Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Кадыров Ы. 2002. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 2-октябры

Ысмайыл КАДЫРОВ

Жинди суу

Кыялый жомоктор

«Чымчым аңгемелер, чырылдаган ойлор» китебинен алынды. Ы. Кадыровдун бул проза жыйнагына негизинен ар кайсы учурда мезгилдүү басма сөздөрдө жарык көргөн айрым аңгемелери, эсселери, фантастикалары, сатиралары, публицистикалары топтоштурулду. Автор мурда 3 ыр жыйнагын окурмандарга тартуулаган.

Кадыров Ысмайыл. Чымчым аңгемелер, чырылдаган ойлор. – Б.: Бийиктик, 2002. – 64 б. Нускасы 500 даана

ББК 84 Ки 7-5
    К-13
    ISBN 9967

 

КЫЯЛЫЙ ЖОМОКТОР

Жинди суу

Өткөн заманда жинди суу деген болуптур. Аны ошол учурдун адамдары арак деп аташат. Ал суудай суюк жана тунук болуп, ичкен адамдын адегенде күлкүсү чыгып, анан бара­бара айбан түрүнө өтөт. Арак адамды адамдык ариеттен ажыратаарын түшүнгөн бир падыша аракеч адамдын мойнуна иле турган салмагы сай ташындай медаль ойлоп табат. Бирок, анда деле ага азгырылгандар тыйылбайт. Ал түгүл кийинчерээк арактын арааны жүрүп турган мезгил да болот. Аны жапырт ичишип, бири бирин арак менен сыйлашат. Дасторкондогу эң сыйлуу, эң чүйгүн тамак да арак болот. Бара­бара ал адамзаттын адамдык сапатын жогото баштайт. Улам кийинки төрөлгөн балдар дендароо, унутчаак, ачуулуу боло башташат. Ошентип, адамдарда аракты жек көрүү сезими пайда болот. Арак адамды оң жолдон адаштыраарын түшүнүшөт. Аны менен күрөшүү жалпы адамзаттык ишке айланып, акыры аракты тарыхтын энчисине беришет. Арак ичип эксперимент жасоодо да, аны менен кайра күрөшүүдө да кыргыздардын сиңирген эмгеги өтө чоң болгон дешет.

Чылым

Ошол эле мезгилдин адамдары тамеки өсүмдүгүнүн жалбырагын кургатып, ушалап кагазга ороп, анан күйгүзүп тартышчу экен. Аны чылым, тамеки деп аташыптыр. Тартканда ооздорунан кадимки эле көк түтүн буркурачу дешет. Аны тартканда кумары канып, тартпаса туталанып кетишчү экен. Көп чеккендердин өпкөсү ооруп, түнкүсүн күрсө­күрсө жөтөлүп чыгат. Тарткан чылымынын калдыктарын чоң эле кишилер туш келди ыргытышат. Көчөлөрдү булгашат. Кийин “бул жерде тамеки тартууга болбойт!” деген эскертүү жазуулар да пайда болот. Дүкөн, базарларда кооз кутуларга салынган чылымдар сатылат. Тамеки чыгаруучу көптөгөн фабрикалар иштейт. Бара­бара чылым бүт дүйнөнү жөө тумандай каптап, бармактай балдар, секелек кыздарга чейин тартып, адамзаттын келечеги коркунучтуу боло баштаганда гана эл эсине келип, көк түтүн тартканды токто­ тушат. Аны таштоодо кыргыздар демилгечилерден болгон экен.

Нашаа

Кара куурай, апийимден нашаа деген жасалчу экен. Аны чылымдай эле тартышчу дешет. Тарткан адамдын көңүлү көтөрүлүп, шаттыкка бөлөнөт. Бирок уйкусу качып, ыраң­орою, кебете­кешпири бузулуп, ичи катып, дарманы куруп, шалдырап, табит мазеси кетип, чачы жыдып, тиштери чирип, эти болбурап, үнү колдурап, илмийип арыктайт. Бирок, бүткүл кумары нашаа гана болуп калат. Аны тартып алганда эмне жасаганын билбейт. Ошентип, он гүлүнүн бир гүлү ачыла электе жаштайынан жайрайт. Бул адамзаттын түбүнө жетээрине түшүнүшүп, акыры андан кол үзүшөт.

Кулпу

Кадимки эле каалгага бир кезде кулпу деп аталган темир буюм салынчу дешет. Аны менен эшикти бекитип, жумушка кеткенде ачкычын чөнтөккө салып алышат. Антпесе, үй ичиндеги буюмдарын башкалар уурдап кетишчү экен. Бардык дүкөндөргө, кампаларга, мекемелерге, үйлөргө кулпу салышат. Кулпу жасаган заводдор болуп, дүкөндөрдө сатылат. Бирок, бара­бара адамдардын колу туткактыгы калат. Кулпу деген сөз унутулат. Буга кыргыздардын эч качан бекитилбеген боз үйүнүн эшиги үлгү болгон экен.  

Согуш

Ошол кездеги адамдар жаатташып, мамлекеттерге бөлүнүп урушчу экен. Ондогон, жүздөгөн жылга созулган согуштар да болуптур. Бир мамлекет менен экинчи мамлекеттин ортосу тосулуп, биринен бирине уруксат менен гана өтүшөт. Мамлекеттер тогошкон жерлер чек ара деп аталат. Адам ойлоп тапкан не бир ажайып кереметтер согуштун кесепетинен кыйрайт. Акыры адамдар бир келген жашоодо узак өмүр сүрүүгө умтулбай, тез өлүмдү көздөшкөндөрүн түшүнүшөт. Эстерине келишет. Согушканды, ал түгүл кайгырганды, көрө албастыкты, ич тардык, кыянаттыкты ташташат. Өмүрдү аздектеп, бирин­бири капа кылбаганга аракеттене башташат. Бул иште “ырыс алды ынтымак” деген кыргыз макалы девиз болуптур.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Кадыров Ы. 2002. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 5045