Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Кадыров Ы. 2002. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 2-октябры

Ысмайыл КАДЫРОВ

Кыргыздар да

Сатира

«Чымчым аңгемелер, чырылдаган ойлор» китебинен алынды. Ы. Кадыровдун бул проза жыйнагына негизинен ар кайсы учурда мезгилдүү басма сөздөрдө жарык көргөн айрым аңгемелери, эсселери, фантастикалары, сатиралары, публицистикалары топтоштурулду. Автор мурда 3 ыр жыйнагын окурмандарга тартуулаган.

Кадыров Ысмайыл. Чымчым аңгемелер, чырылдаган ойлор. – Б.: Бийиктик, 2002. – 64 б. Нускасы 500 даана

ББК 84 Ки 7-5
    К-13
    ISBN 9967

 

САТИРА

 

АЧКАЧЫЛЫК, ТОЙ

Келинчегим экөөбүз кезектеги “кечки кеңешмеге” чогулбайбызбы.

— Күн тартибиндеги маселе, балдарды ыймандуулукка тарбиялоо! — дебеймби маселени кабыргасынан коюп.

— Балдарың тарбиялуу эле эшикте жылаңайлак ойноп жүрүшөт. Андан көрө өзүбүз да жылаңайлак кала электе бут кийим маселесин карабайбызбы!? — дебейби келинчегим жыра тартып.

— Бутубуздагы жыртылгыча кудайдын айтканы бардыр, а көрөкчө балдарды тарбиялоого киришели!? — дебеймби кебелбей.

— Ушул “кудайдын айтканы бардыр” дегениңди качан коёсуң!? Эртеңки нанга акча, жада калса шымыңдын жыртыгын жамаганга жип да түгөндү. Аны ойлобой эле балдарды тарбиялайм дейсиң, башкасын кыйратып койгонсуп! — деп булкунуп келатканда эле маселе татаалдашып баратканын сезип, жарым сааттык танапис жарыялап жибербейминби. Анан таза абадан дем алып тамеки тартканы эшке жөнөбөймүнбү. Сыртка чыга калсам, көзүң жамандыкты көрбөсүн, алты балам ачкачылык жарыялап, эшик алдында турушат. “Бизди бага албаган ата­энебизге наалат!”, “Атам биздин үйдүн президенттигинен түшсүн!”, “Батинке алып бербесеңер тамак ичпейбиз!?” ж.б. толгон­токой сөздөрдү жазып моюндарына илип алышкан. “Үйдө тамак болсо ичесиңерби!?” деп ичимден күңкүлдөп коюп, кайкалаган боюнча кайра үйгө кирип кетпейминби. Аңгыча эле телефон чыр дебейби. Ала койсом айылдагы инимдин аялы.

— Арбаңыз аке, атамын 60 жылдыгын өткөрөлү деп атабыз. Итбай, Чотбайдын баары эле өткөрүп атпайбы!? Аларга караганда кайнатам илгери 6 ай биргат болгон тура. Деги элге деле намыс экен. Сөздүн ток этээрин айтсам, атам биздин колдо болгондон кийин союшуна эки жылкы, беш койду биз көтөрмөй болдук. Ага­туугандар ат мингизип, чапан жабышат. Фермер иниңиз машине, эжебиз эшек араба, карындашыңыз килем, коммерсант иниңиз 40 миң сом салынган конверт бермей болду. Эми аке, сиздер шаарда тургандан кийин болгону түстүү телевизор, 60 бөтөлкө арак, таттуу­паттууңарды алып алтынчы күнү келип калгыла!? — деди да телефонду коюп койду. Трубканы кармаган бойдон шалдырап отуруп калган экемин.

— Деги тынччылыкпы!? — деп келинчегим түрткүлөгөндө эсиме келе түшүп, — той! — дегенге араң жарадым да, көзүм караңгылашып кулап кеттим.

 

ТЕКШЕРҮҮ

Биздин мекемеде эмгек тартибин көзөмөлдөө боюнча жети кишиден турган комиссия түзүлдү. Комиссия эртең мененки саат тогузда мекеменин кире беришине чогулдук. Колго кагаз, калем кармап, чычкан аңдыган мышыкча сырткы эшикти акыя карап туруп калдык. Көз алдыбызга профсоюздук чогулушта кечиккендерди эл алдына тизип коюп, акыл­насаат айтып, уяткарып жатканыбыз элестеди. Ал түгүл акыркы эскертүүсү менен сөгүш жарыялаганыбыз, кечиккендердин “экинчи кайталанбайт, кечирип коюңуздар!?”— деп муңайым жалооругандарына чейин кыялдандык. Ошентип ар кимибиз өз кыялыбыз менен “байып” турганда: “Эмне кылалы жолдоштор? 15 мүнөт өттү. Эч ким кечиккен жок. Менин ишим да көп эле”, — деди бирөө.

— Жеке эле сен иштеп аттың беле!? Барыбызда эле иш бар. Тура туралы, жок дегенде тогуз жарымга чейин,— деди экинчиси. Ошол мезгилде сүйүнгөнүнө чыдабай: “Ураа, келе жатат!”— деп жиберди комиссия төрагасы. Тык­тык деген дабыш угулуп, сырткы эшик ачылды. Ал экономист Жайдар экен.

— Саламатсыздарбы!? Эмне, чаап алчудай жарданып калгансыздар!? — деди ал жайдары.

— Эмне, бизди саламдан жутады деп уктуңуз беле!? Уялгандын ордуна кайра комиссияны кекеткендигиңиз үчүн жооп берип калып жүрбөңүз!? — деди төрага.

— Саламым ашык болсо кайра алдым. Сөзүмдүн экинчи бөлүгүн кечирип коюңуздар, тамаша иретинде сүйлөп койдум эле!?

— Барып иштей бериңиз,тамашаны кечки жыйналышта көрөсүз!?

— Кечки жыйналышыңыздарга келе албайм. Ооругандыгы тууралуу баракчамды узартып койгонун билдирүү үчүн кайрыла калдым эле, — деп, Жайдар басып кетти. Аңгыча коридордон сумкасын колтуктаган кассир кыз көрүндү.

— Жол болсун!? — деди төрага.

— Тынччылыкпы, агай!? — деди жылмайып кыз.

— Тынч болбогондо эмне, өрттөнүп атат деп уктуң беле!? Мына сендейлердин айынан ишибиз жылбай жатпайбы! Ишке көрүнүп коюп гана жолго түшкүң бар ээ. Жазгыла!? — деди бизге буйра.

— Агай, бүгүн айлык тиерин унутуп калдыңызбы!? Мен сизге акча алып келгени банкка кеттим, — деди да кылактап жолго түштү. Биз эми чындап кыйын абалга кабылып, дулдуюшуп туруп калдык. Саат туура он болгондо иш орундарын кыдырууну чечтик да, ар бир кабинетке баш бага баштадык. Баш көтөрбөй гезит окуп жаткан Керимди, тердеп­кургап чай ичип отурган Алтынды, кофта согуп аткан Салкынды көрмөксөнгө салдык. Ошентип текшерүү аяктап, актай барактарыбызды кармаган бойдон тарап бара жатканда: “Аттигиниң ай, бекер өлдү ээ!?”— деди оор күрсүнүп, баягы ишим көп эле деген комиссия мүчөсү.

— Ким өлдү? -деп, баардыгыбыздын үрөйлөрүбүз учуп кетти.

— Баятан берки убактыбыздын өлгөнүн айтам. Бул баарыбыздыкын кошкондо бир кишинин иш күнү текке кеткени эмеспи,— деди да кабинетине кирип кетти.

 

РЕДКЕҢЕШ

Котормочу Колжоңбай көрүнүктүү илимпоздордун коңурук жана колоңсо жөнүндөгү эмгектерин которуп басмага тапшырды. Басма кызматкерлери жакшылап карашты, бир топ маселелерин талашты. Айтор ары кетишти, бери кетишти акыры китеп кылып чыгарууну чечишти. Редактор карады, редакция башчысынан жарады. Баш сөз, корутунду жазылып, унутта калган жок учурдун талабы. Эми талкуулоо үчүн редакциялык кеңештин мүчөлөрү чогулду, кол жазма алардын элегине коюлду.

Алгачкы сөздү Ажыбай алды. Эл алдына каалгый басып барды. “Жолдоштор,— деп баштады сөздү, -мен убакытты алып сүйлөбөйүн көптү. Колжоңбай өзү агроном болсо, анан медицина боюнча иштегенин койсо. Андай иштен чыкпайт майнап, төбөсү менен жер казса да айлап”, — деди да отурары менен үргүлөп коңурукка кирди көңүлү ток. Кийинки сөз Кендирбайга келди. Ал көзүнүн төбөсү менен кыдырата карап элди, өз оюнда Ажыбайдын сазайын берди: “Колжоңбай агроном болгону менен жазганы мыкты, окуп эле жүрөм далай кабарлары гезитке чыкты. Жакшы жазат тим эле койгондой стандарт кышты”,— деди да эки жагын койкоё карап, акырын олтурду жылып, олтургандар калышты дымып. Саамдан соң баятадан баш ийкеп коюп гана отурган баамчыл Баргыбай балкая тартып турду да, эки жагын салабаттуу карап, тамагын жасап: “Балдар, окубасам да оюмду айтайын. Колжоңбай койгон маселелерди ойлобой тамаша, редакциядан жараса, анда чыгарыш керек. Алар проблемасы майда десе, кээ бир жерлерине түшүнө алышпаса жете, анда кол жазманы кайтарыш керек авторго”. Ошентип редкеңеш бүттү, токтомдон кара кагаз салып жазышты үчтү. Андан басмага да, котормочуга да пайда болгон жок, эмдиги редкеңешке чейин болгула кош (редакция, басмаларда бир даар, мындай редкеңештер азыр деле бар).

 

КЫЗДАР ЭКЕН ДЕСЕ...

Автобустан курсташыма жолугуп калдым. Ал жай сураштык:

— Кайдан. Жол болсун? — дедим.

— Космостон, — деди компоё.

— Тамашаңды койчу. Түгөнбөгөн өрдөгүңдүн бирин учурдуңбу?

— Ошого да тамаша кирип кетиптирби. Түш оой баргам. Эл быкпырдай кайнайт.

Космоско жол салынып, эл байма­бай каттап калганын билбей калгам го деген кыязда өзүмчө кыжалаттана баштадым.

— Дагы эмне кызыктарды көрдүң? — дедим кекээрлей.

— Ээ, бүгүн барбаган жерим калбады, — деп сөзүн улады. Адегенде Айчүрөккө бардым, анан Ырахатка, андан Айсулууга, Ширинге, Салтанатка, Айжаркынга, Айпериге, Толкунга, Аидага, Жылдызга, Чолпонго, айтор бардыгына жетиштим, бирок жолум болбоду.

Кыжырданып турган жаным, эми чындап жиним келе баштады. Ылайым эле жолуң болбосун, — дедим ичимден. — Студент кезиңде эле шудуңдап, көрүнгөн кызды ээрчип кетчү эмес белең, торпоктой болуп. Ага жиним келген боюнча мурчуюп туруп калганымда өңүм бузула түшсө керек.

— Эмне, ооруп турасыңбы?— деп күйпөлөктөй түштү курсташым.

— Кудай сактасын. Оорубай­этпей эле турам. Сенин айперидей аялыңа, алмончоктой балдарыңа боорум ооруйт, — дедим кераяктана.

— Эмне дейт!? Эмне кырсык болуп кетти кокуй!? Деги тынччылыкпы?

— Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп, эми түштөн кийин жөн эле чочумуш болуп коёсуң да!

— Тезирээк айтчы деги байболгур. Эмнени кылтыйтып турасың?

— Курулай экиленбе. Алар сени зарыга күтүп үйдө отурушса, сенин космоско саякаттап, көрүнгөн кыз­келинди издеп жүргөнүңө гана кыжырым кайнап турат. Дагы уялбай жолум болгон жок деп коёт.

Ошондо курсташым санын бир чаап каткырганда, автобустагылар буга жин даарып кеттиби дегенсип биз жакты карап калышты.

— Кыз­келин эмес эле, аяшыңдын заказдарын издеп дүкөндөрдү, фирмаларды кыдырып жүрдүм... деди күлкүсүн тыялбай жатып. Сөздүн төркүнү мага эми гана жетти. Ааламдын түпкүрү космостон эмес эле “Космос” дүкөнүнөн келе жаткан тура. Козу карындай жайнаган дүкөндөрдүн аттарын кыз­келин деп түшүнгөн турбаймынбы курган жаным. Уятыма чыдабай бир кызарып, бир бозоруп, коштошууга жарабай автобус аялдамага токтоору менен сыртты карай суурулдум.

 

КУМШЕКЕР

1988-­жыл. Азык­түлүк жан башына ченем менен сатылып жаткан учур. Эртең менен ишке бара жатсам жолдогу дүкөндүн алдында кылкылдаган кезек.

— Арты ким? Эмне сатат экен? — деп сурадым кезектин артындагылардан.

— Кумшекерге турабыз. Кечки саат беште сатылат экен, — дешти.

Кумшекер жебегенибизге бир айдан ашкан. Кезектеги алды­артымды тактап, кечке чейин келип калаарымды эскертип ишке жөнөдүм. Кеч курун келсем киши деген жүнүн жейт. Араңдан зорго ордумду таптым. Кумшекер сатылып, кезек акырындан жыла баштады. Кезексиз кирүүгө аракеттенгендердин катыгын бере кубалап, тартип сактоочулар да табылды. Кезектегилер үй­бүлөсүн, конокторун, эмчектеги балдарын, ал түгүл айрымдары ошол тегеректе ойноп жүргөн балдарды да жандарына тургузуп алышкан. Анткени бир кишиге бир эле килден берилет экен. “Ушунча туруп, бир эле кил кумшекер аламбы? Кап мындайды билгенде келинчегимди жумушунан, балдарды бакчадан ала келбей” деп ойлоп турганымда, кезекке туруп коюп, алды жакты байкап турган балалуу келинди көрүп башыма бир ой кылт этти. Аңгыча менин кезегим да жетти.

— Мага үч кил, — дедим дүкөнчүгө.

— Бир кишиге бир кил эле берилет, — деди дүкөнчү.

— Тигине келинчегим, уулум менен тигил жакта турат, — деп жанагы келин жакка кол шилтедим уят­сыйытты жыйнаштырып.

— Ооба, ооба. Келинчегим келет деген, — деп жанымдагылар жаалап жиберишти.

— Тигинден ары туруп албай жаныңызга келбейби,-деди дүкөнчү.

— Карындаш деп алып кайра оюма келген атты айтып, Гуля деп оңдогон болдум да, жакындачы бери!? — дедим ал келинге көз кыса.

— Чоң эле киши келинчегим десе ишенбегениң кандай чоң кыз?! — деп дүкөнчүнү уяткарган болду да, ал берген үч пачка кумшекерди менин колуман алып, четке чыга берди.

— Ыракмат! Уулуңуздун убайын көрүңүз!— дедим сыпайы.

— Өз келинчегине да ыракмат айтчу беле?!

— Тамашакөй өңдөнөсүз карындаш?!

— Келинчегим дегениңди ишиң бүткөндөн кийин тангың келип турабы? Жигит деген бир сөздүү болуш керек! Бол бас үйгө!?

Оозума сөз келбей, алдына түшүп үйгө жөнөдүм. Кирээрибиз менен ал келин:

— Тезирээк чечин да, картөшкө аачып жибер чый­пый кыла коёлу. Мен балага сүт берейин курсагы ачты,— деп буйрук берди да, кеп­сөзгө келбестен муздаткычты ачып, сүт жылыта баштады.

— Кумшекериң менен кумуран кал, эми не кылчумун деп далдырап турганымда келинчегим балдар менен келип калбаспы. Ыза болгон балача эреркеп ыйлап жиберчүдөй, жалдырап туруп калдым.

— Ой, сен кайдан жүрөсүң?— деп келинчегим тиги келин менен учурашып өбүшүп калышса болобу. Көрсө экөө бирге иштешет тура. Азыр декретте жүрүптүр. Мени сыртыман тааныйт экен. Мен аны келинчегим дегенде, ал мени бир тамашага батырайын деген тура кайран аяшым. Биз шатырай күлүп чай ичтик да, ал келиндин кезеги үчүн кайрадан чогуу­чараныбыз менен кумшекерге жөнөдүк.

 

ЭЧ КИМГЕ АЙТПАЙСЫҢБЫ!?
    (сценка)

— Атсалоомуалейкум!

— Валлейкума атсалом! Каяктан дос, баштыгыңды кампайтып?

— Ээй дос, өлбөгөн жандын түйшүгү да, Нарынга бара жатам.

— Өткөн жумада эле Көлгө баратпайт белең. Же бу сен саякатчылыкты кесип кыла баштагансыңбы?

— Андан кийин Таласка барып келгем. Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны,— деген эмеспи!

— Баракелде! Албетте эл­жер көргөнгө не жетсин. Ишиң ошондой го. Командировкачыл иш да бир азап эмеспи, жол түйшүгүн тартып...

— Командировка көп болсо жыргабаймбы. Отурмай да бир орунда шымга күч келтирип. Отпускамды пайдаланып кыдырып жүрөм.

— Отпускадамын дечи. Көлгө го эс алганы баргандырсың. Ал эми Нарын менен Таласта эже­карындаштарың бар го?

— Өзүмдүн бир атадан жалгыз экенимди билесиң да!? Эч кимим жок ал жактарда. Андан көрө шыбыр кулак айтайынбы?

— Ии, айт.

— Эч кимге айтпайсыңбы?

— Кимге айтмак элем.

— Оозуңдан чыгып кетеби деп турам. Кудай урсун айтпайм дечи.

— Кудай урсун айтсам.

— Жоок дос, ишенбей турам.

— Ой бирөөгө айтсам эле кашыктагы сууга калкып, чөмүчтөгү сууга чөгүп өлөйүн.

— Болду, болду дос. Эми ишендим. Анда мындай. Өзүмө, аялыма жылуу чапан керекпи?

— Албетте керек.

— Балдарым майда. Аларга да кийим­кече керек да.

— Аларды Нарын менен Таласты кыдырбай эле, Бишкектен деле тапсаң болот да. Азыр баскан жериң эле базар эмеспи!?

— Кеп анда эмес, сөздү аягына чейин укпайсыңбы.

— Койдум, койдум, кулак сенде.

— Эмесе ошол кийим­кечеге отпуска учурунда акча табуунун амалын жасап жүрөм дос.

— Кантип?

— Суу сатып.

— Ой адам ишенээрлик сөз айтсаң боло. Биздин жерде суудан көп эмне бар. Андан көрө көп чаргытпай сөздүн ток этээрин айтчы.

— Ээй дос. Башыңды иштетсең боло деп канча айтам. Азыр кыргыздар бардык жерде аракты суудай шимирээрин билесиң.

— Ооба, билем.

— Билсең сууга бир аз спирт кошуп арактын бөтөлкөсүнө толтур да, оозун кепкектегенди үйрөн. Анан аны арак деп сата бер. Арзан сатсаң жерге тийгизбейт. Ага акчаны жок жерден табышат.

— Кудайя тобоо. Бир күндө бир жаңылык укпасаң кулагың керең болот деген. Сенин ошол кыйгыл сууңду ким алмак эле!?.

— Ой, дос, оой. Кудай урган неме экенсиң. Кыргыз тамактан мурда аракты алат. Азыр кыргыз айылдарында ооз тий деп нан сунбай эле арак сунуп калышкан. Шашылыш сат да, куйругуңду түйгөн боюнча көздөн далда жогол. Алган киши суу экенин билгиче, сен эчак эле башка жерде “арак” сатып жүргөн болосуң. Аны кимге, кандай жерде саткандын да жолун билиш керек дос.

— Эй. Мен сени досум деп жүрсөм, сен менин эле эмес элдин да душманы турбайсыңбы. Сендейди алып сатар, арам тамак дейт. Жүрү калган сөздү ички иштер бөлүмүнөн сүйлөшөбүз.

— Ой, дос. Кантет. Тамашаңбы же чыныңбы!? Эч кимге айтпайм дебедиң беле!?

— Эми мен досуң эмесмин. Жүрү тамашаны органдан көрөсүң.

— Кой антпе. Тамашалап аткан экен десе чындай баштайсыңбы?

— Бас дегенде бас. Сендейлердин биринин болсо да тамырын кыркыш менин адамдык парызым. Бирок ичкич кыргыздарды мыш кылганың гана ичимди жылытып турат.

— Эй, дос! Ошентип эсиңе келсең. Эл душманы мен эмес. Даана эл душманы балдарын ачка коюп аракка акча тапкан, ичип алып өөдө­төмөн сүйлөп элди жер караткан, тукумуна доо кетирген сенин эле кыргыз туугандарың. Мен эч кимди кыйнаган жокмун. Өздөрү келип сатып алышат. Мен өз эмгегим менен жанымды багып, кыйгыл суум менен ичкич кыргыздарды шылдыңдап, ойлоноор бекен деп атам. Силер аракечтикке каршы күрөшүүнүн ордуна арак менен күрөшүп, бөтөлкөлөрүн ташка чапкан жаңылыштыгыңарды деги качан түшүнөсүңөр!? Өзүңөр менен качан күрөшөсүңөр!?

 

“КРАССВОРД”

— Мени чакырдыңызбы, Асан Акматович?

— Кел, кел. Отпусканын графигин көрдүңбү? Кайда барып эс алсам дейсиң?

— Азыркы мезгилде кайдагы эс алуу Асан Акматович!? “Сыпайы сырын жашырбайт” демекчи, аялыма кошулуп коммерция жасайм го.

— Ооба, ооба, мен да ошондой ойлогом. Та­ак, аялың эмне сатат?

— Ар кандай, Асан Акматович.

— Тагыраак айтчы.

— Түркиянын күрмөлөрүн, эмираттын жоолуктарын...

— Во­во мыкты. Күрмөнү Түркиянын кайсы шаарынан аласыңар?

— Борборунан. Ортомчулар жеткирип турушат.

— Борборунан дечи... Айтмакчы алар ошол борбордо турушабы?

— Ооба, Анкаранын өзүндө жашашат, Асан Акматович.

— Болду, ырахмат. Бара берсең болот.

Асан Акматович ал чыгаары менен суурмасынан гезит алды да, кроссворддун “Түркиянын борбору” деген чакмагын шыпылдатып толтура баштады.

 

“СИНОПТИКТЕР БИЛДИРЕТ”

Синоптиктердин билдиргенине караганда эмдиги жылы да кыш, жаз, жай, күз болушу күтүлөт. Жайында аптап, кышында түү деген түкүрүк жерге түшпөгөн суук болот. Кыска мөөнөттүү өткүн, узак мезгилдүү нөшөр, кайсы бир жерлерде чагылгандуу жаан жаап, тоолорго кар түшүшү мүмкүн. Күн жааганда жер суу болуп, кыртышка ным топтолот. Жер шарынын айрым аймактарында жер титирейт, жер көчкүлөр болот, жанар тоолор атылат, жол тайгак болот. Кээде аба ырайы салкын болсо, кээ күндөрү жылуу болушу мүмкүн. Температура норманын чегинде болот.

 

КОЗУ, ИТ ЖАНА ЖҮРГҮНЧҮЛӨР

Мал базардан алган козумду шаардын экинчи учундагы үйүмө жеткирүү кыйынчылыкка турду. Жетелесем жетпесиме көзүм жетти. Унаа жалдайын десем, жол кире козунун баасынан ашып түшчүдөй. Айлам кеткенде аялдамага келдим да, автобуска түшмөкчү болдум.

— Аксакал, бул мал тартуучу машине эмес!? — деди айдоочу автобуска киришиме каршылык көрсөтүп.

— Анан эмне, бул ит тартуучу машинеби? — дедим эч тоскоолдуксуз эле ит менен түшүп аткан кызды жаңсай.

Шофёр жүйөөлүү сөзгө жыгылдыбы же жеткен кежир өңдөнөт дедиби, айтор терс бурулду. Элге жолтоо болбос үчүн автобустун арткы бурчун ээледим. Экинчи бурчта тай торпоктой ит кармаган сулуу кыз. Улам автобуска түшкөндөр көбөйүп, ортодо орун азайып бара жатса да, киргендер козу экөөбүздү иренжий карап, этият өтүп жатышты. Алдыга өтө албагандары бизден качып итке жакындап, ага жакыныраак турганы аны эркелетип да коюшат. Козу экөөбүз болсо эки эле кадам нараактагы түртүлүштүн кызыгына маашырланып, ээн­эркин бара жаттык.

 

КЫРГЫЗДАР ДА

Кайсы бир учурда ар кайсы улут өкүлдөрүнөн экиден кишини терең орго салышыптыр. Кароолчу коюп, капкактап бекитишиптир. Бир гана кыргыздар салынган орду кароосуз калтырышыптыр. Сынап көрөлү дешкен го. Мүмкүн билишсе керек, кыргыздар баары бир чыкпасын. Бир кыйла мезгил өткөндөн кийин келип карашса, башка элдердин бири да жок дейт. Бирөөлөрү ордун түбүн үңүп казып, бирөөлөрү кароолчунун тилин таап, айтор ташты жарып өскөн чөп сымал, жашоо үчүн жандалбастап эчак эле жол таап ордон чыгып кетишиптир. Ал эми эки кыргыз отурат дейт ордун түбүндө чычкан аңдыган мышыкча бирин­бири карап, кароолчусу да, капкагы да жок ордон чыга албай.

— Эй, силер эмне отурасыңар? — деп сурашса.

— Жөн эле,— деп коюшат дейт күйгүзүп. Анан айтышпайбы,— деги чыкканга аракеттенсеңер болбойбу деп. Анда бири айтат дейт:

— Ик­ки, бул чыгып кетип, мен жалгыз калсам ээ!? — деп. Көрсө бирөөсү аракеттенген тура. Тырмактары сынганча тырмалаңдап, тепкичтен тепкич оюп, эптеп ордун оозуна жеткенде, баятадан аны маашырлана карап отурган экинчиси буттан тартып алган тура. Анан бүт эмгеги текке кеткен неме карап турмак беле, мушташат да. Мушташып чарчашканда экинчиси аракет кыла баштабайбы чыкканга. Анда аны беркиси тартып албайбы. Ошентип, андан да тажашканда бирин­бири аңдып, жөн эле отура бергенге өтүшүптүр уйкудан да калып. Анткени, бири уктап калса, экинчиси чыгып кетпейби.

 

ТУМАН

Алды­артым коюу туман. Капталдарым дагы. Эч нерсе көрүнбөйт. Жолдон эчак чыгып, багытымды жоготуп койгом.Кайда баратканым белгисиз. Бир билгеним алга жылышым керек. Бирок кай тарапка? Же жомоктогудай үч айрылыш жол көрүнбөйт. Жок дегенде кайра келерим, же келер­келбесим арсар экенин, же кайрылбасымды билип алгыдай. Бул сасык туман адаштырганы аз келгенсип эсимди да эсеңгиретип салды. Бул дүйнө жалаң гана тумандан тургандай. Учу­кыйры жоктой. Чар тарабым мени көздөй бас дегенсип азгырат. Толубай сынчыны эстейм. Ал киши атамзаманкы куу сөөктү кучактап, анын тулпардын башы экенин таанып ыйласа, мен түптүз келе жаткан даңгыр жолумду жоготуп кайсалап турам. Бул менин кан Бакайдай “караңгыда жол таба албаган” эсерлигимби, даярга тап аңкоолугумбу!? Кайсы арманымды айтайын. Ошентсе да темселеп кетип баратам... кетип баратам... Кайда барар экемин!?

 

ЧЫНДЫК

Кеңешме залына чогулгандар чындыкты талашып жатышты. Адегенде жайбаракат башталган талаш­тартыш бара­бара кызуу абалга өттү. Бири бирине сөөмөй кезеп, төштөрүн койгулап, жер тепкилеп, уурттарынан ак көбүк чача туш келди түкүрүп, түйүлгөн муштумдары менен үстөлдү койгулап, ызырынып, сөгүнүп жатышты. Бир мезгилде жыла басып чындык кирди. Бири бирине далилдей албай чаң­тополоң түшүп жаткандарды кыйлага тыңшап туруп, ууртунан жылмайды. Анан акырын гана ордунан көтөрүлүп:

— Чындык мына менмин. Бир азга тынчтангылачы, мен силерге чындыкты айтып берейин! — деди. Бирок, анын чырылдаган үнүн эч ким укпады. Анын чындык экенине ишенээр­ишенбесин билбеген бир­эки гана кишинин үмүттүү көздөрү жылтырады. Калгандары мурункудай эле бакылдаша берди. Сөзүн эч ким укпасына көзү жеткенде гана “акыры мени өзүңөр издеп табасыңар”, — деди да, чындык шарт бурулуп чыгып кетти. Анын келгени, сүйлөгөнү, кеткени менен көбүнүн иши да болгон жок. Мурункудай эле чындыкты талашып жатышты.

 

КАТ

Бардык жери базарга айланган баш калаабызда алып­сатарлык менен алтындай башын аман асырап жүргөн уулуңар Уйлубайдан алыскы Ат­Башыда эл катары элдир­селдир эптеп өлбөстүн күнүн көрүп жаткан энем Эсенбүбүгө, атам Акматбекке дубай салам. Эки жылдан бери дайын­дарегимди билдирбеген себебим, өзүм менен бирге чемичке сатып жүргөн чаткалдык келин экөөбүз тил табышып, баш кошуп алганбыз. Жакында Базарбай аттуу балканактай уулдуу болдук. Ал жердеги аялым Алмаштан мен үчүн кечирим сурагыла да, атасыныкына үч баласы менен жеткирип койгула. Бирөөнү алып калабыз деп убара болбогула, өзү төрөгөндөн кийин өзү баксын. Балдардын акылы болсо кийин эр жеткенде атасын таап алышаар,— деп кат жазган уулуңар Уйлубай.

 

ЭРКЕК АЛАСА, УРГААЧЫ БЕРЕСЕ

Он жыл мурда айылдан шаарга көчүп келгем. Ошондо тууганыма калтырган бир уй, бир бээ, үч коюм бир да жолу ургаачы төлдөбөдү. Капырай таң калам анысы аз келгенсип уюмдун музоосу өлүп, кулунумду карышкыр жеп, койлорум кысыр калганын укканда. Айтор, калтырган малым өздөрү аман­эсен жүргөнүнө да шүгүр. Ал эми батир акысы, электрге, газга болгон төлөмдөрүмдү бир ай кечиктирсем эле пения тууп көбүрүп­жабырып кетет. Алар кандай эле өнөкөт боюнда бар береселер экенине дегеле акылым жетпейт. Алты айдан бери алалбаган айлыгым, калем акым ж.б.у.с. толуп жаткан аласаларым бир да жолу пения туубайт. Баамдасам менин аласаларым жалаң эркек, береселерим өңчөй кошкат ургаачылар өңдөнөт.

 

БИРИНЕ ЗАР, БИРИНЕ КОР ДҮЙНӨ

Кошунам начальник. Мен үстүңкү, ал астыңкы кабатта турат. Бир абадан дем алып, бир түтүктөн суу ичебиз. Эртең менен мен папкемди колтуктап аялдамага жөнөйм. Кызматтык волгасы менен ал жанымдан өтүп кетет шуулдап. Кечинде келем мен, ар ким менен түртүшүп жүрүп автобуска араң батып, папкеме кошуп кар­ төшкө салган баштык көтөрүп. Кошунам келет волгасында жалгыз чалкалай оолжуп. Айтор эртели­кеч волга кошунамды, саан уйдай чайпалган автобус менен арабадай кылдыраган троллейбус калган кошуналарды ташыйт. Кошунам менен бет маңдайлаша калганда ишаарат кылып баш ийкешкен болобуз. Кээде бул турмуштун көй­ гөйү көөдөнүмө көк таштай тийгенде кошунамды келиштире бир сөгүп алам, дал төбөсүнөн полду тээп. Бирок, ал анымды билбейт.

 

ДОК

Жумушка кечигип келатсам директор мектеп алдында туруптур:

— Кечигип калдыңыз!? — деди кекээрлүү.

— Айлыкты учурунда берип койгонсуп сүйлөйсүңөр да. Мугалимдерге кам көрүүнүн ордуна баскан­турганына чейин тескей берсеңер ким иштейт деги силердин мектебиңерден. Минте берсеңер иш таштоого чыгам же ачкачылык жарыялайм деп тебиреп жибердим.

— Койдум, койдум айланайын. Сабак өтпөсөңүз жок деги балдарыңызды тынчытыңызчы. Чурулдап башкаларга жолтоо болууда,-деп жиберди директор. Директордун кебетеси мага бир эсе аянычтуу да көрүнүп кетти. Анткени, мугалим жетишпегендигине карабай өткөн жумада эле эки мугалим арыз берип бошоп, базарга чыгып кеткен болучу. Сыртымдан сыр билгизбегеним менен директорду талуу жерден кармаганыма корстон боло класска кирип кеттим булкулдап. Кээде өз алыңа карабай док ургандын деле пайдасы бар өңдөнөт.

 

“ЖОК” ДЕГЕН ЖАКШЫ ТУРА

Кошунам балта сураганынан жапжаңы ак балтамды кармата салбасмынбы кара басып. Арадан ай өткөрүп доолап барсам бош эмес эле деп бербеди. Андан кийин алты жолу сурадым. Биринде “таппай койду”, экинчисинде “дагы бирөө сурап кетиптир”, айтор өз балтам өзүм үчүн таңсык буюмга айланды. Мен да доолаганды токтотподум. Алты айдан кийин гана кошунам: “деги каадалуу буюм бергенсип, жаман балтаңардын сабы алтын болду го!?” — деп мизи кетилип, сабы сынып башка түргө өткөн балтамды алдыма ыргытты. Чала болот мага. Жок эле деп койсом эмне. Эми минтип өз буюмумду өзүм доолайм деп жакшы кошунамдан да, жалаңдаган балтамдан да ажырадым. Күнөө менде экенин же кошунамда экенин ажырата албай алигиче башым маң.

 

КАЙГЫ МЕНЕН КҮЛКҮ 

Каза болгон кишинин үчүлүгү өткөрүлүп, тиешелүү расмилер аяктап калган кезде кечигип калган ошол айылдык байбиче кирген тура келинин ээрчитип.

— Жакшысыңарбы!? — деп аркасындагы келини үйдөгүлөргө салам айтса:

— Жакшы айланайын! — деп коёт дейт алдындагы кайненеси.

Кайгыга уугуп отурган каралуу жесир да, каадалуу карылар да бырс күлүп жиберишиптир. Ый менен күлкү күн менен түндөй эле катар жүрөт деген чын турбайбы.

 

ПИЯЗ МЕНЕН АРАК

Кызыл өңгөч менен кылкылдап арак ашказанга кирип барса, бир бурчунда бүрүшүп пияз отурат.

— Сыртта той болуп атса, сен мында эмне отурасың? — дейт арак.

— Анан эмне кылмак элем, бул жер мага жайлуу, — дейт пияз.

— Жайлуу жерди тапканын кара, караңгы бурчка тыгылып,— деп арак аны шылдыңдай баштайт. Ошондо бир чети аракка жини келип, экинчиден шаан­шөкөттү көргөнү пияз сыртка жөнөйт. Аны менен кошо ооздон шатырата кусулуп түшкөн арак, жерге сиңип баратып, “бирөөгө ор казсаң тайыз каз, өзүң түшүп кетсең чыкканга” деп адамдар бекер айткан эмес экен го дептир, чокчоюп аны карап отурган пиязга суктанып.

 

КОЧКОРДУН КЫМЫЗЫ

Кымыз ичкени базарга кире калсам шакылдаган кара тору келин:

— Кымыз. Накта кымыз. Кочкордуку, — деп кыйкырып туруптур.

— Кочкордуку болсо ичпейм, — дедим мен аны чымчып.

— Ичпесеңиз мен сизди чакырган жокмун, — деп менин сөзүмө маани бербей кагып койду да “Кочкордун кымызы, Кочкордун...” — деп кыйкырып жатты. Ай ушул сөздөр ай, сөздөр.

* * *

Автобуска экөө эки жагынан аксаган жигит кирди. “Булар каяктан табышып алышты экен?” — деген күдүк ой ар бир адамды аргасыз жылмайтса да, оору кадыры ашкере адепсиздикке жол бербеди. Аларга дароо орун бошотушту. Алар башкаларды элес албай бакылдашып жүрүп отурушуп, базардын аялдамасына жеткенде жолундагыларды жөөлөп, тебелеп­тепсеп сопсоо эле чуркаган боюнча түшүп кетишсе болобу.

 

АЛ УШУНДАЙ ЭЛЕ

Ага чөп өспөй калса деле баары бир болучу.

Анын келбети шумкардай, жан дүйнөсү сагызгандыкындай эле.

Ага жылтырагандын баары эле алтындай сезилчү.

Ал шакектин башталышы менен аякталышын табам деп убаралана берүүчү.

Ал өтө сүйкүмдүү сүйлөгөн менен уга турган эч нерсеси жок эле.

Ал келе дегенди гана билүүчү.

 

БОЛМУШТАР, АЗИЛДЕР, ТАКМАЗАЛАР, ТАМАШАЛАР

 

НИКЕ КАЙЫП

Агам Жеңишбек чабан болгондуктан ар жай сайын айтылуу Аксай жайлоосуна чыгабыз. Кошунабыз Жумакун аке көп сүйлөбөгөн токтоо адам. Ошентсе да кээде кызыктуу кептерден аңгеме­дүкөн куруп калмайы бар.

— Ээ балдар, а дейбиз, бу дейбиз акыры маңдайга жазгандай болот,— деп бир күнү сөз баштап калды. Пендечиликте бул ишим калып калды, тигил жумушум бүтпөй атат дейбиз. Канчалык тырмалаңдасак деле бүтпөчүсү бүтпөйт, анын сааты чыккан күнү болот. Ошол учурда бардыгы ыңгайлашып эле өзүнөн өзү бүтүп калат. Анын сыңары кыргыз элинде насип буюрган жерден туз татып, нике буюрган жерден кыз аласың деген сөз бар эмеспи балдар. Кызды жүгүргөн албайт, буюрган алат деп коюшат. Кандай нерсе болсо да токтоо болгон оң. “Буюрбаган ашка мурун канайт”, — дегенди уктуңар беле. Көрсө бышкан тамак буюрбаса, ал жуп алдыга келгенде мурун канап кетип, адам туруп кетүүгө аргасыз болот тура. Калгандары аны күтүп отура беришмек беле, өз салт­санаасы менен тамак ичилип, тарап кетишет да. Ушуга мисал катары бир окуяны айтайын. Мага аны атам айтып берди эле деп Жумакун аке анык айтчу сөзүн эми баштады.

— Өткөн заманда бир мырза жигит жолоочулап чыгат. Күүгүм талаш бир жалгыз үйгө туш болот. Кудайы конок катары ошол үйгө түшөт. Үйдө ай­күнүнө жетип турган жалгыз эле келин бар экен. Ал күйөөсүнүн бир иштер менен сапарлап кеткенин айтат. Кыргыз пейили кенен эмеспи, колунда болгон тамагын меймандын астына коюп, жигитти коноктойт. Жигитке төшөк салып берет. Ошончодон ошол түнү келиндин толгоосу келип, түн ортосу ооганда көз жарат. Жигит аны сезип жаткан менен эч кандай жардам бере албайт. Бир чети аялдардын төрөтү жөнүндө түшүнүгү болбосо, экинчи жагы уялат. Уктап жаткандай кыймылсыз жата берет. Келин тың­тарс неме окшойт, төрөгөндөн кийин баланын киндигин өзү кесип, жанына жаткырып коюп, боюнан бошогонго дене­бою магдырап, көзү илинип кетет. Дал ошол учурда уйку­соонун ортосунда жаткан жигиттин маңдайында аппак сакалчан карыя пайда болгонсуйт. Жигит аны менен мурунтан тааныштан бетер сүйлөшө баштайт:

— Мен качан үйлөнөм? — деп сурайт жигит.

— Нике кайып буюрган күнү, — деген жооп болот.

— Кимге?

— Ушул үйдөгү жаңы төрөлгөн кызга,— деген жооп болот да, элес ошол замат жок болуп кетет. Жигит көзүн ачып, же түшү экенин, же өңүндө көргөнүн ажырата албайт. Дендароо болуп, абдан таң калат. Мен азыр жыйырмада болсом, анан кантип ушул жаңы төрөлгөн кызга үйлөнмөк элем деп ойлойт. Ошентсе да кызды өлтүрүүнү чечет. Курундагы шамшар бычагын алып, оролуп жаткан кыздын курсагын тилип жиберет да, аттанып жүрүп кетет. Ырасында эле ал жигит кыйла жылдар кандайдыр себептер менен үйлөнбөйт. Акыры үйлөнгөндөн кийин келинчегинин курсагында узата тырык бар экенин байкайт. Аны сураса, келинчеги өзү төрөлгөн күнү үйүнө бир мейман жатып, ал аны курсакка сайып жиберип качып кеткенин айтат. Бирок, бычак ороону кесип, курсагымдын терисин гана тилип өткөн экен. Капырай, ошентип төрөлөөрүм менен эле душманым да пайда болуп, мени өлтүрүүгө аракет кылган экен. Ошол меймандын кылыгына айран­таң болуп, өмүр бою түшүнбөй келе жатамын деп айтып калат апам,— дейт келинчеги.

— Ой тобоо оой!? Нике кайып деген ушул экенго!? — деп таң калган экен жигит, жаш кезинде болгон окуяны эстеп.

* * *

Ат­Башы районунун Жаңы­Күч айылында Айты аттуу санжырачы болгон. Ал жаш кезинде жолоочулап баратып чоочун аймактагы жалгыз үйгө туш болот. Ал үйдүн келини айылдашы болуп чыгат.Үйгө киргенден кийин келин күйөөсүнө бир нерселерди шыбырайт да, алдыларына бир аяктан жарма коюп кетет.

— Ээ, Күлүмкан, акем келип калыптыр, казан ас, — деп кыйкырат күйөөсү.

— Азыр, — деп коюп, Күлүмкан өз ишин жасай берет.

— Күлүмкан, чый­пый кыла койсоң боло!? — деп дагы үн салат.

— Азыр, — дейт да Күлүмкан дагы эле өз иши менен алектене берет. Күйөөсү андан кийин да бир нече жолу кыйкырат.

— Азыр, азыр,— дей берет Күлүмкан кебелбей.

Акыры тажашканда Айты аттанмакчы болот.

— Кап, тамак ичсеңиз болбойт беле!? — деп үй ээси сыпайгерчилик кылат да, аттандырып коёт. Көрсө алар колунда жок кембагалдар тура. Күлүмкандын акылы менен тамак ас деп опулдай бериптир күйөөсү калп эле. Айты болсо айылга:

— Күйөө бала ченде жок даалдаган жоомарт жигит өңдөнөт. Жанагы кесип алса кан чыкпаган өзүбүздүн карындашта кеп бар экен, — деп келиптир.

* * *

Эсенбай деген адам ала шалбыртта Өмүраалыныкына кирип калат. Кепичинин үстүнө чейин баткак экенин көргөн Өмүраалы:

— Эсеке, чечинип кирсең боло!? — деп коёт.

Эсенбай башка чапкандай кайра чыгып кетет да, оозгу үйгө шашпай чечинип, көйнөк­дамбалчан болуп, эшикти кыңырайта ачып туруп сурайт дейт:

— Өмүраалы аке, эми кирсем болобу же дагы чечинейинби?

* * *

Ушул эле айылдан чыккан Сатыбалды Наматов аттуу баштооч жазуучу, алгачкы агартуучулардын бири (1937­ж. репрессияланган) Москвада окуп жүрүп келсе, сүйлөшүп жүргөн кызы башка бирөөгө сөз берип койгонун угат. Кымыз уулап айылдаштары менен ал кыздын атасыныкына кирип калышат. Ал сөз ушак белем, кыз ыгын таап Сатыбалдыга сайма топу берет. Бирок, Сатыбалды ушакка катуу ишенип калса керек, топуну төрт бүктөп төбөсүн көзөп, ага алакандай кагазга кат жазып сайып туруп кызды карай ыргытып жиберет да чыгып кетет. Кагазга төмөнкү төрт сап жазылган экен:

Калаадан көп жыл окудум,
    Карындаш эми сопумун.
    Кадыр­көңүл калган соң,
    Кадеми катсын топуңун.

* * *

Ушул эле айылда Сары Молдо аттуу такыба адам жашап өткөн. Ал эшекчен бир жакка барып кайра мурунку жолу менен келе жатса жолдо жез үзөңгү жатат дейт. Шарыят боюнча адам бир буюм таап алса, аны колуна алып туруп:

— Бул кимдики, мунун ээси ким?— деп үч жолу кыйкырышы шарт тура. Эшектен түшүп, ээн талаада кыйкырып жүрөмбү деп кете берет. Үйүнө келип түшөйүн десе эле бир үзөңгүсү жок. Көрсө ал эшекке мингенден кийин, карылыктанбы же башка себеби барбы бутун салаңдатып жаш балача коё берүүчү экен. Кайрадан үзөңгүсүн издеп баягы жерге барса, эчак эле аны башка бирөө таап кетиптир.

* * *

Кадыраалы аттуу адам тоодон келсе чалгычылар түшкү эс алууга чогулуп жатышкан экен. Атынын белин сергитмекчи болот да, бирок тердеп келген атынын ээрин алуудан чочулайт.

— Асанаалы аке, аттын ээрин алса эмне болот?-дейт ошол кыязда.

— Жайдак болот,— дептир анда Асанаалы кебелбей.

* * *

Бирөө Сыдык молдодон сурап калат:

— Молдоке, шымды башка жаздаса эмне болот?

— Бийик болот,— деп жооп берген тура молдоке.

* * *

Бир айылдын Нарында турган балдары чогулуп, өздөрү туулуп­өскөн айылдын атын өзгөртүүнү чечишет. Айылга кимдин атын берүүгө келгенде бир пикирге келе алышпайт. Элге кызматы өткөн уулдары аталбай эле, ар кимиси кайсы бир учурда чала актив болгон өз тууганын айтат. Аларды тыңшап отурган Абдылда:

— Ой балдар, кыйналбай эле менин атымды койсоңорчу. Баягы жылы бир отурганда эле бир козунун этин бүт жеп, тогуз бөтөлкө аракты томолоттум эле го!? — деп аларды сөзгө жыккан экен.

КСЭнин Башкы редакциясында Бектурган Абылгазиев (1939-94) аттуу адам редакция түзүлгөндөн (1968, сентябрь) өмүрүнүн акырына чейин (1994, декабрь) иштеген. Ал чукугандай сөз тапкан, табы менен тамаша айткан, бирок сөзгө сараң, зымга тарткандай сымпыйып жүргөн адам эле. Иштермандыгы, ак ниеттиги, чынчылдыгы, тыкандыгы, калыстыгы, тактыгы, тазалыгы менен жамааттын урмат­сыйына татыган. Өзү абдан эле арык болсо да бакырайган көздөрү, кырдач мурду өзүнө абдан жарашып, жаш, сулуу көрсөтүп туруучу.

 

Бектурган базарга бара жатса алдынан теңтуш келин чыгат.

— Кайдан?

— Базардан.

— Эмне алдың?

— Тоок­поок эле.

— Мендей тооктор канча экен? (Арык, кичинелери дегени). Келин күлкүсүн тыя албай жолуна түшөт.

 

Жыйналыш башталып калганда Сабыр аттуу (ал да өтө арык) аксакал кирет. Орун издеп бир азга аялдай калат. Анда ары жакта отурган Бектурган:

— Аксакал, бери келиңиз, экөөбүз бир кишидей болуп отуруп алалы,— дегенде эл жыйналышты унутуп дуу күлүп жиберет.

Түшкү тыныгууда кызматташтар эшик алдында бирин­бири чымчып, азилдешип турушат. Бектурган алардын тамашасына күлүп коюп гана тура берет. Анда Мурат (Кошоев) аттуу адам:

— Ээ Бектурган, сен эмне сүйлөбөйсүң?

— Сага окшогон тапандардан сөз артпай жатпайбы.

* * *

Тоо арасындагы бир мектеп. Класста география сабагы:

Мугалим: — Жер тоголок...

Окуучу: — Агай, анда биз неге тоголонуп кетпейбиз?

— Эки жагың тоо болсо каякка тоголонмок элең!

* * *

Мугалим окуучуларга Б тамгасын үйрөтүп жатты:

— Кана балдар Б менен башталган сөзгө мисал келтиргилечи.

— Ботинка, агай!-деди бирөө.

— Жакшы, жакшы, дагы ким айтат?

Анда жаштайынан эле тапан чыккан бир окуучу айтат дейт:

— Бардык балдардын, байкелердин буттарындагы, Бишкектин базарларындагы башка батинкелер, ботастар. Бийкечтердин буттарындагы баштары балпайган босоножкалар. Байбичелердин буттарындагы бозоргон байпактар.

* * *

Мектепке жаңы келген баланы кабыл алып жатып, мугалим:

— Төрт амалды билесиңби? — деп сураса.

— Агай, мен көп эле амал билем, — деп жооп берген тура такымын жеген тапан окуучу.

* * *

Апасы: -Чакырган конокторубуз мынча эмне кечигишти?

4 жашар кызы: — Анда тезирээк күтпөйлүбү?

* * *

4 жашар Лазат: — Биз түндө жаңы жыл тостук.

4 жашар Гүлбарчын: — Биз да тостук, бирок эч ким келбесе деле, Жаңы жыл келди деп мени алдап коюшту.

* * *

— Сен эжекеңдин тилин ал, макулбу?

— Албайм!

— Эмнеге?

— Мен алып алсам, ал тили жок калбайбы!?

* * *

Автобуска кирген кемпир жаш жигитке:

— Местоңду берчи балам, бутум оорулуу эле, — деп калды.

Анда жигит кебелбей: — Тилибизди кор кылбай, же чисто орусча, же чисто кыргызча сүйлөбөйсүзбү апа!— десе болобу. Орунга “ыраазы” болгон кемпир үн­сөзсүз терс бурулду.

* * *

— Эмнеге сакал коюп алгансың?

— Сага окшогондор автобустан орун берсин деп.

 

Машинесин жаңыдан сырдатып келгенин көргөн таанышы:

— Машинең ак кейиптенди беле, эми көгөрүп калыптыр го!?

— Бир эле жерде жүрсө ушинтип агарып­көгөрөт тура (көрсө тиги улам иш которуп, күлү бир жерге додо болбогон берен тура).

 

Адвокат ууруга: — Сизди актап чыксам мага эмне бере аласыз?

— Торпок берем адвокат мырза.

— Эми айтыңызчы, эмне уурдап кармалдыңыз эле?

— Торпок.

 

Заказ берүүчү:

— Костюмдун бою өтө эле узун,

— Бычып коюптурсуз шөлпөйтүп ийин тушун.

Бычмачы:

— Мен аны туура эле тиккем,

— Күнөөнү фигураңдан издең.

 

Кошунасы:

— Туулган күн өткөрөсүңөрбү же тойбу?

— Дасторконду жайнатыпсың... арак­шарап...

Үй ээси:

— Электрикти чакырдым эле үйгө,

— Эки жумадан бери электрдин жоктугунан жадап.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Кадыров Ы. 2002. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 3204