Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Сыдыкова К.С., 1991. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 30 апрели

Кален Султангазиевна СЫДЫКОВА

Насил кыяматы

Аңгеме

Энесин карабай кеткен баланын таш боордугу, эненин ыйыктыгы, таза ишеними, кыргыз коомунун бузулуп атканы тууралуу

Сыдыкова Кален. Күч күйөө: Көркөм публицистика. – Б.: «Бийиктик», 2003. – 148 б. китебинен алынды

ББК 84 Ки 7
    С – 95
    ISBN 9967-21-509-7
    С – 4702300400-03

 

Оо, бир күнү анча-мынчаны таңазар ала бербеген элет калкынын төбө чачы тик туруп, жан дүйнөсү копшолуп коогалаң башталды. Улгайгандар жакасын карманып каада-салтты, нарк-насилинен кечкен мындай окуяга ичинен тобо кылып дендирешсе, өзгөчө, жакында эле жанын жаннатка берип, топурагы кургай электердин бүлөсү, урук-туугандары кумсара селейишти.

Бул көрүстөн ичинде мүрт кеткен молдо кемпирдин өлүмүнөн улам билинди...

Жарыктык, ача туяктуулардан башкасы арам деп ыйманын кадыр тутуп жүрүп карыды-арыды. Анын канчага чыкканын бул чөлкөмдө так билген пенде жок. Экен-токондо гана сыркоолой калбаса, баса жыгылган катуу ноокастан алыс эле. Басса-турса кудуретине жалынып-жалбарып, чын ынанымы менен ишенген кары бүбүнү бирөөлөр «Молдо кемпир» десе, кээси: «Бүбү апа» деп ызатташчу. Бир өрөөн элге акыл куту сыяктанып кастарланган шу чүкөдөй чаар кемпир кезинде айтылуу манаптын кенже кызы эле. Ыңкылапка чейин мартабалуу медреседен таалим-тарбия алган. Анын айтканы эки болбогон жайчылыгы, төгүлүп ташкан даванда жок ашкан кошокчулугу, жөн билги акыл кошчулугу ызатталышынын экинчи бир себеби сыяктанчу. Көзү өткөн ар кимге багыштап куран түшүргөнүнө же алапайын таппай жан алакетке түшүрүп боздотуп келген тиш ооруну дуба менен алеки саатта басканына, же бир көз тийип арууркаган ымыркайларды сеп алдырганына, кала берсе кош бойлуулардын курсактагы баласынын туурасынан туруп калганын ондогонуна ыраазычылык билдирип, көңүл сүйүп берген нерселерин алчу эмес. Эпаада, түйүнчөккө оролгон набат менен токочтон гана баш тартпоочу. Улук нан оролгон дасторконду албай кою кесир деп ошондон саал айбыгаар эле. Мына бир жылдан бери дудук катындын баласына жети күндө бир куран түшүрүп соопкерчилик кылат. Кургур мусапырдын чырымталы түшө элек уулу каза болгондон бери көзүнөн жаш, көкүрөгүнөн дарт кетпей айылдан итапкан алыс көрүстөнгө тынбай каттап, буркурап-боздоп көргөндүн сай-сөөгүн сыздатаар эле. Туу туткан уулунан ажыраган соң өңүнөн азып картайып кетти бечера, күйүткө катуу алдырды.

Бүбү апанын батасысыз бул айылда мал союлбаит. Үйгө ириде биринчи чакырылып бата кылбаса өзү дагы өмүрүндөгү чоң дөөлөттөн куру калгандай ичинен коңултуктаар эле. Эмнеге экенин ким билсин, канына сиңген көнүмүш го, же ким билет, айтор, бата кылууну жашоодогу урматтын бир түрү катары чоң нерсе деп көңүлүнө түйгөндүктөн, кокус айыл-ападагы жаштар эстеринен чыгарышса кадимкидей шаабайы сууп, таарынганды мындай кой, өзүн кордогондой сезчү. Батага барбай калат деген эмне деген чоң сөз экенин бул бүбүдөн артык али эч ким туйбастыр. Ошентсе да, көпчүлүк эмеспи, айрымы айттырбай эле кыш-күрөөгө жакын көмүрүн түшүрүп, бастырмасынын алдына жыйып берсе, кыштын алты ай согум башталганы бүбүнү өз үйүндө тынч отургузбайт эл. Күндө бир өргөнүн куттуу коломтосунан даам татканы таткан. Эл көзүнө минтип дөөлөт-сөөлөт, мартаба күткөн менен көкүрөгү толо арман күү. Көңүлүнө кара түн түшүргөн бейбактын кысыр үмүтү мыжып кайгысын чубап келет. Дагы шүгүр, эки кызы өз жайын таап эрде болгондуктан небере жээндери карамылап көп каттайт. Кантсе дагы салт туткан энени ичинен боздоткон муң туубаса да тутунган уулунун карабай кеткендиги шагын сындырып, көңүлүн түтөттү. Журт алдында бир сынса, кечээ эле бир этегин жаза басып, бир этегин үзө баскан эси жок кичи абысындарына эки сындырды. Ошондон көңүлү кайт болуп, эл чогулган жерде басмырт. Танды-кеч санаа көчкөн көңүлүндө «өз жатыным болсо ушинтет беле» — деген гана көөдөн тиреп келген тымызын таарыныч зилдейт дилин.

Үй оокатына жок зайыпаана уулун кээде аяп кетет ичинен, ичтен чыккан ийри жылаан демекчи, туубаса да тутунуп кызыл эт балапан кезинен багып, күндүзү тыным албай, түндөсүн уйку көрбөй көкүрөгүнө көтөрүп баккан баласы. Бирок, анын минтип таш боор болоорун анда кайдан билди? Намысынан уулуна тил тийгизген айрымдарга сыр билдирбей: «кантсин, элден тыш өкүматтын кызматынан колу бошобойт, кайда жүрсө дагы кара жаны, алтын башы аман болсун», – дээр эле. Адеп үйлөнгөн жылдары уулу: «жүрү шаарга алып кетем» – десе барбады, не кылат керелдин кечке төрт дубалга камалып отурабы же эрмектешээр жан болсочу караан тутканга. Же катар-катар көтөрүлгөн он эки кабат үйдөн тыңыраак жерге түшө албаса. Баары окшош эшиктер, карыганда кайсы эшикти сүзүп адашып жүрсүн, андан көрө көнгөн айылы миң эсе артык, өзүнө мизир. Аерде акыйып олтургандан көрө «көзүмдүн тирүүсүндө тамтарагыңды карап, малыңды таанып ал», – деп уулун айылга чакырса, а болбоду. «Поликлиникага жаңы эле бөлүм башчы болдум, жумушту таштап кантип барам, апа. Бобул үч неберең эртең эле зоңкоюп эр жетет, эптеп эмитен буларга квартира жасап беришим керек. Булардын камын бүгүн ойлобосом, эртең кеч болуп калбайбы. Бир аз күтө тур, элүүгө чыкканда айылга биротоло көчүп барып кашыңда болом», – деди уулу. «Ыя, кокуй, сен элүүгө чыкканчакты, мени кара жер сорбойбу, же мен өлбөсхан болуптурмунбу?», – деп эне үшкүрүнүп тим болгон, келбесине көзү жеткенден кийин өзгөчө анын кыялы бузулганын кийинки жолу келгенде даана сезди. Сааттай болуп ошондо «машина алам, акча жетпей атат», – деп кызыл уйду саттырып акчасын алганы келген экен. Анда деле эмне десин кемпир: «карыдым-арыдым. Сенден санаам тынбайт, элге келип тууган-уругуңа кошул, балдарың да чоочун өсүп калды. Кокус бир күн тырайып өлүп калсам керезимди укпай каласың го» – деп каңырыгы түтөй кейип-кепчиген. Айылдаштарына кезигип бир аз сеп этип алган уулу, арак каңырсып жанатан бери үндөбөй ыктытып отурган, муну укканда энесине бир тийди. «Эмне кыл дейсиң эми, шаарга кел десем өзүң болбойсуң. Эмне эле шаардан качасың билбейм? Кыйнап бүттүң апа, мени. Элге сөз кылбай барбайсыңбы шаарга»:

— Аякка көнө турган эмесмин, уулум. Карыганда тынч өлөйүн, туулуп өскөн элимде.

— Сен тынч өлбөйсүң, элдин баарына жамандап жүрүпсүң мени. Какбаш болуп жалгыз отургучакты, барып неберелериңди баксаң боло. Мени бакпай кетти деп элге шерменде кылганың деле жетет. Өз уулуңду чансаң, анда өкмөттүн колуна бар, душманга таба кылып. Анан ошерде кураныңды жадыбалдай жаттап, зикир чалып отур...

— Кой балам, антип энеңе тил тийгизбе. Өсөөрүм эмес, өлөөрүм калган чакта сенин жаман тилиңди укпайын. Ар кимдин турмушунда өз ырыскысы, өз насиби бар. Какбаш деп канат-бутагы жок карандай башты айтат, балам, эки кызым эки жерде очор-бачар болуп агарып-көгөрүп отурат, – кемпир ызадан кардыккан үнүн жутуп, андан ары эч нерсе дей албады. Ошондо өз жубарымбегине кемпирдин ичи чындап муздаган. Безге тийгендей денесин дүргүткөн «өкмөттүн колуна бар» дегени оюн онго, санаасын санга бөлүп, чыйрыктырды карт көңүлүн. Кийин ушуну улутуна көп эстөөчү. Кээде зээни кейип, тээ бир топ жыл мурун кайтыш болгон абышкасын, эки бирдей эгиз туулуп, чарчап калган эркектерин, эсейгенде жайран болгон кырчын уулун көп эстеп зарлана ыйлап, оо түн оокумга чейин муңканаар эле. «Бирөөнүн сийдигине жалынганча, жаман да болсо өз уулум болсо минтип муңканаар белем», – деп ичинен сызып бушайман. Салтты бир уруу журттай кастарлап бек туткан кемпир кыздары жан-алы калбай «колубузга кел» дешсе намыстанып барбады. «Күйөө баланын төрүндө отургучакты, жаман да болсо уулумдун улагасы артык», – деди ичинен. Өзгөчө «кароосуз калган энелер» деп радиодон аты аталганын угуп, өлбөгөн төрт шыйрагы калып, уялганынан элдин бетин карай албай калса да «ушуну укканча муунуп өлөбүз, жүрү, алып кетебиз», – деп долуланып, албууттана көз жашын көл кыла ыйлап келген кыздарына дагы намысынан барбады. «Атаңардын арбагы ыраазы болсун, көзүмдүн тирүүсүндө түтүнүн өчүрбөйүн», – деп көшөрүп тим болду. Кыздары тултуңдап таарынып кетишкен. Кошуна маалимдин айтканына караганда, анын чоо-жайын мектептеги балдар жазып жиберген имиш. Ошентип, эл караган бети жер карап, намысы ого бетер өрттөндү.

Тилегиң каткыр, кудай ушу улуу күйөө баласынан дагы айтпаптыр, балдары эрезеге жетип уучу узараарда өткөн кышта көзү өтүп кетти. Ыраматылык, бара калса жаркылдап: «Оо үйдүн куту келатат, балдар энеңерди тосуп алгыла», – деп бакылдап, тосуп алуучу. Эми кемпирдин бу дүйнөдө туу тутуп ишенгени, көңүл жубатып тээк кылганы ошолорго багыштап, сообу тийсин деп, кайталап куран түшүрүү. Кемпирдин колунда кол арага жарап калган бир жээн небереси бар. Аты Наргүл. Оокатка тири карак. Көңүлү куунак жээни келгени тырмаландап жаны тынбайт. Качан жайланып чай ичип отурганда, карт өмүрүндө өлүмдүн ак экенине моюн суна баштаганбы, айтор, ал адаттагыдай жээнине дайым:

— Кагылайын, мен өлгөндө кантип кошосун? – деп сурайт.

— Өлбөсөң деле, дайым айта беремби? – кыз бурк этип, мындай сөздөн тажаганын билгизет.

— Ии, дайым айтып көкүрөгүнө жат кылып жүргөнүң жакшы каралдым, илгери сендей эле кыздар ата-энесин боздоп кошчу, айт, айтагой. Небереси бир даары көңүлсүз.

— Эжейлер укса урушат да, – дейт.

— Ок, – селт этет кемпир, — азада кошок кошкон аялзатын эл урушпайт, каралдым. Азада жаш келин жүгүнбөйт. Кыз кишинин кыйык болгону жаман, балам. Сен эми балакатка жеттиң айт, айта гой. Кыз таенесинин демейдегидей айттырып тынаарына көзү жеттиби, же айта жүрүп тажаганбы, айтор, тек гана томсоруңку декламация айтып аткандай үнүн бир аз пас чыгарып:

Асыл теңиз апакем,
    Сабаам бир кооз болсун деп,
    Сактыяндан ойдурдуң.
    Бишкегим кооз болсун деп, 
    Ак арчадан чаптырдың,
    Көнөгүм кооз болсун деп, 
    Көк жибектен ныл тарттың.
    Беш убагын жазбадын,
    Пейили жакшы апыкем.
    Бейдаарат жерди баспадың,
    Асыл сырттан апыкем. 
    Кеттиң бир кудай жолуна 
    Аптиек алып колуңа...

— Эк, болдучу эми, баарын билем да, кечке эле айта беремби? – небересинин тил кайрып көңүлсүздөнбөй турганын баамдаган кары андан ары айт деп кыйнабады.

— Тур, оомийин кылалы. Оомийин! Дасторконуңду жыйна. Күн ысып турат, саңсаңдарды күнгө какшытып алайын, сандыкта жатып борсуду го. Эртең бейшемби, балакатыңа камынайын. Тиги камыр ачып калды көрүнөт. Чоң үйдүн келинин чакыр, бир аз боорсок жасасын.

Анда бир адат бар, ар бейшембиде, күн ачык болсо, күндүн көзү тегиз ысып чыкканда кооз сандыктан кызыл тукабага оролгон даяр кепинин көк жыттанып, ным тартып кетпесин деп алып чыгат. Таза жерге тукабасын жазып, үстүнө кепинин аяр жайып коюп, какшыганча мал кара тепсебесин, бала-бакыра ойнобосун деп күн чубактатып карап отурар эле. Оо, кыйлага чейин ичинен күбүрөнүп, кепинге үч кайтара дуба окуп, аялуу нерсесин бапестей ороп сандыкка салгандан кийин оозуна жан кулпусун салат. Сыягы көңүлүнө алда немелер келип, кыялында өзүн ушинтип сооротчубу же насилинде карылык жышааны сезилип, ага камынганбы, айтор, ким билсин, бул анын адаты. Кээде гана кошуналар шыбырашып калышчу. «Динчил кишиге айла жок, ошондон аман калчудай болуп өлө элек жатып кепинине куран түшүп соопчулук кылат имиш», «бир нерсени ичинен сезип жүргөн го, байкуш», «эмне эле мынча кепинин сылап-сыйпайт, кастарлайт». Кошуналар ар кайсыны айтып жоромолдоп, бир чети кылган жамандыгы жок болсо деле өзүнчө таба аралаш какшыкташса, бир эсептен бүбүнүн мындай жоругунда өз билгени бардыгын баамдашчу. Аны карт бүбү деле билет. «Жараткандан жандын баары жер алдына барат, бу жалган дүйнөдө кепин оронбой турган ким бар дейсиң» дейт ичинен. Илгери бекеринен өлөөрүндө ыйманын айт, келме келтир деп жан тынчытпаса керек. Ар бир адам рухун жандандыруунун, жалган дүйнөнүн жазмыштуулугун көрктөндүргөн жандалалат экен го. Бүбү береги абысындарынын карылыгы жетсе да бейдаарат жүргөн ыймансыздыгына, шарапкөйлүгүнө чыдай алчу эмес, алардын калжактап жүргөнүн көрүп көңүлүн оор сезим чулгачу. Жөн салды «ыйманы саламат болсун» дебейт жаны жаннатка кеткендерге. Жазмыштын баары чаар китепке жазылган эмеспи. Көпчүлүк жакшылыкты караан тутат. Жаралган жанды дүйнөгө таза кармап турган, адамды адамча жашаткан ошо дилдеги улуу ыйман. Ыйманы таза адамдын жашаганы таза, иши таза, ичкен-жегени таза, аны бүгүн ким эле ойлоп атыптыр. Кудай бала-бакырага ырыстан мурда ыйман бере гөр, – бүбүнү таң кеч эзген суроонун бири ушул.

Кошуна келин боорсок бышырып бүтүптүр.

— Киши-кара келеби, апа?, – деди ал жөн салды.

— Накүм балакатка жетпедиби. Сары келин унчукпады. Сыягы бул сөзгө анча маани бербедиби «ии» деп гана тим болду. Бүбүгө боорсок ооз тийгизип, сүттөп чай беришти.

— Сен Бекжанга айт, жумуштан келгенден кийин кара козуну союп берсин.

Түн көшөгөсү тартылды. Кечке тыным албагандыкыбы, кемпир түнү менен чабалактап кыйналып чыкты. Ошондо да оюнда санаа. Карыганда жада калса төшөк да жоо болот көрүнөт. Жаздыкка башы тиери менен уктап кеткен таттуу түндөр... тээ каякта караанын көрсөтпөй кала беришти. «Бу, эмки балдар ушинтип эле ороскел өсүп калышабы? Кызмат деп алыста жүрүшүп тууган уруктан каза болгондорго топурак салышпаса. Же өзүлөрү бетке чиркөө болбосун деп убагында келип көз көрсөтүшпөсө. Өтпүскө деп жыл маалында бир шашып-бушуп келип кетишет, бул эмне жакшылык дейсиң.

Ушинтип көз жумду болуп отурса, таптакыр кайырдин болуп бара-бара замандаштар деле бири-бирине катташпай калышат го. Баса, биздин айылдын балдарынын шаарда жашап калгандарынын алды элүүгө чыгып калды бекен, ооба, чыгып калышты. Өңгөсүн койгондо деле бу Мүзүрөктүн жумушчу Сапашы эле элүүдөн өтпөдүбү, кокуй. Чачын ак аралаптыр, айылга келейин деген түрү жок, жанагы жаман аялы деле биздин айылдын кызы эле. Ушу жаман эликенин кызы ушунча болот деп ким ойлоптур, таштын түрүн тапкан доктур дейт. Капырай, ушу таштын доктору болот экен ээ? Алда кандай болуп кокус, бөтөн жерде көздөрү жумулуп кетсе, жанагы кайырдин бала-бакырасы каапырларга аралаш көмө беришет да. — Ок, өз оюнан чочуйт кемпир. — Бул эмне дегеним, күнөөгө батпайынчы, бирөөнүн күнөөсүн көтөрүп. Бирок, каапырларга аралаш жашикке салып көмүшөт экен деген чын деп өткөндө мага өз уулум эле айтпады беле. Эгер ошонусу чын болсо... кемпир ары оодарылып каңырыгы түтөй бул дүйнөгө өзүнчө сересеп салып ой бышырат. Же ой аягы жыйылсачы. Түрүмү түркүн көп ой түйдөктөй чубай берсең чыга берет. Шаарда жашагандардын, өзгөчө ата сакалы ээгине бүткөндөрдүн тууганга кайрылып боор тартканы аз. Келсе өз уругунун гана жамандык-жакшылыгына келбесе, башканыкына баш багып да коюшпайт. Өз тукумубуздун балдары өз туугандарынан антип жатыркашса, анан кайдан жүрүп башка өзөндөн, башка уруудан алган катындары боор тартсын. Чет жакка чыгып кеткендер, ушинтип улам бириндеп отуруп өз уругуна өгөйлөнө берет тура. Аа, кудай, парбардигер эмне деген заман болду? Эзели бузулбаган ата-салтыбыздын күндөн-күнгө наркы кетүүдө. Жети атасы жаткан жерге сөөгү коюлбаса, тукум-укуму ошол жердик болуп, эл ичи билинбей ушинтип ыдырайт тура... Муну ойлогон ким бар азыр. Аксакалдардан да илгерки нарк кетти. Калжаңдап ичкени арак. Жараткан өзүң жалгай көр. Бу биздин балдар шаарга эмне мынча кызыгышат? Окуйбуз деп жулунушат, макул оку дейбиз, анан окугандан кийин келе беришпейби?! Ботом, ушул Жумгалдын абасынан таза аба, керемет жеринен ашкан жер барбы? Төрт түлүк ыңкып жатат. Же бир аякта айран, максым, босо жасап ичишпесе, ичкени бөтөлкөдөгү таттуу суу. Жегени өкмөттүн бөлкөсү. Же бир кыш-күрөөдө согум союп, оозу толо казы-карта чайнабаса, булар кайсы ырысына шаарга качып, ошоякка сагалашат экен? Же бир ошоякта жүргөндүн баары окумуштуу, өкмөт болсо бир жөн. Жөн эле кара жанын багып жүрүшпөйбү. Тамшанып ичкени жанагы чөптөн жасалган суу шорпо, анысына да апачуу кылып калемпир салып ичкенин кантейин. Жок дегенде жанагы беш-алты тоголок этин койдун майына куурубайт экен, зыгыр майга кууруп ичкен тамакта эмненин күч-кубаты? Ар кайсыны ойлоп жатып, кемпирдин көзү таңга маал илинди. Таң агарып калганда дүбүрттөн ойгонуп кетти. Туруп уйду какшыта саап, музоосун кое берип үйгө кирди. Небересинин шашып окууга камынып жатканын көрүп:

— Сен шкөлгө барбай эле кой. Эжейине айттырып жибердим, – деди.

— Бүгүн математикадан контрольный, эжей эртең калбай келгиле деген.

— Бүгүнчө окууңду жыйыштыра тур. Кечээтен бери сен үчүн бүлүнүп атпайынбы балам.

— Кудай жок болсо деле ырым-жырым жасай бересиңби?

— Ок, антпе каапыр, – кемпирдин колунан чака түшүп кете жаздады. — Антип кудайга акаарат кылба, балам. Бул илгертен келаткан каада. Эмки бейдаараттар муну кайдан билсин. Кудай жок дебей жүр, балам. Кайра-кайра, чоң-кичинеси дебей кудай жок деп жүрүшүп орозо туткан Муканбеттин үмөтү азайды. Арак ичкен көбөйдү. Баары эле каапыр болуп, бир нерседен ыйбаа кылышты унутуп калышты булар, – деп кейип-кепчип алды өзүнчө. Сабактан калган кыз бултуктап атып кийинген киймин кайра чечип, таенесине туйтундай мештин жанындагы шыпыргыны тээп койду. — Шыпыргыны теппе балам. Кыз киши шыпыргыны теппейт. Босогого турба, бөйрөгүңдң таянба, элдин көзүнчө мурдуңду чукуба, деп канча айтам, балам, – кемпир наалый кетти. Небереси «дайыма эле ушуларды айта берет» деп далысын сала кийимдерин отургучка илди. Эне жүрөгү кайра түтпөдү. «Бала эмеспи, сабактан калганына кичине кыжаалат болуп калды» – деп ойлоду.

Күн шашке. Очоктогу казанда кечээ союлган капкалдырак куйрук кара козунун эти боркулдап кайнап, жыты аба жарып шилекейди агыза буркурайт. Бул өрөөндүн чөбүн оттогон малдын эти тилиңди таңдайыңа тарттырып жегиликтүү. Үй ичи мемиреп жыпжылуу. Бүбү казандагы ыкчам сууну алдырып түпкүчтү койду. Эшикти илип, абышкасынан калган чигирим көк отургучту көтөрүп келип, кемселин чечип, көңүлдөнө көйнөгүнүн жеңин түрдү. Чоң дагараны темир мештин жанына коюп, жээнине кайрылды.

— Бол балам, чечин. Мына он экиге чыгып балакатка толот деген ушул. Кыз таенеси киринткен атканын көрүп унчукпай чечинди. Капортосунан өйдө дагарадагы жыты буркураган чөптүн бүрү салынган сууга этият түштү.

— Быссымылда. Me, кармап тур, – деп таенеси чөнтөгүнөн жуп алтын сөйкө алып чыгып кыздын колуна карматты. Ырым деп кыздын бир колуна мурун белендеп койгон чач жууй турган бир чыны айранды берди. Аппак денесине төгүлгөн чачын сыйда сылап, суу чачырата балакаттын этин шакар самын менен жышты. Кызды киринтип, кундуздай кара чачына айран сүйкөп кулпурта жууду. Жети чөптүн башы кошулган чөйчөктөгү жыпар суу ме¬нен башынан ылдый жаба куюп, денесин чайыды. Жан чөнтөгүнөн узундугу сөөмдөй эски күмүш кайчысын алып чыгып оң, сол ак жууранына үч жолу тийгизди. Кызды суудан тургузуп, жука чурайындагы жылбырскы түктү искектеп, түгүн күлдөдү. Ооруксунтуп жибергендиктен кыз чочуп этин жыйырганда карт көңүлүндө ыраазы боло:

— Эми балакатка жеттиң, кызым, чочуган соң кыялыңа кыз кылыгы, жан сыры келет, – деп дагы жылбырска түктү искектей каргылданган үнүн созду:

— Муну аты Бүбүш ко,
    Көмкөрүлгөн күмүшко.
    Оймоктой болгон оозу, 
    Ойго салаар үмүт го? 
    Үстүндөгү үч кылы, 
    Үч кунандын баасы. 
    Төбөсүндө төрт кылы
    Төрт кунандын баасы. 
    Кантип учпайт көздөн жан. 
    Түнгө бүткөн ырыстан. 
    Мунун аты Күмүш ко, 
    Жанга бүткөн үмүт го...

— Көкүрөгүң чочуганы адамзатты телчиткен ак сүтүңдүн толоору, көөдөн ылдый чочуганы көчтөн көч улаган адамзат уясын торолтооруң, каралдым. Уучуң узарып, ылайым нускалуу-нурлуу, көйкөлгөн ырыска шерик келин бол, ордолуу журттун акылына шерик балпайган байбиче бол, кулунум. Илгери кыздарды балакатка жеңелери отургузчу экен, эми муну билген ким бар? Эмки келиндер эмне, эртеден кечке талаада эркек менен эркек болуп ат салыша эмгек этишет. Төрөп түшкөнү болбосо эмки катындар аттай болуп эркекке айланып баратпайбы. Азыр эмне, илгеркинин бири жок, нарк тепселбедиби. Кайран селкинчекти тепкен ким бар бүгүн? Атаңгөрү, айлуу түндө кыз-келиндер балдарга кошулуп, ак чөлмөк ойноп, селкинчек тепмек тургай күндүр-түндүр тиктегениңер жанагы азгырмалуу тиливисор. Андан түрдүү шайтан-шапатты көрүп балдар эмес, чоңдор бузулуп атпайбы. Эй, аны айткан менен эмне, айтсаң алжыган кемпир деп жаман көрүшөт, мейли, өздөрү билишсин. Мына сенден бир аз чоң кыздар беш көкүл кыз балакатка жетип бүр-сууга отургандан кийин гана чачын кош кылып өрчү. Жакшылыктан үмүт эткен адамдар жети күндө бир арууланып, дили тазарып турушун самайт экен. Кыздардын балакат күнүн бекеринен бейшемби күнү белгилебейт, балам. Кийин турмушка чыккандан кийин дили тазарып, ниети агарып, арууланып, сезим ылазабын жандырып берилгендиктин белгиси катары өзүн таза күтүнүп, бейшемби күнү күйөөсү экөө жыты буркураган бүр салынган сууга түшүшчү. Ортодо таарыныч болсо кечиришип, аны көңүлгө албоого тырышып, илкамын маашырлантып жаны жыргап көңүл кууначу, балам. Бу күнү турмушун кушубак өткөрүп, көйнөктүн тазасын кийип ушул ыйык күндү кадырлап тосушкан. Никеден тыш, бейадеп мамилешкен адамдар, кудай алдында күнөөкөр деп эсептелген. Сапарда жүргөндөр өзүн адептүү кармап ак жүрүшкөн. Эрли-зайып бири-биринин көңүлүн оорутпай, көңүл ырын ырдашып, миң түрлөнүп купуялана дене жанын козголткон. Нике жүргөн эрди зайып ошентип, бирин-бири аздектешчу экен. Бул күн ыйык күн, жанына ыйман кадырлаган күн деп көңүлүнө түйө жүр, каралдым. Ошон үчүн бүгүн сага чарпылып отурбаймынбы. Эми эмне, бир тамга камалып алып сексен, токсон киши думугуп бир киринет экен, – деп кемпир көңүлү иренжий өзүнчө сөз тизгинине ойлуу каалгыды. Анан жыпар жыты аңкыган таза сууга кыздын балдыркан денесин дагы бир чайып, атайын демделген жети чөйчөктөгү буркураган сууну кундуздай кара чачына, ак жууранына, жука чурайына бүрктү да, ал суу менен балакаттын жүзүн чайыды. Кызды көтөрүп суудан алып чыгып энеден туума денесине жыпар суусу мөлтүлдөп суу перисиндей не бир ажайып көз сугун түшүргөн көрүнүштө турган балакатка бата берди:

— Ыйманың таза, ырыска шерик адам бол. Кабыргаң кайышып, кайгыга мөгдөп турсаң дагы жакшылыкты караан тут, үмүтүңдү үзүп, жаныңды кыйба. Ылайым бактылуу бол, оомийин, тилегим кабыл болсун, – бетинен сүйдү. Балакаттын колундагы кызыл алтын сөйкөнү кулагына такты. Кызга бир сыйра жаңы тигилген таза кийим кийгизип, каада жырымын бүткөн соң келин-кесек, катын-калачты чакырып даам сыздырды. Балакаттын оң колуна төш карматып, сол колуна тээ илгери атасынан калган наркескенин бешик башына коюп, гүлсүз ак чыныга суу коюп, башынан жети тегеретип, сыртка төктү дагы анын балакатка жеткенин жарыялады. Келгендер бул тойчуктун чоо-жайына анча маани беришпей, ич ара күбүр-шыбыр болгондор, динчил бүбүнүн кезектеги бир жакшылыгындай ичкен аштарына курсант болуп чыгып кетишти...

Ишембиде жээн баласы келип: малга бата тилеп бериңиз, бүгүн биздикинде болуңуз, – деп ат токутуп келип алып кетти. Эмнегедир эл бул жээнин көп жактырышпайт. Кемпир аны ниетинде калкалап актагысы келсе дагы көп ичкенин жактырбоочу, бирок, бата сураган үйдөн эч качан насили баш тартып көрбөгөн. Пенде бата сурадыбы, демек, жакшылыкка же соопчулукка сураганы, а андай жерге соо туруп кыйылып барбай койгон болбойт. Жок эле дегенде «батанын ичиндемин» деп ыраазычылыгын билдириш керек. Бекеринен эл: «жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт» дебестир. Бата, эл ниетинде ак тилек, аруу намыс, ак дил. Салт туткан бүбүнүн түшүнүгүндө бата бербей коюу: пенде алдында уурулукка тете кылмыш, келген ырыскыны тебүү, жоосунсуз адаттан тыш, жоболондуу жаман жорук эле. Ак батаны дини кайыр капырлар гана билбейт, зили кыргыз баласына бул ыйык деп эсептөөчү.

Тамак ичилип, эл тарагандан кийин жээни келжейип кызып калды. Эл тегиз төшөккө баш койгон маал. Катуу уктап кеткен экен, бир оокумда эшикке чыкты. Адаты. Шаңкайып жарыктык ай жаңырыптыр. Кемпир жоолугун оңдоп үч ийилип жүгүндү, бирдемелерди өз ичинен кобурагансыды. «Жакшылыгыңдан жалгай көр, кудай». Былтыр күйөө баласы өлгөндө тигилген каралуу өргөнүн ордун, бир кес жерди баспай, андан айланып өтүп түзгө отурганы ары басты. Аңгыча тамдын артынан үзүл-кесил, кобур-собур угулуп калды, ычкыр кашатын жаңы эле бошоткон кемпир киши келатпасын деп кайра өйдө боло берди. Чоочун кишиби десе бери жакындап баскан сайын өз жээнинин тааныш үнү угулду. «Бу кудай урган дагы эле уктай элекпи, мас болуп алып үй-бүлөсүн беймаза кылып жаткан го». Баркылдаган өктөм үн эми теребелге даана угулуп жатты:

— Ой, эненди урайын, мен ушул көт аарчыга жарабаган акча үчүн түн күзөтүп бөрү болуп жүрүптүрмүнбү. Мен дагы катын-бала багышым керек. Me, ушул эки тоголокко өзүң мурдуңдун чимкиригин аарчып ал.

— Жана айтпадымбы, бул саам жолубуз болбой, кыйынчылык менен өткөрдүк, ошон үчүн арзан түшүп калдык. Азырынча ушуга ыраазы бол, дагынкысы дагы болоор, эмкисинде, башка айылдарга салпылдабай эле силердин айылдыкын шыпырабыз.

— Койчу, эл билсе терибизди тескери сыйрыбайбы. Келе алдагыны. Баары бир, эргулдар, мени алдап кеттиңер, өз ара эле бөлүштүрүп алдыңар го?

— Мыңкылдап ичиң толо арам, качан болсо ала жипти кула кылып шекшип турасың. Болгону ушу деп айтпадымбы. Мен байкап көрдүм, билинбеген менен элдин турмушу оңолуп силердин айылдыкы деле оңой эмес экен. Кечээ көрдүк. Жанагы саат баскан тигинин арам сийдик иниси үч-төрт күндөн бери үйлөнөм деп чатак чыгарып атыптыр. Бир жалжакени боозутуп койгон окшойт, анысы албасаң, муунуп өлөм деп аткан имиш. Анан карайлап акча таппай, шашылыш, жакын деп силердикинен экини өткөрдүк районго. Бирөө өтпөй биздин короодо турат. Бирок анын кийин каны жерге тамбайт. Шаардагы баягыларга бара албадык, анын үстүнө кызыл көпүрөдөн текшерип атыптыр. Ошолорго эптеп жетсек, алар тияк-бияктан жалдырап келгендерге урдуруп жиберет эле. Убакыт чукул болуп калды же бир машинага бензин жок, иттей кыйналдык. Барбадым деп таарынба, бир баладан чакыртып жиберсек, катынын, сени мал издеп кеткен дептир.

Кемпир айласыздан көпкө кулак түрүп калды. Аздан соң кобурашкандар арылап кеткенден кийин көлөчүнүн апкытын жаза басып үйгө кирип, уктай албай санаага батты. «Бу кудай урган каапыр, бир арам ишке аралашып жүргөнүн» боолголоду. Мал уурдап арам ишке барарын жакын санаалаштарынан угуп бир ишенип, бир ишенбей жүргөндө өз кулагы менен укканын жадынан чыгара албады. Түйшөлүп жатып танга жуук көзү илинип кетиптир. Эртең менен турса жээни таңзаардан жумуштап кеткенин укту. Жүздөшпөй калганына ичинен кыжаалат болуп үйүнө кайтып келе берген. Келип өлгөндөргө атап куран түшүрдү. Көңүлү эч нерсеге чаппай, талмоорсуп, кечке чейин чийки май жегендей болуп жүрдү. Түндө уккандарын унута албай жатты. Бешим ченде айылдагы каралуу дудук катын уңулдап кирип келди. Бу кургур, уулунун бейитине тынбай каттап, жолдон ага жолуккандарга көрүстөн удулун көрсөтүп, күйүтүн түгөтө албай шорлоно берүүчү. Зээни кейигендер «ай, байкуш ай» – деп аяп кетээр эле. Азыр дагы көзүнүн жашы он талаа, терезеден көрүстөн тарапка кол сермеп чебеленгенин бүбү кемпир алгач уулуна куран окуп бер деп атат деп түшүнүп, отур дегендей жансады. Бир толгонуп, бир ойдолоп улам-улам кол жаңсаган немени эптеп көчүк бастыргандан кийин бир топко оозун күбүрөтүп куран окуп, бата кылды. Тигил дале эшикке суранып, ага жалооруй карады. Кемпир анын эмне максаты бар экенин түшүнө албады. Мурун минтип көшөрө эшикке чыгуусун суранбай эле чыгып кетүүчү. Анын азан-казан болуп жан алакетке түшүп бирдемелерди жансаганын «ии, бечара, бейит башына куран окуп бер деп суранып аткан тура, кургур ай, оюн айталбай кыйналып турганын көр. Тил көмөкөйдүн куту экен го. Күүгүм да кирип калды, эми аякка темтеңдеп баргыча качан. Эртеге жума, ошондо барсакпы» деп ойлоду. Бирок, дудук катындын кете турган түрү жок. Аны улам жеңден тартып эшикти жандайт. Эми муну ээрчитип көрсөткөн жагына барбаска чарасы жок. «Жаратканым ааламдагы он сегиз миң жанга бүткөнгө тил берген соң эмнеге телегейин тегиз кылбады экен. Бирөөгө кор, бирөөгө зар дүйнө экенсиң жарыкчылык». Эчен жыл медер кылып тумар туткан, ниетин берип, дилин бурган куран китебин койнуна ката чыкты.

Көрүстөн айылдан итапкан алыс. Бир өрөөндөгү бир уруу элдин жети атасы жаткан жер. Элге өзөктөш өрдө турган ыйык жер. Тигине айтылуу Кызарттын даваны көөлгүгөн караңгыга көмүлгөн. Кырка тоодо демейде шаңкайып кызыл жон болуп жошолонгон Балыктынын бели дагы түн кучагына тартылып бараткандай. Экөө басыгына жараша илкип, карылык жеген көкүрөктүн күйүккөн демин басып, улам токтоп баратышты. Кемпир байма-бай токтогон сайын кубаты качкан көзүн айланага жиберет, эч нерсе көрө албай бушайманданат, бирок жанындагы бул жолдун ар кадамын билген аялга ишенди. Ичинде карылыкка токонаалат айтып, жашыл жоолук жаштыгын, күлгүн курак гүл өмүрүн эстеп баратты. Көрсө мезгил өмүрүнүн курагын өкчөп бир топ арбыткан экен. Алар көз байланганда шоокуму кооптуу, өзүнчө сүр берген көрүстөнгө келишти. Дудук четте жайгарылган баласынын бейитине келип токтоду. Караңгыда жанындагынын бышактаганы эле болбосо, анын бирдемени жандап көрсөтүп атканын көрө алган жок. Сообу тийсин деп куран окуду да, андан туруп абышкасынын ылайдан көтөрүлгөн эски коргонуна үч кайтара куран окуп кыйлага ойго малынды. Бирөө түрткүлөгөндөй болду, караса жанындагысы, ойго алдырганын сезди. Отур дегенсиди аны этектен тартып, ичинен «азыр кетебиз» деп ойлоду. Аңгычакты жакын эле жерден катуу «дүп-дүп» эткен добуш угулду. Селее түштү. Улам барган сайын дагы эле катуу бирдеменин дүпү-дүп, карс эткени улана берди. Экөө ичинен келме келтирип коргонго жашынды. Адамдардын кобуру чыкты. Кемпир эми көңүлү жайланып «киши-кара тура» деп ойлоду. «Булар жети түндө биякта эмне кылып жүрүшөт? Дүпүлдөгөн эмнеси? Кокус, кудай уруп, ууру-кескилер уурдаган малын ушуякка катып жүрбөсүн?».

— Үчтү салдык жетет го, мурун дагы үчтү алганбыз. Көп алсак эл дароо байкап калышы мүмкүн.

— Мынча келгенден кийин көбүрөөк эле салбайлыбы, эл эмне кой кайтаргансып мүрзөнү күндө кайтарып отуруптурбу? Бирөө өлгөндө эле көр казгандар, анан өлүк коердо бир келишпесе такыр келишпейт. Келгиле дагы бирди салалы, күндө эле жолубуз оң болуп атты беле. Экинчи келбейбиз. Элеттин кеңкелестери мындайга аңкоо болушат.

— Жетет ушу, кичине напсынды тыйсаң көзүңдү кызарта бербей. Билсе өлтүрбөйбү бизди.

— Бизди го деги эч ким тааныбайт, а сен жыт сездирбес эргулсуң да. Аңкоочалыш болуп жүрө бер, сенден эч ким шек санабайт. Ай, макоолор, билген кишиге кенчтин баары көрүстөндө эмеспи. Анын изин билгизбей, пайладалана гана билүү керек.

— Көп калжырабачы, коркуп турганда. Кел андан көрө мындан согуп алалы. Бул үндү кемпир жаземдебей даана тааныды. Шаңгыраган стакан үнү, шырылдап куюлган суюктуктун шылдыры жорткон желдей кадимкидей угулду кулагына. «Арбак ургурлар, бейит башына келип дагы арак ичеби?».

— Болуптур анда, кудай күнөөбүздү кечсин. Кудай жанагы жайык төш катындарыбыз менен жалгашкандан берсин! – хахалаган жагымсыз үн теребелге жаңыргансыды.

— Баарыңа ийгилик каалайм. Бирок, бул саам кем төлөйт экенбиз деп ойлобогула. Давай алып жибергиле, киши-каранын көзүнө чалдыкпайлы. Ыргытылган бөтөлкөнүн чарт этип сынганы көрүстөндүн кыйкырыгы сыяктанды... Кемпир жээнинин үнүн кадик тааныды. Колунан куран жылмышып, акылы адашып, жүрөгү түрсүл сого баштады. Акырындап көңүлү караңгылай, мойнуна муздак жылан оролгондой деми кыстыгып, жакасынын бүчүлүгүн алсыз колдору менен чыгарууга далбастады. — Бир аз күтө тургула. Мынча келгенден кийин, папамдын бейитине бата кылып коеюн.

— Бороонду күндө бок кычайт болгон неме экенсиң, өкүртө ичип алып кылган батаң түз эле кудай талаанын өзүнө тийип жүрбөсүн. — Ал кычыткы какшыкка кылы да кыйшайып койбой мүдүрүлө бери басты. Кадам жакындап, түз эле бери бурулуп тигилер нес болуп отурган коргондун так түбүнө келип шырылдатып заара ушатты. Булоолонгон заара жыты кемпирдин каңылжарына каңырсып келгенсиди. Абышкасынын коргонун булгап, өз тукумунан ары кордолгон кемпир мойнуна бирөө жаба сийгендей дени жыйрылып, деми өчүп барат. Аздектеген ак кепинине бирөө кара чаар жылан ыргыткандай эти диртилдеп, мүлдө мууну калтырап өзүн жоготту. Көзү тунарды, кара туңгуюк кара түндө жылдыз сыяктуу жумшак учуп каякадыр сөнүп кетти. Эсине элес-булас келе калган кемпир эмне кыямат болуп кеткенин ажырата албай аткандай... ары жактан тигил заңк этти:

— Эй, акмактар, ванаригиңерди жарык кылгыла, кылгылыкты кылгансыңар го. Мурдагы күнү каяктан алдыңар эле? Бир ууч жарык нур бейитке соймоңдоп, тигини бетине келип төгүлдү.

— Ии, ошо сен турган жерден кызыл гранит салганбыз. Алуучуга ошо тез жакты. Муунуп бараткан кемпир бир ууч жарыктан акыркы жолу купайкечен жанкечти жээнинин жүзүн көрдү. Дудук катын муну быякка жөн ээрчитип келбегендигин ошондо туйгансыды. Мээси зыр дей түшүп, колу карышып, көгөрүп, кырылдап калды...

...Бет талаштыра былч эткизе бир койгон купайкеченди берки экөө баса жыгылып, анын кыйкырбоосун өнтөлөп сурашты. Оозунан алласы түшкөн дудук туталана думугуп талаа безип ээлирди...

— Эненди урайындар, сан эстеликтен ушу папамдын эстелигин аласыңарбы? Бети жок, акмактар. Кайсы бетим менен элди карайм? Оу, туй ата, түбүмө жеттиңер. Канкор турбайсыңарбы? Арамсыңар! Соттотом, азыр барам милисага. Көп болсо беш жыл кесилермин, бүт айтам, бүт. — Купайкечен башын мыкчып, ызырынып, тигилердин бирөөнүн жакасынан муунта кармап мурунга берип калды. Кан жая берди.

— Байкебай кечир, сенин атаңдыкы экенин билген жокпуз. Билсек тиймек белек. Муш жегенине карабай би¬рөө анын мойнунан кучактап, жинин басууга аракеттенди.

— Атаңдын башы, энеңди урайындар, мени элге шерменде кылдыңар. Соттотом! Ордунан атып туруп, аракка күүлөнгөн ал тигилердин эрмешкенин силкип салып, алга чоң адымдады.

— Токто! Токто дейм, ит! Сенин атаңдыкы экенин кайдан билдик? Болоору болду, токто эми! Арам, адалды тең жедик. Биз, соттолуп сен аман калбайсың. Акылга кел!

— Күнөө бизде!

— Урдум сенин акылыңды. Баары бир түрмөдө чирийсиңер. Соттотом, өз башыма өзүм шор тилеген экемин силердин тилиңерге кирип. Ал токтобой кете берди. Тигинин бирөө мунун ээ бербес ит кыялынын жанбасын түшүндү көрүнөт.

— Акыркы жолу айтам, токто, токто!, – деди. Күйүгө жете келип, көк желкеден ала. Дугдуңдап, бардык күчү менен алга жулкунган аны шарт суурулуп чыкчу кош миздүү канжар менен айдалыга күч менен сайып калды. Таамай тийгенденби аа дегенге алы жетпей айкарыла берип канга чулганды.

— Бекер кылдың, кичине кое турсаң эсине келмек.

— Көзүн тазалабасак түбүбүзгө жетмек, – машина дүрүлдөдү.

— Төгүп сал каргашалуу немени. Жана бирөө көрүп калгандай болду. Машина таш эстеликтерди дүк-дүк этире шаша-буша төгүп салып, көрүстөндөн атырылып чыгып, айылдан узап кетти...

...Бири адал, бири арам эки өлүктүн гөр арасында жантасилим болгону элеттиктердин акылын дүрбөлөң түшүрдү. Таң эртең жабыла келген эл нестейип, селтейип аза бою тик туруп дарбыды. Наркта, салтта жок жан бергендерди таап, ыйманын кадыр туткан асыл маркумдун адал өлүгүн жоктоп, зыркырап сыздашты, балакат ингенинен айрылган тайлактай боздоп үйрөнгөн кошогун созолонто кошту. Арам өлүккө эл тескери батасын берди. «Тукумуң жүзгө жетпесин, жетсе күзгө жетпесин», деп токонаалат айтып, жети кишиден ашык адам топурак салган жок.

Бир энесинен, бир уулунан айрылган кара бет эне гана адал менен арамды таразалай албай эси жарым нес болуп отурду. Гөрүнөн жулунуп обочо жерде калган эстелик — молону көрүп эл чуулдады, эси эңгиреп буркурашты. Тааныган бүлөөсү, урук-тууганы моло ташка өкүрүп келип баса жыгылышты. Ыйыгы тепселип, куту учкан эл эсине кыямат буюгуп келип селт эттирди. Мындан өткөн кор барбы?..

1991-жыл, 2-январь

 

Word форматында китепти көөчүрүү

 

© Сыдыкова К.С., 1991. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2592