Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Кадыров Ы. 2002. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 2-октябры

Ысмайыл КАДЫРОВ

Жубай

Этюддар, аңгемелер

«Чымчым аңгемелер, чырылдаган ойлор» китебинен алынды. Ы. Кадыровдун бул проза жыйнагына негизинен ар кайсы учурда мезгилдүү басма сөздөрдө жарык көргөн айрым аңгемелери, эсселери, фантастикалары, сатиралары, публицистикалары топтоштурулду. Автор мурда 3 ыр жыйнагын окурмандарга тартуулаган.

Кадыров Ысмайыл. Чымчым аңгемелер, чырылдаган ойлор. – Б.: Бийиктик, 2002. – 64 б. Нускасы 500 даана

ББК 84 Ки 7-5
    К-13
    ISBN 9967

 

ЭТЮДДАР

 

ЖАЙ

Саратан жай. Ар түркүн куштун үнү. Гүлдөн гүлгө конуп канат каккан көпөлөк. Жайкалган жашыл тулаңды кечип, көпөлөк кубалаган секелек кыз. Жылга этегинде жумурткадай ак боз үй, эпчи жагында ышталган сабаа. Ак калпагын алчыланта кийген улан сабаа бышууда. Боз үй көлөкөсүндө элечекчен байбиче отурат жүн тытып. Бирде маашырлана көпөлөк кууган небересине серп салса, бирде сабаа бышкан небересин чарчады го деген кыязда кулак төшөй калат. Андан көлөкө талашып Кумайык жатат тилин салак­ тата акактап. Жылкылар желе боюнда ылаалайт. Уул­келини кетип барат саанга, келини чаканы каруусуна илип, бири бирин тамашалай. Таштан ташка урунуп, аскадан боюн таштайт өлөрман суу. Сугатчыларга арнап эки чанач кымыз артынган жылкычы миң жылдап өскөн жапан арчаларды аралап жакага түшүп барат кыялай. Тоо боорунда бири биринен көлөкө талаша жуушаган кой, жумуру ак таштардай болуп. Сайгактаган музоо дыргаяктаган боюнча кечмеликке кирип барып гана жоошуп калды сырактаган куйругун түшүрүп. Шумдугуң куру! Күн түшүп келиптир жерге. Кечмеликтеги музоонун катарында күн турат чакыя тийип. Аны көргөн кыздын көзү бакыраят, кечмеликтеги күнгө тигиле. Суу шапатасы, түркүн түстүү гүлдөрдүн жыты аңкыйт каңылжаарды жарып... Жайлоо керемети өзүнчө эле поэзия экен го!? Таңкы шүүдүрүмдөй мөлт этип кулаган таптаза эле ыр турбайбы!

 

КЫШ

Кыш. Кар сампарлап жаап турат. Дөңдө балдар жүрөт ызы­чуу түшүп чана тээп. Суукка, кардын жааганына карабай маңдайкы курулушта иш кызуу. Куруучулар булоолоно тердеп алышкан. Өйүздөгү жалпак үй алдында муруту калдайган чал кар күрөөдө. Бак­дарактар күпүйүшөт аппак тончон. Көчө боюнда кыналышкан кыз­жигит. Кыз колун тосот сампарлаган карга. Заматта эле колуна кар толо түшөт бапыйып. Бейкапар келе жаткан жигиттин моюнуна кар салып жиберип, кыз шыңгыр күлкү чача качып жөнөйт. Жигит аны кубалап жетпей келет далбалактап... Көчөдө кыш. Аппак кар. Алгачкы арзуу. Шыңгыр күлкү. Жаштыктын шаңына, шаттыктын салтанатына кумары канбай теребел дымырап турат.

…Гүлгүн кези көңүлдүн шаттык делет,
    Өткүр кези өмүрдүн жаштык демек...

Даң салган жаштыкка кыял мас болгон кыз­жигит элес алышпады ал мезгилде куруучулар аларды жабыла карап калышканын. Байкашпады чал күрөгүнө сүйөнүп, баш чайкай күлүмсүрөп турганын. Көрүшпөдү суу алып келе жаткан чалдын кемпири жыгылышпаса экен деп аларды карай берип, өзү тайгаланып жыгылып суусун төгүп алганын. Элес алышпады балдар гана эч нерсе менен иштери жок, кардан аяз ата жасап жатышканын... 

Эшикте кыш. Аппак кар. Айланкөчөк болуп, аалам чегинде, мыйзам ченинде ыргак менен өтүп жаткан адам турмушунун ушул көз ирмеми ар дайым көз алдымда.

 

ЖУБАЙ
    (фантастикалык аңгеме)

Мен жөнөкөй гана электрондук машине­роботмун. Болгону секундасына жүздөгөн миң математикалык амал аткарам. Же болбосо “мээме” жазылган миңдеген маалыматтарды дароо айтып бере алам. Менин атым Жакин. Мени Эрлан ушунтип атайт. Ал адам, ал эми мен болсо машинемин. Ал мени жанындай жакшы көрөт, башкаларга караганда мени жакшы түшүнөт. Анткени, ал мени түзгөн. Бирок, мен андан көптү билем. Эрлан болгону менин кайсы топчумду басса, кандай маалымат алаарын гана билет.

Эрланды электрондук машинелерди түзүүчү жаш илимпоз катары жакшы билишет. Ал эми менин жашоом жөнүндө эч ким эчтеке билбейт. Бирок мен бүт Аалам менен байланыштамын. Мен дээрлик бардыгын билем. Эрлан кыркка чамалап калса да алиге бойдок. Өзү көп сүйлөбөйт. Бир күнү ал капысынан эле мага кайрылды.

— Мен өзүмө жубай тапкым келет. Мени чындап сүйгөн, менин ысыгыма да, суугума да жан дили менен күйгөн анык жубайды сен гана таап бере аласың, Жакин! Мен акыркы мезгилде сүйүү жөнүндө көбүрөөк ойлончу болдум.

— Сүйүү деген эмне?— деп сурадым мен.

— Бул абстрактуу түшүнүк. Сен ага көңүл бөлбө. Мага идеалдуу жубай таап бер. Бул сенин гана колуңдан келет. Сен бүтүндөй Аалам менен байланыштасың, ошондуктан сен дүйнөдөгү ар бир адам жөнүндө маалымат ала аласың. Дүйнөдө деги канча адам бар?

— 6 миллиард 136287316.

— Анын канчасы аялзаты?

— 418615202си.

— Мындан 25тен төмөн жана 40тан жогоркуларды чыгарып сал.

Эсептөөнүн натыйжасында 2716307 кыз­келин калды.

— Эми Жакин, төлгө (гороскоп) боюнча адам тагдырын таамай айтып берүүчү кабинеттин кызматына кайрыл. Чыгыш төлгөсү боюнча мени менен тагдыры бириксе таалайлуу боло турган чаян белгисинин астындагыларды гана калтыр.

Төлгө кабинетинин маалыматын таптым да эсептей баштадым. Буга көп деле убакыт кетпеди. Кыз­келиндердин саны кыйла азайып, 26358и гана калды. Бул Эрланга олуттуу проблема пайда кылды. Ушунча кыз­келин менен сүйлөшүп чыгуу мүмкүн эмес эле.

— Та­ак, — деди Эрлан кыйла ойлонгондон кийин, — эми мындан келиндерди чыгарып ташта.

Эсептөө узакка созулган жок. Экранда 275 деген гана цифра пайда болду. Бул деле Эрлан үчүн көптүк кылары белгилүү эле. 

— Ырас, азыркы мезгилде Жер шарынын кайсы жери менен гана болбосун байланышка чыгышыбыз эч кыйынчылыкка деле турбайт,— деди Эрлан. -Бирок, ошонтсе да мен кыргыз урпагы болгондон кийин кыргыз кыздарды гана калтырчы.

Эки секундадан кийин экранда 7 деген сан пайда болду.

— Эми, сен тандаган жубай ойлоруна жараша бойлору да идеалдуу болуш үчүн бою 1,80 метрден жогоркуларды жана 1,70 метрден төмөнкүлөрдү чыгарып ташта.

Кыял­жоруктары, кулк­мүнөздөрү, ой­мүдөөлөрү, бойлору Эрлан­ дыкы менен дал келген төрт селки гана калды. Эрлан узак ойлонду.

— Эми Жакин, булардын келечектери жөнүндө айтып берчи?— деди бир оокумда топчумду басып жатып.

Экранда экөө узак жашаары, ал эми бирөө оорудан, дагы бирөө автокырсыктан каза болору жөнүндө жазуу пайда болду. Бул да Эрланды кыйла ойлонтту.

— Буга чейин биз кыздардын тек гана келечек тагдырларына сереп салдык. Эми узак жашай турган эки селкинин аты­жөнүн айтчы?

Заматта Эрландын астында эки кыздын аты­жөнү, дайын­дареги, кыскача мүнөздөмөсү жазылган баракчалар жатты.

— Кыздардын бири, так айтканда Айдай Гүлжигит кызы өз карындашым болуп чыкты,— деди Эрлан олуттуу. -Эми, акырында калган жалгыз кыз — Гүланда Назар кызын гана жакшылап изилдөө калды. Бул кыз биздин борбордо иштейт, Жакин. Сырт көрүнүшү шайкелең кыздарга окшошуп кеткен кара кызчы. Кийингени, баскан­турганы мага анча жага бербесе да түпкүлүгүндө жакшы кыз экенин боолголойм. Мүмкүн мен жаңылыш ойлоп жүргөндүрмүн, ал жөнүндө сен гана так маалымат берериңе ишенемин, Жакин. Эми Гүланданын мурдагы жашоосу жөнүндө бир үзүм маалымат тапчы!?

Экран өчүп­күйүп, менин “мээмде” сакталган тарыхты издеп, бул кыздын мурдагы жашоосуна сүңгүп кирип бараттым. Бир нече мүнөттөн кийин экранда качандыр бир кездеги тоо арасындагы айыл көрүнүп, сокмо дубал менен салынган чакан балык жон үйдүн кажыган каалгасы качырай ачылды.

Мештин астына бутун сунуп жиберип, бадырата “Манас” окуп отурган бала бир демге токтой калды да, жер төшөктү бүктөй жазданып, саңсаң көлдөлөң үстүндө жаткан чоң энесине көз кыйыгын жиберди.

— Окуй бер, кулагым сенде. Көзүмдү жумсам эле уктап калды деп ойлойсуң го!?— деди кемпир. Бала кайрадан окуй баштады. Ыр жамгыр болуп төгүлүп, бала жаңыдан корулдай баштаган үнү менен сабап жатты...

— Оо, жараткан, мен эмнени көрүп турам?-деп жиберди, ордунан тура калган Эрлан. Мен Гүланда жөнүндө сурабадым беле!?

Мен алдастап шашып калдым. Ушул кезге чейин бир да жолу жаңылган эмес элем. “Мээмдеги” программаны кайрадан Гүландага тууралап экранды көздөй жибердим. Экранда жанагы эле кемпир менен бала кайрадан пайда болду...

Жыландай ийрелеңдеп кыр бойлоп чыгып кеткен кыя жолдо чүкөдөй болгон кара кемпир жана тестиер бала келе жатты. Кемпирдин ийнинде арта салынган чакан куржун. Баланын мурду дердеңдеп, кээде кара­көк тарта түшөт.

— Жараткан өзүң жар боло көр!? Жакада эле жата бербей, кайсы шайтан айдап чыктым эле. Колхоздун коюн багып жайдыр­кыштыр тоодо жүргөн уулумду сагынып, анын үстүнө сени да ата­энесине жолугуп келсинчи, алар деле менчилеп уулун сагынгандыр дебедимби,— деп күбүрөгөн кемпир отура калып, баланы алдына алат да, чөнтөгүндөгү кичинекей баштыктан талкан жыттатат. Түтөгө түшкөн бала эс алып, калыбына келгенде кайрадан ээрчишип жол улашат.

— ”Оюрмада баратам, ойру­дойру кайнатам”, — дептир илгери бир келин. Ошол оюрма ушул,— дейт кемпир небересин алаксытмакка.

— Ойру­дойру дегени эмнеси чоң эне? — дейт бала.

— Ээ балам, турмушта ар кимдин өз орду болот. Ар ким өз ордун таппаса келин кайнатага тең ата болуп калат. Адамдан ыйман качат. Сөз өз орду менен айтылбаса куну кетет. Өз баа­баркына жараша сөз сүйлөп, кайнатасы келинге келиндей мамиле жасабаса, өзү кайнаталык наркты сактабай, капкайдагыны айтып келиндин масесин алса, ойру­дойру дегени ошол эмеспи. Андан көрө “Жакшынаны” жайлаган атаңдыкына жетерибизге аз калды,— дейт кемпир...

Ушул кара кемпир Гүланда, кичинекей бала өзү экенин тааныган Эрландын көөдөнү кусалыкка толуп, чоң энесин эстеп буркурап ыйлап жиберди. Топчумду басып мени өчүрүп таштады да кыйлага букулдады. Көз жашы көптөн берки балалыгын эңсеген көкүрөк черин жууп, жеңилдей түшкөндөн кийин гана башын көтөрдү.

— Эч качан программа менен үйлөнүүгө болбойт. Адамдын адам боюнча калганы, мурунку жашоосун билбегени жакшы. Мурдагыларын билүү психологиялык катастрофага гана алып келиши мүмкүн экен,— деп Эрлан күбүрөп жатты.

 

ЭКС-99
    (Илимий­минифантастикалык прелюдия)

Эрлан шашып баратып өзүнүн алгачкы мугалимине жолугуп калды. 

— Ассалоомуалейкум агай! 

— Валейкума ассалом! Ийгилигиң менен куттуктайм! 

— Ырахмат агай! Сизди да куттуктоого уруксат этиңиз!?

— Кандайча? 

— Мен сиздин шакиртиңизмин. Ошондуктан менин ийгилигим, сиздин да ийгилигиңиз. Улам жаңы иштерге киришээрде мен дайыма сиздин кеңештериңизди эске алам. 

— Ыраазымын иним. Ырахмат сага. Бул ийгилигиң мени эле эмес, бүткүл адамзатты толкундатат. Топчудай эле болгон ушул ЭКС­99 биокүчөткүчүң жөнүндө кабарым бар. Демек, эми адамдын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк түзүлдү да. Ошондой эмеспи!?

— Ооба, аппарат организмге коюлат. Ал жүрөктүн согушун өтө сезимталдык менен байкап турат. Зарыл болгондо биокүчөткүч импульс жиберет. Заматта жүрөктүн согушу калыбына келет. Ал эми жүрөк кадимкидей иштеп турганда кандай оору болбосун айыктырууга болот эмеспи. Демек адам баласынын өмүрү эми эч качан соолубайт. Адам өтө эле көбөйүп баратса, башка галактикаларды да өздөштүрүшөөрүнө ишенем. Анткени, кечээ жакында эле Жерден башка планетада жашоо жок деп эсептелчү эмес беле. Бүгүн болсо биздин галактиканын каалаган жерине чабалекейдей каттап атабыз.

— Өмүрдү сактап калуу проблемасынын чечилиши Жердиктердин гана колунан келээрин алда качан эле сезгем. 

— Андан да кызыгы, адамзат өзү күнүгө тебелеп­тепсеп жүргөн эле чөптөрдүн буга чейин белгисиз болуп келген дарылык касиеттери да ачылууда агай. Аны адамга кадимки эле жылан көрсөтүп бериптир. Бир адам тоодо чөп чаап жүрүп, уктап жаткан жыландын бир капталын чалгы менен шылый чаап алат. Жылан тездик менен сойлоп жөнөйт. Чалгычы эмне болор экен деген ойдо аны ээрчийт. Бир кезде жылан бир чөптүн түбүнө токтоп, башын көтөрүп, ошол чөптү тиштеп сындырат. Чөптүн сынган жеринен чыккан сүттү жаратына сүйкөйт. Ошол замат эле канжалаган капталы карттанат. Анан дагы бир чөптү сындырып сүйкөйт. Дароо карттары түшүп, куландан соо сойлоп кетет. Ошентип, карапайым тоолук адам менен жылан бүтүндөй адамзаттын сообуна каларлык жаңылык ачышты агай. Буга бүгүн бүткүл галактиканын көңүлү бурулууда. 

— Мунуң да чоң жаңылык экен. Анда мурдагы биз колдонуп жүргөн дары чөптөр анын жанында шоона эшпей калган турбайбы!?

— Ооба, агай. Бирок, аларды улам изилдеген сайын дагы жаңы касиеттери табылууда. Ошентип, өз айланабыздагы табиятты эле толук өздөштүрсөк, адамзаттын ден соолугун сактоого чоң мүмкүнчүлүк алчудайбыз. Бара­бара бул ЭКС­99 биокүчөткүчү табият алдында баланын оюнчугу болуп каларына көзүм жетип турат. Бүгүн сизге капысынан жолугуп, аз да болсо баарлашканга абдан кубанычтамын. Сизге айтчу жаңылыктар, сурачу кеңештер дагы арбын. Калган сөздү мүмкүн болсо башка бир учурда убакыт таап сүйлөшсөк агай. Кечириңиз!? Мен азыр Чолпон планетасына жөнөмөк элем.

— Каршы эмесмин. Иштериңе ийгилик каалайм! 

Агайы өз окуучусун сыймыктануу менен космодромго чейин узатып койду. Ал Чолпон планетасында “Өмүр” проблемасына арналган планета аралык симпозиумга катышмак. Бул учурда адамзат Күн системасынын чет жакаларына чейин кыйналбай эле каттап калган. Планета аралык мейкиндикте учуулардын жүздөгөн трассасы түзүлгөн. Башка Галактикалар менен байланышууга ишенимдүү аракеттер жүрүп жаткан. Адамдын эркин эс­акылына чек болбой, табияттын табышмак сырлары дембе­дем күргүштөп ачылып жаткан.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Кадыров Ы. 2002. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 3305