Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Публицистика
© Кадыров Ы. 2002. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 2-октябры

Ысмайыл КАДЫРОВ

Сен кимсиң, аялзат?

Макалалар

«Чымчым аңгемелер, чырылдаган ойлор» китебинен алынды. Ы. Кадыровдун бул проза жыйнагына негизинен ар кайсы учурда мезгилдүү басма сөздөрдө жарык көргөн айрым аңгемелери, эсселери, фантастикалары, сатиралары, публицистикалары топтоштурулду. Автор мурда 3 ыр жыйнагын окурмандарга тартуулаган.

Кадыров Ысмайыл. Чымчым аңгемелер, чырылдаган ойлор. – Б.: Бийиктик, 2002. – 64 б. Нускасы 500 даана

ББК 84 Ки 7-5
    К-13
    ISBN 9967

 

ПУБЛИЦИСТИКА

 

СЕН КИМСИҢ, АЯЛЗАТ ?

Чынында эле сен кимсиң аялзат?! Балаң үчүн карууңду казык кылып түн уйкуңдан, күн тынымдан кечип, кара чачың куу болгуча кара жаныңды карч урган, күйөөңдүн токмогун жеп алып, ал ооруп калса же башына иш түшсө кайра эле ага үйрүлүп түшкөн, анын намысын коргогон камкорсуңбу!? Же ажылдап атып аны аракечке айланткан, аялзатына таандык назик мүнөзүң калып, ал бир муштаса сен эки муштап эрегишкен, акыры аны бычак көтөргөнгө же муунуп өлгөнгө аргасыз кылган канкорсуңбу!? Деги сен кимсиң?! Үй­бүлөнүн куту, ыйык мээрман эне, жаншерик жарсыңбы? Мажнун болгон жигитиңе колу жеткис Айсыңбы? Же айтып келатышкандай эркекке эрмек болуу үчүн анын кабыргасынан жаралган кадыресе эле бир жансыңбы? Көптөгөн чыгармалар сени кол жеткис бийиктик катары даңазаласа, айрымдары жериңе жеткире жамандашат. Көптөр сен дегенде акылдан адашат, жеткенден кийин жекире карашат. Сени коргоп да, кордоп да келишет. Деги сен кимсиң?

Адамзат жаралганы эле сага карата түрдүү пикирлер айтылып келет. Ал түгүл орто кылымда Европанын бир жеринде “Аял адамбы же адам эмеспи?” деген талкуу жүргөнү, акыры аял адам эмес деген пикирге келишкени эсиңдеби? 1595­ж. Албанияда “Аялдын адам эместиги жөнүндө” деген китеп жарык көргөнүн билесиңби? Ал эми 19­кылымдагы немец философтору Артур Шопенгауэр сени казга, Фридриц Ницше мышыкка окшоштурганы жөнүндө кабарың барбы? Бир аялдын көп күйөөгө тийүү фактысы бар болсо да, ал океандын тамчысындай эле болгон көрүнүш эмеспи. Ал эми эркектердин көп аял алышы атамзамандан эле бардык элде кездешээри белгилүү. Муну макул кыз­келиндердин саны көп болгондугунан деп коёлу, ал эми аялдардын паранжы жамынганын, күйөөлөрүнөн бейкүнөө эле токмок жегенин ж.б.у.с., башканы коюп өзүбүздүн эле айтылуу Ормон уулу Үмөтаалы мылтыгынын түздүгүн сынаш үчүн аялдарын атып ойногонун кантип жашырабыз. Мындай мисалдарды, фактыларды жүздөп, миңдеп келтирүүгө болот го. Кызды бала катары эсептебей дароо көөмп салган элдер да болгон тарыхта. Кыргыздар деле кыз төрөлсө кубанбастан кырк жылкы аташкан. Ошол эле Ормон хандын тушунда Бектен деген зөөкүрдүн аялы (ал кадимки Жантайдын кызы болгон экен) кыз төрөсө “кийин бирөөнүн катыны дедиртип кыз күтпөйм!”— деп жаңы төрөлгөн кызды күзгү суукта коргондун кырына таштатып койгону, ага айбат көрсөткөн аялын жыга чаап өлтүргөнү бүгүнкү күнгө чейин эл оозунда айтылып келет.

Айтор матриархаттан патриархат дооруна өткөн мезгилден баштап эле аялзатынын коомдогу орду кемсинтилип, үй­бүлө чөйрөсүнө чейин төмөндөтүлүп келген. Аял бала төрөп, үй жумушун жасаганга гана ылайыктуу деп эсептешкен. Аял менен эркектин ортосундагы теңсиздик, аялдарды басмырлоо бүгүнкү күнгө чейин улантылып келүүдө. Буга “алтын баштуу аялдан бака баштуу эр артык” деген пикир да күбө. Ошондой болсо да аялдар ар дайым эле басмырланууда болгон дегенибиз акыйкатсыздык болор. Дүйнөдөгү бардык прогрессивдүү күчтөр, диндер аялзатын ардактоого, аларга астейдил мамиле жасоого чакырат. Жер жүзүндө аялзатын даңазалаган, аны урматтоого чакырган көптөгөн уламыштар, дастандар, айтор көркөм чыгарманын бардык түрү жашап келет. Аялзатына эне катары болгон мамиле эзелтеден эле өтө ыйык болгон, айрыкча акылы тунук, баатыр аялдар ардакталып келген. Алардын эрдиктерине, акылгөйлүгүнө эркектер ар дайым баш ийип, астейдил мамиле жасашкан, коомдогу өздөрүнө татыктуу ордун ыйгарышкан. Алардын акылына, даанышмандыгына тан беришип, артында аңыз кеп калтырышкан. Акындар ыр чыгарышып, сүрөтчүлөр керемет сүрөттөрүн тартышкан.

Айрыкча 20­кылымда аялдар азаттыгы маселеси алдыңкы планга чыккан. 1910­ж. Копангагенде өткөн социалист аялдардын 2­конференциясында К.Цеткиндин сунушу менен экономикалык, социалдык жана саясий тең укуктуулук үчүн күрөштө аялдардын тилектештик күнү — 8­март аялдардын эл аралык күнү катары киргизилген. 1945­ж. расасына, улутуна, диний ишенимине жана саясий көз карашына карабастан көпчүлүк өлкөлөрдүн аялдардын тең укуктуулугу үчүн, аялдар менен балдардын абалын жакшыртуу үчүн, тынчтык, демократия жана элдердин көз карандысыздыгы үчүн Аялдардын эл аралык демократиялык федерациясы түзүлгөн. Буга 114 өлкөнүн 129 аялдар уюму бириккен. 1975­ж. БУУнун Генеральный ассамблеясы “Бүт дүйнө аялдарынын он жылдыгын” жарыялаган. Анын негизинде БУУ 1979­ж. “Аял менен эркектин ортосундагы теңсиздиктин алдын алуу максатында аялдарга болгон дискриминацияны жоюу тууралуу” конвенция кабыл алган. Көп өлкөлөрдө аялдар комитеттери, аялдар уюмдары түзүлгөн. Акыйкаттык менен айтсак мурдагы СССР жаралган күндөн тартып эле гендердик саясатка көңүл бурган. Совет бийлигинин алгачкы күнүнөн баштап аялдар маселеси 1­планга коюлуп, көңүл чордонунда болгон. Токол алууга, кызга калың берүүгө, 16га жашы жете элек кызды никеге каттоого катуу тыюу салынган. Жашы жетпеген кызды аялдыкка алгандар аёсуз жазаланган. Аялдар коомдук ишке тартылган. Натыйжада кыз­ келиндер илим­билимге жетишкен, алды академик болуп, дүйнөлүк проблемаларды чечүүнүн үстүндө иштесе, айрымдары эл башкарган, аялдар эмгектенбеген эл чарбасынын бир да тармагы болгон эмес. Согуш мезгилинде да аялдар коомдогу зор күч болгон. Андан кийинки мезгилде да өндүрүш тармактарында иштегендердин басымдуу бөлүгүн кыз­келиндер түзгөн. Ошентип түрдүү доордо аялдарга карата түрдүүчө концепциялар болгон. Кыргызстан өз алдынча эгемендүү мамлекет болгондон кийинки алгачкы учурдан баштап эле аялдар маселеси алдыңкы планда туруп келет. 1996­ж. Кыргызстанда Аялдар жылы деп жарыяланган. Улуттук “Аялзат” программасы иштелип чыккан. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасы аялдарды басмырлоого жол бербөө боюнча эл аралык Конвенцияларды ратификациялаган. “Баатыр эне”, “Кутман эне”, “Энелик даңк” орден­медалдары мамлекеттик сыйлык катары берилет. Аялдарды Өкмөт иштерине тартуу боюнча Кыргызстан дүйнөдө Швециядан кийинки гана орунда турат экен. Бизде “Мээрим” фондусу, Аялдар конгресси баштаган абройлуу уюмдар иш жүргүзүшүүдө. Ошентсе да бүгүнкү күндөгү экономикалык кыйынчылыктын кесепетин эң ириде аялдар тартып жатканы да жашырын эмес. Совет мезгилинде көптүн арасында, көчтүн карасында жүрүп, эптеп айлык алып келген адамдар бүгүнкү жашоо ыңгайына жараксыз болуп, жаңыча жашоого ийкеми келбей, алсыздары арактын артынан түшкөн. Натыйжада үй­бүлө түйшүгү бүтүндөй аялдардын мойнуна түшүп, азыр базарда отурган да, өлкөдөн өлкөнү кыдырып, өгүз көтөрө алгыс жүктөрдү ташыган да, жан айласынан аргасыз шуркуяга айлангандар да кыз­ келиндер. Жайкы ысыкта, кышкы суукта ден соолуктарына карабай жан багуунун айынан базарда жүргөн, айылдарда витаминсиз тамак ичип, чай­нан менен гана жан сактаган аялдар төрөгөн балдар майып, дендароо, жок эле дегенде чабал болорун турмуш эчак далилдеген. Ал эми колунда барлардын кыздары барчылыктын баш айлантмасынан арак менен тамекиге шугулданып жүрүшсө алардан деле дени соо бала төрөлөрү күмөн.

Буга чейин адамды мыйзамсыз саткан өлкө Таиланд менен Филиппин болуп келсе, бүгүн мурдагы СССР аймагында элдердин кыз­келиндери сойку базарында соодага айланды. Расмий маалымат боюнча 1999­ж. Кыргызстандан 8 миң 367 аял, анын ичинен 1881и чет өлкөлөргө кеткен. Бажы инспекциясы менен Тышкы иштер министрлиги аялдарды жашыруун алып чыгуу боюнча 200 учурду каттоого алган. Бирок, жүргүзүлгөн иликтөө бул сандын алда канча көп экендигин, чет өлкөгө сойкулукка сатылган аялдардын саны 1999­ж. жок эле дегенде 4 миңди түзгөнүн көрсөткөн. Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин расмий маалыматы боюнча бир гана Араб эмираттарына сойкулук бизнеси үчүн 1999­ж. миңден ашуун кыз алынып кеткен (Кутбилим, №10,16.03.2001)”. Ушул гезиттик маалымат республиканын калкынын келечеги коркунучтуу боло баштаганын каңкуулап турган жокпу!? Шуркуяга айланган, ичкиликке ооган кыз­ келиндерге катуу мыйзам, жаза керек. Ошол эле учурда кыз­келиндерди эле бир жактуу күнөөлөй бербей аларды бузган, азгырган, алдаган, акыры ошол абалга жеткирген эркектерди да таап жазалоону колго алуу жолдорун изилдөөгө мезгил жетти. Кыздарды чет өлкөлөргө ишке чакырган гезиттик рекламаларды текшерүү, Интернет аркылуу таанышууларды иликтөө, далдалчы сутенерлерди таап, жаза колдонуу ж.б. чараларды көрүү жолдорун ойлонуу зарыл. Сойку кыз­келиндерди кубалоо менен эле чектелбей, аларды сергек коомго тартуунун башкача жолдорун табуу абзел. Антпесе элдин келечегине доо кетет. Азайып, мажестенип калгандан кийин элдин кайра ар тараптан дүркүрөп өсүшү күмөн. Далай тагдырды кечирип, ушул мезгилге жеткен кыргыз жок болуп кетпес. Бирок, бүгүнкү кыз­келиндердин абалы, б.а. ден соолуктарынын бузулуп жатышы, көр турмуштун айынан балдарына жеткилең тарбия бере албай, жеткинчектердин нарк­ насилден куржалак калышы ж.б. эртеңки күнгө сөзсүз залакасын тийгизээри турган иш. Анткени, баланы төрөгөн да, ага тарбиянын башатын берген да аялзат. Эрди эр кылган да, жер кылган да аялзат. Бир тууган менен бир тууганды, эл менен элди табыштырган да, чабыштырган да аялзат. Демек, элдин келечеги аялзатына гана жараша болот.

 

АБАМА КАТ

Ырас, агасына акыл айтуу салтта жок болсо да, улуулук баа­баркын, нарк­насилин сактабаган, айрым көңүл иренжитерлик жоруктары мени абама кат жазууга аргасыз кылып туру. Анын үстүнө, бул көптөгөн кыргыздарга мүнөздүү көрүнүш.

— Аба, сага коё турган биринчи дооматым — ичи тардыгың. Өзүңдүн акылың толуп, жашың өйдөлөп калганын эске алсаң обол ичи тардыгыңды ташта. Бирөөнүн жеке ийгилигин кой, эл үчүн жасаган эмгегин да көргүң келбей турганын көп байкадым. Ал муну бекер жасаган жок деп, арт жагынан криминал издеп турасың. Бардык жакшы жактарыңды ушул ичи тардыгың көлөкө түшүрүп көрсөтпөй турса, бардык жаман адаттарыңдан ушул сапатың миң эсе ашып түшүп турат. Жакында эле алакандай кыргызды алтыга бөлүп, биздин райондон эмне бир депутат чыкпайт, татыктуу балдар жайнап атпайбы деп бакылдабадың беле. Эми айылдашыбыз районго аким болсо, дароо анын тексиздигин, кайындарынын аркасы менен көтөрүлүп жүргөнүн, аялы кыйын экенин, ал деле жеп­ичкенден башкага жарабасын “далилдеп” жибердиң го. Дагы бир айылдашың китебин чыгарып, экинчиси илим кандидаттыгын жактаган экен, аларды жерден алып жерге, көрдөн алып көргө чаптың. Алардын байманасы ташыгандан ошенткенин, биринин китебинде “пок” да жок экенин, экинчиси илимге кенедей да салым кошпогонун айттың. Алар маңдай терин төгүп, жандарын үрөп жүрүп ошол эмгектерин жасаганын, алардын элге пайдасы тийип жатканын билип эле турсаң да билгиң келбейт. Андан көрө алардын эмгектерин окуп көрүп, алың жетсе ийгилик­кемчиликтерин айтсаң кубанып калбайт белек. Ушул ичи тардыгыңдан кол жуумайын өзүң да, балдарың да, сени көргөн жаштар да өсүп­өнбөйт. Кыргыздын жолун тороп турган айрымдар айткандай аракечтиги, же башка терс сапаты эмес, эң оболу ушу ичи тардыгы аба. Алсак, өзүбүзгө керексиз болуп калган, бирок колдонууга жарактуу бир буюмду керегине жарата алчу башка бирөөгө ыраа көргөндөн көрө сындырып салганды, же таштандыга ыргытканды артык көрөрүбүздү кантип танабыз. Жакшыны ак дилден колдомок тургай, анын ийгилигин көралбай кыжырыбыз кайнап турат. Бул көпчүлүгүбүзгө мүнөздүү көрүнүш.

— Экинчи дооматым — уруучулдугуң. Аба, мен сени патриот деп жүрсөм, абдан жаңылышыптырмын. Өтө майдаланып кеткен жан экенсиң. Урууну урукка, урукту айылга, айылды көчөгө, көчөнү аталарга бөлүп карайт экенсиң. Ушундан кийин өз үй­бүлөңдү деле бир нече “сортко” бөлөрүңө ишенип калдым.

— Үчүнчү дооматым — кекчилдигиң. Түз эле айтсам качанкы бир кекти унутпай Ормондун кунундай узартуудан же Чубактын чуусундай чубалтуудан пайда жок. “Эр жигиттин ичине ээр токумдуу ат батат”, “атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер” дейт кыргыз, “бирөө менен урушсаң жууган жүз аарчың кургагыча кайра элдеш” дейт мусулман дини. Бир болбогон иш үчүн жакын эле тууганыңы өмүр бою кектеп жүрүп, ал өлгөндө топурак салганы барып, “жакшы адам эле” дегениң курусун.

— Төртүнчү дооматым — жалкоолугуң жана уурулугуң. Өзүңдүн катарыңда эле жашап жаткан эки кошунаңды карачы. Алардын чарбактарында картөшкөдөн кара өрүккө чейин өнүп турбайбы. Чарбактарынын топурагы да, арыктагы суусу да сеники менен бирдей эле шартта. Алар жерди тытмалап, балдарын мыкты эле багып атышат го. Айдаган картөшкөсүн, баккан малын сатып, балдарына там салып, машине алып берип атканын өз көзүң менен көрүп турбайсыңбы. Ал эми сенин чарбагыңда болсо айдап койгонсуп коко тикен менен куурай, үйүңдүн бети түлөгөн тайлактай болуп, ар кай жеринде гана шыбагы калган. Анан дагы бетиң чымырап койгондун ордуна каш карайгандан кийин жыла басып, алардын чарбактарынан картөшкө казып келесиң, өзүң айдап койгонсуп. Бирөөнүн акысын жеген күнөө экендиги мамлекет мыйзамында да, дин китептеринде да жазылып турганын менден жакшы билесиң. Элдин баары эле уурдап атпайбы дээрсиң. Эл ичиндеги жакшы нерселерди көрбөй, айрымдардын жаман сапаттарын бетке кармаганыңа жол болсун. Андан көрөкчө ак жашоого аракеттенсең өзүңө эле жакшы болбойбу. Мындай майда­чүйдө уурулугуңду айта берсем түгөнбөс. Деги кайсы бир жоругуңду айтайын. Анан бирөө бирдеме десе жоктон башканы айтпайсың. Учурду бет парда кылып кармайсың. Өзүңдүн жалкоолугуңду билбей “жардам бербеген өкмөттү”, айтканын аткарбаган депутатты тилдегидей болсоң тилиңден чаң чыгат. Деги жолуң болсун аба. Антип басып жүрө берсең сенин чарбагыңды эч ким келип айдап бербейт. Андан көрөкчө Бишкектеги уулуңду чакырып, алакандай чарбагыңды элчилеп иштетсең эле канга салам бербей жашайт элең. Бишкектеги “коммерсант” уулуң деле жарып кеткен жок. Көчөнүн бурчуна төрт тамеки, бир баштык чемичкени алдына коюп, керээлди кечке отурат сокуюп. Ушул сомодой жигиттин кылар ишиби. Бу да болсо жалкоолукка көндүргөн сенин тарбияң да. Анан дагы аны өзүмчүлдүккө, шылуундукка үйрөткөндүгүңө жол болсун. Аны адал жүрүүгө, ак сүйлөөгө үндөгөндүн ордуна, спиртке кантип суу кошконду, ичилген чайдын чамесин кургатып туруп кайра сатканды, деги койчу үйдөн (тамдан) баштап тиш жуугуч пастага чейин кандайча жасалмалап сатып, бирөөнүн убалына калууну үйрөткөнүңдү укканда жандан түңүлдүм. Эгер дипломуң болгондо эчак эле эмгек сиңирген ойлоп табуучу, рационализатор же атактуу химик болмок окшойсуң.

Андан кийинки сага коё турган дооматым — ичкичтигиң. Эртең менен жаман чапаныңды жонуңа илип кызматтан кечикчүдөй дүкөндүн алдына жөнөйсүң. Ал жерде саясатты саймедиресең тим эле республиканы, облусту, районду башкаргандар, мыйзам жазган депутаттар, ал түгүл дүйнөдөгү атагы ааламга кеткен адамдар менен күндө чогуу жатып, чогуу туруп жүргөндөй сүйлөйсүң. Сенин “лекцияңды” оозу ачылып, шилекейи чубурганча уккандардын арасынан кээде илгерки Жээренче чечен уулу Төлөмырзанын калпын оңдогондой бирди жарымы чыга калса, ага деле моюн бербейсиң. Сенин сөзүңө муюп алгандар сени эле депутат кылып алгылары келип кетишет. Көөдөнүңдү көтөрүп мактангыдай болсоң жаныңа киши туралбайт. Ар жакта көчүгүң көрүнүп жатканы менен ишиң жок. Анан өзүң психолог болуп да бүтүпсүң. Бирөөнүн бир нерсесин байкап калсаң, аны мактап­жактап атып, бир бөтөлкөгө жыкканга машсың. Ал түгөнө электе экинчисин да “өндүргөнгө” үлгүрөсүң. Күнүгө ушу. Мындай учурда өзүңдүн кичүү балаң менен тең балдарга да теңтуш болуп аласың. Үйүңдө балдарың ачка отурганы менен ишиң да жок, кечинде үйүңө эптеп жетесиң темтеңдеп. Анан дагы бапыратып жыйып койгонсуп, тамагың кана дегениңчи жеңемди күйгүзүп. Мына ушул жоругуң менен эле жаштарга кандай үлгү көрсөтүп, аларды ичкиликке жакындан үндөп жатканыңды деги качан түшүнөөр экенсиң!?

Эми мындай дооматтарымды айта берсем түгөнбөс. Анын үстүнө менин акылым деле кулагыңдын сыртынан кетээрин билем. Деги балдарга баш­көз болуп, карылык насаат айтчу, өзүң өрнөк болчу куракка эчак эле келгениңди гана эскертип койгум келди. Өз акылың өзүңдө. Менин бир гана суранычым, ушул сага багыштаган катымды аягына чейин окуп кой. Чындык ачуу болсо да түбөлүгү түс эмеспи, мүмкүн кичине ойлонуп калаарсың. Айткандарымды туура түшүнсөң да, түшүнбөсөң да, мени кечирсең да, койсоң да өзүң бил аба !

* * *

Жан дүйнөсүн жаңыласа, козгосо,
    Жазгандарым жалгыз эле кишинин.
    Эмгегимдин акыбети кайтканы,
    Өтөлүнө чыгып кылган ишимин.
    Бирдики онго, ону жүзгө уланар,
    Анда эле мен эң бактылуу кишимин.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Кадыров Ы. 2002. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 4774