Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Аскаров Ч., 2004. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 22-октябры

Чынтемир АСКАРОВ

Атаман уурулардын тагдыры

(повесть)

Жазуучу, акын Аскаров Чынтемирдин «Сүйүү баяны», «Белгисиз кыздын махабаты» аттуу прозалык китептери окуучулар тарабынан жылуу кабыл алынган. «Атаман уурулардын тагдыры» повестинде ата-эненин тарбиясын көрбөгөн жаш баланын уурулук жолуна кандайча түшүп, аягы оор трагедия менен бүткөнүн автор ишенимдүү берген. Бул китепти колуна кармап окуган ар бир окурман аягына чыкканча ынтаа менен окууруна ишеним бар.

Аскаров Ч. Атаман уурулардын тагдыры. Б.: – 2008. – 188-б. китебинен алынды. Нускасы 200 даана

УДК 821.51
    ББК 84Ки 7–5
    А 92
    ISBN 978–9967–24–816–2
    А 4702300200– 8

 

Кубандык үйдүн астындагы секичеде куш жаздыкты чыканагына коюп, тээ бир убакта үйрөнгөн «Алмашым» деген ырдын обонун сызылта ышкырып, эч нерседен капарсыз, көңүлү бир башкача кушубак болуп отурду. Аялы арыраакта эле казанга эт салып бүлкүлдөтө бышырып отурат. Чиркин, бул дүйнө кээде оттон алып чокко салса, кээде жылдызыңды жаркыратып рахатка балкытып коет. Кубандык дал ошол жан дүйнөсүн балкытып рахатка кабылып отурганы бекеринен эмес. Көптөн бери коркунуч коштолгон уурулук иштерден алыстай түштү. Анын үстүнө «бөрү» достору «Ден соолугуңузду чыңдап алыңыз. Карачы Карасай жайлоосу жердин бейиши турбайбы. Биз деле азырынча иш жүргүзүп, кезек-кезек келип кол берип турабыз»,– деген. Айрыкча тынч жашоо сергектентип жибердиби айтоор жүрөк оорусу да кармабай шайдооттоно түштү. Ошондо кайнатасы Алыкенин сөзү кулагына жаңырып жаткандай болду: «Адам келечегин карап жа¬шайт. Ал эми ууруда келечек жок. Эгер буга чейин уурулук кылсаң, мындан ары таштасаң да жаман эмес. Тынч жашоонун өзү чоң дөөлөт» деген. Анан өзүнүн айткандарын эстеди: «Эгер тигилерден аман-эсен кутулуп кетсем, эл катарына кошулуп, ак мээнет менен жашоого аракеттенем». Бирок кайнатасынын астында берген убадасын аткарбай келет. Канчалык «бөрүлөр» уюмунан чыккысы келген менен аларга чечкиндүү эч нерсе айталбады. Атаман катары сыйлап, бөжөңдөп кулдук уруп турушканына жүрөгү жумшара түшүп, дагы иштеп турайынчы, убакыт өзү көрсөтөр деп тим болот.

Кечээ жакында эле Казакстандан Желмаян келип он миң доллар акча таштап кетти. Алар апкелген акчаларды Кубандык сейфге салат да, каякка жумшаарын ойлоно баштайт. Кадыр баркы алыска кетип түндүгүнөн акча куюлуп турган убакта секичеде отуруп «Алмашым» ды сызылта ышкырынып отурганы ушундан.

Мына Төөкуш да машинасын айдап келип калды. Ал чалкалап жаткан Кубандыкка келип салам берип, салынган төшөктүн үстүнө отурду.

– Кандай Төөм? Эми келдиңби? Эмнеге кечиктиң?!. Кубандыктын ачуусу келгенин көрүп, Төө бозоро түштү. Мындайда андан жакшылык күтүүгө болбойт. Каяша кылдың дегенче жарык дүйнө менен кош айтыша бер. Бычагын кынынан сууруйт да атып калат. Ошол жерде эле жан бересиң. Бирок көңүлү куунак отурган Кубандык анчалык катуу ишке кете албады.

– Кечириңиз,– деди Төөкуш,– Он беш топозду саткандан кийин сиздин кайда экениңизди билбей калдык. Акча деген акча. Суудай агылып кете берет экен. Чөнтөгүбүз жукарганда гана кайрадан чогултканыбыз ушу болду,– деп акча салган сумканы Кубандыкка жылдырды.

– Бул канча?

– Үч жүз миң.

– Бали, түгөл апкелген турбайсыңбы! Мына жүз миңин силер, үчөөңөр бөлүп алгыла, – деп бир таңгак акчаны Төөкушка ыргытты. Төөкуш жүз миңин кайрып берет деп ойлонгон эмес. Акчаны кеч апкелгенине күнөөлүүдөй болуп башын шылкыйтып отурган. Эми бозоргон жүзүнө кызыл кирип, Кубандык менен чер жазыша сүйлөшүп отурду.

Алардын күлкүлөрү калың чыгып, көңүлдүү отурушкандыктарына Зейне да курсант. Ошондонбу оттун башында күйпөлөктөп жүргөнү менен ал да бир нерселерди болор болбос үн чыгарып ырдап коет.

Төөкуш тамакка аярлабай, чай ичери менен кетип калды. Кубандык баятан бери жанында ойноп жаткан эки жашар баласына эми гана көңүл буруп, колтугунан көтөрө сала алдына отургузду. Аталык мээрими агылып «Менин балапаным, менин орунбасарым, менин алтын туягым» деп элжиреп эзилип кетти. Зейне муну көрүп жылмайып күлдү да:

– Көбүрөөк эркелете бербесеңчи акеси. Кийин эрке болуп, гулиган болуп чыкпасын. Анда шорубуз шорподой кайнаганы ошол. Өзүбүзгө атылып балээ болот.

– Эй жаман катын, сен эмнени билесиң. Балаң шок болсун, шок болбосо жок болсун дээр эле агам. Ошол сыңарындай шок болгону жакшы. Эч кимге жемин жегизбей, кайра бирөөнүн жемин тартып алат!

– Сөзүмдү жактырбай кызарып-татарып алыпсың да, койдум эми, койдум,– деди Зейне.

Тамак жеп бүткөндөн кийин Зейне идиш аягын жууп жатканы менен улам көз кырын салып күйөөсүн карап коет. Бат эле баласын эсинен чыгарып ойлуу отурду Кубандык. Ооба, ойлуу эле. Кудай таалам бул жаркылдаган, кайгы капага кабагым кашым дебеген жарына качан жана кайдан жолукканын бир баштан ойлоп жатты...

...Мындан мурдараак жылдары ээн жайылып жүргөн аттардын төртөөн кармап, он беш топозду айдап кетишкен. Анын жиги билинбей акчага карк болушкан эле. Азыр жакшылап санап көрүшсө андан бери беш жылдай убакыт өтүптүр. Кынуу алган топ кайрадан баягы жерге келишти. Аттар да, топоздор да жер ооштурган менен Жайыктөрдүн беткейинде мурдагыдан аз эмес малдар ээсиз жайылып жүрүптүр. Такшалган уурулар бат эле төрт атты кармап, жыйырма баш топоздорду айдап жөнөштү. Артынан кууган куугунчулар жок ыраса оңтойлуу болду бейм, шашылбай айдашып ире-ширеде Суусамыр жайлоосуна жете келишти. Бийик тоонун аркы белине малдарды таштап коюп, кылда чокудан өздөрү жай алышты.

Жайдын түнү айтса айтпаса да укмуш! Тоо гүлдө¬рүнүн жыты айдарым соккон жел менен келип мурдуңдан өрдөп жан сергитет. Жол жүрүп чарчанып калган төртөө күн көтөрүлө бергенде гана уйкудан турушту. Тура калып аттарды карашты. Аттар тушалуу эле. Алыс кетпей ордунан козголо элек топоздордун жанында оттоп жүрүшүптүр. Көңүлдөрү куунак бар тамактарын ортого коюп жеп, ичип отурушту. Чындыгында мындан ары бара турган жери эки сааттык эле жол. Аерге жетсе эле малдар союлат да, машинага жүктөлүп Ош базарына кирип барышат. Бирок үч уктаса түшкө кирбеген иш. Жылга менен өткөн жолдо милициянын машинасы токтоп турат.

– Изибизге түшкөн экен шүмшүктөр! – деп Кубандык ызырынып алды. Машинадан пагондору бар алтоо түшүп эки жакты карап турушат.

– Эмне кылабыз Атаман? Кармала турган жерибиз ушер экен го,– деп Төөкуш алаңдады.

– Акмаксың Төөкуш! Төрт тарабың тең куула болуп турса кармалган жерибиз ушу дейсиң!

– Машинадан алты адам түшпөдүбү. Баардыгында тең курал бар. Бизди аяп коебу. Көрүп калса эле баарыбызды чымчык аткандай торойтот.

– Жүрөгү жок айба-ан! Мындай иштерди башыңдан өткөргөн жок белең? Былжырабай малдарды айда. Жылгадагы карагандын түбүнө барып мени күткүлө. Мен буларды алаксытып турайын.

– Сиздин мында калганыңыз кооптуу. Ошондуктан биз сизди жаңгыз таштап кете албайбыз. Андан көрө куруп кеткир бул топоздорду таштап атты минип качалы. Тиги менттер өздөрү жейби, ээсине айдап береби алардын иши. Кетели Атаман?..

Кубандыктын өңү өзгөрүлүп, жини кайнап чыкты.

– Силерге эмне деп жатам! Айттымбы болду! Жөнөгүлө!..

Менттер шашылган жок. Жылгадагы сууга барышып, бел курчоосуна чейин чечинишип жуунушту. Дасторконду жайышып тамактанышты. Каткырып сүйлөшүп отурушту. Бул арада тиги уурулар жылгадагы топоздорду айдап бийик чокулуу тоодон ашып кетишти. Буга ичинен сүйүнүп, Кубандык чөптүн арасынан тигилердин кыймыл аракетин карап отурду.

Менттер дасторконун жыйнашып, топтолуп калышты. Сөөмөйлөрү менен жаңсашып бир демелерди айтып жаткансыйт. Бирөөнүн кабинадан дүрбү ала чыкканын көрдү. Дүрбүнү дароо Кубандык жакка түздөдү. Кубандыктын караанын байкап калдыбы өз ара дүрбөлөңгө түшүп калышты. Кубандыктын жүрөгү оозуна каптала түшүп «кудайым, эми жаратканың чын болсо, жар боло көр» деп колун көктү созо жалынып жалбарынып жиберди.

Кубандык «эми эмне кылуум керек?» деп катуу ойлоно баштады. Болгону канжыгасында эки учтуу бычактар бар. Аны жакын аралыкта гана пайдаланса болот. Ок менн теңештирүү кайда. Кокус бирме бирге келип калса бычактын зор мүмкүнчүлүгү бар.

Ошентип менттер дүрбөлөңгө түшүшүп, кээде ок атышып, Кубандыкты көздөй жөнөп калышты. Кубандык эми бардык акыл, ою менен иштөө керек. Канткен менен өмүр же түрмө башка келип турбайбы.

Менттер жол тандабай түз эле өйдөгө бет алышып келатат. «Жакындай бергиле, эми көргүлүктү көрөсүңөр» деди ичинен. Чоң-чоң таштарды жыйнап кулатып кирди эле тоо ичи дүңгүрөп кетти. Шагыл таштар сел сыяктуу агылып бешөө тең таш бараңга туш болушту. Тоонун бети чаңып кетип, бир аздан кийин тигилердин карааны көрүнө баштады. Бешөө тең этеке түшүп калыптыр. Бири-бирин сүйөп-жөлөп машинанын далдаасына жеткендей болду. Машинанын капотуна бир чоң таш тийген окшойт, мыйрыйгандан мыйрыйып калыптыр. «Чала силерге» деп күбүрөнүп алды да көзүн албай карап отурду.

Тиги тоонун кыры менен келаткан жигитти жакшы тааныды. Жамбай Жапалаков. Ички иштер бөлү¬мүндө кылмыштуулук боюнча тергөөчү. Келгенине бир аз гана жылдар болгон менен ички иштер бөлү¬мүндө чоң кадыр баркка ээ. Анын жетекчилиги менен кылмышкерлердин эки чоң тобу кармалган. Ошондонбу, же өзүнүн жүрүш турушунанбы кесиптештери Куюн деп коюшат.

Баятан бери эч нерсеге көңүл бурбай өйдөгө далбасалаган Жамбай тигилердин кыйкырган үнүн угуп тып токтоду. Бурула бергенде кол булгалап жаткан жолдошторун көрдү. Бир аз кылчая карап турду да, жини келгендей колун шилтей артка чегинди. «Кудайым мында да бир колдодуң» деди ичинен Кубандык. Эми шашылыш жок эле. Тоонун кырынан алардын эмне болуп жатканын кызыгуу менен карап отурду. Үчөөнүн бирөө аксаңдап келип машинанын ичине кирип кетти. Экөө оор жаракат алса керек. Аларды сүйрөп келишип төшөктүн үстүнө жаткырышты. Жаракат алган жерлерин таңышып үчөө ташка көчүк баса отурушту. Кыясы бир гана Жамбай соо болсо керек. Ал чаканы алып өзөндөгү суудан апкелди да, тигилерге суу берип, машинанын капотун ачты. Айнектери да талкаланган окшойт чакага бирдемелерди салып, ары жакка апарып төктү. Жамбай нес болгон кишидей көпкө чейин карап турду да, анан тигилердин жанына келип бирдемелерди айткандай болду. Кыясы машинанын мотору да «соо» эмес болсо керек. Кубандык алардын жакында бул жерден кете койбосун түшүнүп, ууру-кески жигиттерин көздөй бет алды...

...Кубандыкты тааныган соң мал айдап келген үчөө бадалдын арасынан чыга калды.

– Кандайсыз атаман аке? Баары жайындабы? – дешип экөө тең жарыша сүйлөдү.

– Баары жайында. Силер отура бербей малды айдагыла. КАМАЗдын шоферу Жарташта күтүп отур¬гандыр.

– Сизчи?

– Мен ушерде калам. Тигилер сөзсүз бул жерге келбей койбойт. Жолун тоспосом силерге жетип алышы мүмкүн.

– Мен эле калайынчы,– деди Түлкү. Чынында ар бир уурунун өз атын менен атабай ар бирөөнө кличка коюп алган. Мунун себеби да бар. Баягы бир жылы түнкү уурулукта Сабиркан деген жигиттин атын атап коюп, шоруна калышкан. Менттер ар кимден сураштырып жүрүп таап, кылтакка түшүрүшкөн. Кийин камап коюшуптур. Анын аты жыты ушул күнгө чейин жок. Ошондон бери Кубандык өз атыңарды атабай жүргүлө деп катуу эскертип келет.

– Айдагыла дегенде айдабайсыңарбы. Айттым го бул жерде мен калам деп!

Түлкү Кубандыктын кабагы түнөрө түшкөнүн көрө коюп:

– Мейли, мейли атаман аке. Мен сизди аяп жатпаймынбы,– деп тим болду.

Бир нанды тең бөлүшүп жеген достору малды айдап кеткенден кийин өзү кийимчен чөптүн үстүнө жата кетти. Уурунун жашоосу иттин турмушунан да жаман экенин эми сезди. Анткени бир айдан бери дал ушундай турмушту башынан өткөрүп келет. Жегени каткан нан менен, ичкени муздак суу. Төшөнчөсү какырап калган кара жер. Күндө ар нерседен кооптонуп корко бергениңди айт. Өзүнөн өзү нерв чыңалып, жаныңды жеген ойлор башыңдан кетпей калат. Кан тамырыңдын басымы күчөп, муштумдай жүрөккө күч келген күндөр аз эмес. Бирок арам тамактар алкымдан өткөндөн кийин рахатка малынбай кое албайсың. Капчыгың акчага толуп кандай сайрандайм десең ошончо сайрандоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бир жаман жери элге окшоп мал күтөм, байлыкты топтойм дебейсиң. Бүгүнкү тапканыңды жеп ичип бүтүрсөң, эртең дагы бир жерден кудай жеткирер деп жашай бересиң. Мунун аягы капастагы чымчыктай торго түшүп, же өлүм менен бүтөт.

Деги өлүм менен ойногон бул балээ жолго кайдан түштү?.. Бул суроо башына келе бергенде таштай муздак сууну ичкендей ичиркене түшөт. Жок, эгер эл катары жашаган үйбүлөдөн болсом, мындай ишке барбайт белем. Турмуш мени ушуга алып келди деп күң¬гүрөнүп алды да, анан байыр алган карагандын түбүндө азыркыга чейинки турмушун эстей баштады...

...Кубандык ата-энесинен эрте ажырап агасынын колунда өстү. Агасы ичкиликке берилип, атасынын заңгыраган чоң тамын сатып, акыры жепирейген жер тамда жашап калды. Анысы аз келгенсип, күндө арак издеп тентип кетет. Кечке аялы экөөнүн чатагын кое кал. Жаман тамды башына көтөрүп түнү бою урушуп, чарчаганда барып укташат. Табылса аялы да кошо ичип, а күнү Кубандыкта тынчтык жок. Тамак ашы да жыргаган эмес. Чай, наны жок күндөр өтөт. Таптаза сыйпаланып акчасыз отуруп калганда ушул айылда фермер болгон тайкесине барып калат. Тайкеси жакшы көрмөк беле. Окшото тилдеп:

– Аракты таштап адам бол. Эл катары тирлик кыл. Экинчи келбе,– деп унун берип убадасын алып жөнөтөт. Бирок алкымы куурап арак ичкиси келип турганда, тайкесинин айтканына көнмөк беле. Кайра эле баягы көйгөй. Кубандык бул турмушка мектептен 7-классты бүтүргөнчө зорго чыдады. Анан Бишкек шаарына келип тентип жүрдү. Өзүндөй балдар аз эмес экен. Алардын бири: «бут кийим тазалап акча таппайсыңбы. Мына мен күнүнө жетимиш, жүз сомго чейин табам. Базардан каалаганымды алам деп мактана кетти. Эртеси эле Кубандык отургуч, щеткаларды таап жолдун чекесинде отуруп калды. Тааныш адамдар көрсө эмне дейм деп уялганын айтпа. Бирок өзүн өзү бакпаса ага ким жардам бермек эле. Масканы беттен шыпырып алган адамдай уят-сыйытты коюп бат эле ишке көнүп кетти. Биринчи күнү тапканына май нан алып, автовокзалдын бир бурчуна отуруп алып жеди. Эртеси акча тапкан жакшы турбайбы деген ойго келип, күн чыга электе Ош базарынын жанынан орун таап отуруп калды.

Арадан бир канча айлар өтүп, Кубандык эми өзүн ээн эркин сезе түштү. Өзүнчө достор күтүп, иштен кийин арактан кылт эткизип коюп чылым чеккенди да үйрөндү. Мушташса мушташып, оозу башы канжалаган күндөрдү башынан өткөрдү. Өзү да далайды ыйлатып жанын көзүнө көрсөткөн убактар болду. Мындайда күчтүүлөр күчсүздү басынта берет тура. Кээ бир күндөрү өзүнөн кичүүлөрдүн акчасын тартып алып, щеткалаганды коюп тим эле көөдөнүн көтөрүп басып калат.

Кубандык бара-бара аз акчага алымсынбай калды. Бир күнү тачка сүйрөгөн баладан:

– Бир күндө канча акча табасың? – деп сурай калды.

– Үч жүз, беш жүзгө чейин таап алууга болот,– деди ал.

– Жакшы турбайбы. Мындай болсо щеткалаганды урганым жок. Андан көрө тачка алып берүүгө жардамдашчы, иштейин.

– Жашсың го Кубандык. Тачканы сүйрөш үчүн өгүздөй күч керек. Ал сенде жок.

– Азыраак кыйналармын. Анан үйрөнүп кетем. Буга ишенип кой.

Тачкачан жигит ошол күнү эле тачканы Кубандыкка алып берип сүйүнтүп койду. Ал жигит туура айтыптыр. Беш жүзгө чейин акча таап, кутула тургандыгына ишенип бирөөдүн квартирасына орношту. Үйдө бети колун жууп, ак шейшепке жатып жыргап калды. Тамак жасоо деген ойго келбейт. Базардан аны мунуну шам-шуң этип тоюп алат. Кечинде кеч барып, таң заардан жумушуна жөнөйт. Акчасы эки миң сомго жеткенде негедир иштегиси келбей көңүлү ачылып бош жүрүүнү самап калды. Кечке маал кафеге кире берип, бурчта отурган кызды көрдү. Тамагын алып түз эле ошонун жанына отурду. Кыздын сулуулугу Кубандыкты таң калтырганы менен андан ийменген жок.

– Карындаш таанышып алалы. Кайсы бир жерлерде жолугушуп каларбыз. Ошондо саламдашканыбызга да жакшы. Менин атым Кубандык. Куба деп коюшат жолдош балдарым.

Кыз өзү курактуу жаш баланын эмнеге таанышкысы келгенине түшүнбөй оюна эч нерсе кирип чыкпай өң түспөлүнө карап тим болду. Чынында эле Кубандык келишимдүү бала эле. Коюу каштарынын астында кирпиктери төгүлүп, көздөрү балбылдап жанып турчу. Ак саргыл иреңине эки бетиндеги кызылы атайылап боек сүрткөндөй көрүнүп, жылдызы жанып сүйгүнчүк көрүнчү. Айрыкча тачка сүйрөп табыштуу болгондон бери өз боюна карап бетинен нур төгүлүп, өңдөнө түшкөн. Ошондонбу кыз чыны менен эле таанышкысы келип:

– Атым Нур. Эч кандай кошумчасы жок эле Нур,– деди.

– Жакшы. А сен окуйсуңбу?

– Кызыксың. Окубай коймок белем. 168-мектептин 10-классында окуймун. Сен эмне окубайсыңбы?

– Менин багар кагар кишилерим жок Бишкекке келгем. Келгеним жакшы болуптур. Өзүмө ылайыктуу жумуш таап алдым. Эч кимге кор эмесмин. Өзүм менен өзүммүн.

– Окугуң келеби? Менин атамдын агартуу Министерствосунда досу бар. Ал сага жардам берет.

– Кантип окуйм. Мен быйыл он биринчи класста окушум керек эле. Зоңкоюп 7-класска барып отуруп калсам балдардын баары күлөт ко. Эми тагдырымдан көрдүм. Ага баш ийбеске арга жок.

– Аның да туура. Бирок окусаң жакшы болот эле го,– деп тим болду кыз.

Экөө тамак ичип бүтөр менен орундарынан турушуп сыртка чыгышты. Кыздан «үйүң шаарда туруп кафеден эмнеге тамактанып жатасың?» деп сурайын деп сурай алган жок. Акчасы көп бай адамдын кызы го деп койду ичинен.

Жайдын ыссык күнүнөнбү кыз төшү ачык, жеңи жок кыска көйнөк кийип алыптыр. Жаңыдан толо баштаган «эки алмасынын» чети Кубандыктын көзүнө илине калып, кызыктыра коет. Андан да эки бутунун сан жагын айтпайсыңбы. Сүттөй аппак. Адам баласы сулуулукка ушунчалык куштар боло тургандыгын эми сезди. Кубандык кыздын өңүнө жараша мүчөсү төп келип турганынанбы айтоор өзүнөн өзү ага тартылып баратты. Кыз болсо эч нерседен капарсыз катарлаша басып Кубандыктын суроолоруна жооп берип тим болот.

Экөө аялдамага келишти. Арыраакта эле бал муздак сатылып жатыптыр.

– Нур, жүрчү бирден бал муздак жейли,– деп Кубандык Нурдун колтугунан кармай калды.

– Койчу. Жөн эле койчу. Башка күнү жээрбиз,– деп Нур кетенчиктеди. Ага Кубандык болбоду. Камоктогу аялдан бирден эмес экиден балмуздак алып столдо отурган Нурга алып келип берди.

– Сүйлөшүп отурайынчы деп атайы экиден алдым. Анткени бүгүн сени көрүп отурсам, эртең таппай ка¬лам да.

– Эмнеге? мектебимди айттым го. Аерде адашып жүрсөң мен өзүм эле таап алам.

Кыздын тамашөкөй сөзүнө Кубандык каткырып күлүп калды. Ага кошулуп кыз да күлдү. Деги ачык да, шайыр да экен. Кубандык бала болуп чоңойгону мындай жагымдуу мүнөз кызды биринчи ирет жолуктурушу. Анын үстүнө кыз жандап ага кызыгуусун артканы эми гана болуп отурбайбы. Бакытты издеп тапсам экен. Бакытка жетсем экен дечүмүн. Бакытың жакшы адам менен сүйлөшүп кумардан чыкканың турбайбы. Карачы бул кыз мага канча кубанычты тартуулап отурат деп ичинен ойлонуп отурду. Кыз мындай ойлордон алыс болчу. Окуган классташтарындай көрүп, жылуу мамиледе болуп отурду.

– Кетели,– деди кыз ордунан козголуп. Кубан¬дык да ордунан туруп, экөө аялдаманы көздөй бет алышты.

– Үйүңө чейин узатып коеюн.

– Жо-ок. Атам маршрутка айдайт. Тамагың ичип ушул жерде туруп тур деген. Баятан бери эки айланып койгон болуш керек. Азыр мени ойлоп үкү-түкү болуп келаткандыр. Мени урушса сени көрсөтөм, ушу күнөөлүү деп. Макулсуңбу?..

– Макулмун. Урсаңыз мени уруңуз. Нурга тийбеңиз деп башымды тосуп берем. Экөө тегерегиндеги элдерге карабай күлүп калышты. Анан ак түстүү маршрутка келип дал кыз турган жерге келип токтоду.

– Кайда жүрөсүң! – деген атасынын ачуулуу үнү чыкты.

– Кайда болмок элем. Классташым жолугуп калды. Бал муздак жеп отуруп калдык. Классташым титиги турган бала.

Атасы башын шылкыйтып турган Кубандыкты көрдү. Сениби дегендей сөөмөйүн кеседи. Бирок Кубандык аны оюна да алган жок. Машина жүрүп баратканда кыздын кол булгалап айнек жакта турганын көрүп, жооп кылгандай чөнтөгүндөгү бет арчысын алып булгалап калганга үлгүрдү.

Кубандык үчүн бул күн укмуштуудай сонун күн болду. Аны түнү менен элестеткен менен бүтпөстөй. Эртең жолугар бекем. Табар бекем. Мен таба албай калсам издээр бекен. Адашып кетсең өзүм таап алам дебеди беле. Мектебине барсам танапис убагындабы, тарарыңдабы мени таап алар деген ойлор менен төшөгүндө бат эле уктап кетти.

Эртеси таң атып ата электе жумушка жөнөдү. Дал ушул маалда эт базарында кыймыл күчөйт. Бирөөлөр машинасы менен кире албай жатканда тачкачан балдарды жалдай салат. Кээлери өзүн бай көрсөткүсү келип элүү сом же жүз сомун суна калып «Ушу жетеби?» деп калат. Мындай эки-үч киши болсо эле жетишет. Бир эки сааттын ичинде эле жарым күндүк акчаны таап алганың.

Эрте келгени жакшы болгон. Сырттан базардын ичине үч кишинин этин ташып бир заматтын ортосунда үч жүз сом акча таап алды. Автовокзалдан Ош базарына чейин эки кишинин жүгүн ташыды. Анын бирөө майда акча калбаганын айтып 200 сомун бере койду. Арадан бир саат өтүп өтпөй дагы жүз сом таап, эрте эле үйүн көздөй жөнөдү. Жуунуп-тазаланып, чекчээ кийинип эми жолугар бекем деген ой менен көчөгө чыкты. Тандап жүрүп кымбаттыгына карабай бир букет гүл сатып алып, кыз айткан мектептин астында турду. Гүл кармап корооздонуп турган баланы көрө калышкан кыздар, шыңк этип күлүшүп жанынан басып өтүшөт. Карачы эрте келип алганын.

Балдар мектептен чуулдап чыга баштады, Топураган балдар, кыздар дал түбүнөн өтүп, адам көрбөй калгансып таңдана карап калышат.

Жарым сааттай убакыт өттү. Эми мектептин алдынан бирин серин гана окуучулар чыгып калды. Кыз дале жок. Кубандыктын кабагы карыш түшүп, катуу ызаланып турду. «Эмнеге аны күтөм? Анчалык ал ким экен? деген ой башына келип кетүүгө камынды. Ошол учурда экинчи этаждагы ачык айнектен:

– Кубандык-ык! Токтой тур. Мен баратам,– деген кыздын үнүн укту. Негедир жүрөгү жарыла жаздап сүйүнүп кетти.

– Мени көпкө күттүңбү? – деди кыз. Кубандыкка жакындай бергенде.

– Ооба. Эч нерсе эмес. Кечке чейин болсо да күтмөкмүн. Келгениң жакшы болду. Эмесе бул гүлдү ыргытууга аргасыз болот элем да. Сага арнагам. Ме, алагой. – Ой-и-и-й укмуш гүл го. Мындай белекке арналган гүлдү биринчи алышым. Чо-оң рахмат! Барарым менен вазага салып коем. Көргөн сайын сени эстеп жүрөм.

– Ошо эстей, элестей жүрсүн деп алып келдим да. Экөө катарлаша басып аялдамага келишти. Кубандыктын түк жанынан чыккысы келбей турганын кыз түшүндү. Бирок кыз ачка эле. Аны кантип айтат. Кыз намысы бардык нерседен кымбат эмеспи.

– Макул десең жакын жерде ашкана бар. Тамагы да даамдуу,– деди Кубандык Нурдун колтугунан кармап.

– Кетейинчи, үйдөгүлөр күтүп калат,– деди Нур кетенчиктеп. Ага Кубандык болбой, акыры ашкана жакка алып жөнөдү.

Экөө андан ары сейилдеп Алатоо аянтынын тегерегиндеги фонтандардын бирин да койбой кыдырышты. Кыздын сулуулугу, адамга өтө ынак мамилеси Кубандыкты мында да таң калтырды. Жүзүнө, жакасы ачык көйнөгүнүн чекесинен баш багып турган «эки алмасына», сүттөй аппак балтырларына азыр да кызыга карап келатты. Айтоор кароодон тоер эмес. Кечке чейин болсо алып жүргүсү келди Нурду. Бирок Нурдун ата-энеси урушаарын сезип ичинен аяды.

– Кетесиңби Нур?

– Бая эле кетким келген. Сен таарынып калабы деп жүрүм. Атамдын жини кайнап жаткандыр. Анын үстүнө кечээ сени классташым деп көрсөтө салганымды кара.

– Айтпай эле койсоң болмок. Азыртан жигит жандаса кийин эмне деген адам болот деп ойлошу мүмкүн.

– Ооба да. Эми руксат бер, кетейин. Экөө кол алышып коштошушту.

Бул күн да укмуштуудай сонун күн болду. Чалдар бейишти укмуштуудай жыргал жашоо деп тигил дүйнөдөгү жашоо жөнүндө сөз кылышат. Тирүүңдө көрбөгөн бейишти өлгөндөн кийин эмне кереги бар? Мына менин бүгүнкү күнүм бейиш эмей эмне? Төбөмдөн акча куюлуп, чалкалап жатып жеп ичкен эле бейишпи? Жок, ой максаттарым орундалып, көңүлүм куунак, кайгы капасыз, эл катары жашаганым бейиш. Мен ошондой турмушту куруп алышым керек деп ойлонду Кубандык.

Эртеси баягы эле көйгөй башталды. Кыжы-кыйма базардан бир жеринен экинчи жерине жүк ташып, түшкө маал чарчап, тачкасынын жанына отура кетти. Чылымын тартып, үч, төрт күндөн бери Нурду тосуп чыкпаганына капалана түштү. Бирок бүгүн көбүрөөк акча таап алсам, эртең сөзсүз барам деп ойлонду.

Жаңы эле ордунан туруп тачкага колу жеткенде, ары жактан Нур көрүнүп калды. Шөлбүрөгөн, кир кийимдери менен тургандыктан кыздан жүзүн жашырып, тачканы таштай базардан чыгып кетти. «Тачка болбой жерге кирсин» деп жерге бир түкүрүнүп алды да, таза кийимдерин кийинип кайра базарга келди. Тачкасын өз ордуна коюп базарды түрө кыдырган менен кызды көрө албады. «Жок, бул иш мага ылайык болбой калды,– деди ичинен,– башка жерге иштешим керек. Бирок кантип, кайдан табам? Вот мендеги проблема.

Эртеси дагы гүл алып мектептин астынан кызды тосту. Чыгар маалын жакшы билип калыптыр. Талдын далдаасында туруп, ал келатканда чыга калды. Нур жадырап жайнап анын жанына келди. Гүлдү колуна тапшырып:

– Көптөн бери кол бошобой калып келе албай калдым, кечир,– деп күнөөлүүдөй башын шылкыйтты.

– Бул гүлдү бекер алгансың,– деди Нур,– бая күнкү берген гүлүң соолубай ошо бойдон турат. Бул ашык¬ча го.

– Мейли ашык боло берсин. Мен сага жакшы жерде иштейм дебедим беле. Гүл мага кеп эмес. Бул гана эмес. Сен экөөбүз кафеден тамактанайлы деп келбедимби,– деди.

– Жөн эле акчаны корото бербечи Кубантай. Андан көрө жөн эле сүйлөшүп, бирге басканыбыз артык. Кубандык ага болгон жок. Нурду акыры макулдатып кафеге киргизип кымбат баа тамактардан алып келип астына койду. Нур, «жапжаш болуп туруп мынча акчаларды кайдан табар экен» деп ойлоду. Бул күнү бир сааттай бирге басып жүрүшүп бат эле коштошушту.

Күндөр өтө берди. Кубандык түшкө чейин иштейт да түштөн кийин ишин токтотуп коет. Алтынчы жана базар күндөрү Нур базарга келип калабы деп такыр иштебейт.Бирок күндө Нурду тосуп чыгып, эки аялдамага чейин жеткирип, автобуска түшүрөт да, өзү калып калат. Экөө тең бул кандай ысык сезим экенине түшүнүшпөй бири биринин көңүлүн калтырбай жүргөнү жүргөн. Нур класстагы окуяларды айтып берсе, Кубандык оюнан бир нерселерди чыгарып Нурду күлдүрүү менен убара. Нур Кубандыктын айткандарын көңүл коюп угуп «Чын элеби?» дей берет. «Чын, мага ишенбейсиңби, көргөндөрүмдү айтып жатпаймынбы» деп ишендире кетет. Кечээги айткандарын бүгүн кайта¬лабай, улам жаңы, улам кызыктуу окуяларды айта кетет.

– Бир күнү Ош базарына такси менен баратсам жолдон бир аксакал киши түшүп калды. Таксис машинаны ушунчалык ылдам айдайт дейсиң светофорго келгенде дөңгөлөктү чыйылдатып жатып зорго токтотту. Муну көрүп отурган аксакал киши:

– Балам, жай айдасаң боло,– десе тигил шофер:

– Коркпоңуз аксакал, жай эле айдап баратам,– деген. Ошонун ортосунда светофорго жете келип шофер негедир алаңдап, тормозун катуу басып калды. Машина алдыдагы МАЗды сүзө жаздап токтоп, аксакал жактагы эшик ачылып кетти. Чал асфальтка катуу түшүп, эки үч ирет оодарылып барып жатып калды. Чал өлүп калдыбы деп баарыбыздын көздөрүбүз алайып кетти. Шофер биринчи жетип, көмкөрөсүнөн жаткан чалды оодарып бетине суу чачты. Чал эс учун жыйнап, шоферду карап калды. Шофердун жаны чыгып титирейт. «Кечир ата, кечир!» деп жалдырап жатса, чал ордунан турду да шоферду өпкүлөй кетти.

– Сенин машинаңдан, сенен айланайын, мына жүз сом, алагой. Ыраса кылган турбайсыңбы, укпай жүргөн кулагым шаңкайып ачылып калды,– десе аң-таң болуп калыптырбыз. Анан сен да жолдуу бала экенсиң деп мага элүү сом бере салды.

– Байкуш чалдын элүү сомун албай эле койбойсуңбу,– деди Нур.

– Болбой койсо эмне кылам. Алдым да Ош базарында дайыма ырдап отурган сокур кишини билесиң го, ошонун колуна карматсам.

– Оу бул чоң акча го,– деп сүйүнгөнүн айтпа.

– Абдан туура кылгансың. Кайрымдуу, боорукер болуу кандай жакшы,– деди Нур.

– Ошол эле күнү дагы бир окуя болду. Айтып берейинби. Тажаган жоксуңбу? – деди Кубандык.

– Эмнеге тажайын, айтсаң.

– Ош базарында кыдырып жүрсөм эки бала мушташайын деп жакалашып туруптур. Мен судья боло калдым.

– Менин бетимдеги сыстоок жараны көрүп турасыңбы,– деди биринчиси,– бетке тийбейсиң.

– Мен сыстооктон кур дейсиңби,– деп экинчиси желкесин көрсөттү,– бирөө эмес үчөө. Сен да жарага тийбейсиң.

Экөө мушташып жатыр, мушташып жатыр, жара да эстеринен чыгып кетти. Бирөө беттеги сыстоокту жара койсо мен сенден каламынбы деп тигиниси желкесиндеги жараны мыжып салды. Жарага колдору тийген сайын жандары көздөрүнө көрүнүп чыңырганын айтпа. Акыры экөө тең чарчап да, кыйналып да калган окшойт ары жакка барып сууга жуунушуп отуруп калышты. Бирин бири карашып ачууланышпай эле каткырып күлүп жатат. Көрсө сыстоок жараларын мушташканда жарып салып ириңдерин кетирип тыштаптыр. Жарадан кутулуп каткырып күлгөндөрү ошондон экен.

– Койчу, ушу кантип чын болсун,– дейт Нур.

– Чын эмей анан эмне дейсиң. Ал турсун алар «жарадан арылганыбыз үчүн, сенин судья болгондугуң үчүн» деп экөө элүү сомдон жүз сом бербедиби мага.

– Аны эмне кылдың?

– Алардан алдым да. Сокур ырчыга жетип бардым. Ал кармалап көрүп:

– Бул чоң акча окшойт ко,– деди.

– Аке чоң акча. 100 сом. Батаңызды бериңиз,– дедим. Батасын берип, өркөнүң өссүн, балалуу-чакалуу, бактылуу адам бол,– деди.

– Анын баарын бербей жарым жартылайын алып калсаң болмокко.

– Ишим жакшы жүрүп жатса ал акчаны эмне кылам. Андан көрө тиги кишинин батасын алганым жакшы болбодубу.

– Ош базары жөнүндө көп айтасың. Ошо жерде иштейсиң го дейм Кубандык?

– Да, негизинен Ош базарында. Колбасный цехтерге эт ташыйм. Короче мындай да. Базардан эт сатып алам да цехтерге же магазиндерге жеткирип берем. Пайдасы чөнтөккө түшөт. Ошондуктан мен жүр деген жакка жүрө беришиң керек. Акча деген менде саман. Ошон үчүн күндө эле кайерге кирели дегеним ошо да.

– Ог-о-о! Мен жөн баланы жандап жүргөн жок турбаймынбы?

– Ананчы. турмушумду азыртан жөндөп албасам кийин ким болом,– деп койду Кубандык өзүн-өзү мактап. Нур Кубандыктын бардык сөздөрүнө ишенип жүрдү. Бирок Кубандыктын турмушу такыр башкача болчу. Кантсе да башка жерден иш таба албай, тачкага байланды да калды. Табышы күндөн күнгө азайып, анын үстүнө миң сомдон ашык квартплаты бар эле. Үй ээси акчаны бересиң, бербесең чыгарып салам деп кыйнап туруп алды. Аргасыз топтолгон акчасын бере салып, эки үч күндөн бери тачкасына гана таянып калган. Ошондонбу Нурга бир жумада бир барып, барар күнүн айтып коет. Нур да ошол күндү ката кетирбей тосуп алат. Баягыдай эле эки аялдамага, кээде үч аялдамага чейин жөө басышат, сүйүү жөнүндө кылдай сөз козгошпой эле аны-мунуну сүйлөшүү менен чектелишип жүрүштү.

Ошол күнү эч нерседен капарсыз мектепте Нурду күтүп отурду. Кыз өзү жаңгыз эмес, жанындагы курдашы менен келди.

– Айна, бул менин жолдош балам. Таанышып ал,– деди Нур Кубандыкты көрсөтүп:

– Атым Кубандык. Түптөн болом,– деп жаңы таанышкан кызына колун сунду. Кыздар орундарынан козголбой туруп калды.

– Кубантай, бизди Динара эжекенин концертине алып барасыңбы? – деди Нур.

– Белети кымбат экен. Андан көрө киного эле кирбейбизби,– дей салды Айна.

– Кымбаттыгы эмне экен. Билесиңби, Кубандык жөнөкөй эмес, чөнтөгү калың балдардан. Айтчы Кубантай чын э-э?

Кубандыктын башы шылкыя түштү. Чөнтөгүндө элүү сомдон башка эч нерсе жок эле. Бирок кыздарга сыр алдырган жок.

– Кымбат болгондо жүз доллар дейсиңби. Ашып кетсе элүү сом же жүз сом чыгар. Ал кеп эмес. Ишенсеңер менин бүгүн өтө зарыл жумуштарым бар. Эртең дал ушул убакта ушул жерде жолугушалы. Макулсуңарбы?

– Ооба, Кубантайдын зарыл жумуштары көп. Май кармаган бармагын жалайт дегендей Кубантай майлуу жерде иштейт, – деп Нур мактана кетти.

Күндөгүдөй тигил экөө менен сүйлөшүп барып аларды автобуска салып жиберди. Өзү аларды жөнөтүп коер менен Ош базарына келип, тачкасын сүйрөп чыкты. Түштөн кийин соода сатык иштери басаңдап калгандыктан жарытылуу акча тапкан жок. Эртеңкини ойлосо дене бою титиреп чыгат. Анан барбай эле койсом эмне болот деген ойго келет. Канча айдан бери сырдашып жүргөн менен Нурдун көңүлүн калтыра элек. Эми калтырып койгону туурабы? Өзү эмес жолдош кызына да убада берип койду. Ар-намысым эртең эле төгүлөт. Нур экинчи мага бет багып карабай калбайбы...

Кубандык түнү бою ар кандай ойлор менен алпурушуп эрте менен эрте базарга келди. Эт сатыла турган жерде адамдар кыжы-кыйма экен. Таразага үч машина кезек күтүп турушуптур. Арткы «Москвичтин» багажы ачык, ээси: «толук алсаң сатам, болбосо кереги жок» деп жоон сары киши менен бажылдашып жатыптыр. Эти менен иши жок, эки көзү тигинин колундагы акчада. Кубандык мындай шарты келип турган учурду кое бербей, шап бир койдун этин көтөрүп алды да, элдин арасына житип кетти. Бат эле эт магазинине өткөзүп үч миң сомду санап алды. Үйгө баргандан кийин көңүлү тынч, тэ-э түшкө жакын туруп, чыкыя кийинип көчөгө чыкты. Чөнтөгүндө акча, кайда барса да жол кенен эле. Бирок өз турмушунда бейчеки акча коротчу эмес.

Бош болгондон кийин базарды бир сыйра кыдырып чыгып, анан эки кызга эки кооз гүл алды. Бактын түбүнө келип аларды күттү. Нур эч качан күттүрчү эмес. Экөө тең күлө багып Кубандыктын жанына келишти.

– Бул сага. Бул болсо сага,– деп эки кызга эки гүлүн суна койду. «Көрдүңбү бул ушундай мыкты бала» дегенсип Нур Айнаны карап күлүп койду.

– Эмне дейсиңер бийкечтер? Концертке барабызбы?..

– Убада, убада да. Ага чейин көп бар. Ата-энебизге айтып келели. Филармонияга өзүбүз деле барып калабыз.

Кубандык филармониянын концерттик залынын эң кымбат орундуктарынан сатып алды. Динаранын комуздай дирилдеген үнүн угушуп үчөө тең рахатка бөлөнүшүп отурушту. Өзгөчө Кубандык жан дили менен берилип угуп, эки жолу ордунан ыргып турду:

– Жашасын Акулова, Жашасын Акулова! – деп кол чаап кыйкырып жиберди. Нур Кубандыктын бул жоругун олдоксон көрүп буруя түштү да:

– Койчу, экинчи кыйкырбачы, элден уят ко,– деди колунан ылдый тарткылап.

– Койдум алтыным, койдум, кечирип кой,– деп Кубандык эки колун төшүнө алып ийилип койду. Жумшак жана адамкерчиликтүүсүнө экөө тең ыраазы болуп калышты.

Концерттен кеч чыгышты. Эки кыздын эки жагынан колтуктап, Кубандыктын көңүлү көкөлөп турган. Эми кафеге кириш керек. Кечээги табышынын чекеси да оюла элек. Кыздар кеч болуп калды, ата-энебиз урушат дегенине болбой кафеге экөөн тең киргизип, кымбат тамактар менен сыйлады. Колдоруна бирден шокалад карматып, кыйналбай жеткиле деп таксиге салды. Кыздар да Кубандыкты кур калтырган жок. Экөө эки бетинен өөп коштошушту.

Үйгө келери менен бети башын карай баштады. Куруп калган кыздар чопулдата өөп жатат эле кызартып койгон жокпу деп ойлоду. Жок эч кандай так жок. Бирок ошолордун өпкөн жери алоолонуп ыссып тургандай. Кандай жумшак жагымдуу эриндер. Анын рахатын тиш каккан жигиттер жакшы билет чыгар. Анткени кыз көрсө артынан түшүп жалынып жалбарынып жанын сабаган жигиттерди көрүп жүрбөйбү. Бирок анчалыкка барып сезими ойгоно элегин сезди Кубандык.

Бул күн да Кубандык үчүн укмуштай сонун күн болду. Эртеси базарга барды да тачкага иштегиси келбей кыдырып басып жүрдү. Негедир щеткада отурган балдар, жүк ташыган тачкачандар бир шордуулардай көрүнүп кетти көзүнө. Досу Нанай чекесинен терди шорголотуп ынтыга жүк тартып Кубандыктын жанына токтой калды.

– Мине культурный болуп турусуң,– жумушка чыкпайсыңбы. Шабашка моря болуп жатат,– дегенче арт жактагы киши:

– Эй оңбогон! Сүйлөшүп тура бересиңби. Бол айда болбосо башкага жүктөйм,– деп тим эле кулу баштанып кыйкырат. Кубандык мындай өкүмчүл кишилердин кыйкырыгын далай уккан. Уккан менен алардын сөзүн сөз деп, кебин кеп деп койчу эмес. Кокус алар менен чатакташып калсаң иштин бузулганы. Кечке чейин нервиң чыңалып, булбулдун үнү кулагыңа жакпай калат. Эх, менин досторум, биз ушундай эл экенбиз да деп койду ичинен. Анан он-он беш минутанын ичинде эле 3000 сом таап алганын ойлой баштады. Демек акча быякта жаткан турбайбы. Мен эмне башымды оорутуп жүрөм? Мен эмне болбогон акчага теримди агызып жанымды жанчып жүрөм? Мен эмне жүдөмүш байкуш болушум керек. Тигинтип уурлук кылсам бир жылдын ичинде байып бирөөлөрдү «Бол! Бо-о-л! дегизбей мен: «Бол! Бо-ол» дегизсем болбойт бекен? Ушундай ойго чарпылып эт сатылган жакта көпкө отурду.

Бир жума бою иштебей койду Кубандык. Акчасы болсо улам азайып келатты. Нурга бир гана жолу барды. Нур жолукканда эле:

– Кубандык сага эмне болгон? Кабагың түнөргөндөн түнөрөт да? – деди.

– Эч нерсе эмес, жумушта өйдө төмөн болот экен. Кээде бирөөлөр менен иш боюнча уруша кетесиң. Мен да бир бой көтөргөн, жакшылыгы жок наадан менен уруша кеттим эле. Ошондонбу көңүлүм ачылбай жүрөт. Бирок эч нерсе эмес. Баары жайында болот. Ал бир убактылуу нерсе да,– деп тим болду.

– Эмне кыласың наадандарга теңелип. Алардын сөзүн укпай эле кой. Урушайын дегенде басып кет,– деп Нур өз акылын айтты Кубандыкка.

Нур дайыма ушундай акыл-насаатын айта коет. Адамкерчиликтүү, чынчыл бол, таза жүр, жамандык кылба, жакшылык кыл деген сөздөрдү айтат. Анын баарын туура көргөн менен турмуш агымы башка жолго салып баратканын Кубандык алда качан сезген. Анан калса өзүнүн чын турмушун айтпай бурмалап келатпайбы Нурга.

Айбан жаныбарлар да бекер тамак чыккан жерден чыкпай калат окшобойбу. Ошол сыңары Кубандык да эт саткан жерге келип жеңил машина же андан чоңураак машина менен келген эттерди аңдып калат. Бирок эч кимдин алдырар түрү жок. Өткөндө эт уурдалыптыр. Сак болбосоңор болбойт деген сөз мындагылардын кулагына кумдай куюлуп калса керек. Ошондонбу Кубандык айла таппай кайра тачка ала турган жерге келди.

– Кайда жүрөсүң ушунча күндөн бери! Тачка жок сага! Жого-ол! – деп кыйкырды, кампа башчысы. Нурдун айткан акылы башына келе калды. Аны менен урушуп отурбай эч нерсе дебей басып кетти. Эртеси эле ар кайсы мекемеге барып иш сураштыра баштады. Адистигиң кайсы? – деп сурай берет каерге барса да. Жок деп жооп кылат Кубандык. Жок болсо, жумуш да жок дейт алар. Ошентип жумушсуз калып керексиз таштандыдай көчөгө ыргытылды, да калды. Эми тиги щеткачандарды, тачкачандарды шордуу деп эсептебей жумушу бар, табышы бар бактылуулар турбайбы деп ойлоп койду.

Ошол арада уурулар арасында атагы аттын кашкасындай таанымал чөнтөкчү Чонтойго жолугуп калды. Чонтой Кубандыкты сыртынан таанычу. Ал турсун эки-үч жолу Кубандыктын тачкасына иши түшкөн эле. Оор, оор жүктөрүн ташып берип ыраазы болгонун эми эстеди Чонтой.

– Эмне, тачканы таштадыңбы? – деди кол алып учурашкандан кийин Чонтой.

– Ооба таптакыр таштадым. Тиги оңбогон Суранчы менен уруша кеттим. Жогол эле жогол дейт. Эми өлсөм да ага барбайм.

– Туура кыласың. Мен сага жумуш таап берем. Макулсуңбу?

– Чөнтөкчүлүкпү?

– Анан эмей.

– Кармалып калсамчы?

– Эмне, башың жокпу. Бүт операцияларын беш колдой үйрөтүп коем. Анан колуңдун беш манжалары кудум автоматтай иштеп калат, жан адам сезбей да, билбей да калат. Көрөсүң го,– деди Чонтой.

Кубандык олку-солку ойдо болуп анан Чонтойдун артынан жөнөдү.

Чонтой түз эле үйүнө алып келди. Үйгө кирери менен Чонтой аялына:

– Жаңы тууган таптым. Куурдак кууруй сал,– деп буйрук берди. Анан жаркыраган эмеректерин көрсөтүп:

– Мына ушунун баары чөнтөктөн түшкөн буюмдар. Жерге кирсин кээде миңдеген доллар бир күндө эле түшүп калат. Кээде жок. Жок болгон күнү капа болбош керек. Эл дегениң аккан дайра экен. Ошол дайранын бир тамчысын кармап калсаң эле жетиштүү. Канткен менен адам баласыбыз да ага да алымсынбай болгондун үстүнө болсун дейбиз. Бирок өтө ач көздүктүк кереги жок экен. Кудай берем деген күнү өзү эле берип коет, тамагыбыз жерден эмес, элден болгондон кийин.

– Тамак даяр болду, эмне кылайын,– деди Чонтойдун аялы эшиктен баш багып.

– Эмне кылчы элең, апкел. Берки мөлмөл суудан бир шише ала кел, тууганыбыз экөөбүз жакшылап таанышып алалы.

Дасторкон жайылып, сүрсүгөн эттин булоолонгон жыты мурунду өрдөп, каңшаарды жарат. Кубандык мындай тамакты көптөн бери жей элек. Ошондонбу жегенче сукулдап турду. А Чонтой болсо бир шише арактын оозун ачып эки стаканга теңдеп куйду.

– Чоке, мен ичпейм. Ичип көргөн эмесмин,– деп Кубандык стаканды ары жылдырды.

– Кыздарга да барган бала эмессиң го дейм.

– Кайдагы кыз. Оюма да келбейт.

– Сары ооз турбайсыңбы. Мен сага аракты ичкенди да, кыздарга барганды да үйрөтөм. Баары болот. Бир гана мага честный бол. Тапкан акчаңды кымтып алба. Анда шоруңдун катканы. Эми кана, кыздай болуп созулбай алып жибер. Эмесе өзүм оозуңа куям.

Кубандык эч нерсе дей албады. Куюлган стаканды жарымдата ичип келатканда Чонтой:

– Аппак, аппак! – деп бакырып жиберди. Ичи ысып чыгып, ымыр-чымыр боло түштү.

– Жакшы бекен? – деп Чонтой вилканы толтура этти илип закуска сунду.

– Жакшысы жакшы го. Бирок жинди кылып жибергени жаман да.

– Аның ырас, Райкан Шүкүрбеков атабыз айткандай «жинди суу» көп ичсең жинди суулугун кылат. Акылдуу адамдар да акылынан адашат. Айтып коеюн черезмерно ичүүчү болбо.

– Биздики черезмерно болуп кетти го Чоке?..

– Күчтүү тамак басып кетет. Бул ничево. Андан көрө айтчы, деги кыз жандаган баласыңбы?

– Жандап жүрөм. Жаш. Болгону 10-класста.

– Төшөктө бир болдуңар беле?

– Кайдагы төшөк.

– Жөн эле жолдоштук мамиледебиз.

– Акмак экенсиң! Сен аны алдашың керек. Элде мурун кучакта, анан: «сүйөм» де. Эрининен өп. Ал эрийт. Анан алда. Ошентип ал түбөлүккө сендик болуп калат. Эмесе ал бирөөнү сүйүп кетсе сен оозунан алдырган бөрүдөй болуп отуруп каласың. Э-э Кубандык аны жаш дейсиң, андан кичүүлөр деле сойкулук кылып «эс аласызбы» дегендер жүрбөйбү. Аларды көрбөгөн көзүң сокур экен сенин.

Чонтой оозуна келгенин былжырап атканда аялы кирип келди.

– Койсоңчу жаш баланы бузбай. Андан көрө тиричилигиңер жөнүндө сүйлөшсөңөр болбойбу,– деп кага сүйлөдү.

Чонтой мас болуп калса да аялына лям деген жок. Балага жылуу жумшак төшөк салып бер,– деди да өз бөлмөсүнө кирип кетти.

Эртеси Чонтой чөнтөк уурулуктун бардык амал айлаларын үйрөтүп кечке чейин машыктырып көрдү. Айткандарын айтканындай аткарып, бат эле илип алганына таң калды.

– Азаматсың, азаматсың! – деп мактай берди Чонтой. Ошентсе да бала жаш, тажрыйбасы өтө аз эле. Ошондуктан аны жаңгыз кое берген жок. Алып кел, таап кел деген эки жигитине кошуп «жортуулга» жөнөттү. Базардан базарды кыдырып жүрүп үчөө бир аялдын сумкасынан миң сомдон ашыгыраак акчаны уурдап алышып Чонтойго алып келишти. Чонтой бардыгына тең бөлүп берип эртеңки жумушту пландаштырды.

Ушинтип күндөр өтө берди. Үчөө автобустабы, акча алмаштырган жерденби, базарданбы таап келгендерин Чонтойго апкелишет да тең бөлүшүп алат. Кээде тапкан акчасын кымтып алдыбы деген ойдо бүт чөнтөктөрдү каңтара текшерип чыгат. Кокус бир сом кымтылып калса, чоң муздаткычынын ичине киргизип өлөзө титиретип анан чыгарат. Анын үстүнө үчөө бир жүргөндүктөн, уурдап алган акчаларды далдаага алып келишип ошол жерден эле санап чыгышат. Мындайда бири-биринен жашырып кантип кымтууга болсун.

Канткен менен иш ойдогудай жүрүп жатты. Капчыгы калыңдай түшүп, бир сыйра өзүнө жаккан кийимдерди кийинип, анан Нурду көздөй бет алды. Нур жадырап жайнап турган Кубандыкты көрүп сүйүнүп кетти.

– Сенин келбей койгон бир айың бир жылдай болуп кетти. Деги оорубай сыктабай баары жайындабы? – деп Нур чебелептеп кучактай кетти.

– Жайында болбой анан, жайында. Мен, мен болсом, жайында болбой коймок беле,– деп көөдөнүн көтөрүп сүйлөдү Кубандык.

Экөө калың бактын арасында коюлган скамейкага келип отурушту. Май айынын айдарым жели согуп, тал дарактардын баштары желектей желпилдейт. Күн күмүш нурларын төгүп, дирилдеген жалбырактардын арасынан шыкаалайт. Анан калса газондогу өсүп турган түркүн гүлдөрдүн кооздугун айт. Айланага атыр сээп койгондой жагымдуу жыт сапырылып келет. Мунун баары Кубандыкка таасир эткен окшойт. Бир жагы Чонтой айткан сөз көкүрөгүнө куюлуп калыптыр. «Элде мурун кучакта. Анан сүйөм де. Эрининен өп. Ал эрийт»...

Нурду карады. Ал Кубандыктын кандай ойдо экенине түшүнүгү жок. Бейкапар бет алды жактагы гүлдөрдү кызыга карап отурат. Нурдун сулуулугун эми гана сезгендей. Эки бети албырып бышкан жүзүмдөй мөлтүрөп турат. Эки өрүм чачын күндөгүдөй артына эмес, алдына таштап коюптур. Маңдайы тасырайта таралып ала көлөкөдөн нур жылт эте тие калган сайын кундуз чачтары чагылышып жарк-журк эте түшөт. Бул өзүнчө эле керемет эле. Канчалык суктанган сайын, ошончолук денеси дирилдеп эмне кылар айла амал кыларын билбей отурду. Чонтойдун айткандарын иштейин дейт кыздын сүрү ага жол бере турган эмес. Ошентсе да акырын колун жылдырып кыздын чыбыктай белинен кучактай калганын өзү да билбей калды. Кубандыктын денеси титиреп турганын Нур денеси тийишер менен сезди. Бирок эч нерсе дебей, ордунан козголбой отура берди. Бир маалда гана:

– Мен сени жакшы көрөм,– деген Кубандыктын дирилдеген үнүн укту.

– Мен да,– деп Нур жооп кылып телмирип жерди карап калды.

Ала көлөкөдөн нур жылт этип, айдарым жел дагы эле коюу жалбырактарды дирилдетип жатты. Сүйкөнүшкөн жалбырактарды Кубандык байкай коюп өзү менен Нурга салыштырды. Демек алар өбүшкөндө биз өбүшсөк болбойт бекен? – деп ойлонду ичинен. Ошондонбу улам жакындагандан жакындап эринин коомайлай жакындатып анын бетинен чоп эткизип өөп алды. Эч нерсе ойлонбой отурган Нур селт этип чоочуп кетип ордунан тура калды. Кубандык чоң күнөө кылгандай уялып алдастай түштү.

– Кубандык кетеличи. Жакшы эле бирге отуруп койдукко,– деп Нур жылмая колун сунду. Кубандык колун берип:

– Тургуза алсаң кеттик. Тургуза албасаң дагы бир саат отурабыз,– деп ордунан козголбой тура берди.

– Мен сени тартып тургузмак түгүл ордуңдан козголто албайт экем. Турчу эми, өзүң эле турсаң,– деп жалдырап жиберди Нур.

Экөө аялдамага келгенде мен да кошо барып жолдон түшүп калам,– деди Кубандык.

Автобуста элдер жык-жыйма экен. Ага карабай түшүп алышты. Кубандык Нурдун арт жагынан белден кучактап мойнунан жыттаган сайын атырдын жыты буркурап, чылкый гүлдөрдүн арасында отургансып мемирей түштү. Ал рахатты бузуп арт жактан бир жигиттин үнү чыкты:

– Тууган жол берчи, алды жакка өтөйүн. Кубандык үңүрөө карады да:

– Шустряк, өтө кой,– деди. Ал жигит бир кадам алга жылып токтоп калды. Ак көйнөк кийип алыптыр. Төш жак чөнтөгүнөн жүз сомдуктар калың болуп байкалып турат. «Шустряк болсоң өзүңө. Азыр шоруңду катырайын»,– деди ичинен Кубандык.

Нурдан колун чыгара коюп, жигиттин жанына сүйкөнө тура калды. Лып манжаларын жумшап акчаны түгөл сууруп чыкты. Арт жактан дагы эки жигит алдыга умтулуп шап Кубандыктын колунан кармады.

– Бул жерде чөнтөкчүлөр жүрөт, абайлагыла! – деп кыйкырып калды көрүп калгандар.

Жанагы ак көйнөкчөн жигит шымынын чөнтөгүнөн кызыл билетти алып чыкты да:

– Окугун, менин ким экенимди билгин. Каршылык көрсөтсөң өзүңө жаман,– деди.

Аялдамага келгенде Кубандык Нурду карай да, эч нерсе дей да албады. Колуна кишен салынган бойдон жерге түштү. Нур Кубандыктын ким экенин эми гана түшүнүп, үстүнө бирөө муздак суу төгүп жибергенсип ичиркенип кетти.

Камерага киргенден кийин эле кортойгон лейтенант кирип келди. Тергөөчүмүн деп өзүн тааныштырып, анан жайма жай отуруп сурай баштады.

– Чөнтөкчүлөрдүн тобун көптөн бери аңдып жүргөнбүз. Ошол топто сөзсүз сен да бар болушуң керек. Ачыгын айтсаң ишиңди жеңилдетебиз. Ишиң сотко өткөндөн кийин оор болуп калат. Кана айтчы, башчыларың ким? Топто ким дегендер бар? Үйлөрүнүн адреси. Жашы, ирең бешенеси...

– Мен эч кимди, эч бир топту билбейм. Өзүм иштедим. Мени эмне кылсаңар ошо кылгыла баарына макулмун.

– Билбейм дечи, айтпасаң өзүңдүн шоруң. Акыры айттырабыз! – деп лейтенант ачуу кыйкырып алды да тигилерге көз ымдагандай болду. Алар көмкөрөсүнөн жаткызып алып сабап кирди. Жону кайыш тилип алгандай сыздап чыкты. Ага болбой Кубандык тиштенип тура берди. Бирөө дубинка менен башка бир койгондой болду. Андан аркысын билбей калды...

Эс учун жыйганда жанагы менттин бирөө бетине суу чачып жатыптыр.

– Эч болбосо башчыңдын фамилиясын, атын айт болбосо мындан жаман болосуң дейт дубинкасын көтөрүп.

– Аты Чонтой экенин билем башка эч нерсе билбейм. Өлтүрсөңөр да айтпайм. Билгеним ушу гана,– деди Кубандык.

Экөө сыртка чыгып ошол бойдон көпкө чейин жоголуп, кечке маал шылдыраган шорпо менен нан апкелди.

Үч күн эч сураксыз камерада жаткан менен, негедир коркутуп үркүтүп ур токмокко алышкан жок. Канткен менен булардын арасында да боорукер адамдар бар окшойт. Жаштыгын, мурда соттолбогонун эске алганбы төртүнчү күнү эрте менен дежурный милиционер камеранын эшигин ачты.

– Экинчи мындай ишке барба. Барсаң чыныгы түрмөгө түшөсүң. Дагы начальнигибиз ырайымдуулук кылды. Эмесе сага түрмө баш багып калган,– деп лейтенант бежиреп бет жуба турган бөлмөгө киргизди.

– Өзүңдү порядкага келтирип ал. Анан түз эле бул коридор менен сыртка чыгасың. Эми сен бошсуң. Төрт тарабың тең куула.

Таяк жегени аз келгенсип, үч күн күндү көрбөй бир жерде саргайып отурганы бир жылга тете болгонсуду. Уурулуктун туздуу даамын татып, ал уудай ачуу экенин биринчи жолу сезди. Бирөөнүн кылы жатса аттабайынчы деп ойлонду ичинен. Бирок бүгүн кайда барат? Кантип тамактанат? Кимден акча сурайт?.. Анан калса бүт денеси оор салмактанып иш кылууга кымындай даремети жок.

Көчөгө ыргытылган таштандыдай бопбоз болуп көчөнүн бир чекесинде көпкө отурду. Курсагы ачып ашказаны кемирип кесип баратат. Шамшум эте турган бир нерсе табылар деп баягы үйрөнгөн Ош базарына келди. Тааныш бирөөлөр чыгабы деп көзү күйүп турду.

– Э-эй, культурный жигит, кандайсың? – деген жанынан үн чыкты. Баягы тачкачан Нанай. Кубандык көрөрү менен сүйүнүп кетти. Жүк сүйрөп бараткандыктан Нанай токтолуп сүйлөшө алган жок. Мен азыр келем деди да, кара терин аарчыбастан Ош базарынын ичине кирип кетти.

Нанай ак көңүл дайыма кабак кашым дебеген жайдары адам. Бирок акчага келгенде өлөсө зыкым. Бир тыйын бирөөгө карызга бербейт. Ал турсун тапкан акчасын тапкандай чөнтөгүнө салып үстүнөн эринбей тигип салат.

– Кызыксың Нанай чөнтөкчүлөр тиккениңе карайбы. Керек болсо тилип деле алып кетет. Убараланбасаңчы дешет жолдоштору. Нанай алардын сөзүн угуп да койбойт. Өз оюна келгенин иштегени иштеген.

Нанай негедир тачкасын кампага эрте токтотуп бат эле келип калыптыр.

– Мен ишиңе тоскоолдук кылган жокмунбу? – деди Кубандык Нанай жанына басып келери менен.

– Эч кандай тоскоолдук кылган жоксуң. Сенин жолук¬каның жакшы болду. Аялым эркек төрөптүр. Төрт жылдан бери бала көрсөк деп көзүбүз чачырап жүрчү элек. Кудайым бере салганын көрбөйсүңбү! – деп Кубандыкты өйдө-өйдө көтөрө кетти.

– Ой, ой! деп жаны чыккандай бакырып алды Кубандык.

– Эмне, эмне болгон сага?!.

– Ө-өх! – деп Кубандык бир аз дем ала түштү да анан:

– Менттердин колуна бирөө менен мушташып түшкөм.

Денемди жанчып таштаптыр. Жакшы эле суммадагы акчамды да алып коюшуптур. Минтип эмне кыларымды билбей отурам.

– Акча жерге кирсин. Ден соолугуң болсо болду. Алтын баш аман болсо алтын аяктан суу ичет дейт. Акчаны ойлонбой, ден соолугуңду ойлон. Андан көрө жүр үйгө. Аял жокто кенен кесир сүйлөшүп отуралы, тас карындарды кызытып,– деп Нанайдын чечекейи чеч.

Үйгө баргандан кийин Нанай бат эле чай кайнатып бар тамагын столдун үстүнө кое салды. Лапылдата нанды уруп жаткан Кубандыкты көрүп күлүп жиберди.

– Эй, өзөгүңө түшүп кетпесин абайласаңчы бай болгур...

– Ичиң тарып жаткан жокпу?

– Ой, ой Кубандык, андай жаман ойду кой. Мен сага бүгүн чай, нан эмес эт салып берем. Балалуу болуп атсам. Сенден эмнени аяйт элем. Андан көрө мөлмөл суудан соголу.

– Жаным жер тартып баратат. Тамакты ичип эле тиги кроватыңа кулайын.

– Жо-о-ок! Мен балалуу болуп жатканда сен кандай ичпеске акың бар. Айтчы мага. Базарда миң киши, бирөө менен гана учурашат дегендей көздөй көрүп сени үйүмө ээрчитип келсем, анан сен ичпей коесуңбу я?

– Наке болду, болду. Сиз уу берсеңиз да ичейин.

– Ошентет эле дейм да,– деп Нанай Кубандыкка бир стаканды карматып:

– Кана баланын келечеги үчүн,– деп тартып жиберди. Кубандык да аппак алып, денеси жайыла түштү. Эки үч стакан ичкенден кийин ооруган жерин билбей көңүлү ачыла түштү. Мындайда кудайым Нанайга жолуктуруп койгонун айтпайсыңбы деп сүйүнүп калды ичинен Кубандык.

Үч күн Нанайдын үйүнөн чыкпай жатты. Нанай эч жакка кетпе, жүрө бер деп чебеленгени менен чарк чамасы жыргаган эмес эле. Анын үстүнө аялы төрөт үйүнөн чыгып келип калса, тапкан эч нерсеси жок дардайып кантип жүрөт. Кантсе да үч күндүн ичинде кадимкидей калыбына келип калыптыр. Эми жумуш иштеш керек. Кайда? Каерге? Кандай жумуш туш келет? Башы маң. Эмне эле мен талаалап жүрөм? Түпкө агамдардыкына барам. Ал арак ичип жүрсө жүрө берсин. Мен жерин иштетсем бир жылда канча пайда. Агамдын жана анын үй-бүлөсүн мен эле багып кетем. Кой аман-эсенимде кетейин. Бирок жолго кимден акча сурайм? Ушундай заманда ким кимге акча бере коет. Тачканы бир эки жума сүйрөп акча таап кетип калсамбы. Антейин десем кампа башчысынын кыжырына тийип албадым беле. Ал бере коебу. Кубандык түбү жок түркүн ойлорго түшүп, Нанайдын үйүнөн чыкты да түз эле үйрөнүп калган Ош базарына келди.

Күн аркан бою көтөрүлүп калган менен эт базарында элдер азайбаптыр. Эт тарта турган таразанын жанында баягы «Москвич» дагы турат. Багажниги этке толо эмес, болгону бир койдун тушу. Өзү арык болгон менен тулку бою чымыр келген, чап жаак кара кишини дароо тааныды. Ал баягыда бир тушун алдырып ким алганын билбей калган киши. Дагы эле тиги жоон сары менен бир койдун этинин баасын чыгара алышпай кыйкылдашып жатат. негедир уурулук сезим ойгоно түштү Кубандыкта. Муну алса жол кирелүү да болот, агасы менен жеңесине аз да болсо кийим кечек алып сүйүндүрөт. «Иним келип калыптыр» деп арак менен болсо да агасы майрам кылып жиберери анык. Алды менен кайсы жер менен алып чыгып кетерин, кайсы жер оңтойлуу экенин көз жүгүртүп карап алды да, шап этти кармай салып бекинүүгө оңтойлуу жерди көздөй бет алды. Бирок... Бирок бирөөнүн карулуу колу ыйыгынан апчый кармады. Бурула берип жаны чыгып кетти. Эттин ээси. Этти тыштай салып качайын дегенде эки жигит эки колтугунан кармай калды.

– Эй, дос этти каерден алсаң, ошол жерге коюп кой. Эмесе...

Кубандык көзүн алаңдатып койдун этин ордуна койду. Тигил экөө Кубандыкты колтуктап кабинага киргизип эки жагына отуруп алышты.

– Мени кайда апарасыңар, кое бергиле. Экинчи уурулук кылбайм. Уурулук ушул болсо энесин урайын.

– Эй бала, тише, сөгүнбөй отур. А то оозу мурдуң канжалап кетет.

– Милицияга апарганча ушул жерде уруп алгыла. Мына башымды тосуп берем. Кана,– деп жулкунду Кубандык.

– Атаман аке бул баланы эмне кылабыз? Бизге тынчтык бербей жинденип жатат,– деди жанагы кара кишини чакырып.

– Бир аз сабыр кылгыла. Эт мына сатылды. Бир аздан кийин жолго чыгабыз,– деди ал.

«Булар эми сөзсүз баягы мен түшкөн милиция бөлүмүнө алпарат. Алар мени дароо тааныйт. Эми мага ырайым кыла коебу»,– деп ойлонду ичинен. Бардык күчү менен оң жактагы жигитти катуу түртүп жиберди. Кабинанын эшиги ачылып, тигил жерге оңкосунан сайылды. Кубандык бир бутун жаңы эле сыртка чыгарганда кабинадагы жигит экинчи бутун кармай калды. Кубандык жыгылган жигиттин дал үстүнө түштү. Тиги кара киши далбастап чуркап келип, кулак тушка коюп калды эле Кубандыктын кулагы тунжурап башы айлана түштү.

– Өгүздөй күчтүүлүгүн. Ээн чыгарайыкчы, атасын тааныталы,– деп ызырынды жыгылып калган жигит. Эмнеден чатак чыгып калганын түшүнүшпөй базардагылар карап калышты.

– Эмне эле кино көрө тургансып чогулуп калдыңар. Тарагыла! – деп бакырды Атаман.

Багаждагы эт сатылып жолго чыгышты төртөө. Кубандык ойлонгондой милиция жакка багыт албай, шаардан чыгып чоң кара жолго түштү машина.

– Көзүн байлагыла. Жолду таанып алып качып кетип жүрбөсүн деди кара киши. Экөө шапа-шупа көзүн байлап бир эки муштагылап калды.

– Эй-эй абайлагыла. Өлүп калып жүрбөсүн,– дейт кара киши буйрук берип. Кубандык болсо: көзүмдү го байлады. эми машинадан ыргытып жиберип өлтүрүп койбосо болду деп ойлоп коет. Он саат жол жүрүп машина токтоп калды. Кубандыкты чоң темир дарбазанын ичине киргизип, көзүн ачты. Тегерегин караса бардыгы темирден жасалган бийик тосмо. Адам эмес чычкан жөргөлөй албайт.

– Силер эми бара бергиле, бул жигит менен өзүмчө сүйлөшөм,– дейт кара.

Атаман Кубандыкты ээрчиткен бойдон үйдүн ичине киргизди.Ичи укмуштай жасалгаланган. Коридор менен басып бара жатып оң жактагы бөлмөгө киргизди. Узун стол. эки жагына коюлган жумшак креслолор.

– Айта бер арманыңды,– деди Атаман.

– Эмнени айтайын?

– Эмнени айтмак элең, өмүр баяныңды, анан баягыда кантип этти уурдап кеткениңди айт.

– Өзүм жөнүндө го айтам. Ал эми этти мен уурдаган эмесмин.

– Сары көйнөк, кара шымчан эмес белең. Аны жакшы эстеп калдым. Ал эми сенин көздөн кайым болуп кеткениңе таң калгам. Ошол сары көйнөктү али үстүңдөн түшүрбөй кийип жүргөн турбайсыңбы.

Кубандык кантип актанарын билбей башы шылк дей түштү.

– Мындан кийин мага чындыкты гана айтып жүргүн. Саал эле калп айтсаң башыңдан ажырап каласың.

– Тамакты апкелейинби? – деди бир аял кирип.

– Апкел ушерге эле. Өзүм да чарчанып келдим,– деп Атаман креслого чалкалай отурду.

Кандай адам апкелди, эмнеге апкелди, максаты эмне Кубандык түшүнбөй отурду. Эмнеси болсо да өлтүрбөй житирбей аман койсо болду деп ойлонуп коет Кубандык.

Нан, чай анан бал каймак дегендерди асты менен дасторконго коюп анан булоолонгон куурдакты бир патнүскө апкелди. Мындай тамактарды Кубандык түшүндө көрбөсө өңүндө көргөн эмес. Шуңкуруп кирди дейсиң, Атаман карап эле аңкайып калды.

Тамак ичкенден кийин Кубандык өткөн турмушунун ийне жибине чейин айтып берди. Атаман да эч нерсе жашырбай башынан өткөргөн оор күндөрүн, өлүм менен жашоонун ортосунда ойноп келатканын, азыр да андан алыстабай жашап жатканын айтты. «Жүрөк күчтүү экен, анан калса ден соолугум мыкты экен, бардык коркунучтарды чым дебей көтөрүп келатам. Баамымда сен да күчтүү, жүрөктүү да окшойсуң. Дене бойду да кудай таалам келиштирип берген экен. Баралыңа келгенде бул күчтүн үзүрүн көрөсүң,– деди Атаман.

– Менин чын атым Акмолдо, өзүң уккандай Атаман дешет. Антип аттарыбызды бурмалабасак оңой эле колго түшүп калабыз. Жанагы балдардын да кличкасы бар. Биринин аты Шумкар, биринин аты Аккүзөн. Тайлак, Жылаан, Карга, Пил, Желтаман, ал турсун Чочко деген аттар бар. Андай аттарга күлбөй эле кой. Сага да өзүңө жараша ат табылат. Эми сен эс ал. Кечке маал балдар келет. Алар менен бирге машыгууларды өткө¬рөсүң. Сен эми шайкалардын тобуна кошулдуң. Мындан ары бул шайкалардан бөлүнүп кетем деп ойлобо. Жердин түбүнө кирип кетсең да таап алабыз. Башың сайда калат. Түшүндүңбү Кубандык балам.

Ыраса оңбогон жерге туш келген турбаймынбы. Өлсөм өлүгүмдү таппай кала турган жерге келипмин. Тачка сүйрөп нан таап жүргөнүм бейиш тура деп ойлонду Кубандык жумшак диванга барып куланганда.

Кечке маал беш жигит келишти. Кадимки спортсмендердей болуп чуркашып, анан ар түрдүү көнүгүүлөрдү аткарышты. Атайын коюлган тренажердо машыгышты. Жекеме жеке мушташуунун ар кандай ыкмаларын үйрөнүштү. Бычакты ыргытып саюу, таамай атуу окшогон машыгууларды өткөрүштү. Баарына жетекчилик кылып Акмолдо үйрөтүп жүрдү. Кечки тамакка баары бир отурушуп, анан ар-ар жакка житип кетишти. Ушинтип айдан айга уланды. Тулпарды таптаган саяпкердей Акмолдо да эч жакка жылган жок.

Тамакты баптап жегени менен бир короодон эч жакка чыкпай, Кубандык жадап кетти. Биердин түрмөдөн айырмасы жокко деп ойлонду ичинен. Айылга кеткиси келди. Байкуш агам эмне гана тиричилик кылып жүрдү экен? Өзү менен бирге окуган классташтарын сагынды. Алар да өзүндөй чоң жигит болуп, окуганы окуп, иштегендери иштеп айылда жүргөндүр. Кыздардын баары турмушка чыгып кеткендир. Анын ичинен Сыя деген кызды жактырчу. Чачы узун, көзү бакыракай, кара тору кыз эле. Биринчи эле аны алакачып кеткендир. Кокус айылда эле жүргөн болсо тим эле чер жазыша сүйлөшөт элем. Аттиң тагдырдын татаал жолу ай! Өзүнчө үшкүрүнүп, анан Нурду эстеди. Ал менин ууру экенимди өз көзү менен көрбөдү беле. Эми ага кайсы бетим менен барам. Э, койчу аны, аны менен биротоло иш бүттү...

Бир күнү машыктырган жигиттерди мушташтырып көрдү Акмолдо. Өчөшүп бирөөсү үстөмдүк кылып өлтүрө жаздап баратканда мушташты дароо токтотуп, алакан тийиштирип жараштырып койду. Мындайда көзү өткүр, курч. Ким канча даражада ыкмаларды өздөштүргөн, күчү канчалык экенин билип алат. Айрыкча Кубандыктын ар бир кыймыл аракети жакты. Анын үстүнө ичкен жегени жарашканбы сыналып да, толуп да кетти. Токсон эки килограммга жеткенин өзү да таң калды. Теректей ичке бою билинбей болтоюп калганын өзү да күзгүдөн көрүп күлүп койду.

Минтип бордокудай бага бербейт ко. Бул куулук-шумдугу күч Акмолдо, буларды он эсе кайрып алат чыгар деп ойлонуп койду. Дал ошондой болду. Баягы Ош базарынан кармаган эки жигит – Шумкар менен Аккүзөн кирип келди. Деги мурда көрүшүп кадыр-баркы сиңишип калган достордой болуп кучак жайып кучактап саламдашты:

– Сен баягы муштумдарды кектеп калган жоксуңбу я? – деди Шумкар.

– Эмнеге кектейин. Көп деле өзөртө урганың жокко,– деп жооп кылды Кубандык.

– Эмне деген кличка койду Атаман аке?

– Бегомот деп.

– Ыраса ат тапкан. Бегомоттой семирип алыптырсың го. Ох-о-о, муну анча мынча киши көтөрө албайт карасаң Аккүзөн деп Кубандыкты өйдө-өйдө силкилдетти. Ошентип тамашалашып жатканда Акмолдо өз бөлмөсүнө чакырып калды.

– Куда кааласа бир-эки айлык жумуш бар,– деп кудуңдап койду Шумкар.

Акмолдо айылдын бүт картасын көрсөтүп, кайсы жерде кайсы мал бар экенин, канча экенин ага кайсы жол менен барыш керек экенин ийне жибине чейин аныктап тактап берди. Ал жердеги кишисинин атын атады.

– Эми жолуңар болсун. Казакстан жакка кеткен Пилдин да келер маалы болуп калды. Мен аны күтөм.– деди Акмолдо шакирттерин узатып жатып.

Ошентип Шумкар баштаган топ күн ара, же ар жумада бирден экиден ат уурдашып он эки башка жеткиришти. Анын ичинде Акмолдо дайындаган Алапар деген күлүк да бар болчу. Алапарды көрүп Акмолдонун сүйүнгөнүнөн айтпа.

– Сага жеттимби Алапар, сага жеттимби Алапар. Тулпарым менин, шумкарым менин,– деп көкүлүнөн сылап мойнунан тырмалап жатты.

– Күлүк болгон менен муну көкбөрүгө же жарышка сала албайсыз го. Өзү ак ала экен. Ээси бир көргөндө эле тааныйт, деди Кубандык.

– Мунун ээси бар. Бизде эмес, чет мамлекетте. Мен аны чоң мелдештерде гана көрүп турсам болду. Муну кармап чыкканыңарга таң калам. Жанына ээсинен бөлөк жан адамды жолотчу эмес эле го,– деди Акмолдо.

– Кубандык алып чыкты. Адам бою секиргенин карайбы Кубандык «жинин» кагып алды. Азыр койдон жоош болуп турганын көрбөйсүзбү,– деди Аккүзөн.

– Жер астындагы тамга алпарып чөп салып байлап койгула,– деп Акмолдо үйгө кирип кетти. Бирөө жетелеп, экөө ээрчишип жер астындагы тамга киришти. Кубандыктын бул жерге биринчи кириши. Ушунчалык чоң. Анан тазалыгын айтпа. Кой, уй, ат бага турган жер өз өзүнчө. Мал сое турган, тазалай турган, иле турган жерлер да бар экен.

– Биердин баары бир күндө эле толуп кетет. Кайра жок болот,– деп Шумкар Кубандыкка көрсөтүп жатты.

Чогуу Акмолдо отурган бөлмөгө киришти. Аккүзөн белинде байланган жоолукту чечип алды да, оромосунан чыгарып акчаларды Акмолдонун астына койду.

– Табышыбыз эки жүз миң сомго бир аз жетпей калды, чыпчыргасын коротпой апкелдик.

– Булардын баары силердики. Макул десеңер Алапарды эле бергиле. Буйруса он миң доллар болуп туру го.

– Ал сатылса дагы бөлүшөсүз да Атаман аке.

– Ай, Аккүзөнүм ай, сенин ач көздүгүң калбайт экен го. Ошол ач көздүк бир күнү сенин түбүңө жетеби дейм. Сатылбай жатып акчасын сурайсың. Ай-ай, Аккүзөн. Бекер Аккүзөн деп ат койбоптурмун.

– Койдум аке, койдум. Экинчи ооз ачпайм. Тигил экөө машинага түшүп кеткенден кийин Кубандык эч жакка чыккан жок. Көптөн бери ушул Акмолдонун үйүнө баярлап келет. Көбүнчө тренажердук залда болуп, машыгууларды тердеп тепчип чарчаганча өткөрөт. Акмолдо да анын ден соолугу бекем, күчтүү болушуна ынтызар. Бош боло калганда Кубандык менен кошо машыгып жекеме жеке кармашууда жыгып алуунун, колу, бутту кайруунун ыкмаларын үйрөтөт. Ошентип экөө ата баладай болуп кеткенин билбей калды.

Акмолдо үч аял алды. Үчөө тең Акмолдонун залимдигине чыдай албай коюшкан. Саал эле катуу сүйлөп койсо кызыл камчыга алып кудайга үнүн угузчу. Бул төртүнчү аялы. Жети жылдан бери жашап келет. Сулуу десең сулуу, адамкерчилигине баа жетпейт. Бирок кудай таалам багын ачпай койду. Согончогу канап Акмолдонун ордун басып, үй-жайына ээ болуп кала турган бала же кыз төрөй элек. Аттиң арман! Бири кем дүнүйө ушу эмеспи!..

Бала үчүн кое бергиси келет Акмолдонун. Бирок мындай аял ченде чыгат. Төгөрөктү төрт кыдырса да таба турган эмес. Үстүңө аял киргизейин. Ал сенин айт¬кандарың аткарып, айдаганыңа жүрө турган кылам,– деген чай ичип көңүлдөрү жай отурганда. Мени кетирип маа десең он аял ал деп койгон аялы. Ошондон бери Акмолдонун тили кыска. Ичинен күйүп жүргөнү менен аялына сыр бербейт. Ушундай ахвалда жүргөндө Кубандыктын келип калганын кара. «Ушерде жүр. Бизге бала бол, десе эмне дээр экен? Ансыз да бизге ылым тартып калды го» деп ойлоп жүрдү Акмолдо.

Кубандыктын ою таптакыр башка болчу. Дүнүйөсү менен жерге кирсин, өсөрүнөн көрү жакын бул тирликтен кантип кутулар экем. Алыс-алыс бир мам¬лекетке житип кетсем таба албай калышаар эле дейт ичинен.

Убакыт токтоп турмак беле. ай-айдан жылга айланып кетти. Акмолдонун командасындагылардын далайы камалып, темир торго түшкөндөрү темир торго түшүп, атылып же асылып калгандары улам угулуп калып жатты. Ар бир баласы үчүн жаны ооруп, Акмолдо үч-төрт күн арак ичип төшөктөн турбай калат. Андайда Кубандык тигил «эки буттуу бөрүлөргө» башчылык кылып калат. Муну командадагылар жактырышпай кечээ эле келген баланы Атаман эмнеге башкартып койду дешип жактырышпайт. Айрыкча Пилдин ичи күйгөнүн айтпа. Сары ооз баланы көрсөтпөсөмбү деп ызырынат да жүрөт. Эки-үч жолу жакалаша кеткенде Акмолдо өзү басып койгон. Мунун аягы эмне менен бүтөрүн түшүнгөн Акмолдо Пилди Кубандык менен бетме бет чыгууга чакырды. «Ыраса болду, эки чайнап бир жутуп мен ким экенимди Атаманга көрсөтөйүн» деп ойлонот Пил. Ал жүз төрт килограмм. Менден он эки килограммга оор. Бирок ушунчадан бери талыкпай эмнеге машыгып жүрөм. Мен сөзсүз үстөмдүк кылып жеңишим керек. Эгер бүгүн жеңилсем анда асылып өлөм» деп чечим чыгарды Кубандык. Ошондуктан бул кармашуу от менен ойногон баладай өлүм же жашоо эле Кубандык үчүн. А Пил мындай мушташууну башынан далай өткөргөн. Жеңсе жеңдим деп мактанбай, жеңилсе жеңилдим деп ызаланчу эмес. Ошондуктан бул кармашуу ал үчүн эч нерсеге турбайт. Болгону орун талашуу деген кеп.

Бул кабарды Казакстандагы, Өзүбекстандагы, башка жерлердеги Акмолдо менен байланышы бар адамдар угушту. Ошондуктан белгиленген убакта ар жактан машиналары менен келип калышты. Өздөрүнчө судьясын шайлашып, спорттун кулатуу таймашынын негизинде мушташ башталды. Пил Кубандыкты эки жолу көмөлөтө коюп баса жыкканы калды.

– Пил пилдик кылат го байкуш баланы ушул жерден сүйрөп чыгарбасак болду,– дешет катар тизилип отургандар. Кубандык андан буйтап качып кезек-кезек тээп калат. Пил кээде оңтоюн келтирип күрсүлдөтө урганда Кубандыктын башы эңги деңги боло түшөт. Мына дагы бет талаштыра урду эле мурду канжалап кетти. Ага карабай Кубандык бир бурчтан бир бурчка качып Пилди жолотпойт. Ага Пилдин ачуусу ашынып, кармаса эле кабыргасын кабыштырып кое тургансыйт.

– Эй, судья ушундай да болобу? Мушташса мушташпайбы алдагы Бегемот. Жеңишти Пилге бергиле. Алдагы эмне маймылдай ойноп жүрөт,– деген кыйкырык чындап күчөдү. Ары-бери чуркаганда Пил эми күшүлдөп-бышылдап калды. Үстүнөн тер куюлуп кетти. Убагы эми келди деди Кубандык. Чардайган курсагына бир тепти эле ыңк дей түштү. Экөө эми кармаша кетти. Пил оңтоюн таап басып алды да эки, үч жолу муштап жиберди. Мурдундагы каны ого бетер жайылып чыкты.

– Токтотсоңорчу байкуш баладан айрылып калабыз,– деген уу-дуу күчөдү.

– Эмнеге токтотобуз, али Бегемотто шансы бар,– деди кээ бирөөлөрү. Ошол учурда Кубандык балыктай астынан суурулуп чыгып жонуна минип калды. Кулак талаштыра Пилди урганда анын көзүнөн от чагылып кетти. Пил колу менен жонундагы Кубандыкты чапчый урганда Кубандык шап колунан кармай калып артка бурай кармады. Бир колу менен муунтуп, бир колун сындыра бураганда Пил эмне кылар айласын таппай алсырагандан алсырай түштү. Кубандыктын каруулуу колдору жиптей оролуп, үстүндө тегирмендин ташы жаткандай Пилди эки жакка бурултар эмес. Көзү караңгылап, көөдөнүнө жел кирбей калганда, бир колун килемдин үстүнө араң ургулап, башы шылк дей түштү.

– Суу апкелгиле, суу апкелгиле,– деп шашылып калды карап тургандар. Кубандык ордунан көтөрүлүп, Пилдин башынан аттап өттү. Эсине келе албай сулап жаткан атаандашын аң-таң болуп карап турду. Карап тургандар «өлүп калдыбы» деген кыязда өң далелеттери жок. Анткен менен жеңишти жарыя кылуу парс эмеспи. Акмолдо Кубандыкты килемдин ортосуна алып келди да, Кубандыктын колун көтөрүп:

– Мына чыныгы балбан. Мындан нары буга баш ийип жүргүлө. Кокус башыма кырсык келсе силерге ушул бала атаман болот. Он кулагыңар менен да, сол кулагыңар менен да угуп койгула.

– Оозунан сарысы кете элек сары ооз бала кечээ жакында келгенине карабай дароо атаман боло калабы. Атаман аке мунуңуз туура эмес. Бизге сизге окшогон иш билги, амалкөй, башка кыйынчылык келгенде кыяматтын кыл көпүрөсүнөн да алып өтөр акылдуу жан керек. Ал эми мунуңуз-менттерге кармалган күндүн эртеси эле баарыбыздын шорубузду шорподой кайнатат. Деги биздин арабыздан сиздин орунуңузду баса турган эч ким табылбай калдыбы? Мен бул орунга Илбирсти көрсөтөр элем. Кандай мыкты жигит! Канча жылдан бери мал уурдап келатат бир жолу да колго түшсөчү чиркин...

– Эй Барс! Сөзүңдү токтот! Эмне мени эртең эле өлтүрүп койгуңар келип жатабы! Сенден акыл үйрөн¬бөйм. Азыр чыгып кеткин!

Акмолдонун ачууланганын көрүп. Барс куйругун капчыган иттей сыртка чыгып кетти.

Пил бир аз жаткандан кийин акылына келип ордунан турду. Акмолдо экөөн кучакташтырып достоштурду да, тургандардын баарын сый тамакка чакырды. Бардыгы суусап калгандай арак ичишип, бөлмөнүн ичин чылымдын түтүнүнө толтуруп жиберишти. Пил үстөкө-босток аракты ичип, мас абалында Кубандыктын жанына отура кетти. Жанагы кармашуудан кийин ичине кек сактап калдыбы деп өзүнчө бушайман боло түштү Кубандык.

– Бегемот, кана, менин жеңилишим, сенин жеңишиң үчүн стакандашып коелу. Кандай дейсиң?..

– Мен ичпейм. Же бир жерден ичкенимди көрдүң беле.

– Жок көргөн эмесмин.

– Анда кыйнаба.

– Болду, болду акеси. Арак менин да түбүмө жетип баратпайбы. Баарынан каруу, күчтү алып койгонун айт. Эмесе колумду сага буратпай, сенин колуңду бурап алат элем го.

– Мага ачууланып турган жоксуңбу? Канткен менен мен таш боорлук кылып койдум.

– Жо-о-жок, ачууланганда эмне, жекеме жеке мушташуунун шарты ушундай болгондон кийин таш боорлукка чейин барабыз да. Андан көрө бир туугандай болуп жүрөлү.

Пил Кубандыктын мойнунан кучактап бетинен өпкүлөй кетти. Кек сактабай кайра минтип жатканына бир жагы таң калып, бир жагы «достошо турган жигит экен» деп ойлоп койду. Сообу соо бойдон, масы мас бойдон келгендердин баары машиналарына отурушуп жөнөп кетишти. Алар отурган столдо желген тамактардын калдыктары, ичилбеген суусундуктар менен арактар гана калды.

Үч күнгө чейин башына арак коюп ичти Акмолдо. Аялы Зыябү кээ бир аялдардай мас болгонун күнөөлөп иттей ыркырап беттен алган жок. Кайра чыракка айланган көпөлөктөй күйөөсүнүн жанынан чыкпай, даамдуу тамактарды даярдап астына кое коет. Бетинен өпкүлөп «тынч жатчы, эс алчы, көп ичпесең» дей берет. Мунун баарын көрүп жүргөн Кубандык аялдын ыймандуулугуна, тунук сүйүүсүнө, адамкерчилигине суктанып «аттиң менин аялым да ушундай болсочу» деп коет ичинен. Анан дароо Нур эсине түшө калат. «Азыр кайда жүрүп, кандай турмушта жашап жатты экен? Мени таптакыр унуткандыр. Анын үстүнө арадан эки жыл өтүп кетпедиби. Ал он биринчи классты бүтүп коюп бир окуу жайда окуп же бир жерде иштеп жаткандыр. Мени таптакыр эсинен чыгаргандыр. Кудай уруп ошонун көзүнчө колго түшүп менттердин «Ууру» деп сүйрөгүлөгөнүн айтпайсыңбы. Эми кайсы арым менен ага бармакчымын».

Төртүнчү күнү Акмолдо төшөгүнөн туруп, Кубандыкты ээрчитип алып бөксө тоодун чокусуна чыгып отурушту. Бул жерден тоонун этегине салынган Акмолдонун үй-жайы короо сарайлары, андан беш чакырымдай алыстыкта жайгашкан Чоңташ айылы алаканга салгандай көрүнүп турду.

– Кудай таалам өзү ушу жерге жеткизди.– деди Акмолдо,– айыл жакка көз чаптырып,– Союз урагандан кийин баш аламандыктар көп болбодубу. Чабандардын тамы, короо сарайлары ээн калып, көп өтпөй бомба түшкөндөй талкалана баштады. Казахстанда качып жүргөнүмдө капысынан Эрхан деген таанышым жолугуп калды. Сүйлөшүп отуруп эли журтуңду сагынган жоксуңбу? – деди. «Сагынган менен айла канча уурулук менен качып жүрөм. Эки жолу түрмөгө түштүм. Үчүнчү жолу түшкүм келбейт. Анын үстүнө Казакстан кенен жер эмеспи. Менин уурулук кылганым кыпынга турбайт. Бир жерден уурулук кылсаң, экинчи бир алыс жагына кетип каласың,– дедим. Ага Эрхан элиң тап деп болбой койду. Кыргызстанда паспортто иштеген досум бар. Эптеп паспорт алып берем. Анан көп эле алкымыңды ача бербей акырын-акырын иш кыл. Кээде гана мага жана паспортто иштеген досума союш жеткизип турсаң болду,– дейт ал. Союш жерге кирсин. Ал көз ачып жумганча табылат. Андан көрө паспорт алып берсе эле болду,– дедим. Аны өз мойнума алайын бол кеттик дейт ал. Ошентип Эрхан паспорт алып берүүгө жарады. Анан мен көп өтпөй ушул короо сарайларды бүтүндөй сатып алып, эми көрчү бейиштин төрүндөй жайга айландырдым. Эски досторумдун башын бириктирип «бөрүлөр» жамаатын түздүм. Иш жүрүп кетти. Азыр көрүп жүрөсүң үч жүзгө жакын кой, он чакты уй, он чакты күлүк чыкма аттарым бар. Ал аттарды жакшылап багып табына келтирсем, жөн эле он миң доллардан алып кетет. Анткен менен адамдын көзү дүйнөгө тойбойт тура. Өзүң көрүп жүргөндөй уурулардын атаманымын. Мен мындан чыга албайм. Мен бирөө, алар жүзгө жакын. Анткен менен мен алардан өйдөмүн. Оозумда сөзүм, тайманбастыгым бар. Жүрөк отум күчтүү. Акыл жана амал менен кандай гана адам болбосун бутума чөгөлөтүп коем. Жекеме жекеге келгенде эч ким тең келе албайт. Мен ушундаймын Кубандык. Сенде да ушундай кудурет болбосо бат эле башың өлүмгө байланып калат.

– Өтө каардуу, катаал дейтко сизди? Чынбы?..

– Жалган айтып алдаган жалганчыларга, ичи бузук эки жүздүүлөр үчүн катаалмын. Эмесе мен деле сага окшогон кишимин да. Туура эмес иш кылып койсом жүрөгүм ооруйт. Капа болом, кайгырам. Ызаланганда буркурап ыйлайм. Кудайга жалынам». Экөө ушуларды сүйлөшүп кыя жол менен үйлөрүнө келишти.

Зыябү эже өз бөлмөсүндө экен. Көңүлдүү кирип келишкен экөөн көрөр менен жаркылдап жайнап ордунан тура калды.

– Тамак апкелейинби?

– Апкел бардыгын,– деп Акмолдо чечекейи чеч отургучка чалкалай отурду.

– Эмне, арактанданбы?..

– Жерге кирсин арак дегениң. Өлүп тирилбедимби,– деп Акмолдо куса таштап барып оңолду.

Бир бөлмөдө үчөө гана отурушту. Зыябү Кубандыкты өз баласындай көрүп, күн өткөн сайын энелик мээрими төгүлүп баратканын сезет. Анткен менен оюн айтууга эрки жетпей жүргөн. Эми оңтою келип турганда Кубандыктын каш кабагына көз кырын сала коюп анан сөз баштады.

– Бул үйдүн босогосун аттап келгениңден бери эки жылдан ашуун убакыт болду. Сен өз балабыз болуп калдың. Эми эч жакка кетпе. Бизге эле бала бол. Чын эле ата-энең жокпу?..

– Жок да. Болсо ушинтип жүрмөк белем. Аракеч агам бар болчу. Ал мени издеген жок. Мен да кайрылып барган жокмун.

– Баргың келеби?

– Алардан көңүлүм калган. Ошондой болсо да көрүп коюу керек эле. Деги аман-эсен жүрсө болду го.

Акмолдо ордунан ыргып турду да сейфти ача кетти. – Мына Кубандык акча десең мына. Эгерде алам десең баары сеники. Бир гана суранарым мага бала болчу. Өмүрүм баласыз өтүп, мураскорум жок болуп калабы деп корком. Өгөй дебейин сен мага бала бол.

Кубандык капысынан берилген бул суроого эмне деп жооп берерин билбей калды. Үн сөзсүз турган жигитти аскага камагандай болбоюн дедиби сөздүн учугун башкага бурду:

– Мен сага ишенем Кубандык, сейфдин бир ачкычы сенде болот. Керек болуп калса тартынба. Ала бер. Болгону Зыябүгө алган акчаңды жаздырып кой. Эсепсиз да дүнүйө болобу. Кайда чыгаша болгонун так билип жүргөн жакшы.

Кат-кат болуп, сейфте толуп турган акчаны көрүп Кубандыктын көзү чакчайып кетти. Бала болуп башына жүн чыккандан бери мынчалык көп акчаны көргөнү ушу.

– Ушунча акча туруп эски «Москвичти» айдаганыңыз кандай? Кыргыздар «Бир күндүк өмүрүң болсо түштүгүңө жорго мин» дешет. Колдо дүйнө болгондон кийин аны аяштын эмне кереги бар? Суудай жаңы иномарканы айдасаңыз жарашпайбы?..

– Жарашат дечи. Анда элдин көзүнө бат эле түшүп каласың. Менттер да шексинип калат. Кези келер. Экөөбүздүн жаныбыз аман болсо аны да минербиз.

Акмолдо сейфти жабары менен эки ачкычтын бирөөн Кубандыкка ыргытты.

– Атаман аке ачкычыңызды жөн эле коюңузчу. Керек учурунда акчаны сизден сурап алармын.

– Мен ишенип берип жаткандан кийин мыңкылдабагын. Алгын да, ачкычты бекем сакта. Бирөөнүн колуна түшсө кашыктап чогулткан дүйнөнү заматта шыпырып кетип жүрбөсүн. Акмолдонун кең пейилдүүлүгүнө, Зыябүнүн боорукер экенине ушул убакка чейин ишенбей келсе, эми күмөнү жок ишенди. Ушундай адамдардан да наадандык чыгат экен ээ деп ойлоп койду ичинен. Кайра турмуш өзү ушундай жолго алып келди да. Мен да жети атам иштебеген ишти иштеп жүрбөймүнбү деп Акмолдону күнөөлөбөй койду оюнда.

Ошентип Кубандык Акмолдонун үйүндө өз баласындай жашап калды. Зыябү энелик мээримин төксө, Акмолдонун мамилеси да андан кем эмес. Ошондонбу Кубандыкты уурулук ишке көп жумшабайт. Болгону Кубандык бир жумада бир жолу «Москвичке» эт жүк¬төйт да, аны базарга сатып келет. Бир тыйынын калтырбай өгөй апасына өткөрөт. Зыябү ичинен кымылдап «кудай ай, балам болуп калса экен деп тилене берет». Эненин мээримин, атанын камкордугун көрбөгөн Кубандык үчүн чексиз бакыттай сезилет. Ошон үчүн алар кайсы гана жумушка жумшабасын даяр эле...

Машина айдап келатып кайрадан Нурду ойлоду. Эгер аялым болуп калса тууптуура Зыябүдөй мага күйүмдүү да, жароокер да болмок. Али да кеч эмес чыгар. Бишкекке барып, издеп таап сүйлөшсөмбү. Акча чөнтөктө толо эмеспи. Айтканын аткарсам, сый көрсөтсөм, жүрөгү муз эмес чыгар». Ушул ойго алаксып келатып кол көтөргөн эки кызды байкабай өтө берди. Бири Нурга түспөлдөшүп кетти. Машинаны лып токтотуп кайра артка айдады. Жок Нур эмес. Мурда көрүп-билбеген кыздар.

– Чоңташка барасызбы? – деди бирөөсү.

– Ооба.

– Ала кетесизби?

– Сиздердей чүрөктөрдү алып кетпегенде кимдерди алып кетмек элем. Түшкүлө айымдар,– деп сылык сыпаа сүйлөп кабинанын эшигин ачты.

Күзгүдөн эки кызды карап келатты. Бирин ичинен жактырып: «Өтө сулуу экен. Канткенде жүрөгүнө чок салар экем» деп ойлоп койду. Бирок алар эч нерседен бейкапар келатты.

– Айымдар таанышып алалы. Атым Кубандык. А силердикичи?.. Экөө тең ооз ачып сүйлөгөн жок. Машина жапжай жылып кабинада тынчтык өкүм сүрөт. Айыл болсо жакындап келатат. Кубандыктын болсо ансайын чый-пыйы чыгып ушул бойдон буларга жолукпай каламынбы деп тынчы кетет.

– Чоңташ айылынан болосуңарбы, же башка жерденсиңерби?

– Анын сизге эмне кереги бар. Ылдамыраак айдасаңыз.

– Машина бузулуп баратат. Ылдам айдоого болбойт,– деди жөн эле кыздардын эрте түшүп кетишерин каалабай.

– Анда бизди ушул жерге эле түшүрүп коюңуз. Мындан ары жөө деле барып калабыз,– деди сулуу кыз кабагын бүркөп.

– Менден ката кетип жатса кечиргиле айымдар. Деги ачык айрым отургулачы. Керек болсо силерди жердин түбүндө болсо да жеткирем. Эч бирөөгө чекеңерди черттирбей аман-эсен жеткирсем болобу. Мына сурооңор боюнча ылдам айдадым.

Кыздар көчөнүн ортосуна келгенде түшүүгө камынды. Кубандык машинадан түшө калып кабинанын эшигин ачты.

– Атыңарды да айтпай койдуңар го. Бирөөңөргө жигит болоюн десе...

Кыздар Кубандыкты теңсинбегендей түр көрсөтүп басып кетишти. «Ка-ап ушуларды ай, ушул айылда жашасаңар бир күнү колго түшөрсүңөр» деп тим болду.

Үйгө келгенде Акмолдо өзү тосуп алды.

– Кандай соода? Эт кымбаттап калыптырбы же?..

– Эт баягыдай эле киласы жүз элүү сом. Бирок бир койго банкрот болуп келдим.

– Эмне?!». Акмолдонун үнү катуу чыкты.

– Эмне болду дейсиз аке. Бир шүмшүк байкатпай алып кетиптир. Бардык туштарды сатып бүткөндөн кийин билип калдым. Акмолдо «аке» деген сөздү эми гана угуп отурат. Болгондо да Кубандыктын оозунан. Буга ичинен сүйүнүп жаңы эле келген ачуусу кайда тарап кеткенин билбей калды.

Үйгө киргенде төрдө отурган погондуу кишини көрүп жүрөгү селт дей түштү. «Бул адам бекер келген жок. Бир кылмыштын изи менен келген. Чаңыбызды асманга чыгарбаса болду» деп ойлоп койду ичинен. Бирок негедир жайдары. Астыга алып келген тамактан жеп, кээде гана кичинекей стакандагы аракты алкымына бир таштап коет.

– Баягы берген акчама ыраазы болбой калган экенсиң го. Мен сени кайра кайрылбайт экен дедим эле.

– Ал бергениң бир аттын эле куну. А сен канча атты курутуп жатасың?.. Экөөнүн ортосунда чымын учса угулчудай тынчтык өкүм сүрүп калды.

– Баягы Алапарды саттыңбы? – деди майор.

– Саттым ага сенин тиешең кайсы? Аларыңды алдың го, эми эмне келип отурганыңды билбейм. Ач көз экенсиң Бекмат.

– Оозуңа карап сүйлө. Эмесе дал ушул жерден кармап кетем!..

– Сен да оозуңа карап сүйлө. Кимдин үйүндө, кандай киши менен отурганыңды түшүнүп отурсуңбу! Азыр эле жаагыңды жап кылам!

Майор заматтын ортосунда ачуусу келип кыпкызыл болуп кетти. Тура калып муштап жиберерде Акмолдо шап колунан кармай калып артына сындыра бурады. Коргонуунун ыкмаларын силер гана эмес биз да үйрөнгөнбүз. Керек болсо силерден да күчтүү үйрөнүп алганбыз майор жолдош».

– Кое бер эми колум ооруп кетти,– деп Бекмат бир колу менен жерди чапкылап жиберди.

Экөө кайра өз-өз орундарына отурушту.

– Баары бир Алапардын жарым акчасын бермейинче бул үйдөн кетпеймин,– деп Бекмат өжөрлөнө баштады. Экөө ушинтип чатакташып жаткан менен Кубандыкты чыгып кет дешкен жок.

– Тажаал экенсиң Бекмат, элүү миң сомго ыраазы болосуңбу?.. Мындан башка акча жок.

– Сенде акча жок болсо сууда балык жок. Экөөбүз кажылдашпайлы. Жүз миң сом бер. Болду, мен кеттим. Анан калса менин пайдам тийбей коебу.

Акмолдо аска зоолорго камалгандай айласы кетип турду. Анын айтканын кылбайын дейт эртең эле өз башына коркунуч келет. Бир жагы бир нерсе болсо кереги тиерин ойлойт. Ушинтип экөө бири-бирин алдыртан карашып бир саамга чейин үн-сөзсүз отурушту.

– Мейли майор аке, сенин чиниңди сыйлайын. Алапардын анча мынча акчасы сага буйрусун. Эми эр чекишпей бекишпейт» дегендей кенен отуруп чер жазалы. Зыябү, бол, бар тамагыңды досум экөөбүзгө жайнат. Мындайда Зыябүнүн колу колуна, бутуна тийбей кетет. Бат эле түркүн-түркүн тамакка дасторконду жайнатып, чайын куюп, столдун бир чекесине отура кетти. Бир оокумга чейин экөө чардашып, анан мурундаша өбүшүп, эс акылдарын билбей жатып калышты.

Эрте менен эрте турары менен Зыябү төшөнчүлөрдү жыйнай салып столго тамактарды жайнатып койду. Экөө баш жазышкандан кийин көпкө мамыр-жумур сүйлөшүп отурушту да, сыртта жүргөн Кубандыкты чакырып алышты.

– Жакшылап таанып ал Бекмат, бул менин балам, орунбасарым. Кокусунан бирөөлөрдүн «торуна» түшүп калса куткарууга жардамдашарсың дейм.

– Кадырыңыз жан болсун аке, ал турган иш. Сиз менен ушинтип тиричилик кылып жаткандан кийин аны кантип унута коеюн. Анын үстүнө сизге окшошураак экен. Оң бетиңде калы бар тура. Муну көрөрүм менен тааныйм да.

– Ооба, ооба таза болбосо калынан тааны. Экөө орунсуз эле каткырып күлүп калышты.

– Чай ичкиле, жаңы чай демдеп апкелдим,– деп Зыябү Бекматка пиаланы суна калды. Бекмат чардайган курсагын сылап отурган бойдон бир колуна пиаланы кармады. Чайды чайпалта аз-аздан уурттады да, анан чөнтөгүнөн акча сууруп чыкты.

– Зыябү кечетен бери чайыңды ичип жатам. Өтө ыраазымын сага. Эми муногу акча, чай пулуң болсун. Элүү сомдон бир пачке.

– Кыргызда мындай салт жок. Бул акча өзүңүзгө буйрусун. Албайм, алат деп ойлонбоңуз деп Зыябү ордунан ыргып турду. Акчаны столдун үстүнө ыргыта салып чыгып бараткан Зыябүнү Акмолдо токтотуп калды.

– Салтты эмне кылат экенсиң, келесоо катын. Бекматтын бергени кудайдын бергени деп ала бер. Ме-е.

Зыябү Акмолдонун алдында кың дей албайт. Акчаны кармаган бойдон сыртка умтулду.

Бекмат менен Акмолдо бир туугандардай коштошкону менен Акмолдонун жүрөгүн бир ой өйүгөндөн өйүп турду: «Каяктан таап алды биерде экенимди?» Түптөн Чоңташка келет деп ким ойлоптур. Мунун түбү жакшылык болбойт. Бекмат аркалуу башкалар келет. Шорумду Бекмат эмес, ошолор катырат. Койчу башымды азыртан катыра бербейинчи. Убакыт көрсөтөр»...

Бекмат кетери менен Маймыл жоодон качып келаткандай шашыла үйгө кирип келди.

– Эмне болду? Тынччылыкпы? – деди Акмолдо ал кирери менен.

– Үч жигитбиз тең кармалды. Бардыгыбыздын тамырыбызды кыюу үчүн катуу кысымга алып жатышат. Акча сунуш кылдык. Болор эмес. тигилер кыйноого чыдай албай коюп, баарыбызды айтып койбосо эле болду.

– Алар ким-кимдер?

– Казак Жүнбай, өзүбек – Топу, анан өзүбүздүн Өгүзбегибиз.

– Коркпо Маймыл алар өлсө өлөт. Биз жөнүндө ооз ачпайт. Бирок бул иштин түбү жакшы болбой отурат. Жанагы Бекмат бекер бизди таап келген жок. Изибизге түшө баштаган го алар. Эмне кылсак?.. Орун алмаштырсакпы? Акмолдо ойлуу Маймылга карады.

– Орун алмаштыруу жагын өзүңүз билесиз да. Бирок баягы биз сайрандап жүрчү 1992-жылдар жок. Улам кармалуулар көбөйүп, саныбыз азайгандан азайып баратат. Жолубуз кууш тартып, жайытыбыз азайып бара жатканын сезесизби Атаман аке?.. Акмолдонун бет териси дирт-дирт эте түштү.

– Эмне дейсиң Маймыл?! Бардыгын таратып жибер дегени келдиңби. Ошого баары макул боло алат бекен? Камалганы камалып, бирок башка колунда жок балдар ордун толуктап жатпайбы. Же алар ач жылаңач жүрүп кырылсын дейсиңби. Сен экөөбүздү ууру кылып энебиз төрөгөн. Ууру бойдон өлөбүз. Ал эми тигил үчөө үчүн сен күйүп бышпай эле кой. Алар өз казанында өздөрү кайнашат. Тирүү жүрсө акыры сен баскан босогону аттайт. Өлсө өздөрүнүн шору. Андан көрө айткын эмне апкелдиң?

– Апкелмек турсун көлөкөмдөн коркуп жүрөм. Менттер катуу көзөмөлдөн калышты. Эл да түшүнө башташты. Малдарын катуу карашып калыптыр.

– Суу жүрө-өк! Корко-ок! Тирүү өлү-үк! Акмолдонун ачуусу бетине чыгып, түрү суук болуп кетти.

– Чудейди чакыр деди Кубандыкка. Бир аздан кийин Маймылдын чыркыраган үнү угулду.

– Аке, эмне өлтүргөнү жатабы? – деди Кубандык.

– Жок балам. Өтө майышчаак болуп калыптыр. Балдар курчутуп коюшат,– деди Акмолдо.

Жашоо турмуш ойдогудай болгон менен кайсы күнү эмне болуп кетет болду экен деп кээде коркунучтуу ойлорго кабылып, жүрөгү титиреп кетет Кубандыктын. Бирок эми кайда барат? Качып, же кайсы бир себептер менен кутулуп кетүүгө болобу? Жок. Демек этиң да, бетиң да калың болуп, оорчулукту чым этип сезбей, эртеңки күндү ойлонбой, бүгүнкү күндүн эсеби менен гана жашоо керек.

Жаш жигиттин баралына келип, сүйүү кумарына тартыла баштаганын алда качан сезе баштаган Акмолдо.

– Келин алам десең ушу жерге эле алып келе бер. Канча айткан менен өз баламдай болуп калбадыңбы,– деген. Кубандык Чоңташтык эки кызды көргөндөн бери көңүлү ачылбай, жабалактаган ойлорго кабылды да калды. Баарынан өзүнүн көңүлүнө жаккан кызды айтпайсыңбы. Чачтарын эринбей тал-тал кылып өрүп коюптур. Анан калса эки бетинин оттугун айт. Кыпкызыл алма. Кучагына кулап түшүп ошол алмадай беттен сорсоң ээ чиркин!..

Кубандык Чоңташ айлынан өтүп баратканда да, кайра кайтканда да машинасын жай айдап карап жүрдү. Бирок көрүнсөчү алар. Анткен менен эртеби кечпи ушул аймактардан кездешерине ишенип жүрдү. Тилегени эле турмушка чыкпай күйөөлөрү жок, бой болгой эле.

Райондун борборуна жакын жайгашкан базарга кирип баратып чоң кагазга жазылган жарыя кагазга көңүл бөлүп карап калды. 25-май. Райондун маданий үйүндө «жаштык» тобунун чоң концерти» – деп жазылып ылдыйраагында катышуучулардын сүрөттөрү турат. Жакшылап карап чыгып өзү сүйгөн кыздын сүрөтүн көрө калды. Экинчи кыздын да сүрөтү бар. Карачы мен издеген кыздар биякта турбайбы. Куда кааласа 25-майда жолугат экенмин деди ичинен. Соодасы бүтүп кайрылышка келгенде баягы эки кыз жол тосуп турганын көрдү. Алар кол көтөрбөсө деле машинаны так жанына айдап келип токтотту.

– Саламатсыңарбы, айымдар? – деп күлө кабинадан баш бакты Кубандык. Алар баш ийкеген болуп анан жигитти карап калышты. Көздөрүн балбылдаткан, жүзү жылдыздуу экенин кыздар эми гана баамдашты. Кубандык кичи пейилдик кылып кабинадан түшүп келди да, кыздардын тушундагы эшикти ачты.

– Кана кыздар отургула, Чоңташка баратам,– деди.

– Дагы баягы шалдыраган машинага түшө турган болдук ээ,– деди аты-жөнү белгисиз сулуу кыз.

– Шалдыраган менен жүрөгү таза, жүрөгү соо.

– Жүрөгү соо дейсиз, баягыда арабадай кылдырап калбады беле?

– Анда атайы кыбыратып айдагам. Силерди карап суктанып отургум келген.

– А-а ошондой дечи. Демек дагы суктанып... Кыбыратып айдап барат экенсиң да.

– Жок айымдар силер кандай айтсаңар ошондой болот. Кеттикпи?..

– Эмне кылалы Назик? Түшөлүбү? – деп суроолуу карады сулуу кыз курдашына.

– Ушул жерде тура бермек белек, жыла берели, алга жылгандын аты озот дегендей,– деди жанындагысы. Ошентип экөө тең машинага түшүшүп, Кубандыктын издегени табылып, көңүлү куунак машинаны айдап келатты. Сөздү эмнеден баштоом керек деп ойлонуп коет ичинен. Тым-тым ойногон балдардай болуп, үн-сөзсүз бир топ убакыт өткөрүп жибергенине кейиди.

– Назикти го таанып алдым. Ал эми сиздин атыңыз Акшоола турбайбы?..

– Аны кайдан билип алдыңыз?..

– Оюмда эч нерсе жок, базарга кире бериште эле афиша илинип, «Жаштар» тобунун концерти деп жазылып туруптур. Карасам бир топ балдардын ичинде экөөңөр эле экенсиңер. Экөөңөрдү ошол замат эле тааныдым. Ылдыйда аттарыңар турат. Ошондон Назик ким, Акшооласы кайсынысы деп ойлоп койдум эле. Мына эми ким-кимиңерди толук таанып алдым. Жакшы болбодубу. Тартынбай учурашып жүрөбүз.

Кыздар эч нерсе деген жок. Кайрадан тынчтык өкүм сүрдү. Айыл жакындаган сайын Кубандыктын кабагы бүркөлүп баратты. Жарым сааттай жол жүргөн менен али жарытылуу сөз айта элек. А кыздар болсо теңсинбегендей түр көрсөтүшөт. Анын үстүнө Нурдан бери кыздар менен сүйлөшкөнү ушу гана. Кыздардагы сүр мында да билинди. Антпесе баятан бери аны-мунуну айтып өзүңө тартып алат эле го. Чын-чынына келгенде бир аз сүйлөшө коюп кыздын жүрөгүн арбап алгандар канча. Чиркин ошондой талант Кубандыкта болсочу азыр.

– Кечириңиздер. сиздер районубуздун ырга шыктуу таланттууларынан болот турбайсыздарбы?..

– Таланттуу деген атка жетүү бизге кайда. Эптеп районубуздун мыкты артистерине кошулуп коюп жүрөбүз. Аларга кошулбай калууга акыбыз да жок. Акшоола болсо маданий үйүнүн бухгалтери, мен кызыл үйдө китепканачымын. Анча мынча ырдай коюп элге таанылып калыптырбыз. Айтоор «жаштар» бий-ыр ансамблинин артистери болуп жүрөбүз. Колуңуз бош болсо биздин концертке келиңиз,– деп Назик чечилип кетти. Акшоола оозуна талкан куюп алгансып дагы эле сүйлөбөйт. Мындан бөлөк сөз да болгон жок. Машина айылга кирип келип, кыздар түшүүгө камынды. Кубандык машинаны токтотуп, кабинадан ыргып түштү да, кыздар отурган эшикти ачты.

– Жакшы калгыла жолугушканча.

– Сизге рахмат!

Экөө башка сөз айтпастан колтукташып басып кетти. Кайда, ким менен сүйлөшпөсүн Кубандык эр көкүрөк. Ал эми соода сатык иштерине келгенде аларманды сөз менен байлап алат. Эми кыздардын алдында сөзгө чоркок, бүжүрөп калганына өзү да таң.

Машинаны ордуна коюп үйгө киргенде Зыябүдөн башка эч ким жок экен.

– Акем каякта? – деди кирери менен.

– Ал камалгандарды аракет кылып бошотсомбу деп кетти.

– Мага жумуш дайындаган жокпу?..

– Шаршембиде Пил келип акча таштап кетет. Жөн жайды сурасын. Муногу чиймени унутпай берип койсун деди. Кезектеги иш аракеттеринин багыттары болсо керек го.

Кубандык кур дегенде бир жума бош жүрөрүн ойлонуп сүйүндү ичинен. Болгону базар күнү койлорду союп сатып келет. А күнү тиги кыздар жолугуп калса канча кубаныч...

Кубандык ал күнү жарытылуу деле иш кылбады. Бир гана мал багылган сарайга барды да малчылар менен сүйлөшүп, иштерин текшерип анан тапшырма берип кайтты. Келери менен жумшак диванга кулап, алды менен Нурду, анан бүгүн жолуккан Акшооланы элестей кетти. Экөөн сулуулук жактан салыштырып көрдү. Акшоола караңгы түндү жарык, аппак нурун чачыраткан ай сыяктуу болсо, Нур чолпон жылдыздай сезилди кыялында. Кээде жакшы элестер менен жашаган да жакшы. Дал ошондонбу Кубандык уурутунан жылмайып, көзүн күлмүңдөтүп көпкө-көпкө шыпты карап жата берди. Таттуу кыялдарга батып, ар бир кадамында ээрчиген жүрөк үшүткөн коркунучтарды алыска-алыска айдап салгандай болду. Жашоосуна Акшоола гана кубаныч менен сүйүүнү, чөйчөгүнөн чайпалбаган бакытты алып келе тургансыйт. Жүрөгү алып учуп эртең эле жетип барып баарын-баарын айткысы келди. Бирок Акшооланын жактырбагандай мамилеси көңүлдү суутуп жатканына өкүнүп, үшкүрүнүп алды.

Ойлор түгөнбөй улам бир ойдон бир ойго чөмүлүп жатканда эшикти ачып Зыябү кирип келди.

– Жүр Кубандык чай демдеп койдум. Иче кой.

– Бир аз кое туруңузчу.

– Ботом чай муздап калбайбы. Куурдак да бышыра салдым эле. Кубандыктын таттуу ойлору таруудай чачылып ордунан ыңгыранып турду. Анткен менен Зыябүнүн өз апасындай чебелектегенине жүрөгү элжиреп кетти. Ошондо Алыкул Осмоновдун «Грунья Савельевнага» арнаган ыры эсине түштү.

Далай таттуу даам жедим колуңдан,
    Кем көрбөдүң өз бир тууган бооруңдан.
    «Начар экен бат оңолсун бала» деп,
    Шашып турдуң чала уйкулуу ордуңдан.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Аскаров Ч., 2004. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 5493