Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Каримов Р.З., 2007. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 26-июлу

Раҳим КАРИМОВ

«Бадахшан бермети»

(«Айланып кетейиним…»)

Повесть

Өзбекчеден которгон Жакыпбек Акимов

Бул китепке оштук таанымал акын жана жазуучу, «Улуттук бестселлер наамына татыктуу болгон «Камила» романинын автору Рахим Каримовдун «Бадахшан бермети» повести, ошондой эле жаны новеллалары жыйналган. Аларда турмуштун карама-каршылыктары, уй-булөлүк мамилелер, социалдык проблемалар, адамдар арасындагы терс көз караштар менен бир катарда жаштардын таза суйуусу, отту махабаты, бугунку кун инсандарынын кооз пазилеттери чеберчилик менен чагылдырылган. Китеп жалпы окурмандарга арналат

Каримов Р. Бадахшан бермети: Повесть, новеллалар. – Ош, 2007. – 100 б. китибинен алынды

 

Биринчи бап

Давлатшанын ата-бабалары памирлик тажиктерден. Чоң атасы Хуррамша Ошко көчүп келип өзбек кызына үйлөнгөн. Өз атасы Музрабша кыргыздарга күйөө бала болгон. Алардын бара-бара каны аралашып, бири-биринен ажыратуу абдан кыйын. Тажикчени Давлатша түгүл атасы Музрабша да дурусураак билбейт. Жигит Бишкектеги Улуттук университетти бүткөн. Редакцияда эмгектенчү. Тагдыр насип экен. Замандар өзгөрүп, кыска убакыттын ичинде катардагы жөнөкөй газетанын кабарчылыгынан бай чет элдик жаңылыктар агенттигинин кызматкери болуп калгандыгын өзү да байкабай калды. Кызмат абалынанбы же балким жигитти Бадахшан тараптарга ата-бабаларынын руху чакырдыбы, муну ал анык билбес эле. Ошентип, Давлатша күндөрдүн бир күнүндө качандыр бир замандарда жакын карындаштарынын мекени болгон, алыскы бир жайларга барып келишин көңүлүнө келтирген да эмес…

Тагдыр эч кимден, эч нерсени сурап олтурбайт турбайбы. Каалаган нерсесине, өзү каалаган учурда туш кылып кое берет, кишини… Кыш күндөрүнүн биринде ага кошуна Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облустунда жашаган жергиликтүүлөрдүн жашоо тиричилиги тууралуу макала даярдаш вазийпасы жүктөлгөн эле… Адамдардан сурап-сураштырып темир жол бекетине келди. Памирге каттоочу жүк ташуучу автомашиналардын турган жайы. Бир-эки айдоочу менен баарлашып да көрдү. Бул жерде алар азык-оокат жүктөлгөн вагондордун келишин күтүшүп, бош турушкан экен. Мына, бир нече жылдан бери, Агахан ысымдууу эрандык бай-давлат бир адам тарабынан жиберилген гуманитардык жардамы келип турат. Негизинен май, ун, шекер сыяктуу азык-түлүктөр. Ушуга окшош азык-түлүк, кийим-кечектер илериттен Ош аркылуу Тоолуу Бадахшанга жеткирилип турчу. Бул жерде эзел-эзелтеден аты жогоруда оозго алынган автоном облусунун атайын кампалары бар. Оштуктар бул жерди «Тажик база» деп коюшат. Тоолуу Бадахшанга Тажикстан аркылуу жүк ташуу кыйын болгондугуна байланыштуу бул маселе шаарыбыз аркылуу чечилип, иш жүзүнө ашып келүүдө…

* * *

Давлатша эки күн жолоочу машинени күттү. Жүк артып алгандар болсо жолоочулар менен толгон экен. Ушул себептен дагы үч-төрт күн күтүшкө туура келди.

* * *

Кудайга шүгүр, жолго чыга турган күн да жакындашып калды. Муну караңыз, ар бир жолоочу машинанын өз «шериги», «жолдошу» болот экен. Бири сапарга чыгууга шай болбосо, экинчиси да чыкпайт экен. Кала берсе алар жарым түндө жолдо машиналардын саны себеленип калган учурда, беш-ону сап тартып жолго аттанышат. Узак жолдо, бири-бирине көмөктөшүп кетишпесе болчудай эмес. Алар муну эң жакшы түшүнүшөт. Темир жол боюнда болсо, алардын өздөрүнө ылайык бекети, келип кетишкенде жата турган жатаканалары да бар экен…

* * *

Ошо күнү өчөшкөндөй чырак өчүп калды. Караңгыда жолго аттанып турган «ЗИЛ» дердин чырактарынын жарыгынан өзү келишип койгон айдоочуларды араң тапты. Салбаттуу, сакал-муруттары абдан өсүп кеткен, отуз-отуз беш жаштар чамасындагы бул киши Давлатшаны көрүп, көрүшкөнү колун узатты. Ал орус тилин түзүк эле бузуп сүйлөдү. Жанында «шериги». Ал болсо тамеки тартып турат.

— Ассалом алейкум!

— Ваалейкум ассалом!

— Бар болуңуздар! Жолго даярсыздарбы?

— Биз го даярбыз, өздөрүчү, өздөрү, — деди жигиттер Давлатшанын үстү-башына баштан-аяк тигиле карашып, соң бир-бирлерине карап жылмайып коюшту. Давлатшанын тышкы кебетеси чындап эле күлкүлүү болчу. Анын бир кичине жүзүнөн бөлөк эч бир жайы көрүнбөйт. Бутунда кийиз өтүк. Ичинен кабат-кабат ыссык кийимдерди кийип алган. «Эмне бале, бул адам Арктикага кетип жатабы» деген ойго барышы турган кеп, четтен караган киши. Бактысына айлана аппак кар. Асмандан болсо кар лапаңдап жаап турат… Кабина эшиги ачык… Радиодон жагымдуу күү таралууда. Фузулий газалы менен айтыла турган «Айланып кетейиним…» ыры жаңырууда…

* * *

Давлатша кабинага чыкканда ортодо жаш бир кыз олтуруптур. Ал Оштогу жогорку окуу жайлардын биринде окуган студент экен. Эгңинде бир гана жоолук менен кайыш куртка. Айдоочу да жеңил кийинген. Бир чыт көйнөк менен пахталуу куртка кийип алыптыр. Давлатша шериктерине карап, алардын эч бир үшүбөгөндөрүнө айран. Жигит чоң термузга демдеп алган чайын аягы астына жайлап, тизесине өзү менен алып келген жүн одеялды жаап алды. Суукта үшүгөндү биз, оштуктарга чыгарган экен Кудайым деп ойлоп турду, ичинде. «Мына бул жаш гана кыз, тигил акени караңыз, бир жолу да ичиркенип коюшпайт. Алар балалыгында тоо-таштарда суук жеп чоң болушкан да»…

* * *

Айлана аппак кар. Машинанын чоң чырактары өчүрүлүп коюлса да, кең, узун жол, аппак айдың көрүнүп тура берчүдөй. Кудум асфальтта аппак килемди салып койгонго окшойт. Бул сапар ушунчалык узун жана көз жетпеген мейкиндик. Жүк машиненин дөңгөлөктөрү бул көздөрдү кычыштыруучу аягы жок аппак жолдо айлана берет, айлана берет… Кабинада болсо баягы «Айланып кетейиним…» ыры жаңырып барат…

* * *

Кыйла жүргөнүбүздө, сол жагыбызда «шерик» машина пайда болду. Салты ошондой экен. Кээде ал алдыга чыгып турат экен. Ушул көрүнүштөн алар бири-биринин эч бир кыйналбай, эсен-аман келе жаткандыгынан кабардар болуп тургандыктарын кийин билип отурбайынбы… Бирок бул аппак дүйнө каарманыбызды али алдыда күтүп жаткан, күтүлбөгөн үлкөн, көз жетпес аппак дүйнөдөн «Камыр учунан патир болчу». Бирок Давлатша мындан кабары жок эле…

— Паспорт, уруксаты, күбөлөндүргөндөрдү үйдө калтырып койбосоңор керек, ушундайбы? — деди машина ролун жеңил гана башкарып бара жаткан айдоочу.

— Адебей биринчи постко жетип барабыз. Документтер, жеке буюмдар текшерилет.

Давлатша костюмунун ички чөнтөгүнө жайланышкан жайды колу менен кармап коюп, көңүлү дагы бир тынч болду. Ал «паспорт столу» да эки-үч күн жүгүрүп бир амалдап уруксат алгандыгын эстеди…

Машина артына карабай кете берет, кете берет. Ал «шериги» менен куушмай ойноп жаткандай, айрымда алдыга чыгып алат, айрымда артта калып кетет. Алар Дарауткоргонго кирип келе жатышканда ире-шире болоюн деп калган эле. Наркы машинада ушул жерлик бир жолоочу бар экен. Жүк-мүгүн түшүрүп бериштиби… Бир аздан соң дагы жолго түшүштү. Давлатшанын көз алдында бул дүнүйө аста-секин агарып бараткандай туюлду…

* * *

Орозо Рамазан айы кирип келген. Жигиттин көз алдында баягы иптар учурундагы базардагы сатыла турган нишалда келди. Ооба, таң агарган сайын баягы аппак дүнүйө агаргандан агарып көздөрдү агартып кетчүдөй деңгээлде камаштырат.

Көптөн соң машина беш-он минутага жол четине токтоду. Карындар ачкан. Давлатша апасы жаап берген күлчөдөн, шише банкадагы «куурдак» тын желим капкагын ачты. Кайнатылган жумурткаларды алып, ортого дасторкон жайды. Кыз, айдоочу дагы жолго деп алган жегиликтерин дасторконго коюшту. Айдоочу бөз калтадан беш-алты пиязды да таштап койду. Рамиз жол бою чылан, жийде, өрүк как жеп келди. Ой, айткандай биз айдоочуну тааныштырууну тап-такыр унутуп калыпбыз. Анын жол бою оозу тынбады. Давлатшанын болсо адеп көңүлү айныйт эле. Кыз болсо сынынан бузулбай келе жатат. Ал узак жолго ушундай үйрөнгөн экен, ага тигилип жакаңды кармайсың…

— Алгыла, пиязга кошуп жегиле. Көбүрөөк пияз, сарымсак жеш керек, — деп кайталады адеп айдоочу.

— А дебей «түтөк» башталат. Пайдасы бар…

Машина бир калыбында кетип баратат. «Шериги» айрымда алдында пайда болуп калып, айрымда эч көрүнбөй кайып болуп кетет. Жол жүргөн сайын негедир Давлатшанын башындагы оору күчөгөндөн күчөп баратат. Алар тынбай жол жүрүштү. Эч тынышпады, жүрө беришти, жүрө беришти. Бул жерлер анчалык деле суук эмес. Күн чыгып турат. Ошондонбу, кабина ичи бир аз жылып калган. Түшкө жакын алар Сарыташка жетип келишти. Жол боюндагы бир үйгө келип түшүштү. Бул жерде бир үй бүлө жашашат экен. Үйүн ашкана кылып алышыптыр. Үч-төрт кыл бышкан тамак бар экен. Жарым кеседен кайнатма шорпо ичишти. Кымыз беришти. Боорсок жешти. Давлатшанын тамакка көңүлү тартпады. Башы дагы эле катуу ооруп жатты. Жакшы дагы өзүнө беш-алты кыл дары-дармек алып алган экен. Бир даана «Анальгин» ичип алды. Бирок эм болбоду. Баш оорусу адегенде эле басылбады. Бул жетпегендей, дем алуусу бара-бара күчойүп, аябай кыйналды… Машина жол жүргөн сайын аста-секин жогоруга көтөрүлүп бара жатты. Алар Акбосогодон эсен-аман өтүп алышты. Айткандай «Түтөктүн күчтүүсү » ушул жерде экен. Акбосого өз аты менен аппак эле. Бир дагы кара шарпа көрүнбөйт. Бардык жак ак карга бөлөнгөн. Акырындап күн кечкирип баратат. Кечки сууктун башталганы кабина ичинде билине баштады. Давлатша дагы одеял менен буттарын ороп алды. Мойнунда жүндүү шарф. Башында болсо ыссык баш телпек.

* * *

Түнкү он-он бирлер чамасында «ЗИЛ» бир үйгө жетип келди. Айлана ушундай бир суук, аба ырайынын төмөндүгүнөн буту-колуң кыймылга келбейт, алсыз. Жайлардын аттары да көп экен. Бири-биринен кызык, ар түрдүү. Бир-эки жолу барган жолоочу, аларды эстеп калуусу мумкун эмес. Машина дагы күчтүү машина экен. Бийик тоого чыгып кетти го, капырай! Ылдыйда жай куруп кеткендей чоң имарат үйдү нак тоонун үстүнө курушуптур эй. Бул үй чоң бир кана эле, болгону. Мына ушул үлкөн канада канадан башчынын уул-кыздары, келиндери, неберелери жашашат экен. Жолоочуларды эски кадрдандарын күтүп алгандай кучак ачып тосуп алышты. Чар тараптан бөрүлөрдүн уулдагандары кулакка угулуп турат. Электр энергиясы кечки саат жетиге чейин гана жанат, түн бою шайтан чыракты пайдаланышат, баягы бечаралар. Бул кананын чар тарабы айван кылып коюлган. Айрым жерлерине адам боюна тең тосуктар коюлуптур. Кананын шыбы ушунчалык чоң, бийик, өзүңдү бир музейге кирип калгандай сезесиң, таң калып. Дубалдары да жөнөкөй үй сыяктуу төрт бурчтуу эмес. Тескерисинче, боз үйгө окшоп томолок…

Кананын полу жок — жер эле. Ортого темир меш орнотулуп коюлган. Аппак чачтуу кемпир, келини, кыздары менен дароо картошка арчып, эт менен куурушту. Столго дасторкон салып, чай коюшту. Бул жердегилер жөн чай ичишпейт экен, «Шир чай» ичишет экен. Чайнекте сүт кайнатып, үстүнө сары май кошуп беришти. Давлатша андан ыссык-ыссык ичип, бир аз өзүнө келгендей болду. Спорт сумкесинен дасторконго убу нерселерден алып койду. Алар менен үй башчысы, аксакал  — Искендер аба, анын туң уулу — Алымбек бирге олтурушту…

— Жол болсун, мейман, — деди аксакал Давлатшага карап.

— Рахмат, ата, — деди Давлатша колун көкүрөгүнө коюп.

— Үзүр, сиздерди беймалда тынчыңарды алып койдук.

— Кой, балам. Биздин жашообуз ушул. Бүгүн силер, эртеге башкалар… «Жол азабы — көр азабы», балам. Эшигибиз силерге окшогон мусапырлар үчүн дайыма ачык…

— Рахмат, бар болуңуз, ата…

— Бул менин тун уулум. Мугалим. Душанбе университетин бүтүргөн. Мектепте математикадан сабак берет.

Давлатша кара костюм-шым, ак көйнөк кийип, мойнуна кара ала галстук байлап алган, келишкен бул жигитке тигилип, ал дагы бизге окшогон шаардан келген жолоочу болсо керек деп ойлоп олтурган. Жигиттин ушул жерлик экенин угуп, таң калды.

— Бул жерде мектеп барбы? — деп сурады тамак үстүндө.

— Ооба, — деди жигит ишенимдүү сүйлөп. Болгону бир-эки чакырым нарыда.

— Мектепке ар күнү кандай барып келесиз?

— Пиада. Сабак башталганга чейин бир-эки саат алдыңыраак жолго түшүш керек.

— Ушул жерде жашайсыңарбы?

— Жок, бул жерде атамдар, үкөлөрүм, карындаштарым турушат. Биздин өз үйүбүз бар. Бул жерден жарым чакырым алыста.

— Ушул жерде түнөп каласыздарбы?

— Жок, азыр үйгө кетебиз. Ар күнү иштен кайтканымда, жол-жолокой ата-энемден кабар алып турам. Чоң энем, менин кенже уулум катуу ооруп калышыптыр, уулуму бүгүн ушул жерге калтырып кетебиз.

— Дары-дармек бердиңерби?

— Шопурларга дайындап жибергенбиз. Эртеге-бүрсүгүндөн кайтышат. Алып келип калышар.

Оорулуулар эки-үч күндөн бери кыйналып жатышкан турбайбы. Кайрыят, Давлатшанын жанында ар кыл дарылар бар эмес беле. Дароо сумкасынан чыгарып, үй ээлерине узатты.

— Мына, алгыла, буларды тездик менен ичирип койгула, ажеп эмес, эртегече ысытмалары түшүп калса.

— Жок, — деди Алымжан дарыларды албай. Өзүңүз чоң жол алдында турасыз. Жолдо аларга сиз бизден да муктаждык болуп калышыңыз мүмкүн. Биз эмнеси болсо да өз үйүбүздөбүз… Жок, аке, рахмат, кабыл кылалбаймын.

— Кабатыр болбогула, менде дагы бар. Алгыла, ала бергиле. Уулуңузда кыйналып кетиптир. Акырында Давлатша аларды дарыларды алууга көндүрдү. Кыздар дарыны алып балага, энесине ичиришти… Искендер ата меймандарга ыраазычылык билдирди.

Давлатша тышкарыга чыгып келмекчи болуп ордунан турган эле, аны Алымжан эшикке узатып чыкты. Бардык жак аппак кар. Сууктун күчү көзүңдү-жүзүңдү үшүтүп өз күчүндө. Алымжан Давлатшаны ажаткана тарапка күзөтүп бараткан болчу, капыстан меймандын буту тайып кетип тайгаланганча жыгылып түштү. Ордунан турайын десе эч тура албайды. Бардык жер өтө сыйганчак. Алымжан ага колун берип, араңдан зорго тургузуп койду.

Барынан да кайтышында ал колу менен эшик туткасын кармап алганы чеки болду да. Оң колу ага чып жармашып калса болобу. Чыгарып алганча, көздөрүнөн жашы агып кетти, байкуштун…

Ичкериге кирип келишкенде меймандарга катар жай салынып коюлуптур. Алымжан аялы, эки баласы менен түн оокумда өздөрүнүн үйлөрүнө жөнөп кетишти. Давлатша алардын түн жарымында коркпой балдарын жетелеп көчөгө чыгып кетишкендерине таң калды. Алар кезектеги тоонун үстүндөгү үйдө жашашат.

* * *

Меймандар үрүң-бараңда дагы жолго аттанышты. Үй ээлери саарлыкка турушту, алар дагы шам-шум этип алышты.

Дагы жол башталды, узундан-узун, аягы жок жол. Анда-санда гана кардуу чокулар көзгө урунат. Машина ал сайын, минут сайын бийиктикке көтөрүлүп баратат. Давлатша үшүгөнүнөн одеялга баягысындай оронуп алган. Баш оорусу бир аз калган. Көздөрү толо уйкуда. Башын каерге коюшун билбей, бул жакка, тигил жакка чайкалып кетип баратат. Суук небак эле кабат-кабат кийимдерин тешип ичине кирип алган. Ал бара-бара азайи-баданин муздатып барууда. Колу буттары болос уюп бүткөн.

— Уктабай сүйлөп кеткиле, — дейт Рамиз ага тигилип, -кокусунан мен да уктап калам. Кудай көрсөтпөсүн, чар айланабыз жар. Кудай өзү сактасын!…

Давлатша табиятынан кем сөз жигит. Эң көп сүйлөгөнү — бары жогу онго жетпеген сөзү. Ошого карабай аяк-буяктан, андай мындай деп көрдү. Ал сүйлөп, сүйлөп акыры эмне дээрин да билбей калды. Сүйлөбөйүн десе уйку өзүнө тартып барууда. Бир көңүлү «бар, болгону болор» деп колун шилтеп ширин уйкунун ааламына кирип кеткиси келсе, бир көңүлү: «Жок, өзүңдү колго ал, бир балакет болбосун дагы» деп ойлонот. Бул сөздөрдү ал ичинде миң кайталады, чагым. Бирок уйку дагы бош келбеди. Аны арбай берди, арбай берди…

* * *

Дагы өр башталды. Машина бийик-бийик чокулардын жан боорунда кыяда баратат. «ЗИЛдер» узактан кудум күкүрт кутусундай болуп көрүнөт. «Бир нече сааттардан соң, капырай, биз дагы ушу чокуга чыксак» деген санаа, сарсанаага түшөт Давлатша.

Созулган аппак дүнүйө болсо көздөрдүн нурун алып көр кылып койчудай. Күн чыккан учурларда айланага карап болбойт. Нур кабина чатырын ушундай бир ысытып жибергени, чыдап болбос ыссыктан Давлатша баш кийимин да алып салган.

Алар ааламдын чокусу деп аталган — Кызылартка жакындашып келе жатышат. Капыстан Давлатшанын жүзү агарып, башы, бармактарынын башынан «муздак» тер чыга баштады. Ал өзүн кудум ток ургандай сезе баштады. Ушул жерде документтер текшерилди. Давлатша ылдыйга түшө албады. Ага үч-төрт баш пияз жедирип жиберишти. Ошондо гана жигит бир аз өзүнө келгендей болду. Бирок, бул али бардыгы эмес эле. Ооба, алар эми гана жолдун жарымын басып өтүшкөн болчу. Али алдыда канчадан-канча ашуулар турат…

* * *

Күн как чокуга келген. Машина дагы деле кетип баратат. Күн кызыгандан кызыган. Кабина чатырынан башка ыссык таамай урат. Давлатша башын каерге катышын билбей шаштысы кетет. Ушул кетиште кудум бышып калчудай… Айлана бирде ылдый, бирде бийиктиктер, айрымда ээси жок чөл менен орун алмашууда. А дебей күн батып, кечки суук башталды. Жол узак. Бир нерсе шам-шум кылып алыш үчүн анда-санда пайда болгон үйлөрдүн бирин көздөй айдоочу сала берди. Бул жерде кыргыздар жашашат. Үйлөрү таш менен урулган. Үйдүн үстүлөрү тегиз. Дубалдар — терезесиз. Албетте, бул жерде болучу катуу шамалдар үйдүн терезелерин сындырып жибериши турган кеп. Ошондон болсо керек, үйдүн айнектери алардын үстүлөрүнө орноштурулган. Айткандай, көз алдыбызга биз үчүн, бейтааныш көрүнгөн шарт, ылайыкташтырылган турмуш-тарзи, башкача маданият пайда болгондой болду. Үй ээлери, алардын ширинден-шекер балдарынын эки бети анардай кыпкызыл. Балдар жеңил-желпи кийинип алып, чана тебишүүдө. Жолоочулар үйдүн бирине киришип алып ыссык-ыссык ширчай ичишти. Борсок жеп, жарым кеседен кайнатма шорпо беришти. Күн аста-секин уясына батып бара жатат. Айдоочу, студент кыз, Давлатша дагы «ЗИЛ» дин кабинесине чыгышты. Карындары ток жолго түшүштү.

* * *

Жол бою сүйлөй берип, Давлатшанын ээгинде жаак калбады. Караңгы түшкөнүнө көп эле болуп калды. Жигит бошонуш үчүн машинаны токтотуп жерге түштү. Айлана бороон чапкын. Ызгаарын жүзүңдү аймалап көзүңдү ачырбайт. Ийне болуп сайылып чымчылайт. Улуган шамал дем алууга да койбойт Дарат ушатып алганча көздөрүнөн жаш чыгып кетти, бечаранын. Колдору тарашадай муздап калды. Кабинага араң чыгып алды. Алар дагы жолго түшүштү. Тоолор, дөңсөлөр, жарлар, тегиздиктер, бардык-бардыгы кар алдында. Жол боюнда убакты-убактысы менен пайда болгон күзөтчүлөрдү эсепке албаганда, бул жерлерде адам баласынын өмүр сүрүшү мүмкүн эмес.

— Эмне болду, журналист, — деди айдоочу Давлатшага карап.

— Эмне, көңүлүң түшүп кеттиби? Бош келбе. Үйлөнгөнсүңбү? Бала-чакаң барбы? Эмне максат менен келе жатасың өзү, бул жерлерге.

— Бадахшандыктар жөнүндө макала жазышым керек. Жакында үйлөнөт элем. Бул үчүн эми биринчи үйүмө эсен-аман кайтып жетип алышым керек.

— Увайма кылба. Бардыгы жайында болот. Сенин тоңуп калышыңа жол койбойбуз. Хорогдон чырайлуу кыз таап үйлөп коебуз, — деп кырс-кырс каткырып күлдү, баягы бейгам айдоочу. Бул жерлердин аба-ырайына аста-секин көнүп кетесиң. Болду, сени эми үйүңө коюп жибербейбиз. Бир жээним бар. Ошону сага алып берем. Ушул жерде жашайсың. Ыраазысыңбы? Сүйлөбөйсүңбү? Эмне унчукпайсың? Тажик кыздары өтө чырайлуу болушат. Билесиңби?

Давлатшаны бул учурда «качан эңсеген жерге жетип алар экенбиз» — деген суроо гана кыйнап турат. Анын ушул саамда тажик кызы быякта турсун, Индия актрисасы Мамтага да үйлөнгүсү жок эле…Оюнда «качан жаным тынч алар экен» — деген суроо аны таштап кете албай турду. Чоң созулуп жаткан чөлдө алардан бөлөк эч ким жок. Айдоочунун «шериги» эбак эле көздөн кайым болгон. Алдыга өтүп кеткенби, артта калып кеткенби, муну жалгыз Кудайдан бөлөк эч ким билбейт. Балким машинасы бузулуп жолдо калып кеткендир…

* * *

Давлатшанын башы дагы ооруй баштады. Кан басымы түшүп кеткенби, көтөрүлүп кеткенби, билбейт. Дары-дармектерин да жолдо бирөөлөргө берип келди. Убакыт өткөн сайын баш оорусу күчөгөндөн күчөп, дем алуусу оор болуп баратты. Анын башында оорубаган бир кичине тамырда калбагандай болду. Бешенесинен муздак тер гана чыгып турду, болгону. Баш оорудан «тарс» жарылып кетчүдөй.

«Жол азабы — гөр азабы» — деп мына ушул Ош-Хорог жолу жөнүндө айтышкан болушса керек. Айдоочуларга рахмат. Алар бул жол аркылуу ар айда уч-торт марта барып келишет. Өмүрлөрүнөн береке табышсын. Мындай эрдик ар кандай айдоочунун колунан келе бербейт. Автокырсыктар да болуп турса керек? Бая жарда бир "ЗИЛ« алтын коңуздай оонап жаткан экен. Ичиндегилер аман калышты бекен?! Давлатша ушуга окшогон ойлорго чөмүп кетип баратты. Түн оокумда машина күткөн Мургабка кирип келди. Бирок Давлатшанын абалы дагы деле оорлошуп кыйнап турду…

Бактыга каршы кудум ушул жерге келгенде машинанын бир балону жарылып кетсе болобу? Рамиз да өлгөндүн үстүнө көмгөндөй кылып, машинасын ушундай турган жар жакасына токтотту. Давлатша ылдыйга түшүп алайын десе суук. Кабинада олтура берейин десе, машина жар жакасында турат. Беш-алты сантиметрге серпинип, же жылып кетсе, жүк-мүгү менен жарга түшүп кетери эч нерсе эмес. Айлана аппак кар. Рамиз машина үстүнө чыгып брезент астынан «запас» дөңгөлөктү алып түшүп, алмаштыра баштады. Жарым сааттардан соң алар дагы жолго түшүштү. Баягы студент кыз Мургабдан эле. Абал аны үйүнө жеткирип коюшту. Андан соң жүк машиналар токтой турган атайын бекетке келишти. Бул жерде алардын жатаканасы бар экен. «Шерик» машине ошол жерде экен. Ал Мургабка саал алдыда келген турбайбы. Давлатша анын номеринен таанып калды.

Эки-үч бөлмөдөн турган бул жатаканага баштан аяк темир кроваттар коюлган. Темир мешке коргонушуп бир топ айдоочулар ысынып олтурушат. Мештеги от көздөрүн күйгүзүп алоолоп күйүп турат. Чайнекке кайнап турган суудан алюмин кружкаларга куюп, чай демдеп ичишет. Жылуу канага кирген соң, Давлатшанын кулактары от болуп жанып бир аз тынч алгандай болду. Айдоочулардын баары бири-бирине өз тилинде сүйлөшүп жатышты. Жигит алардын тилин түшүнбөй, үндөбөй олтурат.

Ире-ширеде дагы экөө жолго түшүштү. Баягы «шерик» машина да алар менен сапарга аттанды. Алар баягындай бирин-бири кубалап бара жатышат. Көккө күн чыгып, суук бир аз сынып калган. Бирок, бул жерлердин аба-ырайы дагы деле Давлатшаны ылгап жаткан болчу. Катуу баш оорусу дагы деле басылган жок. Көңүлү айнып, дем алуусу оор боло берди.

* * *

Түшкө жакын алар эч ким жок, созулуп жаткан чөлдүн как ортосунда таштардан курулган кичине бир үйдүн жанына келип токтошту. Бул жерде дайыма бороон болуп турат экен. Үйдүн айланасында бир дагы дарак жок. Күчтүү шамал доо-дарактарды да тамыры менен омкоруп кетет. Эгин-эгилүүчү аянт шып-шыйдаң, куруган жыгачтар менен айландырып коюлган. Бул жерде бир аксакал чал менен эми гана бойго жеткен кыз жашайт. «ЗИЛ» дин күркүрөгөн добушун угуп, чал эшикке чыкты. Артынан кыз көрүндү. Алар бул жерде ата бала жалгыз жашашат. Кемпири көп жыл болду каза болгон. Бир уулу Ошко көчүп кетип, ошол жерде калып кеткен. Муну Давлатшага машинада келе жатып айдоочу айтып берген…

Жигит айдоочунун айткандарын тыңшап олтуруп, аларга ич-ичинен боору ооруп кетти. Баягы бечералардын койлору да, өздөрү да үйдүн ичинде багылат экен. Эмне кылышсын? Ушундай суукта жаныбарларды эшикке калтырып болобу? Алар тоңуп калышат го. Үч-төрт бөлмөдөн турган үйдүн ичинен тезектин жыты аңкып турду. Чоң кананын как ортосунда меште от күйүп турат. Баягы кыз ага тез-тез тараша, тезекинен салып турат. Эки жүзү анардай кыпкызыл.

— Туйгунша, кызым, меймандарга дароо дасторкон жай, — деди чал колдору сууктан жарылып кеткен, печке үстүнө чайнек коюп жаткан кызга карап.

— Жаман суук жепсиңер го, — деди чал меймандарга тигилип.

— Кана, кадам жетти, бале кирбесин, омийн.

Эркектер ал жак, бул жактан сүйлөшүп олтурушканча, Туйгунша меймандар алдына дасторкон жайып, падноско кара ундан жабылган чоң патир, ликепчеде сары май алып келди. Меште кайнап жаткан «шир чай» ды чыныларга куюп, меймандарга бирден узатты. Кыз кезектеги «шир чай» ды жаш мейман сууктан үшүп жүзү дубалдай агарып, бир-эки күн жол жүрүп, жүдөп, сакалдары өсүп кеткен кара каш, кара көз, күрөң чачтуу, сулуу Давлатшага узатат экен, жүрөгү ойноп, негедир катуу «дүк-дүк» деп согуп кетти. Анын калтыраган колдору чыныны жигитке араң узатып алды…

Туйгунша бул жерлерде карып калган атасы менен жалгыз жашайт. Кудай көрсөтпөсүн, эртеге-бүрсүгүндөн атасы пендечиликти мойнуна алса, созулуп жаткан бул чөлдөрдө бир гана өзү калып калуудан коркуп жашайт. Эртеби-кечби Кудайдан суранып, Жараткандан атасынын өмүрүн узак кылышын, өзүнө бакыт-таалай ата кылуусун сурайт. Эшикке келип токтогон ар бир «ЗИЛ» дин күрүлдөгөн үнүнөн анын жүрөгү тамагына тыгылып калат. Бир күн эмес, дагы бир күн мына ушундай машинада бир мырза жигит келип, аны бул жерлерден алыс-алыстарга алып кетчүдөй. Бирок Туйгунша да шаарга кетип калса, атасы менен бул ээсиз аралда ким калат?! Атасы карып калган болсо… Кокусунан ооруп-кетип калса, абалынан ким кабар алат, анын. Бул жерлерде же чырак, же суу болсо. Кышта кар эритип, чай кайнатылса… Атасынын дараатына ким суу даярдап берет?!

* * *

Туйгунша пикир-жүргүзүүчү, акыл-эстүү, мээнеткеч кыз. Бирок ал да кыз бала да, акыры. Ал дагы бардыгы катары бактылуу болгусу келет. Ушул учурда көңүлүндө болуп жаткан өзгөрүүлөр, ички ой-туйгулары менен сырдашайын десе, дартын угуучу бир жакын курбусу же бир кошунасы болбосо. эмне кылсын бечара? Эч качан мектепке барбаган. Бактысына үйдө бир транзистор бар. Жолоочу машиналардын бири батарейка, бири азык-оокат, дагы бири кийим-кече алып келип беришет…

— Кызым, радионун кулагын буруп койбойсуңбу? Кыз атасынын каалоосу менен радиону бурап койду. Андан дагы жагымдуу ыр «Айланып кетейиним…» жаңыра баштады. Туйгунша тышкы ааламды жалгыз гана мына ушул радио аркылуу тааныйт. Жакыны да, сырдашканы да, курдашы да ушул кичинекей кутуча. Ал бала кезинде апасы менен бир-эки жолу шаарга түшкөн. Кыздын калган өмүрү мына ушул ызгаардуу чөлдө, бири-биринен сулуу жана үлкөн тоо таштардын арасында өттү. Ал табият кызы. Тоолордун боору. Аны бул жерде топ-топ болуп үй үстүнөн учкан куштары таанышат. Туйгуншанын ага-инилери, эже-сиңдилери, жакын туугандары да ушул тоо-таштар, үңкүрлөр. Мээлүүн шамалдар, ачык көз-жүзүңөрдү чымчылап алуучу шабадалар ага эге болуучу сиңдилеридир… Ишенгени күн, сактоочусу ай-жылдыздар. Сыйынганы болсо жалгыз гана Улуу кудуреттүү Кудай…

Туйгунша, бир карашта абдан куниктей көрүнөт. Чынындачы, чынында. Ал абдан келишкен сулуу кыз эле. Бирок бул каардуу суук шамалдар, мээ кайнаткан ыссык аптаптар ага өтүп кеткендей. Анын сырдуу, асман сымак көкмөк көздөрүндө жашыруун бир от, айтып болбос сулуулукту ачып берип тургандай туюлат.

Давлатша «шир чайга» га бир кашык сары май менен нан салып жеди. Тереңден-терең ой-кыялдардын ааламына батып кеткен. Адам баласын түшүнүш кыйын. Кимдер үчүн бакыт жаннатке тең жайларга келишкен, кабат-кабат үй салып, жанынын үзүрүн ойлоп, бактылуу өмүр кечируу болсо, айрымдары мына мындай барса келбес, адам жүрсө буту, куш учса канаты күйө турган жайларды уй-жай кылып, ошо жерлерди Мекен деп билишет. Дербиштердей өмүр кечиришсе да эч качан жерге көккө ишенишпейт, ал жайларды. Ким билет? Балким алар мына ушул жерлерден Ай көрүшкөндүр. Алибетте, аларга бул жерлерден ай гана эмес, балким Күндү да көрүш насип эткен! Ушул себептен бул жерлер алар үчүн эң ыйык, азиздир! Ата бабаларынын да кабрлары ушундай кана коргонунда. Эй, тоолуктар, тоолуктар!… Сиздерди эмнеге мынча түшүнүш кыйын. Көз жеткис чокулар, көкмөк тоо-таштар, сиздерди бекем арбап, бир өмүргө өзүнө мынчалык тартып албаса?

* * *

Туйгунша айрым-айрымда кана бурчтан мыктан жоопсуз суроолор толкунунда үн катпай олтурган жаш мейман Давлатшага карап коет. Ар дайым жигиттин көздөрүнө тигилгенде, жүрөгү энтигип, арзыгып кетчү. Ал бул жигит менен тиктешип олтурган эң соңку эркек эле. Ооба, ооба, эң акыркы илинчээк. Акыркы көрүнүштөй туюлчу… А балким азыр ордунан туруп кете берсе, Туйгунша үчүн мындай мүмкүнчүлүк кайрадан эч бир берилбей тургандай…

Давлатшанын кызга абдан боору ооруду. Бирок ал сыйкырчы эмес эле, капыстан карыган чал менен анын чоң жашоодон айрылып калган бечара кызынын тагдырын түбүнөн өзгөртүп жиберсе, атаганат.

* * *

Жолоочулар бир аз ысынып, чай-пайды ичип алышкан соң дагы сапарга даярдык көрө башташты. Давлатша үстүндөгү чечип койгон кийимдерин кайрадан кие баштады. Туйгуншанын жүрөгү тынчсызданып, улам-улам жигиттин көздөрүнө карай берди.

Ал ушул учурда өзү уккан эң таанымал жомоктогу, деңиз боюнда кызыл парусту кемени күтүп олтурган Ассолго окшоп кетчү. Ооба, анын хан мырзасы узак-узактарга сүзүп кетип жатат. Чоң «ЗИЛ» үйдөн, кыздын көз алдында бара-бара алыстап баратат. Туйгунша болсо бөлөк бир кемени күтүп калды. Ооба, ал бир күнү сөзсүз келет. Албетте келет! Анын хан мырзасын сөзсүз алып келет. Азырынча ал дагы жанына суук көрүнүп калган жалгыздыкка жар болуп турууга мажбур, бөлөк иланжиси да жок.

* * *

Хорогко чейин саналуу чакырымдар калган. Машинан эки терабы биринен-бири чырайлуу түскө боелгон чоң тоолор менен оролгон дарага кирип барууда. Тоолордун жан боорлору жап-жашыл арчалар, карагайлар менен оролгон. Бир парча кар баскан жай жок. Төмөндөгү сайда көкмөк болуп, шаркырап суу агат. Сайдын шаркырагы тоолорду жаңыртып, бүтүн дара бойлоп жаңырууда.

— Кандайсың эми, журналист. Жете албаймын деп корккон элең… Мына жетип да келдик. Сага бул жактар жактыбы? Кааласаң кал, эми ушул жерде… Аксакалдын кызын көрдүңбү? Сен ага жактың. Сенден көзүн албай калды байкуш. Туйгуншага үйлөнүп койбойсуңбу? Кийин Хорогко көчүп келип аласыңар. Сага иш табып беребиз. Мазза кылып жашай бересиңер. Бир жылдан соң карап тургун, уул тууп берет. Өзүң да тажик жигит экенсиң.

— Азилди койсоңорчу, ака, — деди Давлатша Рамизге карап.

— Эмне, сага Туйгунша жакпадыбы? Атыңарда уйкаш экен. Давлатша, Туйгунша, — деп кат-кат уруп күлөт айдоочу. Өзү да кызсыңбы, кыз болуптур, алмадай жетилип. Биздин тажик кыздарынын каны кайнак болот… Кала берсе, өзүңдө да тажиктин каны бар экен. Үйлөнүп алсаң, суук өтпөй жүрөсүң, — деп дагы күлдү Рамиз.

* * *

Арадан дагы бир нече саат өткөн соң, машина кыялардын боорунан жылан из болгон жол бойлоп Хорог шаарына жакындашты. Оро парада анчалык чоң эмес жер астынан жол пайда болду. «ЗИЛ» тоо боору оюлуп, пайда болгон жол аркылуу шаарга кирип келди. Күн ачык болчу. Аба ырайы жылуу. Жол боюнда жеңил-желпи кийинип алган жаш-жалаңдар. Давлатша табияттын өзгөрүп турушун, ар бир жайдын өзүнө жараша аба-ырайы, өзүнчө шарттары бар экендигин ойлоп таң калды. Кудайдын кудурети улуу. Азыр жер шаарынын бир бурчунда — Арктика, Антарктида, Түндүк муз океанида кылымдар бою муздар катмарын бузбай жаткан бир убактын өзүндө Африка, Индия, Араб мамлкекеттеринде дайыма жаз айлары өз өкүмүн жүргүзүп келет…

* * *

Давлатша Хорогдо бир жума болду. Тоолуу Бадахшан автоном облустунун акимчилигинде, облустук редакциясына барды. Хорогтуктар менен баарлашты, өзүнө керектүү материалдарды топтоду. Ошентип сапары карып, үйүнө кайта турган күн да келип калды. Алар Рамиз менен келишип алган болчу. Жолго чыгардан бир күн мурун алардыкында мейманда болду. Хорогтуктар абдан мейман дос адамдар экен. Бир гана келгиндер кечиндеси жалгыз жүрүш керек эмес экен. Тажикстанда аркандай беттешүүлөр болуп турган жылдар эле, ошондо. Тоолорго чыгып кеткен жангерилер топтору түнлүсун азык издешип ылдыйга түшүп турган. Хорог кичине гана шаарча эмеспи? Бул жерде бирин-бири аттын кашкасындай таанышат турбайбы. Бир бейтаанышты учуратып калса, коркутуп бары жогун алып тоноп коюшат. Ушул себептен Давлатша көчөгө Рамиздин туугандары менен чыгып жүрдү…

Бирок, Давлатшанын алдында дагы бир үлкөн экзамен бар болчу. Ал да болсо узактан-узак, машакаттуу жолдор, мизи кайтпаган сууктарды жеңип, эсен-аман өз шаарына жетип алуу. Муну өйдөсүнөнө чыга алабы, жокпу муну убакыт көрсөтөт. Жигиттин жолго чыгыш күнү жакындашкан сайын, жүрөгү артка тартат. Келе жатканда баягы сууктар сөөк-сөөгүнө өтүп кеткен, бечаранын. Ал ар дайым сапар жолундагы сууктарды эстегенде азайи-бадани ичиркенип кетчү. Жолдон безилдеп, Хорогто калайын десе, бул жер бийик тоолор арасында калып кеткен допудай жай экен. Бул жерден тышкы дүнүйө менен байланыш өтө эле мүшкүл. Бул жерликтер эмне үчүн ушул жерди мекен тутуп, отурукташып, түбөлүк жашап калышты экен? Дагы ошол эски суроо кайталанат. Давлатшанын көңүлүнө: «Эмне бале, тоолуктарга оңойураак жашаш үчүн географиялык байланышыш тараптан ыңгайлуураак жай куруп кетиптирби, жер жүзүндө?». Жигит мындай кыялдарга жараткан Кудай адамдарга аягандыгынан берет дечү. Ушул учурда ал Тоолуу Бадахшан алардын көз ачып көргөн Мекени экендигинда унутпайт эле. Бардык жеңил турмуш шартында киндик каны тамган жерлерин таштап кете беришсе, адам баласынын адамдыгынан эмне калат? Тоолуу өлкөлөрдүн айрым бир жайларында көзү өткөн жакындарынын сөөгүн коюш үчүн бир карыш жер таба албай, сөөгүн тоо бооруна жаткызып, үстүнөн таш бастырып, үйүп коюшат экен. Давлатша Хорогко киребериштеги жол боюнда катар болуп турган ошондой кабрларга тигилип кайраттана түштү. Мунун атын Мекен дешет. Демек, ата-мекендин тоо-таштары да башка журттун жумшак топурагынан да жумшактыр. Жат жерлердин жап-жарык гөрү киндик каның төгүлгөн өлкөнүн караңгы гөрүнөн да караңгыраактыр. Мына, адамгерчиликтин эң бийик чокусу. Кызыларт дүнүйөнүн эң бийик жери-ааламдын чокусу болсо, Мекенге болгон махабат инсандык, бийиктиктин чокусу дегим келди.

Эмнеге эми бул жерлерге «Аалам чокусу» деп наам беришкен экен? Адам баласы дайыма алысты көрүш үчүн бийиктикке, дөңсөгө же үйүнун үстүнө чыгып чар тарапка назар салат. Бирок узакты көрүш болсо баарына эле насип эте бербейт. Алла бардыгыбызга узакты көрүп жашашты насип этсин! Жайлардын аталышы да кылма-кыл. Чыйырчык, Гүлчө, Кызыл-Коргон, Сопу-Коргон, Арчаты, Акбосого, Талдык, Катынарт, Сарыташ, Акбайтал… Эх-хе буларды санап түбүнө жетпейсиң. Ар биринин өзүнүн тарыхы, өзүнүн кайталанбас санжыралары бар. Каракөлдө бир көл бар. Ал кышында ушундай катуу муздайт, үстүндө хоккей ойносо боло турган жыпжылма, күзгүнүн өзү. Адамдардын айтуусу боюнча, аңчылар кийик уулашканда мына ошол көлдөн пайдаланышат экен. Алар машинада бугуларды мына ушул көлгө айдап келишет экен. Баягы жаныбарлар бутуна тура албай, фигуралуу учуучулар муз үстүндө кандай жыгылса, кудум ошондой «тап-тап» музга жыгылышат. Бул болсо аңчыларга оңой олжо болот экен. Шумдугуң менен куруп калгыр…

Жазда болсо Каракөлдүн өңү сап-сарык болуп калат. Бул жерге сан-санаксыз өрдөктөр учуп келип, өз балапандарын чыгарышат. Көл бетин балапандар басып, бул жерге жол жүргөн мусапыр кишинин көзү түшүп калчудай болсо, балапандарды сап-сары гүлдөргө окшотуп жибериши эч бир таң калыштуу эмес…

Дүнүйөнүн иштери кызык. Кудайдын кудурети маалым, суу ар тараптан күчтүү зат, табият мөмөсү.

Жакшылык да жамандык да келет анын колунан. Жамандыгына алса каалаган жерин вайран кылып кетиши мүмкүн. Кааласа көлдү көкмөк жаннатка айландырып жиберишке күчү жетет. Бирок ошол күчтүү суу дагы эмнелердин каршысында алсыз экен. Ооба, ал суукка чыдай албай «өлүп» калат турбайбы. Демек, адам сууктан да күчтүүрак, кудуреттүү жанзатыр. Ал мына ушундай аяздарга туруштук берип, тең келип жашап келген, жашап жатат… Бул жерлерде суу түгүл кырк даражалуу арак да муз болуп тоңуп калат турбайбы?! Адам баласы аракты сууктан өзүн коргош үчүн ичип алат эле, назарымда. Бул жердегилер аны сууктан тоңуп калбасын деп ичип коюшат. Эй, адамзат! Сенин эр жүрөктүүлүгүң, эрдигиң алдында баш ийемин. Сени Жаратканга куллук кылам, Ага башымды ийип кулдук айтамын!..

* * *

Жолго чыга турган күнү Давлатша капыстан ысытмалап калды. Хорогдун жылуу абасы ылгап койду, чамасы. Ыссыктан суукка, сууктан ыссыкка өткөндө ушундай болот көбүнчө.

Бул абалыңда жолго чыгыш кооптуу, — деди Рамиз Давлатшага карап. Үч-төрт күн биздикинде дарыланып жат. Куда кааласа, беш-алты күндөн кийин кайтамын. Ошондо сени алып кетемин. Сен оңолуп каласың, жолго бөлөк машина менен да үйүңө кайтышың мүмкүн.

— Жок, — деп катуу туруп алды жигит. Жаңы жылга үч-төрт күн убакыт калды. Аны ата-энем, инилерим менен күтпөсөм болбойт.

— Каяктагы сөздү сүйлөйсүң. Баары бир үлгүрбөйсүң. Жакшысы аны биздикинде, бала-чакам менен күтүп кое кал. Ден соолугуңду ойлосоңчу. Ден соолугуң эң жакшы болгон учурда бул жерге зорго жетип келдиң. Ооруп туруп үйүңө эсен-аман жетип аламын деп ойлоп жатасыңбы?

Рамиз Давлатшаны канча кыстабасын, ал сөзүндө туруп алды. Ооба, ал бир сөздүү, кайсар, өжөр жигит. Айттыбы, аткарбай койбойт. Бекерге журналистикке окубаган. Журналисттер өжөр кишилер болушат. Бирок жети уктап түшкө кирбеген суук анын жан-жанынан, сөөк-сөөгүнөн өтүп кеткендиги акыйкат. Жок, болбоду. Рамиз Давлатшаны көндүрө албады. Узаткандар менен жылуу коштошту. Сапар жабдыктарын жыйыштырып, машинага чыкты. «ЗИЛдер» Ошко бопбош катташат. Рамиз машина бортуна төрт-беш койду жүктөп алды. Аларды жол сапарында кайнатасыныкына таштап өтөт. Алар жаныбарларды жазга чейин багып беришет экен. Абал автобекетине барып, жолго жете турган май куюп алды. Жолоочулар кечке маал жолго чыгышты.

Давлатша ичинде ушундай сүйүнат. Эки күнчө сабыр кылса, үйүнө жетип алмак. Машинада ысытма, шамалдоога каршы бир-эки даана дары да ичип алды… Күн батып кечки суук түшүп жаткан. Давлатша кадымгидей ыссык кийимде. Буттарында кийиз өтүк. Тизелерин боз жүн одеялга ороп алган…

* * *

Аскерлештирилген текшерүү постунда алар көпкө туруп калышты. Бул жерде өткөн-кеткен машиналар, жолоочуларды өтө катуу режимде текшерүүдөн өткөрүшөт экен. Бардык кийимиби астарина чейин текшерүү жүргүзүлөт. Ал эмес машиналардын дөңгөлөктөрү да бүтүндөй чыгарылып текшерилет экен. Үйрөтүлгөн иттер жардамында «кара дарыны» кыдырып, искетип жатышты.

Давлатшаны дагы атайын бөлмөгө алып киришип, кол сумкасын, чөнтөктөрүн оодарып, ичтерин да текшерүүдөн өткөрүштү. Ал бутунда араң турат. Акырындап ысытмасы дагы көтөрүлүп, колу-буттары алсызданып барууда. Тышкарыга чыгайын десе, күн суук болуп турат. Кана эми тезираак жолго чыкканга уруксат беришсе.

Убакыт өткөн сайын Давлатшанын ысытмасы көтөрүлүп жатты. Кана эми ылаажы болсо, ушундай карга узунунан түшүп жатып алса. Башы, бели, буттары зыркырап ооруйт…

Рамиз да күткөндөй жөнөшкө уруксат алды. Алар кабинага чыгып, жолго түшүштү. Бирок бир-эки чакырым жүргөндө, дагы токтошту. Жол шлагбаум менен тосуп коюлган экен. Давлатшанын абалы баягыдан да оорлошуп баратты. Ысытмасы кыркка чыгып кетти. Ал ар кыл дары ичсе дагы эм болбой койду. Ал онтоп-онтоп охолоп калды… Ойгонгондо машина жолдо кетип бараткан экен. Айлана аппак кар. Давлатшанын дем алуусу оорлошуп, кыйналып жатты. Айдоочу жүргүнчүсүнүн абалы жаман болгондугун көрүп сар-санаага түшө баштады.

— Сага айткан элем го, биздикинде кала бер деп, өзүң дагы кыйла эле кайсар бала экенсиң…Жолдо сага бир нерсе болсо, буга ким жооп берет?! Үйдө ата-энең кабатыр болуп олтурган болсо. Жок, болбойт. Сен бул абалыңда Ошко жете албайсың. Мен сени биринчи туш келген үйгө калтырып кетемин. Беш алты күн ошол жерде дарыланып турасың.

Айдоочунун сөздөрү Давлатшанын кулагына кирсе да ага жооп кайтарганы жигиттин алы жетпейт эле. Ал ысытмадан күйүп-жанууда. Айрымда уйку аралаш дөөрүп, уваймалуу түштөр көрдү. «Бугулар түндөсү жан талашып качып барууда. Алардын артынан жүк машинеси кубалап келүүдө. Кийиктердин көзүндө толкундануу, коркуу. Алардын назик гана бүтүн турпаты, баштары узара эми гана жалбырагын төккөн дарактарга окшогон мүйүздөрү айрымда төмөнгө, айрымда жогоруга тербенип бара жатты. Алар арка-алдына карабай жеңил учуп барышууда. Жандарында бирден тайгакка-муздап калган көл үстүнө түшүп калышууда. Анан барып, барып «тап-тап» этип музга кулай башташат. Жан-жаны менен турууга аркеттенишет. Бирок, туяктары тайгаланып, төрт аягын чозуп кайра ылдыйга жыгылышат. Ушул учурда бул жерге аңчылар жетип келип, колдорундагы мылтыктары менен бир-бирден ата башташат. Көл үстү бир зумда кийиктер мазарына айланат. Аппак кар бугулардын кыпкызыл канына бөлөндү. Алардын чоң-чоң, сулуу, капкара көздөрү ачылуу бойдон калды…

Уучулар олжолорун жүк машинага жүктөй башташты. Абал мүйүздөрүн балта менен уруп сындырышты. Кийин машина кузовуна ыргытышты. Узак-узактардан карышкырлардын улугандары угулуп турду».

«Дагы баягы ошол коркунучтуу көрүнүш кайталанды. Бул жолу бугуларга кошулуп Давлатша да качып барат. Ал жыпжылаңач. Башында кийиктердикиндей мүйүзү бар. Ал кудум жарымы адам, жарымы ат болгон легендалуу баатыр Кентаврди эстетет. Ал аппак кар үстүндө бугулар менен бирге качып баратат. Капыстан алар муз үстүнө түшүп калышты. Тыбырчылашат. Дагы жыгылып, ордунан турууга аракет кылышат. Ушул пайит каердендир уучулар пайда болуп, жаныбарларды ата башташты. Ошондо Давлатшага да ок тиет. Көкүрөгүнөн кан агылып чыкты..». Давлатша чочуп көзүн ачканда «ЗИЛ» эми кана Туйгуншалардын коргонунун алдына келип токтогон эле. Машина үнүн угуп, шайтан чырак көтөрүп Тургун ата чыгып келди. Ал Рамиз менен кучак жайып көрүшкөн соң, кабинанын Давлатша олтурган тарабына өтүп эшикти ачты. Жигитке ылдыйга түшүшүнө көмөктөштү. Оорулуу тынбай онтоп жатат. Анын бүткүл денеси катуу ооруп жатты, ысытмасы өтө бийик. Чал анын экинчи жанына жөлөп, Рамиз менен ичкериге алып киришти. Төшөккө жаткырып, үстүн көрпө менен ороп коюшту.

— Мейманды шамалдатып коюпсуң го, Рамиз.

— Ага канча мерте айттым, биздикинде кала бер, деп. Көнбөдү ата… Ал силердикинде калбаса болбойт. Бул абалында Ошко жетип алышына көзүм жетпейт. Өзүңүз ага көз салып турасыз. Кудай кайырыңызды берсин.

— Эй, ага өзүм карап турамын. Сен эртелеп жолго чыга бер. Аны келерки жолу алып кетесиң. Сен кайтканча түзөлүп калса башка машиналарда жөнөтүп жиберем.

Тургун ата түнү менен оорулууга карап чыкты. Ар кыл дары чөптөрдөн кайнатып ичирди. Денесине топоз майынан сыйпады. Давлатша эрте менен ойгонгондо Рамиз жөнөп кеткен эле. Ал биринчи үйдөгү терезеге көзү түштү. Соң кананы көздөн кечирди. Ортодо печкада от күйүп жатат. Бурчекте Туйгунша олтурат. Тургун аба жаныбарларга жем бериш үчүн башка бөлмөгө кирип кеткен.

Туйгуншанын анардай кыпкызыл бети кыжалат болгондугунан андан бетер кызарып кеткен. Давлатша болсо кызга тигилип, кыжалат болгондугунан ордунан турмакчы болду.

— Ака, ордуңуздан козголбоңуз. Жатыңыз, жата бериңиз, Туйгунша ордунан тик туруп, жигит жаткан жерге келип.

— Чай бердиңби? Нанүшта кылып алсаңыз болмок. Абал мына күч кубат берүүчү дарылардан ичип алыңыз…, — кыз ушундай деп жигитке пияладагы кайнатманы узатты. Желкесинен жөлөп ага ичүүгө жардамдашты. Ушул саам эркек кишинин мойнунан кучактаганда өзүнөн-өзү башы айланып кетти. Кыз жигиттин киртейип турган кара көздөрүнө узак карап, телмирип турду…

Шаардык назик, маданияттуу жигит алдында ага ушул саам таптакыр карама-каршы турмуш таризинде бойго жеткен жөнөкөй, жапайы бир кыз олтурат. Эки башка аалам беттешип турган ушул жайда махабат деп аталган ыйык бир туйгунун пайда болушу күтүлбөгөн бир окуя эмеспи? Дагы ким билет дейсиз? Дүнүйөдө эмнелер гана болбойт өзү. Бул көңүл иши. Дил өкүм чыгарганда акылың, эркиң да башын ийбеске иланжиси жок…

Тургун атага да жеңил эмес. Кызынын келечеги аны ташпишке салбайт деп ойлойсузбу? Акыры ал дагы ата. Перзенти үчүн жүрөгү ачышат. Айрымда Туйгуншанын тагдыры жөнүндө баш катырып, түндөрдү таңдарга улаган күндөрү азбы? Кана эми, бактысына жараша кызына мунасып бир күйөө бала табылып, аны көзү барында ээсине тапшырып алса. Ал качан эле кызы бойго жетип калганын көрүп турат. Көр эмес. Бирок…Тургун ата бөлмөгө кирип келгенде Туйгунша мейманга чай куюп жаткан болчу.

— Баш быштыбы, мейман. Түзүксүңбү, уулум.

— Рахмат, ата. Кудайга шүгүр, кыйла түзүкмүн… Үзүр, сиздердин тынчыңыздарды бузуп койдум.

— Кайдагы сөздү сүйлөйсүң, балким. Биз ээн жаткан жайларда жашаган, адамга зар адамдар болсок. Келип, келип сен оорлук кылар белең бизге. Адам жүгүн адам көтөрөт уулум. Бир гана ооруп калганың чеки болуптур.

— А дебей Жаңы жыл. Майрамга чейин үйүмө жетип алсам жакшы болот эле…

— Бир күндүк майрам да өтөөр, балам. Жаныңды, ден-соолугуңду ойло. Абдан жаш экенсиң. Өмүрүңө бул сыяктуу жаңы жылдар али көп келет. Бул жолу биз менен күтүп аласың. Тагдыр насип экен. Бешенеден качып кутулуп болбойт.
Тургун ата ушундай деп Давлатшанын бешенесин кармады.

— Али ысытмаң бар. Мына бул кайнатмалардан тез-тез ичип терлешиң керек. Кана, чайдан ыссык-ыссык уртачы. Ал, нандан. Сарымайга тийгиз. Кызым, сен казанга дароо кайнатма шорпо салып кой. Топоз эти ысык болот. Суукту кесет.

* * *

Арадан төрт күн убакыт өттү. Эртеге Жаңы жыл. Давлатша кыз менен кыйла таанышып калды. Али төшөктөн турбаган болсо да, соолугу бир аз жакшы болуп калган. Туйгунша жигиттин жанында көзү менен айланат. Өткөн күндөр эсебинде ал Давлатшага жакшы эле үйрөнүп калды. Кана эми ал бир өмүргө ушул жерде калса. Жигит жакшы болгон сайын кыздын кабатырланганы күчөп баратты.

Таң атты. Тышта кар бурганактап жаап жатат. Тургун ата кийинип ордунан турду.

— Кызым, сен акең менен олтуруп тур. Мен тоого чыгып арча кесип келейин, мейманга бир Жаңы жыл тосуп берели. Силер плов жасап тургула. Жигит менен кыз дагы жалгыз калышты. Давлатша үй бекесине үй иштерине жардамда берди. Туйгунша ушул күндү эч качан унутпайт. Бул анын өмүрүндөгү биринчи жана акыркы бактылуу күнү болду. Бир өмүр тоолор арасында жашап, өзгөчө өмүр сүрүшкө масташып калган тоолук бул кыз калбында ага бейтааныш, назик, сыйкырдуу из-туйгулар жай алып үлгүргөн эле. Ооба, ал сүйүп калды. Ушул себеп Давлатшанын көздөрүнө жумшак термеле берчү. Бирок, сүйлөбөдү. Эмне деп айтаар эле? Эмне кылсын. Давлатша окуган, шаар көргөн жигит болсо. Алчы, ал… Же орус тилин жакшыраак билбесе. Жөнөкөй мектепке да барган эмес. Келген кеткендерден суйлошууну пала-партыш үйрөнүп алган. Туйгунша, сен бул жерде жалгыз зерикпейсиңби? — деп сурады андан жигит.

— Эмнеге эми жалгыз болот экенмин. Атам бар го.

— Атанын орду башка. Мен досторуң, курдаштарың, теңтуштарыңды эске алып жатам.

— Зеригемин. Бирок айла жок. Кала берсе үйүбүзгө тез-тез жолоочулар келип кетип турушат. Бир нерселерди алып келип беришет.

— Сени кокусунан шаарга бир адам алып кетемин десе кантээр элең?

— Кайдан? Кимге да керек элем. Шаардыктардай сулуу болбосом. Окуганды, жазганды билбесем.

Давлатша бул сыяктуу күтүлбөгөн суроолору менен кыздын жарасына туз септи, болгону. Туйгунша жигиттин жанына жакын келген сайын адеп энтигет. Ички туйгулары ойгонуп бошоп баратты.

— Мына маселен, сиз мени алып кетет белеңиз?

Күтүлбөгөн суроодон Давлатша да кеңгиреп калды. Алардын аңгемеси ушул жерде үзүлүп калды. Себеби Тургун ата жап-жашыл арчаны көтөрүп кирип келди. Туйгунша палоодун суусун кайнатып даярдап койду. Давлатша отунканада арчаны орнотуш үчүн кармоочу жасап жатат. Палоону демдешти. Ашты табакка салып алып келүүдөн мурда дасторкон жасашты. Тургун ата бир жуп пиалага арак куюп, бирөөсүн мейманга узатты.

— Кана, уулум, алчы.

— Рахмат, ата, мен ичкен эмесмин. Ичпейм.

— Мен да ар күнү ала бербеймин. Бүгүн Жаңы жыл. Кала берсе сен менен ар күнү көрүшүп жүрүпбүзбү. Тагдыр насип экен. Жүздөшүп турабыз. Ким билет, балким сен менен бөлөк эч качан учурашпасбыз. Кел, эми бир мертебе алып кой. Дары болуп кетсин. Суукту да кесет. Ал, колуңа алчы, ал, уулум. Акыры мен бир өзүм ичпеймин да. Давлатша кыстоодон кийин пиаланы колуна алды.

— Кана, болбосо уулум. Кудай бактыңды ачсын. Алгын, алдырба! Иштерибиз оңунан келсин. Эмдиги ушул күндөргү чейин сак-саламат бололук. Каерде болсок да тынч болойлук. Тургун ата ушундай деп пиаласын Давлатша менен уруштуруп көтөрүп жиберди. Соң жигитти кыстады. Жигит да аракты тик көтөрүп алып жиберди.

Бул арада Туйгунша ашты алып кирди. Алар көпкө чейин жазылышып, чак-чакташып олтурушту. Саат он эки болуп гудок бергенде бирин-бири кайра-кайра Жаңы жыл менен куттуктап жатышты. Давлатша бир аз кызып калды. Каны суюк эмеспи? Ал ушул саам таза абага чыккысы келди. Кубанганынан өзүнө-өзү батпай турду. Анан, тышкарыга чыгып келиш үчүн кийине баштады. Аны көрүп Туйгунша да ордунан турду. Атасынан эшикке чыгып келүүгө уруксат сурады.

— Мейли, кызым, силер акаң менен бир айланып келгиле. Мен бир аз чарчап калыпмын. Кичине жамбаштап, кичине мызгып алайын. Бирок ыссыгыраак кийинип алгыла. Тыш суук. Мейман дагы шамалдап калбасын.

— Кабатыр албаңыз, ата, мен жакшы болуп калдым, — деди жигит Тургун атага карап. Жигит менен кыз көчөгө чыгышканда кар жаап жаткан болчу. Карды көрүп Давлатша балалыгы эсине түшүп кетти.

— Кана, эми азыр бир чана болсо. Тигил дөңдөн учуп түшөр элек.

— Чана керекпи? Ичкериде чанабыз бар, алып чыгайынбы?

— Мейли, алып чык.

Туйгунша шашып-бушуп ичкериден чоң чананы сүйрөп алып чыкты. Жигит чананын жибинен кармап дөңгө карап жол алды.

— Жүр, — деди жигит кызды да чана тебүүгө үгүттөп. Бирок, Туйгунша көнбөдү. Давлатша үч-төрт мерте дөбөдөн ылдый карап өзү тээп түштү. Кыз аны берилүү менен карап-карап тамаша кылып турду. Жигит акыры кызды да көндүрдү. Экөө жогоруга көтөрүлүп, чанага олтурушту. Кыз алдына, жигит артка олтурду. Алар бир-эки мерте бирге тээп түшүштү. Кыз ар сапар Давлатша менен жанаша олтурганда капыстан энтигип-энтигип жатты. Эки жүзү кыпкызыл от болуп жанууда. Жигит болсо эч нерсе менен иши жок. Туйгуншага кыз катары карабай, карындашы өндай мамиле кылды. Бардыгына чана күнөлүү. Капыстан ал оонап кетпегенде эле… Бирок ал мындай болбоду. Чана жанбашка оонап кетип, экөө тең думаланып кетишти. Бактыга каршы Давлатша думалап, кыздын үстүнө түштү. Сакалы өскөн, муздак гана бети Туйгуншанын от болуп жанып турган бетине урулду. Кыздын от болуп жанып турганы, жигиттин муздак илептеринин алдында эч нерсе болбой калды. Анын боюнан Туйгуншанын башы айланып кетти. Алар бири-бирине термелген бойдон бир-эки минут таштай катып калышты. Мына ушул бир-эки минут жигиттин да Туйгуншанын боюна тең болушу үчүн жетерлик эле болду. Ал бир зумда бейтааныш, суук бир жигиттен азайи-бадани алоо ичинде калган жарга айланып калды. Кыздын белинен бекем кучактап жанып турган илептерине илебин тийгизди. От, жалын…

* * *

Тургун ата таңда уйкудан турганда кызы менен мейман да катып уктап жатышкан. Ал кийинип, уйга жем бериш үчүн малканага кирди. Бул жердин караңгылыгынан саман үстүнө катып калган бир парче канды көрбөдү. Кокусунан балким болуп өткөн окуядан кабардар болгондо, балким жаңжал көтөрот беле, ким билсин?

Арадан беш-алты күн өттү. Рамиз бул арада Хорогко баратып, жолун Тургун аталар жака бурду. Ал жерде бир түн түнөп өттү. Үч-төрт күндөн кийин кайтып келди. Давлатша жолго чыгууга даяр эле. Тургун ата жумуш менен бир жакка кетери менен кыз менен жигит бирге болушчу. Туйгунша сүйгөнү жөнөп жатканда ыйлай албады. Себеби атасынан коркту. Аны билип калбасын деди.

«ЗИЛ» ордунан козголгондо да ыйлай албай өзүн араң кармап турду. Ага коюп берсе ушул саамда махабатын алып кетип жаткан ошо жүк машинасына асылып, тоо-таштарды ызы-чууга келтирип бакырууга даяр болчу. Аттиң, кыз мындай кыла албады.

Давлатша да жол бою сүйлөбөдү. Рамиздин суроолоруна үзүл-кесил жооп берди, болгону.

— Сага эмне болду, журналист. Тынчылыкпы өзү? Жүрөк-пүрөктөн уруп калбадыбы? Али да кеч эмес. Кааласаң кайтарып алып барып коемун, — деди айдоочу азил-чыны аралаш күлүп. Давлатша үндөбөдү. Көз алдынан кече жүз берген өзгөрүүлөр акырындатылган кино сыяктуу бир-бирден көңүлүнөн өтүп жатты. Жигит булардын бардыгы чындан да өзү менен жүз бергенине эч бир ишенгиси келбеди.

Тышта болсо аяз. Ошо кадимки суук. Ызгаар. Ачык жерлер, дейди шамал, шамалдар. Эмнеси болсо да кычыраган кыш өкүм сүрүүдө. Бирок жигит аларга көнүгүп калгандай. Ал мурдагыдай үшүбөй койгон. Эзелтеден бул жерлер эми ал үчүн жакынындай болуп калган. Өзү да өзүнө илгерки Давлатша эместей туюлат. Чынында да ал эми мурдагы Давлатша эмес болчу. Ал Ата-мекенине ал-тигил булду көрүп көзү ачылып, өмүрүндө үлкөн бир бурулуш жүз берип, эркекке айланып бараткан эле…

Давлатша жолдо кетип бара жатып, көз алдынан баягы түндөрү эч бир эсинен кетпей койду. Ал ошол күндөрдү эстеген сайын, каны кызып баратты.

Алар саманканада… Туйгунша бул көрүнүштө акырын гана титирейт. Жигит аны бекем кучактап оозунан өөп жатат. Көзү, алды тумандашып баратат. Тегерек караңгы. Давлатша өзүн башкара албай калды. Кыз да ага каршылык көрсөтпөдү. Колдору өзүнөн өзү эле Туйгуншанын үстүндөгү кийимдерин бирден чече баштады. Кыз бир гана ички көйнөктө калды. Давлатша Туйгуншаны чечиндирген сайын азайи-бадани от болуп баратты. Кыз да от болуп жанды. Акырында ал кыздын эң соңку ич кийимин да чечип жиберди. Кийин шашып-бушуп өзү да чечине баштады. Денелер тийишти. Чагылган болду. Тигине… Ал кыздын көкүрөктөрүн жыттап, өпкүлөп жатты. Ушул саамда от менен от болуп ойноп жатышкан болчу. Эх, кандай сонун, бул эки от алоолоп-алоолоп биргелешип кетишти. Күч алгандан күч алып…

Давлатша мына ушундай өткөргөн ширин күндөрүн эстеп, кандай кылып Ошко жетип келип калганын да сезбей калды.

 

Экинчи бап

Машина Хорогко бара жатканда уламдан-улам өргө көтөрүлүп барган болсо, Ошко кайтып келе жатканда тескерисинче — ылдыйга түшүп барууда. Бийик-бийик кырдуу тоолор жар боорундагы атына эки-үч метр болгон жол бар, болгону. Ал дагы абдан тайгак. Айрымда карама-каршы тарабынан бир машина чыгып калчудай болсо, экөө тең бири-бирине тумшугун тиреп калышат. «ЗИЛ» бийиктиктен ылдыйга акырындап кадам шилтегендей жүрүп түшүп келүүдө. Айдоочулардын жүрөгүнө балли дейсиң. Отуз-кырк жылдан бери мына ушул жол бойлоп каттап бала-чакаларын чоңойткондор да бар экен, алардын арасында. Анын үстүнө үстөккө-бөстөк аба-ырайы суук, ызгаар.

Жолдо бир машинанын прицеби сыйгаланып ылдыйга түшүп асылып калыптыр. Ал оропарасынан келе жаткан машинаны өткөрүп жибериш үчүн кичине четке жүрмөкчү болгон экен.

Рамиз машинасын араң алып өттү. «ЗИЛдин» тумшугу ылдыйга карап кетип барууда. А жерге конуш үчүн ылдыйлап бараткан самалетко окшойт. Рамиз болсо учучудай. Саал нарыраакта төрт дөңгөлөгү асманда карап бир «ЗИЛ» оонап жатат. Ал ушул турушунда боз аркасы менен оодарылып калып, тура албай жаткан тилле коңузду элестетет…

Машина төмөнгө карап түшө берет, түшө берет. Ылдыйга мөнкүгөнчө келе берип, Давлатшанын белинде бел калбаган. Башы ооруп, көңүлү айланып турду. Ал кыйналып дем алууда.

Ушул турушунда алар араң төмөнгө жетип келишти. Бирок Ошко жол тосулуп коюлган. Эртелеп ачышат экен. Бажыканадагылар Давлатшаны ички кийимдеринече чечиндирип текшеришти. Тамеки, күкүрт кутуларына чейин карашты. Жигит текшерүүдөн чыгып, абдан кусту. Узак жол аны кыйла урунтуруп койгон болчу. Бул арада машинанын ичи тышын абдан текшеришти. Бирок өтүүгө уруксат беришпеди. Жол боюнда мындай машиналар турналар окшоп катар болуп тизилип турушат. Давлатша ден соолугунун жаман болуп жаткандыгын айтып, бажыкана адамдары менен сүйлөштү. Журналисттик күбөлүгүн көрсөттү. Журналист экендигин билдирди.

— Журналист боло туруп, сиз тартипти бузсаңыз, башкалар эмне дешет, агайны, — дешип күлүштү постогулар. Журналист акылын токтоо, тетик, жерге урса көккө ыргыта турган болот дешчү. Сиздейди биринчи көрүп турабыз.

— Бизге рахмат деш керек экен, — деди жаш гана бир адам. — Ар күнү ушунча бийикте бир нече күндөп калып кетебиз. Кан басымыбыз ар дайым көтөрүлүп жүрөт. Биз буга көнүгүп кеткенбиз.

— Кокустан кылмышкерлерди колдон чыгарып жиберсек, артынан мына ушул жаман жолдордо машинада кубалашка туура келет, — деди ички иштер башкармасынын кылмыш издөө бөлүмүнүн өкүлү.

Давлатша «Атаң жакшы, энең жакшы» деп постогулардан уруксат алды. Постогулар да жигиттин абалын түшүнүштү окшойт, аларга кетүүлөрүнө уруксат беришти. Жигит Ошко жетип келдик деп ойлогон эле. Жок, ал жаңылышкан экен. Али алдыда не-не ылдыйлар, ээсиз созулуп жаткан чөлдөр жатат. Чар айланада бир дагы шарпа көзгө илинбейт. Буларды күзөтүп Давлатша дүнүйө негизинен эч бир ээсиз, ташталып калган жайлардан турганына ынып калды. Ааламдын жарымынан көбүрөөгү суу болсо, анын көпчүлүгү ээсиз аралдар, кумдуу чөлү какырап жаткан талаалардан куралган экенин өз көзү менен көрдү. Адамдар дүнүйөнүн таруудай жерлерине жашашып дагы өздөрүн мына ушул ааламдын кожоюндарыбыз деп сезишет экен.

Алар Ошко кирип келишкенде саат түнкү төрттөр чамасы болчу. Давлатша тааныш көчөлөргө, үйлөргө тигилип көргөн көздөрүнө ишенбеди.

Жигит шаарга кирип өзүн ыссык кана бөлмөгө киргендей сезди. А дебей үйүнө жетип алды. Сөөк-сөөгүнө өтүп кеткен суукту ыссык кана ваннага түшүп чыгарууда.

* * *

Үйдө ата-энеси сапарга кетип, дарексиз болгон уулунан кабатырланып олтурушкан болчу. Давлатшаны көрүп эже-инилери алдынан тосуп чыгышты. Кучак жайып көрүшүштү.

— Барсыңбы, балам. Эмнеге мынча жок болуп кеттиң? Жолуңа тигиле берип, көзүбүз төрт болду, — деди апасы Хамидахан.

— Иш болбой калсын. Акчаны төлөшкөнү менен ар дайым жолдосун. Сага эмне жетпейт? Ач калбаган болсоң...

— Апаң туура айтып жатат уулум, — деди аялынын сөзүн макулдап атасы Музрабша. Кой, ташта бул ишиңди. Жазга чыгып үйлөп коелук. Инилериң менен дүкөнгө чык. Жакшы жеп-ичип ойноп күлүп жашай бербейсиңби. Зарылбы сага, өзүңдү ушунча кыйнап. Ошондо жигиттин эсине Туйгунша түштү. Ал кызды эстеп эле негедир, эки кулагы кызарып кетти. «Түшүм беле, өңүм беле бул. Өткөн күнү болуп өткөн окуя чындап эле анын өмүрүндө жүз бердиби? Эмне иш кылып койдум, ойлобой, нетпей. Акмакчылык кылып койдум. Эх аттиң, эми эмне болот?! Кыздын абалы эмне күндү көрөт. Бечара»…

* * *

Ошентип, арзып күткөн жаз да келди. Бул жылкы көктөм Давлатшага өзгөчөрөөк келгендей туюлду. Себеби ал бул сапар катуураак кышты, аязды көргөн болчу. Жылуу күндөрдүн кадырына жетип үлгүргөн, суук күндөрдөн зеригип, ыссык күндөрдү кумсап калган эле.

Бул арада ата-энеси келин издешке түшүп калышкан болчу. Өздөрүнө окшогон бай-дөөлөттүү үйбүлөлөрдөн кыз издей башташты. Давлатша эмне кыларын билбей аң болуп жүрдү. Ооз ачайын десе, тили келмеге келбеди. Эмне дейт. Чөлдүү талаады калган бир кыз бар дейби? Бул сөздү кандай кылып айтат? Муну укса апасынын нак жүрөгү жарылып өлбөйбү?!

* * *

Арадан дагы бир-эки ай өттү. Мургабта али кыш биротоло кетип үлгүрбөгөн. Күндүзү аба-ырайы ысып турса да, кечиндеси катуу суук болот. Туйгунша ар дайымдагысындай жолдо, өткөн-кеткен машиналарды күзөтөт. Түзүгүрөөк да тамак иче албайт, адеп көңүлү айныйт. Атасынан жашырып кусуп да турат. Айрымда ыйлап да алат. Кызынын абалынан атасынын кабары жок. Билип калса эмне болот?! Туйгуншаны соо койбосо керек. «Айды этек менен жаап болбойт». Эртең же бүрсүгүндөн ичи кампайып калса барбы, бардык сыр ачылып аян болот да калат… Эмне кылсам экен ээ? Жолоочу машиналардын бирөөсүнө чыгып качып кетсем бекен? Каерге да барат элем? Давлатшаны каерден издеп табамын? Ал мени тан алабы, жокпу? Кала берсе турар жайын, адресин билбесем... Бардыгына өзүм айыптармын. Жеңилдик кылдым. Өз бактыма өзүм балта чаптым». Кыз көңүлүн ушу сыяктуу сар-санаа, ойлор чулгап алган болчу.

Арадан дагы бир эки ай убакыт өттү. Бул арада Хамидахан менен Музрабша уулунун тоюн баштап жиберишти. Болгондо да өтө бай-дөөлөттүү үй-бүлөгө болуп коюшту. Давлатша бардык жаш жигиттер сымак ата-эенсинин көңүлүн кайтара албады. Важданы кыйнап турган болсо да тойго ыраазылык берди. Акыры ал үйбүлөдө тунгуч перзент. Ата-энеси аны не-не арзуу-үмүттөр менен эрезеге жеткирген. «Туйгунша эмне да кылат эле? Өзүнө ылайык бирөө-жарым чыгып калаар. Акыры айып кызда. Өзү көзүн сүзбөгөндө, арабызда эч кандай иш болбойт болчу», — деп ойлойт эле ал.

«Ооруну жашырсаң — өлүм ашкере кылат» — дегендей, Туйгуншанын карды төрт ай ичинде кыйла бөртүп чыгып калды. Кыздын күндөн-күнгө толуп баратканын байкап калып, аксакал биринчи кызынан катуу капа болду. Туйгунша менен бир-эки жума сүйлөшпөй жүрдү. «Булардын бардыгы сенин эрте кеткениң, кемпир» деп көңүлүндө сүйлөштү раматылык өмүр жолдошу менен. «Айдап жиберсем кай жака барат? Ансыз деле кызым түшпөгүр өзүнүн майында өзү куурулуп жүргөн болсо. Ага да жеңил эмес. Же тең-тушу болбосо бул жерде, же сырдашкан ака-үкаси… Бойго жетип калды да. Кана эми тезираак ээси чыгып калганда, көзүм барында тапшырып алсам деп ойлоп жүргөн. Аттиң, аттиң. Болор иш болуптур. Эми бүргөгө өчөшүп, көрпөнү отко ташташтын пайдасы жок. Өзүн бир нерсе кылып койсо, эмне кыламын, жалгыз кызыман айрылып калбайбынбы? Болор иш болуптур. Тагдыр экен… Жаны аман болсо, бактысын табып кетер. Бирок баланын атасы ким экен? Муну кызымдан кандай кылып сураймын» — деп ойлонду Тургун ата кой-малдарын жайытка алып чыгып жатып.

* * *

Той жакшы өттү. Күйөө баланын көңүлү чак. Келин да бактылуу. Давлатша аны биринчи түнү эле жактырып калды. Жарынын жанынан күнү-түнү чыкпайт. Үйдөгүлөр да курсант. Кыска убакыттын ичинде Давлатша бадахшандык кызды тез эле унутуп салды. Ал күндөрдө көңүлү ток, жашоого мас эле. Келин да эстүү, зирек, чырайлуу болчу. Колу-буту жеңил. Жогорку окуу жайды бүткөн, окуган. Ашкана сырларын да жакшы өздөштүргөн. Ушундай ширин торттор, түрдүү-түмөн шириндиктерди бышырса, бармак жалап каласыз.

* * *

Арадан дагы үч ай өттү. Өткөн убакыт ичинде Туйгуншанын боюндагысы ачыктан-ачык аян болуп, жүзүнө так түштү. Бул учурларда анын көңүл айныгандары да токтоп калган. Карды кыйла чоңоюп калды. Мына, жети ай, Туйгунша жол күтүп олтурганы олтурган. Машинанын үнү чыгары менен көчөгө карап жүгүрөт. Бул жактарга дагы бир Адам — анын көз ачып көргөнү — Давлатшасы келип калчудай. Канча жолу түшүндө бала төрөйт. Ар мезгил сүйгөнү ага гүл узатып турат. Көңүлүндө жарын кучактайт, жигит анын лаптаринен, көздөрүнөн өбөт. Ошол саманкана, экөө кошулган түн, бирге чана тепкен ошол дөң көз алдынан кетпейт. Давлатшаны кумсап ыйлайт. Сагынып-сагынып боздойт.

* * *

Жайда өз өкүмүн бүтөр алдында турат. А дебей күз башталат. Давлатша туулган күнүнө атасы «Мерседес» белек кылды. Ал абдан бактылуу. Кечке маал аялы менен сейилге чыгышат. Шаарга түшүп, концертке киришет. Ошентип, бирге экендиктерине көңүлдөрү ток. Бирок негедир арадан торт-беш ай өтсө да келиндин боюна бүтпөптүр. Музрабша бул жөнүндө аялына сөз ачты, Хамидахан аны тынчдандырып койду.

— Али алар жаш. Жаштыгында бир аз ойноп-күлүп алышсын. Келин да төрөшкө үлгүрөт. Эмне бале, мени эрте карытып чоң эне болушумду каалайсызбы, ия?. Сиз да чоң-ата болгонго үлгүрөсүз. Кала берсе, той кылганыбызга эми гана беш ай болгон болсо. Ооба, перзенттүү болуш оңой эмес. Үстөккө-бөстөк азыркы жаштардын бардыгы суукчан. Туура да. Жеңил кийинишсе, фигурам бузулуп калат деп тоюп-тоюп тамак ичишпесе.

— Катын, айткандарың го туура. Бирок жаштыгында үч-төрт балалуу болуп алганы жакшы да. Карыганда ашык атып калат. Уулубузду дагы абдан кеч үйлөгөн болсок. Окуду, армияга барып келди. Кийин бир аз бутка туруп алайын деди. Ал аз келгенсип чыгармачылык иштер менен көпкө кармалды.

— Увайма кылбаңыз, атасы. Мына, мени айтты дейсиз. Келерки жылга келиниңиз бизге небере төрөп берет.

— Айтканың келсин, кыйын. Уулуң дагы жоролорунун арысында уялып калбасын. Тезиреек жүзү жарык болсун деймин да…

* * *

Алтын күз келди. Бадахшан тараптарга кыш да эрте түшөт. Туйгуншанын айы-күнү жакын. Тургун ата кабатырда жашайт. Кызынын коркконун айтпайсызбы? «Быягы Алланын өзүнө аманат!». Кудай өзү жар, күч кубат берсин! Ал дайым ушинтип дуба кылат. Өзүнүн жаштык жылдары эсине түшүп кетти. Ошондо аялы Азизмо туңгуч уулуна оор жүктө болчу. Ата-энеси өтүп кеткен. Кайынсы менен жалгыз жашоочу. Капыстан аялынын толгоосу башталып, ал бакыра баштады. Азизмо ар дайым толгоодон чаңырганда айланасындагы тоолорго жан кирип, жарлардан кар көчүп, көчкү жүрчү. Кайрыят, эсен-аман төрөп алган, ошондо. Бирок ал өзүнүн кызын кандай кылып төрөтсүн, акыры. Аялы башка, кызы башка. Машинага салып эртерээк Мургабтагы ооруканага алып барып жаткырып келсем бекен? Анда адамдар эмне дешет?! Уккан кулакка уят. Баланчанын кызы никесиз төрөптүр деген сөздү кантип көтөрөм? Жок. Бөлөк бир жол табыш керек. Мургабдан бир акушерка алып келсемби? Көзү жара турган күндү анык билсем экен...

Туйгуншанын эси-көңүлү Давлатшада эле. Болочок эне махабат отунда алоолоп жанат. Ал жарын ушунчалык катуу кумсачу, муну сөз менен түшүндүрүш мүмкүн эмес. Туйгунша үйдө жалгыз калды дегенче кардындагы махабат мөмөсү менен аңгемелешчү: «Мен жөнүндө кандай ойдо экенсиң, кечир, мени каралаба. Сени ушундай жөн эле көңүл үчүн дүнүйөгө келтирмекчи эмес элем. Атаңа болгон махабатым ыйык, пакиза. Ал өмүрүмдөгү биринчи жана акыркы эркек болуп калат. Ал менен кайра учурашуу насип кылбаса, мен сени өзүм эркелетип чоңойтомун, угуп жатасыңбы мени, эмнеге үндөбөйсүң ?! Ана, кыймылдап да койдуң. Демек, угуп жатасың. Сенин атаң дүнүйөдөгү эң акылдуу, күчтүү жана март жигит. Бийик инсан. Бул ааламда ага жеткен бөлөк бир зат жок. Болушу мүмкүн эмес. Анын ширелүү үнү кулактарды кытыктаса, шабодой деми чачтарыңды сылайт. Чоктой илептери жүзүңдү күйдүрөт. Кумар көздөрү сени өзүнүн кучагына тартып, түбү терең ааламга алып кирип кетет».

Ошол күнү түндө Туйгуншанын толгоосу башталды. Тургун ата боюнда бар кызын төрөтканага же акушерканы алып келүүгө барарын билбей эндиреп калды. Ошондо Туйгунша оорудан кыйналып.

— Ата, керек эмес. Өтүнүч, чыгып кетиңиз. Мен өзүм, мен өзүм… Ах! Ах, Апа, апа, Ох! Вай белим…Ата! Мага аз гана таза лата менен челекте ыссык суу кылып бериңиз, кийин чыгып туруңуз, сураныч. Ах! Апа… Апа! Ах...

Тургун ата кызынын айткандарын кылып тышкарыга чыгып кетти. Анын жүзүндө каны жок. Раңы купкуу эле. Кабатырдан жүрөгү тез-тез урат. Ичкериден Туйгуншанын бакырып турганы угулуп турду. Убакыт өткөн сайын кыздын үнү дагы да бийиктегени угулуп жатты. «Ай, жаным. Апа. Ап-а-аа, Апа, Апа! Ай, жаным». Анын чыңырганынан тоолорго жан киргендей болду. Тоо эчкилери чочулашты. Бүркүттөр уваймадан көккө учуп чыгышты. Бийик-бийик чокулардан кар көчтү.

— Апа! А-п-аа! Апа, Апа! А-ааа. Кызынын кыйналып жатканын угуп, тим тура албаган Тургун ата малканадан кош атар мылтыгын көтөрүп чыгып, көккө карап ата баштады. Биринин артынан бири үзүлүп чыккан ок үнүнөн анын аяктарынын арасында чакалак чыңырып жатат…

Наристенин үнүн уккан Тургун атанын көздөрүнө жаш келди.

— Кайрыят! Кудайга шүгүр! Кудайга шүгүр. Туйгунша баласынын киндигинда өзү кести. Жан таслимде байлап коюп, эсинен кетти. Наристе ыйлап жатат. Кыз болсо эсин билбейт. Ал узакка созулган толгоо азабынан соң терең уйкуга кеткен. Түш көрдү: «ЗИЛ» машинасы катуу тездикте ылдыйды, бийиктиктерди бойлоп кетип баратат. Артынан Туйгунша кубалайт. Колунда наристе. Капыстан асманда чоң бүркүт пайда болуп, ал ак чүрпөгө оролгон наристени асманга, көккө алып чыгып кетти. Туйгунша кыйкырат, айкырык салат. Коркунучтуу бул түштөн аялдын маңдайын тер басып кеткен. Ал башын ал жак — бул жакка чайкап онтоп жатты, бир нерселерди кобурап, дөөрүп жатты.

* * *

Арадан дагы бир нече ай өттү. Давлатшанын үйлөнгөнүнө бир жылдан ашкан болсо да дагы деле балалуу боло элек. Хамидахан ар кыл эскиче ырым-жырымдарды кылып көрдү. Уулунун «бала жолдорун» ачтырды. Келинин окутуп көрдү. Кудасы да карап турбады. Кызын тааныш-билиш доктурларга көрсөтүштү. Бирок, «айып» кимде экендиги белгисиз. Кыз тарап «күнөө» күйөө балада десе, жигит тарап күнөө келинде эенин «далилдеп» беришет.

Хамидахан атап койгон экен, жазга чыгып, уулу менен кызынын өзүнөн көбөйүшүн тилеп сүмөлөк кайнатты. Сүмөлөк таркатылып болгондон кийин, эки жашты ыссык гана очокко олтургузуп думдады… Бирок пайдасы болбоду.

Шыпакерлердин айтышына караганда, келиндин жынсый тараптары жакшы жетилбептир. Бөлөк доктурлардын айтышынча, жигиттин уругунда кемчилдик бар имиш. Мындай кеп-сөздөрдөн эки тараптын нары-бери болуп кетишине аз эле күн калды. Келин менен күйөө бала канча мерте ыссык уколдорду да алып көрүштү. Бирок бул да эм болбоду…

* * *

Туйгунша болсо уулун эмизип олтурат. Ал алты айлык болуп калган. А дебей тиши чыгып, каткырып күлүп, тили да чыгат. Апасынын кубанычы жерге-көккө батпайт. Ал абдан бактылуу. Тургун ата да неберисинен көңүлү ток. Бир гана Туйгуншанын көңүлү болсо, ал ар дайым Давлатшаны эстейт. Көңүлүндө аны менен аңгемелешет. Бул жерге келип-кетип жаткан ар бир машинадан аны издейт. Таба албай көздөрүнө жаш алат. Жолоочулар эмне керек болсо, бардыгын алып келип берип турушат. Наристеге Саййяд деп ат коюшту. Тай атасы анын чоң болуп өскөндө зор уучу болушун каалап ушундай деп ат койду. Акыры анын өмүрү бөөрү, түлкү, жапайы эчкилер, бүркүттөр арасында өтөт эмеспи? Ооба, ал тоонун баласы… Ал тоолук…

* * *

Арадан дагы бир жыл өттү. Давлатшага дагы деле ата болуш насип этпеди. Анын эси-дарты бала көрүштө. Теңтуштарынын арасында да баш көтөрүп жүрө албай калды. Айрымда аялын жиркеп жиберүүдөн да кайтпайт. Катыны да өз жайында өзү куурулуп жүрөт. Бир нече жолу аялдар шыпаканасында жатып чыкты. Бирок натыйжа болбоду.

Акыры Давлатша тааныш бир урологко көрүндү. Ал жигитти өтө катуу текшерүүдөн өткөрдү. Уруктун аракети начар экендигин далилдеди. Көбүрөөк мисте чагып, как мейиз жеп жүрүшүнө кеңеш берди. Жигит кышта катуу шамалдап калуудан же катуу нервтенүүнүн акыбетинен мына ушундай жыныстык ооруулар келип чыгат экен. Келин да соңку айларда аябай нервтенүүчү, заары куюлуп тура турган болду. Чоңдор туура айткан турбайбы. Жаш келин, күйөө бала нары барса бир жыл бири-биринен зергишпейт экен. Ал жагы перзент болбосо чатак. Эр катынды жылдар ичинде байлап туруучу касиет бала деп бекер айтышбаптыр.

Давлатша менен Дилшода кандайдыр бир-биринен жат болуп калышты. Ар күнү бирин-бири көрө беришип зеригип кетиштиби, чамасы. Адам баласы ушундайбыз. Же ыссыкка чыдабайбиз, же суукка… Давлатша Дилшодага омурайып караса, катыны да ага кезерип карай турган болуп калган. Кантсе да бул эки жаштын өмүрүндө табият мыйзамы бузулган болчу. Бул кечирмелерде Давлатша Дилшоданы айыптаса, Дилшода Давлатшаны каралайт. Алардын экөө тең өздөрүнүн бактысыздыктарын бири-биринен көрүшөт. Кимден ызасын чыгарып алышын билбей, бири-бирин жеп койчудай болуп жүрүшөт. Давлатша аялына корс мамиледе болуп калды. Ошентип жакшы гана үй-бүлөнүн арасынндагы кеткен жарака чоңоюп жатты.

— Дагы ичип алыпсыз Давлат аке!

— Сенин эмне ишиң бар, менин ичишим менен!— деди док кылып Давлатша.

— Эмнеге эми ишим болбосун! Акыры дайыма рулдасыз. Кайф болуп машина айдайсыз.

— Ишиң болбосун деп жатам го, ишиң болбосун. Керек болсо «жатып алып» ичемин. Билдиңби. Сенин мени менен ишиң болбосун. Дилшода ыйлагысы келип араң чыдап турган эле, капыстан өңгүрөп ыйлап жиберди.

— Эмнеге мынча мени кыйнайсыз, азап бересиз? Акыры менде эмне айып. Бала болбой жаткан болсо мен эмне кылайын. Барбаган жайым, ичпеген даарым калбады. Балким «айып» менде эместир.

— Кош, бул сөзүң менен эмне демексиң.

— Сиз да жакшыраак дарыланың деп жатам, — деди Дилшода да ачуу сүйлөп эрине.

— «Айып» сенде. Мен дарыланып болдум. Качантан бери шыпаканага каттайм. Алардын пикиринче, перзенттүү болушубуз үчүн сага дагы бир аз убакыт бар экен. Жыныстык жагың жакшы өнүкпөгөн имиш.

— Бекерлерди айтыпсыз. Менин бардык жайым жайында. Бала кылбай жаткан болсоңуз, менде эмне күнөө. Эптей албасаңыз, башка жол менен да бала кылыш мүмкүн экен.

— Эмне дедиң, акмак! Тентек, эмне деп былжырап жатасың?! Мага башка жолдогу балаңын кереги жок. Мага накта табият берген, дүнүйөгө келген перзент керек. Досторумдун арасында кандай баш көтөрүп жүрөмүн? Кала берсе, бул Кудайга да макул болбойт. Өзү бербеген баланы мен кандай кылып сурап аламын. Жок, бундай жол мага туура келбейт.

— Өзүңүз эптей албаганыңыздан кийин сурап аласыз да.

— Тур ордуңдан, жогол, көзүмө көрүнбө! Эринин сөздөрүнөн кийин Дилшода ыйлаганча кийим-кечелерин жыйыштырып баштады.

— Мейли, кетемин! Такатайым так болду. Мен «туубас» болсом, тубатургандыгына үйлөнүп алыңыз. Мага да бирөө туудура тургандыгы табылып калар.

— Жогол дедим, бузуку. Бөлөк көзүмө көрүнбө!!!

— Кетемин. Азыр эле кетемин. Сиздей эркек менен жашагандан көрө көчөдө калганым жакшы.

* * *

Туйгунша Саййятти жетелеп, кой-козуларын оттоткону жайытка карай жол алды. Уулун тоого алып чыгып, табият менен тааныштырды. Быйыл Саййяд үч жашка толгон. Кой-козулар маарап, оттогончо кетип барышууда. Эне-бала кол кармашып жаныбарлардын артынан баратышат. Аларга карып калган ити да ээрчип алган.

— Апа, апа, дейм, мына бул гүлдүн аты эмне?

— Бул — байчечекей, уулум.

— Ой бой, мына бул даракты караңыз, — дейт кичине Саййяд апасына ийне жалбырактуу даракты көрсөтүп.

— Бул дарактын аты арча. Туйгунша ушундай деп бир зумда көз алдына ошол Жаңы жыл күндөгү түн пайда болду.

«Мына ошол дөңсө. Кудум ушул жерде Давлат акем менен чана тепкен элек. Анан жыгылып түштүк… Жүзүбүз-жүзүбүзгө уруна түштү. Көздөр-көзгө урунду. Давлатша кайнап турган лаптарин менин лаптарима басты»…

Туйгунша эстеп алып башы айланып кете жазды: «Азыр Давлат акам каерлерге жүрдү экен а. Биз жактарга кайтып келген да жок. Уулум менен бир машинага олтуруп, Ошко кетип калсам бекен? Атамчы, атам, ал ким менен калат. Давлат акем үйлөнүп алган болсочу? Алибетте үйлөнгөн. Ал бизди тан алабы, эми. Эч бир! Эч качан!».

— Апа,.. апа, тетиги жүгүрүп бараткан эмне?

— Албы, коен, — деди ой деңизде чумкуп жүргөн Туйгунша уулунун суроосуна жооп берди.

— Коен… Аты абдан кызык экен а, апа? Ко-е-н.

— Ооба, ооба, балам, бул жерде мындай жаныбарлар абдан көп. Бөрү, түлкү, аюу… Ал эмес жолборстор да бар. Бирок алар жапайы айбандар. Алардан этият болуш керек.

* * *

Дилшоданын энесиникине кетип калганына да уч айча болду. Мына, Давлатша уч айдан бери жалгыз. Өткөн үч жыл ичинде ал Туйгуншаны жылуу бир жолу эске алды: «Жаңы жыл түнү. Айлана аппак. Ызгаар жүзүңдү, көздөрүңдү бекем кысат. Алар Туйгунша менен чана тебишүүдө. Дөңдөн сыйганып келе жатышып тумаланып кетишти. Ал андан Туйгунша узара кулады. Кызды кучактап өбө баштады, лаптаринан тоюп-тоюп соруп алууда»…

«Ана, саманкана. Лазаттуу өткөн күндөрүнөн анын жүрөгү энтигет. Бул анын биринчи жолу өпкөндөрү эле. Биринчи нике түнү. Капыстан көз өңү караңгылашып, кандайдыр бир жарыктык көз алдында жанып учат. Ал бир аз болсо да өзүн жаннатка түшүп калгандай сезди. Давлатшанын кыялдарын апасы Хамидахан бузуп жиберди. Ал уулунун жумшак болуп калганын көрүп, ичи ачышып жүргөн эле.

— Уулум, эмнеге караңгыда олтурасың? Чыракты жандырбапсың. Ооруп-нетип калдыңбы. Эмнеге көңүлсүзсүң, балам. Куп десең эртеге эле Дилшоданы алып келип беребиз.

— Керек эмес. Бул менен эмне өзгөрөт. Дагы ошо өмүрүм.

— Же бөлөк кыз алып берелиби?

— Каяктагы сөздөрдү сүйлөйсүз, апа. Мен сиздерге кыз алып бергиле деп жатамбы. Той кылгыңар келсе, ана катар-катар инилеримди үйлөп— жайлай бергиле. Менин бешенем ушул экен. Тагдырга тан бербестен иланжим жок.

— Кой, балам, адеп эле кайгыра бербе. Али бардыгы алдыда. Мени айтты дейсиң, а дебей Дилшода менен бактыңар ачылып кетет. Али жашсыңар. Кош-коштогон уул-кыздуу болосуңар. Неберелеримди өзүм чоңойтом.

— Кана, эми ошондой болсо. Досторумдун арасында баш көтөрүп жүрө албай калдым…

* * *

Эртеси күнү Хамидахан сиңдиси Халида менен Дилшоданы алып келишти. Балким бул жолу уулунун өмүрү изине түшүп кетер. Акыры жети-сегиз жыл, ал быякта турсун андан да узак турмуш куруп, перзент тапкандар бар. Кудай эч кимди үмүтсүз кылбайт. Дилшода кайтып келген соң, арадан эч сөз өтпөгөндөй, баягыдай үй жумуштары менен алек болуп кетти. Давлатша машинасын гаражга алып кирип койду. Авлиде кызмат кылып жүргөн аялын көрүп, өзүнчө кыжалат болду.

— Ассалому алейкум, — деди Дилшода ага карап. — Чарчабай иштеп келдиңизби.

— Рахмат.

Алардын мамилеси узакка созулбады. Негедир бир-биринен жатсырап турушчу. Ошондон болсо керек, салам-алиги да анчалык окшободу. Давлатша, ата-энеси, үй-бүлө мүчөлөрү менен чоң стол тегерегинде олтуруп тамактанып, жатаканасына кирип кетти. Соң «Самсунг» телевизорунун пультун басып «Жаштар» телеканалын ачты. Өлбөс Аллабергеновдун аткаруусунда «Курбан өлөм…» — «Айланып кетейиним…» ыры жаңырып жаткан эле. Жуунуш каанасына кирип жуунуп чыкты. Караватга жайын алып, тезираак аялы үй жумуштарын бүтүрүп, жанына киришин күтүп жатты. Ачыгы ал аял кишини ушунчалык кумсаган болчу. Ошон үчүн аялын күтүп жатты…

Ошентип, Дилшода жатаканага кирди. Жуунуп, таранып, атыр-упа себинип, жасанып келгенче Давлатшанын жүрөгү тез-тез согуп жатты. Ушундай болсо да ал Дилшодага капыстан жакындаша албады, бооруна басып өбөлбады. Дилшода жанына келип жанбаштаганда да кыймылдабай жата берди. Акыркы соңку эки ай ичинде алар биринчи бар кайрадан кошулушту. Давлатша аялын абдан сагынган эле.

* * *

Арадан жылдар өтүп барууда. Саййяд беш жашка толду. Ал апасы менен тай атасынын баа жеткис эрмеги эле. Тургун ата небересин айрымда кекилик, өрдөк ууга алып барчу. Бир жолу алар түлкү атып келишти. Кыш түндөрү ач калган бөөрүлөр короосуна кол салышканда атып экөөсүн жер тиштеткен болчу. Терисин сыйрып, бирин дубалга асып, экинчисин полго таштап койду. Апасы бөрү терисинен уулуна тон, баш кийим тигип берди. Аны тышкарыдан көргөн адам кичине аңчыга окшоштурушу мүмкүн. Ал ушул турушунда кудум бөөрү баласына окшоп кетчү. Жүзү, өңү-түзүлүшү Давлатшанын өзү болгону менен бышык тетиктиги Туйгуншадан өткөн.

Дагы кыш башталды. Эртеге бүрсүгүндөн Жаңы жыл. Тургун ата небереси менен тоого чыгып, кичине бир арча кесип келишти. Аны Саййяд апасы менен чырайлуу кылып жасашты. Арчаны жасаган соң Туйгунша дагы ошо эски «Жаңы жылды» эстеди. Давлатша тигил бурчта олтурчу. Туйгунша ага ар кыл шыпа болчу демдемелерди даярдап, ичиргенин эстеди.

Анын кыялдары колунан жетелеп дагы ошол чана тепкен дөңгө алып барчу. Мына, алар томолонуп калышты. Давлатша анын лаптаринен өөп жатат. Анын аял болгондугу да ошол сыйкырдуу түн менен байланыштуу. Энелик бактысына ээ болгондугу үчүн дагы балким ошол түндөн карыздыр? Балки анын жалгыздыгы ошол түндөн калып кеткен бир элестир. Бактысына Саййяди бар. Махабат эстелиги. Башынан ал көргөн-кечирген жаман күндөрүнүн эсебине берилген белек эмеспи?

* * *

Давлатша соңку мезгилдерде ичкиликке берилип кетти. Себеби арадан ушунча жыл өтсө да дагы деле ата боло алган жок. Дилшода менен ажырашты. Жаман жолго кирип кетти. Үйгө келбей, туш келген аялдыкында түнөп кала турган адат чыгарды. Аны бул вазияттан чыгарыш үчүн ата-энеси экинчи мерте үйлөп коюшту. Бирок, анысынанда бала көрбөдү. Анын өмүрүндө кандайдыр сырдуу окуялар боло тургандай болуп жатты. Бешенесине перзенттик мөөрү мурдуна басып коюлгандай эле. Ал ушундай учурларда Туйгуншаны эстөөчү. Бирок андан жападан жалгыз перзенти бар экендигин оюна да келтирчү эмес. Өткөн жылдар арасында эки үкөсү үйлөнүп, карындашын турмушка беришти. Бардыгы өздөрүнөн көбөйүп, бала-чакалуу болуп кетишти. Давлатша болсо дагы деле жалгыз. Жапжалгыз. Анын бул дүнүйөдө өзүнөн бөлөк эч кими жок эле.

* * *

Саййяд болсо жыл сайын улгайып, апасы, тай атасынын жардамчысы болуп калды. Акырындап акылы кире баштады. Туруп-туруп апасына кызык-кызык суроолор берип коет. Туйгунша жооп таба албай кыжалат болот, айрым учурларда.

— Апа, тай атам сиздин атаңыз болсо, анда менин атам ким? — деди дасторкон үстүндө тамак ичип жатып.

Күтүлбөгөн мындай суроодон Тургун ата да какап кетти. Ал оозундагы нанын араң жутуп жиберди. Туйгунша да уулунун суроосуна жооп кайтара албады. Жүзүнө кан жүгүрдү. Саййяттин көз карашында бул дүнүйөдө андан бөлөк балдар да бар экендигине, ар бир баланын болсо өз ата-энеси болушуна анын акылы жетпес эле. Тура, алар күн кечирип жаткан бул кеби ээсиз жайларга ким баласын алып келет эле. Күнүгө «ЗИЛ» автомашиналары аяктан-тыякка өтүшөт. Айрым жолоочулар Тургун атанын үйүндө бир түн түнөп, дагы жолго чыгышат. Бирок жолоочулардын бардыгы тең чоң жаштагы адамдардан гана. Жаш балдар жок.

* * *

Тагдыр насип экен. Арадан бир нече жыл өтүп Давлатшанын дагы Бадахшан тараптарга жолу түштү. Ошо жылы бүтүн дүнүйөдө «Тоо жылы» деп жарыя кылынган болчу. Ушул себептен редакциядан Тоолуу Бадахшандан макала даярдаш вазийпасы тапшырылган болчу. Ал өзүнө бул жерлерге эч качан келбеймин деп катуу сөз берип койгон эле. Бирок бешенеден качып кутулуп болбос экен.

Ал дагы Хорогко каттай турган машиналар токтоочу жайга келди. Рамизди сурап-сураштырды. Бирок акыркы жылдарда анын ден-соолугу начарлап, ошко каттабай койгон экен. Бөлөк бир айдоочу менен келишип койду. Сапарга так экен. Түндө жолго аттанышты.

Дагы кыш. Дагы ошол созулуп жаткан жол. Ошол аппак дүйнө. Ошол кыйынчылыктар. Тагдыр азилиби бул же уюшулганбы? Айтор — Жаңы жылга жакын калган. Жаңы жыл босогодо турат.

* * *

Туйгунша түндө түш көрдү. «Көк деңиздин үстүндө аппак түстөгү «ЗИЛ». Үстүнө чоң албан парус орнотулган. Машина кузовунда Давлатша турат. Чачтары шамалда желбирейт. Өзү да аппак кийимде. Үстүнө ак костюм-шым. Мойнунда галстук. Колдорунда болсо ар түрдүү гүлдөрдөн жасалган гүлдесте. «ЗИЛ» кеме уламдан улам жээкке жакындашып келүүдө. Ал жээкке жакындашкан сайын Туйгуншанын жүрөк урушу кыйындашып, тамагына тыгылып калды». Жүрөгү ойноп, ойгонуп кетти.

* * *

Давлатша Мургапка араң жетип келди. Дагы ошол баш оору. Дагы ошол «түтөк». Бактысына бул жолку шериги көп сүйлөйт экен. Жолдо уктап калбас үчүн өзү сүйлөп келе берди. Жолоочу башын силкип койсо, жетет ошол ага. Ал бир амалдап Хорогко жетип келди. Тийиштүү ишканалардын жардамы менен макала үчүн материал топтоп, бир күндөн соң изине кайтты. Ысытмага каршы дары ичип алды. Давлатшанын колу-буту, бели эзип ооруду. Албетте, аба-ырайы дагы ылгап койду. Кан басымы көтөрүлүп, дагы ылгай баштады. Ал жол бою кыйналып, акыры катып уктап калды. «ЗИЛ» Тургун аталардын коргонунун жанына келип токтогондо, Давлатша катуу уйкуда эле. Айдоочу аны ойготпой көтөрүп ичкериге алып кирди. Тургун ата, албетте жолоочуну тааныбады. Шам жарыгында үйгө жаткырышты. Айлана капкараңгы эле. Саййяд уктап калган. Туйгунша да бул жат эркекти тааныбады. Адаттагыдай бир жолоочу болсо керек деп ойлоду. Көңүлү калып, өткөн жылдар арасында ал сүйгөнүнөн бүтүндөй үмүтүн үзүп койгон эле.

— Ата, өтүнүч шаардык мейманды ыссыгыраак ороп койсоңор, эртегече тердеп, кана эми өзүнө келип калса…

— Аны ойготсок, чай-пай ичип, аз гана тамак ичип алса жакшы болот эле.

— Керек эмес, бечара жолдо кыйла кыйналып калды. Онтоп-онтоп араң уктап калды.

— Мейли, болбосо, сиз айткандай боло калсын. Кызын, сен меймандын үстүн ыссык ороп кой, болуптурбу? Туйгунша ире-ширеде текчеден көрпө алып меймандын үстүн жакшылап ороп койду. Тагдардын «азилин» караңыз. «Ат айланып казыгын табат» деп бекер айтышпаган экен улукмандар. Дүнүйөнүн иштери көп кызык да. Кудум атайлап ойлоп келгенге окшойт. Давлатша ушунча жыл иштеп, бир күн келип өмүрүндө бир жолу кошулган кыздын жанына тагдырдын буйругу менен кайтып келип калышын көңүлүнө да келтирбеген. Кала берсе, дүнүйөгө келгенине жети жыл болгон, ушул саамда ушундай гана жанында уктап жаткан уулунун бар экендиги жети уктап түшүнө кирген эмес. Давлатша да Туйгунша да Саййяд да бардыгы эртеге Алланын кудурети менен бир жакшылыктын боло тургандыгынан кабарлары жок.

Туйгунша ире-ширеде туруп меймандарга чай демдеди, атасы дайындагандай оорулууга шамалдашына каршы кайнатма даярдады.

Саййяд эртелеп туруп алган. Тургун ата намаз окуш үчүн даарат кылганы тышкарыга чыккан. Айдоочу менен Давлатша гана уктап жатышат. Тургун ата намаз окуп болгонго чейин, Туйгунша нанүштө кылыш үчүн дасторкон жазып, ал бууну апкелип койду. Печка үстүндө турган шыпаа болучу кайнатмадан пиалага куюп, оорулуу жаткан жайга жакындашты. Бул убакка чейин күн чыгып, үйдүн ичине жарык түшүп калган эле. Туйгуншанын көзү кыймылдабай уктап жаткан бейтааныш адамдын жүзүнө түшүп, кайрадан катып калды. Толкундагандан колундагы пиала Давлатшанын үстүнө түшүп кетти. Ушул саам оорулуу чочуп ойгонду. Көздөрүн ачып караса, каршысында бир жубан туруптур…

«Бул ким болду экен? Көзүмө ыссык көрүнүп жатат. Аны илгери да каердендир көргөндөймүн». Ооба, бул ошол, бадахшандык кыз. Бирок бул жерге кандай келип калды. Түшүмбү же өңүмбү? Мен өзү каердемин азыр. Же ооруп атамбы. Ооба, ооба, бул ошол — Туйгунша… Туйгуншада ээрин көрүп таштай катып калды. «Көздөрүмө ишенбеймин, бул ошобу? Я тооба. Адам дегени да ушунчалык окшош болобу? Давлат акем бир аз жашыраак, азгыныраак эле. Бул киши болсо бир аз болугураак экен. Жок, ал эмес».

Ушул саам Давлатша анын атын айтпаганда оорулуунун чындап Давлатша экендигин билбеген болор беле, ай ким билет го».

— Туйгунша, — деди анын үнү калтырап. Туйгунша келин өз атын каршысында ага термелип жаткан кишиден укканда айран болуп калды. Кулактарына ишенбеди.

— Туйгунша…Туйгунша, — деди Давлатша дагы кайталап. Бул учурда Туйгуншанын кекиртегине эмнедир такалып, көздөрүнөн жаш агып болгон эле. Бирок, өңгүрөп ыйлап жибере албас эле. Канадагы жасалган арча дайыма Давлатшанын сүйлөгөндөрүн тастыктап тургандай болду. Ал Туйгуншага бир нерсе демекчи болду эле, аял анын оозуна бармактарын басты. Себеби жанында айдоочу уктап жаткан болчу. Ал адебей, жолго чыгат…

Көп өтпөй алар бардыгы биргелешип нанүшта кылышты. Саййяд да катарда малдаш уруп олтурат. Ал ушул саамда өз атасы менен жанаша олтуруп чай ичип олтургандыгынан эч бир кабары жок эле. Тургун ата да мейманга улам-улам карап коет. Ал көзүнө ыссык көрүнсө да кимдигин анык эстей албады. Акыры, алардыкына күнүгө жолоочулар келип-кетип турушат. Ошолордун кайсы бирин эстеп калсын.

Давлатша жанында олтуруп чай ичип жаткан балага термелет: «Бул ким болду экен. Кантип эле Туйгуншанын баласы болсун. Эрге тийиптир да. бирок күйөөсү көрүнбөйт. Сапарга кеткен болсо керек».

Туйгунша да терең ойлорго шумгуп кеткен: баятан бери бирде уулуна же Давлатшага карап жатат. Кызык, ал азыр мен жөнүндө эмнелерди ойлоп жатты экен. Атам тааныбады, чагымда каарыгандыр. Давлат акем Саййяд жөнүндө кандай ойго барды экен деген ой сүрүп жаткандыр балким.

Давлатшаны ой-кыялдар каптап таштай албай турду. Ал балалуу болуптур да. Мага болсо перзент бербеди. Балким Туйгуншаны «капа кылып» таштап кеткеним үчүн ушундай болгондур. Мына ал уулдуу болуптур. Турмуш жолдошу менен бактылуу болсо керек? Туйгунша кыйла өзгөрүп кетиптир. Көздөрүндөгү мурдагы ойноок жылмаюлар, шоктуктун ордуларын сыпаалык, жумшактык ээлеп алыптыр. Эсине алардын саманканадагы күндөрү эсине түшүп кеткенде, кулактарына чейин кызарып кетти…

Туйгуншанын көңүлүнөн да ар кыл өткөндөр эсине түштү: «Кайрыят, аны атам тааныбайт». Кыйла карып калды да. Кала берсе көзу да каралашып калган. Таанып калганда эмне болот эле? «Кызымды кордоп таштап кеткен сенсиңби?» деп тамагынан алат беле?! Ачуу үстүндө өлтүрүп койсочу. Жок, жок тааныбаган жакшы. Уулумда аны билбей кое калсын. Ал адебей шаарга жөнөп кетет. Үйлөнгөн болсо керек. Эки-үч перзенти бардыр. Акыры арадан аз эмес, көп эмес, туптуура жети жыл өткөн болсо. Ушундай экен, жабылуу казан жабылуу бойдон кала берсин. Тагдырды өзгөртүп болбойт.

Туйгуншанын көңүлүндөгү ушул сыяктуу пикирлер өтсө да, жүрөгүндөгү отко Давлатшанын ар бир көз карашы учкун таштап тургандай сезди…

Давлатша Туйгуншадан көңүлүнөн кечирим сурап жатты. Ошо жаңы жыл түнү үчүн. Кайрыят, бактысы ачылып кетиптир. Перзенттүү болуптур. Болсун, болсун. Өмүр жолдошу да жакшы жигиттир. Алар бактылуу жашашса керек. Мен болсо бактысызмын. Бар жогум жетерлик болсо да бактысызмын. Атам-апам, машинам, заңгыраган үйүм бар, бирок бактысызмын. Жалгызмын.

— Ата, кана эми, бизге дуба берип жибериңизчи. Давлатша да өзүнө келип калды. Жолго чыкпасак болбойт.

— Жолго чыгасыңарбы, тура, мейли. Кана эмесе, омийн… Сапарыңар бейкапар болсун. Ай барып, аман кайткыла.

Ошондон соң меймандар ордуларынан козголушту. Үстү баштарын кие башташты. Ушул саам Давлатшанын да Туйгуншанын да жүрөгү тез-тез ура баштады. Аялдын ичинен ички бир күйүт, айкырык, жанар тоодой атылып чыккандай болду. Ал суранычтууу көздөрү менен Давлатшага карады. Давлатшанын көздөрү болсо суроого айланып калган. Ал эмнелер болуп жатканын түшүнө албай маң эле. Туйгунша ага эч нерсе дебеди. Ал да сүйгөнүнө тигилип эч нерсе дей албады. Эмне дагы дейт эле. Бардыгы ачык-айкын белгилүү болду. «Туйгунша турмушка чыккан. Анын перзенти бар. Бирок неге айланып алардыкына келип калды. Аны көрбөгөнү жакшы эле. Өзү баш-учун жыя албай жүргөндө мунусу «Өлгөндүн үстүнө көмгөн болду». Давлатша ушул сыяктуу ой-кыялдар менен, көңүлү суз Тургун ата менен кайрылышты… Оор-оор кадам таштап, тышкарыга чыкты. Туйгунша болсо Саййяд менен үйдө калышты. Кудайга шүгүр, «ЗИЛ»дин гүрүлдөгөн үнү угулду. Мына, адебей ал ордунан козголот. Бардыгы бүттү. Ооба, ооба, бүттү. Биз аны менен бөлөк эч качан учурашпайбыз. Саййяд атасынын дидарын башка эч качан көрбөйт. Ички толкундоодон Туйгуншанын азайи-бадани «ЗИЛдин» үнүнө тең келгендей титирейт. Машина жөнөп кетти. Туйгунша уулун бооруна бекем кысканча, көздөрүнө жаш алып, ыйлаганча калып кете берди…

Давлатшанын көңүлүнөн да бир нерсе жулуп алынгандай болду. Ал машинада кетип баратып, көз алдынан Туйгуншанын караны алыс кетпес эле. Бүгүн Жаңы жыл кирет. Мындан жети жыл мурда алар кудум ушул жерде кошулушкан болчу. Бүгүн болсо жолугушкан ошол күнү бир өмүргө ажырашышты.

— Туйгуншанын күйөөсү да айдоочу болсо керек-а, деди Давлатша айдоочуга карап.

— Жок, ал турмушка чыккан эмес. Бир нече жыл мурда бир эргул жолоочу аны алдап намысына тийип коюп, дым-дарексиз болуп кеткен экен. Туйгунша уул төрөп, аны атасы экөөлөп чоңойтуп жатышат.

Айдоочунун сөздөрүн тыңшап олтуруп Давлатшанын бешенесинен муздак тер чыгып кетти.

— Токтотуңуз. Азыр машинаны токтотуңуз, — деди үнү бийик чыккан жолоочу. Айдоочу эмне болуп жатканын түшүнбөй, тормозду басты.

— Тынчылыкпы, агайны. Сизге эмне болду? Бир нерсеңизди унутуп калыптырсызбы?

— Ооба, ооба… Аке, өтүнүч, машинаңызды артка кайтарыңыз. Дүйнөдөгү эң кымбат нерсемди калтырып кетишиме бир саам калыптыр. «Бактымды таштап кетип жаткан экемин. Бактымы!!!». Уулум. Ал менин уулум. Саййяд, ооба, ооба, туптуура, жети жыл толуптур. Сөзсүз ал менин бир боорум. Жылдар агымында төрөлүүнү күтүп жашаган уулум, — дейт ичинде Давлатша.

«ЗИЛ» жарым сааттардан соң дагы Тургун аталардын коргонунун жанына келип токтоду. Саййяд бөрү терисинен болгон постунду, калпагын кийип эшикте ойноп жүргөн экен. Давлатша тездик менен машинадан ыргып түшүп, Саййяттын алдына жүгүрүп барды. Уулун кучактап, жүзүнөн, көздөрүнөн өбө баштады.

— Балам, айланайын балапаным, каралдым барсыңбы? Каерлерде? Каерлерде жүргөн элең, тентегим. Мени мынча узак күттүрдүң, аппагым. Айдоочу «ЗИЛ» кабинасында Давлатшаны күзөтүп отуруп айран болуп калды.

— Уулум, мен сенин атаңмын, угуп жатасыңбы, атаңмын. Мени кечир. Мен сени наристелигиңден карай албадым. Эми өзүм менен алып кетемин. Апаң менен бирге алып кетемин. Мени менен кетесиңби. А? Кетесиңерби?

Тыштагы шаң-шуңду угуп Тургун ата менен Туйгунша эбак эле эшикке чыгышкан болчу. Давлатшанын уулун кучактап ыйлап жатканын көрүп, көздөрүнө жаш алышты. Ошондо гана айдоочу да кеп эмнеде экендигине түшүнүп жетти. Кабинадан Давлатшанын сапар жабдууларын жерге түшүрүп коюп, жолго аттанды.

* * *

Ошол күнү Давлатшанын да, Туйгуншанын да кубанычтары койнуна батпады. Алар сүйүнүчтөн мас болушту. Кечкурун чоң дасторкон жазып, Тургун ата, Давлатша, Туйгунша, Саййяд болуп Жаңы жылды тосушту. Карыя жарым түндө уктап калды. Давлатша уулу Саййяд, аялы Туйгунша менен эшике чыгышты. Уулуна кошулуп жаш балдардай кар ойношту. Аяз ата жасашты. Кийин дөңгө чыгып, үчөө чана тебишти. Айланада алардан бөлөк эч ким жок эле. Күлкүнүн жаңырыгы тоону ээлеп алган. Алардын шок үндөрү ал тоодон бул тоого жаңырып, бүтүн Бадахшанга тарап кетти. Ушул учурда ортодо бир кыжаалатчылык бар эле болгону. Ал да болсо Давлатша менен Туйгуншага нике окулбагандыгы. Иши кылып, бүгүн эле боору Саййяд үчүн Кудай өзү нике окуп койгон болсун, аларга! Алар үйгө киришкенде Саййяд уктап калды. Давлатша менен Туйгунша болсо таң атканча сүйлөшүп чыгышты. Жигит өткөн жылдар арасындагы башынан өткөн бардык өтүмүшүн агызбай-тамызбай айтып берди. Алар бир өмүр бирге болуш үчүн ант беришти. Давлатша аларды шаарга алып кетүүгө убада берди.

Ушундай кылып Давлатша Тургун аталардыкында бир айча жашады. Дүнүйөдө андан бактылуу адам жоктой эле. Себеби Саййяд анын маңдайына жабышып калган туягы жок дегенден жууп таштап, Давлатшаны баласыздык азабынан куткарган болчу.

— Ата, сиз бизди чын эле шаарга алып кетесизби? — деди ширин күлүп Саййяд.

— Алибетте, уулум. Апаңды, тайатаңды да алып кетебиз. Бардыгыбыз биздикинде жашайбыз.

— Шаар дегени эмне өзү?

— Ал жерде көп адамдар жашайт. Беш-алты кабаттуу имараттар бар. Досторуң көп болот. Мектепке барасың.

— Мектеп… Ал эмне дегени?

— Мектеп бул сен сыяктуу балдар билим үйрөнө турган жай. Ар кыл китептериң болот. Окушту, жазышты үйрөнөсүң.

— Китеп дедиңизби?

— Ооба, ал ушундай бир керемет нерсе. Ичин ачып окусаң, ичине сүңгүп кирип кетесиң. Бул сөздөрдү Давлатша уулуна орус тилинде түшүндүрчү. Саййяд орус тилин анчалык жакшы билбесе да, келген-кеткендердин сүйлөшкөндөрүн угуп жүрүп кичине үйрөнүп алган. Түшүнбөгөн жерлерин Туйгунша эне тилинде ага жакшылап түшүндүрүп койчу…

— Бизди шаарга алып кетемин деп жатасыз, — деди ойлонуп олтуруп калган Туйгунша Давлатшага термелип. Атамчы атам, ал каерде калат? Биз акыры аны жапжалгыз таштап кете албайбыз го.

— Ким айтты Тургун атаны ушул жерге таштап кетебиз деп. Аны да шаарга бирге алып кетебиз.

— Ыраазы болбосочу?

— Эмнеге ыраазы болбойт.

— Атам туулуп өскөн бул жайларды оңойлук менен таштап кете албайт. Бул жерлерде биздин авлад-аждадтарыбыз жашап өтүшкөн.

* * *

Тургун ата кой-малдарына жем-чөп берип жатып кыялдарга батып кетет. Ал кызы менен Давлатшанын табышып алгандыктарынан абдан көңүлү чак эле:

«Кайрыят. Кызымдын бешенеси ачылды. Ал бул чөлдүү созулган талааларда жап-жалгыз калып кетээрин ойлоп уваймада жашаган элем. Акеси дым дарексиз болуп кетти. Айрым учурларда жолоочу машиналардан бир нерселерди берип жиберет. Акыркы мерте келип кеткенине болсо бир жылча болду. Узак жол да. Кала берсе иш менен колу бошобойт. Бала-чакасы менен тынчып-тынчып олтурса болгону. Мени шаарга көп жолу чакырды. Бирок мага ал жакта эмне бар? Мен тоо адамы болсом, тоолук болсом. Биз тоолуктарды тоодон айруу, балыкты деңизден арып алгандай бир кеп. Кудага шүгүр, кызымдан да көңүлүм ток. Эми өлсөм арманым жок. Кемпирим да мени көп күтүп калды. А дебей жанына барам, Азизмо. Кызыңды жалгыз таштап кете албадым. Дагы ойлобо, «ал дүнүйө чалым таш багырга жагып калганбы, эч алдыма келгени шашылбайт» — деп. «Кызыңды шаарга узатып алайын, жаныңа барамын…»

— Ата, — деди Давлатша эртелеп чай ичип олтуруп Тургун атага. Сиздерди үйгө алып кетсем деген элем. Ыраазылык берсеңиз жолго каржылыгына даярданып турсак…

Тургун ата бул сунушту эртеби кечби сөзсүз берилишин күтүп жүргөн эле. Ошон үчүн жообу даяр болчу:

— Рахмат, балам, сунушуң үчүн рахмат. Бирок мага шаарга барышка жол болсун. Эгер чечимиң катуу болсо кызым менен уулуңду алып кет. Мен ыраазымын. «Кайрыят, ниетиме жеттим» деди ичинде.

— Өтүнүч, кызым менен неберемди этият кылың. Аларды жалгыздатып койбонуз. Кызым, сиз менен учурашкандан кийин көп азап чекти. Канча-канча жаздыктарды суу кылды, көз жашында. Неберемдин келечеги үчүн аларды өзүңуз менен алып кетиң, өтүнүч, балам.

— Бирок сизчи? Бул жерлерде жапжалгыз калып кетесизби?

— Эмнеге эми жалгыз калат экенмин. Өзүңуз көрүп турасыз. үйүбүз ар күнү меймандар менен бака-шака. Мен өмүрүмдүн калганын да жолоочулардын оорун жеңил кылып, мусапырлардын көңүлүн алып жашоого сарптаймын. Бул ата-бабаларыбыздан калган мурас. Биз дүнүйөгө жолоочуларга чырак жагып туруш үчүн келгенбиз. Бул да, менимче, чоң вазийпа. Адамдарга жакшылык кылыш, алардын көңүлүн көтөрүштөн улук бакыт болбосо керек дүнүйөдө.

— Ата, сизге чоң рахмат, мен сөздөрүңүзгө сөзсүз кошуламын. Бирок кызыңыз, небереңиз, кала берсе мен да сизди бул жерге калтырып кетишке эч көзүбүз кыйбай турат.

— Уулум, сиз эч кыжалат болбонуз. Кызыма бул сөздү мен өзүм жакшылап түшүндүрүп коем. Ойлоймун, ал менин айтканымды кайтарбайт. Сенден бир өтүнүч. Анын көзүнөн эч качан жаш акпасын.

— Ата, сизге сөз берем. Шаарга барганда Туйгуншаны никеме алам. Жазга чыгып экөөбүздүн тоюбуз болот. Кийинчерээк Саййядга сүннөт той кылып беремин. Ушул себептүү жакшы күндөрүбүздө өзүңүз баш болуп туруп берсеңиз жакшы болот эле.

Аман болсок, көрүшөбүз. Насип кылган болсо тоюңарды да көрөмүн. Жолдо неберемди этият кылгыла…

* * *

Сапарга аттана турган күн да жетип келди. Туйгуншанын көздөрү толо жаш. Ал кечетен бери ыйлай берип, шишип кетти. Алар жолго чыгардан мурда олтуруп куран-тиллабат кылышты. Тургун ата перзенттерине ак ниетин билдирип, бакты-таалай тилеп, ак батага кол ачты. Соң үй бурчундагы чоң сандыкты көрсөтүп:

— Кызым, ана бул сандык бизден сага эстелик, мурас. Андагы нерселерди арзуу-аваз менен апаң экөөлөп бир өмүр сенин тоюңа атап жыйганбыз. Мына ушул, арзыбас белекти тапшыруу убагыда келди. Кошконуң менен кошо кары. Ылайым, өзүңөрдөн көбөйүп бала-чакаңардын арзуу-авазин көргүлө деп Тургун ата көзүнө жаш алды. Бул күндөрдү менден көрө апаң көрсө болот эле. Раматылык бизди эрте таштап кетти. Колдо токулган мына бул килемдер, түлкү терилери да силерге, — деп атасы кызынын бешенесинен өбүп койду.

— Ак жол! Эсен-аман жетип алгыла. Канна, уулум, тай атаңды бир кучактап койчу, — деди Саййядка кучагын ачып. Небереси жүгүрүп келип тай атасын катуу кучактап алды… Кийин ата Давлатша менен да кучакташып коштошту…

Тургун ата тажикчелеп кызына акыл-насаат кылганча Давлатша менен айдоочу Туйгуншанын жүктөрүн машинага жайгаштырышты. Саййяд тай атасын дагы бир жолу кучактап өбүп, кабинага чыгып олтуруп алды. Артынан Давлатша машинага чыкты. Чекеге Туйгунша жайлашты. Көздөрү толо жаш. Оңойбу анан туулуп өскөн жерин бир өмүргө таштап кетиш? Анын үстүнө атасы жапжалгыз калууда. «ЗИЛ» ордунан козголду. Атасы колдорун булгалаганча, коргон жанында калды. Машина болсо артына бурулуп, жүрүп кетти… Ал жол жүргөн сайын бара-бара кичирейип барып, акыры көздөн кайым болду…

* * *

Саййяд үстү-башы менен кудум бөрү баласына окшойт. Ал атасынын, айрымда апасынын колтугу алдында уктап келатат. Алар эки күн жолдо түнөштү. Жолдун ушунчалык узундугунан Саййяд түгүл Туйгунша да айран. Ал жыйырма бешке кирип али мындай узак жолду көргөн эмес. Ал эми кана алар адамдардан ушунчалык алыста жашап жүрүшкөнүн аңдап билди. Туйгунша кыялында баласы менен башка дүнүйөгө, башка ааламга, аларга тааныш эмес болгон бөлөк бир жерлерге кетип баратышкан эле. Бул жолдо ага жолдош болуп бараткан адам — ошол сырдуу дүйнөнүн бир өкүлү. Туйгунша бүтүн ыктыярын Давлатшага тапшырып кетип баратат. Алардын тагдыры кыйла кыйын экен. Алар дүнүйөнүн бир четинен бөлөк бир бурчуна барып, үйбүлө куруш үчүн канча-канча дубандарды ашып бара жатат. Давлатша өз шаарында катын балага жалчыбады. Туйгуншага болсо өзүнө тең келе турган тоолук эр табылбады. Дүнүйөнүн иштери абдан кызык да. Муну бешене дейт… Тагдыр… Тагдырыңдан качып кутула албайсың.

* * *

Ошко лапаңдап кар жаады. Уулу «бөөрү баласын» жетелеп кирип келе жатканын көргөн Хамидахандын кейпи учуп кетти.

— Ассалом алейкум, апа! Жакшысызбы?

— Ваалейкум ассалом, балам. Эсен аман келип алдыңбы. Эмнеге мынча энсиреттиң, балам. Бадахшандык бир айдоочу жигит телефон чалып, сенин иштериң чыгып калганын айткан болсо да кабатыр болгонубуз эч басылбады. Ага телефон номерин берген экенсиң. Вай, бул Ким, балам. Мынча ширин бул балакай. Бөрү баласыбы?

— Ооба, апа бөрү баласы. Сиз төрөгөн бөрүнүн баласы. Сиздин небереңиз.

— А-а? Эмне дедиң? Дагы бир кайтар.

— Апа, сиз туура уктуңуз. Бул небереңиз Саййяд. Мына бул болсо келиниңиз — Туйгунша.

Хамидахан уулунун артынан өзүнө карап турган, эки жүзү анардай бул аялга карап таштай катып калды.

— Ассалому алейкум, — деди Туйгунша Хамидаханга карап.

— Ваалейкум ассалом, мунуң түшүмбү же өңүм экендигин аңдый албай калдым. «Чын эле бул өңүм болсо? Чын эле келиним, бул небирем болуп калса ээ?».

* * *

Бул окуя кыска убакыттын ичинде айылда дуу-дуу кеп болду. «Паланчанын уулу Бадахшандан жапайы келин алып келген имиш. Жанында кичине «бөлтүрүгү» да бар имиш деген узун кулак сөздөр таркалды.

Бул арада эки жашты мечитке алып барып, аларга нике окутуп келишти. Эми Саййяттын өзүнчө канасы бар. Ата-энеси кошуна бөлмөдө дем алышат. Бардык ыңгайлуулуктарга ээ. Кичине жуунуш бөлмөлөрү да бар. Давлатшанын аялы, уулуна сатып берген кийим-кечелер, ар түрдүү оюнчуктарды айтпайсызбы? Өзү дагы үч күн «Мерседесте» жүрүшүп. Карасуу, Ош базарларынан кийим-кечелердин алдыңкыларынан сатып алышты. Колу гүл чачтарачтарга Туйгуншанын чачтарын кесип, боеп, түрмөктөп коюшту. Тоолук келиндин жарылган, кыпкызыл жүзүнө чыгып, ал кийген кийимдери пардаз андасыз жарашпаса да Туйгуншанын табигый сулуулугу акырындап билинип суу алдынан чыккан көбүктөй бара-бара жүзүнүн көркү өңүнө чыгып баратат.

Капыстан тоодон түшүп келген Туйгуншанын өзүнөн-өзү чоң келин болуп келгендиги анын эки авсындарына анчалык жакпады. Хамидахандын бири-биринен өткөн бай кудалары аны эч бир тоготушпады. Чын эле Туйгуншанын жарылып кеткен колдоруна тагып койгон каухар көздүү үзүктөр жарашпйт болчу. Мейман ызманга барганда да анын шаардык эместиги ушундай гана билинип калчу. Керсейген авсындары, алардын Европача тарбия көргөн, акыркы салт-санаада кийинген чыгаан карындаштары Туйгуншаны менсишпей, аны адеп кемсинтишчү. Үч-төрт аялдын ортосуна түшүп калса, дароо «сөз жадырышчу».

— Кече телевизордон алиги жапайы бала жөнүндөгү мультфильм бар го, эмне эле аты. Атың өчкүр.

— «Мауглиби»?

— Ооба, ооба кудум ошону көрсөтүштү.

— «Ош ТВ» дан дагы Тарзанды көрсөтүшөт.

— Кайсы?

— Ана бул маймылдар багып алган бала жөнүндө кино бар го, ошону.

Айланасындагы заар сөздөрдөн Туйгуншанын азайи-бадани чочуркап кетчү.

— Тигил бекен баласы. Кастюм-шым, галстук бөөрү баласына да жарашат бекен?

— Ким билсин? Балким ал Давлатшадан эместир. Эки мерте үйлөнүп туудура албаган, кандай болуп балалуу болуп калды экен?

— Бул түлкү Давлатшанын боштугунан пайдаланып илиндирген, чамасы.

Бул сыяктуу күйдүрмөлөрдөн Туйгуншанын башы айланып, көңүлү чөгүп кетти. Кулактарын бекем басып көчөгө чыгып кетпегенде бул шерменделиктен ошол жерде жыгылып түшкөн болор беле? Ким билсин дагы? Туйгунша экинчи перзентине башы караңгы болуп калган эле. Ал эрине мейманкерчиликтеги болуп өткөн окуяларды айтып олтурбады. Эмне кылат анын жүрөгүн оорутуп.

Эки жолу үйлөнүп, жүзү жарык болбогон Давлатшанын абалы ата-энесин да кыйла ойлондуруп койгон эле. Алар уулунун баласы бар экендигин билишкенден соң, бир аз көңүлдөрү тынч алды.

— Катың, жаңы келиниңден көңүлүн токпу? Баягы күнү меймангерчиликтен эрте келдиби? Раңында-раң жок эле, — деди Музрабша бийик салмактуу үнүндө.

— Мен бөлөк бөлмөдө элем. Катындар Туйгуншаны бир аз капа кылып коюшуптур. Билесиз го биздин адатыбызды. Бир-бирибизди паска уруп сүйлөштү жакшы көрөбүз. Аны «Маугли», «Тарзан» дешиптир.

— Эх, акмактар. Эси пастар. Адам баласын да ушундай акарат кылышабы. Мында кичүү келиндериңдин колдору бар го…

— Болбосомчу. Бардыгы негедир ага жабышып алышты.

— Демек, аларды жакшыраак тартипке чакырып коюшуң керек… Өзүңчү, өзүң. Тоолук келиниң жөнүндө кандай пикирдесиң? Анын уулуң менен жашап кетишине көзүң жетеби?

— Жаман эмес. Оор-басырыктуу кыз экен. Ошол күндөгү окуяны уулубузга айтпаптыр. Болбосом, аке-үка, карындаш уруктар ортосуна жаман көз караш түшүп кала беле. Мээнеткеч, зирек кыз экен. Башка келиндерибизге окшоп керилбесе да, чырайлуу болбосо да исталаси ыссык экен. Кийимдери жарашпаса  — жарашпас. Бир күнү жарашып калар. Жаны аман болсун. Негизгиси уулум аны менен бактылуу. Ал да өзүңүзгө окшоп унчукпастан... Анча мынча жумушту бүткөрүп коюп жөн гана туруп алат. Бадахшандай жерде жети жашар уулу бар экен го, бизге ушунча жылдан бери ооз ачпады. Баракелде.

— Кудайга шүгүр кылсаң, — деди Музрабша мыйыгында күлүп. Тескерисинче дагы келин издегенге киришкен болот элең…

— Кудайга шүгүр, Кудайга шүгүр. атасы. Болду туңгучубуздун ташпишинен да кутулдук. Туйгунша тилибизди да, үрп-адатыбызды да үйрөнүп алар. Азырынча неберебиз орусча сүйлөштү кыйла үйрөнүп калды. Уулуңуз аны шаарда курулуп жаткан Агахан мектебине жаздырып коюптур. Келерки окуу жылдан мектепке каттай баштайт. Мейли, тил үйрөнө берсин. Азыркы жаштар жок дегенде үч-төрт тилди билбесе болбойт. Апасынын боюнда дагы бар, чамасы, адеп туздалган бадыраң жеп жатат.

— Кайрыят, уулуңдун бактысы ачылганы чын болсун. Болбосом, келинден өзүң көз-кулак болуп тур. Байкушту кемсинтирип койбо, — Музрабша ушундай деген бойдон чукур уйкуга көзү илинди. «Дүнүйөнүн иштери кызык экен. Чоң келинибиз Бадахшан тараптан болот » деп ким ойлоптур. Бир мезгилдерде ата-бабаларыбыз Ошко ошол жактардан келишкен. Анда мен кичине бала элем. Арадан ушунча жыл өтүп менин уулум тоолук бир кызга үйлөнүп олтурса…

Давлатшанын тагдыры башка тарапта экен да. Балким ал ошол себептүү мурдагы аялдарынан бала көрбөдү бекен? Туура, тагдыр дегени калаты нерсе да. Аргамжыны узун таштап, бир аз коюп берет. Кийин барыбир өз билгенин кылат.

* * *

Туйгунша үйүн, атасын абдан сагынды. Сандыгын ачып улуттук кийимдерин кийип көрүп, айрымда аларды аяк-буякка чыкканда кийип барчу. Шаарга келе жатканда атасы ар кыл даары болучу өсүмдүктөрдөн берип жиберген эле. Атасынан калган бул өнөр Туйгуншага бул жерде да ашык атып калды. Ал ден соолукка пайдалуу өсүмдүктөрдү жакшы билчү. Кайын атасынын кан басымы тез-тез көтөрүлүп турчу. Туйгунша ага аркыл демдемелер берип жүрүп, дарты бир аз жеңилдегендей болду. Кайны энесинин бөйрөгү тынчын алчу. Ал да келини даярдаган демдемелерден ичип жүрдү. Өзү болсо мезгил-мезгили менен «ширчай» ичүүнү кумсап калат. Өткөн сапар андан Музрабша да ичип көргөн эле, ага жагып калды. Давлатшага айтып короонун этегине малкана курдурду. Уй алдырып, ар күнү жаңы сүт саалып турду. Айран, каймакты көчөдөн сатып албай коюшту. Келинге карап Музрабша балалык кездерин эстеди. Атасы Хуррамша, апасы Зулфия менен алардыкына тез-тез келип турушчу… Туйгунша аларга тандыр да ыссык-ыссык нан жаап берчү. Сүйлөштү да үйрөнүп алды… Саййяд да өзбекче 
менен кыргызчаны кыйла өздөштүрүп алган…

Ай өткөн сайын анын жүзү агарып, шаардыктардын түсүнө окшоп аппак болуп баратты. Давлатша болсо үй-бүлөөсүнөн көңүлү ток чыгармачылык иштер менен гана алек болуп калды.

* * *

Давлатша тез-тез аялын машинасына салып базар-учарга түшүп турушат. Тургун ата үчүн азык-түлүк, аны-муну сатып алышып, жолоочу машиналардан берип жиберишет. Мына, жазга да эсен-аман чыгып калышты. Музрабша менен Хамидахан башкалар менен кеңешип, Давлатша менен Туйгуншанын баш кошуу тоюн, Саййяттын сүннөт тоюн бир күндө өткөрүүнү белгилешти. Той күнү аныкталып, Тургун атага да эртереек кабар берип жиберишти.

* * *

Туйгуншанын келин кийүүчү көйнөктө көрүшүп, айрым бир карындаштары аны тааныбай калышты. Европача чач түрмөгү, чырайлуу өзүнө жарашкан ак көйнөгү аны бүтүндөй башка адам кылып өзгөрткөн болчу. Жомоктогу перилердей ачылып кеткен. Жүзүндөгү пардаси да өзүнө куп жарашып турат. Давлатша да беш-он жашка жашарып кеткен эле. «Той балада» алардын жанында. Алда чет элдик мырзаларга окшоп кетет. Бардыгынын көзү аларда. Саййяд гүл десте көтөрүп алган… Тойго Тургун ата да, Туйгуншанын шаардагы агасы да, аялы, балдары менен келишкен. Кызынын бактылуу экенин көрүп, атасынын кубанычы ичине батпайт. Кана эми бул күндөрдү кемпири Азизмо да көргөндө эле, көрбөдү. Аттиң, ага насип этпеген экен. Адаттагыдай келин-күйөө каттоодон өтүп кетишкенден кийин «Азизим» ресторанында той болуп өттү. Ошол күнү кечкурун Саййятты сүннөткө олтургузушту. Эми Давлатша менен Туйгунша чындап эрди-катын экендиктерине бардыгы ишеништи. Алардын уулу бар экенин тан алышты…

Кудалары Тургун атанын да урматын ордуна коюшту. Атасы кызы менен күйөө баласынын бешенесинен өөп, аларга бакты-таалай тилеп жолго түштү. «Ушул жерде биз менен калыңыз» деген өтүнүчтөргө көнбөдү. Атасы беш-алты күн уулунун үйүндө туруп, Бадахшанга кайтып кетти. Үйүндө узак бир тууганынын уулу калган. Кой-малдарын карап-туруш үчүн…

* * *

Саййятке энеси менен чоң атасы карап турушту. Ал үч-төрт күндө бутка туруп кетти. Атасы уулу менен абдан сыймыктанат. Саййяд да атасын жакшы көрөт. Ата-бала айрым учурда шаар айланып, сейил курушат.

— Мен да эми эркек болдум-а, — деди бир күнү атасына. Давлатша уулунун сөзүнөн каткырып-каткырып күлүп жиберди.

— Эмнеге эми мындай деп жатасың?

— Акыры сүннөткө олтургузушту го.

Давлатша дагы каткырып күлүп жиберди.

— Жок, сен эми уул бала болдуң. Кийинчереек өспүрүм болосуң, соң эркек болосуң. Мага окшоп аял алганыңда, түшүндүңбү, тентекбай… Сенин эркек болушуңа дагы канча коон бышык бар.

Арадан дагы бир нече ай өтүп Туйгунша кыз төрөдү. Бул учурда анын жамалы биротоло шаардык аялдын кейпине кирип болгон эле. Күндөн-күнгө Давлатшанын көңүлүндө аялга болгон мээрим акыбети артып барып, ал акырын-акырын чыныгы махабатка айланып бараткан болчу. Ал мына ушул эки балалуу аялда арадан ушунча жыл өткөн соң сүйүп калды. Алар бири-бирине болгон махабаттан улам тил үйрөнө башташты. Давлатша тажик тилин, Туйгунша болсо өзбек тилин… Мына чыныгы ак-сүйүүнүн, махабаттын күчү.

* * *

Арадан бир жыл өтүп Туйгунша эрине дагы бир кыз төрөп берди. Давлатшанын кубанычы жерге, көккө сыйбады. Ал, мына үч жолу ата болду. Кийинчерээк аялы дагы бир уул тууп берди. Соң алар дагы кыз көрүштү. Ошентип, өткөн беш-алты жылдын ичинде Давлатша перзентсиз, соко баш адамдан беш балалуу бактылуу атага айланды.

Адам баласынын зуваласы бир жайдан үзүлгөн болсо, аларга узун-узун жылдар да пас-бийик тоолору, ыссык-сууктары да тоскоол боло албайт турбайбы. Тескерисинче жардам берет экен. Арадан көп убакыт өткөндөн кийин Давлатшанын атына короо сатып алышып, ошол жерге үй салып чыгарышты. Казан-табактарын башка кылып коюшту. Жаш үйбүлө өзүнөн көбөйүп, быягына перзент тарбиясына көңүл бурушту. Чоңдору мектепке, бөбөктору бакчага катташты. Давлатша аялына да репетитор табып берген. Ал Туйгуншанын кат сабатын жоюуга көмөктөшөт. Мектеп программасын сырттан үйрөнүүдө. Кыска убакыттын ичинде ал беймарал жазып, окуй ала турган болуп калды. Кечкурун балдары менен даары даярдайт. Бош убактарында китеп окуйт. Балдарына үйрөтүп жатып, өзү да бир нерселерди үйрөнүп алды…

Кийинчерээк эри аны жогорку окуу жайлардын бирине келишимдин негизинде окууга жайлаштырып койду. Анын үзүрлүү себептерге байланыштуу мектепте окуй албагандыгы туурулуу маалыматтарды топтошту. Сөздүн кыскасы, Туйгуншанын өмүрүндө тоолук, сабатсыз бир аялдан чыныгы шаардык, окуган, маданияттуу айымга айланыш учуру жүрүп жатты. Ал кошумча накта маданиятты, кийинүү, жүрүш-туруш маданияттан да сабак алды.

Булардын бардыгы ага ресторандарда болуп өтүп жаткан той-түркүндөрдо, ар кыл отуруштарда өзүн эркин кармашына жардам берди. Бардыгынын көзү анда. Аракет менен мүмкүнчүлүк болсо бардык ишти аткарса болот экен. Алты айча бычыш-тигүү, токуу курсунда окуду. Эки-үч ай шириндиктерди жасап бышырыш сырлары менен аракеттенди. Үй бекеси болуш да чоң эркти жана тажрыйбаны, кала берсе назиктикти талап кылуучу сабактар. Үй ээси да жакшы ашпоз, уста, навай, чебер токуучу, айрымда колу жеңил мээрбан эже же болбосо өткүр зээндүү мугалим болуштан тышкары балдарга мээримдүү апа, эрине сүйүктүү жар боло алышы да керек. Акыры үй-бүлөдөгүлөр бир гана эри же балдары эмес да. Бир убакыттын өзүндө аларда оорулуу же жөнөкөй бир клиент болуштары турган кеп. Бирине тамак бериш керек, экинчисинин топчусун кадап, шымын үтүктөп бериш лазым. Дагы бирине сабак даярдашып, ыр жатташышы зарыл.

Бирин жуунтурушу, экинчисин кийинтириши мүмкүн. Бул күндөлүк турмушта кездешүүчү билинбеген аткарылуучу жумуштар эмеспи, азиз окуучум…

Алардын жашоо-турмуштары бир агымда уланып жатты. Кечке маал кимдир бирөө коңгуроо кылып калды.

— Угамын,— деди Давлатша трубканы көтөрүп.

— Бул үй Туйгуншалардыкыбы?

— Ооба, ооба сиз ким болосуз?

— Биз, Бадахшандан келген элек. Атасы катуу ооруп калыптыр. Ушул кабарды айтып коелук дедик эле.

— Өзү ата түзүкпү? Ага эмне болуптур, — деди Давлатша тынсызданып.

— Катуу шамалдап калыптыр. Аны бир жээни карап турат. Оорусу кыйла оор.

— Болуптур, дарек берип койгонуңузга рахмат. Ал трубканы коюшу менен жанына аялы жүгүрүп келди.

— Тынчылыкпы? Эмне кеп, атасы.

— Атаңыз ооруп калыптыр. Бадахшандан ушундай жаман кабар айтышты.

Эринин сөзүн угуп Туйгуншанын жанында жан калбады. Ээктери калтырап, коркконунан столго олтуруп калды.

Шум кабарды угушуп өздөрүн коерго жер таппай калышты. Кана эми канаты болсо, Туйгунша «пырр» этип атасынын жанына учуп кетип калса. Ошол саам алар тездик менен машинага олтурушуп, Бадахшанга жөнөй турган жайга барышты. Абал коңгуроо кылган айдоочуну издеп табышты. Туйгунша аны менен өз тилинде көпкө чейин сүйлөшүштү. Ызасыдан көздөрүнө жаш алды.

Бактыга каршы жол тосук экен. Жаз келип, тоолордо кар эрип, көчкү жүрүп жаткан. Эх, аттиң, ал жакка же автобус каттабайт, же поезд. Биз жактан самолет учпай тургандыгын айтпай эле коелук.

Туйгунша өзүн коерго жай таба албай буту күйгөн тооктой аяктан-быякка басып жүрөт. Оозун басып ыйлап жатты. Ыйлабаганда анан, атасын тоюнан кийин көрбөдү. Атасы бир нерсе болсо эмне болот?! Ал күндүн бетин нары кылсын. Ал ошону ойлоп ыйлап жатты. Давлатша да ушул учурда колу кыскалыгынан, алсыздыгынан ичинен алам болуп турду. Тагдырдын буйругу деген ушул эмеспи?

Эх, аттиң алыстын иши алыс. Сен алыс, алыстарда болсоң, күндөрдөн бир күн капыстан сага эң жакын кишиң ооруп калгандыгы же өтүп кеткендиги жөнүндө кабар берсе… Мындай учурларда узак жол андан да узарып кеткендей туюлат. Анын ар бир кадамы чакырымга тете туйлайт. Узак-узактардан жетип келгенче ошол адам көз жумган, же аны жайга көмүп коюшкан болушат. «Куттуу үйдөн тышта калсын» дешет мындай учурларда чоңдор. Мындай күндү эч кимдин башына салбасын. Туйгунша түнү менен мичче какпады. Давлатша болсо диванда олтурганча уктап калган. Аялдын жүрөгүн увайма, басырык баса берди. Кана эми аларды көңүлүнөн кууп, өзүн колго ала алса.

* * *

Туйгунша канча ынтылбасын, аракет кылбасын, ал барыбир атасынын жанына жетип бара албады. Тургун ата каза болду. Аны айдоочулардан үч-төртөө коргондон саал нарыраакка көмүп, үстүнө тоо таштарынан терип коюшуптур. Ээсиз кумдуу чөлдө аялы — Азизмонын кабры жанында дагы бир күмбөз пайда болду. Тургун ата бар жогуну акыркы учурларда анын жанында болгон жээни Искендерге васият кылып калтырыптыр…

Жаман кабарды угуп, Давлатшанын ата-энеси, чоң атасы менен чоң энеси алардыкына жетип келишти. Короосунда кыйкырып ыйлап турган Туйгуншаны боорлоруна басышып, ага көңүл айтышып күч-кайрат беришти. Биргелешип көз жаштарын төгүштү. Апасына кошулуп анын беш баласы да үн чыгарып ыйлап турушту… Карындаш-уруктар келип, ал-ахбалдарын сурашты, куран-тиллебат кылышты. Ушул жерде атасынын жыйымалыгын, кыркын өткөрүштү. Бука союп, эл журтту чакырып куран окутушту…

* * *

Арадан эки ай өткөндөн соң Туйгунша эри менен Бадахшанга барып келүүнү чечишти. Алар өздөрү менен балдарын да алып алышмакчы болушту. Бул учурда тоолордо карлар эрип бүтүп, жол коопсуз болуп калган эле. Алар эки машинага жайланышты. Бир машинада Давлатша үч уулу менен, экинчисинде Туйгунша эки кызы менен жолго чыгышты. Не-не азаптарды үч күн көрүшүп, үчүнчү күнү раматылык Тургун атанын коргонуна жетип келишти. Саййяд балалыгы өткөн бул жайларды бир аз тааныгандай болду. Инилеринин болсо бул жерлерге биринчи, акыркы келиштери эле. Алар машинадан түшүп үй ичине кирбей, туп-туура ата-энесинин кабры тарап жүрүштү. Аркасынан беш баласы бирин-бири эрчип жетип келишти. Туйгунша кабр жанында бакырып, бакырып, өксүп-өксүп ыйлады. Апасына кошулуп балдары да күйүп ыйлашты. Давлатшанын да көздөрүнөн сызылып жаш чыкты. Соң ал бийик үндө куран-тиллебат кыла баштады. Ушул учурда айланадагы көкмөк тоо таштардагы, жапжашыл арчалар да дуба кылыш үчүн тиз чөгүп олтургандай эле. А чынында Давлатшанын үнү бүтүн Бадахшан бойлоп тарап жаткандай. Үч-төрт күн өткөндөн кийин алар Ошко бүтүндөй кайтып келишти. Ооба, алар Ошко бүтүндөй кайтып келишти… Бүтүндөй…

Ош шаары, 2002-жыл

 

© Каримов Р.З., 2007. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 6256