Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Каримов Р.З., 2007. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 26-июлу

Раҳим КАРИМОВ

Бейопа

Повесть

Которгон Султан Парманов

Бул китептен белгилуу оштук акын, жазуучу, «Улуттук бестселлер» наамына татыктуу болгон «Камила» романинын автору Рахим Каримовдун «Бейопа» повести орун алган. Чыгармада мурдагы СССР тарап буткондон соң, КМШ өлкөлорунун тургундарынын тагдырлары, социализм дөөрунда кадыр-барка ээ болгон адистердин жаңы базар экономикасы өкүм сургон мезгилдеги турмуш-тиричилиги, Борбордук Азияда жашоочу коптогон адамдардын татаал шарттарында гы Россиянын ролу, ушул чөң сыноо убактында аялдар менен эркектердин мүмкүнчүлүктөрү, жаман жолго кирип кетген кыз-жигиттердын аянычтуу тагдырлары ишеничтуу чагылдырылган. Китеп жалпы окурмандарга арналат

Каримов Р. Бейопа: Повесть. – Ош, 2008. – 100 б. китибинен алынды. Нускасы 500 даана

 

Биринчи бөлүм

Азыркы заманда эркектердин күнү аялдарына калган. Ошондуктан чоң, кичине «разборкаларга» да эркекетер калып аялдар катышчу болду. Соода сапарына аттангандар да, ушул шоруң курган аялдар! Себеби аларды эрлериден бөлөк эч ким ура албайт. Жолдорун каракчылар да уурулар да тосушпайт. Кээде алар бажыканалардан да «бүтүн» чыгышат…

* * *

Шавкат да көптүн катарында жогорку билимдүү адис болчу. Ал шаардагы ишканалардын биринде цехтин башчысы болуп иштеп турган. Келинчеги Мухае дагы андан кем эмес эле. Бирок, замандын зардабы тийдиби, экөөсү тең жумушсуз калышты. Алардын эки кыз, бир уулу бар эле. Ата-энелери болсо айылда турушат. Бала чаканы багуу күндөн-күнгө оорлоп бара жатты. «Тиричилик — кара гөр» — деп бекер айтышпаптыр. Бул эрди-аял бир топ жыл ушинтип аябай кыйналышты. Казаны кайнабай калды. Күндөр биринин артынан бири өтүп жатты. Жетишпегендиктердин чети көрүнчүдөй эмес эле. Мындай турмуштан тажаган Мухае, соода кылып тияк-биякка «каттап» турган жакын кошунасы Замираныкына кирип жардам суроого мажбур болду. Ага жалынып, жалбарды:

— Эже, эжекебай, күңүңүз болоюн. Жардам бериң. Балдарым ачкалыктан өлүп калышпасын. Кудай кайрымыңызды берсин, эжеке. Күйөөмдүн иштери да жүрбөй жатат. Мен да эки жылдан бери үйдө иштебей отурамын. Аны да, муну да кылып көрдүк. Бирок эч болбойт. Эмне кылышты да билбей калдык. Энемдин ордуна эне болуңуз… Сураныч, сизден бөлөк үмүтүбүз калбады…

Ошондо Замиранын Мухаего боору ооруп Украинага бир эки жолу өзү менен кошо алып барып келди. Ал эми Шавкат бала багып дайыма үйдө отуруп жатты. Ошондон кийин бул жаш үйбүлөнүн турмушу акырындык менен оңоло баштады. Замира бай турса да ыймандуу аял экен. Ал Мухаедон жардамын аябады. Алар тез-тез биргелешип сапарга чыгып турушту, Шавкат менен Мухае курсактарынан, үстү-башынан да бир аз ашына турган болушту. Мухае ар бир жолу сапарга чыкканда бирөөлөрдөн карыз алып жолго чыгаар эле. Алып барган кездемелерин 20-30 күндө сатып, алган карыздарынын проценттерин мезгил-мезгили менен төлөп турар эле. Өзүнө да аз болсо да акча калар эле. Анын акыркы сапары башына бүткөн балээ болду. Орус пулунун инфляциясы кириптер болушу эми гана «бутуна туруп» келе жаткан соодагердин шагын биротоло сындырып койду. Ал үйгө пайда таап келүү аякта турсун, акчасынын өзү да чыкпай калды. Ушундай мүшкүлдөн, үч-төрт күндүн ичинде, жаш келиндин кара чачын ак аралады. Күндөр артынан күндөр өтүп, аны менен «проценттер» да өсүп бара жатты. Эки айдын ичинде 20 миң сомдук карыз, жүз миң сомго көтөрүлдү. Мындай чоң карыздан кутулуу үчүн үч бөлмөлүү үйүн сатуудан башка арга калган жок. Ага, ини, эже, сиңдилерине жардам сурап кайрылып көрүштү. «Өзүңдө жок-ааламда жок» дегендей, өчөшкөндөй туугандардан «сары чака» да табылбады. Өзү менен өзү убара. Бардыгынын акчасы «оборот» да. Мухае күйөөсү, балдары менен бара жатты. Ошол учурда жанына бир «иномарка» машина келип токтоп калды.

— Мухае, бул сизби? Тынчылыкпы? Эмне мынча капасыз?

Гуламжан бир кездерде Мухае иштеген ишканада бухгалтер болуп иштеген эле. Жашында ар түрдүү «кылыктарды» жасап жүргөн бул киши, бир убактарда Мухаего да тийише калып жүргөн эле. Азыр бул кишинин менчик ишканасы бар. Алардын фирмасы Россияга жаздык, көрпө, шейшеп, халат алып барып анын ордуна такта, лобель алып келүү менен алектенет. Мухаени көрөрү менен, ал жанданып кетти. Себеби Мухае бул кишинин «көз алдына алып койгондордун бири эле» бирок, эрите албай жүргөн келиндерден болчу.

Ошол күнү мухае Гуламжандын машинасына кандай отурганын да билбей калды. Буга эки дүнүйө бир кадам эле. Алар Гуламжандын бош турган квартираларынын бирине жетип келишкенде кеч кирип калган эле. Экинчи кабатка чыгышары менен, Мухаенун көз алдындагы темир эшик шарактап ачылды. Гуламжан жолдон ала келген бул аялды ичкериге киргизгенче, эшикти ичкериден бекитти. Мухаего пальтосун чечкенге жардамдашып, аны меыман үйгө чакырды. Ичкери жактагы стол үстүндө түркүн тамактар, дүйүм жемиш, ширин суусундуктар, бөтөлкөдөгү өткүр ичимдиктер жайнап турду.

Шавкат аялы Мухаедон кабатырланып үйдүн ичинде тиги бурчтан бу бурчка барып жанын коерго жер таппай жатты. «Каякка кетти болду экен? Иши кылып тынч болсо болду. Же бир кырсык болдубу? Турмуш болбой куруп кет!». Жанымдан да тоюп кеттим. Заман өзгөрбөсө жубайымды ушундай абалга салат белем. Эмне кылайын? Колу-бутум байланган. Соодв-сатыкка жөндөмүм болбосо, же бир иш табылбаса таш көтөр десе да барар элем.

Шавкат ушул сыяктуу ойлорду көңүлүнөн өткөрүп, агала болгон чачтарын салаалары менен ушалап терезеден көчө тараптан көз албай отурду.

— Мухаехан, алың жана бирди алып кой…

Мухае бир ууртам өткүр «висканин» таасири менен ансыз да кызарып чыккан эле.

— Ал, таза алып кой… Гуламжан байкеңди сыйлабайсыңбы? Кана, алчы, ал… Ушуну аягына чейин алып кой… Бөлөк кыстабайм. Эркекче сөзүм…

Мухае, рюмканы колдору калтырап араң алып, демин ичине алганча, көздөрүн жумуп шарт тартып жиберди. Бир аздан соң башы айланып, үй ичиндеги буюмдар, айланадагы бардыгы тегеренип жаткандай туюлуп кетти.

Гуламжан мындай учурду колдон чыгарбай, Мухаенун жанына жакыныраак отурду.Магнитафондон жагымдуу музыка акырын жаңырып турду. Мухае башын дивандын арткы сөйөнгүчүнө таштап көзүн жумуп жатты. Бул учурда ал өзүн аял, акыйкат назик, кылыктуу аял кейпинде көргүсү келип, канча айдан бери шаардан-шаарды кыдырып, оор-оор сумка, чыпталарды көтөрүп жүрүп үзүлгүдөй болгон колдорун Гуламжандын мойнуна ратып, акча табыш жолун издеп жатып ооруган башын анын, кең көкүрөгүнө коюп эс алгысы, жатаканадагы апакай шейшептер жабылган эки кишилик, мамыктай төшөктөр, жаздыктар коюлган керебетке жатып алып айлап-айлап уктагысы, турмуш мүшкүлдөрүнөн эс алгысы келип кетти. Гуламжан Мухаенун белинен акырын кучактап, бооруна кысканда, анын сакалдары аялдын бетин аймап өттү. Ушул учурда гана Мухае селт этип өзүнө келди. Гуламжан көздөрүн жумуп алып анын көздөрүн, беттерин өпкүлөп жатты. Ушу кезде Мухаенун көз алдына күйөөсү шавкаттын, кыздары Мадино менен Сабиранын, анан дагы кичинекей уулу Шухраттын элеси тартыла түшүп гуламжанды ачуу менен күчүнүн барынча түртүп жиберди. Анан ордунан шашып турду да, теңселип эшикти көздөй жүгүрдү. Мындай күтүлбөгөн нерседен бир аз апкаарый түшкөн Гуламжан ордунанн турганча, Мухае кулпуну ачып, арка-алдына карабай качып жөнөдү.

Мухае үйгө жете келгенде караңгы кирип калган эле. Күйөөсү аны издеп коңгуроо кылбаган туугандары, тааныш билиштери калбады. Ал эми гана туфлисин кийип, Мухаену издөө үчүн көчөгө чыкмак болуп жаткан. Эшик тыкылдап калды. Шавкат шаша-буша ордунан туруп эшикти ачты. Кудайга шүгүр. Босогодо сак-саламат аялы — Мухае турат.

— Апасы барсыңбы? Эртеден бери каяктарда жүрөсүң-деди ал кыжаалатанып.

— Качкка бармак элем? Акча издеп бардык жерди кыдырып чыктым да. Муну айтаарын айтып азыр гана болуп өткөн «жагымсыз» окуяны эстеп уялып кетти. «Кайрыят! Кудай өзү бир сактады. Акылдан адашып кете жаздадым!». Алла өзүн барсың. Шайтан азгырганга аз калды. Гуламжан болбой өлгүр. Карыган түлкү десе, бул кишини жаман адаты калбаган экен да… Көңүлүн ушул ойлор аралап өткөн Мухае күйөөсүнүн суроолоруна узун-жулук жооп берип жатты.

Доллардын курсу күндөн күнгө кымбаттап, Шавкат менен Мухаенун баштары катып, айлаларын таппай жатты. Беш алты күндүн ичинде эле ал 20 сомдон 40 сомго көтөрүлүп кетти.Аз эле убакыттын ичинде алардын проценттери менен жүз миңге жетип калган карыздары бир–эки жуманын ичинде эки барабар көтөрүлүп кетти. Эрди –аял үйдү, андагы буюм тайымды сатканда да бул карыздан араң дегенде кутулат. Ирок балдары менен көчөдө калышары анык.

Мухае эрте менен туруп түз гана базардын радиотүйүнү көздөй бет алды. Үйдү сатып боюнча ушу бүгүн жарыя берип койбосо болбойт. Канчалык тез сатып карыздан кутулса ошончолук жакшы. Калганы бир нерсе болор. Көп болсо шавкаттын айылдагы ата-энесиникине көчүп кетишер.

Шавкат да Мухае да түбү чынчыл адамдар. Ошондуктан алар башкаларды да өздөрүндөй көрүшөт. Үйдү көргөнү келишкен кардарларга да ичиндеги сырларын төкпөй-чачпай айта беришти.

Алар соодалашпастанн, булардын кыйналгандарына боор ооруп, үйдү айткан баага сатып алышат деп ойлошоор эле. Бул «ит ээсине батпай жаткан» заманда чоочун адамдар сенин жаныңа ара киреби? Бардык кардарлар үй ээсине шашылыш акча керектигин билишип, үйдүн баасын канча болсо да арзандатууга аракеттенишери турган иш эмеспи.

Ушинтип Шавкат менен Мухае ушунча жыл иштеп, түндө-күндүз тер төгүп алышкан үйлөрүн арай төрт миң долларга сатууга аргасызх болушту. Ошол кезде үч бөлмөлүү үйлөр беш миң доллар болуп жаткан. Эмне кылышсын? Күтөлү десе, карыздардын проценти ашып баратат. Кала берсе, куданын жараткан күнү акча ээлери карздарды сурап келе беришти.

Ошентип алар үч жаш баласы менен көчөдө калышты. Оболу алар бир-эки күндөн кошуналаыныкында, кээде тааныштардыкында жашап жүрүштү. Анткени Шавкат айылга көчүп кетүүгө макул болбоду. Аларды туугандары деле кабак ачып күтүшпөйт эле да. Бир үйдө үч иниси бала-чакасы менен жашап жатса. Мухаенукуна күч күйөө болуп баргандан көрө өлгөнү артык эмеспи.

Бир эки жумадан бери, ушинтип көрүнгөн жерде сарсанаа менен жүрө беришип, балдары да өңдөрүнөн азып кетишти. Эмне кылуу керек? Жана да бирөөдөн карыз алып турушабы? Жок, эми алар эки дүйнөдө бирөөдөн акча сурашпайт. Ачкадан өлүшсө өлөр, бирок эч качан, эч кимден карыз алышпайт.

Мухае үйбүлөдөгү тун кыз эле. Артында катар-катар үйлөнө элек инилери бар. Ошон үчүн ата-энесине барып жардам сурашка даай албады. «Бир нерсе кылып тиричилигибизди оңдоп аларбыз» деген жакшы ниеттерди кылат. Бирок күндөр колго кирбей өтө берди. «Жакшы» күндөрдүн дале дайыны жок. Эч айласын таба алышпаган жубайлар балдарын балдар үйүнө тапшырышка мажбур болушту. Өздөрү тааныштарынын кеңеши менен элди жумушка жайгаштыруу ишканасына барып, жумушсуздардын тизмесине кирип, пособие ала турган болушту. Бирок бул акчага бала-чака багууга болбос эле.

Бир күнү Шавкат базар аралап бара жатып кокустан эски кесиптеш жолдошун учуратып калды. Ал саратанда каражалтак терге түшүп базарда араба түртүп жүрүптүр. Аны көргөн көзүнө ишенбей кетти. Жакыныраак келип караса, бир мезгилде жакшы кызматтарда иштеген досу Фархад экен.

— Не, дос барсыңбы? Көрүнбөй кеттиң? Кайда жүрөсүң? Же сен да Россиядасыңбы-деди ал Шавкатты көрөрү менен тааный коюп.

— Жок Фархад, биздейлер ал жакка кайдан барсын. Ушул жерде араң жүрөбүз…

— Анда эмне иш кылып жатасың? Бир жерде иштейсиңби?

— Иш кайдан дейсиң досум. Эмне кылышымды билбей жүрөм.

— Аял, бала-чакаңчы?

— Ал да ишсиз! Балдарыбызды балдар үйүнө тапшырганбыз. Шавкат муну айтып көзүнө жаш тегерене түштү.

— Капаланба, Шавкат. Көпкө келген кыйынчылык. Кыйналып жаткан бир эле силер эмессиңер, азыркы заманда. Ар ким өзү гана билет.

— Биздин үйүбүз да жок. Аны сатып карызыбызды төлөдүк.

— Анда кайда жашап жатасыңар?

— Аялым экөөбүз ар кайсы үйдө түнөп жүрөбүз.

Шавкаттын өкүнүчтүү сөздөрүн угуп Фархаддын бир кездеги досуна боору толгонуп кетти.

— Андай болсо, биздикине келгиле-деди Фарход бир аз ойлонуп туруп-бир нерсе кылып, араба таап берейин. Тиричилигиңди бир аз болсо да оңдоп аласың.

Шавкат досунун араба таап беремин дегенин укканда, денесинен муз чыгып кеткенсиди эми эртеден кечке базар ичинде кара терге түшүп араба түртөмбү?

Фархаддын жубайы Фатима ичи тар зыкым аял эле. Алардын үйлөрү чакан гана болуп бардык нерселер жетиштүү. Бир гана балдары жок эле. Фатима дарбазадан күйөөсүнүн артынан кирип келе жатышкан Шавкат менен Мухаену көрүп, кабактары бүркөлдү.

— Дагы кимдерди баштап келдиң, кожоюн? — деди ал меймандар менен учурашып аларды ичкериге үйгө киргизип жибергенден соң.

— Бул жигит менин бир кезде чогуу иштегенбиз. Ал цехтин башчысы эле. Жанындагы анын аялы. Көчөдө калышыптыр, бечаралар.

— Ай-эй мынча эмне боорукерсиң. Эми башыбызга ушулар эле жетпей турушту эле. Азыр бирөөгө бирөөнүн боор ооруң турган заманбы.

— Эй үнүңдү өчүр, угуп калышпасын.

— Укмактан угушсун, эми менин башыма балее болбогон ушулар калдыбы?…Э, өлүп кетишпейби ушуларың…

Мухае оокат, тиричиликке, башпаанага караганда балдарын көп ойлочу болду. Аларды абдан сагынды. Күн сайын алардын кабар алганы балдар үйүнө барса алар «Бул жерден бизди алып кетиңизчи, апаке»… дешип көздөрүнөн жаштарын мончоктотушат. Алардын ыйлаганын көрүп туруп Мухаенун энелик мээрими агылып, жанын коерго жер таппай кетет. Бирок, кантет аларды кайда алып барат. Айла жок...

Эртеси күнү Шавкатты досу базарга ээрчитип барып, ооруканада жатып калган бир таанышынын арабасын ижарага алып берди.

— Бир ай бою тер төксөң менчик арабалуу болуп каласың, — деди досу ага карап Шавкат болсо. Эски-уску темирлерден кураштырылып жасалган арабаны, тиктеген бойдон эмне дээрин билбей турду.

Мухае үй карап калат. Фатима адатынча жасанып түзөнүп алып базарга түшүп кетет. Ал жайма базарда байпак, майда-чүйдөлөрдү сатат. Ошол жерде бир карыш жерди бекем ээлеп алган. Фатима оозудан ад, колудан да келе турган аял. Тиричиликтин айыбы жок деп коюшат. Ошентсе да Шавкаттын базарга түшүп соода сатык кылганга эч мойну жар бербес эле. Мына, акыры ал дагы көптүн катары базарга түштү. Түшкөндө да араба түртүп, бирөөлөрдүн оорун жеңилдеткени түштү. Эмне демек эле «башка түшсө байтал жорго» эмеспи. Тагдырга моюн сунбай арга жок. Ал биринчи убактарда көздөрүнө жаш алып, ар кимдин жүгүн ташып жүрдү. Дагы жакшы, базарда бирөө менен бирөөдүн иши жок. Анын базар ичинде кээ бир убакта ыйлап алганын да эч ким байкабады. Бирок күн өткөн сайын, ал базар турмушуна көнгөнсүп калды. Адам баласы ар нерсеге көнөт турбайбы. Анын клиенттери да көбөйүп калды. Айрыкча бир бюай аял ага бек жабышып алды. Шавкат ар күнү эртелеп анын товарларын базарга алып түшүп, кечкурун кайра жеткирип берет. Ал аял ошол ьегеректеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашап турган. Шавкат анын жүктөрүн ал жашаган экинчи кабаттагы үйгө ташып берер эле, акысына эки-үч сом ашыкча төлөп коет. Аты Сурмахан. Бир күнү Сурмахан Шавкатты ичкериге чакырып калды. Анын үйү үч бөлмөлүү, анда өзү жалгыз жашайт экен. Күйөөсү менен ажырашкандан кийин соода менен алектенип кеткен. Кытай, Иранга каттап, үй сатып алган. Кирешеси жаман эмес. Бардыгы жетиштүү, бир гана күйөөсү, баласы жок.

Келбети төп келишкен, бою-башы да толук келген бул сулуу аял дайыма чачтарын капкара кылып боеп жүрөт. Бирок анча-мынча эркекке сыр бербейт. Сурмахандын үйүнө кирип Шавкаттын оозу ачылып калды. Дубалдарда илинген кымбат килемдер, тирелген мебелдер. Шавкат буларды көрүп терең ойго чөмүлүп кетти.

— Ха, Шавкатжан эмне ойлонуп кеттиң» Үйүм жакпай калдыбы?

— А, жок, жок, эже эмне дейсиз? — деди ал шашып. Кечиресиз, кеч болуп калды, мен кайтайын…

— Эй, үка, мени капа кылба. Ушунча келип бир чыны чай ичип кетпесең, капа болом да.

— Коюң эже коюуңуз. Мени кыжалат кылбаңыз. Үстү башым да таза эмес. Эртеден бери араба түртүп жүрүп, тердеп да кеттим.

— А, Эсим курусун. Болду түшүндүм. Тигине ваннага кирип бир чөмүнүп ал.

— Жок эже сиз эмне, рахмат. Мени туура эмес түшүндүңүз. Мен үйгө брайын. Күтүп калышты.

Сурмахан да бош кетпеди. Шавкаттын колуна чачыкты кармата салып: «Кана кирчи» — деп туруп алды. Шавкат эмне кыларын билбей, башын кашып, аргасыз ваннага кирип кетти.

Мухае эшикти шыпырып, тазалап, үй ээлери базардан келгенче тамак да бышырып койгон эле. Тамак бышканга чейин эле ээрчишип Фархад менен Фатима да келип калышты. Үчөөсү сөрүгө олтурушуп тамактанып да бүтүштү, бирок Шавкаттан али дайын жок эле…

Шавкат жуунуп чыкканча Сурмахан дасторкон жайып, анын үстүнө толтура түркүн даамдарды, ширелерди жайып таштаган эле.

— Үка, кел эми, бирге тамактаналы-деди ал сүлгүгө чачтарын аарчып жаткан Шавкатка карап.

Шавкат эрте менен базардан болгону эки самса жеген. Ал Сурмахандын «Кел эми бирге тамактаналы » дегенин угуп оозунан шилекеңи агып кетти. «Эркек кишинин жүрөгүнө жол, анан ашказанына башталат» дегендери ырас экен. Себеби эркек адам ар кандай бөлөк нерселерге чыдаса да, курсагы ачканына эч качан чыдабайт. Ушундайда Сурмахан окшогон жеңил ойлуу жубандарга кол келиши эки эмес.

Шавкат дасторкондун жанына келип отургандан кийин Сурмахан бир шише коньяк алып чыкты, да аны шавкатка узатты.

— Кана, үка алып жиберчи…

— Коюңузчу эже, мен ичпеймин, муну ачсам кандай болор экен?

— Эч кандай болбойт. Бир аздан ичип коебуз да. Аял башым менен коньяк куйсам, назданасың да… Уят болот үка. Эркек адам эмессиңби, акыры.

Аял кишинин шагын сындырып көрбөгөн Шавкат коньякты ачып, рюмкаларга куя баштады. Анан Сурмахан рюмкалардын бирин колуна алып:

— Кана шавкатжан, алчы. Таанышканбыз үчүн-деп түбүнө чейин алып жиберип Шавкатга карады.

— Эй, үка эркексиңби? Эмне мынча назданасың. Аял жаным менен сага коньяк куйсам, сен ичпесей?… Уят эмеспи? — деди ал көздөрүн сүзүп-Мени капа кылба, чарчаганың жазылсын деп жатам да. Коркпо мен жеп койбоймунн…

Сурмахандын мындай сөздөрүн угуп кулактарына чейин кызарып кеткен Шавкат уялганынан рюмкадагы коньяктын эч нерсесин калтырбай ичип жиберди. Шавкат дасторкондогунун бардыгын жесе да тойбочудай. Ал акыркы жолу мындай даамдарды союз маалында, өзүнүн туулган күнүндө жеген эле… Андан кийин дагы үч-төрт жолу рюмкалар көтөрүлдү. Бир топто экөө кыйла кызып калышты. Сурмахан масчылыктан маанисиз, уят анекдотторду айтып, өзүнчө каткырып күлүп жатты.

Анан бир аздан соң Шавкаттын жанына келип, анын көйнөктөрүнүн топчуларын назик манжалары менен бир-бирден чече баштады. Шавкат да ага каршылык көрсөтпөдү.

Мухае ошол түнү тай атканча кирпик какпады. Ал күйөөм, ооруп, табы айнып калып бир жерде жатып калдыбы деп кыжалат эле. Бирок ал ушул учурда күйөөсү жумшак, апакай керебетте сулуу бир жубан менен денелерин айкалыштырып жатканынан кабарсыз болчу… Ичиден кыжаалатчылыкты, басып келме келтирип жатты.

Шавкат ошо бойдон үйгө кайрылып келбеди. Мухае аны күтө-күтө чарчады. Күйөөсүнөн же ооруканадан же милициядан кабар болбоду. Мухае балдарына барып, аталары жоголуп кеткенин айтканда алар корккондорунан ыйлап жиберишкен.

Фархад болсо ар күнү базарга түшүп дайынсыз жоголгон досун тааныш-билиштерден сураштырып жүрдү. Бирок анын кайда экенин билген жан жок. Аял кишинин жаны эркектердикинен бышык болобу. Шавкаттын колдору күчтүү болгону менен, араба түрткөнгө жарабады. Ал жеңил турмушка берилип, көңүл ачуу көчөсүнө кирип кетти. Ушундай мүмкүнчүлүк Мухаего да келген эле. Бирок анын назик колдору жат эркектин мойнуна артылбады. Ал оор-оор сумкаларды көтөргөндү андан артык көрду…

Арадан бир ай ашык убакыт өтсө дагы Шавкаттан али дарек жок эле. Ошентсе да Мухае өзүн жоготуп койбой, кошуна аялдарга кошулуп бир эл аралык уюмдан кредит алып, кийим тигүүчү машина сатып алды. Бирөөлөрдөн заказ алып эртеден-кечке халат, шейшеп, көрпө, жаздык сыяктуу майда-чүйдө тигип сата баштады. Торто бышырганды да үйрөнүп алды. Бычуу-тигүүиштери азайып кеткенде, торт бышырып сата коет. Ал күнү-түнү тыным албай иштеп жатты. Анан кантсин колуна бир аз да болсо акча пайда болду. Бир жыл дегенде эл аралык уюмдан алган кредитин кайтарып берди. Ал күйөөсү дайынсыз болуп кеткенден кийин шаардын борборундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган бир орус кемпирдин үйүнө квартирага чыгып алды. Таня, апа (анын аты ушундай эле) Мухаедон акча көп нерсе сураган жок. Болгону, аны жалгызсыратпай бирге жашап турса болду.

Мухае бул квартирага балдарын да алып келип алды.Кыздарына да кийим тигүүнү, торто бышырганды үйрөтүп койду. Ошентип баары жайында болуп калгансыды.

Шавкат болсо дагы эле Сурмахандын кантынын астында жашап жатты. Ал ага машина да сатып берди. Үстүндөгү кымбат кийимдерди айтпай эле коелу. Бирок, ал баары бир балдарын сагынды. Көп жолу кетип калмакчы болду… Бирок, жүрөгү даабады, ага абийири жол бербеди.

* * *

Жайдын күнү. Саратан. Күндүн ысыгы кызыгандан кызып, адамдардын алын кетирет. Шаардагы базардын, торт саткан жеринде кечкурун торт саткандар гана келишет. Мхае да күндүн ысыганан, бышырган тортторун күндүзү базарга алып чыга албайт. Кечкурун гана кыздары Мадина, Сабира жана уулу Шухрат болушуп сатуу үчүн беш-алты тортту алып чыгышат. Бир күнү алар торт сатып турган жердин тушуна бир карас иномарка келип токтоду. Ичинен жасана кийинген кудум, актерлорго окшогон бир эркек менен жашы андан бир аз улуурак, бирок өзү жаш кыздардай жасанып алган аял түштү. Экөө ээрчише басып келип торт сатып тургандарды кыдырып, торт тандай башташты. Мухаенун жасанып кийинген эркекти бир карап алып, негедир жүрөгү кысылып кетти. Алар тортторду караганча Мухае балдары менен турган катарга жакындап калышкан эле. Алар жакындаган сайын, Мухаенун жүрөгү катуу түрсүлдөп жатты. Сурмахан да атайылап кылгансып, Мухаенун тортун жактырып калса болобу. Шавкатты көрүп Мухае да, балдары да таштай катып калышты. Айрыкча кичнекей Шухрататасынын жүзүнөн көзүн албай тигилип турду…

— Кана жаным, торттун үстүнө эмне жаздырасың эми?-деди Сурмахан Шавкатты карап. Аялын, балдарын капыстан көрүп калган Шавкатка Сурмахандын сөздөрү кулагынын сыртынан кетип жатты.

— Сага эмне болду, тилиңди жутуп алдыңбы?-деди Сурмахан аны капталга түртүп-торттун үстүнө эмне деп жаздырасың, деп жатам. Эмне, жана машинада айткан сөздөрүңдү унутуп калдыңбы? «Сүйүктүүм сурмахан, туулган күнүң менен» деп жаздырам дебедиң беле?

— Ооба, ооба ошентип… ошентип жаздырабыз, — деди Шавкат үнүн акырын чыгарып.

Мухае колундагы кызыл крем салынган целлофан баштыкчаны мыжыгып, торттун үстүнө Сурмахан айткан сөздөрдү, жазып илеп белги коюп койду. Шавкат менен Сурмахан тортту алып жөнөй бергенде, Шухрат күтүлбөгөн жерден ата, ата деп жибермекчи болгондо Мухае уулунун оозун алаканы менен баса калды. Ошол күнү, үйүнө келгенде Мухае төркү бөлмөгө жалгыз кирип алып ыйлап жатты. Ыйды уккан таня апа Мухаенун жанына келип:

— Маша, сага эмне болду? Эмне ыйлап жатасың? — деп сурады.

— Жок, ыйлабадым Таня апа. Көзүмө бир нерсе түшкөн окшойт, — деди сүрткөн болуп.

— Кой мени алдаба, ыйлапсың. Көр эмесмин го, көрүп турам. Карысам да күлгөн менен ыйлагандын айырмасын али билем…

— Таня апа бул нерселердин такыр тиешеси жок.

— Эмне үчүн? мына бир жылдан бери бирге жашап жатасың. Менин бир эле кызым бар. Ал Россияда жашайт. Сен ошо кызымдын ордуна кыз болуп калдыңбы. Балдарың да үйрөнүп калды. Неберелеримдей көрөм.

Таня апанын бул жылуу сөздөрүн угуп Мухаенун көңүлү кайра бузулуп,, эчкирип-эчкирип ыйлап алды. Мухае бир топко чейин өпкөлөп, жүрөгү жеңилдеди. Бир аздан кийин өзүнө келип Таня апага башынан өткөргөндөрдү айтып берди.

— Бүгүн, капыстан мындан бир жыл мурун жоготкон күйөөмдү учураттым. Ал жалгыз эмес экен. Жанында бир сулуу аял бирге жүрөт. Мен акмак аны бир жылдан бери убара болуп издеп жүрүпмүн. Барбаган оорукана, милиция калбады. Ата-энеси, эже-үкалари да издеп жүрүшөт. Кара башыл адам жоголуп кетсе кантесиң. Көрсө ал бир бай аялга үйлөнүп алган турбайбы. Үч баласы туруп ушуга кантип барды экен аа? Жок жегенде бизге бир ооз айтып, башымды ачып кетсе болбойт беле. Ушунча жыл бирге жашап унчукпай жоголуп кетсе… Ушундай да адам болобу. Мейли кудайга койдум.

Таня апа Мухаенун күйүп-бышып айткан бул сөздөрүн угуп, аны жубатууга өттү.

— Болду, көп капаланба, кызым! Гүлдөй чырайың бар. Али жашсың. Кадырыңа жетпедиби, түкүрүп кой андай, катынпозго. Карачы кандай ширин балдарың бар. Аларды эптеп чоңойтуп алсаң, мөрөй сеники. Күйөөң бир күнү, тоботсуна жанып кайра келет. Мына, мени айтты дейсиң. Менин кызымдын күйөөсү Россияда чоң заводдун башчысы. Аларга эч нерсенин кереги жок. Менин төрүмдөн көрүм жакын. Бул үйдү сенин атыңа өткөрүп беремин. Балдарың менен көчөдө калбайсың… Мухае Таня апанын жүрөк эзген бул сөздөрүнө көзүнүнү тунук жаштарын агызып ыйлап жатты.

Мухае балдарын балдар үйүнөн алып келгенден кийин, дагы эки кийим тигүүчү машина сатып алды. Ал кыздарына да кийим тиккенди үйрөтүп койду. Мадина менен Сабира тез арада бул иштерди өздөштүрүп алышты. Мухае күнүгө кыздары менен шейшеп, желеттерди тигип чыгарып жатышты. Даяр болгондорун Россиядагы Таня апанын кызы Людмиланыкына алып барып сатып келмекчи. Барып келүүгө шериктерди да таап койгон. Кыздары, уулу Таня апа менен отуруп турмакчы. Айылдан ата-энеси, туугандары да келип кабар алып турушат. Алар шаарга келгенде, нан, майда-чүйдө ала келишет. Кээде балдарды айылга да ала кетишет.

Мухае сапарга жөнөп жатып кыздарына бир кап семичка алып берип «Муну мен келгенче аз-аздан кууруп сатып акчасын иштетип тургула» деп поезд менен Россияга жөнөп кетти…

Мухае поездде баратып, башынан өткөн күндөрүн кыялынан өткөрүп элестетип бара жатты. Ал Шавкат менен Ташкентте студент болуп жүргөндө таанышкан эле. Алар экөө тең бир шаардан болчу. Экөө беш жыл чогуу окуп бирге жүрүштү. Кандай гана таттуу күндөр өттү. Окууну аяктап экөө тең бир ишканага жолдомо алышты. Ошол эле жылы баш кошушту. Кыска убакытта экөө тең цех башчылыгына чейин жетишти. Бирн-бирин ыссык сүйүшүп, бир жаздыкка баш коюшкан. Ушунча жыл бирге жашашып бир да жолу «сен-менге» барышпады. Алган айлыктары да жетиштүү эле. Алар бир нече жыл жатканада турушту. Кыздары ошондо чоңойду. Алардын уулу Шухрат гана жаңы квартирада төрөлдү.

Кандай гана таттуу, ынтымак жашашар эле. Ушундай таттуу жашоонун барча-барча болушуна эмне болду? Күйөөсүбү, өзүбү, балдарыбы же заманбы? Балким адамдар болуп жүрбөсүн. Ким билет? Мүмкүн доорбу? Чынында азыркы убактарда не деген гана өзгөрүүлөр болду. А түгүл СССР жоюлуп кетпедиби. Ушул чоң мамлекет жоюлганда кичине бир үйбүлөнүн тозуп кеткени эмне болсун. Не деген башы көтөрүлгөн адамдар сынып кетпедиби, бул өзгөрүштө. Шавкат да ушуга туруштук буру албай адашып калбадыбы. Буюруса балдарыбыз бул жаңы түзүлүштө туура, жакшы жашоого үйрөнүп бара жатышат. Биз болсо адашып калдык. Адаштык. Жашоо биздин ар кимибизди өз жолубузга таштап койду. Шавкат да кардына эмес, кадырына ыйлаар. Жок, ал базардагы кара жумуштан качпады. Жашоодо тандаган жолун жоготкондон азап чекти. Өзүмчү, өзүм? Өткөн кыска убакта эмнелерди гана көрбөдүм. Көңүл көчөсүнө кирип кетмекке аз калганда, кудай сактады. Алла, өзү бар. Эй, кудай, мен бардык кыйынчылык, сыноолорго даярмын... ыйманымды гана бүтүн кыл! Мухае жолду ката ушул сыяктуу нерселерди ойлоп кетип бара жатат.

Шавкат болсо Мухаедон айырмаланып, өзгөчө бир жыргалда жашап жатты. Ал үч уктап түшүнө кирбеген бул жашоого түшкөнүн ойлоп кээде ишенбей кетет. Ал эртеден кечке диванда жатып видео көрөрт, Сурмахандай сулуу аял жанында болсо. Өмүрүндө кийбегенди кийип, жебегенди жесе… Күн алыс отуруш, көңүлү дайыма көтөрүлүп турса.

Бардыгы ошол акыркы отуруштан башталды. Сурмахан негедир отурушка барбай, Шавкатты жалгыз жөнөттү. Өзү «табым жок» деп гана койду. Шавкат Сурмахандын амалын түшүнбөгөн экен. Ал үйгө отуруштан мурда келип калбаганда, аны билмек эмес экен. Ал кулпуну ачып кирип, көргөн көзүнө ишенбеди, ордунда катты да калды. Керебетте бир аял менен бир эркек жылаңач жатышыптыр… Сурмахан али эне сүтү оозунан кете элек жаш жигит менен бирге эле… Алиги «ойнош» Шавкаттын келип калганын көрүп, апыл-тапыл кийинип, көчөгө атып чыкты.

— Бул эмне кылганың, уятсыз?-дедеи Шавкат Сурмаханга кабагын түйүп.

— Ха эмне болуптур? Ким менен кааласам ошо менен жатам. Сен эмне мага кожоюн болуп калдың? Мен эмне сенин аялыңмынбы? Сен деле ушул жигит окшош эле, ойношсуң болду…

— Ыплас уятсыз, шерменде!

— Эй оозуңа карап сүйлө, арабачы! Сени ким адам кылып койду өзү. Бар тилемчи катыныңа кет. Төрт тарабың кыбыла.

— А, эненңди… бузук. Али гүлдөй болгон аялымды, сен окшогон арам төшөк ыплас, уяисызга алмаштырып жүргөн экенмин да? Өлтүрөмүн. Үйүмдү бузган, балдарымдан айрыган, жашоомду талкалаган сенсиң, желмогуз. Азыр өлтүрөмүн... Шавкат өзүн токтото албай Сурмаханды бууй баштады. Сурмахан бакырып-өкүрүп, кыйкырып кошуналарды жардамга чакырып жатты. Заматта кошуналар чогулуп калышты.

Бул окуядан кийин Шавкат ичкиликке такыр берилип кетти. Чөнтөгүндөгү акча түгөнгөнчө иче берер эле. Кечинде шаардын көчөлөрүнүн биринде мас болуп уктап калат. Сакал-муруту өскөн, үстү-башы чаң, топурак… Ал бир жолу ичип-ичип, акыры эмне кыларын билбей, шаардагы көпүрөлөрдүн биринин астына түшүп, асынып өлмөкчү болду. Көпүрөнүн алдына түшүп бара жатып, көпүрөнүн чекесинде семичке сатып олтурушкан кыздары Мадина менен Сабираны көрүп калды. Кыздары да аталарын көрүшөрү менен бир аз тиктеп турушуп, «ата, ата» деп жиберишти. Шавкат кыздарынын үнүн угуп, ордунда каккан казыктай туруп калды. Кыздары атасын көздөй чуркап келишти. Шавкат жүгүрүп келишкен кыздарын кучактап ыйлап жиберди:

— Садага болоюндарым, мен күнөлүүмүн, мени кечиргилечи кыздарым, кечирип койгулачы, кечиргиле. Шавкаттын көзүнөн салаалаган жаштары, иретсиз өскөн сакал-мурутунун ылдый кыздарынын жүзүнө тамчылап жатты.

Арадан эки-үч аптадай убакыт өттү. Шавкат кыздарына келип жашап калды. Шавкат адаттагыдай, балдарына кечки тамак даярдоо менен алектенип жаткан. Эшик тыкылдап калды. Шавкат казанды эки аралаштырып, шашаыла барып эшикти ачты. Ачты да… Мухае экөө бир-бирин тиктеген бойдон туруп калышты. Ичкериде Шавкатты көргөн Мухае аң таң калды. Ал заматта Шавкатты үйлөнүп алган аялдын үйүнө адашып келип калдымбы деп оулоп кетти. Кайра артына катмакчы болгондо ичкериден «Апабыз келиптир ур-ра, апабыз келди» деп балдары чуркап чыгышты.

Мухаену көрүп танч апа да сүйүнүп кетти. Алар бир-бири менен кучакташып көрүшүп, анан ички үйгө кирип кетишти. Шавкат болсо кухнядан чыга албады. Эми ал аялыны бетин кантип карайт. Мухае табиятынан оор басырык болгондуктан уруш кылбады. Ал балдарынын алды жагын ойлоп, демин ичине алды. Алар эрте эле бой жетип калган кыздарын күйөөгө узатышат эмеспи. Атасы ким экен десе, кыздарынын жүзү жер карабайбы….

Мухае адашкан күйөөсүн кечирди. Ал балдарынын келечегин ойлоп бул чечимге аргасыз болду. Бирок, баары бир жүрөгүндө кыянаттык тагы калган эле…

Ошентсе дагы Шавкат мурдагы Шавкат эмес эле. Анын мурдуна суу киргенсип абдан эле өзгөрүп калган эле. Анын дүйнөсүн суздук,түшүнбөстүк калтырып кете баштаган эле. Ал аялынын көчөдөгү жумуштарынан эркин боло албаса да, Мухаенун бир нече жылдан берки алектенип келе жаткан соода иштерине акырындап аралаш баштады.

Аялы экөө эртелеп базарга түшүшүп халат, чыттын бир нече оромун арабага жүктөп алып чыгышат. Дагы жакшы орустар, украиндер жиптен согулган кездемелелерди жакшы көрүшөт экен. чыттан тигилген ар түрдүү кийим-кечелер, көрпө жаздык, шейшептер, эркек жана аялдардын ички кийимдери жакшы өтүп жатты.

Шавкат менен Мухае алып чыгышкан кездемелерди күн бою бычып чыгышты. Кыздар болсо алардан шейшептерди тиге башташты. Алар бүгүн үй-бүлөсү менен бир жумада Россияга алып кете турган буюмдарды тигип бүткөрүштү. Бул жолу Подольскиге Мухае менен Шавкат да бармакчы. Албетте, экөө болуп барышса пайда көбүрөөк калат эмеспи, анын үстүнө Таня апанын үйүнө ижарага турууга Шавкаттын абийири да жол бербеди. Кайрыет анын намысы кеч болсо да ойгонду. Эми алар тезирээк үй сатып алып бул жерден чыгып кетпесе болбойт. Өз үйү болсо адам, кенен-чонон жашайт эмеспи. Кудай, буюруса алардын да илгеркидей өз үйү болот. «Жакшы тилек-жарым ырыс» — дейт эмеспи.

Эрди-зайып ушундай жакшы тилектер менен жолго чыгышты. Алар Москвага келгенче Белорус вокзалында түшүп, ошол жерде күтүп турушкан арабалардын бирине жүктөшүп электргчннага өздөрү түшүшүп, Подольск шаарын карай бет алышты. Алар өздөрү менен ар түрдүү жашылча, жемиштерден алып алышкан эле. Людмилла алыстан келишкен конокторду көрүп сүйүнүп кетти. Энеси менен бирге жашашкан бул кишилерди көрүп Таня апаны көргөндөй болуп калышты. Эне-кыз телефондон тез-тез сүйлөшүп турушса да, баары бир бирин-бири сагынышып турушар эле.

Мухае менен Шавкат алып келген товарларынын бир нечесин алып, таң атпай базарга кетишти. Бул жерде мурдагы алып, таң атпай базарга кетишти. Бул жерде мурдагы СССРдин бардык республикаларынан келишкен адамдар соода кылышат. Шавкат бул жерде ондогон жердештерин көрүп, жакасын кармады. Ошто көрүнбөй калган тааныштарынын көпчүлүгү ушул жерде жүрүшүптүр. алардын кээ бирлери айлап жылдап чоочун жерде жашап жүрүшөт. Кимдир биөөсү алып келген товарларын дүңүнөнө сатып үйүнө кайтып жатса, айрымдары базарда астейдил отуруп алышып шашпастан дааналап сатышууда. Жакшы, дагы бактыбызга ушул Россиялыктар бар экен. Алар кымбат буюмдарга караганда, пахтадан тигилген кийимдерди артыгыраак көрүшөт эмеспи. Өзү да, бул жакка шейшептер, ич кийимдер токтоосуз ташылып жаткан чагы. Ушунча көп товарды ким алып жатканына таң каласың. Анан дагы кээ бир товарлардын сапаттары ушунчалык начар. Бир жууганга чейин да жетпейт. Эмне балакет россиялык эркектер дамбалсыз калышканбы. Орто азиялык аялдар, дамбал тигип үлгүрбөй жатышпайбы. Кээ бир дамбалды көрсөң күлөсүң. Бир күнү аялым мага Ош базарынан мага ошондой гүлдүү дамбал алып берди. Аны кийип көрүп боорум эзилди. Эмнеге дебейсиңби? Себеби, үстүмдөгү дамбалдын агы жок экен. Басам деп басалбай койдум. Күлүп, күлүп чечип таштаганым эсимден кетпейт. Мариф жана Шариф киносу эсиңдеби? Ошол фильмде Мариф Россияда дүкөндөрдүн биринде өлүктөргү кийдире турган аркасы ачык костюм сатып алат. Биз эми орус туугандарга агы жок гүлдүү дамбал кийгизгенге үйрөтүп жаткандайбыз.

Арадан бир жыл өттү. Таня апанын, бир кошунасы үйүн шашылыш сата турган болуп калды. Шавкат менен Мухае Россияга байма-бай каттап, акча топтоп, үй сатып алуунун аракетинде жүрүшкөн эле. Мухае Таня апаны жалгаз таштаганга кыя албай жүргөн эле. Жашоонун эң кыйын күндөрүндө жардамын аябаган бул кемпирди таштап кетүүнүн өзү күнөө эмеспи, анан дагы ал өзү жалгыз болсо. Мухае Таня апанын кошунасы үйүн сата турганын угуп кубанып кетти. Алар ошол эле күнү, ал үйдү алмак болушту. Таня апа ак көңүл мээримдүү аял болгондуктан кошуналардын бардыгы менен жакшы мамиледе эле. Ошондуктан алар анын сөзүн жерде калтырышпады. Кошуналар үйүн Мухаелорго сатууга макул болушту. «Кыймылдаган кыр ашыптыр» дегендей жубайлардын эмгектери текке кетпеди. Кудайга шүгүр, алардын эми үстүндө үйү бар. Алар бул жарык күндөргө оңой жетишпеди. Шаардан-шаарды кыдырып, самсып жүрүп акча топтошту. Жакшы жеп, кийишпеди, тамак ашты да аз жешип адамдардын кеп сөзүнөн кутулуш үчүн түндү-түн, күндү-күн дебей чуркашты. Акырында алардын максаттары ишке ашкансыды. Бирок, үй алып эле алардын көйгөйлөрү чечиле койгон жок. Мындан аркы жашоого да акча табуу керек болду. Болгон каражаттарына үй сатып алышты. Кыздары да бойго жетип калышты. Аларга да сеп дегендейлерди даярдашты.

Күн артынан күндөр өтүп жатты. Шавкат менен Мухае баягыдай элк акча табуу менен алек. Ошол максатта кыздарын да мектептен чыгарып алышты. Эки кызы торт бышырып сатса, Шавкат менен Мухае жаңы базардан жай алып, тааныш билиштерден аны-муну сурап сатуучулук кыла башташты. Карасуудан арзанеыраак майда-чүйдө товарларды алып келип сатышты. Кийинчерээк Ташкент, Бишкек, Алмаатага катташты. Күн өткөн сайын алардын турмушу оңолуп баратты. Акча да, заман да адамдарды өзгөртүп жиберет окшойт. Илгери күйөөсү таап келген сары чакага эле шүгүр кылган кээ бир айымдар, заман өзгөрүп «кожоюндарынын» таап келген үч-төрт тенгесине карабай калышты. Жанындагы адамдарга окшоп жакшы кийинип, ичип жеп жүргүсү келип бардыгы базарга чыгып кетишти. Бала тарбиялар, менен да иштери болбой калды. Айрымдары чет өлкөлөргө каттап жаман жолго түшүп кетишти. Жыйынтыгында үйбүлөлөр бузулуп, жетим калган балдар көбөйдү. Айрым башы ачык аялдар өз билгендерин кылышып дүнүйөгө көз артышып, өздөрүн жоготуп коюшса, кээ бирлери машина сатып алып, өздөрү айдап жүрүшөт. Буларга эркектин кереги деле жок болуп калды. Кээ бир адамдарды көрүп өспүрүм жаштардын тарбиясы да бузулду. Акыркы учурда адамдар бир жактан келин алгандан да коркуп калышты. Каякты карабаңыз, зыяпат, меймангерчилик. Илгери кыздар келинн болмоюнча кымбат кийим кийишпес эле, бардыгы ийилип салам беришчү. Эми алардын кимиси келин, кимиси кыз экенин ажырата албайсың. Мына ушулардын баарын үйдө чоң кишилердин болбогондугу себепчи эмеспи. Кимди сурабаңыз, ал бир жакта соода кылып жүрөт, күйөөсү бир жакта, аялы бир жакта. Туура азыр тиричилик өткөрүү кыйын болуп калды. Үйдө кол куушуруп отура берсең, болбосо. Иштейин десең, иш болбосо.

 

Экинчи бөлүм

Быйыл кыш жылуу келди. Декабрды жыйырмасы болсо дагы, али кар жаабады. Улуу айт күндөрү. Улуу – кичүүнүн баары «Орозо» туткан Шавкат менен Мухаенун Рассияга кеткенине бир айдан ашып калды. Кыздары, уулдары Шухрат үйдө калышкан, Кайрыет,айылдан чон эжеси, Саламхон апа келип алардын жанында. Ошондуктан ата-эненин балдардан конүлү ток. Тамак-ашты да жетерлик кылып камдап коюшкан. Ата-энесинин келе турганын угушкан балдар кубанып калышты.

Шавкат менен Мухае Масквадагы «Олимпия» айылы жанындагы көп кабаттуу үйлөрдөгү квартирада турушар эле.

Алар зуурдан сон, базарга жөнөшөт. Алар жүктөрү менен метрого түшүшүп,

«Олимпия» спорт комплексине барышат. Кечинде ушул жерде ооз ачышып, кайра келишет. Өздөрү алып келишкен товарлары алда качан түгөнгөн болсо да, дүнүнөн айрым товарларды сатып алышып, кайра базарга барышат. Сырттан көргөн адамдар аларды лөлүлөрбү деген ойго да кетишет.

Мухаенун ийининде жуула берип, онуп кеткен, тон. Башында күбө жеп жиберген жүн жоолук. Бутунда кийиз өтүк. Шавкаттын сырткы көрүнүшү да Мухаедон калышпайт. Чая-сакалы өсүп кеткен . Бутунда ичи жүн маасы, көлөч. Башында түгү түшкөн коен тумак.

Акча табуу эч кимге оной эмес. Курсак ач 30-40 градус суукта күнү боюу туруу да кыйын. Суукта эриндери, колдору жарылып кеткен.

* * *

Кудайга шүгүр Ошко кетүүчү күн да келди. Алар бүгүн түнү поэздге чыгышат.Билетти да араң алышты. Москва-Бишкек деген поездде эл көп. Бардыгы кандай болсо дагы жаңы жылда үйлөрүнө жетип алууга шашылышат. Вокзалдагы адамдан баш айланат. Шавкат менен Мухае да тапкандарын долларга алмаштырып алышты. Азыраагына алтын чынжыларды сатып алышты. Аларды Ошко алпарып сатса, жол кирени көтөрөт. Долларды ички кийимдерди менен костюдарынын жакасына тигип алышты. Чындыгында этиятттабаса болбойт. Аларды табыш оңой эмес да. Мусапырчылыкта бардык нерсеге көз салбасаң, жоготуп коесуң… Булар балдардын ырыскысы эмеспи?

* * *

— Көчө-көчөдөгү турган көпөлөк кыздарды айтпайсызбы? Үстүндө бир кичине турсадан башка эч нерсеси жок. Бир парча этек кийип алышкан. Буттары санына дейре ачык. Ушул суукта төштөрүн ачык койгонуна таң каласың. Күнү бою базарда тентип эркектерден көзү өтүп баратат жашабагырлар. Канча-канча жаш жигиттерди бузуп жиберишти, кыз болбой өлгүрлөр. Алар ар тараптан келишкен экен да…

— Эмнесин айтасыз? Менин беш уулум бар. Бардыгы беш алты жылдан бери Россияга катташат. Экөө ушул жерден үйлөнүп алышты. Үчүнчүсүнөн кур жалак калбайын деп үйгө барганда тез үйлөндүрүп койгон элем. Той өткөндөн бир ай өткөндө кайра Россичга кетип калды. Келиним жакыннда көз жарыш керек. Өзүм келип уулумду алып кетип жатамын. Эми кайра жибербейм. Аялынын жанында эле болсун. Бияктарга эми өзүм каттайм. Кичүү уулдарымды да үйгө жөнөтүп жибердим.

— Жакшы кылыпсың, эже, жакшы кылыпсыз. Кошунамдын күйөөсү да үч-төрт жылдан бери ушуякка каттап жүргөн эле. Тез эле акчалуу болуп, машина сатып алышты. Бирок, жаман оорууга чалдыккан экен. Күчтүү, жоон-жолпу адам эле. Азыр анын жарымы да жок. Арыктап, азып кетти, айлап ооруканада жатып чыкты. Алиги жаман ооруу аялына да жугуп үлгүргөн экен. Бир өлүмдөн калды, бечара. Аябай азап чекти…

Аялдардын сүйлөшүп отурганын көрүшкөн эркектер бир-бирден перронго чыгышты. Аялдардын сөзүн угушкан алар ойлонуп калышты. «Үйгө барып эле, врачка көрүнөмүн»— деди жигиттердин бири ичинде. Башкаларынын көз алдына аялы, бала-чакасы келип жатты. Тээ бурчта турган жигиттин аялы ушул жерге келип башкага тийип алган. Алар бир жерде соода кылышчу. Бири-бирин жактырып калышыптыр, тообо! Ушундай да болот экен. Мусапырчылыкта эмнелер гана болбойт дейсиз? Дагы жакшы ортолорунда бала жок экен. Алар Москвада калышты. Жакында мурдагы аялы анданн балалуу болгону турат.

Ошол кезде ичкериден «Карма, карма, ууруну, карма!» — деген үндөр угулуп калды. Караңгыда кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө кол салып, акчасын алып коюптур. Бардыгы дүрбөп калышты. Ким-кимден көрөрүн билбейт ууру асмандан түшкөнсүп акчаны акчаны алып жок болуптур.

Чекараларда бажычылар жолоочулардын сумка, чемодандарын текшерүү, турган иш эмеспи.

Кимдир бирөөлөр акчаларын байпактарына салып алышкан. Кээ бири турсисине да катып алган. А түгүл кээ бирлери жемпир, костюмдарынын кабаттарына да тигип алышкан. Чынында кызык заманга калдык. Илгери аял мененн эркектин асман менен жердей айырмасы бар эле. Күйөө менен аялдын, эне менен баланын, кайнене менен күйөөбаланын ортосунда кандайдыр ийменүү бар эле. Эми болсо бардыгы окшош-эркек, аял кошулуп кеткенсип мурда эркек бар жайларга катын-калач жакын барчу эмес. Эми болсо, аял-эркек бир вагондо, бир купеде, эже-үкөдөй уктапп, жанаша отуруп кете беришет.

Туура «жол азабы, көр азабы». Менимче ар кандай шартта болсо да эркек менен аялдын ортосунда кичине ийменүү болгону жакшы эмес. Ушинтип, тиричилик деп жүрүп, ата-бабадан калган үрп-адат, салтыбызды жоготуп албасак болду?-деген суроо туулат Шавкатта.

Ушинтип жолдо миңдеген азапты кечиришкен жолоочулар беш күн дегенде Бишкекке жетип келишти. Темир жол вокзалында айрымдарын уул-кыздары, айрымдарын тууган-туушкандары тосуп алып жатышты. Шавкат менен Мухае вокзалдан түз эле Ошту көздөй жол алышты.

Мухаего тумоо каерде, качан илешти өзү да билбейт. Поездде бирөөдөн жуккан болсо керек. Вагондо кээ бирлери жөтөлүп, чүчкүрүп келе жатышпады беле. Ал түнү менен эти ысып, буту колдору какшап, поезддин узатуучусунан дары дармек сурап жатып араң келди. Тумоо Шавкатга да тийгенби, ал да сыркоолоп, акырын ысытмалап келбедиби. Алар Ошко келишери менен такси жалдап үйгө келишти. Жекшемби күн болчу. Бала-чакасы баары үйдө экен. Шухрат терезенин жанында туруп, али биротоло эрибеген муздардын арасынан гана тээ жүрүшкөн балдарды карап турган эле. Аба ачык. Күн жаркырап тийип турган. Шухрат ылдыйга келип токтогон машинадан апасы менен атасы түшүп жатканын көрүп апкаарып кетти.

— Тайэне, тайэне! Апамдар келишти, атамдап келишти! — деп кыйкырган бойдон сыртка карай чуркады.

— Апамдар келишти! Атамдар келишти!

Инисинин үнүн угушкан Мадина менен сабира да эшикке карай жөнөштү. Алар ата-энелери менен подьездде кучакташып көрүшүштү. Алар абдан кубанычта эле, айрыкча Шухраттын кубанычын айтпаңыз Ал апасынын кучагына өзүн таштады. Атасы уулун кучактап көтөрө калды да, жыттап калды. Ушул жерде иш болгондо, ушундай татынакай балдарын таштап, кетишмек беле.

Ал күнү түн жарымга чейин, көргөн билгендерин сүйлөшүп отурушту. Мадина даамдуу палоо басып келди. Салаамхан апанын сүйүнгөнүн айтпа. Кайрыет мухае менен Шавкат бала-чакасынын алдына тынч-аман келип алышты.

Бала-чакасын көрүп Мухаенун оорусу да бир аз жеңилдегенсиди. Бирок, түндө дагы ысытмалап чыкты. Шавкат да тумоосу күчөп баратканын сезди. үэкөө тең түнү бою жөтөлүп, чүчкүрүп чыгышты. Канчалык чулганып, жамынышса да чыйрыгып чыгышты. Эртеге чейин жөөлүп, алда нелерди сүйлөп жатышты. Саламхан апа эрте менен туруп газга кордо аш асып койду. Аны ачуу кылып мухае менен Шавкатга берди, бечаралар же чай, же тамак иче алышпайт. Көңүлү айнып кускулары келет. Бул баштылышы эле. Эртеси кыздары, уулу Шухрат, а түгүл Саламхан апа да аз-аздан жөьөл башташты. Кечкурун бардыгы ысытмалап алдан тайып жатып калышты. Ошол учурда Ошто катуу грипп таралган эле. Аны кээ бирлери «Россия тумоосу» десе, кээси «Кытай тумоосу» деп жатышты. Оштуктар мындай ооруну билишпей келишкен эле. Дары дармек ичип, ийне сайса да таасир бербей жатты. Дагы жакшы дубалдаш кошунасы медсестра эле. Алардын баарын ушул аял карап жатты. Кээ биринин тамагы ооруп жатты. Төрт – беш күн ысытмалары кайтпай жатты. Алтынчы күн дегенде акырындап Мухае, анан 
Шавкат, балдары анан Саламхан апа оңоло башташты. Бирок тумоо дагы эле бар эле. Дарыны көп ичип алганбы, Шухрат дагы эле окшуп анча-мынча кусуп жатты. Врачтар бардыгына токтопостон акырына чейин дарыланууну сунушташты. Бул тумоо өтө кооптуу, болуп кийин дагы өз изин калтырышы мүмкүн экен.

Акча да суудай эле кетти. Дарыга, уколго дегенде… Бир сөз менен айтканда бечаралар Жаңы жылды төшөктө жатып тосушту. Эмне дейсиң? Бешенеге жазганы ушу болсо. Иши кылып арты кайырлуу болсун. Ошентип Мухае менен Шавкат төрт айдан ашык, бала чакадан ыраакта жүрүп, мусапырчылыктын ачуу-таттуусун татып жүрүп араң таап келген акчаларынын күлү көккө сапырылды, дей бериңиз. Ажайып, дүнүнйө эмнеге мындай. Колуңа акча тийип, тие электе, аны сарптаганга бирдеме табылып турат. Ушуну менен бечара соодегердин бул сапардагы пайдасы кумга сиңип кеткенсип, изсиз жоголду. Кызык, эртең эмнеге жумшаларын өзү билбей калат. Ошондуктан улуулар, «Жакшы күндөргө буйрусун» — деп бата кылышат, окшобойбу…

Кош, эми мындар ары эмне кылышат?

Бардыгын кайрадан башташат да! Бул ааламда адамдан башка бекерчи болду бекен. Ал, дүнүйөгө күнү-түнү кызмат кылганы керекпи. Албетте жок. Төшөктө күн бою оонап жатышы керекпи. Кыйналып, азап чегиш керек. Кокус колу бош калса эле бир балакет болот. Ооругусу, келсе, оорудан көп неме жок. Ошолордун бирөөнө кабылса болду, тапкан тутканы денсоолукту чыңдашка кетет. Айыкса эле дагы акча артынан чуркашат. Ысык жан эмеспи акыры… Дагы ооруп-кетип калышы мүмкүн, да. Бул убакытты бала чаканы чоңойтот. Аларды үйлөйт, жайлайт дегенден. Ох,хо акча сарптайм десең, кабатыр болбо, жайы табылат.

* * *

Акча… Ал эмне өзү? Мен аны анча барктабаймын, башкаларга окшоп, кээде мындан өзүм да уялып кетемин. Бирок, чөнтөгүм куру калса эле, ушунчалык капа болуп кана дагы акча болсо, деп безилдей. Айрыкча балдарың ооруп калганда жаныңда сары чакаң болбосо, өзүңө— өзүңдүн ачууң келип кетет. Айлык алган күнү көңүлүң бир аз ачылып жай тапкандай болосуң. Бирок ал да узакка созулбайт. Алган айлыгың бир эки аптага жетпейт. Дагы эмнелерди кылышың керек. Эмнелерди? Ким сага жол көрсөтөт. Эртең, бала-чакаң ач калбайт деп ким кепил болот. Эч ким! Илгеркилер бирөөнүн бир тыйыныдан да коркушар эле. Эми болсо… Эми болсо бир тыйын наракта турсун, жүз миң сомуңду алып алгандан да айбыгышпайт. Тууган уруктарынан, дос-жарынан акча алып анын проценти эмес, өзүн бербей жүргөндөр канча арабызда.

Анан дагы мен сенден акча алган эмесмин деп танып жүргөндөр ичибизде жокпу? Алыска барып эмне кылам. Мындан бир-эки жыл мурун бир темирчи жигитке дарбаза жасатканга эки миң сом берген элем. Калган эки миңин дарбаза даяр болгондон кийин беришим керек эле. Бирок, алиги жигит акчаны алды-да каякадыр кайып болду. Арадан бир нече убакыт өтсө да аны издеп таппадым. Аманатты сурасам, ана беремин, мына беремин деп туптуура бир жыл чуркатты. Акыры таштап койдум. Баш көзүмдүн садагасы.

Эмне дегенде, ага акчамды сурап бара берип бутум да калбады. Жок акыга да акчам кетти. «Колуң менен берип, бутуң менен аласың» — деп ушуну айтса крек да. Ал аял киши болсо да бир жөн эле бир жөн эле. Мендей эки келген, жигит. Карындашы күйөөсүнөн ажырашып келип алган имиш. Кызык, буга менин эмне тиешем бар. Акыры мен анын күйөө баласы эмесмин да. Ошондуктан мен ал акчаларымды кечип жибердим. Ал жигитти мен азыр да көчөдө анча-мынча учуратып каламын. Жанымдан кабагын жерге салып өтүп кетет. Милицияга берип же үч-төрт адамды салып акчамды өндүрүп алсамбы деп да ойлодум. Бирок кой дедим. Эми ал акчаң арам болду. Кудай башка жактан берип калар…

Адатта, адам каза болгодн, анын жаназасын окугандан мурда, маркумдун туугандарынан бала чакасынан карызы барбы, жокпу деп сурайт эмеспи. Башкаларды билбедим, мен бул дүйнөдө кимдир бирөөгө карыз болуп кеткенден аябай коркомун. Ошондуктан кээ бирөөлөр бизге окшогондорду коркок дешет. Эмне жешсе ошо дешсин. Мен чындыгында бирөөгө карыз болуштан коркомун. Бирөөдөн карыз алсам, бербей туруп өлүп каламынбы деп, ташпишке түшөмүн. Коркомун! Аябай коркомун! Алла, бирөөнүн акысына кыянат кылгандай бизди сактасын.

* * *

Мухае эми эле безерге жөнөп жаткан. Аңгыча эшик тыкылдап калды.

— Ким бул? — деп сурады Мухае.

— Бул мен, Халидаханмын-деген жооп угулду эшик артынан.

Мухае эшикти ачып, бет маңдайында турган кошуна жашаган жаш аялды көрдү.

— Кел, кел-деди мухае анын менен кучакташып көрүшүп.

— Кечиресиз, сизге бир-эки ооз сөзүм бар эле… Кирсем болобу?

— Кир, кир Халидахан. Ичкериге кир, эмнеге эшикте турабыз? — деп Мухае кошунасын конок үйгө баштады. Беттерине бата тартышып отурушкан соң Халида сөзгө өттү.

— Эже, ушундай, мен кошуналардан күйөөм жөнүндө бир жаман сөз уктум. Ошондон бери өзүмдү коерго жер таппай жүрөмүн. Алардын айтканына караганда күйөөм россияда башка аял алып алган имиш-деди көздөрүнө жаш алыпөзү да көптөн бери дарексиз. Үч балам менен качан келер экен деп күтүп отурбадыкпы…

— Буларды сизге ким айтты.

— Алиги үчүнчү кабатта жашаган Нодира апа бар эмеспи, ошол айтты. Ал күйөөмдүн дайыма бир аялды ээрчитип жүргөнүн көрүптүр…

— Кой, сиңдим, ар кимдин сөзүнө ишене бербе. Балким ал, башка кишидир. Надирахан аны мүмкүн сенин күйөөңө окшоштургандыр. Дүйнөдө окшош адамдар азбы? Эмне болсо да жакшы эмес? Сенин көңүлүңө бүлүк салып үэмне кылат. Өз ара мамилеңер жакшы беле?

— Кайдан бир нече жолу араздашып да калган элек. Жалгыз аял… Өзүңүздөн башка сөз жок. андай аялдар бир аз башкачараак болот деп калышат…

— Ошентсе, анан эмнеге Надирахандын сөзүнө ишенип жүрөсүз

— Жок кеп анда эмес… Акыркы учурда өзүм да күйөөмдөн шектенип калган элем. Бир жылча болду же өзү, же дареги жок… Үй бүлөмдү өзүм багып жатамын. Артынан барып аны өзүм көрүп келсемби деп жүрөмүн. Ошол максатта сизге келдим эле. Сиздерди бул сапар Абаканга барышат дегенинен, мен да сиздер менен чогуу жөнөсөм дедим эле.

— Балдарыңчы? Алар ким менен калышат.

— Ата-энемдикине алпарып коемун. Беш, он миң сом карыз алсам жетсе керек.

— Мейли сиңдим ыктыяр өзүңдө. Менимче дагы бир аз сабыр кылып турсаң болбойбу?

— Жок эже, башка күтөлбаймын. Акыйкатты өз көзүм менен көррүшүм керек…

* * *

Абаканда абдан күн суук болуп турду. Шавкат, Мухае жана Халида болушуп жүк-тагын көтөрүп алышып тааныш бир аялдыкына араң келишти. Бул шаарга алар былтыр бир-эки жолу келип кетишкен эле. Москвада соода азайса алар Россиянын, Украинанын башка шаарларына да барып турушар эле. Иңир түшүп калган. Халиданын чыдамы кетип жатты. Ал Мухаену күйөөсү жашап турган жерге барып келүүгө көндүрдү. Алар жылуу кийинип көчөгө чыгышты. Сурап жүрүп отурушуп, издеген көп кабаттуу үйгө да жете келишти. Сегиз кабаттуу үйдүн, жетинчи кабатына лифт менен чыгып барышты. Халиданын да, Мухаенун да жүрөктөрү тарсылдап согуп жатты. Халида «13» номер тагылган үйдүн эшигиндеги коңгуроону басты. Аз өтпөй эле, эшик тарактап ачыла баштады. Ичкертенн жарымы жылаңач Халиданын күйөөсү — Жахангир чыга келди. Ал аялын көргөн көзүнө ишенбей кетти. Бирок Халида өзүн кармап турду. Мухае анын колунан кармаганына карабай, күйөөсүн түрткөнчө ичкериге кирип кетти. Ал ар бир бөлмөнү, бирден карап, акырында уктоочу бөлмөнүн эшигин ачты. Керебетте жапжаш гана келин уктап жатты. Аны көргөн Халида өзүнөн чыгып кетти окшойт. Жүгүрүп барып алиги келиндин чачына асылды. Артынан чуркай кирген Жахангир келиндин чачынан кармаган халиданын желкесинен тартып, аларды ажыратмакчы болду. Бакырык-өкүрүк болуп, тарткылашып жаткан бул окуяны көрүп мухае аң-таң болуп туруп калды. Ушул, учурда анын көз алдына бир кездерде өзү башынан өткөргөн ушул сыяктуу жашоосу тартыла калып жатты. Жахангирдин өңү кубарып, алапайын таппай жатты. Ал ачуу үстүндө, Халиданы бет талаштыра бир муштап калды.

Халида үйдүн бурчуна учуп түштү. Анын башы батареяга түшүп, эс-учун жоготуп койду. Мухае эстен танып жыгылган Халиданын жанына чуркап барды да, башын жөлөп жүзүнө, алаканы менен чапкылай баштады.

— Халидахан, сага эмне болду? Көзүңдү аччы, сиңдим. Мен куруюн. Сени кайдан да алып келдим экен а? Мен мындай болорун кайдан билейин?…

— Халиданын башынан кан агып жатты. Окуя болгон жерге замаата «тез жардам» милиция кызматкерлери жетип келишти. Халиданы ооруканага, Жахангирди участкага алып кетишти. Алиги келин бир кезде секретарь болуп иштеп жүргөн, өзүбүздүн эле жердешибиз Наргиз экен…

* * *

Каардуу кыш. Шавкат менен Мухае көп катары өздөрү алып келген, чүпүрөк, башка товарларын тегерете жайып алышкан. Мухае терең ойго баткан. Шавкат болсо тамкеи тартып олтурат. Мухае кечээ болуп өткөн жагымсыз окуядан кийинн өзүнө келе албай жаттыю Алар жылуу үйүн, балдарын эстеп көзүнө жаш алды.

Тобо кылдым. Адам деген өзүнүн эртең эмне болорун өзү да билбейт. Бечара Халида кечээ эле жакшына болуп балдарынын жанында жүрбөдү беле. Бул жакка кайдан да келди эле? Мындай эрдин барынан жогу. Балдары эптеп чоңойтуп алат элет да! Эми эмнеболот? Өзү оор абалда жатат. Эч кимдин башына мындайды салбасын. Эмне күндөргө калдык я? Балдарыбыздын бешенесинде,тынч отура албасак. Оюмда бүт дүйнө ушундай болуп калганбыдейм. Кээбир жерлердеги уруштарды эстесем жүрөгүм кысылып кетет. Чоң кызым бойго жетип калды. Ага сеп дегендейлерди даярдаш керек. Эртеби-кечпи жуучулар келип калса, баш катырып калбайлы. Үйгө барып эле, үйүбздү сатып Онадырданбы жер албасак болбойт. «Дом»до той кылып болобу?

* * *

Шавкат менен Мухае алып келишкен товарларын толук сатып үлгүрө алышпады. Оштон шашылыш телеграмма келди. Саламхан апа ааламдан өтүптүр. Тез жетип барышпаса болбойт. Алар каган кайткан нерселерин жерджещтеринин бирине калтырып Ошко кайтууга мажбур болушту. Ошол күнү эле кечкурун жолго чыгышты.

* * *

Поезд жолоочуларга жык толгон. Шавкат перронго чыгып тамеки тартканча ойлуу баратат. «Эй, Кудай, бул күндөрдүн акыры барбы өзү?». Эмне кылсак адамдардай болуп бактылуу жашап калабыз. Канча жылдан бери, жолдобуз? Эми эле, үч-төрт сом таптык десең заматта каякадыржоголот. Өткөн замандардында кадырына жетпедик. Дайыма ишибиз даярболчу. Мухаехан экөөбүздүн тапканыбыз жеп-ичкенден ашып, үйүбүзгө аны-муну алганга да жетчү. Негизгиси, жолдо ар кайда минтип жүрчү эмеспиз. Бул жолдордон ушунчалык чарчадым,тажаганымдан көңүлүм да айнып кетет.

Мухае менен Шавкат Ошко келишкенде Саламхан апаны жергеберип болушкан эле. Мухае маркумдун кыркына чейин айылда болду. Бул убакта Шавкат датез-тез келип кетип турду.Бирок алар бүгүн-эрте кайра жолго чыгышпаса болбойт. Тиричилик карап турабы?

«Жакшы күндөргө да, жаман күндөргө да чөнтөгүңдө акча турбаса болбойт. Карап көрсөңүз кээбиржерлерде адам кадыры деле түшүп кеткен. Илгери бирөөнүн көзү өтсө тууган-уруктарынын баары келишер эле. Эмичи, эми? Эми маркумду,ким насип кылса ошолор эле узатып калышты. Анткени туугандарынын жарымынан көбү жолдо болуп,жатпайбы? Мурда кандайдыр бир себепсиз азага катышпай калса айып көрүшөр эле. Азыр андай эмес. Сапардан келгенде, өлүмболгон жерге дуба кылып койсоболгону. Менимче заман бизди ушуга көндүрдү. Башка айлабыз жок да...

Менин сөздөрүмдү уккан бирөөлөр мунун ойлору социализмди көксөп турат го деп ойлошу мүмкүн. Бул негизинен өткөөл доордун кыйынчылыктары эмеспи. Ооба, биз өткөн доордун адамдарыбыз. Балким, мен ошондуктан эскиче ойлоп жаткандырмын. Акыры бир доордо 40-50 жыл жашаган адамдын дүйнө таанымын,үч-төрт жыл ичиндебүт өзгөртүп жибериши мүмкүнбү? Кала берсе бизде али, базаргаболгон мамилебиз да толук калыптанып бүтө элек. Мисалы дарылоо, билим берүү дагыэле акысыз. Беш-он чарба,үч-төрт завод же фабрика менчиктештирилбесе керек.

Ушундай экен, эң оболу адамдардын жандүйнөсүн буга баскыч-баскыч менен даярдап барышкерек.

* * *

Шавкат менен Мухае эртелеп турушуп, апыл-тапыл чай ичишти да базарга жөнөштү. Ал жерде бир нечежердештери курчап алышып,өздөрүн кызыктырган жаңылыктарды сурап жатышты. Мухае менен Шавкатты көрүшүп Ошко барып келгендей эле болушту. Шаарда болгон өзгөрүштөрдүсурап жатышты. Шавкат болсо кетип жаткандаашып калган товарларын таштап кеткен жигиттин жанына барып алахыбалын сурады. Негедир жигиттин маанайы пас эле.

— Жамалидин, иним,биздин товарлар эмне болду? Сатып болдуңузбу?

— Кайдан, Шавкат аке,бардыгы ошол бойдон үйдө турат. Өзүбүздүкүн сата албай жатабыз.Сиздер кеткенден кийин базар кымбаттап кетип, товарлар өтпөй калды-деди ал мукактанып.

— Койсоңчу,иним,биз аны алда качан эле саткан деп отурбайбызбы. Шавкат Жамалидиндин сөздөрүнө толук ишенди. Чындыгында Жамалидин калп айтты. Ал Шавкатга тиешелүү буюмдарды сатып, бир нече жолу айландырып алмакчы эле. Мына адамдардын ортосундагы мээрим, акыбет. Жапжашжигит үч-төрт сомдук киреше деп, азага барып келген жердештерине жалган айтып турбайбы.

Мейли, Жамалидин, Шавкаттын аманатын бир-эки айландырып кайра берер. Бирок, бая айткандай бүгүнкү күндө кимдир бирөөнүн акчасын карызга, же товарын насыяга алып, кайра андан танып кеткендер азбы. Жакында бир аял кошунасына айтып жатпайбы. Анын оорукчан бир кызы бар экен. Өзү көчөдө майда-чүйдө сатыпь араң тирчилик өткөрөт. Жеген ичкенин ашырып кичине каражат жыйып койгон экен. Жыйганын тияк-биякка чыгып кичине айландырайын десе, оорукчан кызын таштап чыга албайт. Эри болсо башка аялга үйлөнүп алган. Ошондуктан коммерция менен алектенген жакын кошунасына он-жыйырма процент менен карызга акчасын берип турушка ыраазы болот. Ага тууган-уругуушундай кеңеш беришиптир. Алиги коммерсант, бул бечаранын акчасын алганына туура алты ай болуптур. Ошондон бери процент эмес,өзү дажок. Ал байкуш акчасын сурап бара берип, бутуда түшүп калмак болуптур. Акыркы жолкусунда аны айдап чыгышат. Биз сенден эч кандай акча алган эмеспиз-деп айтышыптыр. Мындай нысапсыздарды жер кандай көтөрүп жүрөт экен. Кыянат үстүнө кыянат. Эрге кыянат,аялга кыянат. Коңшу-колоң,тууганга, сатып алуучуларга кыянат, Ыйык китептерде жазгандай, салмактан, энден уурдап калгандар да тозокуболотимиш. Кайрыет, дагы беш кол тең эмес.

* * *

Тагдыр насип экен. Тойда тезарада болуп өттү.Мадина бай, дөөлөттүү жерге келин болуптүштү. Кайненесинин аты өзүнө жарашып Кимсанхан экен. Ал Мадинаны кичүү уулуна алып берди. Мухае менен Шавкат да тун кыздарынан эч нерсесин аяшпады. Колдорунан келишинче жакшы узатуугат аракет кылышты. Кимсанханболук келген, ак жүздүү,каштары кериле бешенесине чыгып турат. Томолок билектерине кымбат билериктерден салыпалган. Той дегендейэле, тойболду. Никелешүү кечеси, ресторанда болуп өттү. Коноктордун ооздору ачылып эле калды. Бардык нерсе эртеси башталды. Кимсанхан кудаларынан келген нерсени көрүп,кабагын чытыды. Келин көрүү күнү болчу. Ал таарларды бирден ачып көрүп,мурдун чүйрүпжатты. Кимсанхан сөздү кесе айткан,ачуулууаялэле. Кыскасы келин көрүү тууган уруктардын аракеттери менен араңөттү. Бирок, Кимсанхан апанын ачуус эч жазылган жок. Эртелеп эшик шыпырганы чыккан келиндерине да мурдун чүйрүйт. Күн сайын ушул көрүнүш. Кимсанхан апа уулдары жигит эмес, «кой» кылып тарбиялаптыр. Көчөгө чыгып,кайра келгенден башканы билишпейт. Аларды жандуу роботтор десе болорэле. Болбосо экөө тең университетте окушат. Алар,келиндердин гана шору. Ошентсе да аларды адепсиз дешке болбосэле. Алардын ыктыяры тизгини бир гана Кимсанхан апанын колунда эле...

* * *

Шавкат кичүү кызыны да күйөөгө узатышы керек. Кудага шүгүр,чоңу өзүнөн тынып отуруп калды. Бир гана кудага жалчышпады. Ошондонбу жүрөктөрүн бир аз алдырып коюшкансыды. Алар Сабираны эки дүйнөдө дабайларга беришпейт. Кедей болсо да, нысаптуу жерге узатышат. Сокур кесесин бир жолу, жоготот дегендей алар айранды үйлөп ичип калышты.

* * *

— Кыйналбай барып келдиңизби,атасы,-деди Мухае сапардан кайтып келген күйөөсүнө чай узатып жатып.

— Рахмат, өзүңөр тынсыңарбы? Балдар жакшы жүрүшөбү?

— Кудайга шүгүр... Бардыгыбыз жакшы отурабыз.

— Биз кечэээле келмекпиз. Таможныйларды өзүң билесиң, жолдо бир аз кармалып калдык. Бир-эки жерде автобусубуз да бузулду.

— Кандай болсода тынч-аман үйгө келип алдың. Чочулап отурдук эле.

— Эмне жаңылыктар бар? Мен жокто эч ким келбедиби?

— А, айтмакчы, таганыңдын кудасы ааламдын өттү. Батага барып, койсоңуз болот... Агаңыз болсо кичүү уулун үйлөндүрүп жатыптыр. Эмки жумада той экен. Бизди да чакырып кетишти.

— Өлүм болуп чеки болуптур. Ылайым жаны жанатта болсун, — деп Шавкат бата кылды. Бардыгыбызды тойго жеткирсин. Алла илгери кылсын. Акем да карып калды. Көзү тирүүсүнө кичүү уулун үйлөндүрүп койсо жакшы болор эле.

— Өзүңүздүн кичүү кызыңаргада,күн алыс жуучулар келип жатышат.

— Кимге? Сабирагабы? Кызыксың, апасы Сабираң али бала да. Мадинаны да күйөөгө шашылыш узата салганыбыз жетер. Эми биягына шашпай эле туралычы.

— Мен да келгендерге ошентип, жатам. Бир аз окутуп, түзүгүрөөк сеп-меп кылып дегендей... Жакында эле той кылбадыкбы. Бир аз акча топтоп да алышыбыз керек.

— Апасы, кудай кааласа бардыгын жасайбыз. Кам санабай эле кой.

— Ылайым сага күч кубат берсин, атасы...

— Уулубуз, Шухратбек дабойго жетип калды. Кийинки сапарда аны жолго өзүм менен ала барсамбы деп ойлоп жатам. Турмуштукөрүп, ысык-суукка бышып, жаман-жакшыны көрсүн. Азыр,тиричилик кылыш кыйын болуп калбадыбы. Эрте эле ал да үйбүлөлүү, болот. Келечекте бала-чакасын кеңири бага ала тургандай болсун да...

— Бул туура дечи,а окуусу эмне болот?

— Мектеп эмне болмок эле. Окуй берет да. Жакында жазгы каникулга чыгышат. Күзгө дейре мени мененбир-эки жолу тияк-бияккабарып келсе дегеним...

— Сабира да жакында мектепти бүтүрөт. Курбулары медучилищага барышат экен. Кызың да, ошого документтеримди тапшырсамбы дейт. Буга эмне дейсиң. Албетте, азыраак акча да кетсе керек. Бир кесип алып алса, түшкөн жеринен да көңүлүбүз жай болор эле.

— Туура айтасың. Ошентишкерек. Өнөрү болсоэч жерде кор болбойт эмеспи. Биздин соодагерчилигибиз, убактылуу эле. Бирок кесиби болсо, эч качан кыйналбайт. Ошондуктан, уулубузду дабирөөгө шакирт кылып беришибиз керек. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылбайт. Карыганыбызда бага турган да Шухрат эмеспи.

Жаз күндөрүнүн бири. Мухае эртелеп туруп, оокатка киришти. Кызы Сабира экөөлөп манты түйүштү, дадасторконго ороп, үстүнөысык нандан экини коюп, апыл-тапыл аялдамага чыкты. «36»га отуруп,базардын аялдамасынан түшүп калды. Көп кабаттуу үйлөрдү аралай жүрүп отуруп, илгери өздөрү жашаган үйдүн каршысындагы домдун үчүнчү кабатына көтөрүлдү. Сол тараптагы үйдүн коңгуроосунбасты...

— Бул ки-им? — деп созулганн угулду ичкериден.

— Халидахан бул, мен, Мухаемун.

Темир эшик шарактап ачылды. Ичкертен Халида чыга келди.

— Э, келиң, Мухаеапа. Биз тарапка кайсы шамалайдап келди.

— Келдим сиңдим, тынч-аман отурасыңбы-деди ал босогодо Халида менен өбүшө учурашты.

Беттерине бата тартышып аз гана сүйлөшүп отурушту. Халида ысык шорпо аса койду. Коноктун алдына дасторкон жайып тапкандарын койду.

Дасторкондо ар кандай таттуулар, мөмө-жемиш жайнап калды…

— Ооруканада жатып чыкты деп угуп бир учурашайын деп келдим. Базарда апаңызга учурадым эле…

— Башым алигиде кату чайкалган экен. Эки кабыргам да сыныптыр. Зыркырап, бат-бат ооруйт, колуң сынгыр, кату урган экен. Башым да жарылган… Абаканда эки ай жаттым. Бешенеме ушуларды чийген экен да. Ошол жакка барып, мени ооруканага түшүп калат деп ким ойлоптур. Жакшы дагы ага-ини дегендейлер бар экен. Кыйын күндөрдө жардамдашышты… — деп Халида көзүнө жаш алды.

— Эч нерсе эмес, сиңдим, көп капаланба. Өткөн ишке өкүнбө. Мундан ары балдарыңды ойло. Андай эрдин, барынан жогу, жакшы. Жаның Аман болсун. Көз жашыңдын садагасы…

— Туура айтасыз, Мухае апа. Акмак болбосом, ошол жаманды издеп Абаканга чейин барамбы? Өзүмө-өзүм жамандык тилеп… Канча каражат кетти… Карыздарымды ага-туугандарым үзүштү.

— Жахонгир эмне болду? Андан кабар барбы?

— Мен сотко деле арыз бербедим эле. Эмнеси болсо да балдарымдын атасы эмеспи. Азыр Ошто жүрөт. Жакында үйгө келиптир. Киргизбедим. Босогодо кечирим сурап, ыйлады. Балдарын сагынган имиш. Аны мурда ойлош керек эле. Мен эми ажырашам деп арыз берип койдум. Алиги ойношу бар эмеспи, атың өчкүр… Ошол жактарда жүрүп, акча таап күркүрөп кеткен эле. Бир күнү маска кийишкен үч-төрт неме үйүнө кирип, өзүн өлгүдөй сабап, баардык нерселерин чаап кетишиптир… Ошко арадан зорго ккйтып келиптир. Тиги жолдо, газ суу сатып отурат.

— Чын элеби, Халидахан? Ана көрдүңбү? Айтпадымбы, кудайдык казаны акырын кайнайт деп. Ак нерсе ийилет бирок сынбайт. Эмми өзүң, бул жакта эмне кылмакчысың?

— Ден соолугум бир аз оңолуп калды. Шаарда агамдын ашканасы бар. Ошого ишке чакырып жатат. Жакында ишке чыгып калам го…

— Туура кыласың. Аны-муну көрүп, элге аралашып бир аз көңүлүм жайгарылып калат. Кыймылдаган кыр ашат дегендей… Балдарың да чоңоюп келатышат.

Бул арада Халида бир чыныдан шорпо куюп келди.

— Шавкат байкең да сапарда. Биз да ушу балдар деп жүрбөйбүзбү...

— Айтмакчы, улуу кызыңыз жакшы жүрөбү?

— Кудаага шүгүр, Өзүнөн тынып калды. Неберелүү болдук. Мадина уул төрөгөн…

— Маарек болсун…

— Рахмат. Кудагыйым бир аз катуураак аял. Бизди өзүнө теңебейт. Болбосо, эмне ырым-жырым салт болсо бардыгын жасадык. Ошентсек да бизди тоотподу. Кызым каттуу баса таскак, акырын баса аксак. Кудаага шүгүр, күйөө балам, эстүү чыкты кызымдын көңүлүн көтөрүп турат. Энесинин кылыктарын да билет. Кайнатасын да мени даурматтап турат.

— Бирге жашай тургандар ошолор да. Кызыңыз кайненеси менен өмүр бою чогуу жашабайт да. Арабызда байлыгына чиренип басып тураарын билбей калган андай аялдар арабызда көп. Андайларга кудай өзү нисап берсин.

— Айтканың келсин сиңдим. Жаш болсом да башымдан анча-мынча иштер өттү. Былтыр энем кайтыш болду. Сенин башыңа келген окуя бир кездерде менин башыма да келген… Ушу кезге чейин бул жөнүндө ооз ачпадым эле… — деди Мухае көздөрүнө жаш алып-Шавкат байкең да бизди таштап кеткен эле…

— Кабарым бар… Коңшу-колоңдор сөз кылып жүрүшкөн. Аты Ким эле анын? Сурмаханбы? Ал азыр чоң соодогер болуп кеткен имиш го… Жалаң чет өлкөгө каттайт экен. Ал канча-канча үйбүлөлөрдү бузуп, жаш жигиттердин башын дагы эле айландырып жүргөн имиш… Сизге суктанам Мухае апа. Күйөөңүздү кечиргенге күч таба алдыңыз. Мен эримди эки дүйнө кечирбеймин…

— Эмне кылмакчымын. Үч балам менен кайда барам. Кыздарымдын келечегин ойлоп ушуга мажбур болдум. Кимдер ката кетирбеди дейсиң. Бардыгы адашты. Бирок кечиримдүү болуш да керек экен. Адащкан жакындарыбыздын катасын оңдоого мүмкүндүк Берүү керек. Бардыгына Кудай бар…

* * *

Шавкат жолдоштору менен Дубайга кечээ келишкен. Алар бир күн базарды айланышты. Чоң дүкөндөрдө Сурмаханга бетме-бет учурап калды. Анны көрүп өңү кубарып кетти. Ошобу? Же мен жаңылдымбы? — деп ойлоп кетти ичинде. Сурмахан Шавкаттын жанынан кашын серпип өтүп кетти. Шавкаттын кыжыры кайнап, муштуму түйүлдү. Ушул күтүлбөгөн кездешүү себеп болдубу, Шавкаттын эсине өткөн күндөр түшүп кетти. Ал мейманкананын алтынчы кабатына көтөрүлүп баратып, ошол жийиркеничтүү күндөрдү эстеди. Жатаканасына киргенче ушул ойлор аны таштабады. Көз алдына Мухаену, кыздарын, уулу Шухратты келтирип өзү да уялып кетти. Бетине канн тээп чыкты. «Акмактык кылган экенмин ошондо. Гүлдөй болгон аялымды ушундай жеңил ойлуу аялга алмаштырып жүрүпмүн да? Мени кайсы шайтан жолдон азгырды экен ошондо? Көзүмдү май баскан экен. Акмак болбосом ошол жолго барат белеем. Кайын журтумдун алдында бетим кара болду. Аялым, балдарым мени кечиришти. Эмне үчүн мен кату жаза алышым керек эле… Мухае болсо мага эч нерсе болбогондой мамиле кылды. Арадан канча убакыт өтсө да, күнөөмдү бетиме албады. Абийириме койду бекен? Абийрим кату кыйналды. Канча жылдан бери ичимен сызып жүрөмүн. Аны Мухаего билдирбөөгө аракет кыламын... Башка эмне кылмакчымын? Башка айла жок.» Шавкат ушундай ойлор менен алпурушуп отурганда эшик тыкылдап калды. Ордунан туруп барып эшикти ачты. Босогодо үч киши туруптур. Алар ичкери Кирүүгө уруксат сурашты.

— Кириңиздер, кириңиздер-деди Шавкат ичкери жакты көрсөтүп.

Бейтааныш коноктор өз тилинде Шавкатка бир нерселерди айтышты. Шавкат аларды бир аз түшүндү, бир жерде дефицит товар бар экен. Ошону көрүүгө чакырып келишиптир.

— Өзүм жалгыз барбаймын, — деди Шавкат келген меймандарга. Каршы болбосоңор жолдошторумдун бирин алып алайын…

* * *

Машина бир аз жол жүрүп, жарым саат убакыттан соң шаардын Эл көп жерленүринин бирине келип токтоду. Бардыгы машинадан түшүштү. Меймандар Шавкат менен Кемелди ичкериге башташты. Алар аземделген чыгыш шартында салынган бир имараттын ичине кирип келишти.

Ичкерии киришери менен бир күтүлбөгөн окуя болуп кетти. Шавкаттын артынан келип бирөөсү оозунан басып калды. Алдынан келген эңгезердей немеси аны бет талаштыра коюуп-коюуп калды. Шавкат жыгылып түштү. Ошол кезде калган үч-төртөө келип, тепкилей башташты. Кемел болсо Шавкатка жардам беришке үлгүрбөй калды. Аны да өлөрчө сабашты. Алар экөөсүнүн тең чөнтөктөрүндө болгон акчаларын алып, кол-буттарын байлашып, эстерин оодарышып шаардын четине алып барып ташташты.

* * *

Шавкат эсине келгенде ооруканада эле. Башы, буту-колу бинт менен таңылган. Буту асылып коюлган. Ал канча ойлосо да эмне богонун биле албады.

Каерде кандай абалда жатканы да өзүнө белгисиз. Бир Гана тааныш эмес үйгө кирип баратканын элес-булас билет. Жанымда Кемел да бар беле? Ал азыр кайда? Эх, бүткүл денеси зырылдайт. Эмне болду өзү? Ким аны ушул абалга салып койду?

* * *

Мухае адаттагыдай эле соода кылмакка базарга түштү. Ал буюм сактоочу камерадан товарларын текчелрге жыйып жатты. Бүгүн Шаввкат түшүнө кириптир. Түшүндө андан кечирим сурап жатыптыр.

— Мени кечир, Мухае, кечир мени! Сени бекер эле капа кылдым, — дейт ал.

Көптөн бери, бир айча убакыт өтсө дагы күйөөсүнөн дарек жок. Мухае базарда сода кылып жатса да, жүрөгүн алда кандай ойлор бийлеп жаты. Шавкат эмигече кайра келиш керек эле. Эмнеге кармалып калды экен? Аны менен чогуу кеткендердин айрымдары качан эле келишкен. Шавкаттан алигече кабар жок.

Аңгыча Мухае отурган жерге Кемелдин аялы түз эле келип калды. Аны көрүп Мухаенун тынчы кете баштады.

— Тынччылыкпы, Одинахан? Өзүңүз кубарып кетиптир го?

— Алигиче кабарыңыз жокпу? Күйөөңүз менен күйөөм…

— Алар эмине болуптур? Бир нерсеге кабылышыптырбы?

— Ооба, экөө тең ооруканада жатышпайбы.

Күтүлбөгөн бул кабардан Мухаенун колу-бутунун алы кетип, отургучка отуруп калды.

* * *

Мухае автобуста кетип баратты. Жанында Кемелдин аялы… Дубайга дейре дагы бир нече күн жол жүрүү керек. Мухаенун көздөрү жашка толгон… Күйөөсүнө эмне болду? Ал кандайча ооруканага түшүп калды? Абалы оорбу? Балким өлүм алдында жатпасын… Тообо кылдым, тообо кылдым… Эмнелерди эле айтып жатам… Жакшыга жооруйунчу… Түшүнө жөн эле кирбеген экен. Бирок… Ал түшүдө кимден эмне үчүн кечирим сурады экен? … Ыраматылык апасы – Саламхон, атасы — Миралимжан, балалык чагы эсине түштү. «Ал көп балалуу үйбүлөдө бойго жеткен. Айыл жери. Бардыгынын күнү талаада өтөт. Апасы өмүр бою пахта терип өттү. Орден, медалдары бар. Бригадир эле. Бир иниси Ооганстанда каза болгон. Анын күйүтү ата-энесинин кыйла өмүрүн алгансыды. Кайрат, азыр атасы, инилерине баш-көз болуп жүрөт. Кемпири кайтыш болгондон кийин бир аз оорукчан борлуп калган. Жашы да бир топко барып калды. Инилеринин да бир-экөөсү үй-жайлуу болушкан… Жер алышып үй салып, бөлүнүп чыгышкан. Сиңдилери турмушка чыгышкан. Азыр атасы кенже инисинин үйүндө турат. Апасы да ушинтип небере-чеберелерин көрүп жүрсө болбойт беле?.. Кыз болуп апасынын көңүлүн да албады. Ооруп жатканда башында тура албады. Бала-чака, тиричилик деп жүрүп, айылга да тез-тез барып тура албады…

Кудаага шүгүр, заман тынч, аракет кылсаң, ачка калбайсың. Өлкөбүз көз карандысыз болуп, дүйнөгө жол ачылды. Каалаган жерге барасың, каалаган жумушуңду жасайсың. Ата-энелерибиз, Меккеге, Мединага бараар күнү келет деп Ким ойлоптур. Балдарыбыз Америка, Франция, Англия, Германия сыяктуу чет өлкөлөрдө окуп жатышпайбы? Жаштарыбыздын келечеги жарыке болду. Алар бизге окшоп шаарма-шаар кап көтөрүп жүрүшпөйт. Алар компьютер, заманбап техникалар менен иштешет, дүйнө тилдерин үйрөнүшөт, илим изилдешет…»

Одина Мухаенун узун ойлорун бузуп жиберди:

— Мухае эже, Дубайга жетели дедикпи?

— Аз калды. Буюрса таң аткыча жетип алабыз.

* * *

Мухае менен Одина ооруканага түшкө жакын жетип келишти. Аларды медсестра палатага баштап кирди. Кемелдин жарааты анча оор эмес эле. Өзү кирип-чыгат. Башы, бир буту гана катуу жараланган. Колунда балдак. Ал эми Шавкаттын абалы оорураак экен. Ал төр тараптагы керебетте буту-колу асылып, уктап жатыптыр. Мухае күйөөсүнүн абалын көрүп аны аяп кетти. Көзөрүнөн салаалап аккан жашты, токтото албады. Эмнеге минтип калды? Аны бул абалга Ким жеткирди, деген суроолор Мухаенун көңүлүн чулгап алды. Ал Шавкатка жанына келип:

— Шавкат, сага эмне болду? Эмне унчукпайсың? Шавкат… Мени тааныдыңбы? Мен Мухаемун… Сага эмне болду? Ким сени бул абалга салды?

Шавкат көзүн жумган калыбында дагы эле унчукпады.

— Көзүңдү аччы, Шавкат, эмне унчукпайсың?.. Мени угуп жатасыңбы?

Мухае канча убараланып, үйрүлүп үстүнө түшпөсүн Шавкаттан үн чыкпады, Ал терең уйкуда эле.

 

Учунчу бөлүм

Шавкат паралич болуп калды. Аны Ошко алып келип, облооруканада үч-төрт ай дарылашты. Ал эс-акылын бүт жоготкон. Же аялын, же балдарын тааныбайт. Бир чекитти карап унчукпастан отурганы отурган. Үйбүлөсүнүн канча жылдар бою тапкандары бүт бойдон Шавкатты аман сактап калууга кетти. Дагы, тиричиликтин оорчулугу, көйгөйү Мухаенун мойнуна жүктөлдү. Атасынын жанында кызы Сабира калат. Шухрат да, достору менен Өзбекстанга каттап, машинанын тетиктерин, темир-тезек алып келип дегендей, кирпич заводдун маңдай жагындагы машина базарында сата баштады. Мухаенун колунда айландырганга каражаты жок, көпчүлүгүнө жетишпейт. Ал Анжиянга каттап, өсүмдүк майы, шекер, ун азыктарын ташый баштады.

«Тама-тама көл болот», дегендей эне, бала кечти-кеч, күндү-күн, түндү-түн дебей тер төгүштү. Тилекке каршы Карасуудагы Өзбекстанга өтүүчү көпүрө да жабылып калган. Өлүмдөн башканын ылажысы табылат экен. Шоруң каткан аялдар анын да жолун таап алышкан. Тиги жээктен бул жээкке сай аркылуу аркан тартып алып, буюмдарын байланып алып өтүшөт. Өткөн жолу бир соодагер сууга да түшүп кетиптир. Айрым жерлерде, аксыл, сибир жарасы деген оорулардын пайда болушуна шылтоолоп чекараны дагы бекемдеп жатышат. Эми мал өткөрүү да кыйындап калды. Бирок, адамдар мунун да жолун таап алды. Чекарада «атайын» чабандар да пайда болду. Алар кой, уйларды чекарадан тиякка биякка өткөрүп берип турушат.

* * *

Сурмахан көп жылдан бери чет өлкөгө катай берип, шаарда «бай аял» деген атка конгон. Шаарда анын эки кабат үйү, жеке «иномаркасы» анан дагы эшектей болгон «Мырза» аттуу ити да бар. Ал ушу он эки бөлмөлүү үйдө өзү жалгыз турат. Тура, бул үйдө ар бир кечте адам көбөйүп калат. Кийинки мезгилдерде Сурмахан «кошмочулукту» өзүнө кесип кылып алган. Беш-ендей сулуусу, «түнкү көпөлөктөрү» бар. Кеч кирери менен анын бул сулуулары түркүн машиналарда клиенттерди баштап келе башташат. Жолунан адашкан бул кыздар да бир күнү кайсыдыр бир үйбүлөгө келин болуп түшүп, не деген Гана жигиттерди бактылуу кылышар эле. Бирок, алардын өмүрүндө той болбойт. Биринен бири сулуу… Аттиң, булар кандай гана жубай болушаар эле… Келин көйнөгүн кийишсе аларга кандай гана жарашар эле. Таңда туруп, эшигин шыпырып, суу сээп жүрүшсө кайын журту гана эмес, айылдагылардын бары кубанбайт беле. Аттарынын жарашып турганын карасаңыз: Нодира, Фируза, Гулчехра, Зебо, Саида, Нигора, Гүлү, Ханзада, Зуура, Барчынай, Айша… Мындай ысымдар менен не деген гана атактуу аялдар дүйнөгөг малым болгон, алар канча улуу адамдарды жары кдүйнөгө төрөп беришкен.

Замандаш жигиттерибиздин арасында да аты дүйнөнү дүңгүрөткөн адамдар менен адаш болуп жүрүшкнөнү канча? Амир, Алишер, Бабур, Фурхат, Жангир, Жалалидин, Камалидин, Бегзод, Улугбек, Абдулла жана башка. Санап отурсаң өтө көп. Тура бүгүн да бул аттарга татыктуу жигиттерибиз далай. Бирок, алардын арасында мындай улуу аттарды булгап жүргөндөрү да кеңири табылат.

Түнкү «көпөлөктөр» клиенттери менен Сурмахандыкына топтолушту. Бардык бөлмөлөр ээленген.

* * *

Түнкү саат үчтөр чамасы Сурмахандын үйүндө оюн-күлкү уланууда. Жигиттер мас, кыздар кызуу. Оюн-күлкү жогорку чеке жеткен. Ичкерии жактагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты тамекинин күлү түшүргүчтүн четинде түтөп турган сигарет томолонуп килемдин үстүнө түштү дагы, жалын терезе тоскон пардага жабашты.

Эки жаш керебетте уктап калышкан. Ызы-чуу, тополой башталды, кээ бирлери машиналарына түшүп кача башташты. Соо болгондору өрт чыккан бөлмөнүн эшигин ачканга аракеттенип жатышты. Бирок, эшик ичинен бекитилген. Суу себе бешташты. Кеч болуп калган эле. Өрт заматта кошуна бөлмөлөргө өтө баштады. Сурмахан короодо тиякка-биякка чуркап, санын чапкылап, өкүрүп-бакырып жардам сурап жаты:

— Кокуй-кокуй! Жардамга! Адамдар! Жардамга! Ким бар?!

Заматта үйдүн тегерегине адамдар толуп кетти. Бардыгынын колунда чака. Жаштар чакалап колмо кол суу ташышып, өрттү өчүрүүнүн аракетинде. Ушул аралыкта өрт өчүргүч машина дагы жетип келди. Бул учурда өрт үйдү толук чулгап калган эле.

— Кудай көрсөттү... – деди ошол жерде турган аялдардын бири.

— Алла бар экен. Бул аялга эч кимдмн күчү жетпеди эле… — деди анын жанында турган дагы бир кошуна аял.

— Чала болот, ыйлабай өл, шерменде…Жаштарды жаман жолго баштап, канчалаган жигит кыздарды буздуң эле, наалаты. Үйүң күйдү го...

— Кокуй-кокуй! Эми кантем?! Өмүр бою тырышып топтогон дүнүйөмдүн күлү көккө сапырылды го! Кокуй-кокуй,-деп кыйкырып жаты Сурмахан.

— Ажеп, болуптур,-дейт арыраакта турган катаң аял.

— Сен эмне деп ойлодуң эле? Күнөөлөрүң жазасыз болот деп жүрдүңбү? Бул башталышы. Калганына тозок отунда күйөсүң, бузуку! Мындан көрө өлгөнүң артык. Канчалаган адамдардын үйүн буздуң! Ошолор башыңа чыкты… Шерменде…

* * *

Кимсанхан анча-мынчага өзүн кадырлаган аялдардан. Ал эч нерсе болбогондой эрте менен туруп телефонго барды. Трубканы кулагына коюп, номерлерди терди:

— Саламатсызбы Октомхан, бул сизби? Тын Аман отурасыздарбы, айланайын. Жолдошуңуз, бала-чака жакшыбы?

— Саламатчылык Кимсанхан эже, бул сизби? Тынччылыкпы? Үнүңүздөн тааныдым. Өзүңүздөр жакшы отурасыздарбы? Келечек кудам тынчпы? Уул-кыз, келин, небере дегендейлер…

— Кудайыма шүгүр, бары жакшы. Өзүңүздөн сурайбыз. Тууган урук Аман эсенби, кагылайын? Айып болбосун, бизде бир аз түйшүк пайда болуп калды… Жок, жок арзыбаган эле нерсе… Кызымдын азыраак кем-карчы чыгып калды. Капа болбой бизге, бир жумадай убакыт берсеңиздер…

— Ай, кудагый, эмне деп жатасыз? Биз бата алганча бардыгын айтып койбодукпу? Антпей туруңуздар… Сиздей эл журтка таанылган аялдын кызында эмне кемчилик болсун…

— «Кызы бардын назы бар» дейт. Кызымды жакшы сеп менен узатсам, эшик-төрүңөрдү жаркыратып жүрсүн дегеним да, кудагый… Жалгыз кызыбыз болсо… кабат-кабат күйөө балалуу болуп жүрүппүзбү?.. Биздин да өзүбүзгө жараша абройубуз бар да.

— Бизди ыңгайсыз абалда калтырдыңыз го. Бүгүн пахта, отун, май алып бармакчы элек… Эми эмне кылабыз, зарыбыз бар, зордугубуз жок…

— Капа болбоңуз, суранам. Бир күн мурда, бир күн кийин, айырмасы жок. Бирж ума тез эле өтөт да… Пахтаны алып келе беришсин…

Ал ушинтти да трубканы коюп, кызынын жатаканасына кирди.

— Захро, тур: оонап жата турган мезгилби, азыр? Кылаар ишти кылып коюпсуң! Болоор иш болуптур! Эми аны тууралабасак болбойт. Өмүр бою кара бак болуп каласың. Мен да душмандарга таба болгонду каалабайм. Айрыкча, тиги тилемчи Мухаенун… Бул иш өзү качан болгон эле…

— Атам экөөңөр, чет өлкөгө кеткенде, эми эмне кылмакчыбыз. Муну кантип тууралайбыз? — деди жерге карап Захро.

— Өлүмдөн башканын баарынын жолу табылат. Акча болсо бары болот. Энең башкалардай оозу ачылган аял эмес… Мына көрөсүң бары жакшы болот.

* * *

Шухрат атасын тартып, сөөлөттөө келишкен жигит болуп чоңойду. Тону талкалай турган күч-кубатка толду. Акчаны да жакшы таап жатат. Мурдараак тапканынын бардыгын апасынын колуна алып келип берер эле. Кийинки убактарда анча-мынчасын өзүнө сарыптачу болду. Ал да достору сыяктуу кийингиси, ойноп-күлгүсү келет да. Жолдоштору бай үйбүлөнөн балдары. Жума сайын досу Шерзоддун машинасы менен Фергана, Маргалан, Коконго түшүп сода кылышат. Алар машина бөлүктөрү менен алектенишет. Оштон керектүү нерселерди тиякка алпарышып, таңкыс товарларды Ошко алып келишет. Жолдошторунун бардыгы бойдок. Бардыгынын ойной турган мезгили.. Азыр эмне көп, көчө-көчөдө самсып жүргөн аягы суюк ургаачылар көп. Алар ар дайым жолго чыгышканда жол катар жолуккан бир-эки «көпөлөктү» ала коюшуп, Ферганадагы дагы бир достору Бабурдун квартирасына барып турушар эле. Андан бир-эки күндөн соң үйлөрүнө кайтышчу. Бул жолу да ошентишти. Жигиттер Фергананын көчөлөрүнүн биринде кетип бара жатышты. Шерзод жол боюндагы кинотеатрдын алдында турушкан эки кызды көрүп машинасын токтотту. Жигиттердин бири сөз баштады, алар төртөө эле:

— Айланып келбейлиби, чоң кыздар?

— Машинаңар толо го… Кандай батабыз?

— Биздин көңүлүбүз кең, атүгүл машинабыз резинадай чоюлат…

— Андай болсо сөз жок… — деди кыздардын бири.

Алар шап эле жигиттердин алдыларына отурушту. Кыздардын экөөсү тең, кыска юбка, тар кофтачан экен. Тамашалаша, тамеки түтөткөнчө жүрүп отурушуп, квартирага жете келишти. Төрт жигит эки кыз, ушул жерде түнөп калышты. Кыздар көчөлөрдө жүрө беришип, беттери калыңдап бүткөн немелер экен. Кичине кызып калышканда, жигиттерге өздөрүнүн тарыхын бир баштан баяндап беришти.

— Экөөбүз абысынбыз,— деди кыз дегендердин бири.

– Күйөөлөрүбүз сапарда, кайнене-кайната, кайни-кайын сиңдилерибиз бүт коммерсант болуп ар жакка кетишкен. Үйдө экөөбүз эле калганбыз. Эмне, алар саякаттап жүрүшсө, биз жаш өмүрүбүздү үй сактап өткөрмөк белек? Күйөөлөрүбүз ал жакта, эмне, убактыларын бекер өткөрүп жатыптырбы?! Ничего, подобного! Биз деле, күндө коңшу колоңдор уйкуга киргенде «ууга» чыгабыз. Шаардагы мейманканалардан кийимдерибизди алмаштырып алабыз. Көрөсүңөр, анан эч ким бизди тааныбай калат. Акыры биздин да жакшы жеп-ичкибиз, көңүлдөгүдөй кийингибиз келет…

Шухрат жигиттердин ичинде тартынчаагыраак болгондуктан, машинада алар менен чогуу жүрсө да, өзүн ушул эки абысындын күйөөлөрүнүн ордуна коюп көрүп, көңүлү бузулуп кетти. Алардын сөздөрүнө ишенбей, бизди келеке кылып жатышат деп да ойлоп кетти, ичинде. Анын көз алдына өзүнүн келечек жашоосу тартыла төштө. Чындыгында анын, аялы да бир күнү ушинтсе эмне болот?.. Жок, андай болушу мүмкүн эмес?!

* * *

Мухае алып келген майын көчөлөрдү кыдырып сатканга кеткен. Сабира атасына тамак берди. Шавкат бир чекиттен көзүн албастан тамак ичип жаты. Ахыбалы мурдагыдан бир аз дурусталып калган. Бутары кыймылдабаганы менен, колдору иштейт. Мадиналардыкында той өттү. Кайын сиңдисин күйөөгө узатышып жатышат… Мухае да себет жасап, куда катары барып койбосо болбойт. Кызынын, күйөө баласынын урматы бар эмеспи…

* * *

Кимсанхан да бекер жүргөн жок. Кызын Бишкеке алпарып келди… «Эми бардыгы жайында болду. Азыр эмне, бирөөлөр чала тууган кыздарынын да эбин таап, күйөөгө берип жиберишет экен. Захронун көзү жарыбаса…Бир жолу жаштык кылып коюптур ушуга да атасынын арбагы козголмок беле?» — деп ойлоду Кимсанхан.

* * *

Кээде, бул турмуш, адамдарды оттон алып чокко салат. Таң азандан каш карайганча желип-жортуп, Жаны калбайт. Бардыгынын базарда өзүнө жараша жумушу бар. Ишкана, мекемелерде иштегнедердин деле кошумча «өнөрү» бар. Мугалимдер деле түшкөчө сабак берип, түштөн кийин базарда. Доктурлар деле отпускага чыгышса эле товар алып Россияга жөнөшөт. Өздөрү барбаса бала-чакасын жөнөтүшөт.

* * *

Кечээ күнү Кимсанхандыкында той болуп өттү. Эки жак тең бири-биринен калышпады. Той дегендей эле той болду. Бардыгы курсант болушту. Келин болсо күйөөсүнөн уялып да койгон жок. Төшөк жыйдынын эртеси эле эшик шыпырып жүрдү. Бардыгы суу сепкендей жымжырт…

Бул тойго аралаштырып, Мадина анын абысындары да балдарын сүннөткө отургузушту. Азыр кемде-кем бирөө гана сүннөт тойду бөлөк өткөрбөсө, андай жок. Бирок, алды-берди дегендейлер мурдагыдан кем эмес. Мухае, небересинин тоюндай той кыла албаса да андан беркисин кылды. Карыз алып болсо да кудаларына күйөө баласы, кызына, небересине жакшы эле сарпай берди. Эки тойдун катар болгону Гана аны бир аз кыйнап койду. Шавкатты да алып келишти. Үйбүлөсү менен кой жетелеп килем алып барышты… Уулу Шухрат атасынын ордуна жакшы эле жашоого көмөктөшүп калды.

* * *

Кимсанхандын да көңүлү жайланды. Ою ишке ашканына өзүнчө курсан. Мына, күйөө баласы бар, кудам бар десе, дегендей эле, кудагыйы – Өктөмхан да шаардагы таанымал аял. Уулу да келишкен жигит.

* * *

Бир гана Мухае тыным көрбөдү. Тияктан биякка, бияктан тиякка товар ташып сатып жүрөт. Шухраттын иштери да аз-аздап жүрүшө баштады. Ал күндөнүкүнгө сооданын «даамын» татып баратат. Сабира да жөн турбады. Ал күнү-түнү халат тигет. Дем алышта апасы менен чогуу базарга түшүп аларды сатат. Медучилищага Кире албай калды. Атасы оорукчан болуп калбадыбы. Ага да үйдө бирөөлөр каралашып турушу керек. Кыска убакытта бул жаш үйбүлөнүн башынан нелер Гана өтпөдү. Бардыгы түндү-түн, күндү-күн дебей эмгектеништи. Бир аз убакыт өтүп, аз да болсо киреше топтоп алышты. Мухае уулу Шухрат менен көбүрөөк акча таба турган шаарларга катай башташты. Үч төрт жолу Кытайга, Иран, Аравия, Польша, Германияга окшогон өлкөлөргө да барып келишти. Карасуудагы базардан контейнер сатып алышты. Сода сатык иштери оожалып калды. Бул жерге коңшу республикадан да соодагерлер келип, дүң баада товар алып кетишет. Шейшемби күнү бул жерде чоң базар болот.

Акчаң болсо досторуң, тааныштарың да көп болот деп бекер айтылбаптыр. Колдо жок маалда, карабай калышкан тууган-уруктар эми кайрадан Мухаенун тегерегине акырындан чогула башташты. Бири карыз сурап, бири болсо тиги-муну насыяга алып дегендей… Бардыгына колунан келген жардамын берди. Инилерине да жол көрсөттү. Өзү менен тияк-биякка алып барып, акча табуу жолдорун үйрөттү. Колуң узун болсо, адамдардын сага болгон мамилеси да өзгөрөт турбайбы.

Ушул арада Кимсанхандын да иштери жакшы жүрүшпөй, дарамети бир аз төмөндөп калды. Кызы дагы үйүнө келип алган. «Кыңыр иш кырк жылдан кийин билинет», дегендей Захронун көз ачып көргөн жигити бир отурушта көбүрөөк ичип алып, Захро менен болгон мамилеси оозунан чыгып кетиптир. Бул эл арасына тарап, дуу-дуу сөз болот. Мындан намыстанган күйөөсү Захрону кое бериптир. Араларында чоң чатак өтөт. Эки Жак бирин-бири урганга чейин барышат.

Захро азыр ошол биринчи жигити менен жашыруун жолугуп жүрөт имиш. Анын аялы, бала-чакасы бар…

«Чыккан кыз, чийден тышкары», дегендей Захро үйгө анча батына албайт. Жеңелери менен урушканы-урушкан. Аларды агалары менен көрсө эле жини келет. Кызганат. Көрө албайт. Акыры, энеси Захрого шаардын ортосунан үч бөлмөлүү үй алып берип кутулду. Азыр ал үйүнө ар түрдүү эркектер менен кирип чыгып жүрөт. Өткөн жолу экинчи кабаттагы болконуна, бир мас эркек жылаңач чыгып алыптыр. Коңшулары муну көрүп, жакаларын кармашты.

Сурмаханга болсо Алла көргүлүктү көрсөттү. Үйү өрттөнгөндөн кийин, көчөдө калып, айласыздан тааныштарынын жардамы аркылуу, «кара дары» менен алектене баштаган. Ал таможняда колго түшүп, азыр камакта олтурат… Мухаену күйөөсүнүн тагдыры көбүрөөк кыйнады, ал көп жылдан бери акыл-эсинен ажырап, эчтеке билбей олтурат. Ал ушуларды ойлоп, көзүнө жаш алды. Түндө жаратканга жалынат: «Алла, Шавкаттын күнөөлөрүн кечир! Акыл-эсин кайтарып берчи! Балдарымдын урматы үчүн! Сенден өтүнүп суранам. Башымда иш көп. Аял башым менен кыз чыгарып, бала үйлөгөнгө күчүм жетеби!Белим кайрылып калабы деп корком, күйөөм өмүр бою баспай калса эмне болот. Ал али жаш эмеспи. Жашоонун таттуу даамын татсын. Бала-чакасынын күнүн көрсүн, жыргалын сүрсүн. Неберелерин жетелесин. Жалгыз уулунун тоюнда ойноп, келининин колунан даам татсын. Сабирам да кыйналып кетти. Эртеден кечке, атасынын жанында.Колу бошой калса эле, кийим тиккен машинасын кармайт, шордуум! Чоң-чоң догдурларга көрсөттүк. Бардыгы, Алладан үмүт үзбөгүлө дейт. Сенин кереметиң Кен, Алла. Мээримиңди бизден аяба…Катабызды кечир, Алла өзүң кечиримдүүсүң…»

Ооба, Алланын кудурети улуу. Ал бардыгын жасай алат. Ошону менен бирге, ырайымдуу. Ал өз пенделерин сүйөт. Ал Мухаенун кайгы-муң толгон суранычын угуп жатса ээ…

* * *

Кудаанын жараткан күнү Сабирага жуучулар келе баштады. Мухае болсо бирине атасы оору деп, экинчисине кызыбыздын кем-карчысы толук эмес деп эптеп кетирип жаты. Сабира акыл-эстүү болуп бой жеткендиктенби, бардыгы аны келин кылып алгысы келет. Өзү да татынакай кыз болуп бойго жетти. Кара каштары, карагаттай көздөрү, мандалактай Кызыл эриндери бир көргөн жигиттин жүрөгүнө чок салбай койбойт.

Шавкат кызы Сабирага үйрөнүп калган, шавкат да бардыгын жүрөгү менен сезет, аны адамдык сезимдер такыр таштай элек. Ал Сабирага өтө ыраазы, бирок аны айта албады. Кээде көздөрү нымдалып, жаш алып калат. Ал ар бир таңда каяккадыр кайып болуп, кечинде кайра пайда болгон Мухаену өз аялы экенин билбесе да, анын кыймылдарын карап отуруп, аяп кеткенсийт.

Ордунан ыргып туруп, колунан оор жүктөрүн алгысы келет. Аттиң, тура алсачы! Ар дайым Шухрат өзүн тияк-биякка көтөрүп жылдырып жатканда өзүн ыңгайсыз сезип, уялат. Ыраазылык билдирип, уулунун күчтүү билектерин алсыз колдору менен кыскысы келет.

Чоң кызы Мадина неберелерин алып келгенде, неберелери мойнуна асыла эркелеп жаткандыктарын сезип турат. Мындай учурда көдөрү Гана сүйлөгөнсүйт. Кээде бир нерселерди ишарат кылгансыйт. Кулагы угуп турса да, сүйлөй албайт, колдору кыймылдаганы менен, бутары иштебейт…

Атасынын минтип калганын көрүп Шухрат да кээде терең ойго чөмүлөт. Атасын аяп кетет. Сыйкырчы болуп калса канна, атасын тик тургузуп жиберер эле… Аттиң, бул дүйнөдө бардыгы эле сен ойлогондой, сен каалагандай болбойт турбайбы.

Шавкаттын апасы-Рабияхан апа Алдан тайып картайган кемпир. Атасы да бир топ карып калган чал. Шаарга келген сайын уулунун абалын көрүп, аны өөп-жыттап, кучактап ыйлагандан башкага жарашпайт. Шавкат Акрамхан акеннин тун баласы. Андан кийин дагы сегизи бар. Ар биринин өзүнүн үйбүлөсү, бала-чакасы бар. Инилери, карындаштары да келип кабар алып турушат. Ошентсе да азыр барынын көйгөйлөрү жетип турат эмеспи… Бардыгы өз турмушу менен алек, өзү менен өзү убара. Айрымдары дыйканчылык кылышат. Тапкандары тиричиликтен ашпайт. Заңгыраган там кайдан дейсиз… Жегендери курук нан, жаккандары кык. Кыскасы, алар өздөрү жардамга муктаж.

* * *

Мухае бүгүн эч жакка чыккан жок. Кызы Мадина телефон чалган. Неберелери менен келмекчи. Кайын атасынын башка аялы бар имиш. Ошонукуна кирип алыптыр. Кимсанхан Асан, Үсөн деген уулдары, келиндери, неберелери менен калган. Анын мурда ачып койгон биольярд канасы да илгеркидей пайда алып келбейт. Шаарда үч-төрт жерде видеотекалары бар эле. Азыр элдер видеотекаларга анча киришпейт. Көпчүлүгүнүн үйүндө видеомагнитафону бар эмеспи. Бильярд каналар жаандан кийинки козукарындардай эле көбөйгөн. Кимсанхандын башы каты. Балдарынын колунан эчтеке келбесе. Ал эми келиндерин соодага чыгармакчы. Сода-сатык кылып акча тапсын дейт. Жашоо күндөн-күнгө оордоп баратпайбы. «Халва денег менен ооз таттуу болбойт», «Алма быш оозума түш», депо тура Бере турган убакыт эмес азыр «кыймылдаган кыр ашыптыр», дейт эмеспи.

Мухае кызы, неберелерин көтөрүп кубанып кетти. Аларды келет деп лагман жасап турган эле. Шухрат сода-сатыкка чыккан. Шавкат керебетте… Бардыгы чогулуп лагман жешти. Аны-муну сүйлөшүп отурушту.

— Күйөө бала жакшы жүрөбү? Эмне кылып жүрөт өзү?

— Эмне кылмакчы эле. Атасы иш таап берген эле, анда да иштей албай чыгып кетти. Айлыгы аз экен. Жол кире, тамагына ашпайт. Кайнагамдын жумушу деле суктанаарлык эмес. Абысыным менен бул жөнүндө көп сүйлөшөбүз.

— Азыр бардыгына эле кыйын, кызым сабыр кылгыла…

— Кайнагамдын биз менен иши болбой калган. Зияпаттан бошобойт. Эмки кетишибизде акча калбасак эле болду. Үйүбүздө мурдагыдай тамак-аш жок. Казаныбыз кайнаса кайнайт, кайнабаса жок.

— Азыр тынбай, аракет кылбасаң, жашоо кыйын болуп калды. Силер да колуңарды куушуруп отура бербей, Хусанбай экөөң да кыймылдагыла. Эртеби-кечпи бөлүнүп чыгасыңар. Балдарыңар да чоңоюп келе жатат.

— Балдарымчы, аларды кимге калтырам?

— Биздикине алып келип койгула. Аларды Сабира карап турат.

— Билбейм, эмне кылсам. Күйөө балаңыз буга макул болобу.

— Сен сүйлөшүп көр да. Же сен сода-сатыкка чык да, күйөөң балдарды карап отуруп турсун…

* * *

Чоңойгон сайын балдардын талабы да «чоңоет» деп бекер айтышкан эмес. Мухае бир кызымды чыгарып кутулдум десе, анысы дагы бир балалуу болуптур. Жаш үйбүлө бутуна турганча тамак-аштан жардамдашып турууга тура келди. Кызына тигүүчү машина сатып алып берди. Дагы жакшы Мадинанын өнөрү бар экен.

* * *

Мухае Сабиранын тоюн көпкө созбоду. Өзүнүн айылына эле турмушка чыгарды. Анткени айылдаштарынын бири көптөн бери жуучу болуп жүргөн эле. Айылда жашоо жеңилирээк эмеспи. Эгин эгип, мал-сал кармаганга болот. Шаардагыдай кыдырып соода-сатык кылбай эле жашаса да болот. Пахта терип, тамеки кылса да болот. Же күрүч, жүгөрү эксе да жанын багат. Кыскасы айылда жумуш табылат. Чынында, шаарда жашоо бир аз кыйын. Завод-фабрикалар иштебесе. Айласыздан кээ бирөөлөр үйүндөгү эски-уску буюмдарын да жолго жайып алып, сатып отурушпайбы. Кечке дейре бир нерсесин сатат, же сатпайт. Бул деле үйдө эригип отурганча бир эрмек да. Өткөн кеткендер, жок дегенде көрүп өтүшөт.

Сабира айылда кык жакса да, ачка калбаса болду. Мухаенун көчөмө-көчө жүргөнү жэтер. Мадина да базарга чыгайын деп турат.

* * *

Күйөө баласы, уулу Шухрат менен машина базарда темир-тезек дегендейлерди сатышат. Кышка дейре бир аз акча табышса экөөсүн тең Москвага жөнөтүп жиберет.

Көчөдө жаназа болду. Бешимден кийин жайына коюп келишти. Шухраттын классташы каза болуптур. Энесинин абалын көрсөңүз боор оруйт, бечара. Өзүн жерге таштап ыйлап жаты. Уулу, жаш эле. Атасынын өңү, дубалдай болуп кубарган. Раматылык, наша чегип жүрчү. Кийинчерек жолдоштору аны «сайынганга» үйрөтүшкөн экен. Ата-энеси баласын дарылайбыз деп көп аракеттеништи. Үйгө отургузуп, сыртынан кулпулап да көрүштү. Болбоду. Ажалы жкткен экен. Бир илеешсе чыга албайт турбайбы. Байкуш, ченин ашырып жиберген турбайбы. Жаткан жеринде жүрөгү токтоптур. Көздөрү да ачык калыптыр. Эсил гана өмүр. Жакында эле аркы көчөдөн бир жигиттин сөөгүн алып келишкен эле. Ал баңгиликке ушунчалык берилген экен, камакта аны таба албастан жүрөгү жарылып кетиптир. Мындай нерселер жашообузга кайдан келди, ким билсин. Андай нерселерди ким биз жактарга алып келүүдө? Алар кимдер? Өткөн жылдарда канчалаган жаш балдар баңгинин курманы болушту. Алардан оорукчан наристелер тулуп жатат. «Кара дарыны» ичине жутуп чек арадан өтөмүн деп, өлгөндөрү канча. Эки кабат үй салып, кошу менен машиналарды алып, дүйнөгө түркүк болдук деп ойлошсо керек, алардын кээ бирлери. Ошентсе да, буга окшогон нерселер, не деген адамдардын азаптары, жалынуулары таасир кылабы. Бийик-бийик үйлөрдү курганда ар бир кагылган мык, алардын жүрөгүнө сайылган канжар болуп калды го. Туура, арабызда адал эмгек кылып ушундай эле үйлөрдү салып, калаберсе колунда жокторго жардам берип жашап жаткан адамдар да бар. Мындай адамдарды чыныгы азамат деп башыбызга көтөрсөк болот. Бирок, элди ууландырып келе жатышкан бангилик аны менен соода кылышкандарды ким десе болот? Өкүнүчтүү жери мындайлардын көбүн аялдар түзгөндүгү. Энелер! Мындайларды мен, бала төрөп, аны муунтуп өлтүргөндөргө окшотор элем. Аянычтуу жери, алар өз балдары калып, өзгөлөрдүн балдарын да жок кылып жатышпайбы. Бир кездерде ак сүтүн берген аял, бүгүн өз баласына «кара дары» сунуп турса. Оо, кудай! Бул эмне деген шумдук? Аялдарыбыздан, энелерибизден көрөрүбүз ушубу? Алар эмненин курмандыгы болуп жатышат? Бир жалтыраган көйнөктү ашыкча кийүү үчүнбү? Дүңгүрөтүп той бериш үчүнбү? Жакшыраак жеп, ичиш үчүнбү? Кечиресиз, ачыгын айтсам ушунун баары бир жигиттин өмүрү эмес, бир тамчы канына татыбайт.

Ошентсе да арабызда али да болсо энелик парзды жогору көтөрүп, уул-кыздарына жакшылык үйрөтүп, ыйманга үндөп, адамкерчиликке чакырып жүрүшкөн энелерибиз, аталарыбыз көп. Биз аларга өмүр бою ийилип таазим этебиз.

Дагы бир өкүнөрлүк жерибиз, жашообузга СПИД деген желмогуздун кириши. Бул ажыдаардай болгон оорууга күн сайын миңдеген, миллиондогон адамдарга жугуп жаткан бул илдет менен коркпостон жанаша жашап жатабыз. Көчөлөрдө келин-кыздарыбыз денесин сатып жүргөндө, уул-кыздарыбыз банги тартып турган бул заманда бул илдеттерге кантип эшик ачпай кое алабыз. Арак, наша бар жерде сөзсүз зынаа болот. Зына бар жерде, ар түрдүү оорулар бар экендигинен коркпой жатабыз.

* * *

Мухае ар күнү уулуна насыят айтат, ага жалынат. Шухрат ар күнү эртең менен апасына жаман жолго барбасына убада кылып көчөгө чыгат... Намаз үйрөндү. Бардык күнөөнү ата-энеге, улуу кишилерге жүктөп коюу да жарабайт. Бул жөнүндө жаштар өздөрү да ойлонушу керек. Уул кыздарыбыз жаман нерселерден өзүн тыйууга, акыл менен ой жүгүртүүнү үйрөнүшү зарыл. Бала атасы менен энесине кыянат кылбаса эле эч качан туура жолдон адашпайт эмеспи...

* * *

Мухае да аза күтүлгөн үйдөн көңүлү бузулуп чыкты. Анын көзүнөн бетин тытып ыйлаган аялдын элеси кетпей койду. Ал чынгыз айтматовдун «Саманчынын жолундагы» Толгонайындай болуп кыйкыргысы келип жаты: «Оо, Жер эне! Адамга таттуунун да ачууну да өзүң бересиң. Бооруңда наадан дагы ак жүрөк дагы бирдей дем алат. Сен жакшынын да жаманды да бирдей көтөрүп жүрөсүң. Бир колуң мене наш берип, экинчиң мене нок сунасың. Жер бетиндеги бардык нерсенин азап-тозогуна сен себепчи болуп жүрбө?! Жок, жок! Сенде айып жок. Айып бизде! Өзүбүздө! Сен эмнени берчү болсоң аны ниетибизге жараша берип жатасың! Эх, ниетибиз изги болгондо, сен бардыгын жыпар жыттуу гүлдөргө бөлөбөйт белең! Пейлибиз таттуу болгондо, арыктагы суу ордуна бал агызбайт белең! Эй, тоолор, андан аркы деңиздер, андан аркы адамдар! Ниетиңерди оңдогула! Жүрөгүңөрдү агарткыла! Токточу! Курмандыктарга жол ачпачы! Артыбызда урпактарыбыз калсын! Арзыбаган, өткөөл нерселер үчүн өз өмүрүбүзгө, балдарыбыздын өмүрүнө чыккынчылык кылбайлычы!»

* * *

Бир саамга Мухаенун жүрөгү толкуп алды. Ички күчүнөн, бугунан көздөрүнөн жаш чубурду. Ал өкүрүп ыйлап алды.

Кайриет, жашоо жалаң эле кара боектон эмес экен. Көпкөк асман, күн, жети түстөгү асан-үсөн көздөрүбүздүн жоосун алат. Инсандарды жарыктыкка, нурга болгон мээримди ойготот.

Кокустан көктөгү жаркыраган күн болбогондо, көздөрүбүз жогоркудай сулуулуктарды көрөөр беле? Бир өкүнүчтүү нерсе, жаман иштердин бардыгы түнүндө болот, анын ичинде кыянат да бар. Себеби, жаман адамдар өздөрүнүн кара иштерин түн ичинде жасаганга үйрөнүшкөн. Таң жүрүшү менен «түнкү көпөлөктөр» жарганаттарга окшоп үй-үйлөрүнө киришип, жоголуп калышат. Анткени алар жарыктын жүзүнө тик карай алышпайт. Кан соруучу вампирлерге окшоп өздөрүн караңгы жерлерге кармашат. Балким алар өздөрүнөн өздөрү коркушат. Өздөрүнүн жүзүн күзгүдөн көрүүдөн чочулашат. Жашасын, Күн! Жарыктыкка таазимдер болсун!

* * *

Кудаага шүгүр, мындай иштерди кол менен санаса болот. Күрүч күрмөксүз болбогондой эле, жакшылык бар жерде жамандык да болот экен… «Нур бар жерде көлөкө да бар», деп айткан экен бир жазуучу. Кыскасы, бүгүн биз сиз менен жогорудагыдай нерселерди микроскоп аркылуу — «куралданган көз» менен көрүп турабыз. Айтыш керек так болгон нерсе дайыма көзгө биринчи урунат. Аялыңыз жаңы көйнөк кийсе, анын гүлдөрү, түсү көз жоосун алат, бирок, андагы кичине кыйшык тигилген жери биринчи көзгө урунат. Кийимдин токсон тогуз пайызы жакшы болуп, ошол кыйшык жери көңүлүңүзгө туура келбей туруп алышы мүмкүн.

* * *

Шавкаттардыкында да бир ажайып окуя күндүз болду. Ал жансыз буттарын күнгө кактап, сөрүдө отурган эле. Бираздан соң бутуна канн жүгүргөнсүдү. Көп өтпөй сол жагына ыссык бир нерсе куюлуп кеткенсиди. Бара-бара анын эки буту тең ысып-кызый баштады. Бираз өтпөй белинде да кандайдыр бир жылуулук пайда болду. Тилине жагымдуу даам келип, таттуу шилекей оозуна толо түштү. Аны кылт эткизе жутуп жиберди. Бүт денесинде эркин кан айлана баштады. Бутунун, колунун тырмактарына чейин кан жүгүрдү. Шавкат кайрадан жаралып жаты. Аны күндүн жылуу нурлары дарылап, дабалап жаты. Анын оозуна биринчи келген сөз «Алла» болду. Анткени, бул Шавкатка Алладан келген шыпаа болчу. Анын бүт денесин тер жууп кетти. Тер анын маңдайынан, чекелеринен, башынан, желкелеринен агып жаты. Көздөрү тегеректин бардыгын көрүп, от чачырагансып жаты. Ал өзүн бир нече жылдык уйкудан ойгонгондой сезип жаты. Белине кандайдыр бир күч-кубат киргенин сезди. Жүрөгүндө ишеничтин оту пайда болду. Азыр ордунан турат… Мына…Мына…

* * *

Атасынын ордунан тике турганын көрүп, Шухрат «ата», деп кыйкырып жиберди. Коркуп кеткен Мухае ичкериден чуркап чыкты. Көргөн көзүнө ишенбеди, күйөөсү ордунан турганын көрүп, Мухае Шавкаттын көздөрүн бир карап, эсинен танып калды…

Шухрат да көргөн көзүнө ишенбеди. Ал атасын же сөйөшүн, же кармаарын билбей эсейди. Бир аз эсин жыйып, апасын көтөрүп сөрүгө жаткырды. Анан атасына отурушка жардамдашып, чөмүчкө суу алып келди, да Мухаенун бетине чачты. Ал көзүн ачты. Ордунан туруп чын эле маңдайында күйөөсү Шавкат өз буту менен турганын көрдү. Экөөсүнүн көздөрүнөн кубанычтын көз жашы булак болуп агып жаты. Аларга кошулуп Шухрат да ыйлап жаты. Бул алардын кубаныч жаштары эле. Үчөө бир топко чейин кучакташып турушту. Мухаенун даты Аллаага жеткен экен. Мына күйөөсүн бир кайтарып берди…

* * *

Эртеси алардыкына кыздары, күйөө балдары, туугандары топтолушту. Кой союп түлөө өткөрүштү. Рабия эне, Акрамхон атанын кубанычтары чексиз эле… Ошол күнү Мухаелордукунда бир топко чейин оюн-күлкү уланды. Шавкат үч-төрт, жыл кандай отурганын эстей албады. Бир гана, чет өлкөдө болгон окуяны кечээ болгондой айтып берди. Ошондо Шавкаттын нерв системасы уктап калган эле. Кудайдын кудурети менен ал кайрадан ойгонду…

* * *

Шухрат армияга барбады. Атасы ооруп калгандыктан, апасына каралашканга эч ким болбогондуктан калтырылган эле. Ал көптөн бери бир кызды, көз алдынан өткөзүп жүрөт. Ал гана эмес жактырып да калган. Аты Шахсанам. Кээде жолугушуп турушат. Кыздын да жигитке көңүлү бар. Ал эл аралык университете окуйт. Экинчи курсту бүтүп жатат. Атасынын шаарда рестораны бар… Шухраттын сулуу Шахсанамга болгон махабаты күндөн-күнгө күчөп бара жатат. Жигит кызды көргөн сайын дагы, көргүсү келет. Ал Шахсанамды бир азга көрбөй калса, жанын коерго жер таппайт. Шухрат бул кызды досунун тоюнда учуратып калган. Кыздын карагаттай көздөрү, кара кашы, бажырайган эриндери жигиттин назик сезимдерин өзү багындырган. Алар ошол той күнү таанышкан. Шахсанам келиндин жакын курбусу экен. Бир жолу чогуу бийлешкен. Ошону менен Щухрат бул кыздан көздөрүн үзө албай калган. Жатса да, турса да оюнда Шахсанам. Үйгө да кеч кайтат. Алар дээрлик күн сайын жолугушчу болушту. Апасы уулу келгенге чейин кирпик какпай карап отурган күндөрү болду.

* * *

Мухае менен Шавкат уулунун кеч келчү болгонунун улам, анын бойго жетип калганын түшүнүштү. Тезирээк үйлөндүрүп койсокпу деп, кеңешишти. Уулу үйгө келгенде, көңүлү ток болуп Шавкат уктоочу бөлмөгө кирип кетти. Мухае кухняда уулуна тамак берип жаты. Аны менен чогуу чай ичип отуруп, оюндагысын ортого салды:

— Уулум, мына, кудаага шүгүр, чоң жигит болуп бойго жеттиң. Эжелериң үйүбүздөн кетип, корообуз ээнсиреп калды. Бактыбызга атаңды Алла бир кайтарып берди. Атаңдын ден соолугун тилейбиз! Азбы-көппү таап турат. Өзүң да таба турган болуп калдың. Эмми бир гана максатыбыз калды. Ал сени үйлөп-жайлаш. Макул десең, сага кыз издесек? Мен да келин алып, неберелүү болсом деймин…

Апасынын күтлбөгөн бул сөздөрүнө Шухрат кулагына чейин кызарып кетти…-Кош, кандай дейсиң буга, балам. Кыз издей берейинби, же?..

Апасынын сөздөрүн тыңшап отурган Шухрат жана дагы кызарып кетти. Бир аздан соң, өзүн колго алып:

— Апа, кыз издеп эмне кыласыз? — деди.

Мухае уулун түшүндү да дароо суроого өттү.

— Сүйлөшүп жүргөн бирөө барбы?

— Ооба, — деди Шухрат энесинин жүзүнө карабастан.

— Ал ким? Аты ким? Мен тааныймынбы? Кимдин кызы экен? — деп кубанып кетти.

— Аты, Шахсанам, университете окуйт. Атасынын аты Тайыржан. Рестораны бар.

— Үйү, кайсы жерде?

— «Черемушкада».

Мухае уулунун көзүнө бир топ термелип тиктеди, Шухраттын чачын сылап, жигит болгонуна кубанып калды.

— Андай болсо, эртең эле, алардыкына жуучулукка барабыз…

* * *

Мухае эртеси күнү дубалдаш кошунасы Матлюбаханды ээрчитип алып жуучулукка барды. Аларды утурлап Шахсанам өзү чыкты. Азыркы салт боюнча эң чоң «Санта-Барбара» дарбазасы коюлган бул үйдү көрүп меймандар бир аз апкаарып калышты. Ичкериден Шахсанамдын апасы Шарифахан чыга келди. Ал жуучуларды ичкери баштады. Бул үй эмес эле чоң сарай экен. Жанына отурган Матлюбахан Мухаену акырын түртүп жатты, сөз башта дегендей ишарат берип. Чынында Мухае сөздү эмнеден баштаарын билбей отуруп калды. Ортодогу жымжырттыкты үй ээси өзү бузду.

— Кош келипсиздер, меймандар.

— Кушбак болуңуз-экөөсү тең жарыша.

Дагы бир аз жымжырттыктан соң Матлюбахан сөз баштады.

— Айып этпеңиз. Биз эшигиңиздерге кулдук уруп келдик… Алиги… Кошунабыздын уулу бар. Аты Шухрат… Татынакай кызыңыздар бар экен… Ошого…

— Рахмат, — деди Шарифахан конокторго ыраазылык билдирип, — кызыбыздын колун сурап эшигибизге келгениңиздер үчүн чоң рахмат! Бирок… кызыбыз эми экинчи курста окуп жатат… Аны али-бери турмушка узаталы деген ниетибиз деле жок эле… Сурагандын айыбы жок, өзүңүздөр ким болосуздар? Каяктан келдиңиздер?..

— Биз адырдан болобуз. Дубалдаш коңшуларбыз. Менин атым Матлюбахан, кошунамдыкы Мухаехан…

— Жигиттин атын Шухрат дедиңизби? Атасынын аты ким?

— Шавкатжан… Уулубуз Шахсанам менен сүйлөшүп жүрүптүр, сөз ошондо болуп жатпайбы… Жаңылбасак, жигиттин кызыңызда көңүлү бардай.

Мухае унчукпастан Шарифахандын айткандарына баш ийкеп отура берди. «Ширин сөздүүлүгүн караңыз. Пейли баланыкындай. Ыйманы ысык аял экен. Энесин көрүп, кызын ал, дейт эмеспи. Бул аял кызын бизге берээр бекен», деп ойлоп кетти ичинде.

— Азыркы жаштардын баары ошондой-деди Шарифахан мыйыгынан жылмайып-Илгери эле, бирин-бири көрбөй турмуш курушкан. Азыркы жаштар бирин-бири көрүш тияктатурсун, кол кармашып кетишет. Биздин кызыбыз да заманга жараша чоңойгон. Эркераак чоңойгон. Бирок, ага ишенебиз…

— Шухрат, деле көчөдөгү дейдиген балдардан эмес. Эмгекчил жигит. Ата-энесинин тилинен чыкпайт. Жакшы ойлонгон, акылдуу бала.

— Бири-бирине жагып калса, биз эмне демекчибиз. Арыжагын жаштар өздөрү чечишет. Атасы менен менин милдетим, кызыбыздын каалоосуна ыраазылык берүү болду...

— Рахмат-деди Мухае колун бооруна алып-Түшүнүктүү аял экенсиз. Сиздей аял менен кудалашуу мен үчүн чоң, бакыт. Бизди да сураңыздар, эшигибиз сиздер үчүн дайыма ачык…

— Кана эмесе, бир бата кылалычы-деди Матлюбахан алакан жайып-Ылайым Алла ушул эки жашты максатка жеткирсин. Тойдо көрүшөлүк… Оомийин…

* * *

Мухае үйгө келгенде Шухраттын жүрөгү элеп-желеп болуп отурган эле. Апасын өңү кубарып, кайра кызарып кетти.

— Саламатсызбы апа, жакшы барып келдиңизби?

— Жакшы, уулум, өзүң зерикпей отурдуңбу?

— Тигил жак эмне деди, апа?

— Азырынча бары жакшы… Апасы абдан жакшы аял экен. Мага аябай жакты. Бактың бар экен балам. Ушундай жерден кыз алсак деп Алладан тилеп жүрдүм эле. Куда кааласа, ниетиме жетип калаармын…

Апасынын сөздөрүн угуп Шухрат кубанып кетти.

— Кызды, айтпайсыңбы, кызды. Келишкен кыз тапкан турбайсыңбы, балам. Эмми ошол кыз бизге келин болуп келсе, кана…

* * *

Бул арада, тойго даярдык кылганга кошуналар, тууган-уруктар да киришишти. Тамаша-тамаша менен той дда жакындашып калды. Нике күнү жакындашкан сайын Шухраттын жүрөгү толкуп барат. Шахсанам анын оюнан кетпейт. Түнү уктабай толгонуп чыгат. Тойлору тезирээк болсо экен…

Ал ар күнү Шахсанамга барат. Сабагы бүткөндөн соң бак аралап бирге сүбасып, көңүл ачып, анан үйүнө узатып коет. Бул арада ооз жоолар да берилди. Күйөө көрдү дагы болуп өттү. Шухрат кыздын атасына жагып калды. Шавкат убакытты текке кетирбей, Москвага кетти. Азыр келин алыш оңой эмес. Жалгыз уулу болсо, тойду көңүлдөгүдөй өткөрбөсө болбойт…

Сарыпай, кийим-кечектерди кыз, жигит апалары менен базарда чогуу жүрүп алышты.

Албетте, тойдун даярдыгы ар түрдүү кеп-сөзү жок болбойт эмеспи. Бирок, эки тарап андай майда-чүйдөгө көңүл бурушкан жок. Эки тараптын максаты-балдарынын бактылуу болушу гана болчу.

* * *

Шавкат сапардан кайтышы менен той тездеди. Бата берилип бүтүп нике күнү белгиленди. Мухаенун атасы, Шавкаттын ата-энелери келишти. Тууган-уруктар тойго чакырылды. Ишемби күнү той…

Той шаңдуу болуп, күтүлгөндөн да жакшы өттү. Сүйүшкөн жаштар бири-биринин кадырына жетишти. Алла жакшы ой-тилектер менен бир жаздыкка баш коюшат. Күйөө бала ошону каалады. Келин да, күйөө бала да, убадаларын беришип, шерттешишти. Алар өмүр бою бирге болуп, ар кандай кырдаалда, бири-бирине өбөк-жөлөк болууга, кыянаттыкка барбашка ант ичишти.

Ошентип, жаңы замандын дагы бир үйбүлөсү пайда болду. Ал эч качан бузулбайт деп ойлойбуз. Ал түрдүү борон, добул, толкундарды жеңет. Бул үйлүлө таза махабаттын, бакыттын, бекем ынтымактын очогу болооруна ишенебиз. Келечекте алардан таза перзенттер төрөлүп, кыйынчылык, кемчилик эмне экенин билбей чоңоюшат. Ооба, ооба алар мекенине, жерине, ата-энеси, сүйгөн жарына берилген уул-кыздардан болуп чоңоюшат. Ал мезгилде адамдар арасында Мекенге кыянат, ата-энеге кыянат, аманатка кыянат, бирөөнүн акысына кыянат деген илдеттер жер жүзүнөн бүтүндөй жок болуп кетет. Адамдарды бир-бирине байланыштырган мээрим, акыбет, махабат, ишенич, сагыныч гана өкүм сүрөт. Жигиттерибиз тура сөз, чынчыл, март, кыздарыбыз болсо акылдуу, мээримдүү, сулуу болуп улгайышат. Тууган-уруктар бардык жакшы нерселерди өздөрүнө сиңирип алышат. Омийин. Алганы менен тең карысын.

 

© Каримов Р.З., 2007. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 6807