң энем эс алыш керек,— деди доктор кыз кичипейил сыртка чыгып баратып. Бөлмөдө тынчтык өкүм сүрдү. Келини жутуп жиберчүүдөй карады. Кантсе да баласы го:

— Кандай апа, оорубай эле калдыңызбы? — деди эркектин үнү.

— ...?

— Апа, апа деп коёт. Эмнени жыргатып ийди апаң!? Тирүү өлүктөй, үйгө кирген ууруларды туйбайт. Кайран гана менин алтын билерик, шуруларым! Түркмөн килемин айтпайсыңбы? А япон магнитофонучу?.. Ылайым эле апаң турбай калсын. Сурап көр, балким уурулар менен шериктеш болуп жүрбөсүн. Сура! Эгер чыкса кары-картыңдар үйүнө тапшыр. Жашай албайм аны менен. — Келин ачык бышактады.

— Кой акырын, апам таарынат,— демиш болду эркек сөрөй.

Келиндин сөзүнө таш ыйлады.

— Укса, уксун! Тирүү өлүктөй болгон өлүк-тиригиңди көрөйүн!

Оорулуу эне салмактанган башын көтөрүп тигилерге катуу бир нерсе айтайын деди, айталбады. Башы сөөм козголуп, эриндери табышсыз кыбырады. Кайра эстен танып, сулк жатып калды.

— Жолдош врач, жолдош врач!... деп чуркап чыкты кара чечекейи.

Бейтапканада он күн ашык дарыланып, кыйла тыңыды. Саарлап какшап ооруткан бели пастагансып, көңүлү куунак турду төшөктөн. Жуунуп, таранып тамак жеди. Ичтейи ачылып, тамак эле жегиси келип калыптыр. Эрте мененки врачтардын кароосунда күлүп отурду кемпир.

— Саламатсызбы, чоң эне! Жакшы жатып, жай турдуңузбу. Кана көрөлүчү, бүгүн кантип калдыңыз экен,— деди врач кыз. Кайран жаштык көкүрөгүн тээп, суйкайган доктор кыз тыңшагычын тагынып, көкүрөгүнө, белине коюп тыңшап, оозун ачтырып текшерип, тизелерин, колдорун ушалап, кемпирге бүт дитин койду. Медсестрага алда немелерди күбүрөп, кемпир укпаган дарыларды жаздырып жатты...

— Кызым, тигилер келсе үстүмө киргизбе. Мен сенден суранам, макулбу? — деп шыбырады кемпир.

— Макул, энеке! — Көздөрүнө жаш тегеренди врач кыздын. Ал сыпайы коштошту.

Врач кыз чыгып кеткенден кийин кемпир кыйлага дейре делдейип, ойго чөмүлдү. Төшөгүнө кайра барып жатты. Кымтынды. Көзү тунарып, чылк жумулду. Бүт дүйнөнү караңгылык ээлегендей, өзү ошо караңгылыктын түпкүрүндө калып, ыманы учкан туңгуюкка кептелгендей болду. Бул тагдырдын болмушуна мукураган кемпир, эчтемеге түшүнө албады. Жүрөгү опколжуп алып, учту... Ажалдын торуганы ушубу? Ушинтип эле кетип каламбы? Шашты, чыканактады. Бирок жумшак, апакай төшөк чулу таштай оор сезилди. Бу эмне түшүбү? Өңүбү, же теменедей жанынын үзүлүп баратканы ушубу? Түшүнө албады... Зымырап, зымырап каалгып баратты. Жан-жагын элеңдей саресеп салды. Көзүнө врач кыз көрүндү. Бечара наристедей сүйүнүп кетти. Ажал тооруп, жан кашайганда, бул дүйнөдө ак жашадымбы, кара жашадымбы деп бушайман жеп, шайтан таразанын кылда учунда турганда, врач кыз кыйла эш болду.

— Энеке, демдүүсүзбү? Мына сизге, кыпкызыл ширин алмаларды алып келдим,— деди тумбочкага кызыл алмаларды коюп жатып. Врач кыз маанилүү нерсе айтчуудай жайдары күлмүңдөдү.

— Чоң эне, сүйүнчү!

— Болсун кызым,— деди кемпир.

— Бийлеп берсеңиз айтам.

Чоң эне бырыш баскан колдорун сереңдетип, кыймылдай баштаганда:

— Ыраазымын, ыраазымын энекеси! Айтсам сизди төмөндө бир киши күтүп турат.

— Ээ ботом, кандай киши экен? — Чочуп кетти кемпир.

— Эң сонун киши! Во! Чийбаркут чапан кийген, узун бойлуу, тоголок мурун, са-кал, муруту аппакай, акылы зирек, алтын абышка экен.

— Келген экен, байкуш! — байбиче өзүнчө шыпшынды.

Алыскы сапарга даярданды чоң эне. Чачын өрүп, палатадагылар, врач кыз менен жылуу коштошту. Көп жылдардан бери ачылбаган көңүлү, эми чындап ачылды. Жылуу мамилеге семирди. Өз ыктыяры менен кетип баратты. Кол булгап узатышты ооруканадагылар. Чал, кемпир кеткенден кийин уулу жалгыз келди.

— Алып кетти,— дешти ооруканадагылар.

— Ким?! — Нес болуп катты баласы.

— Бир абышка...

— Ыя?!...

— Бир абышка дейбиз...

— Аа... Наки чал го?!...

Баласы балакайынан атасындай кам көрүп, жакшы көргөн, кийин эс тартып чоңойгондо апасынан кызганган жыртак чалды жолдо баратып, аргасыз эсине салды...

Бирок бу өңүбү, түшүбү, же актык деминин акырыбы... Кемпирге мунун баары түшүнүксүз эле...

 

ЖАШОО ҮМҮТҮ

Борошолоп, эки күн удаа жааган кар басылып, айлана ушунчалык ажайып. Бак-дарактагы аппак кар, тээ заңгыраган Чаканташ тоосунан кылайып көрүнгөн күндүн жылт-жылт этип, жаратылыш өзүнүн кооздугуна, тазалыгына магдырап тургандай көрүндү. Мамат сааркы чайдын акыркы пиаласын көңтөрүп, кол баштыгын асынды.

— Апа, мен мектепке кеттим,— деди шашып баратып.

— Макул кубатым, мен дагы бир аздан кийин чыгам,— апасы да добуштады. Акыйкатта айлана айрыкча сонун экен. Таза, суук аба Маматтын бети-башын тызылдатып, ичиркентип ийди. Бала тизесинен кар малтап, теребелди суктана карай берди. Жүрөгү элжиреди. Мектепке чейин кыйла бар. Жакын деп кыйналса да бакка салмак болду. Эки үй өтүп өтпөй, аңгыча коңшу үйдөн ачуу чыккан кобур-собурга алаксыды. Сөздөр Маматка ачык угулбай жатты. Жалаң тактай менен тосулган тосмону тепкилеп, мынча жылчыксыз тосуунун кандай артыкчылыгы бар, эмне булардын элден каткан дүнүйөсү көп бекен деп күбүрөнүп, жылчык таппай убараланды. Акыры тапты. Шыкаалай карап көргөн көзүнө ишенбеди. Астанада дамбалчан Улугбек аялы Сайкалды ич кийимчен эле сүйрөп чыгып, көзүн чукуп ала тургансып сөөмөй кезеп, карга оонатып, уруп жатыптыр.

— Айт дейм! Кайжериңен өпчү эле. Көрсөт шуркуя! Ушул жериң беле? — Улугбек жан алгычтай арбайып, сөөмөйү менен Сайкалдын оң ууртун сайып көрсөттү. — Аа, ушул жериңен өпчү экен даа-а. Ме ,сага, ме!...

Ал жүн сабагандай тепкилеп, оозун каната койду. Кар менен аялдын жылаңач этин жиндене сүрттү.

— Үйгө кирчи! Эл көрсө, суукта уятко. — Аялынын аяган сөзү анын жинин кайра жиниктирип жиберди. Шапалагы бетке чуу-чуу тийди. Келин чучуктай чыңырды. -Уу, энеңди урайын, жалап! Кай жериңен өптүрдүң? Бол, кар менен сүрт! Жыты да кал-басын, тезирээк, угуп жатасыңбы? Ээ, энеси...

— Койчу, Улук, жок дегенде арбагын сыйлачы. Анда не күнөө? Тынч койчу жайы-на! Мен сенден суранам, ал жөнүндө жаман айтчу болбо, бай болгур. Ал сенин до-суң эмес беле, же калпбы? Кааласаң дагы ур, тепкиле, бирок, ага...  — Сайкал эки колу эки жакка сереңдеп, беттеринин түгү чыгып, көк муштум болгон Улугбектин таманында титиреп алсыз жатты.

— Уу, жаман... дос элеңер деп коёт! Аныңын сөөгү сөпөт болгону качан? Азыр сен менин аялымсың, билдиңби? — Зөөкүр муштумун көтөрдү.

Бийик тосмонун жылчыгынан шыкаалаган Мамат муундары калчылдап, не кылаарын билбей турду. Дене бою дуулдап, адамдык ары ташып, жыгач тосмону тепкилеп кирди.

— Коё бер, шүмшүк! Кол тийгизбе! Эй, угуп жатасыңбы? Коё бер дейм! — Кашаа-ны тарсылдата кыйкыра берди. Жаңжалдашкандар астанада көрүнбөй калды. Жана шыкааласа Сайкал бут чечменин терезесин кармап, шолоктоп ыйлап жатканын көрдү. Кыжыры кайнаган Мамат бурулуп карагыча, аңгыча өзү оңкочок атып кетти. Катуу тепкиден корунган жок. Каар толгон көз менен жек көрө тиктеп, муздак карга мурду катуу тийгендигине, денеси ооруганына карабай, оор бойлуу, букадай жоон жигиттин колун кырча тиштеп алды. Кыжыры кайнаган Улугбек тура калгыча үлгүртпөй тарбайган колдору Маматтын алка жакасынан куушура кармап, силкип жиберди. Мамат аласалып, карга бети менен тийди. Жер таянып өөдө болгуча, жана тээп-тээп ийди. Сумкасы алда кайда ыргыды.

— Коргоочу имиш!... Бирөөнүн ишине кийлигишпей жүргүн, балакай. Дагы ушул жерден көрчү болсом, оңбой каласың, оңбой. Мурдуңу аарчып мектебиңе жөнөгүн. Көргөнүңдү эч кимге, апаңа да айтпагын! Түшүндүңбү? Эми өлөлегиңде жөнө! Жө-нөгүн дейм! — Улугбек жаралуу доңуздай айкырды.

Мамат жерди сыйпалап, муштумун кезенген мыкаачыдан алыстап кеткенче шашты. Бакты аралап чуркады. Кыйла жерге барганда демин басып, артын сестене карады. Артында бир гана кардагы изи турат. Бу кебетем менен мектепке барууга болбойт деп, кызарып ачыштырган бетин сыйпалап, мурдунан шүүшүңдөп аккан канды алаканы менен басып, жарым жолдон үйүнө кайтты. Меш жаккан үйүн ачып, күзгүгө каранды. Жаагы сыйрылып, оң көзүнүн асты кызарып кетиптир. Бөлмөдөгү жылуулуктан сырткы кийимин чечти. Сүлгүнү муздак сууга малып, көзүн сүрттү, чекесине басты. Ызасы ичине батпай бирде ичке манжалары менен кайраттуу чачын салааласа, бирде быйтыйган мурдун кармалап, бирде узун мойнун созуп, кара тору өңүн жүлжүйтүп, бирде бакырайган көздөрүн ачып жуумп, көпкө чейин күзгүнүн алдында үнсүз отурду. Анын арык денеси, орто бою, шайыр жүзү күзгүдөн шапайып көрүнүп, өзү үчүн болуша турганы жоктугуна көңүлү чөктү, эчкирип ыйлап жиберчүүдөй көздөрү каканактады. Бир аз мурда болуп өткөн тири шумдук окуяны ойлоп, ошого катышы бар, тээ бала чагын эрксизден эсине түшүрдү.

Оо, анда кара чечекей акеси Сапар аскерге кетээр жылы күзүндө чымын-куюн болуп чуркап жүрчү чыт курсак бала, катуу ынакташкан кыз менен жигиттин ише-нимдүү байланышчысы, кат ташыгычы эле го. Сапардын катын койнуна катып, жай шымданып, көзүн бекем жуумп: «Куш бекен, ит бекен?» сурап, качан гана колуна момпосуй тийгенде кыз жашаган көчөнү көздөй тызылдап жөнөөчү. Барганда шыр эле чакыра албай Сайкал турган көчөдөн ары-бери өтүп, мойнун созо тиктеп, кыз эчтемени туйбай зарыктырса, колун оозуна сала коюп, ышкырып «чыкпайсызбы» деп безеленип турганычы. Саресеп салган Сайкал күлүңдөп чыга калып, эркелете башынан сылап, кат колуна тийгенде көкүрөгүнө катып, Маматка курут, алма, же таттуу-маттуу берип шып үйүнө кирип кетчү. Айрым күндөрү канчалык безеленсе да чыкпай бушайманданып, эми кетмекчи болгон Маматтын кыймылын акмалап турган Сайкал жашынган жеринен чыга калып «кайнисине» наздана, жука эрдинен өөп коёр эле.

— «Ии, кичине бала, кат барбы?» — деп сурап калчу.

— «Шык» — деп башын чайкап күңкүлдөөчү Мамат.

— «Канаке азаматым, башыңы өөдө кылчы. Чоң бала да таарынчубу? Сапар эмне деди?» — деп такып сурачу. Бала анда да унчукпай, «жеңеси» улам эркелеткен сайын тетири карап тура берчү. Айласы алты болгон кыз калп эле чоёоңдоп: «Айтпасаң мен кеттим» дегенде, анын кайра чыкпасын сезип, жибип кетээр эле...

— «Тээтиги айылдын четиндеги мырза теректе жолугушалы деди» — деп борбо-юп койчу.

— «Качан, качан?» — деген Сайкалдын акырын чыккан сөзүнө:

— «Таң, ай аппак атканда деди го» — деп шашып кетчү.

Кээ күндөрү Сапардын жазган каттарын Сайкалдын курбулары «почточу кайниси— нен» тартып алышып, окубай эле билишип: «Сен бактылуусуң, алтындай эле кай— ниң бар» деп калышчу. Анда Мамат: «Сапар акем менден жакшы. Баарыңар жак— шы көрөсүңөр го! Айрөк, айрөк!» деп күлдүрөөр эле. Чынында эле Сапарга көптөрү ашык болуп, Маматты учураткандар азил-чындан: «Бизди жакшылап карачы, жеңе болчуудай түрүбүз барбы?» — деп тамашага алышчу. Ал гана эмес айылдын сулуу кызы атыгып, бүтүрүүчү класста окуп жаткан Сайкал да алгач бой бербей, кийин Сапар экөө ынак болуп кетишкен. Бирок, Улугбек алардын сүйлөшкөнүн жактырчу эмес. Себеби ал да Сайкалды жакындан тооруп, көз артып, нечен курдай каттар арнаса да, Сапардан өтө албай тигилерди ээрчип жүрчү. Көп убактарда Сапар, Жунус, Улугбектер дайыма чогуу болушуп, бир класста окушчу. Күзүндө Сапар менен Жунус аскерге жөнөгөндө Улугбек темир жолго чейин узатып барган. Кийин Сапардын кызмат өтөгөнүнө жыл айланганда, Сайкал жетилүү аттестатын алып, университетке кирүү экзамендерин ийгиликтүү тапшырган. Ошондо Улугбек айыл чарба институтунун биринчи курсун аяктап, Сайкалды көлөкөсүндөй эле ээрчип жүрөт деп калышчу. Оо, андан бери дарак канча жолу бүрдөдү...

...Баса унутуп кала жаздаган тура. Өткөндө эле Сайкал шырп алдырбай үйгө кирип келген.

— Келиңиз, келиңиз, сизби жеңе?

— Анан ким дейсиң, кичине бала!? Мени эмне келбейт дедиңби?

— Жо-жо-ок! Келгениңиз го жакшы, а тетиги кызганчаак, бакырчаак...

— Аа, Улугбекти айтасыңбы, ал шаарга кетти.

— Аны көрөйүн деген көзүм жок. Баарыңар үчүн мен андан өч аламын!

— Кой антчү болбо! Кантсе да айылдаш агаң, Сапаштын досу... Акең болгондо, мен анын астанасын аттабас элем. Эми тагдырга айла жок. Минтип...

— Сапаштын досу... хи, жакшы угулат экен. Бирок, ал да бир көргөн түш сыяктуу өтүп кетти. Билесизби, баягыда сиздер жолугушуп сүйлөшчү мырза терекке «САПАР + САЙКАЛ = АШЫК» деп оюп жазган ошол эмес беле.Теректеги жазуу карттанып айыкты. Жылдар тогошуп, кусалык боюму аралаган сайын,мырза терекке барчу адат таап алдым.Ошентип акемди күтүп жүрүп, бешинчи жылы атам каза болду. Жадыңызда бар бекен, мен тээ балачагымда туруп эле бастырмада байланып турчу акемин кашка атына барчумун.Баратып: «Балким үйгө кирип келатып бурулгандыр. Мурдагыдай эле тору кашкасын эркелетип көкүлүн, жалын сылап-тарап жаткан чыгаар»,— деген ойго чөмүлчүмүн. Жанына келсем ат тынч гана чөп аймап, мени карап кошкуруп койчу. Чабандестигин айтпайсызбы! Аттар кишенеп,үзөңгүлөр кагышып, бүйрү кызыткан улакчылардын үстү булоолонуп турган топтон көкбөрүнү ушул аты менен алып чыкчу эмес беле. А мүмкүн мени чочутайын деп жашынып албасын деген кыязда аттын акырын сыйпалоочумун. Анткени «баа-а» деп кыйкырып чыга калчуудай туюлчу мага.Себеби мындай ж
оруктар көп эле болгон.

Атамын тажиясына кулунунан жетелеп чоңойткон акемдин ошол аты союлду. Аттын чаңырыгы ушул кезгече кулагымда жаңырып турат. Союуга камынгандар бир алдын апкаарышып башканы союшмак болду. Эч кимден алмашаар союш чыкпады. Бечара тору кашка күчтүү туяктары менен жер чапчып, узакка-узакка, баккан ээси уккудай, аны менен коштошуп жаткандай ачуу кишенеди. Демек, агам тирүү. Оюм ушуга кетти. Жанына бардым. Мени жалап-жаскап, мээрим күтүп, тынчый калганда алкымына курч бычак малынды.

Негедир ошондон көп өтпөй айыл четиндеги дөбөдөгү мырза теректи, андагы жазууну көргүм келди. Айылдан алыстап, дөбөгө чыга бергенде капкара болуп жы-лаңачтанып калган теректи көрдүм. Мен үчүн ал дүйнөдөгү эң бийик, эң жашыл, агам сүйүп, урматтаган, сүйгөн кызын тосуп алып, айлуу түндөрдү таң атырган бейкүнөө даракты түбүнө чейин кимдир бирөө балталаптыр. Жерди оңурайта казып, бутактарына бензин чачып өрттөптүр. Мындан өткөн оор кордук, зомбулук болбосо керек! Бирөөгө күлкү, бирөөгө ый дегендей аябай ыйладым. Сапарды, Жунусту жардамга чакырып, ушул терекке кыянаттык кылган жанкечтини жок кылууну сама-дым. Ой артынан ой келип, кыйналып жатып уктап кетиптирмин. Түн жарымында апам тааптыр. Жаратылышты бүлдүрүп, бирин көргө түртүп, экинчисине айдагы турмушту сунуш кылып, биздин кайгы-муңга кабатырланбай жашоосу жашообу?

Сайкал Мамат менен отуруп, уккан сөздөрүнө чыдай албай көзүнөн жаш кылгырды. Улугбектин Сайкалга жете электеги чабуулун, тымызын өчүгүп, бул үй-бүлөгө көрсөткөн кордугун түшүндү. Коюндашы адам сөлөкөтү, жанкечти экендигин ал жакшы билет. Ал капысынан ала качып келгенден кийинки түнү теректи тыптый-пыл жок кылган мыкаачылыгына, кылган кордугуна чыдап келди. Жакшылыкка өзгөрөөр деди. Сапар экөө байырлаган теректин жок болгонун, ал жөнүндөгү эскерүү ушу азыр да жүлүндү өрттөп жатканын эстеп, ага канчалык каршы турса, ошончолук өчүгүш күчөп келе жатканын «кичине баласына» билдирген жок.

— Жеңе, неге унчукпай калдыңыз. Чай демдейин. Чай ичип чыгыңыз. — Мамат чын пейилден үн катты.

— Ыраазымын бала, жөн эле бирдемелер ойго уруна түштү. Биз эми өзүбүз ме-нен өзүбүз сүйлөшүп калбадыкпы. Ички бугуңду ким угат? Сурагандарга заман ушундай дейбиз. Өзүбүздүн чечкинсиздигибизди жашырабыз. Айтсак күнөөкөр аты-габыз. Агаң келчү күн кана! Садага, мен кандай ишенсем, сен да ошондой ишен! Сапар келет. Биз кайрадан... — Келин капылеттен мукактанды. Буркурап, боздогусу келди. Туталанып жатып, кебин араң улады.

— Жунус да айтчу эле го, келип калат деп. Канча кесе жылдар өтүп жатат. Келип калаар?...

Андан аркысын эстегиси келген жок. Кыйла эле нерселер болуп өткөн.

— Каап,— ачык күңкүлдөдү Мамат. -Эгер акем болгондо Сайкал кордук көрбөйт эле, бүгүнкүдөй бирөө мени чекеме чертмек эмес. Айдай сулуу Сайкал менин жеңем болмок. Дале аман-эсен кирип келсе кана! Мен го мейли, эркекмин. Аял шордууга кыйын тура!

Чекеси томуюп, ар кандай кара ниет ойлорго чөмүлгөн Мамат, Улугбектен баары үчүн чындап өч алгысы келди. Бирок, кантип... Караңгы бурчтан аңдоосуздан чыга калып, билдирбестен таяк менен башына бир урсачы. Же былчыйган бетине кайнак май куюп жиберсечи... Болбойт го? Ал кандай гана ойлорго кабылбасын, шу азыр жанкечти зөөкүрдөн таймангысы келген жок. Бирок, кийинкилигинен айбыкты.

Кечинде апасы жумуштан келгенде уулунун кебетесин көрүп колун шак койду. «Дене тарбия сабагында жүгүрүп баратып бирдемеге чалынып жыгылып кеттим» деди. Буга ишенген жок. Шишигин тартып алат деп чайдын чамасын тартты.

— Апа, адамдар неге урушат? — Мамат ызасына чыдабай көптө барып үн катты.

— Бирин-бири туура түшүнбөгөндөн, бириси экинчисин баалабагандан жаңжал-дашат. Ии, не сурап калдың балам? — Эне кычы нерсенин башы кылтайып чыгып келе жатканын сезип, оор күрсүндү. Уулу беймазалана берди.

— Ыя, апа, апа дейм, а кызгануу деген эмне? Ошон үчүн дагы адамдар урушабы?

— Тилеги таш чайнагыр! Ылайым эле оңбой кал, оңбой! — Апасы кимгедир кы-жырланды.— Бая эле ошондой дебейсиңби. Жүрөгүм сезген. .. — Ал колундагы кесесин коюп жатып ичинен бүлкүлдөдү. Не кылмак? Бир сапар Сайкалга жасаган орой мамилеси үчүн, жакшы убактарда «аяш энелеп» келип жүргөн Улугбекти уяткарып коём деп барып, көңүлү кирдеп кайткан. Эсирип семирип, башы майланышкан кудаанын эркеси экөөнү тең ашата сөккөн, ошо күнү. Салия эл көзүнө шерменде болуп, күйбөгөн жери күл болгон. Мансап не гана кылдырбайт, кайгы кимди гана мүңкүрөтпөйт.

Күүгүм талаш башталган шамал, түнү бороон чакырды...

Салия Маматтын төшөгүн кымтылап, анын жанында түн жарымына чейин олтурду. Уулу жакшы уктай албай чабалактап, түшүндө бирдемелерди кобурап, тез-тез түйшөлүп жатып, акыры тынч алып уктап кетти. Шамалдын ышкырыгы, улуган иттердин үнү айылды уйгу-туйгу алааматка чулгап, жакында токтоочудай түрдөнбөй сүрдөнө берди. Көңүлү үшүгөн Салия эне санаасы тынчыбай туйлап жатып, согушта алган жарааттын курманы болгон аяш уулу Жунусту эстеп, камтамасы артып, жамандыктын куйругу үзүлбөй келе жатканына чындап кейиди. Чекеси, көзү көгөр гөн жалгызынын көргөндөн көрө элеги көптүгүнө, жаш жүрөгү жараланганына кейиди. Кичинекейинен Жунуска шынаарлап, аны эш туткан Мамат солдат, кийин соң шал болуп, кан жүгүрбөгөн буттарынын эти катып, согуш көрүп нерви жукарган, эм болуп кетээр бекен деп ичпеген дарысы, барбаган табыбы калбаган жарым жан тагдырга зээни кейип: «Карап тур, ушуга окшогон сыркоолорду айыктырган догдур болбосомбу!» — дегенин да билет. Салия качанкы өткөн окуяны эстеди. Жунус өлөөр жылы Мамат бешинчи класста окуп калган. Жунус акеме барып келейин. Менсиз зерикти. Серүүндөп келсек жакшы болот эле дегенинен жөнөткөн. Маматтын кеткенинен келгени бат болду.

— Эмне көңүлүң кыжалат кайтты, балам?

— Апаке, Жунус акем ойдогу жок нерселерди айтат. Денсоолугу начар да, боо—  рум ооруду.

— Деги кандай сөздөрдү айтты. Тынччылыкпы!?

— Өлөрүмө аз калды дейт.Өлсөм ыйлабагыла. Сапар келсе сөзсүз бейитиме барсын. Кеп сурайм. Кайда жүрдү экен ушу кезге чейин, эне— атасын кайгыга салып күттүрүп. Эсиңде болсун, унутпагын дейт. Апаке, деги эмне болуп баратабыз? Өлгөн адам да жашоодон үмүт этеби?!— деген беймазаланып.

Айтмакчы, сарык болгон адамдар ооруну Оогандан келген жоокерлер жугузат экен деген ушак жайкы өрттөй эле тарап кеткен.Ошондуктан тияктан майып болуп кайткан Жунустанбы, же кудайдын амири мененби сарыктан эки адам жок болгон. Ошон үчүнбү айылдагылардын Жунуска болгон мамилеси өзгөрүп,кан буугандай токтогон. Арсыз пенденин же алты саны аман болсо не! Бел курчоодон ылдый жагы сенейип,көрүнгөндөн корунуп, эч ким менен мамилелешпей, чачы өрүмгө кирип, бет сөөктөрү оркоюп тышкы дүйнө менен катышы жоктой жашап калган. Эрмеги өмүр бою туралгыстай кадалган коляска. Ушундай, кыйын абалда үч адам эл көзү— нөн далдоо бат-бат каттап турушту. Алар — Салия эне, Сайкал, Мамат. Сапар жөнүндө кеп улаганда Жунус токтоно албай тиштери кычырап, көздөрү кызарып, бир паста жинигип кетчү. Ошондо Салия уулунун артынан бара тургандай алыспы, жакынбы деп сурап, ансайын мазесин ала берчү. Салияга, Маматка кубат берип, жүрөк отун тамызган, үмүттөндүргөн да, жол караткан да Жунустун ишенимдүү сөздөрү. Анын Сапар жөнүндөгү аңгемеси бир-
эки күндө эле түгөнчүүдөй эмес, түгөнбөйт да.

— Эсимде,— деп калчу Жунус аңгемени баштаарда ар убак кыйналып, тердеп-терчип жатып. — Эрте мененки полктун жүрүшүндө жогорку сыйлыкка сунуш кылын-гандардын тизмесин окуду. Тизмеде Сапар да бар болчу. «Советтер Союзуна кызмат кылам! Кашык каным калганча Ата Мекен үчүн, интернационалдык милде-тими өтөй берем!» деп какайган. Дүркүрөтө кол чапканбыз. Анын сыйлык алганына мен дагы дердейдим. Анан эмей, ары айылдашым, ары досум, минтип элдин жак-шысы аталып сыйланып жатса ким сыймыктанбасын! А бирок, кайсы Ата Мекен жөнүндө айтты, ушу кезгече түшүнө албадым. Кантсе да бизди ушундай тартипке үйрөткөн эле.

Көп өтпөй Сапар күжүрмөн тапшырмага жөнөп кетти. Тоо бизге жакын болчу. Түн бир оокумда душман тараптан автоматтын, пулемёттун тытыраган доошу угулду. Ошо кезде биз тревога менен көтөрүлүп, жардамга бардык. Фонардын жарыгында ар кайсы жерде таштарга артылып калган душмандын денелерин көрдүк. Бирок, бир дагы чалгынчыларыбыздын өлгөн, же кеткен издерин көрө албадык. Суу кумга сиңгендей житиптир. Мен кайтаарда алыстан жарылуучу минага кабылып, эс учуму билбей жатып калыпмын. Бирок, ал келет, сөзсүз келет! Ишенгиле! Чалгындан кайтпай калган күндөр Сапардын жоокердик тагдырында такыр болгон эмес. Ансыз деле кара кагаз алган эне-бала Сапар качан эле өлгөн дегенге түк ишенишкен эмес. Ишенбеске да негиз бар. Кайсы бир жылы коңшу айылда Ооган-да набыт болгон бирөөлөрдүн баласынын табытын алып келген. Түндүк көтөрүп, эки күн аза күтүшкөн. Үчүнчү күнү аргасыз жаш кыйылган пенденин жанын жерге берээрде, табытты алып келген офицер менен эки жоокердин аракетине каршы туруп, табыттын темир капкагын ачышкан. Ачканда, кудайым мындайдын бетин ары кылсын, анда тигилердин баласы эмес, тааныш өңдөнбөгөн бирөө жатат суналып. Не демексиң! Дүйнө алай-дүлөй эле боло түшкөн ошондо. Ошол жамгырлуу кечтен бери мына, туура тогуз жыл өттү. Сегиздеги Мамат он жетиге чыкты. Ошондогу көчөттөр дүпүйгөн бак болуп, эненин кызыл жүзү бозоруп, жылма бетке бырыш түштү. Күйүттөн илмийген эне ак чач кемпирге айланды. Аныгына жетем деп өөдө-төмөн чапкылаган атасы барган жерлерин жадатып акыры катуу кагуу жеди. «Сенин эле балаң өлүптүрбү? Дүйнөгө түркүк боло тургансып эле көчүгүңүз жер жыттабайт!» деген төрөпейил кызматкерлердин кайдыгер мамилесинен чүнчүп жүрүп, сары ооруга чалдыгып, о дүйнөгө аттана берди. Жылдар куушуп өтө берди...

Эне-бала жоокерди зарыга күтө-күтө чаалыкпады. Айрыкча ызгаар аязда, челектеп куйган жамгырда, добулдуу түндөрдө жол караганы караган. Алай-дүлөй дейди шамал улуп, аба ырайынын түрү бузулуп турганда, оо түн бир оокумга чейин кадыр түн тоскону тоскон. Жан адам кире алгыс чептей көрүнгөн эшикти ана ачылат, мына ачылат менен көз карытып сагалаганы сагалаган. Ошо тапта өчөшкөнсүп тамдын айланасында кимдир бирөө басып жүргөндөй, тоңуп же шөмтүрөп суу болуп калып, каалганы ачууга кудурети жетпей калгандай элес келе берет. Жүрөктөрү элеп-желеп соккон, эне-бала жарыша ача салышса...

...Босогодо аскер шинелчен, орто бойлуу, чымыр денелүү,кер мурут жоокер кучагын жайып тосуп алчуудай сезилет. Ачылбай турган каалганы тигилип, жүрөгү чебелектеген Салия: «Балким бизди күтүп калгандыр? Зарыктырбай тезирээк ачалы,үшүп калбасын!»,— деп Маматты шаштырган санаасы санга бөлүнүп, кайра элеске алданганына көңүлү чөгөт.

Анткени, азыр эле ата туягы ак тонун курчанып,тышка чыккан. Там-таштын алды-артын тинтип, караңгы комсоодо куду акеси жашынып алгандай «акелеп үйгө чакырып» жооп ала албай кайра киргенде, чоң кесе суусун белендеп, баласынын башынан айлантып чаччуудай талпынып, көздөрү жашылданган апасынын түрүн көргөндө бу жазмышка аргасыз буркурап, төшөгүнө бой урган. Анан калса күн кур эмес телевизор бетин бербеген, карылыгы жетип калжайган, оозу кургап, улам тамшанган, коюу каштарын кез-кез серпип, кайдыгер кол булгалаган мамлекет башчысын дүр этип кол чабышып тосуп алганда «Аябай карыптыр. Жанына мынчалык күч келди. Жөн эле пенсиясын алып, кудай деп тынч жатпайбы. Же мансап иши ушунчалык эле таттуубу? Атаңын көрү, дүйнөнүн туткасы ушу кишинин колунда тургандай, өмүр бою өлбөстөй өзүн ыксыз даңкка бөлөп, не табат экен а?» — деп күдүңдөшүп жатканда берүү алмашып, Оогандын боппоз адырларын, дубал тамдарын, андагы согушуп жаткан, өлүп жаткан, күйүп жаткан, күлүп жаткан советтик жоокерлердин боппоз ыраңын көргөндө эне-бала жандана түшөт. Ушулардын арасында биздин Сапар да көрүнүп, учурап, кол булгап жылмая калаар бекен деген кыязда телевизорду телмире тиктегени тиктеген. Кудайым жалгыз үмүттөн башкасын ыраа көрбөсө кантсин, колдорун жайып отуруп калышат. Мындай оомалуу күндөр көп болду эне-балада.

Мамат уктап кеткенден кийин Салия Сапардын эскирип, саргая баштаган каттарын, сүрөттөрүн аңтарды, жышылып жалтыраган жаңгак сандыкчадан. Биринчи, экинчи, үчүнчү... жетинчи көңүлгө жат болуп калган дубай саламдарын жана башынан иреттеп, көз алдынан өткөрдү. Сүрөтүнө тигилди, сүйлөштү, кареги карегине урунду... Аларды бооруна кысканда баласы менен кучакташкандай, жытташкандай , жүрөк кургурлар үн алышкандай шекилдүү «дүк-дүк» сокту. Сүрөттөн экөө болчу. Муруңкусу жылаңбаш машыгууда түшкөн, кийинкиси плащ-палаткасын жамынып, канжар тагынып, автомат асынган турпаты тартылган. Эне уулунун буюмдарын кайра алып, кайра тактап күбүрөй берип, бир оокумда аябай чарчаганын сезди. Бапташкан кирпиктерин ачалбай, уйку-соонун ортосунда комдоно бергенде, бет маңдайында пайда болгон жөргөмүшкө көзү түштү.

«Оо, кокуй, бу эмнеси? Жөргөмүшпү? Кайдан түштү. Капырай эй, жакшылыкка келгей эле?» Шыпты карады. Ызгаардуу аязда жөргөмүштүн пайда болушу жакшы жышаан, үйгө келген кут. Жөргөмүш шыптан түшүп келатып, жарым жолдо асылып калды. «Ылдый түшө көр! Ылдыйраак... и, жаныбарым, дагы кичине...» деп жалоо-руду. Тарбайган, бармактай кара жөргөмүш бирде өөдө, бирде ылдый түшө калып, Салия экөө арбашып жаткандай кейиптенди. Кемпирдин оозу тынбай күбүрөй берди.— «Оо, кут жаратуучу жаныбарым, жерге түшө гөр! Кайра чыгып кетпе! Ыы... ы, куш келиңиз, жолоочум! Шырдакка өтүңүз, баарлашалы! Асылып турган макулук көпкө муюп, ылдый шумкуп түшүп, кайра жогору чыгып кетти. -Ыраазымын» — Салия көңүлү толо унчукту.

Сыртта алай-дүлөй бороон жүрүп, бак-шактар шуулдады. Табигаттын тажаал немеси күчөгөн сайын кез келгенин камгактай аласалдырып, максатсыз чапкылаган кар бүртүктөрү терезени черткиледи. Салия чыккан добуштан сексең чочуду. Каңырыш угулдубу деп демин ичине тартып, кулак төшөдү. Чалды-куйду кылып кар сапырып, дейдиленген ызгаар шамал капысынан дагы бир ирет ургулап өттү терезени. «Жо... жоо-ок! Каңырыш эмес, даана уктум. Келип калдыбы, садагам? Неге отурам шал болгон немедей. Туруп тосуп алайын».

Салия жоолугун кымтылап эшикке бет алды. Меш небак өчүп, бөлмө суук тартка— нына карабастан, кара тер басты, нымшыды. Алаканы ысып, башынан таманына чейин жүгүргөн жылуу кан денесин кызытты. Эшиктин ары жагында кимдир бирөө үн салгандай сыяктанды. «Күткөн уулум келип, ойлогон мүдөөм ордунан чыктыбы? Тогуз жылдан бери үмүт үзбөй келебиз. Акылымы токтотоюн. Же түшүмбү? Каалгып учуп бараткансыймын. Капырай, баары чындык болгой эле. Колуму-бутуму кармап көрөйүнчү, жаңылбапмын, өзүмдүкү. Көзүм ачык. Ал тургай сааттын чыкылдагын угуп жатпаймынбы.Тышта бороон улуйт. Акылым ордунда. Аңгыча каалганы бирөө «тык-тык» урду. Келди. Андан бөлөк ким болмок эле. Акылынан садагасы, уйкудагыларды чочутуп албайын деп аяганы го! Ачайын, үшүп калбасын».

Курган эне кемшиңдеп алды. Каалганы абайлап түрттү. Каалга «кыйч» ачылып муздак шамал төргө качты. Босогодо боз шинелчен, аскер тумагын баса кийген, кырдач мурун, алаң көз, кол сандыгын кармаган уулу күлө карап турду. Салиянын колдору шалак этип, көргөн көзүнө ишенбеди. А турсун абаны да искеп алды. Бала чактан баккан, мурдуна чыкпас болуп сиңип калган кара чечекейинин тааныш жыты.«Төп келгенин кара, көзүм көрүп, сезимим туюп турат. Келген экенсиң уулум!» — Кагылайын Сапашым, сенсиңби? Уулум, кубатым!..— Салия чучуктай чыңырып, Сапардын кучагына боюн таштады.

— Апа, апакем, берекем менин! Демдүү жүрөсүзбү? — Сапардын колунан кол сандыгы ыргып, апасын бек кучактады. Бети— башынан өпкүлөдү.

— Айланайын уулум, кубатым, сени көрбөй турам десем көзүм көр, үнүңдү укпа-дым десем кулагым кер болсун! Улагада не турасың уулум, кир үйгө. Кире гой. Түнү кирпик какпай ушинтип, тогуз жылдан бери сени күтүп келатпайлыбы... Келчи, дагы бир жыттап алайын! — Эне бала ысык кучакташты.

— Ыйлабаңыз апа, ый жаман. Ыйласаңыз көзгө зыян болот.

— Макул, каралдым! Ай кокуй, эсиме жара чыккыр! Шашпай турчу балам, барса келбес сапардан жол арытып келдиң. Мен суу алып чыгайын. — Салия карбаластап жыгач кесеге толо суу алып келди. Буту бутуна тийбей сүйүнүп келди.

— Мээнетиңди алайын, эңкейип кой! Мээнет-санатың ушу суу менен кетсин. Кирген тамың майлуу, жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр, өмүрүң узун болсун! Жүзгө чык! Ымандуу бол! Ага-тууганга, бей-бачарага кайрымдуу, карамдуу бол! Түкүрүп кой садагам!

— Түү, түү.

— Дагы бир жолу кубатым. Үч ирет кайталап жүр, берекем!

— Тпу... тпу... тпу...

— Эми үйгө кир уулум, улагада көп турбай. Ой... ий, мени кудай урса да аздык кылат.Маматты ойготоюн. — Эне кубангандан далдактап кенжесине жетти. — Алдыңа кетейин эркем, көзүңдү аччы! Ма-маа-ат, Мамат дейм, акең келди, Сапар келди... Өөдө болчу!

Салия баласын ой-боюна койбой жулкулдатып жатты. Чоочуп ойгонгон Маматтын уйкусу умачтай ачылды.

— Апа, апаке, сизге эмне болду? Жөөлүп жатасыз го!.. өөдө болсоңуз... апаке... -

— Ыя, тынччылыкпы?! — Кызуу уйкуда жаткан Салия көзүн укалап, тегерегине саресеп салды. Жанында Мамат ич кийимчен керебетинде отуруптур.

— Апа, ооруп турасызбы? Неге эс албадыңыз? — Мамат апасынын арык колдо-рунан кармалады. Иштин чоо-жайына түшүндү. Ойлоп-ойлоп, каңырыгы түтөдү.

— Оо, тагдыр! Дагы бейбечарага күлүп жатасыңбы?! Бизде не жазыгың бар! Өчүң болсо жана ал!.. Ошондо табаң канып, катарың толобу?..

Эне боз ингендей боздоду. Ага кошулуп Мамат шолоктоду. Муздак бөлмө... эне-бала сыздай берди...

Таң дык атып келатты...

 

ЖАР

Жаздын акыркы күнү. Саарлап сүт тартып отурган эки келин кызуу божурап атты.

— Ошону айтсаң, «Жаман иттин аты Бөрүбасар» дегендей тигинин Каримди сү-йүп, ансыз жашай албай тургандай кейпин кантесиң? Же ошончолук эле... — Бу сөзгө орто бойлуу, кара каш келин экөө жер жаңырта каткырышты.

— Сен неге күйүп-бышып жатасың? Кыязы, өзүң аны тымызын жактырып, жо-лугушуп жүргөндөй кызганасың да. Күйөөңө айтып, шоруңду шорподой кайната-йынбы, хи-хи,— деди коңшу келин Гүлбарага тийишип.

— Койчу, ошол алкашыңды. Сасык вино үчүн көрүнгөндүн тамын сагалап жүргө-нү үчүн жакшы көрөйүнбү? Койсоң аны... — Алдыртадан көз жүгүртүп, сыр билгизбе-ди.

— Алкаш болсо да бир учурда келбети келишкен, сүйкүмдүү жигит эле го, чиркин! Далысын айтпайсыңбы, экөөбүз опоюп отурсак да батчудай кең, иш кылса төрт кишинин жумушун жалгыз бүтүрөт! Баарынан да, «карылуу колу менен сыга-сыга кучактаганда көзүңөн көк чымын учуп, оозуңан аллаң түшүп, жалдырап туруп бересиң», деп кимдир бирөө айткандай болду эле... Койсоң кай жоругуңду айтайын ... Гүкүнтай!

— Ии, чын эле... Ап-иий бетим! Мен эмне деп жатам. Тилиңе жара чыккыр, эмне эле макоолонуп жатасың? Анан ошолордуку жакшыбы? Көрүнгөнү чакырып, эптеп жумушун кылдырыш үчүн тамеки алып берип, арак-вино ичирип, чырактай баланы чычкан аңдыган күйкөдөй эле кылып коюшпадыбы? Эми тигинтип, көрүнгөндүн та-мын сагалап, морусунан көк түтүн буркураганда темтейип кирип барчу адат таап алыптыр. Мурда ныпым оозуна алчу эмес.

— Оо, курбум, чычалаган жарабайт. Аялуу жериңе тийип алдымбы? Неси болсо да койнуңда жаткан күйөөңдөн ашык көрсөң көрөсүң, асти, кем көрбөйсүң . Анан калса, тегеле ага чаң жугузбай жолун тазалап турганыңа караганда... — коңшу келин алдыртадан кылыя караганда, Гүлбара да:

— Эмне! Анан ошолордуку туурабы? Төрт кишинин ишин аткарса жакшы.«Эш— ектин күчү адал, сүтү арам» дегени турасыңбы?

— Ичкени жаман да. Ким эле жакшы көрсүн.

— Ошонун баарын сага, мага окшогон жалгыз бойлор, зарыккандар пайдаланып жатпайбы! Бечарага өлөрчө ичирип, иштерин бүтүрүп алган соң, үйүнө узатып коймок түгүл, чылада чылпылдап жатканын көрүп, боору оорубаганына зээниң кейийт. Ал деле адамча мамилеге муктаж, жакшы сөз уккусу, бирөөгө төгүлүп сырдашкысы келет... Чалчыкта жатып соолуккандан кийин үйүн көздөй жөнөйт. Элди ким тыя алат? «Антип жумшабагыла» деп кимисине айталасың? Анан калса сенин акчаң короп атты беле десе кантесиң?

— Дегеле жаны бышык неме экен. Сасык тумоо да тийбейт, суук да өтпөйт. Ка-чан көрсөң шакмар кийими менен көчөдө жүргөнү жүргөн,— деди коңшусу.

— Эмне суук тийип өлсүн дегени турасыңбы,— деди жинденген Гүлбара.

— Жоок, антпей калайын,— коңшу келин шашып кетти.

— Эмне көрүнгөнү алдаса эле колдогону жок дейсиңби? Аны кудайым колдойт. Ичинде кыпыңдай кири жок, Ашыкча сүйлөбөйт. Берсең ичет, айтсаң аткарат. Ушинтип жүрүп Каримди өзүбүз бузуп албадыкпы?

— Эсиңдеби, курбум,— коңшу келин качанкы өткөн окуяны эске түшүрдү.— Кайсы бир жылы кой кыркымда Карим алдына жан адам өткөрбөй иштебедиби. Ошондо сыйлыгына тийген магнитофонун:«Бул чөлкөмдө Гүлбарадай таттуу тамак бышырган жан жок. Ошондуктан кыркымчыларга даамдуу тамагын берип, күчүбүзгө күч кошуп жаткан кызыл казанчы, кара көз келинге ушул сыйлыгымды өз колум менен тапшырып коюуга уруксаат этиңиздер!» — дегенде шатырата кол чаап жибербедик беле. Жыйындан кийин оюн болуп, Карим чоңдордун айтканына көнбөй кыйыкта-нып жатканда, сенин жалындаган көз карашыңдан бука тартмайга чыгып, коңшу айылдын дардайган, мактанчаак палванын чийинден теридей эле жепжеңил тартып чыкпады беле? Баарынын түбүнө жеткен ичкилик. Ичпе деп айтсаң. Ал сенин тилиңи алат. Сени көргөндө энесин ээрчиген козудай эле момурап калат, бечара! Сени угат. Отуз жаш деген эмне? Акбозат. Ал оңолуп кетет.

— Айтып да көрдүм. «Каныма сиңип калыптыр» дейт. Таштап коюуга эрки жет-пейт окшойт. Бирок дагы да аракеттенем. — Гүлбара машинанын табагын алып, каймагын сыдырып, сөөмөйүн жалап койду.

— Саарлап эле Каримди оозанып калыпсың, чамасы, кечинде күйөөң жаныңа жатпай койгон го? Ха-ха, хи-хи!... Сары келин кыткылыктай күлүп, бир аз тыныгуудан кийин чочуп кетти.

— Ой, тилиңе тибиртке чыккыр! Сенин айтарың ушу да.Кетсең деги кетчи. Бүгүн-кү сүтүңдү мага калтыр, камыр жуурмак элем.

Гүлбара сары келин менен сыртка кошо чыгып, көчөдө трактору менен алышып жаткан күйөөсүнө мурду менен бир тийди:

— Болбойсуңбу?! Бир нерсе кылсаң эле кечке ымтыраган адатың калбады. Бүгүн ишиңди жыйыштырып мага кошулуп тамекиге чык. Же жарытып айлык албасаң?

— Ой, мына кызык! Акчаны мен албай атыпмынбы? Ишкананын кассасында жарты тыйын акчасы жок болсо эмне кылайын? Асылып өл дегени турасыңбы?

— Сени асылып өл деген эч ким жок. Бирдеме десең эле өлөйүнбү, агайынбы деп эле чарчатасың. Андан көрө үйдө ун калбай калыптыр, ун таап кел, мобуга... Ме... — Гүлбара жан чөнтөгүн сыйпалап акча алып чыкты.

— Ун, канттан көрө тез табылчу арак-сарак, вино-сино таап кел десең заматта тракторуму тартылдатып алып жердин жети түбүнөн болсо да таап келмекмин.

— Таппай тамыраң кал! Калдайган башыңан ичкилик кетпейт. Ичкилик акыры көтөрүп ураарын сен билесиңби?!

— Билгенде не, баары эле ичип жатпайбы. Азырынча өлгөн эч ким жок.

— Өлүм айтып келбейт. Дүкөндүн текчелери шагыраган сайдын ташындай ич— имдикке толуп кеткени элдин кайгысы, жердин кайгысы, улуттун жакырланышы...

— Кудая тоббо, бу сен бүгүн көктөн түшкөндөй билерман болуп калыпсың да. Ичимдикти дагы мага окшогон эрлер ичет,— көкүрөгүн муштады Жумалы күйөөсү.


— Жүүнү боштор, көчүгүн такап үйдө отурушат, билсең!

— Кайран эргулум, андай эле болсоң көптөн бери бүтпөй аткан ашкана үйдүн айнегин бүтөп салбайсыңбы?! Мал кийирген чаркарың жок. Үйдөгү бирин-серин кол жалаган кой-эчкиң кышында ызгаарда, күзүндө жамгырда калат. Дагы кайсы бирин айтайын. Тапкан айлыгыңдын да мааниси жок.

— Ушинтип айтаарыңды билгем. Сенин сөзүңө мобу жерден тойдум...

Жумали ишин токтотуп, шашпай колун аарчыды. Күзгүгө каранып жаткандай жасанып-түзөнүп, салаасын бирден ачып-жуумп санап кирди. Айнекти бүтөш үчүн ылай жасоо керек, бир деп тур. Аны тебелеш, саман аралаштырыш үчпү, анан терезени коюш керек, төрт. А чаркардын түйшүгү көп. Кудайдын күнү көп эмеспи. Бүгүн бүтпөсө дагы бир буюрган күнү бүтөт. Мен деле бош жүргөн жокмун.

— Сага айткан кайран сөз. Ана бүтөт, мына бүтөт деп канча жыл өттү. — Гүлбара бөйрөгүн таянды. — Элдин күйөөлөрүн көрүп көзүң күйөт. Сен алардан кемсиңби?

Күйөөсү ачуулана колундагы майланышкан чүпүрөгүн ыргытып жиберди.

— Көп кыңкылдабай бар ары! — деп каары келе түштү. — Тракторун от алдырып, бурк этти. — Катындын шайтаны семирсе ушу да, жолдон кармайт да турат. Сенин сөзүңө кулак салган мен жинди. Бирок байкушум, ырас эстеттиң, андан көрө башты оорутпай, тиги Зупуштан эки бөтөлкө алып келип, Каримди иштетип ал!

Гүлбаранын көктөн издегени жерден табылдыбы, же аёо сезими ойгондубу, күйөөсүнө кыйкырып сала берди.

— Ал эмне, сенин малайыңбы, чакырып келип эле иштете бергидей?! Тапкан экенсиң май башты!

— Ээ, каңкылдаган кызык катын экенсиң! Андай-мындай дебей эле көрүнгөнү бармаш алып берип иштетип жүрбөйбү! Кудая шүгүр, дагы биздин пешенебизге жаралып калганына.Болбосо айыл-апанын майда барат жумуштары бүтпөй кал— мак.Эмне аңкайып калдың, кир үйгө! Каримди мен азыр баратып айтып коем.

Күйөөсү кабинасын жапканда кара түтүн уюлгуй түштү.

* * *

Гүлбара камыр жууруп бүтүп тышка чыкканда Карим эргилчектин илгичин таппай туруптур.Кийиминин тышынан мүчө башы келбеттүү, сөөк-саактуу экендиги билинип турду. Сакал-муруту түксүйүп кырылбаптыр. Көзүнүн асты шишип калган. .Оюнда эмне бар экенин билбейсиң. Кез-кез кеберсиген эринин жалап коет. Башы бышкан дарбыздай чытырап, суусаганы билинип, бир нерсе тилегендей үмүттүү карайт. Гүлбара эргилчекти ачты. Кычырата кысылбаган ысык колун ыңгайсыз силкип, үйгө кирүүнү өтүндү.

— Кел, кел, Какиш, саламатсыңбы? Үйгө кир. Бирдеме шам-шум этип алып баштайсыңбы, же иштей бересиңби? Андале кетмен-күрөк даяр, мына.

Гүлбара өзүнөн-өзү анардай кызарып кетти. Эмчектери тирсийип, көздөрү жайнап, негедир кумар оту алоолоно түштү. Каримдин оюндагысын биле албай ою кыжалат. Анысы сүзүлгөн кирпиктерин ачалбай ык тутуп тура берди. Келин эшикти чоң ачып, жол бошотту.

— Какиш, суу чабыштырып берейин, чайканып аласыңбы. Айнек-терезе бүтөл-бөсө бүтөлбөй калсын, бирдеме дечи,— деп кайталады Гүлбара.

Келинге жооп кылып, Карим кычышкан тамагын кайра-кайра тырманып тура берди. «Гүкүнтай, билем, не дээриңди. Кечире алсаң, кечире көр байкушуңду. Мен оңбой калдым көрүнөт. Ичим эле өрттөнөт. Башымын жарылып кетчүүдөй чытыра-ганын айт. Суусап турам, болсо алып чык. Суранба, жалынба! Ичпегин деп өтүнбө! Мунсуз мага жашоо кызыксыз. Бу сапар мага акылдуусунба. Анын кереги жок, бирок билип кой алтыным. Ушу акыркысы болсун. Сөз берем, чын айтам!» деген ичтен төгүлгөн купуя сырын Гүлбара боору ачып түшүндү. Төркү бөлмөгө кирип оюндагысын алып чыкты. Көзүнөн көк бөтөлкө учуп, кыйналып араң турган Карим эшик-терезеси жок бөлмөгө жылт койду. Бурчка отурду. Бөтөлкөнүн бөркүн тиши менен жулуп алды. Төгүп-чачып куюп, баса-баса тартып ийип, отуруп калды. Арадан аз убакыт өттүбү, көп өттүбү ичимдик ичин жылытып, көңүлү көтөрүлгөн байкуш ишке шымалана киришти. Ылай жасап эшик-терезесин түздөп коё баштады. Ага ылай иши кеппи, заматта зыпылдата биринин артынан бирин бүтүрө берди.

— Иш илгери! — колуна ысык нан, жаңы тартылган каймак көтөргөн Гүлбара аш-канага кирди. Эшик-терезе коюлганга саал караңгылашып калган.

— А, ырахмат, ырахмат! — деди Карим жайдары. Дене-бою нымшып, кыймылы сергек.

— Мына, эми бир нерсеге окшошуп калган тура. Дитин салса тез эле бүтчү нер-се турбайбы. Какиш, каймакка мыкчыма жасап берейинби? Мыкчыманы бала кезде далай жесең керек!

— Ошондой го, сенин мыкчымаңы сагындым, Гүкүнтай...

Каримдин оозунан арак жыттанса, келинден атырдын жыты келет. Шыңга бойлуу жубандын жүзү албырып, Каримге алдыртадан куштарлана карай берди. Улам-улам жумшак тоголоктонгон мыкчымасынан көңүлдөшүнөн көбүрөөк жешин суранат. Кайра-кайра чай сунат.

— Ошентип, бүгүн акыркы ирет ичем дечи?

— Ооба.

— Чынбы?!

— Чын, — деди эркек башын ийкегилеп.

— Ох, жаным! Ичпейм деген оозуңдан! Келчи, алчы...

Келин ылай кейпине карабастан Каримдин кучагына жыгылды.

— Бото көзүм, чолпонум! Мынча күттүрдүң?!

Ыкшыланган Карим токтоно албады. Оттой алоолонуп, жакшы сөз денесин делөөрүтүп ышкысы козголгон неме тирсийген эмчектерин кыса-кыса кармалады. Жүзүнөн аймалады. Жалынып-жалбарды:

— Бото көзүм, мынча ширинсиң!

Коргошундай балкыган келин Каримдин кучагынан көпкө бошоно албай көшү-лүп жатты.

— Дагы качан жолугушабыз,— деди Гүлбара убакыттын чукулдаганын биринчи туйгандай, назик гана.

— Эмдиги жумада.

— Кай жерден?

— Мурдагы жерден, жар башынан... Жолугушканга чейин!

— Жолугушканга чейин...

Ичимдикке, ышкыга мас болгон эркек Гүлбаранын түйүп берген түйүнүн көтө-рүп жатагын көздөй илкип баратты...

* * *

Каримдин үйү. Түн. Чымын-чиркей ызылдап, бакалардын чардаганы эле угулбаса, айлана тынч. Көчөдөн түшкөн жарыктан Каримдин уктай албай кыйналып жатканы көрүнүп турат. Жөөлүп, түшүнөн чочуйт. Түш көрөт. Түшүндө куйругун бул-таңдатып бөлмөгө шайтан кирип келет. Тегерене басат. Көкүрөгүнө минип алып, куйругу менен мурдунан кытыгылаганда Карим ойгонуп кетет. Шайтан үстүнөн түшө качат.

КАРИМ. — Ух, жаным, албарсты басты десе, кудайдын каргышына калган шайтан сен белең! Деги, сен мага тынчтык бербес болдуң го, түрү суук мокочо! Эзесиң да турасың.

ШАЙТАН. — Касиетин жоготкон мусапыр пендеге салам айтабыз.

КАРИМ. — Сенин саламыңа ким жутап турат дейсиң. Көзүмө көрүнбөй жогол, шүмүрөйгөн шүмшүк!

ШАЙТАН. — Тсс, адам пендеси! Акырын бол, кошуналарды ойготосуң. Сөзгө кел. Менден качып кутула албайсың. Себеби, мен сага жан шерик болуп калдым. Ушуга түшүнөсүңбү? Түшүнбөйсүң, анткени көрүп турам, көптөн бери кыйналып жүрөсүң. Көңүлүңү улар адамың жок, жалгызсың. Күнү иштейсиң, түнү иштейсиң. Төбөң менен жер казсаң дагы сага ырахмат айтып койгон бирөө табылбады го, бу көр дүйнөдө.

КАРИМ. — Ишиң болбосун, ар ким өз пешенесине жазганын көрөт.

ШАЙТАН. — Сенин пешенеңе эшек тепкен.

КАРИМ. — Ким тепсе да өзүм билем.

ШАЙТАН. — Билсең, сен жинди суунун малайысың. Ал кайда болсо, мен ошоерден сени чүлүктөп алам. (Бөтөлкөдөгү аракты башынан өөдө көтөрө качат. Карим арты-нан калбай ээрчийт. Төгүлгөн аракты жата калып, сөөмөйүн салып жалайт.)

КАРИМ. — Төгүлүп, түгөнүп калдыбы?

ШАЙТАН. — Төгүлүп, түгөнүп калды. Сен бөтөлкөнүн малайысың дебедимби. Анда бүрксөм анда, мындай бүрксөм мында болосуң, байкушум.

КАРИМ. — Андай дебе, мен пенде үчүн жан берген адаммын! Керек болсо жинди сууну ичпей коём. Анткени, кара көз келинге сөз берип келдим.

ШАЙТАН. — Ээ, мусапыр пенде! Андай убаданын неченин бердиң. Эсебине жетпей калдың го. Бекер сөз арык аттабайт.

КАРИМ. — Аның менен жумушуң болбосун. Ичпейм дедимби, ичпейм. (Тескери карайт).

ШАЙТАН. — Баары бир адамдар сага ичиришет. Алар өз мүдөөлөрүн аткартыш үчүн кандай гана нерселерди ойлоп табышпайт. Жок дей албайсың... Анткени жарал— гандан ак көңүлсүң. Кыстагандын, сурангандын көңүлүн кыя албайсың. Ошентип, түбүңө мен жетем...байкушум!

КАРИМ. — Жетишет! Сенин сасык кептериңи угууга дарманым жок. А көрөкчө, жүзүңү көрсөтчү, жакын келчи.(Шайтан жакын келсе кармап алайын деген кыязда билегин түрүнөт. Бирок пенденин оюн сезип калган шайтан карматпай кетенчиктейт).

ШАЙТАН. — Жаныңа жакын отурбай калайын. Катаалсың, карыштыра кармайсың.

КАРИМ. — Каап,атаңын көрү! Ушу азыр эки кулач куйругуң колума оролчу болсо жан алгычтын өзү болсоң да акеңди таанытат элем! (Шайтанга тап берет. Анысы качат. Кубалайт. Жетпейт. Оор демигет. Чарчайт. Күйүккөн неме талтайып отура калганда шайтан шып секирип куйругун Каримдин мойнуна орой коет).

ШАЙТАН. — Ии, маңыроо пендем, колго түштүңбү!? Эми жалынсаң дагы чеңгээлим— ден чыгарбасмын. Иш-шенчээгим!...(Шайтан муунтуп-муунтуп коет).

КАРИМ. — Боору жок,арам! Мен сага эмне кылдым? Кое бер муунтпай.

ШАЙТАН. — Эмне кылдым деп коет.Көкүрөгүңү жакжайтып көөдөнүңө уялаткан да өзүң! Мага уйку бербей күндө чакырган да өзүң! Ошон үчүн жаныңы алам, муунтам! Кыйнайм! Ха...Хаа...Хааа...

КАРИМ. — Кое бер дейм! Оо, макоо шайтан!

ШАЙТАН. — Жалынба. баары бир кое бербейм! Ух! Түксүйгөн сакалыңы качантан бери ала элексиң, сайып жатат.

КАРИМ. — Дагы сайса жакшы болоор эле...Мыжыккан чеңгээлиңен чыксам оңбой ка— ласың, макоо! Териңи тескери сыйрыбасам Карим атым өчсүн. (Булкунат).

ШАЙТАН. — Шоруң катып эми чыга албай калдың го, макоом! Андан көрө айтсаң, үйүрдөн куулган котур текедей жүдөө кебетең менен кара көз келинге кандайча жа-гып жүрөсүң?

КАРИМ.  — Кара көз келинден айланып кет, мокочо! Мени кыйнаганың деле жетишип турат. Кара көз келинди экинчи оозанба! Түшүндүңбү, мокочо! Сени элеби!..

(Экөө кармашат.Бирок шайтан качантан бери кармай албай жүргөн олжосун коебергиси келбейт.Акыры өлгүдөй чарчаган мусапыр пенде шайтанга моюн сунат).

ШАЙТАН. — Ааа...аа...а! (Эстейт). Уйкум келди.Түнү менен кармашып өлө чарчадым. Таң да атып келатабы? Аа...аа...а...

(Шайтан дардайып жаткан Каримдин көкүрөгүнө башын жөлөп уйкуга кирет. Ушу маалда Арбактын элеси пайда болуп уктап жаткандардын жанына келет).

АРБАК.  — Мокочо, дайыма менден мурун жетесиң! Алсызды кокодон аласың, күчтүүдөн коркосуң. Аяшты билбейсиң. Байкуштун жаны көзүнө көрүнгөнчө кыйнай-айсың. (Каримдин колунан алып, чачынан сылайт). — Мусапыр байкуш, кийинки күн-дөрү башың азаптан чыкпай калды. Ичкениң арак, эрмегиң шайтан. Шайтан менен дос болсоң сапарың эрте карып, азаптан арылаарсың... Ошондо көзүң ачык кетет.

Ошондо жаның жай ала түшөбү? Оо, адам пендеси! Көкүрөгүңө уялаган алдамчы шайтанды жаныңдан алыс кубала! Ал сага жакшылык алып келбейт. Көзүңдү ач! Бүлбүл жанган өмүрүң өчө электе эсиңе кел!

КАРИМ. (Колун арбакты көздөй сунат. Шайтан чукурунат). — Токтосоңуз, шашпасаңыз! Мен азыр турам. Сиз кимсиз? Таң арбагысызбы? Менден каалаганыңыз не? Мага окшогондорго аркаңыз тийеби? Ушинтип кудай урган мокочо шайтан күндө көөдөнүмдөн ныгыра басып, кыйнап кетет. Ушул балээден арылбас болдум. Сизди көргөн сайын көлдө сүзгөн аккууну элестетем, эс ала түшөм.Сабыр кылыңыз, мен азыр. (Арбакты ак дамбалчан Карим ээрчий каалгыйт).

АРБАК.  — Эсиңе кел, адам пендеси! Көзүңү ач! Али да кеч эмес.Шайтанды кууп чык жаныңдан. Адам болуп өт, бу дүйнөдөн! Жашоо үчүн күрөш!

КАРИМ.  — Эми анте албай калдым го? Сиз менен барам. Бу жалган дүйнөдөн чүнчүп кеттим.Мени ала кетиңиз.Таштабаңыз...Суранам...

Арбак. — Ал жакка дагы үлгүрөсүң. Эсиңе кел, пендем! (Арбак бир тияктан, бир бияктан көрүнүп, көздөн кайым болот).

КАРИМ. — Мени таштап кеттиңизби, көлдө сүзгөн татынакай аккуум!!...(Карим көзүн ачпастан жыла басат.Ары каалгып, бери каалгып кайрадан шайтандын жанына ке-лип жатат.Уйкусураган шайтан желкесин кашып, Каримдин көкүрөгүнө башын катат.Таң сүрүлөт.Короз чакырат.Эки киши эшик кагат. Карим турат).

БИРИНЧИ КИШИ. — Уктап жаткан экен, баатыр! (Айлана басат). -Бол бачым, кийине кой. Саакы инженер тамын тоголоктоп атыптыр, ашарга чакырып кетти.Чакырган жерден калба, өзүң басып барба деген кеп бар эмеспи.Ошондуктан бат— баттан кыймылда! Элдин алды болуп баралык. (Карим шаша-буша кийине баштайт).

ЭКИНЧИ КИШИ. — Бурмакан жеңем эки бочке вино ачытыптыр дейт. Винону тимеле суудай агызам дептир. Атаң гөрү, бүгүн бир чардайт экенбиз да (Тамшана өзүнчө эле жыргай берет). — Өх!...Ах!..Шириндигин тимеле... Же бир тамактан өткөнү билинсечи! (Тамшана шилекейин жутат).

БИРИНЧИ КИШИ. — Эмитен эле шилекейиң агып калыптыр.Иш башталбай төбөң менен түшпө, акеси!

ЭКИНЧИ КИШИ. — Бу ашар дегениң көбүбүздү төбөбүздөн түшүрөт го.Аягында чылада оонап калбасак эле болду. Ээ, болгулачы, тез-тез эле...

КАРИМ. — Мына азыр...(Күрмөсүн бүчүлөп, калпагын кийет) — Эми жөнөй берсек болот.

ҮЧӨӨ. — Кана эмесе, жигиттер, кеттик! ( Көңүлдүү сыртка ашыгышат).

* * *

Туулуп эс тарткандан бери жар башына өзү салган жалгыз аяк жолду канча жолу басып өткөнүнө санак жетпейт.Көп жылдар бою тапталган бул жар башындагы жалгыз аяк жол бир гана Каримге таандык экендигин улуу— кичүүнүн баары билчү. Ал ар күнү ушул жол менен таңды тосуп, күн батырчу.Ана-мына деп жүрүп сүйлөшкөнүнө жетпей калган.Кийинки жылы ичкилик эрмеги болуп, жалгыз тамда көзүнө ардемер көрүнүп, беймазаланып жүрөт. Бөтөлкөдөн колу бошобой, күн сайын чүнчүп, көптөн бери алынбаган үксүйгөн сакал-мурутун кашылап, жар башында жалгыз аяк жолду таптап күн өткөрдү.

Жар жээктеп, ээ-жаа бербей шаркырап аккан тоо дайрасына учуп түшөм деп коркпостон, жардан бутун салаңдатып, кайра тура калып, бейит тарапка кылчайып кыйкырып, ары-бери басып, чыдамсыздык менен күтүп жатты, жакшы көргөн кара көз адамын.Качан гана кызыл жоолукчан келин кылаң этип айыл тараптан көрүнүп, талаа аралап келатканда жүрөгү «дүк-дүк» согуп утурлай чуркады. Келин да алды артын элеңдей карап, шашып келатты. Теребел жайнаган кооз гүлдөрдөн керемет көрүнүп, буркурап жытын чачып, эки жүрөктүн сүйлөшкөнүнө күбө болуп турду.

— Гүлбара, чолпонум!..

— Карим, жаным! Шумкарым!..

— Мынча кечиктиң? Келбей калабы деп жүрөгүм жарыла жаздады.(Имере кучактады). — Кара көзүм...

— Эрте эле чыккам. Күйөө болумуш келип калбадыбы.Кудай жалгап, торпок бошонуп кетиптир. Ошону издеген болуп сага келдим, шумкарым! Апей мага эмне болгон. Мына бул ысык самсаны жеп ал. Биякка жөнөгөндө эле үзгөм.Жылуу бекен? Жесең. Өткөндө тамак жасап берип ийсем жок экенсиң.

— Ырахмат! Мен сага бу дүйнөдө ыраазымын.Мен сага капкачан эле түшүнгөм. Ал эми мени качырдай жумшап иштеткендер менин күчүмө сыйынгандар тура! Ошолор бузган тура.Эми ичкилик дегенди кан буугандай токтотпосом. Иштеп берсем жакшы, иштебесем саламга да келишпейт тура. Адамдар кайда баратабыз!

Адилдик кайда!? Адамгерчилик кайда!? Ыйманчы?!.. Ыйманы жоктор, жалганчылар, кошоматчылар, жагымпоздор кумдай эле шагырап кетти го! Кечээ милиция келип— тир дарылоого жөнөтөбүз дейт. Ырас, мен ичем.Бирок эч ким менен жаңжалдашпайм.Тапканыма ичем.Чымынга зыяным жок. Албетте, ичкеним жаман дечи, бирок бир бөтөлкө арак үчүн күнү бою баш көтөрбөй иштеп берип жатпаймбы! Кантип ушуга түшүнбөйсүңөр? Унчукпай койсом баары эле мойнума минип алды. Минтип жүрсөм бир күнү өлүп тынат окшоймун...

— Койчу жаным эмне деп дөөдүрөп жатасың?. Сен оңолосуң. Сен жакшы адамсың. Кааласаң мен сага кошулуп алпарган жагыңа кетем. Же менин төркүнүмө, көлгө кетсекпи? Бүгүн сен көп сүйлөп калыпсың. Мобу гүлдүү талааны карачы! Ушундай жаздын керемет күнүндө кимдин эле өлгүсү келсин. Карачы, кандай сонун!

Экөө көпкө гүлкайырдуу талаада кубалашып жүрүштү. Киши бою өскөн гүлка-йырдын арасында кумардан чыгышты...

— Биздин талаа кандай гана татына! Гүлдөр адамдын кусалыгын жазат, сен алар менен сүйлөшкөндү үйрөнүп ал. — Карим Гүлбаранын мүрүсүнө колун артып, талааны суктана карады. — Мындан кийин гүлдөр бизди жадырап тосуп алышат. Сыя гүл чоордо, талаа ромашкасы комузда, гүлкайыр кернейде, сойлок кыякта кол ойнотуп, эндиктей кыпкызыл жоогазындар добулбас урушат. Кызгалдактар таазим этишип, кыпкызыл көйнөктөрүн желге ыргалтып, бирде назик, бирде шандуу бийлешет.Мен аларды кыргыздын сулуу кыздарына салыштырам. Билесинби,баркыт шайтан гүлдөр беттерине чекит-чекит эндик коюшуп, кыргыз бийин бийлеген кызгалдактарды аралай чаап, маскарапоз оюнун аткарышат. Желге ыргалган сойлок, миң түркүн чөптөр кызуу шыбырашып, шатырата кол чабышса, тээ төмөндө томолонуп аккан тоо суусу бирде өркөчтөнүп, бирде көбүк чачып, куюндай сызып куушуп бараткан кыз — жигитти элестетет. Акбогоздун тентек шамалы кызыл-ала, көк майсанды деңиздей толкутат. Мен талаа кушунун пири сыяктуу колумдагы таякчам өөдө-ылдый түшкөн сайын эргип, бийлеп, күлдүрүп, жар кырында оюн коем.

Маскарапоз баркыт-шайтан гүлдөр мени коштоп,кызгалдак сулуу кыздар көңүлүм— дө чарк айланса ордумда жөн туралбай бирде боз ингендей боздосом, бирде обон созуп,бирде ушул чөлкөмдүн ээси сыяктуу жандуунун баарын башкарып келем. Карим оюн токтотуп, күн батышка карады. Күн кызарып батып бараткан...

— Гүлүм, карачы!? Бир күнү биз да ушинтип батабыз, ээ!..

— Койчу бай болгур! Кыргызда «Көп сүйлөгөн өлөт» дечү. Дөөрүбөчү!

— Калети жок, чындык сөз,— Карим кара көз келинди коштогондой күбүрөдү.

— Дагы эмне дейт, ботом?! Түшүнсөм өлөйүн. Деги кетеличи буерден.

— Кайда?

— Көлгө, төркүнүмө.

— Жок, Гүкүн, эми сенин ишенимиңди актай албай калдым. Мен минтип жүрсөм эл эмне дейт! Каяктагы журтта калган немени алып келдиң дебейби.

— Эмне дешсе, ошо дешсин. Мен баарына кайылмын. Сен болсоң болду мага. Макул көрсөң эртең эле сапар тарталы. Касиетиңин айланайын Ысык-Көлүм бизди кантип батырбасын. Көлдө балык болуп сүзүп жүрсөк дагы бир тиричилик өтөөр. Сен табиятыңдан жакшы адамсың. Оңолосуң. Сага кудайымдай эле ишенем. «Алкаш» атың жоголот. Мурдагыдай сүмбөдөй келбетиңе келесиң. Сенин колуңан келбеген иш жок. Эми өзүң үчүн күрөш. Ошондо бейиштегидей эле турмуш болот.

— Гүкүн, сен чын эле мага, менин ичпесиме, менин адам болоорума ишенесиң-би?

— Күн батып, кайра чыккандай эле ишенем, шумкарым!

— Эх, Гүкүн, ошондо биздин уюбуз болобу? Сен күндө уй саап мага сүт бышы-рып бересиңби. Ошондо жаман адаттан арылат элем.

— Арыласың, сөзсүз арыласың. Уюбуз, үйүбүз дагы болот.

— Кандай сонун! «Жакшы сөз жан эритет» деген чын бейм. Азыр эле оңоло баштадым окшойт, сезимим жашара түштү.

— Али андай таттуу сезимдер көп болот. Иш жакшы жагына оой берген сайын жаш балача кубана бересиң. Баарынан да мен сага... — Уялганы же кубанганы билинбей күңк этти.

— Айтсаң, сен мага... Эмне?

— Момундай сонун, өзүңө окшогон балкайган бала төрөп берем.

— Бала?! Уулбу, кызбы?! Кандай керемет! Мына өзүң айткандай бу жарык дүй-нөдө экөөбүз эмес, эми үчөөбүз болобуз. Үчөөлөп кантип жеңип чыкпайлы. Сезип турам, кичинекей иштерманым...

Карим чөгөлөй келиндин колдорунан, курсагынан назик сүйдү. Курсагына ку-лагын тосуп, бала демин тыңшады. Наристенин кыймылын сездиби, сезбедиби, айтор өзүнүн жүрөгү дүкүлдөп соккон сайын кубана берди. Ортодо саамга жым-жырттык өкүм сүрүп, көздөр көздөргө урунду.

— Кашкайган чындык экен. Кудаа жол берсе жаңы конушка эртең эле аттаналы! Бирок, Гүкүнтай, бала кимден?!.. — мукактана колдорунан кармалады.

— Өх, жаным, мага бөркүңдөй ишене бер! Сенден, сенден! Карачы, иштин жак-шы бүтөрүн сезгем. Көрөсүң го баары жакшы болот.

— Ылайым эле ошондой болсун!

— Ошо күн тезирээк эле келсе экен.

— Келет, жаным, ашыкпаган кыр ашат дейт. Эртең камылга көрүп, бүрсүгүнү ат-таналы. Кандай дейсиң? — Гүлбара толукшуп турган айдай күлмүңдөп, Каримди, анан күндү карады.

— Сен айткандай болсун,— Карим эрэркип турду.

— Эми кетели, Какиш! Күн да кечтеп баратат.

— Кетели....

— Жакшы бар!

— Жакшы кал.

Экөө кыса кучакташып, кыйлага ажыраша албай туруп бөлүнүштү. Карим кол булгап узатты, сүйкүмдүү кара көз келинди.
  
    * * *

Камылга тымызын, бирок кызуу жүрдү. Айылда экөө качып кетет деген шек туул-бады.Карим там-ташын карап, короосун тазалап, жуунуп-таранды.Чоң кулпу сатып алды.Жумушун аяктап, көзүнө жылуу жар башы менен коштошкусу келип көчөдө илкип баратканда жолдон айыл башчысы Калмамат карпа-курп чыга калбаспы.

— Асса-лоом алейкум, абаке!

— Во алейкум салам.! Жол болсун, Карим.Кайда жөнөдүң шымаланып? – айыл башчы ылжая сөз катты. Карим капыстан берилген суроого шыр жооп бере албай унчукпай жар тарапка кол жаңсады.

— Ырас жолукпадыңбы, Какишжан. Өзүм дагы сени чакыртайын деп жаткам. Өзүң жолугуп жакшы болду.Кыштан бери жеңең жаңы тандыр курбайсыңбы деп маземи алып бүттү. Ошондуктан абаңа биртке кол кабыш кылып койбосоң болбойт.

Карим айылдагылар сөзүн эки кылбаган адамга жок дей албай ыңырылды.

— Абаке, тиякка барып келейинчи, ошондон кийин келем.

— Ээ, кокуй, анан дейт тура! Тандырын куруп берип кутулбасам жеңең үйгө киргизбейт мени. Анан калса бизге эртең конок келет. Ошого тандырга нан жабам деп жатпайбы. Жүр!..

— Анан барайынчы аксакал...

— Оозуң атчайын! — Каримдин кыйылып атканын көрүп айыл башчы итиреңдеп кетти. — Жаман катындарча «анан байынчы, анан байынчы» дегенин тимеле! Эмне биртке кол кабыш кылып койсоң колуңа жугуп калабы, ыя! Же мени уят кылайын деп турасыңбы. Бир айтсам болбойсуң, эки айтсам болбойсуң! Бас, алдыга түш!!

— Макул аксакал, барайын. Мына алдыңызга түштүм,— кыйкыргандын каарынан кичирейип, бөкчөңдөп алдына түштү.

Үйгө киргенде үч-төрт киши сөрүдө бака-шака түшүп арак ичип отурушуптур. Карим аларга көңүл бурбай ишке киришти.Шашып иштеди.Жаак ылдый тер акты. Калма-мат бир-эки досу менен жанына келди. Иштин илгерилеп баратканына кубанган үй ээси:

— Оо, Каки, бүтүрүп салган турбайсыңбы. Кел, жүз грамм сеп этип ал! Тердеп жакшы иштейсиң,-деди куйтулана стакан сунуп.

— Жок, ырахмат! Ичпейм, убара болбоңуз.

— Кой, антчү эмес. Аксакал кишинин шагын сындырган болбойт. Ал! — деди ак саргыл ичи чандайганы.Көзү кызарганы ансайын демитти.

— Оббо, жубарымбек! Сага кыйыктанганды ким койду! Уу болсо да аксакал киши өзү сунуп аткандан кийин алып ийбейсиңби! Өлүп баратсаң да...

Экөө кыстап ичире башташты.

— Кана, кана, мага сөз бергилечи?— айыл башчы акырая калганда тиги экөө токтоп калышты. — Сага эмне болду , Каки? Челектеп иччү элең, чылада жатып алып иччү элең...элден калганды иччү элең... Менин үйүмө келгенде сени кайсы кара теке сүздү!? Мени уят кыласыңбы!?

— Аксакал сизге ыраазымын. Жумуш дагы бүтүп калды, тынч кетейин.Кыстаба-саңыз... — Жалооруй тигилди Карим.

— Оо мурдуңду урайын! Бу айылда менин сөзүмү эки кылган эмес. Ич дедимби, ич! Эй, бала! Бу өзгөрүлмө заманда куюп берген бир бөтөлкөң козу союп берген менен барабар болуп жатканда аялдарга окшоп назданбасаң! Мени айыл башчысы дейт. Кана, тартып жибер!

Карим көгөрө кыстаган Калмаматтан кутулуштун тейинде тартып ийди.

— Баяле ошентпейсиңби, кызталак! Катындарча кылыктанбай,— деди ичи чындыйганы кекене жүткүнүп.

— Ошону айтсаң, аксакал кишинин шагын сындырып. Ме, балээңе эми иче бер!

Ичет эле экенсиң го, ары жок май баш! — деп көзү кызарганы итиреңдеди.

— Ичкенде да бөтөлкөнүн оозунан ичет. Ме, ичкениңди элге көрсөтүп койчу.

Айыл башчысы ичи жылыган Каримге бөтөлкө сунду. Анысы шоркуратып жутту. Ичи чардайганы менен көзү кызарган кишилер коштоп турушту.

— Кана, бали, бали! Түбүнө чейин!...

— Мына эми каалаган жагыңа кете берсең болот. Иш бүттү. Оонап кала электе көчөгө чыгарып койгула! Эки ашына темтеңдетип көчөгө чыгарып коюшту. Калма маттан бошонгон неме туура эле көчөнү бойлой салпактап жөнөдү.Чыкыйы лукулдап, көзү чанагында ойноду. Ичинен баарын жек көрүп келатты.Мал кезүүдөн кайтып, жок издегендердин катары сейилдеген учурда жетти, көздөгөн жерине. Чымын-чиркей ызылдап, чегирткелер чырылдап, ай талаада, жар боюнда жалгыз калды. Көңүлүнө ой чөктү. Салмактанган буттарын жерден тарталбай кыйналды.

Пешенесинен чыпылдап муздак тер куюлду.Дүпүйүп карара баштаган теребелге, бейит тарапка сумсая карады.Кечки салкынга карабай башы зың-зың лукулдады.

Көзүнө ардемелер көрүнүп, далысынын так ортосунан бирөө ныгыра баскандай көңүлү айныды. Тамагы буулду. «Дагы башталдыбы?» дегендей тегерегин айлана карады. Көзүнө эски таанышы көрүндүбү:

— Ии, ушул жерге да жеттиңби, мокочо көркоо! Деги сен менден арылбадың.

Жогол,көзүмө көрүнбөй!— деп бар күчүн жыйнап, бут шилтеди.Аңгыча артынан:

— Карим, токто! Бизди таштап кайда баратасың? Кыйналып жүрөсүң го, байку— шум! Биякка кел! Бизде бейкуттук, жаның жай ала түшөт,— деди арбактын үнү.

Үндөн чочуган Каримдин жаактарынан мончок-мончок тер кулап, койнуна кирип жатты. Жан-жагына алая көз жүгүрттү. Чөптөр шуудурады.

— Ыы-ы, эмне аңкаясың? Барбайсыңбы чакырып жатышат! — деди мокочо шайтан көрдөн чыга калгансып.

— Сен туурадан чыккан туз баштык болбо! Ансыз деле көрүп турам, мокочо!

Сени элеби!...

Карим башынан калпагын жулуп алып, шайтанды бар күчү менен уруп калды.Аны-сы куйругун булак эттирип , көздөн кайым болду.

— Кечиресиз, сиз кимсиз? Күндө чакырасыз. Минтип кыйналып азап чегип тур-ганда кимдин сөзүн угаарды билбей аңгүдүк болдум.

— Жандын жыргалы биякта, ээрчий бер артыман,— деди асманда асылып тур-гандай көрүнгөн арбак.

— Ии-и, ушундай эле болуш керек дейм да. Бас телпейбей!, — деди шайтан шаштырып.— Небак сөзүмү угушум керек болчу.

— Сага эмне жок, арсыз мокочо! Өзүм билем...

Карим тап бере сүйлөдү эски таанышына.Анысы кере кулач куйругун карматпай, бир тиги жерден, бир бул жерден көрүнүп, ыкшып, көзүнөн жаш чыкканча ха-халап мыскылдап күлдү.

— Токтосоңуз, кайда шашасыз? Бирге басалы, катар басалы,— деп жалооруй алдыга жүткүндү, Карим. Көз ирмемде туңгуюктун кылда учунда туруп калды.Тээ төмөндөн дарыянын шоокуму угулуп, бийиктиктен ыманың учат.

— Ойо — ой! Дагы токтоп калдыңбы? Баспайсыңбы, телпейбей.Бас, бул дүйнөдө азап чексең, тиги дүйнөдө жаның жай ала түшөт деп канча айттым.Көп адамдардын сообуна калдым. Чынбы, өнөктөшүм!?

Мокочо шайтан куйругун бултаңдатып, арбакка мактана карады.

— Чын. Кудайдын мокочосу көп. Алар силерге окшогондорго бий. Керек болсо дароо чүлүктөп алат, акылыңы азгырат. А сен ага таарынба! Шайтан азгырып, сени мага кез келтирди. Мурда айланып өтчүмүн. Аяп өтчүмүн. Эми карасам чүнчүп кетипсиң. Жалгызсың , көпчүлүктүн арасында. Аяйм байкушум. Ошон үчүн өзүмө чакырып жатам, — деди бутунан башына чейин ак кийинген арбак.

— Ооба, жалгызмын! Бирок капа болбосоң айтайын... жакшы адамым бар, бүлө-лүү. Мен үчүн чокон адам, урамат-сыйга татыган. Гүлдөрүм бар, кайгы муңга карк болгондо көңүлүмү улаган. Өз жолум бар, азап-муңга тапталган...

— Ооба, биз барбыз! — дешти жар боорундагы гүлдөр.

— Ооба!,— деди жар койнундагы жаңырык.

— Сен угуп жатасыңбы? -деди азгырылган пенде.

— Угуп жатам. Бирок сен неге чочуп кеттиң жаңырыктан. Чочуба!. Мен сага жол көрсөтөм. Алдыңа караба, келегой, кубатым! Баса гой...

Арбак көктө каалгый учуп, жылмая алдыга басты. Карим ага жетпей калчуудай ар— тынан кадам шилтеди.

— Мен, мына!..Азыр... А-аа-ааа!! — Пенде ачуу чаңырып, туңгуюкка «күп» этип кулап түштү.Теребел тунжурап, шашкандын да, шаштыргандын да жаны жай ала түшкөнсүдү.

Күн да батты кызарып...

Гүлдүү талаа үлп эткен желге ыргалып, сүйүктүү адамы менен коштошуп жаткан— дай оор муңканды.

Эртеси табышты денесин. Көзү ачык көмкөрөсүнөн жатыптыр. Калпагы жар боорундагы гүлкайырга илинип калыптыр. «Жакшы адам эле. Жаткан жери жайлуу болсун!» дешти көпчүлүк.

 

КҮН КЫЗАРЫП БАТКАНДА

Табигат толук күчүнө кирип, мейкин талаа, боз адырлар, кызыл-тазыл гүлдөргө жык толгон жаздын бой керген убагы. Түрлөнүп жыт аңкыткан сыдырым жел беттен сүйүп, көөдөн тиреген аруу сезимиңди кытыгылап өтөт. Арык бойлой жанаша өскөн кашка беде, жалбыз жыты буруксуп, мурун өрдөйт. Өйүз-бүйүзүнө бак тигилген, райборборго алып барчу жолго али таш төшөлө элек. Кечээги жанып өткөн өткүндөн жер оор.Бутак-шактуу жолдо эки жолоочу: кичинеси ачылган кызыл гүлдөй жароокер, мөлтүрөп кирпик— кашы төгүлгөн, эки өрүм чачына гүлкайырдай бантик байланган, жүзү алоо оттой тамылжыган, он бештеги ботогөз кыз.Неберенин аты— Жаркын. Жанындагысы өңдөнгөн тери сымал купкуу, сөөк-саактуу, мисирейип оңой менен кеп жебеген, кулагы катык, чокчо сакал, жетимиштеги жесил карыя. Чоң атанын ысмы— Сулайман.Өпөң-өпөң жазгы желдей жорткон сайын, небере чоң атасына бирдеме айткан болуп көңүлүн алагды кылат. А карыя жаныбардын «мага баары бир» деп кол шилтеп, кудаанын айтканы бардыр деген кыязда ээрчиткендин артынан кайда болсо да бара бере тургандай түрү наристе кызды кабатыр ойго түртөт. Арийне, бу үзүлүп түшкүрүң да неберенин мөөрөйү.

Анткени, абышка ана-муна деп чыгынбай жүрүп, качан гана адеп жадатканда кыйылып жатып макул болгон. Ал бул жолду миң сан курдай таптаса да, бу жолкудай өзгөчө сапар жалкы жана акыркы ирет болоорун жүрөк кургур туюп барат. Көңүлү кыздыкындай жайдары эмес, жаз күнүндөй ала-шалбырт, зериктирме, түнт. Кез-кез гана эстегенде башын кашып, шоро көзүн аарчымыш болуп коет. Жол на арбыйт, на арбыбайт. Ары-бери самсыгандар өз жолу, өз шөөкөтү менен карыядан ыйбаа кылып салам айтып өтүшөт.

Экөөнүн тең колунда көтөрүнчөсү бар. Абышкада ыраматылык байбичеси көзүнүн майын коротуп жатып тигип берген кештелүү куржун.Кызда булгаары асынма жолкап. Көпчүлүктүн жөө келгени бүгүн кыштакка автобустун бир күн оору, бир соо өнөкөтү тутуп, каттабай калган кербези. Мындай сааттар элет жеринде көнүмүш нерсе. Буга көнүп бүтүшкөн.Чал менен кызга кайра жакшы болгонсуду. Узун жолдо илкиген чоңата менен небере көңүлдөрүн уялаган жармач ойдон арылал-бай, ар ким өз көйү, өз санаасы менен алек. Жаркындын көздөгөн жерине жеткиче, кабынан суурулуп чыкчуудай туйлаган жүрөгү дүп-дүп согуп, таман тийгизбей алып учкан кыялы таңкы уйкудай таттуу. Ышкоо тартып, ыңырылган чоңатасын аяр колтуктап, кыйлага дейре сүйөп барат. Эми айтпаса болбостур. Кыз менен чалдын беттеген кадамы, көздөгөн максаты, кары-картаңдар, алсыздар, бей-бечаралар, кодуланып куулгандар турак кылчу төрт тарабы тосулуу, муңайым жалгыз арал. Анысы да узаак, көп жол басыш керек кебетеленди.

Сулайман менен Жаркын тогуз жолдун тоомундагы аялдамага келгенде анча күтүшпөдү, автобус келип калып шыр эле жөнөп кетишти. Карыя өзү айнек тарапка, небересин жанына отургузду. Кыздын адеп жолго камынганда тез эле жетип барабыз деген ышкысы машинеден машине которгондо жазгы тумандай бат тарады. Жол кыскарса да кары-картаңдар үйүнө кечкече жете тургандай өктөнбөдү. Алар ойлогондон ыраак сезилди.

Түш ооп кетти. Мүнөт зымыраса да, жол арбыбагансыйт. Шамшум этүүчү жай-да өзөк жалгап, барылдаган чоң автобустан орун алышты. Эми калаанын күн чыгыш багытын көздөй зымырап баратышты. Бара турган жалгыз жарымдардын аралы чукулдагандан улам Жаркын кыялында ардемелерди ойлоп, күндүн ысыгына ныксырап, үйдө калган кара мышыктай «кырр-кырр» үн салган чоңатасына көз кырын салат. Карыя автобус чайпала түшкөндө аңырайып ачылган оозун тамшана кымтып, жакын арада ойгончуудай түрдөнбөйт. Кыз кез-кез өтүп кетпейли дегенсип, сороң-сороң айнекке мойнун созот. Автобуста отургандардан тышкары туруп келаткан бир-эки адам бар. Айдоочу тарапта ээленген, эткээл, төрайым кебетеленген сүрдүү, жылма бет аял чый-пыйы чыгып, тынчсызданып бараткан кызга бүшүр-көй каш кагат. Улам эле тамырын тартып, сөзгө алайын дегиче кыз өзүн аялдын көз карашынан ала качып, чоңатасынын шыпырылган калпагын түздөмүш болуп, колтугуна ыктайт. Кайра үргүлөп кетпейин дегендей селт чочуйт. Эткээл аял ага көнчүүдөй эмес, чыдабай сапарын карыткысы келдиби, же 
кызыктыбы кызды сөзгө тартты.

— Кызым, кайда баратасыңар? — кайрылуусу сыпайы угулду.

— Ушуергеле... — кыз да ачылбай күдүктөндү.

— Ушуериң кайсы ботом?! — Аял таңгала ийинин күйшөдү. — Азыркы балдар бир-деме сурачу болсоң, тегеле ойкуштанып оңдуу жооп бербес болушту. Экиленбей жөн эле жооп бербейсиңби, а, жаныбекем десе! — Шагы сына түшкөн аял автобустагы думуктурган үптөн бургоолонгон көкүрөгүн желпип, мурдун чүйрүгөндө жака-белиндеги отургандар жандана үңүлүштү. Кыз ийменип, уялып кетти. Кыртышы сүйбөй илең-салаң жооп кайтарды. Дагы не айтып жиберет экен деп коркуп кеткен кыздын доошу кыргылданганы менен салмактуу чыкты.

— Кары-картаңдар үйүнө, чоң энеме баратабыз...

Аялдын түкшүмөлдөгөн ою төп келгендей бой көтөрө обдула, алаканын шак урду. Майышкан казыгын житире кага тургандай кайышты.

— Ай, өлөйүн, бетимин беш териси! Бая эле ошондой дебейсиңби? Мындайлар-ды жүрөгүм оо ыраактан эле сезчү дейм да... Тыңсынган жаныбекем, алдын чоң энеңи тапшырып, эми кезек чоң атаңа келген окшобойбу. Ушундайбы? — Аялдын көзү жеттиби, жетпедиби көпчүлүккө менменсине демите акырайды.

— Жо-ок, сиз ойлогондой эмес. Биз үйдөн эле чоң эне...ми... издеп чыкканбыз.

— Аа ий! Кокуй, дагы үйдөн эле издеп чыкканбыз дегени неси жашабагырдын! Оо, эл, деги айткылачы, бей-бечаралар жашаган үйгө жөн эле ким барат?!

— Барса барат да, сиз эмнеге ага күйүгүп, жаш кызга асылып калдыңыз. Уялса-ңыз боло... — Орто жаш, ак көйнөкчөн, сулуу киши аялды биротоло тым кылайын дегендей алдыңкы орундуктан өктөм унчукту.

— Ой, сага эмне жок үкөм... Ууа, кашайгыр, балким, сен ушу чалдын баласы болуп жүрбө? Тимеле атасынан качып бөлөктөнгөнүн кара! Сен атадан айланып кет! Тогуз ай көтөрүп омурткасы сыздаган энеңи алып барып, бирөөнү көзүңө илбей аңгиленип, эми атаңы малча жетелеп... Эмнее-е, алар сага этке өткөргөн торпокбу мурдунан чүлүктөп, тапшырып ийгидей. Намысчылдыгын ой, кыйын болсоң үйүңдө эле бакпайсыңбы, килтейбей!

Аңгыча, кызыга карап турган дагы бирөө ортого кыпчыла калды.

— Мунун карөзгөйлүгүн тимеле... билимдүүсүнүп... Атаң карыса кач деген ушу да...

Жаак эти түктүйүп, көзүнөн каар учкан сулуу киши оолуга, обужоктонуп акыл-дуусунган немелерди жаман бирдеме менен оозандырып коёюн деп барып, кайра кол шилтеди.

— Эх, ушуларга корогон кайран кеп! — шалак көчүк басты.

— Бу киши менин чоңатам. Менин ата-энем шаарда турушат. Кысталыш болуп келалбай калышты...— Жаркын түшүндүрө албай далбастады.

— Аларың калп эле чоёктоп, чардап жүрсө керек. Атасынын тагдырын ойлоп койду дейсиңби? Жок. Шашылыш дилграма урган да, чалды алып барып ташта деп, же калппы?! Чоңоюп эле калыпсың, өзүң карабайсыңбы, ыя! — Маскарапоздой боёнгон сары келин жөндөн жөн эле жаагын жанып ийди.

— Сиздер мага түшүнбөй калдыңыздар. Биз... биз... — Жаркындын тамагы буулду. Тили чапташып, түкүрүгү кургады.

— Сен эмне чакайсың көк беттенип. Асмандан түшсөңөр дагы жогеле дегенде чалды өлөөр чагында үйүңөрдө кармабайсыңарбы?! Же силерге ата-эне керек эмеспи? Илгери мындай шумдукту ким көрүптүр? — эткээл аял наалыгандан чарча-бады.

— Азыркы жаштардан ыйман кетти.

— ...Илгери эле сактанышып атаң карыса кул кылба, энең карыса күң кылба дешип көрөгөчтүк кылышкан экен.

— Шорго бүткөн байкуш чал кың деп койсо не, кылы үзүлгөн комузга окшоп, солдоюп кетип баратканын... — сыяктуу алоолонгон кыямат кептер кыздын жүрөгүнө чок бүркүп, мээсинде тоңгон майды сызгыргандай сызгырылды.

— Эй, адамдар уялсаңар боло?!... Бүтпөдүбү эми... — Сулуу киши сөзүнүн аягына чыга электе, уңулдаган автобус жамаачы жолдо секирип кетти. Киши чалкасынан кете жаздап, кыздын жанына келгенде араң карманды. Учурдан пайдаланып, эңкейип, Жаркындын кулагына минтип күбүрөдү.

— Кызым, камынгыла! Чоң атаңы ойгот, келип калдыңар. Сен тигилерге капа болбо! Мезгил өзү таразалап алаар... Азыр түшкөндө эле төмөн көздөй бассаңар заңкайган көк дарбаза көрүнөт. Ошо, түшүндүңбү?

Кыз түшүндүм дегендей башын ийкегилей, карыяны түрткүлөдү.

— Чоң ата, чоң ата, келип калдык туруңуз. — Абышка дирт чочуду.

— Ыя, Жаркынтай, келип калдыкпы? — Чал бырыш торлогон көзүнүн чылпагын жүзаарчысы менен сүртүп, сакалын укалады,— Кудай ай, пендеңи уят кыла көрбө! — өзүнчө күңгүрөнгөн керең чал кештелүү куржунун алмакка эңкейди.

— Андай дейсизби, мындай дейсизби болоор иш болду, боёсу канды. Муңбаңыз кайрат кылыңыз, абышка!

— Төөнүн карды жарылган заманда көөп, чүкөдөй атасын кадырлай албаган баланы не демексиң! Ага да кудайдын айтканы бардыр...

— Ай, аттиң ай! Канттик, пейлибиз тарып баратпайбы!

Сулайман абышка уктубу укпадыбы, түшүндүбү түшүнбөдүбү тушкелгенге ийиле жалжактады. Автобус «күү-үш» токтогондо чал менен небере абайлай жерге бут коюшту. Кыз көңүлү одоно үзүлгөн кызгалдактай соолуп кала жаздап барып оңолду. Дагы жакшы чоңатасынын уктап калганы, болбосо алданеме болуп кетет беле, ким билет. Толкунданып келатып, түзүктөп түшүндүрө албай чакаганын карабайсыңбы. Кыздын уяңдыгы ай! Жаркын сызылып аккан көз жашын карыяга көрсөтпөй сыгып алды. Чалдын кабагы сааркыдай эмес, көтөрүңкү. Жаак булчуңдары дирт-дирт этип саал толкундагандай. Көздөгөн жайына жетип келген экөө, бийик көк дарбазанын шыңгырагын басып көпкө күтүп калышты. Кыйлада барып, ийрийген арык чал жүзүн көрсөттү.

— Арбаңыз абаке, бу кары-картаңдар үйүбү?

— Эмне кызым, мунуң аксакал кишини шылдыңдаганыңбы? Көрүп турасың го жазууну, же окуганды билбейсиңби? — чү дегенде эле ириген сүттөй иренжиген арык чал баш бармагын дубалдын боору жагына жаңсады.

Жаркын дубалды карады. Аяктан эчтемени көрө албады, болгону жазуусу эчак өчүп калган тактай гана илинип турат. Анысын да чаң басып, жөргөмүш торлогон. Билерман чал аңкая карап алып, кайра кебин улады.

— Жаш эле көрүнөсүң кызым, чоңураак бирөө келсе болмок экен. Мейли, сен деле жарайсың. Абышканын түйүнчөгүн ала келдиңби? Ала келсең ташта да, алакандай кагазга бирдеме чиймелей коюп, үйүңө сыза бер, кызым.

Кыз буерде да оңтойсуз абалда калды. Бир бозоруп, бир кызарган кыз сыртын салган абышкага ичиндеги болгон бугун айткысы келди.

— Абаке, катуу сурап койсом кызыңызды кечирип коюңуз. Биз бул жерге башка жумуш менен келдик эле... Чоң энемин өткөнүнө төрт жылдын жүзү болду. Ошондон бери чоң атам ачылып сүйлөбөйт, түнөргөнү түнөргөн. Кулагы укпай калды. Эбепке-себеп дегендей ылайыктуу бирөө жолукса чоң эне кылып алат элем. Атайын алыстан ат арытып келген соң астанадан кетип калганыбыз болбостур. Ылаажы болсо жардам кылыңыз. Жок дебеңиз, абаке!

Сулайман чал небересин кубаттагандай ийилип койду. Экөө тең чалды жал-дырай үмүттүү карашты. Ийрейген арык неме уккан кулагына ишенип-ишенбей, энөө тамагын кашылады. Жакшы сөз дайым эле жерде жатыппы, лып илип ала койду. Сепкил ыраңына күлкү ойноду. Кудуңдаганы сыртынан билинип турду.

— Акылыңан тегеренейин кызым, дароо эле ушундай деп айтпайсыңбы! Мен алжыган какбаш силерди башкача кабыл алып... Кечирип кой, кызым! Силер менин артыман баса бергиле, мен азыр... Азыр... — дендароо чал ичкери кирип кетти. Сулайман чоң ата менен Жаркын небере босогодон сыймыктуу атташты.

— Э-эй, кемпирлер, үйүбүзгө кут келди, ыймандуу жакшы кыз келди! Кичинең-чо-ңуң, ыраңдууң-сертиң калбай чык! Бүгүн бирөөңүн багың ачылат, пешенең жазылат. Эй, байбичелер!... Быяка келгиле, чогулгула!...

Арык чалдын үнү ушунчалык зоңкулдап бийик чыгаарына таңгала экөө тең ку-лак түрүштү. Жүрөктөрү туйлады. Күлмүңдөй короого башбаккан экөө айланага көз чаптырды. Баш-аягы билинбеген кең аянтта жайнаган түркүн гүлдөр көз жоосун алып, ажайып кооз. Бардыгы өз-өз орду менен иреттелген, таза, тыкан. Мүнөт жылга барабар, далиске чал-кемпирлер чогула берди. Узуну-кыскасы, арыгы-жоон жолпусу, ак саргылы-кара торусу, жашы-карысы, майыбы-соосу, аялы-эркеги, айтор, биз ушуердикпиз дегендин көчүлүгү топтолгонсуду. Котологон топтун кашында чал менен небере. Ортодо жымжырттык.

— Жамандык үйгө кирбесин, жакшылыктан үмүт үзбөйлүк! Ылайым эле дайыма заманыбыз тынч болуп, бири-бирибизге аманчылык тилеп, эсен жүрөлүк! Оо-мийиин! — Сулайман ата күбүрөй бата кылганда ага баары дуу кошулду. Карыя кештелүү куржунун сөгүп, андан таттуу-маттууларды, токочторду небересине алып берип жатты.

— Жаркынтай, ме, бөлүштүр. Баарына тегиз жетсин! Ооз тийбегени калбасын! Мээнетиң бар, каралдым, тартынба, кыдырып чык! Батасын ал, жөлөгүм!...

Жаркын топту аралап чыкты. Жеңил кыймылы, жайдары мүнөзү жардаган-дардын купулуна толо бергенсиди. Нан салынган табагын элпек сунуп:

— Алсаңыздар, жесеңиздер, өзүм жапкам. Жумшак, тандырдыкы,— деп кыдырып жүргөн Жаркындын жүзү ого бетер тамылжыды. Колунан келишинче бу дүйнөнүн меймандарын ыраазы кылуу үчүн жан дили менен меймандады, кызмат кылды. Бирок, жардап тургандардын эч бирөөсү колундагысын жеп жиберейин деп шашылбады. Кулак түргөн эл, эмеле айкырып өткөн чалдын кебинин чынтөгүнүн билүүгө дилгирленди. Күттү. Капылеттен, топтун ичинен алтымышка барып калган бапайган ак жуумал, орто бой, кырдач мурун, жылдыздуу кемпир тымтырстыкты жиреп, божурап ийди. Элдин көңүлү кемпирге бурулду.

— Аттиң ай, кандай сонун! Көптөн бери дандыр жытын, айыл жытын, токоч жытын искей элек элем. Саамайыңан кагылып кетейиним, өзүң жапкан токочтой мынча таттуусуң! Өз кардымдан чыккан кыздай ыманың ысык, сүйкүмдүүсүң! Алтыным, келчи, өөп коёюн,— кемпир колундагы чимирилген ийикти түшүрүп ийбейин деп саксынып, кызды кучагына имерди. Көзүнөн жаш кылгырды

— Жаштык демиңен, айыл жыттанган жүзүңөн каралдым. Жаз гүлүндөй кулпун-ганын карасаңар! — коргошундай балкыган кемпир жашын сүрттү.

— Энеке, жашыбаңызчы? Токочтон ооз тийсеңиз,— кыз тал чыбыктай ийилди.

— Ырахмат кызым ооз тийейин...

Ушул маалда көк дарбазаны кайтарган арык чал жумшак гана Жаркындын алаканынан таптап, баштай бер дегендей белги берди. Кыз сүрдөп, чакап кетпейин деп алдын ала жөтөлүп алды. Кыдырата көз жүгүрттү.

— Урматтуу кадырман аталар, мээрбан энелер! Мынабу менин жанымдагы чоң-атам. Аты— Сулайман, жашы жетимиште. Ээр чабат. Чоң энемдин каза болгонуна үч жыл аяк басты. Ошондон бери чоң атам экөөбүз жети бөлмөлүү тамда турабыз. Кудаага шүгүр уюбуз, бирин-экин малыбыз бар. Атам менен апам шаарда турушат, бирок алар деле каршы эмес.Ылайыгы келсе биздин үйгө чоң атам курактуу пенде кирсе,ага өмүр шерик, мага чоң эне болсо, чогуу жашасак бу дүйнөдө эчтемеден өксүбөйт элек. Өзүмдү айтсам нан жабам, кир жууйм, ую саайм, тамак бышырам, чоң атама мал караганга каралашам. Чоң энеме эч кандай оорчулук келтирбейт элем. Быйыл сегизинчи классты аяктап жатам... болгону ушул...

Кыздын келген себеби, айткан сөзү жүрөктүн капортосунан жаралап өтпөсө дагы түшүнүктүү болду, көбүнө жетти. Жаркын ургаачы аттууну, аялдар Жаркынды жалдырай карашты. Орто кайрадан кулак-мурун кескендей тунжурады. Кай бири эч кимге билгизбей кымтыланды, шыпырылган жоолугун оңдонуп, чылпагын аарчыды. Үмүт деген жаман экен, жоон топ кемпирлер не дээрин билишпей алдастап калышты. Ар киминин оюнда мен, бир гана мен деген кызганыч турду.Ушул жерге келгенден бакыттын мизи жылт этээрин күтүп жүргөнбү, бапайган жылдыздуу кемпирдин сезими дүрт от алып колунан ийиги жерди көздөй томолонду. Баятан көзүн албай карап турган Сулайман карыя тагдырын калчадыбы, жокпу, ырыскысынын кошуулаарын сездиби, сезбедиби, жип учугу аты жок манжасында калган кемпир чалды бериле тигилгенде, кийинки өткөргөн үч жылдын ичинде биринчи мертебе түлкү көргөн бүркүттөй жымың дей түштү. Делбектей илкип, жанына барды. Ийикти жерден илип, узата бергенде кемпирдин манжаларын сыга кармады.Карыя тигиндей отуралы дегендей ал
дыга опурулду.Мырзалыгын көрсөткөндөй таазим этти. Ушу тапта кайдан-жайдан алардын жанында өзү курактуу бою шыргыйдай узун, жүзүндө суу чечектин тагы бар чалдын сөлөкөтү турду.

— Ой, Сиз эмне!?... — Сулайман абышканын чыканагынан копол кармап, ары түрткөнсүдү. — Абайлаңыз карыя! — деп аны кызгана карап, кемпирди өзү жөлөп — таяп отургузду. — Үрүл, мен деле алып берет элем го?! — суроолуу жалдырады.

— Ээ, Эргеш , эмнесине кызганасың? Эми биз бүтпөдүкпү, карыдык, арыдык дегендей... — оор үшкүрүп алды. — Тегерегибизди бүт айыл-кыштак каптап, өзүбүз эл сыңары жер үстүндө басып жүргөнүбүз менен бул үйүбүз ээнсиреген жалгыз арал дай бөлөктөнүп калбадыкбы.Болгону арабызды коргон тосуп, турган жайыбыздын башкача аталганынан бизди аяп, боору ачып, мусапырдай караганына зээниң кейийт. Айырмабыз эле ушу... Жашообуз жаман эмес, бирок буериң бейиштин өзү болсо да жыргаган турмушуң курусун. Кетем. Айылды сагындым, билсең.

— А менчи?! ... Таштап кетесиңби?— чал жаш баладай муңайды.

— Таштап кетпегенде не, ала кетет белем,— деди Үрүл кемпир чечкиндүү, элдин көзүнчө өңгүрөп ийбесин деп үнүн бак-бак чыгарып. -Сен да байкуш, мен да байкуш. Экөөбүздү кездештирген ушул жай...

— Кыштакка кеткиң келсе менде деле үй бар. Өзүм алып кетем.

— Кана эми, ошо үйүң?! Эки жылдан бери даярданып келебиз, дареги билинбейт.

— Тигилер болбой жатпайбы! — деди чал ынатыштын көйүнө кирип, ыйламсырай.

— Эргеш, эч кимге таарына турган жөнүң жок, бир кем дүйнө дегениң ошо. Келегой, кызым, мен даярмын. — Кемпир сүйүнүчтүү чачпагын шарактатып, кучагын жайды.

— Чоң эне! — кыз кемпирдин көкүрөгүнө боюн урду. Жытташты. Арзып көрүшкөн эки жүрөк жалбырттап бирин-бири боорго кысты. Үрүл байбиче оо кыйладан соң чогулгандарга кайрылды.

— Кымбаттуу байбичелер, карыялар, көппү— азбы, жаманбы-жакшыбы көбүбүз бирге турдук. Кубансак чогуу кубандык, кайгырсак чогуу кайгырдык, асти, буерден жамандык көргөн жокпуз. Ылайым эле дайыма ушинтип сыйлашып жүрө берели, анча-мынча таарыныч болсо кечиришели, ак бололу! Менин момундай кызым турганда кор болбойм, мен тиккен жылуу байпак, кийимдерди балдар үйүнө өткөргүлө? Насип буюрса, дагы көрүшөөрбүз, дайыма аман болуп, эстей жүргүлө!.. — Кемпирдин эң негизгиси унут калып тамагы буулду. Кемшиңдеди. Жашы мөлт-мөлт сызылды. Жардап тургандар да туюшту, эмнени айтаарын. Үнү каргылданып: ...жаманым келсе... бирдеме деп айтаарсыңар... кой ыйды токтотоюн. Кана эми, коштошолу, туугандар!

Алар узак коштошушту. Коштошуу ый алып келди. Көк дарбазага чейин узата жардаган топту бузуп, Эргеш чал далдактап чуркап келе жатты.

— Үрүү-үүл, токтоо-о! Садагам, Үрүлүм мени ала кет! Сенсиз жашоом курусун! Шыргыйдай узун чал жазгы жамгырдай шолоктоду. Үрүл кемпир эндирей, ыңгайсыз кызык ахыбалда бирде Жаркындын, бирде Сулаймандын буттарын алмак-салмак карады. Тулку бою чымырап, уялгандан башын көтөрө албай жерге кирип кеткиси келип, жүрөгү дүкүлдөдү. Өзүнчө тартынды, кысылды. Чып-чып тамган терин аарчыды. Чындапбы, же калп элеби кайрылмакчы болуп ыңырылганда Жаркын шашкалактай божурап ийди:

— Чоң ата, а эмне үчүн болбосун. Эгер сиз, чоң энем экөөңүздөр макул тапса-ңыздар абамы да өзүбүз менен кошо алып кетели... Во, жашайбыз! Ала кетели, ээ, чоң ата?! — Кыз чоң атасына элжирей тигилип, көңүлүн улаар деп тамызгы таштады. Байкуш кичирейип кеткен кемпирге жан кирди. Башын өп-чап өөдө көтөрдү. «Мен сендикмин» дегендей сүзүлгөн көз карашы карыяны элиртип, оң ыптасына ыктаган кемпирдин мүрүсүнө ысыган алаканын койду. Кемпир кыз кезинен бирге жашап келе жаткандай, өмүр бою ажырагыс болуп жаралып калгандай карады дейсиң, тимеле эзилген бүлдүркөндөй мөлтүрөдү. Үрүл байбиченин жылуу мамилесине багынган, анын тунук сезимине ынанган Сулайман карыя Жаркынга көңүлү толо унчукту:

— Жаркынтай, биз макулбуз! Чакыр кызым!

Кыз тыз койду.

— Абаа-кее-е...

Арадан анча өтпөй, кан жолдо эки-экиден кол кармашкан төрт адам, кары-картаңдар түнөк тапкан жайдан итабар узап кетишти...

Күн кызарып отурду...


   
    (Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн


© Осмонкулов Ж.А., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 7794