Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Руханий адабият
© Өмүрбүбү Бегалиева, 2006. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 25-августу

Өмүрбүбү БЕГАЛИЕВА

Бал китеп. Том I

Ааламдан келген каттар

Окурмандар бул китеп аркылуу Аалам–Адам байланышынын чексиздигине күбө болушат. Ааламдын Бийик Акыл-Эс Тутуму кыргыз тагдырын тура багытка бурууга жасаган аракети, китептин келечектүүлүгүнөн кабар берет. Ааламдан келген кабарлардын актуалдуулугу мына ушунда: китептин оң Жана терс каармандары Кыргыз мамлекетинин түптөлүш тагдырында кандайдыр бир деңгээлде олуттуу роль ойногон тарыхый инсандар жана биздин замандаштар. Калк тагдырын аркалаган мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, саясатчылар, тарых жана дүйнө тану илимдеринин изилдөөчүлөрү, жалпы окурмандар Бал Китеп аркылуу барчу жолдун багытын, баалуулуктун сапарын түкшүмөлдөөгө мүмкүнчүлүк ала алышат. Анда, Бал Китеп баарыбызга бакубаттуулук тартуулоочу маанай ачсын, окурман!

Бегалиева Өмүрбүбү. Бал китеп. Ааламдан келген катар. I том. – Б.: 2006. – 348 б. китебинен алынды

УДК 82/821
ББК 84 Ки 7-5
Б 37
ISBN 9967-23-266-8
Б 4702300200 – 06

 

Кыргыз Революциясынын каармандарына жана
Кыргыз мамлекетинин келечек тагдыры
үчүн күрөшкөндөргө арналат!

 

«Ааламдан келген каттарды» окуп жатканда,
Көкүрөк туштан жылуулук урат ачканда.
Арбайын соккон элиңдин сыры салынган,
Саптары көзгө урунса шашпа жапканга.
Кабарын аалам талкуулап бирден изилде,
Эмне деп жатат Кудайдын өзү асманда!

Бал китеп жазып жалпыга бердим кабарын
Бийликтин сырын, иритип барган абалын.
Билимдүү адам илгиртпей баарын түшүнөт,
Бал китеп сыры кай жакка алып бараарын.
Кыйналып турган кыргыздын жолу ачылсын,
Көрбөсүн элим шумдардын чексиз залалын.

 

I БӨЛҮК


Таланттын ташкыны

...Чындыгында Өмүрбүбүдө кандайдыр бир таланттын ташкыны, баягы кадимки нормалдуу адамдардан ашыгыраак бир касиет – Ааламдан, Теңирден, кыргыздар айткандай жөлөмөсү бар талант экенине ишендим, бул кызды үч күч таасирленткенин байкадым. Биринчиси – бул биз жашаган дүйнө, экинчиси арбактардын түбөлүктүү делген дүйнөсү, үчүнчүсү Кудай, Аалам, ишеним, чындык күчү.

Бүгүнкү эркиндик демократия заманы болбосо, мечиттердин жүздөп-миңдеп салынып жатканы, ислам, башка диндердин кеңири жайылганы мындай “көзү ачык” таланттардын чыгышы, биздин эркин доордогу карлыгачтардын бири сыяктуу элес калтырат. Жаш акында насаатчылык, философиялык ой толгоолор ыр саптарында да, кара сөздөрүндө да камтылган. “Адамдын пейилин кантип агартуу керек, адамзат кандай болгондо жакшылыкка жетет, бир-бирин түшүнө алат жана сыйлай алат? – деген алгылыктуу ойлор берилген.

Мен бул дүйнө дегеним “Теңир, Аалам жана Мен” жыйнагындагы “Ак Мөөр, Жантай баяны” поэмасында тагдыр чындыгы, улуу, кичүү баш кошкондордун бара-бара түшүнүп, сыйлашып чын дилден берилген махабаты ишенимдүү, кызыктуу сүрөттөлгөн. Мына ошондуктан “Ак Мөөр, Жантай баяны” мага абдан жакты.

Кыргыз адабиятында, тарыхында Ак Мөөр жаатында сыйлуу-сындуу, колдон колго өткөн чыгармалар жаралып келатат. Бизге белгилүү Калыктын, А. Токтомушевдин “Ак Мөөр” поэмалары, С. Эралиевдин абдан көркөмдүү поэтикалык поэмасы, А.Осмоновдун драмасы, У. Абдыкаимовдун либреттосу, “Ак Мөөр” киносу да бар. Ал чыгармалардын басымдуу көпчүлүгүндө Жантайды апсайган абышка кылып эле сулуу, акылдуу кызды бийликтин күчүнө салып зордук менен жалчы эне-атасынын колунан жулуп кеткенин көргөзүп келишпедиби. Сыягы таптык, саясий көз караштын натыйжасынан болуу керек.

Өмүрбүбүнүн дастанында ал өзү Мөөргө жакын, арабдын ханынын кызы болуп жаралгандан бешинчи кайталанып жаны Ак Мөөргө салынганы айтылат. Балким ааламдык жөлөмөлөө күчү Өмүрбүбүгө Ак Мөөрдүн дилин берип, жазганда кыздын жүрөгү, кыздын сезими Жантай ханга, Жантай хандын кызга болгон ыкласы, мээримдүү мамилеси ушунчалык адамды өзүнө тартып берилиптир. Мен ойлодум, бул кызда поэтикалык ийкемдүүлүк жетпей калса кандай болоор экен? Биринчиден, Соң Көлдөй кооз жерде туулган, эрке, акылдуу, адамгерчиликтүү, назик тарбияланып өскөн. Биздин жердешибиз Мөөр жөнүндөгү даъазаларды чындыгында көп эшиткенбиз, билебиз. Экинчиден, Мөөр, Адыл деген чоң байдын кызы. Келдибек деген атактуу манап көзгө басар кызы катарында ага нөөкөр кыздардын чөйрөсүн түздүрүп, оюн-шоок, оймочулук, уздук иштерди үйрөттүргөн. Ак Мөөр эркелеп, баарына жагып, шайыр, наздуу өскөн. Өмүрбүбү ошол чындыкты укканбы, же жөлөмөсү ааламдан айтканбы?..

Дөөлөтү, сөөлөттүү чөйрөдө эркин гүлдөй бапестелип өскөн Мөөрдү автор поэтиканын көрктүү боегу менен келиштире сүрөттөйт:

Денеси тал чыбыктай гүл буралган,
Кыз өзү мээрим алган күн нурунан.
Бой жетип турган чакта наздуу болуп,
Гүл сымал жыпар чачып көз уялткан.

Көрдүңүздөрбү, татынакай кыздын таң калаарлык портрети. Ал эми Жантайды жек көрүмдүү, апсайтпай шайдоот, күч-кубаттуу, мээримдүү, бой келбети да келишкен, кыздын жүрөгүн ээриткен жароокер, хандык сөөлөтүнө акылман, асыл адамгерчилиги айкалышкан жоомарт, сырттан кылып көргөзүптүр:

Калдайып келсе Жантай чоң күч-кубат,
Жактырчу асыл жарым – мөлтүр булак.
Ажайып аткан таңдын шооласындай,
Кучактап эрдим сүйсө жан жыргатат.

Арадан бир топ убакыт өткөндө Мөөр өгөйлөбөй эле Жантайды жактырган, ага берилген, урматтаган түрмөктөр арбын:

Бурганак, бороон чапкын бсаңдады,
Оо, турмуш! Махабаттын атты таңы.
Суйсалып турган Ак Мөөр Жантай ханды – 
Жактырып чын дилинен сүйүп калды.

Жайдын толугунда көйкөлгөн Соң-Көлдөгү Ак Мөөрдүн кош аталары: манап Келдибек, бай Адылдын айлында, кыргыздын аттуу-баштуу билермандарын чакырып, төрт түлүк малды күпүрөтө айдатып, калың берип, көп күнгө созулган шаан-шөкөттүү той өткөрөп, хан Жантай кыздын жүрөгүн жибитип Кеминге келгендеги окуялар да абдан жеткилең берилиптир. Бул – Ак Мөөр темасындагы жакшынакай толуктоо: тагдыр, урмуш, махабат чындыгына шайкеш жаъылык.

Өмүрбүбүнүн жыйнактарында аалам аркылуу миң жылдар аралыгындагы тарыхый залкарлар менен баарлашкан окуялар мени кызыктырды. Маселен, Мухаммед пайгамбар менен Өмүрбүбүнүн өзү – Ак Мөөр (поэтикалык образ) болуп, аны жигиттин гүлүнө теңеген өтө элестүү саптары бар экен.

Атактуу Фирдоуси менен маегинде келечекте акын болоруна шыктандырып ырдан сый берүүсү, таланттын сыйкырын жугузуп кеткен аян сыяктуу ыр түрмөктөрү бар экен. Бул акын кызыбызда кандайдыр башка акындарга окшобогон оригиналуулук бар. Жаш таланттардын көбү алдыдагы, өткөндөгү чеберлерди үйрөнчүк учурунда туурайт (тематикасы же өлчөмү жагынан). Өмүрбүбү өзүнчө жол издеген, абдан катаал, сйкырлуу багытка ынанып, тайманбай бараткан аракетчил калемгер экен да. Өмүрбүбүнүн поэтикалык тили бар экен, ажарлуу кооздукту көрө билген көзү бар экен. Ушу басыгын токтотпой чыгармачылыктын машакаттуу сапарын эч чегинбей жаалдуу тайманбай баса берсе бул кызыбыздан накта рухий дөөлөттөр жараларына ишенүүгө болот.

Шөкөрбек Бейшеналиев,
Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Ханс Кристиан Андерсен (Andersen) атындагы дүйнөлүк сыйлыктын лауреаты,
“Эркин-Тоо”, 1-май, 1998-ж.

 

Ак Мөөр, Жантай баяны

(Дастан)

Эсимде, бул дастан аалам менен байланышкан учурдан бир жыл өтпөй оозума куюлушуп түшө баштаган. Оозеки келген дастанды (1996-жылдын биринчи жарымында жазылды) азыр да үйдө турган кызыл магнитофонго жаздырган элем. Бул дастан менин жанымдын бешинчи жашоосу болгон Ак Мөөр сулуунун тагдыры менен байланышкан. Арадан жүз жыл өткөн соң кайра жер бетине жаралып келген жан (ал азыркы мен), өткөн доордогу жашоосун азыркы күн менен эскерип жатышы менимче адам тагдыры үчүн өтө уникалдуу маселе. Бул дастан менин 1996-жылы “Акыл”мамлекеттик концернинен ((Кыргызполиграфкомбинаты) жарык көргөн экинчи “Теңир, Аалам жана Мен” деген көлөмдүү китебиме киргизилген. Бул дастан 1997-жылдан бери Орто Азиядагы Америка Университетинде кыргыз этнологиясы предметинен Ак Мөөр тууралуу поэмалардын жаңы варианты катары студенттерге окуу куралы катары колдонулуп келүүдө. “Теңир , Аалам жан Мен” китеби 1997-жылы мамлекеттик Токтогул сыйлыгына да көрсөтүлгөн эле. Поэмадагы Хава хан менин жанымдын аравия жергесинде жерге келип экинчи жаралышындагы менин атам болгон адам. Жантай хан да көп жылдар аралыгында жер астында көп сурактарда болуп “Теңир, аалам жана Мен” китебинин чыгышы менен акталып бейишке чыкты. Буга себеп Жантай тууралуу таралган айрым терс мамилелер. Аларга анын образын каралап жазылган көптөгөн поэмалар жана “Ак Мөөр” телефильми кирет. Бул поэма ааламдан кандай келсе ошол калыбында китепке киргизилген. Поэманын негизги максаты — Жантай, Ак Мөөр тууралуу чындыктын жер бетинен орун алышы жана ааламда бардык нерселердин кайталанып, бири-бирине байланыштуу экендигине көз салуу аркылуу адам тагдырын оң жолго бурууга аракет жасоо. Анда эмесе аалам кабарларына көңүл салыңыз.

Сиздерди урматтап, Өмүрбүбү.

 

АК МӨӨР, ЖАНТАЙ БАЯНЫ*

(*1996-жылы жарык көргөн «Теңир, Аалам жан Мен» көлөмдүү жыйнагына киргизилген (2000 экз.))

 

Сөз башы

Өткөн доор окуясы нак куралган,
Жуздөгөн жылдар өттү бул арадан. 
Буулуккан сырлар келип ашып-ташып,
Айтылат түгөнбөгөн сырдуу баян.

Бурулуп карап мен да бурулуштан.
Айталбай сүйүү жайын болгом арман.
Махабат – көөнөрбөгөн улуу сезим.
Кең-кесир болсун баян өткөн чактан.

Ата-эне бапестеди чүрөк кызын,
Сулуу кыз айтып бүтпөс дастан узун.
Жүрөккө тузак салып айта турган-
Сүйүүнүн бул баянын уксун журтум.

Денеси тал чыбыктай гүл буралган.
Кыз өзү мээрим алган күн нурунан.
Бой жетип турган чакта наздуу болуп,
Гүл сымал жыпар чачып көз уялткан.

Улуу да карап турду ушул кызды.
Кичүү да сурак салды: «Ушул кызбы?»
Менменсип бекзаадалар сөз айталбай,
Артынан узатышты бул сулууну.

Алкымы ай нурундай ажарданган,
Сулуунун атап атын басам ылдам.
Ай жаркын ак жүзүн айт бул сулуунун,
Көргөндү бир каратып тамшандырган.

Ал учур боюн түздөйт кыз суналган,
Күндөн, айдан кем эмес нур чыгарган.
Нур жүзү жер бетине чачса жарык,
Ага теңдеш таппадым бу жалгандан.

Капырай кайдан келген бул сулуулук,
Ким айтты: «Сулуу деген бул улуулук»
Улгайба! Сулуу жүздүн сыйкыры бар, 
О адам! Тагдыр өзү бул чоң буйрук.

Адамзат! Сулуулуктун бийиги бар,
Байыркы өткөн заман баяны ал.  
Мөөркан – ал сулуунун аты-заты.
Бизге эми ак сүйүүнү аян кылар.

Ууртунан чачып күлкү жер бетине.
Ал ак куу сүзүп жүргөн көл четинде.
Келишкен сулуу жүзү ай чырайлуу,
Нур болуп чачырады таңдан-кечке.

Артынан карап туруп ал сулууну,
Апаппак сүйүү салган сыр улуубу?
Улгайып бара жаткан хан Жантайдын,
Арзуусунун тоо суусундай тунуктугу.

Сезилет ар бир сөздөн айкын жүзү,
Дээри, жан дүйнөсү, оттуу көзү.
Тамшанткан сулуулугу кеч күздөгү,
Жүзүмдөй турат бышып үзүлгөнү.

 

Кыз курак

Турамын көпкө карап көлдү улук,
Күн чубак мээрим төктү миң кубулуп
Урпактар угуп турчу узун жомок, 
Айтамын калкыма сыр – уруп кулдук.

Улгайып барат күндө ата — энем,
Ар кайсы сөздү сүйлөйт үйгө келсем.
Бак конуп, ордун тапсын деген ойдо,
Апакем анда айткан сөздү бекем:

– Кулунум, угуп турчу кулак салып,
Өсүп калдың сен эми бой суналып.
Абийирин таза сактап каада менен –  
Күйөөгө кыздар барат маңдай жарык.

– Жок, апа! Азыр эрте, муну айтпасаң!
Мөл булак жаштык кезди көрдүм араң.
Өмүрүм таңдай болуп жаңы атканда,
Башыма түйшүк үйүп кууратпасаң.

– Мөөркан! — деди атам мага карап,
Сөз укчу, көп адамдар кылат сурак. 
Кеп кылып өз мүдөөсүн кулак кагыш,
Кызыңды күйөгө бер деп суранат.

Олдо, ай! Ата-эне эмне демек,
Бир келчү өмүр деги кайдан келет?
Ириген сүттөй көңүл ирээнжиди,
Эмне үчүн кыз баланы күйөөгө берет?

Сурады күлүп турган күндүн нуру:
– Эмне үчүн тартасың баш күндө утуру?
Ай нуру төгүлгөндө түн ичинде,
Балбылдап карап мага акыл сунду:

– Айтпа антип, кесир кылба! Калпыс го бу сөз,
Күйөөгө барчу маалың мына ушу кез. 
Түйшөлүп жүрө бербе ата үйүндө,
Буралган болдуң го кыз асыл мүнөз,

Саксактап көз салышкан ата-энем,
Толгонуп эзилгеним сезип минткен:
– Бой жетип кыз суналып турган чакта,
Сезимге келбейт нелер ченебесең.

Кападар болбосо экен ата-энем,
Барк алып көңүл бөлчү бүтүн дүйнөм.
Чай куюп чебелене сыйлап келген,
Күүгүм түшө үй ичине кеч киргенден.

Таап айтчы…Тагдыр деген эмне экен?
Бул дүйнө ал тагдырга башын ийген.
Балапан чакта болгон улуу сезим,
Жаныңа бүлүк салат эрте-кечтен.

Каалагам ошол чакта өзүм сүйгөн,
Болотту көөнүн салып мелмилдеген.
Көп учур эркелетип бирге басып
Жүргөн күндөр түшөт эске тээ мейкинден.

Бел ашып көп учурда көңүл шашып,
Сейилдеп жылга бойлоп кубалашып,
– Болот, Болот! Чакырчумун жаныма –
Бетимден өптүрчүмүн кайра качып.

Шарактайт кыз-жигиттер кыз оюнда,
Болотту көрдүм анда түн койнунда.
Жүрөктөр түрс-түрс соксо балкыйт дене,
Жалбырттап күйгөн оттун кубатына.

Жүрөктүн черин жазып ачкан көңүл,
Махабат чачса жалын төгүлөт нур.
Апыртып айтып салчу мүнөзүм жок,
Калайык — калкым тыңша, ачылсын сыр.

Көөнүмдү баса албастан кээ бир учур,
Көпчүлүктөн ката албагам баяндуу чыр.
Бууракандап ашып-ташып жаткан сезим,
Сүйүүнүн ал сырлары – бул тунук ыр.

Болотко берчүм белги эңсеп кээде,
Ал айтчу: «Шашпай турчу келечекке.
Ташкындайт сезимимде улуу сүйүү,
Бир болсок, — деп тилеймин таңдан-кечке».

Болотко жанган кумар жагылган от,
Башкага кыпындай да көңүлүм жок.
Кыялым сезген апам тынчсызданып:
– Кызым, — дейт, кеп айтайын болуп орток.

– Кыз деген кыл учурда кымбат нерсе, 
Кылтылдап турган чагың билгиң келсе.
Буйругу кимге болот билбейм азыр, 
Далайлар көөнүн салды кадыресе.

Курган жүрөк опкоолжуйт. Кандай арга?
Буйрук болсо баш ием тагдырыма.
Кем кылба, о Жараткан жакшылык сун.
Сураарым колдоп турчу жабыкканда.

…Түн ичи. Уктай албайм. Түштү бүлүк,
Оолугам, тура калам жүрөк күйүп.
Кусалык каптап кетсе апам айтчу:
– Көөнүң ач, кызым, күндө болбой күдүк.

Жалтангам тагдырымдан ошол учур,
Сезимим бырчаланган кыйнап утур.
Жан дүйнөм жалындаса байрак болуп
Махабат бак берсин дейм болуп кыдыр.

Жетилип курчуп калган ал сезимдер,
Ыйыктык сүйүү деген күч кезигээр.
Жалбырак бүчүр байлап ачкан сымал,
Бууракан бүлүк салат жаштык жигер.

Кыялым өйдө болду көккө сермеп, 
Жүрөгүм күчкө толду тээ бийиктеп.
Кеч курун олтура албайм бир ордумда,
Ошол кез эске түшүп жалын бүркөт.

Арадан күндөр өттү, айлар өттү,
Карабай жуучу келет эрте-кечти.
Артымдан бүлүк салып издеп келген,
Мыктылар сөз айталбай үнү өчтү.

Маалкатып барган кезим айттырбай сөз,
Жуучуну салам жолго кеп түшүнбөс.
Жомоктун аркы жагын улантайын,
Бүтүн дүйнө уккунуң! Сүйүү – бул, көч!

Кайгырбайм, өткөн чагым – тагдырым ал,
Тамаша тагдыр эмес ал учурлар,
Жашоонун күчү сүрдүү жалын чачкан,
Сыр сура! Айтам журтум жуурулушаар.

Ууртумда күлкү жайнап күлүп турган,
Ал учур өтүп кеткен бул арадан,
Бууракан ашып-ташкан чоң махабат –
Болгонун жер бетине жар салалам.

Ойлонуп эстеп барам жаштык кезим,
Бүлүк салган кыз үчүн тунук сезим,
Кайраттан тайып барып кээ учурда,
Сүйүүнүн бул сырларын эстейм өзүм.

 

Соң Көл

Жаркырап жарык тийип күн нурунан,
Суунун да көркү чыкты жылуу турган.
Курдаштар сейил куруп сууга чөмсө,
Ал учур кызык тура алып-учкан.

Сезимим күлүп-жайнап турган чакта,
Чүмкүдүк Соң Көлдөгү жылуу сууга.
Үн чыкты… арттан келди бир топ атчан,
Калдым буруп көңүлүм ал тарапка.

Бөрктүү адам колун жаңсап шилтеди:
– Издеп жүргөм бул чүрөк-периштени.
Тилегим укту Кудай, таптым эми… 
Башка сөз айталбастан «Бастыр!» — деди.

Байкалып турат өнөр – мыкты адам,
Көөнүмө түштү бүлүк. Тыбырчылайм.
Бейкуттук турмуш доорон сүргөн кезде,
Бул адам келди кайдан? Тынчтык бузган.

Бурулуп Жантай барды чоң айылга,
Топурап тосуп алды эл жабыла.
– Мөөркан, — деп кыздын атын айтты, — деди,
– Сурак сал! Издеп кызды тез тапкыла.

Таң калып акыл калчайм. Сыр угулат,
Ойлонуп көпкө калдым сөздү курап:
– «Хан Жантай каалап мени калса эгер,
Алдыма келсин түшүп колум сурап».

Боортоктоп жатып калдым азаптана,
Болотту таба албадым издейм жана.
Белеске кетти дешти жылкы айдап,
Тоскоолдук болобу дейм тагдырымда.

Жүрөгүм бырчаланып акты каны,
Кантейин? Сүйүү өрттөп жалындады.
Бүркөлүп кабак калды каптап түтүн,
Уулангандан көңүлүм болду жарды.

Улгайып чабыттаса өмүр көчү,
Хан Жантай айтты мага: «Өчүрбөчү –
Сезимим жалбырттады, болгун жарым,
Асылым келчи мага, эркелечи!»

Эреркеп туралбадым Жантай ханга,
Жүрөгүм албууттанса от жанында.
Бүркөлгөн кабак азга ачылаар, — деп 
Жашымды аарчып карайм ал тарапка.

Өрөпкүп кээ бир кезде үнүм чыкпай,
Солуктап ыйласам да эч ким укпай,
Сезимге бүлүк салган баатыр Жантай.
Акылман сөздөрүңдү уктум качпай.

Күбөлөр бүтүн карап турат эми,
Айтышсын чындык кайдан келди деги.
Келберсип турган Жантай мени карап,
Мөкүнтай, укчу, — деди: Айтам нени?

– Капыстан сени көрдүм, салдың бүлүк,
Канжарды сайгым келет жүрөк тилип.
Жаагыңдан аккан жашың салааласа,
Жан дүйнөм оттой ысыйт жанып-күйүп.

Берекем, бакыт кушум кыйнабачы,
Мөлтүр жаш булак кылып ыйлабачы.
Келбеттүү адам турат бет алдыңда,
Хан Жантай издеп жүрүп тапкан бакты.

Улардын этин жеген картайбаса,
Жөлөгүм таппай турам башка арга.
Каалабай көңүл турса жашырып не?
Жүрөккө сайчы канжар бырча-барча!

Таптым бакыт белестен белес ашып
Каныма сиңсин сүйүү черди жазып.
Башымды турсаң аттап улгайды, — деп
Жүрөгүм сууруп чыгам тарсылдатып.

Урмат — сый кылам сага кейибечи,
Ак өргөө көтөрөйүн аккуум – пери.
Чүрөгүм болсоң боло мени каалап,
Ханыша болосуң! — деп сөзүн берди.

Барк албай туралбадым, жашырып не?
Хан Жантай салдың бүлүк сезимиме.
Буйрукпу ушул адам? Карап калдым,
Буулугуп ыйлап турган муңдуу кезде.

Мүнөзү сылык анын – көркөм дүйнө,
Сүңгүдү карегиме жалын бүркө.
Жароокер баатыр турду бет алдымда,
Чачырайт от бул адамдан өрттү күтө.

Кыйналдым. Сыздайм ичтен кабак чыта,
Кайгырдым, О Жараткан! Тапчы арга.
Жалооруп турган баатыр – Жантай хандан,
Канткенде кутуламын? Болдум го ыза.

Жалдырап карап туруп Жантай ханды,
Жабыккан ичте бугум чыга калды:
– О баатыр, мени ташта суранаарым,
Арада чогуу болбойт биздин тагдыр.

Сөзүмө көңүл кушун салды дагы,
Мурутун бир жанып ал күлүп калды:
– Бүт дүйнө кезип издеп тапсам араң,
Мен сени кантип таштайм эсиң барбы?

Кагылам перизатым бери кара,
Кападар болом кээде сары — санаа.
Улуулук – сүйүү күчү бал жыттанса,
Нур болуп тамгым келди сага гана.

Айтылган сөздү укпады. Эмне кылам?
Жебенин аттым огун катпай ылдам:
– Кападар болбо! — дедим. Түн ичинде – 
Жаркылдап айдай балкып сүйалбасам!

Салаалап ылдый аккан көздөн жашым,
Саргайтып кууратты го сыздап жаным.
Күлмүңдөп турган күндөй мээрим төккөн,
Хан Жантай жашым сүртүп жандап бастың.

Эңкейип көпкө карап сөздү улайт: 
– Жүзүмдөй бышкан кезиң мөл-перизат.
Арзуудан арып ачкан жүрөк-тирек,
Сүйүүдөн адам көөнү – дил тазарат.

Жүрөгүм ысып күйөт, не табалат?
Кеч курун ойлор келип эзип барат.
Болотту кантип таштап кетем эми,
Кексе хан төксө көөнүн баш айланат.

Муундарым калч-калч этип дирилдештен,
Миң сыздап, жүрөк дирт-дирт муздайт денем.
Башымдан өткөн тагдыр эстеп эми,
О адам уккун деймин, жомок белен.

Муң-зарлуу болбо! — деди ата-энем,
Жөлөгүм, бар таяныч үмүттөнгөн.
Каарданса хан Жантайдан кол астында,
Чадабас бүтүн айыл элиң менен.

Артымдан барды Болот сөздү улай:
– Качалы бирге, — деди, чуулган кылбай.
Айтканы чыгып эстен ата-эненин,
Көөнүмдөн чыкпайт сүйүү, не капырай!

Кеч курун кечире көр Кудай дедим,
Кетем мен Болот менен ырыс бергин.
Эркелеп күлгүн чакта жарым болсун,
Жараткан! Жардам кылгын ченебегин!

Энеси сезет тура кыздын көөнүн,
Кылымга кетер дайнын, барар жерин.
Уурданып чыгалбастан түн ичинде,
Ал күнү уктум сөзүн ата-эненин.

Түн ичи… Болот келди көз чачырап,
– Мөөркан, — деди – тездетсеңчи, бол батыраак,
Кең дүйнө астын-үстүн ыйлап жатса.
Кеспе менин кендиримди барам куурап.

Болот, — дедим, сыр чечели көмүскөдө,
Кантейин тагдыр ушул, айып көрбө.
Кумар-от жанар тоодой атылса да,
Ата-энем калбасынчы чоң өкүттө?..

Таң сүрүп, жарык кирип, булбул сайрап, 
Жантай да тез шашылат сөздү кайрап.
Даяр кыл кызды деген кабар келди,
О тагдыр! Чоң түйүндү ким чечалат?

 

Той

Булак чети… Мээрим сала бөпөлөдү,
Жабыркаба, жарым болчу Мөөркан, — деди.
Бут өмүр тилек кылып издегеним,
Армандан арылайын, таптым сени.

Кем жерим толду, — деди. Кебелбеди,
Кемитпей багам сени кейибечи.
Артымда калаар ырыс-бактым болдуң,
Колумду сунам сага келчи бери!

Кусалуу ойлор келди… Салды бүлүк,
Болотту эстейм кайра өксүп-күйүп. 
Эркелеп туралбадым хан Жантайга,
Чын дилден сүйгөн жарды өксүттүрүп.

Апакем анда айтат: – Кой ыйлаба!
Хан Жантай жакшы адам – аны сыйла.
Мал-жанын, сыйын берип көңүл бөлдү,
Артыңдан келди далай, алсыраба!

Атакем мээрим төгүп тынчтык каалап,
Абайлап басып келди бакыт арнап.
– Балапан кызым элең бактылуу бол,
Ыймандуу болгун бүлө, кыл далалат!

Чакырып шибер төргө Жантай ханды,
Эл дагы айтчу сөзүн сүйлөп барды:
– «Бак консун, дөөлөт консун асыл башка!»
Бак-таалай кабыл болчу бата алды.

Кантип мен жары болом бул адамдын?
 Көл четиндей урунуп толкундадым,
Көөнүмө ысык жалын тарап аздан,
Тагдырдын буйруганын мойнума алдым.

Жалпыга айтам эми чындык жайын,
Алдыртан хан Жантайга көз кыр салдым.
Көңүлүм тоюп-тойбой көп учурда,
Оргуштан чыккан сөзүн карманамын.

– Мээримим төктүм Мөөркан көп зарыга,
Көрсөм, — деп дегдейт жүрөк кусалана.
Берекем, жарым болуп жаркып турчу,
Жактырдым жарык нурум сени гана,

Мынакей той башталды опур-топур,
Чогулгандар: жаш-кары, сый коноктор.
Бай келди, манап келди, жарды келди,
Ак чөлмөк, кыз оюнга көөнүң толтур.

Алдымда баатыр турат, эмне керек?
Барктуунун барктуусу ал – асыл белек.
«Береке ашып-ташсын кызгалдагым»,
Хан Жантай беттен сүйдү жылмайып тек.

Айтылган сөздөрүнөн тарады нур,
Жаркырап күн чыккансыйт ачылып гүл.
Кайрадан Болотту эстеп ичтен сызып,
Айлана караргансыйт төгүлүп кир.

Буулугуп ич тарыткан ушул дүйнө,
Болотту элестетпе, болбо кексе.
Ырысым жерге житип кетпесинчи.
Ыза менен кусалык чөгөлөтсө.

Дагы да Жантай келет – эң чоң сөөлөт,
Келбети сыйкырлантып жүрөк ээлейт.
Эзелки өткөн өмүр эске түшүп,
Ак Мөөр да ал тагдырын айтып берет.

– Мөөркан, — дейт, колдон тарта жүзүм сылап,
Махабат кумары күч – нур чачырайт.
Өрүкзар жазда гүлүн ачкан сымал,
Бакубат болсун жашоо – өмүр куунак.

Шалдырап турдум анда сөз айталбай,
Эмне дейм? Ысык жашты төктүм далай.
Каруумдай кармап Жантай алды булкуп.
– Мөөркан, — дейт, сөзүмдү ук жарың сыйлай.

Сен деп мен уктай албайм түйшүктөнөм,
Аячы, жалбырттанат өрттөй денем. 
Түгөйүм болчу, — деди ысык сүйүп,
Сен үчүн жүрөгүмдү сууруп берем.

Жабыкпа! Айдай жарым болчу эми, 
Бул дүйнө астын-үстүн тегеренди.
Таалайым, күнүм менин, асыл нурум,
Аппагым, көңүл бурчу кантем деги.

Көзүмдүн жашы кургап акырындап,
Мээрими тарайт бойго эми чындап.
Артымдан келген адам баатыр болсо,
Мен кантип сүйбөй турам көөнүм чырлап?

Жарк этип карап калдым бир убакта,
– О баатыр! Укчу, — дедим сылык гана.
Кааласаң жаныңдамын өрттөнгүнүң,
Мен дагы самайм сүйүү гүлгүн чакта.

Кубанып ханым Жантай күлмүңдөдү
– О Мөөркан! Асыл жарым! Басты бери.
Кучактап боорго кысып беттен сүйүп,
Хан Жантай оттуу сырды айтып берди:

– Берекем, күнүм, айым болгун эми,
Алоолоп сүйүп денем төгүлгөнү.
Көңүлгө толбой аял бир да жолу,
Дүйнөнү кезип издеп тапкам сени.

Кучактап көпкө турса көз жалтанат,
Алкымдан өптү бекем белден кармап.
Көлкүлдөп эрип барам мен ансайын,
Балдай ширин махабат эс тандырат.

Сүлдөрүн карайм көпкө сыймыктана,
Бул баатыр бүркүт сымал кылактаса.
Жактырып өз ичимден алоолонсом,
Жаш жүрөк балкып барат ачык-даана.

– Улгайып барсам дагы сени сүйөм,
О Мөөркан чоктой ысып үмүттөнөм.
Кебелбей айтып турам эмне үчүн,
Махабат – улуу сезим ыйык белем?

Бел кылып улуу тоолор Жантай жатты,
Той жасап дубан элге сыйын чачты.
Мөөркандын капа кылбай ата-энесин,
Кеминге кызды алып эми кайтты.

 

Кеминге жол

Кеч курун чыктык жолго сапар тарта,
Убайым кысты жүрөк санаарката.
Карачы, о хан Жантай! Жылдыздардай –
Махабат бийик тура жарык чача.

Тууган жер, Соң Көл жайлоо калды артта,
Баратат турмуш нугу кай тарапка?
Кайгымбы же бактымбы айрый албайм,
Чылбыры тагдырымдын хан Жантайда.

Ээгимден өйдө тартты. Күйөт карек,
Эрдиме эрди тийди. Жалын дүрт дейт.
Мээрими жүрөк-жүлүн өрттөп чыкты,
Махабат сүрү күчтүү болсо кантмек!

Алкымдан жыттап-жыттап кубанганы,
Атыңды өзгөртөм, — деп сылайт дагы.
Айжамал, ай чырайлуу тунук жүзгө,
«Ак Мөөр» деп ысым койду, кабылдайлы.

– Ак Мөөрүм, алтын жарым укчу мени,
Күйүп денем алоолонду самап сени.
Жаркырап күнүп болчу, айым болчу,
Кааладым жалгыз сендей периштени.

Алоолонот махабат күндөн-күнгө,
Жабыркатпайт сар-санаа болсом түндө.
– Ак Мөөрүм, айтчы, — деди эмне себеп,
Кабагың бүркөлөт көп кеч киргенде?

Болотту эстейм кээде эрким сынып,
Хан Жантай сурак кылат… Кылдат сылык.
Эрээркеп кайра кетем кучак жайып,
Баатырдын махабаты өрттөйт ысык.

Эрини ысык чокпу бал татыган,
Чыгалбайм шербет толгон кучагынан.
Чок салып жалындаткан ыссык лаззат,
Махаббат балы ширин даамын татсаң.

Кучагы Жантай хандын оттой жанса,
Коргошун болуп эрийм кайра-кайра.
Эркелейм гүлдөй жайнап, баатырым, — деп
Эрээркеп түн ичинде эстен тана.

Кайратым тайып кээде мукактанам,
Ырк алып мен көнүшүп эми барам.
Элжиреп Жантай ханды эңсейм дайым,
Махабат майрамына малынгандан.

Мээримиң күндөн күнгө ашып-ташып 
Мөөрүңө чарк айланып жандап басып.
Шербетин махабаттын мелтилдеттиң,
Сүйүүнүн эң ыйыгын арнап жатап.

Табышмак – сүйүү деген улуу сезим,
Карабайт улуу-кичүү, эмне дейин.
Лаззатын махаббаттын күчтөп сезсем,
Кээ сырым түшүналбай термелгениң.

Арт жактан чыкты дабыш. Келди Жантай,
– Кабагың бүркөлдү не? Көңүл кандай?
Элечек башка кийдиң, муңайбагын,
Ханыша затың бийик – аткан таңдай.

Калдайып келген Жантай чоң күч-кубат,
Жактырчу асыл жарым – Мөлтүр булак.
Ажайып аткан таңдын шооласындай,
Кучактап эрдим сүйсө жан жыргатат.

Бурганак, бороон — чапкын басаңдады,
Оо, турмуш! Махабаттын атты таңы.
Суйсалып турган Ак Мөөр Жантай ханды –
Жактырып чын дилинен сүйүп калды.

 

Кылымдан кийин эскерүү

Күн өттү, айлар өттү, кылым өттү,
Ошол кез эске келет, үмүт өчтү.
Жантай хан кайра кантип сени табам,
Бул күндө жалгыз жашайм. Кайтып келчи?!

Аткан таң нурун чачат жарык суна,
Мээримиң төгүп салчы келип мага.
Шекер, бал шимиришкен ошол түндөр,
Ыйык дейм махабаттан саргайганга.

Түн ичи. Сен жөнүндө ырлар жазам,
Бул күндө кантип сендей жарды табам?
Жантай хан бир кайрылып келсең боло,
Ой-санаа чырмалышат жалгыздасам.

Эркелээр адамым жок, не кылайын?
Бул күндө жалгыз калды курган жаным.
Артымдан ээрчип келген баатыр Жантай, 
Баркыңды жакшы билдим, буулукпагын.

Улуунун улуулугун айтаар кезде,
Жашырып чындык жүзүн кемитпесе?!
Хан Жантай, аралашып айтып берчи,
Не болгон ошол доордо, ошол кечте?

 

Жантайдын эскерүүсү

Жабыкпа? Эркем Ак Мөөр куйкаланба,
Жалгыздык сезилбесин, мен жаныңда.
Баянын өткөн доордун жаз калтырбай.
Аңгеме айтып берем – бал тамыза.

Эркетай Ак Мөөрүм сен үлпүлдөгөн,
Ай кылып айга теңеп, күнүм дегем.
Шоолалуу махаббаттын балын татып
Ыйык сезим бийлеп келген эңсегенден.

Аз-аздан ошол күндөр эске түшөт,
Жылдызы жанды жомок эмне дешмек.
Капалуу кылып жүргөн хан Жантайды,
Кыргыз эл бүгүн кайра эскеришет.

Кыргыз, — деп далай жолу кебелбестен,
Кан-жаным журтум үчүн бөлүштүргөм.
Асыл жар күтсөм деген ыйык тилек,
Ишке ашты перизатка кезиккенден.

Кудайдын белеги ал – Ак Мөөр деген,
Айкашып бүтүн аалам сүрүн берген.
Салкын төр, Соң Көл жайлоо, көл четинде,
Көрүп мен ушул кызды – сүйүү келген.

Айланам карааныңдан асыл жарым,
Көңүлүң кээде оорутуп ылдыйладым.
Сүйдүм мен, ыйык болдуң сезимимде,
Ааламда теңдеши жок жан курбалым.

Махабат – улуу сезим ардактаса,
Бир келсе сактап бекем ыйлап-сыкта.
Ыргалып турсаң дагы оордук келип,
Сүйүүнү алсыратып тепсеп баспа.

 

Кылым аралыгындагы ой

Кайрадан артка кайтам өткөн кезге,
Кайрылып көрдүм сени элестете.
Берекем, асыл жарым калкка жаям,
Ал доордун бүт сырларын ушул кечте.

Кечээ өткөн ошул доордун жомогун,
Айтам бүгүн, угуп элим ойлонгун.
Нагыз жүзү, тунук ою, чоң сезим,
Хан Жантайдын чындыгы ким болгонун.

Урмат кылчу хан Жантайга көп урпак,
Кайдан келет оттуу сырлар ой улап.
Калкым сурап качанкы сөз угам деп,
Бүгүн кайра жомок айтып ким турат?

Бурулуп мен анда карап хан Жантай,
Айткам ага: «Оо, баатырым иш кандай?»
– Ирип-чирип ичегилер кеткендей,
Ичим толуп бук боломун. Ушундай…

Сагынчым – ал, баатыр Жантай кайдасың?
Бүгүнкү күн аччы сырдын пардасын.
Акыретте биз көрүшпөй калдык го,
Капырай ай, кандай кылам айласын?

Калтар сымал турмуш жүзү кубулма,
О хан Жантай! Көңүлүң ач! Жол мына.
Түшүр эске өтүп кеткен ал тагдыр,
Акыретте болсун жолуң. Буулукпа.

Буулукпачы! Айтам азыр чындыкты,
Арка жаткан үндөр келет, бул чуубу?
Бурултпастан айтып баарын башташты,
Бака-шака түшкөн ошол башатты.

Дүбүртү күч аттар келет, үн чыгат,
О, баатырым! Азыр эмне сыр чыгат?
Айкалышсак айлуу түндө ак боз үй,
Арт жагымдан келген кандай чуулдак?

Жер бетинде адам деген – улуу сыр,
Жоокери бар ал заманда – улуу чыр.
Уруш болуп эки-экиден эр сайып.
Ар хандыкта төгүлчү кан ал учур.

Чуулдашып келип калган көп колдон –
Баш айланат. Эмне мынча тополоң?
Бүлүнтүптүр чаап салып башка журт,
Бул баатырлар элин коргойт болжосом.

Баатыр Жантай тосуп жолун сурады:
– Кел жигиттер, айткылачы сөз барбы? 
Эрдик кылып жоону сайып келгендер –
Аттан түшкүн! Үйгө баштап жол салды,

Иргеп-иргеп карап жоокер сыдыра,
Ичинде бар баатырлары чынында.
Төргө чыгып суналганын бир тиктеп,
О Жантай хан! Көзүм түштү сынына.

Сулуу жүзү, кер муруту керилген,
Кенен далы, келберсиген эринден –
– Кимдер өпкөн койну толо бал татып,
Көргүм келди жаш аялды периден.

Сыртың салып карабачы заматта,
Чыдай турган. О Жантай хан! Адашпа!
Билем сага оор келет кызганыч,
Түнөрбөчү түнүң түшүп жатса да.

Турмуш жүзү адилдикке, сыйга бай,
Адамдардын көөнү дайым болсун жай.  
Эчен-эчен баатыр көрдүм даам сызып
Үйгө кирип кымыз ичкен бир далай.

Өкүмдарым – Жантай баатыр угуп тур, 
Эсеп жеткис эрдиктериң толуптур.
Эбегейсиз айтып бүткүс сыр жомок,
Жантай жайын айтпай койсо кордуктур.

Азыр гана айтып өттүм бир жигит,
Баатыр дагы колунда бар чоң бийлик.
Капырай, ай! Билбей жургөн бул адам---
Ким экен?— деп ичтен сыздым бир кирип.

Мээнети күч, мээрман адам – бул жигит,
Шабдан баатыр, — деп айтышты билдирип.
Шам чырактай нур чачырайт жүзүнөн,
Жантай уулу мыкты тура. Не дейлик?

Ар кыл конок биздин үйдө көп болчу,
Төрдө олтурган Жантай мага козголчу.
Көрүп алчы Мөөркан муну азыр деп,
Тааныштырып көп адамга токтолчу.

Жоо-жаракчан жоокерлер бар ал заман,
Кыйын мезгил болгон экен карасам.
Эчен-эчен сөздөр болуп үй ичи,
Эл тапырап айыл ичи көз салган.

 

Булак чети

Булак бойлоп сейилдеп мен бир азга,
Ары баскам салкын төрдө күн бата.
Жолугушкан сулуу жигит, сулуу кыз,
Калдым карап мен аларды узата.

Кыздын чачы белден ылдый оролот,
Сулуулуктун сыйкыр күчү чоң жомок.
Жаштык күчү – сөз шербети, кызыл гүл,
Балын татсаң махабаттан жол болот.

Жаштар кетсе карайм арттан аларды,
Качанкы сыр… Жүрөк кайра зарлады.
Уу ичкендей жанды кыйнайт кумар-от,
Сөз төркүнү хан Жантайга барганы:

– Баатыр Жантай! Укчу мени, сөзүм көп,
Урушпачы кээде айтсам сырды бек.
Жүрөк сүйлөйт. Тыңша аны бир азга,
Эмне үчүн көңүл сыздайт чөгүп көп?

Кечээ гана көрүп калдым жаш жигит,
Жанында кыз, сулуу экен каш чийип.
От оронгон кыз курагым тартылды,
Тагдыр бирок буйрук экен баш ийип.

Сөз айтпастан турду Жантай сүрдүүрөк,
Унчукпады. Ичинде эмне ким билет?
Капалантып алдымбы дейм кейиште,
Болдумбу деп ойлойм кайра тилдүүрөк.

– Оо, баатырым! Жабыкпастан укчу сен,
Болсоң да улуу ак дилимден чын сүйөм.
Сезим бийик, өйдө болот турбайбы,
Махабаттын күчү ушунда мен билген.

Жадырап ал жүзүн бурду заматта,
Чыкты эстен курактагы каргаша.
О акылдуу Жантай ханым, баатырым!
Сүйөм сени жаш жигиттей гүл бакта.

 

Тагдыр

Үйдүн ичи көркөм болчу эсимде,
Түркүн килем, макмал төшөк бетинде.
Алты канат ак боз үйдөн кумарлуу –
Керемет от – нур төгүлчү кечинде.

Бала кыял болгонумда кээде мен,
Махабаттын лаззатына тойчу элең.
Бешик термеп мен жаныңда олтурсам,
Созчуң колду берекем,— деп секинден.

Эстеп азыр күлкү салам ууртума,
Бактылуу мен болгон экем чынында.
Суранайын Жараткандан сыйкырды,
Дагы кайра кездешсем деп умтула.

Оо, баатырым барктап дүйнө өткөнүң,
Баштан — аяк айтчу сырлар жөндөпсүң.
Жадымда ал ошол кезде биз турган –
Чоң жайлоонун аркы өйүзүн көргөздүң.

Буркан-шаркан агат дайра таш уруп,
Көпөлөктөр сансыз экен кубулуп.
Сылык-сыпаа айттың мага: Мөкүн,— деп,
Көгүлүңдү чөгөрбөчү умсунуп.

Тизе басып мандаш урдуң көк чөпкө,
Кел жаныма олтур дедиң тээ көптө.
Айлана кооз. Теребелге суктансам,
Кеп жолдодуң жашыл шибер үстүндө:

– Жашсың азыр, бул дүйнөгө зар койбо,
Буйрук экен гүл төшөлдү чоң жолго.
Бузукулар кара түтүн каптатса,
Кулак салба, тыңшап аны кор болбо!

Коюндашып жаткан жарың мен болом,
Жактырбаймын Болотту көп ойлосоң.
Оордук салба жүрөгүмө таш коюп,
Тагдыр деген ушул тура болжосом.

Эчен-эчен кыя ашып, жол басып,
Талыкпастан биз келаттык жанашып.
Нур – перизат жанымдасың, буйрукпу?
Жарым болдуң кучагымда каалашып.

Көпкө карап кулак салдым сөз айтпай,
Байкап сырды чечмеледиң тил таптай.
Тагдыр берген оор ташын моюндап,
Аңтардың го жан дүйнөмдү салмактай.

Ойлондум да кайра өзүңө сөз салдым:
– О хан Жантай! Эмне мынча сурдандың?
Түшүрбө түн. Бүрдүү бакчаң гүлдөсүн,
Алоолонттуң кызганычтын аптабын?

Билем, сага оор келет кызганыч,
Перизатың башка адамга ыйгарыш.
Жүрөгүңдү жылытайын дайрадай,
Болбосунчу тагдырларда кыйчалыш.

Эркелетсең, чачым сылап нурдана,
Бактылуумун азыр туйсам гүлдана.
Ошол кезең, ошол сүйүү дале эсте,
Жанымда жок ал сүйүүлөр бир гана.

Билесиңби? Айлуу түндү нур чачкан,
Берекем,— деп бек кучактап карашкан.
Мезгил-мезгил жытым искеп жалындап,
Чечип белиң бешенеңди нурданткан.

– Сүйөм сени башкага түк карабайм,
Башканы мен жарым деп эч санабайм.
Жалгыз гана мени сүйүп жалында,
Жактырганым Жантай баатыр, садагам!

Иргеп-иргеп кумарлуу сөз жаралттың,
Көзүмдөн өөп карегиңди кадалттың.
– Кыйнабачы, эркетайым Ак Мөөр, — деп,
Жүрөк кыйнап жүргөн суроо узаттың:

– Махабатың сезе албайм кээ күнү,
Чын айттыңбы асыл сөздү бул түнү?
Кайрат берип капа кылбайм, — деп ойлоп,
Калптан эле айттыңбы? — деп күлдүрдү.

Жарпым жазчу эчен сырлар куралттың,
Шербет кошкон мүрөк сууга чыланттың.
Качан гана уйкуң келип калганда,
Укта, — дедиң, эркем эми таң атсын.

Ойлоп азыр өткөн доорго суктанам,
Ичим күйүп, муздайт денем, кыйналам.
Турмуш нугун бурсаң мага болбойбу?
Бул жашоомдо жалгыздыктан уктабайм.

Элес-булас болуп калды бул күндө,
Ал тагдырым, ошол кезде түнүндө –
Айкалышып бек кучактап нурданып,
Турганыңды эстей берем күнүгө.

Күүгүм кирсе нуру балкып шам чырак.
Жөлөнгүчүм сүйлөөр элең курчураак.
Жабыктырбай болуп күндө жанымда,
Берекем,— деп көзүмдөн өөп үч убак.

 

Айткын салам урпактарга

Эсимде ал – булак акчу шылдырап,
Кыялданып барып калчум сыр улап.
Колум чайкап, жүзүм чайкап булакка,
Кайра келчүм ал булактан сыр сурап.

Ал булактай тунук таза ниетимден.
Нурлар чыкчу үй ичинде сезилген.
Качан гана кирип келсе хан Жантай,
Ыйык сүйүү ашып-ташкан сезимден.

Камырабай кээде жалгыз баратсаң,
Жактырчумун күлүк минип кыр ашсаң.
Капырай, ай! Эмне болду Жантай?— деп,
Сыр айтпастан көпкө жүрсөң болчум таң.

Сезим – жандуу, бийик болот кулпура,
Ар бир адам жашайм десе умтула.
Байкап көрдүм бүтүн аалам, жер бетин,
Айтам сырлар – аалам өтө зор тура.

Ойлоп — ойлоп ал күндөрдү эскерем,
Өкүмдарым сага таазим эткенден.
Берекеси ашып-ташсын чоң Кемин.
Бака-шака өткөн доорум – жан биргем.

Таалайымды сага байлап күлгүн чак,
Тагдырлашым болуп өттүң жаш убак.
Бешик термеп бакыт толуп ак боз үй,
Келбээрсиген ошол кездер – гүл бурак.

Кайрылсаңчы ошол кезим – чоң тагдыр,
Таалайымды кайрып кайра кубандыр.
Тектир-тектир түрмөк болгон окуя,
О баатырым, айтып берип кубандыр.

Тегеректин бүт баарысын сугара,
Жардам кылгын кыйын күндө сен мага.
Эркелетип болчу дайым жанымда,
Эрмек кылар адам таппай турганда.

Хандын жары болгон кезим кылгыра,
Эркелеп мен жашап өттүм чынында.
Ургаачылык назик сезим, ай чырай,
Баарын сактап калган сенсиң кылымга.
   
Элесиңди көрдүм сенин – бул кызык,
Сакал-мурут өсүп кеткен сын бузуп.
Тозок отун сага эми жагышкан –
Турбайды,— деп чырылдаймын. Не жазык?

Ылаажы бар мында келип көргөнгө,
Тээ илгерки сырлар айтып бергенге.
Ордум таптым жалган дүйнө, чын дүйнө,
Айтчы сөзүң арман кылбай бул күндө!

Башты чайкайт карап көпкө курбалым:
– «Арманым жок. Жакшылыктуу турганым.
Бала-чака Аман-эсен болсун»,— деп
Урпактарга айттың салам нурларын.

 

Хан Жантай карып барат

Береги турган жайдын аты Кемин,
Өчүрбөй ушул атты бапестегин.
Эркелеп турган чагым – ошол кездер,
Дүйнөнүн сулуу, көркөм жайы,— дедим.

Жактырып турган чакта өкүмдарды,
Тунугу махабаттын бажырайды.
Кайрылып карап көрчү ошол тагдыр,
Кылымдан кылымдарга эсте калды.

Баяндап кайра барсам санжырага,
Чоң Кемин даңкын айтам бүт ааламга.
Жаркырап жарашыктуу келген нурлар,
Дүйнөгө мээрим чачсын ушул маалда.

Улгайып бара жатат Жантай ханым,
Айтайын келбээрсиген жөнүн, дайнын.
Ичимден дүртүлдөгөн мээрим төгүп,
Кучактап өкүмдарым кылыктандым:

– Эмнеге чөгүп бардың айтчы мага,
Күндөн-күнгө ылдыйланып карыптана.
Капырай бойду түзөт тыңданса, — деп
Санаа тарттым жабыркайм ошол жайда.

Жадырап — жайнап турган өкүмдарым,
Элесиң көрбөй калсам сагынамын.
Өзгөгө көздү салбай самап сени, 
Жан биргем сүйүп оттой сыймыктандым.

Өрдөгү туурум болдуң. Эмне дейин?
Бийиктеп учкан кезде кол сермейин.
Эркетай Ак Мөөр болсом ак шооладай,
Үрөнүн аткан таңдын иргеп септиң.

Оорукчан болуп калды кээ күндөрү,
Кайрылып айтам эми ал күндөрдү.
Акыйып калдым карап санаам тынбай,
Коштогон татаал тагдыр тим жүрбөдү.

Элжиреп айткан сөздөр жүлүн өрттөп,
Кээ учур муңканганым жүрөк мөгдөп.
Улгайып бара жатат тагдыр кошкон –
Жубайым эмнеликтен тез эртелеп?

Элейип карап тышты көңүл сала,
Кээ учур тамызып жаш көздөн салаа.
Кайрылып артка карап муңайганым,
Жантай хан улгайабы? Дилде санаа…

Колумда балдарымдын чоңойгону,
Кол-кабыш кылып кайра торолгону.
Кагылам ошол тапта уулума мен,
Улгайып бара жаткан ата жолу.

Аркалап ата салтын кайкалата,
Сейилдеп далай бастым гүлдүү бакта.
Өргөөдө конок толо. Кең досторкон –
Дүр-дүйүм тамак-ашка толо кара.

Бараандуу Жантай ханым төрдө олтурат,
Капасын бөлүп кээде сөздү бурат:
– «Кагылам, уулум чыгып карап келчи,
Апакең кетти кайда? Бол батыраак!»

Кабатыр болуп анда тургам сыртта,
Санаамды бөлө албай куру убара.
Жарыгым карып барат, эмне кылам?
Эчкирем, мөлтүр көздөн жаш тамыза.

Байкабай калгам экем. Ойдо санаа,
Кулунум арка жаткан келип калса.
– «Атакем тез келсин,— дейт. Күтүп жатат»,
Бурулсам күлүп-жайнайт бир кубана.

Жадырап-жайнап Жантай карап мени,
– Мөөркан, — дейт. Олтур мында кебим келди.
Айтамын сөздөр толо орночоктуу,
Алтыным, — деп айланып делбиреди.

Эркелеп жаш чыгымдай калдым карап,
Жантай хан дагы бардым сени самап.
Үлбүрөк гүлдөй болуп буралган кез,
Жантай хан билесиңби, эмне каалайт?

…Эсимде, айттың анда мындай кепти:
– Эзелки доорлор эми өтүп кетти.
Ал күндөр артка кайра кайрылбайт го,
Сырды аччу кезегим келип жетти.

Оозуңдан шекер чууруп айткан кечти,
Сөздөрүн тизмектечү келди кези.
Унутуп эстей албай жаткан болсом,
Калтырбай түшүр эске ал мезгилди.

Ал кезде конок камын көрсөм талбай,
Көп адам биздин үйгө келчү самай.
Кайкалап турган Ак Мөөр баарын тосуп,
Дасторкон жайып салчу далай-далай.

Карадым, тагдырым чоң ошол кезең,
Оор эмес, бирок муңду ичтен сезем.
Картайбас Жантай баатыр болгон болсо,
Армансыз бул дүйнөдөн өтпөйт белем.

Өргөөгө кирген кезде ошол күнү,
Сен айттың: Ак Мөөр! Сөзүм төгөм эми.
Төркүндүү сөздүн маани чоо-жайларын –
Уккунуң, келди мага Кудай деми.

Тагдырдын буйругу го мээрим кушу,
Бир далай өмүр сүрдүк – жашоо ушу.
Кечээги өткөн жаштык кездериңден –
Эстеп көрчү кызыган бул турмушту.

Төрдөгү бир топ адам көңүл салып,
Жагымдуу жылмайышты карап калып.
Алакан жайып көпкө бата арнашты,
Асыл жан – Ак Мөөр дешип барбакташып.

Баатырым, айтаар сөзүм али алдыда.
Акырын сыр чыгарам көп кайгырба.
Капаңды жазайынчы, угуп турчу,
Ошол кез, ошол доорлор көз алдымда.

Көңүлүм Жантай ханга тез бурулуп.
Карадым кайра-кайра өң кубулуп.
Жылмаюң жүздөн кетпей турган кезең,
Али да көз алдымда кайра туулуп.

Капырай ал көз караш сездим эми,
Дүртүлдөп бүтүн дене өрттөнгөнү.
Өзгөчө адам болгон Жантай хан, — деп
Бүт аалам салам айтчу келди кези.

– Торолуп балдар аздап калган маалы,
Боорлордун жерден алып барган чагы.
Маал-маалы атакелеп жүгүрүшкөн,
Чүрпөлөр канат-бутак болоор дагы.

Кагылам Мөөрканым карааныңдан.
Кабатыр болом кээде кабагыңдан.
Картайып бир азга мен чөгүп барам,
Мен кетсем эми кандай болоор айлаң?

Боор тартып жакшы көргөн аялымсың,
Ардактап мени сүйгүн жамалымсың.
Жаркырап теребелим турган кезде,
Өйдөлөп жаш барганы караанымсың.

Улгайып барган чагым тынчтык бузуп,
Эстегенде жүлүнүм кетет ысып.
Айла жок табалбастан башка арга,
Тагдырга башым ием ичтен сызып…

– Айт! — дедим. О баатырым, кулак сенде,
Кайгырба, жашың өтүп калган кезге.
Буйругу Кудайымдын ушул тура,
Ар сөзүң мага жылуу, демдүү кантсе.

Денемдин баары дирт-дирт зырпылдады,
Көпчүлүк ахвал сезбей тынчыганы.
Өрттөнүп курган жүрөк ыйлап-ыйлап,
Жантайлап булкуп-булкуп ичтен алды.

Баамымда Жантай ханым көптү сезген,
Барк алып жарык дүйнө өтүп кеткен.
Өрнөктүү адам болчу баатыр Жантай,
Бүт баарын кантип элге мен жеткирем?

Желаргы согуп калды ошол тушта,
Үй ичи салкын болуп куюлуша.
Көкүрөк ыйлап-ыйлап ылдыйланып,
Жантайлап жабыркады ичтен сыза.

Кош канат кабыргама жакын адам,
Сен кетсең жетимсиреп жалгыз калам.
Жалтанба ажал келсе башың тосуп,
Мен кантем балдар менен жан сактаган?

Ыргалып көздөн жашым кетти ыргып,
Кансырап ичим муздап өрттү бузуп.
Өргөөдөн чыга албай алсырадым,
Көңүлүм таштай катып жүрөк мыкчып.

Жабыгып Жантай карайт, көлбүп барат:
– Мөөркан, жашыбачы… Көзүм турат.
Жактырган жарың айтат бул акылды,
Бөөдө сен кор болбо!-деп кайрат курап.

Тагдырдын буйруганы ушул өмүр,
Жетимиш жаңы аштым. Кем бериптир.
Өзөгүм өрттөйт жалын жетип мээге,
Керээзди айтчу кезим эртелептир…

 

Биринчи түш. Шумкар

Жайында көргөн түшүң минтип айттың:
– Бийик жар. Кулап бара жаткан чагым.
Шартылдап учкан шумкар илип кетти,
Бул шумкар эмне болчу, айтчы дайнын?

Ак Мөөрүм асыл жарым, айкын күнүм,
Асылды сендей жандап өмүр сүрдүм.
Тапкан соң бүтүн дүйнө кезип аалам,
Тердим го махабаттын өмүр гүлүн.

Өргөөмдө алтын болдуң, күмүш болдуң,
Акылдуу сөздөрүңө жык толтурдуң.
Аялуу асыл жансың Ак Мөөр жарым,
Перизат мен өзүңө ыраазымын.

Өзгөчө аял болуп жаралдың – сен,
Өрттөнүп жүрөк-канга таралдың – сен.
Тапкычым, айтчы бул түш эмне болот? –
Деп сурап карегиме кадалдың – сен.

Капырай, Жантай дагы эмне айтты?
Жабыгып жүрөк сыздап келе жатты.
Кагылам о Жараткан! Айтчы деги –
Бул дүйнө кай тарапка сапар тартты?

Капалуу болбо! — деди баатыр Жантай,
Түшүмдү өзүм жоруйм мына мындай:
Жогортон келген алгыр кушум сенсиң,
Көтөрүп учкан мени асман жандай.

Бийик жар… Жардан учтум ылдый карай,
Көөнүмдө токтоолук бар, эстейм далай.
Шумкардын келип илип кеткен чагын,
Азыр да көрүп турам унуталбай.

Ургаачы шумкар экен кең асманда,
Көзүнөн нур чачырайт кенен ачса.
Түшүрбөй жар түбүнө илип кетчү,
Шумкардын шумкары бар чанда гана.

Жашыл төр, жайлоо бети кенен жайкап,
Ылдыйдан эл көрүндү. Мени байкайт.
Жантай хан кең ааламга чыккан кезде,
Адамдар угуп дайнын чындык айтат.

Ургаачы шумкар кетти бийик-бийик,
Ааламга кирип барды ойноп ийип.
Ортодон келген куюн бөлүп азга,
Кайтадан биригиштик көңүл сүйүп.

Кагылам асыл жарым уккун мени,
Арт жагын дагы айтам сөздүн деди.
Ай-аалам бүт айланып кеттик анан,
Бул дүйнө мен армансыз өтөм деги.

Өйдөгө чыгып барып бийиктедим,
Аркалап бүтүн аалам серпилгениң.
Кокуйлап турган кезең менде болот,
Бийиктен ылдый кулап кеткен кезим.

Асмандан атырылып сен келесиң,
Ааламдын нурун төгүп дем бересиң.
Тээ төмөн чуңкур жайга түшүрбөстөн,
Ылдыйдан сууруп алып кол сермейсиң.

Кокуйлап турган чагым ошол болоор,
Куладым тээ бийиктен. Кимдер зордоор?
Капыстан чөгүп бара жаткан кезде,
Ал шумкар илип кетип кайра коргоор.

Боздобой калат экем, уккун мени,
Ургаачы шумкар сенсиң учкан тиги.
Аркалап бүтүн дүйнө, бүтүн аалам,
Тээ бийик учарыңды билгин,— деди.

Ал шумкар бийик-бийик алып учту,
Кең аалам жаркып ага колун созду.
Кокустан түшүрбөстөн бекем кармап,
Алыскы Бейиш жайга келип конду.

Коротпой бир да талын эч бир жерге,
Ал шумкар айланганы ай-периге.
Бейкуттук, тынчтык болуп айланада, 
Ал пери – Ак Мөөр дешти ошол жерде.

Перинин перилигин көрдүм анда,
Бүт аалам колун созду акылманга.
Ай-аалам жаркып нурун чачып турса,
Чогулган топтон чыкты асылзаада.

Кагылам Ак Мөөр жарым сөзүмдү ук,
Бул түшүм бекер эмес көңүлүм ток.
Көргөн түш көңүлүмдөн кетпей келет,
Кадырын ал түштөрдүн билгин демек.

Келберсип турган кезиң ушул чакта,
Түштөрүм төп келерин эске сакта.
Береги балдар сени коргойт далай,
Жантай хан атын сактап, очок ачпа!

Тагдырдын буйруганы ушул,— деди,
Уруксат кылды Кудай түшүн эми.
Түбөлүк кетчү жайым жакын калды,
Акылман ой айтылаар учур келди.

Тууганың болот аалам нурун чачкан,
Бүт дүйнө көрөт сени жашыл бактан.
Сүйкүмү жер бетинин ашып-ташып,
Ак Мөөр деп сени сурайт тунук асман.

 

Хан Жантайдын биринчи керээзи

Кокустан көргөн түштүн элестери,
Дем берсин келечекке белестеги.
Тың болуп эрктүүлүктөн тайбай тургун,
Атагың дүйнө кетет. Күткүн демди.

Кесирлик кыла көрбө, ханышасың,
Хандыктын сырын мыктап салмактагын.
Аркалап келген тагдыр башка түшөөр,
Сактай жүр кыргыз элдин каада-салтын.

Желкеңе чачты бекем түйгүн эми, 
Кыркалап карап турар кезиң келди.
Канатташ болор журтуң кыргыз калкы,
Кайраттан тайбай бекем тургун! — деди.

Туугандан тууган чыгат унутпаса,
Душмандар тишин салаар ар убакта.
Алсырап алдан тайса өрттүү дене,
Керээзим эсиңе ал ошол тапта.

Байлык – бул дөөлөт эмес мен чиренген,
Бакытым кайда экенин билем күткөн.
Даанышман акыл сөздөр топтолгонун,
Эсиңе сактап калгын ушул кезден.

Элечек баштан түшпөй өйдө болуп,
Карагын бүтүн кыргыз элин коруп.
Эсиңден танып калба кыйын кезең,
Акылман аял элең тез токтолгун.

Токумсуз аттай болуп жайдактала,
Сырыңды эл алдында ачпа аста.
Душманың балталаса арттан келип,
Алдастап ыйлактаба мүшкүл чакта.

Ырымдап айтаар сөзүм кайра-кайра,
Береги карагат көз – сырдакана.
Бектердин көзү келсе теше тиктеп,
Алдыртан аста басып тик караба!

Жаркырап турган чагың айымпача,
Өйдө-ылдый сөздөр болот көзүң кара.
Өргөөдөн чыкпастан сен ушул бойдон,
Жантайдын өргөөсү деп бекем сакта!

Ак Мөөр деп сөздү салат кээси арам:
– «Эмнеге кор болосуң сен суйсалган.
Толукшуп турган чагың, кел кучакка!»
Имерсе көздү кысып алданбасаң.

Айтайын жаман көрбө асыл жарым,
Акылдын тунук кенчи байырласын.
Алдыңа келген хандын, келген бектин,
Жактырып бирин дагы каалабагын.

Кайратың тайбай барсын. Айтаар сөзүм:
Капыстан келет Болот. Аны сездим.
Артыңдан издеп келип сөздү салса,
Каалаба! Кетиргиниң! Ал келбесин!

Артымда калчу урпак Жантай хандан –
Жактырып турат кыргыз – баатырлардан.
Ханыша атка конуш – бийик сөөлөт,
Булгабай сактап жүрүп дүйнө салсаң!

Хандыктан хандыгы бар ардактачу,
Кайраттуу болсун балдар тартпа кайгы.
Кейибе жаш калдым деп Жантай хандан,
Белиңди буугун бекем. Кумсарбачы.

Өргөөмө келген жандын көөнү толсун,
«Хан Жантай өргөөсү», — деп сөзү болсун.
Суйсалып турган жары – аппак Мөөрү –
Билгизбей жайгарат, — деп тополоңун.

Темирдей эркти берген Кудай сага,
Акылман, чыгаан болгун дагы артымда.
Жан эркем, асыл Мөөрүм кеп салайын,
Аялдан асылзаада чыгат чанда.

Түшүмдө көргөнүмдү айттым сага,
Абайла. Айың сөзгө кулак салба.
Акыры жүрүп Ак Мөөр атың сенин –
Ааламды дүңгүрөтөт асылданта.

Сезилип калды мага ушул тапта,
Жөнөкөй тагдыр эмес болгун аста.
Жактырып турган жарың Жантай болсо,
Төшөгүн булгатпастан аруу сакта.

Айланам, асыл жарым – кымбат белек,
Кудай да табышмагын айтып келет.
Ханыша атка конгон ушу аял –
Теңирдин нак белеги – мага демек.

Маал-маалы карап сени ойго батам,
Толгонуп уктай албай таң атырам.
Түшүмдө аян берген табышмак – сыр
Дүйнөдөн кантип көчөм сага айтпастан.

Жаш күнүң, ал кезеңде бир аз гана,
Кетирдиң бир кемчилик. Бирок мага – 
Жамандык алып келбейт, эске салбайт,
Тагдырдын арттыраары чындык тура.

Тагдыры балдарымдын зор болсун дейм,
Кыргызды сыйлап пейли кең толсун дейм.
Мойтоңдоп жүргөн балдар баатыр болуп,
Кыргыздын элин жоодон коргосун дейм.

Койнумда жаткан жарым асыл элең,
Бал — шекер аралашкан сүйүү берген.
Сүлкүлдөп турган чагың эстен кетпей,
Азыр да тамшанамын жерибестен.

Саратан жайдын толуп турган чагын.
Эстеймин түшсө оту чагылгандын.
Өрттөнүп барган жүрөк жалындатып,
Мөлтүлдөк сүйүү чачкан таттуу балым.

Байкагам. Бүт көңүлүң маган буруп.
Болотту эстей калчуң ичтен тынып.
Ыргалып турсаң дагы билдирбестен,
Сүйөм, — деп айтчу элең нур толтуруп.

Башыңда элечегиң түшпөсүн дейм,
Бүт аалам сени гана сүйлөйт белем.
Сүлкүлдөп турган Ак Мөөр ушул дешип,
Асмандан жерди көздөй үндөйт экен.

Ургаачы болсоң дагы арстан болдуң,
Сыр бербей унчукпастан колдогонуң.
Жантайдын асыл жары Ак Мөөр делип,
Кыргызга маалым кылып мени койдуң.

Манчыркап кетпесин, — деп жаш чагыңда,
Чыгарбай жүргүн элем капаланба.
Калтырып кетер чагым келди азыр,
Айтылсын каткан сырлар картайганда.

Жантайдын жамандыгын көп чыгарбай,
Бааладың барктап — сыйлап милдет кылбай.
Мээримиң төктүң мага жаш балача,
Мөлтүлдөк бул жашоодо сырды бузбай.

Сырымды айтаар жарым – акылманым.
Артымда калчу белек кадырлайын.
Сезилчү улуу мүдөө айкын болсо,
Махабат ысык оттой жалбырттасын.

Улуунун улуулугун сенден билдим,
Сулуунун сулуусу деп сени сүйдүм.
Ай-аалам тунук акыл сага берген –
Жалындап турган чокко далай күйдүм.

Улгайып калдым бүгүн… Аттиң арман,
Аркамда калсын балдар өсүп барган.
Көөнүмө бүтүн аалам чачкан сүйүү,
Жер бетин каптап толсун болбой жалган.

Каныма сиңип калган ширин күлкүң,
Ардактуум асыл жарым күлүп жүргүн.
Мүңкүрөп калбагының кеткенде мен,
Артыңда балдар менен өмүр сүргүн!

Тунуктук аруулукка катарлашса,
Түңүлтпө! Төшөгүмдү түк бастырба!
Тазартып ак өргөөнү балдар менен.
Өткүнүң бул дүйнөдөн сен такыба!

Тагдырың коштуң мага буйрук экен,
Ал буйрук Кудайдан го сезе билсең.
Балбылдап келген сүйүү адамдарга, 
Ааламдын чоң белеги ушул бекен?

Мээримиң төктүң мага асыл жарым,
Баатыр, — деп сыйлаганың сыймык дагын.
Саргайып турсаң дагы билгизбестен,
Тазасын махаббаттын чачтың дайым.

Күнсүңбү? Айсыңбы?-дейм ойлоп кээде,
Ортоктош болоюн мен ушул кепке.
Башыңды өйдө кылып сөзүм укчу,
Манчыркап сүйүп өттүм кадыресе.

Эрезе жетип барат балдарың да,
Эркелеп жөлөк болчу мал-жаныңа.
Буралып турган чагың деле болсо,
Эч кимге кыйбаганым чындык жана.

Калдайып турсам жакшы болоор эле,
Кам-чомуң дайым көрүп катарлаша.
Дардактап салган кээ бир акмактардын,
Жолун бууп, жолдук кылып бүгүн сага.

Кайрадан унчукпастан башты салып,
Ойлонуп көпкө калды Жантай барып.
Жабыркап ичтен сыза кабак чытый,
Жөтөлүп сөз сүйлөдү жол уланып.

Эрдигим далай айтып кыргыз келген,
Ала Тоо ичинде мен баатыр делгем.
Ардактап Жантай ханды сыйласаң да,
Билгизбей сыр жашырдым далай сенден.

Саал азга башты буруп карап мени,
Кагылып жүзүм сылап төгүлгөнү. 
Тунжурап, айтчу сырын ойлонгонсуп,
Ордунан тура калып мындай деди:

– Кылычым, асыл белек бабам берген,
Бактылуу болот ата – бала деген.
Баланын бал жытындай жыпар жыттан,
Дүйнө да бал татыган өмүр сүргөн.

Карачы! Оттуу кылыч жоону сайган,
Бел кылып сактаганың, алгын ылдам.
Коштошуп о дүйнөгө кеткенимде –
Уулума берип койгун унутпастан.

Уктум да жүлүн күйүп өлгүм келди,
Ойлорум бырчаланды. Эмне деди?
Эрезе жете элек балдары, — деп,
Жанчылып денем түтөп өрттөлгөнү.

— Өргө чык. Кемибе сен кесир кылып,
Кээ учур жаман сөздү сүйлөп туруп.
Жактырбай калсаң эгер жат адамды,
Кабагың чытай көрбө жүздү буруп.

Кам-чомдуу жакшы аялды сенден көргөм,
Мөлтүрөк белегимсиң Кудай берген.
Артымда калган дүйнө, сансыз мүлктөн,
Бөлдүрүп өз-өзүнчө белгилегем.

Маал-маалы чылк ойлонуп үн катпады,
Ал — ахвал жайды сурап тим жатпады.
Текчеден алып туруп бир кутуча,
Алгын,— деп сунуп мага сөз айтканы:

– Алтындын алтын деген сырлары бар,
Бул алтын ата-баба белеги ал.
Жоготпой катып койгун бекем жайга,
Балдарга чачсын жарык алтын нурлар.

Эзелки алтын буюм сырдуу тура,
Чийими көз талдырат, миң кубулма.
Көөнөрбөс сүйүү сымал алтын буюм –
Каухардын түсү өчпөйт. Сыры ушунда.

Карачы кызыл көздүн кызыл нурун,
Жаркырап үй ичинде толду сырың.
Капырай, алтын – кымбат асылзатпы?
Асылзат сезгим келди асылдыгың.

Колуңа ал. Алтын буюм белек кылам,
Мойнуңа илип алгын, сунду ылдам.
Сапарың болсун бийик чөкпөй көңүл,
Салкын төр, жашыл жайлоо мекен кылсаң.

Саргайып сары ооруга батпасын, — деп
Бак-дөөлөт үйдөн такыр качпасын, — деп.
Ырымдап катып койгом ушул жайга,
Бул алтын бакыт-таалай апкелсин көп.

Саал азга кабак чытып карап калдым,
Бул алтын кандай белек? Айтчы дагын.
Сыры бар болгон дедиң. Чечмелечи,
Неликтен сырларыңды буган салдың?

Бурулуп карап мага мындай деди:
– О Ак Мөөр эсиң бар го кара эми.
Кан-жанга мыктап сиңген кызыл жүздөр,
Ар көздүн бир көзүндө бакыт деми.

Байлыгым болсоң өзүң айдай толгон,
Өзгөрүп көңүл кетчү тополоңдон.
Ток жүрүп, сүйсөм дагы тагдырлаш деп,
Көңүлүң кирдетипмин кээде ойлосом.

Кызыл көз алтын сымал баалуу элең,
Барктачу маалың келди, эми не дейм?
Бек сактап бул алтынга сырды салып,
Жашоомдо арнап сага камдагам мен…

Капырай, кандай адам Жантай деген,
Сүйлөгөн ар бир сөзүн салмак менен.
Саргайып турса дагы жалбырактай,
Көп сырдуу сүйлөй алган адам экен.

Айтылды мүдөө. Окуп ойду сезимдеги –
– Алгының. Жапты куту. Белек,— деди.
Бекитип сактап койгун жоготпостон,
Баатырдын сырлары көп белестеги.

Бетимден сылап азга карайт дагы,
Таң калам бул адамда өрнөк барбы?
Өмүрдү өйдө кылчу жылаажындай,
Чоң сырлар чыгып аздан айтылганы.

 

Сырдуу куту

Карачы. Колун мага азга сунду,
Капырай, кандай сырды айтып туру.
Акырын бурулуп ал артка карап,
Сууруп чыкты кайрадан башка куту.

Карадым көзүм артып эмне деген,
 Кутуда сыр сакталып бапестелген.
Ачылчы куту, — дедим сүйлөп ичтен,
Жантайдын жан дүйнөсүн ача билген.

Капкагы чоң ачылды. Эчтеме жок,
Болгону ийне-жипти катып койгон.
Колумдан түшүп кетсе ийне кокус,
Жоготуп издеп таппай шорлобосом.

Иргилтпей Жантай мени карап азга,
– Мөөркан, колго алчы, муну карма.
Ийне-жип баяны бар угуп тургун,
Кутуча түйүндүү сыр бу жалганда.

Ийненин көзү деген өмүр, — деди,
Бүт өмүр ийне сымал ичкергени.
Улантып ойду салып ал кайрадан,
Мелмилдеп аккан суудай мемиреди.

Аз өмүр ийне көзү ичке сымал,
Адамдар жип болобуз көңүл улаар.
Бүлбүлдөп ийне көзүн жип өткөндөй,
Биз дагы сүрдүк өмүр жашоо татаал.

Көзүнөн ал ийненин өттү тагдыр,
Жип сымал жалгыз өмүр жабыккандыр.
Ийненин көзү эгер бүтөлбөсө,
Жип үчүн турмуш, жашоо – салтанат бул.

Ичке жол… өтүп бардык ийне көзүн,
Ийрейип турган жипти түздөп көргүн.
Түздөсөң кайра ийрейип калган сымал,
Турмуштун жолу ийри өзүң көрдүң.

Көзүнөн ийне өттү. Жипти байка,
Узун жип колдонулбайт узанганда.
Өмүрү адамзаттын кыскаргандай,
Жип дагы кыркылат көп. Сыр ушунда.

Жип сымал өмүр сүрдүк түздөп-чомдоп,
Тайкысын тагдырлардын келдик комдоп.
Корсоюп кээде калдык ушул жиптей,
Түз болсок кээ учурда койколоктоп.

Колумдан ийне түштү – тагдыр көзү,
Байкоосуз талкалаба өмүрлөрдү.
Ийненин көзүнөн жип өткөн сымал,
Өмүр да кууш-кыска экен көрчү!

Теңирдин табышмагы кызык тура,
Тагдыры адамзаттын миң кубулма.
Жип сымал ийри-буйру биздин жолдор,
Түздөлбөй өмүр өтөт чындыгында.

Түздөймүн жипти улам өмүр түздөп,
Өрөпкүйт оттуу жүрөк көзөп-көзөп.
Көөнүмдөн кетпей турду ушул тагдыр,
Тагдырдын сызыгында мээнет күчөп.

Улайм сырды кеч курун толгон айдай,
Керемет жашоо болсун аткан таңдай.
Күн сымал бүтүн дүйнө сырга бөлөп,
Адамдар отту алсын сенден тандай.

 

Экинчи түш. Ак булут

Жай түнү… Жылдыз жайнайт… Аба мелүүн,
Теребел тыптынч экен сени көрдүм.
Көрктөнүп туруптурсуң бийик жайда,
Ааламдын нурларына чылк бөлөндүң.

Көөдөндөн чыгат нурлар тарап-тарап,
Чачырап жерге жетет, кабатталат.
Жаркырап жердин бетин шаңга бөлөп,
Үзүлбөй бүтүн-бүтүн болуп барат.

Карадым, нурлар барат жерге тарап,
Тагдырдын табышмагын кимдер табат?
Каптап жатса булуттар аппак болуп,
Кара күчтөр булуттан тез жалтанат.

Жашарып жердин бетин шоола чалды,
Атты го адамзаттын аруу таңы.
Ак Мөөрдүн шооласынан жарык түшүп,
Бүт дүйнө нур сиңирип жалпыланды.

Анда сен суроо салдың тээ бийиктен:
– Оо, калкым! Жердин бетин ким кемиткен?
Кээ бирлер кесир кылса бул турмушта,
Жер дагы жүзүн жапты кейигенден.

Чачып жерге жарык нур бүтүн барат,
Калайык-калк шимиргени нурду каалап.
Ак булут алдейлесе жердин бетин,
Адамдар аппак болуп ден тазарат.

Кеңири айтып сырды улантайын,
Түшүндүм көргөн түштүн чоо-жайларын.
Асмандан сага нарктуу нурлар келсе,
Дүйнөнү тазарткандан жалтанбадың.

Артыңдан аппак болуп келген булут,
Денеңди чулгаганы нур толтуруп.
Ак Мөөр деп колун созду периштелер,
Нурларды жер бетине төгүп туруп.

Ийилип гүлдөр айтты: – Саламатпы?
Бүт дүйнө кол булгалап бара жатты.
Секелек кыз да сага колун созуп,
Ак Мөөргө шыңгыр үндүү күлкү чачты.

Хан Жантай болсом дагы эл башында,
Сен бийик болуп бардың гүлдүү бакта.
Карадым тээ асманда турган сени,
Алдастап кол созсом да жетпейм аста.

Ылдыйдан карап сени умтулупмун,
Кулпунуп күлкү арнап колуң сундуң.
Нурланган жумшак мээрим келип мага,
Шарпасын сездим келген жылуулуктун.

Нурлардан тепкич курап жер бетине,
Өйдөдөн күтүп алдың ай четинде.
Ал-жайым сурап көпкө кайрат берип,
Бапестеп сылаганың али эсимде.

Кемтигиң толуктайын кечир, — дедиң,
Кездешип көралбадым, эмгектендим.
Эзелки Жантай ханың унутпастан,
Өйдөдөн төгүлтүп нур сезим бердиң.

Ошондон өйдө болуп жер бетинен,
Нурланып бийик болдум келбетимден.
Кечикпей нурлуу жайда туруп калдым,
Кандай түш, сырды көрдүм эмнеликтен?

Биле албайм, бул окуя качан болот,
Болжолдоп кээде өзүм жоруйм жомок.
Сыр-сандык болгон түштүн чоң тагдырын,  
Айтайын угуп турчу Кудай колдойт.

Ылдыйлап барган кезең жылдар болот,
Өйдөлөп колдон тартсаң иш оңолот.
Баркымды көркөм кылдың кыйналганда,
Жылытып нурлар жиреп сен колмолоп.

Түшүмдүн чындыгы бар аны сезем,
Дүйнөдөн чындык издеп безеленем.
Кыйналып алдан тайып калган чакта,
Көөнүмдү өйдө кылаар кезиң бекен?

Көөнүмдө сездим чындык, жалган дебе,
Жакшы түш ойлонтту го көрдүм неге?
Унутпай ушул баян сактап келем,
Ондогон жылдар өттү эң кеминде.

Айтпастан бапестедим ушул түштү,
Билгизбей катканымдын бар себеби.
Тагдырың бийик болот, уккун Ак Мөөр,
Сырдуу түш баяндоонун бар кезмеги.

Бир азга унчукпастан мага карап,
Мөөркан,— дейт аткан таңым батып барат.
Кайрылып келбейм эми жер бетине,
Жексур сөздөр таркаса жабыркатат.

Көөнүңдө катып сырлар нечендеген,
Ак Мөөрүм түйгүн эске түштү бекем.
Сыр сандык сактагының кабат-кабат,
Ханыша затың бийик болсун элден.

Турмуштун аргымагын көп теминген,
Жашоосу адамзаттын күрөш экен.
Жашы да карысы да кайрат кылып,
Күлсөм,— деп, ойносом,— деп сурайт экен.

Тагдырдын тагдыры бар шамы күйгөн,
Жылдыздай жымыңдашкан тээ бийиктен.
Артыңдан келсе аалам ээрчип сага,
Ал дагы Кудай берген кудуреттен.

Ак булут – акыл болот бийиктеги,
Нурлары келди курчап чырмап денди.
Чыр дүйнө, капкара түн тез жоголуп,
Чоң акыл каптайт жерди, бүтүн элди.

 

Үчүнчү түш. Периштелер

Булбул конуп шүүдүрүмдүү гүл бакка,
Булак бойлоп жүргөн кезиң сай жакта.
Жылга бойлоп периштелер нурданса,
Жыпар жыттан баш айланат бир башка.

Кетти алар торго илинбей мендеги,
Гүл оронгон сага учуп жеткени.
Тартуулашса кумар отун чоң жагып,
Аалам нуру жер бетине дем берди.

Колум созуп артыңан чуркаганча,
Периште болуп учтуң нур чулгана.
Ордумдан козголо албай ичтен күйүп,
Умтулуп солуктадым чаңкап даана.

Ойгонуп чоочуп кетсем капкара түн,
Жаздыгым болуптур суу жаш төккөндөн.
Жаркырайт үмүт оту, аалам кенчи,
Артыңдан издеп келген периштеден.

Улгайып калган чакта көргөн түшүм,
Жан дүйнөм сыйкырланды ээлеп сезим.
Элестеп турат дале көз алдымда,
Периште болуп учуп кеткен кезиң.

Түштөрүм ыйык болуп каткам нечен,
Кайраттан тайып сайын алым кеткен.
Кадырың билип ылдам көкөлөгөн,
Миң кыйналып перизаттан жашырдым мен.

Кылгырып дүйнө сырын сезген чагың,
Созулган нурдан таза перизатым.
Элжиреп жарык чачып ай нурундай,
Билгиниң кереметтүү түштүн жайын.

Жанына олтургузуп дагы далай,
Тоту кушум,— деди секин чарчагандай.
Мекениң жер бетинде болбостон сен,
Бийикке чыгып бардың. Бул иш кандай?

Буйругун Кудай уктум: Периште,— деп,
Периште бийиктесин, кемитпе көп!
Бул түштүн түйүнү көп, чечүү керек, 
Сыр билги адамсың го, чечели бек.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн


© Өмүрбүбү Бегалиева, 2006. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 6508