Главная / Публицистика / Философия жана илим, Илим
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 7-октябры
Диний жана секулярдуу мамлекеттер тууралуу
Бул макалада секулярдуу, атеисттик жана диний мамлекеттин айырмачылыктары түшүндүрүлүп, кыргыз коомчулугундагы секулярдуу түзүлүшкө карата болгон кээ бир туура эмес стереотиптерди оңдоо максаты көздөлөт. Ошондой эле илимдин табияты диний догманы же көзөмөлдү көтөрө албастыгы баса көрсөтүлүп, илимий прогресс үчүн окумуштуулардын социалдык жана саясий кысымдан коргоо мамлекеттин милдети экендиги белгиленет.
В статье описывается различие между религиозным и секулярным государствами. Автор также пытается развеять неверные стереотипы о секуляризме и подчеркивает важность деидеологизированного подхода к науке, природа которой не подчиняется господствующим политическим идеологиям и религиозным догмам. Без должной защиты ученых со стороны государства от возможного социального и политического давления наука не сможет производить полезные обществу продукты.
Түрк мамлекеттери тарыхта негизинен диний болушкан эмес, азыркыга чейин дин менен секулярдык күчтөрдүн ортосунда таймаш жүрүп келе жатат. Бул таймаш Кыргызстанда азыркы учурда диний жакка чукул оогону байкалууда. Ошону менен катар эле секулярдуу мамлекеттик түзүлүштү кудайсыздардын системасы деген өңүттө көрсөткүсү келген күчтөр да байкалууда. Ал эми бул болсо чоң жаңылыштык. Анткени секулярдуу мамлекетте Кудайга ишенүүгө тыюу жок, тескерисинче секулярдуу мамлекет жарандарга Кудайды эркин изилдөөгө, тандоого жана пикир алмашууга коопсуз жагдай түзүп, тиешелүү мыйзамдар менен коргойт.
Секулярдуу мамлекетте эч бир диний ишенимге же ырым-жырымга колдоо көрсөтүүдөн же каршылык кылуудан оолак жана бардык диндерге карата нейтралдуу саясат жүргүзүлүшү керек. Секулярдуу мамлекет бардык жарандарына алардын кандай динди тутунганына карабастан бирдей мамиле кылышы зарыл. Адатта секулярдуу өлкөдө мамлекеттик дин болбойт. Эгерде мамлекеттик дин кабыл алынып калган болсо, ал символикалык гана мааниге ээ болуп, жарандардын күндөлүк жашоосуна таасир тийгизбей турган ролду ойнойт.
Секулярдуу жана атеисттик мамлекеттердин айырмасы чоң. Атеисттик мамлекетте бардык диндерге жана ишенимдерге каршы саясат орун алат. Секулярдуу мамлекеттердин катарында АКШ, Франция, Индия, Түркия, Тайвань ж.б. мамлекттер болсо, атеисттик өлкөлөргө Кытай жана Түндүк Корея кирет. Ал эми эгерде конституциясында официалдуу дини бар болсо бул диний мамлекет эсептелет. Диний мамлекеттердин катарында Боливия, Иран, Греция, Норвегия, Афганистан, Сауд Аравиясы ж.б. бир кыйла католик, протестант, ислам диндердин расмий эсептеген мамлекеттер кирет.
Чыныгы илим да секулярдуу же демократиялуу мамлекеттерде өсөт. Анткени илим кандайдыр бир идеологияга көз каранды болбоосу шарт. Ошондой эле илимий иште диний догмаларга каршы келген идеялар пайда болуусу табигый көрүнүш болгондуктан, мамлекет окумуштууларды ар кандай социалдык жана саясий эзүүдөн коргоого милдеттүү. Бул функцияны болсо секулярдуу жана демократиялуу мамлекет гана так аткара алат.
Кыргыз эли өз тарыхында ар түрдүү диний ишенимдерди тутунуп келди. Илимпоздор XVIII кылымга чейинки кыргыздардын зороастризм, несторианчылык жана теңирчилик менен тыгыз байланышта болгонун далилдешсе, XIII кылымдан баштап, айрыкча XXI кылымдын башында Ислам дининин таасири күчөгөнүн айтышат. Ал эми бүгүнкү күндө болсо, секулярдуу же диний түзүлүштү тандоо тууралуу түрдүү талаш тартыштар чыгып жатат. Кандай гана болбосун дин кыргыздын тилине, территориялык бүтүндүгүнө жана илимий, маданияттык жана саясий жактан өсүүсүнө жолтоо болбоосу шарт.
Мамбеталиев Аскарбек. Эл аралык билим боюнча адис
Количество просмотров: 2273 |