Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Сыдыкова К.С., 1998. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 28 марты

Кален Султангазиевна СЫДЫКОВА

Тирүүлөй жесир

Үй бүлө куруп, анын жоопкерчилигин, убал-сообун ойлобой кеткен бүлөө башчысы, анын аялынын балдарды өстүрүүдөгү түйшүгү, никелүү эрин күтүп жүрүп турмуштан жакшылык көрбөгөнү жөнүндө

Сыдыкова Кален. Эр издөө: Аңгемелер. Көркөм публицистика. – Б.: «Бийиктик», 2002. – 127 б. китебинен алынды
ББК 84 Ки 7
С – 95
ISBN 9967-21-508-9
С – 4702300400-03

Өзөнгө эртең менен ат сугарганы барган мындайыраак кайниси менен суу алып аткан жеңесинин сөзү өзүнөн өзү башка нукка түштү. «Адам көңүлүнөн азат, тилинен жазат» болуп, жеңесинин өзүнөн кетти. Сааттай болуп Үсөн калжактап:

— Ыя жеңе, бир абышка калыңын алып сөз айтып келсе «болбоду» дешти го, эмне чандыңбы?

— Өлөсөлү чалды эмне кылам, ашка жүк, башка жүк кылып. Бакма, жугундукор эрге тийгенден көрө жерге тийгеним артык эмеспи. Же бир жарпы жазгандай алы болбосо.

— Чалдарды чанса жарашат жеңе, көрүнбөйсүң, деги кандай жүрөсүң? Бу көр тирлик деп атып күн өтөт экен, ал-абал сурашканга дагы чолоо жок. Чалдарды чаныпсың, анан жаздык кучактап, жаныңа эч кимди жуутпай, ары оонап, бери оонап дале жалгыз жатасыңбы?, – деп тийишип калды. Тамашөкөй жеңеси тырчып калбай:

— Жарпы жазаар, жөн билги кайни жок болсо, жалгыз жатпаганда эмне, дөңгөч кучактап жатат дейсиңби – деп чаргыта жооп берсе тигил түгөнгүр дагы талуу жерден кармап:

— Ап балли, тилиң тишиңе күбө жеңе. Иштин жөнүн айттың, мына мунуң чечише турган маселе. Коюндаш болуп, көңүл черин жазалы деп жабышсам, жаа бою качып жолотпогон өзүң. Ошонун деле кесири тиет го бир күн жеңе, – деди жылмайып.

— Ыя, кокуй, катының турса, кайсы бетим менен сага көз ымдайм. Көңүл ышкың козголуп, көзүң түшсө өзүң эле келбейсиңби жеңекелеп, мен сага элдин көзүнчө көчөдөн берчүдөн бетер сөзгө матайсың мадыра баш.

— Аялың турса дейсиң, аялым эмне мени өкмөттөн менчиктеп алды беле. Ошенткен күндө дагы, бир жолу көңүл жибиткенге кантип жарабайын. Андан көрө тил эмизбей «макул» деп бир учур болжо жеңе, белден кубат кете элек бир жыргайлы. Аяган аның деле, бир күнү көрдүн түбүндө калат курт-кумурскага жем болуп. Билесиңби, «бир чымчымдан көңүл алат, бир чымчымдан көңүл калат» деген макалды.

— Тим эле, эзели катын көрбөгөнсүп тилиңден чаң чыгат да кайним, ыңгайлуу учурду болжоп сени күткөндөй селки белем, «жандын ысыгы жакшы, сөздүн бышыгы жакшы» дегендей, жөн эле ырсактап тийише бербей, колу жолуң бош болсо келе бербейсиңби, көз акыңдан кутулайын.

— Кайран жеңем, мына эми сөздүн төрөсүн айттың. «Айтылбай калган кеп-жесир» дейт. Ушинтип эле, мурун жол берип койсоң, өзүң деле мукарабай жолдуу болбойт белең. Жаман кайнилериңдин кадырын карыганча билбедиң го жеңе, жамалың жанып турганда ырахатын жаман агамдан башка эч ким көргөн жок, эми деле шагың жайылып турасың жеңе, кээ-кээде черди жазып койгонго не жетсин.

— Кайран гана эркектер, көчүккө жеткенче көчүктөн өпкөнгө даяр¬сыңар ээ. «Чаап айтканча, таап айт» дейт, бир аз санаада жүргөн нерсеге кайрымак ыргытып атсаң, илинбей жан жокпу же жесир жеңеңдин жылдызы такыр өчтү дедиң беле?

— Ой койчу жеңе, обу жок таарынбай, аялдын кырк беш, элүү жашы баглан козудай бышып турган учуру да, кырдан кызыл жоолугун булгап.

— Тигини, тигини «баглан козу» деп бал татыган сөзүнө арбап азгырган өлүксүз. Кой, кеттим, бирөөлөрдүн көз кыры чалса сага эмес мага сөз жабышат. «Эрсизге этеги дагы жоо» деп эл бекер айтыптырбы, жакшы эле калжыраштык,-жубан эки чака мелт калт сууну илгичке илип, ийнине көтөрүп, чайпалып баса бергенде кайниси жөн калбай:

— Жеңе, бүгүн түнү койнуңа кирем, дамбалыңды чечип жат, – деп калды. Куйругун чайкаган жеңеси орой тамашага терикпей:

— Ии, кыйратчудай болуп оозу менен орок оргон байкуш, келсең какшанбай эле жөн келбейсиңби, – деп какшыктады. Ошо ошо менен, жеңеси кечке огороддо жүгөрү, бир аз чесногун отоп жүрүп суй жыгылды. Эки баласы шаарда жогорку окуу жайдан окуйт. Турмуш оордогондо, эри соода-сатык кылып келем деп борборго, андан коңшу өлкөгө кетип, ошо боюнча кайрылган жок. Билинбей беш жыл өттү арадан. Күйөөсү бирөөнүн үстүнө кирип алып жашап жүргөнүн айтып келишкен. Эки жыл мурун балалуу болуптур деп укту. Ошентип, эринен тирүүлөй ажыраган. Күүгүмдө чарчап келип, буту башын жууп, чай коюп ичип, кыңая калды эле кичине көзү илинип кеткен экен. Кайра туруп, өхүлөп-ахылап атып бир аз кир чайкады. Аял ит жандуу деген чын, кечке бүлкүлдөп жаны тынбайт, ошондо да өзү үчүн бир аз эс алганга чолоосу жок, же бу көр дүйнөнүн баш-аягы көрүнбөйт. Төшөктү күндөгүдөн эрте салып жаткан менен уйкусу келбеди, ары оонап, бери оонап өзүнүн жалгыздыгына кейиди, же эрден эрте калбаган же кеч калбаган аялга жалгыздык кыйын эле тура. Жылас болгур тирүүлөй жесир деген ат дагы жаман экен, эл эмне дейт деп эле коруна, басына берип чүнчүп бүттү. Эри барда буга анча маани бербептир. «Элдин оозунда элек жок», өйдө-төмөн сөз чыгарса, балдар жер карап калбасын деп чочучу, саксынчу. «Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган» жүүнү бош жаман эри жанында болсо эмне. «Жүүнү бош деп коет, убал сооптон коркпой өз жанын багып баса бербедиби. Зайыптын күйгөнү эле «тыңыраак оокат кылалы» деп аны алдап, колундагы акыркы малын сатып сызга отургузганы болду. Өз бүлөсүнө кыянаттык кылган арсыз да эрби? Же бир келип аялынын башын ачып кеткен жок, жолбун сыяктуу «ит көрдүңбү жок, куш көрдүңбү жок» өзүнөн өзү качып жок болду. Адегенде анын кылык жоругун угуп буркан-шаркан түшкөн, бир топ ызаланып албууттанган. Келсе сазайын берем деп күтүп жүрдү. Капырай, согуштагыдай дайынсыз жоголгондор тынч күндө деле болот тура. Деги, бул замандын эркектерине жин тийгенден сообу? Ажырашкысы келсе ажырашам деп эле ишти бир жаңсыл кылса көксөөсү сууп, көңүлү ажат албайт беле. Эркектик милдетин өтөп ушуга дагы жарабагандарын эмне дейбиз? Эмне деп атайбыз? А-бу деген менен убагында жаңылдым жаздым деп келсе кечирмек, келишин чындап күткөн. Аны дагы кээде жөн койбой, уктап жатса оюн чындан «эй, тырк көт, бир ишке жарайсыңбы же мышыкча бырылдап уктап жата бересиңби» деп май куйрукка чаап ойготуп, каалаган учурда жарпын жазып алчу. Ал түгөтүң дагы керек оокат тура. Анан «түтүндүн ачуусун мор билет» дегендей, тирүүлөй жесирдин санаасын, көксөгөнүн жесир же башынан өйдө төмөн өткөндөр билбесе, көбү аны түшүнбөй эликтеп, айыптап, ар түрдүү сөз чыгарганга маш. Кээси басынтканга уста. Ушуну ойлой «жесир» ичинен туттугуп, буулугуп көзүнө жаш имерди. Түтөгөн арманын кимге айтат, аны түтүп укчу ким? Жалгыздыктан качып, балдарын пааналап шаарга баса берген менен ага көнбөгөн турмуш, бөтөн эл, бөтөн жерде кандай болот, кыйналып калса бирөө жардам береби? Жалгыздыктын кордугун анча көрө электе, эринен биротоло түңүлө электе, алтымыштагы Аруун ортого киши салса «эмшейген чалдын ээликкени эмнеси» деп чалкасынан кетип, сөз жуутпай койгон. «Жаш курдаш эмес, көңүл курдаш» дегенге, анча маани бербей, анын сырын деле тартпай чыны, чанды. Балдарына шылтаган. А көрсө балдар деле өз күнүн көрүп, өз насибин тартат тура, бир гана сенин кайран өмүрүң экинчи кайрылып келбейт турбайбы. Аны түшүнбөй «балдар-салдар, шарт жок, туугандарым эмне дейт» деп куу турмуштагы бакытка кесир кылып, өктөөсү өзөктү өрттөп өз ичинде калат тура.

Ыя, ботом, бүгүн көңүлү оштонуп, кайнисинин калжырагына жаны жыргай үн алышканы эмнеси? Кысыр эмдинин этине карк тойгонсуп, көңүлү ачыла түшкөнүнө көксөө аралаш жарык маанай бар экен. «Ии, оңбогон кыргыз, убал-сооп демиш болуп, илгери бирдемкелерди бекер ойлоп чыгарган эмес турбайбы. Элдин баары эле «башы бүтүн, боору эсен» болбойт экен го, ошону ойлоп оома-төкмө дүйнөдөн бетинин жамалы, денесинин ысыгы таркай электе, кумары кана өтсүн деп түрдүү тарикатты ойлоп чыгышканын. Күн күнөбөй, түн түнөбөй түйрүк ооздон эч ким өппөй, жаның туруп куурап өтсөң, бул дагы адам баласына убал тура. Катын каскагына ардыгып калбай далай эр жашырын болсо дагы, далай жубандын сообуна калып, дүйнөдөн жашап кеткен эмеспи. Бу байкуш катын, өзүнө өзү кылып, ашкере саксынып, жүйөөлүү, жүйөөсүз сөз ыргыткандарга, сураганга «жок эле, жок» дей берип, өзүнө кылат. Аны, өтө чоң ар намыс деп өскөн элет аялзаты, мындайда кыргый көргөн таранчыдай жылт этип жоголушат. Табият чакырыгына каршы туруу— өзүнө чыккынчылык кылуу экенин көбү анча деле аңдап сезишпейт. Өз каалоосун өлтүрүүнү эрдик көрүп, аны огожо туткан, ага сыймыктанып өткөн сокур намысчыл аялдардын мүшкүлү эмнеде эле? Сезим тазалыгыбы же түркөй түшүнүкпү...же жөн эле үрп-адат деген эски көз карашпы?Эскинин баары жаманбы? Айтору «эт жебесе да сорпо ичкендей болуп», кээ-кээде табият чакырыгына жооп кылып койсо, өзүнө деле сооп деген жооп катын кыялына оңой менен аң-сезимдүү түрдө келбейт го, чиркин. Байкаса, ылымсанаган санаалаштар деле бар көрүнөт, аны байкамаксан салып «ач кулактан тынч кулак» деген оома, кыйды, алдамчы пендечилик өмүрүнө алданат да кургурлар, ушунун өзү кечиримсиз деп ким тике айта алат? Айткан күндө да, алдап атат деп кургандар такыр ишенишпей турганы турулуу иш дечи. Баары эле көрмөксөн, билмексен. Далай пенде, жесирлер, ажырашкандар, майыптар мээнеттин кулу болуп жүрүп, өмүрү көңүлү серпилип жакшылык көрбөй, төгүлүп-чачылып дилинен дуулдабай жүрүп куурап, чайналып өтүп кеткени канча. Бул бир орду толгус армандыр. Анан кимди күнөөлөп курдоомат коет? Деги койгонго анын акысы барбы? Кайран өмүрлөр, заарканып атып жанчыласың. Аларды «ырысы жоктор» деп айта албайсың, анткени, өз кешигин өздөрү тар түшүнүктөн же жугуму жоктуктан, кесирликтен кемейткендер. Анан, мезгил күлгүн куракты күл шилегендей түртүп таштайт. Атаны кокуй күн ай, шордуу кыргыздын дагы шору бар, жалгыз жубан өзү ичинен эңшерилип, өз тагдырын өзү чече албай эки анжы болуп, бир бүтүмгө келе албай, көңүл отун тындыра албай атса, бир короо туугандары туш тараптан «байдыкын байкуш аяйт» болуп көрүнгөндөн коруп, кызганып, көз салып, обу жок кыпчылып, кийлигишип, кур кеңеш берип кууратат эмеспи. А беркинин жүрөгү эмне деп дүкүлдөп атканы менен эч ким эсептешпейт, кокус сырын билип калса шыбырап ушакташат. Анан кантип элетте эркин боло аласың? Ата-баба адеби деген уруу ичинде дагы эле өтө күчтүү, анткени, эркин ойлонгондор, тайбастар чанда. Бирок, эптеп ууру кылышат. Анан бир жыл куруу санаа чегишет. Мындайда «сайда саны, кумда изи жоктор» эле эркин болбосо, арсаңдасаң да, ырсыйсаң да, жымыңдасаң да, каткырсаң дагы аныңдан күмөн санап күймөнүшөт, арамзаланышат, ой, ошондо, ичиңден тынып «ишиң эмне» дегенге жарай албайсың. Мындайда эркектер ичип кетип кутулушат, азапка тутулушат. Анан басынасыңбы? Басынасың, итатайың тутулат. «Колду кол жууйт» дегендей, түшүнгөн ич күптүлөштөр унчуга алышпайт, дымыйт эч нерсе болбогонсуп. Илгери ушундайда бирөө айтат дейт: «кудай пендем десең, пендеге кор кыла көрбө» деп. Анан ошол сүрмө топтун арасында «жакшы үмүт-жарым ырыс» деп өзүңдү карандай сооротуп, алдап мезгилди, өмүрдү уттуруп, тумандын үстүнөн тийген күн өңдүү бир кунарсыз жашоо өтөт да кетет. Эри өлгөн жесир да бактылуу тура...

«Тырс-тырс», – деп терезе чертилгенде ойго чөмүлгөн жубан чочуп кетти. «Ыя, кудай, бул ким болуп кетти» деп оюнда эч нерсе жок неме бушаймандана:

— Бу ким?, – деп шаңк этти. Эч ким үн катпаган соң, жарыкты күйгүзүп, сыртка үңүлдү терезеден.

— Жеңе, мен, – деди кайниси коомай ишаарат менен.

Ошондо гана жеңеси эртең мененки экөөнүн калжаң сөздөрүн эстеп, эси чыгып кетти. «Кокуй, эл укса эмне дейт, ушундай да шумдук болобу?» деди көңүлүндө. «Ачпайм» деп айта албады, жүрөгү дикилдеп экөөнүн түн жарымында сүйлөшүп турганын бирөө акмалап тургандай шашкалактады.

— Жеңе, ачпайсыңбы эшикти, сөз бар, жарыкты өчүр! Эртең менен эле кырда өскөн эркин кызыл гүлдөй шаңкылдап кайнисинин катыгын берип жаткан зайып карбаластап, бир чети кыжаалат боло түштү. Олдоксон тамаша, орсойгон чындыкка чыгат деп ойлобогондуктан кабатырланып «кет» деп айта албай күймөлдү. Кайра ойлоду: «А мүмкүн чын эле бир иш менен келгендир, кинодогу фашистти көргөн орус катындардай болбой өзүмдү кармайынчы». Кайниси күндүз келсе мынча чочубайт беле, ким билсин. Сыр билгизбей, эшикти акырын ачты.

— Кайсы кара теке сүзүп, жети түндө темселеп жүрөсүң?, – деди. – Тынччылыкпы деги? А бу дебей эле эркек:

— Калтардай кулпурган кайран жеңем!, – деп кожогой кучактап аялдын оозунан өөп-өөп алды. Ошондо билди думчуккан жеңеси, анын бир топ кызуу экенин, эртең мененки сөзгө таянып, эрдемсип койнуна келгенин.

— Ий, өлүксүз десе, чык эшикке! Алып алган аялыңдан бетер куушура кучактап, сүлүктөй соросуң да, тумчугуп кала жаздадым.

— Ха-ха-халап, – каткырды эркек, – агамды жоктоп эрсиреп атсаң керек.

— Кайсы бетиң менен, анын төшөгүн булгагың келет?

— Өзүң кел дебедиң беле, эмне бир бергенден түгөнүп кетмек белең. «Сайда саны, кумда изи жок» тентиген эриңдин эмнесин күтөсүң, дагы эле андан түңүлө элексиңби?

— Кудай урбадыбы, тамашаны дагы түшүнбөйсүңбү. Тим эле менин койнумду күндө ачып жүргөнсүп демиктиресиң да. Аңгидей болуп жулунбай, аман-сооңдо билинбей барып катыныңдын койнуна жатып кал, уят болуп каласың. Эри жок болсо эле ар ким эмете берсиң деп жаратыптырбы катынды...

Ышкысы козголуп, оолугуп калган неме «аялдык кылып маалкатып атат» дедиби же ыргыштай баштаган жеңесинин «аныйы» жакпай калдыбы, семиз төөлөрдүн майлуу өркөчүндөй болгон жеңесинин балтайган эмчегинен мыкчый, бетинен аймалап, жалбарып жиберди. Ай буйга келтирбей жеңесин туйлата жерден так көтөрүп, төшөккө жыгып, оозунан соруп салмагы менен басты. Алгач катуу каршылык көрсөтүп, тытышып аткан зайып бир азга сезим азгырыгына алдырып жиберген менен, кайра чыйралып ата мекенин коргогон баатырларча:

— Ит боло элегиңде, эсиң кел акмак, – деп тыбырап, дүпүлдөтө аркасын муштаган менен, эркек жытын көптөн бери искебей, күсөй берип зарыккан денеси козголуп, анын акыл-эсине айгак чыгып, каршылык солгундап көшүлүп баратты. Абдыгып алган эркек жеңесинин муштагылаганын чымын чакканчалык көрбөй, демин чыгарттырбай, оозунан соруп, дамбалын шыпыра баштады. Экөө бир бүтүнгө айланганда жеңе кайнисин сыга кучактап, жалбарып жиберди. Жүрөгү кабынан ыргып кетчүдөй лакылдап энтиккен аял шоролоно ыйлап, эркекти шоркурата жыттады. «Күрмөп байлаган жип бат чечилет» болуп «тилинде мөөрү, көтүндө сөөлү» жок болгондон кийин, көптөн бери эркек көрбөгөн жубан тез эле эси оой түштү. Ыдык көрсөтүп болсо дагы тилегине жеткен эркек энтигип, зайыптын чолоо жерин койбой аймалап, үйөр сыяктуу толуп ташып арактын күүсү менен кайра киргенде жубан унчукпады. Кулагынын түбүнөн өөп, ээмп:

— Кагылайыным, жеңең сенден секет кетсин. Ушундай дагы копол болосуңбу, бүгүн жеңеңди бир жыргатчы, – деп ысык боткодой эзилип сылай баштады.

— Калп ыргыштабасаң эмдигиче далай жыргайт элек го. Кайнап жаткансың го, ыя жеңе, мени күтүп, шумдук ысык экенсиң.

Жеңеси:

— Тирүү жанбыз да бала, маңдайыңа эмне жазса, ошону көрөт турбайсыңбы, – деген болуп демикти.

— Жаздын салкын желиндей болгон жытыңдан жеңе, – кайниси обон кайрып, көңүлдүү эле. Маашырлана зубала камырдай эки эмчегинен, ай тамагынан аймалап, кыңкыстаган зайып калакайлаганча демөөрүтүп жарпын жазды. Оо, бир топто барып сүзмөсү түгөнгөн баштыктай болуп, экөө эки жерде малма-чөлмө терге түшүп, добул каккан апийимдин гүлүндөй энтигип жатып калышты.

Тамаша кайра башталды:

— Сокур тылагыңдын сообуна калдым окшойт жеңе.

— Олдо шоркөтөн десе, мүмкүн сенин сообуңа мен калып жүрбөйүн. Же күндө эле жашкөтөн көрүп жүрдүң беле? Экөө каткырышты.

— Эжигейдей эле экенсиң, кумарым тарай турган эмес, бүгүн үйгө кетпей эле коёюнбу?, – деди эркек эреркей. Аял бир аз ойлуу жатты. Бети ачылып, кумардын туу чокусуна чыккан жубан дале ошо ырахаттын алкагынан чыга элек болчу. «Күнүнүн күлү жоо» болчубу, саал эртээрек айтылган анын кебине кичине теригип, тырчый түшкөнсүдү:

— Итке сөөк ыргыткансып бул эмне деген кебиң? Жоо кууп келатабы? Өз үйүңө барбаганда анан оңой жерден тапкан олжо катындыкына түнөмөк белең? Жилкиңди деги чыгардың, эми кетсең кете бер, – деди кылаапаттана.

Заматта кутулгус куяга калганын түшүнгөн эркектана, жаңыдан ийигип келаткан мамилени «ийлеп ийлеп, итке салгандай кылбайын» деп сезимге чукак жандан бетер, мукурап жеңесине купшуңдап, көңүлүн жайкай кетти:

— Берекенин баары сенде жаткан тура жеңе. «Кызга бергис жубан бар» десе ишенчү эмес элем, кыз кылыгыңды көрсөтүп жаман кайниңди бир топ өрөпкүтүп койдуң. Аялдын асылы өзүң эмегенде ким, башымды, жүрөгүмдү кошо тартуу кылам, кол үзүшпөй жүрөлү жеңе. Мени көз кырыңдан чыгарба, – деп жалынып ийди. Калтыраган жүндүү колдору менен имере тартып алкымынан жыттады. Көңүлү камсыга, кыроолоно түшкөн аял капыстан кадыр көңүлү жараша түшкөн эркектин бул сөзүнө бир аз демдене түшкөн менен, андан ары кекерлебеди. Сыр бербей тымыды. Ичинен, бүгүн кайып каскагынан болуп кеткен ишке «элдүү түлкө ачка өлбөйт» деген чын экен го деген ой кетти. «Оорунун кадырын, соо билбейт» болуп, кыяпаты келип турса деле, никедеги катындар кумарга зар жесирдин койну жетимсирээрин, эр күсөөрүн көп деле таңазар албай, калп бетин чоюп, өлө-тала ушактап, табасы кана шылдыңдап келатышпайбы. А табиятта не айып? деп эч кимиси ойлонушпайт, алар бир дөөлөттүүсүнөн эр менен жатып, тигилер бактысыздыгынан эрсиз калгандай калпыс ойлошконун кантесиң. Түтөп, өксүп аткан жан дүйнөңө калп каадалана балчайта түкүрүп салышканы, арийне өкүнүчтүү. «Сакага кыт куйгандай» кыналышкан, жарашкан жубайлар турмушта чанда кездешсе дагы мындайда баарынан шалп этек катындар өйдөсүнүп күйгүзүшөт.

«Күйүккө дары табылат, күйүткө дары табылбайт» дегенди миңдин бири билсе билеер, билбесе билбес, элес албас. «Каран калган заманда, аман калган жан олжо» дегендей, бүгүнкү олжосуна ыраазы болгон жубан, эркекти эшикке чыгарды. Ээ жаа бербей көкүрөк тиреп келген не кубануу, не арман, өксүү, не дендароо сезимдин кучагында таң атырды. Көңүлү уйгу-туйгулана «түндөгү ишти» элдин баары билип шекшип карап, айрөктөп аткансып кечке ныпым эшикке чыккан жок. А ойношуң менен омураң кал десе, бул дагы оңой-олтоң иш эмес окшойт, «уурунун арты кууш» деген чын белем, кокус оро-пара жолугуп калса анын аялынын бетин кантип карайт? «Жаздын жыты бар, жакшынын куту бар» дегендей, «жакындын жакыны жар болот» болгон жаман эринин кадыры, эл көзүнө айбаты аска зоодой калканчы бар экенин эми туйгансыды. Миң жолу иттик кылышса дагы мындайда эрлүү катындын жамандыгы элге чыкпай жең ичинде калат тура, шумдук.

Оо, ооматы жүрүп оодарылган күнүгө аккан дүйнө, көр дүйнө, кан дүйнө баарын ичиңе батырат экенсиң. Табиятында ар бир адамдын жалапчылык сезими болот экен го, түндөгүдүй болуп баары бир мезгилде баш багып өзүн көрсөтөт тура. «Ныпым тазамын» деп сыпааланыш жалган турбайбы. Ушул эле жубан, жаман эри жанында жүргөндө башы бош же жесир аялдарды өзүнөн төмөнсүнтчү, алар жөнүндө башкалардын «канчык», «шуркуя», «бетпак» деп күнөөлөгөн сөздөрү кадыресе туура иштей сезилчү, алардын бирөөлөрдүн убалына калып жүргөнүн ойлогондо уяты жер өрттөп кетти. Ойлонушпайт экен да кысталак, болбосо «канчык» болуп калыш заматта тура. Көрсө ойношчулук деле айла жоктун иши турбайбы. Денең өрттөнүп дуулдап атса өчүрүүгө аракеттенесиң да... «Ар кимде бар бир кыял, ал кыялды ким тыяр» дегендей, ар адамда башы менен кошо жатчу кайра жангыс, ит кыялдар болот эмеспи. Эр жок болсо, катын деле суусу жок тегирмендей какшып калат тура, анысы да жөн какшыбайт, сурагандардан аяй берип какшытат тура. Аны убагында туура түшүнгөн эркек, ургаачы кана? «Калыс сөзгө кайыкпа» деп ээн ооздорду, обу жок чоёктогондорду, тоок мээлерди тыйып кое турган көкүрөгү тунук, нускалуу инсан дагы азайды. Көбү кайыл кош, калп кыжаалаттанымыш этишет сенин көзүңчө, көбү чукчулуңдап өзүмчүл. Ажаат аччусу өтө сейрек, чиркин. Туура түшүнөт деп айрымдарга сырыңды ачып сырдашсаң, муңдашың кайра сени «ысык тузга көмгөндөй» кылышат. «Бактысы таш идишке куюлгандардын» арманы аттын башындай, үшкүрүгү таш жарат. Аны түшүнгөн адам гана... Айрым: «күндү күңүрт» дегендер, бүгүн жарык деп кубулган андай курбулардын чыккынчылыгына, майдалыгына, тайыздыгына жана көралбастыгына туш келген кез аз эмес. Кудая тобо, ушу далкылдап басып, алкылдап сүйлөгөн кыз кыркындын көбү ургаачынын чыныгы бакыты жөнүндө ойлонушат болду бекен?Ушуларды ойлоп тирүүлөй жесирдин кардыккан көңүлү түтөй түштү.

«Бороондо ышкырган жел текке кетет» деп, байыркы кыргыз бекер айтпаган өңдөнөт, жеңесинин жаңы кумар отуна биротоло сүңгүп алган кайни, жубандын «экинчи келбе» деп тыйганын кулагынын сыртынан кетирди. Аялы менен ойношу, от менен суудай эки башка болсо дагы, көшөкөрлүккө көнүккөн, өрөпкүгөн ички туюму аны көп деле ойлондурбай, күнүмдүк пендечилигине тартып, эркектик жеңил ойлуулугуна салдыбы же көздөгөнү барбы эки өрттүн ортосунда ойноп турду. Канткен менен эстүү зайып ойноштук кылып аялдык сезими канагаттанган менен «ийне жеген иттей болуп» түпсүз санаадан көзү киртейип, абийир азабын тартты... Келген кайнисин таңашырып кое албады. «Энеңден кийин төркүн жок, эрден кийин сый жок» деген макалдын бир чети айылда жөндүү экенин, кара терин сыгып как чокусу менен баш көтөрбөй иштесе дагы беш жыл тирүүлөй жесир жүргөн катын жакшы эле баамдап калган. Шор ушул: бу тирүүлөй жесир болуш азап экен же кара жамынган, биротоло түңүлгөн катын эмес же ачык айтылган салбар катын эмес же башы ачык жөн катын эмес, эки анжы өмүр сүрүп кор болот. «Эрсиз катын» деген сөз никелүү аялдар үчүн өтө бир ыплас нерседен саксыгансып, түпөйүлдөнүп демейде карабаган жаман эрлерин кызганып түркүн алакетке түшүшөт, кучунашы кармашат. Баягы «бир кулакта миң тыңчы, бир дыйканга миң сынчы» дегендей эле кеп, жесирдин кулагы тынбайт, бит баскандай жүдөшөт. Деги эле ал жесирдин дагы бактылуу болгонго укугу жокпу? Мазарыбыз да, базарыбыз дагы жан дүйнөбүз болсо, ошону кимдир бирөөлөр тыйыш, аңдыш же көзөмөлгө алыш керек беле? Андан көрө жолбун сөздү сүйлөгөнгө тыю салса жарашмак. Аттигиниң десең, жалгыздык азабы жол, көр азабындай эле оор. Антпей, айрымдары кээде баткакка айран төккөндөй, теңирден тескери иш кылып, арсыз ырсаят эмеспи. Кээ бирөө тим эле «бал кашыкты оозунан тартып алгандай шыпшынып» куйкасы курушса көңүл ооруйт. Канат издейт, бутак табылбайт. Бырыңдап ыйлаган менен эч нерсе чыкпайт, кайра, кайраттанып элге уят болбогондой тирилик өткөрүш парз. Чиркиндики, көңүл картайбайт, көз картаят экен. Кыярган кызыл күн өткөн менен көңүл бир көксөп алса оңой менен түңүлбөгөн кыйды неме тура. Акылдуу жандар шор тартып жабыркап жүргөндө «багуусу жарашса кара катын ак болот, күйпүл күчүк сак болот» болуп, көп эле сетерлер бышкырып бактылуу жашашат экен. Анан аргасыз ал аял кыл чылбыр болуп чыйралып, белин бек бууп, оокат кылбаганда ишене турган, жөлөй турган, кадырын билген кими бар? Түбүң түшкөн дүнүйө, ыйба кылган таза пендедей жакшылык бапырап көп келбей, бириндеп жалгыз келгени менен түбөлүк көңүлдө калат тура.

Заман өзгөрдү, бу адам түшкүрүң ыйман, нарк дебей эле жамандык издеп, «кантип көр оокат табам» деп айласы куруп жүрүп, не бир балакеттерге кабылат экен. Көмөч менен көлөчкө жетпеген алсыздар, турмушка эптеп огожо болуп жүрүп жөн салды өтөт тура. Аларга кине койгонго да болбойт, болгон бүткөн мүмкүнчүлүктөрү ошо. Мына, сыяпатты деле, колунда барлар көрөт, өз дөөлөтүн, байманабты көтөрүш үчүн жамандык жасап коюга деле кайыл. Анан кирпиги кирдеп турган элде эмне айып? Кайран эл кыйынчылыкта байымдуу эл башыга жарыбады. Акаарат айткан эл көбөйгөн менен угаар киши, жөнгө салаар адам аз. «Адал иштеп, ардакталам» деген түшүнүктүн ишпалдасы чыкты. «Өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң – араба сынат». Айрым «ит үрө берет, кербен жүрө берет» болгондорго «айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман» көрүнүп каарышат, алдашат, баары бир тоготпойт. Ыңгыранып эле кырданат. Анан ичкүптүлөр көбөйбөгөндө азаймак беле. Тузу жок аш ичкендей эл мөгдөй үйүндө кызалаңдашат. Бирөө тентийт, бирөө арак ичет, бирөө үйүн таштап качып кетет жанын багып, бирөө күндө мушташат, бирөө дайым эле кимдир бирөөлөргө нараазы болуп ашата сөгүүнүн сазайын берет. Бул эми ташка куран окугандай айласыз кеп, жакшылыкка баруучу оң жолду издебеген пенденин акмакчылыгы. Шүдүңкүттөй болуп эл соодага жапырт аралашып тамтыгы чыгып талкаланып атат. «Кара жолдун чаңы бар, карыптын дагы жаны бар» дейин десең, алты саны аман туруп, колтойгон эле эркектер майын чыгара эмгектенип, бүлөөнүн зылдай оор жоокерчилигин көтөрүүнүн ордуна эси-дарты эле жеңил ойлуулук менен арак болуп, түрдүү ааламатка башмалдак атып калышты. Кыскасы, «күйөөсүнүн жогунан күңгүрөнүп ыйлагандар» кыйла. Жанды дайым коопсуроо, коңултуктоо басса анда кудай урду дей бер, балээнин ичинен чыгып тынат. Кээ бир көчүгүн торсойто, белин бек буугандар өздөрүн жанда жок сулуумун деп эсептеген менен, анын көркөмүн ким кандай табитте кабыл алат, дал ошону эсепке албай кайыгышат. Токонаалатты билбеген улук катындар өөнчүл болгону менен, өздөрүнүн кумарына келгенде бардыгын курмандыкка чалышат. А карапайым катындар аны парасат тейинен карап, аларды күнөөлөп келатышат. Кудайдын көзү жок, ушу «каруусун казык, башын токмок кылган» жубандардын бактысы өмүр бою ачылбай, бирок андан үмүт кылып жүрүп өтүп кетишкенин өздөрү дагы аңдоос алышпайт.

Тирүүлөй жесир, ушинтип, ар кайсынын башын ойлоп көп нерсеге ой жүгүрткөн менен акылы талып, баарына жооп таба албады, кусаматы жок турмуш болбосун билсе дагы тынбаган ойчул санаасы күймөлтүп, ичтен жеген курттай тынчтык бербеди. Түндөгү күтүлбөс кылыгына өзү таң калып, «аз айып, көп күнөө» кылганына ичинен жипкирилгени менен өзүн сергилең, шайдоот сезип калыптыр. Сүт сурап кирген коңшусунан шекшип, бетин карай албай өзүнөн өзү жалтактады. Ал накта жесир болуучу. «Эки иштен, бир иш» көйүн туура түшүнөт деп, кеңеш сурайын деген го, өзү сөз баштап калды:

— Кечээ Түмөнбай нике кайып буюрса, биригели деп келиптир, сен кандай дейсиң?

— Ой эми, өлгөндүн артынан кошо өлмөк белек, ылайыгына жараша иш кыл. Андан көрө балдарына бата аласыңбы, жанагы ажаан эки кызы тирүүлөй тытып жеп жүрбөсүн.

— Аны деле ойлодум, эр көргөн немелер эптеп эрге тийип кетишээр. Сенин жайың башка, караалар карманчың балдарың бар. А мен шордуга этегимден да айтпады, эптеп ал күч барда бирөөнүн этегин кармап кетпесем өлсөм өлүгүмдү ким көмөт?

— Ай шордуу ай, аның дагы чын. Ушу, мууну титиреген шалдырак чалдан көрө, өзүңө теңтушка чыксаң жок дегенде койнуң жылыбайт беле. Илгеркилер айткандай «жакшы нерсени эрмектеген жакшы» эмей. «Күйөөң жаман жан болсо, күндө акылың маң болоор» дегендей, деги аның канчага чыгыптыр?

— Алтымыш төрттө дешти. Кубаты жок болсо да карааны бар эмеспи. Улгайганда жалгыз калгандан көрө эрмектешип эптеп жашаарбыз деп атам. Огожо эмеспи...

— Эми аның менен шап алышып, куушуп ойномок белең, жылымтык жаны бардыр, өлгөн чычкандай болгон тигинисинен жакшылык деле көрбөйсүң, андан көрө кайнилериңди баштаңга чакырып көз салсаң көзгө урунаары чыгаар хи-хи... «Байдын катыны өлсө, төшөгү жаңырат, жардынын катыны өлсө башы каңгырайт» демекчи, кимдер келиптир?

— Жанагы эрден чыгып келген эки кызы, иниси аялы менен, өзү чогуу келишиптир баштык көтөрүп алышып.

— Ой, анан өз жеңкетайыңды өзүң жейсиңби карыганда, чакырып койбойсуңбу, ооз тийгизип, каапыр, карыган сайын пейлиң тарып баратат сенин дагы. Өз жеңкетайыңды өзүң жегенден мүйүз чыктыбы?

— Катыгүн оой, алып келгенин катып алды дейсиңби, алып келгендерин өздөрү ичип кетишти. Мага эмне бир койдун этин бышырып келди дейсиңби, эки бөтөлкө арак көтөрүп жетип келишиптир.

— Ой, өлүгүңдү көрөйүн, жетесиз десе, илгертеден колу тар, жанагы байкуш аялында эмес беле берекенин баары. Эми өзүң бил, баягы «суу кечкенче энемди берейин, суу кечкенден кийин эмнемди берейин» дегендей кылышпаса болду. Бир айдан кийин түйүнчөгүңдү көтөрүп кайра үйүңө келбесең болду кургурум. «Таалайы жокко таң да атпайт» болуп жалгыз төшөктө муздап жаткыча абышканын оозурагын жыттап жатайын деп белсенип калган тейиң бар. Багың ачылсын, бу кудай катынды карыганча мээнетке жараткан тура. Көрбөгөнүбүздөн көр эле калды окшойт.

— Анча эмне кейийсиң, маңдайга жазганын көрөрбүз. Сен деле бозорбой Аруунга тийип алсаң болмок.

— Эк, койчу ошону «эңкейгенде элиң жоо, эки тизең белиң жоо» болуп турган сыркоо неменин какмарын жууп, азап тартайынбы. Азыр кыздарга караганда абышканы бакчу кемпир кымбат. Балдар деле туура көрбөйт го «энем эрсиреп алжыган чалга тийди» деп, эртең эле ошолордун көзүн карап колунда боло турган болгондон кийин, эмне кылам жаманатты болуп. Же бир өзүм курдуу теңтуш болбогондон кийин. А дейбиз, бу дейбиз карыганда деле үйлүү жайлуу балдарга өгөй эне болуш тозок эмеспи. Өз энесинин күтүмүндөй болобу. Же бир башты сайып баргыдай куураган чалдар оозургандан башка төшөгүңдү оңдуу ысытпаса...

— Деле чалдарды чучугуна жеткиче сындайт экенсиң. «Отуз уулум болгуча, оозурак чалым болсочу» дегенди кантесиң? Деле сенден сөз качып кутулбайт, ээ. Баса, сен моюн толгогонго Аруун катуу чычалап арданды дейт го. Кечээ Тоголок кемпирди киргизип алыптыр.

— Ырас болуптур, экөө жарашат. «Тең теңи менен, тезек кабы менен» болгон жакшы. Анын насыбайга сасыган абсайган сакалын кучактап жаткандан көрө балдарыма тээк, караан болгонум миң эсе артык.

«Арпа берсең атка бер,
    Күтүр-күтүр чайнасын.
    Кызды берсең жашка бер,
    Кучакташып жыргасын» деп эл бекер айтыптырбы.

— Кучакташып ойногондой кыз белең, ботом?

— Кыз эле ойнойт деп сага ким айтты, кылыктын баары катында эмеспи. Кудая шүгүр, төшөктө экөөбүз кыздан артыкпыс. Баягы «канкор ханды көрбөгөн, ханга токол болсом дейт» болгондор, өсөрү эмес өлөөрү калган ит кыял чалдардын муздак тизесин кучактап, түйшүгүн тартпагандар сага окшоп «тийип алса болмок» дей беришпейби.

— Капырай, дайым эле чалдарга тийип жүргөндөйсүң. Жесир болгончо эш тутуп, эрмектешкенге киши керек эмеспи. Ушу оңбогур өзүң кылтыңдап бирдеме кылып жүргөнсүң го дейм же башка чалга көзү түшүп калдыбы?

— Ошо чалдардын өлүгүн көрөйүн, күйгөн чычаладай болушкан. Эркек эркек деп койсо эле алына карабай, лабсибин агытып, көздөрүн шоролонтуп жыртайып калышат. Жаш кезинде алгандарына жакшылык кылып жыргатпаган, карыганда кемпирин жыргатат дейсиңби, эптеп алдап өздөрүн бактыруу да, бул эми айла жоктун иши дебейсиңби.

— Сен эмне эле бүгүн сиркең суу көтөрбөй ыргыштап калгансың, түндө кайсы жамбашың менен жаттың эле? «Таздын көөнү болбосо да, кыздын көөнү» дегендей, абышкага тийейин деп турган менин көңүлүмө деле карабайсыңбы. Көт көрбөй жүргөнсүп эле абышкалардын чатына жабышасың...

Ушерден экөө бир топко көздөрүнөн жаш чыкканча каткырышты. Жашы өйдө болсо дагы жаны курбу экөө бир топко тамашалашып, өткөндөрүн эстеп черлерин жазышты. Бирок, кайниси менен болгон мамилесин ачыкка чыгарбады, ичте калды. Арадан күндөр өтүп айлар алмашты. Кайни менен жеңе капыстан тегирмендин жанынан, ээн жерде жолугушту. Кайниси мурун «дуулдап» алып үч-төрт жолу түнү терезе чертип келгенде, эшик ачпай коюп томсоруп кеткен жайы бар эле. Бир жолу ал келатканда байкап калып итин айдактаган. Сөз ошо ичкүптүдөн башталгансыды.

— Жеңе, эмне эле сыртыңды салып калгансың же кадырыңа жете албай калдымбы, сагындырдың го аябай, – деди кайниси мамилени уламакка ниеттенип.

— Бир болгон ишти козгобо. Каалаган учурда келип, ар ким үзүп жеп кеткендей, чарбактагы өсүп турган жүзүм белем же мени энчиңе басып алдың беле?

— Чарбагыңа менден бөлөк дагы кол салгандар барбы?

— Ишиң эмне кайним, жеңеңди жайына жөн кой. Балдар чоңоюп калганда бетим түгөнүп, артымдан жаман сөз ээрчибесин. Эри жок болсо эле эрбеше бербе сен дагы.

— Андай сөздөн корксоң жеңе катын кылып башыңды ачып коеюн.

— Ага эле катының уруксаат бере коет бекен ойронум? Ушу сөздү укса өпкөңдү үзүп, колуңа карматып коюп жүрбөсүн. Опурулуп ооз кесир сүйлөбөй, алыңа жараша иш кылып, шүк жүрсөңчү. Таарынба, дагы бир сөз айтайын: мени билесиң, ичкен кишиден тажап бүткөм, ошонун айынан минтип тирүүлөй жесир болуп отурам. Анан дагы бир ичкич менен жашап башым шишиптирби. Сөздүн кыскасы ушул.

— Эл катары эле ууртап-татканым болбосо, артынан кууп ичпейм, жеңе. Андан көрө баш байлап койгонду ойлон, өзүң айткандай качанкыга чейин тирүүлөй жесир жүрмөк элең.

— Ага көңүлүм жок, ачык айтайын. Илгери, эми, айла жоктун иши болсо керек. Кайсы катын эле эрин тарттырып жиберип салбар болгусу келсин. Эрге тие койгудай кылтыңдаган жаш келин болбосом, менин эмнеме кызыктың билбейм...

— Сагындым жеңе жытыңды, койнуңду. Өзүңө деле эркек витамин керек го.

— Андай эле мага жакшылык кааласаң, биротоло баш байлаганга ылайыктуу бой киши тапсаң боло.

— Тапмак турмак тапкан кишиңди бычак менен бышып салам.

— Антип, обу жок коругандан пайда чыкпайт. Базары болуп турса бактысы ачылсын деш керек.

— Ушинтип эле бир сүзүшкөн боюнча жолукпай калабызбы жеңе? Убал сооптон коркпой, минте берсең тиги дүйнөдө деле тозокко түшөсүң го дейм.

— Мага бул жашоодогу ушул тозок деле жетишет. Башың бош болсо ар ким этегин ачып көргүсү келет экен, ар ким көкбөрү тарткысы келет тура. Колунда болсо, кор кылбай бакса, ылайыгы келген жерге кете берсем деп жүрөм ичимде.

— О, кайран жеңем, эмне эле далысын салып калды десе күндө күрпөң жей турган жерди тапкансың го. Эрден эр тандап, көңүл кайып болуп турган экенсиң.

— Ии, туз насип буюруп жесем эмне экен? Жеген оозго жарашат, жебеген жердин алдында дейт. Анын эмнесине ичиң ачышкыдай, же сенин алып алган катының болбосом.

– Өз билгениңди жасап, эсирген экенсиң жеңе. Желпилдеп калганыңа караганда койнуңду менден бөлөк бирөө ысытып жүрбөсүн? Агамдын төшөгүн тепсете баштапсың ар кимге.

— «Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп» түштөн кийин, аксынбачы кайним. Төшөктү сен биринчи тепсебедиң беле...

— Ой, энеңди урайын, шерменде десе. Көрүнгөн менен көттөшүп жүрүп, эми мага кыздыгын бергенсип «сен биринчи тепсебедиң беле» деп коёт.

Ызага буулуга түшкөн жеңеси күрөктөй колу менен кайнисин жаак талаштыра тартып-тартып алып басып кетти. Эркек ичинен «канчык» деди. Оңой олжо колдон суурулуп баратканына ичи күйдүбү же өчөштүбү, кетип бараткан жубанды шап колдон алып өзүнө толгой тартканда, көйнөктүн колтугу «тырт» этти.

— Эмне, ушинтип эле кутулуп кетем деп турасыңбы?

— Сага эмне жин тийдиби? Же ушерден зордуктаган атасыңбы? Алгың келсе, сүйүп өлүп баратсаң анда, аялың менен ажыраш...

— ...Сүйүүнү экөөбүгө байлап коюптурбу...

— Анан кайсы арыңа аңги болгуң келет? Эмнеге жанатан бери туткактап, жабышып атасың?Иш чече албаган тебетей катындардан, кудая шүгүр, аял да болсом төөлүк өйдөмүн. Экинчи жолумдан тосчу болбо, сага окшогон көтжинди көчөдө толуп жүрөт. Сен менин теңим эмессиң, «көңүл миңди сүйөт, жүрөк бирди сүйөт» дегендей сөз. Экөөбүздүн ортобузда бир болгон иш ичибизде калсын, жок, антпейт экенсиң, абийириңди айрандай төгөм. Сен каалагандай булгалай бергидей кол жоолук эмесмин, ушул кайним.

Аял үйүнө ыза болсо да кайраттуу келди. «Бирөөгө зар, бирөөгө кор» дүнүйө ай, бир кымындай урматтоо сезими жок, жөн эле сени чүпөрөк сыяктуу колдоно бергиси келгендер арабызда деле бар тура. А адам түшкүрүң ошого эле татыктуубу? Кантсе дагы, ар адамга жөлөнчү, коргооч, аздектеген өз адам керек экен го. Аялбаган көңүлүң айрылган чүпөрөктөй, айрындысы ар кай жерде тебелендиде калат тура. Тирүүлөй жесир ушул ойго келгенде эмнегедир жеңилдей түшкөнсүдү, оюнда көптөн бери өйүгөн бир нерсе бар эле...

1998-ж., 6-октябрь

 

Word форматында китепти көөчүрүү


© Сыдыкова К.С., 1998. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 12947