Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Кадыров Ы. 2002. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 2-октябры

Ысмайыл КАДЫРОВ

Ага-ини

Аңгеме, новелла, эсселер

«Чымчым аңгемелер, чырылдаган ойлор» китебинен алынды. Ы. Кадыровдун бул проза жыйнагына негизинен ар кайсы учурда мезгилдүү басма сөздөрдө жарык көргөн айрым аңгемелери, эсселери, фантастикалары, сатиралары, публицистикалары топтоштурулду. Автор мурда 3 ыр жыйнагын окурмандарга тартуулаган.

Кадыров Ысмайыл. Чымчым аңгемелер, чырылдаган ойлор. – Б.: Бийиктик, 2002. – 64 б. Нускасы 500 даана

ББК 84 Ки 7-5
    К-13
    ISBN 9967

 

АҢГЕМЕ, НОВЕЛЛА, ЭССЕЛЕР

 

АГА­-ИНИ
    (минироман)

I БАП

Бул дүйнөдө бири­бирине төп келген жубайлар жашады. Көпкө бала көрбөй, жаштары өйдөлөп уулдуу болушту. Бүт айыл эли сүйүнүп, өз кубанычтарындай сезишти. Арадан жылдар өтүп, экинчи уулдуу болушту. Анын төрөлгөнүн өздөрү деле, эл деле демейдеги окуя катары кабыл алышты.

II БАП

Агасы кичинесинен эле шок чыкты. Катылгандын катыгын берди. Чагылгандай чартылдап, туш тарапка чабыттады, урунуп­беринбегени калбады. Бийликке да, байлыкка да жетти. Бирок, күнүмдүк мансапка дөгүрсүп, ичкиликке ооп баратты. Инисинин болсо болбурап жүүнү бош болду. Бар экени да, жок экени да билинбей күн кечирип жүрдү. Өмүр бою китеп окуп, бир нерселерди жазуу менен гана алек болду.

III БАП

Ай айга, жыл жылга тогошту. Бийлиги бардагы дүпүрөгөн тели­теңтуштары агасынан алыстай баштады. Өзү менен өзү болон инисинин жазган кагазына эч ким кызыкпады. Алкымынын айынан катардан калган агасынын да, дымырап жашаган ини­ синин да качан каза болгону көпчүлүктүн жадында калбай калды.

IV БАП

Арадан жүз жыл өттү. Агасын эл таптакыр эстен чыгарды. Инисинин эл үчүн жасаган эмгектери табылып, изилденди. Өндүрүштө колдонула баштады. Учурунда баалабаган замандаштарына урпактары наалат айтты. Ал эмгектердин баалуулугу жөнүндө илимий иштер, көркөм чыгармалар жазылды. Чоң көчөнүн боюна эстелиги тургузулду.

 

КАМЧЫ 
  
— Атсалоомуалейкум! — деди бала табылгынын кыйылган учунан оң колу менен тутамдай кармап.

— Алейкума атсалом! — деди ата оң колун баланын колуна улаштыра табылгыны тутамдап.

— Кайда барасың? Бала сол колу менен атасына кол улаштырды.

— Камчы сапка. Атасы баланын сол колуна колун улаштырды.

— Бар болсо бирди кыя кел, жок болсо жообун айта кел, — деп бала оң колун кайрадан атасынын сол колуна улаштыра тутамдады да, табылгыны кыйып кирди. Бул байыртан келаткан камчы сап ченөөнүн элдик ыкмасы. Эпейе отуруп, ишине берилип алган уулуна атанын ичи элжиреп, кырданган калыбында кыйлага кыймылсыз жатты. Баланын уюган кыттай омоктуу отурушу, бүркүттөй теше тиктеген көздөрү кимди болбосун айбыктырбай койбойт.

— Уулум, — деди ошол калыбынан жазбай тээ кыйлада. Өзүң али кичине болсоң да аркы­беркини ажырата билгениң, акты ак, караны кара деп бетке айткан тайманбастыгың, өткүрлүгүң мага жагат. Бул-жигиттиктин белгиси. Ушунуңдан жазба. Менин өмүр күзүм жакын. Өсөөрүм калган жок. Сенин чоңоюшуңду күтүп, көкүрөгүмдө кастарлап сактаган бабаларыңдын тарыхын айтып берейин. Менин билгеним өз башым менен кошо кетпесин. Жакшылап тыңда. Мындайды биле жүрүшүң керек. Эмесе кулак сал...

Өткөн заманда бирөө эки­үч күндүк жолду арытып, күйөөдөгү карындашын издеп барат. Учурашып, сагынычы тараган соң үйүнө кайтат. Аттын жол жоргосу менен жайма­жай жүрүп отурат. Күзгө жуук учур. Күн батайын деп калган. Ээрдей белести аша бергенде өтөктөн үч­төрт боз үйлүү айыл көрүнөт. Кудайы конок болууну ойлоп, атынын башын бурат. Мал жайыттан келип, айыл ичи чуру­чуу. Айылга жакындаганда там­туң баскан бала үйдөн алыстап баратканын көрөт. Баланы ат үстүнөн эңип алат. Бала ыйламак түгүл ар кайсыны көрсөтүп, “чу, чу” деп атка өңөргөнгө кубанат. Ал адам кырктын кырынан ооганча бала көрбөй, балага зар — башка чукак адам экен. Көңүлү бузулуп, баланы кементайы менен кымтылайт да айылга кайрылбай жүрүп кетет. Алыстаганда кылчактаса, баланы издеген киши байкалбайт. Бардыгы мал менен алек. Барган сайын теребел күүгүмдөп, ал адам караңгыга сүңгүгөндөн сүңгүп отуруп, изин суутат. Түнү бою жүрүп, таң сүрүп күн аркан бою көтөрүлгөндө туу белге жетет. Киши­кара жок, белде экөө гана экенине көзү жеткенден кийин түшүп ат чалдырып, куржундагы тамактан жешет. Бала ыйлап аргамды кетирээр бекен деп бушайман болуп келе жаткан киши, баланын жооштугуна кубанат. Бетинен сүйүп, баланы бооруна тартат. Бир аз эс алышкан соң, эч ким көрбөсүн үчүн баланы ээрдин актасына учкаштырып, сыртынан кементайын кийип, белинен кур менен бош курчап коёт. Күндөп­түндөп жүрүп үйүнө келет. Карындашымдын баласын асырап келдим дейт элге. Түлөө өткөрүп, “мен муну өз балам деп эсептейм, кагылайын журтум. Бакма экенин билгизе көрбөгүлө, кокус “асыранды баланы айылчы катын билгизет” болуп, ооздон чыгып кеткенин уксам, тууганчылыктан кечишип, кыркылышып кетпейли!” — деп суранат. Азан чакыртып балага Табылды деп ат коёт. Күркүрөгөн күз, кычыраган кыш өтүп жадыраган жаз келет. Аркасынан бетегеси белден буралган жай келет. Бала эс тарта баштайт. Бир күнү ал үйгө эки салт атчан түшөт. Мал жоготтук эле дешип, жай кеп салып отурушат. Бир оокумда ойноп жүргөн Табылды чуркап кирет. Үйдөгү чоочун кишилерди көрүп, чочуркай туруп калат.

— Кел, келе гой, — дейт бири. — Кимдин баласысың?

Эки жашар бала эмнени жарытып айтмак эле, меймандын биринин колундагы камчысына кызыгып, аны кармалайт. Ал кишинин чыдамы жетпей баланы бооруна кысып өөп­өөп жиберет. Көрсө дайынсыз жоголгон баласынын сары изине чөп салып жүрүп, жыл маалында гана дайын­дарегин боолгологон өз атасы экен.

— Бала меники! — дейт абдыга. Таптым туягымды. О, журт, сүйүнчү! Каралдымды таптым, каралдымды! — деп аны бооруна кыскан бойдон тышка жөнөйт. Үй ээси саамга өзүн жоготуп, дабдырай түшөт да, жагдайды баамдай коюп:

— Каяктан чыккан куу тумшук киши элең. Багыма конгон бактымдан ажыратасыңбы кокуй!? Бала меники, меники дейм бала! — деп чаңырып, чаңырып жиберет. Баланы колдон колго өткөрүп талашат, акыры ортого арачы түшөт.

— Чакыр, — дейт, ал адам үй ээсине. Чакыр элиңди. Буюмду деле тапкан сүйүнөт, тааныган алат. Буюмча жокпу? Кара башыл киши жоготуп, таанып отурбаймынбы!? — деп калчылдайт.

Айыл аксакалдары чогулуп кеңеш курушат. Беркинин карындашымдын баласы деген айыбы ачылат. Бири баланы өз атасына бериш керек десе, бири бербеш керек дейт. Ары кетишет, бери кетишет, акыры баланы так ортого коюп, эки атасы чакырсын, кимисине келсе бала ошонуку болсун деген бүтүмгө келишет. Аталары ага макул болуп, өз атасы бир четке, баккан атасы бир четке чыгат. Дал ортого баланы коюп бир карыя кармап турат.

— Каралдым. Энең сен деп жүрүп акылынан ажырамай болду.

— Секетиң кетейин сербейген, кел мага, келчи! — деп чебеленет өз атасы. Бала ага бурулуп, барсамбы барбасамбы дегендей, бир­эки кадам шилтеп туруп калат.

— Жыттоочум. Кара көзүмдү кашайтпа карангүн. Өзүмө эле кел, сен кетсең менин көргөн күнүм не болот!? Кел, келегой бери! — деп буркурайт баккан атасы. Бала аны бир карап, кел­кел деп далбас уруп аткан өз атасын бир карап, чоң эле кишилер эмне болуп атышат дегенсип таң кала карап турат да, баккан атасына чуркап келип моюнунан кучактап калат.

— Ырысым, таалайым! — деп жалынат ал. Өз атасы болсо бир буркурап алып, кайра кайратына келип ордунан турат.

— Эй киши, — дейт-баланы кучактап отурган беркиге. Деги сенде эмне айып. Агынан уул, кызылынан кызың болсо мени менен бала талашат белең. Тураң түгөнгөндө жасаганың да бул. Өзүмдүкү болбосо да туяк аты калсын дегениң да. Бала менен күчүк ким көп эркелетсе ошонуку. Бир жылдан бери алчактатып отурган сага келбегенде, бала жат боло түшкөн мага келмек беле. Ошону билип эле туруп, үмүт шайтан азгырып шартка макул болбодумбу. Эми болору болду. Бул окуяны кийин балага айтсаң өзүң айт, асти элден укпасын. Бирөөдөн укса арамза өсүп, кыйды болуп калар. Сени да, мени да жыргатпас. Баланы тири карак тарбияла, жалтак кылба. Ата уулу дедиртип эл кызматына жарагыдай өстүр. Сенден суранаарым мобул камчыны уулуң ат жалын тартып минип, эрезеге жеткенде берип кой. Бир жолоочунун ак дилинен берген табериги де, — деп камчысын анын астына таштайт да, баланын алкымынан куркурата бир жыттап алып, жолдошун ээрчитип артын карабай жүрүп кетет.

— Тыңдап атасыңбы!? — деди карыя камчы жасап аткан уулуна.

— Угуп атам ата. Аңгемеңиз тим эле жомоктой экен, — деди бала.

— Бул жомок эмес уулум, нукура чындык. Ошол талашка түшкөн бала сенин бабаң, менин атам Табылды экен.

— Чын элеби ата!?

— Чын уулум. Өткөн заманда не деген гана окуялар болбогон. Ошол бабаң эр жеткенде баккан атасы аны өз атасына алып барган экен. Болгонду болгондой айтып, баягы камчыны мойнуна салып, ата­баладан кечирим сурайт. Аяр сактап жүргөн камчыны уулунун астына коёт.

— Уулум. Жамандыгың калбаса жаштыгың калган жок. Бул сырды сага эч качан ачпайын дедим. Бирок, эл оозу элек деген. Биринен болбосо биринен кеп чыгып кетсе, балам жер карап, кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болбосун, тукумуңа доо кетпесин дедим. Бир кезде бирөөгө бүлүк салып, күйүткө түшүргөн күнөөмдү башым менен ала кетким келбеди. Өзүм уулдуу болуп бакытка батканым менен, булардын бозала болуп, томсоруп калганы ошол мезгилден бери жүрөгүмдү өйүп, көңүлүмдү тынчытпай келди. Эми кечирсеңер да, күнөөлөсөңөр да өзүңөр билгиле! Кокус көзүм өтүп кетсе да эми өз абийиримдин астында көңүлүм тынч,— дейт. Баланын өз атасы анын даанышмандыгына ыраазы болот.

— Бардыгы чын. Өз баламдан жат болгонум да чын. Бүгүн өчкөн отту тамызып, өлгөн жанды тиргизип отурасың бурадарым. Бул акылгөйлүгүңө башым тартуу. Мурда бейтааныш болсок, бала талашкан жоо болсок, эми бир тууган бололу. Өзүбүздү бармактай кезибизде бөлүнүшүп кетип, эми кайра табышкан эгиз деп сезели! — деген экен ал айкөл. Ошентип, алар мына азыркы экөөбүз отурган ата конушубузга көчүп келишип, эки бакыр, бир тукур болуп көздөрү өткөнчө бир туугандык адил ниетте турушуптур. Алардын биринин аты Осмон, экинчисиники Садык болуптур. Бир даанышман экөөнүн тең аты өчпөсүн деп бабаңды Осмонсадык уулу Табылды атаптыр. Бабаң Табылды да тегин адам болбоптур уулум. Өгүздү мүйүздөн алып саздан сууруп чыккан балбан болгон экен. Ушул өрөөндүн болушу Адылдын ашында эр сайышка түшүп бер дешиптир аны. Ошондо жүрөгү сезгенби, айтор сайышка чыгууга анча көңүлдөнбөптүр. Эки тарап болуп бөлүнгөн элдин ортосунда наркы тараптан чыккан баатыр чапанды желбегей жамынып, буркулдата кыл чайнап, найзасын ойното бастырып турат.

Баатырыңар жок болсо, 
    Баш байгени бергиле.
    Намысыңар бар болсо,
    Кана бириң келгиле!? — деп жарчы безилдеп ырдап турат. — Бир намыска жарап бер!? — дешип, эл чурулдап Табылдыга бата берип жиберишет.

— Мейли эми, намыс үчүн чыкса чыгайын, — дейт Табылды. Баатырлар эки­үч ирет беттешет. Төртүнчүсүндө берки баатырдын найзасы Табылдынын табарсыгына кадала түшөт. Бабаң кулап түшөт. Оозуна тиштеген камчысын алып:

— Уулума бергиле, ата мурасы эле! — дегенге араң жарайт бабаң Табылды. Ошол мезгилде мен бешикте экемин. Андан кийин бу баштан нелер гана өтпөдү. Октябрь революциясы менин жигит кезиме туш келди. Бай­манаптар, кулактар менен күрөштүк. Бейпил заман орноп, жаңыдан өз оозубузга өз колубуздан аш жете баштаганда батыштан “өрт” чыкты. Отуздан жаңы эле ооганда согушка аттанып, ата журттун тузу буюрган экен жеңиш менен кайттым. Анан үйлөнүп, көп өтпөй уулдуу болдум. Уулумдун атын эл ичинде аман жүрсө деген ниетте Аман койдум. Бирок, тилегенимдей болбоду. Аманым аман жүрсө камчы саптык уул болот эле. Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети демекчи терс жолго түшкөндөргө кошулуп, ичкиликке ыктап жүрүп, жол кырсыгынан каза тапты. Аттиңай, ошондо дүйнө мага бир караңгылай түштү. Анткен менен ичээр суум, көрөр күнүм түгөнбөптүр. Сен курсакта калган экенсиң. Сен төрөлгөндө туягымдан калган туякты көрүп, башыма күн, аягыма ай тууду. Бирок, ал кубанычым да көпкө созулбай, жыл айланып Амандын ашын бергенден кийин келиним Гүланданын ата­энеси алдыма келди.

— Эки баланын аркасы менен кудай кошкон куда болдук эле... Жадырап­жайнап катышып турсак болот эле. Тилегибиз таш каап Аманыбыздан ажырадык... Ниетибиз ак эле айланайын кудам. Кудай кылса кубаарыңдын акысы барбы демекчи, ушундай болот деп үч уктасак түшүбүзгө кирген жок эле го... Кызыбыз жаш калды. Алдыңардан өтүү ата­бабадан келаткан салт экен... — деди Мырзабай кудам каргылдана. Мында заманам бир куурулду.

— Айланайын кудам! Тагдырдын башка салганы ушул болду... Уулум жалгыз эле. Жалгызымдан жалгыз туяк калды... Кызымдай көргөн келиним бар... Анын жолуна кедерги болбойм. Гүландамдын багы ачылсын. Суранаарым кудам, медер туткан неберемди өз колума калтыргыла. Уул­келинимдин ордуна көзүмө сүртүп жүрөйүн, — дедим. Аманым экинчи ирет өлгөндөй болуп, кемпир экөөбүз ээн үйдө соксоюп калганыбыз көзүмө элестеп, жашым токтобой сакалымды жууп жатты.

— Ата­баба салтын кармап, менин келечегимди ойлоп, башымды бошотуп коюу милдетиңер экенин түшүндүм аталар. Өз тагдыр ымды эми өзүм чечейин. Баланы өз ата журтунан ажыратпайлы, — деди Гүланда.

Анын акылдуулугуна тен бердик. Сыртыбыздан да, ичибизден да Гүланданы алкадык. Кийин Гүланда турмушка чыкты. Өз колум менен кызымдай узаттым. Жолдошу да эстүү, жакшы адам чыкты. Сен эжекем деп жүргөн Гүланда энең, байкем деп жүргөн ыраматылык Аман атаң, мен чоң атаң экенимди биле жүр балам. Көзүм өтүп кетсе атам айтып койсо болмок экен деп токо наалат кылбагандай бол... Карыя саамга тунжурап, кончунан жылан боор өрүлгөн элик шыйрак камчыны алды да, балага сунду.

— Кулунчагым, бул ата мурасы, бабаларың Осмонсадыктын Табылдыга берген камчысы. Атадан балага өтүп келе жаткан кымбат белек, ыйык таберик. Бир гана Аман жети атасынын тарыхын билбей өттү бул дүйнөдөн. Ага өзүм күнөөлүүмүн. Улам кийин айтам деп көр тирлик менен жүргөндө Амантайымдын капысынан дүйнө салганы арылбас арманым... Эми артындагы туягы — сенин укканыңа да каниет... Муну аздектеп ыйык сакта кулунум. Кезегинде сен да уулуңа өткөр. Камчы эр жигиттин куралы, жан жолдошу. Өзүң да камчы жасаганды жакшылап үйрөн. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат дешет эмеспи. Камчынын сабын туура ченеп, түшкүнүн жакшылап өрүп, мыктылап саптай билгендин өзү өтө чоң өнөр.

— Бала камчыны алып, тарыхы бар ата мурасы колуна тийгенге сүйүнүп да, андан сүрдөп да турганда ата табышмагын айтты:

— Көл жакалай көпкөк, 
    Төөгө минген сөксөк.
    Каптын оозу кийиз, 
    Карганын оозу мүйүз.
    Кой баласы шишек, — деди ата.

— Көл жакалай көпкөк эмей эмне,
    Төөгө минген сөксөк эмей эмне.
    Каптын оозу кийиз эмей эмне,
    Карганын оозу мүйүз эмей эмне. 
    Кой баласы шишек эмей эмне!? — деп чечмеледи бала.

— Жандырмагың калетсиз чындык. Ооруну жашырса өлүм ашкере кылат деген.. Ала куштун атын жашырсаң да, ал ала куш боюнча калат. Кеп чындыгынан бузулбайт. Ар дайым адал иштеп, ак сүйлөсөң эч качан кар болбойсуң уулум.

 

КАРА МЫШЫК

Кимдир бирөөнүн мышыгы тууганда “мынча мышыкты эмне кылам?” — деп ар кайсы короого бирден ыргытканбы же балдар уурдап чыгып оюндары канганда таштаганбы, айтор жазга маал короодо жаңы гана көз ачкан кичинекей кара мый пайда болду. Мый бул үйдөгүлөргө жагып калды. Ушул үйдө чоңоё баштады. Бул үйдө чал менен кемпир жашоочу. Мый экөөнү тең жакшы көрүүчү. Кемпир анын курсагын бөксөртчү эмес, чал жонунан сылап мештин түбүндө отурчу. Мый үчүн жашоо ушундай гана өтө берүүчүдөй сезилчү. Убакыт зыпылдап өтүп жатты. Мыйдын куйругу менен ойногон балалыгы калып, капкара мышык болду. Бир күнү адаттагы турмуш өз нугунан бузулуп, чал төшөккө жатып калды. Кирип­чыккан эл көбөйдү. Бир жума өтпөй үйдөн чуу чыкты. Сыртка боз үй тигип, чалды анын капшытына жаткырышты. Опур­топур, ый­өкүрүк, ызы­чуудан мышыктын башы айланды. Кечинде киши азайган кезде мышык жыла басып, чалга жакындады. Жонунан сылап, эркелеткенин сагынган эле. Кара жоолук салынып, тескери карап отурган аялдардын бирөө көрө коюп, тапичкеси менен бир чаап, мышыкты кубалап чыкты. Эми ал үйгө жолобой короодо гана жүрдү. Эртеси түш оой чалды көтөрүп чыгышты да, үй жанына бир аз коюп, эл тегеректеп сүйлөп, айрымдары ыйлап басылышкан соң кайдадыр алып кетишти. Коргондун кырында эч нерсеге түшүнбөй карап отурган мышыктын ичи ачышып, мыёлоп жиберди, бирок кайра келээр деген үмүттө кала берди. Чал кайрылып келбеди. Жыл маалына чейин кемпир эртең менен кечинде ары карап заңкылдап ыйлачу болду. Мышык ага адегенде таң калып жүрсө, кийинчерээк кадимкидей көнүп кетти. Бирок, үйдө бир бала пайда болду. Анын кылыгы мышыкка такыр жакчу эмес. Ал чалдын кызынын баласы эле. Бала мышыкты мыжыгып, көккө ыргытып жиберип, жерге төрт аягы менен түшкөнүнө маашырлана берүүчү. Анын эти ооруп, жүдөгөнү менен иши да болчу эмес. Мышыктын тили болсо “кайсы жазыгыма ушунча кыйнайсың?” демек. Көбүнчө мышык балага көрүнбөскө аракеттенчү. Бир күнү машине келип, үйдөгү жүктү ага сала башташты. Кемпир кызыныкына биротоло кетип жаткан эле. Мышык эмне кылар айласын таппай, мыёлоп босогодо турду. Кемпир бир убакта бутуна сөйкөнгөн мышыкты колуна алып, жонунан сылап турду да, машинеге ыргытып койду. Машине ордунан козголуп, кыйла баргандан кийин бирөө мышыкты көрө койду.

— Бул кайдагы мышык?-деди ал бакылдап, — машинеге мышык салбайт. Анын үстүнө бул кара мышык турбайбы. Жолубуз болбойт. Ушунчасында ыргытып салыш керек!?

— Ал биздин мышык. Бир ырымчылдын сөзүн адатка айландырып... Жазыгы кара болуп калганыбы?.. Ыраматылык абышкам жакшы көрчү эле. Эч кимге зыяны деле жок, — деди кемпир.

— Мышыкты жакшы көргөндө ал бала болуп бермек беле, ыргыткыла!-деди экинчи киши.

Биринчиси мышыкты кармады да туйлаганына болбой көздөрүн будамайлай басып, буттарын тырыштыра ныгырды. Кыйла баргандан кийин машинеден ыргытты да, кете беришти.

Жол четиндеги аңгекке төрт аягынан түшкөн мышык жүнүн үрпөйтүп эки жакты карады. Көзүнө тумандап эч нерсе көрүнбөдү. Жарыкка көзү үйралганда машине караансыз узап кеткен эле. Ээн талаада мыёлоп мышыкча ыйлады. Ыйлоодон пайда жоктугун жүрөгү менен сезип, бет алды жол жээктеп жөнөдү. Курсагы ачып, шайы кетти. Жолдон сууга жолукту. Бир аз суу ичти. Мурдуна тааныш жыт келди. Көпүрөнүн кулагында комдонуп кыйла жатты. Бир убакта бир чычкан чыгып ийин каза баштады. Эки көзү андан өтүп, боортоктой жылып жөнөдү. Жакындаганда бир секириш менен бырпырата баса калып, тытмалап жегенден кийин курсагы бир аз бөрсөйгөнсүдү. Шашпай жаланып, бетин жууду да сапарын улантты. Бир убакта кайдан­жайдандыр сары дөбөт чыга калды жолдун ары жээгинен. Мышыктын жүрөгү оозуна кептелди. Дөбөт ырылдап мышыкка атырылды. Мышык качып жөнөдү. Дөбөт куйрук улаш келатты. Айдай талаада бир да бак жолукпады чыга качканга. Бир кезде анын багына кууш көпүрө көрүндү. Мышык ага кире качып кутулду. Көпүрөдөн караңгы киргенде чыкты. Эки жагын байкап, иттин жоктугуна ишенген соң, теребелге көз чаптырды. Жымыңдаган жылдыздарды карап, мышыктык сезими менен айылы чукул жерде экенин боолголоду. Кубанычтан курсагынын ачканына карабай чуркап жөнөдү. Түн ортосунда айылга жетип, өнүп­өскөн үйүн таап алды. Эртеси бул үйгө жаш жубайлар келишти. Мышык буттарына чалынып аларга эркеледи. Чал менен кемпирдин мээримин сагынып куса болуп турган.

— Алдыбыздан кара мышык чыкты, жолубуз болбойт го?! — деди келин.

— Койгулачы ырымчылыкты! Бул ушул үйдүн мышыгы. Күндө эле астыман чыгат. Эч деле запкы көрө элекмин, — деди алар менен кошо кирген мышыкка тааныш кошуна. Алардын мышыктын кечээки “саякаты” жөнүндө кабарлары жок эле. Эгер тили болсо күнчүлүк жерден үйүн кантип таап келгенин өзү гана сыймыктана айтып бермек. Мышык алар менен кошо үйгө кирди. Ошентип, алар ошол үйдө туруп калышты. Кечинде мышыкты сыртка чыгарып жиберишти да, ошол боюнча киргизишкен жок. Эшик алдында мыёлоп туруп тажаганда чатырга чыгып жатты. Мышык кез­кезде гана үйгө кирип, көбүнчө короодо жүрчү болду. Ээн баштанып үйгө кирсе, келин башка­көзгө койгулап сыртка кубалачу. Чычкан көбөйүп кеткенде гана жатаарда киргизип, таңга маал чыгарып жиберишчү. Келиндин күйөөсү кээде “киргизип коёлучу байкушту!?”— деп калчу. Анда келин “мышык — үйдө бала болбосо, чал менен гана кемпир болуп, жонуман сылап эркелетип отурса деп тилесе, күчүк-үйдө кичинекей бала болуп, колундагысын талашып жеп турсам, — деп тилейт экен” дечү, бирөөдөн укканын бетине кармап. Бир күнү мышык байкоосуздан үйдө калды. Киши жоктугунан пайдаланып чарадагы сүттөн ичти. Өмүрүндө биринчи жолу уурулук жасашы эле. Курсагы ачпаса ага деле барбайт болучу. Эшик­терезе бек болгондуктан сыртка чыга албады. Айласыздан керебеттин астын булгап койду. Көрүнөө жерге жаткандан коркуп, чала жабылган мештин оозунан кирип, төрүнө өттү да сүткө тойгон неме ныксырап уйкуга кирди. Келин кечинде келип чарадагы сүттү көрдү. Каңырсыган жытты сезип, аны керебеттин астынан тапты. Акыры мышыктын кылыгы экенин билген соң, аябай буркан­шаркан түшүп жинденди. Мышыкты издеп таппай койгон соң, “шашпа колума бир тиерсиң!?” — деди да от жагууга киришти. Мешке көң калап, үстүнө май чачты.

Сасык жыттуу суюктук үстүнө жаба төгүлгөндө гана мышык баш көтөрдү. Саамга дендароо туруп калды. Ошол мезгилде ширеңке чагылып, мышыкка от жаба берди. Коркуп кеткен мышык мештин оозунан сыртка атып чыкты. Келин бакырып, чалкасынан кетти. Кара мышыктын үстүнөн от жалбырттап, тирүүлөй өрттөнүп, бир тутам жалынга айланып, андан­мындан бир көрүнүп, күүгүм талаш айылды аралап, жан далбаса кылып “учуп” баратты.

 

АЗЕЗИЛ ЖАНА АНТ

Бул баянды көп жыл мурун эшитсем да, ал күндөр өзүм аралашкандай көзүмө элестеп кетет. Эмесе анын чоо­жайын айтайын.

Чакан бөлмө. Үлпөткө даярдалган стол. Курсташым Кудайбергенге каалоолор айтылып, бокалда шампан көбүк чертип, тост көтөрүлдү.

— Өзүңүздүн 30 жылдыгыңызда бир жолу көтөрүп койбойсузбу, агай!? — деди кыздардын бири (Кудайберген баарыбыздан улуу болгондуктан аны көбүбүз “агай, байке” дечүбүз. Ал ар дайым ойлуу, түнт жүрүүчү. Турмуштан кагылып­согулуп калгангабы, мыкты окучу. Энеси менен батирде туруучу. Ичкилик иччү эмес). Бардыгыбыз ал кызды колдоп кеттик.

— Айткан тилегиңерди ак дилимден кабыл алам... Бирок, муну ичпеске ант берип койдум эле... -деди Кудайберген сылык гана.

Эмне үчүн ант берген? Бул суроо көңүлүмдө кайра­кайра кайталанган менен жоопсуз кала берди. Шаңдуу музыка, шат жүздөргө бөлөнгөн кече көңүлдүү өттү.

* * *

— Куке,— дедим, бир күнү ыңгайы келе калганда, — эмнеге ичкилик ичпөөгө ант бердиңиз эле? Ал бир азга тунжурай түштү да:

— Бул тууралуу ооз ачпасамбы дедим эле, бирок бир чети иним, бир чети курсташ теңтушумдун суроосун кантип жоопсуз калтырам. Беш жыл чогуу окуп, бирге жүрүп бир туугандай болуп калсак да, сырымды жашырып жүргөнүмдү кечирип кой. Мүмкүн жаштарга сабак болор! — деп аңгемесин баштады.

...Атам мени кырк жашында көрүптүр. Бирок, мен кол­арага жарай электе эле кайтыш болот. Энем ата ордуна-ата, эне ордуна эне болуп, бирөөнүн суук көзүнөн, бирөөнүн жуук сөзүнөн сактайт. “Энелүү жетим эрке жетим” дегендей энем көзүмдүн кареги менен тең айланып, мени өз жайыма коёт. “Сенден башка кимим бар!? деп, айтканымдын бардыгын жасоочу. Эрке өскөн жаным эртелеп чылым чеккенди үйрөндүм. Адегенде там артына жашынып тартып, анан көп узабай эле ачыкка чыктым. Өзүмдөн чоңураак балдарга кошулуп, анда­санда иче да койчумун. Энем мунумду билсе да билмексен болчу. Көрсө жалгыз каранаар­карманаары мен болгон соң, аман жүргөнүмө эле шүгүрчүлүк кылчу тура. Ошентип жүрүп мектепти да зорго бүттүм.

— Шаарга окууга барам, — дедим. Энем ийримди жандырбады:

— Окуп, адам болуп кел! — деп ак батасын берип узатты.

* * *

Шаарга адеп келгенде бир аз чүнчүдүм. Институтка документ тапшырып, биринчи эле экзаменден “кулап калдым”. Айылга баргым келбеди. Шаардын оюн­зоогу азгырды, өзүнө тартты. Заводго ишке орноштум. Жатакана да беришти. Жаңы алган бөлмөмө кирдим. Түрмөктөлө чубалжыган түтүндөн көздөрүн жүлжүйтө, чычайта сигарет тиштеп, карта ойноп отурган эки жигитти көрдүм.

— Ассалоомуалейкум! — акырын салам айттым.

— ???

Жооп болгон жок. Анан кыйлада оюнду бүтүрүшүп, бири мени ормоё бир карап алды да көңүл кош гана күңк этти:

— Кимди издеп жүрөсүң?

Ишке орношуп, ушул бөлмөдөн орун алганымды айттым.

— Ого, жакшы болгон турбайбы. Менин атым Алик, — деди бири колун сунуп.

— Анда бул достун урматына жүздөшүп коёлу!?

— Жүздөшсө жүздөшөлү, — деп экинчиси ыкчам кыймыл менен шыпылдап шкафтан жарымы ичилген бөтөлкө сууруп чыкты. Бирткеден “сеп” эткенден кийин мен да дүкөнгө чуркадым. Ошентип, ал жерден жолум “жакшы” башталды. Үчөөбүз бир цехте, жада калса бир сменада иштейт экенбиз. Эртең менен ишке барып, түш оой келебиз да, калган убакытты ресторан, кафе, пивоканаларда өткөрөбүз. Кечкисин түн бир оокумга чейин карта чабышмай.

Бир жолу ал эки досум үч кыз ээрчитип келди. Түн ортосуна чейин ичкилик ичип, ырдап­бийледик. Кыздар да, биз да ылжып мас болдук. Андан аркысы эсимде жок. Эртеси соолуксам кыздар кетип калышыптыр. Ошол боюнча жарым жыл чамасында баягы үч кыздын бири келди.

— Курсактагы бала сеники!? — деди ал кыз.

— Кандай далилиң бар? — дедим.

Далилдей албады. Көз жашын көлдөткөн боюнча жолуна түштү...

Ошентип, кара өзгөйлүккө салып, ага моюн бербедим. Энеме да барбадым, жок дегенде кат да жазбадым. Завод администрациясы ичип келгендигим үчүн эки жолу катуу эскертүү берди. Комсомолдук чогулушта сындалдым. Оңолушка акыркы убада бердим. Бирок эркимдин боштугу, көңүлчөөктүгүм аракты таштата албады. Аракка кандайча берилип, ага баш­отум менен биротоло туткундалып баратканымды өзүм да билбедим. Үстү­башыма каранып, кыздарга көз кырымы салып, табигаттын кооздугуна суктануучу кыялкеч мезгилим да аз­аздан жоголо берди. Колум калтырап, уйкум качты. Акыры иштен да чыгып калдым. Себепсиз көпкөнчүлүк акыры ушуга алып келди. Эми эртеден кечке пивокананы имерчиктейм. Бөтөлкө чогултуп өткөрөм. Кружканын түбүндө калган пиво калдыктарын чогултуп ичем. Бир кружка пиво же жүз грамм шарап ичкенден кийин гана көңүлүм көтөрүлүп, дүнүйөм түгөл боло түшкөнсүйт. Кийинки күндөрү бош бөтөлкө да табылбай калды. Жатаканадан да чыгарып салды. Жолбун итчесинен көрүнгөн жерге жатып күн өткөрө баштадым. Заводдо бирге иштешкен баягы досторума барсам “жыйналыш болмок эле” деп бөлмөдөн чыгып кетишти. Ындыным өчүп, туталанган боюнча кайра жөнөдүм. Комбинатта иштеген классташымды эстеп, автобуска отурдум. Менин алдымда кирген аял капчыгынан талон алып чыгып компостерге бастырды да, кайра капчыгына салып, жан чөнтөгүнө тыкшырып койду. Капчыктан кыпкызыл он сомдуктар көзүмө урунду. Напсим бузулуп, адамдык абийрим эстен чыкты. Экинчи аялдама­ дан автобуска кирген элдин шарданы менен аны жөөлөмүш болуп, чөнтөгүнө колумду секин сойлотуп жибердим. Ошол мезгилде:

— Билетиңиздерди көрсөтүңүздөр! — деген текшерүүчүнүн үнү желкеден чыгып, капчыкты тутамдап тартып келаткан колума билет көрсөтөйүн деп чөнтөгүнө кол салган аялдын колу урунду.

— Кески, айланайындар, кески!? — деп ал бакырып жиберди. — Мындайлар аксым болчу эле, кармай көргүлө!? — деп безилдеген боюнча капчык тутамдап, коркконумдан карыша түшкөн колумду билектен кармап жогору көтөрдү.

— Тү­ү бети жок!? — деди бирөө.

— ”Окудай балага сокудай талкан кеппи” демекчи, ишке тойбой турчу эле учуру экен. Ак эмгеги менен жашабайбы дөңгөчтөй болбой!? — деди капталдан бирөө.

— Мага билетиңерди көргөзүп коюп, чырыңарды анан чечишкиле. Мен кызматта жүргөн кишимин,— деди текшерүүчү кайдыгер.

— О кокуй оой, ушунда билет болмок беле, баланын кебин сүйлөйсүз да!?

— Билети болсо чөнтөккө кол салмак беле. Мындайды мите дейт.

Андан аркы сөздөр кулагыма кирбей көзүм алачакмактап, башым айланып бара жатты. Карышкан манжаларымды кайрып, капчыктан чыгарып жатышкандарын гана билем. Эсиме келсем, аялдамада олтуруптурмун. Деги айкөл адамдардан кагылып кетсең да аздык кылат. Алар мени уялганынан башын көтөрө албай калды, жаш экен эсине келер деп ойлошуп, аялдамага түшүрүп коюшса керек. Ал жерден шалбырай туруп, бакты аралап барып дүпүйгөн бактын түбүнө куладым. Андан башка кайда бармак элем. Курсагым кабырылып, имерилген бойдон таңды атырдым. Башым каңгырап, тилим кургайт. Бир жутум барматуха көзүмдөн учат. Күбүнүп, силкинген болдум да, көнгөн пивоканама бардым. Пиво ичкендерди көпкө жалдырай карап отуруп, алардан пайда болбогон соң көчөгө чыктым. Бала ээрчиткен бир аял келаткан экен.

— Эже жыйырма тыйыныңыз барбы? Бир буюм алайын десем жетпей жатат, — дедим жер караган калыбымда.

— Бар, айланайын. Аял сумкасын оодара баштады.

— Апа бербе. Бул ичкич!-деди бала апасына акырын.

— Жөн турчу. Аны сен кайдан билесиң!?

— Кебетесинен көрүнүп турбайбы чүрүшкөн жалбырактай болуп...

Аял 20 тыйын берип басып кетти. Ырахмат айтууга да жарабадым. Абышканы кичирейтип койгонсуп сүйлөгөн наристенин сөзү сөөгүмөн өтүп, чучугума жетти. Ушуга чейин эч бир күч таасир эте албаган сезимиме бүлүк түштү. Ызалыкка буулугуп чыктым.

— Ушунчалыкка жеткеминби? Кайсы ырысыма ичип атам? Эрезеге жеткирген энемди жалгыз таштап, эмнеге баса бердим? Энемдин менден күткөнү ушул беле? Деги жашоомдун максаты эмне??? Өзүмдүн суроолорума өзүм жооп таба албай башым катып турду. “Акыры түшүнөөрүңдү билгем” дегенсип, тыйын колумдан “шыңгыр” эте кулап, тегеренген боюнча “качып” жөнөдү...

* * *

Мен келгенде бирде жок болуп, бирде жылт этип көрүнө калып булуттарды аралай каалгып жылган ай гана болбосо бүт айыл таттуу уйкунун кучагында магдырап жаткан экен. Айылга түнүчүндө келүүнү чечип, райондун борборунан бери жөө келгем. Короонун эчактан бери оңдолбой эскирген эшиги болор­болбос ачылып туруптур. Абайлай эшикти түртүп короого кирдим.

— Энеке!? — үйдүн терезесин чертип, акырын үн салдым.

— Аксарбашыл айланайын! Кагылайын каралдым! Кудайбергеним! Аман­эсен барсыңбы?!

Уйкусу качып, сак жаткан энем томолоно­жумалана турду да, сүйүнгөндөн кайсалап илгичти таппай, араң зорго ачаары менен мага боюн таштады. Көпкө шолоктоп ыйлап, мен жөнүндө ар кимден уккандарын, аларга ишенбегенин айтып, сүйлөп да жатты.

— Эне, энекебай, кечир мени!? Сиздин тилиңизди албай мен акмак болуп жүргөн экемин. Мындан ары ошол азезилди оозума алсам сиздин ак сүтүңүз урсун!

Энем экөөбүз бири­бирибизге улам жашып, көпкө чейин кучакташкан боюнча турдук. Кудайберген терең күрсүнүп алды...

— Азыр энем колумда экенин билесиң. Быйыл окууну бүтсөм, үйлөнүп, айылга кетем. Атамдан калган үйдү оңдоп, көптөн бери ээн турган үйдөн түтүн булатышым мойнумдагы карызым дагы, парызым дагы,— деди көөдөндөгү сырын чыгарып алганга жеңилдене. Кудайберген абама бир ооз сөз айтууга жарай албай, аны аягандан уламбы, терең улутундум. Азезилди жеңип, ак жолго түшкөн эрки күчтүү, акылы жетик адамга суктана карап турдум.

 

ОТУЗ ЖЫЛ ТАБЫШМАК БОЛГОН КАТ

Карылыктын алды кирип келгени байкалып, чачын күмүш кылдар аралап калса да али сулуулук сымбаты сакталган аял чет көчөдө семичке сатып отурду.

— Бир стакан салыңызчы!?

Аларманын карабастан даярдап койгон түтүк кагазына бир стакан семичке салып, жетелеген кызына сунуп жатып кыздын атасына көз кыйыгын жиберди. Ал кишинин өңү көзүнө чалдыгаары менен бир селт этип алды да, жүзү тамылжый жер карады. Аялдын бул абалын байкаган аларман же басып кетээрин, же бир нерсе дээрин билбей дел боло түштү да, саамдан кийин суроо узатты:

— Сизге бир нерсе болдубу?

— Эч нерсе деле... Айтмакчы бул кызыңызбы?— аял кызга ээк нускады.

— Неберем. Өңүңүз жылуу учурагансыйт!?

— Болсо болор. Аз эл бири­бирине тааныш өңдөнүп калат тура... Сиз Азимсизби?

— Ооба. Мен сизди тааный албай турам.

— Тааныбайсыз. Бирок мен сизди студент кезиңизден билем.

— Кандайча?

— Кечириңиз. Көңүл түпкүрүндө сакталган бир жабык сырым бар эле. Бир келген ыңгайды кетиргим келбей туру. Экинчи мындай учур болобу, болбойбу бир кудайдын өзү билет. Көөдөнүмдө көмүскө боюнча кетпесинчи!?...

— Табышмактатпай ачык айтыңызчы, — деди Азим.

Аял башкалар жолтоо кылбасын дегендей, семичке салган мүшөкчөсүн жаап, кичине четтей басты.

— Бул жолу да чечкиндүүлүгүмө салдым. Сиздин атыңыз Азим экенин студент кезиңизден билем. Менин атым Гүлбарчын, — деп баштады аял сөзүн.

— Гүлбарчын... Демек каттын ээси сиз экенсиз да!?

Гүлбарчын Азимди бир эсе таң кала, бир эсе кубанганын жашырбай карады.

— Мени билбесеңиз да, сиз деле унутпаптырсыз го!?

— Ооба, кат ээсине жолугууну эңсегеними жашырбайм. Ал түгүл ошол каттын ар бир сөзү али жадымда. “Сен сүйгөндү эмес, сени сүйгөндү сүй”, — деген акылман кеп бар эмеспи. Анын үстүнө ошол мезгилде биз бойдок элек да! — деп Азим бир каткырып алды.

— Анан анча чечкиндүүлүк кылып мага биринчи кат жазгандан кийин ачыкка чыксаңыз болмок экен.

— Ошол тилегиме жетпей калдым. Мени ала качып кетти. Аргасыз отуруп калдым. Ошентип, алгачкы арзуумдун бырын­чырыны чыкты. Тек гана, сизди көргөндө тунгуч махабатыма болгон кусалыгым көөдөнүмө батпай кетпедиби.

— Ырахмат, ачык айтканыңызга. Менин дагы жүрөгүмдү түпөйүл кылып жүргөн купуя сырымды чечип койдуңуз. Ошол кат менде дагы эле сакталуу. Айтмакчы, сиз мени кандайча таануучу элеңиз жана кат кандайча менин чөнтөгүмө түшүп калды?

— Мен сиз окуган университеттин химфагында окучумун. Классташым Гүлжан сиздин курсташыңыз эле. Ошондуктан мен сизди көп көрчүмүн жана сиз жөнүндө билчүмүн. Мен сизди Гүлжандан да кызганчумун, сиз аны менен сүйлөшүп жүргөндөй, Гүлжан аны менден жашыргандай сезиле берчү. Катты болсо бир күнү университеттин коридорунан жандаша басып, жан чөнтөгүңүзгө салып кеттим. Аны сиз ойлонсун үчүн гана жазгам. Дарек­дайнымды билдирип, экинчи катымды жазаарда ала качып кетишти.

— Ыракмат Гүлбарчын, ыраазымын дагы бир жолу ачыктыгыңызга. Мүмкүн ошол кезде жолугушсак тагдырыбыз такыр башкача болот беле ким билет!?... Эми пайгамбар жашына жакындадык. Жаркылдаган байбичем бар. Балдарым өз алдыларынча очор­бачар. Өзүңүз көрүп тургандай неберелерим бар...

— Жок, жок, Азим, кечириңиз. Мен сизди бузайын деген ойдон таптакыр алысмын. Тек гана алгачкы арзууну жүрөктөн өчүрүп салышка мүмкүн эмес экенин өз башымдан кечиргенден кийин, сизди көргөндө пенделик кылып бир кездеги жүрөк дартымды чыгарып алдым. Мен деле азыркы турмушума нааразы эмесмин. Жолдошум ала качып алса да кайрылып камчы чаппады. Балдарым, неберелерим өз алдыларынча. Өзүм 25 жыл химлабораторияда иштеп пенсияга чыккам. Бир чети пенсиянын аздыгынан, бир чети эрмек катары элди туурап семичке сатып отурам,— деп Гүлбарчын жарк этип койду. Алар андан кийин бир аз кобурашып, жылуу коштошту.

Азимдин көңүлүндө мындан отуз жыл мурда Гүлбарчын жазган кат жаңырып баратты. Ал төмөнкүчө эле: "Учурашуу салам кат, ушундай экен адамзат. Кандай Азим ден соолугуң жакшы, окууларың ийгиликтүүбү? Азим сени бир көргөндөн баштап эле менин жаш жүрөгүмдө махабат учкуну пайда болду. Ырас, бир көрүү менен эле сүйүү пайда болбос, бирок учкун пайда болушу мүмкүн. Сен мени байкабаган чыгаарсың, бирок мен сени такай көрөм, ар бир кыймылыңа суктанам. Бул кандай кыз, мен көрбөсөм деле кандай сүйүү деп ойлоорсуң. Ооба, турмушту терең ойлонуп чечиш керек. Бирок, күн айга, ай жылга айланды, мендеги сүйүү жалгыз сага байланды. Казанга сууну куюп кайната берсе, акыры ал капкагын жарып чыгат эмеспи. Кыргыз кыздарынын салтында жок болсо да ошол кайнаган суу сыяктуу мендеги сүйүү да ачыкка чыгууга туура келди. Азим мен үчүн сенсиз жашоо кыйын. Жаш жүрөктүн шагын сындырбай ойлонуп жооп беришиң керек".

Гүлбарчын. Түбөлүк жарың. 3­май. 1967­жыл”.

 

ЭНЕ

Эне ооруп калды. Таңдан туруп демейки иштерин жасаган. Уюн саап бадага кошкон. Музоосун аркандаган. Сүтүн жылытып, сүт машинеге тарткандан кийин самоорго чай кайнатып, жалгыз болсо да шашпай боргулдана чай ичкен. Андан кийин абасын­ажындары менен өткөн­кеткендерди баарлашып жүрүп келген. Үйгө келип чырмап жаткан чийин эрмектеп отуруп, жаны жер тартып турганын сезди. Жер төшөктү кабаттай салып, башына жаздык койду да кыйшая кетти. Заматта эти ысып чыкты.

— Эски оорум кармап калган го, өтүп кетээр?! — деп ойлоду ичинен. Кара тер басып, шайы кетти. Көңүлү айланып кускусу келди. Бирөөлөрдү чакырып убара кылгысы келбеди. Жашы токсонго таяп калса да тың эле. Ошол калыбында жата берди. Бирин­бири “келин” деп тергешчү абысыны кокусунан кирип кал­ баганда кандай болот эле ким билет. Абысыны бир нерсени жүрөгү сезгендей, дароо кошуна­колоңго чуркады. Эзели кандай кыйчалыш заман болсо да жетим­жесирин, карып­мискинин кароосуз калтырбаган, ал түгүл оору десе оору эмес, соо десе соо эмес эсерин да ээн таштабаган эл бул жолу да кемпирди көз жаздымда калтырбады. Бири күлүн чыгарып отун жакса, экинчиси чайын кайнатып берип, кезектешип карап турушту. Үч жыл мурда окуйм деп Бишкекке кеткен боюнча дайын­дарегин билдирбеген жалгыз уулун издетип киши жөнөтүштү. Издеп барган киши кемпирдин уулун сураштырып, Бишкектин булуң­буйткасын бүт аңтарды. Акыры автобекеттин эле жанындагы аялдамада соода кылган кемпир­кесектердин катарында алдына 5-6 куту тамеки, кирдеген кичинекей баштыкка салынган семичке коюп, кылгырып кызуу отурган абалында тапты. Айылдашы ал­абалды айтып, аны айылга алып жөнөдү. Бул учурда кемпир бир жума тил­оозсуз жатып, жаңы эле үзүлгөн. Аттуу­баштуулары акылдашып, майрам сууга алууга жаңыдан камданып атышканда кирип келген уулун көрүшкөн эл өздөрү эркек уулдуу болгондой сүйүнүштү.

— Карагым, тагдырдын буйругу экен, апаңдан ажырап калдык. Кайрат кыл!? — деп шарт эле угузду бир аксакал.

— Энеке! — деп бир бакырган уулу али жаткан ордунан жайына коюла элек энесине бой таштады. Денеси сууй баштап, суналып калган кемпирге жан кирди. Акырындап көзү ачылып, өңүндө жылмаюу пайда болду. Оозун кыбыратып бир нерсе айтмакчы болду эле, алы жетпеди. Обдулмакчы болуп, анысынан да майнап чыкпады. Уулун теше тиктеген тейде бул турмуштун көк ирим дайрасына сорулуп, созолонгон боюнча сулуусуна тартып жатып калды. Оо, түбү тешик дүйнө, жалгыз уулунун асылынан да азабын, жыргалынан да жыласын көбүрөөк тарткан дагы бир өмүр өтүп кетти.

— Балам!— деди ошол карыя,— жалган дүйнө деген ушул. “Малым­малым дейсиңер, малың-тоонун чымчыгы, багым­багым дейсиңер, багың-токой чырпыгы” дегендей дүнүйө эч кимге оопа болуп бербейт. Энең сен деп күн кечирип, сен деп жашады. Сен келээрде үзүлүп кетсе да сенин келгениңди сезип, көзүн ачып, сенин карааныңды карегине батырып, тагдырына ыраазы болуп кетти... Атаңдан жаш калып, жалгыз сени бапестеп чоңойтсо да сенин убайыңды көрө албады. Сен не жаштык кылдың, не мастык кылдың, ошентсе да эне деген эне эмеспи, кайрат кыл уулум! Энеңе сенден топурак буйруганына да каниет...Энең бир эле сага эмес бүт айылга эне болучу. Сөздүн түз маанисинде жакшы адам эле. Энеңдин өлүмүнө кайгырбаган киши калбай, бүт айыл эли казганактап турганы эле ага күбө. Ошентсе да энеңдин алдында күнөөбүз чоң. Мурунтадан сени тарбиялай албадык. Ага кошумча азыр ичкилик илдети улуу тумоо болбодубу уулум. Ичкилик ичкенибиз сөзүбүз, кылык­жоругубуз менен энеңдин канча жолу канатын кайрып, жүрөгүн муздаттык. Ал баарын кечирчү. Кош карегинен мөлтүр жаш тамчу да, ошону менен күйүтү басылып, бардыгын унутуп калчу. Анткени ал ЭНЕ эле. Бул сага эле багышталган кеп эмес уулум, баарыбыздын башыбыздагы күйүтүбүз да, үйүтүбүз да... Эми энеңдин зыйнатына туралы. Сөөк коюу чыгымына кабатыр болбо, аны элиң көтөрөт, — деди карыя.

— Кечиргиле, ата!? Энекебай ак сүтүңдү актай албадым! Оо, журтум, кечиргиле мендей акмакты!?— деп уулу буркурап жатты.

— Болду эми. Кайрат кыл! Энең ак сүтүн кечкенин көзү менен айтып кетпедиби. Муну улуу той дейт. Элиң турбайбы, ата­энеңди көргөндөр турбайбы, сен жалгыз эмессиң!?— деп кайрат айтып жатышты. Кемпирди койгуча эл аягы үзүлгөн жок.

— Оо, эл­журт! Энемдин бересеси болсо менден алгыла, аласасы болсо кечтим!— деди уулу үч кайталап, эртеси сөөк коюлуп жатканда. Кемпирди коюуга кеткен бүт ыгым­чыгымды көтөргөн эл, эчен жылдан бери жалгыз калган кемпирдин артында ээлик болоор туягы бар экенине эле жетиналбай турушту.

— Аласабыз жок! — дешти бир ооздон. Анан сөөк коюлгандан кийин жабыла чуркурап уулунун үйүнө өкүрүп түшүштү.

 

ТОЙ

Демейки күндөрдө уулунан кагуу жеп, келининен тил угуп жетим баладай улутунуп коюп гана карала мышык менен капшытта жатчу Канчайым эне бүгүн эң кадырман адам болду. Анын 90го чыкканын белгилеп уул­келини той берип жатты. Белек­бечкек батпай, арак­шарап суудай акты. Энени эчак унут болгон төрүнө отургузушуп, эң мыкты делген каалоолор, тилектер айтылып жатты. Өкмөткө энени орден менен сыйлоону суранган сунуш кетти. Эртең эле бардыгы мурунку калыбына түшөрүн ойлоп, кыжалаттана ичинен сызган Канчайым энеге мындай жасалмалуулуктун кереги жок болучу. Ага чыныгы жылуулук гана керек эле.

 

ЫЗА

Бул жолу да чырды аялы баштады.

— Эй, ашкеби! Элдин эркектерин карачы!? Айда алтын, күндө күмүш табышат. Салган үйлөрүн, минген машинелерин карачы да, сен экөөбүздүн жашообузду карачы. Өкмөт берген чучуктай үйдө...Арабадай кылдыраган автобуста көрүнгөндүн колоңсосун жыттап... Аял чындап эле жашып кетти.

— Дүнүйө колдун кири эмеспи! — деди күйөөсү күңкүлдөп.

— Колдун кири деп отура бер ырыскактыланып, күндөп­түндөп кагазыңды тиктеп. Деги сага кайсы кара теке сүзгөн күнү жолуктум экен. Же бир элчилеп эки жакка бара албасак, же бир бапыратып акча кармабасак. Өңгөнү кой балдарыңдын бут кийимин карачы, алардыкынан кайырчыныкы артык...

— Мунуку да туура, — деп ойлоду, бирок бирдеме деп чырды ырбаткысы келбеди.

— Кетем!? — деди аялы.

— ? — Күйөөсү үн катпады.

— Ушул жашоодон көрө иттин жашоосу артык! Аялы долуланып ыйлап кирди.

— ?.. Күйөөсү дагы эле үн­сөзү жок салбырап отурду.

Андан үн чыкпагандан кийин аял буркан­шаркан түшүп, балдарын уруп­согуп кийинте баштады. Кийимдерин будалап­судалап баштыкка салып кирди. Орноткон эстеликтей солдоюп отурган күйөөсү, аялы чындап эле кетээрине көзү жеттиби, ордунан ыргып турду.

— Эч кайда кетпейсиң! Балдарды кыйнаба! Мен кетем! — деди өкүм. Балдарынын бетинен өөп, шарт чыгып кетти.

Баятадан мөрөйү үстөм болуп аткан аялдын, оозу аңырдай ачылды. Күйөөсүнүн мындай чечкиндүүлүгүн илгери­кийин көрбөгөн аялы далдырап отуруп калды. Жардылыгы болбосо жан адамга жамандыгы жок, жибектей чоюлган күйөөсү үч күндөн кийин өз короосундагы эле кепеде созолонуп асылып турган жеринен табылаары үч уктаса түшүнө да кирген эмес.

 

АНТ

Баласы экөө базарга барган. Үйгө кирери менен эле, мынча эмне жоголдуңар? — деди апасы.

— Атама бир эже жолугуп, сүйлөшүп туруп калышты, — деди бала.

— Ал кайсы катының эле? Мунун баскан­турган жеринин баары эле аял! — деп апасы эрине мурду менен бир тийди.

— Тигил... чогуу иштеген келинге жолугуп калдык!?

— Ал кандай келин экен, сени базардан күтүп жүргөн!?

Бала андан ары уккусу келбеди. Кулагын басып бөлмөсүнө кирип кетти. Апасы долуланып ыйлап жатты. Атасы анда­санда күңк­мыңк дегени болбосо күнөөлүүдөй шылкыйып отурду. Бала өзүн­ чө букулдап ыйлап, экинчи көргөнүн айтпаска ант берип жатты.

 

КӨЗДӨР

Базарга барганда коркконум көздөр. Анткени, товарымды алаар бекен деп жалжылдап, балбылдап карашат. Тикирейген көздөр тимеле желкеңден өтөт. Бир буюмун сатып нурданып, эч нерсеси өтпөй сурданып турган көздү көрөсүң. Айтор чачыраган, жалтанган, жалдыраган, жалооруган, бозоргон, тунарган, кубарган, кубанган, муңайган, суранган, момураган, кылгырган, кыйналган, киртийген, тиртийген, тирмийген, оту өчкөн, жашылданган, теше тиктеген, күл­ мүңдөгөн, бүлбүлдөгөн, чарчаган, чаалыккан көздөр. Базар жалаң көздөрдөн тургандай. Бирөөнүн көзүнө көзүм чагыша түшсө, өзүмдү коёрго жер таппай кетем. Анткени, көздөр баарын айтып турат.

 

БАЗАР

Ун алганы баргам. Базарга жетээрим менен эле көздөрүнө чейин ун болгон кыз­келиндер, шуулдаган жигиттер тегеректеп калышты.

— Ун алыңыз. Тегирмендики. Арзан.

— Меникин алыңыз. Комбинаттын уну. Аппак.

Чымчып көрсөтүп атышып, заматта агала кылып жиберишти.

— Мүшөгүңөр канча килден?

— Кырк беш.

— Элүү. Меники так байке!?

Тике карадым. Алдамчы көздөр. Айтыла берип башкага бурулбай калган сөздөр.

— Албайм!?

Албасаң базардын балакетин алганы келдиңби дегенсип, шаабайлары сууй мени жек көрө тиктешти да, жаңы келген адамды тузсураган койлордой жабалактап калышты. Күбүндүм да, тигилерчилеп көрүнгөндү жакалабай четте турган жигитке басып келдим.

— Сеники канча кил чыгат?

— Ачык айтсам 42 килден кемибейт байке.

— Момураган бейкүнөө көз мени тике карады. Көз чындыгын айтты. Чындыкты айткан көз жалтайлабай тике карайт. Чындык бар жерде арамдык болбойт. Айткан акчасын төлөп бердим.

— Нарп берсин! — деди жигит.

— Береке тап! — дедим мен.

О, кагылайын турмуш. Ушул момураган бейкүнөө көздү да бир күнү эле тигилердикиндей кытмыр көзгө айлантат эмессиңби!? Аны өзү да билбей калат го!? Унду сүйрөп, ушуну ойлонуп бара жаттым.

 

“ЭНЕ”

Бир жыл мурда төрөт үйүнө таштай качкан келин баласын “доолап” келет. Алар тиешелүү документтерди талап кылат. Анда келин “өз баламды өзүмө жөн бербей ар шылтоону айтасыңар!?” — деп мыйзамдуу талапка нааразы болот. Каталыгын кеч да болсо түшүнгөнү ичти жылытканы менен, күчүкчө көрбөй таштаган баласын өкмөт алпештеп бир жыл бакканына ыраазы болуунун ордуна айтканы тиги... Деги түркөйлүгүң да курусунчу.

 

ЧЫРАЙ

Кемпир­кесектер даараткананын жанына чогулуп калганынан басып барсам, “көзүң жамандыкты көрбөсүн” жаңы эле төрөлгөн балкайган эркек баланы таштап кетиптир. Бардыгы жерге түкүрүп турушту. Эртеси баланын энеси табылыптыр, дегеле чырайлуу неме экен дешти. Жоругу жолдо калсын. Кудай теменедей акыл бербегенден кийин анын чырайын чылап ичмек белек. Ошол чырайы чымылдатып жүрүп түбүнө жеткенин түшүнөөр бекен ал эне сөрөй.

 

УБАЛ­СООПТОН КИМ КОРКОТ?

Алып сатардан алган аракка ууланып кайтыш болгон жигиттин келинчеги:

— Убал­сооптон коркушпайт экен го шүмшүктөр!? Убалы уктатпасын!— деп чырылдап­чыркырап жатты. Көргөн­билгендер алып сатарга да, аракка да наалат айтып турушту. Элине опол тоодой эмгек сиңирген, оорулуу Сүкөмдүн (Чокморов) бут ордуна бут болуп турганда машинесин уурдай качып ажалынын тездешине себепчи болгон, колунан иш да, сөз да келген кыргыздын бир таланттуу да, чырайлуу да баласы Жокемдин (Кайыпов) мойнуна сыйыртмак салып убал­соопторунан коркпогон шумпайлар кимдин убалынан коркмок эле деген ой көңүлүмдү мыжыгып турду.

 

СЫНГАН МҮЙҮЗ, ЗЫРКЫРАГАН СӨӨК

Автобуста эки жигит бажакташып баратышты: Түндөгү мушташыбыз кудум эле телевизордогудай болбодубу. Нарындык бир баланы келиштире тээп калдым эле, туфлийимдин таманы ажырап кетиптир...

— Мен таластык баланы байкелеттим го чиркин...

Атаганат ай, сынган мүйүз кимдики да, зыркыраган сөөк кимдики!?

 

ДЕГИ БИЗ КЫРГЫЗБЫЗБЫ?

Мурда көчөдөгү көрнөктөр, аталыштар, жарыялар жалаң орусча болсо, кийин эки тилде жазыла баштаган. Эми англисче, түркчө жазылууда. Кыргыздын борбор шаарында таза кыргызча эле жазууга неге колубуз барбайт? Же кыргыз тили ошончо эле начар тилби, же өзүбүздүн кыргыз экенибиз күмөнбү!?

 

КЫРГЫЗ БОЛГОНУМА АРДАНАМ

Тарыхчы болбой туруп элге тарыхчылардан артык эмгек өтөгөн жазуучу Кеңеш Жусупов “Керээз” деген тарыхчы Белек Солтоноев жөнүндөгү чыгармасында төмөнкүчө жазат:

— Биз, кыргыздар, тарыхыбызды али да жакшы билбейбиз. Тарых элдерге дайындуу, ишенимдүү жана так илим деңгээлинде ачык жазыла элек. Байыркы Чыгыш же Батыш тарыхын, мифин кандай кызыгып окуйсуз. Буга ардануубуз, намыстанышыбыз да керек. Ар элдин түп тарыхы кызык, баалуу жана сабак болор жактары көп. Качандыр бир кыргыз баласы келечекте өз элинин тарыхын, мифин башкалар суктанып, көркөм чыгарма окугандай мыктылап жазып берээрине ишенемин. А өзүм жөнүндө болсо, ойлойм — ойдон чыгарылган сентименталдуу же куру сөз менен жалганды кураштырган көркөм чыгармадан көрө тарыхты же чыныгы инсандын өмүрүн, насаатын, эмгегин жазсам элге пайдалуудур, кудайым ушуну мага жазууну буюрган экен деп белди бекем бууп киришемин.

Атаганат, күнүмдүк кара курсактын, убактылуу бийлик менен байлыктын эле камын ойлобой, ата­бабаларыбыздын баскан жолун тактап, урпактарга мурастоо жөнүндө ар бирибиз Кеңеш аба айткандын жок дегенде төрттөн бириндей эле ойлонгондо тарыхыбыз алда канча так, келечегибиз жаркын болбойт беле.

Энциклопедияларды даярдоодо белгилүү эле айрым инсандардын өзүнө жасаган өгөй мамилесин, өз элинин тарыхынын такталып калышына караганда бийликтегилерге жагынууну артык көрөрүн, заказ берген макаланы жакшылап жазып бергенди кой, беш мүнөттө бүтүрчү өз өмүр баянын да түрдүү шылтоо менен узак мезгил чоюп, аркасынан чуркатып жүрүп араң жазып беришээрин эстегенде (ал эми бир маалыматы камтылса, экинчисин таштап кеткени, кыргызча сабатсыз жазылганы өзүнчө сөз) өзүмдүн кыргыз болуп калганыма арданып да кетем...Ал эми өздүк архив түзүү иши бизде таптакыр калыптанбаптыр. Урунттуу окуяларды жазып жүргөндү кой, мөөнөтү бүткөн документтерди, мурда алган сыйлык барактарын (грамота) да ыргытып жиберебиз. Ошондуктан биз өз тарыхыбызды так билбей келебиз. Эл­журтка эмгеги сиңген белгилүү адамдардын буюм­тайымдарын сактаганды, кокус сактап жүрсөк аларды музейге өткөргөндү дегеле адатка айландырган эмеспиз. Анын үстүнө кээ бир конкурска, мектеп, район, облустардын музейлерине тапшырган буюмдарыбыз дайынсыз “жоголуп кетип” көңүлдү кайт кылган учурлар да көп.

 

ЖӨНӨКӨЙЛҮК, АЙКӨЛДҮК

Энциклопедия даярдоо түйшүгү менен 1994­жылдын 14­ноябрында эки жылдан бери жамбашы сынып үйүндө жаткан эл акыны Байдылда Сарногоевдикине барып, “Талас облусу” энциклопедиясына өмүр баяны жана чыгармачылыгы жөнүндө даярдап алган чакан макаламды (чынында ал көлөмдүү жазылышы керек эле) окуп берсем: “Бардыгы туура, алымча­кошумчам жок, унутпай эл катарына кошуп койгонуңарга эле ыраазымын айланайын!” — деди.

— Сизди унутсак анан кимди китепке жазабыз!? — деген болдум.

Энциклопедияга кирүүгө эч бир критерий боюнча акысы жок болсо да, “мени эмне үчүн жазбайсыңар?” же “тигинимди, мунумду калтырып коюпсуңар!?” деген көптөгөн майда дооматтарга бышы кулак болуп көнгөн жаным, залкар адамдын жөнөкөйлүгүн, карапайымдыгын, бийиктигин, айкөлдүгүн алгач туйгандай болдум.

 

ЖЕТИМ СӨЗ

Бир жолу айылдаштарым менен чогуу отуруп калдым.

— Бабаларыңардын тарыхын тыңдай жүргүлө балдар. Көзүм барда силерге жеткириш пенделик парзым!? — деди Айты аксакал.

— Коюңузчу жарыктык. Сиздин жомогуңуздун азыр кимге кереги бар!?-деди ал жердегилердин бири.

— Андан көрө жүз грамм алып койсоңуз боло ата, тишке жумшак,— деп экинчиси тамашага бурду.

— М­м­да... Айты аксакал ичинен тынып, оор күрсүнүп гана койду.

Аттигиниң ай! Кезинде топ ичинде сүйлөсө таңдайынан бал таамп, шаңшыган бүркүттөй топтун көркү эле го. Тамшана угуп отуруп таң атырышчу эмес беле!? Сөз кадырына жеткен өзү теңдүү курбулары суюлуп, чери жазыла сүйлөй албай, сүйлөгөн сөзү талаага айтканга тете болуп баратканына айтылуу Айты чечендин капталы эңшерилип, канатынан айрылган куштай карып болуп баратканын сездим. Сөзүн уккан жан болбосо, өз деңгээлинде сүйлөшө алган адам чыкпаса, кандай чечен болсо деле мокойт экен го!? Сөз билги чечендердин “тыңшабаган сөз жетим” дегени мына ушул турбайбы.

 

СӨЗДҮ УККАНГА АЙТ

1960­жыл. Университеттин жатаканасы. Бөлмөбүздө отурсак Мырзакайым аттуу теңтушум келип калды да, эки жакты карап: “бозокордун үйү апырык менен сапырык, наспайчынын үйү түкүрүк менен какырык!?” — деп коюп чыгып кетти. Карасак бөлмөбүз жыйналбаган, пол кир, айрылган кагаз, тамеки калдыктары жатат. Уялганыбызды айтпа. Ошондон баштап окууну бүткөнчө бөлмөбүздү таза кармадык,— дейт байкем (профессор Эсенбек Мамбетакунов). Сөздү укканга айт, сууну сиңген жерге чач демекчи сөз маанисин түшүнгөн, уятты сезген, жасаган ишинин оң­терс жактарын баалай билген адамдар гана ушинтип айтышат го сыягы. Болбосо биздин үй менен эмне ишиң бар деп Мырзакайымды кагып коюшмак да, бул окуя айтканга да арзыбастай сезилип, эчак эле унут болмок.

 

МЕКЕН

Шаар четиндеги дачага барганбыз. Жайкы аптап ийиген энедей дене­бойду көлкүтөт. “Манас” аэропортун жанып өткөн Ат­Башы каналын бойлоп, бой сергитүүнү көздөдүк. Сууга чукулдаганыбызда атайын суу алууга ылайыкталган секичеде комдонуп жаткан боз чаар баканы көрдүк. Бизди карай бир аз имерилип койду да, канчалык жакындаганыбызга карабай кыймылсыз жата берди.

— Атаңдын көрү ээй! Айбатын кара, айбатын. Ушул жерди ээликтеп жүрсө керек. Бизден коруп, кызганып жатпайбы. Ар кимге өз Мекени ыйык деген ушул эмеспи,— деди жанымдагы Жумабек (Байгелдиев) байке. Биз суу жээктей ал жерден узаганда гана бака сууга чулп деп секирип кетти.

 

ЭПОСТОРДУ БИЛЕБИЗБИ?

Жаңыл Мырзаны чыгаан, баатыр, акылдуу, ишкер аялдардын символу катары карап келебиз. Анын баатырдыгында талаш жок. Өз эли­журтун каракчылардан коргогон. Ал түгүл өткүрлүгү, тайбастыгы, кашкөйлүгү менен “канчыктын канчыгы” деген бир эле сөз үчүн Үчүкө, Түлкү сыяктуу кыргыздын чыгаан жигиттеринин башын жеген. Ага намыстанган кыргыздар Жаңылдын элин чаап, өзүн туткундап, шылдың, жаза катары эңкейип калган Калматай аттуу чалына алып беришкен. Кара күчтүн эгедери болсо да, элдин бул чечимине каршы чыга албаган Жаңыл кордуктан башы чыкпаган карапайым кыз­келиндердин бирине айланган. Кийин бир тойдо кайнилери элге эрмек болуп, өнөр көрсөтүүнү суранышканда, адегенде көңүлдөнбөсө да, акыры бүт өнөрүн көрсөтүп, аялзатына болгон кемсинтүүлөргө чыдабай, артынан куугандарды кырып, адилеттик издеп эли­журтуна баса берген. Бирок, ал элдин эсинде санжыргалуу баатырдыгы, эр өлтүргөн канкордугу үчүн эмес ириде кыз­келиндердин азаттыгы, тең укуктуулугу, азыркы гендердик саясат үчүн алгачкы күрөшүүчүлөрдөн болгондугу менен калып жүрбөсүн?! Ал эми Шырдакбек акылы тайкы, эсирген аялына көргөн камкордугу, аны тарбиялай албагандыгы, Коңтаажы болсо көпкөнчүлүктөн айтылуу боз жоргону минип качып барган ошол аялга жасаган адилет мамилеси менен тарыхта калганын билебизби!? Душман болсо да ошол иши менен Коңтаажы эл акылында урмат­сыйга татып келатканын аңдай алдыкпы!? Ошондой эле “Көкөтөйдүн ашы” Ала­Тоодой эт, Ала­Көлдөй чыктын символу эмес, акылман Көкөтөйдүн мага аш бербе, ыгы жок ысырапчылыкка барба, элдин бейкуттугун сакта деген насаатын укпай, Чоң чырдын башталышына себеп болгон аш берген, байлыкка көпкөн Бокмурундун кылыгын ашкерелөө, башкаларга эскертүү экенин аңдаган киши барбы?! Деги эле океандай чалкыган “Манас” эпосубузду, кенже дастандарыбызды толук окуп чыгып, андагы идеаларды жетик түшүнгөн кыргыздын саны канча болду экен!?

* * *

— Сүйүнчү! Сүйүнчү! Жеңем эркек төрөдү! Сүйүнчү!— деп чыңкылдай кыйкырып, дерделеңдеген тестиер кыз тызылдай чуркап, чымылдаган боюнча үймө­үй кыдырып жүрдү.

— Болсун, болсун айланайын! Бөбөгүңдүн боосу бек болсун! Ак жолтой турбайсыңбы бөбөк ээрчитип келген. Мегой сүйүнчүңө деп ал барган үйдөгүлөр момпосуй, тыйын, кол жоолук берип, жакасына төөнөгүч, топчу кадашты. Уккандар өздөрү уулдуу болгондой барбалактап сүйүнүшүп, дароо ал үйгө агылышты. Кыз эдиреңдеп, жетине албай, чакан айылдан айтаарга дагы киши таппай жүрдү. Эркектер эшиктен эле куттук айтып кетип жатышса, кемпир­кесек, кыз­келиндер үйгө кирип, капталга калыңдай салынган төшөккө жаткырылган жаңы төрөгөн келиндин жанындагы баланын мурдунан чымчый искеп өөп, томурулган сары майдан жентек ооз тийип, үй ээлерине каалоо­тилектерин айтып кетип жатышты.

Баланын төрөлүшү бүт айылдын рухий майрамына айланган бала кезимде кош карегиме орноп калган ушул көрүнүш азыр солгундап баратканына, деги эле ушул сыяктуу жакшылык­жамандыктарды азыркы кары­картаңдардын кайдыгер карап, жаштары арак тойго гана айлантып бараткандарына ичим ачышат. Ошол кездеги элге болгон кусалыгым көөдөнүмдү тээп чыгат.

* * *

Эне тил билүү парызбы же милдетпи? Эгер энеси эне тилин билбесе баласы кайсы тилде сүйлөшү керек? Аны эне тилиңде сүйлө дегенге акыбыз барбы?

* * *

— Экөөбүз баш кошсок, шампан ичип шарактап отурсак!— деп кыялданчу. Тилегине жетти. Үйлөндү. Шампан ичишти. Казан­аяк кагышып калчу. Кокус ажырашып кетсек, күйүтүмдү арак менен гана басам дечү кийин. Бул ойлогону да аткарылды. Кийинки үй­бүлөсү көзүнүн кареги менен тең айланып турса да көп иччү болду. Аракеттенсе да өзүн кармана албай баратты. “Пендемдин оозунда болсо, кудайдын кулагында” деген сөздүн төркүнү ушундабы, же мунун башка сыры барбы!?

* * *

Көл жээгине, парктарга эс алганы келген салабаттуу эле адамдар астына сала коюп отурган гезитин, тамак­аш калдыктарын, балмуздак, тамеки кабыктарын кайдыгер гана туш келди ыргытып, чачып салып баса бергенин, бутактарды сындырганын көргөндө дароо эле энем эсиме түшөт. “Адамдын тазалыгы көчкөн журтунан билинет”, — деп жайлоодон көчкөндө журттагы кагаз­кугаз, чүпүрөк­ чапырактарды чогулттуруп өрттөтчү. Отун тергени чыкканда: өсүп турган арча, шилбилерге тийбегиле, куураган чегедек, бутак, агынды­шилендилерди гана чогулткула дечү. Кат­сабатсыз айылдык кемпирдин азыркы дипломдуулардан билимдүүлүгүнө тан берем. Көрсө экологдор мурда эле бар турбайбы?!

* * *

Ушул кемпирден баары “коркушчу”. Баскан­турганыбызга киришпесе деле ынтымагыбыз бекем дешчү күңкүлдөшүп. Көзүм өткөндөн кийинки тагдырыңардан корком. Бирдиктүү болгула!— дечү кемпир. Чын эле кемпир өлгөндөн кийин ал башкарган бир уруу түгүл, ичиндеги бир туугандар да чар тарапка басты. Бири­бирине чоочун болуп калышты. Эркиндик жакшы. Бирок, жүрүм­тыйымды тескеп, биримдикке чакырып турган башчы да керек белем.

* * *

Кыргыз деги “кыйын” эл. Кызматтан көтөрүлсөң, китеп жазсаң, илим жактасаң, сыйлык алсаң ж.б. дароо билет. Эгер пайдаң тийгидей болсо жерге­сууга тийгизбей мактайт. “Туура бийде тууган жок” болуп түз жүрсөң жаман жагыңды чукуй баштайт. Пайда­зыяны жок катардагы бирөө болсоң көрмөксөн, билмексен, укмаксан болуп гана момпоюп коёт. Кокус сенин көзүңчө ал ийгилигиңди бирөө айтса таң калымыш болот да, дароо башка сөзгө бурат. Же ишиңдин оор­жеңилин эмес, айлыгың канча экенин сурайт, Ийгилик­кемчилигин бетиңе айтуу эзели болбойт.

* * *

Аман жүрүп, АДАМ болуу — Баатырдык.

* * *

Ал мекеме жетекчиси болуп дайындалды. Кол астындагылардын көбү өз айылдаштары эле. Карапайымдыгы, куулук­шумдугу жоктугу, түз жүргөндүгү, тартипти эмес ишти талап кылганы аларга жакпады. Кечээ эле базарда баштык көтөрүп жүрчү эмес беле, атасы болгону уйчу эле го, эми ушул бизди башкарабы дешти. Намыстанышты. Арыздар туш­тушка жамгырдай жаады. Мурунку иштерин казышты. Акыры алып тынышты. Күнөөсүздүгүн далилдей албады. Жаңы жетекчи келди. Анын ишти сурабай эле темирдей тартип кармаганы барына майдай жакты. Бирок, мурунку жетекчинин айылдаштарын улам бирден “өз арызы менен” бошото берип, баарынын түбүнө жетти. Ошентип, курнамысчылдардын, жетекчилердин дараметтери дагы бир жолу далилденди.

* * *

Бир окуучу согушту жек көрүү сезимин билдирип ыр жазыптыр. Атасы аны окуп: “Уулум, сен согушту көргөн жоксуң да!?” — дейт.

— Бирок мен согушту көргөндөрдү көрбөдүмбү ата!?-деп жооп бериптир баласы.

* * *

Чаңкаганда чай иче койчу кызматтагы чай чынымды адегенде кагаз менен сүртүп, андан кийин содалап, айтор кыйла машакат менен жууп бүткөндө колуман түшүрүп сындырып алдым. Бирок, чынынын сынганына кейибей эле “ийлеп­ийлеп итке салып берди” деген сөздүн маанисине эми гана түшүнгөнүмө кубандым.

* * *

Тойдун максаты чогулуп тамак ичүү, көңүл ачуу, материалдык байлык топтоого гана болгон аракеттей көрүнгөнү менен, анын аркасында рухий дөөлөткө умтулуу жаткандыгын той бергендер да, тойлогондор да көп элес ала беришпейт.

* * *

Бир үйдө көп жыл энем экөөбүз эле жашадык. Бир агам чабан — тоодо, бир агам шаарда — окууда, эжем өз тиричилиги менен. Мен өтө эле кичинемин, энем кары. Уулуңду эптеп чоңойтуп келатасың байбиче, буюрса убайын көрөрсүң деп калышчу. Энесин бакканга жараган чоң жигит болуп калган тура деп мени макташчу. Мен энемди бактымбы же энем мени бактыбы, айтор кыйла жылдар бирибизге бирибиз өбөк, жөлөк болуп турмуш кечирдик.

* * *

Өлүм коркунучтуу деле эмес. Чындап келсе бүткүл өмүрүңдүн максаты татыктуу өлүмгө умтулуу экендигин билип койгон артыкбаштык кылбас.

* * *

“Жесе да май жакшы, жебесе да май жакшы” деген эл акылынан чыккан сөз менин майга болгон жылуу сезимимди пайда кылып келатса, көпкөн бирөөгө карата айтылган “көзүн май басыптыр” деген сөз майды жек көрүүгө үндөп турбайбы кашайып.

* * *

Кайгыны кубаныч коштойт, кубанычтан кайгы жаралган учурлар да аз эмес. Турмуш ошол кайгы­кубанычы менен таттуу, жаркын. Эгер жашоо­турмуш жалаң эле кубанычтан, же кайгы­кападан турса, анда ал кызыксыз болуп калмак.

* * *

Ата­бабалар жасаган иши, айткан сөзү менен бизге нелерди гана үйрөтпөдү. Ал эми биз балдарга бир нерсе үйрөтө алдыкпы!? Же терс жүрүм­турумубузду көрсөткөнүбүз аз келгенсип, азыркылар бузулду,— деп кайра аларды күнөөлөп коюп эле басып жүрөбүзбү?

* * *

“Өткөн ишке өкүнбө!”— дейт кыргыз. Бул калетсиз чындык. Өткөнгө өкүнгөндөн эмне пайда. Бирок, өкүнүүнүн өзү кетирген кемчиликти, катачылыкты сезүү дегендик эмеспи. Ал эми аны туура түшүнүп оңдоого аракеттенүүдөн өткөн улуулук барбы!?

* * *

“Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер”, — деген кыргыз насааты не деген гана Улуу сөз!? Бул жамы журттун биримдигин, ынтымак­ырашкерлигин сактоо үчүн жеке, майда трагедияларды садага чапкан акылмандыктын, даанышмандыктын белгиси, улуттук идеологиянын жеткен чеги эмеспи. Мындан өткөн айкөлдүк да, улуулук да болбос?

* * *

Бала кезде энем: “Баланчанын баласын карачы, тим эле биттин ичегисине кан куят. Элдин балдарындай тири карак болсоң болбурабай”,— дээр эле. Башкалар өз балдарына мени үлгү кыларын да угуп калчумун. Ата­энеге өз баласынын жаман жагы, башка балдардын жакшы жагы эле көрүнөбү? Же сыр башкадабы?

* * *

Кыргыздын кеңеш сураган ишке так жооп айтпай анча көңүлдөнбөгөндүгүн, каяшасын, макул эместигин купуя билдирген сөзү — “өзүң билчи”. Билгенге “аны жасабай эле койсоңчу”,-деген сөз.

* * *

Бирөөнүн ийгилигине өзүнүкүндөй кубанып, башканын кайгысын өз жүрөгүнөн өткөргөн адам гана пенделиктен өтүп адамдык даражага жетет окшойт.

* * *

Айылга барган сайын өзүм өнүп­өскөн үйдү көрүп, балалыгым көзүмө элестеп, эчак көзү өткөн энеме учурашып келгендей болор элем. Быйыл айылга барсам ал үйдү агам бузуп салыптыр. Үйдөн жараңка кетип, жашоого мүмкүн болбой калганда бузганын дилимде сезип турсам да, энем экинчи ирет өлгөндөй томсоруп, көңүлүм зилдеп кайра жөнөдүм.

* * *

Телеберүүдөн ыр кесе берилип жаткан учурда кээде чий чырмоо, өрмөк согуу өңдүү кол өнөрчүлүк да көрсөтүлүп калат. Ал майрамдык шаан­шөкөттө эмес, жөн күндөрү жасалуучу иш. Демек ал жасалмалуулук. Ошондой эле улуттук кийимдерди да ыгы жок кийгизип койгон учурлар бар. Алсак, “Ак терек, көк терек” сыяктуу балдар оюндарын жаштарга ойнотуп, чалынып жыгылаарына карабай кош этек кийгизип коюшат. Ал эми ата­бабадан келаткан салт боюнча секелек кыздар топу, тебетей, келиндер жоолук, аялдар элечек салынышаарын, шөкүлө үйлөнүү үлпөтүндө гана кийилээрин көп элес ала беришпейт.

* * *

Эгерде сени бирөө айбан десе, ага анча деле арданба. Андан көрө ошол сөздө чындыктын үлүшү канча экенин ойлон.

* * *

Мен талантым ашып­ташып, “жазбай коюуга мүмкүн болбой калгандан” жазуучулукка ык койбодум. Тек гана билген, көргөн, сезген, туйган, уккандарымдын керектүүлөрүн, өз ой­пикиримди башкаларга кандайдыр бир пайда келтиреби деген гана ак ниет, адал тилек менен жеткиргим келди. Менин чыгармаларым түбөлүктүү болуп, мага атак­даңк алып келээрине, өзүмө өзүм курган эстелик болуп берээрине деле көзүм жетпейт. Тек гана ак дилден жасаган аракетимдин аз болсо да элге пайдасы тийер бекен деген гана далалатым.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Кадыров Ы. 2002. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 4572