Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Публицистика / Философия жана илим, Илим
© Мамбеталиев А., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 19-октябры

Аскарбек Эркинович МАМБЕТАЛИЕВ

Мектептеги кылмыштуулукту жоюу боюнча ойлор

Автор Бишкек шаарындагы балдар арасындагы кылмыштуулукка тынчсыздануусун билдирип, бул проблеманын чоо-жайын, себептерин жана кесепеттерин түшүндүрүп, аларды жою боюнча сунуштарын киргизет. Автор ошондой эле бул жааттагы АКШнын тажырыйбасын келтирип, ошолорду Кыргызстандын шартына да ылайыкташтыруу мүмкүнчүлүгүн билдирет.

 

Мектептеги кылмыштын алдын алуу комплекстүү чараларды көрүүнү талап кылат жана бул билим берүү индустриясынын негизги милдети. Акыркы мезгилдеги Бишкектеги мектептердеги кылмыштар ошол милдетти билим берүү системасы так аткара албай жаткандыгынын белгиси.

АКШда репортинг системасы жакшы иштейт. Бизде муну “стукач” деп жаман көрүп, кылмышкерлер менен паракорлорду калкалай турган салттарды жаратып алдык. Өнүккөн мамлекеттерде болсо, мектептерде жана полицияда атайын анонимдүү репортинг телефондору, электрондук жана жөнөкөй почталар бар, ошолорго шектүү нерселерди ар бир жаран кабарлап турат. Муну алар атуулдук парыз деп эсептешет. Бул баалуулукту биз да киргизишибиз керек. Мындан бир топ жыл мурда Германияга машине сатып алам деп барып калып, бирөөнүн короосунда газды катуураак басып койсом үй ээси мага келип: “Газды катуу баспаңыз, кошуналар полицияга телефон чалып коет”, — дегени эсимде.

Ошондой эле көптөгөн демократиялуу өлкөлөрдө каунсилинг (кеңеш берүү, сооротуу, психологиялык травмаларды айыктыруу) сервистери көп. Бул фирмаларды коом өзү каржылайт, же болбосо сервистен түшкөн акчанын эсебинен жашайт. Мисалы, Африкадагы миңдеген бала-солдаттар эларалык уюмдардын зөөкүрлүктүн травмасынан айыктыруучу программаларынан өтүшөт. Антпесе, алар кайрадан зөөкүрлүк айлампасына түшөт. Мындай сервистер бизде да болсо жакшы болмок. А бирок алардын коому менен биздин коомдун айырмасы – аларда өз ара уюшуу маданияты өөрчүгөн. Мамлекеттин көзүн карап эле олтура берүү жок. Анын үстүнө бийлик элдин колунда, демек коом өз жоопкерчилигин жакшы сезет.

АКШны канчалык жамандабайлы, ал жердин диндери ууру кылба, калп айтпа, душманыңды сүй, ж.б. баалуулуктарды пропагандалайт. Мектептеринде болсо зөөкүрдүк, наркомания, алкоголизм, ж.б. проблемалар атайын программалар катары окутулат. Бул программалар, албетте, жогортон түшпөйт, анткени АКШда бийлик элдин колунда. Коом тарабынан каржыланган борборлор жаңы окуу программаларын иштеп чыгып, полиция, эксперттер, волонтерлор менен бирдикте тынымсыз иш алып барышат. Бизде мындай системаны киргизүү кыйын, анткени коомдо бийлик жок.

АКШда социалдык, гендердик, расалык, диний жана улуттук жек көрүүчүлүк сөздөрдү айтканы үчүн ар бир адам оор жазага кириптер болот. Мисалы, “негр” дегениң үчүн, же бир динди жамандаганың үчүн, ал тургай бир аялды тигиле караганың үчүн жазаланып каласың. Ал эми бизде болсо бул кылмыштар эркин эле жар салынып атат. Эгерде муну азыр токтотпосо, анда тукургучтар азчылыктарды жок кылган соң көпчүлүктү жиликтейт. Афганистан буга эң сонун мисал болуп бере алат. Ошондуктан өкмөт эч коркпой эле, башка адамдарды алардын динине, расасына, улутуна жана башка белгилери боюнча кордогон адамдарды жазага тартуусу керек. Анткени мындай чакырыктар жана тукуруктар Адам атанын баласына карата кылмыш. Андыктан бул жерде бет карамалык болбоо керек. Миң эсе динчил болгонуна карабастан, адилеттик, акыйкат жана адамсүйүүчүлүк орнобогон коомдо эч кандай өнүгүү болбойт.

Мугалимдер болсо классты кантип башкаруу керек, агрессивдүү жүрүш-турушту кантип өзгөртүү керек, улут, дин, раса аралык жек көрүүнү кантип алдын алуу керек деген темалар боюнча атайын тренингдерди өтүп, ошолорду сабактарында колдонот. Башкача айтканда, алардын билими өздөрүнө жана коомуна керектүү прагматикалык нукка коюлган.

Башка элдердеги ийгиликтүү практикаларды бизге да киргизүү керек. АКШда social justice же болбосо коомдогу адилеттүүлүк деген түшүнүк күчтүү. Жарандар адилеттик жана эркиндик деген баалуулуктарды ыйык тутуп, аларды ар бири коргоого даяр. Ал эми бизде болсо бул баалуулуктар көп учурда тебеленип жатат.

Интернетте мектептердеги кылмыштуулук боюнча англисче толгон токой программалар бар, аларды которуп, сабактарга киргизүүгө эмне үчүн болбосун? Тилекке каршы, тиешелүү адамдар кошоматтан колу бошобойт, шайтан көпөлөктөй болуп эле өзүнөн чоңураак чиновникти айланганы айланган.

Дагы бир чоң маселе – бул бизде зөөкүрлүктү жана ташбоорлукту даңазалаган видеопродукциялардын эркин сатылышы. Мен Американын көп шаарларында жашадым жана болдум. Ал шаарларда бардык компакт дискттер лицензияланган жана алар өтө кымбат баада сатылат. Лицензияланбаган продуктту сатууга закон жол бербейт жана сатылбайт. Биз да ошол практикага өтүүбүз зарыл – зордук-зомбулукту пропагандалаган видеопродукцияга тыюу салуу керек. Эгерде диний институттар адамдарды бири-бирине “травить” эткенден башкага алы жетпесе, зөөкүрдүккө каршы күрөштү ата-эне жана мамлекет мойнуна алууга милдеттүү.

 

Мамбеталиев А. Эл аралык билим боюнча адис.

 


Количество просмотров: 5554