Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Кадырова С.С., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 20-октябры

Сайрагүл Сатыбалдыевна КАДЫРОВА

Кечирим булак

Аңгеме

Бул чыгармада 1989-1995-жылдар аралыгындагы жашоо сүрөттөлгөн. Башкы карман Салтанатты ала качып кетет, бирок ошол үйдө жашап калганы менен анын жеке жашоосуна кийлигишип, эч бир макулдугун албай туруп чукул буруп жибергендиги үчүн өмүрлүк жарын кечире албайт. Аңгемеде Адам менен коомдун, адам менен адамдын ортосундагы татаал мамилелер сүрөттөлгөн. Чыгармадагы чиеленишкен тагдырлар окурманды кайдыгер калтырбайт деп ойлом. Мурда эч жерде жарыяланган эмес.

 

7-октябрь күнү айылда болуп көрбөгөндөй шаң, тамаша, оюн-зоок, майрам боло турган. Улуу Октябрь майрамы болчу бул күн. Майрам эрте мененки саат он-он бирлерде башталат. Айыл тургундары адеми кийинип көчөгө чыгышат, ат чабыш, кыз куумай, эр эңиш, улак тартыш уюштурулат. Кичинекей балдардан бери апалары катып койгон айай кийимдерин кийишип, өздөрүнчө толкунданышып, чоңдорго илешип, алар өйдө барса өйдө, ылдый барса ылдый дарбышат. 

Мектептин өйдө жагына “Кулуш дарыясынын” боюна алты бакан селкинчек салынган. Ал жерде да топураган жаштар, балдар, кыз-келиндер. Селкинчекке түшкөнү созолонто ырдап, күүлөнткөнү аны кыйкырып коштоп шаңга бөлөнгөн. Кулуш дарыясы демекчи, кичинекей суу тээ айылдын бир канатынын баш жагынан агып түшүп, анан айылдын ортосунан өткөн чоң дайрага куят. Ошол кичинекей суунун боюнда колотто Кулуш деген киши жашай турган. Ал көп жыл мектепте кароол болуп иштеген киши, бир топ жашка барып калса да кайкалап түптүз. Оң колун алдыга-артка шилтеп кайкалаган боюнча жай жылып, мектептин айланасын кыдырып карап басып жүрчү. Шакаба чегип анын үйүнүн жанынан агып өткөн кичинекей дайраны “Кулуш дарыясы” деп коюша турган. Ошол Кулуш дарыясынын жээгине майрам сайын селкинчек салышат бакандарын каркайтып. Аны жаштар моокумдары канганча майрамдан кийин да күнүгө бош убактылары боло калганда чуркап келип бир топко тебишет. Бүгүн селкинчектин биринчи эле күнү, ошондуктан жаштардын баары топурашып, улам бири мен тебем деп талашып да калышат. Мындайда селкинчек тепкендин да өзүнүн жолу бар. Селкинчекке түшкөн киши ырдаш керек. Эгерде эле ырдабасаң же ырдабай койсоң катуу-катуу күүлөнтүп, башың тегеренип, айлаңды кетиришет.

Мунун баары шаардан келген Дөкүш чалдын небереси Салтанатка өзгөчө кызык. Энеси Калийча да он эки чайралык чачылуу ак жоолугун салынып, атлас көйнөгүн, кыжым чапанын кийип, баласы сатып берген майрамдарда, анан конокко барганда гана таянуучу жаңы таягын таянып, небересин ээрчитип чыккан. Алар айылдын ортосундагы, чоң дайранын жээгиндеги дүкөнгө келишти адегенде. Ал жерден байбиче өзүнө деп бир кило набат, чалына деп бир баш көк чай алды да, андан чыгып небересине өткөн-кеткенди кобураган болуп селкинчек жакка жөнөштү. Алар медпункттун кашаасынын жанынан селкинчекке карай бурула бергенде арттан бир топ атчан келип тапырап ылдый өтүп кетти. Аңгыча ылдыйтан Калийча байбиченин теңтуштарынан экөө ээрчишип келип калышты. 

– Тетиги аттарды ат чабышка коё бергени алып баратышыптыр. Аттар келгиче бул жерде эр эңиш, катын эңиш болот экен. Кел, Калийча эже, бул жерге отуруп бир аз тамаша кылалы, – деп медпункттун короосуна кире бериш жердеги отургучка отура кетти кемпирлердин кара жуумал, арык, бир аз бүкүрөйүп басканы. Салтанат ошол учурда: “Эне, мен селкинчекке барып көрүп келейинчи”, – деп суранып калды.

– Бар, бара гой, – деп Калийча байбиче теңтуштары менен өткөн-кеткенди сүйлөшүп отуруп калды. Салтанат селкинчекке жакындап келип чоң атасынын коңшусу Таштанбек акесинин кыздарын көрүп калды да, аларга келип кошулду. Дөкүш чалдын шаардык небереси деп ошол жерде турган жаш жигиттердин баары улам-улам аны карап бир аз сүрдөтүп да жиберишти. Салтанат деле кичинесинде ушул жерде өскөн кыз. Кийин мектепке барганда эле шаардагы ата-энесине кетип, ал жакта бийге шыктуу экен деп музыкалык мектепке беришип, ошондон бери айылга каникул сайын келип турат. Чачынын төбө жагын кулагынын үстүнөн алып бир өрүм кылып өрүп туруп калган коё берилген чачынын үстүнө таштап койгон, сымбаттуу, ичке боюна жарашыктуу көйнөк кийип, бийлеп жаткансып жай басат. Баскан сайын бир аз тармал чачтары билинер-билинбес кыймылдап, далысынан ылдый жайылып келип, ичке белдерине акырын жабыша түшөт. Сурмалуу, коюу көздөрү караган жанды өзүнө тартып, тамылжыган ак жуумал жүзү, бир аз кымтылган эриндери, кынаптап жасалгандай кырдач мурду көздү туткундайт. Бир карап алган жан кайра-кайра карагысы келип көзү тойбойт. Ошол күнү селкинчектин бир жибин кармап алып, тиги ырдап жаткан келин менен жигитти күүлөнтүп жаткан Төрөбек ага суктанып, кадалган көзүн тарта албай туруп калгандардын бири болчу. Таштанбектин кыздары жанына келген коңшусу менен бирдекелерди сүйлөшүп, шыңкылдашып калышты. Ал аңгыча селкинчек тээп, ырдап аткан келиндин ыры бүтүп, селкинчек токтоп кийинкилерге кезек келди. Селкинчектин жибин күүлөнтүп жаткан кыз: 

– Төрөбек, сенин кезегиң келди, бол эми бир шиңгил таштап ырдап, селкинчек тебе кал, – деп шаңкылдап калды. Таштанбектин кыздарынын бири: “Менин кезегим”, – деп чуркап келип, алиге бир аз күүлөнүп турган жипти алып, артына өткөрүп, белин коюп, эки колу менен жиптин эки жагын бекем кармап, бутун ортоңку жипке илип Төрөбекти күтүп калды. Эмнени ырдасам экен деген ой менен алектенген Төрөбек жай басып өзүнүн ордуна келип, бутун ортоңку жипке тиги кыздын буттары менен кезектете коюп, колдору менен арканды бекем кармап, белин такап биз аз күүлөнгөндөн кийин ырдап баштайын деп даярданып калды. Ошол учурда көпүрө жактан атчандардын арасынан бакылдаган үндөр чыгып, талаш-тартыш күчөп калды. Элдин баары ошол жакты карап калышты, балдардын арасынан эми эле ошол ызы-чуу чыгып жаткан жактан келгендердин бири:  

– Эңиш башталды, Бедеш акеге эч ким чыкпай жатат. Айылдын баш жагынан бир койчуну чык эле чык деп сүрөп жатышат, – деди. Селкинчекти тегеректеп тургандардын баары эңиш көргөнү сүрүлүп жөнөштү. Алардан калбай Төрөбек менен анын шериги да селкинчектен буттарын чыгарып алып ошол жакка жөнөштү. Бедеш мурунтан эңишке түшүп жүргөндүктөн ага даап эч ким чыкпай аткан экен. Айылдын башынан келгендер намыстанышып, кыйкырык-сүрөөнгө алып, ар сөз айтып намысына тийип жатышып Жусу деген чабанды чыгарышты. “Бедеш да чабан, Жусу да чабан, бул чабандардын эңиши боло турган болду, мелдеште жарышкандай эңишет эми булар,” – деп бакылдап калды бирөө үнүн бекем-бекем чыгарып. Бедеш чабан таноосунан буу бүрккөн, жал куйругу төгүлгөн чабдар атын ортодо ары-бери чапкылап, жеңин түргүчө камчысын оозуна тиштей коюп айбат көрсөтүп жатты. Жарданып тургандардын баарынын каны кайнап, Жусу чабанды бол эле бол деп шаштырып калышты. Аны тегеректеп жүргөндөрдүн бири карагер атынын токумун жеңилдетип, басмайылын бекемдеп тартып даярдап жиберди. Дагы бири Жусуга чапан кийгизип, анын белин жолук менен байлап, жеңин түрүп, арыдан-бери даяр кылышты. Көп өтпөй Карагерди минип ал да теминип чыкты эл ортосуна. Топтолгондор андан бетер уу-дуу боло түшүштү. Узун мойнун ого бетер бийик созуп элдин арт жагында эңиштин кызыгын көрүүгө аракет кылып жаткан Төрөбек кыздардын арасында, каптал жагында турган Салтанатты улам көзүнүн кыйыгы менен карап, көзү тойбой жатты. Тиги бирин-бири билектен апчый кармап ары-бери жулкулдашып, аттарынын көкүрөктөрү менен бирин-бири жөөлөтүп эңиштин кызыгын көрсөтүп жаткан эки балбанга да анча көңүл бура албады. Бою пакенерээк, Бедешке караганда бир аз кичинерээк көрүнгөнү менен Жусу да бир топ бар экен, бирде аты менен буйтап кетип, бирде омуроолотуп жиберип оңойлук менен алдыра койбоду. Бирок эңишип жүрүп дасыккан Бедеш анын да бир айласын тапты, Жусунун колун чыгарып кетүүгө жасаган аракеттерине моюн бербей, анын колун билеги менен кошо апчый кармап алып тартып отуруп акыры ээрден алып түштү. Элдер дагы бир жолу катуу уу-дуу болуп алышты. Эки ат эки тарапка ойт берди, эки балбанды эки топ курчады. Жеңген тарап өзүнчө кудуңдап, жеңилген Жусуну колдоочулар жубатып, азамат, намыска жарап бердиң деп атышты. Кийинки кезекте аялдар эңиши башталды. Бул жолу баягы майрамдарда эңишип жүргөн Бүмайрам даярданып, аттын ээрине олбурлуу денесин толтура отуруп, тамылжыган кызыл-сары жүзү ого бетер тамылжып, кашкая күлүп, жеңин түрүп, атын алкынта бастырып чыкты. 

– Оо, бу Бүмайрамга ким чыгат, ким тең ата боло алат! – деп ортодогу уюштургучтардын бири кыйкырып калды. Баары күтүп атышты. Топтун арасындагы кер мурут, узун бойлуу жигит жанында турган кара тору, толук аялды колтуктап алып элдин алдына алып жөнөдү. “Мына, менин Батмабү жеңем түшөт эңишке. Бүмайрамдан Батмабү кем бекен,” – деп тамаша-чынга салып элдин алдына тиги аялдын артка кетенчиктегенине карабай алып чыкты. Уюштуруучулардын элдин чордонунда жүргөн тобунун арасынан бири капысынан көрө койдубу четкерээкте атка кыйшая минип, эңиш көрөм деп даярданып турган жаш өспүрүм балага шашып келип: “Ай, сен атыңды Батмабүгө бер, минип эңишке түшсүн, силердин атыңар күчтүү, акылдуу. Эңиште ат күчтүү, амалдуу болбосо алдырып коёт”, – деп бакылдап атып тиги баланы аттан түшүрүп, жетелеп кетти. Топтолуп турган элдин четине өзүнчө үймөлөктөшүп топтоло калышып бир топ киши, анын арасында жанагы кер мурут жигит да, Батмабүнүн жеңин түрүп, атын арыдан-бери оңдоп токуп эңишке даяр кылып аттандырып жиберишти. “Деги катындардын эңиши эң эле кызык болот”, – деп бакылдашып сүйлөшүп жатышты жардангандардын арасынан эки киши. Эки балбан аял бирин-бири улам-улам аңдып, каршылашынын билегин шап капшыра кармап тартып кеткенге далбастап, улам аттарын теминип жатышты. Ал эми эки жаат болуп экөөнү сүрөгөн кыйкырык-сүрөөндөр, ышкырыктар, “карма”, “тарттар” карап турган кишинин канын кызытып, жашоону кайнап жаткан кызыкка айлантып жатты.  

Аялдардын эңиши эми эле бүтүп, топтолгон эл бир аз суюла баштаганда “Аттар келатат! Аттар келатат! – деген кыйкырык чыкты. Жолдо жай басып бараткандар шашып жолду бошотуп, аркы жээкке чуркап өтүш жатышты. Көпүрөнүн жанына аттарды кармай тургандар топтолуп, ал эми калган ашыкча кишилердин баары жолду аттарга бошотуп, жолдун четине жарданып туруп калышты. Суунун наркы өйүзүндөгү жардын үстүндөгү жолдо катар тизилип тургандар аттар жакындап тааныла турган болуп калганда андан бетер сүрөөнгө алып: “Карагер чамда эле чамда! Өмүш чап эле чап! – деп кыйкырып калышты. Мектептин аянтчасынан бурула бергенде гана кабакта жолдун жээктей тургандарга кайсы аттын келатканы көрүндү. Жарданып тургандар кыйкырып, ышкырып сүрөп калышты. Ал эми көпүрөнүн жанында топтолгон ат кармоочулардын эң эле аксакалы, кадыр-барктуусу биринчи келген атты кармайт, жол-жобосу ошондой. Биринчи келген атты кармап ызы-чуу түшүп атышканда эле экинчи ат, ага куйрук улаш үчүнчү ат келди. Ансыз деле кандары кызып турган элдин андан бетер көңүлдөрү кушубак болуп, бакылдашып, байге алышып, чотур доолашып калышты. 

Ошол учурда жанатан бери ушунун баарын байкап, өткөн-кеткенди сүйлөшүп отурган кемпирлердин арасынан Калийча кемпир өйдө болуп, ары жакта кыздардын арасында турган небересин үн салып чакырып алды да: “Кой айланайын, үйгө барайын, ызы-чуудан башым да ооруп кетти”, – деп акырын сүйлөнгөн болуп, небересин жанына алып, таягын таянып, бир аз тынчып эми суюла баштаган топту айланып жай басып жөнөдү. Көпүрөдөн өтүп, кыя жол менен өйдө чыгып бараткан кемпир менен жаш кызды эч кимге билгизбей көзү менен узатып карап кала берди Төрөбек суунун берки өйүзүндө, теңтуштарынын арасында.

Майрамдын эртеси Калийча байбиче таң заардан күйпөлөктөп курутун куруттай, майын майдай, этин эттей салып, кымызын канистрлерге куюп даярдап небереси Салтанатты шаарга жөнөтүп калды. Көк-Арттан келген автобус өйдө өткөндө андан бетер шашкалактап небересин чакырып: “Бол эми, автобустан калып каласың! Сумкелериңи көтөр, жолго чыгып, автобусту утурлап баса берели”, – деп үйдөн чыккан небересин шаштырып калды. Салтанаттын артынан Дөкүш чал чыкты. Ошентип алар баштыктарын, кымыздарын көтөрүп кашаанын илгичин илип, өйдө көздөй жөнөп калышты. Айылдын ортосундагы чогулган элди салып алган автобус жай келип алардын жанына чаңын ызгытып токтоп калды. Салтанат автобустун ичине кирип жүктөрүн жайгаштырып алган соң кайра чуркап түшүп, чоң ата-чоң энеси менен кучакташып коштошуп, анан ордуна келип отуруп, терезеден чал-кемпирге кол булгалап жөнөп кетти.  

Чал-кемпирди да ак жол тилеп беттерин сылап бата кылып, узап, улам алыстап бараткан автобусту көпкө чейин карап туруп, улутунуп алышты да үйүн көздөй басышты. Бул тоо койнундагы айылдагы совет өкмөтүнүн акыркы жылы, акыркы 7-октябрь майрамы, ал гана эмес, мындай тоо арасына жашынган айылдарга автобус каттап турган акыркы жылдар эле. Андан кийин көп өзгөрүүлөр башталды, турмуш оорлорду, эл жумушсуз калды, колхоздун малы менен жери үлүш болуп бөлүндү, тамак-аштын, электр жарыгынын тартыштыгы, кыскасы, көп баш аламандык башталды. Анан совет өкмөтү ооздуктап турган көп көрүнүштөр күчөп, мурда жасалбаган нерселер эми жасала баштады. 

Ошол реформанын жүрүшүндө колхоздун малы элге таратылып, жерлери үлүшкө бөлүнүп, ал гана эмес топоздорунан бери бөлүшүп, топоздун саны элдин санынан аз болгондуктан бир топоз эки-үч бүлөгө тийип, бул тээ тоонун башында жашаган жандыкты кыштакка кантип бага алмак элек деп, ошол эле бөлүнгөн жеринен бутуна арканды чалып жыга тартып, колхоздун 300 топозун биринин артынан бирин союп, канын жайната агызып, этин килолоп бөлүп кетишпедиби шымаланган эл. Совет өкмөтү, анын колхоз-совхоздору, бүт чарбасы ушинтип таланып-тонолуп жатты. Жакшы багылбай көтөрөм болгон колхоздун койлорун, уйларын бөлүп берип, анысынын көбү элге буюруп мал болуп деле бербей арыктыгынан тороюп өлүп калгандар да болду. 

Дөкүш чалдын үйүнүн алдында кызуу талкуу, талаш-тартыш болду ушундай күндөрдүн биринде. Короонун ичинде төрт киши, алардын экөө дубалдын боорунан бир топ чыгара киши отургудай кылып куюлган пайдубалдын кырында отурушат, алардын бири – Дөкүш чалдын коңшусу, айылдын активдеринин бири, экинчиси – бекерчиликтен ага жардам беримиш болуп жүргөн классташы. Тигиндейрээкте кичинекей отургучка отуруп, колуна таягын кармап алган Калийча кемпир, ортодо колун артына алып, ары-бери басып жүргөн Дөкүш чал. Калийча кемпир ачууланган заар үнү менен чалынын көк беттигине жини келип сүйлөнүп жатты: “Колхоздун малы илгери совет өкмөтү жаңы орногондо сенин чоң атаң менен Азимбайдын малынан куралган экен. Колхоздун азыркы малы деле ошол сенин ата-бабаларыңын малынын тукуму. Ошондуктан көп эле кежирлене бербей сенин үлүшүңө тийген койлорду, уйду үйгө айдап кел. Сенин ата-бабаңдын малы сага буюрат эле болчу.” – “Ой сенин атаңды, көп эле келжирей бербей басчы оозуңду. Ал кабыргалары саналган, кесел немелерди эмне кылам. Ана, чекесинен кырылып атат, чөбүбүз текке кетип атат деп ыйлактап атышат алгандын баары эле. Мен албайм, менин чоң атамын эмес башканын малы болсо деле. Албайм!” – деп Дөкүш чал колдорун шилтеп жини келип. Берки буларды карап отурган эки жаш жигит өздөрүнчө шыбыраша сүйлөшүп калышты. “Эмне, чын эле ошондой болуптурбу? Колхоздун малы..? – деп таңданды берки классташ. – “Ооба, большевиктер жаңы келгенде биздин элде Дөкүш абамдын атасы Шырдак менен айылдын башындагы Азимбаевдерди тааныйсыңбы, ошолордун чоң атасы Азимбайдын малы аябай көп болгон экен. Колхоз уюшулганда кызылдар келип ошол экөөнүн малын бүт айдап кетип колхозго өткөрүп берген экен.” – “Чын элеби, андай болсо Дөкүш абам көп эле кежирлене бербей өзүнө тийген койлорду, уйду алып келип албайбы? – деп таңданды классташ жигит. – “Бул совет өкмөтүнө аябай берилген киши, оюнда совет өкмөтү кайра келет, малды ортого алып колхоз-совхоздор кайра уюштурулат деп күтүп жүрөт.” – деди актив жигит. 

Алар антип сүйлөшкөндүн ортосунда Дөкүш чал кемпирине катуу сүйлөп калды. “Ой барбайм дедим барбайм, албайм дедим албайм, кереги жок мага кесел койлордун!” –“Албасаң албачы деги, жөндүү сөз айтса, деги тетириленет да ботом,” – деп Калийча кемпир үйүнө кирмекке ордунан туруп жөнөдү. Эки жигит Дөкүш чал акырын коштошкон болуп кашаанын оозун ачып короодон чыгып кетишти. Дөкүш чалдын айтканынын да жөнү бар. Ошондо бөлүнгөн малдын көбү кесел экен, өлүп калган, өлбөй кеселдей бергендерин союп алышкан эле. Малдын баасынын түшкөнүн айтпа ошол жылы. Бир бөтөлкө аракка бир кой берип калышпадыбы анда. Анан башталды Алайку жеринде бардык жетишпестиктер: ундун жетишпестиги, самындын жетишпестиги, азык-түлүктүн, кийим-кеченин жетишпестиги ж.б. Совет өкмөтү кулагандан эки-үч жыл өтпөй кээ бир бүлөлөрдө нан жебей жалаң эле талкандан аш жасап, ага айран, сүзмө же курут катыктап ичип калышты. Мурдагы колхоздун техникасынын баары таланып-тонолуп жок болду. Эми эл жазында жерди кээлери жыгач, колунда барыраактары темир кош менен айдап, күзүндө арпа-буудайды кол менен оруп, темин бастырып калышты. Техниканын заманынан эле алгачкы коомдук түзүлүшкө түшүп калышты айыл эли. Кыш аяктап жаз эми башталган ак чыга элек убакта айыл боюнча бир табак ун сурап табалбагандар да болду. Ошондо “Коммунизмди курабыз деп жүрүп, коммунизм доорунун өтүп кеткенин да байкабай калыптырбыз,” – деп айта башташты элдер. “Көрсө, коммунизмде эчак эле жашап койгон турбайбызбы,” – деп калышат чогулган жерлерде.  

Совет өкмөтүнүн убагында аз да болсо ооздукталып турган көрүнүштөрдүн бири кыз качырмай ошол жылдары аябай күч алды. Союз убагында деле мындай көрүнүштөр өтө көп болбосо да болуп турчу, бирок ал кезде кыздарды машинага тыгып салып кетип жүрүшсө, эми машина жок болгондуктан атка улактай өңөрө качышчу болду. Кээде мектепти бүтө элек кыздарды деле, ал эми мектепти бүткөн кыздарды ата-энесинин, туугандарынын кайтарганына карабай кой короого тийген карышкыр сымал эле ала качып, жула качып кетмейлер көбөйдү. “Ал гана эмес экзаменден чыгып мектептен айылдын баш жагына кетип бараткан бир топ кыздын артынан эки-үч бала аттарын чапкан бойдон барып, жарылып туш-тушка качкан кыздардын бирин ат үстүнөн эңип алып, ээрине өңөрүп туруп чаап кетиптир.” Айыл ичинде ушундай эле сөздөр биринин артынан бири жүрүп жатты. Тигинин кызын качырып кетиптир, мунун кызын качырып кетиптир, анан артынан барып апасы алып кетип калыптыр. Ушинтип кетип калгандар да, кетпей отуруп калгандар да көп. Эгемендик алган Кыргызстандын айыл жеринде ушундай “эркиндик” өкүм сүрүп жатты ал кезде. Ушундай эркиндиктүү күндөрдүн биринде Дөкүш чалдын кемпиринин эски оорусу козголуп төшөккө жатып калды. “Шаардагы баласы энеңи кара деп кызы Салтанатты жибериптир Ал кызы окуусун бүтүп бир театрда бийчи болуп иштеп жаткан экен. Ишинен суранып келиптир,” – деп кеп кылып жатышты айылдагылар. 

“Карыганда жөн жүрбөй, сени да убара кылып, минтип ооруп калганымды айтпайсыңбы,” – деп бир топ кейиди Калийча кемпир алгач Салтанат келген күнү. Бир жума өтпөй же шаардагы баласы алып берген дарылар жардам бердиби, же Салтанаттын багуусунанбы Калийча кемпир кадимкисиндей болуп эшикке таяк менен кирип-чыгып калды. Дагы бир жума туруп энеси биротоло тыңып калса анан кетейин деп ойлоп жүрдү Салтанат. Алгач чоң атасы менен чоң энесинин качырып кетпесин этият болсоңчу дегендерине анча маани бербеди. Мени ким качырмак эле, карап эле турушса дагы деп койду аларга көңүл кош. Үйдү айланчыктап, кээде жөө, кээде атчан жүргөн балдарды байкамаксанга салды. 

Калийча кемпирди сурап коёлу дедик эле деп айылдын аялдары келип, чай ичип, өткөн-кеткенди кеп кылып отуруп кетишет. Кашаанын эшигин ачып: “Итиңди тосуп койчу, айланайын,” – деп кирип келе жаткан аял ошондойлордун бири экен деп ойлоду Салтанат. Ал аялды үйгө киргизип, алдына дасторкон салып, чайын куюп берип коюп өзү: “Жууп жаткан кирими бүтүрө коёюн,” деп эшикке чыгып кетти. Тиги аял Калийча кемпир менен бир топко сүйлөшүп отурду. Эшиктеги кирин бүтүп үйгө кирсе жанагы аял дагы эле отурган экен Салтанатты көрүп эле энеси да, тиги аял да аны башкача көз менен карап, сөздөрүн токтотуп коюшту. Анан тигил аял:

– Коюңуз эми, мен кетейин. Тезирээк сакайып кетиңиз, – деп Калийча менен коштошуп чыгып кетти. 

– Конокту иттен чыгарып кой, балам, – деп Калийча да сыр билдирбеди. Ошол күнү кечки тамак алдыга келгенде Калийча менен Дөкүш небересине кеп салышты: 

– Баягы Төрөбекти тааныйсыңбы? Аликтин баласы, сен кичинекей кезиңде жайлоодо коңшу айылда отурушкан.

– Ии тааныйм, айылдын балдарынын баарынын тең эле өңүн тааныйм. 

– Анда ошол Төрөбектин апасы сага куда түшүп келиптир, жанагы келген аял ошол, сен жакшы байкабадың окшойт, – деди энеси кызын эмне дейт экен дегенсип көзүнүн кыйыгы менен карап. Аңгыча чоң атасы да кошулуп калды:

– Атаң көрү, жана магазинге керосин келди бекен билейинчи деп басып барсам Алик барып калыптыр артыман. Ал кызыңызды мага келин кылып бербейсизби деп ардекени айтат. Ошол убакта аялы биякта отурган турбайбы, – деди чоң атасы чайын ууртап жатып. 

– Сени да аңдыгандар пайда болду окшойт, кызым. Мен болсо тыңып калдым. Эртең эле шаарга жөнө, азыр айылдын балдары аябай бейбаш болуп чыгышкан. Кыздарды ала качып, жула качып эле атышат. Баягы Таштанбек акеңин мектепти жаңы бүткөн кичүү кызын бир ай мурда Көк-Арттын балдары жайлоодон түн ичинде чатырдын ичине кирип, Таштанбекти бири басып туруп, калганы кызды төшөгүнө ороп туруп көтөрүп кетишиптир. Эми ал ошол жерде бүлө болуп жашап калды. Ошондой балакет болуп кете элегинде шаарыңа кет, балам. 

– Дагы бир жума турайын, ага чейин сиз дагы бир топ жакшы болуп каласыз. Азыр эле жетип барсам атам да нааразы болот мага, коркпой эле коюңуз, азыр менин турмушка чыгайын деген оюм жок,” – деп укпады Салтанат чоң энесин. Ал эми чоң атасы тунжурап ойлонуп, ак да дебей, көк да дебей тим болду. 

Ал күндүн эртеси Салтанат эртелеп короону шыпырып чыкмак болуп жерге суу сээп жүргөн. Тай минген, алты-жети жаштагы сары, көздөрү көк, арык бала тайынын башын буруп кашаага бастырып келип: “Эже, бул катты сизге берип кой деди эле”, – деди. Таң калган Салтанат жакын басып келди. 

– Ким берди муну сага? – деп сурады, кичинекей баланын сунулган колундагы катты алып. 

– Мен күтө турайын, жооп жазып берсеңиз. Мени жообун алып кел деген, – деди тиги бала шашкалактап, бир эсе уялганынан кызарып-татарып.  

Таң калган Салтанат катты ачып окуган бойдон ары басып кетти. 

Анда минтип жазылыптыр:”Саламатсыңбы, Салтанат!

Сени кайрадан биздин айылдан көргөнүмө аябай сүйүнүп жүрөм. Көпкө чейин ойлонуп ушул катты жазууга батындым. Себеби мага сенин ар бир кыймылың, ар бир кадамың жагат, бүткүл сен жагасың. Азыр сен таң калып тургандырсың. Бирок бул чындык. Анан менин сага бир сунушум бар. Кел, экөөбүз баш кошуп албайлыбы? Ойлонуп көр, шаштырбайм. Бирок ушул каттын жообун чыдамсыздык менен күтөм. Төрөбек”

Майда, шурудай тизилген майда, томолок тамгалар менен жазылган бул катты окуп жатып Салтанат эмне ойлоорун, эмне кыларын да билбеди. Аңгыча энесинин “Салтанат!” – деп чакырган үнү чыгып калды. Катты халатынын чөнтөгүнө бүктөп сала коюп Салтанат шашып үйгө кирип кетти. Үй иши менен алектенип, бирок көңүлү уйгу-туйгу болуп жатты. Дегеле анын жакын арада турмушка чыгайын, үй-бүлө курайын деген оюу да, планы да жок болчу. Анан эле бул токтоо да, жупуну да, ошол эле учурда талаптуу да кат келип отурбайбы. Энесинин айткандарын аткарып жүрүп, бир топтон кийин короого чыга калса жанагы тай минген бала дагы эле турат тайынын башын буруп коюп. Салтанатты көрө калып: “Эже, акем каттын жообун алып кел, болбосо келбе деп айткан. Жооп жазып бериңизчи,” – деди ичке үнү менен жалооруй. Бир азга таң калып карап туруп калган Салтанат жооп жазса жазайын деп үйгө кирип кетти. Бир аздан кийин барактын жарымына куш тилиндей кат жазып, аны төрт бүктөп туруп алып чыгып берди. Сүйүнүп кеткен бала: “Рахмат, эже,” – жеп катты эңкейип алды да, тайынын башын буруп өйдө көздөй бастырып кетти. 

Иниси келгенде тамында мал жайгарып жүргөн Төрөбек кат колуна тиери менен шашкалактап ачып окуп калды. “Агай, мен айылга кыска эле убакытка келгемин. Азыр менин турмушка чыгайын, үй-бүлө курайын деген оюм жок. Кечирип коюңуз. Салтанат.” 

Мындай кесе айтылган катка кубанарын, же кайгырарын билбей турду Төрөбек. Бул кат анын акыркы амалы эле, канча жолу жолукканга, сүйлөшкөнгө аракет кылды, бирок таптакыр жолу болбоду. Салтанат үйүнөн эч жакка чыкпайт, чоң ата-чоң энеси дайыма жанында. Жалгыздап калып, көзмө-көз сүйлөшкөнгө эч бир мүмкүнчүлүк таба албады. “Эми катында минтип жазып отурбайбы,” деп ойлоду ичинен бир эсе кыжыры келип. Аны түпөйүл кылган нерсе – башка бирөө качырып кетсе эмне кылам деген ой. Анда эле колу-буту жипсиз байланып, түбөлүккө айрылганы эмеспи Салтанаттан. Мына ошол күндөн баштап Төрөбектин акылында өзүнчө бир опурталдуу план иштелип, даярдалып жатты. Эки-үч күн керек, эки-үч күндүн ичинде даярданып үлгүрөм деди ал өзүнчө. Ошол эки-үч күндүн ичинде дагы эки-үч кат жөнөттү жанагы “чоң почточу” боло түшкөн иниси аркылуу. Бирок баары бир маңдай жылытарлык жооп ала албады. 

Көп учурда туура эмес ишке барарда, же бирөөгө зыянын тийгизерде адам терең ойлоно албай, анализ жүргүзбөй калат өңдөнөт. Убагында жакшы иш менен сенин жаман ишиңдин айырмасын жакшы, даана көрө албайсың. Экөөнүн ортосундагы ажырымды жакшы сезбейсиң. Эгерде ошол учурда эле ошонун баарын көрө, сезе алса, балким, адам баласы андай ишке барбайт беле, ким билет? Төрөбек анчалык деле терең ойлонуп отургусу келбеди. Мындайды элдин баары эле кылып жатпайбы? Ал эмне, элден башкача бекен? Отурат, жашап калат! – деди ичинен кыжынып. Анда Төрөбек иши кылып эле Салтанатты колго тийгизишти көздөдү. 

Ошол күндөрү айылда свет өчүп калган эле. Айыл жери эмеспи, көнүмүш көрүнүш. Свет өчүп калгандан кийин кеч киргенде Дөкүш чалдын үйүндөгүлөр кечки тамагын ичип алгандан көп өтпөй төшөктөрүн салып эс алмакка өтүштү. Жайдын күнкү толгон ай тим эле күндүзгүдөй жарык чачып турган. Түн жарымынан ооганда Дөкүш чалдын ити улам-улам үрүп, кээде ажылдап атып, анан кайра тез эле үнү чыкпай калды. Көрсө, короонун чет жагына ташталган этти баса калып жеп калган экен. Этти апылдата жеп жаткан иттин жанына бирөө акырын басып келип, мойнуна жипти иле салды да, жиптин бир учун кашаанын чоң түркүгүнө байлай салды. Кыска байланган ит ошол жерде кашаа менен аш үйдүн бурчунда эттин кызыгына батты. 

Беш-алты караан акырын жыла басып үйдүн артына өтүштү, ал жактагы төрт терезенин биринин айнектери сыртынан салынган экен, ошонун эң ылдыйкысынын мыктарын жылдырып айнегин чыгарып, арасындагы кичинерээк бирөөнү киргизишип, кайра шып билдирбей жылып үйдүн алдына өтүштү. Үйдүн ичине киргени жылып барып сырткы эшиктин илгичин чыгарып, эшикти ачып сыртта күтүп турушкандарды үйгө киргизди. Ошол учурда жанатан бери андай-мындай дабыштарды укса да, карып калганынанбы тургусу келбей жаткан Дөкүш чалдын чыдамы түгөндүбү, тура калып, жанында жаткан таягын алып, көнгөн адаты боюнча жарыкты күйгүзөйүн деди эле “чык” деген үн чыкканы менен жарык күйбөдү. Светтин өчүп калганын эми эстеди. Анан үрүл-бүрүл болуп көрүнүп турган эшикке темтеңдей басып барып, колу менен сыйпалап жетип, эми эшикти ачайын деп түрткөндө, сыртынан да бирөө карылуу колдору менен түртүп, бүт денеси менен тырмышып каалгага жабышып ачтырбады. Анан дагы бирөө келди. Ал килейген эки жигит чалдын таягы менен эшикти такылдатып, сүйлөнүп, кыйкырып, сөгүнүп жатканына да карабай эшикти бекем түртүп тура беришти. Бул кыйкырыктан Калийча кемпир да, коңшу бөлмөдө уктап жаткан Салтанат да чочуп ойгонушту. Калийча кемпир катуу чочуганынан колу-башы калтырап, денесин араң көтөрүп, калтыраган колу менен жерди таянып атып ордунан туруп: 

– Эмне болду, ботом? Кандай караан түн түштү, ботом? Деги кызым аманбы? – деп сүйлөнүп да, ыйлап да жиберди. Башка бөлмөлөрдү шыпылдаган төртөө ачып текшерип чыгышты, акыры Салтанат жаткан бөлмөнүн эшигин бирөө шарт ачып жиберди да: 

– Биякта экен,” – деген сөз анын оозунан чыгары менен төртөө жалаңдап кирип келишти. Салтанат катуу уйкудан чочуп ойгонуп ордунан тура калып, лакылдаган жүрөгү түрсүлдөп көкүрөгүнөн чыгып кетчүдөй болуп, төшөгүн жамынып кайра отура калды. Жалаңдаган төртөө төрт жагынан келип анын төшөгүн үстүнөн сыйрып ыргытты да, эки колтугунан экөө алып, эшикти көздөй көтөрүп жөнөштү. Алеки заматта кызга алкынып-жулкунганга да, кыйкырып, каршылык көрсөткөнгө да мүмкүндүк бербей төрт неме эшикке алып чыгышты. Кыз бирде сүйрөлүп калып, бирде бутун тиреп тура калып, колдорун жулкулдатып канчалык каршылык көрсөтпөсүн мындай аракеттеринен эч жыйынтык чыкпады. Балдардын чуркаган күүсү менен жылаңайлак буттары кошо чуркап баратты. Ошол учурда кызды бир колтугунан кармап алып шашып, чуркап, сүйрөп бараткан Төрөбек бир ирмемге кыздын алсыздыгына таң кала да түштү. Алар чоң жолго чыгып, эми өзөнгө түшчү жол менен ылдый чуркап түшө баштаганда кыз шалак дей түштү. Алдалактап шашып, эртерээк эле үйгө жетсек, ушул ишти бүтүрүп ийсек деген балдар кыздын эсин жоготуп, жылаңайлык буттары таштан ташка урунуп, этек-жеңдүү түнкү көйнөгү чаңга аралашып сүйрөлүп баратканына деле көңүл бурушкан жок, шашып, чуркап эки колтугунан экөө жөлөп, сүйрөп баратышты. Өзөндө, суунун жээгинде эки бала аттарды кармап күтүп турушкан эле. Төрөбек денесинде жаны жоктой шалкылдаган кызды наркы колтугунан сүйрөп келе жаткан балага кармата салды да, атына ыргып минип: “Ке, жакшылап өңөртүп кой мага”, – деди. Ошол убакта кыз бир аз эсине келип, алсыз колдору менен каршылык кылмак болду эле, тиги кармап турган жигит аны көтөрүп Төрөбекке бере салды. Кызды ээрге арта салып Төрөбек атын катуу теминип, камчы салып, сууну шарпылдата кечип өтүп, анан суунун жээгиндеги чоң жол менен таскакка салып жөнөдү. Кыз кайрадан шалкылдап, эсин жоготуп жатып калды. Кыз качырууга келген балдар алардын артынан аттарын чаап жөнөштү. Айылдын этегинен башына ат менен катуу чаап барган кишиге беш мүнөттүк эле жол. Көпүрөнүн жанынан өтө бергенде эсине келди Салтанат, аттын үстүндө улак тартыштагы улактай буту-бут, колу-кол болуп шалкылдап бараткан экен. Атты чапкан сайын ичегилери үзүлүп кетчүдөй болуп ооруйт. Ичинен: “Оо, кудай ушундай азаптан көрө өлүп калганым жакшы болот эле го, азыр жаным чыгып кетсе ыраазы элем!” – деди жаны кашайып. Анан эптеп бир жагына кыйшайып, ичинин ооруганын бир аз жеңилдетти да, ээрдин кашын бир колдоп кармап денесин өйдө эптеп көтөрүп туруп, бир колу менен Төрөбектин жакасына жабышты. Узун чачы эбак эле жазылып, саксаңдап калган. Карышкан колдорун ээрдин кашынан чыгарып, буттарын түйүп туруп, оң колу менен Төрөбектин чачынан апчый кармады да, бүт ачуусун, бүт болгон күчүн жыйнап туруп: “Эй, сенин мындай кылганга кандай акың бар!? – деди кыжыры кайнап турса да алсыздыгынан үнүн зорго чыгарып. Төрөбек анын колдорун чачтарынан бошотууга аракет кылып, кызды кайра ээрге жаткыруу үчүн колу менен аны ылдый тартып жатты. Ошол учурда арт жактан: Эй-й, бейбаштар, бул эмне кылганыңар, энеңди урайындын балдары!” – деп кыйкырган үн угулду. Бул кыйкырган баягы Дөкүш чалдын коңшусу актив жигит эле. Ызы-чуудан эмне болуп кетти деп коңшусунун үйүнө келсе, кемпир ыйлап, чал болсо бычагын көтөрүп алып жөнөп калган экен. Иштин чоо-жайы билгенден кийин көчөгө чуркап чыгып, чаап бараткан атчандарды көрүп суунун аркы өйүзүндөгү жардын үстүндөгү жол менен аларга улаш эле чуркаган. Көпүрөдөн аларды кууп жетем деп божомолдогон, бирок аттар ага жеткизе койбоду. Ал жакындаганда көпүрөнүн жанынан бурулуп өтө беришти. Жетпей калганына ыза болгон актив катуу кыйкырып да, чуркап да келе жатты. “Бирөө кууп келатат!” – деди Төрөбекке куйрук улаш чаап келе жаткан бала. Сен катуу чаап узап кет, биз кармаганга аракет кылалы, – деп атынын башын буруп артка кетти. Төрөбек атын дагы катуулап чапты. Ошол учурда Салтанат кайрадан эсин жоготту. Бир аздан соң сууну кайра кечип өтүп өзүнүн үйүнө бара турган өр жолго жетти. Шалкылдаган кыздын денесин чоң карагер атына арта салган, катуу-катуу бастырган Төрөбек тез эле үйүнө жетип келди. Апасы короону эшигин ачып, атты киргизди. Кыздын өлүк-тириги билинбейт, сулк эле жатат аттын үстүндө. Бир колу менен кызды кармап, бир бутун үзөңгүдөн чыгарып аттан түшүп, кыздын денесин акырын аттан көтөрүп алып, үйгө алып кирди Төрөбек. 

Салтанат эсине келгенде үйдө диванда жатыптыр. Алгач колдору кыбырап, анан көзүн араң ачты. Жанында эки киши жүргөн экен. Аларды тааныды, Төрөбек менен апасы. 

– Эсине келди,” – деди Төрөбек акырын. Апасы Салтанаттын бутуна байпак кийгизип жаткан экен. 

– Ии, жакшы болду, – деп койду. 

– Жолдо улам эсин жоготуп коюп жатты. Эч нерсе болбойбу? 

– Эч нерсе болбойт, – деди апасы. Салтанатты колунан тартып акырын тургузуп, этеги тебеленип булганган түнкү көйнөгүнүн үстүнөн халат кийгизип, анан саксайып, чөп-чар жабышкан чачын бир аз өрүмүш болуп туруп башына ак жоолук салды, сары майдан кашыкка илип алып оозуна салды. .

– Жакшы үйгө келдиң, ак жоолугуң башыңан түшпөсүн, ак жолтой келин бол, – деп кобурап, солуктап ыйлап, көз жашы бетин жууп жаткан Салтанаттын бетинен өөп, – Кой, балам, көп эле ыйлай бербе, тектүү, берекелүү бүлөгө келдиң, тобо де, – деп кобуранган боюнча чыгып кетти.  

Бир аздан кийин жанагы качырууга барган балдар кирип, дасторконго тегерете отуруп, чай, ичип, арак ичип, тамактанып, бакылдап сүйлөп, өздөрүнчө тост көтөрүп, каалоолорун айтып, үй-бүлөлүк бакыт тилеп, бүгүнкү кылган эрдиктеринен да кеп салып жатышты. Арасынан пакене бойлуу, кара торусу:

– Биз бүгүн эрдик кылдык, арстан болдук, кызды терезеден кирип, үйүнөн эч ким алып чыга элек болуш керек буга чейин. Ушунун баарын сен үчүн жасадык, эй дос, – деп өзүнчө мактанып да жатты. 

Ал эми Салтанат токтобой ыйлай берди, ыйлай берди. Эч кимге эч нерсе деп айтпады, бир эсе улактай болуп тартылып кеткенине арданды, бир эсе алсыздыгына намыстанды, бир эсе шерменде болгонуна ичи ачышты. Бардык ой-максаттары, план-тилектери менен тымызын коштошуп жатты. Ыйлай берди, ыйлай берди токтобой:

– Кой эми, кечке ыйлай бересиңби? Кечирип койчу бизди, – деп жанына келген Төрөбектен жүзүн буруп кетти да, ары карап отуруп алып ыйлай берди. Ыйлап-ыйлап басылат да дештиби, айтор, жайына коюшту. 

Арадан эки-үч саат өттү. Тост көтөрүп каалоо-тилектерин айтып, тойдун башын баштап койгон достордун кеткени кетип, калган экөө жаздыктарды баштарына коюп бүкүлү боюнча уктап калышты. Сырт жактан кабыр-күбүр угулуп, анан эле бөлмөгө Салтанаттын таежеси кирип келди. Аны айылдын башынан атайын чакырып келишкен экен. Бурчта ыйлап отурган Салтанатка келип, мойнунан кучактап өөп, башын өйдө көтөрүп бетинин жашын аарчып:

– Кубатым, мынча неге ыйлап алдың, этиң да ысып кетиптир аябай. Болду эми, көп эле өзүңдү кыйнай бербечи, – деп жалынып-жалбарып жатты. Салтанат андан бетер күчөп, эреркеп ыйлап кирди. Өткөн-кеткенди айтып жатып аны эптеп бир аз сооротту. 

– Кубатым, көп эле жүрөгүңдү эзе бербечи. Биз деле ушинтип келгенбиз. Ушинтип ыйлап-сыктап атып эле анан жашап калганбыз. Кой эми, кичинекей кыздай болуп кечке бышактай бербей. Төрөбек жакшы бала, ата-энеси да колунда бар жакшы кишилер. Жакшына жашап кал андан көрө. Же отурбай кетип каласыңбы? Андай кылба. Ак босогону аттагандан кийин болбойт да, чыгып кетсең наалага, каргышка каласың, жаман атты болосуң. Эстүү жансың го. Эшикте чоң атаң келип сени менен сүйлөшөм деп жатат дейт. “Эгерде кетем десе алып кетем,” – деп эч кимге моюн бербей жатат. Кой кубатым, ак босогону аттагандан кийин кетем деп жаман жорукту баштаба. Азыр мен чыгып тиги бөлмөгө кире турам. Бул жакка чоң атаң кирет. Сен ага ушинтип айткын! – деп катуу дайындап чыгып кетти. 

Бир убакта эшиктен тарпылдаган үндөр угулуп, анан эшик ачылып, чоң атасы, Төрөбектин апасы, актив коңшу болуп кирип келишти. Шаша басып келип диванга отура калган чоң атасынын муундары калтырап, ээктери да бир аз титиреп жатты:

– Кызым, Салтанат, жакшылап ойлонуп туруп чеч. Кетсең алып кетейин. Карыган кезимде кызымды ушинтип колуман жулуп кетишет деп ойлогон жок элем. Тур, кызым, кеттик! – деп ордунан туруп эшикти карай басты. 

– Балдар бейбаштык кылыптыр, өздөрү эле барып алып келишиптир, биз деле туйбай отурганбыз. Бир ачууңузду бериңиз, кызыңыз барса деле биздей бүлөгө барар, тийсе менин баламдай эле бирөөгө тийер, – деп жатты Төрөбектин апасы жан-алы калбай. Дөкүш чал эшиктин жанына басып келип артына бурулуп карады. Башын ылдый кылып, бүрүшүп ыйлап отурган Салтанат ордунан турбады, башын өйдө кылбады, ыйлай берди. 

Мындай кыйын абалда калган небересин карап, боору ооруп, жүрөгү эңшерилип бир азга турду да чыгып кетти Дөкүш чал. Ал баарын түшүнүп турду. Небереси кетем десе, албетте, токтоосуз алып кетмек, бирок анын эмне үчүн тура калып мен кетем, отурбайм деп кошо жөнөбөгөнүн да түшүнүп турду. Ал бир азга карап турду да, анан тез басып чыгып кетти. 

Ошентип Салтанат өмүр жолунда дагы бир чоң бурулуш жасады, дагы бир чоң өргүү кылды. Анын кандай бурулуш болорун, кандай өргүү болорун, ага эмнелерди алып келип, эмнелерди даярдап турганын азыр эч ким айта албайт. Бирок эмнеси болсо да ошол учурда Салтанат калууну чечти. Ал калууну тандап алды. Эртеси денесиндеги көк алалардан, тактардан, ар жеринин ооруганынан аябай азап чекти. Отуруп тура албай, бир аз кыймылдаса эле онтоп, ичинин, белинин, буту-колунун ооруганынан чыдабай атса да сыртынан билдирбеди. Билип калышпасын деп көшөгөнүн ичинде чоң жолукту бетине түшүрө салынып, эч ким менен сүйлөшпөй, болгон сырын, болгон жайын ичине катып отура берди. Келген кеткендерге, келин отурган бөлмөгө кирип чыккандарга тээ алыстан тааныш эмес, чоочун дүйнөгө карап тургандай эч бир катышуусуз, кызыгуусуз карады.  

Арадан бир айдай убакыт өттү. Салтанаттын эч нерсеге көңүлү жок, дайыма маанайы пас. Муну байкаган кайненеси жаш үй-бүлөнү жайлоого жөнөттү. Табийгатка жакын барып, кымыз ичип, Салтанаттын маанайы ачылар, көңүлү көтөрүлөр, бизди кечирер деп ойлоду. Төрөбек менен Салтанатка чоң келининин жанына кичинекей чатыр тиктирип берди. Жайлоонун толуп, берекесин төгүп турган кези. Конушту аралай аккан кичинекей суу эртеден-кечке, түнү таң аткыча шылдырап агып турат. Конуш эки бийик беттин ортосунда колотто жайгашкан. Колоттун ортосу бир аз жайыгыраак келип, конуп отурганга ылайыкташкан. Чатырлар ортодо агып өткөн сууну бойлото тигилген да, ар бир чатырдын жанында өздөрүнө тиешелүү көгөөндөр тартылып, уй, торпок, ат байлаган казыктар кагылып, ар бир чатырдын жанында отун үйүлүп турат. 

Көп жылдан бери эле бул өрөөндөгүлөр жайлоого боз үй алып чыгышпай чатыр тигип калышкан, себеби чатыр жеңил болот, жыгачтары аз, көчүп-конгондо унаа аз талап кылынат, тиккенде да аз убакыт кетет. Анын үстүнө жайлоого чыккандар бир эле жайда жок дегенде жаш чөп кууп үч жолу көчүшөт. Мындай шартта жеңил, орнотуучу жыгачтары аз чатыр көбүрөөк ылайык болду. Колоттун эки бети, өзгөчө тескей бети асман тиреген карагайларга жык толгон. Ал эми күнгөй бетинде көбүнчө четин, алча, арча, жапалак арча, карагат, чие, дагы башка ар кандай бадалдар өсөт. Тескейдеги карагай токойдун арасына ар тараптан ийри-муйру жалгыз аяк жолдор барып, анан көрүнбөй калат. Карагайдын арасына кирип кетсең абанын салкындыгын айтпа. Бул жайлоодо күнүгө түштөн кийин шамал башталат да, кечке чейин шамал согуп турат. Ошол учурда шамал карагайлардын баштарын кыл кылып чертип жаткансып тиякка бир, биякка бир ийилип, карагайлар уулдаган үн чыгарышат. Эгерде күн бүркөк болсо, шамал катуу болуп, карагайлар уулдак күүсүн ого бетер катуу чалып, анча-мынча жаш балдардын жүрөгүн түшүрөт. Бул жайлоонун керемети сөз менен айтып сүрөттөп бере алгыс. 

Бул жерге келгени деле Салтанаттын көңүлү ачылбады. Жеңесине кол кабыш кылып, үй иштерин, аны-муну жасаганы болбосо ичинен сызылып ойлонгону ойлонгон. Анын ушул убакка чейин ойлогон максатын, кылган ишин, канча жылдан бери өзүн-өзү даярдап, ушуга жетсем деп жүргөн кыялын – бүт баарын тартып алып коюшкандай болду ал үчүн. Көктүгүнө салып мына бул берилген жаратылыштын кереметине да, өз нугунан жазбай өтүп жаткан күнүмдүк тиричиликтин кызуу шаңына да көңүл кош карады. Ичинен анын жашоосун өздөрү билип, андан эч бир макулдук албай туруп эле чукул буруп жибергендерге таарынып, ал таарынычы жазылбай, жүрөгү жылыбай турду. Ал гана эмес жүрөгү күндөн-күнгө катаалдап, таш, муз болуп бараткансыды. Ал эми Төрөбек Салтанаттын мындай абалын көрүп эле турду, бирок эч нерсе кыла албады. Убакыт өткөн сайын баары унутулар деп күтүп жүрө берди. 

Бул колотто жайгашкан конушка түштөн кийин көлөкө эрте түшөт. Андан бир топтон кийин гана жай басып келген кишиден бетер караңгылык каптап, түн кире баштайт. Ошол көлөкө түшүп, бирок али түн кире элек учур өзүнчө бир керемет. Ушундай учурда күнүгө сейилдеп карагайларды аралап басып келчү Салтанат. Ушул тунжуруган, ошол эле учурда ар кандай добуштарга жык толгон жаратылыш анын жалгыздыгын жеңилдеткенсип, көкүрөгү эс ала түшөт. 

Кыя жолдо, улам бир карагайды колу менен сылап коюп келе жаткан. Анан алды жагынан алысыраакта, карагайлардын арасынан бир кишинин жерде отуруп алып, колу менен жерди чукуп жатканын байкап калды. Тык эле токтоду. Жүрөгү шуу дей түштү алгач. Ордунда бир азга жылбай жакшылап байкап карап турду. Кийген кийими эле тааныш көрүнөт. Демек биздин айылдан экен да деп ойлоп, коркунучу басаңдап, жакындай баштады. Көрсө, Төрөбек экен. Жакындаганда араң тааныды, жана коркконго кош көрүнөт болуп көзүнө бир башкача көрүнгөн тура. Килейген чоң таштын түбүн чукуп, тазалап, эки колу менен таштарды, топону эки жакка шилеп, өзүнчө эч кимге көңүл бурбай катуу алектенип жатыптыр. Жанына акырын басып келген Салтанатты байкабады алгач. Салтанат да аны алаксытпайын дедиби, бир топко үндөбөй карап турду. Тиги килейген кара ташты бир аз ордунан жылдырган окшойт. Кайрадан бүт күчүн жумшап, денесин түйүп өзү менен тең ташты колу менен түртө баштады. Болбоду, ташты айлана басып, эми ары жагынан бери көздөй түрткөнгө өттү. 

– Эгерде ушул ташты бир аз эле жылдырсам алдынан булак чыгат, бул жерде булактын көзү бар, бул чоң таш аны басып калыптыр, ошону чыгара албай жанатан бери убара болуп атам. Мына көрдүңбү, бул жер ным болуп турат, – деп таштын түбүндөгү бир аз ным болуп, сууланышып турган жерди колу менен басып көрсөттү. Салтанат жакындап барып Төрөбек көрсөткөн жерге колун тийгизип көрдү. 

– Көрдүңбү, бул жерде булак бар. Энем булактын көзүн ачкан, булакты тазалап жүргөн адам чоң сооп иш кылган болот деп айтчу. Ушул ташты бир аз эле жылдыра алсам, булак чыгат эле, – деп кайра түрткөнгө киришти. Салтанат да болгон күчүн жумшап түртүштү, бирок жерге батып, таптакыр салмагын салып орноп алган таш жылчудай эмес. Ары түртүп, бери түртүп, ары жулкулдатып бери жулкулдатып атып экөө тең чарчады. Салтанат тигиндейрээкке барып, эс алмакка отура кетти. Төрөбек көшөргөндөн көшөрүп, бутун таканчык кылып алып ийини менен түртүп жатып ташты жылдырды. Бир копшолуп алган таш анан нары дагы биртке жылдырганга араңдан зорго көндү. Эки-үч жолу ордунан аз да болсо жылды чоң таш. Эми Төрөбек таштын ордун каза баштады. Колуна кырдуу таш кармап алган, аны менен улам жерди казып, казылган топурак-таштарды эки жакка шилтеп жан талашып казып жатты. Ошол учурда алаканы менен дагы көбүрөөк нымды сезип, кубанып дагы күчөп казып кирди. Бир аздан соң кичинеден жылжып жердин үстүнө суу чыга баштады. Буркулдаган жаныбар жол издеп таппай жүрүп, эми багы ачылганына жетине албай атканын айтып аткансып бурк-бурк деп алып, акырын жол издеп ийрелеңдеп агып, улам бир чуңкурураак жерге чогулуп, ал жерге толуп агып чыгып, анан андан нары жолун улап ийрелеңдеп агып жөнөдү. Төрөбектин сүйүнгөнүн айтпа, өзүнчө эле кудуңдап, өзүнчө эле ыраазы болуп, жылмайып жатты.  

Арадан бир жыл өттү. Айылда балдар мектепке бара турган убакыт келди. Бирок мектепке 1-сентябрдан баштап жалаң эле кол-арага анча жарай элек майда класстын балдары менен анча-мынча кыздар гана барат. Калган балдардын баары орокто, чөп чабыкта, жайлоодо. Союз кулагандан бери мурунку техникалар изи менен жоголуп, кол иши көбөйгөндүктөн бой жетип калган мектеп окуучулары үй-бүлөдөгү негизги күч. Алар мектебине кетип калса, орок деле орулбай, жайлоодо мал да каралбай, чөптөр чабылган жеринде ташылбай калып чирип, күнүмдүк турмуш дээрлик өтпөй кала турган. Ата-эненин оорун колдон, жеңилин жерден алып жаткан мектеп окуучуларынын тээтигил эле күз аяктап, жыйым-теримдин баары бүткөндө гана мектепке барганга убактысы болот, бирок азыр эмес. 

Ошол таңы чыкыроон, кечи суук, чак түшү ысык күндөрүнүн биринде түнү Салтанат көз жарды. Кеч кире электе эле бели ооруп кыйнала баштаган, бирок эч кимге билгизбей чыдап жүрө берди. Акыры такыр чыдабай калганда бөлмөсүнүн эшигин ачып кирип жатайын дегиче болбой эсин жоготуп кулап кетти. Жанатан эле келининин бир башкача болуп жатканын байкап калган кайненеси артынан кирип келип кармай калды. Жыгылып бараткан келинин акырын сүйөп босогодон киргизип төшөктүн үстүнө жаткыра коюп, эшикти көздөй жөнөдү. Ал мал жайгарып жүргөн Төрөбекти чакырып келип, келинди ат арабага салып алып, айылдын ортосунда жайгашкан медпунктка жөнөштү. Жанында отурган кайненеси Салтанатты улам одеал менен кымтылап жаап коёт. Ал эми Төрөбек атты жетелеп алган, кээде кыйналып онтоп, кайра унчукпай калып жаткан Салтанатты кыйналбаса экен дейби атты бирде жайлатып, бирде тезирээк эле жетсек экен дегенсип тездете жетелеп баратты.  

Акушерка жумуш күнү аяктап үйүнө кетип, медпунктта медайым эле бар экен. Салтанатты палатага көтөрүп киргизип, керебетке жаткызгандан кийин ал Төрөбектин тез барып акушерканы чакырып келүүсүн буюрду. Алдастап шашкан Төрөбек өтүгү менен полду тарпылдата басып эшикке чыгып кетти. Медайым төрөткө керек болчу шаймандарын камдап, өтө эле алсыз, өтө эле купкуу болуп жаткан Салтанатты улам чочулай карап, жанына келип толгоо келип жатабы жокпу деп текшерип жатты. Салтанаттын маңдайын сылап, жылуу сөз айтып, температурасын көрүп, ичинен чочулаганын сыртынан билдирген жок. Акушерка кечиккенден кечикти. Салтанаттын толгоосу күчөгөндөн-күчөп, улам кыйкырып, онтоп, жан далбас кылып, бүт денесине оору бийлик кылып, миң тамыры, сөөгү сыздап кыйналып турду. Тигилер болсо дагы эле жок. Эми эптеп төрөтө берейин деп медайым чындап даярданып калганда эшикти ачып кирип келди акушерка. Толгоосу созулуп кеткен келинди кан басымын текшерип, бала тумчугуп кала электе тезирээк төрөтүүнүн камын көрө баштады. 

Бала төрөлдү, бирок ыйлабады. Араң эле жаны калса да, таптакыр көгөрүп, тумчугуп калган экен. Акушерканын канчалык аракет кылганына карабай жарым саат өтпөй чарчап калды. Төрөтүнүн оор болгону аз келгенсип баласы да чарчап калды. Бул жазыксыз наристенин өмүрүнүн неге мынча кыска болгонуна түшүнө алышпады. Жаман кабарды уккан Төрөбек менен апасынын көздөрү жашка, көкүрөктөрү кайгыга толуп турушту. Салтанат ушул төшөктө жаткан беш күндүн, ооруга, азап-кайгыга, жоготууга жык толгон беш күндүн ичинде бир нече ирет картайып кайра өз абалына келди, кайра төрөлгөндөй болду. Алсыз денесинде бир кашык да жашоо калбагандай сезилди. Жашоосу баштан-аяк көз алдына келип, аны азыр башкача көз менен карап, башкача туюм менен туюп, башкача жүрөк менен кабыл алып жатты. Ошондо гана качырып кеткенден кийинки жашоосунун чыныгы жүзүн көрдү. Ушул акыркы жылдары айланасындагыларга ушунчалык катуу нааразы болгон экен түпкүрүндө эч ким билбеген, эч ким кире албаган өзүнчө бир коргон менен тосулган “корук” пайда болуп, ага эч кимди киргизбей, айланасындагылардын эч бирине бир да жолу жүрөгү жылыбай, алардын кайгы-капасын да, кубанычын да сезбей жашап келген экен. Ошол анын бүт жан дүйнөсүнө тараган муздактык сөөк сыздаткан, муун титиреткен оорудан, жоготуу азабынан гана эрип, анын түпкүрүндөгү муз сарайлар урап, ошондо гана наристесин жоготуп мөңкүрөп турган Төрөбекти көрүп аяп турду. Көрсө, адамдын кечиргенге, жашоосун өзгөрткөнгө ар дайым мүмкүндүгү бар тура. Ошол мүмкүндүктөн пайдаланбай канча убактан бери обочолонуп жашап жаткан тура. Ал эми Салтанат ушунча убакыттан бери Төрөбекти кечирбей, өзүнүн да, анын да жашоосун уулантып жашап келатыптыр. “Ушундан көрө чоң атам менен кетип калсам пайдалуураак иш кылган болмок экемин,” – деди оюнда. Ал эми Төрөбек менен апасы кичинекекй наристеге ат коюп, ырымын кылып жерге беришти. Алардын бул наристеге бу дїйнєдє кєрсєтє алган биринчи да акыркы да урматы ушул болду.  

Алгач акушерка наристенин артынан Салтанат да көз жумабы деп коркту. Улам эти ысып, жөөлүп, кээде эсин жоготуп коюп жаткан келиндин өмүрү үчүн жан аябай күрөштү. Ошондо Салтанат түш десе түш эме, өң десең эмес бир кызык абалда жатты. Баягы карагайлуу жайлоодо жалаң көйнөкчөн, бутунун жерге тийип басканы, же учуп баратканы билинбей карагайларды аралап баратыптыр. Шамал болуп, карагайлар адатынча уулдап жатышат, шамал болгон сайын Салтанаттын денеси четинен майда топон болуп учуп, абага, айланага тарап акырындап түгөнө баштагансыйт. Ага карабай эле баратат, кайда баратканын өзү деле билбейт. Анан кокусунан баягы булактын жанына келип калды, баягы чоң таш турат жанында, булактын башында бирөө отурат. Ким экенин ажыратып биле албайт, ажыратып түшүнө албайт. Шамал болсо дагы эле ызылдайт, карагайлар уулдап Салтанаттын денесинин кичинеден кетилип, топонго айланып учуп, абага тараганы күчөп, шамалга туруштук бере албай учуруп кете турган болгондо баягы булактын башындагы Салтанаттын колун шап кармап калды. Салтанат чочуп кетти, бүт дүйнөсү силкинди, жер титиреди, бүт аалам титиреди. Дайралардын тоодон-тоого, таштан-ташка кулап акты, деўиздер толкуп-ташыды.

 

© Кадырова С.С., 2009. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2716