Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Публицистика
© Сыдыкова К.С., 2002. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 8 апрели

Кален Султангазиевна СЫДЫКОВА

«Суу башынан тунса» жана башка макалалар

(“Эр издөө” китебинен макалалардын топтому)

Көркөм публицистика

Колуңуздардагы жыйнакта улуттук көөнөрбөс нарк насилди бийик туткан, көчмөн каада салтын таза сактай билген, ички ишенимин, ыймандуулукту, адеп-ахлакты ыйык, таза туткан аруу достукту, биримдик-ынтымакты, гумандуу асыл наркты жан дүйнөсүндө кастарлаган кыргыздын жаңы доордо туташ дегредацияга учурап бүлүнүп атканын, ыйманын тепсеп кор болуп, ачкөздөнүп, жан дүйнөсүнүн жакырданып турганын, кадырлашпай калуунун оң, терс көрүнүштөрүн жана коомдогу, жеке турмуштагы түрдүү көйгөйлөр чагылдырылат. Ыймандын, нарктын, салттын, адам жолунун улуулугун, тазалыгын коргоп, аны түбөлүктүүлүгүн акыйкаттап агартуу максатын көздөгөн автордун сынчыл пикири китептин негизги өзөгүн түзөт

Сыдыкова Кален. Эр издөө: Аңгемелер. Көркөм публицистика. – Б.: «Бийиктик», 2002. – 127 б. китебинен алынды

ББК 84 Ки 7
    С – 95
    ISBN 9967-21-508-9
    С – 4702300400-03

 

АР ТҮРКҮН

 

СУУ БАШЫНАН ТУНСА

Адам көркү адеп, ыйман. «Улууга урмат, кичүүгө ызаат» илгеркиден калган нуска. «Карынын кебин капка сал» деп байыртадан аксакал карыны эл журт урматтап сыйлашат. Каадалуу-нускалуу, жолду билген намыстуу касиеттүү карыялар башынан салт туткан элдин туткасы, кеңешчиси экени айныксыз. Кантсе дагы «кары билет кааданы, карчыга билет сонону» дегендей, кыргыз башынан каадачыл калк эмеспи. Дайым Жолду, Наркты, Салтты бийик тутат. Кыргыздын жазылбаган Мыйзасы ошол. Өлүп баратса дагы Намыс талашат. Ошондон «каадалуу адам — кагылган чеге» деген сөз чыкса керек. Нарк, Салт жолу улуу болгон жерде сый, жүйөө өзүнөн өзү болгон. Салт Мыйзам болгон үчүн бир ооз жүйөөлүү сөзгө жыгылышкан. Жаштар аксакалдардан ар качандан бир качан ийменишкен, эстүүсү акылдашып ажаатын ачышкан. Ооба, эл өзү «узунсуз кыска болбойт, улуусуз нуска болбойт» дейт. «Карысы бардын ырысы бар», «барга – канагаат, жокко – сабыр». Ал эми «башың кетсин, намысың кетпесин» деп үйрөткөн байыркы бабаларыбыздын бүгүнкү урпактарынын наркы, пейили, ыйманы кандай? Агаларыбыз, эжелерибиз адептүүбү? Чыгыш көсөмү «адам жолду улуу кылбайт, жол адамды улуу кылат», «нарктуу адам өргө умтулат, пас адам көргө умтулат» (Конфуций) деп тескейт, нускайт. Анткени, караан туткан калдайган карылар жөнүндө «жолуң жаман болсо да жол башчың жакшы болсун» деп эл өзү төлгө кылып, тилек тилешет. Анын артында «эстүүнү эне тут» деген опоол тоодой ишенич жатат. «Өрнөктүү кары жок жерде, өнөрлүү жигит жок». Баары бир турмуш карысыз бир жеринен кемчил, мүчүл болуп өксүйт. Бул турмуш чындыгы. Бирок, «буттан жыгылган турат, ооздон жыгылган турбайт» болуп карыялар коомдун ала салган миң түрлүү ыргагына жараша тез өзгөрүштү. «Ийри түзөлөт, түз сынат» деген менен замандаш карыялардын пейили, нарк-насили, баам-парасаты тайыздап, баягыдай балпайып жаштарды басса турса алкап жалынган айкөл пейили тарып, куучуңдап, куну учуп кейреңдегендер көбөйгөнсүдү. Наркты билбес, салтты сыйлабас, пайда эле издеген, нускасыз кошоматчыл көксакалдардын чөйрөсү калыптанып келеаткансыйт. «Алсам, жутсам» деген эле жанталашкан карылар. Ток пейили, жайдарысы аз сыяктуу. Жаштарга үлгү, өрнөк көрсөткөндөрү сейрек же көбүнүкү көңүл толоорлук эмес. Азыркы чалдар индивидуалист, өзүмчүл. Албетте, көр турмуштун көйгөйүнө кыжынгандар бар деңизчи, ошентсе дагы бирин-экин терсаяктарды тескеп «туура бийде тууган жок» дегендей, калыстыгынан жазбай, калбаат ынтымакка чакыруунун ордуна, ырыс кескен калпты айтып, түлкүдөй кубулгандар да жок эмес. Деги эле аксакалдар эмнеге мынча майдаланып, зайыпаана тартты? Эмнеге ыйманы ыдыроодо? Турмуштун запкысынан бузулуштубу? ушул ойлор кыжаалат кылат.

Туу туткан көксакалдар күндө алагүү болуп кары-жашты ылгабай көрсөткөн жаман кылык-жоругунан, адепсиздигинен, көңүл ирежиткен терс адаттарынан жаштарга жек көрүмчү болуп жаткан жокпу? Көбү каада тутпай салттын жолун унутушту, аздектеп сакташпады. Өзүлөрүнүн туруксуздугун, каада-салтты тутунушпаганын турмушка шылташты. «Жашында берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү» деген, накылга муюшпады. «Ырыс алды ынтымакка» чакырчу аксакалдар ар кайсы кокту-колоттун, аймактын бир жактуу тайыз ураанын чакырып, жаштарды кайра бири-бирине тукуруп, колтугуна суу бүркүп, сокур намысын козгоп турушат. Бул көбүнчө эл аралап аты чыгып калган кызматчы аксакалдардын кылыгы. Эл арасында куйтуңдашат, жойпуланышат – иши бир башка, сөзү бир башка. Кооз сүйлөшөт марып-чарып. Эпаадам кыйчалыш иш болуп калса «кол сынса жең ичинде, баш сынса бөрк ичинде» кылып жараштыруунун ордуна, тескерисинче, илинчеек таап аягын чырга айлантып арачалодо өзүнө пайда издеп соттошконго маш. Көбү керооз, кесир сүйлөшөт. Өткөнүн мактаныч кылып бир айтып бир койбой, эки айтып эки койбой адамды эзишет. «Кары адам абийирдүү болсо үйдүн куту», эгер абийирсиз болсочу? Албетте, салттуу көз карашты тепсеп минтип айтканымды айрымдар жактырбас. Анткени, бузулган кыздарды, жаштарды сындап, сынтакканга көнүп калган аксакалдарга бул кудайды карабаган чоң сокку, бирок, беш кол тең эмес экенин эске алышаар. Жүйөөгө жыгылбаса өздөрү билишсин. Жаштардын ыйманына, абийирине кол салган көксакалдар арбын. «Балык башынан сасыган» соң кимдин башынан чөп издейбиз? Ак бешикке салаарда барктуу, нарктуу байбичелердин:

«Жараткан өзүң жалга,
    Жакшылыгыңдан жанба.
    Ыйман берип, ылдыйда жөлө,
    Ымыркайынан ырыска бөлө.
    Кесепеттүүнүн сөзүнөн сакта,
    Кескинин көзүнөн сакта,
    Кара жердин төшүнөн сакта,
    Касиетсиздин өзүнөн сакта.
    Арчадай узак жаш бер,
    Колунан көөрү төгүлсүн.
    Апасынын сүтүн актасын,
    Абийири-чеби болсун,
    Айтканы элге эп болсун», – деп берген ак батасынын акыбети кайда?

Азыр аксакалдардан үлгү алуу кыйын маселеге айланды. Жүйөөгө ала албайт. «Ата-эненин кадырын балалуу болсоң билеерсиң, агаиндин кадырын жалаалуу болгондо билерсиң» дегендей, аксакал деп ардактайын десең кээси, кээрине тартып калжакташат. Шагың сынат. Тарбия башаты тайыздаган жерде адамдын наркы, баркы башкача чен өлчөмдө каралат эмеспи. Чоң адамкерчилик, кеңпейилдүүлүк, нускалуу нарк бүгүн таңсык нерсе. Албетте «тоодой караны томуктай ай жеңет» дегендей аксакалдардын баары нарксыз деген калпыс пикирден алысмын, бирок, көпчүлүгү пейили бузулуп адепсиз жагына ооздук тартканы өкүнтөт. Пейил бузулуп, ыйман ыдырап, абийир төгүлгөн жерде ырыс кетип коомго чоң зыян келеери белгилүү. «Малга – ылаң, адамга – илдет заманга жараша келет» деген чын окшойт, азыркы аксакалдардын көбү эки сөздүү болуп «өңдү көрдү жүз тайды», пейили тарып көрөалбастык күч. Минтип акаарат айтуу кыйын, айтпайын десең күйгүзүшөт, мисалы: бата сурасаң дагы соодалашып жатып араң беришет. Мына ушунун өзүнөн карылардагы касиет качат. «Ооруп сакайган жан олжо, жоголуп табылган мал олжо» дегендей, бузулуп турган коомдон күзгүнүн сыныгындай таза абийирди, ыйманды сактап калсак ошонун өзү адамзатка чоң олжо. Абийирден кол жуугандык-адамзаттын башына түшкөн чоң ааламат менен барабар. Аксакалдарда нарк насил, таза ыйман сакталып калса жаштар аларга карап түзөлөт. Антпесе, атасакалы оозуна бүтсө да, дээринде, зээнинде, канында жок, арам оокат менен ирденип киши катарына кошулуп тең ата болуп «мурду бучук болсо да байдын уулу сүйлөсүн» болгондор, «бастырганды билбеген жолду бузат, баштаганды билбеген элди бузат» болуп түбү жука, адепсиз, жүрөөнөк, ит кыялын элге үлгү кылып таратып корстон болгондор арбыйт, ансыз да арбыды.

«Бата менен эл көгөрөт,
    Жамгыр менен жер көгөрөт» – деп байыркы бабалар батага чоң маани берип, адептик жагынан бийик койгон. Касиеттүү карынын батасы чоң жоопкерчилик артырат. Элдин каада-салты, адаты, ырым-жырымдары тегин чыкпайт. Бараандуу, сөөлөттүү, нарктуу карылар азайып, тайып бараткансыйт. Алардын ордуна өз ордун, жолун билбей кары жашка бирдей делдеңдеген, аракка алдырып өзүнөн өзү түйтөңдөгөн, тейтеңдеген, каарып-какмалаган, катын-калач, жаш балдар менен акыйлашып теңтуш, теңата болгон жөнсүз карылардын бир тобу пайда болду, тообо. Карылар өздөрү антип турса «кемчилиги көп адамдын кемсинтээри көп болот» (Ф.Петрарка) сый азаят. «Карым бар, ырысым бар» деген заманда, алардын берген батасы ыйык, опоол тоодой күч кубат болуучу. Кишини курсант кылуучу батаны нускалуу аксакал, урматтуу энелер берет. «Жакшы адам элдин көркү, жоогасын жердин көркү» дегендей, кастарлуу жөрөлгө, каада-салттар дагы жакшылыгына ооп эли колдосо терең тамырлайт. Бирок, көп каада-салттар четинен бузулуп мааниси бурмаланууда. Ага бир мисал «жаман адат – түшсө чыга алгыс ор сыяктуу» дегендей, сөз касиетине чындап ишенип, жараткандын табышмак кудуретине таазим этип чоң үмүт, тилек, каалоо менен кылынган бата маңызын өзгөртпөсө дагы, түрүн өзгөртүп, кээ учурда, саясий кампанияга айланды. Илгери батаны укканда көлкүлдөп көшүп кошо эрип турчу эл азыр дейди тартып, көңүлсүз угат. Эмнеге? Батанын кадырын ача сүйлөп акчыланган аксакалдар «жаман уй жайытын бир күндө түгөтөт» же «пири көптүн кири көп» дегендей кээ бирлер сатылма батасын бир күндө беш алтооно арнап, көз жазгырганын «жакшынын сөзү кепил, жамандын өзү кепил» болуп саясий компанияларда ар кимдин көңүлүн алам деп Сөздүн салтынан, жүйөөсүнөн, өзүнүн наркынан кетип элди убара кылгандарды көрдүк.

Менин чочуганым – карыдан нарк кеткени, ошол элдин бузулганынын белгиси болот дечү эле. «Абийириңди жашыңдан сакта» деп эл өзү айтыптыр. Айылга, районго, областка, Жогорку Кеңештин депутаттыгына альтернативдүү коюлган шайлоодо ичи жарылганча ар бир кандидаттын арак-шарабын ичип, этин күшүлдөп ынтыгып жеп, көңүл үчүн кубулуп жалган, насыя бата берген аксакал-көксакалдардын жоосунсуз жоруктары (сага эле добуш беребиз деп касам ичип, куран кармап беш алтооно, өз өзүнчө бата берген шалтактаган каадасыз карылар бар болду), уруучулук тайкы көз караштары арийне, өкүнүчтүү. Бата спекуляциянын объектисине айланды. Батаны эмнеге булгашты? Салтты, наркты аксакалдар өздөрү бузушту. «Бузулган элге бучуктан молдо болот» деп таамай айткан экен. «Ар кимдин ниети – өзүнө жолдош» деген чын. Көрсө «куру аякка бата жүрбөйт» деп үмтөткөн элдин майда паракорлугу, пайдакечтиги башынан эле бар тура. Кошомат үчүн көшөкөрлөнө берилген сатылма, саясий баталардын өмүрү кыска болсо дагы элдин ортосун ачып, иренжитип кетери бышык. Алтын казык сыяктуу караан, туу туткан аксакалдар ошентип кылтыңдап батанын ашмалтайын чыгаргандан кийин аны көргөн зээндүү жаштар кантет? Батанын баркы кандай болот? Айта жүргөн адилет кебинен, адебинен жазбай койсо аларды бирөө кыйнайбы?! Алда, аксакалдар ай, тың эр жигит, кыз кыркыныңарды эптештирип ынтымакка чакыргандын ордуна, эки сүйлөп эрөөлгө түрткөнгө кантип абийириңер жол берет? Жаштар жамандыгын, мастыгын, жаштыгын көрсөткөндө дагы этектен тартып койчу сиздер эмессиздерби?! «Адам абийирине кул, эркине бий болуш керек» (М. Эшенбах). Чын ниетинен чыкпаган арасат, сатылма, пайда издеген батанын түрлөрү көбөйдү. Кадимки ак бата, саясий бата, кошоматчы бата, араккор бата, кара (тескери) бата, малга бата, арам бата, адал бата, уруу бата, талак бата, каргыш бата, нике бата, дастарконго жайма бата, жолго бата, жүгүнгөндөргө бата, жаңы өргөөгө бата, көчкө бата, балага бата ж. б. Барынан кыйыны насыя бата. Ушул кишинин мойнуна жүк болуп дайым жоопкерчиликтүү. «Абийир үчүн ак жүр, алыш беришке так жүр» деп эл бекер эскертпейт. Батанын күчүн көр, мисалы: эр жигит жоого, казатка аттанганда берилген бата чоң демөөр, ишенич, сүрөөчү, таяныч дем, үмүт. Дайым кайраттандырат же тескери бата бериптир десе эл батанын күчүнөн коркчу, сестенчү. Баланчага тескери бата бериптир десе, түгөтө албай түмөн сөз кылып, элди тартипке чакырып каргыштан коркушчу. «Жакшы сөз – суу, жаман сөз – уу». Байыркы көөнө кыргыздын батасынын өзгөчө касиети болгондуктан, алакан жайганда Көкө Теңир менен түз байланышта болгондуктан көчмөндөрдүн ыйык батасынын формасын кийин-кийин жаралган семит элдери туурап, өзгөчө арабдар аны куран окуганда алакан жайдырып кабыл алышкан. Батанын кудуретин Куранга киргизген.

Батанын таасири, ыйыктыгы оозеки чыгармаларда өтө күчтүү чагылдырылгандыктан аны кадыр тутуп барктайбыз. Кеп алакан жайган формасында эмес, Сөздүн Күчүндө, Касиетинде, Кудуретинде, анан биздин Ынанымыбызда, аны ичибизден Төлгө кылып Үмүт кыла ыраазы болгонубузда. Ошол ишеним, аң-сезим кутман карылардын кылтыңдаган кытмыр саясатынан кыйраса, талкаланса көкүрөктө эмне калат? Кыргыздын башкы сыйынты боз үйдө, ачык түндүктүн алдында Көкө Теңирден тиленип жайылган алаканга көлкүгөн Космос кутун кондурган. «Бата менен эл көгөрөт» деген эмне деген зор туюм! Ошол батанын азыр кунары, баркы кеткени эмнеден болду?

Жогоруда батаны кадырлуу, нарктуу аксакал берчү дедик. Кийинчи? Кийин ар бир стакан кармаган, эки сөздүн башын эптей албаган, сөзү ачакей кайсарлар, каражолтой, жолу ачылбагандар деле сандырактап мас болуп алып тост айтып батага батынып кол салды. Батанын баркын арак кетирди. Аракка тоюп алып куран окуган кадыресе көрүнүшкө айланды. Мас болгондон кийин гана бата тиленгендиктен батанын касиети качты, эми түшпөй калды. Ыйык мааниси жоголуп, формасы сакталууда. Ынтымактын башаты болгон малга бата тилөө айылда дээрлик жоголууда. Биздин эл эмнеге мынча тез өзгөргүч, оома? Аксакалдар баш болуп нарктан тайса, кыргыз кай жагына карай өзгөрөт? «Адам бузулса, аалам бузулат» эмеспи. Улут боюнча сакталып кала алабы? Динибизди өзгөртүп, каада-салтыбызды талкалап, наркыбызды бузуп кайда барабыз? Эне тил саясий оюнга айланып бирде мамлекеттик тил, бирде үй тил болуп нарксыз мамлекеттик бийлик тарабынан улам талак болууда. «Ордунда бар оңолот» деп отура беребизби? Жаштар ортосундагы ынтымакка суу бүркпөй, аксакалдар нарктуу тейин күтүп, пейилин оңдосо тарбия таасын болоор беле? Жерин, тилин сатпай, каадасын сактап улут уюткусун чачыратышпаса. Жок дегенде берген батасын саясий жугундукорчулукка, былык-чылыкка айлантпаса. Ушундан улам «жакшы ниет жарым ырыс» дегендей, суу башынан тунук болуп таалимчи карыяларыбыз, эл агаларыбыз, журт билермандары ириде өздөрү пейлин оңдоп, өздөрү нускалуу болсо, Кыргызстан адеп-ахлат жагынан тазарып, оң жагына өзгөрөт беле деп үмүттөнөм. Адам пейилин оңдосо, ынтымагы, ыйманы бар болсо, карамдуу болуп, улуусун урматтап, кичүүсүн ызааттаса, мыктысын «тияктан, бияктан» деп өгөйсүнтпөй көтөрүп колдосо-ал Ата Мекен сөзсүз өзгөрөт, оңолот.

1997-жыл, май

 

АРАК ААЛАМАТЫ

Адам пейилиң дилин, тарбиясын, ыйманын оңдосо коом оңолот, өзгөрөт. Акыркы жылдарда кыргызды арак ааламаты болуп көрбөгөндөй каптады. Бааарынан жаманы арак улуттук жаңы тамак катары дасторкондун төрүнөн орун алды. Азыр «ичүүнү үйрөнбө, иштөөнү үйрөн» дей турган учур. «Алкынан кеткен баркынан кетет». Аристотель философ: мас болууну «эрки менен акылынан ажыроо» деп таамай айтыптыр. «Мастык — ыктыярдуу түрдө жиндилик» (Сенека) экен. Ушул чын болсо, жиндилердин коомго кереги барбы? Тийгизген залакасы, мүшкүл, зыяны канча? Ичкиликтин айынан канчалаган үй-бүлөөлөр ажырашып, турмушу, тукуму бузулуп, жазыксыз балдар тирүүлөй жетим калууда. Арак никени гана бузбастан адамдын жан дүйнөсүнө кыямат кайым, бузукулук алып келди. Жиндилердин дүйнөсүн түздү. Бүгүнкү азезил шайтандын аты — Арак! Аттиң десең «үйүңдө тынчтык болбосо, бу дүйнөнүн тынчтыгынан не пайда?» Ичкилик далай адамдардын бакты-таалайын, тагдырын талкалап жан ачыккан кордук алып келди. Жүрөк титиреткен түркүн кылмыштардын, илдеттердин себепкери болуп калууда. Кылмыш дүйнөсүн күчөттү. Орустардын «аракка кандым дегиче, азапка калдым дегин» деген нускасын эске албай, кары жашы дебей ыйманын тепсеп бүт ичкиликке ооп баратышат. «Жамандын жолдошу көп, жанына жарым тыйын пайдасы жок» аял эркек дебей, стакандаш санаалаштар көбөйүүдө. Мас шайлоолор аяктап мас майрамдар, мас дүйнө уланууда. «Мурда эле кокуй элек, ого бетер алат болду». Арак нарк-насилди, үрп адатты, каада-салтты, бир аз тутунган динди айтпаганда да, эң аялуу делген азада көңүл айтып арак жуткуруу, куран окуткан жерге шагыратып арак көтөрүп баруу сыяктуу, элдин мурунку салтында жок, бузуку адат турмушубуздан кеңири орун алууда. Терс жаңы адаттарды тескей турган, тыя турган мыйзамга коом өзү муктаж болууда. «Арсызга алты күн майрам» болуп, замана куурулууда. «Адегенде адам аракты жутат, андан кийин арак адамды жутат» (жапон) деген, арийне, кашкайган чындык. Бул ааламаттан кантип сактанабыз? Аны кантип токтотобуз? Жолу барбы? Ушул кеселден кантип таза айыгабыз? Бүт дүйнөнүн башы катууда. А аракечтик айыкпас дартка айланды. Бул дүйнөдө «арактан өткөн жоо жок».

«Арактай оору ааламда жок», «Арактан ичип кутулба, качып кутул», «Арактын арты жаман, айыкпас дарты жаман», «Арактын жетеги жеп тынат», «Аракеч жалаакеч келет», «Масында маза кылат, соосунда ыза кылат», «Мастык жанды жүдөтөөр, мааниси жок күн өтөөр», «Мастыгын билбеген мастын адаты», «Аракеч үй-бүлөнүн көз жашын жейт, анан өз башын жейт», «Ичкен арданбайт, чачкан тирденбейт», «Ичкенге имерилбе, иттикке жиберилбе», «Ичкиликке кол бердиң, итчиликке жол бердиң», «Ичкиликке берилип кетүү — илдеттин чегине жетүү», «Ичкиликке көнүп ичкен өлүп ичет», «Ичсең бир күн тырайдайсың, үч күн ылаңдайсың», «Мастан майып бала төрөлөт», «Маңыздын сөзүнөн без, мастын өзүнөн без», «Ичкенден төрөлгөн бала ирденбейт» деп эл деле бекер айтпагандыр. Кагылайын карылар, жок дегенде силер биринчи баш көтөрүп арактан баш тартсаңар, андан алыс качсаңар кантет? Айланайын аялдар, адамзат туткасы эмчектеги балаңарды жаман кесепет, өнөкөт алкоголь оорусунан сактап, канды, дээрди тазартып намысыңарды тепсебей, силер алгачкылардан болуп, арактан баш тартсаңар – коом сакаят эле го. Кеч болуп баратат... Же «калың бетке түкүрсөң кар жааганча сезилбейт»(түрк) ахыбалга жетип калдыңарбы? Ишенбейм, ишенгим да келбейт элдин тирүүлөй, өз акыл эси менен ыктыярдуу алкоголдон өлүп баратканына. Улуттун зээнин, дээрин талкалоочу ичкиликтен элди сактап калуу үчүн мамлекеттик шашылыш чаралар керек. Элдин жапырт аракка берилип баратканына карабай, Россия баштап бүт өлкөнүн ТВ «1», «2», «3», «4», «5», «6», «7»... каналдарынан, түрдүү басма сөздөр спирт ичимдиктерин, зыяндуу тамекини тынбай мактап-жактап рекламалоодо. Соо жашаш үчүн тамекини таштата турган, аракты койдура турган дарыларды, жолдорду эмнеге ушунча активдүү жарыялашпайт? Өз ден-соолугубузга ушунча кайдигербизби?! Чыгышта «мастык-кырсык үчүн ачыла турган эшик» дешет. А кырсык кимге жагат? Эч кимге! Адамдын ишбалдасын чыгарган арактан адамзат эмне пайда тапты? Мамлекеттерин оңдодубу? Кимдин эсебинен, көз жашынан.

«Арак ак болгону менен адамды кызыл тумшук, кара бет кылат» (А.П.Чехов). Анткени, ичкич киши ичип кеткенин мойнуна өлсө дагы албайт. «Мен алкаш белем» деген, алдамчы кебин дайыма колдонот. Аракечтик өмүр кыскартканы чын болсо, эмнеге аны бир аз кирешеге кызыгып бүт дүйнө жалпы чыгарып адамзат турмушун тирүүлөй тозокко айлантууда? Өтө кооптоно турган нерсе — аялдардын аракечтиги, бул жетеер жерине жетип турган учуру. «Бүркүткө жумурткасын чайкатса да каргадан карга чыгат» болуп алкаштан, талкаланган генден төрөлгөндө эле мунжу, майып, жарым эс, жарты жан, зээнсиз, кемакыл шордуу наристелер төрөлүүдө. Ичкен киши каерде болбосун кесирин тийгизе жөнсүз жаңжал чыгарат, бүлөөсүнө кордук көрсөтөт, кээде өлтүрүп тынат. Бирөөлөргө обу жок тийишет, чатак чыгарышат, адеп жагынан бузулушат. Дегредацияга толук учурап, аягы тентип калат. Адистер айткандай, шекчил тартып болоор болбоско ичи тарыйт, аңдыйт, кызганчаактыгы күчөйт. Арактан башка эч нерсеге кызыкпай, көңүл чөгөткө алдырып, эси дарты ичимдик болуп, ичүү үчүн жок шылтоо издейт. Арак аңдып ичүү, бирөөдөн уялбай дооло өнөкөткө айланат. Жоопкерчилик, милдетти жоготуп бир макулуктай, «турмушум оңолсун, тигини жасайын, муну кылайын» деп эч аракеттенбейт, арга издебейт. Бардык эле аракечтерге: «экинчи ичпейм» деген каргануу, калп айтуу мүнөздүү. Калп мактанып өздөрүнүн баркын көтөрүүгө жандалбастайт. Албетте, аракеч орой, өзүмчүл, таш боор, чорт кыял, кызыл камчы, мыкаачы болушат. Алардын эске тутуму, ой жүгүртүүсү, акыл менен иштөөсү акырындык менен тайкыланып аң-сезими бузулат. Күндө эртең менен ашказаны аңтарыла окшуу, кусуу, калтыроо, денеси титиригенине карабай кайра эле арактын артынан аңдып, кууп жүрүп ичишет. Мындай депрессия алардын жакын адамдарынын шору, трагедиясы. Каңырсып, сасыган жинди менен өмүр өткөрүү кандай чоң кайгы?! А адамга өмүр чиркин бир эле келет эмеспи. Арактын ааламатынан өмүрүндө эч жакшылык көрбөй өткөн пенделер арбын. Ал кайгы адамды жоготуп тынат. «Арак ичкен тойдо мас, акылы жок күндө мас» болуп ырылдашкан үйдү шор каптаары айтпаса да түшүнүктүү. Бул азапка чыдабай өлүп кутулгандар канча. Окумуштуу И.П.Павлов алкоголь акыл-эстин процессин начарлата турган кесепетин айткан. «Арактай оору ааламда жок».

Баардыгыңыздар эле көрүп жүргөндөй, мастар өздөрүн башкара албай калышат. Ыктытып турса да, ойдо жок нерселерди ойлоп таап доо коет, бирөөлөрдү сабайт же өлтүрөт. Оозуна арак кирди дегиче, сөз көтөрө алышпайт, тез туталанып чатак чыгарганга гана маш. «Акмактын акылы билегинде» дегендей, дайым чатак, мушташтын үстүндө. «Ачуу душман акыл дос, акылыңа акыл кош» эл накылы ичкичтерде эч сакталбайт. Аларды ойлонууга чакыруу бөөдө убара. Абийирден кетип, элден чыкканын элес алышпайт. «Арак адамды айбанга теңеп салат» (Ф. Достоевский). Негизинен, маска мыкаачылык мүнөздүү экенин турмуш далилдеди. Аларга «жаман айткан суук сөз, сөөккө баскан тамгадай» (М.Кылыч) сөгүнүп сагынуу өнөкөт. Ошон үчүн «ичкич адам — камкордук көрүүгө жана боор ооруга арзыбайт» (И.Өмүров). Леонардо да Винчи «шарап-аны ичкендин сазайын берет» деп эң туура айтыптыр. «Мастын түбү — мазак, мазактын түбү — азап». «Ийри жыгачтан түз көлөкө түшпөгөн» сыяктуу, ичкиликке баш оту менен берилген адам айыкпай турганын, анын кесепети тукумдан укумга бериле турганы кандай өкүнүчтүү. «Арактын арты — дарт, учкундун арты — өрт». Дейди турмуш күтпөй ушундай турмуш өзгөрүп, коом жаңыланып, ар ким өз тирдигин оңоп алайын деп «эки бакыр, бир тукур» болуп, ак тилек менен келечек максат көздөп турганда кыргыз элине «арактан өткөн душман жок, акылдан өткөн тууган жок». Жакшы жашоого канча жаңы идея, шарт, мүмкүнчүлүк, жол ачылды! Тынымсыз аракет гана керек. «Алтын табылса, түйөөргө түйүнчөк табылбайт» болуп, ошо жолду пайдаланбай ышкоолукка, баңгиликке, сойкулукка, мастыкка алдырсак анда өз убалыбыз өзүбүздө. «Жаман таарынам деп шыбагасынан куру калат» болбой, жапырт эмгек этсек анын өтөлгөсү эртең эле чыгат. «Акылмандын толгону элине дөөлөт, акмактардын толгону элине мээнет». Ойлордун туу чокусу үшкүрүктөрдө эмес, кыргыздын алтынга алмашкыс асыл макалдарында уюп жатат. Ошон үчүн, ХХI кылымга каны таза, зээни, дээри мыктылар керек. «Жакшыга эл ишенет, жаанга жер ишенет» дегендей, жаштар арасынан түзүүчүлөрдү, жаратуучуларды, коомду алга жылдыруучуларды, тазартуучуларды издейбиз! Антпегенде кантебиз, кадам сайын ичкилик саткан жер жайнады. «Акмакка теңелсең адамкерчилигиңден ажырайсың» деп, жаштар ага жолобой андан алыс качкандын ордуна кайра ага үйүр, ынак болуп, ирденүүнүн ордуна «эсиргиси келген эпсиз ичет» (араб) дегендей, тапкан ташыганын жинди сууга салууда. «Бир мүнөттүк жаңылыштыктын салакасы миң күндүк» (Ф.Шиллер) экенин таназар алышпайт. Өзү да жоголуп, үйүн дагы бүлүнтүп кырсыктарга малынууда. «Эшек барга саналса да, малга саналбайт» дегендей, алкаш «мас-адам эмес, анткени, акылынан ажырап калат, адамды айбандан айырмалап турган акылы да»(Т.Пэн). Көрсө, «өз үйүндө ичкен ичкиликтин биринчи көтөрүлүшү — саламаттык үчүн, экинчиси — рахат үчүн, үчүнчүсү — уятсыздык үчүн, төртүнчүсү — айбанчылык үчүн көтөрүлөт» (Анахарсис) тура. Дүйнө эли арак ааламатына терең баткандыктан канча алкаш бар экенинин эсеп чотун так биле албай калышыптыр. Статистика жаңылды. Арак ичүүнү социалдык-экономикалык жакырчылыкка шылтай салуу болбогон сөз, бул — адеп, абийир, салттын кыйрашынын жеткен чеги. Ыктыяры менен акылдан ажыроо. Бул кылмышпы же кырсыкпы? Бүт элдерде эмнеге жаман касиеттер туташ күчөөдө? «Ар бир баштын оорусу ар башка» (араб) дегендей, арак кесепети, мүшкүлү бардык эл тарабынан айыпталууга тийиш! Арак ар бир үйдүн, муундун трагедиясы, шору болуп калууда. Үйдө бир чымчым уну жок, чиедей балдары ачка отурса, жарыша арак ичип айбанга айланган ата энелер арбыды. Уксаң жүрөгүң канайт, онтобой ооруга жолугасың. Аларды ыйлап сыктап каргоо пайдасыз. «Каргыштан өлүп, алкыштан тирилген адам жок» (хинди), эгер каргыш тийери чын болсо, масчылыкка айтылган наалат, каргыш ала тоодой алты болмок.

Медицина, мамстандарт, профсоюз эмнеге элдин ден-соолугунун коопсуздугу үчүн күрөшүп самопал жана өтө күчтүү алкоголго каршы чыгып коргобойт? А ООНчу? Курал, качкын ж.б. маселелерди эле карайбы? Арак дагы оорунуң эң чоңу, кырсыктардын, кылмыштардын зор очогу, кесепеттин эң коркунчтуусу эмеспи? Же эси кеткен эндирейт болуп отура беребизби? Арга издөө жөн. Тилекке каршы, «алкоголизм үч кырсыкты — ачарчылык, тумоо жана согушту бириктирип алганга караганда зыяндуу келет» (В.Гладстон). Мына адамзат үчүн зор мүшкүл ушул! Демейде, көп мамлекеттер түрдүү согуш болтурбоо, ядролук куралды кыскартуу, өз ара экономикалык кызматташуу сыяктуу эл аралык келишимдерге кол коюшууда, а эмнеге ичкиликке көбүрөөк байырлаган бир топ өлкөлөр жапырт ичимдик чыгарууга жүйөөлүү, катуу тыю салып эл аралык келишим түзүшпөйт? Ичкиликти токтотууга каршы саясий, экономикалык акцияларды уюштурса болот да. ЮНЕСКО ХХI кылымды бүт дүйнө боюнча алкоголсуз жашоо кылымы катары жарыялап элдерди дени сак жашоого үндөсө болот эле го. Туура, ичкилик согуштан жаман чоң ааламат. Анткени, ар бир үйдө күн сайын арактын кесепетинен мушташ, жаңжал болууда. Акыл-эстен аң-сезимдүү жалпы ажыроо бүт адамзат үчүн азап, зор трагедия! Түбүң түшкөн арактан канча пенделер бактысыз болууда. Чогултса, алардын кайгы муңунан, арманынан, өксүгөнүнөн, көз жашынан жер эчак жарылып кетмек. «Арак мөлтүрөк, бирок акылды өлтүрөт» эмеспи. Адам ыйманын качан издей баштайт? Наркын качан сактайт? Же наркомания, алкоголиянын айынан көркоолукка ыктайбы? Кыргызстан ХХI кылымда нарктуу ачык коомду алкогол, наркомания сыяктуу жаман адаттардан, көрөалбас ич күйдүлүктөн, кызганычтардан, бут тосуулардан, бардык ыплас куйту оюндардан кутулуп, таза абийир, бийик нарк насилибиз, куттуу ыйман ынтымагыбыз, таза ниетибиз менен жашабайбызбы? Бул иш ар бир жеке инсандын уятында, абийиринде, табият тартуулаган зээн, дээринде, дараметинде. Бул арылбаган азаптан кутулуу үчүн, мүмкүн, Теңирибизге кайрылып жазаланганыбызды тазалаарбыз...

Кантип арак ааламатын, кыянатын токтотобуз?..

1997-жыл, 20-май

 

СӨҢ КӨЛ ЧҮРӨГҮ

«Менин сырым сен билесиң, булутум,
Айтор, деги менин жашоом курусун.
Ал муңканып, медер тутуп жашайт де,
Жалгыз гана Сөң Көлдүн бир сулуусун!»
(Болот Бейшеналиев. «Булуттар»)

«Театр-кино жылдызы, Ак Мөөрдөй сулуу нур кызы, токтолуп сокпой жүрөгү, Сөң Көлдүн кетти чүрөгү» деп бейит башында көзүнүн жашын көл кылып, өксүгүн кесиптеши Жумабек Козукеев айткандай, кыргыз чүрөгү, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисткасы, Таттыбүбү Турсунбаеванын 50 жылдык мааракеси республикалык деңгээлде Сөң Көл жайлоосунун Таш Дөбөсүндө 1994-жылы 22-июль күнү болуп өткөн. Ошондо Сөң Көл кылаасында жумурткадай 25 аппак боз үй тигилип, эскерүүгө келгендерди жумгалдыктар жарык маанай менен тосуп алышты.

Ал кезде Мамлекеттик Телерадиодо башкы редактор элем. Телерадио тобун мен жетектеп бардым. Сөң Көлгө келүү көңүлүмдү көккө көтөрүп, толкундатты. Кантсе дагы ушул жерлерде менин дагы балалыгым өткөн, укум жери тааныш, кымбат. Кагылайын туулуп өскөн жердин касиети ай, жайлоонун керемети өзүнчө карегиңе тартылып, жүрөктү элеп-желеп кылат. Бул жайлоо көөнө кыргыздын тарыхынын архивиндей сезилет. Балалыгымда ойноп жүргөн Көл кылаасында Көк Булактагы Манастын тулпар ташы, Манастын кырк ташы, түрдүү мололор, Кызыл Жардагы Эр Табылдынын таш тулгасы, конушу, булагы, Аккуланы байлаган мамы, Кырк чоронун конушу, Калмак кырчын, кечээки эле Ак Мөөр эжем ыйлап Жантайга кеткен конуш ж.б.бар. Сөң Көл кылаасында үн чоңойткуч менен Таттыбүнүн аткаруусундагы «Ай барататы» берилип турду.

«Ак булутту аралап ай баратат,
    Ак куу болуп көлдөгү жай баракат.
    Ата албайсың ак кууну оңой менен,
    Жете албайсың айга да жел ой менен».

Көкүрөгүм көлкүлдөп, көзүмө ысык жаш келди. Көз алдыма эки эжем Ак Мөөр менен Таттыбүбүнүн элеси тартылды. Кыргыз элинин кайталангыс, бир кылымда чанда жаралуучу ак куулары. Сөң Көл чүрөгүнүн ажайып мукам үнү, жандан башкача аруу сулуулугу дүйнөнү ойго салып терметип тургандай сезилди. Ак Мөөр, Таттыбүбү – канбас музыка, тартылып бүтө элек ажайып сүрөт, чети оюла эле искусство го. Ушул саам кабатырлана кор болгон, адам башын жуткан сулуулукту ойлодум. Кийин ушул өксүгөн өкүтүмдү буркурап туруп 1996-ж.чыккан «Насыя нике» деген китебимде киргиздим. Андан бир үзүм келтирейин: «Көчмөндөрдө сулуулук олжо. Биздин коом¬до адамдагы сулуулук-кор, аны талкалашат, басынтышат, уурдашат, акыры жеп тынат. Эч кимиси сулуулукка суктаналы, аздектейли дешпейт, ага жетели, алалы, тырпыратып колдонолу дешет, акыры талкалашат. Көтүн көкбөрү тартышат. Тарп кылат. Оору жугузушат, аракеч кылышат, көп нерсеге аргасыз мажбур кылышат, анан шылдыңдашат. Өлгөндөн кийин калп эле муңканып сыймыктанышат. Тфу-түбүң түшкөн дүнүйө ай! Эң биринчи сулуулукту талкалоо¬чулар — интеллигенция! Эч качан эч нерсенин баркына жетип көрүшпөгөн, болгону колдонушат. Баарынан коркунучтуу айлакер, амалкөй, балит, былгытма, ичинен чиригендер ушулар. Калп сыймыктана билишет. Сулуу аял – трагедиянын баш каарманы, өмүр бою кызганычтын, көрө албастыктын, барктабоонун токмогун жеп, азап чегип куугунтукталып жүрүп өлөт же жалап болот. Андай болууга өздөрү мажбурлашат, анан сын тагат. Кудайдын ичи ошол арамдарга кенен да, сулуулукту бардык эркек уурдагысы келет, чаткаягын айрып чалчыкка айланат. Сулуулар өздөрүн коргогонду билишпейт, ошон үчүн кор. Дүйнөнү өздөрүндөй таза, сулуу кабыл алгандан алданышат. Баёо. Ач көздөр алардын көкүрөгүн кирдетет, жасалмалуулукка үйрөтөт. Сулуулар сулуулуктун азабын, мээнет-мүшкүлүн тартып жүрүп өтүшөт. Улуттук сыймык экенин өздөрү дагы билишпейт. Кыргыздын далай таланттуу мөл сулууларды сулуулуктан жапа чегип ит өлүм менен өлүштү. Сулуулуктан корком...» Кыргыз элинин көрүнүктүү адабият-маданият ишмерлери Таттыбүбүнүн талантын эскерип төгүлүп чачылып сөз сүйлөштү.

Түштөн кийин кичинекей уулумду жетелеп алып Көл кылаасына басып барсам, маркум Шүкүрбек Бейшеналиев көлдү карап жашып туруптур. Үшкүрүп басып кетти. Сыймыкты, даңкты, чекеге бүткөн шорун, арылбас арманын, корун көтөрүп жүрүп чарчаган Таттыбүбүнүн 37 жашында жайрап калганына өкүнгөндөй, анын жаркын кыялын эскергендей ошол күнү Сөң Көл дагы улам күр-шар түшүп, толкуп-ташып— «шарпылдап шаңы» чыгып туйлап жатты. Теребелди тегиз аралаган салкын жел да даңктуу бир кызынын арбагын эстеп жаткансыды. Ажайып сулууга арналган көргөндүн көз жоосун алып, көңүлүн козгогон көптөгөн фотостеналар уюштурулуп элге көргөзүлдү. Бул тарыхый күндө кыргыз академиялык драма театрынын, кыргыз филармониясынын, жаштар театрынын жана Жумгал фольклордук-музыкалуу профессионал театрынын күчү менен даярдалган композициялык чоң оюн-зоок, жарп жазаар концерт болду.

Айлуу түндө талантына таазим этип ар өрөөндөн көксөп келген ардактуу элине Таттыбүбү Турсунбаева башкы ролду аткарган «Уркуя» жана «Кызыл алма», «Атадан калган туяк», «Ак Мөөр» көркөм тасмалары көрсөтүлүп, ажайып сулуу, атагы аңызга айланган улуу актрисаны кесиптештери эскерген кече өзгөчө таасирдүү болду, бул өзүнчө бир чоң сөз кылууга татыктуу.

«Турсунбаева» атындагы фонду тарабынан уюшулган Таттыбүбү атындагы конкурстун алгачкы төрт лауреатына сыйлык ыйгарылды.Кыргыз элине белгилүү адабият-маданият ишмерлери: Шүкүрбек Бейшеналиева, Мар Байжиев, Сүйөркул Тургунбаев, Эрнист Турсунов, Жали Сооданбек, Мурат Бегалиев, Болот Бейшеналиев, Өмүрбек Дөөлөев, Эрмек Мойдунов, Жаркын Балыкбаева, Тынара Абдыразаева, Шакин Эсенгулов, Нуркан Турсунбаева жана башкалар өздөрүнүн ой-пикирлерин ортого салышты.

Эскерүү кеченин аягында Таттыбүбүнүн уялаш агасы Нуркан Турсунбаева Болот Бейшеналиевдин сөзүнө жазылган «Сулуунун эле сулуусу» деген арман ырына жазылган өзүнүн жаңы обонун чоң толкундануу менен аткарып бергенде жашыбаган киши калган жок.

Маараке-эскерүү тойдо бир кишини өзгөчө акмаладым. Ал армандуу — Болот Бейшеналиев эле. Таттыбүбүнү өзгөчө сүйчү дешчү. Мүштөгүн оозунан түшүрбөй, кабагын чытып муңдуу-кейиштүү абалда жүргөнсүдү. Эсили аккуу болуп көл үстүнөн сүзүп келчүдөй күңгүрөнүп көл жээгинде көпкө жүрдү. Буга чейин,эки үч жыл мурда, таланттуу акын, ошол кезде радиодо редактор болуп иштеген Барчынбек Бугубаев бир күнү мага «Кызгалдагым» деген ырды көтөрүп келип «эфирден берели» деп уруксаат сурап калды. Карасам автору Болот Бейшеналив экен. Кызыгып, бир дем менен окуп чыктым да сыздап, буулугуп, түтөп отуруп калдым. Ыр Таттыбүбүгө арналыптыр. Кийин обонун Асангалый Керимбаев чыгарганда бет ачаарын радиодон уктурганбыз. Качан болбосун сүйүү чиркин, өчпөйт экен го. Анын улуулугу мүмкүн ушундадыр. Ырдын тексти мындай:

КЫЗГАЛДАГЫМ

Жаныңа жаш кезиңде жакын бардым,
    Ошондо «бактым бол» деп чакырганым.
    Тагдырдын таалайыма жазганы го
    Мен үзбөй соолуп калды кызгалдагың.

Жүрөктө андан бери жаткан муз бар
    Жүрөктө эрибеген шордуу туз бар.
    Элесиң, мен өлгөнчө эстен кетпей
    Жүрөгүм жалгыз гана сен деп сыздайт.

Атыңды азыр да уксам сыздап кетем
    Алгачкы сүйүү деген кымбат экен.
    Арманым бул дүйнөдө орундалбай
    Азаптуу өзүмдү мен шордуу сезем.

Жактырып сени жалгыз мен тандадым
    Жаш сезим, тунук сүйүүм сага арнадым.
    Өзөктү тамырынан кыя чапкан
    Өкүнтөт өмүрүмдү бир арманым.

Ордунан чыкпай калган курган тилек
    Жашоомдо жалгыз жүрөк жетимсирейт.
    Жайлоодо жаш кездеги кызгалдагым
    Али да тынчтык бербей түшкө кирет.

Акырында, кең Сөң Көлдүн кеңирсиген мейкин тулаңында келгендерге «Сөң Көл чүрөгү Таттыбүбүнүн» кызы жаш артистка Асель Эшимбекова терең ыраазычылыгын билдирип, таазим эте сөз сүйлөдү.

«Тирүү өлөт жердин койну-жатагы,
    Изи калаар, болсо жакшы атагы», –
    дептир, байыркы бабабыз Жусуп Баласагын. Акылман адамдын бул накыл сөзүндөй 37 жашында эл журт менен түбөлүк кош айтышып, бирок, Кыргыз рух маданиятына из калтырган, дубан эмес түптүү калктын арасында кылымда бир жаралчу ажайып, аруу сулуулугу менен атак алып аңызга айланган Таттыбүбүгө арналгандай.

Журналист, театровед Жаныш Кулманбетов «Ак куу болуп асманда ай баратат» китебинде Таттыбүбүнүн өлүмүнүн себеби минтип жазат: «Манастын уулу Семетейде» (реж.Б.Ибраев) Таттыбүбүгө Каныкейдин ролунун тийбей калганы да анын оорусунун күчөшүнө себепкер болгон болуу керек. Ушул учурда анын оорусу (башы тегеренгени) күчөй баштайт. Ал эми театрдагылар анын оорусун ичкиликтен гана көрүп жатышты.

Режиссер О.Эркинбаева Лопе де Веганын «Бий мугалими» комедиясын коюп жатканда, Фелисьянанын ролун репитициялап жүргөн Таттыбүбү далай жолу башы айланып, сахнада жыгылып кала жаздаган учурлары болгон. А чынында актрисанын андай абалы ичкиликке эмес, мээсиндеги шишикке, организминин өтө арыктап, алсыз болуп кеткенине байланыштуу экенин ким билиптир анда». «Анын сулуулугун да, талантын да көрө албай эрегишкен кесиптештери үчүн, тигинин басылганы, тебелеп-тепселегени керек болчу. Ич күйдүлүк, көрө албастыкка уулуккан кесиптештери анын туш келген ал-абалына чечекейлери чеч боло, кубангандары да чын. Бирок, ошолордун да бирөө Таттыбүбү эмес эле. Таттыбүбүчөлүк оозго алынышмак да эмес.

Таттыбүбү да боло алышпайт болчу. Ал үчүн «Сөң Көлдүн чүрөгү» болуп төрөлүш керек эле энеден. Кыргыз ак куусу бирөө гана эле. Ошентсе да көрө албастар курган аял затын ушакка көөмүп салышты. Көздөрүн кылыңдатышып, ооздорун жебиретишип ал жөнүндө эмне деген гана ушактарды таратышкан жок?! «Ал кыргыз эли, улуттук сахна маданияты үчүн армандуу ыр болуп калат берет».

1989-ж.12-сентябрда «Ленинчил жашка» ак көңүл, жоомарт, асылкеч Таттыбүбүнүн өлүмүн көралбастыктан, бут тоскондордун кесепетинен «Уркуя» фильми үчүн Токтогул атындагы сыйлыкты эмнеге албай калганын изилдеп мен дагы «Талант эле Таттыбүбү!» деген макала жазгам. Таттыбүбү эмнеге ОПНД да 21-декабрда 1981-ж. капысынан каза тапты?! Бул табышмактуу сыр ачылбай кала берди. Көралбастыктан анын оорусун ар кайсыга шылтай бербей оорусунун диагнозун так койгондо, трагедия болбой калышы мүмкүн эле дешет билгендер. Сыягы, көралбастык жеп тынды көрүнөт.

Асыл Таттыбүбү ХХ кылымдын 60-70-жылдарында кыргыз сахнасы менен киносунун жылдызы болгон. Академиялык кыргыз драма театрынын сахнасында ошол кезде балбылдап бир жылдыз жанып турган. Кайра жанып, жымың этип кайра балбылдап күйгөнүн көрүш үчүн, анын купуя сыйкырдуу сырына өздөрү тартылып, өздөрү агып келишчү. Ал жылдыз экранда жанганда эл ошол жакка оочу. Анткени, алар ошол жылдыздан жылуулук, мээрим, канагат, рахат, кубаныч алышчу. Көрүүчүлөрдүн көңүлүн, эркин, жан-дүйнөсүн тартып алган Таттыбүбүнүн мындай сыйкырдуу күчү: анын кудай берген талантында, ички жана сырткы асылдыгында, сулуулугунда, шыңгырт үнүндө, жөнөкөйлүгүндө, шайыр мүнөзүндө, аялдык асыл заадалыгында эле. Бир гана өмүрдөн, бактылуу сүйүүдөн башкасын Теңирим андан аягын эмес экен, чиркин.

Жуурулушса талант менен сулуулук,
    Сезимдерге уялады жылуулук.
    Дал ошондо гүлүн ачып тазалык,
    Байкабастан бүрүн ачты улуулук.
    Ай чырайлуу жумур дене Жоконда 
    Кыргызымда бир жаралган экен да,
    Бир эркелеп бул турмуштун шаңында,
    Эл күзгүгө бир каранган экен да!
    деп жазган Таттыбүбү Турсунбаева көз жумганда кыргыз поэзиясынын дагы бир эрте өчкөн эсили Жолон Мамытов.

Өкүттүү өмүрүнө Жолон акын айткандай, талант менен сулуулукту табигат марттык менен тартуулаган Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылы 12-июлда айтылуу кең Жумгалдын Чаек айлында дүйнөгө келген. Бир өзөндүн суусун ичкен элден эл көргөн эрлер чыкса, өнөр таптаган таланттар чыкса же башка бир нерседен атак-даңк алган адамдар чыкса «суусунда бар» деп айтылат эмеспи. Бул калетсиз айтылган сөз делип Жумгал суусун, кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал чечен, ары өнөрпоз кадимки Куйручук, «акындардын алпы» атыккан Калык Акиев, улуу артисттер Муратбек Рыскулов, Мыскал Өмүрканова, Бүбүсайра Бейшеналиева, дүйнөлүк поэзияда сейрек кездешүүчү акын Мидин Алыбаев жана башка көптөгөн чоң таланттар ичишкен кезегинде. Өнөрпоз Мусооке, залкар акын, философ, тарыхчы, дарыгер Тоголок Молдо, өлчөөсүз улуттук баатыр Тайлак, нукура тилчи, адабиятчы, окумуштуу Касым Тыныстанов, мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахманов, залкар манасчы Сагынбай, кыргыз адабиятынын патриархы Түгөлбай Сыдыкбеков, алп балбан Кожомкул, атактуу балерин Уран Сарбагышев, композитор Сейдалы Медетов ж. б. улуу саяктар экени сыймык жана тегинден эмес. Таттыбүбү да өнөр аркалаган ошол инсандар ичкен сууну ичип, алар жуткан абадан жуткан. Ага ошолордун өнөр шыбагасы тийген. Ал бешиктен чебер чертилген касиеттүү комуздун коңур добушун угуп чоңойгон. Анткени, Таттыбүбүнүн канында оргуштаган тубаса талант ойноктоп турган. Атасы Турсунбаев Мырзаалы дубанга белгилүү өнөрпоз, чоң комузчу болгон. Энеси Калыйбүбү сулуу колунан көөрү төгүлгөн чебер уз, аруу жан эле. Кийин энеси кайтыш болгондо Таттыбүбү метинен бир тайып, абдан кайгырган дешет. Сыягы, аскар зоосу, тиреген тиреги ураганын, акыркы ыйыгынан ажырап, эми энесинин артынан өзү да ээрчип кетерин туйса, сезсе керек.

Анын канында ажайып сулуулук да бар эле. Анткени, Таттыбүбү, сахнада, турмушта аккуудай созулуп өткөн Бүбүсайра, айтылуу, Акмөөр бир уруунун кыздары болгон. Эне сүтүндөй комуздун добушун көкүрөккө сиңирип Таттыбүбү бой тартып буралып өсөт. Элдик ыр «Гүлкайырды» созолонтуп аткарып кароого катышат. Анын аткаруусундагы бул ыр радиого жазылып алынат. Өнөрдүн өсүшүнө чыйыр жол башталат. 16 жашар ырчы кыз «Салиманын ыры» аттуу кыска метраждуу көркөм тасмага тартылат. Анын шыгын баамдаган чоң артист кыраакы Ашыраалы Боталиев агасы экөөнү борборго алып келип окууга жөнөтөт. Ташкент шаарындагы театр жана сүрөт өнөр институтуна конкурссуз өтөт. Бул окуу жайга келгенде Таттыбүбү сахна үчүн жаралганы дароо эле байкалыптыр. А түгүл, анын ырчылык өнөргө чоң дарамети бар экендигине адистер баа беришип Москвага окууга, бийчилик ышкысын ачылып чет өлкөгө конкурска чакырышат. Бирок, анын кыраакы педагогу колдон чыгаргысы келбей театр сахнасына тарбиялайт. Мүнөзү жумшак, бала кыял, ачык айрым Таттыбүбү бул институтту өзүнүн курбулары менен ийгиликтүү бүтүрүп чыгып Кыргыз мамлекеттик драма театрына келип кирет. Бул театрдын сахнасында ал дароо эле эл көзүнө түшөт. Анын перидей сулуулугу менен таланты жуурулушуп көрүүчүлөрдү өзүнө тартат. Бирок, эң өкүттүүсү, арбагы тирүү Таттыбүбү бул сахнада бар болгону 15 гана жыл өмүр сүрдү. Ошондой болсо да, ал кыска өмүрүндө кыргыз көркөм дөөлөтүнүн казынасына ат башындай алтын салып кетти. Таттыбүбү сахнада, экранда жараткан темирдей эрки бекем кейипкерлер Лайлум, Уркуя, Төрөкан, гүлдөй назик махабат үчүн гана жаралышкан Ак Мөөр, Джульетта, Кар ханышасы, Бьянка, Бүбү, Терека, Гүлмайра, Надя, Чолпон, Шафак, Мария, Зулайка, Малика, Мадина, Зулайда, Фелисьяна, Салима, Айзада, жаш Толгонай, Рая, Зейнеп, Жээнгүл ж.б. сулууларды ажайып сулуулук менен, өчпөс жылдыз болуп жаратып, элибиздин рух маданияты үчүн кенч жаратып кетти. Турмуштан реалдуу жашап өткөн Ак Мөөр сулууну, Уркуяны эл Таттыбүбү аркылуу тааныды, билди. Таттыбүбүсүз Ак Мөөрдү да, Уркуяны да элестете албайбыз. Ал эми анын мукамдуу үнү менен аткарган ырлар Кыргыз радиосунун алтын фондусуна сакталып ар дайым эфирден берилүүдө.

Таттыбүбү толукшуп толуп турган курагында, 37 жашында жайрады. Аттиң, «бири кем дүйнө» деген ушул тура. Адам жаш өлсө элдин эсинде жаш бойдон калат эмеспи. Биздин көз алдыбызда Таттыбүбү ак куудай мойнун койкойтуп, анысы бүт мүчөсүнө куп жарашып, жароокер жылмайып, ошонусу менен театрды нурдантып, сахнада, экранда роль ойносо жылдыз болуп жанып турган элеси калды. Бир кезде Таттыбүбү образ жаратса, эми өзү образга айланды. Анткени, ал жөнүндө ырлар, обондор, поэма, драмалык чыгарма жазылды. Ошентип, Таттыбүбү Турсунбаева Мырзаалы кызынын элеси эсибизде сулуулуктун символу, ал жараткан образдар, аткарган ырлар рух маданиятыбыздын көөнөрбөс байлыгы. Бул өлбөстүктүн белгиси. Демек, Таттыбүбү тирүү, ар дайым биздин арабызда.

Жолон Мамытов: «Ажал менен сулуулук» деген ырында Таттыбүбүнү эскерип:

Көргөн көрөөр узун өмүр пайдасын,
    Бирок, айтчы сен — адилдик кайдасың.
    Зор сахнада ойнотконуң ойноткон
    Ажал, талант, убакыттын кармашын

Өлүм көрөр сук өлүмдүн пайдасын
    Бирок, айтчы сен — адилдик кайдасың?
    Жүрөк мыкчып, жүрөк туйду ар мерчем
    Турмуш менен сулуулуктун кармашын.

Суктандырып бул сулуулук, ойчулдук,
    Баарын шилеп көкүрөккө толтурдук.
    Бизге энчиге берилгендей ушул көрк
    Канча оюнда жагалданып отурдук.

Жаш тагдырга биз кайдыгер караппыз,
    Сулуулукту туш-тушунан талаппыз.
    Сыймыгыбыз колдон учуп кеткенче
    Сыйыбызды, сөзүбүздү аяппыз.

Сыйлык, сыйды убагында алганда
    Балким, талант ташып чыкмак андан да
    Чексиздикке эрте учаарын ким билди
    Салып коюп сансыз журтту арманга?

Рух — суусунду сендей талант — өзөндөн
    Таттык, бастык жаркын талант — көчөңдөн.
    Бах, таңдандык тал чыбыктай боюңа,
    Дүйүм журттун сулуулугун көтөргөн.

Тирүү Легендага айланган Таттыбүбүгө Жумгал районунун «Демилге» газетасы ошол 1994-жылдын 22-июлунда атайын бир санын арнаптыр. Кыргыздын элеттик мыкты журналисти, орошон акын Дайырбек Стантегиндин «Өктөөсү өзү менен кеткен өнөксүз сулуу» деген макаласын окуп, кармана албадым. Эң туура баа бериптир, анда ошол эскерүүнүн орчундуларына ортоктош бололу да аяктайлы...

Узун моюн, күмүш канат бир аккуу,
    Учуп келип ар аптада бир ирет,
    Кыз мисалдуу аяр карап туш жагын,
    Кызгылт кечте кылаа бойлоп киринет,
    Көрдүм аны өңүп карап алыстан,
    Көңүлүм түштү тулкун көрүп дааналап
    Ышкы жанган көздөрүнөн күн агып,
    Жомоктогу перилердей таранат,
    Таранат да анан башын койкойтуп,
    Тээ далайга телмирет да телмирет.
    Кызгылтым нур аяр сүйөп мойнун,
    Көк муңайым мээрим төгүп элжиреп,
    Бир карыя айтты мага ушуну -
    Арбагы деп кадимки Ак Мөөр сулуунун.
    Кантип эле, ишене албай жомокко,
    Кантип эле, ишенип да турумун,
    Ал аңгыча батыш жактан бир караан,
    Же бүркүтпү, же жорубу, токтолду,
    Ыйлап ийди сулуу ак куу, аппак куу
    Түшүп кетти-көлгө чөгүп жок болду.
    Узун моюн, күмүш канат бир аккуу
    Учуп келип ар аптада бир ирет.
    Кыз мисалдуу аяр карап туш жагын,
    Кызгылт кечте кылаа бойлоп киринет.

Ажайып керемети, алмончок сулуулугу ат көтөргүс, төө көтөргүс аңыз уламышка айланган Ак Мөөр сулуунун кыярбас кыз келбети ак куу болуп кубулуп арабызда жашап келет али. Арбагы тирүү Ак Мөөрдүн өзү жок, бирок, сөзү бар. Күүлөсөң күүгө келет. Ырдасаң ырга келет.

Жомок болуп жашайт. Кайра уксаң кайра уккуң келип, улам кайра жаңырып турган моокумуң канбас улама күү. Армандуу дүйнөдө арманы жашайт сыбызгы.

«Сөң Көлдүн башы тал менен
    Солкулдап ыйлап баратам,
    Соолуган Жантай чал менен»
    О, кеңетмеси толбос бири кем дүйнө!

Бул, жалган дүйнөдө арзышкандардын кай кими мүдөөсүнө жеткен экен да, кайсыл акыйкат адилдиги көзү тирүүдө ак эдил чын баасын алыптыр?! Домогу көп дүйнөдө Ак Мөөрдүн жомогу жашайт. Улуу жомок. Улуу жомок-улуу тарых. Улуу тарыхтын жүз жылды бир кайталанмагы мыйзам. Улуулук ушундай бир керемет— ал жүз жылда бир кайталанат.

Улулуугун уңгулабай тек коелу, жүз жылда кайталанган сулуулуктун күбөсү болуп туруубуз. Ак Мөөр ким? — Таттыбүбү.

Таттыбүбү ким? — Ак Мөөр! Эмне элебей калдыңызбы, бир бүтүн эки сулуулуктун эсил кетип калганын. Чын эле баамдабай калдыңызбы, АК Мөөрдүн кайра жаралып кайра кетип калганын.

О, озуйпасы менен оопайы түгөнбөс бири кем дүйнө! Бул чындык. Биз элебейбиз. Биз баамдабайбыз. Анткени, көзү тирүүдө көзүбүз көр, кулагыбыз кер. Болбосо Ак мөөрдүн тушунда адамдар жок беле? Бар болчу. Адил акыйкаты жок беле? Бар болчу. Анда эмнеге уялбай, кайсыл бетибиз менен, мурда күнкү кошокту бүгүн ырдап жатабыз? Таттыбүбүнү көргөн жок белек, билген жок белек. Болгону элүүгө чыкмак... Анда эмнеге жүз жылда бир кайталанган керемет сулуулукту асырай албай кырчып салдык, кыркып салдык, анан бүгүн кайсыл арыбызга алакан жайып, актыгына таазим этип турабыз?!».

Таттыбүбү ким? Учкан жылдыз! Батыштан чыгышка, же чыгыштан батышка бир укмуштай алоосу жанып бажырайып, тил менен айтып берүүгө болбогон кандайдыр бир ажайып керемети көз ирмемде «жарк» этип, кайра «жалп» этип өчүп калат го, дал ошол жылдыз.

Таттыбүбү ким? Табышмак. Ким экенин көрүп эле турасың, билир эле турасың, ал турмак алаканга салгандай эле дайын нерсе, бирок, жандырмагын тил менен айтып берүүгө болбогон табышмак.

Таттыбүбү ким? Аккан суу. Аккан суудан кимдер кечпеген. Бирок, алты оодарылып кеткен соң ал — адал, таза.

Таттыбүбү ким? Кайра тирилген Ак Мөөр! Кайра өлгөн Ак Мөөр! Ак Мөөрсүз Таттыбүбүнүн ким экенин таанымагың ак. Таттыбүбүсүз Ак Мөөрдү элестетүү мүмкүн эмес.

Таттыбүбү ким? Ыр-аваз. Кайсыл акындын «тилинде», кандай үнгө салсаң да миң кубулжуп көркүнө чыгып турат.

Таттыбүбү ким? Миң эркектин жүрөгүн жаралаган. Миң эркектин карегинде катып калган. Миң эркектин эч кимге айтпас эсил сыры, миң эркектин көз жашы.

Таттыбүбү ким? Ушак! Көрбөгөндөр көргөндөй айтат. Укпагандар уккандай айтат!

Таттыбүбү ким? Чындык! Анткени, ал пенде. Миңдеген катарында тирүүчүлүктүн тиричилик милдеттүүлүгүн өтөгөн. Баланын энеси, эрдин зайыбы.

Таттыбүбү ким? Жомок! Уламыш. Миңдеген таланттардын дүрмөт отун тутандырар очок, бүтпөгөн поэма. Жаралган, жаралбаган муза. Чоң искусство.

Кандай гана деп айтпайлы, ким гана дебейли биз Таттыбүбүнүн замандаштары биринчи кезекте Таттыбүбүнүн ким кимдиги аркылуу өзүбүздүн ким кимдигибизди көрүп турганыбызды моюнга алышыбыз абзел.

Демек, бул арбак алдында ак бололу деген кеп. Андай болсо түз сүйлөйлүчү, эмне үчүн Таттыбүбүнүн кыска өмүрүнүн кыңыры менен кыйшыгы көп?

Анткени:

Биринчиден, ал өнөксүз сулуу эле. Баемосуз, кошмосуз. Афродитанын оозунан түшө калгандай упа-эндиксиз табигат тартуулап койгон ажайып перизат эле. Бирок, жазмыштын ушу тартуу сыйы анын ажыдаар ооздуу душманы болучу. Анан ошого жараша улуусу да, кичүүсү да, жаманы да, жакшысы да, генийи да, кемпайы да дегендей эркектааналар напсисин агытып, шилекейин чуурутуп, козу аңдыган карышкырдай козуп турушкан. Анын сулуулугу -улуттун байлыгы, улуттун-даңазасы экенин, чанда таралчу керемет жан экенин убагында эч ким элес алгысы келбеди. Ага жигиттердин инсандык даярдыгы жетиле элек экенин турмуш өзү ырастады.

Экинчиден, адатта сулуу аялдар сырты жылма, ичинен тилазар чыргоо, текебер болушат го, мунун тескерисинче, Таттыбүбү муңайым, тал чыбыктай ийилчек, назик, насилинде улуулук ойногон кайыр айтпас ар көрпө жайыл, ишенчээк, улуу тоонун үстүндөгү Сөң Көлдүн чүрөгүндөй таза, бае эле.

Үчүнчү: Талант эле. Аты менен заты бап келишкен чыныгы, нагыз талант эле. Ал эми талант деген уялчаак, тартынчаак, төшүн какпас, ичинен күйүп, түтөгөн муңайым жан болот. Талантына жараша мүнөзү Таттыбүбүнүн өзүнүн өзөктүү душманы эле. Демек, сөзсүз халтурщиктердин көзүнө түшөөр конок болмогу мыйзам ченемдүү көрүнүш болучу.

Албетте, мына ушунун баары «Бир сөз бар миң сөз баткан уңгусуна, бир сыр бар атасы айтпас уул-кызына» – деп Рамис айтмакчы, Таттыбүбүнүн өзү менен кеткен арманы, муңу, ыйы...

Бирок...Ошол Таттыбүбүнүн «ичкич» атка кондурган, ошол Таттыбүбүнү «жеңил баа» атка кондурган, кечээки текебер, бүгүнкү кербез, ушул азыр биз менен чогуу жашап жүргөн тирүүлөр жөнүндө эмне дейбиз? Кимиси арбак алдында ак эдил чын күнөөсүн мойнуна алат? Кимиси мүрзө үстүндө аласасын алып, бересесин берген экен? Кимиси ачуу, бирок, эң жөнөкөй чындыкты тартынбай ортого салат? Мына ушунда аттиң, дейсиң! «Эх, Таттыбүбү, артист-партиси жок эле, карапайым бир үй-бүлөөнүн мээрман энеси болсоң кандай гана бактылуу жашап өтөр элең. Деген менен Таттыбүбүнүн бактысы да, бактысыздыгы да ушунда эле: ал эл алдында аткарган ак кызматын эч кимге колко кылган жок. Өзөгүн өрттөгөн өктөөсү өзү менен кеткен.

Деген менен улуу адамдардан улуу арман калган сыяктуу эле Таттыбүбүнүн да бөксө кеткен көңүл кусаматынын орду толбос улуу даты бар, ал жүз жылдан кийин да кайра ордуна толбойт. Анткени, кечээки адамдар менен бүгүнкү адамдардын, бүгүнкү адамдар менен эртеңки адамдардын дурусу менен бурушунун ажырымсыз болмогу ак. Улуулук менен сулуулуктун душманы өкүм болгон, азыр да өкүм, өкүм болмогу да шексиз. Демек, кылым кыйырында кайра жаралуучу Таттыбүбүнүн тагдыры деле ушундай бейтааныш таалай болору күмөнсүз.

Бир карасаң Таттыбүбү ар бир таңдын атышы менен башы алынбай мүлдө өмүрүн кийинки таңга калкалап жашаган Шахрезадага окшоп кетет. Шахрезаданын жомогундай эмгеги да нуска, өрнөгү да ширин, даңктуу.

Бир карасаң Жамалы Жандуу Таттыбүбү Ак Мөөрдүн арбагына окшоп кетет. Анан ошол арбак адамдардан тап-такыр көңүлү калып, кайра экинчи кайрылгыс болуп таарынып кеткен шекилдүү.

О, бөксөсү толбос, кемтиги бүтөлбөс бири кем дүйнө! Ким бар экен дүйнөгө түркүк болгон. Армансыз жан жок го асты. Хандын да арманы бар, кайырчынын да, генийдин да арманы бар. Бирок, тозоктун бейиши бар, демекчи... Зулайканын Жусубу бар. Жулеттанын Ромеосу, Ак Саткындын Калмурзасы, Ак Мөөрдүн Болоту бар.

А, Таттыбүбүнүнчү?.. О, көзү ачык, өктөөсү өзөгүндө кеткен өнөксүз сулуу!..

Таттыбүбү, Таттыбүбү — кыз таттуу,
    Тамдары кооз, таңсык көчө — кыштак бу,
    Аваз салат суу жээгинде кайың, тал
    Ажайыптай конуп калган кышта ак куу.

Таттыбүбү, Таттыбүбү — кыз сулуу,
    «Так» эттирген төрдүн кычкыл ышкыны.
    Кооздуктан бүткөн тулку мол дүйнө,
    Коштоп турган, козгоп турган ышкыңы.

Көркөмдүгү, кооздугу дүйнөнүн,
    Көңүл кушун агытпаган гүлгө ким?
    Гүл Таттыбүбү курмандыгы тагдырдын,
    Мезгилинен эрте соолгон, кирдеген.

Айта берсек жомок-домок бар дагы,
    Ат көтөргүс өктөө дагы, арманы,
    Керемет ишти кечээ адамдар жасаган, 
    Кечээр бекен Таттыбүбүнүн арбагы...

1999-жыл, 22-ноябрь

 

«СУКТАНЫП АДАМДЫКТЫН ДҮЙНӨСҮНӨ»

Бизде классик десе эле биринчи өлүп калгандарды эстешет, эгер тирүү болсо түз эле Европадан издешет. Мындай сокур стереотипти өнөр көрүп, Азияны чанган маданияттуусунгандар көп. Кантсе дагы өз дүйнөбүздүн, туюмубуздун табиятынан агылган улуулукту, ыйыктыкты, кутту ардактап, көтөрмөлөп, таап алып чыгуубуз милдет го. Кенен жана терең дайрадай көөлгүп агып, бирок, алигүнчө өз доорунан чыныгы баасын ала элек кыргыз адабиятынын тирүү классиктеринин бири Роза Карагулованын поэзиясын дагы бир сыйра эсим оогончо эргип, кумарлана, куштарлана миң толгонуп, миң ойлонуп окудум. Көрүп көөнүң толот.

Анын «Кыз дүйнөсү» (1975-ж.), «Көл тынышы» (1977-ж.), «Жолдо» (1984-ж.) «Тынчы жок талаа» (1988-ж.), «Капчыгай» (1991-ж.) деген китептери өзөктүн өзүндө чөгүп жаткан кыргыз көркөм дөөлөтүнүн ордолуу кенчи. Колдон келсе кайталап, басмадан чыгарып, казып окуу зарыл. Анткени, ар бир ыры ойго бай, ыйбаалуу, санаачыл, элестүү, жан дүйнөнүн, көңүлдүн ыргагын ушунчалык кылдат, көркөм чагылдырат. Турмушту, дүйнөнү мындай жеке кабылдоодо, баамдоодо өз алдынчалык, аналитикалык акыл иргөө сейрек.

Автор кишинин убайымданган, санаа жуткан, кабатырланган, түпөйүлдөнгөн, түйшөлгөн, шагы сынган, түтөгөн, куштарланган ички жан дүйнөсүн таасын чеберчилик менен ачып, үлпүлдөгөн сезимталдык менен башкага устат туюнта алышы чоң касиет. Ар пенденин аруу сезимдерин, адеп-ахлагын, тирүүлүктөгү аздек сезимдерди, асыл достукту, ыйык биримдикти, махабаттын ачуу-таттуусун, башкача айтканда, дүйнөнү өз алдынча таанып-билүүсүн даңазалаган, ошого кудурети жеткен лирикалык, граждандык ырлары адамды маашыркантып далай ойго салат. Дал ушул ойго салуу бардык акындын колунан келбейт. Чечекейди чеч кылып жакынсытып, боор тарттырып, ымалаш, санаалаш кылып турган ал касиет, өзгөчөлүк-анын поэзиясынын сенин тагдырыңа өзөктөш, тамырлаш ички ыргакты, туюмду, маанайды козгоп тургандыгында.

Бийиктик, назиктик, ойчулдук, табигыйлык, ыйыктык жан дүйнөнүн асылдыгын чыркырап коргоо сыяктанган көп кырдуулугу анын поэзиясынын негизги өзөгү. Баарында аялзатынын кастарлоочу асылдык касиети, керемет жан сыры, үнү тунук тазалыгы айжаркын чагылдырылган. Чанда жаралып, дарылыкка араң табылган таңсык өсүмдүк-мамырыдай, кайып чөптөй кыргыз поэзиясында өзгөчөлөнүп турган Роза Карагулованын бийиктигин, улуулугун XXI кылымда айтпаганда качан айтабыз?! Ал бир келген кайталангыс аруу, асыл талант тура. Акын өзү айткандай: «Суктанып адамдыктын дүйнөсүнө, жашоону күндөй жарык сүйгүм келет» дегени анын жүрөк түпкүрүнөн кайнап чыккан турмуштагы негизги лейкомотиви.

Орус адабиятындагы Анна Ахматова, Марина Цветаева, Белла Ахмадулинанын жан жыргаткан поэзиясы менен дүйнөлүк адабият сыймыктанып, куштарланып келатат. Бир кезде мен дагы аларды тытмалап, жан төшөп далай окуган элем. «Түшкү аптапта күн да көлгө чайынат» («Көл тынышы») дегениндей, Роза Карагулованын поэзиясын түгөл окуп отуруп, көлкүлдөп эргигенимен, таң болуу менен ушул саам дилимде аны алардан жогору койдум, ал алардан алда канча бийик, алда канча уникалдуу, бир сере жогору, өз туюму күчтүү, мөл акын экен. Анын ырлары эмне деген кол тие элек гүлбакча, жаныңды төрт чарчы кылып, буй кылган, ой-санааңды дайым эзип, жүрөк башында туйлап турган тирүү ырларга кантип кулдук урбайсың. Аттиң де¬сең, көөдөн тиреп бир туруп муңдуу үшкүрткөн, бир туруп кусалыкка толуп чыкканы эсте калат. Окуганда моокумуң канган, арууланткан, жабырланткан, дүрбөлөңгө салып ой агымына кептелткен чыныгы чынчыл поэзияны дүйнө эли эңсеп келатпайбы. Андай мөлтүр кашка тазаны чыгаандар гана жарата алат. Окурмандар ыкласы керемет акын Роза Карагулованы тирүү классиктердин катарына коет. Эртедир кечтир «Колдо бар алтындын баркы жок» жетесиз принциби жоюлуп, акыры акыйкаттык өз доорону өкүмүн сүрүүгө тийиш го, бул жөнүндө акын мындай дейт:

«Оңойбу бийиктикте айкөл болуу, 
    Жеңилби аярлыкка тийген оору.
    Өмүрдөй түбөлүктүү мунун баары, 
    Өрт кыял чындык зарыл мында дагы».

Кантсе дагы «бул дүйнөнүн чайкап шаңкайткан бакытты, мен бар деп түшүнөм» ниетинде «ишенчээктик жашаган» «опуртал кусалыкты көздөрүнөн жашынып, ийменүүлөр жамынгандай», «жакшы адамдын кайгысындай кол тийгиз» ак пейил кишилердин бул өлчөлүү турмушка болгон ишеними жоголуп, ичинен кирдеп, көңүл оорулуу болуп турганда акыйкат издеген адамдарды сонун болууга чакырган акындын кейигенинде «канжардай кош мизине уу жалаткан, калтырды муну тагдыр эмнеликтен?» деп «көңүлдө бир оорулу чындык калып» бушайманданат. А турмушта «адамдын өзү гана көтөрө алган, аялуу, эң аялуу улуу муңун...», көңүл калчу жагдай азбы? Түгөнбөс дүйнө түтөтөт го далай. Поэтесса мындайда дарыгердей сереп салып:

«Зарыл мага тотукуштай кулпуруп, 
    Жүрөгүңдө тирүү турган ишеним,
    Азгырыктуу желге айланба, убара...
    Тыс-тыс эткен эңсөөлөрдө абайла»
(Күүгө айлануу)

дейт. Көрсө дидар буйруп кездеше бербеген менен акыйкатта ар адамды «тумчугуп адамдыктын сыноосунда, сени да тагдырынан издейт бирөө» (Издөө). Аттиң десе, издешип табышпагандар, кайчы өткөндөр канча. Айтса, айтпаса төгүнбү «сен болсо калаарың чын көңүлүмдө, күүгүмдө гүлү ыргалган талаа болуп, сагынычты ойготуучу санаа болуп» (Тартынуу) деп учкул кыял, үмүт орогон кастарлуу адамы үмүт эттирет.

«Тирүү толкун жалгызсырайт 
    Үзө тартып жан сырын. 
    А жүрөгүм эрксиз сүйөт, 
    Сүйөт ойго сүйөнүп»
(Жүрөк үнү)

деп кыялданган менен көкүрөккө чытырап эңсөө толгон, учурда анын муңайым кусалуу ырларын окусаң чанагын ачкан гүлгө окшоп, ичтен чарт жарылчудайсын. Дегеле анын сезим дирилдеткен ырлары өтө арбын. Көңүл уйгу-туйгуланып, түйшөлүп, сарууланып, aзап тартуусу ар баштагы өксүк. Өжөр тирүүлүк өжөлөнсө дагы моюн бербей киши түшкүрүң:

«Сыздап калam неге көңүл күтүүсүз, 
    Көз карашка же сөздөргө урунуп.
    Көл үстүндө туйлап турган толкундай 
    Желге айланып кетүүчүдөй суурулуп».

Көксөгөнүн самап дил өрөпкүтөт. «Таарынычты эрке кыйып кете алгыс, күйүп, жанып күүгө аралаш туямын» (61-бет). Көрпенденин кусалыгы, бири-бирине тартылуусу, ылым санашы айтып бүткүс чоң туюм. Капырай, кишиде кусалык сезими болбосо эмне күн болмок, ал эмненин чен өлчөмү? Арууланып, асылдануу эмеспи? Дегеле кыйды турмушта эркекке болгон сүйүү, арбоо укугун талашуу аялзатынын түпкү сыры, узактан келаткан талашы. Кызганычка кабылбаган зат барбы?

«Сен алыссың, 
    Санаамдан да алыссың. 
    Кусалыкты жүрөгүмө агыздың»,
    «Жакпай кетет жаай албай кайрадан, 
    Шамал кууган булут болуп калышың»
(Сен алыссың)

деп үнсүз сыздайт. Акындын бул салыштыруулары өтө жандуу. «А сырлар ыза батпас долу кыял, тынчы жок табигый, таасын менин оор мүнөзүмдөй» деп ынандырат. Анткени:

«Жеңилүүмдө бар болуудан түңүлбөй,
    Жеңишимде бөксөлүгүн бир сезип...
    Күтүүлөрдөн издеп таап өзүмдү,
    Алып өтөм жаңы жээкке ой кечип,
    Жазды туурап жашоо үчүн турмушта,
    Кайталанып келүү үчүн турмушка...» 

    (Тыныгуумда жалгыз гүлдөп жыбырап)

деп үмүткө, жашоонун түбөлүктүүлүгүнө жеңдирет. Бул өз махабаты үчүн күрөшкөн инсандын ички жан дүйнөсү. Бул бизди суктандырган Бакыт кайыптай болуп, азгырганы азгырган, бүткүл адамзат ээлигип-жээлигип эле ушул зымырык куш кыял бакыттын артынан мынча кууп издешет? Бакыт-мээнет, азап, кордуктардын өтөлгөсү эмеспи? Же өмүрдүн өзүбү? Ал бир өмүргө кынтыксыз өтө зарыл, кымбат неме го, антпесе бүт адамзат аны аздектеп күтпөйт эле го... Акын «Мекен алдында» ырында: «Сага төгүп айтып келем себебин, өлүп кайра тирилгенин ишеним» десе кайра сергек көңүлүнөн: «ой ойгонду дени таза, ниети түз жакшылыкка байыр ала ынанган» (Күнгө табынуу) деп сүйүнөт. Болсун!

Күчтүү сезим менен жазылган аналитикалык ырлар дайыны жок, мерес турмушту көрктөндүрүп, алоолонгон арзуу, турмуш, табият, адам дидарын өзүнө таандык өзгөчөлүү таасын ачканы менен кубандырат. Анын ыйвалуу, илбериңки, каарман менен ымалашуудагы жан дүйнөсүнүн жароокердиги, асылкеч аруулугу, ыймандуу саптары, ойдун тунуктугу, элпектиги менен окурманды багындырып, ынак кымыз шимиргендей жаның жадырап, рухий канагат аласың. Чынында Роза Карагулованын ырларынын өз стили, үнү, өз интонациясы, тубаса багыты, көрөңгөлүү дүйнө таанымы, баардыгы менен айырмаланат. Мүмкүн Роза Карагулованын поэзиясын мүлдө кыргыздын нарк-насили, таанымы, намысы, ары, адеби, ыйбаасы, байлыгы, сыймыгы десек жарашаар. Бир жолу куру намыстанбай, арданбай эле ушул чындыкты моюнга алып коелук.

Элдик акын Роза Карагулованын ырларын ичтен түтөбөй окуш кыйын. Эңсегени: таза сезимди, адамгерчиликти, берилгендикти, түшүнүшүүнү дамамат асыроо, ыйыктоо жана адал жүрүп бирин-бири ак ниет колдоо, ал аба суудай адамга өтө зарыл керек түбөлүк экенин зар какшайт. Ансыз да тагдырдын таш боордугу, табышмагы арбын дейт. Аялзатынын таза ишенимин, ыйманын, үй-бүлө, сүйүүнү коргоосу, бүлөөдөгү кара жолтой тоскоолдуктарга нааразы болушу, акындын ички кредосу сыяктанат. М: «Жүрөк жөнүндө ырында» мындай:

«Бастым жолду куш канатын талыткан,
    Уктум сөздү жалаң, заарын агыткан. 
    Адам дагы, турмуш дагы тескеди, 
    Кайткын деди, 
    Жүрөк үнү айдап жүргөн багыттан».

Кайнаган турмуш кайыктырып какмалабаган, андан сырткары калган жан барбы. Акын айткандай: «ыйлап жатсак турмуш турду иши жок» (60-б.) «Жеткен жерин күйгөн чөптөй кууратчу, ачуу сөзгө себеп даба бар бекен?» (Турмуш жөнүндө). Себеби, «мерездерди эзбейт сезимдер» (27-б). Ошондуктан: «Унутулсун жагымы жок нерселер» дейт. Бирок, адам өксөөсү чыгып түрдүү шартта жолугушат: «жүрөгүңө өскөн добуш күнөө эмес, кечирим бер жаңылышкан өзүңө» (20-б.) дегени тирүүлүктүн өзү го. А «Көптөн бери кусалуумун назик-чынчыл мамилени сагынып» дегени жүлүнгө жеткен күйүттү чыгаруунун арбайы. Кантсин «мен калтырап тиктеп туруп тоспогон, өтөт бактым жалгыз сага окшогон. Жашайт анда кекээр-кектүү бир жигит, кечирбеген, сүйө албаган айыбымды». Бул калтаарыткан чындык көптөргө тиешелүүдөй.

«Дегим келет:
    Келберсиген, кеңирсиген табият. 
    Окшотсоңчу, бир өзүңө, бүткүл адам ыйманын» (54-6.)

дегени дүйнөлүк түйүндүү маселе. Чиркин, «турмуштагы жан кейиткен нерселер санаалардын кирдешинен башталганын» акын таасын айтат. Көкүрөк, мээнин кирдегени, бүгүнкү күндүн зылдай оор, жапа чектирген көйгөйлөрүнүн бири.

«Тынч жашайлык дедик эле баарыбыз, 
    Колдон келсе санааларды оорутпай. 
    Жаңылыштык бар өңдөнөт ошондо, 
    Турмуш неге көнө бербейт ошого» (11-б.)

же

«Адамдардын кыянаттыгы жетпеген,
    Болгум келет жаш баладай табигый. 
    Адамдагы кир ойлорду сезбеген» (67-6)

Ошенткен менен турмуш ыргагы булуң-буйткасы көп:

«Барсыңбы?» деп бирөө жүрөт жол жакта, Бардыгынан аша кечип олтурсам» (10-6 ).

Бирок, көңүл кирдегени менен тирүүлүк бүтпөйт, ал уланат, кайталанат, үмүттөндүрөт. Кээде шаңдуу жарк дей түшөт. Оомалуу-төкмөлүү. Ички сезим бүлүнбөгөн, эчен муздап, нечен жалындаган учур азбы? Акын ошо опоосуз жан дүйнөсү эрте кирдегендерди:

«Өзүңдү сүйүп калгым келээр балким, 
    Көңүл сууп махабаттан жүргөн менен. 
    Жашабай келди-кетти сезим менен, 
    Бирөөнү сыздай сүйүп калсаң экен»

дейт. Таза сезим аркылуу аруулануу, тазалануу, кайра жаралуу, оңолуу түпкүлүгү оң көрүнүш го. Карасаңыз: «сүйүктүүмдүн элесине жылынат, көңүлдөгү баардык назик өзгөрүү» («Капчыгай», «Жарык үнү») деп өксөп, тилеп турганы деле өмүрдөн пенденин көңүлү калбастыгы. Байлык деле, дөөлөт деле тиленбей түн бышкан маалда же ышкы козголгон учурда кайсы тирүү жан өз жан шериги менен бирге болгонду каалабасын. Бул табигый талап. Сезимди буй кылып, муңкантып, куураткан:

«Өмүрдүн баары жаралса жалкы ааламга.
    Тынчыбай алар түгөйүн издейт эмнеге, 
    Табылса танат, себебин анын ким билсин?... 
    Кейитет анан, кейүүчү себеп аз беле?»
(Капчыгай)

Курган адам көңүлү ай, акыйкатта жыргалынан кууралы көп, өмүрү кейип-кепчүү, күйүп-жануу менен өтөт тура, анткени, поэтесса «Келдим Сизге баардыгынан чаалыгып» деген ырында жашоо кунарын минтип күүгө салат:

«Издегендин бирин таппай жолумдан,
    Күйбөй коюш келбей коюп колумдан.
    Келдим Сизге дабаа сурап негедир,
    Көңүлүмдү себеби жок ооруган. 
    Көп иш бүттү адамдардын колунан, 
    Бирок дале көңүл ооруп бүтө элек. 
    Жеке бакыт текши мээрин сала элек
    Адамды адам түшүнө элек, сүйө элек».

Бу жалганда көңүл ооруп бүтөт деп ким кепил боло алат? Көңүлдү эзген, кишини куураткан азаптар азайса кана? Деги са¬наа чекпеген киши барбы? Анткени: «көңүл деген бир уруу журт, өзүнө окшош уяттын» (34-б.). Мындайда автор өзү айткандай: «оттук таштай ишеничинди ала жүр» ансыз жашоо кызыксыз. «Мени танба жана мага тандырба...» ар бир пенденин ички мүдөөсү дал ушундай болушу керектир. Себеби дайым эле: «жок издеп өтөрү чын бардык адам».

«Ниетиңде аяп туруп какмалайсың, 
    Бактымды кармап турган шорумдайсың» болгон ниетке жараша жашоо жаралаары жөнүндөгү замандаштардын өңү-түсү тартылат, турмуш чындыгы:

«Кайталана берчү тагдыр сынынан, 
    Калды менде эсеп жеткис тирүү муң. 
    Ким бирөөгө бөлүшүүнү тилеген» (52-6.)

Бирок, кандай болсо дагы:

«Түн уйкудан безип турган эмне адам,
    Жалгыз бекен, жаралуубу намыстан.
    Жек көрүүбү же сүйүүбү, кызганычпы
    Көкүрөктө бир от күйүп турган оң,»

дейт автор. Дал ушунусу менен адамзат улуу, карама-каршылыктуу, түбөлүктүү го. Бул жашоонун маңызы болгон киши¬нин кадыресе турмушу-турпаты. Ошол курган пенде дайыма сүйгөнүнөн минтип талап кылат:

«Туйгум келет сагынычыңды чынчыл ак,
    Таш булактай көк аскага сыйбаган. (61-6.) 
    Жакшы көргөн адамымдын жосунун, 
    Түбөлүк бер, унута албай калайын»

деп тиленет, самайт. Анан «күндөрдүн бардыгынан көрөм сени, бийлигим унчукпоого жетет жалгыз».

Кайсы мезгил-доор болбосун ыйман, үй-бүлөө ыйкы-тыйкысы көйгөйлүү оош-кыйыш боло келген. Роза Карагулова дал ошол замандаштарынын турмушка болгон мамилесин, мүнөзүн доордун өз күзгүсүнөн лирикалык каарман аркылуу таасын чагылдырат. Адам ар бир ишенимин жоготууда тирүүлөй өлүп тынат эмеспи. «Бири кем дүйнө», ошондон жаралса керек. Бирок, тагдырын өзү жасагандар тобокелдүү, чечкиндүү, айрымдары анысынан жапа дагы чегишет.

«Миң кыялдай жанга урунуп миң ыргак», «кыярбас көркөм экенсиз, кызгансам күнүм не болот?» деп күйүгүп күйөт. «Өз оюмда сага бир аз таарынгам. Тил жетпеген абалдарга кабылам», «шек саноодон, ишенбөөдөн тажадым», «таарындым да күткөнүмдү билгизбей, көргүм келди сагынычыңды көзүңдөн» (106-6.) деп аялуу сырын төгөт. Чынында «кусалыктан аман бошоп келдим мен, оо сактай көр көңүл оору дегенден», «мени да ой-санаага өткөрүп ий, күйбөгөн бир күнү жок жарык нурмун» деп насилиндеги ыкласын туюнтат» (91-6.). Дегеле эч кимге менчик эмес эч нерсе дегенине карабай «бу дүйнө о дүйнөңдүн айымдары, жанымдын жарымына тийишпесин» деп жар салат. Аттиң десе ашыктык нелерге түтпөйт, күүлөндүрбөйт. Ал бизге аска-зоодой тирелген улуу намыс болсо, бирде сүйгөнүңө багынтып, жалынтып алсыз кылат.

Тиричилик жолунда «дайындуу бир чындык тилеп үйрөнгөн бу дайыны жок турмуш деген немеден», «кубаналбай колумдагы өмүргө...» өкүнгөндө «менин кайгым кайгыдай эмес чынында, турмуш жактан жокту доолап ыйладым» («Капчыгай») деп кабатырланат. Ушунун өзү оор чындык чыгаар. Анын граждандык пафостогу табият ырларына кол тийбеди. Нукура көркөм асылдык чен өлчөм менен алганда таланттуу акын Роза Карагулова кыргыз поэзиясынын асылкечи. Акындык табият, кунар, нарк-насил менен нускаган ырлары адамды түйшөлтүп, бул өмүрдүн асылдыгын, кайталангыстыгын, аруу ыйыктыгын жана азаптуу түйшүктүүлүгүн, умсунткандыгын туюнтуп, көөдөн тиреп күймөлтүп, күйүнтөт. Анын ой чекпеген, санааркатпаган бир сабы жок. Чыныгы поэзия гана дал ушундай болот. Деги өмүр өтөлгөөсүнө чыкканда бул кир дүйнөдөн ким таза калган?

Кумарга толгон, адамды азыктандырган, көрктөндүргөн, шык берген, кудурет жалгаттырган ыйык, улуу сезимдер солк этпес ишенимдүү болсо курган киши неге адалдык, адилдиктен шектенет, күмөнсүйт, ызаланат, айныйт? Ага себеп болбосо поэзия кайдан жаралсын. Дүйнөлүк адабияттын алтын кенчин жараткан көөнөрбөс таланттуу асыл акыныбыздын алтын башына амандык, ажайып күүдайра каалоо менен оомат тилейли.

2001-жыл, сентябрь

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Сыдыкова К.С., 2002. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 19765