Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Драматургия, киносценарийлер, Драматургия
© Аскаров Ч., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 22-октябры

Чынтемир АСКАРОВ

Жибибес жүрөк

(пьеса)

Жазуучу, акын Аскаров Чынтемирдин «Сүйүү баяны», «Белгисиз кыздын махабаты» аттуу прозалык китептери окуучулар тарабынан жылуу кабыл алынган. «Атаман уурулардын тагдыры» повестинде ата-эненин тарбиясын көрбөгөн жаш баланын уурулук жолуна кандайча түшүп, аягы оор трагедия менен бүткөнүн автор ишенимдүү берген. Бул китепти колуна кармап окуган ар бир окурман аягына чыкканча ынтаа менен окууруна ишеним бар.

Аскаров Ч. Атаман уурулардын тагдыры. Б.: – 2008. – 188-б. китебинен алынды. Нускасы 200 даана

УДК 821.51
ББК 84Ки 7–5
А 92
ISBN 978–9967–24–816–2
А 4702300200– 8

 

Катышуучулар

Максут аке – 65 жаштагы карыя.
Мырзан – 63 жашта. Максут акенин кемпири.
Бектемир – Максут акенин уулу, 23 жашта.
Бегимай – 18 жашта. Максут акенин кызы.
Канымжан – Бектемирдин келинчеги.
Айнагүл – Бегимайдын алысыраак жеңеси.
Жазбек
Айжамал – Бегимайдын классташтары.
Жусу
Болот
Өзгөн – мугалим, ишкер 26 жашта.
Өскөн – Өзгөндүн агасы.
Жамийла – Өзгөндүн жеңеси. Өскөндүн аялы.
Алым
Архад Өзгөндүн бирге иштешкен жолдоштору
Данил
Зуура – Институттун мугалими.
Сабира – кафенин эсепчиси.

 

1-с ү р ө т

Мектеп. Мектептин жанындагы бак. Жазбек менен Бегимай отургучта отуруп сүйлөшүп отурушат.
Ж а з б е к. – Мына жакында мектепти бүтөбүз. Ырас эле балалык артта калып, алдыга максат коюп, сүйгөн кесибибизге жетсек экен деп умтулабыз. Айылда калып иштесек да болот. Эми өз эркибиз өзүбүздө. Биздин максатыбызга ата-энелерибиз да каршы болбойт. Туурабы, Бегимай?
Б е г и м а й. – Ооба. Жакшы максат болсо кимдин ата-энелери каршы болсун. Бирок менин окуюн дегениме ата-энем олку-солку. Баары келип каражаттын бар, жогуна байланыштуу болот окшобойбу. Антсе да мен окууну жакшы баа менен бүткөн жатпаймынбы. Окуумду сөзсүз улантуум керек.
Ж а з б е к. Сени кудалап койдук эле. Окууну эмне кыласың дешпейби?
Б е г и м а й (күлүп). Ошентсечи!..
Ж а з б е к. Ага жеткирбей ала качып кетермин.
Б е г и м а й. – Кармап алсачы?
Ж а з б е к. – Коркпо Бегимай, мен күлүк ат минип келем. Анан алар жетип көрсүнчү. (Экөө тең күлүп калышат).
Б е г и м а й. – Чын эле ата-энең өмүрүндө көрбөгөн бирөөдү таңуулап отурса андан өткөн кайгы барбы. Мен ата-энем менен мактана да, сыймыктана да алам. Кызыбыз бойго жетип калды деп ойлошкону менен турмуш куруу жөнүндө ооз ача элек. Окусам койсом да өзүм билем.
Ж а з б е к. – Ата-эненин ошондой болгону жакшы го. Демек шаарга барабызбы?
Б е г и м а й. – Ооба. Жаштын тилегин берет дейт. Тилегибиз орундалып, бир окуу жайга өтүп калсак, кандай бактылуу болор элек. Деги окууга бара турган күн эртерээк келсе экен.
Ж а з б е к. – Андай күн келип калбадыбы. Ойлоп отурсам биринчи класстан бери бөлүнүшпөй келиптирбиз. Агай, эжекелер экөөбүздү канча жолу бөлүп коюшту. Ага карабай кайра эле бир партага отуруп калчу элек ээ. Мына эми окууга да бир бара турган болуп калдык. Бул тагдырдын буйругу окшобойбу.
Б е г и м а й. – Бегимай сен институтка өтүп, мен өтпөй калсамчы?
Ж а з б е к. – Сен эмнеге өтпөй калмак элең. Мектеп алтын медалды бекер берген жатыптырбы. Менин оюмча экзаменде сага үстүртөн эки-үч суроо берет да өткөрүп жиберет. Мени айтпайсыңбы. Аттестатымда «3» деген баа шыгырайт. Бааны көрүп экзаменаторлордун көңүлдөрү иренжип кетеби деп корком.
Б е г и м а й. – Экзаменде аттестаттагы бааны карамак беле. Бардыгы сенин даярдыгыңа байланыштуу. Канчалык жакшы даярдансаң ошончолук жакшы. Мен сенин өтүп кетериңе ишенем Жазбек.
Ж а з б е к. – Анда мага бакыттын эшиги ачылганы. Мен бардык аракетимди билим алууга жумшайм. Баарынан да экөөбүз шаарда бирге болобуз. Бири бирибизге жөлөк болобуз. Үйлөнсөк эле квартирага чыгып кетебиз.
Б е г и м а й. (Жазбектин мурдунан чымчып). Кызыксың Жазбек, эмитен үйлөнүү жөнүндө ойлоносуң. Минтсең кийин мени окутпайсың го.
Ж а з б е к. – Эмнеге окутпайт элем? Бир жүрүп бирге даярданганыбыз жакшы эмеспи.
Б е г и м а й. – Ооба жакшы. Азыр шашпай туралычы. Эң мурда өтүп алайык. Анан тагдырдын буйругун көрө жатарбыз.
Ж а з б е к. – Бардыгы бешенебизге жазганынан дечи. Бирок сен окууга өтүп, мен өтпөй калсамчы. Бирибиз айылда, бирибиз шаарда болуп бири-бирибизди сагынат болушубуз керек ээ, Бегимай.
Б е г и м а й. – Сагынышабыз да.
Ж а з б е к. – Эсиңдеби Бегимай, сен мага айтпай Талас шаарына кетип калбадың беле. Сен ошондо аякта көп күн жүрүп калдың. Ошондогу сагынгандыгымды айтпа. Автобустан түшө калабы деп аялдамада тура берчүмүн, тура берчүмүн. Кайсы күч жетеледи дейм да азыр. Сулуулугуң, назиктигиң, мага кылган мамилеңден болуш керек Бегимай.
Б е г и м а й. – (уялып жер карайт, эмне дээрин билбей, бир аздан соң). Мени өтө мактап жибердиң Жазбек. Менин өңү түсүм анчалык мактагыдай эмес. Сага ошондой көрүнүп жаткандырмын.
Ж а з б е к. – Ооба, дүйнөдө сенден ашкан сулуу жок. Бүгүн сен дал ошондой көрүнөсүң. (Жазбек Бегимайга жакындап, анан кучактап калат).
Б е г и м а й. – (Эки жакты карап). Колуңду тартчы. Бирөө көрсө эмне дейт?
Ж а з б е к. – Көрсө көрсүн. Алар эмне демек эле. Биздейлер көчөдө деле кучакташып жүрүшпөйбү. Чынында сүйүү баарынан бийик, баарынан кымбат экенин адабий китептерден окуп жатпайбызбы. Олжобай менен Кишимжандын, Данияр менен Жамийланын, Лайли менен Мажнундун сүйүүлөрү эмне деген тунук сүйүүлөр. Менимче мындай сүйүүлөр чанда чыкса керек ээ. Эмесе алардын аттары китепте калбайт эле да.
Б е г и м а й. – Махабат дастанындагы «Бегимай менен Раймалынын сүйүүлөрүн ойлоп аларды аяп кетем. Чыныгы сүйүү бардык азап тозоктордон коркпойт тура. Анан калса тигил дүйнөдө жаныбыз бирге болсун деп биринин артынан бири жан кыйып кете беришет экен.
Ж а з б е к. – Кудай башыбызга салбасын дечи, андай башыма түшсө сенин артыңдан кете бермекмин. О, дүйнөнүн тозогунда да, бейишинде да бирге болмокпуз.
Б е г и м а й. – Жакшы сөз жарым ырыс. Кайдагы ойдо жокту айтып көңүлдү чөгөрбөй, кайра көңүлдү көтөрүп отурганың жакшы эле го.
Ж а з б е к. – (Бегимайды кытыгылайт). Ушинтип көңүлүңдү ачайынбы? (Жазбектин улам кытыгылаганына чыдай албай, Бегимай качып жөнөйт. Жазбек көпкө кубалап жетип, скамейкага алып келет. Жазбек Бегимайды кучактап отурат).
Б е г и м а й. – Ө-өх, аябай чарчадым. Ыссып да кеттим. Кучактабай эле жөн отурчу.
Ж а з б е к. – Жакшы көрөйүн десе эле кага бересиң. Кийин келин болгондо да ушинтесиңби?
Б е г и м а й. – Ооба ушинтем. Аны билсең жакындабай эле кой. Мен сага жармашпайм.
Жазбек. – (Бегимайды өзүнө буруп). Ой таарына түшкөн турбайсыңбы. Сөзүмдөн жаңылыптырмын. Кечирип койчу. Кечирдиңби?.. Кана, кана күлүп жиберчи. Чын эле күлдү мына, мына... (Экөө тең каткырып күлүшөт).
Б е г и м а й. – Мектепке киреличи эми. Мугалимдер бизди издеп калышпасын.
Ж а з б е к. – Дагы бир аз отуралчы. Мындай учур кайра келе койбос. (Балдардын кобурашкан үндөрү угулуп калат. Жазбек Бегимайды кучагынан чыгарып сүйлөшкөн болуп отуруп калышат).
А й ж а м а л. – Ой-и-и-й, баятан бери биз силерди издеп жүрсөк, ээндеп отуруп алган экенсиңер. Ай, силер соо эмессиңер. Күйүшүп, сүйүшүп калгансыңар го дейм.
Б е г и м а й. – Ооба күйүшүп сүйүшүп жүрөбүз. А сен күйгөн сүйгөндөн соосуңбу?..
А й ж а м а л. – Кудайга шүгүр. Андайды ойлоно деле элекмин.
Б е г и м а й. – Ойлоно элек экенсиң го. Муногу кат кимдики? Бул сенин китебиңдин арасынан чыкты. Же башка бирөөнүн каты деп турасыңбы. Болот экөөңөр сүйүшкөнүңөрдүн жигин билгизбейбиз дегениңер менен алда качан эле билип алганбыз.
А й ж а м а л. – Катты өзүмө бергиле. Экөөңөрдөн башкалар билбесин. (Классташ балдар келип калышат. Алар Бегимайдын колундагы катты көрүп, колунан сууруп алышат). Катты бергиле дейм. Аны мен окуган да, көргөн да эмесмин. 
Ж у с у. – Окубасаң абдан жакшы. Биз окуп беребиз. Кулак салып угуп тур. «Алтыным Айжамал! Мен сага бул катты жазбай деле койсом болмок. Мен сага ээндеп жолуга албадым. Өткөндө жазган катыңа анчалык алымсынган жокмун. Жакшы көрөм, бирок сүйө албайм дептирсиң. Чындап сүйбөгөндөн кийин жакшы көрүүнүн эмне кереги бар?..
А й ж а м а л. – Катты бергиле дейм. (Жусунун колунан тартып алууга аракеттенет. Топтошкон балдар жолотпой коет. Айжамал ызаланган боюнча мектепке кирип кетет).
Ү н д ө р. – Жусу оку, окуй бер, кызык экен. Үнүң бийик чыгарып окусаң баарыбыз угалы.
Ж у с у. – Бул жерде Болот да жок турбайбы.
Ү н д ө р. – Болгондо эмне кылмак эле. Окубайсыңбы эми.
Ж у с у. – Эми шашылыш жок балдар. Кулагыңды түрүп жакшылап угуп тургула.
Ү н. – Сенин тапандыгың калбайт экен да.
Ж у с у. – Тапандыгыма тийишпей, жаагыңарды жап кыла тургула.
Ү н д ө р. – Болуптур, болуптур, окусаңчы эми.
Ж у с у. – Анда мындай деп уланыптыр. Каерге келдик эле? А, мына, мына... Чындап сүйбөгөндөн кийин жакшы көрүүнүн эмне кереги бар? А мен болсо сени... сени аябай сүйөм. Жакындасаң калтаарып, бетим ысып чыгат. Кээде сага айтаар сөзүмдү таба албай калам. Оор үшкүрүнүп тим болом. Менин алоолонгон сүйүүмдү сезбей жүрөсүңбү билбейм, айтоор тааныш адамдай эле көрүп көңүл бурбайсың. Күндөн күн өтүп баратат. Окууну бүтүп, ар кайсыбыз ар кайсы жакка кетебиз. Азыркыдай чогуу жүрүү кайда. Сага жолугуу мен үчүн кыйындап калат. Мектепте деле сенин жаныңдан чыкпай жүргүм келет. Өзүң жакшы билесиң ушакчы кыздар көп. Алар мугалимдерге айтып, бизди уяткарары анык. Экөөбүздүн ортобуздагы мамилени бирөөлөргө билдирбөөгө аракет кылам. Билесиң го, чогуу жүргөн менен көп жакындай бербейм. Ошондон улам кат жазууга мажбур болдум. Бирок биздин мындан аркы тагдырыбызга эч ким эч кандай жолто кыла албайт. Мен качан болсун, кайда болбоюн сени сүйө берем. Сенсиз менде жашоо жок. Анан менин ырымды окуп баарын түшүнөрсүң.

Сүйүүдө түркүн-түркүн ойго салган,
Оюнчук эмес тура ушул жалган.
Айлам жок, аргам да жок, мындан бөлөк,
Мен сага жетмейинче бүтпөйт арман.

Катым бүттү. Айжамал суранам, жооп жаз. Сенин Болотуң.
Ж у с у. – Мына сүйүү деп ушуну айт! Кана балдар эки жашты куттуктап кол чаап коелу. Дуу шапалак. Кана, кана баарыбыз... (Ошол маалда Болот келип калат).
Б о л о т. – Айткылачы бул жерде эмне болуп жатат? Дуулдата эле кол чаап жатсаңар, концерт болуп жатабы десе...
Б е г и м а й. – Ооба, концерт болуп жатат. Болгондо да концерттин концерти. Концерттин сценариясы мына Жусунун колунда. (Катты Жусунун колунан жулуп алып, катты булгалактайт). Мына Болот сен жөнүндө жазылган драманын примерасы... (Балдар күлүп калышат).
Б о л о т. – Жусу бул сенин жасап жаткан спектаклиң. Катты кайдан алдың?! Айт дейм, айт, эмесе көргүлүктү көрөсүң! (Болот Жусуну көздөй жулунат).
Ж у с у. – Айтпайм. Колуңдан эмне келет?.. (Экөө алыша кетет. Жазбек Жусуну жерге чаап калат. Жыгып алган Болотту балдар көтөрүп алышат. Тура калган Жусу ызырынып кайрадан Болот менен жакалаша кетет. Болот аны тээп калууга үлгүрөт. Балдар кайра ортого түшүп, ажыратып коюшат).
Ж а з б е к. – Болот тынчтанчы. Баарын мен айтып берем. Экөөңөр тең кызуу кандуулук кылбагыла. Бир классташ, бир парталаш болсоңор, мушташабыз деп кудай урдубу? (Ачуулары басылгандан кийин). Кана, ачууңар таркадыбы?
Ү н д ө р. – Кол алышып койгула. Кол алышып койгула. Экинчи урушпай тургандай болуп.
Ж а з б е к. – Ошенткиле. (Экөөн кол алыштырат).
Б о л о т. – Мен эч качан кечирбейм. Сениби Жусу!.. (Жусу кетип калат. Ары жактан Өзгөн агайдын карааны көрүнөт).
Ж а з б е к. – Чүш-ш-ш балдар, сөздү токтотойлу, икс агай келатат.
Б о л о т. – Аялдардан беш бетер атыр себинип алгандыр агайыбыз.
Ж а з б е к. – Канча айткан менен бойдок да. Качан көрсөң, окуучу кыздарына жагынгысы, жаккысы келип турат. (Өзгөн балдарга жакындайт).
Ө з г ө н. – Кандай балдар, саламатсыңарбы?
Ү н д ө р. – Саламатпыз агай, саламатпыз.
Ө з г ө н. – Та-ак, консультацияңарга кечигип калгандыгым үчүн кечирип койгула. Келатып байкоостон ылайлуу көлчүлүктү басып алсам болобу. Айла жок, кайра үйгө барып, ылай болгон кийимимди алмаштырып келгенче ушу болду.
Б о л о т. – Эч нерсе эмес агай, биз сиздин сөзсүз келериңизди билгенбиз.
Ө з г ө н. – Канткен менен кечиккеним жакшы болгон жок. Ошон үчүн силерден кечирим сурап жатпаймынбы. Эми ишке өтөлү. Баарыңар толук келдиңерби? Бул жерде Айжамал көрүнбөйт ко?
Ү н д ө р. – Ал класста.
Ө з г ө н. – А, анда жакшы. Та-ак Бегимай, сен жүрчү канторго, сүйлөшө турган сөз бар эле. (Бегимай жолдош кыздарын карап калат).
К ы з д а р д ы н б и р ө ө с ү. – Агай чакырып жаткандан кийин бар, бара бер, карап турбай. (Өзгөн менен Бегимай мектепке кирип кетет),
А и д а. – Ушул агайдын Бегимайда ою барго дейм я?
А к с а т к ы н. – Ою бар. Бая күнү математикадан эсеп үйрөтүмүш болуп Бегимайдын жанынан чыкпай калбады беле. Демек кыздар бир мандем бар. Кандай дейсиңер?..
Ү н д ө р. – Ооба, ооба мандем бар. (Каткырып күлүп калышат. Жазбек ары бери басып ойлуу туруп калат).
Б а й б о л. – Так билбегенден кийин агайдын бетине көө сыйпаш жарабайт. Менин оюмча Өзгөн агай идиальный адам. Моральный туруктуу. Иштегенине үч жыл болду. Ал жөнүндө тигиндей-мындай деген ушак айың сөздөрдү уктуңарбы? Жакшы, билимдүү мугалим деп оозго алынып жүрөт. Майрамдарда, же отуруштарда кызуу жүргөнүн көрө элекпиз. Ал эми Бегимайды чакырса эмне экен. Чындыгында ар кимибизди чакырып жекече сүйлөшүүгө укуктуу.
А и д а. – Ал агайды коргобой эле койчу. Анын кандай экенин кыздар билет. Силер эмнени түшүнөт экенсиңер.
Б а й б о л. – Алда силердин түшүнүктүү болуп кеткениңер ай. (Айжамал балдар, кыздарды мектепке келгиле деп чакырат. Баары кетип Жазбек ойлуу ордунда туруп калат. Бир аздан соң Бегимай келет).
Б е г и м а й. Жазбек сага эмне болгон? Жүрбөйсүңбү, агай чакырып жатат. (Жазбек таарынган түр көрсөтүп бурулуп кетет). Эмне таарынып жатасың? Түшүнсөм буйрубасын. Туура эле кичинекей баладай экенсиң...
Ж а з б е к. – Ооба кичинекей баладаймын. Андан да кичинекей бөбөктөймүн. Мен билбейт дейсиңби, агайдын жекече чакырганын. Дагы балдардын көзүнчө «Бегимай, жүрчү канторго. Сүйлөшө турган сөз бар» дегенин айт. Сүйлөшө турган сөзү болсо, ушерден эле айта бербейт беле.
Б е г и м а й. – А-а кызганып жаткан турбайсыңбы. Чынында такыр сен ойлогондой эмес. Кайсы окууга барасың? деп сурады. Арабаев атындагы институтка дедим. Болгону ошол. Ага таза таарынып калганың ай.
Ж а з б е к. – Аны секрет кылбай эле ушул жерде айтса болбойт беле?
Б е г и м а й. – Деги далыңды салып туруп албай бери карап сүйлөчү. (Бегимай Жазбектин колунан тартып өзүнө каратууга аракет кылат. Жазбек колун сууруп алып, тескери бурулат). Чын эле таарынып калган турбайсыңбы. Жана жаныма жолотпой жатат элем. Эми сени кучактасам, таарынычың жазылабы? (Бегимай Жазбектин астына өтүп кучактайт. Бетме-бет карашып калат. Бегимай Жазбектин кирпиктери суулангандыгын көрөт). Айттым эле го кичинекей баладайсың деп. (Бет аарчысы менен жашын аарчып, көзүнөн өөп коет). Кийин бир жашап калсак, саалден эле кызгана берсең, таарына берсең, жашообуз кандай болот?
Ж а з б е к. – Чын эле мендик болосуңбу? Чын элеби? Оо анда мен бактылуу болот турбаймынбы. Көрөсүң, сени моминтип алаканыма салып багам.
Б е г и м а й. – Алаканыңа салып бакпай эле кызгана берип, бир жакка кетсең сыртымдан кулптап коюп жүрбө... (Экөө тең күлүп калышат).
Ж а з б е к. – Үйлөнгөндөн кийин мындай кызганбайт чыгармын. Билбейм азыр башкаларга ыраа көрбөй коруй берем. Ал эми агайдыбы, мындан ары секреттеше турган болсо аясам кудай урсун!
Б ег и м а й. – Агайды айта берип башымды ооруттуң го. Бери мага карачы. Таарынычың жазылдыбы? О, о жазылып калган турбайбы. Эми күлсөң, кана, кана... 
Ж а з б е к. – Мына күлсө. (Жазбек Бегимайды так көтөрүп, алаканына салып бийлей кетет. Экөө тең күлүп айлана баштайт). Ө,ө-х, чарчадым! Тарынычым да жазылды. Экөөбүз өмүр бою ушинтип өтсөк тагдырыма ыраазы элем. Бирок ишенбей да кетем. Анткени алдыдагы турмушту болжоп болбойт да. Эки үч жыл сен да окуйсуң, мен да окуйм. Ошонун арасында эле көп турмуш бар эмеспи.
Б е г и м а й. – Ооба көп турмуш бар. Бирок экөөбүздү эч кандай күч ажырата албас. (Музыка, пауза). Ой, консультацияны да унутуп койгон турбайбызбы. Жүр, баралы. Эмне кечикти деп агай да чачын жулуп жаткандыр.
Ж а з б е к. – Жулса жулсун. Ылайым таз болуп калса экен. Көрөйүн деген көзүм жок аны.
Б е г и м а й. – Эч болбосо экзамен өткөнчө сыйлай турбайсыңбы. Анан ал өз жолу менен, сен өз жолуң менен кетесиң.
Ж а з б е к. – Консультацияга сен үчүн гана келгем. Сен кирсең кир. Мен үйгө кетем. Агай менен урушуп калып жүрбөйүн.
Б е г и м а й. – Мейли, барбасаң барба, мен барайын.
Ж а з б е к. – Эртеңге чейин кош. (Бегимай колун бергенде, Жазбек колунан тарта калып бетинен өөп алат).
Б е г и м а й. – Бул бейбаштыгың үчүн жооп берип калба.
Ж а з б е к. – Бул бейбаштык эмес, сүйүү дейт.
Б е г и м а й. – Барган сайын чоң кишилердей мамиле жасап баратасың. Экинчи минтсең сага жолобой коем.
Ж а з б е к. – Айыбымды эмне менен актасам болот?
Б е г и м а й. – Бир шоколад. (Экөө күлүп калышат. Кучакташа басып келип экөө эки тарапка кетишет).

 

2-с ү р ө т

Үйдүн ичи. Бегимайдын апасы менен атасы чай ичип отурушат.

М а к с у т-а к е. – Бегимай да окуун бүтүп койду. Окуйм деп эле болбойт. Окуганы жакшы дечи. Бирок каражат жагы бизде тартыш го. Экөөбүздүн пенсиябыз эмнеге жетишет. Жанагы жогорку окуу жайларынын кантрак дегендери он миң сомдон ашып кетиптир. Убагында төлөбөсөң окуудан чыгарып жиберет экен. Бектемирдин да табышы көп болсочу. Эртеден кечке трактор айдаган болот, тапканы оокат тиричиликтен артпайт. Мен өзүмчө ойлоп жатам, Бегимай быйылча окуун токтото турса. Сен кандай дейсиң Мырзан?
М ы р з а н а п а. – Мен деле сага кошулат элем. Бирок боло койбойт ко. Окуун да жакшы бүтүптүр. Анан кантип окуба деп айта алабыз.
М а к с у т а к е. – Бир тилин алса, Канымжан жеңесинин тилин алат. Ошол сүйлөшүп көрсүн. Болбосо эмне кылат элек, карала уйду сатып окууга жиберебиз да.
М ы р з а н а п а. – (Өзүнчө бушайман болуп). Карала уйду сатсак сүтсүз калат турбайбызбы.
М а к с у т-а к е. – Башка жол жок. Ага да тобокел, жиберерин жиберип көрөлү. Окууга өтсө өттү, өтпөсө келип калар. (эшик тыкылдайт). Кир., кире бергиле. (Өзгөн кирип келет). Ой, жолуң болгур десе эшикти тыкылдатпай эле кире бербейт белең. Канча айткан менен шаарда өскөнсүң да. Эмесе айылдагылардын бири да эшикти тыкылдатып кирбейт. (Өзгөн отургандар менен учурашып чыгып, дасторкондун чекесинен орун алат).
Ө з г ө н. Үч жылдан бери айылда жүрүп, айылдык болуп калдым десем али кеп нерсени үйрөнбөптүрмүн. Ал үчүн мени кечирип коюңуз Максут аке.
М а к с у т-а к е. – Кечиримдүү балам, кечиримдүү. Ал эми келген жөн жайыңды тартынбай айта бер, балам.
Ө з г ө н. – Атайын бир жумуш менен келгеним жок аксакал. Жөн эле силердин ал-ахвалыңарды сурайын деп кайрылып калдым. Анын үстүнө шаарга биротоло кеткени жатам.
М а к с у т-а к е. – Эмне, эмне жакпай калдыбы?
Ө з г ө н. – Айылдан айланса болот. Бирок шаардагы агам жаңы дагы бир кафе ачтым. Келип иште деп кайта-кайта чакырып жатат. Анын тилин албай койсом, таарынып чалкасынан кетери бышык.
М а к с у т-а к е. – Аганы сыйлай билген ыймандуу жигит экенсиң. Агасын эмес, атасынын да тилин албай койгондор арабызда жүрбөйбү. Агаң чакырып жатса барышың керек. Ал чоң кызматкерби?
Ө з г ө н. Жок ата, чоң кызматкер эмес. Бирок табышы, чоң кызматкерлерден да ашып түшөт. Үч чоң кафеси бар. Эл көп келет. Акча дегениңиз төбөдөн жамгырдай эле куюлуп турат.
М а к с у т-а к е. – Андай болгондон кийин, биякка бекер эле келгенсиң го. Азыркы заманың, акчанын заманы болуп калбадыбы.
Ө з г ө н. – Келбейт элем аксакал, бир шарт менен келип калдым. Келгеним жакшы болуптур. Айылдын турмушу менен тааныштым. Кең пейил, меймандостугун, сылыктыгын, адамкерчиликтерин үйрөндүм. Эмесе мурда жалаң орус балдар менен жүрүп, тилимди да унутуп бараткам.
М а к с у т-а к е. – Ошонун баарын түшүнө билген азамат экенсиң. (Максут аке Мырзан апага жүткүнө). Ай кемпир, чай менен отура беребизби. Бир нерсе кууруй салып, жанагы ак моюнуңан апкел. Кой сойбосок да «Ак моюндун» башын алалы.
Ө з г ө н. – Убара болбоңуз апа, аны көргөндө кайнатамды көргөндөй качам. Ал турсун бирөөдүн ичип жатканын көрсөм жийиркенип кетем. Арак, арак, башыңа түшкөн азап деген сөз бар эмеспи. Башымды аракка малып алсам эртеңки күнүм кандай болот?
М а к с у т-а к е. – Баракелде-е, асыл таштан, акыл жаштан деген ушул эмеспи. Балам сага баа бердим, өркөнүң өссүн.
Ө з г ө н. – Дагы бир жагдайды айтайын деп келдим эле.
М а к с у т-а к е. – Айт балам, айта бер.
Ө з г ө н. – Бегимай мектепти алтын медаль менен бүтпөдүбү. Демек ал сөзсүз окуш керек да.
М а к с у т-а к е. – Ооба, ооба, окутууга макулмун, бирок...
Ө з г ө н. – Мен сизди түшүнүп турам Максут аке. Окутууга каражат кайда деп айтканы тургандырсыз. Менин бир агам институтта декан. Эгер ал жардам көрсөтсө акысыз окутуу гана эмес, кайра степендия ала турган болот. Эгер жардам керек болсо мага кайрылсын. Сиздердей адамдарга жардам бербегенде. кимге берет элем.
М а к с у т-а к е. – Жанагы акысыз окууга өткөнү дурус экен. Аны үй-бүлөбүз менен акылдашып көрөлү. (Карай май болгон колдорун чүпүрөккө аарчынып Бектемир кирип келет).
Б е к т е м и р. – Ой, агайды кайсы шамаал айдап келген. Мурда саламга да келбей жүрчү эле го?
М а к с у т-а к е. – Ой, адеби жок акмак! Элде мурда учурашсаң болбойбу! Үйүнө кирсең ит кабат дегендей эмне одураңдайсың? Көп болсо сенден бир аз жаш чыгар. Бирок агайлыгы улук. Андан көрө май кийимдериң менен сассыбай алмаштырып келип сүйлө. (Бектемир чыгып кетет).
Ө з г ө н. – Мейли, жакшы калыңыз ата (ордунан турат). Мен кетейин. Дагы бир жолу айтарым, үй-бүлөңүз менен акылдашып жооп бериңиз. Мен жакын аранын ичинде шаарга кетем. (Өзгөн чыгары менен Бектемир кирет).
Б е к т е м и р. – Жанагы мугалим эмнеге ке¬липтир?
М а к с у т-а к е. – Ал ахвалыңарды сурап коеюн дедим эле дейт. Анысына рахмат. Ким эле биздин ал-ахвалыбызды сурап жатат. Айыл өкмөтү келдиби? Келмек тургай, быйыл сарайыбыз кулап калганда да унчуккан жок. Анын жанында бул мугалим бала адам экен.
Б е к т е м и р. – Башка эч нерсе деген жокпу?
М а к с у т-а к е. – Бегимайды жанагы бүжет окууга өткөрүп берейин, агам декан эле дейт.
Б е к т е м и р. – Анын баарын жана айтсаңыз го жакшылап жооп кайтарат элем. Биз андан жардам сурай турган байкуш белек. Бегимай кайсы окууга барса да эч кимден жардам сурабай өтүп кетет.
М а к с у т-а к е. – Эмне эле көөдөнүңдү көтөрүп калгансың. Бир уйдан башка акча кыла турган эмнең бар, я! Айтчы мага муногум-муногум бар деп.
Б е к т е м и р. – Бүгүн жок болсо, эртең болот. Бегимайды башка бирөөгө көз каранды кылбай окутсам болобу? (Атасына акырая карайт).
М а к с у т-а к е. – Аны да көрө жатарбыз. Бирок тигил баланын айткандары жакшы акыл болуп жатат. Өткөзсө өткөзсүн, анда турган эмне бар экен.
Б е к т е м и р. – Балээнин баары ошол жардам бергенинде болуп жатат. (Колун шилтеп). Э, койчу, сиз түшүнгөнчө али көп бар. (Бектемир чыгып кетет. Үйдө Максут аке менен Мырзан апа калат).
М ы р з а н а п а. – Бектемир бекеринен мугалим балага асылып жаткан жери жок. 
М а к с у т-а к е. – И-и эмне экен?
М ы р з а н а п а. – Мугалим бала кызыңды алам дейт экен.
М а к с у т-а к е. – Буудайдын барар жери тегирмен, кыздын барар жери күйөө дегендей акыры бирөөгө тиет. Эмне жанагы мугалим бала кимден кем. Анан көрө кызыңды карар бекен?
М ы р з а н а п а. – Караган үчүн үйгө келип отуру да. Же сен үчүн, же мен үчүн келди дейсиңби.
М а к с у т-а к е. – (ойлуу туруп калат). Чын айтасың кемпир. Бирок Бегимайдын өзүнүн эрки. Тиги буга таңулап эмне кылат элек. Маңдайына жазган бирөө тургандыр.
М ы р з а н а п а. – Эмне болсо да өзүнүн каалоосу менен турмушка чыкса экен.
Көшөгө

 

3-с ү р ө т

Өзгөн жеке жашаган өз квартирасында отурат. Дубалдагы илинип турган Бегимайдын сүрөтүн колуна кармап, сүрөт менен кошо бийлейт.
Ө з г ө н. – Сага колум жетсе тагдырыма ыраазы элем. Жаркылдатып кийинтип, «Аттиң Өзгөндүн аялын карачы» дегиздирип алып жүрөт элем. Бирок ошол тилегиме жете аламбы? Кантип жана качан? Байлыгым мененби? Кымбат баалуу белегим мененби? Бегимай жөнүндө ойлосом башым катат. (Ойлуу ары-бери басып, анан өз алдынча жинденип кетет). Жанагы Жазбек деген баланы айтпайсыңбы. Ошол, Бегимай экөөбүздүн ортобузга кара мышык аралатып жүргөн. Акырын гана сууга ыргытып жибере турган киши жок да. (Бат эле кабагы ачыла түшүп, кайрадан Бегимайдын портретин кучактап алып бийлейт). Ал ким жана мен киммин? Ал картаң ата-энесин бага албай жүргөн жаш бала? Менчи? (Чөнтөгүнөн бапыратып акча алып чыгат). Мына акча десең акча. (Үй эмеректерин көрсөтүп). Мына дүнүйө. Мындай байлыкка кандай кыздар кызыкпайт. Демек Бегимай меники. Менин жарым, менин сүйүктүүм. (Өзүнчө сүйүнүп, кыңылдап ырдай кетет).

Кел эркем ойнойлучу,
Көл жээктеп бойлойлучу.
Бактылуу мүнөттөрдү,
Өткөрүп койбойлучу.

Гүлдөрдү терейинчи,
Өзүңө берейинчи.
Алчадай бышып турган
Эрдиңен өбөйүнчү.

(Сүрөттү өбөт, бооруна кысат). Бир гана сен болчу жанымда. Ай болчу мага жаркырап. Антпесең мен сенсиз жашай албайм. Кургакка чыккан балыктай солуймун. Ушуну түшүнчү эркем. Бир деме дечи кылгырып турбай. (Сүрөттү тигиле карап, жай басып барып ордуна келет). Баса Зуура эжекеге телефон чалам дебедим беле. Кана Өзгөн, бар аракетиңди жаса. Бир гана алга... алга... Махабаттан кудай жалга. (Телефонду ала салып ызвандайт). Ал-лоо, ал-лоо Зуура эже¬кеби?
Ү н. – Ооба менмин.
Ө з г ө н. Эжеке, баягы мен дайындаган иш эмне болду?
Ү н. – Сен дайындагандай болду. Эки үч оор суроолорду берип өткүзбөй койдук. Ыйлап аудиториядан чыкпай койсо болобу. Айылга кайсы бетим менен барам дейт. Кайталап экзамен берсем болобу деди. Декан руксат берсе болот дедим. Кокус керек болуп калбасын деген болуп сенин адресиңди, телефон номериңди берип койдум. Айтоор өтө жаман абалда эшикти катуу жаап чыгып кетти.
Ө з г ө н. – Рахмат эжеке. Бул жакшылыгыңызды өмүр бою унутпасмын.
З у у р а. – Эч нерсе эмес, тоюңда чакырганды унутпасаң эле болду.
Ө з г ө н. – Сиздиби, сизди эң кадырлуу коногум катары сыйлайм.
З у у р а. – Мейли Өзгөнчик, максатың ишке ашсын. (Трубканы коюп, сүрөттү ала салып, кайрадан бийлеп кирет).

Сүйүү, сүйүү
Сонун жылдар,
Алды жакта,
Сонун жыл бар.

Кудайым эми колдоп, максатым жакындап келатат. Оо, менин периштем Бегимай, кирип келчи жарк этип. Оо анда кучагымды жаят элемго азыр эле. Айнектей тунук бетиңден өпмөкмүн канымды дүргүтүп.(Музыканы коюп, диванда чалкалап отурат)
п а у з а
(Телефон шыңгырайт).
Ө з г ө н. – Ал-лоо, ал-лоо, бул ким?
(үн чыкпай калат)
Ал-лоо, ал-лоо, бул ким дейм?..
(Телефондон кыздын ыйлагандай үнү угулат).
Бул менмин, Өзгөнмүн, айт, айта бер, угуп жатам.
Ү н. – Менмин агай (дагы эле ый аралаш үн).
Ө з г ө н. – Бегимайсыңбы? (Үн чыкпай калат). Сен Бегимайсың. Эмнеге унчукпай жатасың?
Ү н. – Агай...
Ө з г ө н. – Айтпайсыңбы эми...
Ү н. – Мени кулатып коюшту... эмне кылам, агай?..
Ө з г ө н. – Коркпой эле кой Бегимай. Мени менен телефон менен байланышып тур. Андан көрө өзүң келгениң жакшы го. Телефон менен эч нерсени сүйлөшө албайбыз. Келсең, акылдашып бир чечимге келебиз. Эмне келесиңби?..
Б е г и м а й. – Көрөм го..
(Телефондон гудок гана угулуп калат).
Ө з г ө н. – (Телефондун тыңшагыч жагын өөп). Үнүңдөн сенин Бегимай. Кандай назик, кандай жагымдуу. Эми мага келсе үйдүн кандай экенин көрөт. Мынча дүнүйөнүн баары экөөбүздүкү экенине түшүнүп, ичи жылыйт. Бирок келбей калсачы? (Кабагы бүркөлөт). Келбей калсачы? Жок, келбей койбойт. (Кабагы ачыла түшөт). Өзү үчүн болсо да келет. Ага чейин шерденип алайын. Ал үчүн эмне кылыш керек? Да-а-а... Сто грамм, закүскөсү менен. (буфеттен закуска алып жүз граммды тартып жиберет). Көптөн бери ичпегенге, арагың уудай болуп калган го. О-у-у-у оозумду куйкалап кетти го. (Үйдүн ичинде ары-бери басып турат). Эмне, дене боюм жибип баратабы? Дагы жүз граммды басып алсам дейм. Жок. жок, Бегимай келгенде келжиреп калбайын. (музыка угуп, диванда рахаттанып отура берет).
П а у з а
(Үйдүн ичиндеги коңгуроо шыңгырап, Өзгөн атып турат)
Ө з г ө н. – Келди Бегимай, келди! (Өзгөн эшикти ачат. Бегимай босогодо туруп калат). Кой, Бегимай, босогодо турба. Ал жакшы жышаан эмес. Мына жумшак креслолор турат. Жай алып отуруп, болгонун болгондой айтып берчи мага. (Бегимайды колунан кармап. креслого отургузат. Бегимай буулугуп ыйлагысы келип отурат. Өзгөн ары бери чебеленип ыйлатпоого аракеттенет). Кой Бегимай, өтпөй калдым деп мынчалык күйүп-бышпай эле койчу. Сен азыр деканга өз колуң менен арызыңды жаз. А калганын мага кое бер. Өтүп кетүүңө мен жардамдашам. Буга ишенесиңби?
Б е г и м а й. – Билбейм агай эч кимге да, эч нерсеге да ишенбей калдым.
Ө з г ө н. – Башкаларга ишенбесең да мага ишенип кой. Айтканымды сөзсүз аткарам. Демек кудай буйруса бир эки жуманын ичинде студент болуп чыга келесиң. Андан көрө үйдөгү чал кемпирлер күүлүү-күчтүү жүрүшөбү? 
Б е г и м а й. – Алар күүлүү-күчтүү эле. Мени айтпайсызбы эмне кыларымды билбей калдым. Айылга эмне деп барам? Кайсы бетим менен барам? Өтпөй калыптыр. Жакшы окучу эле го. Кайсы кара басты дебейби элдер. Ушуну ойлосом асылып калгым келет агай. (Бегимай буркурап ыйлап жиберет. Бегимайды Өзгөн сооротуу менен убара болуп калат. Бегимай сооронгондон кийин).
Ө з г ө н. –Аябай ыза болгон экенсиң да. Ничево, бардыгын ордуна келтиребиз. Сени өткөзбөй коюуга эч кимдин акысы жок. Башка, башка мен мугалимиң катары сени жакшы билем. Декан агам жардам бере албаса, бара турган жерге чейин барам. Сен үчүн баарын иштейм. (Өзгөн Бегимайды тынчтанганын көрүп). Мен сага жумуртка кууруй салайын. Жаңгыз бой болгондон кийин тамак жасаганга үйрөнүп калганмын. Анын үстүнө газ дегениң жыргал турбайбы. Бир заматта тамак даяр болот да калат.
Б е г и м а й. – Жөн эле коюңуз агай. Мен кетейин, шашылыш иштерим бар эле.
Ө з г ө н. – Жок. жок болбойт. Отур дегенде отурасың. Менин коногум болуп кетесиң. Мен азыр эле... (Өзгөн кухняга кирип кетет.)
Б е г и м а й. –(Бөлмөдөгү эмеректерди, тартылган жана төшөлгөн килемдерди көрүп аң-таң калат.) Ушунун баарын агай тапты бекен? Мынча дүйнө кайдан келди? Айылда жупуну эле жүрчү эле го?.. (Өзгөн чайын, куурулган жумурткасын алып кирет. Столго жашылча, жемиштерди жайнатып коет. Экөө бет маңдай отурушуп тамактанышат).
Ө з г ө н. – Уялбай алсаң. Студенттик турмуш баштан өттү го. Кээде ток, кээде ач жүрө берчү эл болот. Эми сен үйдү көрүп алдың. Бир нерсе жетишпей баратса келе бер. Сен үчүн дайыма эшик ачык. Ал эми муногудай үй мүлккө кайдан жетти дээрсиң. Булар ата-энемдердин тапкандары. Атам да, апам да кызматта иштешкен адамдар болчу. Экөө тең бир жылда кайтыш болду. Агаларым өз алдынча бөлүнүп кеткендиктен бул үйдө жаңгыз жашап калдым. Ай деген ата, кой деген кожо жок болгондуктан акчаны агаларымдан алып. бара-бара аракка берилип кеттим. Дипломум чөнтөктө болгону менен арак ичип мас болуп жүрсөм мени ким жумушка алмак эле. Ал турсун агаларым да менден алыстай түшүштү. Ээнбаш балдар менен достоштум. Козиного барып ойночу болдум. Өскөн деген агам жаман жолго түшүп баратканымды түшүнсө керек, министерстводогу жолдошу менен сүйлөшүп, мугалимдик кесибим боюнча силерге жиберди. Бул там үч жыл аңгырап бош турду. Дагы жакшы, үйдүн ичи тонолбой калганына. Коңшуларыма аябай ыраазы болдум. Ошолор эч кимге кол тийгизбей сактап калышты. Мына ушундай тагдыр, Бегимай.
Б е г и м а й. – Рахмат агай, өчкөн үмүтүмдү жандырдыңыз. Эртең кайсы жерден жолугалы.
Ө з г ө н. – Институтта. Саат он бирде.
Б е г и м а й. – Болот. Мен кетейин.
Ө з г ө н. – Дагы бир аз отурсаң болбойбу. Сага сюрприз бар эле. (Мукактана сүйлөйт). Колуңа алтын шакек тагайын дедим эле. 
Б е г и м а й. – Агай мен алтын шакек үчүн келген жокмун тамашанын да жөнү болот да.
Ө з г ө н. – Кечирип кой Бегимай, кээде ойлонбой сүйлөп койчу адатым бар.
Б е г и м а й. – Эч нерсе эмес. Жаңылыштык кете берет. Эшикти ачыңыз, мен кетейин.
Ө з г ө н. – (шашкалактап). Ай, келесоо башым ай, кулптай салган турбаймынбы. (Бегимай кетип калат. Үйдө Өзгөн жаңгыз калат). Кыздын сүрү бар деген чын турбайбы. Эки саат бирге отуруп эки ооз сөз сүйлөй албай койдумбу. Эгер үйгө келсе кучактайм, өбөм, антмейинче чыгарбайм дебедим беле. Өөп, жыттамак турсун, оюмдагыны да айта албай койдум го. Бул эмне менин суу жүрөктүгүмбү? (Бир аз капалуу басып жүрүп кайра). Мен туура кылдым. Бир дегенде ыржалактаган туура эмес. Колдон келишинче маданияттуулукту көрсөтүшүм керек. Аздан-аздан жакындап, жүрөгүн жылытып, анан жүрөк ачкычын табууга болот. (Оор үшкүрүнө). Э-э-э-х, Бегимай, мен сага качан жетер экенмин... Ал күн келсе экен эртерээк...

 

4-с ү р ө т

Максут акенин үйү. Столдун чекесинде Максут аке менен Мырзан апа отурушат.
М а к с у т а к е. – Бектемирди карабайсыңбы, экзамен бүткөнчө Бегимай менен жүрө бербей, келип калыптыр. Эми кызыбыздан эч кабар жок. Же өткөнүн, же өтпөгөнүн билбейбиз. (шыптагы камчысын ала салып). Муногу менен жон терисин сыйрып алса болот эле го. Балалуу чакалуу болуп калганда, кантип антүүгө кол барат.
М ы р з а н а п а. – Жөнү жок кылчылдай бербечи. Бегимай өтпөй калмак беле. Жалаң «5» менен бүттү го. Бектемир да сөзсүз өтөт деген ишеним менен Бегимайдын экзаменин күтпөй жүрө берди да.
М а к с у т а к е. – Ишеним менен деп коет. Кана өтөрүнө ишенген болсо, эмдигиче келип калат эле го. Кечиккенден кечигет. Же телефон, же кат аркылуу кабарлап койбойт. Деги аман-эсен жүрсө экен. Кыздарды чет мамлекетке сатып жиберет экен дегенди угуп алгандан бери тынчым кетип жүрөт.
М ы р з а н а п а. – Койсоңчу абышка кайдагы түшкө кирбеген сөздү айтпай. Мен түндө жакшы түш көрүптүрмүн. Бегимай гүл басылган агыш жапжаңы көйнөк кийип алыптыр. Чачын кырктырып алган экен. Аны көрүп урушсам, шаардык кыздардын баары кырктырып жүрсө, жакшы көрүнүп кетти дейт. Үлбөрөгөн көйнөгү менен босогого отуруп алат. Алдагы жаңы кийимиңди чаң кылып аласың го. Төргө чыксаң болбойбу дейм. Ал үстүндөгү чаңдарды кагынып силкинип, анан төргө отуруп калат. Көзүм ачсам түш экен.
М а к с у т а к е. – Чаңга отурганы эмнеси?
М ы р з а н а п а. – Эч нерсе эмес абышка. Чаңга отурганы көңүлүнүн кирдегени го. Экзамендеринен кыйналат баштанат. Бегимай төргө чыгып отурбадыбы. Кудай өзү жар болуп, окууга өтүп кетет экен.
М а к с у т а к е. – Ошондой болсо кана. Жаман кызыбызды сагынып да кеттик.
М ы р з а н а п а. – Кызыбызды бир айда эле сагынып кеттик. Жылдап окуганда кантээр экенбиз. Сагынычтан ичибиз жарылып кетип жүрбөсүн. (Экөө тең күлүп калышат. Канымжан – дасторкон жайып, чай куят).
М а к с у т а к е. – Балам, Бегимайдан кабар барбы? Бишкектен балдар келип жатыптыр. Алар Бегимайдын өткөн өтпөгөнүн билет бекен. Алардан сураштырчы айланайын.
К а н ы м ж а н. – Болоттон сурагам, Жазбектен да сурадым. Анын институтуна издеп барганбыз. Өзүн табалбай койдук. Өткөндөрдүн тизмесинде жок болуп чыкты дешти.
М а к с у т а к е. – Андай болсо, ал жакта эмне кылып жүрөт? Баарын кылган Бектемир. Келин, айланайын, чакырчы аны.
К а н ы м ж а н. – Трактор оңдоп колу бошобой жатат.
М а к с у т а к е. – Дал ошол тракторду өрттөш керек. Сезон убагында акча таап алайын деп Бегимайды таштап, далбастап келди эле, эми эмне болуп отурат. Беш күн иштебей трактор бузулду да калды. Тетиктерин сатып алам деп экөөбүздүн тең пенсиябызды алып жок кылганын айтпайсыңбы. Жүрсө жүрөт эле го. Алыкүнчө ордунан кыймылдап да койбойт. Көрөсүң го уялбай дагы акча сурайт. Тракторумду оңдойт элем деп. Бегимай болсо акчасы жок келе албай да жаткандыр. Эки миң сомуң канча күнгө жетмек эле. (Максут аке Канымжанга колун жаңсап). Эмне эле мелтиреп отуруп калдың? Чакыр тиги күйөөңдү. (Канымжан сыртка чыгып Бектемирди чакырып келет. Бектемир май колдорун чүпүрөккө аарчына кирип келет).
Б е к т е м и р. – Эмне болду, ата?
М а к с у т а к е. – Эмне болду дейт дагы! (Ордунан атырылып турат). Муштагылап жиберет. Атаңдын чокусу болду!.. Кыз кана?.. Өзүм кошо жүрүп өткөзөм дегениң кана?! Эмнеге экзаменди күтпөй жүрө бердиң?! Жанды кашайттыңго сен! (Калчылдап титиреп кетет).
Б е к т е м и р. – Ачууланбай сабыр кылыңызчы ата.
М а к с у т а к е. – Сабыр кыл деп коет. Кайсы жыргаганыма сабыр кылайын! Айтчы байболгур, айтчы сен! (Кайрадан урууга камынганда Мырзан апа, Канымжандар ортого түшө калат).
Б е к т е м и р. – Мени уксаңыз, ата.
М а к с у т а к е. – Укпайм сөзүңдү! Бүгүндөн баштап бөлүн. Трактор мракторуң менен куру! Ал төшөнчү орунуңду. Кайда барсаң айда бар менин ишим жок!
Б е к т е м и р. – Ачууга алдырбасаңызчы ата, мени булдозер менен сүздүрсөңүз да бул үйдөн кетпейм. Силерди менден башка ким багат. Азыр колдо жок болгону менен эртең эле заманыбыз оңолуп, турмушубуз жакшырып кетер. Мен да отуруп албасмын. Иштейм. Дүнүйө табам. Силерди эч кимден кем кылбай багам.
М ы р з а н а п а. – Сага эмне болгон абышка. Саал эле бир нерсе болсо токтоно албай тутанып кетесиң да. Кеткин деп багар кагар балаңды кубалаганың кудайга да жагар иш эмес. Андан көрө мамыр жумур отуруп мындан аркы ишти ойлонсок болбойбу.
М а к с у т а к е. – Кыз тигинтип окууга өтпөй шаарда сандалып жүрсө, биз эч нерсени ойлобой мамыр жумур сүйлөшүп отура берет экенбиз да!.. Андан көрө бүгүндөн калбай Бектемирди шаарга жөнөтүш керек. Акчаны карызгалап болсо да тапсын.
Б е к т е м и р. – Азыр ким берет. Элдин баары түшүм жыйноонун далбасында. Бир тыйын болсо да ошол жакка жумшап жатышат. Бир эки күндөн кийин трактор оңдолуп калат. Чөп чаап бер деп келип жаткандар канча. Буйруса эртең эле алаканыбыз акчага толгону турат. Бир аз кое туралы ата.
М ы р з а н а п а. – Ошентсин абышка. Чекеңдин бырышын жазып, кабагың ачып отурчу байболгур. Бектемирди бир мажүрөө жан дейсиңби. Ушул үйдү кыбыратып жаткан ушул уулуң. Же башка бирөөлөр келип каралашып жатыптырбы?
М а к с у т а к е. – Анда мындай кылайлык. Бир жума убакыт берем Бектемир. Узунуңан түшсөң да жол каржы табасың. Кызды үйгө апкелесиң.
Б е к т е м и р. – Мейли ата, сиз көңүлдүү отуруңузчу, кейип кепчибей. Ден соолугуңузга да зыян го, капалана берсеңиз.
М а к с у т а к е. – (жайдарылана). Болуптур, көп бажырай бербей, эртерээк тракторуңду оңдо
Көшөгө.

 

5-с ү р ө т

Максут акенин үйү. Баары түшкү тамакта отурушат. Эшик тыкылдайт.
Б е к т е м и р. – Кир, кире бергиле. (Кайра тыкылдайт) Кире берсеңерчи. Бирөө тамашалап жатабы? (Бегимай күлүп жайнап кирип келет.)
Б е г и м а й. – Ата-а. (Мойнунан кучактай калат). Мен силерди сагындым.
М ы р з а н а п а. – Биз да сени сагындык. Бизди убайымга салбай окубай эле койчу, кызым. (Бегимай апасы жана жеңеси менен кучакташып саламдашып чыгат).
М ы р з а н а п а. – Эмнеге кечигип кетти деп атаң экөөбүздө жан жок. Келгениң жакшы болбодубу. Бектемирди жиберейин деп жатканбыз. Эмне кечиктиң? Окууга өтүп келдиңби? Жай алып анан жөн жайыңды айтып берчи.
М а к с у т а к е. – Мына ошону айт. Окууга өтпөй калыптыр деген имиш уктук. Ал кандайча болуп кетти?..
Б е г и м а й. – Ким айтса да ушак сөз. Окууга өтүп келдим, ата. Куттуктап койгула.
К а н ы м ж а н. – Куттуктайбыз! Куттуктайбыз! (Үйдөгүлөр кол чаап куттукташат).
М а к с у т а к е. – Эмне кечиктиң? Сени менен барган балдар келишип калышыптыр го.
Б е г и м а й. – Билбейм алар өтпөй калышса керек. Ар кимибиз ар башка окуу жайларына тапшырдык да. Кечиккенимдин себеби бар. Бир эмес эки жолу экзамен тапшырдым.
М а к с у т а к е. – Ал кандай окуу жай экен, эки жолу экзамен ала турган?
Б е г и м а й. – Биринчи эле кулатып коюшту.
М а к с у т а к е. – Кулатып коюшту?!. Анан.
Б е г и м а й. – Анан деканга арыз жаздым. А киши кайра экзамен тапшырууга руксат берди. Экинчисинде эч кандай кыйналбай эле өтүп кеттим.
М а к с у т а к е. – Баягы мугалим бала жардам берген жокпу? Мен Бегимайга колумдан келген жардамымды берем деп мактанып кетти эле го.
Б е г и м а й. – Мактангандай бар экен. Анын да жардамы тийди.
М а к с у т а к е. – Баамымда дурус жигит көрүнүп калды. Адамкерчилиги да өйдө неме экен.
К а н ы м ж а н. – (Канымжан ордунан тура калат). Апа, баягы ак көйнөгүм менен ак жоолугумду бир да кие элек элем. Бегимайдын окууга өткөнүн куттуктап, кийгизип көрөйүнчү.
М ы р з а н а п а. – Өзүң бил айланайын. Сенин кийим кечең менен менин ишим кайсы. (Канымжан менен Бегимай башка бөлмөгө кирип кетет). Ушулардай да ысык кайын сиңди, жеңе болобу. Башкалардай болуп бир жаакташканын көргөнүм жокко чиркин. Бирөө жеңе десе, бири кызыкем деп жүрүшүп беш жыл өтүп кетиптир. Айланайындарым, бир туугандай болуп калышты. (Бегимай ак көйнөк кийип, ак жоолук салынып үйгө кирип келет).
К а н ы м ж а н. – Карачы аппак көйнөк менен, ак жоолук кызыкеме кандай жарашып калды, тим эле аккуунун өзү.
М ы р з а н а п а. – Канымжандын билермандыгын карабайсыңбы. Кайын сиңдим окууга өтсө кийгизейин деп атайын катып жүргөн го. Анысына рахмат. Эми көйнөк жоолугуң ак жолтой болуп, окууң шыдыр, жолукканы Кыдыр болсун кызым. (Бектемир кирип келет).
Б е г и м а й. – Аке-е! Мойнунан кучактай калат.
Бектемир. – Кое бер эми мойнумду. Үстү башым май. Кийимиңди кир кыласың. (Бегимай колун кое берет. Ак көйнөгү май болуп калганын көрөт).
К а н ы м ж а н. – Ай, кызыке, жөн эле колуң берип учурашканың жакшы эле го.
Б е г и м а й. – Эч нерсе эмес жеңе, колдун кирин жууса кетет, көңүлдүн кирин жууса кетпейт деген сөз бар. Кеткенче өзүм жууп кетирип алам. (Бектемир жай алып отурат).
Б е к т е м и р. – Мага катуу таарынган чыгарсың. Документтериңди тапшырып жүрө бердим. Трактор менен бир нерсе табайын дедим эле. Ал да ишке ашпады. Трактор бат эле бузулуп, эми гана оңдолоюн деп турат. Анын үстүнө биздин алып кеткен акчабыз эч нерсеге жетпей калбадыбы. Шаарың акчаны чаң соргучтай эле сорот экен. Аны да сага айтпастан жүрө бергем. Сенин өтөрүңдү ишенгем.
Б е г и м а й. – Сиз айткандай бассаң турсаң да акча, акча дей берет экенсиң. Сиз таштап кеткен акчаны үнөмдөп отуруп, жол киреге арттырып койгом. Келатканыма араң жетти. Канткен менен окууга өтүп келдим. Ошол мага олжо болбодубу.
Б е к т е м и р. – Эми карындашым, акча жагынан эч кор кылбайм. Сен үчүн белди бекем бууп иштейм.
Б е г и м а й. – Мен да силердин ишенимиңерди актап, жакшы окууга, алдыңкы студент болууга аракет кылам.
К а н ы м ж а н. – Кызыке, дасторконго жакын отуруп, жай отуруп чайланып ал.
М ы р з а н а п а. – Шаарда кайсы жыргаган тамак жеди дейсиң. Азыр да ашказанда эч нерсе жок, ичегилери чурулдап тургандыр. Чайды иче тур. Бир аздан кийин жеңең майлуу тамак жасай салат.
Б е г и м а й. – Алда апам ай-я! Ушунчалык боорукер жансыз да. Студенттин баары эле мендей. Бар, жок дешпей, окууду бүтсөк деген максат менен жашап жатышпайбы.
М ы р з а н а п а. – Аның ырас кызым. Эмне болсо да бөөдө кырсыктан алыс болуп, окууң бүтүп келсең экен. Маңдайыңды тосчу өөп коеюн. (Мырзан апа кызынын маңдайынан өбөт). Болду, сагынычым биротоло тарады.
М а к с у т а к е. – Кел кызым, апаң маңдайынан өпсө, мен муйдуңан эле өөп коеюн. (Максут аке кызын өбөт). Мына менин да сагынычым жазылды. Ич чайыңды, кызым, иче кой. Өз үйүң, өлөң төшөгүң дегендей окууду унутуп чалкалап жатып, эс алып кет. Анан шаарга барганда кат жазып же телефон менен сүйлөшүп турсаң. Эмесе эмне кылып, кайда жүргөнүңдү билбей сар санаага түшүп калып жатпайбызбы.
Б е г и м а й. – Убадамды берейин, ар бир айда эки жолу сүйлөшүп турам.
М ы р з а н а п а. – Биз өз бөлмөбүзгө кетели, абышка. Калганын эртең, бүрсүгүндөрү деле сүйлөшсөк убакыт жетишет. Азыр өзүнчө отуруп жакшылап эс алсын. (Кемпир чал кетүүгө камынат. Ошол учурда Болот, Айжамал, Жазбектер кирип келишет. Алар кирери менен).
Ү н д ө р. – Куттуктайбыз! Куттуктайбыз! Куттуктайбыз! (Бегимайды баары кучактап калышат).
М а к с у т а к е. – О-о, чурулдаган мурдуңду урайындар десе. Булар ушинтишет. Кой кемпир биз чыгалы. Булар ушерде чурулдаша беришсин. (Кемпир, чал кетишет. Классташтар гана калышат).
Ж а з б е к. – Бегимай мени кечирип кой. Биринчи экзаменде эле кулап калдым. Институтка эки жолу издеп барып таппадым. Көңүлүм аябай чөгүп, башым ооруп, эмне кыларымды билбей калдым. Акчам да түгөндү. Кой кетеберейин да, Бегимайга айылда жолугармын деген ойдо жүрө бергем. 
Б е г и м а й. – Эмнеге таарынмак элем. Мен экзаменден кулап калган күндө да мага жардам кыла алмак эмессиң. Жүрө бергениң туура болгон. Өзүң айткандай айылда деле жолугушуп турабыз.
А й ж а м а л. – Баарын коюп Манасты айт дегендей, баарын коюп, кандайча өтүп кеткениңди айтчы Бегимай?..
Б е г и м а й. – Мен силерге кыскача эле айтайын. Бир эжеке үч суроо берди. Жакшы эле жооп бердим десем башын чайкады да, «Капа болбо, жоопторуң туура эмес» деп өткөзбөй койду. Эми эмне кылсам деп ойлондум. Деканга кайрылып көрөйүнчү деген ойго келдим. А киши менин арызымды карап чыкты да, комиссия мүчөлөрүнө ызвандады. Экинчи жолу экзамен тапшырганымда, кайра «Бул кыздын келечеги бар» деп мактап койсо болобу. Өткөнүмдү угуп алып сүйүнгөнүмдү айтпа. Менден башка бактылуу эч ким жоктой сезилди. А силер болсо, өз бактыңар үчүн күрөшпөй, өтпөй калдык деген бойдон жүрө бериптирсиңер. (Баары күлүп калышат).
А й ж а м а л. – Экзаменге киргенде кар, бороондо калгандай эки бутумдун титирегенин айтпа. Экзаменден кулагандан кийин эңги-деңги болуп, эшикке кандай чыкканымды билбейм. Кезек күтүп турган балдар бетиме суу чачып эс алдырышыптыр. Мунун баарын Болотко айтсам «экзамениң курусун, тапшырбай эле койдум» деп мени менен кошо жүрө берди.
Б о л о т. – Жүрө бергенибиз да жакшы болгон. Кокус мен шаарда окуп, Айжамал айылда болгондо Айжамалды бир айга жеткизбей алакачып кетмек экен.
А й ж а м а л. – Алда менин коргоочум ай, коргоочум ай... Чын эле сен болбосоң, сен коргоп жүрбөсөң ким билет, ай ким билет... (Баары күлүп калышат).
Б е г и м а й. – Баягы кат жазышып жүргөнүңөн бекер эмес экен да. Тим эле бизден жашырышкандарыңарды ай...
А й ж а м а л. – Жашырбагандачы. Өзгөн агайды билчи элең го, жакындашсак эле тирмийип карап калчу. Чогулушка салып итмерибизден кетиреби деп коркчубуз да.
Б о л о т. – Ошондою бар болчу. Бирок адамкерчиликтүү эле го.
Ж а з б е к. – Адамкерчилиги бар болгону менен чыныгы куу түлкү болчу. Түлкүдөй айла амалы менен Бегимайга жагынайын дечү. Бегимай мен турганда аны эмне кылсын... (Баары каткырып күлүп калышат).
А й ж а м а л. – Мага да тийишип калып жүрбөдүбү. Агай бул адепсиздигиңизди койбосоңуз менден катуу тил угуп каласыз деп кагып койгом. Ошондон кийин лям деп ооз ачпай калбадыбы.
Б о л о т. – Айжамал бир гана мендик экенин түшүнбөй тийишкен го. Андай агайлардын жүзү тийишсе да мени алмаштырбайт.
А й ж а м а л. – Туура, туура менин шумкарым. (Айжамал Болоттун кучагында эркелейт).
Б о л о т. – Буйруса баш кошоюн деп жатабыз. Ата-энелерибиз да каршы эмес. Ошондо Жазбекти да, сени да тойго чакырабыз Бегимай. Келбей калып жүрбө.
Б е г и м а й. – Кантип келбей калайын. (Эки колун канаттай каккылап). Бишкекте эмес, Америкада жүрсөм да ушинтип учуп келем.
А й ж а м а л. – Жазбек, сенин эмне сабырың суз. Эмне, Бегимай экөөңөр мурункудай болбой калгансыңарбы? Таарынычыңар болсо бизге айткыла, биз жараштыра коелу.
Ж а з б е к. – Кайдагы таарынчы. Мен деле сени Болот кандай кылып эркелетсе мен да Бегимайды ошондой кылып эркелете алам. Мына... (Бегимайды так көтөрүп, алаканына сала бийлей кетет. Бетинен өөп алат.)
Б о л о т. – Булар башынан ушундай эле дейм да. (Болот менен Айжамал да бийлей кетишет. Айжамал музыкасыз вальска ылайыктуу ырды ырдайт).
А й ж а м а л. – Кап музыканын жогу. Тактайдын чаңын чыгарып бийлейт элекко.
Б о л о т. – Ансыз да тактайдын чаңын чыгарып койдук окшойт. Эми Бегимай уруксат берсе кетели. Бегимай да чаалыгап чарчанып келген чыгар. Эс алсын. Биз бийлей турган күндөр али астыда. (Болот менен Айжамал чыгып кетип Жазбек калып калат).
Ж а з б е к. – Канчалык окуюн дегеним менен болбоду. Өтпөй калганымды билип да көрүп да турбайсыңбы. Эми айылда калып дыйканчылык менен алектенем. Эмки жылы дагы бир ирет сырттан окууга тапшырсам дейм. Анткен менен ата-энемдин да карылыгы жетип турат. Сен окууга барбай эле кой. Сен шаарда жүрүп калсаң биздин күнүбүз кандай болот деп өткөндө эле айткан. Бирок алардын сөзүн укпай кеттим эле, аягы ушундай болду. Ага кайгырбайм. Сен экөөбүздүн ортобуздун алыстаганына кайгырам. Мындан ары эмне болуп кетет деп тынчсызданам. Сагынам, саргаям. Жолуңду карай берип карегимди талытам. (Жазбек капалуу болуп туруп калат).
Б е г и м а й. – Койчу Жазбек, мынча эмне чөгөсүң. Мен сени сүйөм деп эле жүрөм го. Бишкек ушерден алыспы? Алты сааттык жол. Барып тур, мени менен жолугушуп тур. Өз эркибизче жүрүп шаарды кыдырабыз. Сессия бүтөр менен келип турам. Сагынычыңды жазып турам. Макулсуңбу?
Ж а з б е к. – Канча жылга чейин ошентип жүрөбүз?..
Б е г и м а й. – Эч болбосо эки жыл өтсүн. Мен экинчи курсту бүтүрөйүн. Анан сырттан окууна өтүп алам. (Жазбек таарынган түр көрсөтүп бурулуп кетет).
Б е г и м а й. – Эмне болду сага? Дагы эле таарына түштүңбү? Таарынганың өмүр бою калбайт окшойт.
Ж а з б е к. – Таарынбаганда эмне. Аскерге кеткен жигитин күткөн кыздай болуп мен сени күтүп жүрө берет экем да! Андан көрө сүйбөйм деп эле койбой¬суңбу?!
Б е г и м а й. – Сүйбөйм деп жатамынбы? Турмуш шарты ушундай болуп жатпайбы. Эгер сүйбөсөм ачык эле айтмакмын. Мени түшүнчү Жазбек.
Ж а з б е к. – Баарын түшүнүп турам. Бирок быйыл эле баш кошушубуз керек. Болот биринчи күнү той өткөрсө, мен экинчи күнү той өткөрөм. Эгер мени чындап сүйсөң ушуга макул бол.
Б е г и м а й. – Таарынсаң таарын Жазбек, мен буга макул эмесмин. Ушунчалык аракет менен өтсөм, анан таштап коембу. Мен окушум керек. Максатыма жетишим керек. Анан деле кеч эмес. Айттым го болгону эки жыл деп. Качан болсо да мен сендикмин го. (Жазбек эмне айтаарын билбей ойлуу туруп калат).
Ж а з б е к. – Шаарда мен, мен деген жигиттер бар, азгырылып кетпейсиңби?..
Б е г и м а й (күлүп). Дагы эле кызганчактык. Суранам ушул адатыңды таштачы. Ошондо мен сыймыктанар жигит болосуң.
Ж а з б е к. – Ырас эле өтө кызганчакмын. Жерге түкүрөйүнчү. Туф, ушуну менен кетсин.
Б е г и м а й. – Ошентчи. Жаман ойлордон арылчы. Жакшы ой, максат менен жашайык. (Сырттан кобураган үн чыгып, Мырзан апа кирип келет).
М ы р з а н а п а. – Оо айланайындар, алиге чейин сүйлөшүп отурган турбайсыңарбы? Эмне, берки досторуңар кетип калганбы. Тамак жеп кетишсе жакшы болот эле го.
Б е г и м а й. – Ооба, апа, алар кетип калышты. Тамакка күтөр эмес.
М ы р з а н а п а. – Жазбек балам, мурда бат-бат келип турчу элең. Бегимай окууга кеткенден бери басып да келбей койдуң. Мейли, Бегимайдын шаарлап кеткенинен чыгар. Ошентсе да кезек-кезек келип Бегимайдан кабар алып тур.
Ж а з б е к. – Мындан ары ошентем апа. Бегимайды шаарга өзүм узатып коем.
М ы р з а н а п а. – Ошент айланайын. Бирге окуган балдар силердей эле болсун.
Көшөгө.

 

6-с ү р ө т

Өзгөндүн кабинети. Узун стол. Эки жагына койгон жумшак креслолор. Өзгөндүн жанында эки телефон. Өзгөн креслодо чалкалап отурат.

Ө з г ө н. – Кафеге сатуучу керек деп газеталарга жарыя кылдым эле, ар ким келе берип жадатып бүтүрдү. Бул жарыяны Бегимайга билдирип кой деп Сабырга дайындадым эле, алиге бир кабарлап койбоду. Ага азыр эле ызвандап көрөйүн. Ало-о, алоо Сабырсыңбы?
С а б ы р. – Ооба, ооба менмин. Жаңы эле институтка кеткени жатат элем. Убагында телефон чалдыңыз. Сиз, Өзгөн ага эмессизби?
Ө з г ө н. – Ооба менмин, Өзгөнмүн. Кафеге сатуучу керек экендигин Бегимайга айттыңбы? Газетаны колуна бердиңби?
С а б ы р. – Айттым, аткарам Өзгөн аке. Жумушуң кечки саат төрттөн башталып, түнкү саат он бирде бүтөт экен. Айлыгы жүз элүү доллар дегем. Көңүлдөнүп калган. Сизге телефон чалган жокпу?
Ө з г ө н. – Бул кафеде мен иштеп жаткандыгым жөнүндө айткан жоксуңбу? Негедир менден боюн алакачып жүрөт.
С а б ы р. – Жок айткан жокмун. Бирок акча жагынан өтө кыйналып жатса керек. Жаңгыз агасы бар турбайбы. Ал ооруканада экен.
Ө з г ө н. – Эгер иштетүүгө көндүрсөң, анда азаматсың.
С а б ы р. – Көндүрбөгөндө эмне, ал өзү үчүн болсо да көнөт. Керек десеңиз бүгүн эле ээрчитип барам. Бирге окугандан бери мамилебиз жакшы болуп жүрөт.
Ө з г ө н. – Аның жакшы экен. Ээрчитип келбей эле, өзүн жиберсең болбойбу? 
Сабыр. – Болот Өзгөн ага. Бир гана өтүнөрүм мага бере турган акчаңызды дайындап коюңуз. Билесиз го студенттик турмушту.
Ө з г ө н. – Билем. Баары баштан өттү.
С а б ы р. – Жакшы калыңыз... (Өзгөн трубканы коет. Ары бери ойлуу басып суусундуктан ичет).
Ө з г ө н. – Та-ак, пулуң болсо кулуңмун деген ушул. Демек мен самаган максатка бир гана кадам калды. Эх, Бегимай, Бегимай, сен деп жүрүп акын да болуп кетет окшойм. (Блокнотун алып окуй кетет).

Сен деймин аппак шоола, аппак таңым,
Сен үчүн сүйүүм ысык, сүйүүм жалын.
Жанымда сен болбосоң, сен жүрбөсөң,
Тата албайм бул жашоонун таттуу даамын.

Мына ушундай Бегимай, көкүрөктөгү жалынды өчүрчү бүгүн. Эч болбсосо көрүнүп турчу көзүмө. Аккуум болчу өмүр шерик. Басайтпачы менин махабатымды. (Бир аз ойлуу басат да кайра сүйлөнө кетет). Эмне жинди болуп баратамбы? Сөзүмдү бирөө укса эмне дейт? А мен көчөдөгү адам эмесмин да.
Канча айткан менен кафенин директорумун. Кол астымда элүүгө жакын иштөөчүлөрүм бар. Бегимай келсе сөзсүз бардык иштерим менен тааныштырып чыгам. Үйдү көрүп бир таңданса, бул жерди көрүп дагы таңданат. Ушуларды көрүп туруп эле жүрөгү жибийт чыгар. (Саатын карайт). Саат төрт. Оу-у канча убакыт өтүп кетти. Сабыр мени алдадыбы? Жок, мүмкүн эмес. Ка-ап, ээрчитип кел деп эле койбой. (Эшик тыкылдайт Өзгөн чуркап жетип эшикти ачат. Эсепчи аял кирет).
Ө з г ө н. – Келиңиз. Кандай жумуш менен?
С а б и р а. – Салык инспециясынан кишилер келиптир. Сага кирем дешти эле, бош эмес деп койдум.
Ө з г ө н. – Туура кылгансыз. Баягыдай кылып сыйлап майлап жибериңиз. Менин бүгүн тынчымды албасын. Айылдан кишилер келмек эле, мен ошолорду күтүп жатам.
С а б и р а. – Сыйлап, майлап жиберерин жиберебиз. Расходу кандай болот?
Ө з г ө н. – Азыр расходун эсептей турган убакытым жок. Бирок текшерсин, ичсин, жесин, колуна акча бере көрбөңүз. Акча берсеңиз ага да көнүп алып, анан сүлүктөй соро берет.
С а б и р а. – Түшүнүктүү.
Ө з г ө н. – Ошондой кылыңыз эжеке. (Сабира чыгып кетет. Бегимайдын келбегенине кыжаалаттанып тынчы кете баштайт). (Телефон шыңгырайт).
Ө з г ө н. – Ким, бул?
Ү н. – Менмин акеңмин, Өскөнмүн. Кафеге түшкөн акчаны азыр жеткиз.
Ө з г ө н. – Ошончолук эмне. зарыл болуп кал¬дыбы?
Ү н. – Зарыл.
Ө з г ө н. – Бүгүн жеткизе албайм. (Ачуулана трубканы кое салат.) Карачы башым да ооруп чыкты. (Башын сыйпалайт). Келбейин дедиби? Биротоло келбейин дедиби? Чын эле ага жетпей өтөмүнбү? Сабыр алдадыбы (чылымды бурулдата тарта кетет.) Мен бактысызмынбы? Жок, жок, андай эмес. Мен Бегимайдын жүрөгүнүн ачкычын табам. (Өзгөн зарыга күтүп саатын карай берет. Эшик ачылып, Сабыр, Бегимайлар кирип келишет.)
Б е г и м а й. – (Артка октос берип). Ой, сиз белеңиз. Сабыр, эмнеге жашырдың агайдын бул жерде иштей тургандыгын?
С а б ы р. – Жөн эле айткым келген жок. Бирок ушундай эле шарт менен башка кафеге иштемексиң да. Андан көрө өзүңдүн агайың. Мурдатан тааныш. Кайра жакшы эмеспи.
Ө з г ө н. – Бегимай, эмне менден качасың? Менин ойлонгонум сен үчүн жалаң жакшылык. Сен иштей турган орунга канчалар келип жатат. Эч кимге ыраа көрбөй, сени иштесин деп сактап отурам. Окууңа да, иштегенге да жакшы шарт түзүп берем. Менин колумдан келип тургандан кийин аны сен пайдаланып калышың керек.
С а б ы р. – Өзгөн аке туура айтып жатат. Мындай шарт бардык студенттерге келе бербейт. Иште, акчасын ал. Өз курбуларыңдан кем жашаба. Жашоо ушунусу менен кызык эмеспи. Ал эми иш жакпай баратса чыгып кет. Эч ким сага жолто кылбайт.
Ө з г ө н. – Иштеп көр Бегимай, жакпай баратса айт, бир мүнөт кармабайм. Сабыр айткандай кетем десең эч кандай жолто кылбайм. Кана, томсоруп тура бербей, ачыгын айтчы, иштейсиңби?
С а б ы р. – Иштейт да Өзгөн аке, жүз элүү долларды кайсы уюм, мекемелер төлөп жатыптыр. Мага ушундай жумуш таап берсеңиз жан деп иштемекмин.
Б е г и м а й. – Иштейин дейм бирок... (унчукпай туруп калат).
Ө з г ө н. – Эмне, бирок... Менден коркуп жата¬сыңбы?
Б е г и м а й. – Жок эмнеге коркот элем. Агам авария болуп Бишкектеги ооруканага жаткандан бери, үйдөгүлөр айылга кел деп жатышат. Бир жылга руксат алып, эмки жылы эле окусам дейм.
Ө з г ө н. – Ушунчалык аракет менен өтсөң, анан кетип калганың туурабы? Айылга барган менен мындай айлык кайда. Мен сага бардык шарт түзүп берем дедим го.
С а б ы р. – Бегимайдын шартын мен жакшы түшүнөм, Өзгөн аке. Агасына дары дармек үчүн акча керек азыр. Эгер Бегимай иштей турган болсо аванса айлык берип турасызбы?
Б е г и м а й. – Эмне деп жатасың Сабыр. мен биерге акча сураганы келгеним жок! (кетүүгө камынганда, Сабыр колунан кармап калат).
Сабыр. – Сөзүмдөн ката кетсе кечирип кой Бегимай. Бирок мен сага боло айтып жатпаймынбы.
Ө з г ө н. – Баарын түшүнүп турам, Бегимай, агаңа жардам керек. Мындайда бизге окшогон акчалуулар жардам бербесе ким жардам берет? Мен ошол жакты анан сенин окууңду ойлоп жатам. (Чөнтөгүнөн акча сууруп чыгат). Үч жүз доллар. (Сабырдын көзү ала¬йып кетет).
Б е г и м а й. – Мен муну албайм. Алсам иштеп алам. Колуңузду тартыңызчы ары.
Ө зг ө н. – Жок, аласың. Айлыгыңдын авансасы. Эртең эле иштейсиң. Муну айлыгыңдан кармап калам. Мен бекер берип жаткан жокмун Бегимай.
С а б ы р. – Ооба бекер эмес да, ал, ала кой. (Бегимай эмне кыларын билбей калат). Мага эле берип коюңузчу Өзгөн аке, анан эле өзүнө берип коем.
Ө з г ө н. – Анан берип коем деп, толук бербей кымтып алып жүрбө.
С а б ы р. – Андай адат жок Өзгөн аке... (Бегимай, Сабыр чыгып кетишет).
Ө з г ө н. (Көңүлү кушубак отургучка келип отурат). Мына эми Бегимай күндө көрүшөбүз. Сен мени түшүнөрсүң. Сүйүүмдүн тазалыгын сезерсиң. Сен мендик, мен сендик болуп жаралганыбызды турмуш кургандан кийин сезип, тагдырыңа ыраазы болорсуң.

 

7-с ү р ө т

Оорукананын ичи, 23-палата. Бектемир бир бутун асып коюп кроватта жатат. Үстүндө ак шейшеп, башы бинт менен оролгон. Палатага Максут аке, Канымжан, Бегимайлар киришет.
М а к с у т а к е. – Кандайсың ба-ла-м?! (Максут акенин үнү дирилдеп кетет. Канымжан менен Бегимайдын көзүнөн жаш чууруп бири-бирин кучактай калат).
Б е к т е м и р. – Деги ыйлабагылачы байболгурлар. Кудая шүгүр жаман эмесмин. Андан көрө менин көңүлүмдү көтөрүп, жөн-жайыңарды, ал абалыңарды айтып отургула. Мен ооруканага жаткандан бери турмуш тиричилигинер кандай болуп жатат?
М а к с у т а к е. – Биздин убактылуу кыйналганыбыз эч нерсе эмес балам. Сенин айыгып кеткениң эсеп. Мээ козголуп, бут сынган оңой кесел дейсиңби. Кудай мындай кырсыкты башка салбасын. Кайра аман калганыңа кудайга миң мертебе ыраазы бол балам.
Б е к т е м и р. – Мен го аз жатамбы, көп жатамбы айыгып барып калармын. Өзүңөрдүн ахвалыңар кандай? Апам оорубай, сыктабай жүрөбү?
М а к с у т а к е. – Менден, апаңдан кам санаба балам. Азырынча кыйгырдайбыз. Жаңы өкмөт пенсиябызды көбөйткөн. Канымжан болсо китепканага орношту. Баарыбыз айлык аларман болуп калдык. Турмуш-тиричилигибиз кудайга шүгүр, эл катары өтүп жатат. Бегимайды окууңду убактылуу токтот десек, бул жерден жумуш таап алыптыр. Окууна да жолто эмес экен. Мындай болгондон кийин окуй берсин да.
Б е к т е м и р. – Окуса окуй берсин, айылга барганда эмне жумуш кылмак эле. Кандай жумуш экен?
Б е г и м а й. – Кафенин буфетин кармайм. Айына бир жүз элүү доллар төлөйт. Кечээ жакында албайм десем болбой жатып үч жүз доллар аванса берди. Аны акеме таштап кетейин. Врачтарына, дары дармектерине керек чыгар.
Б е к т е м и р. – Жумушка орношконуң да жакшы болуптур. Бирок бул жерде алкымын араандай ачкан врачтар жок экен. Ойлогондору эле жакшылык. Акчаңдын бир азын таштасаң ташта. Калгандарын өзүңө жумшай бер. Сен деле эл катары кийинип, ичинбесең болбойт да.
М а к с у т а к е. – Ооба кызым, ансыз да көптөн бери сага эч нерсе берген жокпуз. Жанагы болор болбос стипендияң менен күн көргөндүрсүң. Эми жетишпегендериңди кенен сатып ал. Сага деп бир аз акча ала келдик эле, аны да таштап кетели.
Б е г и м а й. – Жок ата, кафеде иштеп турсам мага баары жетишет. Тамагым бекер болсо, айлык, стипендия алып турсам бир өзүмө кантип жетишпесин. Кайра арткан акчаларымды силерге жөнөтүп турам.
М а к с у т а к е. – Бизге эч нерсенин кереги жок кызым. Сак саламат болуп, окууңду бүтүп барсаң болду. Ал эми Бектемирге ушу бойдон качан келип кетерибизди билбейбиз. Сен күн сайын болбосо да, күн ара келип ал ахвалын сурап тур. Бизге баарынан да ошол керек.
Б е г и м а й. – Кантип келбей коеюн. Жаңгыз агамды сыйлабаганда кимди сыйламак элем.
М а к с у т а к е. – Кыздардан сен да жалгызсың. Өзүңө сак бол. Жашоодо жаңылыштык көп болот. Андайды кетирбеске тырыш.
Б е к т е м и р. – Кайсы кафе экен сен иштеп жаткан жер?
Б е г и м а й. – «Бакыт» кафеси.
Б е к т е м и р. – Баягы Өзгөн агайыңдын кафеси каякта экен?
Б е г и м а й. – «Бакыт» кафе деген ошонуку.
Б е к т е м и р. – Демек сен ошонун кол астында иштеп жатасыңбы?
Б е г и м а й. – Ооба аке.
Б е к т е м и р. – Ал карт бойдок сенин башыңды айландырып жүрбөсүн. Бир окууга өткөзүмүш болуп, бир кафесине орноштурумуш болуп. 
Б е г и м а й. – Андайы жок аке. Иштегенден бери ага, карындаштай эле мамиледе жүрөбүз.
Б е к т е м и р. – Билбейм, мен ага көп ишене бербейм.
М а к с у т а к е. – Эмне эле ал баланы жаман көрүп жүрөсүң? Бир убакта атайы үйгө барып, кызыңызды окууга өткөзөйүн. Убагында билим алып калсын деди эле, эми көрбөйсүңбү убадасына туруп карындашыңды окууга өткөздү. Минтип ишке орноштура салыптыр. Бул адамга кылган жакшылык эмей эмне. Эгер ага жолуга турган болсом, ыраазычылыгымды билдирет элем.
Б е г и м а й. – Өзгөн агай Бектемир агага өзүм жолугам. Ал ахвалын сурайм. Үч жыл айылдын суусун ичип, тузун таттым. Эли бир тууганымдай болуп калды. Анан кантип Бектемир акени унутайын. Колум бошосо эле барам. Тааныш врачтарга дайындап коем деп жаткан.
М а к с у т а к е. – Мына көрдүңбү Бектемир, адамкерчилиги бар адамдар ушундай болот. Эмесе ал жигит кайсы жакындарыбыздын баласы дейсиң. Керек болсо бизге окшогон карапайым адамдарды тааныбай да коймок. Конторуна кирсең боюн асманга көтөрүп, саламга келбеген адамдар канча. Бул баланын колунда бар болсо да жупунулугу, жөнөкөйлүгү жакты. Бизге жакшылык кылса, ага кудай жакшылык кылат.
К а н ы м ж а н. – Бектемир атама каяша кылганыңды койчу. (Канымжан сумкаларын аңтара баштайт). Мына сага жаңы кийимдерди сатып апкелдик. Кийип келген кийимиңди чыгарыңда өрттөп сал. Жаманчылыктын баары ошол менен кетсин. Көңүлүң аппак, таза болсун деп ак көйнөк, агыш костюм шым алдык. Буйруса ушул кийимиң менен үйгө барасың. Башың көтөрчү, кийимдерди баш жагыңа коюп коелу. (Канымжан кийимдерди ырааттуу баш жагына коюп коет. Ошол маалда ак халат менен Өзгөн кирип келет).
Ө з г ө н. – оо, кандайсыз Максут аке, күүлүү күчтүү жүрөсүзбү? Мырзан апа кандай, күлүү кубаттуу элеби? Айыл аман эсенби? Оо Канымжан жеңем да келген тура. (Бектемир, Канымжандар менен кол алышып учурашат). Силердин бүгүн келериңерди билбейт элем. Бектемир акенин ден соолугун сурайын деп дарылап жаткан врачына телефон чала салсам, жакын адамдары келип сүйлөшүп отурат деди. Угуп алып эле учуп жөнөдүм. Бир жагы силерди көргүм келсе, бир жагы Бектемир акеге келе албай жүргөм. Эми апкелгендеримди столго төгөйүн. (Столго ар түрдүү тамактарды коет. Бир бөтөлкө аракты алып, Бектемир жакка жылдырат). Муну врачтарыңызга берип коюңуз Бектемир аке. Бул жөнөкөй арак эмес. Германиядан бир досум ала келиптир. Ошол сизге буйруганын кара¬саңыз.
М а к с у т а к е. – Сыйга сый, сыр аякка бал дейт балам, бул сыйың жерде калбайт. Кызыма да кылып жаткан жардамың чоң экен. Ал жакшылыгыңды да унута албайбыз. Иши кылса Бегимайды карындашыңдай көрүп канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбай дегендей көз сала жүр.
Ө з г ө н. – Бегимай жөнүндө кам санабаңыз. Жашоосуна да, окуусуна да шарт түзүп берем. Буга ишенесиз да?
М а к с у т а к е. – Алибетте ишенебиз. Жакшылыкка жакшылык менен кайтаруу бизге парс эле. Ал да болор, Бегимай окууду бүтүп барса, баарыдан мурда сени сыйлайбыз агай.
Ө з г ө н. – Сиздин ушул жакшы сүйлөп койгондуңуздун өзү сый. Буйруса Бегимай окууду бүтүп барса, сөзсүз кошо барам. Машиналары гүүлдөгөн, бака-шакасы көп шаарды эмес, атыр жел, салкын абасы бар айылды сагындым.
М а к с у т а к е. – Баракелде, айылды унутпаганың жакшы. (Столдогу тамак желип дасторкон жыйналар алдында). Кана, алаканыңарды жайгыла. Бектемир бат айыгып кетсин. Кыдыр даарып, бак карасын! О-э-мий-иин! Эми Бектемир биз жактан санаа чекпе. Тез айыгып кет. Биз кетели.
Б е к т е м и р. – Айылдагыларга менден салам айтып коюңуз. Жакшы болуп калыптыр. Жакында келет деңиз.
М а к с у т а к е. – Дубай саламыңды жерге таштабайм балам. Моюнума карыз кылбай барарым менен айтам.
(Баары кетишет). Көшөгө.

 

8-с ү р ө т

Көчөдөгү скамейкада Бегимай менен Жазбек кучакташып отурушат.

Ж а з б е к. – Арадан аз убакыт өткөнү менен мен сени сагынып кеттим. Сенчи?
Б е г и м а й. – Мен да сагындым. Бирок сен келет деп ойлогон эмесмин.
Ж а з б е к. – Анда сен менчелик сагынбасаң керек ээ?
Б е г и м а й. – Сагынган үчүн кучагыңдан чыкпай отурбаймынбы. Эмне, дагы эле кызганыч ой келип жатабы?
Ж а з б е к. – Жок, алтыным, кызганыч дегенди баягыда эле түкүрүп таштабадым беле. Тү-ү деген түкүрүк, жерге түшсө макүрүк дешет ко. Мен түкүргөнүмдү макүрүк кылып, кайрадан кызганмак белем. Андан көрө:
Бирге эле туралычы,
Ыр ырдап угалычы.
Сүйүүнүн мунарасын,
Биз бүгүн куралычы,– дегим келет.
Б е г и м а й. – Ырдаса ырдайлы, бирок жай ыр¬дайлы. Карачы жаныбыздан кишилер өтүшүп жат¬пайбы.
Ж а з б е к. – Ооба жай ырдайбыз. Эмне мен баштайынбы?
Б е г и м а й. – Алибетте сен баштайсың.
Ж а з б е к. – Мен баштасам элден мурда эриниңен өптүрүп кой.
Б е г и м а й. – Ой-и-и-й, эринименби?
Ж а з б е к. – Ананчы.
Б е г и м а й. – Элден уят ко?
Ж а з б е к. – Бизди өбүшүп алсын деп, карачы, биерден эч ким өтпөй калды. Кана бурулбай бери карасаң (Жазбек Бегимайдын бетин ала качканына карабай, өзүнө тартып өөп алат).
Б е г и м а й. – Тү-ү-ү-в минтип өбүшкөн жаман экен го. Өпсөң мындан ары бетимден эле өөп жүрчү, Жазбек. Макулбу?
Ж а з б е к. – Макул эмесмин. Биздей эле улан кыздар ушинтип өбүшүп жүрүшпөйбү.
Б е г и м а й. – Аның чын го. Бирок индиянын сүйүүсүндөй сүйүү болсо дейм.
Ж а з б е к. – Ал кандай сүйүү?
Б е г и м а й. – Алар дароо эле өбүшө кетпейт. Бири биринин тунук махабатын бий менен, дене боюнун жакындашуучу менен билдирет экен.
Ж а з б е к. – Ар элдин салты ар башка. Бизде алакачмай деген бар. Сүйлөшүп, же сырдашпай туруп эле кызды жигит күчкө салып алып кетет. Кыз таш түшкөн жерде оор деген боюнча сүйбөгөн адамы менен жашап калат. Эгер ушундай тагдырга туш болсоң, эмне кылар элең Бегимай?
Б е г и м а й. – Көйнөк, жоолуктарын тытып колуна бермекмин. Үнүмдүн бардыгынча кыйкырып, элди чогултуп, бошонуп кетмекмин.
Ж а з б е к. – Менимче алакачып алгандардын сүйүүсү бекем болбойт. Бат эле ажырашып кеткендерди көрүп жүрбөйбүзбү.
Б е г и м а й. – Сен да Өзгөн агай алакачып кетет деп кооптонуп жаткан жоксуңбу?
Ж а з б е к. – Көбүнчө ошону ойлоном. Колунда бар адам. Кандай кылам десе ошондой иштей алат. Бирок экөөбүздүн тагдырыбызды ойлосо андай наадандыкка барбас.
Бе г и м а й. – Азыр мага эч нерсе дей элек. Ага менден башка деле кыздар толуп жатпайбы. Эгер жакындайм деп тийише баштаса, ошол саатта эле кетип калам.
Ж а з б е к. – Баары бир мен ага ишенбейм. Кетеличи айылга. сен сырттан окууга которулуп ал.
Б е г и м а й. – Биринчи курсту аяктайын. Мейли анан сенин айткандарыңдын бардыгына баш ийем. Макулсуңбу? (Жазбек башын тырманып, ойлуу туруп калат).
Ж а з б е к. – Буга да көндүм. Кана колуңду берчи. (Жазбек колун кармап өзүнө тартып Бегимайды бооруна кысат).
Б е г и м а й. – Ырдайм дебедиң беле, эмне эсиңден чыгып кеттиби?
Ж а з б е к. – Жок, эсимден чыккан жок. Кайсы ырды ырдайлы?
Б е г и м а й. – Билбейм.
Ж а з б е к. – Рыспай Абдыкадыровдукун.
Б е г и м а й. – И-и-и ошонун ырын ырдайлы. Сен жакшы көрсөң мен да жакшы көрөм. (Экөө жай «Алмашым» деген ырды ырдашат).
Ж а з б е к. – Мына ырдап да бердим. Эми бир поцелуй.
Б е г и м а й –(колу менен көрсөтүп). Только бетимден. Мен көрсөткөн жерден гана.
Ж а з б е к. – Жок эриниңен.
Б е г и м а й. – Ортобузда индийский сүйүү болсун дедим эле го.
Ж а з б е к. – Мен кыргыз жигитимин. Болбойт дедим болбойт. (Бегимай өптүрбөй бак аралай качат. Жазбек кубалайт.)
Б е г и м а й. – Ө-ө-өх! Чарчаттың го. (Жазбек кучактап калып, эрининен өөп алат). Э, десе зордукчул экенсиң...
Ж а з б е к. – Зордукчул мендей болбойт. Зордукчулдар күйдүм, сүйдүм деп ээрчип жүрбөйт. Бат эле ойлогон оюн аткарып алат. Андай зөөкүрлөрдү турган жеринен атып салса ээ.
Б е г и м а й. – Ошентсе го. Наадандык, тартипсиздик жоюлар беле. Бирок атамдын айтуусуна караганда мурда эл ынтымактуу жашап, адамкерчиликтери бийик болгон дейт. Бары, жогуна кайрымдуу болуп, бир нанды тең бөлүшүп жечи экен. Эми көчөдө отурган кайырчыларды көрүп боорум ачып кетет.
Б е г и м а й. – Менин да жүрөгүм ооруп чыгат. Айла канча. Эгер колумдан келсе миң-миң деген акчаларды ошолорго таратат элем. (Ары жактан селкинчек тээп, каткырып жаткан бөбөктөрдү көрүп маашырлана карап калышат).
Б е г и м а й. – Кандай татынакай бөбөктөр. Мен ушулардай эки бөбөктү самаар элем. Алардын бири кыз, бири бала болсо гана.
Ж а з б е к. – Жок Бегимай эки эмес...
Б е г и м а й. – Анан канча болсо дейсиң?
Ж а з б е к. – Он болсо дейм. Аларды аман-эсен чоңойтуп алсак балпайган кемпир чал болобуз. Алардын ар кимисине кыдырып жүрүп, өмүрдүн кандай өткөнүн билбей калабыз. Баса, кыз узатабыз, баланы үйлөндүрөбүз, той үстүндө той болуп экөөбүз сайрандап жүрө беребиз. Чынында адам баласы урук калтырсам деген максат менен жашайт тура. (Бегимай кетүүгө камына баштайт).
Б е г и м а й. – Сагынычың тарадыбы?
Ж аз б е к. – Кайдан тарайт. Болгону эки саат гана отурдукко.
Б е г и м а й. – Ошол сага азбы? (Бегимай ордунан тура калат). Аз болсо да, көп болсо да ушуга каниет алалы. Мен кетейин. Зачет берейин дедим эле кечигип калбайын.
Ж а з б е к. – Эч болбосо он, жыйырма мүнөт кучакташып отуралычы. Мен анан сага уруксат берем. (Жазбек чачтарын сылайт, өбөт, эркелетет).
Б е г и м а й. – Болду эми Жазбек, мышыкты уйпалагандай уйпалап жүдөтүп бүтүрдүң го. Болду, болду. Мен кетейин. (Экөө кучакташып бирге баратып, көрүнбөй калат.)
Көшөгө.

 

9-с ү р ө т

Өзгөндүн кабинети. Өзгөн ойлуу. Тынчы кетип ары-бери басып турат. 
Ө з г ө н (өз алдынча кобуранат). Бегимай менин жашоом кандай экенин толук түшүндү. Жылуу мамилемди да сезип калды. Эми оюмду айтып күрбөймүнбү. Жүрөгү таш болсо да эриген чыгар. (Телефонду алып ызвандайт) Ал-о-о, Алым.
Ү н. – Ооба менмин.
Ө з г ө н. – Тиги буфетчи кызды чакырып койчу.
Ү н. – Бегимайдыбы?
Ө з г ө н. – Ооба.
Ү н. – Колу бош эмес. Клиенттери көп.
Ө з г ө н. – Эй, Алым, биякка жибер дегенде жибербейсиңби?! (Өзгөн телефонду ордуна коюп. Бегимайды күтүп калат. Бегимай кирип келет). А-а, кел, кел. Отур биерге (креслону көрсөтөт).
Б е г и м а й. – Ушерден эле кетейин соода кызуу жүрүп жатат эле. Официанткалар мени күтүп калышат ко.
Ө з г ө н. – Эч нерсе эмес беш мүнөт, он мүнөт күтүп турушса. (Өзгөн ойлуу ары-бери басып туруп калат. Сөздү эмнеден баштоону ойлонот). 
Б е г и м а й. – Эмне айтайын дедиңиз эле агай?
Ө з г ө н. – Эч кандай зарыл деле иш эмес. Сени менен бетме-бет отуруп сүйлөшөйүн дедим эле. Бир жагы Бектемир акенин ал абалын сенден сурайын деп күндө иш менен алаксып, эсимден чыгып кетет. А киши жакын арада чыга тургандайбы?
Б е г и м а й. – Ден соолугу күндөн күнгө жакшы. Врачтар бир айдын аралыгында айыгып калар дешти.
Ө з г ө н. – Өзүңдүн окууң кандай болуп жатат?
Б е г и м а й. – Жакшы эле.
Ө з г ө н. – Демек көңүлүм тынч дечи.
Б е г и м а й. – Ооба.
Ө з г ө н. – Финансы жактан жардам керектир. Менден тартынба. Айта бер. Айткандарыңдын баарын аткарууга кудурет жетет.
Б е г и м а й. – Эч нерсенин кереги жок агай, ушул жардамыңыз деле мага жетишет.
Ө з г ө н. – Анда жакшы экен. (Ойлуу басып). Дагы бир сурай албай... айта албай жүргөн ойлорум бар эле. Эгер аша чаап сүйлөп койсом кечирип коесуң. Экөөбүздүн сөзүбүз ушу жерде калсын. Убадалаштыкпы? (Бегимай башын ийкейт). Азыр бассам да, турсам да оюм сен болуп калдың. Мындай сезим бүгүн эмес, тээ сен окуп жүргөндө эле пайда болуп калган. Ушул убакка чейин жашырып келдим. Кайгы, санаанын да чеги болот экен да. Мына бүгүн жүрөктү өйүгөн сыр жарылып чыкты. (Бегимайдын жанына келип, колунан кармайт). Мен сени сүйөм Бегимай. Сенсиз бул дүйнө караңгы...
Б е г и м а й. – Колуңузду тартыңызчы! Мен сизди агай катары сыйлачумун. Сиздин мындай ойдо жүргөнүңүздү билгенде эч качан жакындабайт элем.
Ө з г ө н. – Сен менден кача турган жамандык кылдымбы. Колдон келген жардамымды аябай келе жатам го. Ал жетишсиз десең айт. Бардык каалоолоруңду аткарайын.
Б е г и м а й. – Мен сизге эми түшүндүм. Окууга өткөрүүнүн да, ишке орноштуруунун да максаты ушу экен да.
Ө з г ө н. – Ооба ушу болчу. Мен сенин минтип колумду кагып коеруңду такыр билген эмесмин.
Б е г и м а й. – Кандайча билбейсиз. Жазбекти да тааныбай, калдыңызбы?! Тааныбай калсаңыз айтып коеюн, мен аны сүйөм. Башка эч кимди эмес!
Ө з г ө н. – Мен андай сүйө албаймынбы? Түшүнсөң менин сүйүүм аныкынан да күчтүү. Өмүрүм өткөнчө алаканыма салып жүрүп өтөм.
Б е г и м а й. – Сиз сүйсөңүз, мен сүйбөсөмчү? Анда алаканыңызга салып жүргөнүңүздүн пайдасы кайсы?
Ө з г ө н. – Мен эмне Бегимай, мен сүйбөй турган мурдум бучук, же сокурмунбу? Жазбектен эмнем кем? Айтчы, байболгур!
Б е г и м а й. – Кем жериңиз жок. Сиз акылдуусуз, сулуусуз, менин гана күйөөм болсун деген жигитсиз. Бирок сизге ачык эле айтып коеюн, сиз эч качан Жазбектей жүрөгүмдү жылыта албайсыз! Андан көрө башканы табыңыз. Өзүңүз айткандай карындашыңыз болуп жүрөйүн...
Ө з г ө н. – Анда менин сүйүүм тебеленип калабы? Мен экинчи ушундай сүйүүнү табаламбы?
Б е г и м а й. – Аны өзүңүз билиңиз, сизди сүйөрүмө көзүм жетпейт... (Бегимай кетүүгө камынат. Өзгөн колунан кармай калат).
Ө з г ө н. – Бир аз токтой турчу. Экөөбүз тең сырыбызды ачыкка чыгарып алдык. Бул жакшы болду. Ушинтип сүйлөшпөгөндө бири бирибизди түшүнбөй жүрө бермекпиз. Чын эле сен карындашымдай, мен өз агаңдай болуп жүргөнүм туура болуп турат. Сен киргенде эле айтпадым беле. Айткан сөз айткан жерде калсын деп. Ашыкча сүйлөп жиберсем кечирип кой, Бегимай.
Б е г и м а й. – Ушуга чейин жардам кылганыңызга чоң рахмат. Мен бул жерде иштебейм. Бүгүндөн калбай кетем.
Ө з г ө н. – Кетсең кармамак белем. Бир аз кое тур. Буфетке киши табайын. Сен ага өткөрүп бер. Андан кийин кетесиң. Буфеттин да эсеп чоту бар да. Туурабы?
Б е г и м а й. – Туура агай, бирок өткөрөрүм менен менин жолумду тоспоңуз.
Ө з г ө н. – Жок тоспойм, эртеңден баштап өткөрө берсең болот.
Б е г и м а й. – Менден каталык кетсе сиз да кечирип коюңуз.
Ө з г ө н. – Эч нерсе эмес. Азыр эч кимге сыр алдырбай иштей бергин. (Бегимай чыгып кетет. Өзгөн ачуулуу. Жаны жай таппай ар-бери басат. Бир стакан аракты ичип жиберет). Ө-өх, башым бир аз оңоло түштү го. О куураган кыз ай, сүйбөйм дегеничи. Чын эле колго түшкөн коенду кое беремби?.. Жигиттик намысымды тебелетемби? Жок, жок, дагы бир акыл ойлонушум керек, күч колдонушум керек (телефонду алып ызвандайт).
Ө з г ө н. – Алым мага келип кетчи. (Өзгөн дагы бир стакан аракты ичип, чайпалып басып турат. Көп өтпөй Алым кирип келет).
А л ы м. – (Стол үстүндөгү аракты көрүп). Ой, бул кандай болуп кетти? Сиз иччүү эмес элеңиз го?
Ө з г ө н. – Бир жакшы иш болгону турат Алым. Ошон үчүн ичким келип кетти. (Алымга да арак куюп карматат). Кана ичип жибер. жакшылык иш үчүн. (Алым аракты тартып жиберет).
А л ы м. – Көңүлүңүз кушубакко Өзгөн ага, айта бериңиз, кулак сизде.
Ө з г ө н. – Биз кайда болбойлу, кыргызды кыргыз дейт. Ата салтыбыз бар. Мен да ата салтын жолдогум келет. Кыргызчылык менен үйлөнсөм дейм.
А л ы м. – Алакачыппы?
Ө з г ө н. – Баракелде, айта электе түшүндүң. Дал ошентип.
А л ы м. – Секрет болбосо кимди? (Өзгөн Алымды бир аз ойлуу карап турат да).
Ө з г ө н. – Вообще алыска барбай эле өзүбүздөгү кыздардын бирин илип кетсем кандай болот?
А л ы м. – Абдан жакшы болот? Ал ким? Кайсы бактылуу кыз?
Ө з г ө н. – Бегимай.
А л ы м. – Андан да сулуу, андан да жакшы кыздар жүрбөйбү.
Ө з г ө н. – Жөрүктүн каалоосу, жүрөктүн периштеси дейбиз го. Бегимай мага дал ошондой жүрөгүмдүн периштеси болду да калды.
А л ы м. – Ой, сиздин көңүлүңүз болсо эле болду. Алп кара куштай эле илип кетебиз.
Ө з г ө н. – Үйдүн ачкычын да, машинанын ачкычын да сага берем. Бегимайды алакачып баруу сенин милдетиң. Мен силердин артыңардан эле барып калам.
А л ы м. – Эртең кафеде той өткөрөт турбайбызбы?..
Ө з г ө н. – Буйруса десең. Күн мурунтан тойду айтпай.
А л ы м. – Буйруса буйрубаса да аткарам. Кана акежан, дагы бир стакан куюп жибериңиз, шерденип алыш үчүн. (Стаканды көңтөрүп ичет). Чау-у Өзгөн аке.
Ө з г ө н. – Чау-у. (Алым чыгып кетет. Өзгөн өзүнчө күбүрөнөт). Буйруса... буйруса (көңүлү көтөрүлүп, кыңылдап ырдап коет).

 

10-с ү р ө т

Өзгөндүн үйү. Диванда Бегимай ыйлап отурат. Алым менен дагы эки жигит Бегимайды сооротуу менен убара. Өзгөн үйгө кирип келет.

А л ы м (Өзгөнгө). Мынакей колуктууңузду аман эсен, кол эмес чыпалак тийгизбей алып келдик.
Ө з г ө н. – Рахмат балдар, тойду эртең эмес кийинкиге калтырайык. Эртең жеңелерин чакыруу керек. Ал кыргыздын салты.
А л ы м. – Ооба эртең чакырабыз. Бүгүн биз бул датаны белгилеп коелу балдар. Мындай күн өмүрдө бир келет экен жаштыкта. Кана, Данил, Архад, сумканын оозун ачкыла. Конфеттен чачыла чачып, дасторконду жайнаткыла. Бүгүн майрам бүгүн той, баарын төгүп коюң сой деген күн. (Жигиттер бат эле дасторкондун үстүн жайнатып жиберет). Эми дасторконго жеңебизди чакыралы. (Бегимайдын колтугунан кармап башка бөлмөдөн жетелеп келет). Алтыным жеңем, кү¬мүшүм жеңем, күндөйүм жеңем, тура коюп биз менен бирге тамактанчы. Мына ушулардын баары сен үчүн.
Б е г и м а й. – Жогол ары, жаныма жакын жолобогун, ар намысы жок шүмшүктөр.
А л ы м. – Ой катуу кетпеңиз жеңеке. Бүгүн ушинткениңиз менен эртең эле жоошуп сиз, биз деп каларбыз.
Б е г и м а й. – Сиз, бизге келерибизди кудай билет. Андан көрө эшикти кулптабай ачкыла. Сыйыңар барда.
А л ы м. – Эмне милиция чакырасыңбы? Чакыр мына телефон (Телефонду Бегимайга карматат).
А р х а д. – Алым сен жинди болгонсуңбу? Чын эле милиция келип чаң тополоңубузду чыгарбасын. (Бегимай телефондун үзүлгөнүн билип кое салат).
Алым – Эмне жеңекеси сүйлөшкүң келбей койдубу? (Өзүнчө эле каткырып күлүп калат).
Ө з г ө н. – Бегимайга жөндөн жөн тийишпегилечи. Ансыз да нерви чыңалып турат. Андан көрө магнетофон койгула. Бегимайдын ыйлаган үнүн басып койсун.
А р х а д. – Өзгөн аке туура айтат. Магнетофон коелу. Ыр угалы, бий бийлейли. (музыка жаңырат).
А л ы м (тост көтөрүп). Эки жаштын бактылуу болушу үчүн.
Ү н д ө р. – Бактылуу болушу үчүн, бактылуу болушу үчүн! (Аракты кызуу болгончо ичишип, бийге өтүшөт. Бегимайдын колунан тарткылашып бийге чыгара албай коюшат. Ыйлап кайра диванга жыгылат.)
А р х а д. – Суранам балдар, бүгүн Бегимайга тийишпейли. (Алым ага болбой Бегимайдын жанына отура калат).
А л ы м. – Кабагыңды ачып, жадырап жайнап отурчу Бегимай, сен мындай эмес элең го. Эмне биерде сен тааныбаган кишилер отурабы? Баарыбыз эле бир кафеде иштеген шефтербиз го. Өзгөн акенин эмнеси жаман. (бармагын көрсөтүп) во адам. Сен аны сыйлай билишиң керек.
Б е г и м а й. – Бирге иштешкен кишилер да силердей болобу. Зөөкүрсүңөр.
А л ы м. – Эмне десең ошо де, көтөрөбүз Бегимай, болгону Өзгөн аке жаман адам эмес, ошону түшүнчү.
Б е г и м а й. – Түшүнбөйм, түшүнгүм да келбейт.
А л ы м. – (Өзгөнгө) Жолдош директир өзүңүз сүйлөшпөсөңүз, сүйлөшө албай койдук. (Өзгөн кете бергиле деген ишарат кылат, дасторкон жыйналбай баары сыртка камынат).
Б е г и м а й. – Айбан болбой, адам болсоңор мени ала кеткиле. Мени бошоткула.
А р х а д. – Эртең жеңе, эртең сөзсүз бошотобуз. (Баары чыгып Өзгөн менен Бегимай калат).
Б е г и м а й. – Максатыңыз ушул экен, сиз максатыңызга жеттиңиз.
Ө з г ө н. – Башка айлам калбады. Сенден айрылып калсам кандай күндө калам деп корктум. Бир сүйүүнүн айынан жинди болуп кетишим мүмкүн. Сен мени аячы. Жүрөгүңдү муздай кылып тоңдурбай жылуулук чаччы жан дүйнөмө. Сенин жылуу мамилеңден турмуштун рахатын татайын өмүрүм өткөнчө.
Б е г и м а й. – Кооздоп сүйлөгөндү аябай үйрөнгөн экенсиз. Мен бир сүйүүнүн айынан жинди болбойт бекем. Сиз өз жаныңызды ойлосоңуз башканын да жанын ошондой ойлошуңуз керек. (Өзгөн Бегимайга жакындай баштайт. Колунан кармап өзүнө тартат). Жакындабаңызчы. Колуңуз да жылаандай муздак экен.
Ө з г ө н. – Муздак болсо, сен жылытасың. Жаркыраган күнүм болуп нур чачасың мага. Ошон үчүн алып келдим сени. Сени кое бергенден көрө өлгөнүм жакшы, Бегимай. (Өзгөн күч менен өпкүлөй баштайт).
Б е г и м а й. – Жолобоңуз дейм мага. Мени да аяңызчы Жазбегиме кетейин.
Ө з г ө н. – Жок Бегимай бүгүндөп баштап сен Жазбектин сүйгөнү эмес, менин сүйгөнүмсүң. Бүгүндөн баштап сен аны унут. Жүрөгүңдө бир гана мен жашагым келет. (Өзгөн дагы эле жулмалай баштайт).
Б е г и м а й. – Суранамын агай, бооруңуз ачыса, окуучуңуз катары сезсеңиз жолбоңузчу. Абийиримди төгө көрбөңүзчү. Суранам сизден, жалдырап суранам.
Ө з г ө н. – Жок Бегимай сен экөөбүз бактылуу болобуз. Экөөбүздөн акылдуу, сулуу бала төрөлөт. Келечегибиз кең болот. Түшүнчү ушуну. Койнуңду аччы махабат табына жылынайын.
Б е г и м а й. – Болбойт! Болбойт!..
Ө з г ө н. – Болот Бегимай. Мен бүгүнкү түндө сени менен болом, эртең тозоктун отуна таштасаң да... (Жарык өчүрүлөт. Бегимайдын аянычтуу үнү угулат).

 

11-с ү р ө т

Максут акенин үйү. Дасторкон үстүндө Максут аке, Мырзан апа, Канымжандар чай ичип отурушат. Сырттан машинанын түтүлдөгөн үнү угулат.

М а к с у т а к е. – Сыртка бирөөңөр чыккылачы. Бектемир келип калгандыр.
К а н ы м ж а н. – Сиздер отура бериңиздер. Мен эле карап келем. (Канымжан сыртка чыгып кайра дароо кирип келет).
М а к с у т а к е. – Балам, чыкканыңдан киргениң бат болду, алар кимдер?
К а н ы м ж а н. – Билбейм ата, үч жаш жигит, кудай кошкон куда болот дешет. (Мырзан апа ыйлап калат).
М ы р з а н а п а. – Бегимайды бирөөлөр алакачкан го. Кудай ай, кызымдын көз жашын көрбөсөм экен.
М а к с у т а к е. – (Мырзан апанын ыйлаганына кыжыры келип). Ой, Мырзан, эмне мынча ыйлайсың. Мүмкүн өзүнүн каалаган жигитине кеткендир. Андан көрө барган жеринен багы ачылсын дейли.
К а н ы м ж а н. – Ата, тигилерге эмне дейин?
М а к с у т а к е. – Эмне демек элең. Кир де. Дарбазанын ары жагында соксойтуп тургуза бермек белек. Кыздын жөн жайын билели. Андан кийин бир акылга келербиз. (Канымжан сыртка чыгып кайра кирет. Артынан үч жигит кирет).
А л ы м. – Ассоломумалейкум аксакал.
М а к с у т а к е. – Алике салам. Босогодо туруп калбай, төшөккө отургула балдар. Бейтааныш балдар экенсиңер, кайдан келдиңер, ким болосуңар, кандай иш менен келдиңер айтып отургула.
А л ы м. – Ата, жашырганда эмне, биздин Өзгөн агабыз менен Бегимай кол кармашып үйгө барып калыптыр. Кудай кошкон куда болот дейт, ошону угузалык деп келдик ата. Сиздин алдыңызга кулдугубуз бар, эмне десеңиз биз макулбуз.
М а к с у т а к е. – Өзгөнүңөр ким?
А л ы м. – Аны сиз жакшы тааныйсыз. Сиздерге иштеп кеткен мугалим бала.
М а к с у т а к е. – Тааныйбыз, тааныйбыз. А силер кимиси болосуңар?
А л ы м. – Биз бирге иштешкен достору болобуз.
М а к с у т а к е. – Бир агам бизнесмен, бир агам декан деди эле го. Алар эмне келишпейт? Же ата-энеси кары картаң экен деп бизди тоготпой жатабы?
А л ы м. – Түк андай эмес аксакал, дос жүз жылдык, куда миң жылдык дегендей жүз жылдык куда болгону туруп сизди кантип тоготпой койсун. Шарт мындай болду ата. Кыз үйгө кече барган. Ошол замат күйөө балаңыз, дароо барып жеңелерин апкелгиле деди. Бир мүнөт турбай жөнөп калдык. Жол азабы, көр азабы деген чын экен. Машинабыз Меркеге жетип бузулуп калды. Айла канча антип минтип оңдогончо убакыт өтүп кетиптир. Антсе да сиздин алдыңызда күнөөлүүбүз ата.
М а к с у т а к е. – Кече чыгып, бүгүн зорго жеткен экенсиңер да?
А л ы м. – Ооба ата.
М ы р з а н а п а. – Бул кудайга жакпаган иш ко. Кызыбыз кечээ барса, бир күн өткөндөн кийин кабарлайсыңарбы! Атасы, айтчы бул эмнени түшүндүрөт? Кызыбызды көңүлү менен эмей эле, зордоп отургузушуп коюшкан го булар (балбалактап ыйлай кетет). Бир аракетиңди кылсаңчы эртерээк. Картайганда кызымдын көз жашын көргүм келбейт атасы.
А р х а д. – Алымга ишенбесеңер мага ишенерсиңер. Бизде Өзгөн ага директир болуп иштейт. Кызыңар буфетте иштеп турду. Канча айткан менен бирге иштеп тургандан кийин тил табышат да. Экөө чыны менен эле кол кармашып барып калды.
Д а н и л. – Ооба ошентишти. Кызыңардан кам санабай эле койгула. Экинин бири деген жигитке барды. Өзгөн ага өтө кичи пейил, адамкерчиликтүү адам. А кишинин ошондоюнан жакын туугандары болбосок да кошо чуркап жүрбөйбүзбү.
М а к с у т а к е. – Мага да ошондой сезилген. Эмне кылдык кемпир эми? Ачууду, көз жашты токтотолу. Анын үстүнө Бегимай кечээ эле барып калган турбайбы. Ошо жагы да чатак. Кокус алып келсе элге журтка сөз болобуз. Андан көрө жеңелерин жибергенибиз оң. Бегимайдын жөн жайын билип келишсин. Алар баарын төкпөй чачпай айтып келер.
А л ы м. – Ата сиздин ачууңуз бир аз басылган окшойт. Кыргыздан, кыргыздын салтынан айланса болот. Күйөө балаңыз сиздерге дубай саламын айтып муногу (конвертти көрсөтүп) миң долларды ачуу басарга деп берип жиберди. Алтын алаканыңызга, алтын акчаны салып коюңуз.
М а к с у т а к е. – Ачуу басарга бул көп ко. Адатта беш миң сом, он миң сом эле берилчи эле го.
А л ы м. – Ала бериңиз ата. Күйөө балаңыз бай. Өзгөчө азыр түндүгүнөн акча жаап турган убагы. (Максут аке конфертти алып, ойлуу туруп калат да, анан Мырзан апага берет).
М а к с у т а к е. – Ме, алып кой апасы, мунун баары жакшылыкка жумшалсын.
А л ы м. – Ооба ата, жакшылыкка жумшалсын. Али астыда жакшылыктар көп. Бир эки айдан кийин жыгылып келе тургандыгы бар. Эки чоң кудаңызды ошондо көрөсүз.
М а к с у т а к е. – Кудаларды ушинтип чай менен отургузуп коебузбу. Мырзан, келиндериңе айт, тамак азышсын, ак моюндан апкелишсин.
А л ы м. – Антип убара болбой эле коюңуздар. Буйруган насипти жедик. Жол алыс. Бизге эртерээк уруксат бериңиз. Бара турган келиндериңизди айтыңыз. Ала кетели.
М а к с у т а к е. – Ка-ап Бектемирдин ооруканага жатып калганын карачы. Түштөн кийин чаап ала тургансып эркектерди кошпой эле, Молдокенин келини менен Канымжанды жиберели Мырзан. Алар деле оңой келиндерден эмес. Иштин чоо жайын терең билип, тыянак чыгара турган келиндер.
М ы р з а н а п а. – Аялдардын ишине кийлигишпей жөн отурчу карыядай болуп. Ал жагын сенсиз да билем го.
М а к с у т а к е. – Ооба келиндерге абдан ишенем. Ал эми Өзгөндү баарыбыз жакшы билебиз. Баргандар эки жаштын ортосуна чок салып жүрбөсүн. Ынтымагын тилейли. Тамакты даамдуу кылган туз, алысты жакын кылган кыз дегендей Бишкекке кудаа кааласа ат тезегин кургатпай, чаап барып, чаап келип турат экенбиз.
А р х а д. – Тилегиңизге жетиңиз ата.
М а к с у т а к е. – Эмне болду, Мырзан, келиндериң таза эле кечигип кетти го.
М ы р з а н а п а. – Деги сенин шашмалыгың калбайт да. Шаарга бара турган келиндер бир аз жасанып. түзөнүп албайбы кокуй. Ага чейин кудаларга бере тургандарымды бере турайын. (Мырзан апа үчөөнө тең ак калпак, ак көйнөк коет). Акжолтой адамдардан болсун деп жалаң актан кийим кийгизип жатам балдарым. Муногу ак калпак менен. ак көйнөктү күйөөгө алып барып бергиле. Бегимай үчүн жүрөгү таза, ниети ак болсун.
А л ы м. – Рахмат апа, бардыгын Өзгөн агага айтып барабыз.
М ы р з а н а п а. – Бегимайга да салам айткыла, жакын арада келип кетсин ата-энең сагынып жатат дегиле. (Эки келин кирип келишет. Алар Айнагүл менен Канымжандар).
М а к с у т а к е. – Баарыңар төшөккө отургула. Жаан менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт дегендей бата кылып коёюн жакшылык тилеп. (Баары алакандарын жайышат). Тоо козголбосун, жоо оңолбосун, өрүшүбүз кең болсун, бай өлкөгө тең болсун, жокчулук качып турсун, дүйнөбүз ашып турсун. Ынтымак келип турсун, тынч өмүр берип турсун, эки жаштын жолдору шыдыр болсун, жолукканы кыдыр болсун. О-о-мий-ин!
Ү н д ө р. – О-о-мий-ин! (Бардыгы ордунан көтөрүлүшөт. Баары сыртка чыгышат. Сырттан машинанын сигналы берилет).

 

12-с ү р ө т

Өзгөндүн үйү. Өзгөн диванда отуруп ыйлап жаткан Бегимайды тынчтандыруу менен убара.
Ө з г ө н. – Кечетен бери эч нерсе жебей да, ичпей да койдуң. Жөн эле өзүңдү өзүң кыйнап жатасың. Болору болду, алдыдагы турмушту ойлойлучу алтыным. Билсең экөөбүздү эң сонун турмуш күтүп турат. Бир келген бакытты төгө көрбө Бегимай.
Б е г и м а й. – Сага бакыт болсо мага бакыт эмес. Сүйгөн адамымдан айрылып отурам. Ал эми сага эч качан жүрөгүм жылыбайт .Эгер жүрөгүмдү жылыта турган сыйкырчы күчүң болсо апкелчи тоңуп турган жүрөгүмдү жылытайын. Алоолонгон жүрөгүңө, алоолонгон жүрөгүм менен жооп кылайын. Демек сенде андай сыйкырчы күч жок. Ошондуктан эшигиңди кулптап отурбай мени бошот. Мен Жазбегиме кетейин.
Ө з г ө н. – Кантип кетесиң Бегимай. Сен анын бетин кантип карайсың. Ал сенин бетиңди кандай карайт? Поезд өттү. Ал поезд сага кайрылбайт. Ошон үчүн сен Жазбекти унут. Ал сендей жуан эмес, кыз ала турган жаш бала.
Б е г и м а й. – Сен менин тагдырыма балта чапкан турбайсыңбы шүмшүк!! (Ыйлап калат).
Ө з г ө н. – Эмне десең ошол де, бирок түшүнчү мага, сени сүйөм, сүйөм, сүйөм. Өз махабатыма балта чаап жашай албайм. Сенден башка эч ким, эч бир сулуу жүрөгүмдү жылытпайт. Суусаганда оозума суу тамыза турган, жан алым кетип баратканда жан сала турган бир гана сенсиң.
Б е г и м а й. – Эки дүйнөдө тең андай болот деп ойлонбой эле кой.
Ө з г ө н. – Билсең экөөбүздү кудай кошту. Болбосо силердин айлыңарга барбайт элем да. Сени көрүп ашык болуп калбайт элем да. Эми сен мендиксиң, мен сендикмин. Экөөбүздү ажыратса бир кудай өзү гана ажырата алат.
Б е г и м а й. – Каяктан, кайсы кудай жолуктурду экен. Эми... эми эмне кылам?.. (диванды ургулап өңгүрөп өксүп диванга куланат).
Ө з г ө н. – Кой, болду эми. Ыйлаган менен өткөндү кайрып албайсың. Андан көрө дасторкон жаяйын кичине тамактанып алчы. Анан сага эле алып койгон падаркам бар. Көрсөң сүйүнөсүң. (Өзгөн дасторконду жайнатып түрдүү даамдардан коет). Көзүңдү арчып, тынч отурсаң, анан көрсөтөм.
Б е г и м а й. – Көрбөй эле койдум.
Ө з г ө н. – Кутучаны апкелип (жанына отура калып). Кутучаны өз колуң менен ач. Ачсаң эми. (Өзгөн Бегимайга карматканы менен өзү колу менен жардамдашып ачат). Кандай экен? Берметин карачы... Кана, кана аты жогуңду сунсаң. (Өзгөн шакекти колуна салат). Эх, десең кандай жарашып калды.
Б е г и м а й. – Эптеп мени алдап көңүлүмдү көтөрөйүн деген амалың го.
Ө з г ө н. – Анан эмне кылайын, айланы кетирип жатпайсыңбы. (Өзгөн Бегимайды дасторкондун жанына отургузат. Бегимай биртке тамактанып отуруп калат).
Ө з г ө н. – Тамактан жакшылап алсаң. Же жалдырайынбы?
Б е г и м а й. – Жалдырабай эле кой. Жүрөгүмө эч нерсе баспай жатат.
Ө з г ө н. – Дагы эле Жазбекти ойлоп жатасыңбы?
Б е г и м а й – Ойлоймунбу, ойлобоймунбу ал менин ишим, азыр мага тынчтык берчи. (Бегимай диванга барып кулайт да уктап кетет. Эшиктин коңгуроосу кагылат. Өзгөн эшикти ачат. Канымжан, Айнагүл, анын артынан үч жигит кирип келет).
А й н а г ү л. Ой-и-ий, биздин кызыке мемиреп уктап жатат ко я? Уктата турган дары берип койгон жоксуңбу, күйөө бала?
Ө з г ө н. – Эмнеге берет элем. Өзү кыйшайып жаткан, уктап кетиптир.
А л ы м. – Кана шеф, колуңду берчи, баары жайында. Кудабыз да, кудагыйыбыз да алтын кишилер экен. Тигиндей, мындай деп катуу кетпей жылуу кабыл алды. Максут аке эки жаштын бактылуу болушун тилеп ак батасын берди. Бизге сый көрсөткөнүн айтпа. Бул жеңемдерге да рахмат, чайын да пайын да жайнатты го чиркин.
А й н а г ү л. – Айтчы күйөө бала алакачып алган жоксуңбу? Бул жигиттер «экөө ээрчишип барып калды» дегенден башканы айткан жок.
Ө з г ө н. – Ата салты канга сиңип калган да жеңелер. Алакачып апкелгендей эле болуп калды. Анткени канчалык жалынып жалбарсам да болбоду. Айлам кетти акыры ушуга бардык. Эми жигитчилик айыбымды кандай кылып тарт десеңер тартайын (күлүп). Эмне кылсаңар да жумшак соттой көргүлө. (Айнагүл менен Канымжан үйдүн жасалгасын көрүп аңтаң болуп карап калышат). Өз ара ары басып барып (шыбыраша кетет).
К а н ы м ж а н. – Бул жигит укмуш бай го. Бегимай бактылуу экен.
А й н а г ү л. – Жазбекке барса эшигинин алдында байланарга ити да жок, шору шорподой катмакко.
К а н ы м ж а н. – Жакшы болду, шаарга келсек бир үйүбүз бар, ичип жеп тайраңдап жумшак төшөктө жатып кете беребиз.
А й н а г ү л. – Ушинтип тура беребизби. Бегимайды ойготолу. (Экөө Бегимайды ойготушат.)
Б е г и м а й. – (Канымжандын мойнунан кучактап). Жеңе-е! (ыйлап калат).
К а н ы м ж а н. – Эмне болду садагасы?
Б е г и м а й. – Эмне болду... Эмне болду... Эмне болду дейсиң, муногу айбандарга кор болуп отурам. Экөөңөр эле келдиңерби? Атам кана?..
А й н а г ү л. – Аксакал киши сакалын сүйрөп ушул жерге келмек беле. Бектемир болсо өзүң билгендей ооруканада. Анан экөөбүз келдик.
Б е г и м а й. – Экөөңөр келсеңер бул айбандардан ажыратып алып кеткиле.
А й н а г ү л. – Сол колуңдагы ачууду оң колуң менен басышың керек кызыке. Биз сени алып кете албайбыз. Себеп десең атабыз ак батасын берип бизди жөнөттү. Экинчиден сени босогодон аттап калган кыз дейт. Бул жагын да ойлошуң керек. Ата-энебизди сөзгө жыгып, бизди уятка калтырасың.
Б е г и м а й. – Бул эмне деген кордук! Кудайга эмне жазыгым бар эле! Мындан көрө өлгөнүм жакшы эле го! Тегерегимдин баары тор болуп калган турбайбы! Мени коргой турган адам барбы бул дүйнөдө!.. (Буркурап ыйлап диванга жыгылат).
Ө з г ө н. – (Канымжан менен Айнагүлдү мындайраак чыгарып шыбырайт). Түнү менен уктабай, эртеден бери ыйлап отурат, кан басымы көтөрүлүп кетип жүрбөсүн. Бир деме деп ыйлаганын койдуруңуздарчы.
К а н ы м ж а н. – Кантип койдура албыз. Көрүп турбайсыңбы?
Ө з г ө н. – Оюнун баары Жазбекте. Али да болсо Жазбекке кеткиси бар. 
К а н ы м ж а н. – Оокатын өткөрө албай жаткан жаш балада эмнеси бар экен.
Ө з г ө н. – Ошого таң калам. Андан үмүтүн үздүрүш үчүн, үйлөнгөнү жатат деп коюңуздар. (Канымжан башын ийкейт. Айнагүл экөө Бегимайдын жанына келип отурушат).
А й н а г ү л. – Билбей жатам кызыке, деги Өзгөн кайсы кыялдары менен жакпай жатат?
Б е г и м а й. – Жакпай жаткан кыялдары деле жок.
А й н а г ү л. – Анан эмне ыйлайсың? Мындай бакубат жерди, өңү келишкен жигитти каерден издеп табасың я?
Б е г и м а й. – Байлыгы да, өңү да өзүнө. Сүйбөйм, ичим да жылыбайт буга.
К а н ы м ж а н. Жазбекке барсаң ичиң жылыйбы? Анда жакшы болду. Алып кетейик. Ал сен эмес башкага үйлөнөм деп даярданып жатат. Эми аны, эки кыз талашып көргүлө.
Б е г и м а й. – Жалганды айтып жатасың жеңе?
К а н ы м ж а н. – Мейли мен жалган айтайын. сен барсаң эле жакшы болуптур деп ата-энеси киргизе кое¬бу? Таш түшкөн жерде оор дегендей, биерден кетишиң оор болуп калды Бегимай. Көп ыйлай бербей эртеңкиңди ойлоп жаша. Жазбекти унут. Ал да өзүнүн теңи менен тынч жашасын.
А р х а д. – (Тамак аш коюлган столду көрсөтүп). Тү-үү, бул тамактардын баарын жалдыратып коебузбу? Жигиттер, жеңелер келгиле, чыр чатакты коелу да ичип жеп ыр күлкүлөр менен отуралы. Эки жаштын ынтымагын тилейли. Айнагүл жеңе, Канымжан жеңе, Бегимай орун алып отургула эми.
Канымжан. – (Бегимайга). Токтот эми ыйлаганыңды. Менин айткандарым түшүнүктүү болгон чыгар сага. (Бегимай Канымжанга шыбырап).
Б е г и м а й. – Жазбектин үйлөнөт дегенине ишенбей жатам.
К а н ы м ж а н. – Үйлөнө элек, бирок үйлөнөт, ошондуктан аны унут дедим го. Көңүлдүү отурчу, бизди да кайгыга салбай. (Канымжан, Айнагүл болуп, Бегимайды столго жакын отургузушат. Музыка коюлуп, үй шаңга бөлөнөт).
Ө з г ө н. – Алыс жолдо чарчанып чаалыкканыңар аз келгенсип, эч бир жерде токтобой келиптирсиңер. Бул жаш жигиттер тамак алып берүүгө да жарабаптыр. (Өзгөн жеңелерине чебеленип). Тамактан алсаңар жеңелер, жакшы тамак калганча, жаман курсак айрылсын деген сөз бар го. Силер канчалык жеп ичип отурсаңыздар биз ошончолук сүйүнүп отурабыз. (Архадга кол жаңсап) Архад сага эмне болгон, ичимдиктерди али ачпаптырсың го. Куй, шампан арагынан, куй, коняк, бальзамынан, бүгүн ичип жеп жыргай турган күн.
А р х а д. – Кечирип кой Өзгөн ага, үйдө саал жылуу атмосфера болбой жаткандан кийин...
А й н а г ү л. – (шайырланып). Мына эми жылуу атмосфера болот. Бегимайдын карабайсыңарбы, көңүлү чайыттай ачылып калды.
А р х а д. – Деги ошондой болсунчу. Катуу чатак чыгып кетеби деп баятан бери үрөйүбүз учуп кетти. (Архад ичимдиктерди куюп чыгып) Сөздү Бегимайдын бир тууган жеңеси Канымжан эжеге сөз берсек кандай болот? (Шатырата кол чабулар жаңырат). Алтын жеңе, алтын шилекейин чачыратып эки жашка ак тилек айтып сүйлөп койсун.
Ү н д ө р. – Эң туура, эң туура. Канымжан жеңе сүйлөсүн. Канымжан жеңе сүйлөсүн. 
К а н ы м ж а н. – Ушинтип сый-урмат көрсөткөндөрүңөргө чоң рахмат. Эмне дейин эки жашка ынтымак, бакыт каалар элем. Муногу ак сарайдай болгон үйүңөрдөн кут кетпесин дээр элем. Эмки жылы дал ушул убакта наристелүү болуп, дал ушинтип майрамдап отуралы.
А л ы м. – Кандай алтын сөз. Кандай алтын сөз. Ушинтип алтын сөз айтылып отургандан кийин кантип ичкиликти стакандын түбүнө калтырып коелу. Кана баарыбыз бир дегенде бирдей алып жиберели. (Улам биринен бирине тост берилип ичип жеп майрамдагыдай болуп отурушат. Кобураган сөздөр көбөйүп, күлкүлөр үйдө жаңыра баштайт).
А р х а д. – Менин бир сунушум бар. Бийге чыгалы.
А л ы м. – Бегимай менен Өзгөн аганын үйлөнүү үлпөтүнө сая турган призим бар. Жеңүүчүгө жүз доллар. Кана жигиттер, кыз-келиндер чыккыла. (Акчаны булгалактап көрсөтөт). Бул кимге буйруп турду экен? 
Д а н и л. – Бүгүн биз үчүн да, Өзгөн ага үчүн да кайталанбай турган кубанычтуу күн. Мен да призге жүз доллар саям. (Баары бийлешет. Өзгөн менен Бегимай да бийге чыгат. Канымжан менен Айнагүл, Лира Райыбекованын «Жүрөгүм ооруйт дебегин» деген ырын ырдашат).
А л ы м. – Менин призиме Канымжан жеңе татыктуу болду. Кана, дуу кол шапалак. (Баары кол чабышат).
Д а н и л. – Менин призиме Айнагүл жеңе татыктуу болду. Экөө тең оңой жеңелер эмес экен. Айнагүл жеңемдин талантына да кол чаап койгула. (Столго отурушат. Бардыгы Р. Абдыкадыровдун «Түгөйүм» деген ырды ырдашат. Үйдүн коңгуроосу кагылат. Сырттан Өзгөндүн агасы Өскөн, жеңеси Жамийлалар кирип келишет. Баары орундарынан туруп калышат).
Ө с к ө н. – (баары менен учурашып чыгат. Жамийла да баары менен учурашып Бегимайдын бетинен өбөт). Жок айымдар өз ордуңардан козголбой отура бергиле. Бул биздин үй. Силер меймансыңар. Биз силерге кызмат кылалы. (Өзгөндү карап). Иниме катуу ачуум келип келди эле, силердин айжаркын жүздө¬рүңөрдү көрүп, ачуудун кандай таркап кеткенин билбей калдым. Же үйлөнөм деп айтсачы, же келин келди деп айтсачы. Муну кафеге телефон чалгандан кийин билип отурам.
А л ы м. – Капа болбоңуз Өскөн аке, баары жайында, келиниңиз мына бет маңдайыңызда отурат. Көрүндүгүн жеңелерине бере бериңиз.
Ө с к ө н. – Көрүндөктөн качмак белем. (Канымжанга сунуп) Мына миң сом. 
Ж а м и й л а. – Түсү жылуудан түңүлбө дейт элибиз, келинибиздин түсү жылуу экен. Мындай келчи айланайын. (Бегимайды аркы бөлмөгө киргизип, көйнөк кийгизип, жоолук салып чыгат. Колуна шакек тагат).
А й н а г ү л. – (Бегимайдын жанына басып келип, көйнөк жоолугун оңдогон болот). Ой-и-и-й тим эле жарашып калды. (Шыбырап). Кичине кабагыңды салаңдатпай көңүлдүү отурчу кызыке. (Баары кайра столго отурушуп дуу-дуу боло түшөт).
Д а н и л. – Сөз кезегин Өскөн аке менен Жамийла жеңеге берели. Кандай дейсиңер?
Ү н д ө р. – Туура, туура. (Өскөн менен Жамийла столдун жогору жагына өтүп турушат.)
Ө с к ө н. – Бүгүн биз эки жаштын үйлөнүү сыйына күбө болуп отурабыз. Бакытты ар ким ар башкача айтат. Бирөөлөр түндүгүңдөн акча куйулуп турса бакыт десе, бирөөлөр жан кыйналбай сайрандап өтүү бакыт дейт. Мен айтаар элем сүйгөнүнө жеткен гана бактылуу деп. Менин иним өз теңин таап мына минтип баарыбызды чогултуп отурат. Бүгүн андан өткөн бактылуу киши жок. Эми элибизде куш бооң бекем болсун деген сөз бар. Куш бооң бекем болсун алтыным. Кушуңдун боосун бекем карма, колуңдан бошонуп учуп кетип жүрбөсүн. Силерге тилегеним эле жакшылык. Эмне дейин, бакыт, ынтымак каалайм. Ошон үчүн колуңардагы шараптын бир тамчысын калтырбай ичип жиберсеңер. (Стакандарга арак куюлуп, дуу-дуу кө¬бөйөт. Жамийла стаканды кармап туруп калат).
А л ы м. – (тили булдуруктап). Ой, жеңе сүй¬лөбөйсүзбү, качан сүйлөйсүз?
Ж а м и й л а. – Мен да эки жашка бакыт тилейм. Кыргызда бир жакшы сөз бар. Астын бала бассын, артын мал бассын деген. Мен ошол тилекти келиниме айткым келет. Экинчиден жеңетайлыктан бүгүн кутулганыбыз менен эртең кутулганыбыздын айрымасы жок. Кие турган көйнөк-кечелериңерди акчалай эле бергени турам.
А л ы м. – Ошонуңуз туура Жамийла жеңе. Акчалай эле бере бериңиз.
Ж а м и й л а. – Анда эки жеңеге эки жүз доллардан экөөнө эки алтын шакек. Кана, жакын келиңиздер, жигиттер кол чаап турсаңар болбойбу. (Музыка жаңырып, кол чабуулар коштойт. Бий бийленип, ыр ырдалат. Үй шаңга бөлөнөт. Ушундай көрүнүштө көшөгө жабылат).

 

13-с ү р ө т

Бегимай диванда жатат. Өзгөн эшикти ачып кирип келет.

Ө з г ө н. – Өх, аябай чарчап келдим. Склад тамдан өрт чыгып кетип зорго өчүрсөк болобу. Катуу нервничит этип, башым ооруп жүрө бердим. Чай коюп, коюу чай демдеп берчи. Ошондон башым басылып калар. (Бегимай чай апкелип, чай куюп отурат). Бегимай эмне, али да кабагың ачылбайт ко. Качан жадырап жайнап отурганыңды көрөм?
Б е г и м а й. – Эмне кыл дейсиң, отурум го жаныңда. Сен кирериң менен күлүп турушуп керекпи?
Ө з г ө н. – Кирерим менен күлүп тур деп жаткан жерим жокко. Бир гана сенден жылуу мамилени күтөм. Сен антпейсиң. Буруясың да отурасың. Качан кабагың ачыларын да билбей калдым.
Б е г и м а й. – Кабагымдын ачыларын билбей калсаң башынан эле ушундай.
Ө з г ө н. – Жок, сен окуп жүргөндө мындай эмес болчусуң. Кыздардын ичинен ачык мүнөз, шайыры да сен болчусуң!
Б е г и м а й. – Анда мындай кайгы башыма түшкөн эмес.
Ө з г ө н. – Эмне кайгы, эмне убайым? Дагы эле Жазбекти ойлоп жатасыңбы? Сага жеңеңдин айтканы эле жетиштүү болбодубу. Аны эмне ойлоносуң? (ызырына) Эх, ал менин желкеме чыккан чыйкан болду. Биротоло сен унута тургандай кылып көзүн тазала¬самбы.
Б е г и м а й. – Анда анын да, менин да көзүмдү тазалабайсыңбы. Жүрөктө зилдей уюган ооруудан кутулайын.
Ө з г ө н. – (Өзгөн кайра жасакерленип Бегимайдын жанына отура калып эркелеткен болот). Койчу Бегимай, өзүбүз жаңы эле баш кошуп отурсак, улам урушуп отура бергенибиз туура эмес ко. Жазбекке ачуум келип айтканым да. Ал деле мендей адам. Ал деле күнүн көрсүн. Экөөбүздүн ортобузга от жакпаса келип кетип турсун. Ага да макулмун. (Бегимай жаңы чай апкелүү үчүн кухняга кирип кетет.)
Ө з г ө н. – Кыялын бир аз жумшарттым окшойт. Мындай муз жүрөк буга кайдан бүттү экен ээ. Качан, кантип жүрөгүн жибитеримди билбей калдым. Эх, Бегимай, Бегимай. (Бегимай чай апкелет). Билесиңби Бегимай сен буфетке иштегенче Ысыккөлгө барып эс алып келүүнү ойлоп жатам. Жакшылап эс алсаң, баарын, баарын унутуп, көңүлүң тазарып калат чыгар. Сен макул болсоң эртеңден баштап аракет кыла баштайын.
Б е г и м а й. – Билбейм, үйдөн чыкпай сар-санаага батып жата бергенден көрө көлгө барган жакшыдыр.
Ө з г ө н. – Мына алтыным, туура чечим, сүйүүнүн таттуу күндөрүн ошол жактан өткөзүп келебиз. (Эшиктин коңгуроосу кагылат. Өскөн менен Жамийла кирет.)
Ө с к ө н. – Мен силерди кафеден издеп жүрсөм биерде отурган турбайсыңарбы, окшошкон айланайындар. Мунуңар жакшы, иши кылып бири-бириңерди сыйлаган келечектүү жаштардан болсоңор болду. Ал эми сенин кафеңдин складын көрдүм. Кудай сактаганды сактайт деген чын окшойт. Зыян анча эмес! Мейли кырсык ошону менен кетсин. Мен ал иш эмес, башка иш менен келдим. Жеңең убакытты көп узатпай кудага жыгылып барып калсак дейт. Кудая шүгүр колдо жок эмес. Биз, эмне ат жетелеп, уй жетелеп бармак белек, беш миң доллар апарабыз да, жеп ичип милдетибизден кутулуп жүрө беребиз. Кийит жагын жеңең абдан жакшы билет.
Ө з г ө н. – Ооба аке, узартпаса узартпайлы. Бегимай экөөбүз Ысыккөлгө барып эс алып келе турган болдук. Келгенден кийин баралы. Иштеп келген жеримди да сагынып калыптырмын.
Ж а м и й л а. – Кайненем да, кайнатам да кайтыш болуп кеткенден бери бул үйгө Өскөн экөөбүз атадабыз, ападабыз. Ошондонбу, кур кол келе албай койдум, Бегимай. Алтын сөйкө апкелдим эле өз колум менен тагып кетейин.
Б е г и м а й. – Жөн эле коюңуз эже. Улам алтын буюмдардан тагынып жатам, ошо деле жетишет мага.
Ж а м и й л а. – Кой айланайын кызым колду сындырган болбойт. (Кулагына сөйкө тагат). Мына кандай жарашып калды. Эми биздин ырысыбызга бүткөн ыймандуу келин бол айланайын (бетинен өөп коет).
Ө з г ө н. – Бегимай, акемдерге куурдак кууруй сал. (Жамийла Бегимайдын бүркөө кабагын байкай калат).
Ж а м и й л а. – Куурдак кууруйм деп убара болбо айланайын. Иштерибиз көп. Бир эки пиаладан чай ичип анан кетели. (Бегимай кухняга кирип кетет). Мугалим бала, эмне келинди таарынтып койгонсуңбу. Биз келгени кабагы ачылбайт. Урган жоксуңбу.
Ө з г ө н. – Уруп эмне кылайын. Алакачып келгениме коркутуп жүрөт. Ал көпкө созулмак беле. Таарынычы жазылар. Калың алып жыгылып барсак үйүндөгүлөрү да муну такалап коет. (Бегимай чайнек көтөрүп кирет. Бардыгы чай ичишет).
Ж а м и й л а. – Мына кудая шүгүр Өзгөндүн жашоо турмушу жаман эмес. Дагы бир акебиз бар. Аны профессор аке деп коебуз. Ал чириген бай. Биз болсок үч жерден кафе ачтык. Бирөөндө өзүң көрүп жүрөсүң биздин мугалим бала иштеп жатат. Бир гана сураныч, күйөөңдүн жаман жагы болсо жашырып, жакшысы болсо ашырып жүрө көр, айланайын. Сага айта турган сөзүм эле ушул.
Ө с к ө н. – (Өзгөнгө кайрылып). Эртең кечке биздикине баргыла. Келин биздин эшик төрүбүздү көрсүн. Сыйыбызды көрүп келсин.
Ө з г ө н. – (күлүп). Айтсаңыз эле болду, учуп барабыз. (Чай ичилип, дасторкон жыйылат. Чагылган чартылдап, күн күркүрөйт. Жаан шатыратып төгүп жиберет Жамийла терезеге жакын басып келет).
Ж а м и й л а. – Бул эмне деген жаан? Жамандыктын эмес, жакшылыктын жааны болсо экен.
Көшөгө

 

14-с ү р ө т

Бегимай жаңгыз үйдө отурат. Эшиктин коңгуроосу кагылат.

Б е г и м а й. – Ким бул?
Ү н. – Мен.
Б е г и м а й. – Атыңды айтпайсыңбы?
Ү н. – Үнүмдөн тааныган жоксуңбу?
Б е г и м а й. – Жазбексиңби?!.
Ж а з б е к. – Ооба, үйүңдө ким бар?
Б е г и м а й. – Өзүм элемин.
Ж а з б е к. – Кирүүгө болобу?
Б е г и м а й. – Эмне келдиң? Жумушуңду ошол жерден айт да үйүңө кайт. Өзгөн келсе экөөбүздү тең өлтүрөт.
Ж а з б е к. – Мен андан коркпойм. Сен үйгө киргизмейинче бул жерден кетпейм (бир аз тынчтык өкүм сүрөт). Бегимай ач дедим. Сүйлөшөлүчү. (Бегимай эшикти ачат, Жазбек кирип келет). Кандайсың Бегимай?
Б е г и м а й. – Кудайга шүгүр, жаман эмесмин.
Ж а з б е к. – Турмушуңар тим эле жакшы экен. Көрүнүп турат. Демек чыныгы сүйүүдөн дүнүйө, акча өйдө турат экен да? Да-а-а...
Б е г и м а й. – Чыныгы сүйүү дейсиң, сен аны барктай алдыңбы? Эгер барктаган болсоң ушул убакка чейин мени издейт элең го. Мынчалык кайгыга салдырбайт элең го?!
Ж а з б е к. – Мен кайгырбай коюптурмунбу. Сен мени алдадың. Башынан эле сенде кош сүйүү болгон. Эмесе минтпейт элең!
Б е г и м а й. – Кантип колго түшүп, кантип келип калгандыгымды, деги сураштырдыңбы?
Ж а з б е к. – Сураштырдым. Өз калооң менен келиптирсиң.
Б е г и м а й. – Ким айтты?
Ж а з б е к. – Айнагүл жеңең. Өзгөндү мактаса айга күнгө жеткизет. Бир гана сага айтаарым сүйгөнүң менен бактылуу бол! Башка эмне деп айтмак элем.
Б е г и м а й. – Сен да алганың менен бактылуу бол. Сүрөтүң менде жүрсө болду.
Ж а з б е к. – Аны кимден уктуң?
Б е г и м а й. – Эл болгондон кийин угулат да.
Жазбек (ачуулана). Ал ушак. Карандай жалган ушак. Сенсиз менин жашоом жок. Сенсиз күнүм караңгы, айым тутулат дедим эле го. Анын баарын унуттуңбу?.. Эгер унутпасаң мени башка бирөө менен баш кошот деп эч бир ушакка ишенбейт элең.
Б е г и м а й. – Ооба ишенгем. Аны Өзгөн айткан. Көрсө сенден үмүтүмдү биротоло үзсүн деген турбайбы. Оңбогон алдамчы. Эгер аны укпаган болсом, сени издеп кетип калар белем, ким билет...
Ж а з б е к. – Сен издеп барбай эле кой, мен издеп келдим. Эгер жүрөгүңдүн мага деген оту өчө элек болсо, мени менен жүр, айылга кетели. Мына азыр кетели.
Б е г и м а й. – Эмне деп жатасың Жазбек?.. Сен жаңылышып жатасың. Сен экөөбүздүн айырмабыз асман менен жердей. Сен өзүңдөн жаш, сулуу, эрге тие элек колуктууну алышың керек. Азыр мен киммин. Ошону түшүн. Сага канчалык оор болгон менен кетишиң керек. Өз бактыңды табышың керек. Болору болду, боесу канды дегендей, баары болуп өттү. Мени тынчыма кой. Сенин элесиңден кубат, күч алып жашап жүрө берем.
Ж а з б е к. – Менин элесим менен жашабай, жүрөгүңдөн мени өчүрсөң биротоло өчүр. Же менин айтканыма көн.
Б е г и м а й. – Айылга кайсы бетим менен барам? Бир эрди чанып, экинчи эрге тийип алыптыр деген ушак айың сөздөрдү угуш үчүнбү? Ошондон корком Жазбек.
Ж а з б е к. – Сен экөөбүз далай китептерди окудук эле го. Сүйүү үчүн ким жан кыйбады, ким азап тозогуна түшпөдү. Башканы кой Данияр менен Жамийланы эле алалычы. Өчпөгөн сүйүү дал ошондой болот. Менин сүйүүм өчө элек Бегимай. Ал эми мен коркпогон ушак айыңдан сен коркмок белең? Айтчы. Жооп берчи ушуга. (Экөө бирин бирин карап унчукпай туруп калышат). Андан көрө сени сүйбөйм, сүйүүм Өзгөнгө өтүп кеткен де, мен кетейин. (Жазбек кетүүгө камынат).
Б е г и м а й. – Кое турчу Жазбек, сабыр кылчы. (Жазбек токтоп калат. Бегимай жанына басып келет). Чын эле кеткен жатасыңбы?
Ж а з б е к. – Жүрөгүңдөн сүйүү өчүп калса, мен биерде отура бермек белем. Арга түгөнгөндөн кийин айтканым го.
Б е г и м а й. – Арга түгөнгөндөн кийин дейсиң, менин да аргам түгөнүп турат. Сүйүүң Өзгөнгө өтүп кетти дейсиң, сүйүүм бир сен деп мурда кандай болсо азыр да ошондой.
Ж а з б е к. – Анда биерде эмне турабыз. Кетеличи Бегимай эки жүрөктү кыйнабай. Учалычы сүйүүнүн канатында. (Бегимай Жазбектин мойнунан кучактап бышактап ыйлайт).
Б е г и м а й. – Сенин келериңди сезгем. Келип калабы деп ар бир күндү санап жүргөм. Кечээ эле түшүм аян берген. Ал түш бекер эмес экен. Сени жолуктурган тагдырыма ыраазымын. (Жазбек Бегимайдын көз жашын бет аарчы менен аарчыйт. Кучактап бетинен өбөт).
Жазбек. – Мени сагындыңбы?
Б е г и м а й. – Сагынбагандачы. Каеримди?
Ж а з б е к. – Бетиңди, көзүңдү, анан тал чыбыктай буралган өзүңдү. (Жазбек дагы эле чопулдата өбө кетет).
Б е г и м а й. – Болду эми, жүдөтүп да жибердиң. Өзгөн келип калса экөөбүздү тирүүлөй сойбосун.
Ж а з б е к. – Келсе ал соерун же мен соерумду көрөт элең. Кой, кеттикпи? Макулсуңбу?
Б е г и м а й. – Кеттик.
Ж а з б е к. – Бол эми.
Б е г и м а й. – Кое турчу. (Аркы бөлмүгү кирип ручка, кагаз алып чыгат).
Ж а з б е к. – Эмне эле убакытты алып жатасың?
Б е г и м а й. – Эми создуктурбайм. Тиги сүйүү менен ойногон акмакка кат таштап коеюн. (Кат жазылып бүтөр менен экөө үйдөн чыгып кетишет).

 

15-с ү р ө т

Өзгөндүн үйү. Өзгөн эшикти ачкыч менен ачып кирип келет. Эч ким жок экенин көрүп үйдүн ичинде Бегимай! деп кыйкыра берет. Ар бир комнатага кирип чыгат. Бегимайдын кетип калганын билип, башын мыкчып, кайгыга уугуп, столду ургулап отуруп калат.

Ө з г ө н. – Канчалык боорума тартайын десем да болбодуң Бегимай. Жүрөгүң муз, жибибеген жүрөк экен. Ушунчалык таш боор белең Бегимай?.. Эми кантем?.. Сенсиз күнүм кандай болот? Айтчы, кандай болот?!. (стол үстүндөгү катты көрүп окуй баштайт).
«Өзгөн, менин сүйүүмдү таптаганың менен менин эркимди таптай алган жоксуң. Ал сүйүүм мурункудан бешбетер алоолонуп жанды. Жазбегим келди. Сен мени алдаптырсың. Мен аны менен өмүр бою биргемин. Ал эми сен мени кордогонуң үчүн сөзсүз сот алдында жооп бересиң. Сага башка айтаар сөзүм жок.
Бегимай»
Өзгөн столду мурункудан да катуу ургулап ыйлап калат.

Көшөгө.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Аскаров Ч., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 4673