Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Турусбек Мадылбай, 2007. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 6 октябры

Турусбек МАДЫЛБАЙ

Күкүнүс

                                                                О Жараткан! Мага күч-кубат бере көр,
                                                                     Денем менен дилимди жийиркенбей карайын...
                                                                                                                                    Ш. Бодлер

Биринчи түш: ЧӨЛ

Жалаң гана чөл калат… 
                        Ф. Г. Лорка

 1  
      Күзкү узакка созулган нөшөрдөн кийин бүгүн биринчи жолу асман ачылды. Зергер Шыгай түнү тынч уктап турган (дегеле ал дайыма жаан жааганда жакшы уктачы), ошондуктан көңүлү көтөрүңкү болчу. Ал шашпай кийинип, жуунуп, сакалын таза кырып алды да, ошондой эле шашпай нанүштөгө отурду. Демейдегидей оор тамак ичкен жок, ашказанын салмактантып, демин кыстыктырып албайын деди. Суюк шорпо, чала бышык жумурткадан экөө, патинче, нан – болгон эле оокаты ушул. Ошентип көңүлү көтөрүңкү, ал үйүнөн чыгып, таң заардын таза абасынан жутуп-жутуп алды. Ал ушундай жаандан кийинки аба ырайын аябай жакшы көрчү: аба асыл таштай тунук, таза; асман көк таш жамдай мөлтүрөйт, болгону тээ тоолордун кырындагы айрык булуттар алтын алкак сыңары ошол жамды курчап алган; талдар дагы эмеле зумурут төгүлгөнсүп көгөрөт. Чын эле, бүгүн анын көңүлү көтөрүңкү. Ырдагысы да келип кетти. Ырдабаганда эмне: иши оңунан баратат – мына, кечээ эле бир киши ага көрүп берчи деп татынакай бир алтын шакек алып келди, ичинде бир жыйырма карат лалы бар. Ээси зеризаны жакшы билбесе керек, Шыгай аны арзан эле сатып алды. Анан кантип ырдабасын... Бирок үйүңөн чыгарда, эки жагыңы карагын: душманың көрүнбөйбү, алдыга жөнөй бер. Ишиңде туш тарабыңы кара: жаныңда душманың жокпу, тынч иштей бер. Ашкорокко кирдиңби, дагы бир кара: жака белде душмандарың көрүнбөйбү, шашпай наар ала бер. Үйүңө кайтканда, артыңды кара: балээ кошо келбесин, босогоңду аттай бер. Сен чыныгы бактылуу адам экенсиң! Атасы ушуну айтчы эле. Акылман эле, жаткан жайы жайлуу болсун!..
      Жумабектин үйүнө жакындаганда гана ал бир аз мурчуя түштү. Жакында аялы анын катыны менен кетмен талашып урушканын эстей койду. Шыгайдын аялы жер жутуп кеткенсип жоголгон кетмен тууралу наалып калганда, анын кебин уга койгон Жумабектин аялы ошол өзү жөнүндө айтып жаткандай эле кыжырланып кетти. Анан тигил чыр башталды. Бул гүзөрдүн катындары өтө беймаалы болчу: алар чачташып, бири биринин бетин тытып, көйнөктөрүн самсалатып айрып, бири биринин абийирин төгүп, каргап-шилеп жатып калчы... Андан кийин тигил күчүк өлүп калды. Ал өзү өлдүбү же аны бирөө ууландырдыбы, акыры эч ким билбейт, бирок бардыгы эмнегедир дароо эле Жумабектин аялынан көрдү. Анткени алар жакында эле урушпады беле... Ай, ушу катындардыкы өттү! Күнүгө эле ажылдай берет, ушак таратат, бири биринин чачын жулат... Анан алардын чырынан кийин туугандар да катташпай калат, алар кимди болсо да чабыштырып коёт. Мейли эми, анысы үчүн дагы бүгүн жиними келтирип отурбайын... Шыгай шашып ишке жөнөп калды эле, бир маалда ал көчөнүн башында келаткан Пашаны көрдү. Ай, ушу шүмшүк көрүнгөндө ле жолум болбой калчы ле! Бу мага дайыма жамандык апкелет. Качан болсо чырылдап, чиркейдей гана канымы соргусу келет. Аты бекеринен Паша эмес да. Паша дейсиңби, чиркей дейсиңби, заты бир да. Бир аз туруп Шыгай баары-бир жолуна түштү. Жакындап келип калган кошунасын ал демейдегидей сөгүп коюп, өтүп кете турган болгондо, тигил эмнегедир тиштерин арсайтып жылмайды.
      — Тиги... тим эле сасыйт го... Жымырайт...
      – Мине? – деп түшүнбөй калды Шыгай.
      – Сасыйт дейм, – Паша дүлөйгө кайрылып жаткансып кыйкырып жиберди. 
      – Ким? – Шыгай дале түшүнгөн жок.
      – "Ким?"... "Ким?" эле дейт да... – нааразы болгон Паша кобуранып, башын бурчтагы үйдү карай ийкеди. – Тиги... Ким болмок эле? Байкабай эле баарыңар айнып калгансыңарбы... Ал баарын былгытып бүттү, силердин болсо эчтеке менен ишиң жок...
      Паша кобуранып-собуранып колун шилтеди да, үйүн көздөй жөнөдү. 
Шыгай анын сөздөрүнүн маанисин анча түшүнө бербей таңыркап, бирок ага макул болгонсуп, күлүмүш этип койду да, анан өтүп кете берди. Алдыга беш-алты кадам таштагандан кийин гана ал Пашанын айтканына этибар кылды: ал тык токтоду. Чын эле, аябай сасыйт го. Ай, ушу эч өлбөс болду да...
      Андан нары Шыгай мурдун бекем мыкчып, тез басып, көчөнүн баш жагында турган күмбөзгө окшош килейген үйдүн жанынан өтүп кетти...

 2
      Ал акыркы маалда денеси аябай сасып жатканын сезип жүрөт. Эми ишим бүтсө керек. Мейли, болсо тезирээк болсунчу деги. Элге шерменде болбой өлөйүн. Момдой болуп жатам... Бир убакта анын денеси чыйрала түштү, ал башын көтөрүп, эрдин кесе чайнады. Жо-ок, шашпа, али эрте... Сенин өлөөр маалың бололек. Чыда, чыдагын. Денең сасыса мине кен, кайра жакшы болуптур: сенин дале тирүү кениңи гүзөрдөгүлөр билишсин. Каңырсыгың гүзөргө ле мес, бүт ааламга тарасын — бу сенин адамзатка айткан акыркы салам дубаң болот. Чал караңгыда жылмайып койду. Мен али өлбөйм, менден оңой кутулдук деп ойлобогула. Мен дале тирүүңөрдөн тирүүмүн. Мен али силерге өзүмүн ким экеними дагы көрсөтүп кетем, шашпай тургула...
      Аныкына адам кирбей калганына көп убакыт болгон. Ириде туугандары анын ооруп жатканын угуп, кээде келип жүрдү, бирок чал алардын сасыктан жийиркенип, ооздорун бекем кымтып киргенин, ага оокатты итке бергенсип, түртүп салып кетип жатканын көрүп, бардыгына наалат айтты. Башка келбегиле деди. Мына, эми ал жалгыз, эч кандай үмүтү жок, тилеги да жок, төрт дубалдын ичинде байталман өлүп жатат. Эмнени тилемек эле? Анын өмүрүндө жалгыз гана бир тилеги бар болчу, ал аны аткарган, эми ага башка эч нерсенин кереги жок. Ал тилегин жеке даара аткарды, эч кимден жардам сураган жок, кеңеш да сурабай аткарды. Эми ал эч арманы жок өлүп жатат. Эл дагы аны ошол тилеги үчүн каргады, ал тилегин аткаргандыгы үчүн натооба айтты. Мейли, мине десе, ошо дей беришсин. Эгер мен өмүрүмдө бир нерсени өзүм жасай албасам, анда менин минем адам? Ал эми мен жасадым, демек, мен адаммын. Калган эл мине десе, ошо дей берсин, мен баары-бир алардан кечирим сурабайм. Менин денем сасыйт, мейли, мен ага деле макулмун: эгер менин этим жашыганы кудайдын каары болсо, анда мен ошо сасыгыма өзүм тумчугуп калайын. Чал бул жолу тиштерин арсайта күлдү, кыткылыктап баштап, анан катуу каткырыкка өттү. Бирок бу сасыкка силер да тумчугасыңар, адамдар! Жакында силер үйүңөргө отуралбай каласыңар: менин жытым силердин ооз-мурдуңардан эле мес, кулагыңардан да кире турган болуп сасыбасамбы. Ошондо көрөм, каякка барып, бекинет экенсиңер. Мен силердин үйүңөрдү көргө айландырам.
      Чал онтоп, төшөгүндө зордун зору менен оодарылды. Карттанып, шейшепке жабышып калган жаралары ылжырап, актын үстүндө кала берди. Денесинин бүт дүүлүгүп, тызылдап ачышты: чал чыңырып жиберди. Сыйрылган жараттарынан суу чыгып, шейшеби ным боло түштү: бөлмөнүн ичи каңырсып кетти. Каңшаарыңарды жарса кен! Чал денеси ачышканына карабастан ичинен жыргап күлүп алды. Мына, эми көрөм силерди... каякка барып, бекинет экенсиңер? Силер менден оңой кутулдук деп атасыңарбы? Жок, мен өлгөнүмчө дагы силерди далай жадатам...
Ал жакшы билет, анын оорусу узакка созулган оорулардан, ошондуктан ал дайыма ушинтип өзүнчө жыргап, аз болсо да өзүнүн оорусуна өзү күлүп алат. Мейли, Мен да силерден кем калбайм. Өзүңөрдү кыйынбыз деп атасыңар, а? Кыйын болбой калгыла. Ушунуңар үчүн жообун тартасыңар: бир кезде бизге сыйынганыңар үчүн да, эми бизди жек көргөнүңөр үчүн да. Сөзсүз жоопко тартыласыңар... Адамдар анын үйүнө кирбейт, бирок анын да эч кимди көргүсү жок: көп убакыттан бери жалгыз жашап, ал тарки дүйнө кылганга көнүп калган.
      Жакын жерден бир күү угулуп жатты, чал тыңшап калды. Ириде ал күү экенин деле түшүнгөн жок; кандайдыр бир жагымдуу, мукамдуу дабыштар, кайдан келгени белгисиз, угулаар-угулбас башталып, анан даана чыгып, анын денесин бүт каптады. Чал болукшуп калды. Мурун ал "Аппассионата" дан башка эч кандай обонду угуп деле көргөн эмес, "Интернационалдан" бөлөк эч нерсени ырдачу да эмес, азыр болсо ал эмнегедир кунт коюп угуп, кулактарына чалынган дабыштарды тыңшап жатты. Күү жай башталып, алыстан чыгып жаткансып, бара-бара жакындай берди. Чал көздөрүн жумуп, ныксырап калды: анын көз алдына чөлдө келаткан кербен тартылды. Катар тизилген төөлөр аптаптын ысыгына термелип, кумдун үстүнө туяктары тийип-тийбестен чайкалып келатты. Ар бир нардын жанында буттарын кумдан зорго сууруп алып баскан төөкеч бар; алар беттерин селде менен оронуп, көздөрү сүзүлгөн өңдүү, чаңкап, төөлөргө кошо термелет. Обон катуулап угулуп, эми мурунку жалгыз найга кошулган добулбас, нагаралардын дабышы күүнү күчөттү. Кербенчи баш болуп, соодагерлердин бардыгы алсыраган; алар суусундук үчүн көкнар ичип алган сыңары, баштарын күүнүн ыргагына шайкештирип ныксырайт. Күн так чокуда отко какталган тегерек темир табак сыяктуу табын жерге таратат. Кербен жакындаган сайын обон күч алып, бирде най кыңшылап, бирде добулбас анын үнүн басып кетип турду. Чөлдүн үстү болсо тандырдагыдай кайнайт...
      Анан ал алеттен кетип, жымырай түштү; анын денеси каякадыр бир түпкүргө кулап кеткенсиди. Ал дале түшүндө биябанды көрдү, бирок бул жолу кумду буттары менен шилеп, албарды болуп, өзү келатыптыр. Туш тарабынын баары жымжырт, сүкүт салган, бир да тал көрүнбөйт, какыраган эле чөл. Ал чарчап, эрдин желки баскан, кумдактан буттарын зорго сууруп алып, анан бир аздан кийин алсырап, кайра жыгылып калат. Акырында ал чыдай албай, эки колун асманга созуп, жалынып жиберди:
      — Суу!.. Суу!..
      Эч жооп жок, айланасы дале тымтырс.
      — Суу!.. Суу!..
      Аны көздөй жай басып, бир киши келатты, колунда кумганы бар; ал идиштин оозун ылдый кылганда кумдун үстүнө суу куюлуп жатты. Чал алы жетишинче сойлоп, тигил кишини карай умтулду. Бирок экөөнүн ортосундагы аралык кыскарбастан, кайра тескерисинче улам алыстай берди.
      — Суу!.. Суу! — чал боздоп жиберди.
      Акырында тигил анын жанына келди, колундагы кумганды чалга сунуп, өзү жылмайып тиктеп туруп калды. Чал кумганга кадалды, аны шимирип кирди, бирок анын оозуна бир да тамчы суу аккан жок.
      — Суу!.. Канакей суу? — деп жалбарды чал.
      — Суу жок, — деди берки. — Сага биерде суу жок.
      — Минеге? Минеге мага суу жок? Суу берчи!.. Чаңкадым.
      — Анткени бу чөл сенин өзүңүн артыңда калтырган изиң, — деди чоочун киши. — Ошондуктан сага биерде суу жок.
      Анан ал чалдын колундагы кумганды алып, кайра жолуна түштү. Ал нарагыраак барып, кумгандын оозун ылдый каратканда, андан кайра суу чууруп төгүлдү.
      — Төкпө! Төкпө сууну! — деп айкырып жиберди чал..
      Ал ойгонуп кетти. Этинин бүт нымшып алыптыр, түшүндө эле эмес, өңүндө да ыйлап жатыптыр. Мага мине болду? Минеге ыйлап атам? Ал көпкө түшүн эстей албай, дел болуп жатты; тамагы кургап, бирок ал түшүндөгүдөй суу сураган жок. Ага баары-бир эч ким суу бербейт, анын үстүнө ал суусуз жашап деле көнүп калган. Чал тишин соройтуп, эриндерин жалап, шилекейи менен суулады.
      Тамдын ичи күңүрт, муздак. Дарыгер кыз келе турган маал да болуп калды: ал келет, кечикпей, убагында келет. Чунак кыз мине кылат келип? Мен баары-бир оңолбойм, өлөөрүм да шексиз. Анда ага мине азап? Менин сасыгымы жыттагандан башка пайда жок. Бирок ал келет, баары-бир келет. Милдетин аткарып жүрөт да байкуш! Өкмөт аны милдеттендирген, ошондуктан ал ошо милдетин аткарып жүрөт. Мен да убагында өз милдетими аткаргам, азыр эле адамдар мени каргап-шилеп, аркаман каралап атат. Ал эми учурунда алар да менин айтканымы аткарып, мен ойлогондой ойлочу. Анда алар менин көзүмүн агы менен тең айланып турчу. Менин сүйлөгөн сөздөрүм ар жерде көрнөк болуп илинип турчу. Жада калса, бир жолу: "Тоют, тоют жана тоют" деп койсом, аны да көрнөк кылып илип салыптыр. Бардыгы кошомат кылып жугуйланчы. Менин ар бир сөзүмдү иле калып, аны көрнөк катары тагып койчу. Азыр эле мен алсырап калганда, алар чөөдөй үйүлүп, мени каптап кирип атат. Эми ле алар бардык күнөөнү мага жыгып, болбогон айыптарды коё берет. Мен элди туура эмес жолго салган имишмин... Оңбогурлар! Өзүңөр ошондо каякта леңер? Менин буйругуму кыңк этпестен ким аткарып турду ле? Эми араңардан эң дайиси ле мен экемин да, а? Жок, мен ак жерден безерип атам. Анда минеге ле жалгыз мени күнөөлөйсүңөр? Өзүңөрдүн катаңарды мага оодара салбагыла, оңбогурлар, бу турмушту өзүбүз чогуу курганбыз. Эми мине ле ал турмушту чанып атасыңар? Силерде дале болсо үйүр малдын кызыкчылыгы бар экен: улам алсырап же өлүп калганыңарды тепсеп кете бергиле. Баракелди!..
      Ошондо ал түшүн эстей койду. Бу түш минеге кирди? Мурун мен бала чагымда ле болбосо түш деле көрчү месмин. Ошондо деле түшүмдө болгону учуп жүргөм. Кайсы куш экеним эсимде жок, бүркүт белем, туйгун белем? Эсимде, мен ошондо асманды айланып калкып жүргөм, астымда жер, кишилер, ит-мышыктар. Мына, ошолорду түш десе болот эле, ал эми бу мине? И болсо... райис болуп турганымда бир жолу жаман түш көргөм. Мен түшүмдө... өз апамы... зордуктап атыптырмын. Ал кара терге түшүп чоочуп турган. Астейдил атасынан сураганда, тигил аны соорото баштады. Дүйнөнү башкарат экенсиң деди, түшүңдөгү сен өкүм сүрө турган жер-эне деди, жерден да, энеден да баарыбыз жаралабыз деди. Анда тиги чөл минеси? Мен кайдагы чөлдү калтырып жүрөм? Андай болгон эмес. Тескерисинче, мен дал ошол чөлдөрдү гүлзарга айлантпадым беле! Же менин ушу унутулган урандыларды шаарга айландырганым жалганбы? Анан минеге кайра мени күнөөлөйт? 
      Же мен чын эле артыман чөл калтырдымбы? Бирок мен ага жалгыз күнөлүү месмин да. Бардыгыбыз эле ошо жыргал мезгилди курбадык беле. Же эми мезгил жыргал болбой калдыбы? Оба, биз чөлдү сугарабыз деп дайраларды артка кайрыдык. Мурун эл жашабаган каксоолорду көгөртүш үчүн ошондой кылыш керек эле да. Оба, биз ГЭС курабыз деп аккан сууларды буудук. Бирок биз аны ар бир үйдө жарык болсун деп кылдык да. Анда мине, менин кылган ишим бүт заябы, мээнетимин бүт текке кеттиби? Андай болбосо керек... Бирок бу чөл-биябан мине? Абатталган шаар дале турат, ал жер менен жексен болду деп уккан жокмун. Былтыркы зилзала ле там-имаратардын түбүн бошотуп койбосо, бу шаар дагы көпкө чыдайт. Анда түшүмдөгү чөл кайдан? Адамдардын дилинде калтырган чөлбү? Же өмүрүмүн натыйжасыбы? Эгер менин ушуга чейинки мээнетимин бүт жердин үстүндө чөл калтырууга арналса, анда жанагы мен адашкан чөл өзүмүн дилим турбайбы... Көрсө, мен өз дилимен адашкан турбаймбы. О караан түн! Бүт өмүрүмү ак жашадым, элге кызмат өтөп келдим деп жүрүп, акыры өлөр маалымда түшүнөрүм ушу беле?.. Мен мундан башка тагдырга татыктуу мес белем же бүт өмүрүм башкача өлүмгө жарыбайбы?
      Чалдын шаарды көрбөгөнүнө көп жыл болгон. Ириде эле анын колдоруна, буттарына шал тийип, ал көрүнгөн ооруканаларда жүрдү, анан бул оорусу башталды. Шал го тиги кагындын кесепети, бирок бу былык минеден? Догдурлар оорунун атын айтпайт, бирок ал өзүнүн айыкпас экенин түшүнөт. Денесинин бүт суу басып, алар жарылганда, ичинен ириң аралаш кан агат; бир жарасы карттанганча, экинчи жара пайда болот. Эң алгач анын оозуна кичинекей тирсейген шишик чыккан, аны ал көңүлүнө да албай, шалы менен алек болуп жүрө берген. Догдурларга да унчукпай койгон. Кийин денесинин бүт бир бысмылга айланганда, ал жаралары сасып, улам ириңге толуп кетчи. Ошондо аны ооруканадан чыгарып, үйүнө жөнөтүштү. Анын айыкпасына көзү жетти — ал эч каршы болгон жок. Кемпири тирүү кезинде күнүгө шейшебин алмаштырып, жууп турчу, эми ал көз жумгандан бери чал бир шейшепте жатат. Башында ак шейшеби азыр кызылала болуп, улам оодарылган сайын сыйрылган карттар аны калың каптады.
      Ошондон бери аны кыйнаганы эле бир суроо: дарыгерлер ошондо ле менин өлөрүмү билгенби? Эгер билсе, анда орулууну айыктырышка аракет жасабай ле, аны таштап койгону адамгерчиликке жатабы? Ушу да акыйкатпы? Биз илим өнүксүн деп, динге каршы күрөшкөнүбүз анда минеси? Илимиң өзү чабал болот турбайбы... Анда адамдар эки көзүн асманга тигеп, үмүтттөрүн кудайдан күткөнү деле туура да: эгер биздин атеизм эч кандай укмуш кылалбай, адамды да дарылаганга жарабаса, анда тиги байкуштар мине кылсын? Карапайым адамдар эртеңки күнүнөн бегам болууну каалайт да, ал эми биздин илим андайды камсыз кылалбай койду. Анан эгер дарыгер өзү айыгарына ишенбесе, анда орулууну мине кылабыз?
      Аны жакында эле дарыгер кыз менен сүйлөшкөнү оор абалда калтырды. Ноокас бул тууралу эмнегедир эми эстей койду, мурун ал капаланбайын деп бул окуяны унутууну каалачы эле. Ал кыздан эгер керектүү нерселердин бүт болсо, анда ал аны айыктыра алат беле деп сураганда, тигил ийинин куушуруп койгон.
      – Мүмкүн...
      – Минеге "мүмкүн"? Бардыгы болуп турса дагы колуңан келбейби? – деп таңгалган бейтап.
      – Биз кудай мес, жөн эле дарыгербиз, – деди кыз.
      – Кызым, сен да кудайга ишенесиңби? – деп ого бетер таңыркады орулуу. – Силер билимдүү, сабаттуу кишисиңер го...
      – Анан мине кылалы? – деп жообу менен аны биротоло найүмүт калтырды дарыгер. – Бардыгы кудайдан да...
      Анын ичи ачыша түштү, таарынганынан ал дарыланбай да коёюн деди, бирок эртеси тигил кыз кайра келип жылмайганда, аны капаланткысы келген жок: ошол маалда ноокас дарыга караганда тигил кыздын күлкүсү өтүп кетерин, аз болсо да өмүрүн узартарын түшүндү.  
      Чал бир жыл мурун пендечилик кылган кемпирин да эстей кетти. Ушул кыз менен кемпирим экөө менин өмүрүмү узартып жүрүштү да. Берконум өмүрүндө кандай гана кордукту көргөн жок: жаңы баш кошкондон баштап, ал менин көктүгүмөн жабыр тартып жүрдү, анан мен минтип ооруп калганда, керээли-кечке менин былгыган шейшептерими жууп жүрүп өтүп кетти. Кайран гана кемпирим, топурагың торко болсун! Ал өлгөнүнчө кудайдан, анын каарынан коркуп жүрдү, өлүп жатканында да бул алакчы дүйнө менен коштошуп, акыретте аны жыргал турмуш күтүп тургансып, тирүү мени аяп карап отуруп жан берди. Деги ошо акырети бар болсочу! Наадан адамдар аны өздөрү оюнан чыгарып алган, анан эми кайра өз калпына өздөрү ишенет. Алар кудайды да өздөрү ойлоп тапкан, эми өздөрү андан коркуп, анын каарынан жалтактап, өмүр бою титиреп жүрүп өтөт. Жүрбөймбү мен эч кандай кудайы жок эле: мен андан эч качан корккон эмесмин, эми деле коркпойм. 
      Чал жаш кезинде динге ишенгендерге ушул тууралу эмне деп жооп бергенин эстеди. Ал күнү чогулуш болуп жаткан. Адамдар колхозго кошулгандан коркуп, молдонун айткан кыямат-кайымы жөнүндө тынбай кайталай беришти, ошондо Орозкул ордунан тура калып, башындагы калпагын чече салды да, аны жерге ыргытып жиберди. "Кана, эгер кудайыңар чын эле бар болсо, анда ушу менин баш киймими кайра кийгизип койсунчу!" — деп кыйкырды ал дагдаарып калган айылдаштарына. Элдин баары тымтырс боло түштү. Бир пастан кийин ал калпагын кайра алып кийип, шылкыйып отурушкан кишилерге карап, каткырып күлдү. "И-и, ушу жеңил калпагыма алы жетпеген кудайдын минесинен коркосуңар? Анын минесине сыйынасыңар? –деди ал.— Силер андан көрө жаңы өкмөткө сыйынгыла, ал силерге жер берип атат, мына эми жаңы, жыргал турмушту куруп берет..."
      Ошол күндөн баштап кыштактагылар андан бир жагынан коркуп, бир жагынан ага жаалданып, ичтерине кек сактап калышты. Ал эми Орозкул, тескерисинче, желигип, күндөн–күнгө дүгдүңдөп, жекесинип жүрдү.
      Анын кудайга каршы өчү бар болчу: бала кезинде иниси катуу ооруп, Орозкул күндөп-түндөп кудайга жалынганына карабастан, ал чарчап калган. Анын жаны ачыганы: беш жашар анын иниси өтө боорукер болчу. Ал бардыгын аяй берчи: көчөдөн улам өтүп жаткан тилемчилерди деле, ошол эле көчөдөн шагырап өткөн байларды деле. Байларды аяп мине кылат десең? Жок, аларды деле аяй берчи. Байлар дагы жалгызсырайт имиш. Бирок артынан жайнап жүргөн элчи десе, иниси ага да макул болбойт. Байлар баары-бир жалгызсырайт, анткени аны айланчыктагандар ичинен жек көрөт дейт. Иниси кайгылуу ырларды да ыйламайын ырдачы эмес. Орозкулдун ага жини келип, аны шылдыңдай берчи: ыйлактарды ал өтө жаман көрчү. Иниси кайгылуу жерин кайраттанып ырдайын дегенде эле, тентек бала кабак-кашын мурчуйтуп, тигини ыйга салчы. Байкуш менин үкөм! Ар кимге эле боор оруй берчи... Эми ошол инин кудай алып коюп жатпайбы. Бир баш кесер, канкорлорду эмес, байкуш боорукер, ак көңүл инин...
      Көптөгөн найүмүт далбастары жардам бербей, улам өчүп бараткан наристенин тырышып калганын көрүп, төшөктүн түбүндө боздоп ыйлап отурган апасы менен атасын көрүп, анан тигил иниси ар биринин колун өпкүлөгөндө, ал көчөгө чуркап чыгып, көздөрүн асманга тигеп, теңирге наалат айткан. "О кудай! Мен сенден бир гана нерсени сурадым, бирок сен аны аткарбай койдуң. Түкүрдүм сага, кудай! Түкүрдүм сага, жараткан!" — деп өксүп ыйлаган ал. Анан ал караңгыда үйүнө кайтып келип, тамдын ичи толо элди көргөндө, ичинен кудайга каршы, динге каршы күрөшүүгө ант берген.
      Ал ушул күнгө чейин ошол антын аткарып келатат; анын бүт өмүрү, бүт ишлети динге, кудайга каршы күрөшүүгө арналды. Бирөөлөр аны жаны кейип, ооруганда кудайды эстейт деп жүрүштү, бирок ал ушуга чейин ооруп деле келди, анын жаны деле кейиди, анткени менен ал баары-бир доюрдукка туруп, бир да жолу кудайдын атын оозуна албай койду. Экинчилери аны карыганда акыры кудайга моюн сунат дешти, бирок ал, мына, бир буту менен көрдө турат, ошондо да ал эч кимге даттанбай, эч кимден жардам сурабай, өз карылыгы менен өзү таймашып жатат. Ал азыр өлүмдөн да коркпой калган, болгону гана ажал тезирээк келсе экен деп тилейт. Бирок ажал эч келбей койду. Кана ал, чалгысын көтөрүнгөн, арсайган тиштүү мастан кемпир? Чалдын кыжыры келип, ал төшөгүндө туйлап жиберди. Ошондо бескеги кайрадан кармады, анын башы жаздыктын үстүнө дармансыз кулап түштү.

 3
      Кемпири алпейим өлүп жатты. Ал ыйлаган да жок, доолуланган да жок. Анын кыйналганын Орозкул гана билчи, бирок ал жардам бермек түгүл, өзүнүн алапайын таппай турду.
      Орозкул дивандын үстүндө, кемпири болсо жерде эле төшөк жабынып жаткан. Орозкул кемпиринин кубарыңкы өңүн байкап калды: тигил жалынып жаттыбы, бирдемени суранып жаттыбы, бирок эриндери титиреп кетти. Чалы болсо ага эч нерсе бере албай, жада калса, маңдайын сылаганга жараган жок. Ал чыйрыгып жаткан тигини тиктеп гана күтүп турду. Жок, өлүмүн эмес, тезирээк айыгышын күттү, анткени эгер кокусунан кемпиринин көзү жумулуп кетсе, анда ага өзүнө гана кыйын болмок. Ал ошондон коркуп турду: бекеринен чалдар кемпиринен мурун өлгүсү келбейт да. Аялдар го өзүн эптеп багып кетет, балдарын да бепестей алат, ал эми чалга өтө кыйын болот. Кудай анын бетин... Каяктагы кудайды айтып атам?.. Аялыңан кийин кала көрбө! Бирөөнө көз карандыылыктын бетин нары кылсын! Көз каранды болуу дегенди мен жакшы билем го, анын жүзүн көрсөтпөсүн.
      Адамга ишенип болбойт! Адам итке дагы теңеле албайт: итке бир сындырым нан берип койсоң, ал өмүр бою сага кызмат кылат, артыңан калбай жүрөт, түнү менен сенин өзүңдү дагы, сенин үйүңдү дагы кайтарат. Ал эми адамга жакшылык кылып көрчү, ал дароо аныңы унутуп коёт, ал эле эмес, боор оорусаң, боорго тебет. Ошондуктан жакшы бир итти бак, опаасыз адамга дос болбогун. Мүмкүн, ошондуктан кээ бир адам ит багат. Аны жуундурат, жалаң эт берет, кээде ага кийим дагы тигип кийгизет. Ошол эле адам кайырчыга бир тыйын бербей коюшу мүмкүн, үйүнөн дагы кууп жиберет. Анысы деле туура болсо керек: иттен аздыр-көптүр пайда болот, ал эми адамдан жалаң жамандыкты көрөсүң. Орозкул мурун иттерди жек көрчү, ит кармаган кишилерден дагы жийиркенип турчу. Ит ээсинин колу-бетин жалап жатканын көргөндө, окшуп да кетчи. Ит менен кантип өбүшөт дечи. Кийин ит жыттанып калат да... Тү, атаңын көрү десе...
      Бирок ооруканага жатып калгандан кийин, ошол жерден адам денесинин чириген-ириңдегенин көргөнүнөн кийин ал иттер тууралу оюн өзгөрттү. Былгыган адам денесинин жанында иттин сасыгы деле билинбей калат экен. Адамдын былыгынан өткөн сасык жок, ошондуктан Орозкул иттерге карата көз карашын өзгөрттү. Ал эле эмес, бул макулуктар адамдын эң жакын, ишенимдүү досу болуп көрүндү. Адамдарчы?.. Алар эң жалганчы, опаасыз малдар!..
      Орозкул канча жолу адамдарга жардам берди, бирок алардан кайра жалаң жамандыгын алды. Ал адамдын опаасыздыгын жөн гана бирөөнөн угуп эмес, өз башынан өткөргөндүктөн билет. Бир кезде ал жардам берген жайнаган дос-туугандары болгон. Көрсө, ошол жардамы керек үчүн эле тигилер аны айланчыктап, өмүрү жакшылыгыңызды унутпайбыз деп анткорлонуп жүргөн турбайбы. Кийинчерээк куугунтукта калганда, анын жанында болгону аялы менен уулу гана тикесинен турду. Мына, адам деген ушундай болот экен! Аларга ишенип болбойт. Аялың, аның дагы имандуу болсо, бала-чакаң, аларың да нысаптуу болсо, ошолор гана сени жамандыкта таштабайт. Ошондо да бирөөнөн көз каранды кыла көрбө!.. 
      Байкуш кемпиримдин калган катындардагыдай мекери да жок эле. Катындын кылыгы минеде? Ал дайыма эркекти башкаргысы келет. Ал дайыма эркек үстүнөн үстөмдүгүн токтотпойт: ириде эле ал өзүн биринчи өптүргөндө жигитине үстөмдүк кылат; анан ага турмушка чыкканда да ал аракетин токтотпойт; кийинчерээк биринчи балалуу болгондо, анан – биринчи уулду болгондо, анан ээри катуу ооруганда, анан эң акырында тигил карыганда дагы ошол үстөмдүктү талаша берет... Ошентип эрди-катындын талашы түгөнбөйт. Бирин эркектер башында эле жеңилип берет, калгандары өлгөнүнчө күрөшөт. Мен ошо экинчилеринен болсом керек...
      Кемпири алеки саатта ооруп калды. Ага чейин анын ооруп калары Орозкулдун оюна да келбептир: эмнегедир ал аялдардын ооруганын көрбөптүр, көрсө да бир аз сыркоологонун көрчү, ошондо деле алар нары-бери чуркап үй-тиричилигин кыла берчи. Эмне болсо да кемпири ооруп калды: ал түнү менен чалынын кийим-кечесин, шейшебин жууп чыккан, анан эртең менен эле төшөктөн тура албай калды. Балким, анысы деле жакшы болгондур, балким, аны кудайы аягандыр, бу байкуш кемпирди кыйнабай, жанын тынчытайын дегендир. Балким, кемпирими алып кеткен кудай мени дагы ого бетер кыйнайын дегендир? Мыкаачылыгын карачы, я! Менин ансыз деле буга чейин кыйналганым жетпей калгансып, дагы кыйнагысы бар, а?.. 
      Кемпири анча кыйналган деле жок, үч күндөн кийин эле жаны таслим болду. Көмгөнү Орозкулдун дагы, кемпиринин дагы бүт туугандары келди. Ыйлап-сыктады, үч күн үйдө жатты, анан тиешелүү ырым-жырымын аткарып коюп, бардыгы тарап кетти. Кызык, мага ушу салттар эч жакпайт: калп эле ыйламыш болуп өкүрө берет, көздөрүндө болсо бир тамчы жок. Бардыгы жалган. Көмгөндү да тойго айландырып ийет: бири бири менен жарышып мал соёт, бири бирине кийит кийгизет. Анын мине кереги бар? Чыгымды эле көбөйтөт: булар бирин апкелет, тигилер башкасын кийгизет. Тим эле соода-сатык. Тирүүсүндө бири бирин каргап шилейт, бири бирине бир сындырым нан бергенге жарабайт, ал эми сөөк талашып мушташып да кетет. Ар кимдин сөөктү өз үйүнөн чыгаргысы келет: төркүндөрү өзүнө тартат, кайындары – өзүнө. Өлгөн кишиге анын баарын мине кереги бар? Ага тирүүсүндө оозуна суу да тамчылатып койбогондор, өлгөндөн кийин биринен өтө бири мал соё берет. Ушу салттары мага эч жакпай койду, бир пайдасы жок...
      Эсинде, бир жолу чоң атасы өлүп жатканда, ага бир кесим этин аяп коюшкан. Орозкулга ошол окуя катуу тийген. Чоң атасы өлгөнү өзү эле жакшы көргөн небересине оор иш, бирок андан да жаманы – ошондогу бир нерсе анын тынчын алып, аны күнөөлүү сездирип кыйнап жүргөн. Ал эмне эле? Жөн эле жаш баланын таарынычыбы же өзүнчө оолукмасыбы? Бүт өзүнө кабыл алмай дартыбы же жөн эле жаштыгыбы? Жаштыгы болсо керек, ошондуктан туугандарына таарынып, ичи сууп калган.
      Эс-учун жоготуп, бир маалда эсине келгенде, чоң атасы эмнегедир ириде эле шорпо сурады. Эмнеге шорпо сурады экен? Жөн эле ичкиси келдиби же бул анын акыркы мураты беле? Бирок шорпо ичсем деди. Манту же палоо деген жок, шорпо деди. Ошол маалда үйдө бир тилим эт жок болчу. Апасы улам сабизди кайнатып берип жаткан, анткени сабиздин өңү дагы эттикине окшош экен. Орозкул ушуга чыдабай кетти: ал туугандары үйүлгөн короого чыкты. Сарайда кой байланып турганын ал жакшы билчи.
      – Чоң атама шорпо керек, – деп, туугандарын жаман көрүп, кескин сүйлөдү Орозкул. – Койду сойгула...
      Туугандары эмне болуп жатканын түшүнбөй, унчукпай турду.
      – Чоң атама шорпо керек, – деди дагы бир жолу Орозкул, үйүлгөн элди аңырая тиктеп. – Мине, сойгуңар келбей атабы?
      Туугандары эмне кылаарын билбей, бири бирин карап коюп, улам көздөрүн ала качып жатты. 
      – Минеге унчукпайсыңар? – Орозкул жинденип кыйкырып жиберди. – Бу анын мураты... Аны аткарбасак болбойт... Же силер адамды мес, салтты гана сыйлайсыңарбы?
      – Уулум, кой, – деди атасы. – Аларда мине айып? Атама баары-бир жардам бералбайбыз...
      — Атамын шорпо ичкиси келип атпайбы! – деп ыйлап жиберди Орозкул. Ошол учурда ал эч жерде иштечи эмес, үйүнө да жардам бере албачы, ошондуктан ал ыйлап жиберди. – Бир пийла шорпо табалбайсыңарбы? Бир татым эле... А, кокуй десе... Силер адамды мес, салтты гана сыйлайт турбайсыңарбы! Силер өлүп аткан адамдын муратын эмес, өзүңөрдүн милдетиңерди ойлойт турбайсыңарбы! А, кокуй... Силер чаңкаганга суу да бербейт окшойсуңар!..
      Анан ал боздоп ыйлап жиберди. Ызаасынан. Арыз-муңунан. Алсызынан.
      Көрсө, түшүм ошояктан турбайбы! Чаңкоом ошондон турбайбы! Чөлдү дагы ошон үчүн көрүп аткан турбаймбы! Дилими ошо туугандарым соолутуптур. Алар менин эң нысапсыз душмандарым экен, анткени алар мени күттүрбөй урат. Кыйналып турсаң, үшүп турсаң, ачка турсаң, алардын бири да жок. Бир кызматка илинип калсаң, ар бир ит сага тууган боло калат. Койчу, алардын итке теңелмеги кайдан? Ошо туугандар ар кандай салт, үрп-адат, диндерди адамды байлаш үчүн чыгарган. Адамды бөлүнбөсүн деген, элден алыс кетпесин деген, элдей эле агын суу болсун деген... Анан ошо туугандар өздөрүн эл атаган, баарын өзүнө баш ийдирген. Ошол элдин атынан бирөөнү мактап, бирөөнү жамандайт, бирөөнү көтөрүп, бирөөнү кулатат, бирөөнү такка отургузат, бирөөнү тактан кууйт... 
      Орозкул эл салттарын да, үрп-адаттарын да жаман көрөт. Болбогон иш. Убактыңы да алат, күчүңү да алат. Ушу салттардын артынан нечен деген чыр-чатак болот? Тигини кийгизбей койду, муну дасторконго койбой койду, тигиндей табак тартпай койду. Кыскасы, таарыныч эле көп. Анда ошо салттардын кереги мине? Алардын көпчүлүгү динден келген, ал эми дин анын эң чоң душманы болчу. Оюна койсо, ал бүт ырым-жырымды жоюп салмак. Мине кылат өкмөт элдин оюна коюп? Кереги мине? Жоюп сал да салтты, ошону менен бүттү...
      Ал бир жолу чайканаларды жаап салган. Ага бир киши чайкана ушак таратуучу жай деп арызданып келген. Он чакты чал отуруп алып эле, тиги токтом туура мес, бу токтом аткарылбайт деп дөөдүрөй берет. Анан эмне, ал анын баарына карап отурмак беле? Чайкана чай ичкен жай эмес эле, өзүнчө бир тополоң салчы жай болуп калган. Анан чынында эле бүгүн чайканада айтылган нерсе эртең аткарылып кетчи. Же ошо чайканада отургандар аны кылдыбы, же алар ошончолук көрөгөчпү, акыры келип тигилердин айтканындай болуп чыкчы. Ошондуктан анын кол алдында иштегендердин бирөө чайкананы ар кандай ушак таратуучу жай деп даттанганда, ал ойлонбой туруп кол коюп берди. Болбосо мине, ошо алжыган чалдарды чыдап жүрө беребизби? Үйүндө ле тынч отура беришпейби. Жок, алар дагы саясатты сүйлөйт. Өздөрүнүн кемпирине алы жетпейт, короосунда бир тоогу жок, анан саясат, коом, дегеле турмуштун бүт сүйлөп талкуулайт. Мына, эми талкуулай берсин!
      Акыйкаты, аны чайканаларды жойбо дегендер да болду. Биз да карыйбыз деди, биздин да барар жерибиз болбой калат деди, күнүгө бирөөнүн үйүнө батпайсың деди, үйдө да отура бербейсиң деди, ошондо каякка барабыз деди... Албетте, чайканага барабыз деди. Аерден чай ичебиз, наркы-беркини сүйлөшөбүз, акыркы кабарларды угабыз деди, ошондуктан чайкананы жоюп болбойт деди... Бирок Орозкул алардын кебин уккан да жок, ал чайкананы эскинин калдыктары деп жоюп салды. Чалдарчы? Алар кобуранып-собуранып, ошо бойдон адатынча кала берди. 
      Дөөлө айылынан ушундай эле чалдар сотко берип отуруп, анын бир кызматкерин иштен кетирткенин Орозкул жакшы билет. Ал айылдын эли адамдарды мазактап, алардын кемчилигин шылдыңдаганга көнүп алган. Алар түз айтпай, дайыма какшыктап, ишарат кепти сүйлөй берчи. Акыры алар чоңдорго да асыла баштады, алар ар кандай текшерүү, көзөмөл менен кээде барып калган кызматкерлерди да тамашалай калчы болду. Ошентип отуруп алар бир күнү Орозкулдун өзүн дагы какшыктаган. Какшыкты түшүнгөнү менен ал билмексенге салып койгон. Антпесең эл зорго эле турат, кеп эл арасына тарап кетмек. 
      Ошол күнү ал тигил каргыш тийгир Дөөлөгө чөп чабык кандай жүрүп жатканын көрүп келейин деп барып калган. Ал эл арасына "Тоют, тоют жана тоют" деген ураанды да таратып жиберген. Башкармалыкка келсе, эч ким жок. Өзү талап койгондой эле, элдин баары чабыкта экен. Анын буйругу так аткарылып жатканына бир жагынан кубанып, эшиктин алдында бир аз турду. Нары жакта коктуда үч аял чөп чаап жатыптыр. Ошол жерден ал чалкасынан кетти: бу мине дегени, мамлекеттик план аткарылбай атканда, булар болсо өзүнө чөп чаап атат? Мен катуу буйрук кылбадым беле, чабык боюнча план аткарылмайын, бир да адамга жеке менчикке чөп чабууга болбойт дебедим беле. Булар болсо так башкарманын көз алдында туруп чөп чаап атат го, кокуй! Орозкул дароо башкармалыктын кароолчусу менен чарбанын эсепчисин чакырды да, аялдар чапкан чөптү тракторго жүктөп, чарбанын үймөктөрүнө ташып барып кошууну буйрук кылды. Тигилер ошол замат буйрукту аткарды. Бирок Орозкул дале алымсынбай, кыжыры кайнап, аялдарды карай кыйкырды:
      — Кана, дагы каерде чөп калды? Каерге бекиттиңер, я, айткыла?
      Ошондо аялдардын бирөө секин гана үн катты:
      — Менин чатымы кашып көрсөңөр, бирдеке чыгаар...
      Оба, Орозкул наалаты дөөлөлүктөрдү жакшы билет: алар эч кимден тайманбай, кимди болсо мазактай берет. Ошентип алар бир жолу анын жакшы үгүт-насаатчысы Айдаровду да шылдыңдап койгон.
      Айдаров кашка баш болчу. Кашайгансып ал ошол күнү пахта терим иштерин текшергени облустан келген чоңдорго кошулуп Дөөлөгө барыптыр да. Албетте, дөөлөлүктөр бардык чоңдорду тоскондой эле какшыктап кирет. Жөн эле тамашаласа мейли го, алар какшыктай баштайт. Дөөлөлүктөр эчки соёт, башын тең бөлөт да, мүйүзү бар оң жаагын чоңдордун бирөөнө тартат, экинчисине – сакалы бар сол жаагын тартат. Меймандар болсо эч нерсе менен иши жок тамакка киришет, тамшанып жей баштайт. Бирок Айдаров түшүнөт: муну дөөлөлүктөр бекеринен кылган жок. Мүйүздүү жаак жегендин аялынын аягы суюк деп жүрүшчү, ал эми сол жаагын жегендин чукчуйган сакалы бар болчу. Өзүнө кандай какшык тийер болду экен деп, Айдаров даяр күтүп калат. Дөөлөлүктөр унчукпайт. Көрсө, алар какшыкты эң артына калтырыптыр: коноктор этти жеп, башты мүлжүп бүткөндө, мазакчылардын бирөө таптаза сөөктү колуна алып тамшанат дейт:
      — Я, келишкен эчки эле, а? Башы баш эле да! Кайран баш эми мына минтип кашка болуп калыптыр го...
      Ушул жерден Айдаров чыдабай кетиптир: ал дөөлөлүктөр жөнүндө ыр чыгара коюп, анысы аз келгенсип ошол ырын жергиликтүү гезитке да бастырып жибериптир. Чынын айтса, анысы ыр деле эмес, жөн гана чычалаган кишинин чыры болуп калыптыр.

  Дөөлөлүктү бир жерге үйүш керек,
       Аларды бир ороого көмүш керек, -

деп бүтүрүптүр Айдаров. Дөөлөлүктөр арызданып Маскөөгө жазып жиберет: бул сөздөр жөн киши эмес, мамлекеттик кызматчынын оозунан чыккан соң, аны мамлекеттик саясат десе болот; оозуна карап сүйлөбөйбү, ал бүт элди кырууга чакырыптыр, муну тукум курут деп коёт дептир. Айдаровго эч ким болуша албай койду, аны ишинен бошотууга туура келди. Дагы жакшы — каматкын деген жок, болбосо элди кырууга чакырганы үчүн кесип жиберсе да болмок. Мына, дөөлөлүктөр ушундай эл!
      Акыйкаты, алар Орозкулдун чайканаларга карата ишин какшыктай алган жок. Дегеле адамдар анын кылгандарына сын айтуудан коркчу. Бирок өздөрүнчө күбүр-шыбыр болуп, ага ар кандай ат тага берчи: талкаланган буту үчүн аксак, сынык эки манжасы үчүн мунжу дечи, жасанган сыланкороз, жада калса, оолукмасы бар деп да койчу. Эл аны дагы Намурут деп атап, ага каршы бир нерсе кылуудан анын бир шайтаны бардай коркуп турчу. Орозкулду кудайды тааныбаган байыркы Намурут деген падышага окшоштурчу. Көрсө, ал падыша килейген от жактырып, Ибраим пайгамбарды ошол отко өрттөөгө буйрук бериптир. Бирок Алланын амири менен от пайгамбарга эч кандай зыян келтирбей өчүп калат. Бу мине деген дөөдүрөгөн сөз? Ар бир адам өзү калаганын эле көрөт. Тагыраак айтканда, өзү элестеткен немени көрөт. Биягынан адамдын кыялы күчтүү: ал бирде туруп ар кандай ажыдаар менен мастандарды көрөт; бирде туруп ак атка минип алып, ар кыл дөө менен азыткыларга каршы салгылашууга чыгат; бирде туруп анын көзүнө түрдүү олуялар менен пайгамбарлар көрүнөт. Мисалы, минеге мусулманга Иса пайгамбар, Маржан эне же касиеттүү олуялар көрүнбөйт? Анткени мусулмандар аларды ойлонбойт. Же отпарастардын түшүнө минеге Ибраим, Исак, Мухамед кирбейт? Себеби тигилер дагы андай пайгамбарлар жөнүндө уккан эмес. Демек, адам минени көп ойлонсо, түшүндө ошону көрөт. Алардын эч кандай шумдугу деле жок, алар болгону акыл түштөрү. Эгер азыр адам балык же куш жөнүндө көп ойлонсо, анда түшүндө алар коркунучтуу болуп көрүнөт. Диндер деле ушундайча пайда болсо керек. Ар нерседен корккон адамдар Кудай менен пирлер, олуя менен кур кыздар жөнүндө кызыктуу окуяларды ойлоп чыгара берген. Кур кыз дегендей... Жаш жигиттерди динге тартуу үчүн зияратчылар кандай гана жомокторду чыгарбайт? Бир жолу атасынын тамын салып жаткан усталардын бирөө кудай жок деген Орозкулга кандайча түшүндүргөнүн эстей койду. Кудай тууралу кеп капысынан чыгып кетти: там салуу жөнүндө кеп жүрүп жаткан, Орозкулдун атасы жыгач-тактайдын жетишсиздигин айтып, тагдырына наалып калды.
      — Капаланбаңыз, аксакал, – деп сооротту уста. – Кудай өзү жардам берет.
      — Жардам бербей калды го, – деп оор үшкүрүндү атасы. – Кана жардамы?
      — Андай дебеңиз, аксакал, – чоочугансып шыбырады уста. – Кудай жөнүндө андай деген болбойт.
      — Минеге болбойт? – деп сөзгө кыпчылды Орозкул. – Кана кудайыңар? Көрүнбөйт го кудайыңар? Кудай жок эле болуш керек. 
      Орозкулдун сөзүнөн атасы да чоочуп кетти.
      — Койсоңчу, уулум, – деп жалтактады ал. – Ал мине деген кебиң, кокуй?
      Орозкул ого бетер тутанды.
      — Жок кудайыңардын минесинен коркосуңар? Кана ал кудай? Дайыма адам өзү ишин бүтүрүп койгондо, ал пайда боло калат. Аныңар дайыма ле ушундайбы: адам кыйналып, жүдөп атканда, ал жок; анан адамдын иши оңолуп кетсе эле, дароо кудайга шүгүр айта беришет. Аныңар мине, жалаң шүгүр айтканды гана жакшы көрөбү?
      — Кой, балам, андай дебе, – уста коркконсуп туш тарабын карап, жалдырап жиберди. – Андай деген болбойт.
      — Минеге болбойт экен? Сиз адеп эле "болбойт", "болбойт" дей бересиз да... Минеге ал адамдарды кыйнаса болот, ал эми бизге болсо аныбыз жөнүндө айтканга дагы болбойбу?
      – Баары-бир андай дебе, – уста жаттап алгансып улам эле бир сºздү кайталай берди. – Мына, мисалы, сен Кудай адам жыргап атканда гана бар болот деп атасың, а? Мындай окуяны билесиңби? Бир киши өлүп, тиги дүйнөдө Кудайдан сурайт экен да, мага жашап өткөн өмүрүмү көрсөтчү дейт экен. Кудай көрсөтсө, төрт тамандын изи турат дейт. Минеге төртөө дейт. Анткени мен жаныңда бараткам дейт Кудай. Дагы жакшылап караса, бир жерде эки эле тамандын изи турат. Минеге биерде экөө ле дейт. Анткени биерде сен кыйналып аткансың дейт. Э-э, Кудай, дейт киши, сенин акыйкатың кана? Сен дайыма мен жыргап келатканда кошулуп атыпсың, мен кыйналганда болсо жоголуп кетипсиң дейт. Көрдүңбү, Орозкул, ал да сен сураганды сурайт? Ошондо Кудай күлүп айтат... Э-э, наадан, дейт ал, бу сенин изиң эмес, бу менин изим. Биерде мен сени көтөрүп бараткам дейт Кудай... Мына ушундай, Орозкул, Кудай адамга дайыма кыйналып атканда жардам берет. Болгону муну түшүнгөнү гана түшүнөт, ал эми көбү муну түшүнбөйт. Ошондуктан Кудайга дайыма ишенип жүрүш керек, ошондо Кудай сага сураганыңы берет. Мына, мисалы, сен андан өзүңө жакшы, сулуу кызды аялдыкка сурасаң, ал сөзсүз берет...
      Тиги уста ашык болгон жаш жигиттин баары өзү сүйгөнүн эң сулуу көрөөрүн билчи да. Бирок мени алдай албайсың... Карасаң, алар адамды Кудайга ишендирүү үчүн кандай гана амалга барбайт! 
      Ошондо Орозкул кудайга ишенбей, бекем тура берген, уста менен сүйлөшпөй да койгон. Ал ордунан тура калып, кетип калган.

 4
      Анткени менен бала чагында анын иштери жакшы эле болчу: өтө бай болбосо да, ал бардар үйдө бакубат, бактылуу өсүп-чоңойгон. Ата-энеси да аны эркелетип-бапестеп баккан. Орозкул зиректүү бала болчу, ошондуктан ал медреседе аалымдыктан да, капыздыктан да, кушкаттыктан да эң тың окуган. Ушунун баары мага кийин аябай жардам берди. Колумун сулуулугу үчүн, тилимин кызылы үчүн мени кагаз иштерин так-таза жүргүзсүн деп, айыл кеңешине катчы кылып шайлашты да.  
      Атам менин таалимдеги ийгиликтериме сүйүнүп, дайыма мага "молдоке" деп кайрылчы. Мен жалаң сый-урматтын ичинде жүргөм...
      Эгер иним өлүп калбаганда мен дале чыныгы мусулман бойдон кала бермекмин көрүнөт. Бирок ага чейин дагы бир окуя анын намазгөйлүгүн бузган, муну ал унутууга аракет кылчы. Ошол кездеги балалык го, анткени менен анын тагдырына ошол нерсе аябай таасир эткен.
      Бир күнү Орозкул медреседен келсе, үйүндө бир молдо отуруптур. Анын зиректүү бала менен Кудай, дин, намаз тууралу сүйлөшкүсү келиптир. Молдо баласын күтүп, атасы менен сүйлөшүп отурган экен. Орозкул бөлмөгө кирээри менен молдо ээрип кетти окшойт, аны атасына мактап суктана баштады:
      – Аксакал, сиздин уулуңуз укмуш бала! – деп тамшанды молдо. – Балдардын баары ушундай болсо кана? Азыркы балдардын баары бейбаш, тентек болуп кетпедиби. Аларды сабаш керек, чыбык менен тызылдата сабаса, алар жалаң Кудайды ойломок!..
      Орозкулдун жини ошого келди. Сабаш керек дейт... Минеге? Балалыгы үчүнбү? Ойногону үчүнбү? "Бала... баланын иши чала" дейт эмеспи, анан ошо Кудай берген оюнкарактыгы үчүн эле баса калып сабай береби? Карасаң мунун кыйынын... Алжыган эшек десе!..
      Орозкул көчөгө чуркап чыгып, молдого өчөшүп колундагы тесмесин ыргытып жиберген. Ошо күнөөм үчүн кудай менин инимди алып койдубу? Жок, андай болбосо керек. Кудуреттүү Кудай ошого өчөшүп, менин инимди өлтүрбөсө керек го. Карапайым биз деле атасы үчүн уулу, агасы үчүн ини жооп бербейт дебедик беле. Анан ошо ырайымдуу, ыракымдуу деген кудайы адамдардан да кекчил болуп, мени инимен айрылтып жазаладыбы? Же ошо дини кайырлыгым үчүн жөн эле бутуман аксатып, ал эми иними өзүнүн бир күнөөлөрү үчүн өлтүрдүбү?
      Жо-о, бутум деле тиги коңшу кыштактагылардын кылганы. Мурун кыштактар арасында уруш оголе көп болчу. Ага ар кандай себептер да болгон. Бирде сүйлөшпөгөн кызды ала качып кетсе мушташчы. Кыздын ата-энеси менен бир туугандары ала качкандарды кууп жетип, аябай сабачы. Өлтүрүп койгон күндөрү деле болгон. Бирде арыктагы сууну талашып деле урушчу. Ал эми болушту шайлаганда го сөзсүз чабышып жатып калчы. 
      Ошондой шайлоолордун биринде коңшу айылдан келаткан Орозкулду атаандаштары кармап алды. Ал ошол айылдагыларды үгүттөп келаткан, бир нече бала аны талаадан тосуп чыкты. Ойда тепкилешти зөөкүрлөр. Өлтүргөнгө деле даяр болсо керек, башы-көзүнө карабай согуп-тепкиледи, тим эле жанчыды. Орозкул болсо унчукпай, тиштенип жата берди. Анан акыры Орозкулдун ээси ооп калганда, анын оң бутун сындырып коюшту.
      Ошондон бери ал бир бутуна сылтып басат, ошондуктан эл аны "Аксак Орозкул" дейт.

 5
      Кудай менин бир туугандарыман бирөө мес, экөөнү өлтүргөн. Кийинчерээк менин агам Искендер дагы курман болду, ал дагы менин күнөөлөрүм үчүн өч алганы болсо керек... 
      Мектептин акыркы жылын окуп жатканда, бир күнү Орозкулду адабият мугалими Кашкараева деген аяш эжеси мугалимдер отурган бөлмөгө чакыртты. Орозкул жек көргөн жабыр сабагы болуп жаткан, ошондуктан ал сүйүнүп кетти. Бирок кийинки уккандары аны кайрадан кайгыга бөлөдү... 
      Акырын такылдатып, ал эшикти ачты да, анан бир нече мугалим келерки сабакка даярданып отурган жарык бөлмөгө тартынбай эле кирип барды. Мектепте ал кездерде мугалимдердин көпчүлүгү баштапкы билимдүү болчу, айрымдары өздөрү мектепти жаңы эле бүткөн, ошондуктан кечээ күнкү окуучулар бүгүн сабактарга даярданып, окуп отуруптур.  
      Кашкараева Орозкулдун тайжесинин курдашы болчу, ошондуктан ага Искендердин апасына оор кабарды жеткирүү дайындалыптыр. Эч нерседен шекшибеген Орозкул бөлмөгө түз кирип барып, бардыгы менен саламдашты. Буга аны мугалимдери үйрөткөн: алар сыртта тура бербестен эшикти тыкылдатып, түз киргиле деген. Орозкул дал ошондой кылды.
      – А, Сатылганов, кел, келегой, айланайын, – Кашкараева аны кучактап, бөлмөнүн төрүнө жетелеп барды.
      Орозкул ошондо эле эжекесинин мурун антпей, эми өтө эркелеткенине таңгалган. Бирок жылуу мамилеси ага жакты.
      Алар орундукка отурду, анан Кашкараева астейдил шыбырап сурады:
      – Апаң кандай?
      – Кандай болмок эле? – эмнеге сурап жатканын түшүнбөй Орозкул аң-таң болду.
      – Апаң... жакшы жатабы? Ден-соолугу кандай?
      – Жакшы ле, – деди Орозкул, тигинин апасына мынчалык эмнеге кызыкканын дале түшүнбөй. 
      – Жакшыбы? Жакшы, – Кашкараеванын толкунданганына Орозкул ого бетер таңыркап, эжекесине эмне болгонун түшүнбөй турду.
      Ошол маалда тигил апасы жөнүндө дале сураштыра берди:
      – Жүрөгүчү?
      – Жүрөгү мине? Билбейм, – окуучу бала чындап таңгалды.
      – Түшүнүктүү, түшүнүктүү... Жүрөгү мине болмок эле, жакшы да, а?
      – Жакшы ле...
      – Билесиңби, Орозкул, – акыры эжекеси бир нерсени айтмак болду көрүнөт. – Билесиңби, биерде бир иш бар да... Сенин агаң бар да, а?
      – Ооба.
      – Ал Пишпекте окуйт да, а?
      – Ооба.
      – Андан кандайдыр бир кабар барбы? Андан акыркы жолу качан кат алдыңар эле?
      – Бир апта мурун андан кат келген.
      – И, анан... Андан кийин андан кабар барбы?
      – Жок, башка кабар келбесе керек... Жок, келген эмес.
      – Билесиңби, Орозкул, – Кашкараева эми дадил тактап берди. – Кеп мунда... Сенин агаңы камакка алышкан экен...
      Ал эмне болоор экен деп күткөнсүп, бир аз токтоп калды. Орозкул унчукпай турду.
      – Агаң күнадырга кол салыптыр. Эми түшүндүңбү?..
      Тымтырс.
      – Ал күнадырды өлтүрмөк болуптур, түшүнүп атасыңбы?
      – Өлтүрүпүрбү?
      – Жок, өлтүрө албапыр... Аны кармап, анан... аны дарга асып коюпур...
      Эжекеси унчукпай калды. Орозкул да унчукпай отурду.
      – Муна, кат келди, – акырында Кашкараева агасынын дарга асылгандыгы тууралу катты тапшырды.
      Орозкулдун кабагы бүркөлө түштү, ал катты көпкө эси ооп тиктеп отурду.
      Ошондон бери баягы шайыр Орозкул жок, ал үңүрөйгөн чоң киши болуп калды. Алардын үйүн караан түн басты. Өзгөчө Орозкулга кыйын болду. Мектепте аны баары шекшип карачы. Мугалимдери ага жакшы баа койгондон коркуп жүрдү, анткени алар Орозкулдун агасы Искендерди алтын белги менен бүтүргөнү үчүн да бир тооп карга калды. Кечээги эле достору ага жолобой, жакшы көргөн мугалимдери андан көздөрүн ала качып калды. Орозкул болсо алар жүзүн ушунчалык тез алмаштырганына таңгалып жүрдү. Ал көп ойлонуп, кабатыр болуп калды, бирок окуусун баары-бир таштаган жок. Агасынын кылганы жөнүндө көп ойлонуп, ал кээде өзүнчө кобуранып калчы: "Жок, андай кылбашы керек эле. Эчтеке мес, мен башкача кылам".

 6
      Орозкул өзүнүн бөлмөсүнөн бүт-баарын угуп турат: коңшуларынын ушак айтканын; алардын урушканын; алыштан кайрып келгени эмес, башкасы буруп алгандыктан арыктагы сууну талашканын; Бирде ойноп, бирде чындап балдардын мушташканын; улам арыкка кулап, сөгүнүп коюп, мас келатканын; кечээ кечинде ойногону салып кеткен кыздарды кайра алып келгенин; оюнчук талашып наристелердин ыйлаганын; жети атасына чейин бири бирин энелери каргап-шилегенин, дагы көп-көп нерселерин. 
      Мурун алар кошуналары менен аздыр-көптүр катташчы, бирок акыркы маалда алар каттабай калды. Анын кемпири үйүнө экинчи бирөө келбей турган кылган. 
      Кошуна деген өзү бир тыңчы да, ал эми анын коңшулары өзгөчө болчу. Бир күнү алар, эмнеге экени белгисиз, Орозкулдун үйүнө келмек болот. Баягы эле адаты да: бирөө бирөөнү козутуп коёт, минеге алар жакшылык-жамандыкка катышпайт дейт, же үйүнө чакырбайт дейт. Калгандары, албетте, аларды коштойт. Ошентип алар айтпай-дебей эле бир күнү кирип келет. Ошондо аялы жайнаган мусапыр конокту көрүп, буттарын чече албай кыжылдашкан аялдардын алдына босогого бир чылапчын сууну алып барат да, өзү дайыма жууп жүрчү адатына салып, тигилерге дагы бутуңарды жуугула дейт. Мындайга көнбөгөн коңшулары бири бирин тиктеп, эмне кылаарын билбей, босогодо түрткүлөшүп турат да, анан арасынан бирөө көчөгө качып чыкканда, калгандары дагы артынан атырылат.
      Ал эми акыркы кезде, Орозкул ооруп калганда, ал туугандарынын аны жек көрүп, ага жийиркенип киргенин, өздөрү болсо аны тезирээк көмүп, мүлкүн бүт талап-ташып кеткени даяр турганын көрүп, алардын бүт кууп чыкканда, албетте, коңшулары дагы биротоло кирбей калды. Ал эми айланада эмне болуп жатканын Орозкул бүт аялынан укчу. 
      Бир жолу ал Орозкулдун үйүнө ууру киргенин айтып берди. Анан алар көпкө каткырып күлүп отурду.
      – Ал мине, катыны менен бир жатпайт бекен? – деп кыткылыктады Орозкул. – Ал ууруну кантип тааныбай койду? Минтип отурса, ал ууру мүлкү менен кошо катынын деле апкетип калат го... А, балким, ал ууру мей ле, катынынын ойношу болуп жүрбөсүн, я? – ал ого бетер быкшып калды. – Мүмкүн, ал катынын уурдаганы келгендир?.. Ушунчалык да макоо болобу? Ууруну сылап, катыны кен деп?.. Анан кууп коёт имиш дагы, а?.. Ошо ууру ага жеткирип коюптур, шерменде...
      Аялы ага күчүктү ууландырганы тууралу айтып бергенде, Орозкулдун жаны чыгып кетти.
      – Аның мине, мыкаачыбы, я, Жаныбек? – деди ал коңшусу жөнүндө. – Итти өлтүрүп мине кылат? Анда мине айып?
      – Аялы ууландырган экен, – деп түшүндүрмөк болду кемпири.
      – Баары-бир, – деп болбой койду Орозкул. – Катынын итке тийбе деп койбойбу...
      Ошентип мезгил-мезгили менен ал өзүнүн коңшулары, туугандары, замандаштары жөнүндө угуп турду.
      Тууган дегениң өзү бир кызык! Алар сен керек болгондо гана пайда боло калат, керегиң жокто иши жок. Анан дагы алар колунан келгенге гана жабышат, колунда жокту жолотпойт. Анысы аз келгенсип, дал ошол туугандарың сен жөнүндө айың кеп, ушак таратат; дал ошолор сен ансыз деле кыйналып турганыңда тепкилейт; дал ошолор сага ороо казып, душманыңа жыгып берет. "Туура ханда тууган жок" деп бекеринен айтпайт...  
      Эсинде, ал биринчи жолу айылдан Музтөргө келгенде, көптөн бери бул жерде жашаган тайкесинин үйүнө барган. Тайкеси үйдө эмес экен, ал эми жаш, сулуу тайжеңеси босогону тороп, аны ичкери киргизбей койду.
      – Оторбай тайкем ушерде жашайбы? – деп уялып кеткендей болду Орозкул.
      – Жашаса жашайттыр, бирок биер мейманкана мес да, – деп ороңдоду тайжеңеси.
      Орозкул унчукпастан короодон чыкты, бирок кетпей, көчө тараптагы орундукка отуруп күтмөк болду. Бир аздан кийин тайкеси иштен келди, аны көрө коюп, ал сүйүнүп кетти:
      – Орозкул! Алтыным менин! Качан келдиң? Көп болдубу? – тайкеси сурамжылап, бирок улам аялын карап коюп жатты. Тигини жалт коюп карап, ичке кирип кетти. – Мине турабыз сыртта? Жүр, жүрө кой, алтыным...
      Тайкеси аны үйгө киргизди. Чогуу бөлмөгө киргенден кийин, аны төргө отургузуп коюп, тайкеси кийимин которунганы кетти. Ошондо коңшу бөлмөдөн чыр-чатак угулду:
      – Качаңкыга чейин эле үйүңү туугандарыңа мейманкана кыла бересиң? – деп даана угузуп кыйкырып жатты тайжеңеси. 
      – Туугандарыма асылба! – деп андан беш бетер жооп кайтарып бакырды тайкеси, чын эле кыжыры келгениненби же болушканын угуп, ал туугандарга айта барсын дегениби — белгисиз. 
      – Кайсы туугандарың? Тиги жүдөгөн туугандарың болсо, анда мен аларга ашпозчу болгум келбейт, – деп чыңырып жатты тайжеси, балким, ал дагы Орозкул ушунун баарын угуп, анан айылдагыларга айта барсын десе керек.
      Алар дагы көпкө акыйлашып, биринен өтө бири ажылдап жатты, бирок Орозкул апасы инисине берип жиберген базарлыгын таштаган бойдон көчөгө атырылып чыкты. Эшикте суук, караңгылыгына карабастан тайкеси артынан кууп жеткен деле жок. Орозкулдун башка бараар жери болбогондуктан, ал үшүп-тоңуп, он тогуз чакырым жолду басып өтүп, акырында өз үйүнө барды. Ошондо ал калчылдап-титиреп отуруп, акыры Музтөргө бир күнү келээрин, жакшы иш таап, көп акчалуу болгондо ушул тайкесинин тамын сатып алаарын ойлоп ант берди. Ушул гана тамды, башка тамды эмес, деди ал.
      Айтканындай эле, ал Музтөргө кайтып келди, ойлогон оюна жетти, тайкесинин тамын дагы сатып алды. Тайкеси болсо кайра айылга көчүп барып, ошол жерден дүйнөдөн кайтты.
      Мына, тууган деген кандай болот!

(Көңүл бургула! Сайтта романдын биринчи бөлүгү гана жайгаштырылган)

 

© Турусбек Мадылбай, 2007. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган


Количество просмотров: 4674