Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Публицистика / Даректүү жана өмүр баянды чагылдырган адабият
© Сыдыкова К.С., 2002. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 29 апрели

Кален Султангазиевна СЫДЫКОВА

Асылдар

Документалдуу-көркөм эмгек

Бул китепте көөнөрбөс улуттук нарк насилди, каада-салтты, ыйманды таза, бийик туткан, аздектеген асылдардын ишмердик, чыгармачылык кудрети, жан дүйнөсү, аларды турмушка болгон көз карашы, өтөлгөлүү өмүрү азыноолак чагылдырылат. Жаңы доордогу коомдун, жеке турмуштун түрдүү көйгөйлөрү, жакырданган жан дүйнөсүн оош кыйышы жөнүндө учкай сөз козгойт

Сыдыкова Кален. Асылдар: Документалдуу-көркөм эмгек. – Б.: «Бийиктик», 2002. – 170 б. китебинен алынды

ББК 84 Ки 7 
    С – 95
    ISBN 9967-21-510-0 
    С 4702300400-03

Кален Сыдыкова
    «Дорогие мои женщины»

    Художественная публицистика
    На кыргызком языке
    Бишкек, издательство «Бийиктик»

Бул эмгек турмуштун туткасы,
ыйык түркүгү, дүйнөнүн көркү болгон
талант даарыган асыл энелерге арналат 
Автор

 

ШАҢШЫГАН РОЗА

«Баркыңды билгенди баала, кадырыңды билгенди каала»
«Тилин жоготкон калк тирүүлүгүн жоготот»
«Жакшы кыз жакадагы кундуз»
(Кыргыз макалы)

Розаны эстегенде өзүмдүн дагы жалындаган от болуп турган отуздагы жаштыгым эске түшөт. Ошол кездерде жаш талант катары дастандарды шаңшып аткарып жүргөн, жамалы жанган, жаркылдаган, көздөрү күлүп турган Розаны жыйырмага чыга элек мөлтүлдөп турган ышкындай кезинде радионун музыкалык редакциясына кызматка алдым. Ал мындайча болуп калды. Белгилүү диктор, маркум Сатыбалды Жээнбеков 1991-ж. телерадиого төрага болуп келгенде, ага жаңы эле орун басар болгон таланттуу журналист Байма (Бүбүзуура) Сүтөнова мени радиого башкы редакторлукка чакырып калды. Бир эле учурда Компартиянын Борбордук Комитети «Эркин Тоо» газетасынын баш редакторунун орун басарлыгын сунуштады. Экөөнө тең адеп «ойлонуп көрөйүн» деп макулдугумду берген жокмун. Себеби, үй бүлөөм жалаң журналисттикти аркалаган ишке башынан каршы эле. Ага чейин да 1980-жылдардын акырында Кыргызстан КП БК «Кыргызстан аялдары» журналынын башкы редакторлугуна чакырышканда үйдөгүлөр каршы болгондуктан андан баш тарткан жайым бар эле. Анда менин газетага чыккан ар бир макалам коомдо эле эмес үй бүлөөдө да резонанс болуп, акыры чыр-чатак, жаңжал менен аяктачу. «Эмнеге жазасың?». «Эмнеге жазбайм?!» дейм. «Жазбасын, соттолуп кетет» «элчилеп жөөлөп таяганы болбосо», «чоңдор аны аябайт», «чоң аталарындай болуп репрессияга кетеби?» деп эле кайындарым, 30-жылдары бүтүндөй тууган уругу, аталары (Сыдык ж. б.) саясий репрессиядан кырылып, жүрөгү үшүп, жалккан төркүндөрүм бир жагынан жаалап, кооптонуп, караманча тыйып туруп алышты. Бул Совет мамлекетинин гүлдөп, идеологиясы бекем болуп турган 1988-жылдар эле. Мен ан сайын алгачкы махабаттын азабын тарткансып буулугам, азаптанам, күчөйм, жанымды коерго жер таппай жашырынып жазам, мамлекет, улут, жер, тил тагдырын ойлосом уйкум келбей умачтай көзүм ачылат. Канчалаган кол жазмам элге жетпей, үйдөн тытылып, жоготулса да кайра өчүшүп жумушта отуруп жазып, жазгандарымды ошоякта калтырып, катып жаза бердим. Чыгармачылыкты өстүрүш үчүн тап күрөшүндөй айыгышкан абал өкүм сүргөн учурлар болду. Үйдөгү, иштеги репрессияга моюн бербедим, бирок, ага канча нервим, ден-соолугум кетти... Ошондо биринчи жолу коом эле эмес, үй бүлөөлүк, туугандык стеоретипти бузуп чыгып, чыгармачылыкка биротоло баш байлоо эмне экенин алгач таасын түшүнгөнсүдүм. Бул өтө оор, машакаттуу, анан калса кумарлуу тагдыр экен.

Ошентип, убараланып, ичимен күйүп жүрүп убакытты создуктуруп жиберген көрүнөм, эки жак тең демитип жообумду сурай баштады. Бүлөөмө айтсам экөөнү тең жуутпайт. Чыны, өзүм телерадиого жаңы, жаш замандаштар менен иштөөгө көңүлдөндүм. Газетадан баш тартып, телерадиого баш редактор болуп бардым. Барсам, реформалайбыз деп будуң чаң түшүп атышыптыр. Радиодогу бир нече редакцияларды бириктирип радиону эки гана бирикме кылып коюптур. Мен адабий драмалык, музыкалык, балдар редакциялары, радионун камералык хору, оркестри, режиссерлор тобу бириктирилген «көркөм драмалык» чоң бирикмеге баш редактор болуп калдым. Үч орунбасарым бар экен. Реформанын күңгөй тескейи көп болот эмеспи. Анын үстүндө калыптанып калган советтик стереотипти бузуш, жаңылаш оңойго турган жок. Барганда эле жаштардан адабиятка таланттуу акын Барчынбек Бугубаевди, Алтынай Темированы, музыкалык редакцияга эл оозуна алынып калган жаш өнөрпоз Роза Аманованы ж.б. кызматка алдым.

Кыргызда «аккан арыктан суу агат» – деген кеп бар эмеспи. Розанын таланты жөн жерден чыкпаптыр. Анын башаты кандан канга келаткан мурас экен. Розанын чыкканда эле дастанчы катары шаңшып, көкөлөп көпчүлүктүн көзүнө түшкөнүнүн, чыгармачылык жолу акжолтой болгонунун себеби табиятынан угуту күчтүү тура. Себеби, рухий жандүйнөсү бай, айыл шайыры апасы Маржанкүл энеден касиет келген көрүнөт. Маржанкүл апа кезегинде айтылуу Токтогулдун устаты болгон чоң комузчу, ырчы Чоңмурундун кызы экен. Анан кантип эбепке себеп, таалими, таасири болбосун. Ошондон улам Роза комузду 5-6 жашында эле кадимкидей чертип чоңоёт. Устаты өз энеси болгон талант чыныгы тубаса талант болот.

Байкашымда Роза ойлогонун тартынбай айткан, ачык айрым мүнөзү бар, шар адам өңдөндү. Аны менен мени Байма Сүтөнова тааныштырды да: «тың, өсө турган кыз» деди. Аны дайым комузун кабы менен көтөрүп шайыр жүргөн, көздөрү күлүп жаркырап турган жарык маанай, жазы маңдайын, тыкылдаган чыйрак мүнөзүн эстейм. Жолукканда булуттан чыккан күнгө окшоп жарк этип кашкая күлүп коет. Анан кантип жигиттердин жүрөгү өрттөнбөсүн. Өрттөнсүн! Мындай рухий касиети бар адамдар чанда чыгат. Ошон үчүн адам тартылат да. «Жакшы элге бат сиңет» дегендей, ал өзүнүн тырышчаактыгы, оригиналдуулугу менен эл көзүнө бат эле түштү. Аты басма сөздө, эл арасында байма бай атала баштады. «Ары бар абийир күтөт» дегендей, мандалактай жаш туруп жаңы заманды сергек, тез кабыл алды дагы бир топ бут тосууларга карабай башын биротоло чыгармачылыкка байлап (ичинен миң ирет азаптарга жолукса да) байма-бай гастролдорго чыга баштады. Ал убакта көбүнчө уккан адамды жашыткан муңдуу «Өрүк комуз» ырын, «Ооган ыйындагы» жалгыз уулунан ажыраган эненин зарын, кайгысын жогорку чеберчиликте, улуттук колоритте аткарып элге ошо ырлары менен таанылып калган. Өсө турган кишинин өзүнө көп нерсе байланыштуу, «аракет кылсаң берекет» болот деп эл деле бекер айтпайт. Көшөрүп иштеп жүрдү. Турмуш өзү кагылтып, согултту көрүнөт. Турмуштан өткөн чоң тарбиячы жок эмеспи. Элди аралап калктын бай казынасын, чыгармачылык кенчин тааныды, өздөштүрдү.

Бир күнү жаңы жыл кечинде жамаат чоң залда жаңы жылды тосуп аткан эле, шарактаган, шалактап бийлегендердин арасынан жаркылдап суурулуп келип, ыйбалуу учурашып «эже үй алдым» деп кубана сүйүнчүлөдү. «Ырас болуптур, болсун!» дедим жетине албай. Акыры шайманды оодарган түйшүктүү гастролдорунун мээнети кайткан экен. Ошол учурда эл жаңы доорго көнө албай, атүгүл базарда тиш жуугуч, самын жок, көп нерсе таңсыкка айланып эл каржалып, мөгдөп турган кыйын кезең эле. «Адал адам — адамдын гана адамы эмес, ааламдын адамы» эмеспи. Чырактай, тал чыбыктай жаш туруп эрте жетилип, өзүн тез бутуна тургузган, жашоого куштарлана умтулган, тынымсыз түйшүктөнүп, изденип, аракеттенген, жол издеген, дээринен бышык, тирикарак, ушундай эстүү Розаны жакшы көрүп ичим жылып калды. Мындай жаш кыздар эмес, кыйынмын деген далай талтөөндөй эркектер айласын таппай, чөгүп отуруп калганда карасаң тирикарактыгын, өз уясын өзү салып башына баш калка жасап алганын. Азамат экен!-дедим ичимден. «Эмгек иштегенге имерилет, бакыт издегенге багынат» деген чын экен го. Негизи, ушундай туруктуу мүнөзү бар, жашоого дилгир адамдар тез өсөт, дүйнөнү өзгөртөт, өз тагдырын өзү калчай алат, коомду дагы тазалайт деп ойлодум. Деги тоонун кыздары кыйын, тың келет.

Азыр ошол кичи пейил, ачык айрым, адамкерчиликтүү «ойлогону оңунан чыккандын ооматы жүрөт» болгон Роза Аманова бат эле «Республиканын эмгек сиңирген артисти» деген ардактуу наамга жеткен, Улуттук Консерваторияны бүткөн дасыккан таңшык ырчы, мыкты дастанчы, чебер комузчу, арген обончу болду. Ал өз тагдырын, көкөлөгөн талантын тубаса шыгы, кызылдай мээнети менен өзү жасады. Ал тыным албаган тырышчаактыгынын акыбети, табият ыроологон талантынын шарапаты. Кийин ойлодум: деги искусство таланттары жайлоодогу жашыл гүлдөй бүрү түшө электе элге эрте, гүлгүндөй кезинде көрүнүп, сабалап иштеп, сапаттуу иштерди бүтүрүп калыш керек экен деп. Шашпаса талант жалкоолонуп колдон суурулуп кеткен учурлар да кездешет. «Баркыңды билгенди баала, кадырыңды билгенди каала» дегендей, мен Розанын Анатай Өмүркановдун сөзүнө жазылган «Мен сени сагынгым келет» деген жүрөк көйгөйүн козгоп дирилдеген сезимтал ырын уккан сайын уккум келет. Кумарым канбайт. Жанды жай алдырбаган, сагынткан, кусаланткан, эркелеген, жан дүйнөңдү убайымдаган жүрөгүңө катылган асылың болгону кандай жакшы. Качан болсо ага таяна аласың, ал – опол тоодой жөлөк болсо, кысталганда кеңешчиң болсо гана, атаганат! Бул ырдын Алматыдан тартылган клиби да мыкты чыккан. Көңүл ыргагын терметкен мындай лирикалык ойчул, жакындыкты эске салган табиттүү ырлар кийинки кезде аз.

Мезгил өтө анын чеберчилиги улам жогорулап эл сүймөнчүлүгүнө арзыды. Барпынын жүрөктү бүлкүлдөткөн ашыглык ыры «Өзгөчөмдү» келиштире ийине жете аткарып, ага жаңы өмүр, боёк берди. Чынында эле Розанын аткаруусундагы «Өзгөчөмдүн» көп өзгөчөлүгү, аткаруу ыкмасында жаңы табылгалары бар. Азыр элдер ооздон түшүрбөгөн «Жүрөктү жалын чырмады» деген ыры чоң жетишкендикке жетти. «Жүрөктөн чыккан нерсе жүрөккө жетет» дегендей, бул ырга Розанын карлыгачтай кагылган кашы, бир аз жылмайыңкы, күлүмсүрөгөн элесине куп гана жарашып, бул ырды оболотуп созуп жатканда кудум чоң манасчылардай образга кирип аны менен кошо сен да байкабай кошулуп ырдайсың. Жүрөгүң дирилдеп дует болосуң, кантип ырдап ийгениңди билбей каласың. Көңүл оболоткон керемет таланттын күчү ошондо болот турбайбы. Чын эле Кытайдагы кыргыздардын бул ыры Розанын аткаруусунда бактысы, ажары ачылып бүтүн кыргыз элинин рухий күлазыгына айланды. Аткаруучусу жарашпаса көңүл отун козгогон андай ырлар дайым эле эл ышкысына түшө бербейт. Ал үчүн күйүп, жанып, төгүлүп ырдаш керек.

Дүйнөлүк адабиятта Жеңижок, Арстанбек айткан «Аккан суудан» өткөн улуу шедевр жок болсо керек. «Ой кууган оомат табат» болуп Розанын төгүп ырдаган «Агын суу» анын жаркын талантын далилдеген, шыгын, табитин аныктаган, аны өлбөстүккө, түбөлүккө айланткан залкар ырлардын бири. «Жылуу сөздөн, ыйман дил эрип турат» демекчи, «Ынтымак», «Ала тоо көрккө келбейт эл болбосо», А.Кадыровдун «Өмүрлүк жарыма», Б.Бадыкеевдин «Дайның барбы?», казак обончусу К.Дүйсекеевдин «Карагым-ай» деген ырларын көркүнө чыгара аткарып элге таасын таанылды. Бул ырларды укканда дүйнөгө куштарланып, сергип, көңүлүң көккө серпилип, эргип, жашоонун, турмуштун улуулугун, сулуулугун, асылдыгын сезесиң. Мындай пикирлерди Розанын тубаса талантына таазим эткендер ачык эле айтып, жазып жүрүшөт.

Азыр жаштар арасында байыркы элдик чыгармачылыктын салтын чындап уланткан, ага баш отун сайып кесип кылган таланттар аз, тийип качып мамиле кылганы кыйла. Үн байлыгын, рухий дараметин элдик дастандарга арнаган Розанын чыгармачылыгы ак тилек айткан колдоого гана арзыйт. Розанын «Курманбек» эпосу баштаган 7 компак-дискасы чыкканын, анын чыгармачылыгына олуттуу бурулуш болгонун гезиттен окуп курсант болдум. Баракелде, азамат! Анткени, 1988-жылдары тарыхый «Курманбек» баатырды изилдеп Түштүккө далай баргам. Көпкө изилдеп жүргөнүм эсте. Ал табылгалар жөнүндө убагында «Кыргызстан маданияты» газетасына да 1989-ж. «Курманбек баатырдын мүрзөсү...» деп өз пикиримди жазып, көтөрүп чыктым эле. Сузактан Ади Өмүралы улуу аксакалдын айтуусунда «Курманбек» эпосунун айрым үзүндүлөрүн жаздырып келип, эфирден далай берип, анан радионун алтын фондусуна алдырып койгом.

«Карлыгач» компак дискасында «көңүлдүн черин сөз жазат», «жакшы сөз жанга жагым» дегендей, санат ырлары менен дастандардан үзүндүлөрдү топтоштуруптур. Сөз берметтерин жараткан залкарлар Тоголок Молдонун, Токтогулдун санаттары Роза Аманованын аткаруусунда ажарлары дагы бажырая ачылып, маңыздары байып, көркөмдүүлүгү кол жеткис бийиктиктерге көтөрүлүптүр деп баа бериптир бакыйган музыка изилдөөчү. Калет жок, адил, ак сөз! Жакшыны убагында жакшы деп айтып, көңүлүн көтөрүп дем бергенге, сүрөгөнгө не жетсиң.

Көөнөрбөс, өчпөс дастандардын бири Розанын аткаруусундагы «Олжобай менен Кишимжандын» үзүндөлөрү. Элдик тембрге үнү дал келген Роза бул дастанды эргип, жалбырттап аткарыптыр, угуп ыраазы болдум. Бир топ өскөн экен. Бая «темирди эриткен көмүр, адамды эриткен көңүл» демекчи, эзелтен дастан, эпосторду жалаң эркектер аткарып көнүмүш болуп калган элге Розанын так, даана айтылган, куюлушкан уккулуктуу үнү уккан кулактын кычуусун кандырат. Сүйүү баяны, элдин каада салты, түшүнүгү, ошол учурдагы тарыхый кырдаал көз алдыңа келет. Бул аткарууда өзүнүн аваздык өзгөчөлүгү даана байкалат. Анан калса Роза өзү дагы комузду мыкты черте билгенге көркү ачылыптыр.

Мени өзгөчө ойго салган Розанын кыргыздын кайталангыс жаркын таланты, өктөөсү өзү менен кеткен өнөксүз мөл сулуусу Таттыбүбүнүн элесине арналган «Арманда кетти бир Ак куу» (композитор Сталбек Бактыгуловдуку) ырын чоң чеберчиликте муңкана аткаргандыгы болду. Катуу таасир этип, жаралуу куштай көпкө жандүйнөм жай албай арманда удургуп турдум. Кейидим. Менин көз алдыма арманда кеткен бир эмес Акмөөр, Бүбүсайра, Татыбүбү үч эжем тартылды. Кайран гана бир кылымда бир келген касиеттүү кереметтер! Талантка айла жок экен го, канчалык изденген сайын ошончолук бу турмуштун бир бүктөмү, кыры ачыла берет тура. Тообо, бу түбүң түшкөн турмуштун арманын көптүгүн айт да, асылынын аздыгын айт. Канча ирет көшүлө уксаң да кайра-кайра угуудан тажабаган, уккусун келтирип саматтырган, эңсеттирген ырлар болот экен. Ошол ырлар мен үчүн Розанын аткаруусундагы «Мен сени сагынгым келет», «Армандуу кетти бир аккуу», «Жүрөктү жалын чырмады» ырлары. Укканда кайгып тээ далай ойлорго түшүп түйшөлөм, эргүүмдү жашыра албайм, сезимимди терметет. Кайсы учур болбосун радиодон, теледен берилип калса кир жууп жатсам да же чыгарма жазып отурсам да, көртирликтин кайсы бирин жасап отурбайын ошол учурда баарын, баарын жыйыштырып коюп саамга сеп алып атайын барып көрөм, дымып угам. Угуп боюм уйгу-туйгу түшүп, санаам санга, оюм онго бөлүнүп оюм ойдолойт, бул жашоонун маңызына дагы бир үңүлүп, ичимен түтөйм. Же түтөчү себеп жок беле?! Көз алдыма армандуу, кусалыкка баткан, коргоону, аздектөөнү күткөн айдай жүздөр, жалжал көздөр, наздуу, шайыр, ардактуу мүнөздөр, келишкен керемет асылкечтер, бийкечтер эсиме түшөт. Анан, атам бир кез айтчудай «атаңдын көрү дүнүйө...» деп шуу этип үшкүрөм. Кол менен кармагыс, кайталангыс бул учурду эмнеге ардактабайбыз? Эмнеге шашып жашайбыз? Неге баарыбыз бири бирибизге көңүл кошпус? дейм да. Байкаган адамга Роза ар бир эле ырын өтө кумарлана ар бир ыргагына ички сезимин айкалыштырып жанын сала бүт дитин коюп ырдайт экен. Дал ушунун өзү көп ырчыларда жетишпейт. Мага өзгөчө анын сөз кадырын билип, сөздөрдүн маңыздуусун, кадырлуусун, ысык ырыстуусун тандап алганы жакты. Кээ бирөөлөр маанисиз сөзгө жазылган ырды ырдап ыры ошо аткарар замат өлүп калат. Ырдын касиети, көркү, тузу ошо таасын сөзүндө, кайталангыс кайрыктарында эмеспи. Сөз тандай билгендик — чоң даярдыктан кабар берет.

Кыргыздын кенже эпосу «Курманбектин» Розанын аткаруусундагы 6 компак-дискасынын чыгышы адабият маданияттагы чоң жаңылык болду. Эпостун эң кызыктуу окуяларын өзгөчө изденип, бийик көркөмдүктө аткарыптыр. Башка дастанчы-айтуучулардан айырмасы Роза бир актердун театры кылып ар бир оң терс каармандарды окуянын жүрүшүнө жараша кулк мүнөздөрүн чагылдырган. Компак дисканын чыгышы — баатырдык дастанды өлтүрбөй, өчүрбөй муундан муунга сактап калууга көрүлгөн зор камкордук деп бааланышыбыз керек. Бул өзгөчө мектеп окуучуларына, жогорку окууда студенттер үчүн сабак өздөштүрүүдө чоң усул, жардам болмокчу. Менин оюмча муну орусча, англисче которуп ушундай диска кылып чет мамлекеттерге, коңшуларга таратса кыргыз эпосторун чоң пропагандалоо болот эле.

Кыргыздын талтөөндөй, бакандай кадырлуу нагыз музыка изилдөөчүсү, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, нускоочу Балбай Алагушев Розага ак батасын берип, анын чыгармачылыгын жиликтеп иликтеп келип «Таңшы, Роза!» деген макаласында Розанын «Курманбек» эпосун аткарганына мындайча калыс, акыйкат баасын бериптир: «Роза оң каармандарга өзүнчө түстөгү, ыргактуулуктагы, боёктордогу, терс каарманга мүнөзүндөгүдөй, турпатындагыдай обондорду таап айтканы, эпостун наркын, баркын өзгөчө көркөмдүк бийиктикке жеткириптир. «Элден алып, элге бер» дегендей Роза «Курманбек» эпосунун оң, терс каармандарынын обондорунун өзөктөрүн элдик обондордун берметтеринен алыптыр. Аларды ал өтө кылдаттыкка, артыкча устаттыкка иштеп чыгыптыр». «Алсак компак дискалардын топтому 13, экинчиси 16, үчүнчүсү 8, төртүнчүсү 10, бешинчиси 11 темаларга бөлүнүп берилиптир. Р. Аманованын айтуусунда «Курманбек» эпосу дагы бир жолу кол жеткис көркөмдүк бийиктикке көтөрүлүп, айтуучулуктун жаңы баракчасын ачыптыр». Бул өз учурунда айтылган акыйкат, таасын баа.

Роза элдин көз алдында өстү. Алматыдагы Курмангазы атындагы музыкалык консерваторияда стажировкада жүрдү. Ал Казакстандын мамлекеттик консерваториясынын аспирантурасын ийгиликтүү бүтүп, тунгуч ирет кыргыздын этномузыкасы боюнча илимий диссертация жазып бул жагынан көп кырдуу талант катары илимди жылоолоп жүрөт. Келечеги кең, эл дагы андан көптү үмтөтөт. Азыр чыгармачылыгы шактап, мөмөлөп, болуп-толуп турган убагы. Талантты бөпөлөбөсө бөксөрө берет, андайды турмуштан далай көрбөдүкпү. Көр оокат деп жүрүп чыгармачылыгын мертинтип алгандарды көрдүк. Албетте, ал өзүнчө трагедия. Анан калса эмне көп? «Өзүн дагы, өзгөнү да сүйбөгөн, майда жандар наалып өтөт дүйнөдөндөр» көбөйбөдүбү. Мээнеттенбесе бул дүйнө адамга мээнейби? Кудай жалгап, «жакшыны кыдыр жылоолойт» деген ушул, ошондой чүнчүгөндөрдөн Роза тирикарактыгынан аны кыйгап өтүптүр. Муну өзү өмүрдөгү бир утуш.

«Жакшы жар жайнаган дөөлөт» дегендей, ал үйдө асыл жар, кутман эне катары «эки тизгин бир чылбырды» бек кармап чыгармачылыгын таптап, өксүтпөй көкөлөтүп келатат. Дал ушундан жазбаш керек. «Эгерде болсо ынтымак, үйүңдө бакыт кулпурат» болуп, Розанын чыгармачылык катаал, татаал, түйшүктүү түйшүгүн жүрөгүнөн түшүнүп «жеңилин жерден, оорун колдон алган» балдардын атасы, жубайы көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, илимдин доктору, академик Кубанычбек Мырзабековичке да ырахмат. Жибектей созулган сыпайылыгын, бийик интеллектин, «иш десе ичкен ашын жерге койгон» иштермандыгын, билгилигин беш жыл чогуу иштешип четин көрүп калбадыкпы. Кыйналып турганда колдогон опол тоодой жакшылыгы да миң алкышка татыйт. Ичимден ыраазы болуп өз бир тууганымдай сезем. Андай алаканга салып бөпөлөп, ардактап, кастарлап, кадырлап алган эр азаматка жолуккан жарда не арман?! Бирок, адам армансыз болчу беле, болсо чыгармачылык өктөөмө жетейин, элге түбөлүктүү, нарктуу, кундуу керемет эмгек жаратып кетейин деп эңсейттир, мындай тилек асыл арман эмеспи. Ылайым, өркүнүң, өрүшүң өссүн Роза! Чыгармачылык изденүүңдөн, кайталангыстыгыңдан танбай аз өмүрдө армансыз аракетиңди арбыта бер демекчимин! Бар бол!

2002-жыл, 3-июл 

 

«САГЫНГАН ЖАНМЫН САГА ОКШОШ»

«Сынган көңүл сылык мамиледен айыгат»
«Жан сүйгөн доско жан кайыл»
«Ой кууган оомат табат»
(Кыргыз макалы)

Нукура көркөмдүк, асылдык чен-өлчөм менен таразалаганда чынчыл, назик поэзия кыргыз жазма адабиятында түпкүлүгү азыраак. Айгүл Узакованын поэзиясына таандык көрүнүш: «жазда жамгыр төккөндөй, жер жумшарып кеткендей» эле. Адамдагы аруу сезимди жан дүйнөсүнөн кылдат өткөрүп, өзүнүн тагдырындай күйүп-жанып акындык табият менен нукура чагылдырат. Ар бир сабында замандаштарынын ишенчээк ички дүйнөсү, оош-кыйыш, оомалуу төкмөлүү тагдыры сырлуу турмуш көрөңгөлөрү катылып жаткансыйт. «Колдо бар алтындын баркы жок» дегендей, жупунулана берип нукура поэзия жаратууда өлчөөсүз салым кошкон 80-90-жылдардагы муундагы кыздар поэзиясына ушул убакка чейин калыс, чыныгы баа берилбей келатат. Бул албетте өтө өкүнүчтүү!

Жүрөктү уялаган турмуштук сыр төгүү, түпкүлүгү чынчыл жана назик поэзия, мен кастарлаган, урматтап сүйгөн С. Акматбекова, Ш.Келдибекова, Р. Карагулова, Y. Маматова, А. Узакова, К. Сариева, Г. Шакирова, Ф. Абдалова, А. Темировалардын ж. б. ырларында уюп жатат. «Ыйманы тазага ырыс жугат» демекчи, алар ыйманына камчы чаппай, чынчылдыгы менен таасирдүү, баалуу, барктуу. «Сөзүңдү айт укканга, жан дилинен жукканга» дейт эл. Аларды окуган сайын моокумуң кана ойго термелесиң, көшүлөсүң, кээде үшкүрөсүң. Мындай тамшандырган касиет орус поээиясында Анна Ахматова менен Сергей Есенинде бар.

Айгул Узакованын лирикалык каарманы чеккен азаптарын мунайым ыргак менен кынаптап берет. Салыштыруулары жашоонун өзүндөй миң катмарлуу жана өтө жөнөкөй. Сезим кытыгылаган, ич дүйнөңдү бүлүнтүп, санаага чөктүргөн, ойго марыткан, муңканган ырлар анын негизги өзгөчөлүгү сыяктанат. Кандайдыр өткөн өмүргө өкүнүп, өзүн жубатуу эңсөө саптардан сызылып чыгып, жүрөккө агылып киргенсийт. Анын арзуу, ашыглык лирикасын окуганыңда жашоосу жалаң махабаттан тургансыйт. Түйүнү түйшөлткөн ойлор көп. Дегинкиси, А. Узакованын стили, чеберчилиги, өзгөчөлүгү өзүнчө изилдене тургaн дың.

«Айгул Узакованы качан биринчи жолу көрдүм эле?» деп ойлондум. 17 жашымда, аны Беганас Сартов жетектеген ийримден узун кара баркыт юбка кийип, ыр окуганда көрүпмүн. Ал ийримге болгону бир жолу гана бардым, бирок, үч адам эсимде калыптыр: Үрүниса Маматова, Сталбек Бактыгулов анан Айгүл эже. Экинчи жолу студент кезимде уктум. Бир комнатада мен, азыркы таланттуу акын Фатима Абдалова менен жашачумун. Сессиядан башыбызды көтөрө албай шайыбыз ооп, санааркап, түпөйүл болуп жүргөн күндөрдүн биринде эле Фатима:

«Көл түстүү көйнөк кийип бүгүн түнү, 
    Бүгүн түнү түшүңө кирсем экен».
    «Анда сен эстей албай тааныш үндү,
    Шарпылдак толкундарды сапырарсың. 
    Көздөрүң толуп кетип кусалыкка, 
    Обонун улуу жаздын чакырарсың...» 
    «Оюңузга салды бекен дүрбөлөң,
    Ошондогу жашылданбай чечилүүм. 
    Эңсөө дагы болбой калып аралжы, 
    Эки келбес өмүрдөгү кечигүүм».
    «Сизге болгон көңүлдөгү урматтоом, 
    Калаар дегем жакшы сырдай жабылуу. 
    Алаксуу да болбой калып аралжы, 
    Болот тура кээде минтип жабыгуу» – деп кайра-кайра жатка окуп, «бул Айгул Узакованын ыры, кандай сонун жазылган» деп эле жетине албай дирилдеп жүрдү. Эми ойлосом, кыз көкүрөгүнө көңүл кушу конуп «көрүү тургай, эстөө Сени зор бакыт, ал күнү мен алдым чок басып...» (Ф. Абдалова) болуп жүргөн окшойт. Анан ошол жалындуу жаштыкта А. Узакованы кумир туткан Ф. Абдалова анын ар бир чыккан ырын, өзгөчө жаккан ырларын көркүнө чыгара көркөм окуй берип кулагыбызга жат кылды. А кезде анын «кымбатыма алдым жасанып, шамал, шамал, бузба чачымды» деген обондуу ыры да популярдуу болуп жаштардын сүймөнчүлүгү эле. «Сүйүү кандуу дайра экенин» (Ш. Келдибекова) аңдап, туя элек жаш таланттар, баары эле «көл түстүү көйнөк кийип» сүйгөндөрүнө жолуккусу келишет, ошол азаптуу зор сүйүүнү эңсеп, күтүп, жандары калбай ага карандай Ода арнап да атышчу. Чындыгында «көл түстүү» деген салыштыруу А. Узакованын кыргыз поэзиясындагы чоң табылгасы. Ушул кадыресе, көп маанилүү сөз А. Осмоновдун көл жөнүндө новатордук табылгасына тете, тең. Анткени, көл асмандын түрүнө, ырайына карай түрдүү түс күтүп жандуу образды, ички күчтүү туюмду чагылдырат. Себеби, көл дайым жандуу, кайталангыс, ыйык.

Кийин, кыргыз акындарынан саясатташпаган таза, көркөм бир шиңгил окуш үчүн А. Узакованын сезимтал жан дүйнөнүн кыярбас кылдарын кылдат черткен, көңүлдү дирилдеткен, ылымсанатып түйшөлткөн муңайым ырларын күтчү болдум. Л. Пастернак айтмакчы: «Жүрөгүндө кири бар адам жакшы акын боло албайт» эмеспи. «Ички жоромолдоо сезимиң болсо, ошондой чыгарма жаралат окшобойбу» (К Жусупов).

«Дөөлөт кушу консо чымын башына, зымырык куш келээр күндө кашыңа» болуп, ырларынан баар таап, эл оозуна айланып, кумир тутулган А. Узакова өзүнүн артынан бир топ жаштарды өзүн тууратып «Сиз» дедиртип ээрчитип келди. Өзгөчө, аны туураган кыздардын көбү сылык болуп жатып калышкансыды. Таланттуу акындын «Жылдыздуу күз» (1980-ж.), «Кеч жарык» (1990-ж.), «Түнкү асман (1997-ж.) деген ырлар жыйнагын окуп отуруп тарткылыктуу өмүрдүн азап-түйшүгүн тарттырган аруу сезимин А. Осмонов жазгандай:

«Ал бир күч ырбай берген албууттанып,
    Чырмалып миң толгонуп, миң буралып.
    Махабат коңгуроолуу куш сыяктуу 
    Карматпай улам учкан шыңгыр салып» дегендей, ыр сабында ынак турмушту бөтөнчө арууланып жазса, көркүнө чыгат тура деген ойго такалдым. Кишинин кыялы, сөзүнүн күчү чексиз экен го.

«Өз күчүңдү өз күчүмө багынтып, сүйгүм келет кээде өзүңө багынып» (Алыкул «Аялга») деп эркектер ачык айта алган менен назик кыялдуу, ыйбаалуу кыздар поэзиясы буулугуп гана кыйытышчу, четин чыгарчу. Анын үстүнө, идеология дагы оптимисттик ырларды жазууну талап кылчу да. Бу чыгармачыл адамдар кызык экен, түрдүү пикирлерди айтып кишини миң толгонтот. М: орустун улуу жазуучусу И. С. Тургенев: «Бактылуу болгуң келеби? Анда эмесе элден мурун кайгырганды үйрөн» деп үндөйт. Эгер муну Тургенев эмес, башка айтканда ким билет, эмне деп сынтакмакпыс же мазактамакпыс, бирок, анын сөзүнүн өзөгү тереңде тээ түпкүрүндө жатат.

Анын Рыспай Абдыкадыровдун аткаруусундагы «Уктатпачы мени жазгы жаан», «Сагынган жанмын сага окшош», «Өгөйү болдум сүйүүнүн», «Болсо керек жумшак сагыныч» ж. б. обондуу ырлары жүрөк отун тутанткан кусалыкка, сагынычка жык толгон. Көңүл эргиткен ыйык сырларды төгөт. «Ызада калган, кусада калган учурдун толкунун жиреп, баардыгын баштан кечирет». «Жаз менен жаркып, ар кимдер тоссо бакытын, жанында жүрүп сүйүүнүн өгөйү» болгонун баяндайт.

Элдин «ар жалгыздык башта бар, ар кыл азап башта бар» дегениндей «Сен жана Жаз», «Сиз жана Күз» ырлар түрмөгүндө дилиндеги ыймандай сырын ачты. Арзууга арууланган жан сүйгөнүнө романтикалык ишеним менен түбөлүк ынанып бардык жаман сөздөн, көздөн аны калкалап канатын канга малат тура.

«Жакынсынып досторум тилдесе да, 
    Шагым сынып, көңүлүм кирдесе да, 
    Сага деген сезим бар, мен тана албас, 
    Аны чындап жүрөгүң билбесе да» деп ичинен тынат.

Чиркин десең, ар акын эле ыймандай сырын төгүп чыныгы поэзия жарата бербейт. «Ортобузга эч бир сөздөр айтылбайт, а мүнөттер эмнегедир кымбаттуу». Минтип сүйүшкөн жүрөктөр гана түшүнө алат эмеспи бирин бири.

«Мен Сизди аяр карап чоочундагам:
    Кымбат бир асыл жанга кантип барам». 
    «Мен Сизге күздөй коңур көңүл менен, 
    Сагыныч үйүп алып келген элем» 
    «Сен кантип унутат деп жүрдүң экен, 
    Күз мага тагдыр болуп жолукканды».
    «Күз жөнүндө санаа тартып Сиз деле,
    Жашылданат турбайсызбы алдыртан».
    «Гүлдүү жерден узатып чыксам дагы, 
    Жолуңузга гүлдесте үзө албаймын. 
    Мага жакын сезилген кубанычтан 
    Көп айбыгып, негедир ушундаймын».

Сүйүүнүн күчү керемет тура, өз сүйүүсүнөн айбыкпаган пенде эч нерседен айбыкпайт го. Ф. Абдалованын: «Суктануудан сууган окшойт көңүлүм» деген ырындай «дайындуу бир чындык тилеп үйрөнгөн, бу дайыны жок турмуш деген немеден» (Р. Карагулова) көңүл калуу дагы көп болот шекилдүү. Ыйман дагы таңсыкка айланып көкүрөккө бүлүк caлган учур турмушта көп кездешет эмеспи.

Ошондон го, автордун лирикалык каарманы бушаймандана: «Азап түшүп турган чакта башыма, басып кетер жанды дос деп күтүпмүн» деп күйүнөт. Бирок, «кордуксуз өмүрдүн кызыгы жок, Кайгынын дабасы эмне? Кайрат кылуу!» (Алыкул). А дегинкиси, «сүйүүгө сүйүү гана даба болот, сооротуу, ырбатуу жара болот» (Гургани) деген ой бар. Мындай жабыгуу кылдарын черткен кыргыздын мыкты акыны Шербет Келдибекова өзүнчө ой жоруп, маселени кабыргасынан коет:

«Эзет кайгы, эзет жанды, сен айтчы
    Жат тагдырлуу жанды неге сүйгөнүм» деп. Дегеле көңүлдү эзген, адамды куураткан терс кайрыктар турмушта жыш тура. Сагын Акматбекова буга токтоолук менен баам таштагансыйт:

«Кир, нурдуу дүйнөңөргө бир келип, бир кетемин», «уютуп улуу муңга көкүрөгүм, үстүнөн өттүм биздин көпүрөнүн» деп улуулукка басым жасайт. Деги өз туюму, пикири бар таланттар өз тагдырынын оош-кыйышынан, сезим ыргактарынан Поэзия мунарасын куруп, ыр саптарына өмүрүнүн учкаяк тарыхын калтырышат окшойт. Бул жайында «Өгөөгө бергис бүлөө бар, экөөгө бергис бирөө бар» айжаркын акын А.Узакова:

«Мен эмне жүрдүм экен мынча чыдап,
    «Көңүлгө үйүп алып улутунуу». 
    «Өкүнгөн жокмун, өзүңсүң ката кетирген,
    Өксүгөн менен өнөрлүү болуп келем мен» деп жүйөөлүү жыйынтык чыгарат. Ошентсе дагы сезим кургур жүйөөлүү да болобу? Ал бир табият таңуулаган таңгыс тагдыр да! Жашоосуна каниет кылып, ыйбаа караган лирик өмүрдө бир келген Улуу сезимдин кордугун көтөрө албай, ыйлактап жамандабай, өзгөлөрдү күнөөлөбөй, кайра өз шыбагасына буюрган тагдырын, жеке керт башынын кызыкчылыгын курмандыкка чалбай, махабатын аздектеп, бапестеп, суйсалта багып сырдуу обонго салган. Даап, «өзгөгө сени бергиче, өлүгүм чыксын койнуңдан» (Коргол) дей албай, ичинен сызып: «Бир өмүрдө эки башка жол менен, бир сүйүүнү жоктоп өтөт окшойбуз» деп ыйбаа кылып, жумшак муңаят. Дал ушунун өзү кыргыз кыздарынын ички мүнөзү, толгонуусу жана улуттук өзгөчөлүгү го.

«Өмүр бою өзүңдү ырдап келатсам, 
    Өктөм тагдыр өз жолунан тайган жок. 
    Сары ооруда саргайганым сезбестен,
    Кимдер гана кеп кылышпай калган жок».

«Өзүмдөгү бир утуш» ырындагы бул caптар сүйгөнүн кадырлаган лирикалык каармандын туруктуулугун, сезим тазалыгын сактоого өмүр бою күрөшкөнүнөн кабар берет. Махабаттын улуу ыры десе дагы жарашат. Убайым, санаа аны миң түр ойго тарткан ме¬нен сүйгөнүнүн караанына кагылып аны бардык суук көз караштан коргойт, баарына кайыл болот. Жоготуу ызасы оор арман дечи. «Жылдызым түшүп жыя албай турам эсимди, талашаар бактым, таймашаар күндү күтпөгөм» (К. Баркыжокова) деген учур азбы бу өмүрдө?! Кантсе дагы турмуш мерез, шору көп. Көкүрөктө оор күрсүнүүнү, өксүүнү калтырып өмүрдү жеген, кечиккен бакыт мезгилди, жалбырттаган жаштыкты утту. «Кечигүүнүн түйшүгүнө көп түткөн, мен күтүүнүн баркын билээр жан элем» деп каарманыбыэ ичтен тынат. Жылт эткен кыялга алдырып, мүмкүн жолуксак, чер жазып сырдашсак, бирибизди-бирибиз түшүнсөк: «Мен буюгуп турган жолдо эки анжы, балким шаңк деп бир ачылмак асманым» деп үмүттөнөт. Сүйгөнүн самап сагынуу эмне деген оор азап! А сүйүүдөн «кирдеп калат кээде көңүлдөр, кечирими деле бар туруп» (М. Осмонкулова) болбойт экен. Жуулуп, чайылып үмүткө багынат тура. Махабаттан айрылуу көңүл чөгөргөн жагымсыз сезим. Аны керемет акын Роза Карагулова таасын чагылдырган «Анан кантсин, кайгы эмеспи адамга, издегенин таппай өтүү дүйнөдөн...». Көрсө сүйүү Бакыт эле эмес, арыбас арман, бүтпөс ыр экен. Көңүл кушун алаксытып, «кыял мага кылат далай санатты» (Р К.) деген чын окшойт.

«Мен балким жалгыз-жарым атка конуп, 
    Жашаармын сен көргөндөн башка болуп
    Сен кейибе мени жалгыз экен деп, 
    зор турмуштун оңу менен солунда.
    Кандай күнгө калса дагы айныбай, 
    бир сүйүүнүн оту жанат жолумда» деп эми моюн бербей чыйралат. Тагдыры кошулбагандардын арманы аттын башындай, ошентсе дагы сабыр жеңет. Акылга калчап, тагдырына моюн сунат. Анткени, акындын лирикалык каарманы: Күз түнөгөн көңүлүм кыярып келсе, көңүлүмдү алагды кылып шарап куйба, бушайман болуп сооротпо, мен андай санаадан эчак кайткам, сендеги сергек мүнөздү сагынып келдим,-дейт. Ылымсанап, боор толгосо да жашыбайт. Узун күн менен түш көрүү чындап жадаткан кусалык, жалгыздыкты бөксөрткүсү келип «Аз өмүр үчүн көп койдум окшойт жаңылып, кечигип сезип, бул күндүн баркын бир келген» деп бүтүм чыгарып, чын дилинен сырдашат. Пенденин турмушунда жүрөк элжиреткен, көңүл толкуткан таза сезимди сактоо кымбатка турат го.

«Бүк түшүп күткөн күндөргө берип эркиндик, 
    Жаңылгам катуу жандырып түгөл сырымды.
    Айдады шамал касыма, доско карабай,
    Түтөсөм ичтен бактыма салып сыртымды».
    «Тагдырым баштап кеч калган ушул тар жолдо, 
    Акылга эмес, санаага көңүл алдырат».
    «Мен эми кайра жанбаймын көңүл отуна, 
    Күйгүзүп тынды жүрөктү эзген бул санаа».

Алп махабат жалынына кабылган, ашыглыкка ак урган, ага жетпей сыздаган, күйүп-күйүп күл болгон байкуш жүрөк сыздабаганда кантет? Күйүттү ыр менен басуу, ага чыдоо насили баатыр инсандын гана колунан келет. Жан кыйноого туш кылган алоо махабатпы?! Бул эмне? Туш болгон тагдырын намыстанып жаап-жашыруу, будамайлоо көп чыгармачыл инсандарга мурун таандык болуучу. Алар муну майда тема деп эсептеп, куру оптимизм, жалган саясатты даңазалоогo, бир жактуу баалоого оошкон. Көрсө дүйнөнү кабылдоону, чагылдырууну жон териң менен сезиш керек турбайсыңбы. Ушуга келгенде биздин акын ооруп турган көңүлүн муңайым айтат, жаап-жашырбай улам ачылат. Анын өзгөчөлүгү ушул. Баса, «Барсыңбы?» деп бирөө жүрөт жол жакта, бардыгынан аша кечип олтурсам» (Р. Карагулова) дегендей, «канча жылдык баш ооруга айланып, көкүрөктөн кетпей жүргөн бир элести» түбөлүк куштарланган, обонго салып башкаларды дүрбөткөн бул кандай касиет? Махабатпы?! «Канча баатыр, канча 6oлсун акылман, ким сүйүүнү багындырган күч менен?» (Ү.Маматова) Эч ким! Акыйкатта адам: «Сага алданып калганыма өкүнбөй сага ишенип алганыма өкүнөм» (Ф. Абдалова) дейт. Ушул чынбы? Арийне, турмуш көп буйткалуу, анын баарынын себебин ким чечмелеп отурмак эле...

Өмүрдөгү биз узаган алыстык,
    Кайра тартар кыял эмес буюккан. 
    Кайсалаткан кездери көп тагдырдын, 
    Кимдер танып, ким бар дейсиз унуткан»

же

«Канткенде гана кайрылгыс унут калтырам, 
    Кайдыгер жанга табыштап койгон күндөрдү».

дейт автор. Мындай таасын поэзияны А. Узакова гана жаратышы мүмкүн. «Тиштин сырын тил билет» дегендей, «калды менде эсеп жеткис тирүү муң, ким бирөөгө бөлүшүүнү тилеген» (Р. Карагулова) болуп жүрүп мезгил өткөнүн элес албай, жалбырттап жүрүп жүрөгүн ооруткан акын «Жүрөгүм менен сүйлөшүү» деген ырында минтет.

«Азыр эмес. Азыр — оорубагын сен. 
    Азабымды тартып бүтө элекмин мен. 
    Айгай салган ушул албуут заманда,
    Жалгызыма али керектирмин мен...»

же

«Тайыз түшкөн кайыгымды караандап,
    Толкун жээктеп, чыйралайын мен» дейт. Бул уникалдуу саптар жалпы адамзатка тиешелүүлүгү менен баалуу. Бул өлбөстүккө умтулуу эмес, өмүргө куштарлануу, жашоого кумарлануу, келечекке жоопкер болуу. Асыл нарк кандай максатка умтулганы, аткарылганы менен ченелип өлчөнөт эмеспи.

«Түнкү асман» жыйнагындагы «Нурдинге» деген ырды алгач газетадан окуганда толуп-ташып, жүрөгүм туйлап кеткени эсимде. Кундуу ыр. Насаат сөз. Уулуна арналган осуят.

«Тегиңди теңине албас теңтуш чыкса, 
    Телмирип, жер карабай бийик болгун.
    Тектүүнүн бир жаманы болгонуңча
    Акыл-эс, билимиңди бийик койгун».
    «Байлыгың башың менен ченелээрин,
    Каралдым, эмитеден билип койгун».
    «Мени да кеп кылышаар сага кийин,
    Турмуш — бул өйдө төмөн кызык чийин.
    Тагдырым сенде жана ырларымда, 
    Калганын сезип, баалап өзүң билгин» дейт. Бул не деген акыйкат ачылуу! Дит багып, өмүр өтөлгөсүнө баа берүүдө. Жанагы чынчылдык дегенимдин бир учугу ушерде жатат. Кантип эле, өмүр деген аманат экенин кеч түшүндүк?! Табият киши эрежелерине баш ийеби? Анда бу турмуштун кызыкчылыгы не?

Адабиятчы болбогондон кийин А.Узакованы акын, адам катары ачууда чабалдык кылам го. Анткени, ыр — анын тагдыры. Кылымга сөзү калчу керемет акын Айгүл Узакованын мөлтүр кашка, ажайып нукура поэзиясын урматтаган чакан пикир бөлүшүүмдү мен кадырлап сүйгөн, кебелбес мыкты акын Роза Карагулованын теңдешсиз баалуу ыры менен символикалуу жыйынтыктайм:

«Өмүрдүн баары жаралса жалкы ааламга, 
    Тынчыбай алар түгөйүн издейт эмнеге, 
    Табылса танат, себеби аны ким билсин?» 
    Кейишет анан, кейүүчү себеп аз беле?.. 
    Махабат, сени макташса жүрдүк ишенип,
    Мээрбан десе, мээримдүү жылан экенсиң. 
    Умтулуп сага көп күйүп жатат жүрөктөр 
    Тана алгыс кылып баркына кимдин жетесиң?» («Капчыгай»)

2001-жыл, март,
    «Асылзат» газетасы

 

СУЛУУ БОЛУШ БАКЫТПЫ?

«Эненин сүтү, элдин тузу ыйык»
«Даңкка көппөгөн – даанышмандык, Атакка көппөгөн – акылмандык»
«Айтылбай калган кеп – жесир»
«Жалгыздык жанды жейт»
«Эстүүнү эне тут»
(Кыргыз макалы)

Бул баян-бир эле чыгармачыл, таланттуу сулуунун баяны эмес, жан дүйнөсүндө руху жалбырттаган, шык даарыган чыгармачылыктын миң азап тозогуна түйшөлүп мээнеттенген аялзатынын көбүнө ортоктош санаа, тагдыр. Сулуу болуш, көркөм дөөлөт жаратыш кандай керемет да, аны жүгү кандай азап, оор. Сулуукту коом неге коргой албайт же сулуулук олжонун бир түрүбү? Деги эле бакытка марып кеткен кимиң бар? Сөз ошо жөнүндө... Окуя таланттуу диктор, жазуучу, журналист Шарапат Турдакунова тууралуу.

Жетпей калса армандаткан, жетсе аягына чейин түтө албаган сүйүү кандай табышмак. Жан адамга айткыс асыл сөздөрүңдү, аруу сезимиңди арнаганың эмнеге кара турмушка таакат боло албай, баары бир мүдүрүлөт? Качан адам эмгегинен мурун жан дүйнөсү, жеке тагдыры изилденет? Чыгармачыл адамдарда бирин-бири жактырбаган өйдө-төмөн кайчы пикирлердин бар экенине карабай, элге аттын кашкасындай таанылган жаркын дикторлор Капар Алиев, Бекташ Акматов, Тамара Бакиева, Роза Рыскелдинова, Зарыл Мамбеталиева, Маргарита Булатова, Жолдубай Каипов, Сатыбалды Жээнбеков ж.б. ар бири изилдөөгө татыктуу тарыхый инсандар. Буларсыз кыргыз телерадиосунун жүзүн элестетүүгө дегеле мүмкүн эмес. Алардын бири Шарапат Турдакунова.

Кыялы-мөндүрлүү жаздай, ак көңүлү кармаганда андан өткөн жайдары адам жок, кара көңүлү кармаганда кесиптештери берген кошумча аты «Танка» дегенинин чындыгы бардай. Бетке чабарлыгынан тегерегиндегилер сезтенишчү. Азоодой туйлап ойлогонун шарт айтып калган чорт кыялы өз башына муш болуп кыжаалат болгон күндөрүнө ортоктош болдум. Оо, кийин телерадиодо чогуу иштешип калганда Шарапат эже бир нерсени мойнуна алып: «Баягыда, жаңы эле башкы редактор болуп келгениңде тиги шефке кирип, сени өлө жамандаганбыз. «Биз резервде турсак Кален Сыдыкованы эмнеге алып келдиңер» деп аябай догурунуп, кокологонбуз. Ошондо сага аябай уят болдук, жанагылардын тилине кирип, сени билбей туруп жамандаганыма азыр да уялам. Кечирип кой, ай» деп ичинде кирин сактабай каткырып калды. Биз ошо жамандап чыгышкандан кийин чыгармалары аркылуу жакындап тааныштык. Аңгеме, повесттерин, радиодрамаларын эфирден бердик. Радиодон айрым көркөм окууларды артынан кууп жүрүп окуттук. Албетте, чыгарманын азабын өмүр бою тарткан түйшүкчүл инсан менен бирөөнүн жазганын көркүнө чыгара окуп коюнун айырмасы чоң. А экөөнү бирдей алып жүрүү кызылдай машакат.

Далай жигиттер ашык болгон балбылдап жанган кара көз кимдин шайманын алып шаштысын кетирбеген. Күндө ар бир үйдүн ардактуу мейманы катары ажарланып, жагымдуу коңур үнү менен көгүлтүр экрандан жүздөшүп жүрөктөрдөн орун табат. Белгилүү теледиктор, маркум Роза Рыскелдинова телевидениени «тогуз жолдун тоому» деп таамай айтыптыр. Чынында эле кыргыз теледикторунун патриархы Роза эже айткандай: «диктор оюндагысын бүт жеткирип оюңа төгүп салыш керек. Анда айдай чырай менен бирге өзүнө тарта турган сүймөнчүлүк, так дикция, жагымдуу үн, сезгичтик, тилди жакшы билүүсү» актердук жөндөмдүүлүк менен бирге телекамеранын алдында эркин сезүү, тексти жогорку деңгээлде окуу же айтып берүү сыктуу чоң зээндүүлүк» жоопкерчилик, тубаса жөндөм талап кылынаары мыйзам ченемдүү. Шарапат эже патриарх Роза Рыскелдинованын формасындагы диктор эле...Бирок, эмнеге бир жарк деп жанып чыкты да ара жолдо ташыркап микрофондон четтетилди? Диктор катары көмүскөдө калды? Жалаң эле кесиптештеринин ичи тардыгы, бут тосуулары ж.б. жүйөөлүү, жүйөөсүз себептериби же жеке тагдыры, сулуулугу дагы жолтоо болдубу? Мамлекеттик деңгээлдеги сулуулук, талант, сүйүү аял үчүн бакытпы?

Ал тырмактайынан тирикарак, мээнеткеч болуп өстү. Ажырашып атасы баса берген соң, энеси эрге тийип кетип, ал кичинесинен ата-эненин мээримин көрбөй төркүнү Тору-Айгырлык Калыйпа тайенесинин колунда чоңойду. «Какаганга муштаган болуп» огожо кылган, калдайып калканыч болгон таенеси үч жыл төшөк тартып каза болот. 7 жашынан 14-жашына чейин мал тосмой, кезүүдө мал кайтармай, үй түйшүгү сыяктанган бүт жүк кенедей кыздын мойнуна түштү. Тирүүлөй жетим көрбөгөнү көр болду, жашабай жатып турмуш запкысын жеди. «Аяшаар тууган болбосо, акырын сүйлөп жатка жак» болуп, 14 жашында өгөй атанын кордугуна чыдабаган ал кичинекей балеткасын көтөрүп алып жалгыз Каракол шаарына качып барат. Эптеп сурамжылап жүрүп интернатка орношот. Интернатка жетимдерди алаарын айылдагы бирөөдөн угуптур.

Жетимканадан бой керип, көргөндүн көөнүн буруп калганда алгачкы ак сүйүүсүнө кезикти. Киоскиге гезит сатып алганы барып, шалкылдата чемичке чагып турса бир суйкайган сулуу жигит келип тийишип калат. Таанышат. Аны жаш жүрөгү эстен тана сүйөт, ал аны сүйөт. Көрсө таанышкан жигити өзүнүн Асан таекесинин үзөнгүлөш досу экен. Борбордон соода техникумунда окуп жүрүп практикага жаңы эле келиптир. Сырдуу махабаттын толкунунда апкаарып, айбыгып далай күндөрдү өткөрүштү. Бирисиз бири жашай албоочудай абалда калышат. Аруу сүйүү арбаганда тун сүйүүнүн аягы кандай болоору эч кимдин эсине келбейт эмеспи. Өңү түсү келишкен сындуу жигит Намазбек анын оозун алгачкы жолу аймалап өпкөн сүйгөн жары. Беш мүнөт көрүшпөй калса самашып, алар үчүн-бул дүйнө кооз, бактылуу эле. Тагдырдын буйругу болсо керек, эже орто мектепти бүткөндөн кийин азыркы эл артисти Д. Байдөбөтовдор менен бирге Москвага театралдык институтка тапшырып окууга өтөт. Тагдырдын кыйчылаш кысталаңын карабайсыңбы, багар-көрөрү жок жетим кыз Москвага билетке акчасы ж
ок, бара албай кендири кесилет. Өксүп ыйлаган менен колунан эч нерсе келбейт. Көп өтпөй ызаланган боюнча Намазбек менен кол кармашып Жети Өгүздүн Ак Терегине келин болуп түшөт. Андагы жаштардын бакытына чен жок эле. Ортодогу назик мамиле, алоолонгон сүйүү анын кыялдарына, тилектерине канат байлатты. Бактылуу турмушу ойдогудай өтө берди.

* * *

«Өтөгөндүн териси, өзү жатып ий болбойт» дегендей, жаш кызды дикторлук кесипке тартып, туура жол көрсөтүп акыл, насаатын айткан, профессионалдуулукка үйрөткөн алгачкы педагог-насаатчыларынын ана башы азыркы Кыргыз Республикасынын эл артисти, телерадионун көрүнүктүү режиссеру Турсун Уралиев аксакал болуптур. 1966-1967-жылдары режиссер анын шык жөндөмүн байкап, чакан-чакан балдар аңгемелерин окутуп көрөт. Козу, чычкан сыяктуу ролдорду берип балдар спетаклдеринде ойнотот. Актерлуктун сырларын иш жүзүндө өздөштүрүп, каныга баштайт. Радиодон «Даяр бол» радиогазетасын окуйт. Ушинтип сыйкырдуу дүйнөгө аралашып жаналектенип жүргөндө телевидениенин профессионал чыгаандарынын бири Азиз Исмаилов Шарапат Турдакуновага ыр окутуп көрүп «сенден жакшы теледиктор чыгат, жарайсың, бактыңды сынап көр» деп дикторлорду тандоо боюнча өтүп жаткан телеконкурска катыштырат, а кезде профессионалдардын бир ооз калыс сөзү, пикири эле тагдыр чеччү. «Жаныңдагы мазарга сыйынбай туруп, Меккеге ажы болом деп убара болбо» дегендей, өз дарамети, мээнети, шыгы менен акжолтой радиодон аттанса калыстарга жагып, көгүлтүр теленин көркүн ачып жарашып калды. Конкурстан шыр өттү. Телерадиодо иштеп демине дем кошулуп, көңүлү алып учкан менен көртиричилик көмүскө тоскоол болуп көрүнгөн ижарада баш калкалап жүрүп тажашты. Жаш бала менен кыйналышты. «Жеңилин жерден, оорун колдон алаар» же жакын тууганы болбоду. Дикторлукка баш оту менен бериле баштаганда Кыргыз телерадиосунун Ош областтык студиясы жаңы ачылып, ага ошоякка барып иштөө сунушталат. Ош студиясында дасыккан журналист, кыраакы диктор Азиз Исмаилов менен бирге иш баштады. Ал кезде Ош телевидениесинин төрагасы маркум Карыпбай Керимбаев экен. Жаңы ачылган телекомитетте жаштарга үй берилмек. Күйөөсү экөө акылдашып, баласын ээрчитип Ошко келишти. Шарапат Турдакунованын диктор катары ажары ачылып республикага кеңири таанылуусу, дасыгып калыптануусу мына ушул Ош студиясында иштеген учурга туура келет. Ордолуу Ош республикага дүңкүлдөп, дүңгүрөп эле чыга келди. Бир чети кыргызга телевидение жапырт жаңы кирип, сыйкырдуу өнөрдөй анын дөөлөтү, ооматы ашып-ташып, эл арасында өтө кадырлуу эле. Ал кезде өз ата-энесине ишенбесе дагы эл теле, радиого, гезитке абдан ишенчү, сыйлашчу, ыбаа кылышчу, коркчу. Анткени, ар бир сын материал териштирилип натыйжа чыкчу, жаза алышчу, иши жакшы болсо макталып көтөрүлүшчү. Иш кызык, түйшүгү түмөн, кадр аз. Бирок, мыкты кадрлар жан аябай катуу иштешти. Ар биринин ишке болгон кумарлануусу, жигери ошончолук күчтүү болот. Чыгармачылык ич ара атандашуу, ич күйдүүлүк дагы бар эле. Бул жылдар эженин тагдырында бактылуу, ташы өйдө кулаган, сүйүүгө балкыган сүйүктүү жар болуу жылдары болуу менен бирге, турмуштун тажаал сыноосу дагы болду.

Төрөп түшүп тургандыктан алар үч балалуу болушту. «Жакшы түмөндөгөн миңге керек» болуп кесибинин шарапаты менен Шарапат эженин диктор катары даңкы таш жарып көрүнгөндүн көзүн кызартты. Жанын койбой сөз айтып, «бир имере кучактап койнума алып жатсам, меники болсо» деген ууру кыяз ошол кездеги советтик-партиялык (азыркы «демократ», бизнесмендер) жетекчилерде басымдуу болуп ар ким ага жармашты. «Көчкөндө төөсүн комдоп, өөрүүдө үйүн оңдошчудай» жетсем дегендер астынан тосуп гүл сунушту, жанга жагым кооз сөздөрдү сүйлөштү, асмандын башын убада кылышты, канчасы артынан аңдышты. «Күлүккө күн салганча, байталга бак берсин» деп, өз сүйүп алган жарына канаат кылбай, көзүнө чөп салгысы келген жүрөнөөктөр ага ачыккандай жабыша берип тажатышты. Анан «одоно мамиле, орой мүнөздү жаратат» болуп көбүн кагып-силкип салса дагы ач кенедей жабышкандарын коюшпады. Жаңылыштыгыбы же жаштыгыбы: айтор, ушу дарбып, артынан чуркаган аягы суюктардын кылыгын күйөөсүнө жашырбай, даап ачык айта албады, жашырды. Күдүк сөз күчөгөн сайын «өзгөгө сени бергиче, өлүгүм чыксын койнуңдан» (Коргол) деп сүйүүдөн өрттөнгөн күйөөсү кызганычтын каражаңжалын чыгарды. Ал дагы душман көзүнө тирек, калка, намыз болуп «катыны жакшы жигиттин, кайда жүрсө көөнү ток» деп аялынын абийирин арам менен адалдан ажыратып чындыкка тике кароонун ордуна эркектик сокур намыска алдырды. Аялынын этегине эрбешкендердин ириген оозунан чириген сөз чыгаарын, кээси «мышык майга жете албай жатып сасык дээрине» ичтен түшүнүүнүн ордуна, бүлүнүп отуруп берди. Жаш бүлөө «кол сынса жең ичинде, баш сынса бөрк алдында» боло албай, эрегишип ыдырап ары кетип, бери кетип турушту...

Өзүмдүн «Насыя нике» деген китебимде жазганым бар: «...Биздин коомдо адамдагы сулуулук-кор, аны талашат, басынтышат, уурдашат, акыры жеп тынышат. Эч кимиси сулуулукка суктаналы, аздектейли дешпейт ага жетели, алалы, тырпыратып колдонолу дешет, акыры талкалашат. Көтүн көкбөрү тартышат. Тарп кылат. Оору жугузушат, аракеч кылышат, көп нерсеге аргасыз мажбурлашат, анан шылдыңдашат». «Сулуу аял-трагедиянын баш каарманы, өмүр бою кызганычтын, көралбастыктын, барктабоонун токмогун жеп, азап чегип куугунтукталып жүрүп өлөт же жалап болот». «Сулуулар өздөрүн коргогонду билишпейт, ошон үчүн кор. Дүйнөнү өздөрүндөй таза, сулуу кабыл алгандан алданышат. Боё. Ач көздөр алардын көкүрөгүн кирдетет, жасалмалуулукка үйрөтөт. Сулуулар сулуулуктун азабын, мээнет-мүшкүлүн тартып жүрүп өтүшөт. Улуттук сыймык экенин өздөрү дагы билишпейт. Кыргыздын таланттуу далай мөлсулуулары сулуулуктан жапа чегип ит өлүм менен өлүштү» (75-бет). Мүмкүн, амалкөй сулуулар деле кездешээр. Бирок, сөз таланттуу сулуулар жөнүндө. «Ар нерсеге ашык болгончо, бир нерсеге машык бол» деп кыргыз жөн айтпайт көрүнөт. А «сулуулуктун түбү-кор» дегени эмнеси?

* * *

Атактуу дикторду көбү урматташчу, сыйлашчу. Арасында чындап жетине албай «жаман көздөн, жаман сөздөн» сактагандар дагы бар эле. Жаш сулуунун ооматы келип жер баспай турган менен, көкүрөгүн ачыштырган андан башка дагы арман күүсү бар эле. «Төшөктүн тардыгы-тардык, көңүлдүн тардыгы-кордук» дегендей, жан дүйнөсү жабыкты. Экөөнүн ортосундагы ажырым экинчи жактан активдешип, эми сымбаттуу Намазбекти башка аялдар колдон талашып, койнуна жатканга кумар болушту. Шарапат Шарапат болуп кемелине келип турганда машиналарын казкатар алдына тартып аны жула талашса, эми кычагансып, эрин аялдар көрүнө азгырып, арак жуткуруп, артынан ээрчип ойноштукка өздөрү кол сунушту. Жубайлар экөө тең сымбаттуу, сулуу болсо ал дагы куу турмушта азап көрүнбөйбү. Максаттарына жетиш үчүн «аялың муну менен жүрөт, тигини менен жүрөт, минтип атат, тигинтип атат» деген ушак айыңын көбөйтүп бузуп атышты. Экөөнүн жалындаган арзуу сезимин кызганыч, таарыныч ээлеп, таң аткыча териштирмей, бири бирине актанмай, бири оор үшкүрсө, бири буркурап ыйлап, бир элдешсе, бир урушуп азан-казан болуп атты. Тирешүүлөр күчөдү. «Алышкандын ичинен, алсызы калат күнөөгө» болушпады. Экөө тең жалындап жанып турган убагы. Кызганыч сүйүүнү талкалай турган эң айлакер, коркунучтуу жоо курал экенин билишсе дагы, эбин табышпады.

Кыргызбай «жылуунун муздашы бат, муздактын жылышы кымбат» деп бекер айтпайт. «Окшошконго мушташкан» болуп кызганычка арак ааламаты аралашты. «Ичкилик арты өкүнүч», мүмкүн, ит арак аралашпаса дагы турмуш башка нугуна бурулат беле, ким билет. Арак-экөөнүнүн сүйүүсүнүн орду толгус чоң трагедиясы болду. «Таранчы жеген таруунун, бөдөнө тартат азабын» болуп, анын ичкен арагынын азабын, кордугун үйбүлө тартты. Жабыркашты. Жаш үйбүлөгө-кызганыч, арак жана бузукулук аралашкандан өткөн катастрофа жок да. «Түсү ирдүүдөн түңүлбө» деген макал, сыягы, биздин элде арак чыга электе чыкса керек. «Турнадан бий койсоң, кыйтуу кетпейт башыңдан» болуп, бүгүн арактан азап чекпеген, кор болбогон үйбүлөө барбы? Анан, Арак Бий көңүлдүн гүлүн тебелеп тепсеп күлүн көккө сапырды. «Ачуу душман, акыл дос, акылыңа акыл кош» болбодубу. Дөөлөт толгоноордо ачуу акшыңдайт эмеспи.

Көркөм көрөңгө мезгил тандабайт. Чыгармачылыгы кычап жанталашып жазып жүргөн учуру. Кээде шык дагы көөрү төгүлгөн устадай кыйчалыш учурда оргуп-баргып төгүлүп эсти эңгиретет. 1970-жылы анын «Бул менмин, апа!» деген спектаклин кыргыз телевидениесинде Кыргыз Республикасынын эл артисти Амантай Ниязалиев коюп, элге чыгармачыл жүзүн ачып берди. Анын аңгемелери мезгилдүү басма сөздө, альманахтарга жарыялана баштады. «Шылтоого шынаа табылып» көтөрө чалуулар, жабышуулар кайра көбөйдү. Жубайынын итиркейин, жинин келтириш үчүн атайын гүл көтөрүп чуркап чыгып, эрин көзгө илбей бетинен өбүүчүлөр, калп көшөкөрлөнүүлөр, бура бастырбаган жалпактоолор, катынпоздор отко май чачкандай кылды. Кызганычтан жалындаган эри аракка күчүн чыгарды. Үйдө күндө ааламат, кыяматкайым. Шарапатка жетпей калгандардын жаманатысы, чагымы муну менен эле бүткөн жок. Ушакка, каралоого туруштук берүү дагы чоң эрдик! А бирок, ал эрдикке жүрөгүн жанчып ким чыдай алат? Даңктуу бүлөөлөрдүн талкаланганы дал ушул жердеги түйүндө. Намысы бар шаа, эр жүрөк, кең көкүрөк жигитти аял ушерден чындап эңсейт...

* * *

А түгүл Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун орус тил факультетин бүтөөрдө баягы анын ычкыр кашатына жетпеген эрендер дөгүрсүп аны мамлекеттик экзаменден кулатканга абдан аракеттеништи. Мыш кылгысы келишти. Таланттуу катындардын убал-сообунан коркпой аны оюнчук кылгылары келгендер көп болот. Азыр дагы жакшы, бири-бирине оппозициядагылар жеке кызыкчылыгы үчүн бири-биринин бузукулугун ачып аны каршылашына күч, курал катары колдонушат. Анын бүлөөсү бузулабы, бузулбайбы, сөз болуп калбайбы алардын иши жок, пенделик мүдөөсүнө жетпеген соң, теңсинбей койгонунун азабын тартырып өч алыш керек! Басынткысы, багынткысы келишет. Көк жал аялдар бар экенин энешпейт. Бирок, өз сулуулугуна өзү курмандыкка чалынып, жазыксыз жаза тартып турса дагы көк беттенди. Көгөрдү. Айтканынан кайтпаган ит кыялы кармады. Зачет, экзамендерин билимине жараша тыңгылыктуу койдурбай түйшүк тарттырып, салпактатып артынан ээрчитишти. Дүйнөдө жакшы адамдар бар, ошолордун аркасы менен убагында Тагаев, Бессоловго окшогон ак ниет, интеллектуалды барктаган инсандар жардам бербесе, балким, окуусун бүтпөй деле калмак экен.

«Көрүп койсо күлдү деп, күлүп койсо сүйдү деп» деген арсыздардын бирге экиге кошуп жаманаттылоосунун туу чокусу бу болду: «Шарапат Турдакунова Кытайдын шпиону экен, Оштун туалетинен түйгөн чачына каткан аппараты менен Кытайга сигнал берип жаткан жеринен кармалыптыр» дешкени эл-журтка дуу дей эле түштү. Бул ыкма аны далайга тамтаңдатты, шагын сындырды, аңдууда калды. 1976-1980-жылдарга чейинки «шпион» аттыккан кезинде КГБдан корккон тууган-тушканы, жакын санаалаштары ага такыр жолобой калышты. Аны кайгы басты. Бир гана курбусу-Ош жибек комбинатынын токуучусу, ошо кезде Жогорку Советтин депутаты болгон Наталья Боронбаева гана корккон да саткан да жок. Мамилесин үзбөдү. Диктордун ошондо адамдарга болгон ишеничи бир сынды. Көрөалбастар тарабынан атайын уюштурулган мындай шанташ Түркмөнстан, Казакстанга чейин угулуп ал жакта которулуп чыккан жаткан чыгармалары тып токтоду. Тыю салынды. Чыгармачыл санаалаштары дымып калышты. Анын жазгандарын эч бир басма басканга даабай «бакпай балээңден» деп жалаадан коркушту. Чыгармачыл жолу бир топко буулду. Бат эле элдин ага болгон шаабайын, суктануусун суутабыз дегендер аракетин уланта беришти. Ал кесиптин курмандыгы боло берди.

Сыягы, ушерден «шпион» дегендеринин бир илинчеги бардай. Көрсө, кичинесинде таштап кеткен өз атасы уйгур экен. Бирок, эне жааты кыргыз болгон соң тайлары тарбиялашканын, өстүргөнүн билгиси келишпеди. Ал убакта идеология күчтүү болуп Кытай менен жаман мамиледе тургандыктан, Уйгур автономиялуу чөлкөмү менен байланышы бар деген кыязга жакындатышкан окшойт. «Шпион» десе эл ишене турган өтө актуалдуу курал эмес беле. Чынында, совет мезгилинде эл шпиондон коркчу, жек көрчү. Кинолордон, китептерден шпион кармап, биздикилер дайыма жеңгенине канча моокумубуз канбады. Ачык айтылбаса да ушул тымызын «ал уйгур» деген өгөйсүнтүү, четке түртүп кою, сыртынан басынтууну сезиле калганы бар. Аны мен «ынак» кесиптештеринин оозунан далай кулагым чалган. Анан «шпион» сценарий боюнча азап тартат. Бут тоскондордон, өзүнө мергенчилик кылгандардан өзүн коргой албай же эрин колдон талашкан ойноштордон, арактан тартып ала албай ичинен күйүт тартып ооруйт. Тоголок арызга, ушакка, шыбышка шыктанган КГБ эки күндүн биринде аны, жолдошторунан бери суракка алат. А «шпион» шпион эмес экенин канкакшап айтып Москвага, ЦК КПССке чейин жазат. Аялдар ишин караган космонавт Валентина Терешковага арызданат, жардам сурайт. Анын Кытайдын шпиону экенин далилдей албай КГБ суй жыгылат. Илинчек табалы десе алардын шоруна же өзүнүн бактысынабы, Шарапат эже кытайча же уйгурча бир ооз сөз билбей кууратат. Жогору жактан ишаарат болдубу же өздөрүнүн көзү жеттиби, акыры, КГБ анын шпион экенин далилдей албай тынышкан соң деле эл оозунда күдүк сөз кала берди. Анан оңойбу, темирдей катуу идеологиясы, тартиби бар, колтоюп дүйнөнү титиреткен СССРден эле шпион чыгып Ош студиясынан чыгып сүйлөп атса...

* * *

Аракка биротоло ооп алган жубайынын жүрүш-турушу бузулду. Бирөөнүн үстүнө кирип алды. «Катын эрден чыкса да, элден чыкпай» ызадан муунду. Намысы тепселип кан жутуп турса дагы сыр билдирбеди. Сүйүүгө чыккынчылык арына келтирди. Ким үчүн таза болууга умтулчу эле? Ортодон кара мышык аралаган соң чөктү. Күчүн ыйлап жазган чыгармалардан чыгарды, бирде күйдү, бирде сүйдү. Башка кесир баарынан жаман эмеспи. «Жуурат төгүлсө жугу калгандай» ортодо чиедей балдар турса, оңолоор деген үмүт курган көңүлдө сакталат. Бир жолу мен оңуту келгенде Шарапат эжеден тамашалап сураганым бар: «Ошончо дүңгүрөп, көзгө түшүп, колдон суурулуп турганда анча-мынча жаңылып жазган жоксузбу?» десем бир каткырып алды да: «Адамдын бузукусу адам» деген чын. Күйөөм тигинтип баса бергенде, эрегишип ортодон азгырылган учурум болду», – деди. Бирок, «өгөөгө бергис бүлөө бар, экөөгө бергис бирөө бар» экенин кеч түшүндүбү же бир нерсени алдын ала сездиби же балдарынын убал-сообунан корктубу, айтор, кыя албай «адашкандын айыбы жок, кайтып үйрүн тапкан соң» дегендей, күйөөсү өз бүлөсүнө келди. «Калган көңүл качкан куш» болуп орто коолдоп калган эле.

Көп өтпөй Намазбек автокырсыктан каза болду. Табыт башында эженин көз жашын көлдөтүп ыйлап турган сүрөтүн көрүп жүрөк сыздады. Көкүрөгү күйүттөн арылбады. Кантсе дагы жолдошу тиреген тирөөчү эле. Ишенген дубалы урап түштү. Анын мөгдөгөнүн көрүп көрөалбастарынын жүзү жаркыды, табалашты. «Шпионго» ушул керек эле. «Бычактын мизинде оодарылган дүнүйө» ушундай оопасыз экен го...

* * *

Болуп өткөндөр аны стресске алып келди. Кан басымы көбөйүп, башын көтөрө албай ооруп жатты. Арманы аттын башындай эле. Анын көзү жаштан арыла электе, күйүтү тарай электе «сүйгөндөр» албарстыдай кайра артынан ээрчишти. Аялы өлгөн же ажырашкан, ажырашпагандар бири аялым бол десе, бири ойнош бол деп көрбөгөнүн көр кылды. Кезек талашып, кызганып, гүл сунуп кара, ак, сургулт волгаларын жиберип күчкө салгандардын көпчүлүгү чоң кызматкерлер эле. Башынан эле сулуу кыз, алгыр куш, мыкты ат элде талаш туудурат эмеспи. Даңктын туткуну болгон шордуу сулуу бу дүйнөдөн кечип салайын десе балапандай жөжүрөгөн үч наристесин кыяалбайт. Булар дагы томолой жетим калабы? Өзүнүн тирүүлөй жетим өсүп мээнет, түйшүктөн арылбаган жаны аздык кылабы? Же арка-бел тутаар өз тууганы болбосо.

Биринчи сүйүүсүнүн трагедиясы аны эстен тандырды. Чыдатпай ооруган башынын азабын тарткан соң, а кездеги башкы врач, кийин саламаттык сактоо министри болгон Бекмурза менен санаалаш болгондуктан ага келди. Арманын айтты, ден-соолугуна даттанды. «Өзүң дарыла, сага гана ишенем» деди. Экөө акылдашып, чарчаган нервди дарылоого киришти. Өзү келип нервооруган жерди дарылай турган ооруканага жатты. Баарынан чарчаган, тажаган ал ден-соолугун чыңап, эс алып чыкты. Мунусу кийин «ургандан тап берген жаман» дегендей, ич күйдү кесиптештерине түгөнгүс күл азык болуп: «ал психдиспансерге жатып чыккан» деп шыбырашып, табасы канганга шарт түздү. Бул сөз өзгөчө жаңы келген кызматкерлерге жашырын сыр катары айтылат. Бирок, өзүн көргөндө жадырап-жайнап, жаркылдап учурашып, жармашып бетин өпкөндөр мындай чыгып катыра жамандашат. Дегеле, чыгармачыл адамдар, окумуштуулар, жаны тынбаган саясатчылар, өлүп-тирилген чыныгы бизнесмендер өтө чарчап чаалыкканда, түмөн түйшүктөр акыл-эске көп жүк түшүп нерв жукарганда, жабыр тартканда нерв ооруканасына дарыланаары кадыресе көрүнүш. Нервди дарылай турган жер болгон соң чындап акылы айныгандар да келет. Бирок, бул жерге көрүнгөндүн баарын жинди деп кооптонуу же атайын ушак таратуу бери эле болгондо, оору кадырын сыйлабагандык, адепсиздик.

1982-жылы күйөөсүнөн түбөлүккө ажырап, артынан баягы ажыкыс сөздөр ажырабагандан кийин кайра Фрунзеге (Бишкекке) үч баласы менен келип түштү. Үй жок. Дагы талаада калды. Баса, Ош телевидениесине Шарапат Турдакунованын ордун басып жылдызы жанган дагы бир диктор Анаш Кадырова калды. Кийин далай «Ыр кесенин» көркүн ачып, адабий-музыкалык көрсөтүүлөрдү алып барып жүрдү. Жеке мүдөөдөн алганда анын дикторлугу үй-бүлөөсүнө зыян гана алып келди. Же көптүн көзү тийдиби? Бирок, сагынганы-микрофон. Ал үчүн микрофон-бакыт, аны көргөндө ээлирет, толкунданат. Чыгармачыл жандүйнө өтө татаал, катаал дагы. Чечилбеген, көзгө көрүнбөгөн түйүнчөгү көп, түйшүгү түмөн, дайыма кызылдай мээнет коштоп жүрөт, өзүнчө жандуу оору. Гүлгүндөй чагында он жылдай башы ачык жүрдү. Бойдокчулукта жалган ушак көп болот экен, эми накта кызыл өрттүн ичинде калды. «Эри жокко этеги да душман». А кезде азыркыдай эркин мораль, этика жок болчу. Көзөмөл катуу, тоголок арыздын күнү тууп турган учур. Эмне деп гана жамандашкан жок, ким көрүнгөн сөз айтып колунан тартпады. Ырсактабады?! Жел сөздөр желип жортуп жүрдү. Бирок, эч кимиси анын дагы бактылуу болууга укугу бар экенин, сүйүүгө жана сүйүлүүгө адам жараларын, анын дагы бир пенде экенин эстешкен жок. «Жаман сөз жан кейитти». «Жакшы сөз-суу, жаман сөз-уу» тура. «Турмуштун туткасы аял» болгон соң, илгери үмүт менен кол сунгандар көңүлүнө туура келбеди. «Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» болуп кантсе дагы бир суу кечип нике көргөн жубан оңой менен киши жактырбады. «Калың токойдон камчы сап табылбагандай» көңүлүндө болсо да, жанга курбу, өзүнө ылайыктуу, балдарына баш көз боло турган жар табылбады. Тим эле көңүл ачыш үчүн артынан чуркагандар самандай сапырылды. «Жакшынын кылыгы артык, жамандын былыгы артыктарды» көрдү. Эң негизгиси, белин ийип чыгармачылыгына назар таштады.

* * *

Көшөрүп эмгектенип «Алтын дарбаза», «Толкундар» деген китептерин басмадан чыгарды. Айтылуу Гайып паңсаттын уулу, саяк уруусунун таланттуусу, кыргыз телевидениесинин чоң билермандарынын бири, Республиканын эл артисти маркум Балташ Каипов анын «Жаңы жомок» деген спектаклин чоң ийгилик менен койду. Бул драмасы республикалык драматургдардын конкурсунда кызыктыруучу сыйлыкты жеңип алган. Шарапат Турдакунованын «Аргасыз сапар», «Өгөй» радиодрамалары, «Ак куулар сени сагынаар», «Жашыл жамынган көчө» деген повесттери турмуштун чындыгынан алынып жазылган. Жарыкка чыгарууга даярдалып басмада жаткан «Жогорку нотадагы сөздөр» сатиралык аңгемелер жыйнагы, «Прости меня незнакомка» деген орусча китеби, «Арман» повесть, драмалар жыйнагы анын чыгармачылык жолунда түйшөлүп келатканын айкындайт. Чыгармаларында бу жалган дүйнөнүн ак карасын ылгап, абийир, ыйман, дегеле турмуштун көп кырдуу сүрөтүн тартып ойго салат. Ар биринин өзөгүндө турмуш чындыгы жатат. Сезим кылдарын черткен автобиографиялык мүнөздөгү образдар дагы жок эмес. Бу киши диктор катары көрүүчүлөрдүн аңызында болгон менен, адабиятчылар анын чыгармачылыгын электен калыс өткөрүп өз баасын бере элек. Баамымда, эл дагы Шарапат Турдакунованы айжаркын диктору катары билген менен жазуучу катары окчун билгенсийт. Мүмкүн буга чыгармаларын өз убагында чыгара албаган «шпиончулук» жеке тагдыры дагы көлөкө түшүрүп, себеп болгондур. Отуз жылдык чыгармачылык өнөрүндө артист катары радиодо жүздөн ашык чоң, кичине ролдорду ойноду. Эмгеги бар болсо дагы убагында алчу наамын ала алган жок. А мүмкүн, азыр дагы кеч эместир...

Жалаң ушак айыңдан тажаган ал жалган айыптардан кутулуу үчүн турмушка чыгууга көңүлдөнөт. Бар тобокел дейт. Экинчи бүлөө күтөт. Жубайы кезинде республикага таанымал белдүү кызматкер эле. Чыны калканч издеди. Жолдошу Абдыкасымдан айбыгыштыбы ушак тыйылды. Ага жетпей жүргөндөр «тандаган тазга тийиптир» болуп, «бизди чанып жүрүп өзүнөн отуз жаш улуу чалга тийиптир» деп ич күйдү сөздөрдү чыгарышты. Бүлөө жаңыртуу оңойбу, анын дагы оомалуу-төкмөлүү жактары арбын болот тура. Айтылуу акын Алыкул «отуз жаштын ары жагында таза сүйүү жок» экенин туура айтыптыр. Өгөй ата, өгөй бала проблемасы далай көз жашын төктүрдү. Болоор болбостон чыккан ыйкы-тыйкы аны алсыратпаса кайратына кайрат кошкон жок! Житип кеткендей эл көзүнөн оолактап «ушу жетимдер качан адам болуп өз колунан өзү аш жээр экен» деп тилек кылып саргарды. Жаш, сулуу аялын кызганган абышканын кыялы бир шумдукка айланып, айласын кетирсе дагы чыдады. А мүмкүн жаш сулууга чындап арзыган чыгаар... Ортодо кылыгы көп Каныкей деген кыздуу болушту, анан көрүп ал, абышка чындап төгүлдү, эбедейи эзилди наристесине. Анда деле популярдуу кишиге айла жок турбайбы, артынан күдүң-шыбың сөз чыгып, «айрымдары» абышканын кудуретинен шек санашты. Ишенбей келип атайын көргөндөрү болду. Кыскасы, факты изилденип жатты... Кыздары бой жетип, турмуш куруп неберелүү кылды, уулу эрезеге жетип билим уулап жер кезип жүргөн учуру. Ал Абдыкасым ава менен 15 жыл чогуу жашады. Абышкасын жерге берди. Каныкейин караан тутуп кала берди. Жесир... Жесирчиликтин көр азабы өзүнчө түйшүк. Өмүрдүн өктөө учурлары өтүп быйыл эже 50 жашка толуптур. Бир аз бырыш аралаган жүзүндө сулуулуктун катаал азап-тозогу жазылгансыйт. Бүтпөй калган сүйүүнүн уландысын жашоодон издеп келет...

* * *

1984-1987-жылдары «залкар» дикторлор, «дос кесиптештери» аны «өтө сүйүп» телеге жолотпогондуктан радиодо диктор болуп жүрдү. КГБга «буга микрофонду ишенүүгө болбойт» деп жүрүшүп ортодо ага редактор болуп каттар бөлүмүндө иштеди. Ал бүгүн тележурналист. «Ата журт» редакциясында баяндамачы. Кудайга шүгүр, кезинде тизгин талашып өз дараметине жараша телерадиодо профкомдун төрагасы, балдар бөлүмүнүн башкы редактору болуп жүрдү. Изденүүнүн жолунда «Аялзат», «Ишкер айым» деген көрсөтүүлөрдүн үстүндө иштеп, орчун проблеманы көтөрүп келатат. Аялзатка журналистика азабы алты, көп мээнети талап кылган өзгөчө кесип, элдин трибунасы болуп коомдук пикирди калчаш, интеллектуал кеңешчи болуу тирүүлөй тозок. Ошо тозок алардын атын эл арасында калтырат. Кимдин ким экенин таасын көрсөткөн сыйкырдуу күзгү. А сынбаган күзгү болобу?

* * *

Канча эл аралап жүрсөм да «мобул бактылуу сулуу» дегенди эшите албадым. Кор болбогон кайсы сулууң бар элим? Аңгиликтен, ачкөздүктөн качан арыласың, кыргызым? Кызы, энеси кор болгон эл эч качан оңолбойт дешет. Аны кор кылган ким? Ач көздүкпү? Барктабообу? Же тайкы тарбиябы? Деги эле сулуулук бакытпы?...

1997-жыл, 18-сентябрь
    «Периштем» газетасы

 

ЭРКЕКТЕР ПРОСТИТУЦИЯСЫ

«Элдин ар-намысы, адеп-ахлагы 
аялга болгон мамилесинен билинет» 
(В.Гумбольдт)
«Аялды карайлап алба, абайлап – ал»
(Кыргыз макалы)

Нарксыз коом кандайча башталып кетти? Дегеле бизде нарк бар беле? Өлкө венерологиялык ооруга толуп чыкты. Генефонд коркунучта калды. Африкада СПИДден 13 млн.адам өлдү. 24 млну СПИДдин вирусун алып жүрөт. Казакстанда ушул азыр 1200 адам СПИД, анын 70 өлдү. Кыргызстанды бул оору аралады. «Улуу сөздө уят жок» дейт эл. Мүмкүн, уяттуу делип айтылбай эчак уяты кеткен нерсени ачык айта турган учур келгендир. Коом трагедиясына айланган бузукулук, жалапчылык, ойношчулук абийирди иритип-чириткен башат эркектер проституциясы жөнүндө 1997-98-ж. «Жол», «Аягы суюк эркектер», «Ойношчулук оорубу...», «Токол», «Күч күйөө», «Олжо катын», «Тирүүлөй жесир» деген макалаларымда айыптап, себебин изилдеп, кескин пикиримди коомчулукка алып чыктым эле.

Бузукулукка кандай чара керек? Мыйзам кабыл алып, аны катуу көзөмөлгө албаса алакандай эл ХХ1 кылымда кырылып калат. «Шарияттын» «Өзүнө зулум арам» бөлүгүндө: 86. «багып-көрүүгө байлыгы жетишсиз жана эки катындын ортосунда ынтымакты камсыз кылууга кудрети жок туруп экинчи катынды алуу күнөө, арам» деп тыюу салынат. КР Закону боюнча 1998-ж. 21-сентябрда кабыл алынган «Уголовный Кодекстин» 20-глава, 153-статьясы боюнча: эки аял алгандар эки жылга кесилет. 154-статья боюнча жашы жетпегендерди мажбурлап ала качып алып жашаса 3 жылдан 7 жылга чейин кесилип түрмөгө түшөт. Бирок, жалапчылык кылып денесин саткандар, ойношчулук кылып оору жугузгандар ж.б. жөнүндө мыйзам жок. «Курандын» 24 сүрөөсүндө айтат: «2. Аягы суюк сойку менен жүрөнөөк бузуку эркектен ар биринен жүздөн балак алып сабагыла. Аларга аёо болбосун, шариятта ушундай айтылган. Аларды жазалаганда кудайга сыйынгандар бүт катышсын. 3. Көрүнгөнгө баш уруп, көрүнгөн менен ойногон шуркияны ойношчул эркек алсын, а этеги ачык шерменде эл журттан чыккан бетпакка тийсин». 17-сүрөөдө: «34. Ак никени бузуп ойнош күтпө! Анткени, бул жийиркеничтүү ыплас жол, адамдагы арам ой».

Жалапчылык кылган эркектердин категориясы: байлар, бийликтеги чиновниктер, арам байыган бекерпоздор, туруктуу маянасы бар мамлекеттик кызматкерлер, эл башчылары жана анын жардамчы жан жөкөрлөрү, түбү туруксуз бузулгандар ж.б. Адепсиз нраваны, бузукулукту жогорку чөйрө өздөрү баштагандыктан коомго терс таасирин тийгизип үй бүлөө дегредациясын күчөтүүдө. Элди аң-сезимдүү таза, ыйык сезимге, ыймандуулукка тарбиялоого, тунук махабат сезиминин озуйпасын аздектөөгө, сактоого чакыруу зарыл милдет. Бүлөө кризисин болтурбоо мамлекеттин негизги парзы.

Адам шатман, жууп-чайыгандай жароокер мамилеге, жаркыраган жакшы көңүлгө куштар болот. «Алган жарың жаман деп, ашканды кайдан табасың» болсо деле кээде илинчээк издейт. Көңүл кургурдун арсыздыгы ушул. Турмушта беш кол тең эмес, кээде мыкты эркекке жаман аял туш келсе, кээде тескерисинче. Баарынан жаманы, эри баркына жетпесе «кызга бергис жубандардын» кор болгону. Тилекке каршы, мындайлар жосунсуз дейди заманда арбыганы өкүнүчтүү. «Жакшы эрге жаман эр, жары менен теңелет» болуп, турмуштун алгачкы кыйынчылыгын, түйшүгүн чогуу тартып, карандай чай ичип жүрүп үй-жай, байлык күтүп бала-бакыралуу болуп, коомдо белгилүү кызматтык же социалдык абалга жеткенден кийин айрым эркектердин ошол азап-тозогун, жетишпеген көр дүйнөсүн көп тарткан жубайын таштап өз жанынын жыргалчылыгын көздөп жаш аял алган ойт берме турмушу түпкүлүгү акыйкатпы? Адам башын аттап кесир кылган, балдарынын убалынан коркпой кешигин соолткон киши башканын кадырына жетип кастарлай алабы? «Аялдын жаманы атыңды булгайт, эрдин жаманы элди булгайт» болуп элге көбүрөөк кесири тийип, жаман жосунду жайылтканы канча зыян. Токол алууну ачык пропагандалаган, терс багыт берип жоопкерсиздерди, эси жок ала көөдөктөрдү, көпкөндөрдү, аягы суюктарды, өзүнө өзү корстон болгондорду, ойлонбой тууроочуларды желиктирген эркектик (бузукулук) психология, кырчаңгы кубаттоо арамзалар тарабынан күчтөндү. Буга сасыган интеллигенция шыкакчы болууда.

«Аял башка кыйынчылык түшкөндө тоодой арка, жүрөктө сүйүү оту жанганда — мыкты сезимдердин энеси» (М.Горький) деп таамай айткан. Бирок, ырыскылаш болуп бирге жашап, бир сындырым нанын тең бөлүшүп жеп, наристе көргөн аялга чыккынчылык кылуу кандай оор?! Аялы туруп аял алганды коомчулук эмнеге жектешпейт? Далай ооз көптүргөн, маданияттуусынган интеллигенция аялдарды кор кармап абийири кетип турган учуру. «Кызга бергис жубандардын» эрлерин карап туруп алардын ала көөдөктүгүнө, эссиздигине, канкордугуна, кызылкамчылыгына, көрпенделигине ичиңен кан өтүп арман кыласың. Кайран өмүр арсыздардын тепсендисинде калыптыр. Кыдыр даарыган, насилинен дөөлөт кетпеген асыл айымдын ичи күптүү болуп, ызага муунуп, жети өмүрү жерге кирип, кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болуп арманга, муңга толгон жан дүйнөсү кишини ичиркентет. Алар «жокту бардай келтирет, эчен мыкты катындар» (Мураталы) делгендерден эмеспи. Кадырлашуу деген бул -чоң адамкерчилик, таза абийир, урматтоо, арзышуу деген сөз да! Бул сезим эмнеге мынча таңсыкка айланды? 
Эгер жаш келгенде эр тарабынан чанылып же башы аттала турган болсо өмүр бою анын азабын тартып сүйүүнүн, ага жеке тагдырын курмандыкка чалуунун же көп бала төрөп азаптануунун (жакшылык көрбөй) түйшүктөнүүнүн зарылчылыгы барбы? Жан дүйнөгө мындан өткөн чоң жабырлык жоктур. «Аруу сөз жан тыяр, ачуу сөз жан кыяр» дегендей, өмүрдүн куну ажырашуу менен чектелеби? Салбар, салынды катын болуу тирүүнүн тозогу, кордуктун жеткен чеги, адам башын кемсинткендик. Ошондуктан «бүлөөнү бузган оңбойт, эгерим эки болбойт» деп эл айтат. «Жаман карыган сайын жашарат», «Эр улан болбойт, ат кунан болбойт» деген дагы кеп бар. Бу «эркекке ишенгенче эки босогоңо ишен» деп илгери кыйын катындар бекер айтпаган окшойт.

Адам ортосунда арзуу, ишеним, берилгендик, бири-бирине таянуу болуш керек. Эрди катындын ортосундагы мамиле «сактай билсең-миң күндүк, сактабасаң-бир күндүк» экенин таназар алышпаганы өкүнүчтүү. Эмнеге эркектер кыз алган жарынан качышат? Улгайган сайын эмнеге башкага умтулушат? Себеби миң түркүндүр, жүйөөсү да бар чыгар. Айрым пикирлерге караганда, аялдары алардын кыбыр эткен бардык кемчиликтерин билишет. Алардын эгоисттик, эркектик терс элирүүлөрүнө, дардаңкүлүгүнө эч жол беришпейт. А тигилер дайым акылдуу, кеңеш айтып турган кыраакы, сак, коргоочу аялдарынан бир аз окчун болуп жылт койгонду, эркин болгонду каалашат. Өзүнчө болуп, акыл үйрөтпөгөн, бирдемени өтө эле колко кадыр кылбаган, акылы кыскараак, түйшүксүз чалчаңдап эркелеген, тажрыйбасыз, жашыраак кыз келиндерди өздөрү багынтып, аларга көзүр эркек болууга куштарланганы, көйрөңдөгөнү, өзүн баары колунан келчү, ишенимдүү, каадалуу көрсөткүсү келгени— алардын алсыздыгы, тымызын үмүтү. Ошентип, алар өз аялдарынан бир аз оолак, жашырын эс алабыз деп атып аңга түшүшөт. «Төшөктөн үрккөн эр жаман, көнөктөн үрккөн бээ жаман» деп кыргыз неге айткан? Себеби ушул: үй бүлөө бузулбасын деп коргогон, сактандырган, алдын ала эскерткен. Ушунун баары турмуштук тажрыйбадан келип чыккан. А абийирдүү болуу, ала жипти аттабаган туруктуулук, ишенимдүүлүк ар кимдин эле колунан келе бербейт тура. Ошондуктан келген өмүр, берилген нике -аманат, насыя. Аны билген, баалаган ким бар?!

«Балык башынан сасыйт» болуп, тигинтип элита, авангард интеллигенция чирип, сасып, бузулуп атса атпай журт кайда барат? Никеге ишенип төрөп түшкөнүн колко кадыр кылып, мурдунун суусун жерге чаба ыйлактабай аялдар өз бактысы үчүн күрөшүп, өзүн да карап коомду өз колу менен кура турган учур келбедиби. Негизинен азыркы көпкөн кыргыздар, дейди эркектер, дөгүрсүгөн аңгилер шарияты, законду, абийир-адепти эске албай ойнош-токол күтүп адепсиз бузук жашоо күтүүдө. «Бирөөнүн катыны бирөөгө кыз көрүнөт» болгон ойношчулук андан бетер күчөдү. Токол алам деп бүлөөсүнө бүлүк түшүргөн Кыргызбайга тээ илгери Асан кайгы минтип жооп бериптир: «Алганыңды жаман деп асылды кайдан табасың?». Кантмек эле «үй бүлөөлүк турмушта негизгиси — чыдоо...» (А.Чехов), «Нике турмушунун алтын эрежеси -чыдамкайлык менен кечиримдүүлүк» (Е.Смайле) деп эркектер зайыптарды жоошутат. Бирок, өнүккөн ХХ1 кылымда мындай кордукка, адам укугун кемсинткен, басынткан акмакчылыкты кечирүүгө дегеле болбойт. Илгеркиден заман миң эсе өзгөргөн. «Калган көңүл качкан куш» эмеспи. Чектен ашып кетиш, эсирүү, көпкөнчүлүк акыры бүлөнүн ырысына чычуу, балта чабууну эч ким колдобойт. «Жашында жигит октолот, жашаганда токтолот» дейин десек, картайган сайын байлык, бийлигине чиренип кутурган, бүлөөсүнө кусур кылгандар көбөйүүдө. Токолдор менен ойноштордун торуна чалынбаган эркектердин башынан суу айлантып чачпаган менен «суунун жолун ким бөгөөр, эрдин жолун шум бөгөөр» дегенди акыйкат айтып, нысап менен арзуу сезимин, бүлөөсүнүн ишенимин коргоп, кастарлап «жигитке жар кымбат, намыс менен ар кымбат», «жакшы зайып-жарым ырыс», «жакшы жар жайнаган дөөлөт» дегенди көңүлүнө түйө жүрдүрүү ашыктык кылбас. «Эки уйлуунун үйү -айран, эки аялдуунун үйү ойрон» экенин эстүү эркектер эчактан билишет. «Катынды күтүп албаган — күң кылат». «Эттин тагы кетет, көңүл тагы кетпейт». Чынында Түгөлбай Сыдыкбеков айткандай: «салтсыздык адамдын өз башын кунсуз кылат». Бул тегин сөз эмес.

«Атадан алтоо болсоң да ар жалгыздык башта бар». Ар кимдин көңүлү, табити, көз карашы, адаты, кыялы, ышкысы, ыкмасы дагы ар түрдүү. Жубайлар мамилени тыгыздап, аздектеп, кастарлап сактабаса улам кемиген, сынган көңүл, зак түшкөн этиетсиздик «шайы кеткен шакирт окуудан кечет» кылат. Баарынан жаманы «билбейт» деп сокур ынанып көзгө чөп салуу. «Кыңыр иш кырк жылда билинет» эмеспи. Эч качан эч нерсе билинбей калбайт, жамандык жерде жатпайт, тескерисинче, тез жетет. Анан «сүйүүдөн калган көңүлгө эч кандай каар тең келе албайт». Жубайлардын ортосундагы чыккынчылык болгон соң арабдар айтмакчы: «ысык суу бир кезде тонгонун унутпайт». Кек, өч күчөйт. Кызганыч деген чоң жоо чыгат. «Күйүккө дары табылат, акыры күйүткө дары табылбайт». Катыгүн, эл бекеринен «ырылдашып жашаган үй-тозок» деп айтышкан эмес. «Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт» дегендей бир жолу жаңылганды ким болсо да кечирээр. А эгер адат болуп, жоопкерчиликсиз мамиле бузукулук, жалапчылык улана берсе «айнып кеткен дос эмес» дегендей «никелешип бирге жашап бактысыз болгондон көрө, бактыбыздан көрөлү деп ажырашып кеткен дурус, эмне дегенде бирин-бири алдоодон кутулушат» (А.Рубенштейн). «Жакшы жар жанга шерик» деп бакыт көксөгөндөргө ажырашуу идеал эместир. «Сүйүүнүн миңдеген жолу болот жана ар биринин өзүнчө жыргалы, кууралы, таалайы, шору, жарыгы, оору болот». (К.Паустовский), таза сезимдин кереметтерин бузгандарды табият өзү кырсыктатат, кесирин кустурат. Турмуш ушундай жаңылуулардан тышкары болбогондон кийин «тиштин сырын тил билет» деп аз өмүрдө кадырлашып жашаганга не жетсин! Аны жамандар билеби?!

«Алганы жакшы марыйт, алганы жаман карыйт» тура. Байрон «сүйүүдөн бүткөн дарт, өлтүрбөгөн менен эч качан айыкпайт» деп эң туура баамдаптыр. «Бармак басты, көз кысты» жашоону дили тазалар көтөрө алышпайт, кырды бычак болуп кыйылып түшөт, тагдырын бузат, андайлар жүзү караларга жарашат. «Тойсуз үй болсо дагы, ыйсыз үй болбойт» шекилдүү «аял менен эркек бири-бирине азгырык, ушундай болгон жана боло бермекчи» (Ж.Вашингтон). Баарынан мыктысы -сүйүшкөн таза жүрөктөрдүн бекем ишеними, туруктуу берилгендиги.

«Көп бүлөөчүлүк»— үй бүлөөлүк ачык проституция. Буга чек коюп официалдуу никени коргоонун зарылдыгы чыгууда. Жыныстык жагынан жуккан жугуштуу оорулардын басымдуулугу ушундай туруксуздуктан, жанжоролуктан (ойнош), шермендечиликтен (жалаптарды сатып алуу же сатылуу) болууда. Катуу закондоштурулган нике контракттын бекемдөө никеге мамлекеттик кепилдик берет. Ислам Кыргыз конституциясын дискредитациялап, бузуп, жокко чыгарып кылмыш кылып аткандыктан, закон жүзүндө ага мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүп, катуу тартипти колдонуу зарыл. Бейнике экинчи бүлөө күткөндөрдү, жүзү караларды айыптап, кылмыш ишин козгоо керек. Бир никелүү туруктуу үй бүлөөнү гана мамлекет, эл тарабынан сакталышы элди деградациядан, дискредациядан, бузулуудан, ыймансыздыктан сактайт. В.Г.Белинский айткандай: «опосуз сезим-айбандык сезим, ал адамды ойрон кылат» дегени чын. Анткени, эркектердин опосуз, ыймансыз сезимине ыктагандары акыры жакшылык деле көрбөйт. Каргыш баштарына тийип, турмуштан жолу болбой, болсо ден-соолугу, иши болбой бир жери кемчил өтөт. Балдардын, бүлөөнүн убалы тынч уктатпайт.

«Үшүгөндү шишиген жетелейт» болуп санаа, ыйман, заман катарлаш бузулуп ыдырап турганда минтип жыныс саткан шермендечилик күч албадыбы. Улуттук менталитетти эске алып буга каршы парламент закон кабыл алып тыйбаса, абийирден эч нерсе калбайт. Мисалы, денесин саткандары 5 жылга, сатып алган эркекти 7 жылга кесип, түрмөгө түшө турган кылса, тыйылат. Же жалапчылык кылган эркекти гана кесе турган болсо желпилдегендер тыйылып, коом оңолмок. Нравага, моралга да тартип болбосо коом бекем болбойт. «Карыдан уят кайтса, жаштан ыйман кайтат» болуп турат. Калжаңдаган карылар карлыгачтай кыздарга көз артып напсисин агытууда. «Малга ылаң, адамга илдет заманга жараша келет» деген чын окшойт. Канча азап-тозогун тартып, түйшүгүн көтөрүп, агартып ак уул, кызартып кыз тууса дагы куу чирендигин койбогон, теңсинбей келекелеп, какшыктап кактабай канын соруп ыдык көрсөткөндөрдү, басмырлагандарды көрүп «аккан суунун кадыры жок» деп күйөсүң. Анткени, «бузук адам баарын өзүндөй көрөт» (И.Кант) дегендей, алар адалдан айып издегенге маш. Ойношчулук, жалапчылык, бачачылык кутургандай ачыкка чыкты. «Айкалышып уктасаң, ай жарыгы түн кызык» дегендей, бүт дүйнө никелүү эрди-катындын мамилесин жамандап жокко чыгарып, жалаң ойношчулук менен жалапчылыкты, никесиз токолчулукту даңктай берсе никесиз коом курулбайбы? Жанагы аялын чанып жаш катынга үйлөнгөн 50, 60дагы абышкаларды орустар «третий сорт — не брак» деп коюшат экен. Токолго качыргандардын баарын аялдарынан ыдык көргөндөр же өмүр бою аялдан кор болуп бактысыз болгондор деш туура эмес, тескерисинче, көөп көзүнө эч нерсе көрүнбөй, аялын чанып, ажырашпай эле бирөөлөрдүн үстүнө кирип алган шерменделер. Тирелген, суйсалган балдарын көрүп туруп, алардын жолдошторунун, курбуларынын алдында шагы сынып, намыстанганын ойлоп бүлөөсүнө кесир кылгандардын жосунсуз жоругун эч нерсе менен актай албайсың. «Жаман чыкса күйөөсү убайым болот келинде» (Өтө) дегендей, «энеден бир, турмуштан миң тууласың». Канткенде чириген, бузулган кыргыз нравалык, адеп жагынан оңолот?

Заман тарыгып аялзатынын мойнуна оор мүшкүл түшкөнү зайыбын кулдай эзген, анын эсебинен дардаңдап жашаган күйөөлөр арбыды. Катындар ит көрбөгөн кордукту көрүп, көзүнүн жашын көл кылып, үшкүрүнүп эптеп бала-бакырасын багуунун алекетинде. Кыргызда ит жандуу зайыптардын бардыгына ырахмат, антпесе ушул азыр жан бага албай улут тыптыйпыл жоголуп кетмек экен. Ичи муңга толуп, көзү жашка толуп, көзү көгала болсо да иттин уулу Байгараны итерип түртүп салбай, кайра эр көрбөгөндөй өлүп-талып бапестеп багып эр кылып жашаганына таң каласың. «Жамандын жары болгуча, жайдагым жакшы» дешпейт чиркин. Өлөрман менталитет деп ушул жубандардын эрдигин айтыш керек.

Ушу иткордукка чыдаган аялдардын көбү башынан эле эри тарабынан сүйлөшпөй зордукталып ала качылып келгендер, же ата-энеси кудалашып бергендер ошондо эле алар тагдырларына таарынып баса бербей эки анжы болуп арасат жашап келсе, эми деле эрлери үйгө тээк, баш көз болуп бакпаса дагы аларды багып эптеп жашамай оокатын өткөргөндөр. Огожо кылган күйөөлөрүнүн көбү ичкиликке, ойноштукка же кумар менен урууга, бекерпоздукка берилгендер. Алар «ээрге отурганда эле көчүгү кыйшык болчу» дегендей, турмуш курганда эле өз турмушуна кайдыгер карап, алагүү болуп топтошуп алып эптеп бирөөнү ала качып келип, кемпирлердин кармашы менен жоолук салып жашап калгандарына шүгүр кылгандар. «Ат алсаң минип ал, аял алсаң сүйүп ал» дейт эл. «Окшошконго мушташкан» дегендей, энөө, эринчээк, жалкоо, ышкоо, тартынчаак жол билбегендерди, мококторду базар турмушу ого бетер темтеңдетип өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып «тирүү болуп жерде, өлүү болуп көрдө жок» кылды. Күйүп бышпаган, аракет кылбаган куунасип илендилерге өтө кыйын болду. Үрүп чыгаар ити жок. Түйшүк, азап менен тапкан аялзатынын ташыганы көзүнө көрүнбөй, алардын күндө тапканын күндө ичип алып оолжуп мас болгон «эр кылып, эл уулу менен тең кылган» катындардын өлөрчө сабаган кызыл камчылардын кордугу күчөдү. «...Балалуу катынга камчы көтөргөн эркек акмак». «Акылдуу болсо алганың, кулпунтуп сыйлап жакшы бак» дейт элдик накыл. «Кадырлаш болуп жүрбөсө, адамды адам сагынбас» (Арстанбек). «Жакшы нике-бул күн сайын кайра курулуп туруучу имарат» (А.Моруа).

«Арык атка туз бербе, акылсызга кыз бербе» дегендей, азыр үй бүлөөдө мушташуу, кызыл кыргын болуп сабашуу, кызганчактан өлтүрүү, жаман сөз айтып көңүлүн көчкөн журттай калтыруу, кор тутуу, коркутуу көбөйүп баратат. Ушунун баары турмуштун начардыгынан, жакырчылыктан элеби же ортодо сүйүү жоктугунанбы? «Алы жетпеген акыретчил» дегендей, башы жарыла сабоо жеген, көзү башы көгөла болгон эле баягы «буту бейиштин үстүндө турган» шордуу катындар. «Жаман болсо алганың, асыл жаның кор кылат» (Калыгул) деген чын. Дагы эле ошолор түтпөйт, боор тартат, кечирет, кейийт, азап тартып ири алды чыйпылыктайт. Бул «эрди-катын урушат, эси кеткен болушат» же «эрди катын чабышат, эртеси күнү табышат» эмес, бул – кордук, бүлөө трагедиясы! Жан дүйнөлөрдүн ажырашы, чочундоо, кадырлашпай калуу! Бала эмес, өзүн карабагандарга, намыссыздарга, өзүнө ишенбегендерге ишенген, аларды мойнуна көтөргөн кайран гана кыргыздын кор болгон кайратман катындары, шоруңар арбын, таалайыңар тайкы экен... Заман эң кыйын болгондо кыргыздар кыздарын сатып күн көрөт, 1916-ж. Кытайга канча кыз бир ууч талканга сатылып калбады беле, азыр, кыздар өзүн сатып кор болууда. «Сүйүүсүз өткөн өмүр -таштак жерге өскөн куу жыгачтай» (Индия). А сүйүүсүз жашоо кунарсыз.

«Жакшы кушка жаман куш, бабы менен теңелет. Жакшы кызга жаман кыз багы менен теңелет. Жакшы эрге жаман эр жары менен теңелет» деген эл сөзүндө калет жок. «Итти күчүгүм десең оозуңду жалайт» дегендей, суу тумшук эркектердин аягы суюктугун кечирейин десең, кайра эле ит адатын карматып илдет жугузат. «Аргымак атың качаган, бизди азап бир үчүн жасаган» деп бүлөөдөн көңүл калган аялдардын арманы чыкты. Бир аялын бага албай жатып, бакмак турсун алып келгенин жөндөп ичип-жеп берип жөн жашабай, ырысын көтөрө албай бүлөөсүн таштай качып экинчи бир аялдын үстүнө кирип жашамай дубана пейил эркектерге адат болуп бараткансыйт. Улам бир аял менен жашаган сайын өзүн алдап «бактымды эми таптым» деп тантырап, дөөрүгөндөр бар. Берки аял дагы ысыгы тарап чарчаганда, эрден эмгек этүүсүн талап кыла баштаганда оту күйүшпөй дагы бир көңүлдөшүнүн үстүнө коңултак кире качып кутулушкан жан багаардын тобу бар. «Ар немеге бир неме, кул күйөөгө күң жеңе, мамилеси бир теңге» (Калыгул) деген ушуларбы? Бир кыжалаат: аялдар качып кеткен эринен сот аркылуу ажырашкан менен алимент ала алышпайт, анткени, алар эч жерде иштешпейт. А аталык парз алардын канына сиңбеген. «Жамандын сообуна, жакшынын убалына калган» бул не деген заң-заман? «Көңүл калган адамдын, көлөкөсү да сүйкүмсүз» дешет, «каңгыган эрге барганча, казылган көргө бар» деп тили буруулар бекер айтышпайт экен го. Турмуш чындыгын эл өзү: «эки эчкиң болсо үйүң толо быштак, эки аялың болсо, үйүң толо мушташ» дейт. Бул илгеркилер басынткандай: «катын жаманы эр коруйт» эмес. Сыягы «адеп барчылыкта-калыптанат, жетпеген турмушта бузулат» окшойт. «Алган эри жарашса, кара катын ак болот» дешет. Ушундай жарашкандар көп болсо гана атаганат. Азыркы аялдардын бузулушун, сатылышын жамандап, жек көргөн менен аны бузуп аткан, пайдаланып сатып алып жаткан эркектер экенин эске тутсак, ириде эркектер проституциясынын жолун бөгөп, катуу чара көрүү зарыл. Албетте, муну окуган эркектер бир топ чычалап, аксынымыш этип ичинен авторду ашата сөгөөрүн бөркүмдөй көрөм. Бирок «абийир миң күбөгө татыйт». Акыйкат ачуу болот, аны ар ким адил кабыл ала бербейт.

Үй бүлөөлүк ойношчулукка кеңири жол ачып көп никеге жол берген мусулманчылык ачык проституциянын гүлдөшүн шарттаган. Бул турмуш чындыгы ар бир доорго тиешелүү азап. «Башы карга болгондун мурду бок чокуйт» дегендей, эркекмин дегендин баары эле бир кылка ургаачыны кемсинтип, басынтып сүйлөп өз дараметтерин, дымагын көтөрө чалып дөгүрсүгөнү канча. «Көпкөн киши басыгынан билинет» болуп «кесирдүү ооздорунан кесепеттүү сөз чыгат». Жакшылыгына сүйүнүп, жамандыгына күйүнгөн, кыйчалыш учурда жеңилин жерден, оорун колдон алган жубайдан өткөн дили таза түбөлүк дос барбы? «Жакшы түгөйдүн жаны башка болгону менен дити бирге» (М.Сервантес). «Кадырлаш болсо зайыбың, картайса да кыз менен тең» (Калыгул). Жан дүйнө табияты эркек, ургаачынын бири-бирине тартылуусу, эриш-аркак айкалышуусу табигый болгон соң ар ким өзүн башаламан булганч алып жүрбөстөн, жоопкерчиликтүү сезип таза сактанып жүрүүсү бүгүнкү оорулуу коомдун ачык шарты, талабы, зарылдыгы. «От менен ойнобо, шок менен тойлобо» деп эл аста-секин байыртадан эскертип келет. Аялдарда дагы айып жок эмес, ал өзүнчө чоң сөз.

«Ойнош оттон ысык, боктон сасык» деген макал бар. Бабаларыбыз «оюн барып чын болот, ойнош барып тим болот» деп каниет кылганы патриарх доордо ажырашууга укук болбогон соң «тим болсо» болгондур. Бирок, азыр ойношчулук үйдүн «ырыс алды ынтымагын» бузуп күйүткө айланып, бүлөөсү бузулууда. Бул кечиримсиз. Өзбектер «жаман менен жатпа, сырыңды эч ачпа» деп эскертишет экен. Азыр ойношчулук ишкер мүнөзгө өттү. Иш боюнча, базар боюнча өнөктөштөр ойнош болуп калышууда.

Кара далылар, ажырашкандар, туудубийкелер «көр көкүрөк жигиттен, эр көкүрөк чал артык» деп тамыр күтүшүүдө. Же катталбай эле жашай берүү. Же «ыржың кызга тыржаң күйөөбү?» Бул араң турган бүлөгө «арык атка камчы жоо, жыртык үйгө тамчы жоо» дегендей эле кеп. Анткени, буга эркектер бат ыңгайлашат, ошого өлүп-талып умтулуп жеке кызыкчылыгын көздөшөт. Дейди турмуш күтүп, улам бирөөнү төрөтүп жылт койгон арсыз аталар да арбын. «Өңгүл-дөңгүл жер курусун, экинчи тийген эр курусун» деп көбү жеңилирээк деп ойнош күтүп жатышкандары мына ошондон. Мындай наадан мамилени жактагандар да аз эмес. Анткени, көбү материалдык, социалдык колдоо табышат. Муну тыюга мүмкүн болбогон соң аны ар кимдин абийир сотуна коёлу. Чынында көңүл иши көп тарамдуу, жолу буйткалуу. Башы бош ойношун токол атагандар бар. «Эне тыйган кыз эмес, эндик тийген бет эмес» дегендей, этеги эчак ар кимге тебеленген, эптеп эрге тийди аты керек болгон «күйөөнүн аты менен күл ташыга» жамынган же «көрүнгөн көк бөрү тарткан» жубандар дагы бир кыйла. Жөн аялдарга караганда буларда эркектерге карата артизм, жагынуу ж.б. үстөм.

«Айдай чырайыңды иттей кыялың бузат» дегендей, бирөөнүн бактысын талкалоо, бирөөнүн бүлөөсүн тартып алуу же бузуп алуу эң жаман жоосун эмей эмине? Ар ким «эмне мен бактылуу болууга акым жокпу?» дешеер. Аларды бактыдан кур калсын деген эч ким жок, бирок, анын өз жолу бар эмеспи. Бирөөнүн ыйынан, каргышынан, наалатынан, убалынан эч ким бактылуу боло албастыр. «Тең теңин тапса гана деңиздей чалкып жашайт» (Эсхил). Бу түйшүгү түмөн кишинин «сегиз күндүк өмүрдүн, тогуз күндүк иши бар» дегени туура. Өзгөрмөлүү коомдо антигуманисттик багыт күчөп, аялга приватташтырылган жандыктай мамиле кылуу дөөдүрөгөн эркектердин тыңсынуу, үстөмдүк жаалын күчөтүп аялзатка кадырлоо аң-сезимин өксүк калтыргандай. Тийген эри жарашпаган далай асыл зайыптар бар. Бир тобу куру намыс үчүн ичинен сыздап кор болсо, арбынынын асыл теңи жок, таалайы тайкы.

«Күнүнүн күлү жоо» дегендей, бүлөөгө бүлүк салган ойношчулуктун чыгуусунун себептери эмнеде? Жан-дүйнөнүн туруксуздугубу? Коом дегредациясы, туруктуу моралдын алынып салынышы бейнике, жүрдөөктүктү шартадыбы? Ачык проституцияга каршы качан закон кабыл алынат? Морал качан турукташтырылып мамлекеттик саясатка айланат? Же ойношчулук, жалапчылык коомдун айыккыс оорусубу? Эмнеге жогорку эшелондогу чоңдор улуттун жүзү, мамлекеттин жетекчилери, депутаттары экенин унутуп моралдык жагынан бузулуп адепсиздиктерин көргөзүшүүдө? Адепсиз болушса алар ошол мамлекеттик чоң орундарды ээлөөгө моралдык укугу барбы? Моралдык Кодекс качан иштелип чыгат? Үй бүлөө эркиндиги деген ойношчулуктун, шермендечиликтин күчөшүбү? Эркектер проституциясы гүлдөгөн Кыргызстанда моралдык тартип качан оңолот? Туруксуз мораль, нрава туруксуз инсанды гана чыгарат.

«Абийирди корккондуктан сактоо, абийирдүүлүккө жатпайт, абийирди коркпой сакташ керек» (Овидий). Ал эми «жүрүш-туруш-адамдын өзүн көрсөтө турган күзгү болгондон» (И.Гете) кийин бүгүнкү эркектердин бүлөөдөгү ээлеген орду, адеби кандай? «Эрди-катындын эрегишинен эр өлөткө» бараткан жокпузбу? «Айыбын жашырган алыс узабайт», ошондуктан, ХХ1 кылымдын куттуу босогосунда бир жолу күбүнүп-силкинип, тазаланып, пейилибизди, адебибизди оңдоп, ыйманыбызды издеп барууга кудретибиз жетеби?

2000-жыл, июль
    «Асылзат» газетасы

 

ПРОФЕССОР БОЛЖУРОВА

«Издене бергенден из калат»
«Билимди билгенден, бийикти көргөндөн сура»
«Көз көрбөгөндү көңүл билет»
«Баасына жараша – барк,
насилине жараша – нарк»
«Жакшы жар – жайнаган дөөлөт»
(Кыргыз макалы)

Мен Ишенгүл Садыковнаны 20 жылдан ашык билем, анын он жылын бир институтта чогуу иштөө менен өткөрдүк. Билгеним ушу: «Эстүүнүн эне тут» дегендей эле бар. Ошондуктан, өзгөчө сыйлайм. Ылайым асыл башы аман жүрүп, бар болсун! Бийик адамкерчилиги, жетекчилик айкөлдүгү, кенендиги, шардыгы, билиминин тереңдиги, кылдат мамилеси менен айырмаланат. Бир кезде партияга өтүп жатканда дагы бир ооз жакшы сөзүн айтып, мага рекомендация берген устаттын бири. Оор басырыктуулугу, бала дегенде үзүлүп түшкөн энелик мээрими, жубайга карамдуулугу, барктай билгендиги жагынан дагы алдына адам чыгарбас зайыптын асылы. Өзгөчөлүгү: бир тыным албаган жеткен мээнеткеч, бир ишти баштаса аягына чейин майын чыгара иштеген аракетчил, андан оң жыйынтык чыгарган өлөрман, өтө принципиалдуу инсан. Намыскөйлүгү ченде жок, иш бүтмөйүн түйшүктөнгөнү түйшүктөнгөн, эл бир эсе иштесе ал беш эсе көп иштеп жаны сеп албайт. Дээринен активист, калыс, жумушунда компетенттүү. Ал үчүн майда нерсе жок, кыбыр эткендин баарына көңүл бурат. Ал мындай кудуретти, энергияны кайдан алат билбейм, таңкалам. Анткени, ошол жылдары мен журналист катары кыргыз улуту, мамлекети үчүн башы ачыла элек чыр, батынып айтылбаган көйгөйлүү саясий жабык темалар боюнча «эмгектүүнүн эмгеги байлык, билимдүүнүн пикири байлык» дегендей, аны менен бир нече жолу аңгемелешкем, айрымдарында интервью даярдап газеталарга чыгаргам. Социалдык экономикалык маселелер боюнча жер-жерлерди бирге кыдырганбыз. Ошондо чын ыкласынан энедей күйүп-бышып баарына таза, жеткилең, индивидуалдуу караган асылзаадалыгын байкагам.

Тегинен саясатчыл, дипломат, уюштургуч. Ишенгүл Садыковна тубаса зээндүү, дээрлүү патриот жетекчи. Анткени, «тыянак чыгара турган максатты көздөгөн акыл-баарынан мыкты акыл» (В. Гете) эмеспи. Мындай инсандарды мезгил өзү тандап чыгарат. Кудай бийик акыл-эсти, орошон көрөңгөнү ошон үчүн жаратат тура. Бекеринен чоң окуу жайларында көзгө басаар жалгыз аял ректор болбосо керек. А мүмкүн чоң кайын энеси Курманжан датка энебиздин арбагы колдоп, жылоолоп жүргөндүр. Мындайда мансабын байлыкка сатып алган, чиренген эркектерден көрө асыл башы бар аялдын эле жетекчи болушу артыкпы деген ойго да кетесиң. Илгертен инсан катары изилдене турган көкүрөгүмдө образы бар.

Ишенгүл эже Түптүн Тасма айылында 1951-жылы туулуп, он бир балалуу үйдө өстү. Балдардын улуусу болгондуктан ата-энесинин тирөөчү болуп чоңойду. Мектепте алдыңкы окуучу болуп далай олимпиадаларга катышты. Ошентсе да, каникул учурунда иштөөчү. Биринчи жолу айлык алган күнү эсинен такыр кетпейт. Бешинчиден окуп жүргөндө, жайында кыркында иштеп 17 рубл алганы, ал акчага фарфор чайнек алып келип апасын кубантканы эсте. Сиңдилеринин баары жакшы ырдоочу. Бош убактыларында ата-энесине, кошуна колоңдорго концерт коюп беришчү. Балалыктын дүйнөсү таза, үмөткөр, кыялкеч болот эмеспи. Сиңдилери ыр аткарарда олуттуу какайып туруп минтип жарыялашчу экен:

— Баланча ырды СССРдин эл артисти Тажике Болжурова аткарат... Анан эң кичинекейи куштарлана көңүлдүү ырдачу. Беркилер шатырата кол чаап кубатташчу. Ошо мажрүм талдай назик, кичинекей кыздар азыр ар кимиси өз турмуш жолун улап балдарга эне, асыл жар.

Дүйнөлүк залкар жазуучу Л. Толстой «Тарбия менен билим берүүнү ажыратууга болбойт. Билимсиз кантип тарбия бере алат, ар бир берген билимдин тарбиялык мааниси болууга тийиш» дегендей, Садык ата элдин тарыхын, санжырасын жакшы билген куйма кулак сөзмөөр киши эле. Кечинде кобурап балдарына көп нерселерди айтып берчү. Бу келечектеги тарыхчы Ишенгүлгө таасир этип, жети атасынын ким экенин, кандай уруу аксакалдары бар экенин жаштайынан билип өстү. Көрсө чоң энеси Болду саяктын чоң манабынын кызы, чоң атасы Иманалы-белгилүү бий болуш экен. Көл өрөөнүнүн кадырлуу аксакалы, чоң таятасы Кыдыр аке 1903-жылы Санкт-Петербургка уюштуруу съездине барып келиптир. Ишенгүл мына ушуга окшогон турмуш сабагын алып, көкүрөгүнө аздектеп чоңойду.

М. Ауэзов айткандай: «Эл менен элди, киши менен кишини теңештирген нерсе — билим» эмеспи. Чет өлкөгө жана республикага кеңири белгилүү окумуштуу, көрүнүктүү коомдук ишмер, мыкты устат педагог, таланттуу ректор, профессор И.С. Болжурова 1973-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факультетин артыкчылык диплому менен бүтүрөт. Анан М.В. Ломоносов атындагы мамлекеттик университетинин аспирантурасына өтүп К. Маркс (80 сом), Лениндик (100 сом) стипендия алып окуйт. Бүтөөрү менен кандидаттык диссертациясын коргойт.

«Согушта мылтык кандай керек болсо, жашоодо билим ошондой керек» (Н. Крупская) болуп, ошо Москвада окуп жүргөн жаштык кезинде көпкө умтулуп, түрдүү маданиятты түшүнүүгө дилгирлигинен арбын нерсени үйрөнүп калганга үлгүрдү. Мисалы, 1974-жылы Москвадагы Пушкин музейинде Леонардо да Винчинин «Мона Лиза» айтылуу нагыз сүрөтү көргөзмөгө коюлат. Сүрөт Парижден Японияга алынып кетип бараткандыктан, кыска мөөнөткө көргөзмө ачылыптыр. Көрөбүз деген каалоочулар көп, күнү кечке түгөнбөгөн кезек. Ошондо Ишенгүл эжелер амалданышып, бирге окуган индиялык курбу кыздарга кошулуп музейдин элчилер менен чет өлкөлүктөр кирүүчү башка эшигинен кирип көрүшүптүр. Кезексиз көрүүгө куштарлангандар «орусча билбейбиз» деп хиндиче сүйлөшүп алдашкандарын эстеп жылмайган.

Азыр эже кыргыз адабиятынын классиги, таланттуу акын Жоомарт Бөкөнбаевдин келини. Жаңыл, Айжан деген кыздары ата-энесинин жолун жолдоп илимдин, билимдин артынан түшкөн эстүү кыздар. Жаңыл Америкада Университеттен окуп ошо кездеги Президент Билл Клинттондон грамота алган. Москвада эл аралык байланыш институтунда магистратурада окуп, Борбордук Азия коопсуздугу боюнча диссертация жазып жүрөт дейт. Айжаны болсо Кыргыз-Славян университетинде алдыңкы студент. Ишенгүл эже жубайы менен жолдош кызынын үйүндө музыка угуп отуруп таанышып, бирин-бири жактырып үйлөнүшүптүр. Ишенгүл эжени жана анын кайын ата, кайын энесин билгендер жылуу пикирлерин айтышат. Эженин кайын энеси Кыргыз Республикасынын эл акыны, кыргыздын асылдары Жоомарттын, Муса Адышевдин жубайы Тенти Адышева эле. Тенти апа Ишенгүл эжени кызындай жакшы көрчү, зээндүүлүгүн, эстүүлүгүн, тирикарактыгын сыйлачу эле дешет билгендер. Акын Кубат ырдагандай:

«Койкоюп көлдө жуп аккуу сүзөт,
    Соносу учат чүрөгүн күсөп,
    Сулуулук толгон дүйнөнү жаным,
    Ээрчишип жүргөн эгиздер түзөт» дегендей, жубайы Кулубек ага дагы кыргыздын мен деген жигиттеринен. Ал дагы илимдин доктору, профессор, философ жана лирик, журналисттик дагы таланты бар нагыз инттелигент. «Жакшы жар жайнаган дөөлөт» дегендей, бактылуулардын тагдыры биригет тура.

«Билимдүү болсоң озоорсуң, билимсиз болсоң осолсуң» деп эл бекер айтпаса керек. Профессор мырзайым кадыресе эле катардагы орус тил институнун республикадагы эң мыкты деген үч окуу жайынын бирине айлантып койду. Кадыр-баркы эл арасында өстү. 1997-ж. БГУ мамлекеттик аттестациядан ийгиликтүү өтүп, бардык адистикке даярдоого лицензия алышты. Университеттин курулушу оңдолду, жатаканалар капиталдык ремонттон өттү, окуу-техникалык база бүгүнкү заман талабына айкашты. Окутуучулардын курамы талапка жооп берет. 280 окутуучунун 73ү илимий даражага ээ жана 7 адам илимдин доктору, калганы илимий даражасы жок болгон менен илимий-педагогикалык иште чоң тажрыйбасы барлар. Акыркы эле беш жылда (1994-1998-жж.) университет тыштан 648 нуска басылма алды. Факультеттерде 40814 китеп бар. Келечекте ар бир адиске фундаменталдуу билим берүү толук кабинеттик системага өткөрүү планы турат. Акыйкатта, окуу жай олимпиадаларда дайым алдынкы орундарда келатат. Кезегинде Ф. Шиллер айтыптыр: «билимдин жыргалчылыгы үчүн жүрөгүн садага чапкан адам-жыргаган адам» деп, анысы кандай И.С. Болжурованын жеке инсандык байланышына, аракетине, мамиле түзө билгендигине байланыштуу БГУда чыгыш тануучулары, германисттерди, түркологдорду, арабисттерди ж.б. даярдоодо Корея, Индия, Израил, Түркия, Иран, АКШ, Германия, Жапания, Польша, Австрия жана КМШ өлкөлөрүнүн элчиликтери менен өз ара тыгыз мамиледе иш жүргүзөт. ПРООН, ЮСИС, ЮСИА, Айрекс, Акселс, Данида, Сейбри, Сорос, Аденауер ж.б. 24 эл аралык фонддор, уюмдар, миссиялар менен байланыш өркүндөп, карым-катнашта. Студенттерге лекциядан курс окуу үчүн жылына Америка, Канада, Великобритания, Германия, Жапония, Түштүк Корея, Ливан, Араб Эмираты, Түркия, Кытай, Индия, Россиядан адистер келишим менен иштеп кетишет. Бул студенттердин жогорку деңгээлде билимдүү болушуна чоң өбөлгө түзүп өзүнүн жакшы натыйжасын берүүдө. «Эмгекчил-максатын ишинде көрөт» деген ушул эмеспи. Мисалы, бир эле «Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер» факультетинде 16 чет элдик окумуштуу адистер иштешет. Мисалы: М. Хаккам, Г.М. Матин (Ирандан), Юнес Фадель (Ливан), Гулюмсер, Жале Экебаш (Түркия), Мицуи Кацуе, Янаги Седзи, Хегай М.А., Отаки Хироки, Мацуо Таро (Жапония), Дин Хун, Ван Яцзюань, Сейити Гульмира (Кытай), Ли Пун, Пяк Те Хен, Чо Ын Ен (Корея) ж.б. адистер БГУда сабак беришип, Кыргызстандагы жаш муундардын билим алышына салым кошууда.

Е. Евтушенко туура айтыптыр «Надо уяснит: образование и культура-тот банк, которой никогда не прогорит» дегендей, билимге өзгөчө маани берген профессордун дагы бир мекен алдында сиңирген чоң эмгеги өзү башчылык кылган окуу жайда Енсе, Соган, Хозео, Кьюн-Хи, Мичиган, Сиэтли, Пенсильвани, Саппаро, Токио, Нагой, Тегеран, Мешхед, Гете, Йен, Египет, Кувейт, Пекин, Нанкин, Цзиньан, Пенжаб, Тяньцзин, Анкара, Стамбул, Москва, Санкт-Петербург ж.б. 60-чет элдик университеттер, илим изилдөө институттары менен бирге ийиндеш ийгиликтүү иштешип келатышат. Чет элдик окуу жайлардан 200 студент стажировкадан өтүшсө, БГУда Түркүя, Кытай студенттери, аспиранттары окушаары айтаарлык жетишкендик.

Жети факультеттин окутуучулары 22 илимий изилдөө китептерин, окуу методикалык окулмаларын, илимий макалалардын 12 жыйнагы, эл аралык илимий конференциялардын 8 материалдык жыйнагын жана 250дөн ашык илимий макала жарыялашты. Мунун өзү Кыргызстандагы илимге кошкон чоң үлүш болуп эсептелет. Андан тышкары Кыргызстанда жогорку окуу жайлардан биринчи болуп БГУ 1998-ж. сентябрда Окумуштуулар Кеңешинде ректораттын демилгеси менен аспиранттардын, кандидаттык диссертациясын коргоого байланышкан (өзгөчө жакынкы чет өлкөлөрдөгүлөргө) чыгымды, Москва университетинде стажировкадан өткөн 5 окутуучунун чыгымын жана окутуучулардын илимий эмгектерин, окуу китептерин, окуу-методикалык окулмаларын чыгарууга байланышкан миллиондогон сом чыгымдарын төлөп берүүгө чечим кабыл алышкан. Албетте, бул илим адамдарын колдоо, рынок шартында оор кырдаалдан чыга билүүчүлүк жана чоң жакшылык.

«Билим-оошот, ырыс-жугушат», «билимиң ашса акылдын көркү» болуп БГУда «Жогорку мектепте демократиялаштыруунун жана гумандаштыруунун көйгөйү», «М. Ганди: толеранттуулук идеясы», «XXI кылымдын босогосундагы Кыргызстанда социалдык эмгек: тажрыйба жана келечек» ж.б. сыяктуу 17 эл аралык, 12 республикалык илимий конференция жана семинарлар, маектешүүлөр уюштурулган. «Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат» дейт. Республикада БГУ бул мыкты жогорку окуу жайы эле эмес, илимдин чордону, өнүп-өсүп жаткан жери экенин дагы айкындайт. Буга шарт түзгөн И. Болжуровага ыраазычылык билдирип, ырахмат айткандан башка арга жок. Окуу жайда маданий-тарбиялык иш дагы жогорку деңгээлде десек болот. КВН «Жетиген», «Ак Дил», «Каухар» бий тобу, «Сударушка» фольклордук топ ж.б. республикалык жана эл аралык студенттик конкурстарда, фестивалдарда алдыңкы орунду ээлеп келатат. Алар тиешелүү формалар менен жабдылган. Ушундай жетишкендиктерге, дөөлөттөргө айрымдардын ичи күйүп, ошол ийгиликтер өзүнөн өзү эле болуп жаткансып жетилген ЖОЖго, даяр жетекчилик орунга дароо отургусу келишет. Абройлуу ректорду жаманаттылап түшүрүүнү, эки университетти кошо коюну ак эткенде так этип күтүшүп чагымдарды, тоголок арыздарды уюштурушуп, жан алакетке түшүшүүдө. Көрөалбастык кылмыштын кайсы түрүнө кирет? Деги эле мээнет, ак ниети менен иштеп аткан жетекчиге бут тосуу, ичи тардык кылуу кылмыш. Республикага гуманитар адистерди жаңыча даярдоого, ага көмөк кылып шарт түзүп берген. Жамааттын ынтымагын бекемдөөгө зор салым кошкон., кайраттуу, демократияны гуманизмдин бир канаты деп түшүнгөн ректорго алкыштан башка сөз жок.

Андан кийин 1977-ж. Кыргыз Мамлекеттик Университетинде окутуучу, кийин Илимдер Академиясында окумуштуу секретар, Партия тарыхы институтунда ага илимий кызматкер болуп иштесе, андан ары И. Арабаев атындагы педагогикалык институтунда доцент, Бишкек гуманитардык университетинде профессор болуп эмгектенди. «Билимдүүгө бийик орун» дегендей С.И. Болжурова 1992 жылы ушул окуу жайда илимий иш боюнча проректор, 1994-ж. кийин 1999-ж. экинчи жолу альтернативалык жол менен Бишкек Гуманитардык Университетине ректор болуп шайланды. Ишенгүл эже ачык айтсак даяр министр, келечекте Кыргызстанга президент боло ала турган татыктуу адам.

Жеке инсан катары кыргыздын эң мыкты кырк кызынын бири деп аттын кашкасындай таанылган коомдук ишмер, профессор И.С. Болжуровага эл аралык даңк келе баштады. Ага көрүнүктүү ишмер, илимпоз катары эл аралык билим берүү тармагында байланыштарды кеңейтүүгө кошкон жеке салымы, өлкө аралык жогорку окуу жайларынын ортосундагы ишкер байланышты чыңдоодо сиңирген эмгеги үчүн Казакстан 1998-ж. 25-октябрында эл аралык «Алтын Көпүрө» сыйлыгын берди. Бул анын тынчы жок, күнү-түнү каржалган албан ишинин бир гана үзүрү деп билем.

«Студенттерге билим берүүдө адамзаттык асылнарктарга басым коюп, окутуунун методикасын түп-тамырынан бери өзгөртүүнү» ойлогон профессор И. Болжурова сөздүн ачыгы, БГУну бийик даражага жеткирди. Ошон үчүн студенттери ректорун сыймыктануу менен «биздин Канышабыз» дешерин гезиттер көп эле жазып жүрүшөт. А түгүл бир нече жылдан бери балдары өз билим деңгээли боюнча мамлекеттик бюджетке өткөн студенттердин ата-энелери БГУнун ректорунун калыстыгына, карамдуулугуна ыраазычылыктарын билдирип жетине алышпай басма сөздөргө жарыялап келатканы дагы чындык. Ал «билимден өткөн досуң жок, оорудан өткөн касың жок» деп ден-соолугуна карабай жан үрөп иштеп келет. Мындай тынбаган эмгек менен эртең эле премьер министр болсо да жарашат.

Ишинин үзүрүн көрүп «мээнеттин дөөлөтү болот» дегендей, таланттуу уюштуруучу, реформатор жана новатор, чебер дипломат Ишенгүл эже1997-ж. Президенттин Указы менен «Кыргыз Республикасынын билимине эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наамын алса, 2001-ж. «Даңк» медалы менен сыйланды. Ага чейин «Манас-1000» медалын алган. И. Болжурова XXI кылымдын мыкты, көрүнүктүү деп табылган 20 инсандын бири. Профессор И. Болжурова Түштүк Корея Өкмөтүнүн Грамотасы жана баалуу белеги менен, жана ошондой эле «Өлкөлөр ортосунда кызматташтыкты чыңдаганы үчүн» Түркиянын эстелик медалы, Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин Ардак Грамотасы менен сыйланган. Ислам Иран өлкөсүнүн жана Индия Президентинин билдирген ыраазычылык алкыштары бар. Ишенгүл эже грек даанышманы Сократ айткандай: «Колдо барга топук кыл, бирок, улам жакшы жашоого умтул» дегениндей девизде жашаган асыл жан, айкөл инсан. Ылайым иши илгерилеп, зоболосу көтөрүлө берсин. Алтын башы аман болсун!

2001-ж. ноябрь

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Сыдыкова К.С., 2002. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 12879